Теманын аталышы "Адептуу бололу" деген маанини тушунуп, билдируу жазууда, критикада адептуу болсок!
Негизи биз бироону жамандаганга конуп калганбызбы,
жакшы жагын айтып, жакшы создорду жазса эле жакпай калат. Биз бири-бирибизди АЛЛАХ ТААЛАНЫН ыраазычылыгы учун жакшы коруубуз керек! А эгер дин аалымы болсо, алибетте жакшы коробуз. Мисалы мен деле Чубак ажы менен Абдышукур ажынын окуучусу же таанышы эмесмин. Бирок дин жаатында жакшы маалыматтары менен, журокко жеткире тушундуруп,
ар жумада жакшы баяндары менен элибизге динди таанытып келишуудо.
Акты ак, караны кара, жакшыны жакшы деп билуу бул да болсо адеп.
АЛЛАХ ТААЛАМ ар бирибизге бекем ыйман, хидаят, акыл-эс берсин! Баарыбызды туура жолго салып, намазга тургузуп, салих инсандардан кылсын! Эки дуйнонун бактысын берип, бейиштин торундогу Фирдаустан жай берип, баарыбызга АЛЛАХ ТААЛАМ ОЗУНУН ЖУЗУН коргозуп, баарыбызды саллаллаху алейхи уа саллям Мухаммад пайгамбардын жанында болууну насип этсин! Оомин!
Ниет кылдым АДЕПТҮҮ болууга!
#21 15 May 2015 - 09:17
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#22 15 May 2015 - 09:33
Бул жерде жазган билдирүүмдө Адептен кыр издөө эмес, автор жакшы келе жатканда капталдан чыга калган ник ханиф, өздүк жарнама менен дегеним нурмухаммед сиздин нигиңиз беле, ката бизден кетсе кечиресиз, бул жерде да фатва чыгып кетиптирби.
фатваны сиздерге окшогон илимдүүлөр чыгарбаса бизге кайдан.
Ошо капталдан чыга калган Ханиф ал илимдуу аалым. Анын окуган китебин сен экообуз тушубуздо да коро элекпиз. Эгер коргонубуздо мнабул жерде Курандын туз котормосун жазбайт элек.
#23 15 May 2015 - 11:23
Теманын аталышы "Адептуу бололу" деген маанини тушунуп, билдируу жазууда, критикада адептуу болсок!
Негизи биз бироону жамандаганга конуп калганбызбы, жакшы жагын айтып, жакшы создорду жазса эле жакпай калат. Биз бири-бирибизди АЛЛАХ ТААЛАНЫН ыраазычылыгы учун жакшы коруубуз керек! А эгер дин аалымы болсо, алибетте жакшы коробуз. Мисалы мен деле Чубак ажы менен Абдышукур ажынын окуучусу же таанышы эмесмин. Бирок дин жаатында жакшы маалыматтары менен, журокко жеткире тушундуруп, ар жумада жакшы баяндары менен элибизге динди таанытып келишуудо.
Акты ак, караны кара, жакшыны жакшы деп билуу бул да болсо адеп.
АЛЛАХ ТААЛАМ ар бирибизге бекем ыйман, хидаят, акыл-эс берсин! Баарыбызды туура жолго салып, намазга тургузуп, салих инсандардан кылсын! Эки дуйнонун бактысын берип, бейиштин торундогу Фирдаустан жай берип, баарыбызга АЛЛАХ ТААЛАМ ОЗУНУН ЖУЗУН коргозуп, баарыбызды саллаллаху алейхи уа саллям Мухаммад пайгамбардын жанында болууну насип этсин! Оомин!
Негизи биз бироону жамандаганга конуп калганбызбы, жакшы жагын айтып, жакшы создорду жазса эле жакпай калат. Биз бири-бирибизди АЛЛАХ ТААЛАНЫН ыраазычылыгы учун жакшы коруубуз керек! А эгер дин аалымы болсо, алибетте жакшы коробуз. Мисалы мен деле Чубак ажы менен Абдышукур ажынын окуучусу же таанышы эмесмин. Бирок дин жаатында жакшы маалыматтары менен, журокко жеткире тушундуруп, ар жумада жакшы баяндары менен элибизге динди таанытып келишуудо.
Акты ак, караны кара, жакшыны жакшы деп билуу бул да болсо адеп.
АЛЛАХ ТААЛАМ ар бирибизге бекем ыйман, хидаят, акыл-эс берсин! Баарыбызды туура жолго салып, намазга тургузуп, салих инсандардан кылсын! Эки дуйнонун бактысын берип, бейиштин торундогу Фирдаустан жай берип, баарыбызга АЛЛАХ ТААЛАМ ОЗУНУН ЖУЗУН коргозуп, баарыбызды саллаллаху алейхи уа саллям Мухаммад пайгамбардын жанында болууну насип этсин! Оомин!
Сиздики да туура дейли, кээ бир жерде кетирген катаны айтып койуу критика деле эмес, кетирген катаны мойунга алуу менен, каталарыбызды оңдоого түзүлгөн шарт жагдай, пайгамбарлар да ката кетирген эле, кетирген бир катасы үчүн аны оңдоо менен илимге жетишкен;
м; Азирети Муса (алейхиссалам) элин жыйнап, ыйман туусунун алдына чогултту. Эл азирети Мусанын марифат илимине суктанып, абдан ыраазы болушту, ушундай жыйындардын биринде бир адам Муса пайгамбардын илимине таң калып; Эй, Алланын пайгамбары! ушу жер жүзүндө сенден да аалым, сенден да илимдүү киши барбы, деги?! деп сурап клады.
азирети Мусанын алейхиссаламдын напсинин чырагына май тамызган бул суроого, "Алла билет! "дебестен, ойлонбой туруп;
Жок, андай адамды билбейт экемин! дейт. Ошентип Муса пайгамбар Алланын алдында "залла" ката кетирген болот.
Заматта Жараткандан; "Эки деңиз кошулган жерде сенденда акылдуу бир аалым кулум бар. Мен ага өзгөчө илим (ладунний илим) бергем" деген кабар келет.
Муса көп убакыт издеп аны таап ага кайрылат;
Саламдашкан соң Алла мага адамдардын эң аалымы деп билдирген зат сенсиңби? деп суроолу карайт. Ошондо Кызыр алейхиссалам;
Эй, Муса! Жараткан сага бир илим берген, ал менде жок,(окуу, илим шарият). Мага да илим берген, бирок ал дагы сенде жок (ладдуний илим) деп жооп берет. (Бухарий, тафсир,18 -2,3, анбия,27. муслим, фадаил170).
ал эми Чубак ажы, Абдышүкүр ажы тууралу сөз кылганым жок эле.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#24 15 May 2015 - 11:32
Ошо капталдан чыга калган Ханиф ал илимдуу аалым. Анын окуган китебин сен экообуз тушубуздо да коро элекпиз. Эгер коргонубуздо мнабул жерде Курандын туз котормосун жазбайт элек.
Ханиф мырзаны илимсиз дегеним жок, болгону арабтардын арасындабы, чет жердеби айтор өздүк жарнамадай ачык көрүнүп калган болгону ошол, бул жерде критика эмес, кемчиликтер өзүбүзгө билинбейт сыртан караган адамга көрүнөт, менин кемчилигимди силер көргөндөй эле.
аалым болуу аста аста,
айбан болу бир паста дегендей, теманы булгабайлы да адеп жөнүндө уланта бергиле, автор өзү келсе андан жакшы.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#25 15 May 2015 - 19:06
Ооой, урматтуу туугандар, талашпайлы
. Теманы ачып, эки-уч жолу жазгандан кийин кайра кирип жазсам эч кетпей койгонунан тема уланбай калып кетти эле. Кудай буюрса, мындан кийин калтырбай улантканга аракет кылалы. Айрыкча, бири-бириниздер менен талашып-тартышканыныздарга себепчи болгонум учун баарыныздардан кечирим сурайм.
Адебим менен адаммын!
#26 15 May 2015 - 22:39
Ханиф мырзаны илимсиз дегеним жок, болгону арабтардын арасындабы,
чет жердеби айтор өздүк жарнамадай ачык көрүнүп калган болгону ошол, бул жерде критика эмес, кемчиликтер өзүбүзгө билинбейт сыртан караган адамга көрүнөт, менин кемчилигимди силер көргөндөй эле.
аалым болуу аста аста,
айбан болу бир паста дегендей, теманы булгабайлы да адеп жөнүндө уланта бергиле, автор өзү келсе андан жакшы.
аалым болуу аста аста,
айбан болу бир паста дегендей, теманы булгабайлы да адеп жөнүндө уланта бергиле, автор өзү келсе андан жакшы.
Бир эле суроо да устаз кармап илим аласынбы же озун китептерди окуп илим аласынбы?
Ушуга эле жооп берчи башка созду аралаштырбай эле.
#27 16 May 2015 - 07:00
Бир эле суроо да устаз кармап илим аласынбы же озун китептерди окуп илим аласынбы?
Ушуга эле жооп берчи башка созду аралаштырбай эле.
Ушуга эле жооп берчи башка созду аралаштырбай эле.
устазсыз илим алганы кандай, жогоруда Муса (алейхиссалам) тууралуу айтылгандай Муса пайгамбар Кызыр алейхиссаламга; " Сага үйрөтүлгөн рушд (акыйкатка алып барган даанышмандуулук илимден) мага үйрөтүшүң үчүн сени ээрчисем болобу?". (кахф66). дегендей аятта маалымдалгандай илим алуу үчүн "ээрчүү" зарылчылыгы турат. Себеби кээ бир илимдер татыктуулар үчүн гана жүрөктөн жүрөккө өтөт, ошондуктан ал үчүн материалдык жактан да, руханий өңүттөн да бирге жүрүү шарты, устаз эрчуү талап кылынат.
а жалаң китептен билим алуу жетишсиз болот, себеби китепте өзүңдүн гана пикириңди ээрчүүгө туура келет, эмнеси туура, эмнеси туура эмес экенин талдоого өз акылыңды гана пайдаланасың, себеби азыр китептерден да теңирден тескери адашып кетүү мүмкүнчүлүк бар, ошондуктан азыркы заманда экөөсүн тең карманган туура болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#28 16 May 2015 - 07:10
устазсыз илим алганы кандай, жогоруда Муса (алейхиссалам) тууралуу айтылгандай Муса пайгамбар Кызыр алейхиссаламга;
" Сага үйрөтүлгөн рушд (акыйкатка алып барган даанышмандуулук илимден) мага үйрөтүшүң үчүн сени ээрчисем болобу?". (кахф66). дегендей аятта маалымдалгандай илим алуу үчүн "ээрчүү"
зарылчылыгы турат. Себеби кээ бир илимдер татыктуулар үчүн гана жүрөктөн жүрөккө өтөт, ошондуктан ал үчүн материалдык жактан да, руханий өңүттөн да бирге жүрүү шарты, устаз эрчуү талап кылынат.
а жалаң китептен билим алуу жетишсиз болот, себеби китепте өзүңдүн гана пикириңди ээрчүүгө туура келет, эмнеси туура, эмнеси туура эмес экенин талдоого өз акылыңды гана пайдаланасың, себеби азыр китептерден да теңирден тескери адашып кетүү мүмкүнчүлүк бар, ошондуктан азыркы заманда экөөсүн тең карманган туура болот.
а жалаң китептен билим алуу жетишсиз болот, себеби китепте өзүңдүн гана пикириңди ээрчүүгө туура келет, эмнеси туура, эмнеси туура эмес экенин талдоого өз акылыңды гана пайдаланасың, себеби азыр китептерден да теңирден тескери адашып кетүү мүмкүнчүлүк бар, ошондуктан азыркы заманда экөөсүн тең карманган туура болот.
Макул ошол Муса алейхи саламды мисал кылдын,ошол эле кыссадан суроо да.
Эмне учун ошол Муса алейхи салам менен Кызыр алейхи саламды Кудай Таала бизге тушурду кандай тарбиялык мааниси бар мунун?
#29 16 May 2015 - 08:42

Бул тема суроо жооп темасы эмес, ошондо да айта кетейин сурооңду.
Муса алейхи салам менен Кызыр алейхи саламдын окуясында ибараттуу, миң бир сырлуу жагдайларга карата көптөгөн түшүндүрмөлөр берилген, алардын айрымдарын эле айтсак;
Ладунний илим -дүйнөгө жана андагы болуп жаткан окуя жагдайларга сырткы шарттардын, адамзатка тиешелүү чен өлчөмдөрдүн өтөсүндө көпчүлүккө белгисиз мыйзамдын эрежелери менен назар салган илим.
Биз билген илимдердин баардыгында "суроо" үйрөнүүнүн эң маанилүү ачкычы болсо, бул илимде "суроо, каршы чыгуу, талаш тартыш" деген нерселер болбойт. Мында тескерисинче сүкүт унчукпоо, сабырдуулук жана моюн сунуучулук талап кылынат.
кыскысы ушул эгер жетсе сизге. көлөмдүүсүн айтсак барак түткелбейт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#30 16 May 2015 - 12:42
лардын сүйлөөлөрүн жактырбоо.
Натыйжада: Өзүнүн чегин билүү жөнөкөйлүк, чегин билбөө текебердиктин белгиси болуп саналат.
Мен текеберминби?
Суроо: Бир адам өзүнүн текебер экендигин же эместигин кантип түшүнсө болот? Текеберлик чоң күнөөлөрдүн эң чоңдорунан болгондуктан текебер адам салих боло алабы?
ЖООП
Эгер текебер экендиги ачыктан ачык билинип турган болсо салих боло албайт. Текебер экендигин башкалар да түшүнүп жаткан болсо фасык болот. Эгер өзүн калп эле алсыз кул, күнөөкөр кул деп коюп текебердигин жашырып жүргөн болсо ал адамды фасык деп айтууга болбойт.
Текеберлик Аллаху тааланы унутуунун белгиси. Текеберлик бардык жакшылыкка кедерги болот, ошол эле убакта бардык жамандыктын ачкычы болуп саналат. Текеберлик шайтандын сыпаты жана анын Бейиштен куулуусуна себеп болгон.
Күчтүү адам жөнөкөй, алсыз адам текебер болот.
Текеберлик менен куфурдун арасында өтө ичке аралык бар. Текеберликтин бир кадам аркы жагы куфур болот.
Алсыз адам кемчилигин толуктоо үчүн текебер болот. Жакшылыктуу адам текеберленүүгө муктаж эмес.
Бардык жамандыктардын башы текеберлик болуп саналат. Текебер адам көп акмактык кылат. Пайдасын, зыянын ойлонбойт.
Алсыз адам текебер болот. Текеберлик Аллаху таалага ширк кылуунун бир тууганы. Текебер алып жүргөн мээде акыл болбойт. Напсибизди ортодон тартып, өзүбүздөн жийиркенүүбүз керек. Өзүнөн жийиркенбеген адам кутула албайт.
Бардык адамдар жогорудагы белгилерди карап өзүнүн текебердүү экендигин же эместигин түшүнө алат.
Окуя:
Жаңы келген шакирт даргахка кирейин деп жатканда даргахтын ити ырылдап анын кирүүсүнө тоскоол болот. Эмне кылса да майнап чыкпайт. Ит эч кимди ичке киргизбейт. Муриддин (шакирттин) устазы бул абалды жашыруун байкайт. Мурид итке жакындап: "Сен дагы, мен дагы бул жердин иттерибиз. Тур мындай, ичке кирейин”, - дегенде ит куйругун шыйпаңдатып ары турат. Мурид ичке кирет, буга устазы дароо ижазат берет. Жылдар бою даргахта кызмат кылган шакирттер бул абалга таң калышат. Ошондо устазы айтат: "Ал текеберленген жок, өзүн иттен да жогору көргөн жок. Бул жерде болуунун максатын түшүндү жана максатына жетти.”
Окшош темалар:
Сөөмөйдү көтөрүү
Дурустук, ишеним жана сүйүү
Арафа жана Тарвийа күнү
Кимде ушул үч нерсе бар болсо
Тааныбаган сүйө албайт
Туураны үйрөнүү
Эң кыйын иш
Салих аалымдар кичи пейил, жөнөкөй болчу
Намаздын сырлары
Бардык нерсени Аллаху таала жаратты
Türkçe | English | Français | Azəricə
Сиз сайттын уюлдук түрүн көрүп

#31 16 May 2015 - 12:44
егория: Адеп-ахлак
Суроо: Күлүмсүрөөнүн жана таттуу тилдин мааниси тууралуу маалымат бересизби?
ЖООП
Даанышман заттар айтышкан:
Мусулман адамдын жүзү жылмайган болот, мунафык адамдын кабагы түйүлгөн болот.
Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, берген адамды капа кылбайт.
Тынчтыктын, ырахаттыктын ачкычы – күлүмсүрөө.
Күлүмсүрөй албаган адам алсыз адам.
Күлүмсүрөөнүн отунда ээрибеген темир жок.
Күлүмсүрөөнү билүү эки дүнүйөдө бакытка себеп болот. Исламият - сүйүү, күлүмсүрөө, таттуу сөз, чынчылдык жана жакшылык дини.
Досторго чындыкты айтып, душмандарга күлүмсүрөө жана таттуу тил менен мамиле кылуу керек.
Ийгиликтин сыры күлүмсүрөө, таттуу тил жана илим саясаты болуп саналат. Илим саясат бардык адамдардын ыраазы болуусу дегенди билдирет.
Душмандарыңарга жакшылык кылгыла, белек бергиле. Таарынган досуңузга жакшылык кылгыла, тажаган адамыңарга күлүмсүрөө менен мамиле кылгыла. Буларды орундасаңар ырахат болосуңар.
Бир адамдын олуя экендиги таттуу тили, көркөм мүнөзү, күлүмсүрөгөн жүзү, жоомарттыгы, талашып-тартышпоосу, кечиримдерди кабыл кылуусу жана бардык адамдарга мээрим көрсөтүүсү менен белгилүү болот.
Көркөм мүнөздүү адам - адептүү адам, аз сүйлөйт, катасы аз, гыйбат кылбайт, Аллах үчүн сүйөт, Аллах үчүн душмандык кылат, аманатка бекем болот, кошуна жана досун коргойт. Көркөм мүнөздүү бир заттан жаман мүнөздүү аялы менен кантип тил табышып жашашкандыгын сурашканда: «Жакшы мүнөздүү адам менен бардык адамдар тил табыша алат. Ал эми анык марифат болсо жамаш мүнөздүү адам менен тил табыша алуу болуп саналат. Анын жаман мүнөзүнө сабыр кыла албасам менин жакшы мүнөздүү экендигим каерден белгилүү болот», - дейт.
Хадиси шарифтерде айтылды:
"Момун досунун жанында кабагын бүркөп турган адамга периштелер лаанат кылат.” [Хатиб]
"Жакшылыкты жылуу жүздүү адамдардан талап кылгыла.” [Байхаки]
"Момун бир тууганынын жүзүнө карап күлүмсүрөө - садага.” [Ж.Сагир]
"Дин тууганына күлүмсүрөө, жакшы нерселерди үйрөтүү, жамандык кылуусуна тоскоол болуу - ар бири садага болот.” [Тирмизи]
"Мал-мүлкүңөр менен ар кимди ыраазы кыла албайсыңар. Күлүмсүрөө жана таттуу тил менен, көркөм мүнөз менен ыраазы кылууга аракет кылгыла!” [Хаким]
"Салам берип жатканда күлүмсүрөгөн адам садага сообуна ээ болот.” [И.Э.дунйа]
"Жакшылыкты жылуу жүздүүлөрдүн арасынан издегиле! ” [Бухари]
"Мүнөзү жана жүзү жылуу болгон дүнүйө акырет жакшылыгына ээ болот.” [Ибни Шахин]
Күлүмсүрөө
Суроо: "Мусулман күлүмсүрөйт жана таттуу тилдүү болот” деген хадиске ылайык күлүмсүрөө жана таттуу тилдүү болуу бир гана бир жыныста болгондорго карата болуу керекпи же намахрам адамдарга да карата ошондой болуу керекпи?
ЖООП
Бир жыныстагы жана махрамдарыбызга карата жылуу жүздүү, таттуу тилдүү болуу керек. Карама каршы жыныстагы адам менен жумшак сүйлөшүү жана ага күлүмсүрөө өтө жаңылыш. Жада калса, анын бетине карап дуба кылуу, "Аллах ыраазы болсун” деп айтуу дагы жаңылыш. Намахрам адамдын жүзүнө карап дуба кылуу тыюу салынгандыктан салам берүү дагы тыюу салынган. Себеби, салам дагы дуба. Бирөөнө күлүмсүрөп, таттуу тил менен сүйлөп дуба кыла турган болсок каршы тараптагы кааласа каалабаса да "Демек бул мени сүйгөндүктөн ушундай мамиле кылууда” деген ойдо калышы мүмкүн. Жаман ниетсиз, бир гана Аллах ыраазылыгы үчүн сүйсө да бара-бара бул сүйүү гайримашру (уруксатсыз) сүйүүгө себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, динибиз каршы жыныска, б.а., намахрам адамга жүзүнө карап дуба кылууга, жада калса, салам берүүгө дагы тыюу салууда.

#32 16 May 2015 - 12:46
Бир аялга кашың мындай, көзүң мындай, кыскасы, кебетең суук деп айтуу өлтүрүүдөн да бетер катуу тиет. Достордон бири айтат:
Жакын бир тууган бир аял: "Күйөөм мага карасың, балитсиң деди. Эч качан "Сулуусуң, сени сүйөм” деп айткан эмес, дайым жаман тарабымды айтты, сырттагы адамдардан жылуу сөз укканда көңүлүм ошол адамдарга бурулду, күйөөмөн сууп калдым”, - деди. Бул абалды жакшы билген бир дос уулуну үйлөндүрөрдө: "Балам, абайла, жубайың менен урушсаң, жаман сөз айтсаң да ага сенин түрүң суук дебе, дайыма сулуусуң деп айт”, - дей турган. Кызым менен апасы уруша кетсе кыз мага: "Ата, бул айылдык немени кайдан таап үйлөнгөнсүң”, - деп айтат. Мен болсо: "Апаң сулуу болчу, ошондуктан алдым”, - дейм. Уруш дароо токтойт.
Эгер мурда үйлөнгөн болсо аялы бул тууралуу сураса дагы сөз кылбоосу керек. Эски жубайынын атын үйдө эч качан айтпоо керек. Бир күнү Пайгамбарыбыз кайтыш болгон Хазрети Хатижа энебизди эскергенде аялдардын эң жогору даражалуусу богон Аиша энебиз дагы таарынды. Эгер Ал таарынган болсо ким таарынбасын?

#33 16 May 2015 - 12:47
Башка түшчү бардык кыйынчылыктар өлүмдү унутуудан, хак менен укукка көңүл бурбагандыктан,
динге баш ийбегендиктен болот. Бир зат айтат:
"Бир күнү мага достордон бирөө келди. Аялы менен эч тил табыша албайт экен. Үйдө күн сайын болор болбос нерселер үчүн талаш-тартыш боло берип, мындан тажап бүтүптүр, аны менен ажырашмак болот. Булардын талаш-тартышынан улам бир туугандары да бири-бири менен урушушат. Аялы күйөөсү тарапка, бул дагы аялы тарапка душман болот. Кандуу, бычактуу деп айтышат го, дал ошондой жагдайга туш болушат. Дагы бир күнү өтө жаман абалда келди, эч бир акыл уга турчу абалда эмес. Йа, Рабби, мен буга эмне деп айтсам деп ойлондум. Кийин ага: "Ажырашсаң да өзгөрө турчу эч нерсе жок, бир айлык өмүрүн калды, бар, эмне кылсаң ошо кыл”, - дедим. Бул сөздү уккан дос эси ооп, өңү өзгөрүп жаман абалда чыгып кетти.
Кийин достордон жана өз оозунан уккандыгым үчүн айтып берейин. Эшиктен чыгары менен эң жакын достору менен адалдашып баштаптыр. Кимди көрсө ошолор менен халалдашат. Үйгө барганда урушуп калган аялына: "Кел эми, ушунча убакыт сени таарынттым, сага жакшы күйөө боло албадым, каалаган нерсеңди алып бере албадым, акыңды сактай албадым, мени кечир, акыңды мага адал кыл”, - деп айтат экен. Албетте, мунун чындап ыйлоо менен айтат.
Аялы карайт, ээ Кудай, бул адамга эмне болду деп кайта ага боор ооруп, андан көрө сен менин акымды адал кыл, кечир, дайым адепсиздик кылып сенин көңүлүңдү ооруттум дейт. Бири-бирин кучактап ыйлай башташат. Кийин күйөөсү урушуп калган кайын эне кайын атасына барыптыр. Аларга да барып ыйлап кечирим сурап, силерге балалык милдетимди аткара албадым, кызмат кыла албадым акыңарды жеген болсом мага адал кылгыла дейт. Алар дагы кайрадан буга боор ооруп, балам аны коюп сен бизди кечир, улуулук милдетибизди кылбай тескерисинче силерди уруштурдук го, кемчиликтериңерди кечиргенди ойлободук, акыңды адал кыл деп боорлоруна басат. Аялы дагы кайын эне кайын атасына барып ушундай эле адалдашып, кечирим сурайт. Алар дагы өткөн ишке абдан өкүнүшүп, уялышып, аны коюп сен бизди кечир деп кучакташып ыйлашат. Үйдө болсо жашоолору дайым Жаннаттагыдай сезилет. Күйөө менен аял бири-бирине кызмат кылат, бут кийим жана башка нерсе алышат. Бир айткандары эки болбойт.
Бирок, тиги дос мен айткан нерсени аларга эч айтпаптыр. Бир ай бүткөнчө күн санап жүрөт. Күн өткөн сайын мунун жакшылыгы көбөйөт, түнү ибадат кылат. Мунун жакшылыгы көбөйгөн сайын аялы менен үй-бүлөлөрүнүн да жакшылылыктары көбөйө берет. Дегенче болбой бир ай толот. Бүгүн өлөм деп күтүп отуруп өлбөй калат. Дал бир деп айтылган жок, бир айга чейин деп айтылды, балким бир канча күн бар чыгар деп ойлонот. Бир нече күн күтөт, дагы эле өлбөйт. Кийин жаныма келди, бөлмөгө киргенде эле:
- Мен өлгөн жокмун”, - деди.
Эмне, өлүм дейсиңби дедим.
- Бир айчалык өмүрүң калды деген элеңиз го, - деди.
- Иним, мен сенин качан өлө турганыңды биле албайм, бирок, бир күнү сөзсүз өлө турганыңды билем. Өлө турган адам чыр-чатак менен өмүрүн азапка салбайт. Азыр жашооңо ыраазысыңбы? – дедим.
- Ооба, эч урушкан жокпуз, - деди.
- Бар анда, жашооңорду ушинтип уланткыла, - дедим. Эки балалуу болушту, гүл сыяктуу жашап жатышат. Маселенин бардыгы өлүмдү унутууда. Бул окуя адам өлүмдү унутканда эмне боло тургандыгына, унутпаганда эмне боло тургандыгына ачык бир мисал болот алат.”

#34 16 May 2015 - 12:49
Ислам Дини (mobil)
Ислам дини » Сухбаттар » Эң жакшы аалым – накыл кылган аалым
Эң жакшы аалым – накыл кылган аалым
Категория: Сухбаттар
Даанышман заттар айтышат:
Жамгырдын суусу таза. Эгер иче турган болсо уунун таасири болушу мүмкүн. Ал жамгыр суусунун топуракка түшүп, туз жана минералдар менен аралашуусу керек. Булар менен аралашкан жана ичиле турчу абалга келген суу жердин үстүнө чыгат, бизге чейин суу түтүктөрү менен келет, аны ичебиз.
Мына, Курани карим Жанаб-ы Хак тарабынан түшүрүлгөн. Таза, бирок, Пайгамбарыбыз «алейхиссалам»: «Кимде ким Курани каримге маани чыгаруу үчүн, түшүнүү үчүн кол узатса, түшүнүүгө аракет кылса капыр болот», - деп айткан. Биз ичкен суу жамгыр суусу, бирок, аны түздөн түз ичүү зыяндуу болушу мүмкүн. Курани карим дагы китебибиз, бирок, түшүнө албайбыз. Аны Пайгамбарыбыз «алейхиссалам» түшүнөт. Ага түшүрүлгөн. Ал болсо хадиси шарифтери менен Асхабы кирамына түшүндүрдү. Асхабы кирам болсо аны Ахли сүннөт аалымдарына накыл кылды. Өзгөчө мазхаб имамдарыбыз биз түшүнө ала тургандай кылып даярдашты жана ичүүгө жарай турган суу абалына алып келишти.
Туш келди суу иче албагандыгыбыз сыяктуу туш келди дин китептерин дагы окуй албайбыз. Сөзсүз тастыкталган, бул суу ичилет деп белги басылган сууну колдоно алабыз. Ошон үчүн бир мазхабга моюн сунбаган, бир Ахли сүннөт аалымына моюн сунбаган адам туш келди сууну ичкен болот. Туш келди суу ичкен адам арасында микроптуу сууну ичип алышы да мүмкүн, натыйжада куруйт. Себеби, Ахли сүннөт аалымдарынын эң чоң өзгөчөлүгү - келген бул сууну коргоого алуулары болуп саналат. Ага бидат дагы аралаштырбады, кир жуктурбады, зыян бербеди. Өтө ишенимдүү түтүктөр менен бизге чейин алып келишти. Сууну коргошту. Ичине бир нерсе жугуп калбасын деп коргоого алышты.
Ошондуктан, эң жакшы адам, эң жакшы аалым - накыл кылган, ортодо колдон колго өткөрүп гана берген ортомчу, арачы адам. А болбосо бир гана өзүнөн сөз сүйлөгөн, муну өзүнө байлаган адам эмес. Бардыгыбыздын негизги милдетибиз почтачы гана болуу. Почтачынын милдети катты алуу, дарегин карап, комментария кылбастан тийиштүү кишиге алып барып берүүсү. Калганына аралашпайт.
Биздин дагы милдетибиз Ахли сүннөт аалымдары билдирген ошол баалуу маалыматтарды кандай болсо ошол абалда мыкты конвертке салып адамдарга жеткирүү болуп эсептелет. Бул конверттерди ачып, каттарды окугандар диндерин ырахат, туура бойдон үйрөнө алышат. Бидатчылардын кылган иштери өздөрүнө келген бул каттарды ачып окуп, бул болбой калыптыр деп, өздөрү кайрадан кат жазышууда. Өздөрү жазган катты айланага таратышууда. Андай болсо бул кат ошол адамдын каты болууда. Биз болсо Пайгамбарыбыздан тарта келген, аманат катары колдон колго накыл болуп өткөн жана мазхаб имамдарыбыз тарабынан көбөйтүлгөн бул катты таратуудабыз.
Ушундайча кылган адам дүнүйөнүн эч бир өлкөсүндө мыйзамдар жана адамдар тарабынан кыйынчылык көрбөйт, Аллаху тааланын алдында да кыйынчылык тартпайт, себеби, өзү ага бир нерсе кошкон жок. Өзүнө келген нерсени ошол бойдон накыл кылууда. Бул жерде үстөмдүк дагы жок. Ким канчалык ыкылас менен жана күчүнүн жетишинче кат таратса ошол кабыл болот.

#35 16 May 2015 - 12:50
Ислам Дини (mobil)
Ислам дини » Сухбаттар » Ыйманды коркунучка киргизген күнөө
Ыйманды коркунучка киргизген күнөө
Категория: Сухбаттар
Даанышман заттар айтышат:
Ар күнөө ыймандын коркунучка кирүүсүнө себеп болушу мүмкүн, бирок, мына бул үч күнөөнүн таасири абдан катуу:
1- Ыйман ниматына (жакшылыгына) шүгүр кылбоо.
2- Ыймандын кетүүсүнөн коркпоо.
3- Момундарды таарынтуу, көңүлүн оорутуу. Хадиси шарифте: «Көңүл оорутуу Каабаны жетимиш жолу жыгуудан дагы жаман», - деп айтылууда. Жакшы болсун, жаман болсун эч бир адамдын көңүлүн оорутпоо керек. Аллаху тааланы эң көп таарынткан куфурдан кийин көңүл оорутуу сыяктуу чоң күнөө жок.
- Бир мусулманды жаман көз менен кароо - харам. Күлүмсүрөгөн, жарык жүздүү болбогон адам момун сыпатта эмес. Мусулман жана мусулман эмес бардык адамдарга карата жарык жүздүү болуу керек. Башка бир адамдын жаман ахлагын даттанган адамдын өзү жаман ахлактуу. Башка адамдардын жамандыктары тууралуу сүйлөп жаткан болсок бул өзүбүздүн жаман экендигибиздин белгиси. Жакшы ахлак – кыйынчылыктарды сиңирүү.
- Момундун белгиси – жарык жүздүү болуусу. Мунафыктын, эки жүздүү адамдын белгиси – кабагы бүркөк болуусу. Аллаху таала берген жакшылыгын көрсөтүүбүздү жактырат. Мусулман болуу жакшылыгын кантип көрсөтүшүбүз керек: жарык жүзүбүз менен, таттуу тилибиз менен, мээримибиз менен.
- Бир мусулман башка бирин төмөн карабайт. Себеби, мусулман Аллах сүйгөн адам, Аллахтын жанында баасы чоң адам дегенди билдирет. Мусулманды төмөн саноо Аллах баалаган нерсени баалабагандык болот.
- Эң чоң күнөө – күнөөнү билбөө. Андан чоң күнөө – күнөөнү ибадат кылып аткаруу.
- Көркөм мүнөз эч кимге жүк болбоо, бирок, ар кимдин жүгүн тартуу болуп саналат.
- Марттык деп бардык адамдар менен жакшы мамиледе болуу эсептелет.
- Бардык адамдарга жакшылык кыла албайбыз, бирок, эч бир адамга жамандык кылууга акыбыз жок.
- Мусулман бул сагындырган адам дегенди билдирет. Ким сагынылбаса акыркы деми коркунучта дегенди билдирет.
- Акыретте кутулуу ибадаттардын көп болуусу менен өлчөнбөйт, туура ыйман менен кылынган сахих жана салих амалга байланыштуу. Салих амал ыкластуу амал дегенди билдирет. Курани каримдин көп жеринде Салих амал деген сөз кезигет. «Бир гана салих амал кылгандар кутулат», - деп айтылууда.
- Өзүн кыяматта Жаханнам отунан куткаруусун Аллаху тааладан тилеген адам момундарга карата өтө мээримдүү жана жумшак, назик болуусу керек.
- Ит болгон үйгө рахмет периштелери кирбейт. Көңүлгө дагы ит сыпаттуу жаман мүнөздөрдү киргизбөө керек. Өзгөчө мына бул төрт мүнөз өтө коркунучтуу: Текебердик, кызгануучулук, ачуулануу, шахват (кумар). Демек, өзүн жакшы көрүү, башка биринин жакшылыгын кызгануу, ачуулануу жана кумарга берилүү өтө коркунучтуу.
- Ар кимге кыйынчылык тарттырган адам текебер адам. Эч кимди жактырбоосу, ар кимди даттануусу ал адамдын текебердигинен улам болот. Жөнөкөй адам өлгөн адам сыяктуу болот. Өлгөн адам эч кимди даттанбайт, өлгөн адамды да даттанууга эч ким муктаж эмес.
- Физикада бир эреже бар. Плюс плюсту, минус минусту түртөт. Карама-каршы уюлдар бири-бирин тартат. Эки кишинин экөө тең меники туура десе натыйжада араздашуу болот, тынчсыздык башталат. Бири экинчисине сеники туура десе уруш токтойт. Аял менен күйөө дагы бири экинчисине «сен туура айтасың» десе үйдө ынтымак өкүм сүрөт. Экөө тең меники туура деп отурса үйдө ынтымак болбойт. Ал эми экөө тең сеники туура дей турган болсо кандай болот? Ал үйдө илахий сүйүү башталат.
- Эки нерсени унутпа: Аллаху тааланын сени ар жерде көрүп тургандыгын жана өлүмдү эч унутпа.
Эки нерсени болсо унут: Кылган жакшылыктарды жана сага кылынган жамандыктарды унут.

#36 16 May 2015 - 12:52
Өзүнүкүн бербестиктин,
талашып-тартышуунун зыяны
Категория: Сухбаттар
Хакты, туура нерсени түшүндүрүү ниети менен болсо дагы башкаларды жеңүү үчүн кылынган тартышуулар зыяндуу. Кимде бул тартышуудан жеңип чыгуу арзуусу хак нерсени каршысында турган адамдын оозунан угуудан дагы жакшы сезилсе бардык жамандыктын ичине кирген болуп саналат. Талашып-тартышуудан утуп чыксам деген калоо калган жамандыктарга себеп болот.
Имам Газали «куддиса сиррух»: «Бир гана атак-даңк үчүн алек болгон адам тартышууну жактырат. Атак-даңк болсо - апаат», - деген. Тартышуу достун достугун азайтат, душмандын душмандыгын көбөйтөт. Салих момун текебердүү болбойт, айбаттуу, оор басырыктуу болот, дүнүйө иштеринде жеңилдик көрсөтөт. Дин иштеринде бекем болот. Эч талашып-тартышпайт!
Жаман менен тартышпа, сени таарынтат,
Жакшы менен тартышпа, сага таарынат.
Энес бин Малик хазреттери айткан: «Биз бир күнү дин тууралуу тартышып жатканда Расулуллах алейхиссалам жаныбызга келди. Бизге ушундай ачууланды, эч мындай көргөн эмес элек. Ошондо буюрду:
«Тартышууну таштагыла! Силерден мурдагылар дал ушундан курушту. Тартышуунун пайдасы жок, тартышуу зыяндуу. Момун тартышпайт. Тартышканга шафаат кылбайм.» [Таберани]
Өзүнүкү туура болуп турса дагы тартышуудан баш тартуу сооптуу.
Тартышуу достордун ортосундагы бири-бирине болгон сүйүүнү кетирет. Тартышуу – бул каршыңда турган адамды жахил деп эсептеп, сен билбейсиң, мен билем деген сөз. Жахилдик менен күнөөлөнгөн ар адам аздыр-көптүр ачууланат. Хадис-и шарифте: «Аллаху таала эң көп душмандык кылган кул – тартышуудан алдыга кеткен кул», - деп айтылган. Тартышуу достордун азайуусуна, жек көрүүчүлүккө себеп болот. Хасан-ы Басри хазреттери айткан: «Миң кишинин достугуна бир кишинин душмандыгын сатып алба!»
Тартышуу – өзүн акыл жана илимде үстөмдүгүн далилдөөгө аракет кылуу. Ал каршыда турган адамды сабатсыз деп эсептегендик болот, бул болсо душмандык. Хадиси шарифте айтылды:
«Тартышпаган, эч кимди таарынтпаган Жаннатка кирет.» [Тирмизи]
«Сүйлөп жатканда каршы чыкпаганга же өзүнүкү туура болсо да тартышуудан баш тартканка Жаннатта бир сарай берилет.» [Таберани]
«Өзүнүкү туура болсо да тартышуудан баш тартпаган адам нагыз ыйманга ээ боло албайт.) [Ибни Эбиддунйа]
"Күрөшүүдө көшөргөн адамды Аллаху таала сүйбөйт .» [Бухари]
"Фитнасына ишенич болбогон күрөшүүдөн баш тарткыла.» [Таберани]
Төрт топтогу адам бар
Билим жагынан адамдар төрт топко бөлүнөт:
1- Билгендигин билген,
2- Билгендигин билбеген,
3- Билбегендигин билген,
4- Билбегендигин билбеген.
Билгендигин билген: Мындай адамдар жакшы адамдар. Ишенимдүү адамдар. Эр жүрөк, батымдуу, бир канча иште ийгиликтүү болот. Бир адам «Компьютер баш болуп бардык техникаларды иштете алам, себеби, муну да мен сыяктуу адам жасаган» деп өзүнө ишене алгандыктан аткара алууда.
Билгендигин билбеген: Мындай адамдар бираз түртмөлөөгө муктаж. Тартынчаак. «Мен бул ишти кылалбайм» деп коркот. Ал айтат: «Мен компьютерди түшүнбөйм, ал мага сүйлөбөй». «Отур, бир сынап көр. Мунун билим менен, маданият менен катышы жок. Бираз гана батымдуулук жетет», - деп түркү кылынса кийин эркин колдонуп кетүүсү мүмкүн.
Билбегендигин билген: Мындай адамдар өз чегин билет. Ар нерсеге колун тыга бербейт. Өз иши менен алек болот. Мындай адамдар ар качан мактоого арзыйт.
Билбегендигин билбеген: Мындай адамдар өзүнө да, коомго да зыян алып келет. Билбейт, бул аз келгенсип билбегендигин да билбейт. Ар нерсеге колун тыгат. Ошентип, колу дагы ыпластан кутула албайт.
Мамиле куруу жагынан адамдар төрткө бөлүнөт:
1- Коёндун кыгы сыяктуулар.
2- Азык зат сыяктуулар.
3- Дары сыяктуулар.
4- Оору сыяктуулар.
Коёндун кыгы сыяктуу: Жыттанбайт, жукпайт. Эч кимге зыяны да, пайдасы да тийбейт. Бары-жогу билинбеген адамдар.
Азык зат сыяктуулар: Ар ким ар качан ага муктаж. Мындай адамдарды издеп табуу керек, тапкандан кийин да жоготуп албоо үчүн аракет кылуу керек.
Дары сыяктуулар: Бир гана муктаж болгон кезде ишке жарайт. Мындай адамдарды дагы өткөрүп албоо керек.
Оору сыяктуулар: Мындай адамдарга эч муктаждык болбойт. Бирок, ала

#37 16 May 2015 - 12:54
Ислам Дини (mobil)
Ислам дини » Сухбаттар » Эгер жахилдер сүйлөбөгөндө
Эгер жахилдер сүйлөбөгөндө
Категория: Сухбаттар
* Ибадаттын даамын алган адам ибадаттан тажабайт. Тажаган адам Аллаху тааланы аз тааныгандыгы үчүн тажайт.
* Эч бир нерсе жоготулган убакыттын ордун толтура албайт.
* Жахил (наадан, сабатсыз) адамдар илимдери менен бири-бирине мактанышат. Алардын илимден алган насиби бир гана мактануулары.
* Кул Аллаху таала үчүн эмнеден баш тартса Аллаху таала ага мындан да жакшысын берет.
* Аллаху тааланы унутуудан чоң күнөө жок.
* Акылдуу адам унчупай турган кезинде тафаккур кылат (Аллаху тааланы ойлойт), сүйлөгөндө зикир кылат, караган кезде ибрат алат.
* Ар каптын ичи толгон сайын тараят. Бирок, билим кабы мындан башкача. Билим кабы билим кирген сайын кеңейет.
* Денең менен дүнүйөдө, көңүлүң менен акыретте бол.
* Саадат өмүрү узун жана ибадаты көп болгондуку.
* Баалуу өмүрүңүздү пайдасыз, бош нерселердин аркасында, оюн-күлкү менен өткөрүп албоо үчүн дыкат болуңуз.
* Эгер жахилдер унчукпай, сүйлөбөгөндө адамдардын арасында келишпестик болмок эмес.
* Илим адамды Аллаху тааланын буйрук кылган нерселерине алып барат, зухд болсо ал нерсеге жетүүнү жеңилдетет.
* Көңүлү ооруган, чарасыз бир адамды көрсөң жарасына дары бол! Анын жолдошу жана жардамчысы болуудан тартынба!
* Кулдун Аллаху таалага шүгүр кылуусу Аллаху таала берген ниматтары менен Ага каршы чыкпоосу аркылуу жүзөгө ашат.
* Бир көңүлдө акырет арзуусу көбөйгөн сайын дүнүйөлүк санаасы ал көңүлдөн жоголот.
* Аллаху таалага жеткирген эң ишеничтүү жол – бардык иш-аракет жана ибадаттарда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сүннөтүнө бай ийүү.
* Эки жаман сапат бар, булар көңүлгө кыйынчылык тарттырат: Көп сүйлөө жана көп тамактануу.
* Жалган сүйлөөдөн, бирөөнү ушактоодон жана кыянаттыктан узак тургула!
* Илим сот, мал-мүлк болсо соттолуучу. Илим сени коргойт, бирок, мал-мүлктү болсо сен коргошуң керек. Илим уурдалбайт, мал-мүлк болсо уурдалат. Илим сарптаган сайын көбөйөт. Мал-мүлк болсо сарптаган сайын азаят.
* Кылган жакшылыктарды колко кылган жек көрүү отун тутанткан болот.
* Аллаху тааланын буйруктарын эскерткен, насыят кылган бир тууганың сага алтын белек кылган адамдан да жакшы.
* Адамдын табыштуу болуусунун негизи аз тамактануу, аз уктоо, аз сүйлөө жана напсинин арзуу жана каалоолорунан баш тартуу.
* Узун эмелдүү болуу (б.а., өлүмдү унутуп дүнүйөлүк максаттардын аркасында жүгүрүү) жана бардык нерсени кийинкиге калтыруу - өзүн өзү бүтүргөндүк жана санаасыздык.
* Өмүрүмдө түнү ибадат кылгандардан башка эч кимге суктанбадым.

#38 16 May 2015 - 12:55
Ислам Дини (mobil)
Ислам дини » Сухбаттар » Бир ишке толук берилмейин ал иште ийгиликтүү боло алабайсың
Бир ишке толук берилмейин ал иште ийгиликтүү боло алабайсың
Категория: Сухбаттар
* Колуңарда турган жакшылыктын кадырын билгиле, шүгүр кылгыла. Шүгүр кыла турган болсоңор ошол жакшылыктар андан да көбөйөт. Шүгүр кылбай турган болсоңор колуңардан алынат. Колуңардан алынып гана тим калбайт, ошол кезден баштап сизде Аллаху тааланын азабы башталат.
* Жакшылыктар куш сыяктуу. Аларды шүгүр деген жип менен байлагыла, болбосо учуп кетишет.
* Бир ишке толук берилмейин ал иште ийгиликтүү боло алабайсың.
* Ийгиликтин сыры – сурап билүү.
* Мусулман адамдын бардык иштери динине ылайык болуусу керек. Динине баш ийген адам дүнүйөлүк нерселерди жана арам нерселерди сүйбөй турган болот. Көңүлүндө арам иш кылууга болбогон каалоо калбаган кезде ага Аллах сүйүүсү толот. Ичиндеги суу төгүлгөн идишке абанын өзүнөн өзү толуусу сыяктуу.
* Дүнүйөдө ким кимди жакшы көрсө акыретте аны менен бирге эсепке тартылат.
* Ахли сүннөт жолунда болгондорду, Аллахтын динине кызмат кылгандарды сүйүү хубби филлах болуп саналат. Капырларды, бидатчыларды сүйбөө – бугди филлах. Бул сүйүү жана сүйбөө көңүл аркылуу болот, урушуп, талашып-тартышуу аркылуу эмес. Дос менен дагы, душман менен дагы талашпоо керек.
* Ахли сүннөттөн эч кимге зыян келбейт.
* Акыл баалуу, бирок, жалгыз боло албайт. Өз акылына карап кыймылдабоо керек. Акыл жалгыз өзү туураны таба албайт, андай болгондо Пайгамбарлар жиберилмек эмес.
* Дүнүйөдө эң маанилүү нерсе ахли сүннөт ишенимин үйрөнүү, өзү аны аткаруу жана башкаларга үйрөтүү.
* Бардык адамдар менен жашы мамиледе болгула, эч кимдин көңүлүн оорутпагыла.
* Шереф-ул мекан бил мекин. [Бир жердин кадыры ошол жердегилер менен өлчөнөт]
* Дос деген ким? Дос – сени Аллаху таала ыраазы болгон нерселерге үндөгөн адам.
* Муктажсыздык кутурууга себеп болот.
* Жөнөкөй адам бирөөнү даттанбайт, аны да бирөөлөр даттанбайт.
* Чыныгы сүйүү жакшылык көргөнүндө көбөйбөгөн, жамандык көргөндө дагы кемибеген сүйүү.
* Каалаган нерсесин берген кезиңизде ачууланган, таарынган адам чыныгы дос эмес.
* Ийгилик деген эмне? Ага тоскоол эмне? Ийгилик – өлгөндөн кийин акыретте ишке жараган нерсе. Акыретте ишке жарабаса ал ийгилик эмес. Ага тоскоол адамдын өзү, б.а., өз акылына жана напсине баш ийүүсү.
* Кайгылар жана кубанычтар бөлүшүлгөн кезде адамдар ырахат болушат.
* Силсиле-и алиййе улуктарын таануу жана сүйүү дүнүйө жана акырет бактысына жеткирет.
* Ибадаттар – адамдын милдети. Көркөм ахлак болсо ошондон тапкан сулуулугу.
* «Ахли сүннөт ишеними» деген жакшылык күн сыяктуу. Кыйынчылыктар жылдыздар сыяктуу. Албетте, жылдыздар бар, бирок, көрө албайсың! Күн болгон кезде жылдыздар жок болот. Жылдыздардын аты болбойт.

#39 16 May 2015 - 12:57
Категория: Сухбаттар
Адам напсине багынган сайын эч нерсеге канааттанбайт, эч нерсеге ыраазы да болбойт. Анткени, адамдын напси кудай болууга умтулат. Өзү менен тең даражалуу адамдын болуусун да көтөрө албайт. Ошол үчүн колдогу бар нерсеге канаат кыла албайт. Көзү ар качан өзгөнүн мал-мүлкү менен мансабында болот. Дүнүйө-мүлк, мансап, даражасы боюнча өзүнөн жогоруларды көрүп-көрө албоочулуктун айынан кыжыры кайнайт. Аларды кызганып, жамандап, ушак кылат. Каталык артынан каталык кетирет. Өзүнүн да өзгөнүн да жанына тынчтык бербейт. Бул туурасында Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам» мындай деп айткан: «Динде (дин иштеринде) өзүңдөн төмөн болгон адамга караба, анткени, менменсинип өзүңдү курутасың. Дин жагынан өзүңдөн жогору болгон адамга кара, анткени, ал сенден да кайырлуу. Дүнүйө-мүлкү көп болгон адамга караба, Аллаху тааланын берген насибине нааразылык кылган болосуң. Азыгын кыйналып, маңдай тери менен таап жүргөн адамга кара, ошондо Аллаху тааланын сага берген ниматына шүгүр кыласың.»
Динибиздин аалымдары шакирттерине ар дайым мындай деп насыят айтышкан: «Дүнүйө-мүлкү силердикинен аз, абалы төмөн болгондорго карагыла. Ошондо колуңардагыга жана ушул абалыңарга шүгүр кыласыңар. Ал эми акырет үчүн буга тескерисинче жасагыла. Акырет үчүн мээнет кылып бергенине шүгүр кылуу менен бирге андан да көбүн тилегиле. Акырети бизден жогору, үстөм болгондорго карап ошолор сыяктуу болууга тырышкыла. Алар (акырети жогору болгондор) – Ахли сүннөт аалымдары. Ушундай кылганда өзүнөрдү менменсинүүдөн куткарып текеберликке түшпөйсүнөр жана да туура жолдогулардын изи менен жүргөн болосунар.»
Мал-мүлктүн, акчанын көп болуусу, даражанын, мансаптын жогору болуусу адамды бакытка алып барбайт. Түбөлүк азаптан куткарбайт. Булар Аллаху тааланын ыраазылыгына жараша колдонулса эсеби болот, болбосо азабы болот. Анткени, Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи васаллам»: «Дүнүйөсү тынч болгон адамдын дининде кемтиги болот», - деген. Ислам аалымдары бул хадиси шарифти: «Дүнүйө лаззаттарына жетишүү үчүн Исламдын чегинен сыртка чыккан адам акырет лаззатына жете албайт», - деп түшүндүрүшкөн.
Хазрети Абдуррахман бин Махди: «Кимде ким илим жагынан өзүнөн жогору адам менен кезиксе муну бир олжо деп билүүсү керек. Анткени, анын илиминен пайдаланат. Өзү менен илими тең адам менен кезиксе, билгендерин бири-бирине үйрөтүп, бири-биринен пайдаланышат. Өзүнөн илими төмөн болгон адам менен кезиксе карапайымдыгын көрсөтүп, билгендерин ага үйрөтөт», - деп, адамдын ар-кандай абалдан пайдалана ала тургандыгын жана ушундайча бакытка жетише ала турганын билдирген.
Хазрети Вахб бин Мунаббих: «Бул үч нерсе зулумдук болуп саналат: Өзүнөн жогору адамдарга каршы чыгып, буйруктарын орундабоосу. Өзүнөн төмөндөргө күчүн колдонуп акыларын тебелөө. Заалымдарга жардам кылуу», - деген.
Хазрети Абу Бакир Варрак мындай дейт: «Кул жашыруун болсун, ачык болсун бардык убакта Аллаху тааланын буйруктарына багынат. Анын буйругунан чыкпайт. Жамандык кылганга жакшылык менен жооп берет, напсинин каалоолорун ээрчибейт, нимат берилген убакта шүгүр кылат, кыйналганында сабыр кылат. Өзүнөн төмөндөргө ызаат көрсөтөт. Акыл сурап келгендердин сөзүнө кулак салат.»
Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Дүнүйөнү кууган адамдан дүнүйө качат, андан качкан адамды кууйт. Качкан адамды кармап алса жаралайт. Дүнүйөнү каалап ага байланган адамды өлтүрөт. Анткени, дүнүйө менен күрөшүүгө болбойт. Күрөшкөн адамды жеңет, далысын жерге тийгизет. Дүнүйөгө байлануу – Аллаху тааланын ыраазылыгына жетүүгө кедерги боло турган парда. Ал эми акыретти ойлоо көңүлдүн жандануусуна себеп болот. Дүнүйө махабаты орун алган көңүлдөн акырет ойу көчүп кетет», - деген.
Дүнүйөгө кол жеткизүү үчүн динин берүү акылдуу адамдын жасай турган иши эмес. Дин аалымдарыбыз: «Сухбати агниядан, тактап айтканда, дүнүйөгө берилген адамдын кеп-сөзүнөн качуу керек», - дешкен. Андай болгон соң аларга окшошуп өзүн бактысыз кылуу акылдуу адамдын иши эмес. Хазрети Абу Сулейман Дарани: «Акыретти ойлоо акылдуулуктун жана көңүлдүн тирүү экендигинин белгиси. Аял,

#40 16 May 2015 - 16:05
Аалам жылууланып барат... Жүрөгүбүзчү
..?
Адегенде эле сөзүмдү кечээ жакында бир журналда окуган бир окуядан баштайын. Менин бул жазууну жазышыма түрткү болгон окуя мындайча баяндалат: “Австралиядан келген эки коногумду сыйлап жаткан учурум.Экөө тең жөн адам эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда конференция жана семинарларга катышып, сөз сүйлөп жүргөн белгилүү психотерапевттер. Тамактан кийин десерт катары эмне жешээрин сурадым. Бирөөсү тойгонун, ашыкча жей албашын ачык эле айтты. Экинчиси болсо, семирип кетпейин деп кооптонгонунан улам жебей эле койсом кандай дейсиң дегендей түр көрсөттү. А мен спорттук көнүгүүлөрдү кылып,ашыкча салмагынын кетирсе боло турганын айтып, ага дагы жедириштин аракетин кылдым. Ашыкча жей албашын ачык айткан коногум биздин сөздөрүбүздү көпкө угуп тургандан кийин сөзгө аралашып мындай деди: “Бул кылганың туура эмес. Ачка болбой туруп, ашыкча жеп, ал аркылуу алган салмагыңды денеңден чыгарыш үчүн спорттук көнүгүүлөрдү кылганың туура эмес. Ааламдык жылуулануу да мына ушул себептен улам болууда. Себеби, сенин жегениңди өндүрүү үчүн канчалаган адам эмгек кылат, көптөгөн техникалар иштеп, май күйгүзөт, дүйнөнүн суусу азайат. А сен болсо, керек болбосо деле ашыкча жеп жатасың. Кийин аны чыгарыш үчүн спорттук көнүгүүлөрдү кыласың. Спорт залга барасың, залдагы шаймандарды жасаш үчүн канчалаган энегия сарпталат. Ошол энергиянын баары ааламдык жылууланууга да себепкер болот. Ааламдык жылуулануу менен дүйнө климаты бузулуп, жамгырдын жааш мезгили өзгөрүп, күндүн жылуулугу да пайда бербей турган абалга келүүдө”.
Муну окуп, айткан сөздөрүнө макул болбой койо албайт экенсиң. Себеби, ааламдык жылуулануу дүйнөлүк олуттуу маселе экени баарыбызга белгилүү. Мунун натыйжасында көптөгөн жаратылыш кырсыктары болуп, миңдеген адамдар өлүмгө дуушар болгону да маалым. Ошону менен бирге ар түрдүү оорулардын пайда болушу да дал ушул ааламдык жылуулануунун кесепети эмеспи... Демек, ашыкча тамактанууну да ааламдык жылуулануунун себепкерлеринен бири деп карай турган болсок, анда баарыбыздын бул кесепетте “жигердүү салымы” бар экенин тана албайбыз. Мындай караганда жөпжөнөкөй көрүнгөн бир эле адамдын ашыкча тамактануусунун канчалык зыянга алып бара турганын байкоого болот.
“Ашыкча тамактануу ааламдык жылууланууга жол ачканы менен жүрөктүн муздашына да себепкер” деген оюмду айтсам... “Ушу кантип болсун? Сен деле жазат десе эле жаза берет экенсиң да, өзүңчө отуруп алып эле ар нерсени чыгара бербечи...” же “сенин жеп-ичкенди жазгандан башка ишиң жокпу? Ушунчалык эле жазгың келип жатса, намаздын, орозонун, зекеттин ж.б пайдаларын жазбайсыңбы? Сен деги кандай “молдосуң“ ыя..?” дегендер да болушу мүмкүн. Мындайларга да “туура айтасың” дегенден башка аргам жок.
Ал эми жогорудагы оюмдун жөнү мындай:
Денебизде эң көп энергия сарптаган органдарыбыз мээ менен ашказан. Ашыкча тамактанган учурда аны сиңирүү үчүн ашказанга нормасындан көп энергия сарпталат. Натыйжада мээге жана башка органдарга бөлүнгөн энергия да азаят. Мээнин аз иштешине алып келип, “мээң иштейби?”, “башың иштейби?”, керек болсо “мээң барбы?” деген суроолорго да туш кылат. (Курсагы салаңдап, эки бетин май баскан галстукчандардын элдин кызыкчылыгын ойлобой алдыга келген кагаздарга кол койгондору да энергиянын көбү ашказанга сарпталганынан уламбы деп ойлобой койбойт экенсиң...) Бул – көп жегендин мээге зыяны. Ал эми мунун жүрөккө кандай тиешеси бар дегенге келе турган болсок, айтылуу Имам Газзалий деген аалым Ихйау Улумид-Дин аттуу китебинде ашыкча тамак жегендин көптөгөн кесепеттерин санап, жүрөктү да карайта тургандыгын айтат. Пайгамбарыбыз(с. а.в) бир хадисинде мындай дейт: “Адам баласы күнөө иш кылганда жүрөгүндө бир кара чекит пайда болот. Дароо тообо кылып аны өчүрбөсө, кара чекит ошолбойдон калат. Андан кийин дагы күнөө кыла турган болсо, дагы бир кара чекит кошулат”. (Ибни Маажа, Зухд 29) Эми, Газзалийдин ашыкча тамак жегендин жүрөктү карайта турган жөнүндөгү сөзүн ушул хадистин негизинде карап көрөлү. Китептерде тойгондон кийин да ашыкча тамак жегендик ысырап болгондуктан анын өкүмү арам экендиги айтылат. Арам – тыйуу салынган иш. Аны кылуу болсо күнөө. Демек, ашыкча тамактануунун жүрөктү карайта тургандыгы ушунда жатат. Жүрөктүн карайышы – анын муздашы дегендик.
Албетте, мусулман адамдын да жыргал жашоого укугу бар. Бирок, мусулмандын жыргал жашоосу – каалаганын кылып, каалаганын жеп-ичкени эмес. Баардык нерсени билүүчү улуу Жараткан тарабынан белгиленген чийинден чыкпай, арам менен адалды айырмалап, өз курсагын гана ойлобой “коңшусу ач болуп өзү ток уктаган бизден эмес” деген хадисти эске тутуп, башкалардын кубанычын да, кайгысын да тең бөлүшүп жашай алышы – мусулман үчүн жыргал жашоо. Мына, жогоруда айтылгандардан белгилүү болгондой эле, ашыкча тамак жегендик ааламдык жылуулануу деген дүйнөлүк кесепеттин себепкерлеринен бири. Ааламды жылуулантканы менен жүрөгүбүздү муздатып барат. Муздак жүрөк – күнөөгө баткан жүрөк. Аны ысытуунун бирден бир жолу – Жаратканга жалбарып тообо кылуу.
Келгиле, жүрөгүбүздү ысыталы, дүйнөлүк кесепетке бөгөт бололу.
Себетов Жаркынбай

Супер-Инфо
super.kg
видео