Суперстан: "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди акыркы сапарга узаттык - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди акыркы сапарга узаттык

#1 Пользователь офлайн   Chyngyz_kg   19 Май 2015 - 12:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Окт 2021 15:32

Прикрепленное изображение: 16693_7.jpg
Табылды Эгембердиев, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү: “Улуттук суусундуктун бардык түрүн чыгарсам дечүмүн, кыялым ишке ашты”
Ишти нөлдөн баштоо же жоктон бар кылуу - тобокелдикти жана эркти талап кылган кадам. Биздин каарманды да жоктон бар кылган эмгекчил деп мүнөздөсөк болот. Жаңыдан иш баштап жатканда капчыгында 4 кой, 2 эчкинин сатыгынан түшкөн гана акчасы болгонун айтат каарманыбыз. Ошого карабай, жаңыдан эгемендик алып, өз алдынча түтүн булата баштаган Кыргызстанда мурда болбогон бизнес түрүн баштап, аны бутуна тургузуп кете алды. “Ийгилик сырынын” бүгүнкү каарманы “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев.

Туулган жылы, күнү – 1951-жыл, 14-январь
Каза болгон жылы, күнү – 2015-жыл, 16-май
Туулган жери – Чүй облусу, Бухара айылы

Билими – Кыргыз техникалык университети

Үй-бүлөлүк абалы – Жубайы Жаңыл, 3 кыз, 3 уулдун атасы

“Иштин башы 2 казан максым...”

– Кичине кезибизде нан же эт жебей калган күндөр болгон, бирок максым ичпей калган күн болгон эмес. Талаада чөп чапканда болобу, мал кайтаргандабы, айтор, дайыма бир идишке максым куюп алып нан менен ичип жүрө берчүбүз. 1967-жылы айылдан шаарга келдим, көнгөн жаным аябай максым ичким келет, бирок жок. 2 келин “Орто-Сай” базарындагы даараткананын артында милиция кызматкерлеринен жашынып максым сатып жүргөнүн көрүп, “бардык суусундуктар ачык эле сатылып жатат, бирок максымга орун жок” деп ичтен аябай нааразы болгом. Кийин мен публицист болуп иштеп жүрдүм, тапкан акчам эч нерсеге жетпейт, ачка калган күндөрүбүз болду. Анан улуттук суусундукту эркин сата албаганыбызга ичтен сызып жүргөндүктөн, 1992-жылы максымды кантип жасап, ачык сатып баштоо керектиги тууралуу иликтей баштадым. Көрсө, ал үчүн таза жай, уруксат кагазы болуш керек экен. Ошондон соң өзүм иштеген жердин ашканасын актап, сырдап, санитардык эпидемологиялык станциянын кызматкерлерине көргөзүп уруксат кагазын алдык. Уруксат кагазды чөнтөккө салып коюп, баягы жерди кулпу менен бекитип, апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. “Ой, эмне болду?” десем “сатып бүттүк баарын” дешет. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти.

“5 тонна максым жасоо үчүн 30 адам иштечү”

– Башында максымды өтө арзан сата бериптирбиз, баасын көтөргөнгө акылыбыз жетпептир. Бизнес деген түшүнүк жок да. Түшкө жетип-жетпей максым түгөнөт. 30 чакты киши күнү-түнү тынбай иштеп 5 тонна максымды араң жасачу. Иним Жумадыл күнүнө 2-3 эле саат уктачу. Азыр анча көлөмдөгү максымды 1-2 эле киши жасап коёт.

“Ушуну менен кантип өнүкмөк элең” деп мени шылдыңдашчу"

- КДКнын идеология боюнча катчысы болуп иштеп жүргөн учурум... Жыргаган айлыгыбыз деле жок. Бир күнү бизнес тууралуу сөз боло калганда “мен максым жасап сатам” десем демократ досторум шылдыңдап күлүп калышты, “ушуну менен кантип өнүкмөк элең” дешип. Алар менин чаначтан максым куюп көчөдө отурганымды элестетип жатышты окшойт. Ал эле эмес, айылдагы туугандарым да менин максым сатып калганымдан уялып, анча-мынча учурларда сөзгө сынып жүрүшкөнүн кийин уктум. Алардан айырмаланып, иним экөөбүз максымдын келечегине толук ишенчүбүз.

“Иним “бизнеске өт же саясатчы бол” деген”

- Ал учурда бизнес менен саясатты чогуу алып жүрүү өтө опурталдуу иш болчу. Бийлик тараптан мага кысым болуп, 6 ай бою текшерүү келип, абдан жүдөттү. Ошондон кийин бир күнү иним келиптир, “сен же бизнеске өт, же саясатчы бол. Ишкананы мен жетектеп жатам, камаса биринчи мени камайт” деп. Ошондон кийин публицист катары макала жазганды токтоттум. Бизнеске толук өттүм. Чыгармачыл адам экенмин, башкаруу маселесине такыр эле кызыкпайм. Ошон үчүн инженерлик билимиме таянып максым жасоонун жаңы, оңой технологиясын жасап чыктым. Азыр талканды гана кол менен салганы болбосо, калган жумуш кнопканы басып, кранды ачып-жабуу менен бүтөт.

“Улуттук суусундуктун бардык түрүн чыгарабыз” деген тилегибизге жеттик”

- Ишти өнүктүрүү үчүн банктан 4 миллион рубль насыя алдым. Банктын төрагасы “20 миллион рубль берем” деп калды, иниме айтсам “сени элге төбөсү көрүнүп калган киши дейт, кокус төлөй албай калсак уят болосуң” деди. Ошентип, 4 миллион рубль насыя менен эле токтолдук. Балким, 20 миллионду алып алганда, максымды таштап соодага өтүп кетмекпиз. Адам бир максатты көздөгөн соң анын аягына чыгыш керек. “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калыптыр” дейт го. Анын үстүнө менин максатым акча табуу гана эмес болчу. Максым - кыргыздын улуттук суусундугу, улуттук тамактарды өзүбүз барктабасак ким баалайт? Иним экөөбүз отуруп алып “кыргыздын суусундуктарын, тамак-ашын бүт чыгарабыз” деп кыялданчубуз, Кудайга шүгүр, суусундуктун бардык түрүн чыгарганга жетиштик.

“Өзгөчө идея мага окшогон келесоолорго гана келет”

- Улуттук суусундуктан башка жөнөкөй суу чыгарарда көптөгөн китептерди окуп чыктым. Карап көрсөм, суу тазалаган жабдык суу куйган жабдыктан 3 эсе кымбат экен. Бир китепте “эң таза суу булактын гана суусу, бирок ал жаз жана күз мезгилинде булганып турат” деп жазылыптыр. Анан түз жерде сөзсүз булганат, ал эми тоо-ташта кантип булганат, бул таза сууну эмнеге кайрадан тазалаш керек деп ойлондум. Мындай ой кыргызга, анын ичинде мага окшогон келесоолорго гана келет. Себеби европалыктар, акчасы көптөр технологияга гана ишенет. Ошентип, биринчи эксперимент жасадым. Бир булак таап, андан 50 бөтөлкөгө суу куйдум. Дагы 50 бөтөлкөгө крандан алынган сууну куйдум. Бир апта өткөн соң крандан куйган суу жыттанып кетти. Булактын суусу 5 ай өтсө деле эч нерсе болгон жок. Анан “аа, өлдү” дедим да, 150 миң долларга жарым автоматтык жабдык сатып алып, суу куя баштадык. 3 жыл өтпөй суу бизнесинде алдыга чыктык, бизден элүү эсе көп акча коротуп суу бизнесин баштагандар банкрот болуп калышты. Себеби алар алган кымбат технологиясына таянып короосундагы скважинанын суусун тазалап куя башташты. Биз болсо мөңгүдөн чыккан сууну тазалабай эле куюп жаттык. Ичкен эл суунун кандай машинада куюлганына эмес, даамына карап баалайт экен. Мен Чүй облусундагы булактын баарын текшерип жүрүп, талапка жооп берген, жомоктогудай таза булакты кокустан таап алгам.

“Той берсем досторумду чакырбайм”

- Азыркы “Супара” комплекси жайгашкан жер мурда эч ким албай койгон саздак жер болчу. Бака менен жыландан башка эч нерсе жок эле. Алгач бул аймакты өзүмө үй салайын деп сатып алгам. Анан кайра ойлонуп, “ушундай жерде жалгыз жашагыча элиме бир пайдасы тие турган жай курайын” дедим. Кудайга шүгүр, бул жерди оңдоп-түздөп, бак-дарак тигип, жакшынакай жайга айлантып койдум. Боз үй, таш үй кыргыздын канына сиңип калган да. Кыргыздын каада-салтын, жашоо-турмушун унутта калтырбай, өнүктүрөйүн деген максатта ушул борборду курдум. Иштегенди жакшы көрөм, мына азыр деле капкара болуп жер казып иштеп жүрбөймбү. Бош убактым жок, иштөө мен үчүн жыргал. Журналисттер интервьюга, достор тойлорго көп чакырат, а менин баргым келбейт. Анткени убакыт аз. Той берсем, бир да досумду чакырбайм, тууган уруктун арасында гана чакан той өткөрүп коём. Себеби досторумдун убактысын алгым келбейт. Мени чакыргандар көп. Убактың барбы-жокпу, аны менен алардын иши жок. Тойго барып 8 саат отурасың, ал убакытты кийин эч ким кайтарып бербейт. Ансыз деле адамга аз эле өмүр берилген, бул аралыкта бир нерсе жасап үлгүрүү зарыл.

“Келечектеги пландарым... ."

– Чыгармачыл адам катары көп ойлоном. Андай адамда сөзсүз бир идея жаралбай койбойт. Жашоодо эч ким жасай элек нерсени жасагым келет, ал оюмду менин жасаган иштерим далилдей алат болуш керек. Келечекти айтсам, план толтура, кендирди кескен баягы эле акча маселеси. Учурда туризмди, өзгөчө жайлоо туризмин өнүктүрө турган бир түшкө кирбеген долбоордун үстүндө иштеп жатам. Анын келечегине да толук ишенем.

“Менин ийгилигимдин сыры...”

– Ийгиликке жетүү үчүн адам алдына максат коюшу керек. Максаты жок жашоо жашоо эмес, ал жөн гана “качан өлөм?” деп күн өткөрүп кыйналуу. Адам абдан өжөр жана чыдамкай болушу да маанилүү. Дагы бир маанилүү нерсе – пайдасыз нерселерге кетирген чыгымды азайтуу. Бир күндө байып кетем деген туура эмес, бирөөгө эмес, адам өзүнө гана ишенип, алдыга умтулушу зарыл. Азыркы жаштар иш баштоо үчүн акча керек дейт, акча, байлык ошол билимде жатат. Билимди сенден эч ким уурдап же тартып ала албайт, ал түбөлүктүү байлык.


Эми, бүгүн, 19-майда бул жакшы инсанды акыркы сапарга узаттык. Сүрөт
Үй-бүлөсүнө көңүл айтам.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 16693_2.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Chyngyz_kg: 19 Май 2015 - 12:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Chyngyz_kg   19 Май 2015 - 12:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Окт 2021 15:32

16-майда "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев көпкө созулган оорудан улам көз жумду. Ишкер 64 жашта болчу. Акыркы кездерде анын Түркияда, Германияда рак оорусунан улам дарыланып жатканы айтылып келген.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 112581_5.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Chyngyz_kg: 19 Май 2015 - 12:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Naku01   19 Май 2015 - 12:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

Арты кайырлуу, жаткан жери бейиштен болсун жакындары конул айтабыз
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Patrik   19 Май 2015 - 12:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Кайран киши.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Topcubai   19 Май 2015 - 12:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Аллахым куноолорун кечсин,жаткан жайы жайлуу,топурагы торко болсун.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Lenin   19 Май 2015 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Оз эмгеги менен которулгон адам. Ийгилигин балдары улантып кетээрине ишенебиз.
Жаткан жери жайлуу болсун!! !
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Aselina_kg   19 Май 2015 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Жайы жаннаттан болсун!

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aikoo2014   19 Май 2015 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Жаткан жайы жаннаттан болсун!
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   atai9292   19 Май 2015 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 17 Июл 2025 02:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Жаткан жери жайлуу болсун кудайым өзүнүн бейишинен орун берсин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   jaanymgoo_janym   20 Май 2015 - 10:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 22:00

Аллахым бейишинен орун берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Ali94   20 Май 2015 - 10:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 27 Январь 15
  • Соңку аракети: 15 Сен 2021 02:06
  • Жынысы:Эркек

Аллахтан бардык нерсе
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   dastan.bujun   11 Март 2018 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 17 Август 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2020 14:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Вашингтон

Жашоого шашылам, анткени аткарсам деген пландар көп. Эл жасай элек, ойго келбегендерди жасасам дейм» деген ураан менен жашап өткөн инсан Табылды Эгембердиевдин жашоодо пайдаланып, кулакка күмүш сырга кыла турган алтынга тете сөздөрү.

«Мен үчүн эң оор күн — жекшемби. Кылар иш жок күн. Адам иштегенде гана жашайт деп ишенем»

«Пландар көп, бирок үлгүрбөй каламбы деп корком, атаңгөрү… Тездетиш керек, азыр аябай шашып жашап жатам».

«Мен балдарды: «Эгер сен ууру болсоң, балаң да ууру болот» деп айтпаш керек дейм. Бул тарбиялоонун башкы жана эң жөнөкөй эрежеси».

«Биздин өлкө куттуу өлкө, бизде дүйнөнүн эч жеринен табылбас нерселер көп. Бирок, тилекке каршы, биз аларды дайыма эле кадырына жетип, пайдалана албайбыз».

«Биз, кыргыздар тойго, юбилейлерге, шаан-шөөкөттөргө көп убакыт коротобуз. Мага бул такыр жакпайт. Мен үчүн бул кыйын. Адам майрамдаш үчүн эмес, иш-аракет кылыш үчүн жаралган деп ойлойм».

«Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм» (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө).

«Мага күчтүү таасир берген адам – ал менин атам болгон. Ал киши азыр биз айтып жүргүдөй акылдуу сөздөрдү деле айтчу эмес, болгону көп иштечү жана мени бардык жакка өзү менен кошо алып жүрчү. Мен атамдан улам, киши кандай көп иштээрин көрдүм».

«Ишкердикти ак ниет жана сабаттуу жүргүзө албаган адам, ал чиновник болуп алып ишкерлерге акыл үйрөтөт».

«Мен кыргыз элине суктанам, себеби, биздин эркиндикке болгон эркибизди өлтүрүүгө болбойт»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Mydearzh   11 Март 2018 - 22:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Сонун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 22:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: