Бүгүн,
12-майда АrbatСity сайты, Москва шаарында полиция тарабынан, улгайган аялды зордуктоого шектелишкен Кыргызстандын 3 жараны кармалгандыгын маалымдады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 3 кыргызстандык, аялды зордуктап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
«Шектүүлөрдүн үйүн текшерүү учурунда уурдалган 6 телефон табылды. Полиция шектүүлөрдүн ушундай эле башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун тактап жатат», - деп белгилейт АrbatСity.
Азыркы учурда кармалгандар камакта. Кылмыш иш козголду.

Супер-Инфо
super.kg
видео



































