жакшынакай фигурный кыз бирок ото эле ачылып кийинип алганы кыжырды келтирет да
Малика Дина Сүрөттөрү, ырлары
#224 14 May 2015 - 00:35
Малика Дина: “Мен жөн гана жакшы жар жана жакшы эне болууну каалайм!”
Кичинесинен бери сахнада жүргөн, көп кырдуу таланттын ээси, ай чырайлуу, шоу-бизнестин эрке кызы Малика Дина менен болгон маек назарыңызда.
..- Саламатсызбы, учурда чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Учурда чоң деле жаңылык жок. Ачыгын айтсам, азыр чыгармачылыкка жакшы көңүл бөлбөй, өзүмдүн жеке жашоом менен алектенип жатам. Себеби, өзүңүздөр билгендей, үй-бүлөдө кичүү кызмын, ошондой эле үйдө эркектин да, кыздан да иши менин моюнумда. Ошондуктан, соңку ырларымды жазган боюнча жүрөм. Бирок, баардык ырчылардын максаты – жеке концерт берүү болгондуктан, мен да ошол нерсеге жетүүнү каалайм! Азыр жеке концерт берүүгө мага эрте жана даяр эмесмин. Башкалар сыяктуу 10 ыр жаздырып эле концерт берүүнү жактырбайм. Ар бир адамдын өзүнүн жашоосу бар жана ар бир адамдын башында жаңы бир ой жатат. Мисалы, мен айтып жаткан жеке концерт тууралуу ойлонгонума быйыл 3 жыл толду. Мунун болбой жаткандыгы акча каражатында эмес, эң башкы себеби, ички дүйнөмдө го деп ойлойм. Мен дагы көп иштешим керек. Азырынча жеке жашоомду бир калыпка салып алсам калганын көрө жатаарбыз. Адамдар жаш кезинде көптөгөн катачылыктарды кетириши мүмкүн. Ал убакта изденүүнүн аркасынан, каталарга кезигүү менен, кийинки турмушун ирээтке келтире алат деп ойлойм. Азырынча, изденип жана ойлонуп жаткан учурум. “Деги эле, жашоодон эмнени каалайм?”, мына ушул чоң суроону өзүмө берип, жооп издеп жаткан убагым. Баары бир бүтүн өмүрүмдү чыгармачылыкка арнабайм. Себеби, кыздарды алдыда үй-бүлө, балдарды тарбиялоо милдети күтүп турат. Ар бир эле эркек аялын үйдө бала тарбиялап олтуруусун каалайт эмеспи. Ошондуктан, мен жөн гана жакшы жар жана жакшы эне болууну каалайм. Балким беш баланы төрөп коюп, ырдагым келсе ырдап чыгышым деле мүмкүн . Чынын айтсам, азыр эч нерсе деп айта албайм. Себеби, келечек табышмак...
- Деги эле, чыгармачылыкта өзүңүздү качанкыга чейин жүрөм деп ойлойсуз?
- Муну мен айта албайм . Эсимде, бала чагымда “Мен ырдайм” деп, болгон күчүмдү жумшачумун. Ошол максатым ишке ашып, 13 жылдан бери сахнадамын. Качандыр бир убакта, “Болду, мен ырдабайм” деп, ырчылыкты таштагандай болгом. Анткени, ар бир 5 мүнөт сайын адамдын ойлору өзгөрүп турат. Бирок, арадан убакыт өткөндөн кийин, “Ойлорум сага” ырын жаздырып, кайрадан ырдай баштадым. Чынын айтсам, “Мен жылдыз болушум керек” деген каалоом жок. Ачыгын айтканда, жылдыздар асманда, биз бул жакта жөнөкөй эле адамдарбыз. Ошол себептен, “Ырчылыкты таштайм, же таштабайм” деп айта албайм. Мен туруп-туруп эле, балким, кесибиме байланыштуу юрист болуп кетишим деле мүмкүн. Негизи бизде шоу-чөйрөсүндөгү адамдарга жакшы комментарий беришпейт, айрыкча кыз-кишиге. Эртең бир бала ырчы кызга үйлөнөйүн деп жатса, ата-энеси эмне дейт? “Ай, артистти кой, аны эмне кыласың?” деген жоопту айтышат. Ошондуктан, кыздарга ырчы болуу кыйын. Баары, “Ырчылар сонун көйнөктөрдү кийип чыгып, ырдап коюп, ошону менен бүттү” деп ойлошот. Чын-чынына келгенде андай эмес.
- Анда ырчылыктын оң жана терс жактарын айта кетсеңиз?..
- Оң жагы, өзүңдүн кандай экендигиңди ыр менен бере аласың. Эмне үчүн Голливуд жылдыздарын жогору көрүшөт? Анткени, алар ырдап жатканда, өзүнүн сезимдерин кошо айтып, көрсөтө алышат. Ал эми бизде башкалар кандай билбейм, ырдоо - мага стимул берет. Ырчы бир эле ордунда туруп калбайт. Ар кандай чакыруулар менен эл-жер көрөт дегендей. Ал эми терс жагы, элдин көзүнө көрүнгөндөн кийин, жакшы болосуңбу, жаман болосуңбу, хиджап кийип үйдө олтурасыңбы, баары бир жакпайсың. Адамдардын 80 %ы сени колдосо, 20 %ы баары бир мыкты болуп жатсаң дагы, кемчиликтериңди таап турушат. Мисалы, көйнөгүң узун экен, кыска экен, кийимдериң ачык экен, жада калса, салмагыңа кийлигишкендер да жок эмес. Айта кетейин, мен өтө ачык кийинбейм. Азыркы келбетим өзүмө жагат. Эч нерсе жасабастан, компьютерден башы чыкпай мага комментарий бергендерге теңелгим келбейт. Андан көрө, раковинасын тазаласын, же гезит окуп, айтор, маанилүү иш жасасын. Болбогон эле нерселерге энергиясын, убактысын коротуп, эмне табат?!.
- Мындай кырдаалдан кантип чыгасыз?
- 2-3 жылдан бери мындай нерселерге маани бербей калдым. Билесизби, мен мурда, айрыкча өткөөл курагымды жалаң ый менен өткөргөнүм сыр эмес. “Ырчылардын арасынан эң кичүүсү болсом дагы, мени мынчалык эмнеге жаман көрүшөт?” деп апама келип ыйлачумун. Ал эми азыр ушактар кулагымдын сыртынан кетет. “Ушу кызга менин чачым жакпай калыптыр” деп эч качан чачымды өзгөрткөн эмесмин жана башкалардын пикирин угуп, өзгөртпөйм дагы. Бул – менин жашоом!
- Мурдагы интервьюларыңызда, “Кыз кишинин эртерээк турмушка чыкканы жакшы” деген элеңиз. Ал эми азыр көз карашыңыз кандай?
- Эгер кыз кааласа, эмнеге болбосун?! . Үй-бүлө күтүп, бала тарбиялаганга даяр болсо, эрте эле турмушка чыкканы оң деп ойлойм. Мисалы, менин бир тууган эжем эрте турмушка чыккан. Аны 17 жаш кезинде алып качып кетип, апам макулдугун бербей, 18ге толгондо келип, алып кетишкен. Азыр алар эң бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт. Эки эле баштан, дагы үч баш чыгып жатат. Карагылачы, кандай бакыт!?. Эгер, алдыда эч кандай кыла турган жумушу калбай калса, анда турмушка чыккандары туура. Канчалык эрте турмушка чыкса, ошончолук жакшы. А өзүм жөнүндө айтсам, эжем үй-бүлөлүү, а мен жалгыз кыз болгондуктан апама жардам беришим керек. Албетте, эне сүтүн актай албайбыз, бирок, аракет кылса болот.
- Болочок жолдошуңузду кандай элестетесиз?
- Мага карама-каршы болгон адамды элестетем. Мурда ойлочумун, “КВНщик болот го менин жолдошум” деп, анткени, ар дайым жылмайып жүргөндү жактырам. Качан гана бири-бирин толуктап турганда, идеалдуу жубайлар пайда болот деп ойлойм. Ошон үчүн, мага окшобогон, шоу-бизнестен алыс жүргөн мырзаны болочок жолдошум катары элестетем.
- Тасмаларга да тартылып жүрөсүз. Эгер тандоо болсо, ырчылыкты тандайт белеңиз же актрисалыктыбы?
- Эгер чын эле тандоо болсо, экөөсүн тең тандамак эмесмин . Албетте, ырчы жана актриса болгондугума өкүнбөйм. Бирок, кайрадан жаралып калсам, жөн гана билим алмакмын. Мен актрисалыкты хобби катары гана көрөм. Ал эми кыялымдагы роль – мелодрамма жана комедия . Ыйлаганды да, күлгөндү да жакшы көрөм. Негизи мен келечектеги пландарым жөнүндө эч нерсе айтууну каалабайм. Анткени, учур менен жашагым келет.
- Эркин микрофон?..
- Кыргыз элимдин өсүп, өнүгүүсүн каалайм! Кандай гана маселе болбосун, жылмаюуну унутпаңыз! Жылмаюу менен баардык жаман нерселерди жеңе аласыз!
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#229 20 May 2015 - 17:09
Вульгарная көрүнөт мүмкүн өзүнө өзү ыймандуу,пойтоска болуп сезилеттир,
анан көбүрөөк мактанып алат а?
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#230 20 May 2015 - 17:11
бир нерсе деш кыйын
бирок чалжаландап орусча суйлогону жанды кашайтат
бирок чалжаландап орусча суйлогону жанды кашайтат
*************************************
#232 24 May 2015 - 21:00
Озу мен тендуу жаш кыз болсо да,бойонгону кийингени кырктагы аялдардыкындай гоо...
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#234 01 June 2015 - 19:06
Ырлары жагат жылдыздуу кыз.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#235 02 June 2015 - 08:01
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#237 02 June 2015 - 10:50
Жакшы кыз ак конул !
Лишь тот достоин жизни и свободы ,кто каждый день идет на бой.
#238 02 June 2015 - 11:20
"Меринин үй-бүлөсү динге берилген, ал эми Маликанын кайын журту такыр эле заманбап"
- Д.Акулова.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...

Супер-Инфо
super.kg
видео























