Senuchunzhashaim (17 Май 2015 - 01:05) жазган:
Ассаламу алейкум! Негизи мираж кечесинде дубалар, намаздар окулат. Бул кадырлуу кечеде окулуусу зарыл болгон белгилуу бир дуба жок, Адамдар кайсы дубаны окуса иншааллах кабыл болот. Ушул кечеде Аллахты улуктоочу тасбихтерди окуу жакшыраак. "Субхааналлохи валхамду лиллахи ва лаа илааха илааллоху валлоху акбар ва ла хавла валаа куввата илла биллаахил Алийил Азийм" ,"Лаа илааха илла анта субханака инни кунту миназзоолимин" . Мираж кечесинде куптан намазынан кийин, эки рекеттен 12рекетке чейин намаз окулат. Бул намаздын ар бир рекетинде Фатиха суросунон кийин 10жолу Ихлас суросу окулат. Намаз буткондон сон 4жолу Фатиха суросу окулат, жана 100 жолу ушул тасбих окулат. "Субханаллохи валхамду лиллаахи ва лаа илаха иллаллоху валлоху акбар ва лаа хавла ва лаа куввата илла биллахил Алиййил Азиим" ушул тасбихтен кийин 100жолу Истигфар, 100жолу салават окуп Аллахтан кандай тилек кааласа сураса болот.