Брюс Лиден кенеш
Чег ара
Эгерде кылып жаткан ишинизге чег ара койсонуз анда эч качан бийиктерди багындыра албайсыз. Ал бул создорду машыгууларды ото оор деп нааразы болгон шакиртерине айткан. Бирок жашоодо да ушундай озуно чектоо койгон чон жанылыштык болот.
Максат
Максат бул адам оз калаганына жеткенден кийинки чекит эмес.
Бул алдыга умтулуу дегенди билдирет. Кээ бирлер оз максатарына жеткенден кийин токтоп калат. Дуйно жузун багынтсанда аракетен токтобо.
Билим
Билимдуу керектуу нерселерге иштетин. Устатардан уйронун. Озунузду кайсы жаата же кесипте болбосун ал нерсенин баарын мыкты билишинизди сезишиниз менен. Башка устаты издеп табын. Жашоо таш боор эгер билиминизди оркундотуп барбасаныз,
бир куну озунуздон да билимдуу атандашка жолугасыз.
Атактуулар жөнүндө Ийгилик сырлары
#62 24 April 2015 - 19:53
Ким женемин деп ишенсе,
Ал созсуз женет!!!
-Эгер сизди токмоктойт деп корксонуз.
- Анда токмоктолгонунуз ошол.
-Эгер сиз бир нерсе жасай албайм деп ойлосонуз.
-Анда эч качан жасай албайсыз.
-Эгер сиз женишти каалап, бирок жене албайм десениз.
-Анда сиз созсуз женилесиз.
-Анткени дуйнодо ийгилик адамдын эркинен жаралганын кордук.
Бардыгы акылга байланыштуу.
Эгер сиз–сизди артка таштап кетти десениз,
-Анда дал ошондой.
Сиздин ойлорунуз ото бийик учуусу керек.
-Женишге жетуудон мурун алгач озунузго ишениниз.
-Канча кучтуу, кандай шыпылдак болсо да,
-Жашоо учун курошто дайым утпайт.
Ким дал ушуну кыла алам десе,
Эртели–кеч ал женишке жетишет.

#63 25 April 2015 - 23:09
Альберт Эйнштейн (Albert Einstein) XX кылымдын эң эле улуу илимий жетишкендиктери,
анын эң эле ири өкүлдөрү, жалпыга таанымал символдору тууралуу сөз кылганда эң биринчилерден болуп Альберт Эйнштейн эске келет. Залкар немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип физикалык теорияларды ачкан. Ал ачкан физика илиминдеги маанилүү ачылыштар, окумуштуунун илимге эле эмес, жалпы маданияттуу адамзатка тийгизген зор таасири тууралуу айтып отурсак – бул бүтпөй турган чоң тема. Бүгүн сиздерге ушул окумуштуу тууралу маалымат жазам.
#64 25 April 2015 - 23:11
Өмүр таржымалы
Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германия мамлекетинде Дунайдын сол жээгиндеги Улм жергесинде туулган.
9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө экзаменсиз кабыл алынат. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт.
Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт. 1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок, туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат.

#65 25 April 2015 - 23:16
Германиядагы фашисттик террордун айынан А. Эйнштейн өз өлкесүнен кетүүгө мажбур болуп АКШдагы Пристонду мекендеп калат. Ал 1955-жылы дүйнөдөн кайткан.
Дүйнөнүн мактанычы жана трагедиясы
Чынында да дүйнө тарыхына Альберт Эйнштейн илимде революция жасаган улуу ойчул, Ньютон түзгөн физиканы кайра карап чыгууга мажбур кылган залкар окумуштуу катары кирди. Ал ХХ кылымдын мактанычына да, трагедиясына да айланган атом бомбасын жасаганга түздөн-түз тиешеси болду. Ошону менен бирге Эйнштейн өз авторитетин пайдаланып, Палестинада еврейлердин мамлекетин, азыркы Израиль мамлекетин түзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизди.
1948-жылы Израиль мамлекет катары жаңы эле түзүлгөндө жөөттөр аны президент болуп бериңиз деп суранып да көрүштү. Окумуштуу андан баш тартты.

#66 26 April 2015 - 00:12
Эмгеги
Ошол убакта Берлинден чыгуучу «Физиканын анналдары» деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт.
1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен “таанышат, бул ага жакшы таасир берет.
1905-жылы жазган «Броун кыймылдары» деген змгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген. Электромагнетизм, Броун кыймылы сыяктуу тармактар менен бирге Эйнштейн бизди курчап турган ай-аалам, чексиз дүйнө, анын келип чыгышы, кандайча ушинтип жаралып калганы, башкача айтканда космология тууралуу бир катар маанилүү гипотезаларды калтырып кетти. Ошонун негизинде Чоң Жарылуу (англисче “Big Bang” деп аталат), жарыктын ылдамдыгы сыяктуу жаңы илимий тармактар пайда болду. Бул маселенин бир жагы. Бирок Эйнштейндин илимий мурастарынын бир кызык жери — анын ойлорун жана гипотезаларын эксперимент түрүндө далилдеш же четке кагыш өтө татаал нерсе. Ошондуктан Эйнштейндин теориясы тууралуу талаш-тартыш ошол кезде кандай кызуу болсо, азыр да бүтпөй келет.

#67 26 April 2015 - 00:17
Албетте, Алберт Эйнштейндин ысмын ааламга таанымал кылган негизги эмгек – анын салыштырмалуулук теориясы деген илимий ачылышы болду. Бул теория дал ХХ кылымдын башында, тагыраак айтканда 1905-жылы жарыкка чыкты. Окумуштуулар арасында кызуу талаш-тартыштар пайда болгон кезде, атактуу физик Гейзенбергдин мындай деп айткан кызык сөзү бар. “Бул, албетте, көп нерселерди астын-үстүн кылган теория. Бирок эмки маселе – ошол теория кандай жаңы идеяларга жол ачат – кеп ушуну түшүнүүдө калды” деген экен окумуштуу. Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган.1933-40-
жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген.
Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.Жубайлары
Эйнштейн эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Милева Марич өтө мыкты математик, Эйнштейнге көп нерседен жардам берген окумуштуу болгон деген кептер бар. Бекер жеринен Эйнштейн Нобель сыйлыгын алганда бүт акчасын эбак ажырашып кеткен биринчи аялы Маричке бербесе керек. Экинчи аялы Эльза болсо Эйнштейнге туушкандык жайы болуп, бир топ эле жакын эле жээни экендиги белгилүү. Биринчи аялы өзүнөн төрт жаш улуу болсо, экинчиси үч жаш улуу болгон.

#68 26 April 2015 - 00:20
Өкүнүчү
Фашисттик Германия ядролук куралга ээ болсо адамзаттын тагдыры кандай болот деп кооптонгон Эйнштейн 1939-жылы АКШ Президенти Франклин Рузвельтке атайын кат менен кайрылып, Америка бул тармакта илимий иштерге кенен жол ачышын суранганы белгилүү. Бирок согуш аяктап, эң биринчи бомба Нагасаки менен Хиросимада жарылгандан кийин Эйнштейн өзүн аябагандай күнөөлүү сезип, өмүр бою кайгырганын, аябагандай азап чеккенин баары айтышат.
Бул чынында да Эйнштейн-физиктин, гуманисттин эң чоң трагедиясы эле. Ошондуктан Эйнштейн: “Эгер үчүнчү дүйнөлүк согуш атамдук согуш болсо, анда ал адамзат үчүн эң акыркы согуш болот” деп бекер айтпаса керек.Альберт Эйнштейн адегенде Германияда туулуп, бирок фашисттер бийликке келгенден кийин Америкага кетип калган. Ошентсе да ал АКШнын атуулу катары эмес, өзүн жалпы адамзаттын уулу, планетанын атуулу катары караганы жакшы маалым. Ошондуктан ал эң акыркы керээзинде сөөгүн жерге көмбөй, кремация жасатып, анан абага чачып жибергиле дегени да бекеринен болбосо керек. Айткандай эле улуу окумуштуунун узатуу сапарына 12 гана эң жакын деген адамдары катышкан. Эч кандай расмий иш-чара болгон эмес. Кийинчерээк маркумдун бир ууч күлүн анын Принстондогу чакан дачасынын багына чачып жиберишкен.

#69 01 May 2015 - 23:51
Дмитрий Иванович Менделеев – Химия элементтеринин атасы. Адам дайыма үзбөй пайдаланган нерселер бар. Мисалы, календарь, саат же жадыбал таблицасы. Биз мектепте окуп жүргөн Химиялык элементтердин мезгилдик системасын баарыбыз жакшы билебиз. Аны түзгөн адамдын тарых таржымалын көбүү биле бербесе керек. Бизде мектепте Химия эжелерибиз мактап, ушундай берилүү менен бизге Химиялык элементтердин мезгилдик системасын бизге айтып, окутканы эсибизден чыга элек болсо керек. Биз бүгүн улуу окумуштуу химик жана жогоруда айтып кеткен Химиялык элементтердин мезгилдик системасын түзгөн Дмитрий Менделеевдин кыска тарых таржымалын баяндап берем.
#70 01 May 2015 - 23:58
Өмүр жолу
Дмитрий Иванович Менделеев 1834-жылы 8-февралда Тобольск гимназиясынын директорунун үй-бүлөсүндө туулган. Гимназиядан кийин Петербургдагыпедогогикалык институттун физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө кирип, аны алтын медаль менен (1855-жылы) бүтүргөн. Эки жыл мугалимдик кесипте, кийин 1857-жылы Петербург университетинде иштеген.
Эмгектери
1861-жылы анын “Органикалык химия” деген китеби жарыкка чыгып, Петербург Илимдер Академиясынын Демидов сыйлыгына татыктуу болгон. Жаш окумуштуунун чет өлкөлөргө командировкада болушу анын өмүрүндөгү өтө маанилүү окуя болот. Ал Карлсруэде өткөн. Бүткүл дүйнөлүк химиктердин сьездинде катышып, Дальтон атом массасы жөнүндөгү идеяны айтып чыгат. Бирок анын, атом массаларын белгилөө методу туура эмес болуп, бул идея химиктердин арасында оңой менен элдешпей турган ар кандай пикирлерди туудурган.Атомдун бар экендигин жокко чыгарган пикирлерди чечиш үчүн кайрадан Карлсруэде сьезд чакырылып, андай атомдук окууга каршы чыккандарга катуу сокку берилет да, элементтердин салыштырмалуу атом массаларын аныктоонун талашсыз жолдору табылат. Көп узабай эле Менделеев “Спирттин суу менен кошулушу жөнүндө ой” деген темада диссертация жактаган. Ушул илимий иштен баштап ал эриген зат эриткич менен туруксуз бирикмелерди түзө тургандыгы менен эрүүнү түшүндүрүүчү эритмелердин химиялык теориясын өнүктүргөн. 1864-1866-жылы Петербург технология институтунда иштеп, Петербург университетинин профессору (1876) болуп, Петербург Илимдер Академиясынын мүчө-корреспондентине шайланган.

#71 02 May 2015 - 00:01
Окумуштуунун 500 дөн ашык илимий эмгектери бар, алар айыл чарбасынын экономикасына,
химия, химиялык технология,
физика, метрология жана башка маселелерге арналган. Улуу окумуштуу кандай гана иштин үстүндө иштебесин, бардык эмгектеринде теория менен практика үзгүлтүксүз айкалышып, анын илимий максаты өтө кең болгон. Академик Бах Менделеевдин эмгегин жогору баалап: “Химиялык физикалык, геологиялык техникалык жана башка изилдөөлөрдө мезгилдик система алыс жолду көрсөтүүчү жылдыз нурундай кызмат кылып келди жана кызмат кыла бермекчи” – деп айткан. Ал так өлчөөнүн техникасына,
абада учуу теориясына,
физикага, химиялык технологияга терең негиз салган. Илимдин негизги максаты-илимий алдын-ала айта билүү жана анын жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу деп эсептеген. Дмитрий Иванович Меделеевдин илимий жана техникалык идеялары совет жана чет өлкөлүк окумуштуулардын эмгектеринде өнүгүп, практикада иш жүзүндө ашырылып жатат. Д.Менделеев 90дон ашык академиялык илимдин, илимий коомдун, ар кайсы өлкөлөрдөгү университеттердин мүчөсү болгон.
#72 02 May 2015 - 00:07
Менделеевдин таблицасы
Д. И. Менделеев 1869-ж. элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген элементтердин мезгилдик системасын сунуштаган. ул мыйзам ченемдүүлүк мезгилдик системага негиз болгон. Системада бул ачылышка чейин башаламан изилденген химиялык элементтер дүйнөсү тартипке салынып, андагы ырааттуу мыйзам ченемдүүлүктөр белгиленген. Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасы менен окуучулар жогорку класстарда, химия сабагында таанышат.
Өз системасына таянып, Менделеев али белгисиз бир нече химиялык элемент бар деп алдын ала айткан жана алардын эң маанилүү касиеттерин күн мурдатан көрсөткөн. Кийин бул элементтердин баары ачылды. Бул химия илиминдеги эң алгачкы илимий алдын ала айтуу болгон. Адам иш-аракетинде Д.И. Менделеев кызыкпаган тармакты табуу кыйын. Ал нефть кендерин, нефтинин курамын изилдеген

#73 02 May 2015 - 00:08
Дмитрий Иванович Менделеев
Менделеевдин1907- жылы Петербургда дүйнөдөн кайткан, өлүмү жалпы журтту кайгыртты. Аны акыркы сапарга – Петербургдагы Волков көрүстөнүнө миңдеген адамдар узатышты. Сөөк коюу процессиясынын эң алдында элементтердин мезгилдик системасынын зор таблицасын алып келе жатышты. Ал улуу илимпоздун болочок окумуштуулар үчүн калтырган мурасы сыяктуу кабылданды. Физика жана химия илимдери боюнча көрүнүктүү иштерге СССР Илимдер Академиясы ыйгаруучу Менделеев сыйлыгы бар. Москвадагы химия-технология жана Тобольск мамлекеттик пединститутуна окумуштуунун ысымы берилген. Дмитрий Иванович Менделеевдин ысымы 1964-жылы дүйнөдөгү улуу окумуштуулардын Брижпорт университетиндеги (АКШ) Ардак тактасына жазылган. Ал орус жана чет өлкөнүн орден, медалдарынын, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн сыйлыктарды алган.

#74 18 May 2015 - 00:42
Сталин, Иосиф Виссарионович,
Генералиссимус,
ССРСтин фактикалык башкаруучусу:
Бул адамдын ысымын дүйнөнүн жарымынан көбү билсе керек. Өзүнүн мезгилинде бул адамдын ысымына кимде ким жаман создорду айта турган болсо, анда ал адам оз жашоосу менен кош айтышкан. Бүтүндой СССРди башкарып, бул улуу өлкөнү согуш учурунда жеңишке алып келген Сталин эле, улуу инсан жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Өмүрү таржымакалы
Иосиф 1879-жылы 21-декабрда Тифлис губерниясынын Гори шаарынын Диди Лило айылындагы өтүкчү, аракеч Виссарион Ивановичтин үй-бүлөсүндө Иосиф Джугашвили аттуу ымыркай жарыкка келген. Кичинекей Иосифти Сосо деп эркелетишип, Сосонун бала чагы ата-энесинин чыр чатагы менен коштолгон. Ал тургай Сосо энесин коргоо үчүн бир нече жолу бычак менен атасына каршы турган. 10 жашында Виссарион көчөдөгү аракечтердин мушташынан каза болот. Ушундан баштап Сосо көчөдөгү «Гори» аттуу бейбаш балдардын тобуна кошулат. Энесинин аны бир нече жолу чиркөөгө окутам деген тилегин таш капкан.1886-жылы Христофор Чарквиани аттуу кечилден орус тилин үйрөнүп, Горий православдык дин таануу кесиптик окуу жайына тапшырган. Бул окуу жайга энеси Екатерина Георгиевна жөнөткөн..туулган. 1894-жылы Тбилисиде дин таануучулардын курултайы болуп, ага катышуу укугуна ээ болот. Мына ушундан тартып анын аң сезими таптакыр өзгөрүлүп, марксизм тууралуу түшүнүк киргенден кийин 1895-жылы Закавказьенин жашыруун марксиздер тобуна катталып, иштеше баштаган. Вано Стуруа аттуу революциячыл адамдан сабак алып, темир жол бекетинде иштегендерди марксизмге үгүттөө иши Сосого тапшырылган. Өзүнүн ишенимдүү сүйлөөсү менен адамды бат тарткан жигит Месаме Даси социалдык демократтар тобуна кирип, эми ачыктан ачык марксизмди пропагандалоого өткөн.

#75 18 May 2015 - 00:49
1899-жылы 29-майда аны окуу жайдан айдап жиберсе 1900-жылы 23-апрелде Тбилиси шаарынын темир жолчуларын жана темир, жыгач усталарын чогултуп 500гө жакын адам менен митинг өткөрүп, ачык биринчи жолу кайрылуу жасаган. Уюштурулган митинг көп адамды өзүнө тарткандыктан,
бир топ адам камакка алынып, Иосиф издөөгө алынган. 1901-жылы «Күрөш» гезитин негиздеп, 1903-жылы большевиктердин катарына кошулган. Ошол эле жылы митингдерди уюштуруп, элдин тынчтыгын бузгандыгы үчүн деген айып менен 4 жылга Грузиянын Кутаисс түрмөсүнө кесилген. Түрмөгө түшкөнү менен Иосиф абактагы адамдарды большевиктик системага өтүүгө үгүттөй баштаган. Ал Александр Казбегинин «Атасын өлтүргөн» романындагы революциячыл Коба аттуу жигиттин атын түрмөдөгү адамдар Иосифке ыйгарган.Ошондон тартып Коба деген ат Грузияга желдей тараган. 1905-жылы түрмөдөн бошонуп чыккан Коба большевиктердин Кавказдагы агенти болуп бекиген. Ошол эле жылы В.И.Ленин менен большевиктер партиясынын мүчөсү катары жолуккан.1906-
жылы Екатерина Сванидзе менен баш кошуп Яков аттуу уулду болушуп, бирок тилекке каршы 1907-жылдын күзүндө келинчеги оорудан көз жумган. 1913-жылы бийликке каршы чыккандыгы үчүн экинчи жолу Енисей губерниясынын Турухан аймагындагы түрмөгө кесилген. Түрмөдө да өз активдүүлүгүн жоготкон эмес. Ал тургай ал жактын жазылбаган мыйзамдарын мыкты билген. 1917-жылы Россияда граждандык согуш башталганда бошонуп чыккан Коба Владимир Ильич Лениндин эмиграциядан келгичекти Петербургдун большевиктер партиясын жетектөөгө жетишкен. Лениндин келиши менен Аскердик-революциялык комитетин, андан соң Петербургдун аскер комиссариатынын элдик комиссары болуп эмгектенген.
Граждандык согуш учурунда Царыцынский фронту жетектөөгө алып, 1922-жылы ошол учурдагы эң бирден бир даражалуу политбюро болуп шайланган.
#77 18 May 2015 - 00:54
Бул учурда В.И.Ленин ооруга байланыштуу саясаттан четтеп калып, Зиновьев, Каменев аттуу саясатчылар менен бирдикте Коба бириккен үчилтик түзөт. 1923-жылы Ленин большевиктер партиясына жашыруун кат жолдоп, катта «менин жеке пикиримде Коба мыкты талапкер» деген билдирүү болгондугу туурасында аңыз бар. Бирок, чындап эле Лениндин көзү өткөндөн кийин, Иосиф Джугашвили каймана аты Кобаны ЦК КПССтин биринчи секретары болуп шайланган. Бул сырдуу псевдонимдин ээси дүйнөгө белгилүү Иосиф Виссарионович Сталин эле.
Ал 1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.
Ал 1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.
#78 18 May 2015 - 00:56
Кызматы
1922-жылы апрелдеги БКнын Пленумунда КПСС БКнын Генеральнын секретарлыгына шайланып, ал кызматты өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРди коргоо менен милитаристтик Японияны талкалоого жетекчилик кылган. Ал жаңы совет өкмөтүнүн эл чарбасын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү эл аралык позициясын чыңдоого, дүйнө элдеринин коопсуздугун жана тез зор иштерди иштеген. Бирок, Сталиндин иш-аракетинде жакшы иштөө теориялык жана саясий каталар орун алгандыктан Сталиндин мүнөзүндөгү улам, анын керт башына сыйынуу калыптанып, ал социалисттик законуна келген. Ушунун кесепетинен 1937-1938-жылдары күнөсүз көп адамдар КПСС БКнын 1956-жылы 30-июндагы «Жеке адамга сыйынуу жөнүндөгү» токтомунда жеке адамга сыйынууну катуу сынга алынган.

#79 18 May 2015 - 01:02
Сталиндик мезгил
(1924-1953)
Сталиндик мезгил — ССРСтин фактикалык башкаруучусу И. Ф. Сталин болуп турган, ССРС тарыхындагы мезгил. Бул мезгилдин башы ВКП(б) XIV съезди менен ВКП (б)дагы укуктук опозицияны кыйратуу (1926-1929) ортосундагы убакыт аралыгына туш келсе; аягы 1953-жылдын 5 марттындагы Сталиндин өлүмүнө туура келет. Формальдуу түрдө 1923-1940 жылдар аралыгында аткаруучу бийлик структурасында эч кандай кызмат ордун ээлебесе да, бул мезгилдин ичинде Сталин фактикалык түрдө чоңдогон бийликке ээ болуп турган. Сталиндик мезгилдин пропагандасы бул мезгилди[25] «Сталиндин доору» деп атачу.Согушка чейинки убак
(1923-1941)
Негизги макалалар: ЖЭС, Коллективдештирүү, ССРСти индустриялаштыруу, ССРСтеги ачкалык (1932-1933)
1923-жылдын күз мезгилинен баштап, өзгөчө В. И. Лениндин өлүмүнөн кийин, мамлекеттин жетекчилигинде бийлик үчүн болгон курч саясий күрөш башталат. И. В. Сталин бир инсан башкарган бийликти түзүүдө колдонгон авторитардык ыкмасы бекитилет.
1920-жылдын жарымынан баштап жаңы экономикалык саясатты козголтуу, анан – индустриялаштыруу[26] жанаколлективдештирүү башталат. 1932—1933 жылдары мамлекетте 7 миллиондон ашык советтик жарандын[27] өлүмүнө алып келген массалык ачкачылык чыга түштү.1930-жылдардын аягына, каардуу фракциялык күрөштөн кийин Сталиндин жактоочулары башкаруучу партиянын бүткүл түзүлүштөрүн өзүнө баш ийдиришет. Мамлекетте талаптуулук менен борборлоштурулган, тоталитаритардуу коомдук түзүм түзүлөт.Ушул убактан баштап, алгач бийликтеги мурунку теңтайлашуучулардын сүргүнгө айдоого жана алардык жок кылууга, ананавторитаритардык системаны[28] бекитүү үчүн, жарандык массаларды жоюууга[28], падышанын башкаруучулук даражасын абсолютизмге жеткирүүгө[28], кандайдыр сепараттык көңүлдордү жоюуга[28] жана бүткүл жердик диктатураны орнотуу үчүн[28]сталиндик репрессиялардын[29] түзүмү ишке кирет.

#80 18 May 2015 - 01:05
Сталиндин учкул сөздөрү
Бизге – саясатчылардын кереги жок, аткаруучулар керек. Социализимге – жакындаган сайын душмандардын каршылыгы күчөп, күрөш курчуйт. Бир – жолу кабыл алынган чечимди өзгөртпөш керек. Сиздин – жоро-жолдошторуңуз эле көп экен. Жамандан – жаан жасаса болот. Өткөн – иш бир кудайга таандык. Көрүстөндө – гана талаш-тартыш болбойт. Калпка – муюп, чындыкка ишенишпейт. Кагылышта – канөлөт. Душмандарды – өз жеринде талкалаш керек. Депутат – элдин кызматчысы. Большевиктер – ала албас чеп жок. Кадрлар – баарын чечет. Техника – баарын чечет. Түшүм болсо – эгин болот. Тушум болбосо, эгин болбойт.
Ал тууралуу ар кыл баалар
Шолохов: «Күлө багып караганы менен, көзү жолборс Бухарин: «Маркстан окуган Чынгыз-хан”. Кретинский: «Жолборс көзүү бул адам далай кайгыны билет” Симонов: «Сталин саясий гроссмейстер болгон».Черчилль: «Сталин эң ири саясатчы». Твардовский: «Ал улуу бирок, коркунучтуу киши>. Адатта И. В. Сталин кимдир-бирөө жазаланган кагаздарды жетекчилерге жүктөп койчу экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео