КАЙРАДАН КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИНДЕ
(бүгүнкү заман)
Күтүүсүз жерден Каныбек менен Кахардын Кыргызстанга кайтып келиши, аларды дайынсыз жоготуп жиберишкен Садыр Карабаекдер үчүн ойдо жок жерден асмандан түшкөндөй эле болду. Таптакыр дайындары чыкпай кетишкендиктен,
алтындар менен кошо качып кетиштиби деп шек санашып, издей-издей Ооганыстан тарапка чалгынга киши жөнөткөнү атайын кишилер даярдалып жаткан болчу.
Бир жыл ичинде Каныбек Оогандыктардын тилинде таптаза сүйлөп калган. Алар келишээри менен кырдаалды дароо түшүндүрүштү.
Садыр Карабаеы жогору жактагылар менен байланышып,
алар чек арачылар менен байланышып,
чек аралар да катуу көзөмөлгө алына баштады. Күн-түнү менен күзөтүшүп, тоо арасын вертолёт менен бир маал чалгындашып катуу текшерүүгө ала башташты. Жолдо МАИ кызматкерлери менен бирдикте солдаттар ар бир машинелерди,
жүргүнчүнчүлөрдүн документтерин текшеришип,
шектүүлөрдү бөлүмдөргө алып кетип жатышты.
-Кендай болсо да аларга бөгөт бербеш керек, алтындарды Кыргыз жергесинен алып чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк бербеш керк, -бул боюнча иштеп жаткан Садыр Карабаеы кырдаалды дароо кабыл ала ишке, киришти, эми экөөңөр эки топко бөлүнүшүңөргө туура келет. Биринчи топту Каныбек жетектейт, ал эми экенчи топту болсо Кахар жетектейт, андан тышкары дагы жети-сегиз топ түзүлөт. Жер-жерлердин баарына издөө салынат. Ар бир погранвойскалар менен байланышып турабыз. Хамиддин кишилерин кандай болсо да табыш керек, жер-жерлерге чалгын жиберебиз. Баса Хамид же Саид кыргызча сүйлөй алышабыз?
-Жок, түшүнүшөт, бирок сүйлөй алышпайт.
-АНда аларды ушунучунан кармаса, байкаса болот. Хамид менен Саидди фоторобот аркылуу издейбиз, балким алар бул жакка келишкенде өңдөрүн өзгөртүп алышы да мүмкүн. Алар өздөрү менен кошо Афганистанда жашаган кыргыздарды да ала кетишти да, туурабу/
-Ооба, анын бул жакта да байланыштары бар. Эгер биздин качып кеткенибизди билип калышса алар аябай сак болуп калышат...
-Баса айтмакчы, тигил түрмөдөгүлөр кандай жүрүшөт Абдурахмандар?
, -Каныбек Садырдын сөзүн бөлүп жиберди.
-Кандай жүрүшмөк эле, моюндарына илинген мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Экинчи түрмөдөн качып кетишпегендей кылып өтө эле аларга өзгөчө, сак мамиле жасашууда. Кошумчө мөөнөт алышкан да түрмөдөн качышкандыктары үчүн, ошонусун өтөп жатышат. Алар түрмөдөн бошоп чыкканча алтындар тыбылып биздин колго өтүп кетсе тигилер боштондукка чыгышканда эч айла кыла алышпай калат эле.
-Баса, мага бир жумадай отпуска бербейсиңерби,
Таласка үй-бүлөмө барып келейин.
-Үй-бүлөң борборбо көчүп келишкен эбакта эле. Аялыңды жогорку окуу жайына мугалимдикке орноштурганбыз,
студенттерге сабак берет. Улуу уулуң Сапар университеттин юридикалык факультетине өткөн. Ага да көмөк беришти. Бул жакта болсо сенин зарплатаң кадимкидей эле жүрүп атты. Үй-бүлөңө барып учурашып кел, бирок сак бол, үйбүлөңө да кедергең тийип калбасын!
Кырдаалды көрүп турасың. Албетте бир маал барып тур, бирок азырынча квартирада эле жашап тургула Кахар экөөңөр, мобул операциянын аягына чыгалычы, анан сени толугу менен бошотом. Анан ички иштер бөлүмүнө каалаган жерге кызматка орноштуруп берем, чиниң да буюрса көтөрүлөт, кошумча спорт залга да иштесең болот тренер болуп, сен деген кара пояссың да. Мушташты унуткан жоксуңбу?
-Афганстанда машыктыруучу болуп да иштебедимби.
Аз жерден Японияга “бой без правилга” катышканы кетип кала жаздадым. Быйыл күздө өткөрүлөт Токио шаарында. Албетте ал жакка мен бара албайм дече, мени тааныгандар өлтүрүп, көзүмдү тазалап коюшу мүмкүн.
-Алардын тобун Кыргызстандын кайсыл жерине келиши мүмкүн деп ойлойсуң?
-Скорее всего Ош тарапка барышат болуш керек. Ал жак Тажикстанга жакын эмеспи, анын үстүнө наркотикалык заттарды да Оштун тоолору аркылуу Европа өлкөлөрүнө алып өтүп жүрүшүптүр мурун, ошо себептен ал жакта жергиликтүү кишилерден тааныштары болбой койбойт да. Бул биринчи варианты, ал эми экинчи болсо түз эле көл тарапка өтүп кетиши да мүмкүн, анткени алтындар ошол көл жактын тоолорунун арасына жашырылган.
Аны жападан жалгыз Саид гана билет альындардын каякка жашырылшагын.
Саидди Афганистандан таап кармаганыбыз менен бир жаңылыштык кетирип, колдон чыгарып жибербедикпи.
-Мейли азыр деле кеч эмес, эң башкысы алтындарды чыгарып кете электе аны таап кармасак болду.
-Эгер алтындарды Кыргызстандын жергесинен чыгарып кетишкен болсо эмне кылабыз?
-Анын бетин ары кылсын, анда бизди эл, жер, мамлекет эмес Кудайыбыз да кечирбейт.
Мына канча убакыттан бери күнү-түнү уктабай чуркап жүрөбүз. Билесиңби эгер ушул алтындар табылса Кыргызстандын,
мамилекетибиздин жакырданып жүргөн казынасы бат эле байып, кыйналып турган элибиздин жашоо-турмушу тез эле оңоло түшөт эле. Биз мамлекет үчүн гана эмес элибиз үчүн да иштеп жатабыз. Керек болсо бул үчүн өмүрүбүздү да тобокел кылсак болот.
Каныбек Бишкектин кчөлөрүн аралап жөө кетип бара жатты. Машинеге отурбай, автобус-тролейбустарга да түшпөй атайын жөө баскысы келди. Бир жарым жыл ичинде Бишкек калаасынын ичинде эч кандай деле жаңылык болбоптур, тескерисинче мурункусунан да начарлап кеткендей көрүнүп жатты. Ош базарынын жанынан өтүп баратып эң алгачкы алтын оюнунун башталышын эстеп койду. Так эле ушул жерден Абдырахмандын кишилерине туткунга түшкөн болчу. Андан бери канчалаган гана окуялар болуп өтпөдү. Афганмситандагы бир жарым жыл аралык Каныбек үчүн бир жарым кылымга тет болгон.
-Каныбек!
Оюнун баары чар-жайыт боло үн чыккан жакка көз жүгүрттү. Илгери өзү менен жогорку окуу жайында чогуу окуган Мыктыбек деген досу экен. Эч ким жокпу дегендей Каныбек айланасына тез көз жүгүртүп алды. Тиги болсо кучактап басып жатып калды.
-Эч өзгөрбөптүрсүң дос, мындан он беш жыл мурун кандай болсоң азыр деле ошолдой экенсиң. Сени милицияда иштеп кетти деп уктум эле азыр деле иштеп атасыңбы ал жакта?
-Мунун баары секрет дос айтууга болботй.
-Аа, түшүндүм, анда жолугушканыбыз үчүн кафеге отуруп пиводон ичип чер жазышалы, өткөн-кеткенди эстеп...
Каныбек үйй-бүлөсүнө кетип бараткан болчу. Бир убакта группада чогуу окуп, бир жатаканада чогуу жашаган эчки досун кыя алган жок. Студент кезинде ийне жеген иттей болуп аябай арык эле, азыр болсо курсак байлап аябай толуп алыптыр. Бакылдап көп сүйлөөк болуп өзгөрүп да кетиптир. Каныбек аны карап ичинен суктанып койду. “Карачы эч проблемасы жок, көчөдө жүрсө да ээн-эркин бакылдап жүрөт. Бирөөлөр өлтүрүп кетет деп ар кадам сайын сактанып баспайт. Эс –учун жогото мас болсо да эч нерседен коркпойт”.
Экөө бардан кызуу болуп чыгышканда түнкү саат он бир болуп калган эле. Чер жазыша өткөндү эстешкен эки дос сылык-сыпаа коштошо ажырашышты.
Ордунда бекенби дегендей Каныбек чөнтөгүнө колун салып пистолетин текшерип койду. Анан курткасынын жакасын көтөрө айтылган дарек боюнча жөө үйүн карай жөнөдү. Көчөдө тынбай ары-бери өткөн машинелер. Эми кимдир бирөөлөр көрсө мени дагы таанып калбасын деп караңгы көчөгө салды. Издеген үйүн бат эле тапты. Үй-бүлөсү тогул кабаттуу үйдүн экинчи кабатында жашашат экен. Акырын келди да курткасынын жакасын түшүрө эки жагына сактана карап койду. Анан үйдүн сигналын басты. Ары жактан “бу ким?” деген аялынын тааныш үнү угулду.
-Бул мен эле чакырылбаган конокмун. Адгенде ал тамашалай сүйлөдү. Эшик бир топко ачылбай турду. Анан Каныбектин үнү экенин таанышкан соң эшик шарт эте ачыла бала-бакырасы,
аялы бардыгы аны кучактап басып калышты.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#382 22 May 2015 - 01:55
КАМЫШ АРАСЫНДА
(мурунку заман)
“Жол азабы көр азабы” дегендей үч жарым аптадан бери жол карата ичкендери ирим, жегендери желим болуп белгисиз адамдар кайсыл бурчтан чыга калып кол салышаар экен, кимдерге жолугуп калаар экенбиз деп айланаларына кыраакылык менен көз чаптыра аябай сак болуп келатышканы бир тең бийик жарлуу тоонун коктусунан өтүп бараткан жер бир тең болду. Анткени кокусунан куралчан топ адамга жолугуп калышып, атышып жатып араң дегенде кутулуп чыгышты. Ошондон кийин ого бетер сак болуп калышты. Канчалык чоочун көздөрдөн оолак болуп, түнкүсүн жол жүрүп күндүзү ыктоо жерлерге коргонушуп ары-бери өткөн жүргүнчүлөрдөн сак болушууга аракеттенишкени менен баары бир кез-кез бирден-экиден же топ-топ болуп өтүп баратышкан атчандарга жолугуп калып жатышты. Албетте аттардын эки капталына артылган чоң куржун каптарда дээрлик Азиядагы ар кайсы улуттагы элдердин баары көп мезгилден бери издеп жүрүшкөн эбегейсиз зор байлыктын бар экенин эч кимиси сезишкен жок. Бирок каптарда эмне бар экенине кызыгышкан адамдар болуп атты, аларды Жолон мерген аттарга жакын жолотконго мүмкүнчүлүк бербеди. Сурагандарга “Анжияндын базарынан соода кылып кайра Кытай тарапка алып бараткан майда-чуйда ар кандай товарлар” деп даяр жоопту айта коюшуп жүрүп отурушту.
Эки эле адамдын ушунча товарлар менен алыска сапарга жол жүрүшү жергиликтүүлөрдүн кээ бирлерине шектенүүлөр да туудурду. “Калган негизги жүк менен келатышкан кербендер арт жакта. Аларды Көлдүн Балыкчысынан күтүп турабуз” деп кыска жооп берип сапарларын андан ары улантып кете беришти. Көбүнесе аларга түнкү жол жүргөндөн да күндүз эс алып жатышканда жолуккандар көп болуп атты. Бир жолу орус солдаттарынын да кетип бараткандарын көрүштү. Тилеккке жараша алар тээ алыстан турганы карай кетип баратышкандыктан булар жашынып турушкан бадалдар жакка дегеле көңүл бөлүшкөн жок. Экөө жашынган жерлеринде дүрбү менен алмактан-салмак карап турушту. Анын үстүнө бул коюу бадалдар жашынганга да эс алганга да ылайыктуу жер болчу. Күндүз камыштардын бийик өскөн чийлердин арасына жашынып кээ бир учурларда чиркейлерге да таланган күндөр болду. Эки кишилик казанга от жагып ар кайсы жерлердин чырпык чогултуп алышчу. Эгер алыста кетип бараткан топ жолоочу караандарды көрүшсө дароо отту өчүрүшчү. Каптарды бек жерге жашырып аттарды да бир маал эс алдырышып откоруп алышчы. Жолдон аттарынын бирөөсү бутун кокучтаныт алып, жүк көтөрүп таптакыр баса албай калды. Анын ээрин сыйрып алып эркиндикке коъ беришти да андагы эки каптагы алтын буюмдарды башка аттардагы каптарга бөлүштүрүштү. Аттарга да жүктөр анча-мынча салмактуураак болуп жол жүргөндө да кыйыныраакка турду.
-Дагы бир ат таппасак болбойт го бул жүрүшүбүз менен биз Көл тарапка жете албайбыз, -Улукбек Жолонго кайрылды.
-Анда мындай кылалы, бул каптарды бир жерге жакшылап жашырып көмүп, бирөөбүз ошол жерге кайтарып калалы да экинчибиз аттарды жергиликтүү элдерге үстүнө акча берип алмаштырып келели. Анан сапарыбызды андан ары улантабыз. Карачы аттарыбыз каржалып, мойсолуп бүтүштү. Булар менен алыска кете албайбыз.
Алар аттарды бийик өскөн камыштардын коюу жерине алып кетишти дагы куржун-каптарды түшүрүшүп, чуңкур таап куржундарды бири-бирине тыкан коюшту, үстүлөрүнө таар жаап, анан топурак менен көмүп чыгышты. Андан соң ары жактан эски чырпыктарды алып келип таштап таптакыр билгихбей салышты. Өздөрү андан отуз кадамдай алысыраак жерге жайгашыша, көмүскөдө Жолон аттарды алмыштырып келгиче аярлап турушмай болушту.
-Сен ушул жерге туруп тур чоочун көздөрдөн алыс болуп. Мен болсо жергиликтүү адамдар менен жакшылап сүйлөшүп аттарды аларга берип, үстөккө акча кошуп башка жакшы аттардан алып келейин. Андан сырткары бир аптага жеткендей азык-түлүк да ала келем. Макул болушпаса алтын теңгелерди да сунуштап көрөм. Тигил мылтыктардын баарын ок-даарылары менен жашырып кой, өзүңө бир мылтык, кылыч анан шамшар ал, жетет ошол, бирөө-сирөөлөр келе турган болушча, же жытркычтарга кабылып калсаң коргоно аласың. Мен келгенче бул жерди эч убакта ээн калтырып таштап кетпе. Анда иштин баары бүлүнгө учурайт. Ушунча күндөн бери келаткан мээнеттерибиз талаага кетип, бөөдөдөн бөөдө мобул байлыктан куру-жалак калабыз,- Жолон мерген тигиге өзүнүн акыл-кеңештерин айтып, аттарды бирин-бирине байлаштырды да Улукбекти бир карап алып ары көздөй айдап кетти, көрүнбөй калды.
“Карачы, алтын адам баласын кандай гана азгырып, өзүнө баш ийдирип алат. “Мунун кимге кереги бар. Өлүм, ажал чакыргандан башка пайдасы жок” деп момунча байлыкка таптакыр моюн сунбай, көңүл бөлбөй жатты эле эмичи, “бөөдө ушунча байлыктан куру жалак калабыз” деп өзү мага акыл-кеңештерин айта баштады. Эптеп көздөгөн жерибизге аман-эсен жетип алсак экен. Анан көрөм тигинин кандай көз карашта болорун. Акча байлык, алтын кимдердин гана башын айлантпаган. Биз ушулардын кулубуз да, керек болсо биз ушулар үчүн жашап жүрөбүз. Менимче булар болбосо бул дүйнөнүн кызыкчылыгы деле жок”, -Улукбек үч-төрт мылтыкты чийдин түбүнө жашырып жатып ушуларды ойлоп жатты. “Жергиликтүү көндүрүп аттарды алмаштырып келгиче канча убакытты талап кылар экен?” кылар жумушу жок болгондуктан бир ээрди башына жазданып, ат жабдыкты, кийизди алдына төшөп кыйшая кетти. Кокусунан жалгыз жарымдап жүргөн карышкырлар же жолборстор келип жалбасын деп кылычын оң жагына коюп, мылтыгын октоп сол жагына жайгаштырды. Бийик коюу өскөн чийлер бул жерде өзүнчө эле токой болчу. Эч ким аралап кире алмак эмес. Анткени, жапайы жан-жаныбарлардын баары коён, түлкүдөн баштап кашкулак, чөөлөргө чейин ушулардын арасына корголлошчу. Жем издеген карышкырлар да тумшуктарын ушул жакка сойлотушчу. Бактыга жараша катуу шамал болгондо да ыктоо болуп турат экен. Далай жер кесип дервиштик кылып жүргөндө талаа аңыздарга түнөп жедеп сак кулак болуп бүткүп калгандыктан уктап атса да “шырп” эткен дабыш чыкса эле ойгоун кетип, башын көтөрө мылтыгын кармай айланасын көз жүгүртүп жатты. Анан эч ким жок экенине ишенген соң колуна кармай кайра кыйшая кетти. Бул жолкуда аябай чочулай, корко турган деле эч нерсе жок болчу, анткени алтындар бек жерде катылуу, мылтык, дары-дармектери да ишенимдүү жерде жашырылуу, ары-бери бир орунда тура алышпай, кишенишип, кошкурунушуп алаксытышкан аттар да жок, ал өзүн кичине эркинирээк сезип атты. Анын үстүнө түнү катуу чарчагандыктан бир аз жаткан соң көзү илинип катуу уйкуга кетти. Кандайдыр бир коркунучтун өзүнө жакындап келатканын сезген да туйган да жок.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#383 22 May 2015 - 01:57
ТИРҮҮЛӨЙ ӨЛҮК
(бүгүнкү заман)
Өтө эле шашылыш иш чаралар колдонулуп, Афганистандан келишкен Хамиллин тобун издөөгө баарыдыгы актийдүү жапа тырмак киришишти. Ош тарапка үч топ, Нарынга эки, Чүй өрөөнүнө беш топ, ал эми казына жашырылган Көл тарапка жети топ бөлүндө. Ар биринде ондон киши дайындалды. Алар үчүн атайын автобус, машиналар берилди. Кахар өзүнчө бир топко жетекчилик кылып Ош тарапка кетти. Каныбек болсо Көл тарапта төрт топту жөнөтүп, өзү акырынкы топ менен кеткенге даярданып жаткан Ар бир топту жөнөтөөр алдында ар бирине инструкция өткөзүп, Хамид менен Саиддин фотороботун экрандан көрсөтүп, ар бирине ошол сүрөттөн карматып, анан жөнөтүп жатты. Бири-бири менен дайыма бйланышып турганга “сотовый” телефондорду да берди. Ар бир он адамдын бешөө автомат, бешөө тапанча менен куралданышты. Бул операцияны Садыр Карабаев өзү “сен калаада бир азга аярлай тур, өзүңдүн тобуң менен бир аз иштер бар эле сүйлөшө турган”, -деп Садыр Карабаев Каныбекти эң акырына алып калган. Бирок Каныбек үчүн ойдо жок бурулуш болуп кетти. Айланага күүгүм кирип келаткан маалда машинесин гаражга айдап барып токтотуп, үйүн көздөй жөө басып келаткан. Үйү менен гараждын ортосу да бир топ алыс болчу. Беш кабаттуу үйдүн бурчунан бурула бергенде күтүлбөгөн жерден башы ысый түштү да бет алдында союл кармап турушкан караандарды элес-булас көрө оңкосунан кулады. Аны бир жумадан бери калбай аңдып жүрүшкөн эски тааныштары болчу.
Эсине келип көзүн ачканда кандайдыр бир бөлмөдө жатыптыр, эки колу байлануу экен. Так эле бет маңдайында сакал-муруту өскөн толмочунан келген киши жылмая карап турду. Эмнегедир өңү аябай жылуу учурап жатты, бирок эстей албай койду.
-Кандай Абдурасул, бизди таанып жатсыңбы? Сени Афганстандан келди деп угуп бир жумадан бери жолуга албай, мүмкүнчүлүк таппай жүрдүк. Ардыңдан бир кадам да калбай ээрчип жүрүп акыры мына кезигиштик. Баса, сенин милицияда иштээриңди биз буга чейин билбептирбиз да же ал жакта иштебейсиңби? Сен ал жакта иштейсиңби, иштебейсиңби бизге баары бир. Эң нергизгиси сен өзүң керексиң бизге. Өткөн жолу Кудай берди болуп эптеп кутулуп кеткенсиң. Эми оңою менен кутулам деп ойлобо. Айтмакчы тиги милиция кызматкерлери үчүн өлгөн адамсың. Бирок коркпой эле кой сен өзүң өлбөйсүң, тирүү эле болосуң тек гана биз аны уюштуруп койдук. Тиги жигулиң Орто-сай айылынан төмөн карай катуу ылдамдык менен келатып өрттөнүп, анын ичинде сенин күйүп кеткен денең жатат. Ах жаман болду Абдурасулга, Афганистандан жаңы гана келди эле, көп нерсеге үлгүрө алган жок, -тиги киши мыйыгынан жылмайып койду, - Эмне ишенбей турасыңбы, ишенбесең азыр телевизордогу “шок-фактыдан” көчүрүлүп алынган записти кайталап көрсөтөбүз.
Маңдайына кичине телевизорду алып келип, анын үстүндөгү касета салгычына кассета салып иштетип койду эле түн ичинде өрттөнүп жаткан машинени көрдү. Анын айланасында элдер жалдырай карап турушат. Машина ушунчалык катуу келатып күү менен сүзгөндүктөн мурду бүктөлүп рулу айдоочуну катуу кысып калыптыр дагы ошо боюнча күйүп кетиптир.
-Эмне бул өзүң экениңе ишенбей жатасыңбы? Анда азыр көрөсүң, -экрандан машиненин номерин көргөздү эле, чын эле өзүнүн машинеси экен. “Булар кандайча машинемди гараждан айдап чыгып кетишти, ушунчалык тез аранын ичинде эле жасап жиберишкенге үлгүрүштүбү? ” Каныбектин башы жетпей турду “же ушунчалык көп убакытка эсим ооп жаттыбы? Ашып кетсе бир сааттай эсимди жоготуп жаткандырмын. Булар ушунча аралык ичинде буга кантип үлгүрө алышсын?”.
Алиги киши Каныбектин оюн түшүнгөндөй жылмая күлүп койду.
-Эмне баарына кантип үлгүрүп жетишишти деп дале ишенбей жатасыңбы. Мунун баары алдын ала даярдалып жасалган. Сенин денеңди медэкспертизадан текшерген күндө да эч нерсени аныктай алышпайт. Менин эми өлгөн кишисиң. Өлүк коюу аземине да биздин кишилер барып катышып келет. Сен эми мындар ары тиги дүйнөнүн адамысың....
-Айткылачы силерге эмне керек менден, мынчалыкка баруунун эмне зарылчылыгы бар эле? –Каныбек анын сөзүн бөлүп кетти.
-БИзге эмне керек дейсиңби? Аны өзүң деле бизден жакшы билесиң сенин артыңдан канча жылдан бери ууга чыгып, аңдып жүрөбүз. Түрмөгө түшүп, түрмөдөн качып, андан соң Афганистан жакка кеткениңди уктук, бул жактан тапшырма алып. Кайра кайтып келээриңди да билдик, мына бир жылдан бери чыдамсыздык менен күтүп аттык. Ал жактан жакында тиги афганец жолдошуң экөөңөрдүн кайтып келгениңерди да уктук. Мына эми эки аптадай жашабай жатып авариядан каза болдуң.
-Сөздүн кыскасы...
-Сөздүн ток этээр жерине өтөйүнбү?...
Кыргызстанда казына кайсыл жерге жашырылганын, сен тигил афган досуң экөөңөр эң жакшы билесиңер. Эгер аны билбесең бул жакка кайтып келбей болчусуң тапшырмаң ушундай болчу туурабы? Сен эми бул Кыргыз жергесинде жок адамсың, алтындардын кайда катылганын бизге айтып, көрргөзүп өзүң да кошо барасың. Андан соң биз менен чогуу кетесиң...
-Каяк жакка кетем?
-Аны убагында көрөсүң...
-Алтындардын кайда жашырылганын айтпай койсомчу?
-АНда өзүңө-өзүң кыласың. Сен бүгүнтөн баштап тиги дүйнөдө жүргөн адамсың, сенин тирүү экениңди бизден башка эч ким билбейт. Ошол өлгөн боюнча өлүк болуп кете бересиң.
-Анда алтын силерге буюрбай калат...
-Биз анда тигил афган жигитти колго алабыз. Өзү да тек жайы бул жерлик эмес экен. Анын үстүнө түрмөдөн чыккан жигитке бул жактын жашоосу эч кандай деле кызыгы жок. Алтындарды алат да биз менен кете берет. Өзүң деле ойлоп көрчү, ушунча алтындардын баарын аласың да мамлекетке өткөрүп бересиң. Канча убакыттан бери азаптанып жүрүп өзүң куру жалак каласың. Мындай жашоонун сага кереги не айтчы, эгер биз менен болсоң миллионер болуп жашайсың. КАлган өмүрүңдү көргөн жерде тентип азаптанып жүрбөй адамча жашап өт да. Керек болсо кийинчерээк үй-бүлөңдү да алып кетебиз. Бул жакта биз көрүп турабуз жашоо өтө эле кыйын бизге салыштармалуу. ..
-Силер өзүңөр кимсиңер?
-Аны убагында көрөсүң, биз деген тээ алыстан эң бай жашаган өлкөлөрдөн келгенбиз. Эгер макул болсоң сен да ошол жакта жашайсың. Андан көрө өз кабыргаң менен өзүң кеңеш, жакшылап ойлон Абдурасул. Баса айтмакчы сенин өз атың Абдурасул эмес Каныбек, жердигиң Таластан болот экен. Абдурасул деген өлгөн жигитке куюп койгондой окшош болгондуктан сен анын ордун алмашыптырсың. Туурабу же мен калп айтып жатамбы? Ал эми казынанын кайда жашырганын сен анан тиги досуң экөөңөр гана эң жакшы билесиңер. Андан көрө ойлон жакшылап, же өлүм же жакшы жашоо. Баса айтмакчы, сенин үй-бүлөңдүн да келечеги, тагдыры биздин колубузда. Сен өлсөң алар да сенин артыңдан кууп жетип барышат тиги дүйнөгө. Так что мунун баары өзүңдүн колуңда.

#384 22 May 2015 - 01:58
АНЖИЯНДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ
(мурунку заман)
Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кутулушкан карапайым эл акырындап кайра орус падышачылыгынын колониялык саясатына өтө башташты. Кыргыздар орустар менен мамиле түзүшкөндөн баштап орус дыйкандары да Кыргызстанга самсып көсүп келе башташты. Аларды орду-ордуна жайгаштыруу үчүн орус бийлиги атайын өздөрүнүн адамдарын даярдап башкармачылыктарды уюштурушту. Алар орус келген дыйкандарды дыйканчылыкка ылайыктуу жерлерден тандап берип, ачыктан ачык эле өздөрүнүн саясатын жүргүзүп киришти. Ал эми жергиликтүү кыргыздарды болсо суусу молдыйканчылкка жери жакшы жерлерден, өрөөөндөрдөн, жашыл чөптүү ойдуңдардан, жолго жакы жерлерден акырындап сүрүп жүрүп отурушту. Өмүр бою тээ алмыстактан бери эле бир жерге отурукташып көпбөгөн көчмөн кыргыз эле буга анча деле маани беришкен жок. Акырындап отуруп кыргыз жергесине орус кыштактары пайда боло баштады. Кыргызстанда орус дыйканчылары канчалык көп, бай болсо, падышачылыктын бул жактагы бийлиги да бекем болмок. Ошо себептеп келген орус дыйкандарынын ар бирине 30 тешеден (1 теше – 12га) жер берип, аларды 15 жылдык мөөнөткө салыктан жана аскер кызматынан бошотушту. Мындан тышкары аларга акчалай да жардам берилип турду.
1905-1912-жылдары кыргыздар жашаган Бишкек (орусча Пишпек) уездинде эле 28 орус украин кыштактары пайда болду. Ошондой эле Ысык-Көлдүн айланасындагы элүү миң теше жер көз көрүнө, ачыктан ачык эле кыргыздардан тартылып алынып, орустарга берилди. Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кутулушкан кыргыз эле баары бир өз алдыларынча эркин жашай алышкан жок. Адегенде алар Кокон хандыгына төлөгн салыктар сыяктуу салыктарды орустарга да төлөп турушкан.
Кытайга караштуу Чыгыш Түркстанда көтөрүлүш чыгарып жеңилип калышкан дуңгандар менен уйгурлардын бир бөлүгү да жергиликтүү жазалоочулардан коркушуп, топ-тобу менен Кыргыз жергесине качып келишкен. Падыша өкмөтү аларды да Фергананын, Ысык-көлдүн жана Чүйдүн дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерине жайгаштырып, шарт түзүп берди. Баары бир жергиликтүү эл өз жерлерине өздөрү ээ боло алышпады.
Салык алуунун жолу кийинчерээк өзгөртүлүп жергиликтүү шарттарга жараша кайрадан башкача иштелип чыкты. Көчмөн мал чарбачылыгы менен кечип кылышкан кыргыздар түтүн башына эки сом жетимиш беш тыйындан салык. Мындай эсептей келгенде жер мамлекеттики деп эсептелингендиктен жыйылган койдун башынан 3 тыйын, жылкыдан 30, төөдөн 50 салык алынган. Азыркыга салыштырмалуу бул майда тыйындар чоң суммадагы акчага тете болчу. Салыктар акырындап өсүп жүрүп отуруп дүйнөлүк биринчи согуш учурунда 15 сомго жете барды. Бул өтө эле жогорку суммадагы акча болчу. Ал мезгилде тыйынга же бир сомго бир кой келчү.
Кыргыз жергесине отурукташып калган калк салыктын эки түрүн төлөшчү, эгин аянттарынан “карапис” аттуу салык салынган. Ал эми бак-дарак, мөмө-жемиш тигилген жерлерден “танап” салыгы талап кылынган. 1986-дылы танаптык салык “оброк салыгы” деп аталып жердин иштетилген же иштетилбегенине карабастан айдоо аянттарынын бардыгына салынган.
Карапайым жергиликтүү калкка эки ьараптан бирбей салык болуп турду. Падышачылыктап салыгынан тышкары жергиликтүү бай-манаптар феодалдык салтка ылайыктап карапайым букаралыктардан жерине мал жайгандыгы үчүн “чөп ооз” манаптарды сыйлоо үчүн “чыгым”, мал жана эгин түрүндө “журтчулук”, феодалдын тамак-ашы үчүн “союш”, байдын жеринен мал айдап өткөндүгү үчүн “туяк пул”, кыргыз бай-манаптарынын аш-тойлорун өткөрүү үчүн “коршумча”, ушул сыяктуу дагы көптөгөн салыктар төлөнө баштаган.
Улукбек менен Жолон мерген өз убагында Кокон тараптан үлгүрүп чыгып кетишиптир. Анткени ошол мезгилде Орустарга каршы көтөрүлгөн элдин толкуну бүтүндөй Фергана өрөөнүн өзүнүн кучагына алган. Бул 1898-жылдары болчу. Орус падышачылыгынан саясатына, кылган кысмына чыдай албаган эле кечке маал Миң-Дөбө кыштагына чогула баштайт, акырындап отуруп алардын саны эки жүзгө жетет. Аларды Мадали эшен өзү колго алып, жетектейт.
-Оо эли-журтум, өзүңөр өз көзүңөр менен көрүп, баарына күбө болуп атасыңар. Карагылачы, орустар бизге эмне кылып жатат. Кокон эзүүсүнөн кутулганыбыз кайсы, мынакей, алар бизге ичкилик ичүүнү жайылтып, медреселерди жаптырып, биздин динди басмырлап, элдерди шарияттан чыгарып жатышат. Атүгүл ыйык мечиттерге да асылышууда, минтип чыдоого болбойт, орустардын тез арада жергебизден айдап чыгаруу керек!
Жыйылган элдин баары анын сөзүн туура көрүп чуру-чуу түшүп кыйкыра баштады. “Ооба, айдап чыгуу керек, чыдоонун да чеги болот!”
-Менин сөзүмдү уккула жумурай журтум! Алар бизде өстүрүлгөн пахтанын бардыгын өздөрүнө ташып кетишүүдө. МЫндан ары чыдоого болбойт. Орустарды кубалап чыкмайын турмушубуз оңолбойт! Мындан көрө кармашып жатып өлгөн артык!
Топтолгон элдин баары Мадали эшендин сөзүн кубаттап жатышты. Элдердин саны акырындап уламдан-улам көбөйө берди. Бардыгы Мадалини колдошуп, Анжиян тарапка бет алышты. Ал жакында эле Мекеге барып ажы деген наамды алып келген болчу. Жергиликтүү элдин бардыгы ажыга ишенише артынан ээрчишти. Аларга жолдогу кыштактардан кыргыздар, өзбектер, тажиктер кошулушту. Колдоруна айры, союл, чалгы бир нече мылтык көтөргөн көтөрүлүшчүлөрдүн саны эки миңге жетти.
Түнкү саат үч чендерде көтөрүшчүлөр шаарга кирип, андан орус аскерлеринин гарнизонуна чабуул коюшту. Айыгышкан катуу кармашта жыйырмадан ашуун падыша солдаттары, офицерлери курман болушту. Албетте күч тең эмес эле. Начар куралданышкан көтөрүшчүлөр мылтык огуна туруштук бере алышпай кайрадан артка чегиништи. Бирок ушул салгылашууда көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчиси Мадалы эшен колго түшүп калды.
Баары бир көтөрүш токтогон жок, толкуган эле кайрадан күчөп Фергана өрөөнүнө кеңири жайылып кетти. Жакшылыктуу тың жетекчиси болбогондон кийин толкуган эл кимди ээрчирин билбей калышты. Көтөрүлүш иретсиз, чаржайыт боло баштады. Мыдай чачкын, иретсиз, жетекчисиз көтөрүлүштү жакшы куралданышкан ору солдаттары бир аптанын ичинде басып салды. Көтөрүлүшкө катышкан 800 киши камакка алынып, алардын 415 адамы сот жообуна тартылышты. Мадали эшен баштаган 18 адам эл алдында дарга асылды. 362 адам өлүм жазасынын ордуна узак мөөнөткө Сибирге сүргүнгө айдалды. Көтөрүлүшчүлөрдүн уюму болгон Миң-Дөбө кыштагы эер менен жексен болуп талкаланып, ал жерге орус кыштагы жайгаштырылды. Бул 1916-жылкыга чейинки кыргыз-кыпчак, өзбек, тажиктердин эң алгачкы көтөрүлүшү болчу. Булардын көпчүлүгү басымдуулугу кыргыздар эле. Ал жми ушул мезгил аралыгында Улукбек менен Жолон мерген Намангандан өтүп Талас жергесин басып Мерке, Чалдыварды кыйгачтап тоо тарабы менен жүрүп отурушуп Сары-Өзөн Чүйгө жакындап калышкан.

#385 22 May 2015 - 02:00
АРГАСЫЗДЫК
(бүгүнкү заман)
“Булар кимдер, каяктан кезиктирдим эле буларды?” Каныбек таптакыр эстей албай жатты. “Өңдөрү да тааныш, мындай адамдар менен Кыргызстанда көп эле кездешпедимби, кайсынысы болду экен?” –ал тээ алтын окуясынын башталышынан берки кезигишкен душмандарын, ар кандай адамдарды көзүн жумуп алып баштан аяк эстөөгө аракет кыла баштады. “Биз деген тээ алыстан эй бай жашаган өлкөлөрдөн келгенбиз” толмочунан келген мурутчан кишинин ушул сөзүн эстеди. “Балким ошол кишилер болуп жүрбөсүн? Менин памятым жакшы эле, эмне болуп атат мага. Же тиги Афганистандагы тренировканын таасири тийип атабы? Чет элдикпиз, эң бай өлкөдөнбүз. ..” Каныбектин оюна бир нерсе кылт эте түштү “Балким ошолор болуп жүрбөсүн?” көзүн жума жакшылап эстөөгө аракет кыла баштады. Анан көзүн ачты “Ооба, точно ошол, толмочунан келген такыр баш киши, только мурут гана коё берип алыптыр. Түрмөдө жаткан уйгур жигит Ъусейиндин чыккынчылыгы менен Жафар, Сулайман үчөөбүз тең булардын туткуну болбодук беле. ОШондо ал айтпады беле “биз деген Аравия, Гонг Конг, Израиль, Пакистан, Кытай менен наркозат боюнча дайыма соодалашып турабуз” деп. Булар менен Абдырахман картаны эки миллион долларга соодалашкан. Анан булар түн ичинде биздин кишилердин курчоосунда калышып, үчөөбүз тең шыйпылдын үстүнө чыгып кетип, анан кутулуп чыкпадык белек. Эми эстедим, дал эле ошолор. Бул кишинин аты ким эле? Ибрагим, ооба ошол. Анткени алар курчоодо калышканда сырттан жүгүрүп келген жигит “Ибрагим мырза, биздин үйдү бүт толугу менен жергиликтүү милициялар курчап алышыптыр, биз курчоодобуз” деп айтканын эсимде. Булардын баарын мындан эки жыл мурун милиция кызматкерлери туткундап алып кетишкен. Кайра эле эркиндикке чыгып алышкан экен жа. “Бул жактын соту, түрмөсү, милициялары биз үчүн проблема эмес, бат эле баш ийдирип сатып алабыз, керек болсо ал жакта өзүбүздүн кишилер да иштейт” деп такыр баш кишинин эч нерседен коркпой-үркпөй ачыктан-ачык айтканы чын экен го. Анын үстүнө менин чын атым Каныбек, жердигим Таластык экенин, Абдурасулдун ордуна “самозванец” болуп жүргөнүмдү, милицияда иштэрримди жакшы билип алышкан турбайбы. Демек биздин арабызда милициянын ичинде булардын кишилери бар. Менин Кахар милициядан келгенибизди да ошол кабарлаган буларга. Биздин ар бир кыймыл аракетибиз маалымат болуп бул жакка келип турат турбайбы. Бул жөнүндө Садыр Карабаеы албетте эч нерсе билбейт. Хамиддин тобу алтын издеп Афганистандан бул жакка келишкенин албетте билишет, бирок алтындардын качкка жашырылганын Саидден башка эч кимибиз билбээрибизди булар билишпейт экен да. Демек Кахар экөөбүздү бутага алышкан турбайбы. Эмне кылыш керек? “Алтындардын каякта экенин билем, көргөзүп берем” деп калп айтып буларга макулдугумду бере берейин. Андан аркысын көрө жатармын. Балким бизин кишилер менен байланышка түшүп калармын.
Күтүлбөгөн жерден Каныбектин машинеден авария болуп, бакты сүзүп, күйүп кетиши САдыр Карабаев үчүн бир канча шектенүүлөрдү туудурду. Мындай болушу мүмкүн эмес, ал ар бир кыймыл-аракетин “сотовый” телефону аркылуу мага айтып, мени менен сүйлөшүп турчу эмес беле. КЕчинде жападан жалгыз ОРто-Сай тарапка эмне бар ага, анын үстүнө мен “үйгө кеттим” деп эле кеткен. Же бирөөлөр кармап алып өлтүрүп туруп анын машинесин бак сүздүрүп туруп өрттөп салыштыбы?
“Өрттөй турган болушса ким алар?” Каныбектин моргго жаткан өлүгүнө барып келген Садыр Карабаев эч нерсеге түшүнбөй жатты. Ал өзүнүн орун басарын чакырып алды.
-Буга кандай деп баа бересиң Асан, анын ушинтип жөндөн-жөн эле өзүп калышы мүмкүнбү? ӨЗү профессионал “черный пояс” болсо, канчалаган өлүмдөрдөн ушунча убакыттын бери өзүн аман сактап келди. Афганистандан келип эле дароо өлүп калышы мүмкүн эмес эле го дейм?
-Ар кандай болуп кетиши мүмкүн, тапанчанын огу “черный пояс” экениңди ылгабайт да. Өзү бакты сүзүп өлүшү мүмкүн эмес, анткени машинени аябай аяр айдачу эле го. Анын үстүнө бакты сүзгөн машина да мынчалык деңгээлде өрттөнүп күйүп кетиши мүмкүн эмес. Экспертиза текшерип жатат, балким Каныбектин сөөгү эместир, бул боюнча үй-бүлөсүнө эмне деп айтабыз. Телевизордон да чыгып кетпедиби, машине номерин көргөзүп...
-Баса үйүндөгүлөр машинесинин номерин билишчү беле?
-Менимче бул машинесин билбейт болуш керек, анткени жакында эле бербедикби. ..
-Анда аялына, балдарына эмне деп айталы, аялы эки-үч жолу Каныбекти сурап телефон чалды...
-Тамшырма менен Өзбекстан тарапка кеткен де, тиги өлүк экспертизадан аныктамайынча эчнерсе айтпагылы. Чындап Каныбектин өлүгү экенине көзүбүз жетип ишенели, анан кийин гана кабарлайбыз. Чынында мен ал Каныбектин сөөгү экенинен анча ишене албай турам.
-Болуптур анда экспертизанын жыйынтыгын күтө туралы, полковник Садыр Карабаев менен анын орун басары ушундай чечимге келип токтошту.
Сырттан келген толмочунан келген такырбаш киши Каныбекке жылмая карады.
-Ну Абдрасул мырза, то есть Каныбек, ушундай эле айта бергеним дурус го дейм, өз атыңдан...
-Аны өзүң бил мага эми баары бир..., Каныбек башын жогору көтөрдү, -жок дегенде колумду бошотуп койгулачы Кудай үчүн, колорума кан уюп калды.
-Кудайды оозунганың бул жакшы нерсе, бирок сени бошотуп колуңду чечкен болбойт го менимче. Сен деген “опасный” адамсың. Бекеринен “черный пояс” эмессиң да. Эгер колдоруңду чече турган болсок бир шарт менен... Эркекче, какджентельменче сөз бер, эч кимге кол көтөрбөйм деп... ОШондо гана колуңду чечебиз.
-Болуптур эркекче сөз берейин силерге азырынча кол көтөрбөйм... Эгер чекке жеткирип кыйнап жиберсеңер анда каршылык көрсөтүп жиберишим ыктымал. А так жөндөн-жөн эле кол көтөрбөйм...
-Эркектик сөзүңби?
-Ооба.
Алиги киши ары жакта турган кишиге баш ийкеп койду эле ал акырын сактана Каныбекке жакын келип байлануу колдорун кош миздүү курч бычактын миз менен кыйып жиберди да артка кеткенчиктей чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыкты. Сырттан узун туура биздей бою эки метр келген далдайган киши жай басып колдорун көкүрөгүнө ала такыр баш кишинин артына туруп калды.
-Ну Каныбек мырза кандай чечимге келдиң, биз менен иштешесиңби же тигил милиция сөрөйлөрүң менен иштесеңби? Биз менен иштешсең мен да эркектик сөзүмдү берем, аябагандай бай болуп армансыз жашайсың. Ал эми тигилер менен иштешсең, азыр кандай болсо ошондой эле өмүрүң өтө берет. Балким алар менен иштеше албай ушул боюнча өлдү болуп өлүп калышың да ыктымал...
Эки колу бошогон Каныбек уюган колдорун ушалап жатты.
-Болуптур, силердин айтканыңардай эле болсун, бирок бир шарт менен...
-Айта бер кулак сенде?
Каныбек көпкө ойлонуп турду, айланажымжырт боло баары эмне айтаар экен дешип, андан жооп күтүп калышты.
-Кыскасы мындай... Эң биринчи кезекте менин үй-бүлөмдү жайына койгула. Экинчиден мен “доля” менен иштешем. Өзүмө тиешелүү “долямды” алам, аны эмне кылам өзүм билем. Үчүнчүдөнказына колго тийгенде ар кандай болуп кетиши мүмкүн, алтындар адамдын пейилин бузуп, акылынан адаштырып жакшы адамды заматтын ортосунда башкача кылып таштайт. Силер мага тийбегиле, мен силерге тийишпейм дегендей жакшылыкча ажырашалы. Ортодо кан төгүү болбосун. Казынаны ачып өзүмдүн “долямды” алгандан кийин силерден чек арадан аман-эсен чыгып кеткенге чейин жардам берем, андан кийинкиси өзүңөрдүн проблемаңар.
-Биринчи казынаны табалычы, андан кийинкисин сенсиз деле бүтүрүшөбүз өзүбүз...
-Анда айткан шартыма макул болгула калганын...
-Дагы эмне шартың бар?
-Болгону азырынча ушулар...
-Болуптур булардын бардыгы сен айткандай болот сенин өмүрүңө гарантия беребиз. Биздин кишилерден эч ким тийише албайт. Керек болсо бул ондун аягына чыкканча өзүңө “телехронатель” да дайындап коём.
-“Телехронителдердин” мага зарылчылыгы деле жок, эң башкысы сөзүңөргө турсаңар эле болду, кол алыштыкбы?
-Коё тур менде да бир шарт бар.
-Угуп атам.
-Эгер сен бизди сатып чыккынчылык кылып кете турган болсоңчу?
-Анда аны өзүңөр чечкилле.
-Кыскасы мындай, эгер сен чыккынчылык кыла турган болсоң, өз каның менен жооп бересиң. Аны менен эле чектелип калбайт, тукумуң курут кылабыз. Бүт үй-бүлөңдү сенин артыңдан тийи дүйнөгө жөнөтөбүз. КЕлиштикби?
-Болуптур.

#386 22 May 2015 - 02:02
ТУТКУН
(мурунку заман)
Жолон мерген САры Өзөн Чүйдөгү анча чоң эмес бул калааны өмүрү көргөн эмес. Токмок деп аталат экен. Ош өрөөнүнө караганда мунун базарында кыргыз, уйгур анан орустар басымдуулук кылганы көрүнүп турду. Бири-бирине байланышкан топ аттарды жетелеп бараткан бул бейтааныш адамды көпчүлүгү кайдан келип калды дегендей таңгала карап жатышты. Ал көчөдө кетип бараткан жергиликтүү бир адамдан базардын каякта экенин сурады. Бул жактын базары экиге бөлүнөт экен, мал базар анан буюм-тайымдарды саткан базар болуп. Жергиликтүүлөрдүн айткандары боюнча бүгүн мал базары иштебейт экен. Бир аптада эки күн пайшамба, жума күндөрү чоң мал базар болот имиш. Жолон эмне кылаарын билбей калды. Пайзамбага чейин дагы эки күн бар, күткөнгө болбойт, көлгө чейин дагы канча жол жүрүшөт белгисиз. Бирок мындай күндөрү деле мал базардында соода боло береи, сатуучу менен алуучулар аз болорун билди.
Чын эле Токмок шаары Ош, Наманган жактагы базарларга караганда соодагерлери дээрлик аз экен. Ошко кытай, түрк, араб жактардан да соодагерлер кербен болуп келишчү. Акыркы мезгилдерде орустар кыргыз жергесине келе баштаганда гана адыс жакта келген кербендердин саны бир кыйла азая түшкөн.
Ал ири мүйүздүү, туяктуу атүгүл канатуу үй жаныбарларынан бери сатып жатышкан ар улуттагы элдердин арасына кошулду.
Дээрлик жыйырма күндөн ашуун жол жүрүшкөндүктөн зоот, семиз аттарынын бардыгы кадимкидей шылына түшкөн эле. Жолон а дегенде аттардын базардагы баасын билип алды.
Өзүнүкүн алардыкынан арзан койду. Обочо жерде сатылып жаткан семиз алкынган аттарды көрүп “Кудай буюрса өзүмдүн аттарым өтсө ушуларды сатып алыш керек” деп ичинен ойлоп койду. Тилекке каршы аныкына көңүл бурган эч ким болгон жок, бир ары-бери өткөндөргө сунуштап кыйкырып жатты.
Ары жактан эки-үч адам кызыга басып келишти.
-Бир жылкың канча турат?
-Жолон ары жакта сатылып жаткан жылкылардын өзүнүкүн эки эсе түшүрүп айтты. Өзгөчө Орто Азия элдери жылкы менен киндиктеш келишет эмеспи, арзан жылкыларды угушканда базардагылар заматта үймөлөктөшө калышты. Анын үстүнө бардыгынын туяктарында темир такалар бар болчу.
-Бул уурдалган аттар эмеспи? –топтошкон элдердирдин бирөөсү шектене сурай кетти.
-Жок, өзүбүздүкү эле...
-Эмне үчүн бардыгынын туяктары темир же орустардан сатып алдыңарбы?
-Өзүбүз такалаганбыз. ..
Аттардын ары-бери жактарын карап жаткандардын бирөөсү бир нерсени байкап койду.
-Карагылачы булардын жамбаштарын, анча билинбегени менен ар биринде кандайдыр белгилери бар экен.
-Мындай аттарды орус солдаттары гана минишет...
Ары жактагы алуучулар өз ара кыжылдаша кетишти. Кээлери арзан баадагы аттарды салып алалы дешсе, кээлери айнытып атышты.
-Кой ач кулактан тынч кулак, муну орустар же орус солдаттары көрсө кайдан алдың деп ызы-чуу кылышат, атүгүл көтөн зордукка салып тартып алышы да мүмкүн.
-Ооба тигил Анжияндыктардын көтөрүлүшүнөн кийин орустардын көз карашы бузулуп турган маалда жалган күнөө менен Шиберге (Сибирь) да айдап жибериши ыктымал. Кызыгып аттардын тияк-биягына чыгып карап жатышкандардын баарыдыгы акырындап тарай башташты.
Жолон ар бир аттардын жанбаштарын сыйпалап карап көрдү. Чын эле бардыгында тең кандайдыр бир эн белгилери бар экен. Буга чейин муну өзү да байкаган эмес. “Эмен кылсам?” ал өзүнчө ойлоно бир нерседен сактана түштү. Базар ичине жайылып кетсе аттарды эч ким алмак эмес. Өтпөй калганча деп аттардын баасын дагы төмөн түшүрдү, бирок басып келип караган, соодалашкан эч ким болгон жок.
Ары жактагы жылкы сатып жаткандар бул жакты сөөмөйлөрү менен көрсөтүшө өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Тоок, өрдөк, жумуртка сатып жатышка орустар да атайын келип өз тилдеринче бир нерселерди айтышып Жолонду шектүү көз караштары менен карашууда. Иштин бат эле тетирлеп кетишин Жолон күткөн эмес. Бир балекет болуп кете электе тез аранын ичинде базардан чыгып кеткиси келди.
Кайдан-жайдан келишкени белгисиз эки-үч орус солдаттарын ээрчитип келген чочко сакалчан кыргыз киши Жолонду сөөмөйү менен көрсөтө кетти.
-Мынакей... мынакей бул киши силердин аттарыңарды базарда сатып жүрөт... Солдаттар дароо эле эч сөз сүйлөшпөй Жолондун колдорун артына кайрып арыдан бери байлап жиберишти. Анан аттардын жамбаштарындагы эндерди бир сыйрадан текшерип көрүшүп өз тилдеринде бир нерселерди сүйлөшө тигини кайдадыр алып жөнөштү. Ал эки-үч жолу бошонуп качып кетүүгө аракет жасады эле анысынан майнап чыккан жок. Толмочунан келген чычайган муруту бар орус солдаттарынын бирөөсү кылычын кынынан сууруп чыгып Жолондун моюнуна такады да бир ушинтчү болсоң башыңды кыя чабам деди окшойт. Анын айткан сөздөрүн Жолон түшүнбөсө дагы жүрөгү менен сезди.
Кандайдыр бир короо ичине киришкенде солдаттар аттарды башка жакка алып кетишти да өзүн болсо караңгы үңгө сыртынан камап салышты.
Кандайдыр бир дабыштарга Улукбек чочуп ойлонду. Аны үч-төрт адам курчап алышып, тикесинен тик туруша жогору жагынан карап турушканын көрдү. Жанындагы кылычы менен мылтыгын алып коюшуптур. ОРдунан атып турууга аракет кылды эле алар буттары менен төмөн карай басып коюшту. Бирөөсү эңкейе калып аны жип менен байлап жиберди.
-Кимсиң сен, калың чийлердин арасында жападан жалгыз эмне кылып жүрөсүң? –топтошкон жигиттердин улуурагы сурады, -сыягы башка жактан жылкы уурдаганы келген жигит окшойсуң.
-Мен ууру эмесмин, алыс жактан келаткан жолоочумун, чарчагандан эс алайын деп кыйшая калгам.
-Жолоочумун деп коёт дагы уялбай, момунча ээрлерди каяктан алдың. Карасаң баардыгы орус ээрлери экен.
-Ооба да, ээрлери бар, түн ичинде жылкыларды айдап келмек да ээрлерге токуп башка жакка айдап кетмек. Бул ээрлер да уурдалган ээрлер болуш керек.
Баары күтүлбөгөн жерден болгондуктан Улукбек эмне деп жооп айтаарын билбей шаштысы кетип калды. “Мен уура эмесмин” деп кайра-кайра кайталап тура берди. Алиги адамдар ээрлердин бардыгын кошоктоп бир атка салышты да Улукбекти жөө жалаңдатып алдыга салыша өздөрү аттары менен анын артынан жөнөштү.
Тоо тараптан төмөн карай түшүп келатышып көз болжол менен эсептегенде бийиктиги отуз кулачтай келген кандайдыр бир бийик, кооз мунаранын жанына токтолушту. Тигилердин сөздөрүн тыңдап бул мунара “Бурана” экенин билди.
Көп өтпөй эле алар Токмок калаасына келишип ууруну Токмок уездине өткөрүп беришти. Аны дагы караңгы ээн үйгө алып барып камап салышты.

#387 22 May 2015 - 02:03
КҮТҮЛБӨГӨН ДҮРБӨЛӨҢ
(бүгүнкү заман)
-Экспертизанын бардыгы соңуна келди, өлүк толугу менен тыкан текшерилип чыкты. Күйүп кеткен өлүк Каныбектики эмес экен, -эшиктен кирип келген капитан жигит Садыр Карабаевге баяндап жатты. Анын бою дагы көлөмү дагы шайкеш эмес, атүгүл чачтары дагы туура келбей жатат. Каныбектин чачтары тармал эмес беле мунуку аныкындай эмес экен. Анын денесиндеги күйбөй калган жерлери бүт кылдат текшерүүдөн өттү. Баса дагы бир айта кетчү нерсе тиги өлүктүн сол колундагы бармагынын алдында миздүү нерсе тилип кеткен анча-мынча тырыгы бар экен. Ал эми Каныбектики болсо андай тырыгы болбоптур. Анын кайсыл жеринде кандай белгилери бар экени бизге бештен белгилүү эмеспи, бүт кагазга жазылуу, сүтөткө тартылуу.
-Демек ал Каныбектин өлүгү эмес экен дечи?
-Ооба ошондой.
-Тонабы?
-Точна, буга көптөгөн далилдер бар, терисинин күйбөй калган жерлерин да экспертизадан өткөрдүк, возростору да туура келбей жатат, өлгөн жигит где то отуздардан жаңы гана ашкан жигит экен.
-Ошондой эле болсун, - Садыр Карабаев кадимкидей жеңилдей түштү. Анын күтүлбөгөн жерден өңүнө жылмаю пайда болду, -ошондой дейм да, алтын оюнунун башкы каарманы ал болуп жаткандан кийин оюндан жөндөн-жөн эле чыгып калышы мүмкүн эмес. Аны кимдир бирөөлөр кармап, туткун кылып алышты. Сыягы алтын издегендер болуш керек. Азыр бизге алиги аныктала элек андай топтор көп, балким биздинсписокко түшө элек топтордон болуп калышы да мүмкүн. Эмесе мындай, биздин списокко түшкөндөрдүн бардыгын тактап чыкчы, балким ошолордун колундадыр?
-Жарайт.
-Эгерде аларда эч кандай шектүү нерселер байкалбаса анда кандайдыр бир жаңы топтор пайда болгон. Балким тигил Афганистандан келген Хамиддин тобуна туткунга түшүп калышы да ыктымал. Өзүң көрүп турасың иш кичине татаалдана түштү. Алтындарды чек арадан өткөрү жибербейли, анда эле экөөбүздүн ишибиздин бүткөнү, жумушубуздан дароо айдалабыз. Албетте жекече кызыкчылык эмес мамлекеттин кызыкчылыгын да ойлош керек.
Орунбасары чыгып кеткенде кийин Садыр Карабаев өзүнчө ойлонуп калды. “Кызык Каныбек азыр каякта болду экен, шаарда болду бекенби же башка жакка алып кетиштиби?” аны менен эми кантип байланышабыз. Каныбексиз иш кыйын болуп калат бизге, тигил чет элдик жигит Кахарга анча ишенич жок, алтын колуна тийсе чет өлкөгө качып кетип калышы да мүмкүн. Анын үстүнө түрмөгө жөндөн жөн эле отуруп калып биздин кишилерге да кайнаса каны кошоулбайт болуш керек, ага ишенип болбойт. Казына Көл тараптагы Кытайга чектеш Кыргызстандын тоолорунда катылган деп атпайбы, андан көрө ошол тарапка чалгынчыларды көбүрөөк жөнөтүш керек. Тынымсыз сырттан келген чоочун адамдардын ар биринин ким экенин такташыбыз абзел. Албетте Көл “курортный зона”, сырттан чоочун адамдар эс алганы көп келишет, ошентсе да ар бир адамды катуу текшерүүгө алуу керек. Ортодо кандуу окуя болуп кетпегенге аракет кылышыбыз оң, - Садыр Карабаев дароо эле дасыккан тажрыйбалуу чалгынчылар тобун Көл жакка даярдай баштады.
Арадан бир апта өтүп өтпөй жумуштан үйүнө келсе телефонуна Каныбектин үнү жазылып калыптыр. “Мен тирүүмүн эртең Көлгө жөнөгөнү жатабыз, -Каныбек”. Муну уккан Садыр Карабаев дароо эле орун басарынын үйүнө телефон чады.
-Каныбек тирүү экен Көл жакка кетип баратышыптыр. Түнү менен он кишиден турган профессионал чалгынчыларды даярда. Аларды өзүң жетекчиликке аласың, таңкы саат алтыларды вертолет менен учуп кетесиңер. Вертолёт даярдатып коём. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербейли. Эртең менен даяр болсун уктуңбу он киши.
-Уктум.
-Анда давай азыр эле аракетке кир.
-Жарайт.
- Садыр Карабаев дароо телефон аркылуу башкаларга байланышка чыкты.

#388 22 May 2015 - 02:05
ЖОЛОМАН МЕРГЕНЧИНИН ӨЛҮМҮ
(мурунку заман)
Сыртта кобурашкан үндөрдөн Улукбек чочуп ойлонду. Кимдир бирөөнүн каалганын илинип турган кулпусун шалдыратып ачып атканын укту. Көп өтпөй эле орус солдаттарын ээрчитип келишкен кечөөгүнкү кишилерди көргөндө көзү бакырая түштү. Алар улукбекти сыртка алып чыгышты да эки колун кайрадан артына кайрып байлап, кайдадыр алып жөнөштү. Топурак кирпич менен жаңыдан курулуп, бирок али толугу менен бүтө элек чоң үйдүн ичине алып кирди. Ичи орусча жасалгаланыптыр. Төрдөгү столдо отурган толмочунан келген, муруту чычыйган орус киши кийген кийимдерине караганда солдаттардын жетекчиси экенин ким деле болсо жаземдемек эмес. Бурчта турган Жолон мерген экөөнүн көздөрү бири-бирине чагыла түшүштү. Ал Улукбекке унчукпа дегендей башын ийкеп койду. Төрдө отурган алиги киши орус тилинде бир нерселерди сүйлөдү, бирок Улукбек түшүнгөн жок. Анын сөздөрүн ортодо тилмек которуп берип жатты.
-Тигил бурчтагы чалды тааныйсыңбы?
-Жок, аны биринчи көрүп атам..., -Улукбек ал жакты карабай туруп жооп берди. Төрдө отурган киши ордунан ачуулана атып турду. Анан өз тилинде бир нерселерди сүйлөй ары-бери баса баштады.
-Орус солдаттарынын ээрлерин, аттарын, мылтык, кылычтарын кайдан алдыңар? –тилмечи тигинин ар бир сөзүн которуп берип жатты.
-А сенчи аттарды кайдан алдың?-бардыгы бурчта турган Жолон мерген жакка карашты. Бути-башынын кан болуп турганына караганда аны камчы менен бир топ сабышса керек. Жолон унчуккан жок.
-Эмне унчукпайсың жооп бербейсиңби! –ортодогу котормочу аны камчы менен бет талаштыра эки-үч жолу чаап жибрди.
-Бул каяктагы солдаттардын аттары, кайдан келатасыңар?
Жолон унчукпай койгондуктан эки-үч орус солдаттары аны ур-тепкиге салыша сабап жиберишти. Котормочу болуп берип аткан кыргыз киши жерге бүк түшүп отуруп калган Жолонду сакалынан ууштай кармап кайра ордунан тургузду.
-Чыныңарды айткыла жылкыларды каяктан уурдадыңар?
Жолон таптакыр көгөрүп эч нерсе жооп бербей койду. Аны сабап атып тажашканда Улукбекке кайрылышты.
-Чыныңды айт, тигил чалды тааныбайсыңбы?
-Жок тааныбайм.
-Жаныңды жебе, тигинин тогуз атына, сенин тогуз ээриң туура келип жатпайбы. Тигинки эндери бар орус аттары, сеники болсо орус ээрлери, мылтык менен кылыч дагы орус солдаттарыныкы. Чыныңды айт буларды каяктан уурдадыңар?
-Чынымды айтайынбы, буларды чий арасына кимдир бирөөлөр таштап кеткен жеринен таап алгам. Кокусунан чий аралап өтүп бараткам, ар кайсы жерде чачылып жатканынан жакын барсам ушул ээрлер экен. Буларды эмне кылсам деп ойлонуп аткам. Анан ошол жерге уктап калыптырмын, ойгонуп кетсем силердин кишилер кармап алышты мени. Мен эч нерсе билбейм.
-Каяктан келаттың эле?
-Ош тараптан...
-Ош тараптан? Демек бардыгы түшүнүктүү болду. Силер Анжияндагы көтөрүлүш чыгаргандардын бири турбайсыңарбы. Ал жактан жөн кетпей орус солдаттарынын аттарын уурдай чачкансыңар. Эми бардыгы түшүнүктүү болду.
Ары жакта турган орустар өз ара бир нерселерди сүйлөшүп башарын ийкеп жатышты. Сары Өзөн Чүй толугу менен орустардын ээлигине өткөндүгү билинип турду. Анткени кайда барба орус төбөлдөрү бийлик жүргүзүп атышты. “Кайда барсаң Мамай көрү” турбайбы, “аңгектен качып дөңгөккө” келдик. Өзбек, угурлардын качабыз деп атып мына орустарга кептелдик. Эми булардан оңою менен кутула албайт болушубуз керек”.
-Эмне унчукпайсың Анжияндагы көтөрүлүшчүлөрдөнсүңөрбү. Бул жакка качып келатканчыңар да, жаныңарды коргоп. Улукбек анын сөзүнө жооп бергендин ордуна калың чийлердин арасындагы жерде көмүлүп жаткан алтындарды ойлоп кетти. “Жакшы эле эч шегин билдирбей катылгансыды эле, өтүп бараткан кимдир бирөөлөр кокусунан таап албаса экен, бул жакка бекер келиптирбиз. Эптеп Сары Өзөн Солтолорунан өтүп кетсек Көлдүк бугулар жоошураак калк келет, ошол жакка эптеп баш калкалап калган өмүрүбүздү өткөрөт элек”. Улукбек ал жакка өмүрү жете албасын, атүгүл чий арасындагы жашырылган алтындарына кайра кайрылып бара албасын алдыда кандай гана азап-тозоктор күтүп турганун сезген, туйган жок.
Экөөнү жөндөн-жөн эле Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан деген күнөө менен анжияндык топ кыргыздардын арасын кошуп ташташты. Чындыгында экөө тең Анжияндагы орустар менен кыргыздардын кандуу кагылышы тууралуу эя нерсе билишчү эмес.
ОРус солдаттары алардын бардыгын кайдадыр жөө айдап жүрүп отурушту.
-Бизди каякка алып бара жатышат? –Улукбек жанаша келетип бараткан жашы элүүгө таяп калган кыргыздан сурай кетти. Ал аны жактырбагандай өзүнчө “бурк” этти.
-Каякка баратканыңды билбейсиңби, Шибер (Сибирь) жакка баратабыз, Орустардын эң суук жерине. Ал жак деген аябагндай алыс, барса келбес жер экен дейт.
-Силердин ал жакка эмнеге алып баратышат?
Анын ойду-тоону сүйлөгөн суроолоруна тигинин жини келип кетти.
-Сен эмне асмандан түштүң беле ыя, каякка эмне себептен алып баратканын өзүң билбейсиңби?
-Жок.
-Биз деген орус солдаттарына каршы чыгып салгылашта жеңилип калдык. Ошол себептен жазага тартылып Шиберге айдалып баратабыз. Ал жактан кайтып келебизби келбейбизби бир Кудайым өзү билет.
Эртеден бери булардын сөзүн угуп өзүнчө кетип бараткан Жолон мерген эмнени ойлоп жибергени белгисиз, күтүлбөгөн жерден эле өзүнөн анча алыс эмес жердеги орус солдатына жетип барып, атынан оодарып түшүрдү да атка секирип минип, кайдадыр чаап жөнөдү. Эртеден бери колундагы байланган жиптерди койнундагы бычак менен кечип, бошотуп алса керек. Көз ачып жумганчалык мындай күтүлбөгөндүккө орус солдаттарынын шаштысы кетип калды. Мылтыктары меен аткылаша үч-төртөө анын артынан кууп жөнөштү.
Бирок ал анча алыс узай алган жок, удаа-удаа атылган мылтыкка өбөктөй калды да аттан жерге жай “күп” этип кулап түштү. Артынан кууп баратышкан солдаттар заматта аны тегеректеп алышты. Ок анын далысына тийгенби, кийимдеринин баары кызыл-ала болуп кетиптир. Орустардын жетекчиси анын жанына басып келди да “көрүп алгыла кача турган болсоңор силер да ушундай болосуңар” дегендей кылычын кынынан сууруп алып, катуу бир шилтем менен анын мойнун шылый чапты. Башы топ этип жерге кулай денеси экөө эки жерде жатты. Аны көздөй жулунган Улукбекти жанындагылар эч жакка жибербей катуу кармап калышты.
-Эмне өлө албай турасыңбы, сенин да башың кетет тигиникиндей болуп...

#389 22 May 2015 - 02:06
КЕЗЕКТЕГИ ДАЯРДЫК
(бүгүнкү заман)
Биринин артынан бир ээрчишкен төрт окшош кара мерседес Балыкчы шаарына келгенде тизиле токтошту. Ичинен эч кимиси сыртка чыгышкан жок.
-Кана, Каныбек мырза кулак сенде. Көлдүн кай тарабына жөнөйбүз, түндүк тарабынабы же түштүк тарабынабы? – Ибрагим акырын сыртка бир сыйра кыраакы көз жүгүртүп алды да Каныбекке кайрылды.
-Түштүк тарабы менен жөнөйбүз. Кайсыл өрөөн экенин көрсөтүп берем. Алтын жашырылган ошол өрөөндү катуу көзөмөлгө алабыз. Ал дерде Хамиддин группасын күтөбүз. Алтындар кайсыл жерде жашырылгандыгын жалгыз ошол гана билет. Көлдүн кайсыл өрөөнүндө экенин билем, ал эми алтындар тоолордун кайсыл жеринде катылганын анча биле албайм. Ал эми Афганистанга калтырып келишкен Саид, Хамиддерди болсо эң жакшы тааныйм. Алар менимче аябай жакшы куралданышкан, машинелери да көп болушу мүмкүн, ошондуктан биз кыраакы да сак да болушубуз керек. ОРтодо кан төгүү болуп кетиши ыктымал, сөзсүз болот... ансыз алтын проблемасы чечилбейт. Афганецтерге тарттырып жибербегендей бололу, алар бардыгы профессионалдар, биздин школдон өткөндөр. Мушташ жагынан да, атыш жагынан да эң мыкты даярдыктан өтүшкөн, өтө эле сак болбосок болбойт.
-Биздики да жөнөкөй адамдардан эмес, атайын тандалып алынып келингендер. Кимди ким жоготот аны убагында көрө жатабыз. Кана кеттикби?
-Кеттик.
Машинелер кайрадан от алышып биринин артынан бир ээрчише катуу ылдамдык менен Балыкчы шаарынан чыгыша Көлдүн түштүк тарабы менен асфальт жолдо кетип бара жатышты.
-Дагы бир эскерте кетчү нерсе..., Хамиддин тобунан башка алтынга аңчылык кылып жүрүшкөн эки-үч топ бар, -Ибрагим тигиге эскертип кетип баратты, -алар менен эки-үч жолу кагылышуу болгон. Слабый топ болгондуктан бардыгын муунтук жок кылганбыз, бирок али да калдыктары бар. Кайрадан топ түзүп уюшуп алышы мүмкүн.
Катуу бараткан мерседес машнелери акырын жайлап отуруп токтошту. Каныбек сыртка чыгып тоо тарапка кылжат көз жүгүрттү.
-Кийинки кокту экен, ошол коктудан оң тарапка бурулабыз.
Алар ордуларына олтурушуп машинелерин от алдырыша кайрадан биринин артынан бири ээрчишип жөнөштү. Көп өтпөй эле оңго тоо тарапка бурулушту. Алар улам жогорулаган сайын эки тарабындагы тоолор да бийиктей баштады. Бир сааттай жол жүрүшкөн соң кандайдыр таш короого кептелишти.
-Мындан ар жол жок Хамиддин тобун ушул жерден тосуп алабыз. Машинелерди бир жерге жашырып коюп тигилерди күтүп турушубуз керек. Эртеби, кечпи алар дал эле ушул жерге келишет.
Машинеде отургандар бардыгы жабыла сыртка чыгышты. Эсептей келгенде баш-аягы Каныбек өзүн кошкондо ондон ашык адам экен.
Дээрлик бардыгын тең колдорунда автомат, пистолет, кол гранатадар, эки-үчөөндөн снайпер мылтыгы да бар болчу.
-Кана машинелерди каякка жашырабыз?
Тигилер Каныбекке суроолуу карашты эле жүргүлө дегендей өзү алдыңкы машинеге отуруп кайдадыр бир коктунун ичине айдадтып кирип, терең ойдуңдун ичине токтотту.
-Болду машинелерди ушул жерге кармайбыз. Чырпыктар менен үстүн жаап, тээ алыс жактан карагандарга анча билинбегендей кылабыз.
Он чакты адам ар кайсы жерлерден чырпык кыйып келишип сыртын билгизбей жаап, жашырып жатышты.
Каныбек айланасына бир сыйра көз чаптырып алды. Бул өрөөн Каныбек менен Кахар Афганистандан келишээри менен эле милиция кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөлгө алынган болчу. Булардын ар бир кыймыл-аракеттерин алыс жактан алар кандайдыр бир жерде жашынып алышып дүрбү менен байкап турушканын сезип жатты. “Бизди Хамиддин группасы менен чаташтырып алышпаса болду. Балким алар менен байланышка чыгып көрсөмбү? Кой, азырынча кырдаалды курчутуп жибербейин, шек алдырып коюшум мүмкүн”.
Бир саатын аралыгында тигилер машинени билгизбей кылдат сыртынан жаап, иштерин бүтүштү. Ибрагим болуп өздөрүнчө олтуруп алышып кагаз алдыларына жайып коюшуп план түзүп жатышты.
-Төмөн жактагы жолдун тоо жакка бурулуш жеринен бир көзөмөлчү коёбуз. Коктунун орто чечинен, тоонун бийик башына дагы бирди коёбуз “сотовый” телефон менен кабарлашып турабыз. Калгандарыбыз болсо экиге бөлүнө, киринчи топ болсо тоонун оң тарабына, экинчибиз бул жагына туруп тигилердин келишин күтөбүз.
-Алар балким бүгүн келип кылыш мүмүкн. Балким эки-үч күн же бир жума, кыскасы эртеби-кечпи келбей коюшпайт. Алар азыр кайсыл жакта жүрүшөт белгисз. Кандай болсо дагы катуу даярдыкта туралы.
Ибрагим өзүнүн адамдарын ар кайсы жерге жайгаштыра кандуу жолугушууга алдын ала камылгаларын көрө баштады.

#390 22 May 2015 - 02:07
КАЧКЫНДАР
(мурунку заман)
Улукмандын тайгада жүргөнүнө беш жылга чукулдап калган менен басса-турса да Кыргыз жергесиндеги Сары Өзөн Чүй боорундагы жерде көмүлгөн алтындары көздөрүнө элестей берчү болду., Ушул беш жыл аралыгында кыйынчылыктар баштан өтүп, көп нерсени үйрөндү. Орус революциясына катышып, сүргүнгө айдалып келишкен көптөгөн орус достору менен таанышты. Эртели кеч алар менен чогуу жүрүп орус тилин да өздөштүрүп алды. Орус падышачылыгына каршы түштүктөгү кыргыз-кыпчактар эле эмес, орустардын өздөрүнүн да каршы чыгышкандарын угуп, көтөрүлүш, революция эмне экенин ошондо түшүндү. Атүгүл орус революционери Ленин тууралуу да биринчи ошол жактан укту. Кышы эрте келип, жаз менен жайы кеч келчү Сибирдин баш-аягы көрүнбөгөн калың токойлорун, аралап кетсе адашып кетчүдөй болгон чытырмандарына, өзүнчө кыш мезгилинде борошолоп кар учурган суугуна тап-такыр көнө албай кыйналып жүрдү. “Кызык, ушундай суукта кантип элдер жашап күн көрүшөөт болду экен?” деп кээде элүү градуска чейин жеткен суугуна таңгалып жүрүшсө, бара-бара буга өзү да көнүп кетти. Улукбек катуу ойго чөмүлө жерин эстеп жатты. “Кудай Таалам жер жүзүнө жан-жаныберлерды жаратканда бардыгын өзүнүн жашоосуна ылайыкташтырып, денесине калың жүндүү терилерди, азуу-тырмактарды, туяктарды, мүйүздөрдүберип, адам баласын жып-жылаңач кылып эч нерсе бербей койгон имиш. Ошондо адам-баласы Кудайга нааразы болгондой “коргоно турган денемде эч нерсем жок, ысык-суукка чыдай тургандай денемдин терилери жупжука, кантип оокат кылам” дегенде Кудай Таалам “Сага бардык жаныбарлардан ашып түшкөн акыл-мээ бердим, бул акыл менен баардык жаныбарары өзүңө баш ийдирсең, жаратылыштын кандай гана катаал шарты болбосун бардыгына көнүп кетесиң” дегени чын экен го. “Түү” десе түкүрүк жерге түшпөй тоңуп калган Сибирдин катуу суугуна келгенде бул жакка жашай албай өлүп калам го деп катуу чоочулап, корктум эле, мына андан бери дээрлик беш жылдан ашып кетти. Бул жактын катаал шартына көнүп, атүгүл жергиликтүү адамдардай эле жашап, күнүм өтүп жатат. Адам-баласын чын эле бардыгына көнөт экен да. Эми дагы канча жылым өтөөр экен бул тайгада?”.
1898-жылкы Анжиян көтөрүшчүлөрү менен кошо айдалып келген Улукбек орус революционерлери менен жүрүп үйнө жүзүндө жашап жатышкан көптөгөн элдердин тагдырын ошолордон укту. Бул жакка айдалып келишкен үч жүзгө жакын кыргыз-кыпчактардан ар кайсы жерлерге бөлүнүп кетип атышып, Улукбек турган тайгада отуздай гана кыргыздар калган. Алардын ичинен да, жети-сегиздей ар кандай кырсыктардан, оорудан каза болушту. Ал жерди акырындап отуруп орустар басымдуулук кылып кетишти. Алардын көпчүлүгү падышага каршы көтөрүлгөн орус революционерлери экен. Араларында Орто Азия тараптан сүргүнгө айдалып келишкен казак, тажик, өзбектер да бар эле. Эртеден кечке учу-кыйра жок токойлорду кыйып, аны беш алтоодон аркан менен сүйрөп барып жыйып, өтөкрүп турушчу.
“ОРустарга каршы Германдар согуш башташыптыр” деген чуу кабарды да ошол Сибирь тайгасында жүрүп укту. Орустардын эки-үчөөсү качып кетишип кайра көп өтпөй эле кармалып жоголушту.
Күзгө маал эки орус бир казак анан Керимкул деген кыргыз жигит бешөө качып кетишип,ошол боюнча дайындарын таптырбай кетишти.
-Мына, эки өлкөнүн ортосундагы согуш башталды, бизди караган, бизге көңүл бөлгөн кишилер мурдагыга карганда аз болуп калды. Ушундай ызы-чуудан пайдаланыш керек. Болбосо өмүр бою тайганын арасында каласыңар эч жакка кете албай, -бул сунушту дайыма өзү менен чогу жүргөн Александр деген орус жигит Улукбекке акырын кулак кагыш кылып өткөн, -макул болсоң алдын ала даярданып бир күндү белгилеп алабыз да анан качып чыгабыз. Буга кандай карайсың? Макул болбосоң башкаларды табам. “Сокурдун тилеги эки көз” дегендей бул ишти Улуктек эки жылдан бери эле ойлонуштуруп келаткан. Өзүнүн оюн бир-эки ишенимдүү деген кыргыздарга айтса алар чочулашып болбой коюшкан. “Качканда кай тарапка качабыз, же билбесек каяк жактан келгенибизди. Тайганын арасында адашып жүрүп аюуларга жем болуп өлөбүз” деп алар өздөрүнө анча ишене бербей коюшкан.
Ал эми орустарга айткандан чочулап жүргөн, күтүлбөгөн жерден муну орустардын өздөрү сунуш кылып атпайбы.
-Кыш кирип келип калды, андар көрөкчө жазды күтпөйлүбү, күн да жылып калат, -Улукбектин сунушуна Александр каршы боло кетти.
-Жазында кууганчулар бат эле кармап же таап алышат. Ал эми кышында болсо, кокусунан эле артыбыздан куугунчулар келбесе эч ким куугунтук салышпайт. “мейли ачкадан, сууктан тоңуп өлүшөт” деп жайыбызга коюшат. Чын эле көпчүлүгү адашып жүрүшүп ачкадан өлүшөт. А мен болсо жолду, каякка качарыбызды жакшы билем. Силерге да Аизия тарапка кетчү жолду көргөзүп берем.
Улукбекке бул жактан кандай болсо да кетүү керек болчу. Басса-турса да алтындар көз алдына элестеп ушул жактан кете албачудай болуп жүргөн.
-Экөөбүз эле качабызбы?
-Өтө көптүп кереги жок, алсак дагы бир экөөнү алабыз болду жетет, көп болгондо жол азыктан да кыйналабыз, бат эле кармалып калышыбыз мүмкүн. Анын үстүнө жол да алыс, кыйналбагандай бололу, тыңыраактарды алалы.
Улукбек Ферганалык Абылда деген жашы кырктарга келип калган жигитти сунуш кылды. Ал дагы элим-жерим дегенде экт көзү төрт болуп, ак эткенден так этип мекени көзүнөн учуп кантип кетээрин билбей жүргөн. Аларга Досан деген казак жигит кошулду. Төртөө качаарга ыңгайлуу учурду белгилеп жол азыктарын алдын ала камдашып, даярданып жүрүштү. Адеттегидей таңга жуук тайгада бардыгы жабылыша токой кыйганы жөнөшөт. Баш-аягы элүүгө жакын киши болчу. Ар кимиси ар кайсы жерге чачыраша токой кыя башташканда эле төртөө өздөрүнчө бөлүнүшүп кетишти. Үчөө Александрдын артынан түшүп алышып, тизеден келген карларды жиреп, бир тыным албай чуркап жүрүп отурушту.
Аябай чарчап эстери оогондо бир жерге отура кетишти.
-Азыр бизди алар издешпейт. Кечинде гана качып кеткенибизди билишет болуш керек. Бирок момундай калың кардын ичти менен иттер дагы аттар дагы жакшы жүрө алышпайт. Жолдо адашып тоңуп өлүшөт деп жайыбызга коюшу мүмкүн. Күндө эле эскертип жатышпайбы “тайгада ач карышкырлар менен аюулар көп” деп, балким бизди качып кетишпесин деп жөн эле алдап жатышкандыр?
Төртөө эч тыным алышпай буттары менен карды жерише калың токойду аралып жүрүп отурушту. Кечке жуук гана Кудай берди болуп эси жок кичинекей эски жыгач үйгө келип токтолушту.
-Жакшы болду, түнү менен бул жыгач үйгө эс алабыз да таңкы үрүл-бурулда жолго чыгабыз.
Бул жыгач үй көп жылдар бою турса керек, акырындап кээ бир жерлери чирип ьаратыптыр. Эски чириген жыгачтардан чогултуп келишип от тутандырышты. Анан анча-мынча шам-шум этише төртөө төрт жерге өздөрүнө ыңгайлуу орун табышып, эшикти ичинен жакшылап бекитишти да кыйшая кетишти. Күндүз тыным албай катуу жол жүрүшкөндүктөн, анын үстүнө аябай чарчашкандыктан кыйшайышаары менен эле дароо уйкуга көшүлүштү.

#391 22 May 2015 - 02:08
КАПЧЫГАЙДАГЫ КЕЗДЕШҮҮ
(бүгүнкү заман)
Тээ төмөн жактагы тоонун кире беришинде турган көзөмөлчү мобилдик телефону аркылуу чет элдик төрт машиненин тоо тарапка бурулганын кабарлады.
-Эми бизге кезек келди окшойт, кана бардыгыңар даярдангыла! – Ибрагим тапанчасын сууруп чыгып таштын үстүнө койду. Анын жанында тургандардын баардыгы автоматтарын атууга даярдай башташты. –Аркы өйүздөгүлөргө дагы кабар бер даярданышсын.
Бери жактагылардын бирөөсү мобилдик телеофн менен тоонун аркы бетиндегилерге кабар бере баштады. Ибрагим Каныбекке басып келди.
-Мына Хамид менен Саид досуң келатат. Эми жакшылап тосуп ала аларды.
-Ортодон кандуу кагылышуу болуп кеткенге мүмүкүнчүлүк бербейли. Тек гана былк эткизбей курчоого алып бизге моюн сунуп бергенге мажбурлайлы.
-Албетте алар бизге моюн сунгулары келбейт да, сөзсүз каршылык көрсөтүшөт.
-Кандай болсо да Саидди аман алып калуу керек. Алтындардын каякка жашырылганын жападан жалгыз ошол гана билет.
-Сен аны жакшы тааныйсыңда дүрбү менен мага көрсөтүп кой, жакшылап эске тутуп алалы. Телефон менен бардыгына эскертип чыгам. Эгер бизге каршы алар ок ата турган болушса Саидден башкасынын баарын күн-жам кылабыз...
-Дагы бир жолу эскертейин, чаташып Саидди атып албагыла.
-Кадырың жан болсун андай кылбайбыз. Тоонун эки капталындагылар атышууга толук даяр турушту. Каныбек Ибрагимге басып келип өзүнүн сунушун айтты.
-Балким буларды өткөрүп жиберип алтындарды алып кайтып келатышкан жеринен курчоого албайлыбы?
-Жок болбойт, нака алтындардын өзүн көрүп кодоруна кармап көрүшкөн соң алар оңою менен бизге багынып беришпейт. Анда катуу кандуу кагылышуу болот. Азыр тигилер келишсинчи, кырдаалды байкайбыз. Балким алар бул жол менен кайтпай башка жагы менен кетип калышы да ыктымал, алар дагы кеңкелес адамдардан эмес да, арттарында “куйрук” бар экенин сөзсүз билишет.
Арадан жыйырма мүнөт өтпөй төмөн жактагы көзөмөлчү мобилдик телефону менен тоону карай дагы беш жеңил машиненин бурулганын кабарлады.
-Булар дагы кимиси болуп кетти. Милиция кызматкерлери эмеспи, кокусунан сен аларга кабар жиберген жок белең?-Ибрагим Каныбекке шектүү карады.
-Өзүң мени менен дайыма чогуу жүрөсүң, аларга кантип кабар бере алам. Анын үстүнө телефонум да жок. Тапанчадан башка жанымда эч нерсе жок экенин өзүң көрүп, билип эле турбайсыңбы. Алар милиция кызматкерлери эмес, алтын артынан жүрүшкөн башка дагы бир группа. А балким ошолордур Хамиддин адамдары, алдыңкы төрт машинедегилер балким башкалардыр?
-Болуптур эгер эки топтун бирөөлөрү милиция кызматкерлери болсо аман калам деп ойлобо. Аларга туткун болуп берээрден мурун биринчи кезекте өзүңдү жайлайбыз.
-Алардын алдыңкыларын да арткылардын да ким экенин билбейбиз экөөбүз тең, балким чын эле экөөсүнүн бирөө милиция кызматкерлери болуп калышы да мүмкүн, бирок ага менин эч кандай тиешем жок. Мейли өлтүрсөңөр өлтүрө бергиле, мен баары бир эбакта эле өлгөн кишимин да машинадан авария болуп. Дароо эле өлтүргөнгө шашпай иштин ийгиликтүү болушун көздөбөйсүңбү.
-Ай билбейм, бөрү баласы ит болбойт, дегендей сага анча ишене албай турам, мейли мезгил, убакыт көрсөтөт.
Көп өтпөй тээ төмөн жакта биринин артынан бир ээрчишип келатышкан төрт чет элдик машине көрүндү. Даярдангыла деп тоонун эки башында жашынып тургандарга акырын белги берди. Бардыгы дүрбү менен төмөн жактагы ар бир кыймылды карап турушту. Кээ бирлери снайпер мылтыгы менен мээлеп карап жатышты.
Төмөн жактагылар таш короонун тушуна жеткенде машинелерин кайра төмөн карай бурушту да бир катар кылып тиип коюшту. Анан ичинен бардыгы жабыла чыгышты. Баардыгын колдорунда автомат, кээ бирлеринин колдорунда гранатаметтор да жүрөт. Баш аягы санай келгенде жыйырмадай киши экен. Атайын даярданып келишсе керек, бардыгы тең аябай тиштерине чейин куралданышыптыр. Булардын түрлөрүн көрүп Ибрагим эмнегедир апкаарый түштү. Анткени курал жагынан да кишилеринин саны жагынан да тигилерден күчсүзүрөөк болчу.
Төмөн жактагылардын турган турпаттарын караганда кимдир бирөөлөрдү күтүп тургандай түр көрсөтүп жатышты.
-Жакшылап карачы, булар Хамиддин кишилериби? –Ибрагим Каныбекке кайрылды. Каныбек дүрбү менен кунт коюп карап эч бирин тааный албай койду. Көп өтпөй эле тээ төмөн күрөөк жагында алиги биринин артынан ээрчишкен беш машине пайда болду да жогору жактагыларга жүз кадам жетбей токтошту. Алдыңкы эки машине катарлаш токтоду, калгандары алардын артына туш-туш жакка чачыраша токтошту. Көп өтпөй алардын ичинен да жабыла куралчан адамдар чыгышты. Санап келгенде алар жогору жакта турушкандардан сан жагына көп экен.
-Төмөн жактагыларды жакшылап карачы Хамиддин адамдарыбы?
Каныбек жакшылап кунт коюп карады да жок дегендей башын чайкады. “Булар кимдер болуп кетти?”- деп ичинен баш катырып таңгала эч нерсеге түшүнбөй жатты. Эки тарап тең сактаныша куралдарын бирин-бири карай сунуша, мээлеп калышты.

#392 22 May 2015 - 02:10
ЖЫГАЧ ҮЙДӨГҮ КАНДУУ ОКУЯ
(мурунку заман)
Тайга, учу-кыйры жок калың токойлор, батыш-чыгышы, түндүк-түштүгү каякта экенин билбейсиң. Анын үстүнө бул жакта кар да аябай калың түшөт, бир жасса жумалап жаап туруп алат. Бул мезгилде карышкырлардын уусу башталат. Топтошуп алышып көздөрүнө көрүнгөн жан жаныбарлардын бардыгына кол салышат. Керек болсо багыштарга чейин туш-туштан качырышып чабуул коюшат. Кар калың түшкөндө коёндордун эле шору, бийик карды жиреп чуркай алышпай бат эле чарчашып жырткычтардын жеми болуп беришет.
Иттердин үргөнүнөн, кишилердин бакылдаган добуштарынан төртөөнүн тең көзү умачтай ачылды. Жыгач үйдүн тешигинен карашып артынан кууп келишкен куралчан куугунчулар экенин көрүштү. Бакылдашкан үндөр тигилерге даана угулду.
-Алар алыска узап кетишкен жок, же ушул жыгач үйдө же бизден анча алыс эмес жерде эле кетип бара жатышат. Кана Никола ичин кирип текшерип чыкчы, -башына түктүү папах кийген сакалчан киши жанындагылардын эң кичүүсүнө ээк кагып жумшады. Ал атынан жерге түшүп атындагы мылтыгын алды да үйдү карай суна акырын жылып жөнөдү.
-Ушундай болорун билгем акры кууп жетишти, -Александр ары жакта жаткан союлду алды. Сырттагы мылтыкчан жигит жыгач үйдүн оозуна келди да токтой калып болгон күчү менен кыйкырды.
-Ким бар ичинде чыккыла!
Жыгач үй тымтырс болур эч кандай тирүүлүктүн белгисин билгизбей турду. ТИгил кайрадан кыйкырды.
-Чыккыла, болбосо азыр атым.
Жымжырт, ары жакта ат үстүндө тургандар каткырып күлүп калышты.
үй тымтырс болуп эч кандай тирүүлүктүн белгисин билгизбей турду. ТИгил кайрадан кыйкырды.

-Эмне киргенден чочулап жатасыңбы? Качкындардын эч кандай куралдары жок, коркпой эле ккой. Намысына келе түшкөн жигит үйдүн эшигин буту менен тээп ачты. Ичиндегилердин бардыгы үйдүн бучтарына жашынып калышкан болчу.”Чщ-щ” акырын дегендей сөөмөйүн ээгине такап ордуңардан былк этпегиле деп Александр тигилерге белги берди. Анан союлду оңдой кармап эшиктин бурчуна жашына чабуулга даярданып турду. Бирок, союлду акырын бурчка коюп сырттан жаңыдан баш багып келаткан уланды оозунан басып ары жетелеп кетти.
Күчкө салып туруп моюнун катуу, ылдам бурап койду эле алиги жигиттин колундагы мылтыгы жерге түшүп кетти да өзү жерге шалк этип кулап түштү. Улукбек мылтыкты алганга үлгүрдү, сыртта турган атчандар да бир нерсени сезишкендей асынып турган мылтыктарын чече башташты.. Аңгыча үй тараптан “тарс” деген мылтыктын үнү чыгып куугунчулардын бири өбөктөп, эрдинен кыйшая берди. Куугунчулар бешөө болчу үчөө калышты. Алар үстөкө босток жыгач үйдү тарсылдатып аткылап киришти. Ичиндегилер ар кимиси жандарын ала качышып далдоо жерге жашынышты. Улукбек мылтыгын октоп жаңыдан эле жылчыктан мээлей баштаганда оң жак ийнине ок жаңылып колундагы мылтыгы ыргып кетти. Сырттагы аткылоо бир азга басаңдай түштү, анан алиги сакалчаны кыйкырды.
-Эгер жашагыңар келсе, жан керек болсо, сыйыңар менен чыгып бергиле, болбосо үйдү өрттөп тирүүлөй күйүп кетесиңер!
Улукбек ийнин басып кансырап жаткан эле, мылтыкты Алексей акырын алды да жылчыктан сырт жакты карады. Бирөөсү аттын ээрине сүйөлгөн боюнча калыптыр, калган үчөө аттарынан түшүшө жыгач үйдүн үч тарабына чыгышып курчап алышты.
-Акыркы жолу эскертем, өз эркинер менен чыгасыңарбы же...?!
Досан деген казак жигит босогодо өлүп жаткан солдаттын кыныдагы кылычын акырын сууруп алдыү Үйдүн ичиндегилердин эч кандай белги атүгүл шыбырт деген да дабыш, кыймыл болбогондуктан алиги сакалчан өрт кой дегендей жанындагылардын бирөөсүнө белги берди. Анысы чүпүрөк оролгон жыгачты күйгүзө албай бир топко убараланды. Акыры аны күйгүздү да, жыгачтары чирип калган эски үйгө жакындап келип ар кайсы жерине от коё баштады. Терезенин түбүнө от коюп алаксый түшкөндө күтүлбөгөн менен тигини моюнга сайып калды. Сыртта аңдып турушкан экөө кайрадан үстөкө-босток актылаганга өтүштү.
-Алар экөө эле, биз төртөөбүз, эмнеге үйдө корголоп турабыз. Аларды жөн гана жайлаганга мүмкүнчүлүгүбүз жетет да, боллбосо бул жерде тирүүлөй күйүп өлөбүз,-Алексей аларды демитти эле Досан дароо эле кылычын артына жашыра сыртка атып чыкты. Калгандары анын жолун жолдошту, үй ичи түтөй акырындап дем алганга мүмкүн болбой бараткан болчу.
-Жан соога, атпагыла биз багынып беребиз,-өтө чукул келип калган Досан бирөөсүн баса жыгылды. Артында келаткан Алексек экинчисин атып жиберди. Ал дагы жооп кылып ок атканга үлгүрдү бирок ок эч кимге тийген жок. Досан менен сакалчан киши экөө карга оонаша кармашып жатышты. Арл карылуулук кылып Досанды алдына оодара басты эле желкесине тийген мылтыктын кундагы оңкосунан сулатты.
Баарылап жабыша бешөөнүн өлүгүн чуңкур жерге сүйрөп барып ташташты да үстүлөрүнөн билгизбей кар менен көмүп салышты.
-Жырткычтар эле бир нерсенин жытын билип, казыр алышпаса булар эми ушул боюнча кар алдында жазга дейре жатышы мүмкүн, -Алексей өзүнчө чокунуп койду. Өлгөндөрдүн бут кийимдерин, куралдарын алышты. Ок Улукбектин оң ийнине тийип кан көп кетип калгандыктан араң жан кыймылдай алсырап жатты. Алексей олжого түшкөн кийимдердин бирөөсүн айрып жиберип кан акпагандай кылып жакшылап таңып берди. Акырындап аба-ырайынын да өңү бузула баштаган эле. Кар аралаш борошолоп, шамал улуй баштады.
-Кой кеттик дагы куугунчулар жетип келише электе жолго чыгалы. Жол алыс алдыда дагы кандай кыйынчылыкта турат ким билет.
Куугунчулардын аттарын кармап алышып төртөөнө төртөө миништи, ал эми бешинчи атка болсо өздөрүнүн анча –мынча жүктөрүн арта салышты.
Биринин артынан бири ээрчишкен атчандар өздөрүн карай уруп жаткан борошону жирей бирде коюлап, бирде суюлуп бараткан токойлорду аралап аттарын ылдамдата бастырып жүрүп отурушту.
-Куугунчулардын келгени бизге жакшы болду, -жол карата Алексей тигилерге сүйлөп баратты, -Кудай буйруса эми атчан өлбөйбүз, алдыбызда аттар бар, жолубуз да шыдыр кетет. Жапайы жаныбарларды атып алганга мылтык деги бар. Айда кетсе бул беш аттын бирөөсүн союп запастан эт камдап алабыз. Качкындардын бул жоруктарын жактырбагандай уулуган шамал улам күчөп карларды учура ал аз келгенсип шамалдын ылдамдыгына кошула карлар да катуулап жаай баштады.

#393 22 May 2015 - 02:13
КУРАЛДУУ ТОПТОРДУН КАГЫЛЫШЫ
(бүгүнкү заман)
Эртеден бери төмөн жактагыларды дүрбү менен кунт коюп карап турган Каныбек тынчсыздана өзүнчө ойлоно кетти “биздин бул жакта экенибизди биздикилер билишеби. Менин шашылыш кабарым Садыр Карабаевге жетти болду бекенби. Эгер жетпей калсачы? Бирок бул аймакта деле биздин чалгынчылар топтор бар да. Кантип эле алар биринин артынан бири ээрчишип баратышкан чет элдик машинелерди көрбөй калышсын”. Бир кезде дүрбү менен Каныбек өзүнө тааныш адамдын караанын көрө койду. “Стоп, бул Хамид эмеспи?” ал жакшылап алиги караанды кунт коюп карады. “Демек жогору жактагылар ошолор экен да. Саид көрүнбөйт го ал каякта болду экен, же машиненин ичиндеби?”
Анын кыймыл-аракетин байкаган Ибрагим сурай кетти.
-Эмне бир нерсе байкадыңбы жогору жактагылар Хамиддин кишилери бекенби?
Калп айтканын кыраакы жетекчи баары бир билип алмак.
-Тээ аркы четки машиненин жанында турган караанды көрдүңбү, жакшылап карасаң дүрбү менен...
-Кана, оң колун өйдө көтөрүп атканбы?
-Ооба.
-Көрдүм.
-Ошол бул топтун жетекчиси Хамидмдеген афганец киши.
-Саид каякта?
-Анысы көрүнбөйт.
-Жакшылап карап тап Саидди. Хамид бул жерде болгондон кийин Саид да бул жерде сөзсүз болушу тийиш.
-Жакшылап эле карап атам көрүнбөйт.
-Жакшылап кара, көзүңдү чоң ачып, сен аны менден жашырып жатасың.
Анын мындай оройлугу Каныбекке жакка жок, сыр билгизбей төмөн жакты караганын уланта берди.
Бир кезде жогору жактагылардын экөө бөлүнүп алдыга чыкты эле, төмөн жактагы топтордон да экөөсү алдыга озунуп чыгышты. Сыягы эки топтун ортосунда сүйлөшүү болгон окшойт. Жогору жактагы экөө төмөмн карай төмөндөгү экөө жогору карай бири-бирине жакындап келе жатышты.
-Төмөн жактагыларды карачы, милиция кызматкерлери эмеспи?
Ибрагим кайра-кайра эле болбогон суроолорду бере бергенине Каныбек анча жактырбай турду.
-Милиция кызматкерлери болсо тигинтип машинелерин төмөн жакта тизип коюп жекеме-жеке сүйлөшүшпөйт болчу. Эгер алар болсо буларды бул жакка жеткирбей эле туткундамак. Булар кандайдыр бир башка куралдуу бандалар тобу.
Сүйлөшүүгө келгендей бири-бирине эки-үч кадамдай жетпей токтошту. Өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Сөз
176-бет ушул жерден үзүлдү. Калган 177-178-беттер жок. Мекенчи жигит ушул эки бетти жазып берсең,калганынан да кутулайын буюрса.

#394 23 May 2015 - 14:06
Белка кандай адам айрып салды экен ээ ошол баракты,айткандай сен колго жазып жатасынбы же башка жолун таптынбы тез жазыштын?Эгер бул китепди бутсон соннун бир романды сунуштаар элек эгер каршы болбосон...
#395 24 May 2015 - 12:06
Белка кандай адам айрып салды экен ээ ошол баракты,айткандай сен колго жазып жатасынбы же башка жолун таптынбы тез жазыштын?Эгер бул китепди бутсон соннун бир романды сунуштаар элек эгер каршы болбосон...
Колдо ушинтип тез жазалсам анда уйдогу бардык китептерими жазып илип салмакмын))), аты жашыруун калуусун суранган бир алтын кыз жазып берди бир кундо жыйырма отуз бетти жазып шаштымы алды,а романга келсек сунуш кылынызчы дагы коптоп бирдеме кылаарбыз ))).
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#397 24 May 2015 - 13:30
ал роман баарынын купулуна толо турган аябай курч окуялуу чыгарма,мен окуучулук кезимде ал китепти 3сыйра окуп чыккам,ошол учун сунуштап жатам,азырынча бул чыгарманы буто бергиле анан айтам макулбу?
#399 24 May 2015 - 21:34
Чолпон Абыке уулунун "Дарыялар жайыкта кошулушат " аттуу чыгармасы кимде бар. Соонун чыгарма, толук окуй албай арманда калгам!!
!
#400 25 May 2015 - 20:31
Белка карындаш, ошол айрылып калган барактарын озундун фантазиян менен болсо да толуктап жазып бутуруп салчы))

Супер-Инфо
super.kg
видео