Суперстан: Эмдөө, иммунизация - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Иммунология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эмдөө, иммунизация

#61 Пользователь офлайн   eldar96   20 Май 2015 - 08:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

жакшы жакшы ушундай пайдалуу нерселерди жарыялап турсаныз

анан эле дин жака кирип алып урдура бербей

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 08:35

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Профессор Элеонор Макбин 1918 жылдагы «испанка» вирусу тууралуу төмөндөгүдөй билдирет: «Мен өз көзүм менен көрдүм: «испанка» вирусу адамдарга прививка, эмдөө (вакцинация) жасалгандан кийин гана башталды. «Испанка» вирусу менен ооругандар прививка (вакцина) алган адамдар гана болчу. Прививкадан, эмдөөдөн (вакцинациядан) өтпөгөн адамдар гана аман калышты». Маалыматтын, фактылардын баары «испанка» гриппи жасалма түрдө лабораторияда чыгарылып вакцинация, эмдөө (прививка) аркылуу таркатылганы жөнүндө айтып турат!
Курман болгондордун саны боюнча эң чоң кыйроого Россия учурады: эки миллион киши. Андан сырткары 1918 жылы холера жана чума эпидемиялары башталган. Бир жылдан кийин тифтин эң чоң эпидемиясы башталды. 1921 жылы Россиянын түндүк региондоруна чейин жеткен тропикалык маляриянын эпидемиясы да башталды. Өлүмдүн деңгээли 80 пайызга чейин жетчү. Маляриянын эпидемиясы кадимкидей түрдө болгондо ал эч качан аба-ырайы Цельсий менен + 16 градустан төмөн жерлерде кезикпейт. Ошондуктан ал кантип Кавказга жана Сибирге жеткени түшүнүксүз. Ошондой эле Сибирдин дарыяларында холера бациллары кайдан пайда болгону да түшүнүксүз. Оорунун таркашына большевиктер жана анархисттер күнөөлү деп карапайым эл ойлочу. Гезиттер ууну ампула менен алып келип кудуктарды ууланткан Германиянын тыңчылары жөнүндө жазышчу. Күтүүсүз болгон ушундай чоң эпидемиялардын себептери белгисиз бойдон калды. Маалыматтын баары 1918 жылы Биринчи Дүйнөлүк согуштун убагында Россияга карата массалык түрдө бактериологиялык курал колдонгону тууралуу айтып турат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 561827_20121205175305.gif

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 08:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1925-чи жылы Женевада 30-дан ашык мамлекет массалык өлүмгө алып келүүчү бактерия жана химиялык заттардын колдонуусуна тыюуу салган протоколго кол коюшту. Америка Кошмо Штаттары да Женевалык протоколуна кол коюп бирок аны ратификациядан өткөрбөгөндүктөн бактериологиялык куралдарды изилдөөгө жана өндүрүүгө укуктуу болушту. 25 жылдын ичинде АКШ эч бир тоскоолдуксуз жараандарды массалык түрдө өлтүрө турган бактерияларды изилдеп чыгарып жатышты. Бул курал көзгө да көрүнбөйт, кулакка да угулбайт. Бул жандуу курал. Ал болгону адамдын организминде, денесинде жашап көбөйө берет. Франклин Рузвельт АКШдеги биологиялык куралды чыгаруу программасына макулдуулугун берген.
1942 жылы Фрэдерик шаардын жанында Кэмп Дэтрик лабораториясында биокуралды изилдөө жана аны чыгаруу боюнча белгилүү биолаборатория курулган. АКШнын 28 университеттеринде купуя изилдөөлөр уюштурулган.
1943 жылы АКШнын химиялык кызматы бактериологиялык бомбаларды өз күчү менен чыгарганга жетишти жана ошол жылдын аягында күйдүргү (сибир язвасы) менен салмагы 200 килограммдан ашык бомбаларды чыгарууга киришти. Бул бомбалардын ичинде 2 килограммга чейин кичи калибрдеги жүздөгөн бомбалар бар болчу. Кичинекей бомбалар жерге тийгенде ар кайсы тарапка учуп күйдүргү (сибир язва) козгогучтарын боштондукка чыгарчу. Мындай бомбалар сынактардан, эксперименттерден өтчү эмес, анткени сынаксыз эле алар өтө коркунучтуу экени түшүнүктүү болчу. Химиялык кызмат баяндама кылды: ай сайын алар бутулизмдин козгогучтары менен 275 миң же күйдүргү (сибир язва) козгогучтары менен бир миллион бомба чыгарганга даяр.
1942 жылы июль айында Улуу Британия Шотландиядагы Грувинорд аралында купуя изилдөөлөрдү баштаган. Өздөрүнүн лабораторияларында британдык окумуштуулар бир нече өлтүрүү заттарын чыгарышты. Эми алар эң перспективдүүлөрүн талаалык эксперименттөгө өтүштү: күйдүргү козгогучтарын. Бул эксперименттер биологиялык бомбаны чыгарууга мүмкүнчүлүк бар экенин далилдеди. Англия биологиялык куралдын эки түрүнө буйрутма (заказ) берди: бирөөсү күйдүргүгө (сибир язвасына), экинчиси - бутулизмдин палочкалары чыгарган эң күчтүү ууга - организмдин ичине кирип параличке алып келген, дем алууну токтотуп инфарктка алып келген токсинге. Бул уунун бир миллилитри бир миллион чычканды өлтүрүүгө жетиштүү, бирок адамды өлтүрүү өлчөмү белгисиз болчу.
1944 жылы ноябрь айында аскер министри Стимсонго адамга каршы дагы төрт өлтүрүү заттарын чыгарылгандыгы жана аларды жарым-жартылай сынактан өткөргөнү жөнүндө баяндама жөнөтүлгөн. Алар: бруцеллёздун козгогучтары; дене температурасынын жогорулоосуна, алсыздыкка, муундардын жана булчуңдардын оорусуна, ички органдардын начарлануусуна алып келген мальтиялык лихорадка; жалпы интоксикацияга, өпкөнүн, боордун, көк боордун начарлануусуна алып келген өтө курч мүнөздө өткөн инфекциялык ооруу – ситокоза; организмдин интоксикациясына, лихорадкага жана лимфалык түйүндөрдүн начарлануусуна алып келген инфекциялык ооруу – туляремия жана Аш 1 (латын тамгасы менен H1) деген сырдуу вирус». Демек жакында эле дүйнө жүзүндө болгон Н1 («куштун гриппи» («птичий грипп»)) деген вирустун эпидемиясын америкалык аскерлер эчак эле даярдашкан, 1944 жылы эле аны уюштурганга даяр болчу экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 08:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения eldar96 (20 Май 2015 - 08:34) жазган:

жакшы жакшы ушундай пайдалуу нерселерди жарыялап турсаныз

анан эле дин жака кирип алып урдура бербей


Ааа, мейли, Акебай, аракет кылайын. Башкалар деле билгенин жаза беришсин. Менде дагы коп маалымат бар, аны болуп жазып турам.
Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 09:04

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

«1944 жылы немистер Лондонго «Би1» деген ракетаны ыргыткандыктан Уинстонн Черчилль тез арада АКШге күйдүргү (сибир язвасы) менен жарым миллион бомба чыгарууга буйрутма берди.
1944 жылдын декабрь айында Жапония АКШге карата бактериологиялык куралды колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар жөнүндө маалымат жарыкка чыккан, жана ошондой эле Советтер Союзу да бул багытта иш алып баргандыгы жөнүндө маалым болду. Жапониянын окумуштуулары эксперименттерин кыталайрда жасаганы маалым. Бул эксперименттерде өлгөн адамдардын саны 10 000-ге жетти. Адамдарга чума, холера, тиф, дизентерия, күйдүргү ооруларын жугузушкан. Жапон окумуштуулардын эксперименттери лабораториялардагы изилдөөлөр менен гана чектелбей кытай шаарларында да өткөрүлчү. Бирден бир куралы – чума бактериясы менен жугузулган бүргөлөр. Аларды самолёттордон кытай шаарларына чачышчу.
1954 жылы америкалыктардын 2200 аскери өз ыктыяры менен эксперименттерге катышкан. Алар дартталган микроорганизмдерди дем алчу. Бул эксперименттердин натыйжасында вакциналар чыгарылган, бирок эксперименттердин максаты оорууну дарылоо эмес, тескерисинче, биологиялык куралды даярдоо болгон.
1965 жылдын башында Тынч океандын 51 километр чакырымында туляремияны жугузган бактериялар чачылып, эксперимент өттү. Экспериментке катышкан жаныбарлардын баарысы өлдү. Бул эксперименттер биологиялык курал албетте абдан таасирдүү курал экендигин далилдеди. Теорияда самолёттон чыгарылган бактериялардын ушундай бир агымы бир шаардын жашоочуларын жок кылууга жетиштүү.
Бактериологиялык куралдын кийинки өнүгүү этабы 60-чы жылдардын ортосуна, 70-чи жылдардын башына туура келет. 1969 жылы АКШнын Коргонуу Министрликтин алдындагы Перспективдүү изилдөө проекттер боюнча Агенттиктин директору Конгресстин алдында сөз кылып төмөндөгүнү билдирди: «Жакынкы 5 – 10 жылдын аралыгында адамдын табигый иммунитети туруштук бере албаган синтетикалык биологиялык агентти чыгара алабыз». Биологиялык куралдын экинчи даражасы көп убакытка созула турган инкубациялык мөөнөткө, эпидемиянын жай-баракат өнүгүүсүнө атайын эсеп менен даярдалып, локализацияга алынбагандыктан, организм кокус тийген инфекциядан өлүп, адаттуу карантиндик чаралар өз жыйынтыгын бере алчу эмес. Ушундай биологиялык куралдын бирден бир түрү – көпчүлүк антибиотиктерге туруштулук бере турган туберкулёз. Ошондой эле жаныбарларды жана айыл чарба өсүмдүктөрүн да жок кыла турган вирустар тандалып чыгарылган.
1969 жылдын ноябрь айында АКШ президенти Ричард Никсон сенсациялуу жарыя кылды: «АКШ өлтүрө да турган, өз калыбынан чыгара турган да биологиялык куралдын кандай болбосун, бүт түрлөрдүн колдонуусунан баш тартат». 1972 жылы жүздөн ашык мамлекет бактериологиялык жана химиялык куралдын изилдөөлөрүнө, аларды чыгарууга тыюуу салган конвенцияга кол коюшту. АКШ да бул конвенцияга кол койгон, бирок чындыгында алар өз программасын кеңейтип 70-чи жылдардын аягында СССРди биологиялык куралды чыгарып жатат деп айыпташкан. Тараптардын тең салмактуулугун сактоо максатындагы жасалган куралдын баардык түрлөрү да баары бир ал куралды коргонуу максатында эмес, тескерисинче, чабуул кылууга да азгырат. Аскер машинасын кыймылга келтиргенде чыгарылган технологиянын колдонуусуна чектөө киргизүүгө окумуштуулардын кудурети жетпейт. Өзгөчө эгер аскер кызматкерлери адилеттүү согушту жүргүзүп жатканын ойлошсо.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.png

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 09:24

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Вьетнамдагы согуштун учурунда америкалык аскерлер самолеттор аркылуу өлкөнүн үстүнө «Monsanto» компания тарабынан жасалган «Agent orange» деп аталган өтө токсикалуу дефилянтты чачышкан. Самолеттор тропикалык токойлорго уу чачып, бак-дарактардын жалбырактары жерге түшкөндүктөн вьетнамдык партизандар оңой эле табылчу. Ушул заттар колдонулган аймактарда азыркы күнгө чейин миңдеген балдар айыкпас оорулар менен, генетикалык патологиялар менен жана тубаса майып, түрү суук болуп мутациялар менен төрөлүп жатышат. Адам организмди ичинен талкалаган жаңы вирустардын, мутацияланган микроорганизмдердин, паразиттердин чабуулдарына чалдыкты. Эки миллион вьетнамдык ушул коркунучтуу заттын таасирине чалдыкты. Чачтары жана тиштери түшүп, дене мүчөлөрү бузулуп деформацияланган. Биологиялык куралдын курамына гендердин өзгөрүүсүнө, мутацияга алып келүүчү зат - диоксин кирчү. Согуштан кийин «Monsanto» трансгендик, гендери өзгөрүлгөн азык-түлүктөрдү чыгарып баштады».
АКШ жана Австралияда трансгендик, гендин өзгөрүүлөрү менен (генномодифицированные) азык-түлүктөрдү өстүрүп сатууга мыйзам түрүндө жол берилген. Натыйжасында азыр АКШ жана Австралияда ар бир үчүнчү, төртүнчү бала ашыкча семирип аларды май басып оорулуу болуп жүрүшөт.






«Биологиялык куралдын дүйнөдөгү эң белгилүү колдонуусу 1980 жылы АКШнын Кубага карата чабуулу деп эсептелинет. Ал кезде Кубанын экспортко чыгарыла турган эң негизги азык-түлүктөрү - чочконун эти жана кант тростниги эле. «Варадира» аэропортунда чочконун конъюктивити менен жугузулган чиркейлер боштондукка чыгарылган. Кантип тростникти оору менен жугузганы азыркы күнгө чейин белгисиз. Биологиялык куралдын колдонуусу натыйжада Кубадагы чочконун бүт тукумун өлүмгө алып келди жана кант тростниктин плантацияларынын 80 пайызын да жок кылды. 80-чи жылдары АКШ Кубага тропикалык лихорадкасын, чочко лихорадкасын, «Бэнги» лихорадкасын жана адамдарга жуккан ситокоза деген тоту куштун ооруларын чачышчу.
Советтер Союзына да вирустун ар кандай түрлөрү жөнөтүлчү. 1977 жылы «орус гриппи» деп аталган вирустун эпидемиясы башталган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image-2.jpg
  • Прикрепленное изображение: image-1.jpg

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 09:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушул тема китебимдин алгачкы сигналдык вариантында бар болчу, бирок кийин очуруп салгам, анткени анын Дил жолуна тиешеси жок деп, ашыкча деп ойлогом.
Корсо бул маалыматтар абдан актуалдуу турбайбы ...

Билдирүүнү түзөткөн: Diljolu: 20 Май 2015 - 09:43

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 09:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жараандардын үстүндө жасалган эксперименттер лабораториялардагы чычкандардын үстүндө жасалып турган эксперименттерди элестетет. АКШ Конгрессиндеги тергөөлөрдүн жыйынтыгы 1910 – 2000 жылдардын аралыгында америкалык адамдардын үстүндө жасалган 20000 ашык купуя эксперименттердин бетин ачты. «Токсиния сифилис» деп аталган долбоор кырк жылдан ашуун жүргүзүлүп жүздөгөн каратүстүүлөрдүн өлүмүнө алып келип 1972 жылы массалык маалымат каржаттары ал жөнүндө айтып бергенде гана токтогон. АКШнын жүздөгөн бейтапканаларында ден соолугу чын эркектерге, аялдарга жана балдарга терапевттик эффектен ашкан дозадан өлүмгө алып келүүчү дозага чейин радиоактивдүү уран менен плутоний эмдөө (прививка) аркылуу сайылып көпчүлүгү көз жумушкан. Аскер кызматкерлердин кош бойлуу аялдарына дарыгерлер өтө радиоактивдүү «Уран 239» жана «Плутоний 241» заттардан жасалган витаминдерин берип натыйжада кош бойлуу аялдардын өлүмүнө же кош бойлуулуктан ажыроого алып келген. ММКларга чыккан маалыматтардан гана Англиянын көпчүлүк аймактарында 1940 жылдан баштап 1979 жылга чейин купуя түрүндө самолеттордон биологиялык микроорганизмдер жана токсикалуу химикалийлер 2000ден ашык жолу чачылынган.
Жакында эле Арканзас штаттын тургундары асмандан түшкөн кичинекей бөлүкчөлөрдү табышкан. Чогулган заттар лабораторияда текшерилген. Алардын курамына барий жана нормадан ашыкча деңгээлдеги башка заттар бар экени аныкталды. Айлана-чөйрөнүн сапатын көзөмөлдөгөн департамент бул өтө таң калычтуу окуя экенин белгилеп, бирок барийдин абада кезигүү себебин аныктоо – оңой иш эмес экенин баяндаган. Барий биологиялык жана химиялык эксперименттерде колдонулган заттардын аныктоочу аспабы (маркери) болуп эсептелинет. Бул окуяга Лос-Анджелестин телекөрсөтүүсү да көңүлүн бурду. Химиялык заттардын адамдарга чачуусу биологиялык жана химиялык купуя эксперименттердин бир бөлүгү болушу мүмкүн деп бизди 1979 жылдагы маалыматка алып келди. Анда 239 шаар жана айыл 1949 жылдан баштап 1969 жылга чейин биоагент, биологиялык заттар менен жугузууга дуушар болгону айтылган. 1994 жылдагы баяндамасында Дэвид Рокфеллер акыркы 60 жылдын ичинде жүз миңдеген аскер кызматкерлери купуя биологиялык эксперименттерге дуушар болгонун моюнга алган. АКШнын өкмөтү 2001 жылга чейин калктын үстүндө купуя эксперименттерди өткөрүүгө толук мыйзамдуу укукка ээ болчу. Кийин гана бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. 1968 жылы Пентагон Нью-Йорк метросунда биологиялык куралды эксперименттен өткөрүп анын жыйынтыктарын жергиликтүү бейтапканалардын кызматкерлери көзөмөлдөп турушкан. АКШ менен Англия азыркы күндө он миңдеген үйү-жайы жок балдарында өтө токсикалуу эксперименталдык медикаменттерди, пестициттерди сынактан өткөрүүдө. Биологиялык, химиялык жана радиологиялык заттардын купуя эксперименттери дүйнө жүзү боюнча эч нерсеге кооптонбогон калктын үстүндө бүгүнкү күндө да жүргүзүлүп жатат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image-4.jpg
  • Прикрепленное изображение: image-3.jpg
  • Прикрепленное изображение: image-5.jpg

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Aisuluu7   20 Май 2015 - 10:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 318
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2017 09:14
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Diljolu (20 Май 2015 - 08:27) жазган:


Бизди эмдөө (вакцинация), синтетикалык
дары-дармек жана официалдык саламаттыкты сактоо системасы (медицина) аркылуу өлтүрүп
жатканы тууралуу чындык!





Көпчүлүк адамдар билишпейт, бирок бул өлтүрүү, кул кылуу, малайдашуу (ааламдашуу) процесси эчак эле башталган! Эл аралык кылмышкерлер бизди официалдык медицина аркылуу, эмдөө (прививка, вакцина), дары-дармек аркылуу, «гүл азыктары» менен күн сайын уулап, өлтүрүп жатышат! Алар бизди күн сайын самолеттордон чачылган биологиялык курал аркылуу уулап жатышат! (Мен өз көзүм менен ошондой уу чачкан самолетторду көргөм.) СПИД ооруусу чындыгында жасалма түрүндө АКШнын лабораторияларында чыгарылып азыр вакцинация, прививка, эмдөө аркылуу таркатылып жатат! (Вакцинациядан, эмдөөдөн, прививкадан баш тартпасаңыз анда СПИДге жана башка коркунучтуу оорууларга чалдыгыңыз мүмкүн!) Албетте бул процесстин кыргызстандыктарга да тиешеси бар. Анткени дүйнөнү башкарып турган адамдар Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму аркылуу (Всемирная Организация Здравоохранения) Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо системасын эчак эле көзөмөлгө алышкан. Миңдеген адамдарыбыз өздөрү билбей ушул программанын курмандыктары болуп дүйнөдөн кайтышты, миңдеген балдарыбыз, бөбөктөрүбүз, бир туугандарыбыз ушул программадан улам ооруп, каны бузулуп, мутацияларга (гендин өзгөрүүсүнө) чалдыгып, көз жумуп жатышат. Канчалаган бөбөктөрүбүздү «Гүл азыктары» менен уулап жатышат! Сак болуңуз!




Биологиялык курал жөнүндө материалдын басымдуу бөлүгү эркин таратылган Галина Царёванын «Элитадан уу: биологиялык курал» («Яд от элиты: Биологическое оружие») документалдык фильминен алынгандыктан Галинага чоң ыраазычылыгымды билдирем.
«Бүгүн коомго карата жаңы коркунучтар жөнүндө көп айтылып келет, терроризмге каршы жаңы мыйзамдар кабыл алынууда. Бирок эгер биологиялык терроризмдин фактору эске алынбаса анда бир да чара өз жыйынтыгын бере албайт. Биотерроризм – бул адам, азык-түлүк жана экологиялык ресурстарын биологиялык зат, агент же токсин аркылуу жок кылуу же аларды көзөмөлгө алуу.
Биологиялык куралдын компоненттери бүгүн көпчүлүк азык-түлүктөрдүн курамына кирет. Лабораториялардын ичинде чыгарылган биообъектилер бүгүн самолеттор менен жана башка ыкмалар менен жер үстүнө чачылууда. Алардын кесепетинен пайда болгон ооруларды официалдык медицина аркылуу даарылого мүмкүнчүлүк жок. Вирустун бир эле түрү өтө тез ылдамдыкта өзгөргөнү үчүн (мутациялоо) аны көзөмөлгө алыш өтө кыйын же көпчүлүк учурда андай мүмкүнчүлүк деле калбайт.




Бул темада биологиялык, генетикалык, этникалык (бир тандалган улутка, элге каршы) куралдар, нанотехнология, жаныбарлар жана адамдар менен болгон мутациялар (генетикалык өзгөрүүлөр) жөнүндө айтылат. Адамдардын акыл ой жана эркин көзөмөлдөө үчүн жана адамзаттын санын азайтуу үчүн жасалып турган эксперименттер жөнүндө айтылат.


Секетпай эми сенин айтуун боюнча прививка албай отуралыбы?
Азыр Кыргызстандын 85% пайызы корьго (кызамыкка) каршы эмдөөсүн алып бүттү ошондо 85% эл ууландыкпы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   beka1207   20 Май 2015 - 11:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Айтканын куру эмес,белгилуу булактарга таянып негиздуу жазыпсын,бирок эмдоонун зыянына караганда пайдасы коп...ооба кееде вакцинасиядан адам олгону же тескери реакция бергени кездешет...бирок эмдоосуз жаш балдар коп олот...илгери эмдоо жогунда энелерибиз 10-12ден бала торошкон,алардын тен жарымы чарчап калышкан ошол эле кызамыктан, ошол эле гепатиттен. ..Токтобай,Токтосун деген ысымдар ошол балдары турбай оло бергенден келип чыккан...азыр кудайга шугур балдар чонойуп атышат
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 11:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ал эми азыркы дары-дармектердин, антибиотиктердин көпчүлүгү адамдын ден соолугуна кандай таасир этет? Алар чын эле дарт жугузуучу бактерияларга катуу сокку урушат, бирок ошондой эле жалпы организмге да жоюлгус зыян алып келишет. Антибиотиктин таасиринин натыйжасында организм ар кандай инфекцияларга өз күчү менен туруштук бере албай калат. Ошондой эле алардын кеңири пайдалануусу ушул препаратка туруктуу бактериялардын жаңы штаммдардын пайда болуусуна себеп болду. Азыр болсо вирустук оорулардын эпидемия учурунда ушундай антибиотиктерден жасалган даары-дармектер бүт адамдарга берилет, жадагалса кээ бир памперстерди да антибиотиктер менен чачып башташты. Мындай балдардын ден соолугу эмне болот?
Биология илимдеринин кандидаты Ефремов А.П.: «Эң биринчи антибиотиктер – пенициллин менен бимецин - табигый антибиотиктер, анткени алар көк даттан (плесневые грибы) жасалчу. Алар дартту бактерияларга гана сокку урчу. Адамдын организмине керектүү бактерияларга, микрофлорага тийчү эмес. Бул заттар көк дат баскан азык-түлүктөрдүн курамына киргендиктен биздин организм, микрофлора аларга көнгөндүктөн ал заттар организмге зыян алып келчү эмес. Бирок акыркы жылдары, өзгөчө акыркы эки он жылдыктын аралыгында антибиотиктин жаңы түрлөрү пайда болду: пайдасы барбы же пайдасы жокпу, организмдеги бүт бактерияларды жок кылган көп тараптуу таасирге ээ болгон синтетикалык антибиотиктер. Демек тандалма түрдө эмес, сокур көздүк менен өлтүрүү болуп анын натыйжасында организмдеги пайдалуу микрофлорага да зыян тийүүдө. Патогендүү, дартталган микрофлора бул антибиотиктерге бат эле кыныгып 2-3 айдын ичинде ал антибиотиктерге туруштук бере турган жаңы штаммдары пайда болууда. Бирок пайдалуу микрофлора андай оперативдүү эмес, ал антибиотиктерге туруштук бере албай натыйжасында биз ичегидеги бүт пайдалуу микрофлораны өлтүрүп адамдын жалпы организмине зыян тийгизип жатабыз. А ичегидеги микрофлора иммунитеттин бирден бир бөлүгү болуп эсептелинет, анткени макроорганизм микрофлора менен симбиоздо, биргелешип жашайт жана практикалык түрдө ал микрофлорасыз жашай албайт. Ошентип азыркы антибиотиктер пайдалуу микрофлораны өлтүргөндүктөн адамдардын иммунитети кескин түрдө төмөндөп жатат. Ошондо көптөгөн патогендер үчүн шарттар түзүлүп алар организмге оңой эле кирип аны ичинен талкалап баштайт, адам оор ооруларга чалдыгат. Демек антибиотиктер менен даарыланганга чейин кичинекей көйгөй болсо, антибиотиктерди колдонгондон кийин ал көйгөй килейген миң түркүн көйгөйгө айланат. Практикалык түрдө организм коркунучтуу патогендерден, инфекциялардан өзүн коргой албай алсырап калат. Антибиотиктер – бул синтетикалык препараттар гана экенине көнүп калдык. Курамында антибиотик заттары бар көптөгөн өсүмдүктөр бар, бирок алардын таасири бир багыттуу. Алар организмге керектүү, пайдалуу микрофлорага зыян тийгизбейт, а патогендик микрофлора болсо аларга оңою менен көнө албайт. Мисалы, көпчүлүккө таанымал чай чөбү (зверобой). Чай чөптүн курамында антибиотиктерден алда канча жогору антимикробдук таасирге ээ болгон «гиперецин» деген зат бар. Ал адамдын организмине, пайдалуу микрофлорасына эч зыян тийгизбейт жана аны менен көптөгөн ооруларды даарыласа болот».
Жалпы организмге эмес, зыяндуу бактерияларга гана таасир эткен каражат бар экени окумуштууларга эзелтен маалым. Ал адамдын организмине эч зыян тийгизбеген бактериофагдар. Оруссияда бул организмдерди 1930-чу жылдардын башында изилдеп башташкан. Улуу Ата-Мекендик согуштун убагында жарадар болгондорду ушул бактериофагдын негизинде жасалган сыйпагычтар (мазь) менен дарылачу. Бирок бактериофагдарды лаборатордук шартта гана өстүрсө болот жана бул процесс антибиотиктерди жасоого караганда бир канча жай өтүп көп убакытты жана каражатты талап кылат. Демек бактериофагдарды жасоо – тез арада киреше табам деген фармкомпаниялар үчүн пайдалуу эмес. Анткени алардын максаты адамдарды даарылоо эмес, эң негизги максаты акча, киреше табуу. Ошондуктан алар үчүн оорулуу адамдар канча көп болсо ошончо пайдалуу болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Diljolu: 20 Май 2015 - 11:48

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Topcubai   20 Май 2015 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Айланайын иним,озунду эле мисал кылчы!Сен деле,мен деле жаш болгонбуз,убагында прививка алганбыз туурабы?Анан кантип сен экообуз оорубай этпей эле,биздин жаны муун ооруп калат?Же азыркы муун китайский спермадан жаралганбы? Кичине тияк биякты ойлочу!Америкалык эжелерин эртеге дагы бир балекетти ойлоп чыгарса дароо бул жакка суйроп келип,дагы бир нерсе деп тантырап салба.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Diljolu   20 Май 2015 - 12:52

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 203
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 07:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

АКШдеги NBC телеканалдагы «Scarborough Country» көрсөтүүсүнөн үзүндү:
«Телеберүүгө куш келипсиз! Бүгүн биз ушул жуманын эң коркунучтуу окуясы жөнүндө кеп курабыз. Эмнеге «Bayer» фармкомпаниясы жуманын желмаяны болуп аталды?
– Компаниянын өкүлдөрү жасалган изилдөөлөрдөн кийин кандын препараттарына СПИД вирусу жугузулган экенин так билишип, аны АКШде саттуудан алып чыгып Францияга, Европага, Азияга, Латын Америкага сатып ийишти. Ал инъекциялык препарат гемофилия оорусуна чалдыккандарга арналып «Фактор свёртываемости А» деп аталат. Ооруга чалдыккандардын көбү – гемофилия менен төрөлгөн кичинекей балдар.
– Шашпай туруңуз. Демек сиздин айтууңуз боюнча «Bayer» компаниясынын өкүлдөрү препарат СПИД вирусу менен жугузулганын алдын ала билишкен? Алар аны биздин аптекалардан чыгарып четке сатып ийдиби?
– Ооба, жараксыз препараттарды сатып андан пайда табыш үчүн компания ар кандай жолдорду табууда. Ошентип Жапония, Франция, Испанияга дары-дармектерди сатып алар чоң акча табышты. Бул окуяга жол берген Франциянын өкүлдөрү азыр түрмөдө отурушат.
– Демек СПИД вирусу менен жугузулган канды четке жөнөткөн адамдар АКШ мамлекети тарабынан эч бир жоопко тартылбайбы?
– Чындык андан да ачуу. АКШ өкмөтү өзү бул окуяга жол ачып, мүмкүнчүлүк түзүп берди жана бул иш АКШнын Тамак-аштарды жана дары-дармектерди көзөмөлдөө Министрлигинин (FDA) макулдуулугу менен аткарылды. Натыйжада гемофилия оорусуна чалдыккан миңдеген адамдар СПИД вирусунан каза болушту. Жана алардын бир туугандары да каза болушту. Компания бул препараттар жараксыз экенин так, даана билчү, бирок ага карабай алар бул трагедияны киреше табуу үчүн колдонушту. Бизде бүт суроолорго чекит коё турган компаниянын ички документи бар. Ал документ препараттардын СПИД вирусу менен жугузулганын компания болжол түрүндө эмес, так, даана билип жана аны колдонуунун кесепеттерин ачык-айкын түшүнгөнүн тастыктайт. Аптекалардан чыгарылганга чейин көптөгөн америкалыктар бул препараттан көз жумушту. Адвокаттар жанагы документтерди табып аларды өкмөткө көрсөткөндөн кийин гана бул препараттар сатуудан алынды. Препаратты АКШде сатууга тыюуу салынды, бирок башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилди: Испания, Франция, Жапонияга»».
Мына жакында эле Кыргызстанда 2012 жылдын жай айларында кичинекей балдарга берилген «Гүл азык» аттуу минералдык кошумчанын кесепетинен жүздөн ашык баланын ден соолугу кескин түрдө начарланды. «Гүл азыкты» бизге Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Кыргызстандын официалдык медицина системасы аркылуу атайын балдарыбызды уулантуу үчүн бекер таратып жатат.
2012 жылдын сентябрь айында Джалал-Абад облусунун Сузак районунда чечекке (оспага) каршы эмдөөдөн кийин эки миңдей кой кырылды.

Дилин уккан адам Жараткан Алланы да угат.

"Дил жолу" китебин "Нуска" китеп дуконунон жана "Санат" Кыргыз китеп борборунан сатып алсаныз болот.
"Санат" Кыргыз китеп борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда жайгашкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Май 2015 - 12:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Бизди эмдөө (вакцинация), синтетикалык дары-дармек жана официалдык саламаттыкты сактоо системасы (медицина) аркылуу өлтүрүп жатканы тууралуу чындык!" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Май 2015 - 12:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Diljolu , башка сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   madina.87   22 Май 2015 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Койгулачы кайдагыны айтып башты оорутпай. Аркимге ишене берет экенсинерда. Аллах кандай кылып жаратат,канча жашатат оз эрки.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   asman0605   17 Май 2016 - 21:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 14 Окт 2016 21:59

Мен бугун кызыма 2 айындагы прививкасын алып келдим, бутун кыймылдата албай аябай ыйлады, врачка чалсам диазалин таблеткасын ичир деди, ыйлаганына чыдабай журогум ооруп атты, анан интернеттен издеп ар нерсени окуп алып аябай кыжаалат болуп калдым, кудай сактасын эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Merelisha   23 Март 2019 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Лично биз алдырбайбыз буйруса. Кудайдан деле ойдо болуп кетишет,ооруйт тиги бу деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Lenat   08 Май 2020 - 20:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 18 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 22 Янв 2024 11:50

Эмдоонун (вакцинация) артында чон политика бар дешет. Бирок эн коркунучтуусу анын зыяндуулугу. Кээ бир оздору изилдеген доктор наук врачтар, вакцинациянын составында ото коркунучтуу нерселер бар экенин айтып, список кылып далилдеп беришкен, оздору оздорун жана балдарын эмдетишпейт. Бирок аларга омуруно коркутуулар болгондуктан эч кимге ачык айта алышпайт. Апалар байкасанар баланар прививика алгандан кийин 2-3 кун ыйлап кыжаалат болуп журушот, даже ооруп дагы калышат жакшы болбой эле. Окундургону бизде врачтар оздору изилдебейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   0001KG   08 Май 2020 - 22:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 23 Апрель 20
  • Соңку аракети: 31 Июл 2020 06:14
  • Жынысы:Эркек

Вакцинасыз эле ата-бабалар жашап келген элего.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Иммунология
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 19:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: