Неге оз жанынарды бага албай мамлекеттен пособие алганга кызыкдарсынар?
( Айрыкча Нарын элине тиешелуу)
Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар жана админ мени болуп жарып атат деп банга киргизип же темамды жаап салбаныздар.
Мен болгон жокмун жамандаган жокмун коруп турган нерсемди оюмду жазганга укуктуумун.
Балким бир аз жамандагандай жазылса керек бирок анда кантип жазайын? Мен Нарын элин жакшы эле кором. Озум колдукмун Нарын жергесинен оз тугойумду тапкам.Кайын-
журт жак эн жакшы эл адамгерчилик жагынан эч ким аша албаса керек. Бирок мен бир гана нерсени талкуулагым келди. Ал мамлекетибизден бекер жолок пул алуу.Балким аранарда соцзащитада иштегендер пособие боюнча кенен тушунугу барлар барчыгар. Кандай учурда берилет бекер акчалар? Мен билгенимди санап берейин. Алар:
1)пенсионерлер,
- берилиши керек анткени кары картандар иштеп оз жанын бага албайт жана убагында мамлекетке оз салымын кошушкан дегеле бул нерсеталкууланбайт)
2)инвалиддер,
- берилиши шарт ден соолугуна байланыштуу жумушка жарабайт дагы эле жанын бага албайт . Азыр берилген акчалар да тиричилигине жетпейт негизи кобойтущ керек.Дары-дармек эле канча.
3)Толук эмес уй-булоо атасы жок же энеси жок ошондой эле экоо тен жок балдарга деп уй-булоого берилет. Жалгыз бой эне балдарын багышы кыйын. Берилиши керек.
4)Аймактарда турган саналуу уй-булоо эн эле жашоо шарты начар деген (сразу козго корунгон башкалар эмес). Ата-энеси ичип же аркы берки жардам кылып акча берсе болот.
5)Анан мен билгенден кээде жарандар шартына байланыштуу жергиликтуу бийликке кайрылат комиссия тузуп текшерип жардам берерин билем кыйналып турса бирок бул ай сайын берилчу акча эмес.
Дегеле санап кеткендерге мамлекет жардам берери мени суйунтот, дагы акчаларын кобойтсо жакшы болмок кымбатчылык заманда.
6)Отпуск, декретный,13-
айлык жана башка заслуженный акчалар , булар тушунуктуу.
7)Высокогорие,
иштеген жердин ден соолука зыяндыгына байланыштуу кобуроок айлык пенсия. Тушунуктуу.
Булар жолок пулга кирбейт го дагы кайсыларды калтырдым билгендер жазып койгула.
Бирок мени окундургону,
жинимди келтиргени азыр алдуу кучтуу иштесе ишке жесе тамака ойносо оюнга тойбой турган жаштардын мамлекеттин эсебинен жашап эптеп биржагына илинип бекер акча алсам деген максаттары.
Жашы 20-50 ушуларды айтайын.Эмгекке жарамдуу убак.
Бизде Ысыкколдо жогору жакта санап кеткендер акча алышат башка пособие жонундо тушунук жок. Бишкекте деле пособие жонундо анча соз талкуу болбойт.Ушул эки жакты жакшы билчумун бирок бир жылдан бери Нарын жергесинин жашоосун да коруп билип алдым алигиче тан калып да жиним келип да буто элек.(Нарындыктар кечирип коюнуздар) Нарында кандай уй-булоо болбосун канча пособие аласын алдынбы, берип жатышабы дагы мындай кылсан документ топтосон мамлекеттен бекер акча аласын деген соз кадимки корунуш экени мени танкалтырды.
Жакшынакай эле турган бай уй-булоолор деле документ топтоп акча алгандары бар экен. Оз козум менен кордум. Эмне Ош, Талас дагы башка жерлерде да ушундайбы? Силер да мамлекеттин эсебинен жашайсынарбы?
Эми айлыгынардан тышкары бир аз да болсо мамлекеттен акча аласынарбы чынынарды айткылачы? Балким бул силер жакта кадимки корунуш анткени Нарында кадимки корунуш экен. Андай болсо билбейм айтаар соз жок алгандарга.
Мамлекетти которгонго салым кошкондун ордуна оз жандарын бала чакасын бага албай мамлекеттин эсебинен жашаган жаштарга. Ден карды соо алты саны аман туруп бир аз жери ооруса ВТЕК деген нерседен отуп инвалидность менен бекер акча алган жаштарга. Азыр сопсооо болгон адам жок. Мен тушунмокмун эгер ал инвалид болсо ишке жарабаса же жаш бала эмес же карыган чал эмес. Билбейм мен жамандап жаткан жерим жок бирок бул менин жинимди келтирет мен патриотмун жана мамлекеттен эч нерсе алгым келбейт.Озум деле мамлекеттик кызматта иштеп кордум бир кенедей ручка сумкамда калып кетсе аны жумушка алып барганга шашат элем мен учун чон уят болчу алгандарда ушундай сезимдер жашайбы? Неге озулору иштеп жандарын бага албай эле мамлекеттен акча алышат.Жаштарга жумуш жок деген шылтообу азыр мам кызматтан тышкары деле жумуштар толтура.Табам деген киши табат иштейм деген иштейт аракет кылгандын бары эле жакшынакай жашап жатышат. Же калппы? Мамлекетибиз аныс деле жарды башка мамлекеттер мындан коп берет мынча жолок пул берет деп жамандабай иштебейсинерби?
Ал олколор бай. Кеп келечек жаштардын колунда деген создо болуп жатат. А биздин кээ бир жаштар уйундо жатып алып эле жумуш жок жашоо шартым начар деп эле эптеп септеп мамлекет берген акчага жашашат экен.ушундай жашоо менен жашаса кайдагы жаштардын колунда? Нарындан кордум ушундай жаш уй-булоолорду негизи эле жалкоо окшойсунар.
Андай эмес дешинер мумкун бирок ошондойлор коп экен баарынар эмес. Башка областта жашагандарды билбейм.
Эмнеге жапжаш уй-булоо дени карды соо бекер акча алышы керек?Мейли ачка калсын бирок мамлекет акча бергенине каршымын. Уйдон жолдошум экообуздо соз болуп кетип тигил классташын не кылып жашайт( эч жердеиштебейт,
мал сал тиричилиги жок болгондуктан сурагам) десем пособие алат дейт. Эмне орукчанбы жок алкичуусу дейт. Корсо Нарында кичуусу болсо да пособие берет экен эгер ал ата-энеси менен чогуу жашабаса.Бизде ушундай мыйзам барбы? Чогуу турса берилбейт экен анткени ата-энеси пенсия алатда . Анан ата –энеси мамлекеттен дагы бекер акча алуу максатында башка уйго жашата турат экен. Дагы бироону сурасам ал да пособие неге деген кайра суроо а анын 3 баласы бар ошол учун. Анда неге Ысыкколдо берилбейт ушундай акчалар урматтуу жогору жактагылар?
Мамлекет Нарынга акча берип Колго неге бербейт. Алар жалко болгон учун берилеби же башка аймактар тологон налогдун эсебинен Нарын эли акча ала береби? Байкуштар эптеп кун коруп жатканда тийишпей эле коейун дегем бирок мага чындыгында мамлекеттин акчасы жалко.
Мен Нарынга барып калганымда кантип акча алуунун жолдорун мага да уйротушту. Анын бир жолу мен жумушум жок жумуш таап бер деп эмгек миграциясына кайрылат экем алар жумуш таап берседагы бирдеме кылып суйлошуп жумушу жок деген каттоодо тура берет экем да анан ай сайын акча алып турат экем.Тобооо буга кантип совесть чыдайт. Озулору ошону кылат. Дагы коп эле уй-булоону билем мам кызматта иштеп журуп деле жасалма документ менен жумушсуз деп акча алып жатышат билинбей.Анан кош бойлуу болсон эч жерде иштебесен улуш жери бар деген справка аркылуу декретный акча алсан болот экен анан дагы бир документ откорсон бала торолсо суйунчу деп акча берилет экен. Эми бул жагынан туура эне иштебейт балага кам кору керек ал акчанын болгону туура эле бирок кеп ушунун бары эле адамдардын эптеп бекер акча алуу деген максатында болуп жатпайбы. Ушинтип эле жанды бакса болот турбайбы.Эми эсептеп корсон бир уй-булоо 5000 ден алса айсайын канча уй-булоого канчалаган акчалар берилип жатат.Чондор мындан эки эсе алат дээрсинер ал эми башка тема.
Бул жазганымдарымдан мамлекеттен акча алгандар бир аз уялып албай озунор аракет кылып каласынар деген ойдомун. Мамлекет мага эмне кылды дебей мен мамлекетиме эмне кылдым деген ой менен журолу.Мамлекетибиздин онугушуно салым кошолужаштар.
1)Силердин оюнар кандай? Бул туурабы туура эмеспи? Мамлекеттен жон эле акча ала берген.
2)Силер жашаган аймакта кандай ушундай жолок пулдарды аласынарбы?
Жана именно озунор алсанар айтып тушундуруп бергилечи.
3)Пособие дагы кандай шартта берилет.Бул жаатта иштегендер маалымат берип койгулачы .
4)Мен жон эле пособие алуусуна каршымын жана аны чектоосун каалайм же болсо абдан жакшы текшерилип чыныгы муктаж болгондорго гана берилсин.Жаштар ачка калса да мейли ошондо аракет кылат деген ойдомун.Силер буга кандай карайсынар?
Неге оз жанынарды бага албай мамлекеттен пособие алганга кызыкдарсынар?( Айрыкча Нарын элине тиешелуу)
#2 13 May 2015 - 14:48
эми сиз эле калдыныз айтпаган 5000 пособие берип койсо не болуптур
Дубайда 11 классты буткондо 1 мл болуп берет окмот акысы бар бергенге
Дубайда 11 классты буткондо 1 мл болуп берет окмот акысы бар бергенге
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
#3 13 May 2015 - 14:49
Мен колдобойт элем бунунузду колдуктор эле албасанар бардык жерде эле берет .
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
#4 13 May 2015 - 15:31
Менда сизге окшоп колдун жашоосун коруп атам. Нарындыктар эле эмес колдуктор деле алып эле жатышатго. Сенин айлана чойрон эле ошондой болбосо
Назка
#5 13 May 2015 - 16:18
Ош тарапта деле пособие алышат,2 же андан коп балалууларга берилет канча жашка чейин экенин билбейм бирок,15-16 жашка чейин болсо керек.Чын эле тоолуу аймактагылар кагаз иштерин жакшы билишет окшойт,бекерчиликтен кантип бекер акча алып жеш керектигин.
А биздикилер маанилуу аябай керек болгон документтерди да аран бутурушот.
#6 13 May 2015 - 16:42
Мамлекет колдоосу керек!!!
Нарын Менин ойумча тоолуу жер! Жер жемиш оспойт. Ошого ылайыктуу калк жетиштуу жашылча жемиш, тамак аш азыктарын алып турушу керек. Ош,Баткенге салыштырмалуу дейм!
#7 13 May 2015 - 16:46
Наворот кобойтуп бериш керек
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
#9 13 May 2015 - 16:51
#10 13 May 2015 - 16:57
Ошондо менин тушунугум 20-50жаштагы ишке жарамдууларга пособие берилбеш керек деген ойдо жаздынызбы же мен туура тушунбой калдымбы
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#12 13 May 2015 - 16:59
Мен жон гана силер кандай ойлойсунар билгим келген. Анан да менин оюм мен жанталашып иштеп оз жанымды багып жатсам а мен сыяктуу эле жапжаш сопсоо кимдир бироолор жатып алып эле акча алышы несправедливо деп билем. Понятиени озгортуу керек.
#13 13 May 2015 - 16:59
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
#14 13 May 2015 - 17:02
Мен жон гана силер кандай ойлойсунар билгим келген. Анан да менин оюм мен жанталашып иштеп оз жанымды багып жатсам а мен сыяктуу эле жапжаш сопсоо кимдир бироолор жатып алып эле акча алышы несправедливо деп билем. Понятиени озгортуу керек.
Атамбаевка айтын бул жерде озгортуп бере турган эч ким жок .
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
#15 13 May 2015 - 17:05
Мен жон гана силер кандай ойлойсунар билгим келген. Анан да менин оюм мен жанталашып иштеп оз жанымды багып жатсам а мен сыяктуу эле жапжаш сопсоо кимдир бироолор жатып алып эле акча алышы несправедливо деп билем. Понятиени озгортуу керек.
Перизат! Сага Рахмат! Бирок Кыргыз мамлекети Оз жарандарын толук иш ордулары менен камсыздай элек. Мекендин тоолуу аймакта жайгашуусун биринчи конулго алуу керек. Акыйкаттык издеп, тушунукту озгорто албайсын! !! Тоолуу аймакты каражат жагынан камсыздаап, ага жер жемиш, тамак аш сатып алып туруш керек !!!
#16 13 May 2015 - 17:50
ФариЗат айым сиздин кирешеңиз кайдан билбейбиз го, бирок нарын эли башка облуска караганда шарты да оорлугуна байланыштуу жардамга муктаж, ал эми Жогорку кеңеште отурган жепутаттардын өкмөттүн, элдин эсебинен, квартира, машина, бензини ичкен тамагы, свети баары бекер экенин бибесеңиз керек. ошол депутаттарга айтсаңыз болмок экен " эй депутаттар элдин эсебинен жашагандан уялсаңар боло, айлык менен бизнесиңер жетпейби, нарын элине жардам кылып койсоңор боло деп.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#17 13 May 2015 - 18:02
Фаризат айым кызык эле адам экенсиз карапайым элдин алган анча мынча пособиясы сизге коп корунуп жатса сиз бир депутат же депутаттын туугандарынан окшойсуз. Балким сизге депутаттарга тиешелуу улуштон азыраак тийип жатса керек ушунчалык куйуп бышканынызга караганда.
#18 13 May 2015 - 18:02
Фаризат айым кызык эле адам экенсиз карапайым элдин алган анча мынча пособиясы сизге коп корунуп жатса сиз бир депутат же депутаттын туугандарынан окшойсуз. Балким сизге депутаттарга тиешелуу улуштон азыраак тийип жатса керек ушунчалык куйуп бышканынызга караганда.
#19 13 May 2015 - 18:18
Нарын областы дотацияда олтурат, себеби тоолуу область, ондуруш жок, айыл чарба осумдуктору остурулбойт,
негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Торолгондон баштап 16 жашка чейин эгерде баланын ата энесинин бир айлык кирешеси прожиточный минимумдан томон болсо, документтерин даярдаса мамлекет жолокпул (пособие) толоп берууго милдеттуу.
Айылда жургонумдо 2 балама пособие чыгарткан эмесмин, уялгам. (хотя эжем соцпомошто иштесе дагы). Анын устуно кирешем дагы андан алда канча ашып тушот экен.
Айылда жургонумдо 2 балама пособие чыгарткан эмесмин, уялгам. (хотя эжем соцпомошто иштесе дагы). Анын устуно кирешем дагы андан алда канча ашып тушот экен.
#20 13 May 2015 - 20:03
Автор пособияны Нарын эли эле эмес баардык аймакта эле алышат,карапайым элдин анча мынча алган жолок пулуна эмес,тээ жогору жакта отуруп алып элдин эсебинен жашап жеп-ичип аткандарга куйуп бышсанар болмок.

Супер-Инфо
super.kg
видео












