Суперстан: Уйку илдети... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Неврология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уйку илдети... табышмактуу ооруу, ооруубу? же ооруу эмесби?

#121 Пользователь офлайн   Aziz_9292_kg   24 Май 2015 - 10:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 119
  • Катталган: 27 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Авг 2018 00:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунбойт экен...

Канча план койсомда ишке ашпайт менда уйкучу б.п калдым. Кеч эрте уктасам эртеси обетке чейин уктай берем эч ким ойготпосо негедир обеттен кийинда алсыз б.п уйку баса берет кээде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   eldar96   24 Май 2015 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

буга эрк керек

кее бир адамдар тунку 2 де жатса дагы саат 6 да кадимкидей туруп кетет организмди ошого кондуруп койгон... ал эми кее бир адамдар тундо 21-00 до жатса дагы эртен менен 9 да турушу кыйын.... буга эрк керек озунду ошого даярдашын керек

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   eldar96   24 Май 2015 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Сегиз сааттык уйку тууралуу жомок

Адам баласы күн сайын сегиз саат уктаганга умтулушу керек деген сөздөр айтылып келет. Балким бул нерсе адамды күтүүсүз өлүмгө дуушар кылып жүрбөсүн?


Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көп же кыска мөөнөттүү уйку адамды ар кандай ооруга, керек болсо өлүмгө алып келиши ыктымал. Бирок денсоолуктун чың болушуна көйгөй жаратып жатса эс алуу күндөрү көп уктагандан сөзсүз баш тарыш керекпи? Организм толук эс алышы үчүн канча саатык уйку жетиштүү? Адамдардын көпчүлүгү сегиз саат дешет. Бирок жакында медициналык изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир күндө сегиз сааттык уйку абдан эле көп, андыктан ден-соолукка зыяны тиет. Би-Би-Синин “Азбы же көппү” программасынын журналисттери сегиз саттык уйку пайдалуу экени тууралуу кептер чындап эле жомокпу деген суроону изилдеп көрүшкөн.

Сегиз сааттык уйку ашыкчабы?

Грэг Джейбкобс аттуу дарыгер Массачусета университетинин медицина факультетиндеги уйкунун бузулушу боюнча борбордо иштейт. Ал: «Баш аягы болуп 34 изилдөө болду. Дарыгерлер эки миллиондон ашык адамдын денсоолугунун абалын көзөмөлгө алышкан. Көрсө, уйку менен жашоо узактыгынын ортосундагы байланыш «U» тамгасы сыяктуу элести берет”, – деп түшүндүрүүдө. «Өлүмдүн эң аз божомолу «U» тамгасынын эң ылдый тарабын көрсөтөт жана бул чекит күн сайын жети сааттык уйкуга туура келет. Мындан көп же аз уктоо, ошончолук эрте өлүмгө алып келет. Айта кетчү нерсе, уйку нормасынан аз уктагандарга караганда нормадан көп уктагандарда коркунуч көбүрөөк болот”. Джейкобс дарыгердин айтымында, бир күндүк уйку нормасы жети саат. Эгер мындан аз уктасаңыз, аз жашайсыз. Ал эми нормадан көп уктасаңыз, дүйнө менен андан да эрте коштошосуз. Биз канча саат уктаганыбызды так эсептөө кыйын: а эгер транспортто уктап кетсекчи?

Такталбаган илим

Деген менен Британиядагы Уорикс университетиндеги жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча профессору, уйку маселелери боюнча адис Франко Капуччио кабатырланууга негиз жок экенин айтат. Анын көз-карашы боюнча, орточо алты жана сегиз саттык уйкунун баары нормага кирет. «Биз уйкуну изилдөөдө адамадардын өзүнүн божомолуна көңүл бурабыз. Алардын көпчүлүгү болсо канча саат уктаганынын минутасына чейин так айта албайт» Элдин пикирин сурамжылоо аркылуу илимий анализ чыгарууга болбойт. Бирок белгилүү болгондой, уктоо убактыбызды адатта көбүртүп айтабыз. «Эгер сиз Британиялыктардын төрттөн үчү сыяктуу эле алты сааттан сегиз саатка чейин уктасаңыз, кабартырланууга негиз жок», – деп профессор Капуччио ишендирүүдө.

Нормадан көп же аз уктоо эмнеге кооптуу?

Нормадан көп же аз уктаган ар бир адамда кан басымдын көтөрүлүшү, диабет жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал. «Сегиз сааттан көп же, алты сааттан аз уктаган адамда жогорку даражадагы оорулардын пайда болуу коркунучу кескин жогорулайт. Бул өз кезегинде эрте өлүмгө кабылтат», – дейт Франко Капуччио. Бирок бул коркунуч канчалык чын? Илимпоздор аныктагандай, 6-8 саат уктаган адамдарга караганда, тубаса уйкусуз адамдарда өлүм коркунучу 12 га жогору болот. Ал эми 6-8 саат уктагандарга караганда көп уктаган адамдардын арасында өлүм коркунучу 30га көбүрөөк болгон.

«Жети» деген алтын сан

Жыйынтыктап айтканда биз канча саат укташыбыз керек? Көпчүлүк адамдардын өздөрүн кандай сезээрине карабастан, идеалдуу санды так айтууга болот деп эсептейт Грэг Джейкобс. «АКШнын уйку боюнча улттук ишканасы ар бир жаз мезгилинде миңдеген адамдардан сурамжылоо жүргүзөт. Анда белгилүү болгондой, орто эсеп менен бул адамдар бир күндө жети саат укташат». Дарыгер Джейкобстун божомолунда, жети саатык уйку мээнин жакшы эс алышы үчүн белгиленген табигый сан. Жети саат уктаган адамдардын көпчүлүгү өздөрүн сергек сезгенин айтса, беш пайызы гана уйкусу канбаганын, чарчаңкы экенин билдиришкен. Деген менен эгерде сиз жуурканга жамынып алып, көп уктаганды жакшы көрсөңүз, андан ырахат алсаңыз, сиз мыктысыз. Уйку сизди эрте өлүмгө алып келет деген маалымат азырынча так эмес.

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 24 Май 2015 - 10:46


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   eldar96   24 Май 2015 - 10:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Көздүн чарчоосун жазуунубилесизби?



Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын , уюлдук телефондордун , компьютерлердин , жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө . Буларадамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез элекызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагыныпалуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот. Бирок, кызаруунун, чарчоонун камкөрүүгө муктаж жагдайлар экендигин биринчи эске алган дурус. Компресстер Укроп.1 чай кашык укропту жарым стакан кайнак сууга 10 мүнөт демдейсиз. Аны марлиденсүзүп жиберип, эки идишке бөлүп куюп кечке чейин тыныктыруу керек. Уктааралдында бирин муздак абалында калтырып, экинчисин ысытып аласыз. Анан марляныбир ысыгына, бир муздагына малып алып алмак-салмак 10 мүнөт тынымсыз көзүңүздүнсурмасына баса бересиз. Муну жумасына 3 жолу жасоого болот. Ит мурун. Итмурундун 2 даана жаңы бышкан мөмөсүн бир стакан кайнак сууга демдеп, жай отто 5мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң аны марлядан сүзүп салып, жарым саат тыныктыруукажет. Анан өтө чоң эмес тоголок формадагы кебездерди ага нымдап, эки көзүңүзгө15- 20 мүнөт басып жатасыз. Пакеттеги чай. Бир жолу колдонулуучу пакеттеги чайдыколдонгондон кийин жылуу же муздак абалында көздөрүңүзгө басып жатсаңыз болот.Бул үчүн кадимки кара жана эч кандай даамдар кошулбаган чайды пайдалануу зарыл.Картошка. Көздүн чарчоосун жазууга картошка дагы жакшы жардам берет. Ал үчүналгач 2 даана чийки картошканы алып, кабыктарын аарчып кыргычтын майда тишиненөткөрүп аласыз. Анан массаны марляга ороп алып эки көзүңүзгө 20 мүнөт басыпжатууңуз керек. Бадыраң. Бадыраң компрессин жасоо үчүн жаңы бышкан бадыраңдынэки тоголок кесими жетиштүү болот. Аларды эки көзүңүзгө 15 мүнөт коюп чалкалапжатасыз. Сүт. Муну көз шишип, айланасын кара тартып калганда жасаган жакшы.Биринчи тоголок формадагы эки кебезди жылуу сүткө нымдап аласыз. Алардыкөзүңүзгө басып 15 мүнөт жатасыз. Эртең менен жана кечинде натыйжалуу болот.Ромашка. Бир аш кашык ромашканы 250 мл кайнак сууга жарым саат демдейсиз.Марлядан сүзүп жиберген соң ага тоголок формадагы кебездерди нымдап, 10 мүнөткөзүңүзгө коюп жатасыз. Компрессти күнүнө эки жолу жасаса болот. Ал чарчоонутез жазат, кызарууну кетирет жана көздүн титирешин басат. Кайың. Кайыңдын жашылжалбырактарын блендерде майдалап, үстүнө бир стакан муздак суу куюп 10 сааттыныктырасыз. Ага кебездерди нымдап, аларды көздөрүңүзгө басып 15 мүнөтжатасыз. Бул чарчоону жазуу менен катар шишикти кетирет жана көздөрдүбалбылдатып көрсөтөт. Петрушка. Эки кабат болгон марлянын эки кесиндисининичине майда болуп тууралган петрушкаларды салып оройсуз. Аларды кайнак сууга 30секундга салган соң бир аз муздатып 10 мүнөткө сурмаларыңызга басып жатууңуззарыл. Көздүн чарчоосуна жол бербөөчү жашоо образы: • Организмге толуккандуу эс алуу берүү же суткасына 7-8 саат уктоо;

