Суперстан: "Кылым карыткан өмүр" чыгармасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кылым карыткан өмүр" чыгармасы Уч доордун тагдыры. Болгон окуя

#41 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   04 Май 2015 - 07:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ойлогон ою ишке ашпай, Ногойбайдын жылдызы очуп, кумсарып кайра кетип баратты. Кайнагасы менен жондоп суйлошо албады, кантсе да анын озумчулдугу, тон моюндугу женип кетти. Ушунча таш боор беле. Чекиликтен ашып, такыр эле ыраа корбой алып качканына Ногойбайдын заманасы тутулду.
Кунду караса кеч кирип баратыптыр. Балыкчыдагы кайнежесиникине конуп алып, эртеси куну уйуно кетмей болду.
Инисинин кылыгын беш колундай билген кайнежеси Ногойбайды айттырбай тушунуп турду.
Кабагын салып, сиркеси суу которбой томсоруп отурду. Конулуно эчнерсе чаппай, жегени желим, ичкени ирим болуп, жарытылуу наар албады.
Кубаты кеткен жузундо
бул жолугушуу дагыле жадымынан кетпей, жан дуйносундогу жараты козголуп, кайгыга батты.
Оз баласына озу жат экенине зээни кейиди. Оз баласын кучактай албаганына, атанмын дей албаганына ичи ачышып, журогу толгон сагынычына болой албаганына, жадагалса баарлаша албаганына оксуп, кан жутуп турду.
Тагдырынын таш боордугуна жаны ачып, мандайындагы оз атасын тааныбай, билбей карап турган баласына
дуйного жар сала кыйкыргысы келди. Кучагынан чыгарбай, кере кере моокумун кандыра жыттап,
чындыкты айтып, колунан жетелеп кеткиси келди...
Бу дуйнодо ата бала тируулой жат болгондон жаман эмне бар?
Тамагы буулуп, каргылданып эстеген сайын калчылдап, коздорунон жаштар салаа салаа акты.
Ошентсе да бир коргонуно ыраазы. Канча жыл караанына зар болду. Мурда ымыркай кезин элестетчу. Эми чонойгонун коргонуно каниет кылат. Турган турпатын элестетип, ичи элжиреп атты. Баласынын башка уйбулодо осконуно озун куноолоп, анын астында ат которгус куноого батканына сай соогу сыздап атты. Кийин чындыкты билгенде кечиреер бекен, кайрылып бир келеер бекен, бир туугандары менен табышат бекен, дегиле турмушу кандай болоор экен деген сары санаа менен куйутко батып, тун бир оокумда гана козу илинди.
Аркы уйдон чыккан дабыштардан ойгонду. Караса карангы экен. Тан ата элек го деген кыязда бир аз жатты да, жанында алып жургон уулунан сурап калды:
- Иэ балам. Саат канча болду. Тан атаар мал болдубу
- оба ата. Тан атып, кун чыккан
- анда эмне карангы? Козго сайса корунгус го же пардо жабык бекен...
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   05 Май 2015 - 03:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

- Жок жарык эле
- Карангы эч нерсе корунбой атат. Козум...
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   05 Май 2015 - 22:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Жан дуйносуно карангылык каптап киргендей, бир тундо коздон айрылуу эмне деген шумдук.
Кокойуно кок таштай тийген сокурчулуктан кутулбады беле же карылык тубуно жеттиби же баласынын каргышыбы?
Ногойбай мындай бурулушту кутпогон жаны биртопко кайыгып турду.
Кайнатасынын айтканы эске тушту. Баягы жыландын акараты жанбай калды деген.
Балким ошондогу кетирген куноосунун азабыдыр же мандайга жазган жазмышыбы же тагдырдын тамашасыбы? Деги турмуш дагы канча калчайт, канча сынайт?
Арийне бу адамзатка берилген сыноонун чеги жокко бейм.
Далай согуш талаасында жанды оозго тиштеп олум менен кармашкан учурлар жан дуйно азабынан оной бейм.
Ар бир сыноого туруштук берип, ар бир кунго жан уроп, талаадагы шамалга тошунду тозгондой, катуу соккуга майтарылбаган бели эми озу ийилип берип, акыры коздон алат беле?
Дагы да женилип бергиси келбей, дегиле сокурлукка моюн сунгусу келбей шамдай куйгон умуту, аякы ишеними доктурда эле.
Доктурга барышса коздун нерв клеткаларына доо кеткен. Мурунтан эле козунун басымы жогору экен, этият болуш керек эле, катуу стресстен жабыркап залакасы козуно тийиптир дешип, айыктырууга мумкун эмес экенин тастыкташты.
Аттин баласын кором деген илгери умуту козунун сокур болушу менен аяктады.
Мандайына жазганды баш тартат демекчи айла жок моюн сунганга аргасыз.
Ногойбай козу корбогон боюнча дагы тогуз жыл жашайт.
Ага чейин...
Арадан жылдар ото берди.
Улуу эки баласы очор бачар, эки кызы турмуш куруп, оз
оздуларын тапкан кез. Кичуусу шаарда окуп журот.
Ногойбайдын колунда улуу баласы турат, атасын карап. Небере жыттап, мурдагыдай эле алдуу кучтуу кези. Козу корбосо да, ар бир эмеректин ордун билип, эшикке озу кирип, озу чыгат.
Бул убакта кызы Гулжандын Балыкчыда терапияда иштеп жургон чагы.
Бир ооруп келген киши менен суйлошо келсе тайкесинин айылынан чыгат. Бегматты сураса баласынын классташы экен. Издегени жерден табылган Гулжан инисине кат жазып, тиги кишиден жашыруун берип коюсун отунот.
Ошондон кийин Бегмат менен жашыруун кат алыша баштайт.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   07 Май 2015 - 04:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Чоо жайын жазып, токпой чачпай айтып берген катка, коп куттурбой жооп келди.
Катка Бегмат мындай деп жазыптыр:
Урматтуу менин атам жана биртуугандарым! Катты окугандан бери озумду коерго жер таппай, толкунданып журом. Чынын айтсам мындай жанылыкты куткон эмес элем. Менин омур бою ата энем, биртуугандарым деп келген адамдар болок болуп чыканына ишене албай, бир топ ойго чомулуп, копко ойлондум. Оба ойлосом, бала кезден бери озумо берип келаткан бир суроом бар экен. Ата энем, биртуугандарымдын баары кара каш, кара коз, ону кара келген адамдар, жалгыз мен гана айырмаланып озгочолонуп тураар элем. Анан мен кимисине окшошмун дей береер элем.
Эми чындыкты билгенден кийин кандайдыр бир кызыктай абалда калдым. Таарынайын дейсин, бирок ошондогу ахыбалды элестетип, тушунууго аракет кылдым. Тилекке каршы апам эрте отуп кетсе, мен кырк кундук болсом, менден тышкары дагы беш баласы болсо жалгыз атам кантип багат эле. Мени баккан атама, ошондо тайакем болуп калабы, бергенине деле капа эмесмин. Бирок оз атан, оз биртуугандарын менен чонойгонго не жетсин. Сиздердин аранарда эркелеп, атама да дем куч берип, жанында болгонумда мынчалык кыйналып, сокур да болбойт беле. Козунун корбой калганын окуп, аябай зээним кейиди. Атам менин башка уйбулоодо осуп атканыма, озун куноолоп, коп кайгыга батып, озун жемелеп келгенин окуп, абдан аяп турдум. Бул жерде эч кимдин куноосу жок го дейм. Тагдырдын берген жазмышы десем туура болоттур.
Ал эми баккан ата энеме ыраазымын. Оз баласындай бакканы учун ушуга дейре бул сырды билбегендирмин. Бардык балдарынын ичинен мени озгочо корот эле. Балким кызганып силерге корсотпогону да ушундандыр.
Мага чейин бир баласы чарчап калыптыр.
Куйутум куч болгон кезде кудай буюруп, сен торолгонсун, анан очкон умутум кайра жанып, кайра тирденгем, деп мага атам коп айтаар эле. Анан эжемдерди мени коп кайтарттырып коер эле. Дегинкиси ушу убакка чейин сак сактап турушат. Мен муну атам жакшы коргондуктон ушинттирет го дечу элем.
Корсо атам бироо жарым айтып коебу деп сактанган окшойт. Кантсе да ымыркай кезимде апам экоо багып чонойтушпадыбы оз баласындай кылып, анан сыр ачылып калса, мени кетип калат дешип ичтери ачышкандыр.
Ошондуктан бул сыр боюнча кала турсун, азырынча билбей тургандары он, . Аларды капа кылып, кыжаалат кылгым келбейт. Айтылып ачыкка чыккан убак сааты келеер.
Арийне мен кубанычтамын, ушунча жылдан кийин акыры табыштык. Бирок жакында корушо албайбыз го.
Анткени эки кундон кийин аскер кызматын отуп келууго жоногону жатам.
Буюрса жолугушаар кун да келер. Ага чейин кат алышып туралы.
Атама айтарым эч капа болбосун, мен кечирдим. Сиздерди корууго абдан ынтызаармын.
Ысык саламым менен биртууганынар Бегмат.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   07 Май 2015 - 06:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Катты алган Гулжандын тобосу кокко жетип, атасына бул кабарды айтканга ашыгып, канаты болсо заматта учуп жетчудой.
Караса иш кундорунун бутооруно дагы бир кун бар. Бир кун чыдаса эс алуу кундорундо биротоло катты бергиче атасын, биртуугандарын кошо коро келебиз деген Гулжандын куну отпой убакыт токтоп калган сыяктуу.
Эртеси жолдошу экоо жолго чыгып автобуска отурушту. Эки сааттык жол эки кунго тете болгондой, жай бараткансып, эч эле чыдамы жетпей турду. Корунгон тоонун ыраагы жок дегендей айылга кирип келишти.
Атасынын ал абалын сурашып, учурашкан сон Гулжандын суйунчу деген жузундо нур тамылжып турду. Дасторконго карашып, кат тууралуу кенен айтып берип, Бегмат менен табышканын баяндап отурду.
Оозуна май кызым деген Ногойбай коктон издегени жерден табылгансып, кызына алкышын айтып ыраазы боло назарын катка салып отурду.
Атасы да биртуугандары да каттан козун албай, кулакты кере угушуп, кубанычын жашыра албай отурушту.
Ногойбай уккан кулагына ишенбей, катты бир колуна алып, бир улам улам окутуп, бир сыйра жашып алды. Канча окутса да тажачудай эмес. Дагы да толкунданып, суйунгонунон апкаарып, кудайга кайра кайра жалынып, мин мертебе ыраазы болуп отурду. Канча жылдан бери самап келген тилеги орундалып, журогу ылдыйлай женилденип турду. Буюрса дагы эки жыл чыдаса жуз корушот экен. Кудайым напси кылса арманым жок деп турган чагы.
Катты баалуу буюмундай тошуно катып, жатаарда жаздыгынын астына коюп жатат. Бир кундо бир нече жолу окутуп, ошондон эргуу алып, ал кучко толуп, конулу которуло тушот. Карынын конулу жаз кунундой дегени чын бейм. Балдары атасынын конулу жайдарыланып, очкон шамы алоолонуп кайра жангандай, очкон умуту кайра пайда болгонуна жымындашып кошо кубанышып журушот.
Негизи эле умут адам баласына жакшылыктын шооласы сымал, адамга дем куч берип алдыга умтулууга аракет берет эмеспи же умутсуз адам жээктеги кыйраган кайык сымал эмеспи...
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   08 Май 2015 - 05:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Коп отпой Бегматтан кат келди. Ал аскерден Германияга болунуп, ошо жерде кызматын отоп жургон кези экен.
Ногойбай да, биртуугандары да кол узбой байма бай кат алышып беришип турган чактары.
Баарынын куткону эртерек эки жыл отуп, акыры табышып корушсок деген кыялдары.
Озгочо Ногойбай ары томолонуп кетпесем эле, баламдын ата журтуна оз уйуно келгенин корсом гана атаганат, деп каниет кылып кун санап жургон кези.
Коптон куткон ал кун да келип, кайтаар убагы болуп чыдамсыздана жол караган кундор.
Бегмат оболу Кочкорго ата энесине биртуугандарына саламдашып, ал жайын сурап андан кийин бараарын кабарлады.
Бул кабар Ногойбай учун кандайдыр бир денгеелде катуу тийсе да ачуу чындык эмеспи. Ошо жакта осуп тарбияланып, ошо жактын баласы эмеспи. Моюн сунуп акыры табышканына деле ыраазы. Талашкандан деле майнап чыкпайт, болгону баласы кол узбой катташып турса болду.
Арадан беш алты кун отпой ортонку баласы кокурок кучук кенже баласын Бегматты ээрчитип келе жатты.
Бегмат жолду ката ар ойго чомулуп, журогу дикилдеп согуп баратты. Озуно окшогон агасын астыртан карап ичи тызылдай, улутунуп алды. Алдыдагы жолугушуну элестетип, конулу алып учуп баратты.
Бул куну турмуштагы эки кызы тен куйоолору менен келишип, бут биртуугандар чогулушкан. Коптон куткон баалуу сыйлуу конокту тозуп алышмака, кой союшуп, дасторкон жайышып, баары шатыра шатман. Улам улам саатты карашып, ар бири толкунданып турушту.
Ансайын Ногойбайдын шаштысы кетип, ары бери басып бир орунда туралбайт.
Туну бою кирпик какпай, тынчы кетип аран тан атырган.
Деги аман эсен келсе экен, дегинкиси кайнагам билип калып жибербей койбосо болду деп кабатырланып аткан. Анан кантсин далай жолу шагы сынып, кокойуно кок таштай тийбедиби.
Ошентсе да умутун узбой кудайга жалынганын койбоду. Тан атаары менен жуунуп тазаланып, келининен жаны кийимдерин алдырып, тим эле кудага барчудай болуп даярданып атты. Медалдарын жылтырата тошуно тагып, койкоюп ары бери баса, кечиккен сайын чый пыйы кете жаздады.
Дарбазадан жарк эте кирип келген Бегматты коргондо баары жабалакташып калышты.
Ногойбай келди дегенди угуп журогу болк эте тушту.
Бегмат биртуугандары менен кучакташа учурашып, акыры кезек атасына келди. Мандайында сымбатынан жазбаган узун бойлуу алдуу кучтуу али курчунан тая элек абышка турду.
Бегмат дирилдеген колдорун бери сунган атасын коро сала кучактап калды.
Экоо тен бир топко кучакташып турушту. Экоонун тен жаштары салаа салаа куюлуп, бир чети табышканына суйунушсо бир чети ажыраткан турмушка куйутун айтып турушту. Экоону коруп калгандары да коздоруно жаш алышты.
Акыры ата бала жыйырма жылдан кийин табышып, экоонун бакытында чек жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 08 Май 2015 - 05:52

Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   09 Май 2015 - 07:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Бири биринен ажырай албай, качанкы сагынычтарын таратып бир топко турушту.
Бул убакта тууган туушкандар да келип калышты. Айыл ичине кабар желдей тарайт эмеспи.
Дурдуйум толгон берекеси ашып ташкан дасторкондо баары чай ичишип, жайбаракат ал жай сурашып отурушту. Баарынын назар салганы Бегмат. Эр азамат болуп бой жеткенин корушуп, бар бол айланайын, дешип алкап жатышты. Апасы Нурийланы, чон энеси Буладайды да эскеришип, куран окутулуп, бир сыйра жакшы создор да айтылды. Отконго бир сыйра саресеп салып, Бегматка болгон окуяны токпой чачпай кенен тушундуруп айтып отурушту.
Ногойбайдын жонунан оор жукту алып салгандай, женилдей тушту. Кубанычы койнуна батпай бу дуйнодо андан откон бактылуу адам жоктой. Акыры бут балдары толук чогулушуп, чечекейи чеч. Ансыз да демине дем, кучуно куч кошулуп, бир топко жашарып калгандай. Ууртунан жылмаю кетпей, жандуйносундогу жарааты айыккандай, бакытка балкып отурду. Байкуш аялынын да арбагы ыраазы болсо керек деп ушкурунуп алды. Алты баланы тороп берди эле, эми минтип алтоо тен толуктанып, мандайында жуз чайышып жымындашат. Ананчы канча жылдан бери тилеген тилеги орундалып, тобосу кокко жетип, уулу жанында отурат. Ата учун балдарынын бакыты, биримдиги, ынтымагы, карым катнашы бийик эмеспи. Ылайым тобунардан жазбагыла деп батасын берип атты.
Уулумду ата журтуна кайрып бердин, деп кудайга мин мертебе жалынып, эми олсом арманым жок деп турган чагы.
Бегмат болсо опколжуган журогу ордуна келип, жарпы жазыла тушту. Самап келген атасын, биртуугандарын коруп, жаны жай ала тушту.
Канча жыл жол карап куткон атасын аяп да, жакшы коруп да атты. Кучагынан чыгарбай улам улам жыттап, денесин калтырак басып толкунданып, суйунуп аткан атасына ичи эзилип, мээримине туруштук берелбай озунун да жууну бошоп баратты. Бул кездешуудо сагыныч, таарыныч, куйут, арман, бакыт, суйунуч камтыган ый коштолду.
Киндик каны тамган жерге келип, ушул жерде балалыгым отсо гана чиркин деп Бегмат оор ушкурунуп тим болду.
Баары бири бирине тусполдош. Мурдагы уйбулосундо озу жалгыз айырмаланып турса, бул уйбулосундо баары окшош. Чыныгы биртуугандарын коруп ичи жылый тушту. Биринчи корушсо да, каны жаны бир эмеспи, заматта уйурлой тушту. Кантсе да ботон остук, кантеер экенбиз деп чочулаган Бегмат козунун агы менен тен айланган биртуугандарына ыраазы.
Жылдызы келишип, биртуугандардын созу бутчудой эмес.
Тун бир оокум болсо да Бегматтын уйкусу келбеди. Айланасын карап, жаратылышына суктанып, колдун шарпылдаган толкундарына кулак тошоп турду. Жарыктык, абасы да бир башкача экен деп суктанып алды. Жадагалса ата журтунун ташы да козуно жылуу учурап атты.
Бул туну Ногойбай биринчи жолу санаасы тынып беймарал уктады.
Эртеси Бегматты ээрчитип мурзого ата-энесине, аялына куран окутуп, корустонду коргозуп келди.
Атасы балдары болуп фотоальбомдогу суротторду корушуп, коп нерсени эске салышып, маектери бутпой бир далай отурушту. Баарынын конулу куунак.
....Заматта уч торт кун кандай отуп кеткенин байкабай калышты. Кетер кун да келип баарынын ичи ачышып турду.
Арнап алып койгон костюм шым аны мунусун Бегмат караманча албай койду.
Уйдогулор мени дос баламдыкына кетти деп журушот. Бул кийим кечекти корушуп озгочо эжелерим кечке такып сурашат дегенин баары эп корушуп, акчалай беришип, бат баттан келип тур дешип узаташты.
......Бегмат ара чолодо уч торт кунго келип, болбосо кат алышып журушту. Убагы келгенде айтаарбыз деп камарабай жургондо, арадан бир жыл отпой эжелери шек санап билип калышып, ызы чуунун баары эми башталды.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   11 Май 2015 - 04:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Бул кундор Бегмат учун оор болду.
Ичтен чыккан ийри жылан дешип, озгочо атасы боор ооруса боорго тебет деп, акыры туугандарынды тапкан экенсин деп зекип турду. Жаалы бетине чыгып, козу кызара кыйкырып да, ызырынып да атты. Кара жини кармаганда эч ким токтото да алчу эмес.
- бору баласы ит болбойт деседа, мен сени оз баламдай тырнактай кезде бакканмын. Мен сенин астында эмнемен жаздым ия. Кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип, козунду карап бактым элего. Мен сени кийин энен экообузду карасын деп чонойтком. Оз атан менен табышып алганына жол болсун. Эми эрезеге жеткенде басып кете бермек экенсинда. Ымыркай кезинден бери туйшолуп, азап тозок менен чонойтконубуз тыйынчалыкка жатпайт экенда. Карыганда сай соогумду сыздатып какшатып гана кете бермек турбайсынбы. Жакшылыгыма жооп бергенин ушубу сенин деп буркан шаркан тушуп, кыжыры кайнап чыкты.
- Ата, апа сиздерди ким тыштап кетем деп атат? Бала тапкандыкы эмес, баккандыккы дегендей мен силердин баланармын жана мен силерди багам. Болгону мен чындыкты билишим керек эле. Эркек учун ата тегин билип коюу ашыктык кылбас. Анын устуно куйообаланар менин атам экени калппы? Бул сырды менден жашырбасанар деле мен кетпейт элем го. Ак сутун бербесе да, алдейлеп чонойткон апамды, ушу даражага жеткирген сизди, эжелеримди кантип тыштайт элем? Мен сиздерди ...
Бегматтын суйлойун дегенин суйлото койбой, оозунан жыра талаша албууттанып, ата тегимди дегенин кантейин деп жаалы козунон чыгып кетчудой, соз бербей бир далай купулдоду.
Баарыбир бору баласы ит болбойт. Азыр болбосо да, бир куну кетип каласын деп атты атасы.
Тон моюн атасын кондуро албай Бегматтын айласы кетти. Акыры талашып тартышып атып, атасы Бегматка катуу талап койду.
- Эгер менин соогум ыраазы болсун десен оз атанан баш тартасын. Менин жаныман карыш чыкпай жашайсын. Эртен эле уйлонтуп, аял алып берем. Карыгында бизди зарлатпа деп созун бутурду.
Бегмат башка чапкан немедей селейди да калды. Уккан кулагына ишенбей, атасын бир караса, соз бутту дегендей басып кетти.
Оз атанан баш тарт дегени эмнеси? Жыйырма жылдан сон табышсак, эми гана таанышып, ымала тузуп баштасак, бир жылга жетип жетпей кайра ажырайбызбы? Оз атамдын жанып турган умутун оз колум менен очуромбу. Оз атам, биртуугандарым кандай ойдо калышат? Алардан кол узсом шагы сынып, таарынары турган кеп. Бул жагы бир колун сунуп, кайра экинчи колу менен тартып алгандай болуп калбайбы.
Оз атамды ойлосом, баккан ата энем калат. Эрезеге жеткирип, суугуна тонуп, ысыгына чыдап, тарбия берип чонойткон ата энемди кантип кыям. Алардын акыбетин омур бою актасам да аздык кылаар.
.......Эки жактын ортосунда чайналып, эки анжы ойлору менен алышып журуп, Бегмат кыйла онунон азып, жудоп кетти.
Атасынын кокбеттигине, сыр коргозуп суйлобой коркутуп, кабагына каар жаап жургонуно тан калбай койбоду.
Ушунчалык да озумчул, жекебасар, ташбоор
болобу? Ушунчалык эле жакшы корсо, мени тушунот эле го. Эки ортодо кыйнабай, кайра катышып турганыма салымын кошуп турса, мен андан бетер сыйлап, жакшы коруп келет элемго. Анда санда гана оз атама барганым болбосо, ата энемдин жанынан чыкпай журомго. Каршы болбой, жайыма койсо тобомо тик которуп багып алат элем го чиркин.
Мынча адамдын журогу муз, боору таш болобу аттин, деп Бегматтын кынырыгы тутоп турган кези.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   13 Май 2015 - 04:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ары ойлонуп, бери ойлонуп Бегмат оз атасы Ногойбайга кат жазууну туура корду. Катка болгон окуяны ачык айкын жазып жиберди.
Коп отпой ал катка жооп келди. Ал катта кыскасы мындай жазылыптыр:
Ата эне ыраазы болбой, кудай ыраазы болбойт. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дегендей сени ымыркайынан багып, ысык суугуна куйуп остуруп, эрезеге жеткирди. Эми аларды багуу сенин милдетин. Ата энендин кадырына жет, алардын батасын ал. Батасыз осуп да, онбойт дагы деп коет. Менден кам санаба. Сага соогум ыраазы.
Ар нерсенин убак сааты болот. Убагы келгенде катташаарбыз. Ага чейин кат алышып туралы деген жооп келди.
Катты окуган Бегмат бир демге женилдей тушту.
Уйдо атасы туноргон кара булуттай, оозунан алгылыктуу соз чыкпай сыртын салып журот. Эжелери да кошулуп, сыр коргозуп таарынгандай.
Бегматтын шаарга барып иштейм деген оюнан кайтканынабы же айланчыктап жанынан кетпей, айылда совхоздо иштеп жургонуно журогу муюдубу айтор атасы ою онунан чыкканына кудундап журду.
Арадан жарым жыл отпой Бегматтын уйлонбойм дегенине койбой акыры уйлонтуп тынды.
...Тан атаар да кеч киреер кайран омур эскиреер демекчи Ногойбай откон омуруно саресеп салып, ойго батып турган убагы. Уйкусу качып карылык озунукун алган убак.
Ар бир баласына жан толгоп, ар биринин бактысын тилеп отурганы отурган.
Бегматтын да тагдыры ойлондурбай койбоду. Байма бай кат алышып турушса да корушуп турганга не жетсин. Уйлонду дегенди угуп, журогу тилине туштуго чиркин. Баласына бак тилеп, илгери умут менен, бир куну келинчеги менен жарк этип келип калаар деп сабырдуулугун жазбай келет.
Аякы кундору журогу бир нерсени сезгендей уйгу туйгу боло берди. Ар кыл ойлор чабыттап нени гана ойлобойт адамбаласы. Озун озу алаксытса да, жан дили менен сезип, ою алеп желеп. Неси болсо да балдарыма корунбой мага корунсун деп тилегени тилеген.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   14 Май 2015 - 10:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Бегмат жаш колуктусуна айланчыктап, уйур алып жаны жашоонун багытына таштактуу дангыр жолдо кош арабасын суйроп кадамын таштады.
Окундургону атасы экоонун бир кепке, бир тилге келе албаганы. Баягы окуядан кийин атасы сыртын салып, салкын мамиле кылып калган. Озгочо жаш колуктусунун козунчо кагып силкип, какшыктап чымчып алмай жайы бар. Бегматтын ого бетер териккенин коруп маашырлана, бул сага дагы аздык кылат дегендей. Оз атасын таап алганы жанын кейитип, журогуно муз каптап, заматта наадан кишиге айланды да калды. Бегматтын ар бир созунон кемтик таап, кыр корсотуп турган чагы.
Атасынын чыныгы жузун коруп, Бегматтын конулу калды. Канчалык аракеттенип жакшы созго татыктуу экенин далилдеп турса дагы суук создору жан дуйносун тешип отуудо.
Ызага батып, тагдырына наалатын айтып турду.
Торолбой жатып, жетим калдым. Же энеден айтпаса шорго гана жаралган экем.
Х
Тууган туушкан, кошуна колондор чогулуп, топурап эле Ногойбайдын уйуно кирип келишти. Созду алыстан баштап, ал жайын сурамыш этип отурушат.
Ногойбай бир нерсени сезгенсип журогу шуу дей тушту. Заматта денесин муздак аралап, эри кеберсий тушту. Оюн жамандыкка бургусу келбей, тынчы кетип,
- деги тынччылыкпы деп ийди.
Тургандар сен айт, мен айт болушуп, кыйлада угузушту.
-Эми башка тушконду корот экенбиз. Башка тушсо байтал жорго дейт. Айла канча Жакшы коргон адамын жашына карабай эрте алат турбайбы. Кабыргабыз кайышып, канатыбыз куушурулуп турган абалы. Кокурок кучук буркутубуздон айрылдык. Бегматыбыз мезгилинен эрте кете бериптир.
- Эмне дейт деп чочуп кетти Ногойбай. Уккан кулагына ишенбей, оозуна жондуу кеп келбей, башка чапкандай, козу ала чакмактап, муун жууну бошонуп, ону бозоро эсин жоготуп баратты.
Отургандар айгай салышып, колтуктап эшике чыгарып, суу чачышып атты.
Таза абага чыкса да деми кыстыгып, аран дегенде эс алды.
Конулу карайлап кен аалам тарып турду. Журогу туз куйгандай ачышып, буркурап ыйлап отурду. Сай соогу сыздап, боздогонун коруп киши жанына туралбайт.
- Баламдын ордуна мени албайт белен жараткан. Кайсы жазыгым учун мени какшаттын. Ансыз да тарткан азабым аз беле. Ыйдан козум какшыганы кай заман. Мейли мени далай жолу калчагын. Оор мушкул тушсо да, балдарымдан коргозбо деп кан какшап келчу эмес белем. Аттин арман журогумдун кабын сыйрып алдын го. Ал баламда не жазык. Шордуу менин кулунум. Коколой башым калтырбай ордуна мени албайт белен...
.....Отургандар да кынырыгы тутоп, коздоруно жаш алып турушту. Устоко босток конул айтып, жубаткандан башка айлалары канча.
- Сабыр кыл эми кантели. Бу суук кабарды эзели укпасак болот эле. Жашты сурап болбойт дейт. Кырсык деген каш кабактын ортосунда турбайбы. Балабыз там салып аткан экен, буту тайып тамдан учуп кетиптир. Эсине келбей, жан берип кетебериптир. Ажал келсе алат тура. Аттин бир кем дуйно деп ушуну айт. Чырактай кезинде он гулунун бири ачылганда кете берди. Аран жыйырма экиге толуп, оюн кулкуго тойбой турган чагында, жарыктык менен коштошту. Уйлонгонуно болгону уч ай болгон экен. Алда шордуу ай, ымыркай кезинен энесинен айрылганы аз келгенсип, жашабай жатып озу да артынан кете берди.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   16 Май 2015 - 05:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ногойбай кайгыдан башын которо албай, журогу сайгылашып оор дем алып атты. Колундагы баласынан туш тараптагы бала чакасын чакыртып, Кочкорго жоноп калышты.
Танкалыштуусу, баарынын кумон санаганы: ал кандай там экен, жыгылса эле каза болуп калган же башы менен катуу, учтуу бир нерсеге тийдиби, деген сансыз ойлору менен алпурушуп, жолдо баратышты.
..... Унааны обочороок жерге токтотушуп, салтка ылайыктуу олук кадаасын кылып окуруп баратышты.
-Эсил кайран бир боорум ай, Эми кайдан коройууун...
...Эчак боз уйлор тигилип, элдер топурап журушот. Боз уйдон аялдардын кошогу угулса, сыртта эркектер ар бир окуруп келген эркектерди коштоп тозуп алышууда.

Негедир Ногойбайдын кайын журту коздорун алып качып, тик карабай, жалтандашкандай. Кызыгы чындыкты жашыргандай тайсалдап, таамай айта алышпай кырсыкка шылтап коюшкандай. Жактырбагандай дегиле, салкын мамиле жасап бала меники дегендей кылат дештиби айтор тырчындашканы корунуп турду.
Мин жолу окуянын тогунуно чыксадагы барибир артка кайрып келбейт деп Ногойбай тим болду. Ансыз да куйуту куч болуп, кан жутуп сыздап турган эле.
Баланын куйуту оор болот эмеспи. Баккан ата энеси да кайгыга кайыгып, тундугу тушкондой, сай соогу сыздап турду. Озгочо энеси кокуйлап кан тамыры зыркырап, ак сутун бербесе да алдейлеп баккан, тун уйкусунан калып алпештеп баккан уулуна жаны кейип, чыркырап турду.
Бир жатында жатпасада, оз болуп калган маркумду эжелери абдан жакшы корчу эле. Бир боорунан айрылганга заманасы тутулуп, ботодой боздоп атышты.
Жаныдан келиндин жугун арта баштаган келинчеги кара жамынып, ээ жаа бербеген жашын жутуп, оор улутунуп, жапжаш колукту жесир калды. Уйбулоонун даамын жаныдан татып, ысыгы тарайлек кечээки бактылуу кундору бугун жок. Козун карап, жаш балача эркелетип, аяр мамиле кылган жолдошу жок.
Экоо отуруп алып, коп кыялданышаар эле...
Бир куну Ысык-Колго оз атамдыкына барып келебиз. Биртуугандарым, атам менен таанышасын. Коросун го алар абдан жакшы, тушунуктуу кишилер. Оз колун менен чай куюп бересин. Атам байкуш суйунуп, жарпы жазылып, сен куйган чайдан бурулдата ичип отурса...
Эх биз дагы келинибиздин колунан чай ичээр бекенбиз... Кудай буюрса сен мага кооп бала тороп бересин ээ... деп жалооруй карап, бешенесинен ооп калчу эле...
Алдыга койгон максаттарын, тилектерин эстегенде, колуктусу ого бетер эчкире ыйлап, окуттогу арманын ый менен тогуп атты.
Бири бирин издешкен ак куу сымал, жарынан айрылганга ичтеги арманы оргуштап, бугу ташкындап, тугойун жоготкон ак куудай боюн таштагысы келди. Бир карманганы, бир эрк бергени боюндагы туйулдук эле.
Эл журт да баланыкын бербесин деп, маркумдун олуму тууралуу учкай кеп салышып, башка тушкон жамандыкты кошо болушушуп, жаркылдаган кичипейил бала эле деп кейип турушту.
Табышмак жараткан олумго кубур шыбыр болуп,
элдин оозун ким тыят дегендей, кумон санагандар коп эле.

.....Кызыктын баары жаназа окууларда башталды. Молдо жаназаны оз атасына аталып окулуш керек, болбосо куран арбакка тийбей калат десе, мен багып чонойтконмун, мушкулун убайын мен тарткам, атасы менмин, менин наамыма аталсын деп кайнагасы чыр салып баштады. Талашып тартышып бир чечимге келе алышпады.
......Баягы согончогу канабаган Ногойбайдын кайнежеси бар эмеспи, Бегматты ымыркай кезинде албай койгон, кийин кайнисинин балдарын багып алат. Анан балдарынын бироосу каза тапканда, жаназа баккан атасына аталыптыр.
Муну уккан Касмакунга (Бегматтын баккан атасы) майдай эле жакты. Моюн толгоп, эл созуно кулак салбай, жаназаны оз атына окутуп жаны тынды. Муну менен бирге анын озумчул экенин дагы бир жолу далилдеп койду.
Олгондун оз шору дегендей кырчындай кезде омуру чырт токтогон Бегматка эле убал. Жаштыктын толуп турган убагында, эчтеке корбой бу дуйно менен кош айтышты.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   16 Май 2015 - 20:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ээх арман. Ачууга буулугуп куйутко алдырып, артынан жоктоп кала берет турбайбызбы. Артынан мин чырылдасан да кайтарып бербейт тура. Ар бир пенденин башында бир олум дегендей, кунумдук жашоо менен алпурушуп, жашоонун баркын кадырын билбейт турбайбызбы. ..
Бири бирибизге жаман айтып, карап корсон бир болбогон нерсе учун кызыл чеке болуп, талашып тартышып урушканыбыз канча...
Конул калтыраарлык соз айтып, кийин бармак тиштеп аттин деп окунуп калганыбызчы. ..
Дегиле айта берсен аягы бутчудой эмес... Аттин.
Бу саамда Касмакун бармагын тиштеп, окунду болду бекен. Озунун кызыкчылык коздогон, тон моюн мунозуно, кайдигерлигине окунду бекен...
Мен бакканмын деп догун арта салып, Бегмат менен Ногойбайдын мамилесине бут тозуп, пейилинин тардыгына окунду бекен...
же кызганычтан ичи орттонуп, жаш чынардай осуп келаткан Бегматтын омуруно балта чаптыбы...
Айтор табышмактуу олумдун артында эмне жатат? Кандай сыр катылган? Ачыкка чыгарбай жаап жашырганына караганда бир сыр бар же жон эле кумон санап куноосун которуп атабызбы. Балким оз ажалы менен кеткендир. Дегинкиси маркум чындыкты оз корустонуно ала жатты.
Канткен кундо да Бегмат оо дуйного арманын кошо ала кеткендир.
Балким бу дуйнонун азабынан эрте кутулганына суйунуп, апасынын жанында жургондур.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   17 Май 2015 - 05:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Ногойбайдын шабайы сууп, калыптагыдай болбой озун алдырып ийди. Жоготууну башынан оор откорду. Озун озу жеп, бул окуяга озун куноолудой сезип жатты. Балким эч нерсеге карабай, баламды жаныма алып алсам тируу калат беле деп озун жемелеп, окунуп атты. Убагында баламды чонойгон кезинде алып алсам, бетим кантип чыдамак эле. Алпештеп баккан кайнагамдын бетин кантип карайт элем деп журбодумбу. Анда эле созго сомтук, кепке кемтик болбойт белем деп эскерип турду.
Бирок балам тируу калбайт беле жанымда деп атты...
Пенде турбайбызбы, туштон кийин мындай кылсак болмок, тигиндей кылсак болмок деп кайгырып, окутто калат экенбиз.
Айтор ичтеги зар муну ташкындап, Ногойбай куйутту которо албай сынып калды. Сыры кеткен аяктай, жузунун нуру кетип, жылдызы очуп жашоонун кунары кеткендей. Жашоого болгон умуту майтырылып, кабыргасы кайышып, муун жууну бошоп турду. Озуно эрк берип, калган балдарынын амандыгын тилеп келсе да куйут деген куйут тура. Заманасы эншерилип, карангылык каптаган жашоосуна моюн сунуп, айла жок оксуп турган абалы...
Кичуу баласы торолгону жалан кайгы менен коштолуп, кайгы менен кошо коз жумуп кете берди. Анын сырдуу олумунун тогунуно чыгалбай, канча тунду уйкусуз откорду. Дегиле аякы кундору уктаганы деле эсинде жок. Бир жагы карылык жеп, бир жагы куйут жеп, ансыз да канча жылдан бери жарык корбой, тунгуюк карангы жашоодо кун кечирип келет. Тун менен кунду айырмалай албай, какыйып отурганы канча...
Далай санаага алдырып, канча тун арыз армандын кубосу болду экен...
Бул жашоого умут берген бала тура. Алдан тайып, кучтон алганда жалгыз бир дем береер, бул бала-бакыра, небере-чоборо тура. Балдарын турмуш куруп, оз ордуларын табып, жетишкендиктерине кошо суйунуп, тобон кокко жеткендей сыймыктанып, кубанычына ортоктош болуп, балдарындын осуп жанганын коруу кандай гана бакыт!
Бирок жашоо дегенин тен салмак кармап, жакшылык менен жамандык эриш аркак журот тура.
Балким жакынынан айрылуу болбосо, анда жакындарды жоготуп алуу деген тушунук болбосо керек. Анда бири бирибизди аздектеп сыйлабасак деле керек.
...Ногойбайдын калган беш баласы атасын алпештеп караса да, абалы кундон кунго оорлой берди.
Ногойбай жыл отпой инсульт алып, тошокко жатып калды. Балдарынын корсотпогон дарыгери калбады, баары бир ооздон карылыкка шылтап, майнап чыкпаарын айтышты. Балдары атасынын абалына зээни кейип, адамдан коз каранды болуп калганына жандары ачышып турду. Мурда козу корбосо да кирип чыгып турчу эле, эми даана чунчуп кетпесе болду.
Жузунон азып кетпесин деп кун жылууда эшике которуп алып чыгып, тамагын бапестеп берип, балдары козун карагандай эле болушту. Келинге артып койбой, кыздары да маал маал менен келип жатышты.
Анан кантсин ата да болуп, эне да болуп, балдарына кам коруп жакшы тарбиясын берип чонойту. Баарын жогорку окуу жайда окутту. Ар бири кесиби менен эмгектенуудо.
Уулдарын уйлонтуп жайлантып, келиндерине калын берди.
Кыздарын куйоого узатып, башы жер карабасын деп анча мынча аттуу баштууларга караганда, намыской жаны себин кычырата берди. Бу да болсо кыздарынын кайын журт астында энеси жок, атасы сокур дебесин дегени эле.
Бир арманы кичуу уулу Бегматтын алдында парзын аткара албай калды. Ансыз да ушу баласына куйуп журуп, бул илдетке кабылды.
Негизи жаш болобу, кары болобу, тошокко жатып калуудан артык тозок жок болсо керек тируулукто. Какаганга муштаган болуп, куйуттон бели тузоло электе, тошоко жатып калуу Ногойбай учун чон сокку болду. Бул да болсо азап чегуунун журокко берген таасири эле.
Тошокто туура бир жыл жатып, 1992-жылы Ногойбай жетимиш алты жашында бу дуйно менен кош айтышты. Уктап атканда жан берген экен, мемиреп уктаган сымал бети нурданып калыптыр.
... Балдары ызы чууга тушуп, аза кутуп калышты.
Заматта куда соокко кабар берип, тууган туушкандар чогулуп, боз уй тигилип, мал союлуп, олук каадасын кылып атышты.
Олгондо маркум тууралуу учкай кеп салып отурушат эмеспи. Элдин кобу бир ооздон Ногойбайды намысчыл, талуу жерден таамай айткан шер, балдарын оз кучу менен чонойтконун, ушунча болуп ичимдик оозуна албаганын айтып отурушту. Муну менен Ногойбайдын элге журтка кадыры куч экенин айтып тургансыйт.
...Маркумдун соогун зыйнаты менен коюп, акыркы сапарга узатышты.
Артында балдары журоктору туз куйгандай ачышып, тироочунон айрылып оксуп кала беришти:

Атакебай кайраттуу элен тайбаган
Нурун чачкан коздорундон жайнаган
Эненин да мээриминен кем кылбай
Баккан сенин мээнетинен айланам

Атакебай кучтуу экенсин тайбаган
Дагы деле кайратына тан калам
Ажал келип шаштырса да желкелеп
Мени куткон журогундон айланам

Атакебай эрктуу экенсин тайбаган
Мээрим толо козун кайда жайнаган
Оо дуйного узап кетип жатсан да
Колумду опкон эрининден айланам

Бир заматта кете бердин коштошуп
Артта калган балдарынды боздотуп
Жаткан жерин жайлуу болсун ылайым
Апам сизди кутуп жатат жол тосуп

Барган жерин бейиш болсун гул бакча
Иним сизди кутуп жатат жол карап
Сагынгандан ырга айланып кусалык
Атакебай жазып койдук ыр сапка

Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 17 Май 2015 - 06:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   19 Май 2015 - 05:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Урматтуу соз баккан, кеп сыйлаган, адабиятты суйуп окуган окурмандар!
Убак сааты келип, чыгарманын да сон,уна чыгып калдык.
Ногойбайдын дангыр жолдо басып откон турмушуна чогуу саресеп салып, башынан откон трагедиалуу окуялардын кубосу болдук. Анын ары катаал, ары татаал тагдырында кыйынчылыктарды женип отуп, акыры узурун, жемишин беш баласынан коруп кетти.
Балдарын огой эненин козун каратпай, канатына калкалап, чонойтуп алуунун озу эрдик болсо керек.
Бул окуя кимдир бироо учун сабак болгондур, кантсе да жакшы таасирин берет деген кыяздамын.
Жетим да жетилет дегендей, кечээки тестиер энесиз калган балдары, бугун ордолуу шаар болуп, осуп онгон чактары. Асты чон ата, чон эне, тайата, тайэне болушуп, небере жыттап отурган чагы.
Колдон келсе жетим жесирге, кары картанга жардам бергенге не жетсин. Кылган жакшылыктарыбыз бир куну болбосо да, бир куну кайтып келерине шек жок.
Буга бир мисалды келтире кетууну эп кордум.
Ногойбайдын бир ата откон Бекиш аттуу ини тууганы бар эле. Бекиштин колуктусу Турумкан Нурийла каза болгондон бери кирип чыгып, уй оокатын кармалашып, кир когун жуушуп, жардам берип журчу. Ногойбайдын энеси каза болгондо, кыркына чейин кунуго тан атпай келип, от жагып, жыт чыгарып, уйду ирээтке келтирип журду. Анын устуно куран окутуп келген элдин аягы узулбойт эмеспи. Кыргызда кыркына чейин ун салып, жыт чыгарган салтты кармап, уйдо аял жок экенине байланыштуу келиндик парзын мыкты отоду. Болбосо озунун картан кайната, кайненеси, жаш балдары бар эле. Убакыт таап эки жакка тен жетишкен аялга жана дем куч берип колдогон куйоосуно данк жана бали.
Турумкан жамандык жакшылыкта колунан келген кызматын кылышып, кыздарга сеп береерде жууркан тошокту кошо тигишип, келген келинге жоолугун салып, энедей кам коруп келди.
Келме кезек бар дегендей, Ногойбайдын Халидин аттуу баласы кызына бешик той берип, уч жуз кишинин алдына Бекиш авасын, Турумкан женесин чыгарып, кызына батасын алып, устулоруно кементай чепкен жаптырып, тай энчилеп берди.
Бут биртуугандар Бекиш авасынын, Турумкан женесинин астында башын ийип таазим кылышып, кылган жакшылыктарынар журогубуздун тупкурундо сакталуу деп, ыраазычылыгын билдиришти.
Ал эми Бекиш ава, Турумкан жене балпайган абышка, байбиче болгон убагы. Коздоруно жаш тегеренип, соогу агарып, жетине албай ыраазы болгонун сураба.
Кеп дунуйодо деле эмес, кеп качандыр бир кылган жакшылыгына рахмат алуу болсо керек.
Жылуу соз адамга дем куч берип, канат байлайт эмеспи.
Айтаарым бул дуйнодо бири бирибизге жардамыбызды аябай, кол сунуп жакшылыктын жарчысы болгон кандай жакшы.
Кыргызда атадан кем бала, атага тен бала, атадан артык бала деп баланы атага салыштырып, баасын берип келген эмеспи. Ошол сын,ар Ногойбайдын балдары атадан ашса ашкандыр, оболу атага тен бала деп таасын айтып кетеер элем. Бу да болсо атанын берген таалим тарбиясы текке кетпегенин айгинелеп турат.
Ар дайым ата энебиздин эмгегин актап, бетин жер каратпай, алардын сыймыгы болууга аракеттенели. Алардын козу жок болсо да, эгер балдары жакшы чыкса, арбак да тынч жатат деген соз бар.
Адам ак эмгеги, таасын созу, накыл насааты менен дуйного из калтырып кетет эмеспи.
Эл эмгектен эскерээр дегендей, Ногойбай да урпактары учун чон аталыштагы инсан!
Ногойбай тируу болгондо 2016-жылы 100 жашка чыкмак.
Ногойбайдын жаркын элесине арнап, 100 жылдыгын откоруу тууралуу саамалык уюштурсакпы деген ойдобуз!
Биз урпактары атабызды эскербегенде, ким эскерет? Куйайым буюруп, ойлогон оюбуз ишке ашуусуна дилгирбиз...
*Бизге бут омурун арнап, жан дили менен чонойткон ата энелерибиз бар болсун!
(ата энелердин козу отуп кетсе)
Арбактары ыраазы болсун!*
................Убакыт болуп, коз майынарды аябай окуганыныздарга чон ыраазычылыгымды билдирип кетем.
Урматым менен Ногойбайдын небереси Гулназ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   19 Май 2015 - 06:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Сиздердин сын пикиринерди, каалоо тилектеринерди кабыл алууга даярмын.
Р.S. Атага арналган ыр Нуриса Жумабековага таандык.
Автордун укугун бузбай жазып койдум.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   DaRhaN.   19 Май 2015 - 11:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Рахмаат чоон.Ошондо сен небереси болосунбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   19 Май 2015 - 14:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Просмотр сообщения DaRhaN. (19 Май 2015 - 11:13) жазган:

Рахмаат чоон.Ошондо сен небереси болосунбу?

Оба жээн небереси
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   bema_bema   19 Май 2015 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Рахмат чоон,калеминиз курчуй берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   s9zen098   19 Май 2015 - 15:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жыгылсак жолоп турган аталар, ушусок мээрим менен жылыткан энелер ар дайым аман болсун.
Автор азаматсыз! Чыныгы адам болууга ундогон сонун чыгарма экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   tolgunai_85   20 Май 2015 - 09:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 19 Май 15
  • Соңку аракети: 11 Янв 2018 19:56

Ата энебиз аман болсун!! !сонун чыгарма экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 10:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: