Сабырдуу болунуз! окуянызды окугандан кийин тобо чач тик туруп айтаарга кенеш да таппай калат экенсин, Арак бул жакшылыкка алпарбайт, кызыныз учун жашайсыз!
!!
Азап
#22 21 Май 2015 - 17:43
raia (20 Май 2015 - 17:02) жазган:
Сабыр Женишбек балам.Атына затын жанашып,кутуусуз келген кайгы азапты женип чык.Сен жигитсин,эрктуу бол!!.Анча мынча аял киши деле башына тушкон мушкулдуу женип чыгат го.Сен мандайына келген азапты,атын очкур аракты женип чык.уулум.Мандайындагы жакшыдан калган белектеринди ойло.Суйгон жарынан калган керез, ошолорду кор кылба.Сен мурун жангыз Женишбек болсон азыр сен уч ЖЕНИШБЕКСИН.
Озунун канындан жаралган,энеден жаштайынан ажырап,сенден мээрим куткон кыздарынды ойло.Ошолорго аталык мээримине кошуп энелик да мээрим бер. Сен ошо балдарын учун жаша.Ошолордун келечегин ойло.Сабыр кылып,кайраттанып озундууколго ал.Сен жангыз эмессин.
raia эже саламатсызбы! Жогорудагы мага кайрат айткандардын баарына ыраазычылык билдирем. Сиздин "уулум, башынды Котор" деген созунуз, мени кайраттандырды. Менин ата-энем да бар кудайга шугур. Алар да менден отуп, кайгырып олтурушат. Апам байкуш ооруп-сыркап, эптеп эле басып журот. Атам козу ооруп журчу. Келинчегим каза болгондон кийин, корбой эле калды. Менин келинчегимен башка уйдо, дагы эки Келин бар. Алар кудайга шугур, кыздарымы багып жатышат. Мен келинчегимдин, мага Жан куйуп, оорумду колдон,женилимди жерден алып, жашап жургонун билчумун, тушунчумун. Ошого жараша, суйуп, сыйлачумун. Бирок мен дагы коп жакшы сапаттарын корбой журуптурмун. Олгон куну озум эрте менен узатып калганмын. Эки сааттан кийин кырсык болгонун уктук. Болницада дешкенинен барсак, больницадан эмес, моргдон таптык. Мен ушул кунго чейин анын олгонуно ишенбей жашап жатам. Туш коруп жаткандаймын. Ойгонуп эле кетсем, баары жакшы боло тургандай сезилет. Ишенесизби, мен аны дагы эле кутуп журом.
#23 22 Май 2015 - 06:19
Жаткан жери жайлуу болсун!Билип билбей кетирген куунолорун аллах кечирсин.Боору бутун жаны эсен адам жок сабыр кылыныз.Ичким келет депсиз адашасыз ичпениз.Башында ошондой болот.Менда ичким келип ичкем кайтып келбейт экен.Куран окугандан башка пайда жок!
#24 22 Май 2015 - 14:25
Жубайыныздын жаны жаннаттан орун алсын! Сизге Аллах сабыр берсин. Кыздарыныздын омуру узун, бактылуу кыздардан болуп чоноюшсун. Ар бир пенденин бешенесине жазылган мындай сыноолор. Кайраттуу болун, Жениш аке.
Бактылуумун!
Аллахка чексиз шугур!
#25 22 Май 2015 - 14:49
Сабырдын тубу сары алтын дегендей сабырдуу болун.Ичкилик эч качан жакшы нерсе алып келбейт.Аялыныздын арбагы ыраазы болсун десениз ичпениз арбак ыраазы болмойунча тируулор онолбойт дешетгоо
#26 22 Май 2015 - 22:14
Сабыр этиңиз алдыга умтулуп кыздарыңыз үчүн жашаңыз. Алардын бактын тилеңиз.
Кандай көрүнсөң ошондой бол же кандай болсоң ошондой көрүн!
#29 23 Май 2015 - 13:08
raia (20 Май 2015 - 17:02) жазган:
Сабыр Женишбек балам.Атына затын жанашып,кутуусуз келген кайгы азапты женип чык.Сен жигитсин,эрктуу бол!!.Анча мынча аял киши деле башына тушкон мушкулдуу женип чыгат го.Сен мандайына келген азапты,атын очкур аракты женип чык.уулум.Мандайындагы жакшыдан калган белектеринди ойло.Суйгон жарынан калган керез, ошолорду кор кылба.Сен мурун жангыз Женишбек болсон азыр сен уч ЖЕНИШБЕКСИН.
Озунун канындан жаралган,энеден жаштайынан ажырап,сенден мээрим куткон кыздарынды ойло.Ошолорго аталык мээримине кошуп энелик да мээрим бер. Сен ошо балдарын учун жаша.Ошолордун келечегин ойло.Сабыр кылып,кайраттанып озундууколго ал.Сен жангыз эмессин.
Рая эженин асыл создору мени кадимкидей ыйлатты.Ушу форумда сиздей апалар коп болсо экен. Бизди туура жака ундоп,алкынып бараткандардын тизгинин тарта суйлогон!
Жениш аке эрктуу,сабырдуу, намыской болунуз.!
Аялыныздын карангы гору жарык болсун,ыйманы саламат болсун,Акыретте бейиш насип эткен болсун!
(ыйлап жатып жаздым,конулум ушунчалык назик эээх эй.)
#30 23 Май 2015 - 14:53
Женишбек байке келинчегиниздин арты кайрылуу болсун,калган омурун кыздарына берсин.Сизге сабырдуулук каалайм
#31 23 Май 2015 - 18:01
эрктуу болушунуз керек болбосо баарынан айрылып калышыныз мумкун.келинчегиниздин артында эстетип турчу наристелер бар экен.олгондун артынан оло албайсын демек сиз жашашыныз керек наристелериниз учун жашашыныз керек.
#32 23 Май 2015 - 20:28
Баардык мага айтылган тилектерге ыраазымын. Ошондой эле, сиздердин жашоонуздарда,
менин тагдырыма окшогон, ачуу арман болбосун.
#33 24 Май 2015 - 01:54
Ооба,сизге сабыр тилейм.
Кыздарынызга татыктуу тарбия бериниз,алардын ишенгени сиз го.Кыздарыныз акылдуу,ыйманы бекем болуп чоноюшсун.
Кыздарынызга татыктуу тарбия бериниз,алардын ишенгени сиз го.Кыздарыныз акылдуу,ыйманы бекем болуп чоноюшсун.
#34 24 Май 2015 - 11:43
Эххх жараткан АЛЛАХ Женишбек байкеге кыздарына сабыр,ыйман,
узун омур бер,келинчегиниздин жаткан жери жайлуу болсун билип билбей кылган куноолорун кечире кор,Женишбек байке алтындан да ардактуу кыздарынызды каранызчы озунуз ата ордуна ата,апа ордуна апа болунуз ичем дебенизчи журогум жарылып эле кетейин деди,сизге элеси корунуп жатканы аны коё бербей жатасыз мандайга жазганын корот экенбизда,коп коп куран окуп турунуз сиз канчалык коп окусаныз ошончолук ыраматылык жубайыныз жаны жай алат сизге ыраазы болот,жанагы ачуу сууну ойлогон сайын жубайынызда кыйналат,сизди жакшы тушунуп турам бирок сиз жалгыз эмессиз кудайга шугур ата энениз,бир туугандарыныз,
кыздарыныз эли журтунуз турат озунузду колго алыныз байке,эххххх жакын адамын жоготкон кандай гана окунутуу.
#35 24 Май 2015 - 17:05
Эээх Жорка ака сабыр кылыныз,Медина женемдин жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун!Калган омурун чырактай болгон эки кызынызга берсин кудайым.
Сизди тушунуп турам ото оор абалдасыз.Шайтанга азгырылбан сабырдуу болун менин акам
Сизди тушунуп турам ото оор абалдасыз.Шайтанга азгырылбан сабырдуу болун менин акам


#37 24 Май 2015 - 22:21
Урматтуу окурман, мен чынында бироонун конулун оорутуп, же бироонунун акысын жеген деле Адам эмес элем. Мумкун менин да кемчиликтерим бар чыгар. Маркум келинчегимдин,
мен учун кемчилиги жокко эсе болчу. Ал баардык адамдарга тегиз караган, жонокой гана адам эле. Анын дагы жашаганга акысы бар эле. Алладан кечирим сурайм. Экообузду алмаштырып койсо, мен эч кылчактабай макул болмокмун. Бул жашоодо, атадан да эне кымбат экен. Мен андай мээрим того албай жатам. Келинчегимди моргдон коруп чыгып, "апа" деп кыйкырып жибердим. Мен 38 жашка чыктым. Мага ушул жашымда да эненин мээрими керек экен. Мен ошол куну тушундум. А менин кичинекейлерим,
энеси жок, кандай жашап жатышат, ойлонуп, ойдун тубуно жете албайм.
#38 24 Май 2015 - 22:55
Саламатсызбы Жеңишбек байке, биринчиден аялыңыздын арты кайрылуу болсун. Экинчиден сизге сабырдуулук,
кайраттулук каалайм. Жашоо улана берет, ичип кетип сиз эч кандай күйүттү жеңе албайсыз, ал убактылуу гана унуткарат чыгаттыр... Бирок сиздин эки кызыңыз бар экен, аларга керек экениңизди унутпашыңыз керек, именно азыркы учурда сиз аларга керексиз, баарын убакыт дарылайт, кыздарыңыз дарылайт, алар сизге, сиз аларга тирек болушуңуз керек. Аларды ушул убакта жалгызсырата көрбөңүз, ооба эне мээрим жок аларга да оор болот чыгар, бирок сиз сабырдуу болуп аларга дем күч берип, татыктуу чоңойтушуңуз керек.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
#39 25 Май 2015 - 02:29
Эхх
, Сизге сабыр тилеймин, кантсе да жашоо улана берет озунузду чоктурбонуз,
Алланын буйругунан эч бир жан качып кутула албайт экенбиз. Ошондуктан коп кайгыруунуз да Аллага нараазы болгондой болуп каласыз. Албетте ошончо жыл бирге жашаган, омурлук жолдошум деп эсептеген жанды бирден жоготуу сизге оор. Эки кызыныз бар экен ошого кубанын, ошолор учун сиз жашашыныз керек. Аялыныздын арты кайрылуу болсун, сизге конул айтам, терен кайгыруу менен.

#40 26 Май 2015 - 19:42
jenishbek.77 (24 Май 2015 - 22:05) жазган:
anara86, сен Болоттун карындашы Анарасынбы?
Рахмат сага.
Саламатсызбы! сизге суперчилердин кенеши,жардам бердиби,(жардам берди деген умуттомун).. .
.Жоок мен Рустамдын карындашымын.
Рустам экообуз жазгандарынызды окуп алып ыйладык((кайсы кылган куноосуно кудайым,жазалады болду экен деп((((
Балким, бул дуйнодо берилген аллахымдын сыноосудур.
Сизге сабыр,сабыр, сабыр сабырдан башка эчнерсе дей албайбыз акам.
Сиз кучтуусуз кайраттусуз ошол куч кайраттарынызды аччыкка алдырбан,Кудайым кыйынчылыкты жакшы коргон адамына берет экен,сизда аллахымдын суйгон пендесисиз,.