2013-
жылдын 15-апрелде Бостон шаарына өтүп жаткан марафондо эки жардыруу жүз берген. Биринчиси көрүүчүлөр аймагында жарылып, андан 13 секунддан кийин 170 метр алыстыкта экинчи жарылуу болгон. Бул тероррдук жардыруу учурунда 3 адам каза болуп, 300дөй адам жаракат алган. Ал эми 18-апрелде ФБР жардырууда тартылган 2 шектүү адамдын сүрөтүн жарыя кылган. Алар Джохар жана Тамерлан Царнаевдер эле.Алар кимдер?
Этникалык чечен Джохар Царнаев 1993-жылы 22-июлда Кыргызстандагы Токмок шаарында төрөлгөн, улуу агасы Тамерлан 1986-жылы Калмыкиянын борбору Элистада жарыкка келген. Атасы Анзор Царнаев - этникалык чечен, үй-булөсү Чечен-Ингуштук АССРден Токмокко куугунтукталган. Энеси - Зубейдат Царнаева - этникалык авар, Дагестандын тургуну. 1990-жылдын аягында Царнаевдер баары үй-бүлөсү менен Кыргызстандан Зубейдаттын ата мекени Махачкалага көчүп кетишкен. 2000-жылдын башында Царнаевдер АКШдан качкындык статусун сурашкан. Беш айдан кийин АКШ бийлиги Царнаевдерге качкындар катары иммиграцмяга уруксат беришкен. Ошол жылы, Тамерланда Россия Федерациясынын паспорту болгон. Белгилүү болгондой, Джохар грин-карта алуу учурунда Кыргызстандын жараны болуп эсептелген. Джохар Американын Массачусетс штатында окуп жүргөн учурунда адамдар менен тез тил табышып, воллейбол жана күрөш менен машыккан мыкты окуучу болгон.Спорттогу жетишкендиктери үчүн 2500 $ өлчөмүндө стипендия алып турган. Анын натыйжасында Кембирдж шаарындагы Дартмут колледжинин студенты болгон. Колледжде окуунун акысы 22 000 доллар болгон. Тааныштарынын айтымында Джохардын спорттук стипендиясы $2500 болуп, ал кошумча марихуана сатып алектенген. Царнаевдин жатаканасындагы кошуналары ал тууралуу жакшы пикирлерин гана билдиришкен, “кээде марихуана татып койчу, хип-хопту сүйгөн жана саясат тууралу сөздөрдөн качат эле”,- деп айтышат.
2012-жылы күзүндө Джохар Американын жарандыгын алган. Ал мезгилде агасы Тамерлан Америкалык Кетрин Раселге үйлөнгөн болчу. Белгилей кетчү жагдай, Джохардын ата-энеси Америкага баргандан кийин 2011-жылы ажырашышкан. Анын себеби, күйөөсүнүн радикалдуу исламды жайылтууга аракет кылганы болгон. Ошол учурда ФБР бир канча жолу Тамерланды суракка алышкан. Андан кийин Джохардын энеси мурдагы күйөөсү менен Махачкалага кетип калган.
Ал эми Тамерлан ошол учурда Орусияга барып, атасы экөө туугандарына жолукканы Чеченяга барган. Ошондон кийин ага-инилер радикалдуу исламдын агымы менен алектенишип, Бостондогу мечиттерде имамдардын пикирлерине каршы оюн ачык эле айтып жүрүшкөн. Ошондон улам, 2013-жылы Бостондогу жардырууда эки бир тууганды күнөөлөп сүрөттөрүн жарыя кылган.
Аталган кымыштуулукка күнөөлөнгөн ага-ини Бостон шаарында 19-апрелде аларды кармалган. Кармоо учурунда Тамерлан полиция кызматкерлери менен болгон келишпестиктин айынан оор жарат алып, Бостон шаарындагы ооруканага түшкөн. Ооруканада апасы Зенайдет менен телефон аркылуу сүйлөшүп жакшы көрөөрүн айтып, көз жумган жана 10-майда мусулмандардын салт-санаасы менен Американын Вергиния штатында жерге берилген.
Полиция Тамерландын өлүмүн мурда башына алган трамвасынан жана ок атуудан өлдү деп сыпатташкан.
Анын бир тууганы Джохарды да ушул жылдын 15-май күнү Америка бийлиги дары куюу жолу менен өлүм жазасына буйруду. Мындай чечимди Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн социалдык баракчасына “Тамерлан Царнаевдин кызыктай кырдаалда өлтүрүлүүсүнөн кийин ДЖохар Царнаевге ондогон берене боюнча шашылыш айып тагылды. деп жазды. Ошондой эле Джохар Царнаевди АКШ атайын кызматтарынын курмандыгы деп атады.

Супер-Инфо
super.kg
видео











































