Ага болгон мүнөздөмө
Жемелев: Рокоссовский түрмөдөн бошоп, 1941-жылы дивизияга командир болуп жүргөндө, ага чоң кызмат сунуш кылмак болуп, фронттон чакыртат. – Германиянын согуштук доктринасын жакшы билесизби? – Жок, жолдош Сталин. – Герман армиясынын түзүлүшү менен курал-жарагынчы?
– Жок, жолдош Сталин. Акыркы жылдары түрмөдө олтурдум да. – Кан күйүп жатса түрмөдө отуруп алганын карап кой! деген экен.
Сыйлыктары жана наамдары
Иосиф Сталинге Соцалисттик Эмгектин Баатыры (1930), Советтер Союзунун Маршалы (1943), Советтер Союзунун Генералиссуму деген наам берилген. 1-даражадагыСуворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Атактуулар жөнүндө Ийгилик сырлары
#82 18 May 2015 - 01:13
Эдсон Арантис Насименту же Пеленин өмүр баяныДүйнөлүк футбол тарыхында аябай чоң ат калтырган Бразилиялык Пеле 1940 – Трес-Корасойнс шаарында 22- октябрда жарык дүйнөгө келген. Пеленин айтууусунда өзү качан футболго келгенин эстей албай. Мындан анын эс тарткандан эле футбол чөйрөсүнө аралаша баштаганын билсек болот. Атасы Жоао Ромас Насименту футболчу болгондуктан биринчи футболго өзү ээрчитип барганын жана болочок спортчуга футбол ойноонун сырларын өзү үйрөткөнүн айткан. Пеле 15 жашка чыкканда жаштардын бүткүл дүйнөгө белгилүү «Сантос» клубунда ойноп баштаган. 1956 – жылдан 1974 – жылга чейин «Сантос» клубунда Пеле 11 жолу эң мыкты оюунчу наамын алып, Бразилиянын башкы курама командасынын атынан дүйнөлүк оюндарга катышып алты жолу дүйнөлүк мыкты оюунчу деген кубогун алган. 1958 – жылы таланттуу спортчу Бразилиянын башкы курама командасынын атынан Швециядагы дүйнөлүк мелдешке катышып, биринчи тобун дарбазага киргизип командасын дүйнө чемпиону атандырган.
#83 18 May 2015 - 01:18
Пеле ар дайым ошол беттешүүдөгү киргизген тобун ушул кезге чейин жакшы эстейт. 1962 жана 66 жылдары жана 1970 – жылы болгон дүйнө биринчиликтеринде Бразилия улуттук командасы Мексиканы утуп, 3 жолу катарынан дүйнө чемпиону аталган. Ошол кездеги жалпы футболчулар Бразилияны ушул деңгээлге Пеле өзүнүн эсепсиз дарбазага киргизген топторунун натыйжасында көтөрүп чыкты деп коптогон күйөрмандары айтышкан. Ал эми 1964 – жылы Пеле бир беттешүүдө 8 жолу топту дарбазадан киргизип футбол королу деген наам алган. Бул оюун ошол кездеги футбол ышкыбоздорунун эсебинде бир өмүргө кала берген. Пеле өзүнүн миңинчи тобун дарбазага 1969 – жылы 19 – ноябрда киргизип, эч бир футболчу кайталагыз ийгиликтерди багынткан. Азыркы келге чейин Бразилияда бул күн футболдун салтту майрамына айланып жыл сайын «Пеленин күнү» деп аталып майрамдалып келет. Пеленин өзү ойноп келген Бразилиянын «Сантос» футбол клубу менен келишими 1975 – жылы аяктаган. Андан кийин футбол королу Пеле Келишимди АКШ нын атактуу клубу «Нью-Йорк Космос» менен түзгон. Ошол кездеги журналисттердин,
– сиз эмне үчүн командаңызды таштап жатасыз деген суроосуна Пеле «Менин акчага болгон чоң көйгөйүмө байланыштуу ушундай кылууга тура келди» – деп жооп берген. Ал учурда АКШ курама командасы Европалыктар менен болгон беттешүүгө даярдык көрүп жатышкан эле. Анткени АКШ курама командасы европа командасынан бир нече жолу жеңилүү ызасын тартып, Пелени чоң өлчөмдөгү акча менен өздөрүнө кошуп алууга көндүргөн.
#84 18 May 2015 - 01:20
чарли рахмат сага каяктан алып жатасын мумкунчулгун болсо сайттын атын айтып койчу
*************************************
#85 18 May 2015 - 01:23
#86 18 May 2015 - 01:25
Ошол кезде бүткүл спорт боюнча эң чоң өлчөмдө маяна алган Пеле башка командада ойноп баштаган. 1977 – жылы Европа АКШ командалары ойноп, АКШ жеңишке жетишкен. Ошол эле жылы АКШ командасы Бразилиянын «Сантос» клубу менен ойноп, Бразилия улуттук командасы жеңилүүгө учурап «Сантос» клубу спорттогу карьерасын аяктаган. Көпчүлүк футбол эксперттери Пеленин эне үчүн футболдогу ийгилиги ченемсиз дегенде,- «анын футболдун баардык сырларын үйрөнүп, топту кандай багыттоону жакшы өздөштүргөн топ анын бир мүчөсүндөй кызмат кыла» деп айтышкан. 1961 – жылдагы «Флуминенсе” шаарынын “Маракана» футбол аянтында Пеле баардык атаандаштарын жалгыз өзү алдап өтүп 2 жолу топту дарбазага акырын багыттап койгон. 1970 – жылы Пеле 88 өлкөгө барып, күйөрмандары менин жолугушкан,
ошол учурда 9 корол Римдин эки папасы жана президенти менен жолугуп, футболдогу ийгиликтери учун сыйланган. Ошол эле жылы «Пеле устат, жана анын ыкмасы» деген фильм тартылып, эл аралык 11 кино сыйлыкты утуп алган.Андан соң 1976 – жылы Пеленин өмүр таржымалын кенен чагылдырган кино тартуу жөнүндө «Пепси – Кола» компаниясы айтып, Пелеге 10 млн доллар акча сыйлыкка берген. 1999 – жылы Эл аралык Олимпиада комитети Пеленин «кылым спортчус» наамын ыйгарды. Ал эми 2014 – жылы «ФИФА» нын президенти Йозеф Блоттер кезектеги «Алтын топту тапшырды».
#87 18 May 2015 - 01:26
#88 18 May 2015 - 01:28
Пеле өзүн спортчу гана эмес актер катары да тааныта баштаган. Ал фонтастикалык мелодраммалык «Бейтааныш» фильминде 1969 – жылы ойноп баштаган болсо, үч жылдан кийин «Поход» фильинде башкы ролду жараткан. Кийинчерек ал 1981 – жылы АКШнын режиссеру Джон Хьюстондун «Жеңиш» аттуу фильминде рол жараткан болсо, 1986 – жылы «Сыйкырдуу футбол корорлу» фильинде өзүнүн ролун аткарган. 1965 – жылы чыккан «Мен – Пеле» деп аталган өзүнүн өмүр баянын жазган китеби жарыкка чыгып, окурмандардын кызыгуусун жараткан. Бул эмгеги үчүн Бразилия бийлиги аны алтын медал менен сыйлаган. Пеле бир гана футболчу эмес, ал спорт комментатору,
бизнесмен, жана ыр жаратуучу ар тараптуу таланттуу инсан.болгон.
1990 – жылы Пеле Бразилиянын жаштар иштери жана спорт, туризм министрлиги кызматын аркалаган. Кийинчерек,
БУУ нун жана ЮНИСЕВ тин спорту пропагандалоо бөлүмүндө иштеп эс алууга чыккан.Бразилиянын легендага айланган футболчусу Пеле өткөн жылы 24 – ноябрда инфекциавлык оорусуна байланыштуу дарыканада жаткандыгы жана андан ден –с соолугу жакшы абалга келгендиги кабарланган.
Пеле футболдогу карьерасында 1363 оюнда ойноп, 1282 жолу топту дарбазага жолдогон. Алардын арасында 126 сын башы менен киргизген.
#89 18 May 2015 - 01:34
Атактуу мусулман футболистерДүйнө жүзүндө жшап жаткан адам баласы спорттун түрүнөн эң көп көргөндөрү бул албетте футбол болуп саналат, анын ичинен мусулман өлкөлөрү да кем калбастан калтырбай жана кызыгуу менен көрүшөт. Андагы ойногон адамдарды дүйнөнүн жок дегенде 70 % билишет, таанышат жана аларга жан тартат эмеспи. Биз бүгүн силер менен футбол дүйнөсүнө саякат жазамакчыбыз.
Бул саякатыбызда аттын кашкасындай таанымал атактуу мусулман футболистерди жазып кетем.
#90 18 May 2015 - 01:37
Зинеди́н Язи́д Зида́н1972-жылы 23- июнда Франциянын Марсель шаарында жарык дүйнөгө келген. Атактуу Франциянын футболиси. «Канн», «Бордо», «Ювентус», «Реал Мадрид» клубтарында жана улуттук командада жарым коргоочусу болуп ойногон. 2006-жылы футболдук карьерасын аяктаган. 1998-жылы дүйнө чемпиону, 2000-жылы Европа чемпиондугун утуп алган. Франк Рибери́1983-жылды 7-апрелинде Франциянын Булон-сюр-Меринде төрөлгөн. Франция курама командасынын жарым коргоочусу жана азыркы тапта Мюнхендик “Бавария” командасында жарым коргоочу болуп ойнойт. 2012-жылы лига чемпиондугунда экинчи орунду, 2013-жылы 1 орунду утуп алган. 2012/ 2013 жылдары Европанын эң мыкты футболчусу болуп тандалган.
#91 18 May 2015 - 01:40
Тьерри́ Даниэ́ль Анри́1977-жылы Франциянын Эссонада шаарында жарык дүйнөгө келген. Улуттук курама командада жана «Монако», «Ювентус», «Арсенал», «Барселона» и «Нью-Йорк Ред Буллз» клубтарында чабуулчу кызматын өтөгөн. 2014-жылы футболдук карьерасын аяктаган. 1998-жылы дүйнө чемпиондугун,
2000-жылы Еропа чемпиондугун,
2009-жылы лиги чемпиондугун утуп алган. Ро́бин ван Пе́рси1983-жылы 6-августа Нидерландиянын Роттердамында төрөлгөн. Азыркы тапта «Манчестер Юнайтед» жана улуттук курама командасында чабуулчусу.
Нидерландия футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир. 2010-жылы дүйнө чемпионатында экинчи орунду, 2014-жылы 3 орунду утуп алган
#92 18 May 2015 - 01:42
Эри́к Силвен Абида́льФранциянын Лион шаарында 1979-жылдын 11-сентябрында жарык дүйнөгө келген. “Лион”, “Барселона” аттуу клубтарда жана Франциянын улуттук курама командасында коргоочу милдетин аткарган. 2009, 2011 жылдары лига чемпиондугун утуп алган
#93 18 May 2015 - 01:44
Са́ми Хеди́раГерманиянын Штутгарт шаарында 1987-жылы төрөлгөн. Азыркы тапта Германиянын улуттук курама командасынын жана “Реал Мадриттин” жарым коргоочусу.
2014-жылы дүйнөлүк чемпиондугун, лиги чемпиондугун жана клубтар аралык чемпиондукту утуп алган
2014-жылы дүйнөлүк чемпиондугун, лиги чемпиондугун жана клубтар аралык чемпиондукту утуп алган
#94 18 May 2015 - 01:46
Сами́р Насри́дагы бир Франциянын мыкты футболчусу.
Самир Насри Марсель шаарында 1987-жылы жарык дүйнөгө келген. “Манчестр Ситинин” жарым коргоочусу.
2004-жылы 17 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр аралык Европанын чемпиондугун,
2011/2012, 2013/2014 жылдары Англиянын Пример-Лигасынын жеңичүүсү
#95 18 May 2015 - 01:47
Месу́т Ози́льГерманиянын Гельзенкирхен шаарында 1988-жылдын 15- октябрында төрөлгөн. Азыркы тапта Германиянын улуттук курама командасынын жана Лондондук “Арсенал” клубунда жарым коргоочусу.
Месут Озилдин түбү Түрк болуп саналат. 2009-жылы жаш өспүрүмдөр арасындагы Европа чемпиондугун,
2014-жылы Дүйнөлүк чемпионаттыкты утуп алган.
#96 18 May 2015 - 01:49
Кари́м Мостафа́ Бензема́1987-
жылы 19-декабрда Франциянын Лион шаарында төрөлгөн. Франциянын улуттук команданын жана “Реал Мадриттин” чабуулчусу.
Түпкү теги Алжирлик болуп санлган футболист 2013/2014 жылы лиги чемпиондугун,
2014-жылы клубтар аралык чемпиондугун утуп алган.
#97 18 May 2015 - 01:50
Зла́тан Ибраги́мович1981-
жылдын 3-октябрында Швециянын Мальмёдо шаарында жарык дүйнөгө келген. Азыркы тапта “Пари Сен-Жермен” клубунун жана Швеция улуттук курама командасынын чабуулчусу.
Швециянын эң мыкты футболчусу.
2009-жылы клубтар аралык чемпионатын алган. 2012/2013, 2013/2014 жылдары Франциянын чемпиону.
#98 28 May 2015 - 23:31
Уинстон Черчилл: “Менин өтө так саатым – бул ашказаным” Уинстон Леонард Спенсер Черчилл (орусча – Черчилль, англисче – Churchill; 1874-1965), журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Британиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынын ээси. Улуу Британиянын даңазалуу мамлекеттик ишмери.
#99 28 May 2015 - 23:35
Уинстон Черчилл
Кийин да (1951-55) Черчилл Улуу Британиянын өкмөт башчысы болгон.
1955-жылдын 5-апрелинда ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген.
1964-жылы 27-июлда акыркы ирет Британ парламентинин лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан.
1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы “лорд” даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына “сэр” деген сый наам кошулуп айтылып калган.
1953-жылы 10-декабрда Черчилл адабият тармагындагы Нобел сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер – америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы Нобел сыйлыгын алган).
Черчилль коллекциясы 1.8 миллион фунтка сатылган.
Англиянын мурдагы премьер-министрлеринен Уинстон Черчилль тарткан картина да орун алган коллекция, Лондондогу «Сотбис» аукцион үйүндө 1.8 миллион фунтка сатылды.
Кийин да (1951-55) Черчилл Улуу Британиянын өкмөт башчысы болгон.
1955-жылдын 5-апрелинда ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген.
1964-жылы 27-июлда акыркы ирет Британ парламентинин лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан.
1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы “лорд” даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына “сэр” деген сый наам кошулуп айтылып калган.
1953-жылы 10-декабрда Черчилл адабият тармагындагы Нобел сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер – америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы Нобел сыйлыгын алган).
Черчилль коллекциясы 1.8 миллион фунтка сатылган.
Англиянын мурдагы премьер-министрлеринен Уинстон Черчилль тарткан картина да орун алган коллекция, Лондондогу «Сотбис» аукцион үйүндө 1.8 миллион фунтка сатылды.
#100 30 May 2015 - 01:29
«Чартвеллде япон балыгы бассейни» аттуу картина 1.4 миллион фунтка сатылса, Черчилль колдонгон пилдин тишинен кооздолуп жасалган тамеки кутусу да 20 миң фунтка сатылды.
Черчилль колдонгон кызыл тери менен капталган атайын куту болсо 158 миң фунтка сатылды.
Черчилл 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.
Черчиллдин таамай жана азил сөздөрү
Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери да тарыхта калды.
Достор жана көркөм өнөр
Бир жолу драматург Жорж Бернард Шоу Черчиллге өзүнүн жаңы пьесасынын премьерасына чакырык жиберип, катка мындайча сөз жазып койгон экен:
“Өзүңүз менен кошо досуңузду ала келиңиз, бирок андай досуңуз бар экенине күмөнүм бар”.
Черчилл болсо жооп кылып мындайча куш тилиндей кат жөнөтүптүр:
“Ка-ап, бул кечте мен бош болбой калбадымбы! Албетте, мен пьесанын сахнага экинчи жолку коюлушуна кубануу менен барууга даярмын, бирок андай учур болооруна күмөнүм бар”.
Черчилль колдонгон кызыл тери менен капталган атайын куту болсо 158 миң фунтка сатылды.
Черчилл 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.
Черчиллдин таамай жана азил сөздөрү
Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери да тарыхта калды.
Достор жана көркөм өнөр
Бир жолу драматург Жорж Бернард Шоу Черчиллге өзүнүн жаңы пьесасынын премьерасына чакырык жиберип, катка мындайча сөз жазып койгон экен:
“Өзүңүз менен кошо досуңузду ала келиңиз, бирок андай досуңуз бар экенине күмөнүм бар”.
Черчилл болсо жооп кылып мындайча куш тилиндей кат жөнөтүптүр:
“Ка-ап, бул кечте мен бош болбой калбадымбы! Албетте, мен пьесанын сахнага экинчи жолку коюлушуна кубануу менен барууга даярмын, бирок андай учур болооруна күмөнүм бар”.

Супер-Инфо
super.kg
видео










