Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#1 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 18:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал, көптөгөн чыгармалардын, обондуу ырлардын автору, акын эжекебиз Жыпар Исабаеванын ырлары менен бөлүшөбүз.

Бул тема акындын мен сыяктуу фанаттары үчүн.

Өздүк баракчасындагы ырларын бул жерге көчүрүп жазуума уруксат бергени үчүн акын эжекебизге терең ыраазычылык билдирем :0108:

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 15 Май 2015 - 19:37

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

КОШ БОЙЛУУ ЭНЕНИН ЫРЫ.

Кээде өзүмдөн “апа” деп шыбыраган,
Туям,сезем бала үнүн кыбыраган...
Бүт дүйнөмдү дүр этип өтөт анан,
Башкача бир нур сезим жыбыраган...

Эне – дүйнө, эне – аалам! Курсагымда
мээримге ороп мен сени курчадым да...
Гүлазыгың болсун деп багыштаймын,
Жуткан абам, суумдун бир ууртамын да...

Сезем, мени ал дагы билет, угат,
Мага ичимден жагымдуу илеп урат…
Мен кубансам – кубанып, муңайганда:
“Кайгырбасын апам”, - деп тилек кылат.

Жарык дүйнө шооратын сезүүчүдөй,
Мен “селт” этсем кошо ыргып кетүүчүдөй,
Сербеңдеген кагылып кетейиним,
Бүлкүлдөшүң жүрөктү эзүүчүдөй.

Камсанаба, чочуба, токто балам,
Жүрөккө окшоп дүкүлдөп сокпо, балам.
Ысык-сууктан калкалап турат энең,
Ызы-чуудан, күү-шаадан коркпо балам.

Ырдап берем таң атып, күн батканын,
Чымчык сайрап, бак шуулдап, гүл ачканын...
Анан дагы Кудайдын кудурети,
Сага жашоо, жан берип жаратканын. ..

Жарык дүйнө кандайча аталарын,
Жаныбызда кам көрчү ата барын.
Билгин балам, жарыкка келгениңде,
эл-журтуңдан ак тилек, бата аларың...
Ага чейин уктай гой, каражаным.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 15 Май 2015 - 23:24

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БАЛМУЗДАК ЖЕГЕН КАРЫЯ
(Болгон окуядан улам)

Жаштыгы алда кайда калып калган,
Кибиреп кичирейип, карып калган,
Баладай жалтаңдаган бир карыя,
Кеминде токсондорго барып калган,

Көлөчүн оң-тетири артын басып,
Коңултак сүйрөп алган тарпылдатып,
Тамшанып, балмуздак жеп баратыптыр,
Көчөдө колу-башын калчылдатып. ..

“Апаке, кара тиги чоң атаны,
Жөн эле жесе бирөө талашабы?
Көздөрү неге алаңдайт күнөөкөрдөй,
Же балким уурдап кетип баратабы?..” –
дейт уулум таң калганын жашыра албай,
айтууга дагы көптү батына албай...
ансайын карбаластайт карыя да,
колунда балмуздагын батыра албай...

Карылык чоң атаны жадаткандай,
Чочуркайт өз тобунан адашкандай. ..
Ушул жол, ушул таттуу балмуздагы,
Кайра аны бала кылып бараткандай. ..

“Карганда балага окшоп калат адам...” –
ушинтсем, уулум бир жалт карап маган:
“Кантип сиз..? Сиз да ушунда болосузбу?” –
дейт мени ишенбей да, аяп анан...

Башымды аста-акырын ийкеңдеттим,
Үшкүрүп: “Аттиң дүйнө, бир кем...” – депмин.
Бул сүрөт, бул жооп менин Нурэлиме,
Канчалык оор тийерин билген эмесмин...

“Тарп-турп, тарп...”- улам узап барат кадам,
Артына кылчак-кылчак карап балам,
Бакырып ыйлап азыр жиберчүдөй,
Көздөру жашылданып баратты анан.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

ЖАШТЫГЫМ
Эх, сенин наздыгың, шаттыгың!
Мен сени сагындым, жаштыгым!
Бактылуу, ишенчээк, баёо элең,
А бирок билбепмин аздыгың!
Булуттай үлбүрөк, наз элең,
Кычыроон кышта да жаз элең.
Кыя албай кыр ашып баратам,
Кылчактап кыркынчы жазда мен!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Жоготуп алдым сени

Жоготуп алдым сени,
Мен сени жүрөгүмдөн таппай жатам!
Канатың жайган менен баягыдан,
башкасың!
Батына албай, батпай жатам!

Добушуң чоочун мага,
Көздөрүң сеники эмес сыяктанат!
Түгөнүп сага деген сагынычым,
Сүйүүнүн мунарасы кулап барат!

Түшүнбөй турам сени,
Чыныгы сүйүү мындай болбош керек!
Адашып жатсак керек же экөөбүз,
Жүрөктү адашуудан коргош керек!

Кыш болуп кетти неге,
Жаңы эле жаркыраган жазыбыз жок!
А бирок антсе дагы бирибизди,
Бирибиз таарынтууга акыбыз жок!

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 15 Май 2015 - 20:26

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БИР ЧЫНДЫК

Бой көтөрүп чыкчырылдык, тыңсындык,
Кабак чыттык, кээде жалган ырсыйдык.
сыртыбыздан а дешебиз, бу дейбиз...
ичибизде жатат өлүп бир чындык...
Өз-өзүбүз билген гана бир чындык.

Тыптынч жашап тунжурадык, тымпыйдык,
Кырданыштык, кыр көрсөттүк, кырсыйдык...
Аларга түк коошпогон, а бирок
Ичибизде көмүлүүдө бир чындык...
Бир-бирине табышмак, сыр... бир чындык.

Бир дүйнөгө бирге келдик, бир сыйдык,
Бирге өрүлдүк, бир төгүлдүк, бир сындык...
Бириндетип тынды бизди билинбей,
Бириктирип турган ошол бир чындык.
Өз-өзүбүз билген гана бир чындык.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

А балким...

Сабындай жакшы ырымдын,
Сагынтып... жакшы кылдың!
Сагынчым болгон үчүн,
А балким бактылуумун. ..

Жазындай жаштыгымдын,
Жарк этип... жакшы кылдың!
Жактыруу болгон үчүн,
А балким бактылуумун.

Арзыдым, азгырылдым,
Адаштың… жакшы кылдың.
Арманым болгон үчүн,
А балким бактылуумун.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   orhideya   15 Май 2015 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Сендей болуп эле интернет булактардан таап келип, болушуп кое беребиз да а? :)
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БИЗ

Серпилишип,
алыстоону оң көрүп,
Сен да менден,
мен да сенден бой бөлүп...
Көзүбүздөн,
сөзүбуздөн, атүгүл
түшүбуздөн
эки айрылыш жол көрүп...

Эмнегедир,
жайдакталып жандүйнө,
Баратканым
билбей, сезбей кай күнгө.
Көкүрөктө
бүлбүлдөгөн а бирок,
Кыйын экен
өчүп-жанган шамды үйлөө.

Кечээ эле
сүйүп эстен танганбыз,
Биз шам эмес –
жалын болуп жанганбыз.
Бирок баркын
билбей ошол бакыттын,
Сезим – селдин
ташкынында калганбыз.

Аяшпадык,
ар башка кол сермедик,
Жанашпадык,
жардамга кол бербедик,
“Жандүйнөнүн
жараңкасы жалгашпайт,
Жай-жайына
калышканы оң,”- дедик...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мен сенден кетем эми

Кечирчи кереметим,
Мен сенден кетем эми!
Жашоонун жалгандыгын,
Жалгыздык сезем эми...

Таң калба, таарынбачы,
Тагдырдын жазганы де.
Тардыгы бул жашоонун,
Жанына батканы де!

Өзүңсүз кыйын болор,
Өксүүрмүн, өкүнөөрмүн!
Өрттөнүп барып өзүм,
Өзүмдү өчүрөөрмүн!

Өкүнүч, өкүнүчтүү,
Өксүгү кандай күчтүү!
Өмүрдөн өрттөй жанган,
Бир сүйүү өчтү...
Бүттү!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   orhideya   15 Май 2015 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Просмотр сообщения rnurzida (15 Май 2015 - 19:22) жазган:

ЖАШТЫГЫМ
Эх, сенин наздыгың, шаттыгың!
Мен сени сагындым, жаштыгым!
Бактылуу, ишенчээк, баёо элең,
А бирок билбепмин аздыгың!
Булуттай үлбүрөк, наз элең,
Кычыроон кышта да жаз элең.
Кыя албай кыр ашып баратам,
Кылчактап кыркынчы жазда мен!..




Озгочо жакты...
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

КӨЗҮМДҮ ЖУМУП АЛЫП…

Үмүттүн
үлпүлдөтүп биликтерин,
Мен сени –
Тоо дедим, бийик дедим!
Түнөтүп
алып тоону жүрөгүмө,
Өзүм да
ошончолук бийиктедим!

Үмүтүм –
ишенчиме эгиз менин,
Мен сени
терең дедим, Деңиз дедим!
Деңизди
ууртап алып жүрөк менен,
Дүйнөмдүн
Бөксөө жерин тегиздедим.

Мен сени –
асманымда Күн дейт элем,
Батынып,
тик багуудан сүрдөйт элем.
Ошентип,
сени сүйгөн жүрөк менен,
Эч кимди
ушунчалык сүйбөйт элем!

О, бир күн
ошол жүрөк быркыранып,
Экиге
тең жарылып, чыркырадык!
Тоо урап,
деңиз соолуп, Күн да чыкпай,
Бүт жолу
ишеничтин кулпуланып!

Көрcө мен
өзүмдү алдап жүрүптүрмүн,
Көөдөнгө
тоодой азапты үйүптүрмүн,
Көрбөскө
пастык менен тайыздыкты,
Көзүмдү
жумуп алып сүйүптүрмүн!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

САГЫНДЫМ СЕНИ... деген керемет сөз

“Сагындым сени...” – деген
керемет сөз!
Билбеймин, буга кандай
теңелет сөз...
Байланып саптарыңа
тегерендим,
жамгырдай кубанычтан
себелендим.

ушул сөз кайгы-азаптан
арачалап,
Бакыттан акыл-эсим
ала салат...
Өч алган сыяктандым
жалгыздыктан,
Жүрөккө кирип алган
кара санап.

Эх, ыза – ээ-жаа бербей
акылыма,
таарынып тагдыр берген
жакыныма,
таптакыр тазара албай
жүрдүм эле...
Таң сүрүп, күндүн көзү
ачылууда..

Сагындым сени...
деген керемет сөз!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

А СЕН БОЛСОҢ...

Азартым бул -
азаптыр же бактыдыр?
Адатым бул –
жамандыр же жакшыдыр?..
Быркыранып –
сынып, кайра биригип,
Сен жөнүндө
жазгым келип жакшы ыр..!

Мен өзүмдү
өзгөлөрдөн катам да,
Мезгилдин бир
чекитине батам да,
Мелмилдеген
жымжырттыкты жамынып,
Аалам тордун
терезесин ачам да…

Дүйнөм түгөл
болуучудай сен менен…
кабарыңды
издейм, табам, термелем!
А сен бакыт,
сүйүү издеп башкадан,
Баратасың,
аралашып эл менен…
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sheke-brat   15 Май 2015 - 19:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Мен сыйлаган акын эжеке үчүн ачылган тема жакшы экен, өз баракчасынан ырларын калтырбай окуп, ырахаттанып турам ар убак.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения orhideya (15 Май 2015 - 19:26) жазган:

Сендей болуп эле интернет булактардан таап келип, болушуп кое беребиз да а? :)

Ооба да анан. Же эмне акын эженин өз колунан жаздырып келейин деп турасыңбы )). Эгер китебинен көчүрсөң андан жакшы. Мага окшоп бул жакка көчүрө берейинби деп бир ооз өзүнөн уруксат алып койсоң андан жакшы доси )).
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Sheke-brat (15 Май 2015 - 19:30) жазган:

Мен сыйлаган акын эжеке үчүн ачылган тема жакшы экен, өз баракчасынан ырларын калтырбай окуп, ырахаттанып турам ар убак.

Мен да сен сыяктуу эженин өздүк баракчасынан тынбай окуп турам. Анан тема ачуу ойго келди. Өздүк баракчасына жарыялаган ырларын бул жакка көчүрүп жазууга уруксат бергенинен улам көчүрүп келе баштадым )).
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Келдиңби, БАКЫТ?

Сени ушунча күттүм эле,
Кечигип калды, бирок
Келбейт деп
күдөрүмдү үздүм эле...
Күтүүнүн күндөрүн жаап,
Ырларды сен жөнүндө
Барактап бүттүм эле...

Утурлап ушул жазды,
Келгениң кандай жакшы!
О, Теңир, бүгүн менин
Бардүйнөм бакыт тапты!
Өз үйүң - түнөгүңө
Келгендей кирип келдиң,
Капилет жүрөгүмө!

Мен сенин эңсечү элем,
Көрсөм деп жамалыңды,
Бактылуу адамдардын,
Көзүнөн, катарынан
Акмалап карааныңды. ..Бакыттын
дүйнөсүнө
Байма-бай каттагандар,
Мага ала келүүчүдөй
Күткөмүн кабарыңды...
келгениң кандай жакшы!

Сен эми кетпейсиңби?
Кетпе менден!
Коркомун,
айрылууну эстегенден!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

БҮГҮН...

Мен ырдайын,
А сен мени угуп тур,
Арзуу айтып,
Аруу сезим сунуп тур.
Кудум ошол
Жаздай жашыл курактын,
Шарапатын
Да бир ирээт туюп тур.

Мен бийлейин,
А сен мени карап тур.
Ийик сымал,
Чимиригим санап тур.
Карыта албай,
Ичи өрттөнгөн мезгилди,
Табалап да,
Тамашалап, аяп тур...

Жаш баладай
Таарынайын эркелеп,
Бооруңа кыс,
А сен мени эркелет.
“Жанбиргем” деп,
Саамайымдан жыттагын,
Жаштыгымдан
Узагым жок эртелеп.

Көңүл назик,
Көкүрөккө түйгүнүң,
Мен сүйөйүн,
Сен да ошончо сүйгүнүң.
Жүрөгүмду
Элжиретип эизилткен,
Деги өзгөчө
Эмне деген күн бүгүн...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   rnurzida   15 Май 2015 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

СЕН

Сен жүрөккө –
санаа таштап, ой таштап,
Сага карай
сагынчка жол таштап…
А мен толгоо
тартып сендик ырларга,
Чабалактайм,
ак кагазга бой таштап!

Өрдү карай
өзүмдү-өзүм жөлөйм да,
Өзгөлөрсүз
Өз дүйнөмө жөнөйм да,
- Өх! – деп алам,
Өзүңө окшош ырларды,
өөп-жыттап,
Ийнине баш жөлөйм да!

Добушуңдан
алып тоодой каниет,
Комузунду
уккум келип да бир, эх,
Кең ааламдын
терезесин ачам да,
Телмирем, саа
айткым келип аруу кеп!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: