rnurzida (18 Май 2015 - 13:26) жазган:
Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — Суперстанда өзүнүн аябай жакшы кеңештерин берип жүргөн sister эжекебиз болмокчу. sister айым, супер- интервьюга кош келипсиз. Кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз. Анда, адаттагы суроолор;
1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
Интервьюңузга ийгилик.
Кутман кечинер менен. Интервьюну кеч баштадым окшойт...
"Шаардыкмын" деп журсом тубум колго кетет экен, бирок Фрунзеде 1985 - жылы торолгом. Атымды атам Айгул коюптур. Ишенсенер, биография жазганды билбейм.
Суперге атайын деле катталам деген ой жок болчу, кантип катталып калганымды озумда билбей калдым. Бул нигимдин эл катары эле тарыхы бар: биринчи нигим туболук банга кетип, экинчиси жаралды.
Мен учун бул форум жон гана маалымат алуучу же маалымат таштоочу жер, эч кандай жашоомо байланып калган жок, жеке жашоомо тиешеси жок, демек эч кандай эсте калган коз ирмем болгон эмес. Болуусун деле каалабайм.
Иий, ушу менде таланттын "т"сы да жок, карааны дагы корунбойт. Кечирип койгула, эч нерсе уйкаштыра албайм го...