• Пайдалуу тамактануу же курамында С витамини бай азыктарды кабыл алуу ; •

Компьютер жана телевизор алдында аз отуруу ; •

Күңүрт жерде китеп , гезит - журнал окубоо ; •

Уйку алдында бетти жуу же косметикакаражаттарынан тазалоо; •

Нерв болуудан жана ыйлоодон качуу.






*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   eldar96   24 Май 2015 - 10:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Уйку


Никифор Крылов. Уктап аткан бала
Уйку — организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы; ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнүн таасирине реакциянын төмөндөшү менен мүнөздөлөт.

Уйкунун таасири [оңдоо | edit source]
Мында организмдин ишке жөндөмү, айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жүрөктүн иштеши, дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу. Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».



Уйку келүүнүн себеби жана дүүлүктүргүчтөр [оңдоо | edit source]
Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилүү заттардын сарпталышына карата өзгөрүүлөр болуп турат. Уйкудан кийин нерв клеткалары өз калыбына келет. Уйку үргүлөөдөн башталып, акырындап тереңдейт. Тормоздолуу абдан тереңдеп, мээ кыртышынын астындагы бөлүктөргө тараганда уйку катуу болот. Киши белгилүү убакта, белгилүү шартта уктаганда уйку тез келет. Мындай учурда тигил же бул шарт уйкуну козгойт, ошондуктан көп учурда көнүп калган шарт бузулса киши уктай албай кыйналат. Үргүлөөгө дайыма бир өңчөй дүүлүктүргүч себеп болот, себеби мындай дүүлүктүргүчтөр улам-улам кайталанып, мээ кыртышынын клеткаларынын көпчүлүгүндө тормоздолуу процесси жүрөт (мисалы, жаандын, китеп окуунун уйку келтирүү таасири). Аны менен бирге күчтүү дүүлүктүргүч уйку келтирүүгө тоскоол болот. Ошондуктан уктардан мурда жарыкты, радиону өчүрүп, жакшылап жамынып, ыңгайлуу абалда жатуу керек.


Ыңгайлуу уйку[ оңдоо | edit source]
Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкүн. Төшөктү таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, матрац, жаздыктарды көбүрөөк желдетип, күнгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнүп жатууга болбойт, ал дем алууну кыйындатат. Уктоочу бөлмөдөгү аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктарда бөлмөнү желдетип же форточканы ачып коюу сунуш кылынат. Уктаардын алдында 10— 15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу, ал нерв системасын сеп алдырат. Уйкунун алдындаваннага түшүү же бутту ваннага (ысык эмес) салуу да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында майлуу эмес, эти азыраак тамак жеп, кофе же чайды көп ичпей жатуу талапка ылайык. Уктарда тамеки тартпоо керек.


Жакшы уйкунун натыйжасы
Жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдүүлүгү менен ден соолугун бир калыпта кармоодо абдан маанилүү. Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Кээ бир кишилердин уйкусу тиешелүү убакыт созулса да, уйкусу канбай калат. Мындай терең эмес, тынчсыз уйку акыл эмгеги менен көп иштегенде же абдан кызыктуу китеп окуганда болот. Терең уйкуда түш көрбөйт. Мындай уйку нерв клеткаларын абдан жакшы калыбына келтирет. Бирок жакшы, терең уйкуда мээ кыртышынын клеткаларынын бардыгы эле бир өңчөй тормоздолбойт. Уйку канчалык катуу болсо да, уктаган киши кээ бир дүүлүктүргүчтөргө сезгич келет. Мисалы, эне чарчап катуу уктаганда кыйкырыкты, түрткөндү сезбейт, ал эми баласы акырын эле ыйласа ойгонот. Киши дайыма жетишсиз уктаганда ишке жөндөмдүүлүгү, нерв системаларынын абалы начарлайт. Көп учурда уйкунун бузулушу (уйку басуу же уйку качуу) оорунун белгиси болушу мүмкүн. Ал учурда врачка кайрылуу зарыл.


Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 24 Май 2015 - 10:54


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   eldar96   24 Май 2015 - 10:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН


Уйку качуу
[оңдоо | edit source] Уйку качуу — түнкү уйкунун ар түрдүү бузулуулары (көпкө уктай албоо, аз уктоо, эрте ойгонуу же түнкүсүн бир нече ирет ойгонуу, же такыр уктай албоо).



Себептери [оңдоо | edit source]
Мындай уйку үстүртөдөн болуп, уйку канбайт. Уйку качуунун себептери түрдүүчө болот. Ал айрым жүрөк-кан тамыр, дем алуу жолдорунун жана психикалык ооруларда, невроздо, мээнин травмасында жана башкалар пайда болот. Кээде дени соо киши да өтө чарчаганда, толкунданганда, өз убагында жатпаганда (түнкү иш, кечки окуу), түнөй турган жер өзгөргөндө, кандайдыр бир оорунун башталышында уйку бузулат. Улгайган жана кары кишилерде физиологиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу уйку үстүртөн жана кыска болот. Уйку качуу түрдүү себептерге байланыштуу болгондуктан, аны калыбына келтирүү жолдору да ар башка. Дени соо кишилердин уйкусу калыбына келет. Ал үчүн дайыма бир убакта жатуу, бөлмөнү жакшылап желдетүү, жатар алдында сейилдөө, бал менен сүт же кант салынган жылуу суу же мышык тамыр, долононун жалбырагын кайнатып ичүү сунуш кылынат. Уктар алдында 8—10 мин. жылуу ванна алуу да уйкуну жакшыртат. Эгерде андан да уйку калыбына келбесе врачка кайрылуу керек. Врач Уйку качуунун себеби болгон негизги ооруну таап дарылайт. Уйку келтирүүчү дарыны врачтын көрсөтүүсү менен гана пайдалануу керек. Өз алдынча дары каражаттарын колдонуу түрдүү кабылдоого ага көнүп кетүүгө алып келет.


Алдын алуу[ оңдоо | edit source]
Уйку качуунун алдын алуу үчүн ага себепкер ооруларды алдын ала дарылоо керек. Жатарда ашкере тамак жегенге, ачуу демделген чай, кофе ичүүгө, тамеки тартууга, көпкө китеп окууга болбойт (Уйку).



*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   eldar96   24 Май 2015 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН


Уйку каныш үчүн эмне кылыш керек?
Ыйык Китепте: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык»,— делет (Насаатчы 4:6). Уйкуну кандырбасаң, организмиң жакшы иштебей калат.

  • «Жетиштүү уктабай калсам, баш-аягымды жыя албай, бир нерсеге көңүл топтой албай калам» (Рейчел, 19 жашта).

  • «Түштөн кийин экилер чамасында ушунчалык чарчагандыктан, бирөө менен сүйлөшүп жатып эле уктап кете жаздайм» (Кристина, 19 жашта).

Сенин да уйкуң канбай жүрөбү? Уйкусун кандырыш үчүн айрым жаштардын кандай иш-аракет кылганына көңүл бур.

Эртерээк жат. «Мен өтө кеч жатпаганга аракет кылам»,— дейт 18 жаштагы Кэтрин.

Көпкө сүйлөшпө. «Кээде досторум түн жарымда телефон чалып же SМS жазып калышат,— дейт 21 жаштагы Ричэрд,— бирок мен алар менен көпкө сүйлөшпөй, эртерээк жатканга үйрөндүм».

Туруктуу бол. «Акыркы күндөрү мен күн сайын бир убакта жатып, бир убакта турганга аракет кылып жатам»,— дейт 20дагы Женифер.

Ийгиликтин ачкычы. Күнүгө, бери дегенде, 8 саат уктаганга аракет кыл.

Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, уйкуну кандырыш үчүн көп деле нерсенин кереги жок. Эгер ден соолугуңа жакшы кам көрсөң, келбетиң да жакшырат, шайдоот да жүрөсүң, көп иш да бүтүрө аласың.

Жашоодогу кээ бир нерселерден айырмаланып, ден соолугуңдун чың болушу өз колуңда. «Кыскасын айтканда,— дейт 19 жаштагы Эрин,— ден соолугуңдун кандай болору өзүңдөн көз каранды».



*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Seid_Virus   24 Май 2015 - 11:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 324
  • Катталган: 24 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Сен 2015 00:45
  • Жынысы:Эркек

Уйкуга ким эле тойсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   admin_superstan   24 Май 2015 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"уйкучу болуп жатам" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Mediziner   29 Июль 2015 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Жумушта түштөнүүдөн кийин уйкучулдуктан кантип арылууга болот?
Жумуш учурунда түштөнүүдөн келген соң көпчүлүгүбүздү уйку басат эмеспи. Айрымдардын мүмкүнчүлүгү болсо куш уйку сала калышат, ал эми мындай шарты жоктор бир топко чейин кыйналат. Бирок, адистердин айтымдарында түштөнүүдөн кийин курсакты кампайтып келип уктаган организмге абдан зыян. Ошондуктан уйкучулдук сапаттан тезирээк арылган жакшы. Сүрөт

Жеңил көнүгүүлөрдү жасаңыз

Түштөнүүдөн келгенден кийин кеңседе ары- бери басыңыз. Бир азга жагымдуу музыка коюп бийлеп коюңуз. Муну менен сиз организмди чындап, тамак- сиңирүүнү жакшыртып, уйкучулдуктан арыла аласыз.

Сүрөт

Монитордон эс алыңыз

Айрыкча компьютердин маңдайында көп отуруп иштегендер түштөнүүдөн кийин таза- абада сейилдеп келгени жакшы. Мындай шартта көзүңүзгө да пайдасы тийет.

Сүрөт

Чай ичиңиз

Сиздин иш учурунда сергек болушуңузга имбир чайы жардамга келет. Имбир кошулган чай ичсеңиз, сергектикти дароо байкайсыз.

Сүрөт

Суу ичиңиз

Адистердин айтымдарында тамактануудан кийин газдалбаган муздагыраак суу ичип коюу организмиңизди дароо сергитет. Уйкучулдук тез тарайт.

Сүрөт

Жарык түс издеңиз

Эгер кеңсенин ичи күңүрт болсо бул уйкучулдукка тартат. Ошондуктан пардаларды ачып, бөлмөнү жарык кылууга шашылыңыз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Неврология
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 16:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: