Автору:Элизабет Хейнс.
Сен кайсы жерде жашынсаң да.
Сүйүү коркунучтуу,
кээде өлгүдөй коркунучтуу.
Кэти Бейли,сулуу жаш англичанка,
бул тууралу жөн гана укпаган жана криминалдык хроникадан эле билип алган эмес.Бир күнү Кэтинин жолунда анын кыялындагы эркек жолугат.Табышмактуу,
кайраттуу жана сулуу,суперменге аз гана тең келе албаган ал эркек тырышып жатып кызга жетет.Ошол супермендин бет кабынын артында кандай гана таш боор желмогуз жашынып жатканын жана өзүнүн өлүм жектектеген оюнуна тандаган курмандыктарынын биринчиси эмес экенин Кэти каяктан билмек.
Автордун заматта эле дүйнолүк детективдердин авторлорунун катарына көтөрүп чыккан дебюттук китеби.
П.С.
Биринчи жолу орусча китеп которуп жатышым.Бул китепти окугандар болгон болсо,же окуп келип,менин которгонумдан ката табып калсаңар өтө катуу айыптамай жок)).Себеби кээ бир сүйлөмдөрдү түз мааниде которсоң мааниси таптакыр өзгөрүлүп кетет экен.Кээ бир создөрдүн кыргызчасын таптакыр таппай,же маанисин өзгөртүп албоо үчүн атайы которбой тырнакчага алып ошол эле бойдон жазылган создөр да кезигет.Бул триллер,детектив мага абдан жагып калганынан которууну чечтим.Адамдын ички дүйнөсүн билбей туруп сырткы келбетин сүйүп калган кыздар үчүн десем туура болоор.
Анан да дагы айтып кетчү нерсе өзүм да окуп бүтө элекмин,которгончо гана окумакчы болдум...
Күнүнө бир гана саат ушул китеп үчүн убакыт бөлүп жүрүп араңдан 20%ти эми которулду.Өзү баштаганыма бир айдан ашып калды.Улам-улам көбөйгөн сайын бул жакка илип турам.А эгер жагып калып орусчасын эле окугуңар келип кетсе интернеттен таап алсаңар болот.Бирок ал жакта толук эмес.Сатып алыш керек.Анда эмесе кеттик...
- (2 )
-
- 1
- 2
Сен кайсы жерде жашынсаң да. Элизабет Хейнз
#1 25 May 2015 - 17:35
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#2 25 May 2015 - 17:36
Ланкастер шаарынын башкы сот залы.Ли Брайтмандын иши тууралуу угуу жүрүп жатат.
2005-жыл, 11-май,шаршемби, эрте мененки отурум.Төрагалыкты аркалаган:мистер Нолан,кадырлуу судья.
Мистер Маклин,коргоочу: Өтүнөм,атыңызды жана фамилияңызды айтсаңыз.
Ли Брайтман: Ли Энтони Брайтман.
Мистер Маклин: Рахмат,мистер Брайтман.Сотко жооп бериңиз,мисс Бейли менен интимдик катнашта болдуңуз беле?
Ли Брайтман: Болгонмун.
Мистер Маклин: Көп жолубу?
Ли Брайтман: Мен Кэтрин менен 2003-жылдын октябрь айынын акыркы күндөрүндө таанышкам.Биз өткөн жылдын июнь айынын ортолоруна чейин жолугушуп жүрдүк.
Мистер Маклин: Кантип таанышкансыздар?
Ли Брайтман: Жумушта.Мен операция өткөзүп жаткан элем.Аны да ошол жактан көрдүм...
Мистер Маклин:Анан мамилеңиздер уланып кеттиби?
Ли Брайтман: Оба.
Мистер Маклин:Ал мамилеңиздер өткөн жылдын июнь айында аяктады деп айттыңыз.Бул чечимге эки жак тең ыраазы болду беле?
Ли Брайтман:Эми, ошол убактары жаңжалдар башталган эле.Кэтрин мени жумушка өтө катуу кызганып баштады...анан негедир менин башка бирөөм бар деп да ойлой баштаган болчу.
Мистер Маклин:А сизде чындап эле башка адамыңыз бар беле?
Ли Брайтман:Эч кимим жок болчу,урматтуу сот.Көрүп турганыңыздардай, кызматымдын айынан мен үйгө кээ күндөрү келбей калганга мажбурмун,керек болсо жумалап да келбей калчумун.Менин жумушум ушундай,ишим тууралуу эч кимге,керек болсо сүйлөшкөн кызыма да,кай жерде жүргөнүмдү, эмне жумуш кылганымды да айтып турууга таптакыр укугум жок...
Мистер Маклин:Сиздин айтайын дегениңиз,мындайча айтканда ошол бат-баттан болуп турчу командировкаларыңыз мисс Бейли менен болгон жаңжалдын себепчиси болдубу?
Ли Брайтман: Оба.Ал менин уюлдук телефонумду текшерип,сүйүү каттарды издеп,менин кай жерде болгонумду, ким менен көрүшкөнүмдү тактап,сурай берди.Ал эми менин бир гана каалаганым, жок дегенде ушу үйдө жумушумду унутуп,кенен- кесир дем алып,эс алгым келчү.Жалпылап айтканда,эч кандай нормалдуу дем алуума мүмкүнчүлүк бербей жатты.
Мистер Маклин:Анан сиз ал менен ажырашууну чечтиңиз?
Ли Брайтман: Жок! Биз кээде жаңжалдашчубуз, бирок мен аны сүйчүмүн! Кэтрин өтө эле эмоционалдуу болгону үчүн анын проблемасы бар экенин билгем.Ошон үчүн,Кэтрин мага асыла баштаганда мен өзүмө-өзүм анын ушундай экендигине анын эч кандай күнөөсү жок экенин айтчумун.
Мистер Маклин: "Өтө эмоционалдуу" деп эмнени айткыңыз келип жатат?
Ли Брайтман: Эми кандай десем,ал мага өзүнүн түшүнүксүз коркуу приступтары бар экендигин айткан болчу.Ал айткандай биздин бирге жүргөнүбүз узарган сайын анын ушундай ашыкча тынчтана бермей адатын байкай баштадым.Мисалы, ал курбулары менен барга барып болушунча иччү,же үйдө ичип алчу да мен жумуштан келгенде мени жемелей баштачу.
Мистер Маклин:Келиңиз, анын эмоционалдуу проблемаларына токтололу.Дагы бир канча суроолор бар.Айтыңызчы, мисс Бейли стресс убагында өзүнө-өзү кол сала алаарын байкабадыңыз беле?
Ли Брайтман: Байкаган эмесмин.Бирок анын достору айтып калчу Кэтринде кээде өзүн-өзү кыйноо каалоосу пайда болуп калаарын.
Мистер Льюис,айыптоочу: Каршымын,урматтуу сот.Күбөгө берилчү суроо мисс Бейли жөнүндө анын достору эмне деп айтканы тууралуу эмес.
Мистер Нолан:Мистер Брайтман,сизден берилген суроого так жооп берүүңуздү өтүнөм.Рахмат.
Мистер Маклин:Мистер Брайтман,сиз, мисс Бейли сизге "асылчу" деп айттыңыз.Түшүндүрүңүзчү, сураныч,конкреттүү түрдө эмнени айткыңыз келди?
Ли Брайтман:Эми, ал мага бакырчу,түрткүлөй берчү,бетиме урчу,буту менен тепчү.Анан ж.б.у.с.
Мистер Маклин:Мындайча айтканда ал сизге зордук менен болгон аракетин көргөзгөн?
Ли Брайтман:Ии оба,балким,бул ушундай аталаттыр.
Мистер Маклин: Бул нерсе бат-баттан болуп тураар беле?
Ли Брайтман:Билбейм, айта албайм.Мен эсептен адашып кеткем.
Мистер Маклин:Анан эмне кылдыңыз,сизге мисс Бейли "асылганда" ?
Ли Брайтман:Баарын токтотууга тырышчумун. Конфликтер менин жумушумда да жетишээрлик, мен үйдө да конфликт болуусун таптакыр каалабайт болчумун.
Мистер Маклин:А сиз өзүңүз мисс Бейлиге карата качандыр зордук кыймылын колдондуңуз беле?
Ли Брайтман:Бир гана акыркы күнү.Ал мени үйгө кулпулап туруп ключту бекитип салды.Ушинтип мага жини келди.А менде ошол күнү өтө татаал тапшырмам бар эле,катуу шашылып жатканмын,анан ачуум келип кетти.Уруп ийдим аны.Жашоомдо биринчи жолу аял кишини ошондо урдум.
Мистер Маклин: "Акыркы күнү"-тактаңызчы, сураныч,качан?
Ли Брайтман: Июнда.Чамымда, он үчүнчү числодо.
Мистер Маклин: Эмне болду эле ошол күнү?
Ли Брайтман:Алдыңкы күнү мен Кэтриндин үйүндө түнөдүм.Дем алыш күнү дежур болгонум үчүн эртеси Кэтрин уктап жатканда эле кетип калгам.Кеч келдим,ал үйдө экен,кызуу болчу.Мага,кайсы бир канчыктын үйүндө жүрөсүң деп,кыйкырып баштады.Бул анын кадимки эле ырдалчу ыры.Эки сааттан кийин менин чыдамым түгөндү.Мен кетип калыш үчүн артка бурулдум,бирок ал кире бериштеги эшикти кулпулап салды.Айкырды, урушту,таптакыр акылдан ажырап калды.Мени тегеренип секирип жатты,бетимди аймап салды...Өтүп кетүүгө аны артка түркөнгө аргасыз болдум.Бирок ал кайра келип ачуу чаңырып мага жабышып алды.Ушул жерде аны уруп ийдим....
Мистер Маклин:А кантип урдуңуз,мистер Брайтман? Шапалак мененби же муштум мененби?
Ли Брайтман: Муштум менен.
Мистер Маклин:Түшүнүктүү. Андан ары эмне болду?
Ли Брайтман: Бул аны акылга сала албады,ал дагы бийик айкыра баштады,жана асыла баштады.Мен дагы урдум,балким дагы катуураак.Ал чалкасынан жыгылып түштү.Мен аны кароого жакындап басып келдим,катуу жыгылбадыбы деп тургузуп коюуга жардам бергим келди.Балким мен анын колун байкабастан басып алсам керек,ал дагы ачуу кыйкырды да бир нерсени ыргыта мени уруп калды.Ал нерсе кире бериштеги эшиктин ключу экен эле.
Мистер Маклин:Андан ары эмне кылдыңыз?
Ли Брайтман: Ключту жерден алып,эшикти ачтым да кетип калдым.
Мистер Маклин: Саат канчада?
Ли Брайтман: Сегизден өтүп калганда.
Мистер Маклин: Сиз кетип жатканыңызда мисс Бейли кандай акыбалда калган болчу?
Ли Брайтман: Ал полдо олтурган бойдон кыйкырыгын улантып жаткан.
Мистер Маклин:Андан кан кетип,травма алды беле?
Ли Брайтман: Оба,менимче кан агып жатты.
Мистер Маклин:Тактап айтыңызчы,мистер Брайтман?
Ли Брайтман: Билбейм кайдан пайда болду,анын жүзүндө кан бар болчу.Аз гана кан...
Мистер Маклин:А сизде жаракат алуу болдубу?
Ли Брайтман: Жаагымда гана бир канча тырмактын изи.
Мистер Маклин:А сиз ойлонбодуңузбу ага медициналык жардам керек деп?
Ли Брайтман: Жок.
Мистер Маклин:Керек болсо кан агып жатканына,оорудан кыйкырып жатканына да карабадыңызбы?
Ли Брайтман:Анын оорудан кыйкырып жатканын эстей албайм.Мен кетип жатканда ал артымдан мени кемсинтип кыйкырып жатты.Эгер ага медициналык жардам чындап эле керек болгондо ал өзү эле эч кыйынчылыксыз чакырып алмак.
Мистер Маклин: Түшүнөм.Анан сегизден өтүп Кэтриндин үйүнөн сиз чыгып кеттиңиз,андан кийин мисс Бейли менен жолуктуңузбу?
Ли Брайтман: Жок,жолукпадым.
Мистер Маклин: Балким телефон аркылуу сүйлөшкөнсүздөр?
Ли Брайтман: Жок.
Мистер Маклин: Мистер Брайтман,азыркы бериле турган суроомо жакшы ойлонуп жооп берүүңүздү өтүнөм.Ошол күнкү окуяны эстегенде эмнени сезип жатасыз?
Ли Брайтман:Эң эле өкүнгөнүм ошол нерсе болуп кеткендиги. Мен Кэтринди сүйгөнмүн.Ага үйлөнгүм келчү.Мен анда күмөн санабагам.. тиги..мм.. анын эмоционалдык жактан пайда болгон проблемасы олуттуу экендигине. О Кудай,эмнеге анда да озүмдү колго алып койбой аны уруп ийдим! Мен андан көрө чыдамдуу болуп,аны тынчтандыруум керек эле...
Мистер Маклин:Рахмат, мистер Брайтман.Урматтуу сот,менин күбөгө болгон суроом аяктады.
Кайчылаш сурак.
Мистер Льюис,айыптоочу: Мистер Брайтман,сиздин мисс Бейлиге карата олуттуу каалооңуздун бар болгондугун мен туура эле түшүндүмбү?
Ли Брайтман: Ооба,бар болчу.
Мистер Льюис:Менин оюмча,сиз аткарып жаткан кызматыңыздын келишимдеринин биринде,жеке жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу жетекчиликке ачык жана так кабарлап турушуңуз шарт экендигин билгенсиз да,туурабы?
Ли Брайтман:Ооба.
Мистер Льюис: Бирок,ошону билип туруп деле биздин жетекчиликке мисс Бейлиге болгон мамилеңиз тууралуу кабарлабадыңызбы?
Ли Брайтман: Мен бул тууралуу Кэтрин мага турмушка чыкканга макулдугун бергенден кийин гана айтууну чечкен элем.Кезектеги маалыматтарды салыштырып көрүү да сентябрдын этектерине белгиленген болчу.Демек отчет тапшырганда мен Кэтрин тууралуу айтмакмын.
Мистер Льюис: Көңүлүңүздү күбөлөрдүн көрсөтмөсү бар "Вэ-эль один"-деген папкадагы документке бурам,он төртүнчү бет.Констабель Уильям Лейдин көрсөтмөсү. Констабель Лей сизди 2004-жылдын 15-июнунда,шейшемби күнү камакка алган.Камак өзүңүз жашаган даректе ишке ашкан.Констабель өзүнүн көрсөтмөсүндө сизден мисс Бейли жөнүндө сураганда,сиз, сөзмө сөз айтайын;" Ким жөнүндө айтып жатканыңызды биле албай жатам" деп жооп бергенсиз.Сиз констабельдин көрсөтмөсүн ырастай аласызбы?
Ли Брайтман: Мен ошондо эмне айтканымды так эстей албайм.
Мистер Льюис:Кеп өзүңүз азыр эле айтып өткөн,сиз сүйгөн,үйлөнгүңүз келген аял тууралуу болуп жатат.Мен туура эле түшүнүп жатамынбы?
Ли Брайтман:Констабель Лей менен Ньюман үйгө таңкы саат алтыда кирип келишти.Мен үч түн катары менен жумушта болуп эми гана үйгө келип уктоого жаттым эле.Менин такыр эч нерсеге акылым жетпей жатты.
Мистер Льюис: Анан кечирээк,Ланкастердеги полициянын участогунда болгон суракта сиз төмөнкүлөрдү айттыңыз,дагы сөзмө сөз айтам: "Ал жөн гана бир тергөөдөн өтүп жаткан.Мен кеткенде анда баары жакшы болчу.Бирок, анда эмоционалдык жактан проблемасы бар экендигинен кабарым бар болгон.Психикасы бузулган." Ушул создөр сизден чыкканбы?
Ли Брайтман: (Жообу ачык чыкпай)
Мистер Нолан: Мистер Брайтман,мүмкүн болсо катуураак жооп берсениз.
Ли Брайтман: Ооба.
Мистер Льюис: Мисс Бейлинин чындыгында кайсыдыр бир тергөөгө тийиштиги бар болгонбу?
Ли Брайтман: Жок.
Мистер Льюис: Менде башка суроо жок,урматтуу сот.
Мистер Нолан: Рахмат сизге,баардыгыңыздарга түштөнүп алууга тыныгуу жарыялайм!

#3 25 May 2015 - 17:51
Уф! Ушу супердин тиги кошуна сайтка окшоп кандай көчүрсөң ошондой чыгарып бирбей ба-арын "үйүп" салганы эч жакпайт да.Обзацка да экономдогону бу эмнеси? "Эксперттерге кабарлап коём" деген болчу өгүнү,балее дагы жок.Мурда кандай болсо дале ошол бойдон экен!

Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#4 25 May 2015 - 17:54
Бейшемби,21-июнь,
2001-жыл.
Кайсы күнү өлгөнүңдүн деги кандай айырмасы бар...жыл ичиндеги эң узак күндүн деле башка күндөрдөн анчейин деле озгөчүлүгү жок.Чоң ачылган көздөрү менен асманды тиктеген Наоми Беннет аңдын түбүндө жатты.Жанын дале чыгарбай сактап турган кан анын жайырма төрт жаштагы денесинен бөлүнүп чыгып кумга сиңе берди.Бир туруп эсин жоготсо,бир туруп кайра озүнө келе калган Наоми тагдырдын тамашасына таң эле.Таңкалыштуусу ал так азыр,көп нерсени баштан кечирип жеңгенде,көптөн күттүргөн эркиндик ушунчалык жакын көрүнүп баштаганда өлүп жатат.Андан да таң калыштуусу ал жашоосундагы өзүн чындап сүйгөн жалгыз эркектин колунан,өзүнө дайым камкор болуп,жакшы мамиле кылып жүргөн адамынын колунан өлүп жатканы.Ал болсо азыр аңдын кырында ылдыйды карап турду.Анын жүзү караңгыланып, бирок күндүн нурлары жашыл жалбырактар аркылуу жаркырап тийип,нары-бери бийлеп айланган көлөкөлөр чачтарына тийип өтүп анын башынын айланасын алтын түскө боёп турду.
Ал күтүп атты.
Кан тамагына толуп кетип жөтөлтүп жиберди.Ачык кызыл көбүктөр эрининин сыртына көөп чыгып жарылып кетти да кочкул кызыл агым ээктен ылдый акты.
Ал кыймылсыз гана күрөктү кармай жалтылдаган кан силкине денени таштай сыртка агып жатканын карап тура берди.Чынында Наоми кандай гана сулуу,керек болсо ушул өлөөр алдында да өзү ушул кезге чейин жолуктурган аял затынын арасындагы эң керемети болуп көрүнүп жатат.
Мына кандын агымы да өз күчүн жогото ичке изге айланып алсырап барат.Ал артындагы алда качан иштелбей калып кеткен килейген заводдун айланасына башын бир буруп карап койду.Бул адамдын бою менен тең болуп үйүлүп,он жылдай убакыттан бери иштелбей жаткан курулуштан калган темир-тезектин арасына адам түгүл тентиген жолбун иттер да басып келбейт болчу.Бул жерде эмнелер гана жок;эски зымдардын үзүктөрү,ичиндеги майлуу суюктугу карарып чыккан дат баскан канистирлер- кыскасы,керексиз нерселер толтура.Ал эми ээн калган аянттын четиндеги токойдун жанында,тагыраагы шактуу үч дарактын түбүндө терең келген аң бар.Катуу жаан жааганда ошол аңга суу толот да анан бир чакырым алыстыктагы өзөндү көздөй ага баштайт.
Дагы бир нече мүнөт өттү.
Болду.Өлдү.
Катуу шамал анын чачын уйпалап жиберди,жанындагы дарактын жалбырактарынын арасынан асманга жөн гана тиктеп алды:күн чыгыштан кара булут каптап келатыптыр.
Ал колундагы күрөктү кармай этияттана аңдын тик жеринен ылдый түшүп келди да жаны чыгып бүткөн дененин жанына токтоп,чайпалбастан, керилип туруп курч миздүү күрөктү алдында жаткан өлүү аялдын маңдайына бир урду.Биринчи сокку аз-маз жаза тийип күрөк ийрейе секирип кеткени менен,экинчи сокку дал тийип ачык эмес карсылдаган үн чыгып кетти.Наоминин баш сөөгү жарыла түштү.Өзүн-өзү ушул ишке кыстоодон оор дем ала,ырааты менен,ченеми менен ургулап,сөөктү майдалап,тиштерди чагып,терини, сөөктү,этти үрөйдү учурган аралашмага айлантып жатты.
Мына,эми бул көрүнүш Наомини таптакыр эстетпей калды.
Ал күрөктүн мизин кайра ишке салып,манжаларды биринин артынан бирин кыркып,анан алаканды кесиндиге айлантып,таанып калууга бир да иленчээк калтырбады.
Курал катары колдонгон кан болуп булганган күрөктү аңдын түбүндөгү топурак аралаш ыпыр-сыпырда жаткан таштар менен жашырып койду. "Булганыч иштелди,-деп өкүнүч менен белгилеп өттү,-тегеректин баары кан".
Көздөн аккан жашты аарчып,эч кылчайбай ишти толук аягына чыгараары менен Наоми (моюнунан чала кесилүү боюнча) таңкалтырып анын атын атаганда караңгыланып калган асман алгачкы жамгырынын тамчыларын кулатты.
Шаршемби,31-октябрь, 2007-жыл.
Мен манитордун экранында турган таблицаны токтобостон айлантып жаттым.Дарбазанын жанында эми эмнеге турат? Сөрөйүп бир мүнөттөн бери турат-мен аны караңгы айнектин көлөкөсүнөн анын көлөкөсүн көрүп эле турам го.Көчөдө кайра караңгы,таң калычтуу.Күндөр өтө кыска болуп кетти.Эрте менен үйдөн чыкканымда деле караңгы болчу.
-Кэти?
Мен артыма кылчайдым: -Кечир,мен негедир ойго чөмүлүп кетиптирмин. Эмне?
Дарбазанын тактайына жөлөнүп Эрин турат.Тармал чачын бир ууч кылып топтоп алыптыр.
-Жакында бүтөсүңбү,деп сурап жатам?
-Жок,бүтпөйм али.А эмнеге?
-Сен унутуп койбодуңбу бүгүн кечинде Эмили ажырашайык кечесин уюштуруп жатканын? Барасыңбы?
Мен кайра эле экранга тигилдим.
-Билбейм,менимче, оң келбейт,мен таблицаны бүтүрүшүм керек.Сен бар,бара бер,күтпө мени.Мен,мүмкүн, ананыраак бир азга барып келем.
-Өзүң бил.
Эрин алган жообуна ыраазыланбагандай чыгып баратып кадамын ныгыра таштай басып баратты.Антсе деле анын жумшак макасинасы менен чыгарган дүбүртү өтө деле ишендирээрлик боло алган жок.
Жок-жок, барбайм,барбайм. Мен бара албайм.Бүгүн бара албайм.Анан да эмнеге араң эле тааныган каяктагы Эмили дегенинин ажырашайык кечесине сүдүрөлүп барышым керек? Мага келе жаткан жаңыжылдык кечелер жетет-ошол жакка чындап барыш керек болот.Тигилер ал майрамдарды августтан баштап эле талкуулап башташкан... элдердин кылаар жумушу жок,ким жаңыжылды ноябрда белгилесин? Болушпады,баары бир ошентип чечишти,менден сурашпады.Анан алар декабрдын этегине чейин ичишет,чыныгы жаңыжылга чейин.Барбай койгонго да болбойт:" Биз бир командабыз, эмне эле өзүңдү көргөзүп сепсеңдеп жатасың?" деп жабыша башташат.Эч нерсе дей албайм,мага бул жумуш керек.
Мына эми,кудайга шүгүр,баары кетишти,компютерди өчүрүп үйгө кете берсем да болот.
Жума, 31-октябрь,2003- жыл.
Жума күндүн кечи,анан да Хеллоуин,шаардагы бар аттуунун ичи толо. "Чещирский герб" деген бардан мен сидр ичип алдым,анан арак.Негедир Клэр,Луиза,жана Сильвияларды жоготуп алдым,бирок, Келли менен тааныштым.Сураштырып келсек экөөбүз бир мектепте окуган болуп чыгып калдык... Мына сага! Чындап эле,мени ал билет экен,а мен аны-жок.Чын- чынына келгенде азыр мунун кандай айырмасы бар.Келли сонун кыз экен;ведьма болуп кийинип алыптыр,бир гана шыпыргысы жок,сызыкчалары бар кызгылт-сары колготки,анан жасалма кара чач.А мен болсо шайтандын келинчегиндей болуп кийинип алган элем.Ачык-кызыл түстөгү шёлктон тигилген көйнөк жана кызыл түстөгү туфличенмин. Ошол туфлилерге керек болсо көйнөктөн да көп каражат жумшадым.Кыскасы баары толук жарашкан,баары зыңк.Жада калса анча-мынчасы мени бир нече жолу сыйпагылап кармагылап жибергенге да аракет кылып жиберишти.
Бар бара-бара бошой берди:кимдир түнкү автобустар менен кетчү жагына кетип атышты,кимдир такси менен,калгандары шаардын борборунда жайгашкан бардан алыстай барчу жактарына жөө жөнөштү.А биз Келли экөөбүз,учурдагы кырдаалда шаар боюнча жалгыз гана дале бизди киргизиши мүмкүн делинген "Ривер-бар" деген барды карай жөнөдүк.
-Кэтрин, сен бул көйнөгүң менен бүгүн сөссүз бирөө жарымды илештиресиң, -деген Келли тиштерине тиштери тийбей күбүрөнүп койду.
-Ооба десең,жакшы болмок.Билесиңби, бул көйнөк үчүн канча төлөгөнүмдү?
-А сен кандай ойлойсуң,ал жакта көз агытканга бирөө жарым табылабы?-деген Келли өзүнүн ыраактагы кезегине шанс берилеби деген үмүт менен сурады.
-Күмөнүм бар.А сага эмне? Болду,бүттү, эч кандай эркек аттуунун кереги жок деп жатпадың беле?
-Ал айтканым олуттуу мамилеге да.Бирок,бирөө жарым менен нары-бери иш кыла койгонго дайым даярмын.
Катуу суук болуп,кар себелеп да баштап,суук шамал майрам түнүнүн жытын көчө аралай ташып,менин ачык-кызыл юбкамды желпилдетип тиземдин айланасын айланып жүрөт.Бул чыкыроон суукка соолуга түшкөн мен жука жакетим менен көкүрөгүмдү кымтылап да ийдим.
Биз өзгөчө мааниге ээ коноктор кирчү эшикти көздөй шайдоот кадам таштадык.Мен бир аз артта калып кеттим:ошол учурда бул барды ашата сөгүп алы-ыс узатып коюп үйгө да кетип калгым келип жатты.Анан эле Келлини ичкери коё беришкендерин көрүп кууп жетүүгө кадамымды тездете ашыга бастым.Бирок, боз-кара костюмчан бийик тосмого келип урундум.
Мен башымды өөдө көтөрдүм да ал жактан ак-саргылт чачтын астында бакырайып карап турган чындыкка дал келбеген көздөр менен кезиктим.Мына сага экземпляр! Мындайлар менен талашып тартышкың да келбейт-шарт эле "ооба" деп жооп бергиң келет.
-Бир мүнөткө,мисс, -деди ал,мен бараткан жолду колу менен тосо.
Ал нары жагында турушкан экөөндөй болуп зөңкөйгөн булчуңдуу качоктордой болбогону менен деле менден бир топ бийик көрүндү.Ал эми жылмаюусуна сөз жок,сонун экен.
-Эмне болуп кетти?-деген мен эч нерсени түшүнө албай өзүмдү кыстагандай суроо узаттым.-Мен барга киришим керек... ал жакта курбум бар.
Ал адаттагы текшерүүдөн бир секунддай узагыраак менин жүзүмө тигилип карап калды айтчу сөзү бардай.
-Албетте,-деп акыры айтты-Кириңиз. Бир гана...
-Эмне бир гана?
Ал экинчи эшиктеги ичкери кирүүгө дилгир боло ашыккан жаштардын түрткүлөгөнүн араң тосуп турган зөңкөгөйгө бир кылчайып карап койду.
-Мен жөн гана бир секундка өзүмүн жолдуулугума ишене албай кеттим,-деди анан ооз учунан.
Мына сага бетпак!Мен колумдан келишинче текебердене, теңсинбегендей жылмаюуга аракет кылдым:
-Эмне,ушунчалык эле ийгиликсиз түн болуп атабы?
-Жо-ок,жөн эле мен кызыл көйнөктү өтө-ө-ө жакшы көрөм-деди ал кыялдана.
-Менин оюмча көйнөгүм сизге ылайык келбесе керек.
Ал күлүп жиберди да жолду тосуп турган жумшак шнурду бир четке алып мени өткөзүп жиберди.Мен гардеробду көздөй басып баратып да артымдагы анын көз карашын сезип жаттым,жакетти тапшырдым,артыма бурулдум:ананчы, кире бериште менден козүн албай карап туруптур.Ага жылмайып койдум да тепкич менен бар жакка көтөрүлүп кеттим.
Ура,жашоо уланып жатат! Эми кайра эле жыгылгыча бийге түшсө болот,алдан тайгыча каткырса болот,коктейлдерди ичип анан жаңы курбум менен баардык нерсени чекеден талкуу кыла берсе болот.Менин ачык-кызыл көйнөгүм жакшынакай бир мырза менен таанышууга жардам берет,эгер ийгиликтүү болсо нары-бери түртүшүп алганга да болот,албетте, бир гана оолагыраак жер табылып калса.

#5 25 May 2015 - 18:04
Бейшемби,1-ноябрь,
2007-жыл.
Бүгүн эрте менен демейдегиден узагыраак убараландым. Негедир толук жылуудай эле сыяктанды,чынында үйдөгү батарейкалар өтө кеч ысыйт.Анан да өтө деле караңгы эмес.Мен деген ар күнү бештен кечикпей турам,терезенин нары жагы бул убакта сентябрдан бери эле капкараңгы- мага демектен көзүндү оюп ал.Төшөктөн туруу мага проблема деле эмес,ал эми моогу үйдөн чыгуу-анык проблема.
Эртең мененки убакыт душтан башталат,анан кийинмей,андан ары кукурузный хлопьяны кепшегенче бир чашка чай ичмей.Бирок баардыгы-алдыда. Текшерүү.Мен мунун ар күнү аткарам-үйдүн ичиндеги буюмдарды коопсуздугум үчүн карап чыгам.Башында- эрте мененки текшерүү,анан дагы кайталоо,бир гана тетири жакка,кечинде да ошол.Бирок эрте мененкиси кыйыныраак, себеби убакыт тар.Кечиндеси оңой-каала түнү менен үй ичинде терезенин бекилген жерин сыйпалап текшерип жүрө бер.А бирок эрте менен жумушка кечигип калбаш үчүн эрте туруш керек да.Ошон үчүн биринчи жолкусунда эле адашпастан, туура кылсам жакшы болот.Уктоочу бөлмөдөгү пардалар тыгыз болуп жабышып турушу керек,ашканадагы пардалардын болсо балконго чыга беришиндегисин гана азмаз ачып коём,өзүм гана оңой-олтоң,жүдөбөй чыгып-кирүүгө ылайыктап.Балкондун эшиги текши он алты квадратка бөлүнгөн жана алардын ар бир экинчисин,тагырагы дал сегизин ачык ташташ керек.Мен ардайым ичкерки короого кирем да жогору карайм,текшерем, пардалар туура эле илинип турабы.Эгер алар кыйшык,же өтө эле чоң ачылып калган болсо кайра кайтып келип текшерүүнү кайрадан башынан баштоом керек болот.
Мен азыр баарын тез текшерип жана түздөп чыкканга маш болуп калгам,бирок баары бир бул нерселер деле толгон убакытымды алып коёт.Ошентсе деле мен таамай билем:жакшысы кечиккеним оң утур-утур сыртка чыгып пардалардын түз-кыйшыгын текшерип сааттын карай бергенге караганда.Анда кайра башынан башташым керек болот.
Эң татаалы-эшиктерди текшерип чыгуу.Мурдагы квартирамда (Килбурнедеги, өтө эски) өз алдынча эшик бар эле.Ал эми бул жерде өзүмдүн квартирама кирчү эшигимди алты жолудан,кээде он эки жолудан текшерип чыкканым аз келгенсип жалпы эшикти да баары үчүн текшерип чыгуум керек.
Тиги Килбурнеде менде бир эле эшик бар болгон,чыгуучу эшик да ошол,эч кандай жашыруун кошумча эшик,эч кандай балкон,эч кандай күзгү эшик,ваннада да эч кандай кичинекей терезе жок болчу.Кадимки үңкүрдөгүдөй. Же тагыраагы кокустан бир нерсе болсо эч жакка кача албагыдай тузактагыдай, -бул нерсе жогорку деңгээлде кыжаалат кылчу.Кудайга шүгүр,азыркы турак үйүмдө алда канча түзүгүрөөк. Азыр менде кичинекей балкон бар,анын астында сарайдын крышасы,жашоочулар үчүн жападан жалгыз сарай ал.Аны ким колдоноорунан кабарым жок,бирок бир гана балконумдан ал сарайдын крышасына секирип түшсө болоору кубандырат, андан ары түптуз эле короонун ичиндеги жумшак чөпкө.Анан арткы воротага чейин жүгүр-мына баары даяр,сен эми көчөдөсүң.Жарым мүнөт-сен толугу менен коопсуз жердесиң.
Кээде квартиранын эшиги жакшы жабылдыбы деп артык баш эле көтөрүлүп чыгууга мажбурсуң.Бул нерсе бир гана кайсы бир шалаакынын жалпы эшикти толук жаппай "итче" эле жаап койгондо болот,башкача айтканда өтүп кетип аткан чоочун эле бирөө ичкери опоңой кирип кетсе боло турганга ылайык болуп калганда.Байкалбастан.
Бугүн эрте менен дал эле ушундай болду.
Ылдый тушүп келсем жалпы эшик "итче" эле жабылуу эмес,керек болсо аз-маз ачылуу бойдон экен.Мен эшикти жабуу үчүн колумду сундум,ушул жерде кайсы бир костюмчан байке өзүнө тартып жиберди,мен ушундай бир секирип кеттим го.Анын артында дагы бирөөсү туруптур,жашыраак, джинсачан жана жемпирчен.Кара, кыска тегизделген чачтар,кырылбаган ээк,чарчаңкы көк коздөр.Ал жылмайды да:"Кечиресиз! " деп күбүрөнүп койду.Мен биртке тынчтана түштүм.
А мен ошондон бери костюм көрсөм эле коркуудан муздай түшчу болдум.Мен костюмчан байкеге карабоого аракет кылдым,бирок анын тепкичтен чыгып баратып сүйлөп жатканын уктум:
-Бул квартира жаңы эле бошоду.Эгер ылайыктуудай көрүнсө,тезирээк ойлонуңуз!
А,эми түшүнүктүү, костюм кыймылсыз мүлк боюнча агент.Чагымда бир этаж үстүдөгү кытай-студенттер акыры көчүп кетишиптир да.Алар дипломдорун жайында эле алышкан,алардын жинди-жинди кечеси эсимде.Балдар чын жүрөктөн эң сонун жаргап алышты! Мен түнү менен тепкичтен бирде жогору,бирде ылдый түшкөн кадамдардын дабышын укканча шыпты тиктеп жатканмын.Ошол коркунучтуу көрүнүшкө чыдаган мени айт.Жана сырткы эшикти да "итче" кылып калтырып коюшту.Мен өзүмдүн эшигимди тамак иччү столум менен түрткүнчөк кылып тосуп салганмын,баары бир көзүмдү бир да ирмей албай койгон элем.
Экинчи киши костюмчанды ээрчий артында баратты.Жарымдап калганда кудум агенттин кеңештери тажаткандай мен жакка бурулуп туруп жылмайганча көзүн аңтарып койду.Мен чакчелекей түшө көзүмдү ала качып аябагандай кызарып кеттим.Көптөн бери чоочун эркектин көздөрү менен тиктешүү учуру кезиге элек эле.
Мен бир мүнөттөй ылдый жакта тигилердин менин эшигимдин алдынан кийинки этажга көтөрүлүп чыгып баратканын карап туруп калдым.Саатты карадым:кудайым ай,тогуз болоюн деп калыптыр! Тигилерди үйдө жалгыз таптакыр калтыра албайм да! Мен сырткы эшикти тарс эттире жаптым да зомокту "итче" жабуудан чыгардым.Текшердим, эшик жакшы эле жабылдыбы,туткадан тартып көрдүм.Дарбазанын чекелерин сыйпалап чыктым,эч кандай көңдөй жер калып калбоосун текшерип.Алты жолу тутканы бурадым:бир, эки,үч,төрт,беш, алты.Даяр.Туташкан жерди дагы сыйпалап көрдүм.Тутканы дагы текшердим.Бир, эки,үч,төрт,беш, алты.Ключту текшердим.Жана бир жолу.Эми дагы эшик.Акыркы жолу тутканы бурадым,дагы алты жолу.Ушул жерде гана акыры өзүмчө жеңүлдөнүүнү сездим-текшерүү ойдогудай болгондо дайым ушундай болот.
Тапичкеден үн чыгарбоого аракет кыла жумушума эми чындап эле кечигүүмө себепчи болгон тиги эки келесоону каргай өзүмдүн квартирама көтөрүлүп келдим. Кроватка олтурган мен кудум жыгач устундар менен штукатулкадан тигилерди көрсө боло тургансып потолокко тиктедим,жана кайра терезелердин бекем жабылганын текшерүүгө болгон каалоомду араң басып олтурдум.Колумду аарчыдым.Көздү жумдум. "Демек,дем алууңа ыкылас кой,тынчтан. Коёндукундай согуп жаткан жүрөктү сооротууга аракет кыл.Мынтип дирилдебе,алар азыр кетишет.Тиги свитерчени квартираны жөн гана карап жүрөт.Бул көпкө созулбайт.Баары жакшы.Коркпо. Сен баарын текшерип чыктың.Кирүүчү эшик жабылуу.Баары жайында"
Кээде жогору жактан кандайдыр үндөр чыгып жатты,алар угулаар угулбас жана алыстан чыгып жатканы менен деле мен селт эте чочуп кетип аттым.Дабыш, дагы,-чамымда булар ашканадагы шкафтардын эшиктери болсо керек.А кокус алар терезени ачышкандыр? Кез-кезде кубүрөгөн үндөр чыгып жатты,бирок түшүнүп болбойт.Кызык, ошо квартираны ижарага алуу канча турат экен?Ал бийикте,бул жакшы.Бирок анда балкон жок.Анан да анчалык бийиктиктен секирип түшө албайсың.Чегинүүгө ар дайым кошумча жол болуу керек.
"Саат канча болду? Кантип эле тогузга жакындап калсын? О кудай,ушунча да аңтарып жүрө береби!"
Мен кокустан жатакананын терезесине колумду суна койдум,анан, албетте,замокту текшергим келип кетти.Андан ары жөнөдү-кетти - кайра баарын экинчи жолу кайталамай. ..
Жогору жактан акыры эшиктин жабылганы угулуп,тепкичтен кадамдардын үнү угула баштаганда мен керек болсо ачылып да койбочу туалеттеги кичинекей жылчыкчаны жаап турган тактайчаны сыйпалап унитаздын капкагында турган элем.
-Тынч жер,машинаны көчөгө да таштап койсо боло берет.
-А,жакшы, рахмат,мен,балким, автобус менен эле каттайм.Же велосипед менен.
-Короодо чогуу колдонулган сарай бар өңдөнөт.Мен офиске барганда териштирип коём.
-Рахмат.Ушунчалык эле тынч болсо мен велосипедди вестибюлга (вестибюл-имараттын ичине кирип бараткандагы чоң аянт) эле таштап кое алат экенмин.
Вестибюлга? Мына сага уятсыз,эмнеге анын велосипеди ал жерде тыгылып турушу керек? Бирок ошондой болгону жаман деле эмес,ал сырткы эшикти дайым бекем жабылуу экенин текшерип турат эмеспи.Болбосо жалгыз мен гана нары-бери чуркай берет элем.
Уф,болду, текшерүү аяктады,мен эшиктин жабылганын карап чыктым.Жаман эмес.Мен көнүмүш коркуу сезимдерин күттүм,бирок, таңкалычтуу, эч нерсе сезген жокмун.Болгону эки жолку текшерүү,рекордко жакындады.Үйдө дайым тынч болгону жакшы көрүнүш,кырдаалды кыйла жеңилдетет. Ылдыйда баарынан да жагымдуу нерсе күтүп туруптур:замок "итче" жабылуудан чыгарылып,эшик толугу менен жабылып калыптыр.Бул дегени джинсачан жигит-жоопкерчиликтүү адам.Балким, анын биз жакка көчүп келатышы жакшылыккадыр.
Мен тогуз жарымда гана метродо болдум.
Шейшемби, 11-ноябрь,2003-жыл.
Албетте, аны менен эстен чыгарганга үлгүрдүм!
Ал:"Бул сизби?" деп үн берип чакырды,-мен болсо анын эриндерине тигилип калдым.Ушунчалык жакшынакай, сезимталдуу. ..мен буларды кайсы жерден көрдүм эле?.. Балким,бул менен кайсыдыр бир барда өбүштүм бекен?
-Мени эстей албай жатасыз,-деди ал көңүлү түшө,-а мен болсо сизди эстеп калгам.Ачык- кызыл көйнөк! Мен Хеллоуин күнү "Ривер-бардын" оозунда кароолдо болгом.
-Ах,ии ооба,ооба! Кечиресиз.-Мен маңдайымды аарчып койдум.-Мен. .. тиги... тааный албадым... сиз анда костюмчан болчусуз...
Учурдан пайдаланып мен аны жакшы карап алдым.Тизеге чейин шорта,крассовка жана кара майка,спортзалга ылайык кийим,ошондогу боз костюмчан сыланкорозго такыр окшоштук жок.
-Ооба,мынтип жумушка бара албайсың да,-деди ал кудум менин оюмду окуп алгандай.
-Чындап эле. Мен ушул жерде өзүмдү дале анын булчуңдуу буттарына көз артып жатканымды кармап алдым,анык каракчыга мен окшодум сыяктуу... шайтан алгырдыкы! Мен сабактан келе жаттым эле го:тренировкадан кийин тердеген,чачтарым бир ууч байланып жулмаланган, бир канча нымдуу топ чачтар жаагыма жабышып калган,анан дагы,балким, ракка окшоп кыпкызыл болсом керек.Суктанаарлык!
-Эмне демекмин,кайрадан кезигүү жагымдуу болду,-деди ал,акыректен крассовкама чейин,жана артка карай көз жүгүртүп өтүп.
Бул эмне-уятсыздыкпы? Же ал жөн гана бир азга өзүн жоготуп койдубу? Бирок ушул жерде жигит акырын күлүмсүрөп койду-күлүмсүрөөсү өтө деле кумарлангандай ышкыбоз эмес,бирок.. . өтө сексуалдуу!
-Оба,мага дагы.Мен... мм... душка бараттым эле.
-Албетте- албетте.Дагы көрүшөбүз!
Ал артка бурулду да эки баскычтан секире оңой эле тренировка кылуучу залга тепкич менен чуркап чыгып кетти.А мен,душта туруп тынбай кыжаалат боло бердим-эмнеге ал менен залга келаткан жолдо,чачтарым жакшынакай болуп жатып турганда жолукпадым экен? Анда биртке сүйлөшүп алганга да болмок жана мен авикатастрофага туш болгон курмандыкка окшоп көрүнмөк эмесмин.Мен атайылап кафеде убакыт созуп олтура бердим,-мүмкүн, ал тренировкадан кийин кирип калаар? Кокус,ал баарын шарт эле түшүнүп алсачы.Кыз көксөп атат экен деп ойлоп калат.
Эми эмне демек элем? Бир аз ошондоюм бар.
Түшүнсөңүздөр, менин көптөн бери туруктуу жигитим жок.Акыркы "жеңишимдин" арасындагылар- бир түндүк ойноштор.Кээде эртеси жарытаарлык эч нерсени эстебеш үчүн жолугушууларда атайылап көбүрөөк ичип алам.Мага баары бир.Баар бир болчу.Кокустан пайда болгон интригалар жетиштүү,мен жалгыздыктан жырткычтана баштадым.Ерунда мунун баары.Балким, оор басырыктуу болуу мезгилим келгендир.Келечекти да ойлош керек.
Мен эч ким калбаган бош раздевалкада аарчынып жатканда кокустан мындай ой кетти:ал мени тааныса,демек мен өтө деле начар көрүнгөн жокмун да? Ооба,анда барда мен чектен ашкан ээн баш ачык-кызыл көйнөкчөн жана сүзүлгөн көздөрүм менен элем.Бирок ал мени тер баскан футболкачан, жабышып жулмаланган чачтарым менен жана эч кандай косметикасыз таанып жатат да.Тааныды-тааныды - мен муну анын көздөрүнөн байкадым.
Анын айтканычы:" Бул сизби?" Хеллоуиндан кийин мен бир жолу да "Ривер-бар" жакка басып барбадым,бирок курбуларым менен ардайым башка жерлерде темселеп жүрө берчүбүз.Дем алыш күндөрү достор менен жолугуш үчүн Шотландияга барып келдим,катуу чарчадым,дээрлик уктабадым,бирок, дүйшөмбү күнү жумуштан кийин шарт эле башка кыздар менен бир стакандан култ этип алууга ашыктым.Биз бир жума бою жумуштан кийин жыргап эс алып аттык,а жума күнү Марквет-свер көчөсүндө ачылган жаңы "Таверни" барына кирип чыгууну чечтик.Элдер ал жерге жык толду,өтүп кете албайсың:клиенттерди чакырыш үчүн баарына ичимдикке өтө чоң скидка кылып коюшуптур.Сэм менен Клэр шарт эле бир келесоолор менен табышып кетишти.Башында мага жалгыз деле жакшы болду-мен ичтим,анан бийледим,жана артка карай ушул көрүнүштү кайталап аттым.Тааныш жүздөр пайда болуп жатты,бир нерсе деп эмнегедир кулагыма айкырып жатышты,мен да жооп кыла айкырып жаттым.Мен түзүгүрөөк бир нече экземпляр байкап койдум,бирок алардын баары эмнегедир өздөрүнүн кыздары менен келип алышыптыр.Калгандардын дээрлик баарын тааныйт элем-кимдир бирөөсү менен өзүм бир төшөктө качандыр уйпаланышып алганга үлгүргөм,кимдир бирөөсү менин курбуларым менен уйпаланышып алганга үлгүргөн.Кыскасы ал дем алышты жан дилим менен учуруп жибердим,алдыда эми жаңы дем алыш күндөр.Жума күнкүгө жумуштан кийин Клэр,Луиза жана анын сиңдиси Эмма болуп барга барууну сүйлөшүп койгонбуз,ал эми ишемби жана жекшемби күндөрүм азырынча бош.Мына керемет! Мурдуму көтөрө жылмая мен шашпай машинаны көздөй жөнөдүм." Ривер-бар" жакка карай жылып барат окшойм.
Дүйшөмбү,5-ноябрь, 2007-жыл.
Мен жумуштан баарынан кеч чыгам,кайра ушул маалда метродо тыгын жок болот.Мен бул жакка качандыр жумушка орношконумда баары менен чогуу кетчүмүн... Ал нерселер күнүмдүк кыйноо эле.Тыгында мен коркуудан тим эле эсим ооп кыйналчумун. Айланамда канчалаган жүздөр,тердеген денелер.Кысып, ар тараптан түртө беришет.Мындай тыгында жоголгусу келген адамга жоголуп кетүү опоңой эле,анда мен чындап эч жакка кача албай калам.Азыр эми жумуштан алда канча кеч чыга алам,ошондой эле шашпай да келе алам.А метродо мен мындай кылам:платформада нары-бери баса берем да поездге акыркы секунддарда секирип түшүп алам.Бул чараны колдонуп менин вагонума ким олтурганын анык билип алганга болот.
Бүгүн узак убакыт кайсы жол менен кайтып келүүнү чече албай жаттым.Ар күнү жаңы маршрут-менин ушундай эрежем бар,жарым жолго жеткенде дайым сыртка чыгам,бир чакырымдай жөө басам,анан автобуска олтурам же кайра эле метрого түшөм.
Үйгө бир чакырымдай калганда ар дайым жөө кетем,дагы эле ар күнү ар кандай жол менен.Мен Ланкастерден Лондонго көп болсо эки жыл мурун көчүп келгем,бирок шаардык маршруттарды лондондуктардан да жакшы билем.Албетте, жол жүрүүгө бир топ убакыт коротом,бул нерсеге кыйла энергия жумшайм,бирок мен кайда шашылам? Башкысы,ушинткеним үчүн бир топ өзүмдү тынч алып жүрөм.
Мен автобустан Стюард-Гарденс паркынын жанынан түшүп калдым,кандайдыр жакын эле жерден петардды (салюттун бир түрү,көбүнчөсү поезддер алыскы жолго сапар тартканда атылат) асманга атышты-муздак абада жагымсыз күйүк чайпалып турду.Мен Хай-стриттен бурулуп парктты айланып келип Лоример-роуд менен бир аз артка кайтып келдим да биздин тар көчөнү карай салдым.Тар көчөлөрдү жек көрөм,бирок биздики кудайга шүгүр,жакшы жарыктандырылган. Корообузга басып кирдим да граждардын артына жашындым,аяр башымды чыгара дубалдарга көз жүгүртүп карап атып өзүмдүн тереземди таптым.Кухняда свет күйүп турат,пардалар жарым-жартылай жылдырылган. Жаркырап турган ачык-сары сегиз квадраты бир жагына,а сегизи мен кандай кылып таштап кеткен бойдон вертикалдуу боюнча илинип турат.Түстөрдөгү сызыктар бир сантиметр да кичирейбептир жана чоңойбоптур. Демек,мен жокто аларга эч ким тийбеген.
"Алдыны карай баса берсе болот,-деп өзүмдү ынандырам.-Баары жайында,эч кандай коркунуч жана квартирада эч ким жок".
Тар көчө аяктагандан кийин солго чукул брулуш бар,мына мен дээрлик Толбот-стриттеги үйүмдөмүн.Бир үзүм ашыкчасыз өтүп кетүүгө даярдандым: бүгүн биринчи жолкусунда эле үйгө кирип кетүүгө аракет кылам.Эки жакты карап алаңдаган мен тез эле ключту (автобуста эле даярдаган) замокко сала койдум,секунд өтпөй эшик артымдан жабылды.Текшерүүгө киришем.Биринчи дарбазанын тактайы.Жа-ай эшиктин кырларын бойлой кол сойлотуп чыгам,мурда жок болгон уркуюп чыгып калган же жылчыкча издеп.Алты жолу текшериш керек:бир,эки, үч,төрт,беш,алты. Алты жолу эшиктин ручкасын бурап чыгуу керек.Алты жолу башка жагына бурап чыгам.Алты жолу тарткылап көрөм.
Ушул жерде бир номерлүү эшик атайылагансып ачылып ал жактан миссис Маккензинин башы көрүндү.
-Кэти,салам. Кандай жүрөсүз?
-Баары жакшы,рахмат, -дедим менен кең жылмайып ага.-Сизде да баары жакшыбы?
Ал башын бир жакка кыйшыйтып кунт коё мага көз жүгүртүп чыкты да башын ийкеп койду,-ал дайым ушундай кылат,-анан эшигин жапты.Анын квартирасында ар дайымкыдай телевизор айкырып жаткан.Жаңылыктардын кечки чыгарылышы. Ушунча убакыттагы экөөбүздүн таанышканыбыздан бери ал бир да жолу менин эшик менен эмне кылып күрөшүп жатканымды сурап койбоду.
Эми кайра башынан башташым керек.А мүмкүн миссис Маккензи мен кайрадан баарын башынан баштаарымды билип туруп атайы чыгаттыр?
Негизи сырткы дарбаза менен тез эле ишимди бүтөм,өтө сейрек гана кармалып калам.Мейличи, баарын башынан баштайын:эшиктин тактайы-кырлары- дарбазанын ручкасы.
"Оюңду топто,Кэти,болбосо каргыш тийгендей түнү менен ушул жерде калып кетесиң..."
Кудаага шүгүр,сырткы эшиктин иши аягына чыкты,жогору жакка көтөрүлө берсе болот.Ал жакта биринчи кезекте кулак түрө тыңшап туруш керек болот.Демек мына,ылдыйда телевизор ызылдап атат,алыскы көчөдө "тез жардам" машинасынын сиренасы,менин квартирамда- тынчтык.Петарддардын үндөрү дале чыгып жатат,бирок алардын үндөрү бул жерге үзүл-кесил угулат.Кудай ай,бул эмне? Көчөдөн чыккан чаркыраган өкүрүк мени секиртип жүрөгүмдү кош колдоп баса калганга мажбур кылып жиберди.Анын артынан эле үзүл-кесил үндөр менен жеме аралаш аялдын күлкүсү угулду.
Мен эшикти ачып артта эч ким жок бекен деп кылчайып карадым,квартирага кирдим да эшикти тарс жаап замокторду кулпулап кирдим.Башында ылдыйкы замок,анан чынжырчаны илмей жана шыпка кеткен болтту жогору түртмөй.Дем албастан дарбазага кулагымды такап сырт жакты тыңшайм.Тынчтык. "Глазок" тон көз агытам.Эч ким,тепкич жак шыптагы лампочка менен бирге бопбош.
Эми толук ишенүү үчүн дарбазанын бурстарын сыйпалап чыгуу керек:дарбаза тыгыз өз ордуна түшкөнүн,ручканы алты жолу бир жакка бурап,алты жолу кайра экинчи жакка бурап.Бир,эки, үч,төрт,беш,алты. Замоктор ишенимдүү.А капыстан мен аларды жаппай унутуп койдумбу? Мен кулпуну ачтым да кайра ар бирин өз-өзүнчө кулпулап чыктым.Алты жолудан.Дарбазаны бекем кармап турабы деп ар биринде текшере.Бир аз тынчтана акыры дарбазадан алыстап квартиранын ичин текшерүүгө өттүм.
Башында терезелер.Ручкаларды текшерем да пардаларды жылдырам.Ар дайым көчө тарапты карап турган терезеден баштайм.Чыкылдап бекилген жери көңдөйдүн ичине бекем кирип турат.Раманы сыйпалап чыгам-баары жайында,терезе бекем жабылуу.Түнкү караңгылыктан сактаныш үчүн пардаларды гана тартып жылдыруум калды.Эми мени көчөдөн эч ким көрө албайт,анан да мен терезеге жакын барбайм.Пардалардын эки чекесин текшерүүнү унутпоо керек:алар полго чейин түшүп узун сызыкчаны көргөзүп турушу шарт.Жакшы.Балкондун терезеси жакка өтөйүн.Жайында мен балкондон биздин бала бакчага жана сөссүз тосмо дубалдарга карайм.Бирок азыр күз,кечки бештен кийин баары бир эч нерсе көрө албайсың.Мен илгичтердин ар бирин алты жолудан тартып текшерип чыктым,анан ручкаларды алты жолудан бурап чыктым.Илгичтер терезелерди бекем кармап турат,ручка ойдогудай буралып жатат.Мен шёлк капталган оор шторду жылдырганда көчөдөн кирген караңгылык жоголуп кетти.
Эми кухня-бул жердеги терезе таптакыр ачылбайт,бирок мен баары бир ар күнү текшере берем.Торчону түшүрөлү.Анан. Алдыга карай жылсак.Тумбочкадагы бычактар менен вилкалар кандай тартипте жатканын эсиме түшүрө кухня столунун жанында бир мүнөттөй турдум.Тумбочканы ачтым.Баары туура:вилкалар сол жакта,бычактар ортодо,оң жакта кашыктар жатат.Баарына толугу менен көзүм жетиш үчүн дагы бир жолу тумбочканы жаптым да кайра ачтым.Оба,бычактар ортодо,мынакей жатышат го,вилкалар сол жакта.Тумбочканы жаптым.Жок,жакшылап текшерүү керек,балким бир нерседен адашсамчы?
Тумбочканы үчүнчү жолу ачтым,мына,эми чындап толкунданбай эле койсо болот.
Андан ары-ванна.Жогору жактагы кичинекей терезече негизи такыр ачылбаган,бирок мен баары бир туалеттеги унитазга чыгып бекемдигин текшерип түрткүлөп көрдүм,ручкасын бурап көрдүм жана торчосун ылдый түшүрдүм.Эми жатуучу бөлмө гана калды.Ал жерде короо жакты карап туруучу эки чоң терезе бар,бирок ал жердеги пардалар эрте менен жумушка кетип жатканда эле түздөлүп,жылдырылып жабылган.Күчүмдү жыйнап караңгы бөлмөгө кирип бардым да пардаларды ачтым.Уктоочу бөлмөдөгү көтөрүлүүчү терезелер үчүн мен атайы кошумча илгичтерди буюртма кылгам.Эми алардын ар бирин илгичтен чыгарып,кайра ордуна киргизип текшерип чыктым.Анан караңгыга сүйкөнүп турган айнектин бир үзүмү да калбоосу үчүн пардаларды ордуна жылдырдым.Кроваттын жанындагы столдогу стол лампаны күйгүздүм.Бир кырына олтуруп бийиктеп кеткен коркуу туюмдарымды басаңдатыш үчүн бир нече жолу терең-терең дем алдым.19:30да телевизордо кызыктуу көрсөтүү башталат.Кроваттын нары жагындагы тумбочканын үстүндөгү саат 19:27ни көргөзүп турду.Мен ордумдан туруп телевизорго жакын басып барууга аракеттендим, бирок коркуу сезимдерим мен коё бербей койду.Ошентсе деле мен өзүмө,баары жайында,дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок,баардык нерсе текшерилди, мен үйдөмүн,бул жерде эч кандай коркунуч туудуруучу нерсе калбады,деп бышыктап айтып жаттым.
Шайтан алгырдыкы! Жүрөгүм мурдагыдай эле сыртка атып чыгып кетчүдөй болуп дүкүлдөгөнүн улантып жатты.Күрсүнүп, кроваттан туруп,дарбазага жетип барып кайра баарын башынан баштадым.
Бул келесоолорчо текшерүүлөрдөн кандай гана чарчап бүттүм.Мунун баары качан токтойт? Мен ушинтип үч жылдан бери жашап келем.Бул нерсени токтотуу керек.Ооба.Токтотуу керек. Бул жолкусунда терезелерге өтүү үчүн дарбазаны он эки жолу текшерүүм талап кылынды.

#6 25 May 2015 - 18:21
Жекшемби,16-ноябрь,
2003-жыл.
Акыры келип биз барда эмес,кайрадан спорт залда кезиктик.Баса, жума күндүн кечи муңайымдуу болуп бүттү.Болбойт экен мындай,мен бир жума бою дарылдадым да,дем алуусуз.Анан, кыскасы түрү сууктай көрүнүп,өзүмдү жаман сезип,маанайым тапандан ылдый түшүп жана да келишимдүү жигиттердин артынан ээрчүүгө таптакыр көңүлүм тартпай койду.Биз," Кувшин-рояль" деген барда бир аз ичтик,анан аныбызга "Куинз хед" деген барда кошумча кылдык.Анан эле ушул жерде мага жетишээрлик экендигин түшүндүм.Болду, үйгө кетем,дедим. Сэм мени тамашалап атат деп ойлоду окшойт,бир башкача тиктеп койду.Бирок мен баары бир кетип калдым.Ишемби күндү болсо сүт кошулган чай даярдап алып эски конолорду көргөнчө диванда өткөздүм.
_Жекшемби күнү саат ондо ойгондум,абдан сергек,көптөн бери мындай эс ала элек элем.Көчөнү муздак аба ээлеп турганы менен күн чайыттай тийип турду,шамал байкалбады. Чуркоого абдан ыңгайлуу учур деп чечтим.Чуркап бүтүп анан бир жерге кире коюп жегенге супперпайдалуу бир нерсе сатып келип эртерээк эле жатып алам.Бирок,бир- эки жолу сыйгалак тротуарда тайгаланып кеткендигимден азыр чуркап келүүнү өтө деле каалабай турганымды түшүндүм.Мындан да сонун ой бар:тренировкага кийчү кийимди жана чачыкты сумкага салып алып спорт зал жакты көздөй узадым.
_Бул жолу аны мен биринчи көрдүм.Ал бассейндин кырында туруп алып очкисин түздөп атыптыр.Ал да мени күзгү дубал аркылуу көрүп алаарын ойлонуп да койбой канааттана тиктеп тура бердим.Мына, ал көгүлтүр сууга секирди да,чабак уруп,балык сымал оңой эле сүзүп кирди.Бир "чувак" менин жерде жаткан сумкама мүдүрүлүп кеткиче мен анын бирде бассейндин нары кырына,кайра артты коздөй сүзүп атканын тиктеп тура бериптирмин. Ушул жерде гана акылыма келдим:токтот эми тиктей бергенди!
_Раздевалкада кийимимди алмаштырдым, сумкамды шкавчикке салдым,пластырь менен плеердин проводдорун чаташып кетип мени жүдөтпөөсү үчүн колума жабыштырдым, жана наушниктерди кулагыма тыктым.Күзгүнүн жанынан өтүп баратып өзүм бир сыйра көз жүгүртө өттүм.Эмне демекмин:жүзүм албырган,көз карашым кумарлуу." Кудай"-деп ойлондум мен,каничкичтей күлүмсүрөөмдү уланта.-Ал кандай гана сексуалдуу! "
Дүйшөмбү,12-ноябрь, 2007-жыл.
_Бүгүн бир укмуштай нерсе болду!
_Мен кийинчерээк керек болсо жылмаюу менен ушундай окуяларды эстеп коймоюм бар,бирок күтүүсүз бир нерсе болуп кеткенде алапайымды таппай калам.Өтө жаман дүрбөлөңгө түшөм.Мисалы, бирде үйдөгү труба тешилип калганда аны оңдой турган устаны күтүп атып коркконумдан дээрлик жинди болуп калайын дегем. Азыркыга чейин тушүнбөйм,ошондо кантип чыдадым экен!
_А бүгүн... бүгүн андан кийин дүрбөлөңгө түшүү (паника) пристубу болгон жок.Ошентсе да азыр мени бир желпип өтөт деп даярдандым. Жок,эч нерсе болбоду.Негедир аз-маз таң калычтуу.
_Жалпысы, мындай:мен ашканада кечки тамагымды ичип олтурган элем.Бир убакта эшик тыкылдады.
_ Мен катып калдым.Бүт денем муздай түштү.Менимче, мен дем да албай калдым окшойт.Домофонго чалышпады,демек кошуналардын бири тыкылдатты. Же болбосо сырткы дарбазаны дагы "итче" жаап коюшту-анда подьездге ким болсо да кирип алмак.А эгер качыш керек болсо,коргонуш керек болсо,менин селдейип калган денем мени коё бербесе керек эле,ал керек болсо биртке кыймылдоомду да каалабай жатты.Мен жаагымдан ылдый жаш агып жатканын сездим.
_Дагы тыкылдатты, мурдагыдан да катуу.Эмне кылуу керек? Мурда дарбазамды эчким эч качан тыкылдаткан эмес.
_Ашкана тараптан ооздогу дарбаза мага жакшы көрүнчү,көзөнөкчөдөн кадыресе сырттагы подьезди жарык кылып турган жарыктын сары нуру да кирип турчу.А азыр болсо ал нур көрүнбөй турду-эшиктин нары жагында турган денеси менен тосуп калды да.Ким ал? Ага эмне керек? Мен ушул жыгач дарбазанын нары жагында каардуу бир дөө тургансып берилип карап калдым.Дем алуудан коркуп,башым айланып жана да манжаларым сайгылашып баштады.
_Кадамдар. Ал кетип атат! Кулак түрө тыңшап калдым.Тепкич менен ылдый эмес жогору чыгып кетип атат.Мына жогорку квартиранын эшиги жабылды.
_А сен белең! Үстү жактагы кошуна.Уф...
_ Мен бир нече жолу уктоочу бөлмөмдүн терезесинен анын үйдөн чыгып кетип атканын,же тескерисинче кайра кирип келатканын көргөнмүн.Бир күнү мен үйдөн эми чыгайын деп атсам ал сырттан кирип келатыптыр. Мен белгилеп өткөнүмдөй ал кирүүчү дарбазаны бекем жапчу,-бул нерсе мени аз да болсо тынчтандыраар эле.Бирок баары бир не бар,не жок текшерип чыкчумун.Ылдый жакта велосипет пайда болбоду,короодо дагы көрүнбөдү,-а мүмкүн ал аны башка жакка таштап келип атабы?
_Менин жаңы кошунамдын келип кетиши ар кандай убакта,эч кандай тактык жок.Бул кыжырды келтирет.Мына миссис Маккензи үйдөн таптакыр эч жакка чыкпайт,бул жерде баары айдан ачык.Ар кеч мени менен саламдашыш үчүн эшигин ачат,мен болсо анын үйүндө ардайым телевизор бакырып жатканын угам.Бул айкырык менин полумдун тешиктеринен үйгө да кирип барат.Балким бул нерсе башкалардын жинин келтирээр.А мен болсо сүйөм.Бул мени тынчтандырып турат.
_Анан мына,кош келипсиз,бул үйдө мистер Белгисиз пайда болду.
_Эмне керек ага? Саат дээрлик тогузга жакындап калды,мейманчылыкка кеч го.
_А мүмкүн анда аспирим түгөндү бекен? Же дагы бир нерседир? Тынчтанып жана терең дем алып өзүмө келип калган мен керек болсо ага көтөрүлүп чыгууга да даярданып алдым.Анан эле ушул жерде биздин сүйлөшүп жатканыбызды элестетип жибердим:
"О,салам, азыр сиз тыкылдаттыңызбы? А мен душта элем..." Жок,токто,кайсы душ! Андай болсо мен так ошол тыкылдатканын кайдан билип алдым? "Айныган. Таптакыр акылдан тайган,-адаттагыдай башыма кылт этти.-Эси жайында адамдар мынтишпейт" Э барсынчы баары каалаган жактарына! Ким,шайтан алгырдыкы,бул дүйнодө эмне эмне жаман,эмне жакшы экенин чечет?
Жекшемби, 16-ноябрь,2003-жыл.
_Мен негедир аны кафеден табам деп күмөн санабадым,чындап эле:ал жакасы кең ачылган апакай көйнөкчөн "Таймс" гезитин окуп столдордун биринде олтуруптур, душтан соң ушундай бир салкын көрүндү.
_Мен бир аз буйдала түштүм-биринчи барып учурашсамбы же көрмөксөнгө салып койсомбу,деп чече албай жаттым,-бирок ал ушул жерде көздөрүн гезитинен өөдө кылды.Ал жылмайды,анан жөн гана бир-эки секунддай түз эле көздөрүмө тигилип карап калды... кандайдыр таң калычтуу,мага мунун баары башталышындай туюлду.Же болбосо,тандоо учуру.Мен азыр деле артка бурулуп кетип калсам болот эле.Бирок мен тура бердим.Үмүт үлпүлдөп жанып алды.
_Бирок ушул жерде ал дагы жылмайды,анан эле мени өзүнүн жели менен илип кеткен сыяктанып ал тарапты көздөй алып жөнодү.
-Салам!-дедим мен,кыялдануумдун жоктугу үчүн өзүмө жалына.-А мен сизди бассейнде көрдүм.
-Билем мен,-деди ал жайбаракат. -Мен дагы сизди көрдүм.-Ал гезитти тыкандык менен ирээттеп жапты да жанындагы столго койду.
-Сизге эмне заказ кылайын?
О-оба,эми чындап эле кетип кала албайсың.
-Эгер мүмкүн болсо,чай,-дедим мен.
Ал турду,а мен анын тушундагы ыңгайлуу креслого олтурдум.Жүрөк дүкүлдөп жатты.А мен ушуга жолугуу үчүн эрдик топтоого аракет кыла душтан кийин жарым сааттай раздевалкада олтурдум эле да.Бекер эле аракет кылыптырмын.
Ал эки мүнөт өтпөй чайник,чашка анан сүтү бар поднос көтөрүп кайтып келди да аны столго койду.
-Менин атым Ли,-деди ал,колун сунуп.
Мен да колумду сундум да анын аябагандай укмуштуу көк көздөрүнө карадым.
-Кэтрин.
Анын колу жылуу экен эле,кол кысуу болсо кубаттуу:кечинде, уктаар алдында,мен дале анын колума тийген алаканын жана анын терисинин билинер-билинбес жытын сезип жаттым.
Мен капыстан эле бүт сөздөрүмдү таппай калдым.Керек болсо күлкүлүү-адегенде менин оозумду жабуу мүмкүн эмес.Ал бүгүн жакшы чөмүлүп алды бекен,деп сурагым келди,бирок бул кызыктай суроо болуп калмак.Андан көрө анын бирөө жарымы бар экенин билсем кана,бирок бул чектен ашкандык.Андан дагы өтө катуу билгим келгени бул эле-ал мени кафеде атайы күттүбү же бул кокустан эле болдубу? Жалпылап айтканда,мен үч жолу тең "оба" деген жооп угаарымды ансыз деле билчүмүн.
-Мен так ушул учурда атыңыз ким экендигин таап жаткан элем,-деди ал акыры.-Бир канча ысымды сизге тууралап көрүүгө аракет кылдым,бирок эч кандай окшоштук болгон жок.
-Демек, сиздин оюңузча,менин көрүнүшүм Кэтринге окшобойбу? Анда кимге?
Бир-эки көз ирмем ал менин коздөрүмө карады.
-Эстей албайм,эми мен сиздин Кэтрин экениңизди билем,жана бул сиз үчүн эң мыкты ысым.
Анын көз карашынын астында мен чакап кеттим,кызара да түштүм да чайга оюмду бурууну чечтим.Бул бир кыйла коопсузураак. Чай өзүнө керектүү түстү алгыча сүттөн бир тамчыдан кошо,аз-аздан аралаштырып жаттым.
-Эмнеге мен сизди андан кийин бир да жолу "Ривер-бардан" көрбөдүм,Кэтрин? -деп сурады Ли.-Сиз ал жакка андан кийин барбадыңызбы же мына менин жөн гана жолум болбой жаттыбы?
-Барбадым. Жумуштар көп болду.
-Түшүнөм.Үй- бүлөнүн жумуштарыбы?
Аха,ага деле менин үй-бүлөм тууралуу билүү кызык болуп жатат.
-Жок,достор менен болгон жумуштар.Менин үй-бүлөм жок.Мен университетте окуп жүргөндө ата-энемдин коздөрү өтүп кеткен,агаларым да,сиңдилерим да жок.
Ал боору ооругандай башын ийкеди:
-Ооба,жалгыз оңой эмес.А менин ата-энем Корноуллда жашашат.
-А,сиз Корноуллдан болосузбу?
-Пензанстын жанындагы кичинекей бир айылынан.Мен ал жактан биринчи мүмкүнчүлүк болгондо эле качып кеткем.Айылда жашоо дайым эле жагымдуу эмес-ал жакта башка бирөөнүн иштерине мурдуларын тыгууну өтө жакшы көрүшөт.
Биз унчукпай калдык.
-Так,демек,сиз "Ривер-барда" иштейсиз?
Күлүмсүрөп алып Ли өзүнүн кофесин аягына чейин ичип жиберди.
-Ии ооба,так ошол жерде,жумасына үч жолу.Негизи бир досума керек болгондо анын ордуна чыгып турам.А сиз бүгүн кечинде мени менен тамактана аласызбы?
Мен каңырыш угуп калбадымбы? Бүгүн? Мына сага кысуу... Мен таң кала анын коздөрүнө карадым.Линин көз карашында чымыркануу бир байкалып өткөнү менен үнү тегиз эле угулуп жатты.
Мен жылмайдым да чайдан ууртадым.
-Албетте,жан дилим менен!
Телефондун номуру жазылуу визитканы чөнтөгүмө беките чайымды аягына чейин ичип бүтүп ордумдан турдум.Фойе аркылуу сыртка чыгып баратып мен артымдан анын көз карашын сезип бараттым.Дарбазага жете берип ага кол булгалаш үчүн артка бурулдум.Дагы деле тиктеп туруптур.Мен кол булгаладым, бирок ал өзүнчө бир нерселерди ойлой мага күчкө сала эле жылмайып койду.
Ишемби,17-ноябрь, 2007-жыл.
_Менин дем алуу күндөрүм ар кандай өтөт,кээде жакшы,кээде баштан аяк мээ дирилдетмей. Датадан көп нерсе көз каранды.Мисалы, магазинге жалаң жуп күндөрү гана кирем.Эми,13- число,түшүнүктүү иш,жакшысы үйдөн таптакыр эч жакка чыкпоо керек.Так күндөрү мен залга бара алам,бирок,эгер күн буркөө болсо же жамгыр жаап жаткан болсо.А эгер күн ачык болсо-эч качан.Анан дагы так күндөрү мен тамак жасай албайм,муздак бойдон жеш керек болот,же жылытып жейм.
Бул эрежелер эмне үчүн,сиздер сураңыздарчы? Бир гана менин оорулуу мээмди тынчтандыруу үчүн.Ал мага күнү да,түнү да тынчтык бербей келет,көз алдымда болуп өткөн картина элестеп чыгып алат да анын артынан эмне болоору да пайда болот.Бул,ужас кинону кайра-кайра көрүп,коркуудан улам-улам өлө бергенге окшош.А эгер мен баарын туура,кезеги менен,бир ритмде кылсам мээм убактылуу тынчтана түшөт.Эгер квартираны так санда текшерүүдөн туура өткөзүп алсам көчөгө чыкмак тургай бир канча саат баарын унутуп тынчтанып калам.Чын эле азга мен баарын унуткандай болом,бирок так эмнени экенин эстей да албайм.Бирок көпчүлүк учурда мындай болуп чыкпайт.Кулпуларды, дарбазаны,жылчыктарды бир канча тажатма текшерүүдөн, жана кайталап текшерип чыгуудан кийин да мен күмөн саноодон озүмдү-өзүм кыйнай берем:баарын эле ойдогудай кылдым бекен? Анан да мени коркунучтуу алдын-ала көрүү жабышып алып ээрчий берет:мен квартирага кирем,ал эми ал жакта үрөйдү учурган бир нерсе мени күтүп алат.Ошон үчүн мен бир жол менен катар эки күн баспайм да-а мүмкүн артымдан бирөө аңдып жүрсөчү? Жалпысы,өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Жиндикана.
_Эмне кылмак элем-ушинтип өзүмдүн фобиям менен тил табышууга туура келет.Кээде мен эрежелерди өзгөртөм же жаңысын ойлоп табам.Мисалы, мен тепкичтерди дагы санай баштаганымды өткөнкү жумада гана байкап калдым.Мен бул адаттан алда качан кутулгам деп ойлоп жүргөн элем,мына эмес-кайра баштан! Баардык күч сарптап өзүм менен күрөшөм,бирок жыйынтыгы жакшы боло элек.Жана да барган сайын билинбей жаман жагына кетип жатат....
Мына эми,бүгүн ишемби,так число,а менде нан түгөндү.Жана да чай пакетчелер. Аларсыз кыйын.Чай ичүү да кезектеги катаал "ритуал" ,анан да бул нерсе дем алыш күндөгү зарыл нерсе.Мен биринчи кружкамды эрте мененки так сегизде ичем,андан кийинкисин ондо,анан саат төрттө жана кечки сегизде.А эгер өз убагынан өткозүп жиберсем баары ашмалтайга айлана баштайт,эч нерсени ойдогудай текшере албай калам-а мүмкүн мага кафеин жетишсиз болуп жата бекен,ия? Үмүтүм үзүлө таштанды салынуучу чаканы карадым.Картошканын аарчылган кабыгы менен спагеттиге колдонулган соустун үстүндө эки сааттан бери жаткан эрте мененки пакетче жатыптыр.Мен керек болсо аны ал жактан көтөрүп алайын дедим,бирок кайнак суу куюлуп турган чашкама сала албашымды түшүндүм.
Мына келесоо! Убагында чай сатып алып койбогон.Албетте мен өзүмдүн мококтугума капа болуп алдым (мен бул нерсеге устамын).Магазинге барайын дейм,бирок жуп эмес күн болгондугуна байланыштуу бара албайм.Анан да барып келгенден кийин текшерүү ойдогудай болбой начар боло баштайт.Чай сатып келдим дейин,а эгер квартирама бирөө-жарым кирип кетсечи? Үйгө кайтып келем,а ал жерде чакырылбаган конок олтурат.
Бир сааттан ашык бурчтан бурчка тыбырчылап басып бир чечимге келе албай жаттым.Эмнеси жаман:Бүгүн таптакыр чай ичпегенби же тыюу салынган күнү магазинге чыгып келгенби? Алагды болуу үчүн планда жок квартира текшерүүгө өттүм.Бирок улам эле бир нерсени туура эмес кыла бердим.Жана да өзүмдүн "ритулымды" канчалык көп кайталаган сайын чарчоо мени ошончолук тез орой баштады.Оба, мен кээде түшүнүп калам,жана ошол маалда мен анан сайын жаным тынбай ызылдай баштайм.Күч дээрлик калбай калса деле эч жакка жашына албайсың да.
Унутчаак мээмдин каргыш тийген тээ бир жашыруун булуң-бурчунан жука жана алсыз акылдуу ойлор жырып чыгып жатты:"Акыл- эси жайында адамдар мындай нерселерди кылбайт!"
Онго жыйырма мүнөт калганда биротоло алсырап калган мен бир бурчка олтура калып ыйлап жибердим,анан эле ылдый жактан эшик жабылды.Андан соң жогору жакты коздөй кадамдардын дабышы угулду.Алгылыктуу бир-ар нерсеге акылым жетпей атып мен бутума туруп калдым.Көчөгө чыкпай туруп бир канча пакетче карызга сурап турсам болот го!
Үстү жактан эшик жабылды.Мен жаагымдан жаштарды аарчыдым,чачтарымды манжаларым менен түздөп койдум.Таранууга убакыт жок! Эрте мененки онго болгону он беш мүнөт калды.Квартираны текшерип чыкканга да убакыт жок.А эмне,эгер... Болбогон нерсе,мен озүм уктум го сырткы эшик тарс эте жабылганын, ал "итче" эле таштап койгон жок.Эшик жабык.Жөн гана бир кабат жогоруу көтөрүлүп баруу керек.Тумбочканын үстүндө турган ключту алып,дарбазаны бир бурам кулпулап коюп,чечкиндүүлүксүз менен жогору көтөрүлүп келип анын квартирасынын алдында туруп калдым.Башта бир да жолу бул жакка келген эмесмин.Анын тепкич бүткөн аянтында терезе бар экен,бирок свет жок экен.Мен ылдыйды карадым:дубалдын наркы бурчунда менин квартирамдын дарбазасынын бир чети көрүндү.Унчукпай калуу.Бирок бир канча секунддан кийин кадамдардын дабыштары угулду.
Качан гана дарбаза ачылганда калдыраган үндөн мен аз-маз секирип жибердим.
-Эй,салам! -Анын жагымдуу жылмаюусу бар экен.
-Сизде баары жайындабы?
-Ооба... Сизде бир нече чай пакетчелер табылабы,деп сурагым келди эле? Мен кайтарым берем.Менде жөн гана түгөнүп калыптыр.
Ал мени кызыгуу менен кулак түрө карап калды.Мен эмне,жин тийгендерден болуп көрүнүп жатамынбы? Мен күчүмдүн болушунча жайбаракат сүйлөөгө аракет кылдым,бирок, балким,көздөрүмдөн айламдын кеткени окулуп жатты окшойт.
-Албетте,-деди ал,-кириңиз!
Мен ичкери кирүүм үчүн ал эшикти кең ачып күтүп калды.Башкача жакшынакай жагдай учурда мен эч качан чоочун квартирага кирбейт болчумун,бирок менде башка жол жок эле.Мен каргыш тийген бир чашка чайды так ондо ичүүм керек! Ошондуктан, мен озүмдү жеңип,ичкери кадам таштадым.
Ашкана узун коридордун этегинде,дал менин жатуучу бөлмөмдүн үстүндө жайгашыптыр. Ошон үчүн кытай студенттери озүлөрүнүн кечелери менен мага уйку бербей жүрүшкөн тура. Ашкана столунун үстүндө продукта салынган үч пакет үйүлүп туруптур.
-Мен азыр эле чай сатып келдим,менде дагы кечээ түгөнгөн,-деп маалым кылды кошуна пакеттерди аңтарып атып.-Баса,менин атым Стюард.Стюарт Ричардсон.Мен жаңы гана ушул жакка көчүп келдим.
Мен сунулган колду силктим да нур төгө жылмайган адамды көргөзүүгө аракет кылдым.
-Таанышкандыгым жагымдуу.Мен Кэти Бейлимин.Сиздин ылдый жактагы кошунаңызмын.
-Саламатсызбы, Кэти,-деп айтты ал.-Мен сизди квартираны көргөнү агент менен келгенде көргөм.
-Түшүнүктүү.
"Бербейсиңби бери каргыш тийгир пакетчелерди! -ой менен чакырып жаттым мен.-Мага карай бергенди токтот".
-Кэти,-деди ал,бир аз жайланта,-менде сонун идея пайда болду.Эмне үчүн бизге бирге чай ичкенге болбосун? Чайнекти коюңуз,а мен продукта салынган пакеттердин ичиндегилерде жайгаштырып жиберейин.Же сиз шашылып жатасызбы?
Суроо мени айласыз жарга такады.Үйдө менин кыла турган таптакыр жумушум жок-же өзүмдү күчкө салып,бир пакет чайды дагы кимден сураса болоорун ойлогонум жумушка кирмекпи,анан да саат онго үч мүнөт калганын көргөзүп турат,ошондуктан макул болуум керек эле.
Бир сөз менен айтканда,мен калдым.Рокавинанын жанындагы столдо ар кандай чашкалар туруптур,экөөсүн алдым.Муздаткычтан сүт алып чыктым,чайды кайнаттым,чайды демдедим да өзүм көнүп калгандай,бир тамчыдан,чай өзүнүн керектүү түсүн пайда кылгыча сүттөн кошуп жаттым.Мен чайды сыйкырлап бүткүчө Стюард каптагы продукталарды полкаларга жайгаштырып, аба-ырайы жөнүндө жана метрого жакын ыңгайлуу квартира ийгиликтүү табылып калганын айтып сүйлөп жатты.
Ооз күйгүзө мен биринчи ууртамымды дал саат ондо кылдым.Өзүмдүн квартирамды эптеп-септеп жаап койгондугума жана чоочун квартирада чоочун эркек менен жекеме-жеке турганыма карабай мен шарт эле тынчтана түштүм.
Мен тыкандык менен кружканы столго коюп,стол төгөрөк экенине карабай кружканын кармагычын так токсон градуска буруп койдум.Аны туура жайгаштырууга бир нече мүнөт талап кылынды.Стюард кашын суроолуу өөдө көтөрүп койду эле мен ушул жерде да гана жан дилим менен жылмая алдым.
-Бу мен жөн эле...-деп күбүрөндүм. -Кечиресиз.Жөн гана... мм... мен жөн гана жанымдын бардыгынча чай ичким келген болчу.
Ал күлүмсүрөй эки мүрүсүн кысып койду.
-Баары жайында.Чайды бирөөлөр менен ичүү бир топ жагымдураак.
Биз чайдан иче столдун эки четинде үнсүз олтурдук.
Анан ал айтты:
-А мен дагы күн алдын сиздин эшигиңизди тыкылдаткан элем.Бирок,сиз үйдө жок болдуңуз окшойт.
-Кантип эле? А бул нерсе кайсы күнү болду?
Ал ойлонуп калды:
-Дүйшөмбү күнү болду окшойт.Кечки жети же сегиздер чамасында.
"Тагыраагы тогуздар чамасында" ,-деп ойлондум мен,кудум эстеп жаткандай маңдайымды тырыштыра.
-Мен эч нерсени укпадым.Балким, мен душта болгондурмун. .. Иши кылса сизди ыңгайсыз учурга калтырбагандырмын.
-Жок,албетте жок.Мен жөн гана саламдашып коёюн деп,анан таанышканча, кыскасы ушундай максатта эле.Жана да мен иштен кеч кайткандыгымдан сиздин квартираңыздын жанынан түрсүлдөтө басып өтөөрүм үчүн кечирим сурап коеюн деп.
-Оорбу мындай жумушта иштеш?-деп сурадым.
Ал башын ийкеди.
-Ооба,оңой эмес,бирок адам баардык нерсеге көнүп кетет.Мен үн чыгарып түрсүлдөтүп басканым үчүн дайым эле кыжаалат боло берем.
-Анчейин деле эмес,-жалган айттым мен.-Мен өтө катуу уктайм,мени мылтык менен да тургузуу кыйынга турат.
Ал дагы кунт кое мени карап калды.Кудум азыркы айтканым жалган экенин билгендей.Бирок каяша айтпады.
-Болуптур,анда алдыда анча-мынча болушу мүмкүн болгон нерселер үчүн алдын-ала кечирим сурайм.
Мен ага жооп айтыш үчүн оозду ачтым да акыркы сөзүн угуп кайра эле шарт жаап койдум.
-Ии?-деп сурады ал.-Сиз бир нерсе айткыңыз келдиби?
-Эшик,-дедим мен.
-Эшик?
-Ооба,сырттагы жалпы эшик.Мен аны "итче" эле калтырып коюшканда тынчсыздана берем.Түшүнсөңүз, элдер үйгө киришет,а эшик болсо ачык бойдон кала берет.
-Мен жабылдыбы деп,ар дайым текшерем-деди ал.-Кыжаалат болбоң.
-Айрыкча түндөсү коркунучтуу. ..-деп кошумчаладым.
-Ооб,айрыкча түндөсү.Мен сизге убада берем,мен ардайым жакшы жабылганын текшерип турам.
Ал ант берип жаткансып бул сөздөрдү эч кандай жылмаюусуз айтты.Мен токтоосуз ойлорумду бир жерге жыйнай алдым.
-Рахмат.
Мен чайды ичип бүттүм да квартирамды чала эле жаап койгондугумду эстей олтурган жерден өөдө болдум.
-Коё туруңуз.-Стюарт тамак-аш салынуучу кичинекей пакеттин рулонун таап чыкты да андан бирин үзүп,аны кол кап сыяктуу колдонуп чо-оң бир кочуш чай пакетчелерди уучтап алып пакетти тескери кылып аңтарып туруп айландырып бурап койду.
-Мынакей, алыңыз,бүгүнкү күнгө жетет деп үмүт кылам.
-Рахмат,-өзүмдү жогото ал сунган пакетти көкүрөгүмө кыса араң айттым.-Мен эртең сатып келип сизге кайра кайтарып берем... -Мен унчукпай калдым да анан күтүлбөгөн жерден эле капысынан оозуман чыгып кетти:-Эгер сизге бир нерсе керек болуп калса... анда,кыскасы, кириңиз.
Ал кең жылмайып алды.
-Сөзүңүздөн кармап алайын. Ал жетишээрлик эле арттан ээрчий баса мени дарбазага чейин узатып койду.Мен болсо тепкич аянтына чейин кыйынчылыксыз чыгып келдим.
-Кош.Жакында көрүшөбүз деп үмүттөнөм,-деп айтты ал артымдан.
"Мен дагы",-деп ичимдеги корккон үн шыбырады.
Андан ары эмне болгонун айтсам сиздер ишенбейсиздер! Мен квартирама кирип телевизорду жандырдым да бир сааттан ашык көрүп олтура бердим-керек болсо дарбазаны,терезелерди түзүгүрөөк текшерип чыкпаганымды ойлонуп да койбодум.Андан кийин,албетте,күн аяктагыча тынчтана албай убараландым...

#7 25 May 2015 - 18:46
Жекшемби,16-ноябрь,
2003-жыл.
Түнкү он экиге жарым саат калганда мен сүйүп калдым.Жан дүйнөсүн эмес болсо,анда жок дегенде дене боюн.Балким, бул ойлорго кечки тамактын алдында ичилген кымбат келген вино менен эки порция бренди (бренди-күчтүү коняктын бир түрү) түрткүлөп жаткандыр.
Биз шаардын борборунда кечки саат сегиздерде жолуктук-Ли биринчи көргөндөгү костюмга таптакыр окшобогон эң сонун тигилген костюмда жана кара көйнөктө укмуш көрүнүп турду.Мага анын ийининин булчуңдары жука материалдан тигилген пиджагын түртүп,тарткылап турганын тиктөө абдан жагып атты.Кыска тегизделген саргылт чачтары душтан кийин дагы деле нымдуу бойдон болчу.Ал мени жүзүмдөн сүйдү да колумдан кармап алды.
Биз буюртма кылынган тамакты күтүп олтурганда Ли тагдыр тууралуу сүйлөп кирди.Колумду аяр кармап,алаканымдын арт жагына чоң манжасын нары бери жүргүзгөнчө, эми "Ривер-барда" иштебей калгандыгы үчүн мени кайрадан кезиктирүүгө үмүтү үзүлүп калгандыгын айтып жатты.Анда ал бардын хозяини,өзүнүн жакын досу суранганынан жардам берүү үчүн гана бардын оозунда бир нече жолу туруп берүүгө макулдугун берген экен эле.
-Элестет,биз андан кийин таптакыр жолугуша албай калышыбыз мүмкүн болчу-деди ал.
-Бирок жолуктук да.Кел ушул үчүн ичебиз!-Мен өзүмдүн бокалымды көтөрдүм да келечек үчүн,алдыда күтүп турган нерселер үчүн биринчи ооз тийдим.
Биз ресторанда узакка олтурдук.Ал эми ал жактан тайгак тротуарга чыкканыбызда сөөккө жетчү муздак шамал жүрүп атыптыр.Жалпылап айтканда,биз такси токтоочу стоянкага жеткиче мен тоңуп калдым,жада калса тиштерим кагыша баштады.Ли пиджагын чечти да менин далыма жапты.Пиджак анын денесинин жылуулугун жана билинер-билинбес жыттанган одеколонунун жатын сактап калыптыр.Мен колдорумду жеңдерине салдым да тыгыз кылып кымтыландым. Бул сыйдаң келген чоң жана жылуу үйдүн ичинде өзүмдү бир топ жакшы сезип баштадым.Бирок тиштерим баары бир бири-бирине кагышуусун уланта берди.
-Бери келчи,бүт денең титиреп жатат.-Ал мени озүнө тартты да колу менен мүрүмдөн жана белимден сылап жатты.
Мен көп уйкусуз түндөрдөн жана ичимдиктен тумандаган башымды анын ийинине жөлөдүм.
-Мм,кандай жагымдуу!
-Жакшы,-деп күбүрөндү ал.Анан кошумчалады: -Белгилеп өткүм келди,сен бул кыска кара көйнөгүңдө жана менин пиджагымда аябай эле сексуалдуу көрүнүп калат экенсиң.
Мен анын өбүүсүн күтүп башымды аз-маз артка тарттым,анын бул өбүшү өзү сыяктуу эле кылдат жана назик болду:жөн гана эриндери менен менин эриндеримди назик сылап өттү.Бир колу менен ээгимден кармап,бир колу менен чачтарымдан сылап жатты.
Караңгыда анын жүзү кандай абалда турганын мен көрө албадым.Такси жетип келди эле ал эшигин ачты.Мен ичкери кирип кеттим.
-Куинз- роудга,сураныч, -дедим мен.
Ал машинанын эшигин артымдан жаап койду эле аны көргөн мен нары-бери айнекти ылдый бурап жибердим.
-А сен мени менен эмессиңби?
Күлүмсүрөй башын чайкады.
-Сен эс алып ал,эртең жумушуңа барышың керек да! Биз жакында көрүшөбүз,сөз берем.
Мен бир нерсе деп жооп айткыча болбой эле такси бир булкунуп жүрүп кетти.
Жолдо мен өзүмдү түшүнүүгө аракет кылып бараттым:же мен аны бул камкордугу үчүн дагы да катуу сүйүп калдым,же болбосо жек көрүп калдым.
Подьезимдин алдында гана анын пиджагы менде калып кеткенине акылып жетти.
Шаршемби,21-ноябрь, 2007-жыл.
Өгүнкү ишембиден кийин биз Стюарт экөөбүз негедир утур-утур эле бет маңдай кездеше берчү болуп калдык.
Дүйшөмбү күнү эрте менен мен эми гана үйдөн чыгып баратсам ал жогору жактан сакал-муруту алынбаган,уйкусу канбаган түрү менен чуркап түшүп келди.
-Салам,Кэти.
-Салам! Жумушкабы?
-Ага... -Ал эстеп алды (зевнул).-Жанараакта эле ал жактан келгенимдей сыяктанды эле,эми мынтип кайра эле таң атып калды,кайра эле ошол жакка чуркамай...
Өзүнчө мага кол булгалап койду да андан ары жөнөдү.Мен эшикти жаптым.Ручкасын нары-бери жулкулдатып жабылды бекен деп далым менен аз-маз жөөлөп түртүп да көрдүм.Анан Стюрттын бурулуштан бурулуп алысыраак кетип калышын күтүп бир азга турдум.Ручканы дагы бир жолу тарткылап текшердим.Эшик жабылуу.Бул анык.Не бар не жок дагы бир жолу кайталап текшерип чыктым.
Шейшемби күнү кечки саат он бирлерден өткөндө анын тепкич менен жогору басып чыгып кетип жаткан кадамдарын уктум.Ал араң чыгып баратты,жада калса эшиктин нары жагынан да анын чарчаганы угулуп турду.Кызык, эмне болгон жумуш экен мынчалык чарчагыдай?
А бүгүн эрте менен мен өзүмдүн эшигимди текшерип баштаганда ал кире бериштеги жалпы эшикти ачып кирип келатты.Мен анын тепкич менен жогору көтөрүлүп келе жатканын угуп турдум,бирок дарбазанын жылчыктарын сыйпагылап текшере бергенди уланта бердим,анан эле ал пайда болду:
-А,салам! Жашоо кандай?
Анын абалы биздин мурунку жолугушуубуздагыга караганда алда канча жакшы көрүндү.
-Жакшы.Өзүңүздө кандай? Сиз эч нерседен адашып жаткан жоксузбу? Сиз тепкич менен ылдый эмес чындап эле жогору көтөрүлүшүңүз керекпи?
Ал күлүп койду:
-Чындап эле.Бүгүн мага дем алыш.Өзүмдү меймандап коёюн деп крауссан сатып келгени чыгып келдим.-Ал жергиликтүү кондитерскийдин кагаздан жасалган пакетин жогору көтөрдү:-Кошулгуңуз келбейби? Менин ыраңым ошончолук айраң калтыра тургандай көрүндү окшойт,ал жылмая кошумчалады: -Бирок,сиз,менимче, жумушка бара жатасыз...
-Оба-аба,жумушка! -деп айттым мен өтө эле шашыла.-Мүмкүн, башка жолкусунда. ..
Ал дагы жылмайды да мага көз кысып койду:
-Анда эске алынды.-Ал көз карашын менин дарбазама таштады.
-А дарбазаңызга эмне болду?
-Дарбазагабы?
-Начар жабылып жатабы?
Мен көзүмдү ылдый түшүрдүм:менин колум дарбазанын ручкасын мыжыгып туруптур.
-А? Ии... Оба,болуп турат! Кээде замок чайнап калат,коркунучтуу деле эмес.-Мен ага калп эле көргөзүү үчүн ручкадан тартып койдум. "Укчу бери,жылып кетчи нары,суранам сенден",-деп ичимден жалбарып жибердим мен,бирок ал мени уккан жок.Тура берди жанымда.Айла жок дарбазаны текшербей туруп ага "Көрүшкөнчө" деп айтып ылдый түшкөнгө туура келди.
Жок дегенде ал ушул сырткы эшикти дайым бекем жабат,ушунусуна шүгүр.Стюарт келгенден бери сырткы дарбаза эч качан чала жабылуу бойдон калбай калган эле.
Дүйшөмбү,17-ноябрь, 2003-жыл.
Иш күн аяктагыча мен ийнеде олтургандай олтурдум:ал мени кантип караганын эстеп калсам таттуу ойлор менен бирде катып калам,бирде өлгүчө коркуп кетем-а мүмкүн ал чалбайттыр? А эгер ал акыр аягы чалып калган болсо ага эмне деп айтуум керек? Мен жумуштан чыгайын деп даярданып жатканда ал чалды.
-Салам,бул мен.Күнүң кандай өттү анан?
-Эч кандай деле-мен деген жумуштамын да! Менде сенин пиджагың калып кетти.
Ал күлүп койду:
-Ага,эч нерсе эмес.Жолукканыбызда бересиң.
-Анда бул нерсе качан болот?
-Бул нерсени тезирээк кылганга аракеттенебиз. Билесиңби,бүгүн керээлден кечке сен жөнүндө ойлондум.
Мен үндөбөй калдым да анан айттым:
-Анда дем алышка чейинби?
Эми ал үндөбөй калды.
-Жок,-деп жооп берди ал акыры.-Дем алышта туура келбей калат.Анан да мен мынчалык узак күтө албайм.Балким, бүгүн жолугаттырбыз?
Ишемби, 24-ноябрь,2007-жыл .
Кечээ күнү бизде жаңыжылдык кече болду.
Таптакыр начар.Бир нерсенин өзгөргөнүн туюп жатам,албетте жаман жагына.Мен деген эми эле өзүмдү бир аз гана тың сезип баштабадым беле... Эми мына сага:бүгүн мени чайпалтып атат,бирок бул күпкүндүзү аз-маз ичип алганым үчүн эмес.Мен көп жылдан бери спирттик ичимдикке жакындабай келем,өзүмдү кыстай албайм... Жок,бүгүн жөн эле баары негедир башкача,азыр же ананыраак бир жаман нерсе болуп кетчүдөй болгон коркунучтуу туюмдар.Мен саат төрттө ойгонуп алып азыркыга дейре ар жарым саат сайын квартирамды текшерип жүрөм,акыркы жолкусунда чарчаганымдан жыгылып кетпеш үчүн дубалга өбөктөп алуума туура келди.Буга карабай бир-эки мүнөттөн кийин баарын башынан баштоом башталганы турат.
Эми кече жөнүндө.Мен эмнеси болсо да эркимди муштумга түйдүм да корпоративдик кечеге жөнөдүм.Даярданууну мен өтө эрте баштадым.Мурда мага эмне керек болчу:душка түшүп чыгуу,туфли менен көйнөк тандоо,анан боёнуп чачтарымды бир жаңсыл кылуу, жана ушул нерселерди кылып жатканча муздак винодон аз-аздан ууртап коюп курбуларга эсэмэсек жөнөтмөй:" Сен эмне кийип барасың?" "Жок,жакшысы көгүн кий"."Мейли, жолукканга чейин".Ар жак бул жак болуп атып баарына кырк мүнөт кетчү.
Азыркы жыйналуу-бул үрөй учурган баш катырмай.
Кавартираны текшерүү бир топ саатты алып коёт.Биринчи жолкусунда демейдегиде ойдогудай болбойт,себеби ручканы канча жолу тартып көргөнүмдү унутуп калам же адашып кетем.Же бир мүнөткө кечигип калам.Же болбосо эки мүнөткө белгиленген убакыттан эртерээк бүтүп калам.Мен кечээ күнү кечинде чыгыш керек болгон убакыт келгиче олтурган жокмун.Акыры сегизге он мүнөт калганда араң көчөгө чыкканымда чарчоодон жыгылып кетчүдөй абалда элем.
Албетте, барга мен кичигип бардым,бирок биздикилерди кире бериште жолуктурам деп ойлодум эле.Кечирим суроону оюмда кайталап коюп мен Хай-стритке жакындап калганымда каптал жактагы көчөдөн мага Стюарт чыгып келди.Күүгүм болсо да узун кара пальтодон жана шарфтын бир жагы бийик көтөрүлгөнүнө карабай ал мени таанып койду.
-Кэти,салам! Көңүл ачууга баратасызбы?
Ал кара-күрөң курткада жана моюнун орогон шарфта экен эле.Оозунан ак түрмөк буулар чыгып жатты.
Мен сылык жылмайып эле башты ийкеп кетип калгым келди эле бирок ал жолумду тосуп туруп алды.
-Оба,-дедим мен көңүлсүнбөй. -Офистик кечеге баратам.Жаңыжылга карата.
-Түшүнүктүү. -Ал башын ийкеп койду.-Мага дагы кийинки жумага ушундай бирөөсү даярданып турат.Мейли, балким,борбор тарапта кезигип калаттырбыз. Мен дагы достор менен ичкени баратам.
-Жагымдуу болмок,-деп күбүрөндүм мен бат эле.
Ал кенен жылмайды да: -Анда жолукканга чейин,-деп мен өтүп кетүүгө жолду бошото чекеге чыга берди.
Мен жонум менен анын көз карашын сездим.Бул жаманбы же жакшыбы түшүнө албай жаттым.Мурда бул бир нерсени гана билдирчү:жаман. Акыркы бир нече жылдын ичинде мен желкемдин арт жагынан дайым эле чоочун,тынчты алган,коркуткан көз караштарды сезип келем.Бирок азыр болсо бир башкача туюм байкалды.Жада калса жанымды тынчыта алган.
Акыркы эсеп боюнча мен өтө деле көп кечикпептирмин, баардык жыйналган кызматтагылар "Дикси" деп аталган барда олтурушуптур. Кыздар бир аз ичип алганга да жетишип кыткылыктап күлгөнчө ар кимге көз ыргыта залда басып жүрүшөт,баардыгында аябай эле ачык кийилген кийимдер.Мен, өзүмдүн моодалуу кара шымым жана жеңи узун боз блузкам менен алардын жанында боз каргадай,картайып калган аялдай көрүндүм.Баса, блузка жакшынакай, бирок,албетте, жабык.Таптакыр кошумча пландар үчүн эмес.
Кэролин, биздин бухгалтершабыз, мени көрүп аябай катуу кубанды жана кеченин бир топ бөлүгү менин жанымда олтурду.Менимче ал дагы өзүн ыңгайлуу сезбей жатты,арабыздан жалгыз гана ошол күйөөсү менен,менден бир топ улуу.Анын үч баласы бар жана чачы агарып баштаган кези,бирок ал азамат,жакында эле чачтарын боёгон эле.Коюу кызгылтым жылтырап турган түскө.А мен жөн гана кыска тегиздеттирип алгам,эми ар ай сайын чачтарачканага барып турушум керек болот.Ужас! Чын,мен көп сүйлөбөгөн чачтарач таап алганмын,ушунусуна да ырахмат.
Бактыга жараша,Кэролин дагы ар нерсеге кызыга бербөөчүлөрдөн. Ал өзү оозу тынбай сүйлөп атты,а мен аны дээрлик укпай эле олтурдум.Ошондой болсо да Кэр шамалды жөн эле чаңыта бербегендей, мен озүмдү начар сезип атканымды түшүнүп жаткандай,абалды жакшыртканга аракет кылып жаткандай туюлуп жатты.Сезип атты,эгер мен жөнүндө бир нерсе сурап кирсе мен шарт эле быт-чытым чыгып чачырап кетээримди.
Анан биз жалпыбыз үймөлөктөшүп алып "Тайский чертог" тарапка агылдык,жана ошол жакта мен узунунан келген устолдун тээ этегинен орун алып алдым,а Кэролин тушума олтурду.Балким ал мени ызы-чуудан жана жаны тынбай нары-бери баскандардан жашынды деп чечкендир,бирок ачыгы менде такыр башка ойлор бар болчу:столдун ортосунда тыгылып калуу өтө коркунучтуу, өзгөчө ресторанда адамдар толтура мезгилде.Чекеде олтуруп кошумча чыгып кетүүчү эшикти да байкаштырганча олтурасың,албетте, ошол эле маалда негизги чыга берүүчү жакты да унутпай тиктегенче. Эң биринчи ичкери дагы ким киргенин мен көрөм,эгер бир нерсе болсо качканга үлгүрөм. Кыздар жиндиче эле эч кандай күлкүлүү эмес тамашаларга мурдагыдан да катуу каткырыша жана катуу сүйлөшө баштады.Баардыгынын юбкалары көчүктөрүн араң эле жаап турат,мүрүлөрү жылаңач,атайы үтүк менен жаткырылган чачтары жалтырайт.Мен эч качан булардай болгон эмесмин.Же болдум беле?
Люси менен Диананын ортосунда кыпчылып олтурган Робин бактыдан төбөсү көккө жетип турду.Анын үстүнө тушунда эң сонун көкүрөктүн ээси Элисон олтурган эле.
Робиндин жагымсыз чыйкылдак күлкүсү бар,бүгүн андан да коркунучтуу бийик чыгып атат.Жийиркеничтүү эркек сөөрөй,жүзү майдан жалтырап турат,чачтарына бир нерсе сүйкөлгөн,колдору тердеген,жана дагы тиги уулуу келген ачык-кызыл оозу.Өзүнчө бир кердейген сылаң короз-кадимки эле жашыруун комплекстерди жашыргысы келген белги.Бирок сараң эмес,кыздардын артынан бир кол шилтөө менен чачылчу.Алар муну абдан жакшы көрүшчү.
Ал мен конторада пайда болгонумдан кийин мага да урунуп көрдү.Фотолабораторияда мени күтүп жана жумуштан кийин бирге ичүүнү сунуштады.Мен коркуп кеттим,бирок жылмаюу менен эбин таба күбүрөндүм: "Жок,рахмат! "
Мен аны капа кылгым келген жок,бирок,менимче капа эле кылып койдум окшойт кийинчеээк конторада менин лезбиянка экендигим жөнүндө ушак таркаганына караганда.Ха- ха! Жалпысы,чачым кыска кыркылуу,косметика колдонбойм- элдер мен жөнүндө дагы эмне деп ойлошу керек эле? Бул ушак мени толук канааттандырчу- эң эле дегенде сатуу бөлүмүнүн уятсыз менеджерлери көп тийишпей да калышты.
Биринчи ысык тамактын алдында,бирок бир сыйра айтылган тостордон кийин бир мешок белектерибизди алып келишти жана Санта-Клаустун кызматын албетте көңүл борборунда болууну жандай жакшы көргөн Робин өз колуна алды.
Анын дене-боюна караганда,ал, балким,качандыр кезде олуттуу эле машыккандай, бирок,азыр,гантелдерди гольф ойнолуучу клюшка га алмаштырып койгону көрүнүп турат.Негизи, эгер анын жагымсыз үнү менен күлкүсүнө көңүл бурбасак ал дале сымбаттуу бойдон.Кэролин мага Робин ошол эле сатуу бөлүмүндө кызмат кылган Аманда менен жолугушуп жүргөнүн кулагыма шыбырады,жада калса аялы менен ажырашууга да даяр экен.Эмне демекмин,эч кандай таң калычтуу эмес.
Баса,Аманда менен болгон ысык мамилеси да бүт фронтко чабуул кылганга тоскоол болгон жок,тигинде столдо жанында олтурган кошуна кыз менен эч нерсе менен иши жок флиртовать этип атат.Бир кыз андан жыйырма жаштай кичүү көрүндү,андан кем эмес.Ошол кыз моогу карышкырга өзүнө ишенбеген көз карашы менен абдан берилип жакшы көрүп карап турду.Чындап эле анынараак кайсы бир мейманкананы көздөй аны менен жетелешип жөнөйбү?
Сантанын белектерди таркатуу иши башталды.Мен озүмдүн белегимди ачууну каалабадым, жөн гана тарелканын жанына коюп койдум.Лента менен байланган жакшынакай кутуча.Жакшы белги.Бир секунддай менин башыма ал жакта одоно-тентек бир нерсе болушу мүмкүн деген да ой келди,бирок ал нерсе тамаша катары да.Эмне болду экен? Кутучанын сыртынан эле билип алуу мүмкүн эмес болду.Мейли, ачыш керек окшоду.Биздин компания дагы да бийик жыргап атышты-баардыгы өзүнүн белектерин ачышып,ызылдашып, ышкырып жана каткырып жатышты.Кимдир бирөө Кэролинге бир бөтөлкө кызыл вино белек кылыптыр-анчалык оригиналдуу эмес дечи,бирок ага жаккансыды.
Мен кучтучаны ачтым да анан кайра эле ушуну кылганыма өкүнүп кеттим... Ичинде кырмызы түстөгү жумшак пахта сыяктуу материял капталып тигилүү наручник менен ачык-кызыл түстөгү жатаар алдында кийүүчү көйнөк жатыптыр (сорочка).Мен көзүмдү өөдө кылдым:столдун башка этек жагында Эрин тынчы кете мени карап атыптыр,-менимче, бул иш ошонун колунан келди.Мен өзүмдү кыйнай жалмайып эриндерим менен гана "рахмат" деп туруп тыкандык менен кайра баарын ордуна салдым да белекти столдун асты жагына алып койдум.
Негизи эле "сорочка" сонун экен жана мага размери ылайык келмек.Бирок экинчи белек...
-Кэтти,эмне болду сага?-деп сурады Кэролин.Анын бети алоолонуп,жана ал бир аз булдуруктап айтты,-бир аз мас боло түшкөнү көрүнүп турду.-Сен ушунчалык кумсара түштүң...
Мен үнүмдүн сатып коюусунан сактана жөн гана башымды чайкап койдум.
Бир нече мүнөттөн кийин мен ордумдан өөдө болдум,эч кимге билдирбей белекти тыга койгон сумкамды шалаакылык менен колума алдым да туалетти көздөй жөнөдүм.Эшикти ачып жатып менин манжаларым титиреп жатканын байкадым.Мен жакынкы кабинкалардын бирине шашып кирдим да алаканым менен дубалга жөлөнө бир нече жолу терең дем алдым.Жүрөк чектен аша дүкүлдөп согуп жатты.
Мен кутучаны сумкамдан сууруп чыктым,сорочка менен наручникке колумду тийгизбегениме, сумкам да кутучаны ороп турган кагазга гана тийгенине кубандым.Таштанды салынуучу бочканын капкагын ачып андагы мурунга бир тийген сасык жыттан бети-башымды тырыштыра кутучаны ал жакка таштап ийдим.
Заматта жеңилдей түштүм.Титирөө өттү,кадимки сыйкыр сыяктуу.Мен сумкамды далыма илдим да сууну ачтым,ушул жерде бир нече айымдар атып кирип келишти да каткырыша кайсыдыр бир Грэм тууралуу,анын кандай гана акмак экендиги тууралуу талкуулап башташты.
Айымдар кабинкада үндөрүнүн болушунча айкырыша сүйлөшү жатышканда мен колдорумду таптаза кылып жууп чыктым.Үч жолу.Кабинкалардын эшиктери бир учурда ачылып жабылганда мен кагаз кол аарчы менен колумду аарчыдым да сыртка чыктым. Андан ары баары жөнөкөй болду.Тамакты алып келишти,жана мен акыры аягы көңүлүмдү бура бир кыйла тынчтана түштүм.Элдер эс алышууда,каткырык жана келжирек сөздөр ар тараптан чыгууда,ошон үчүн мен баарына астыртан көз жүгүртүп жана кээде терезе жакка карап да олтурдум.
Таптакыр эле караңгы каптап келди,Хай-стрит аркылуу жөө жүргүнчүлөр өтүп жатышат,экөө жана бир компания,кимдедир барга,кимдедир ресторанга. Күлүп атышат,күлкүлү сөз айтып атышат.Анан эле капыстан мен элдердин арасынан Стюарттын жүзүн издеп жатканымды түшүндүм.Жок, ушул кантип болсун.Мен чечкиндүүлүк менен Кэролин тарапка бурулдум да балдары тууралуу суроолорду узата асылып кеттим. Кечки тамак соңуна келгенде мен эч кимге билдирбей жылып кетүүнү кааладым,бирок Кэролин эч мүмкүнчүлүк бербей мага жабышып алды.
-Сен ушинтип эле кетип калбайсың мени моогу майда-чүйдөлөр менен жалгыз таштап,-деп сүйдөдү ал менин коздөрүмө жалбара карай.-Сураныч, Кэти,кел өзүбүздүн компания менен бирге "Ллойд Джорджго" барып келебиз!
Ал жада калса менин колумдан кармап алды мен "шамал" болуп кетпөөм үчүн.Мен эми мени да ээрчитип барууга мүмкүнчүлүк бердим.Билбейм эмнеге.Жок,билем, мен ошол түнү өзүмдүн фобиямдын себептери үчүн жөнөдүм,мен өткөндүн баарын эстөөнү чечтим,өзүмдү эркин сезгим келди.
"Ллойд Джордж" жакшынакй бар,жана ал жердеги элдер да түзүк эле сыпайы.Качандыр бул жерде театр болгон,бийик потолоктор жана каптал жактагы көрүүчү балкондор салтанаттуу майрамды билдирип,көргөзүп турат,башка тыгын жердерге караганда дем тартканга да оңой,кысылбайсың дегендей.Мен апелсин согун буюртма кылдым да бардын тушундагы бийик табуреттин бирине,Кэролиндин жанына олтурдум.Ал Флоридага барып келгенин айтып жатты,жана ал жакта өтө арзан бензин тууралуу.Ушул жерде мен Стюяртты көрдүм.
Ал дагы козүн көтөрдү да жылмаюусун жаркылдатты. Мен козүмдү алганга жетише электе эле ал жанында олтурган жигитке бир нерсе деди да мен тарапты көздөй жөнөдү.
-Кэти,салам! -деп кыйкырды ал бийик үндү жара.-Кандай, эс алып атасыңбы?
-Ооба! -жооп кыла мен да кыйкырдым.-А сенчи?
Ал жүзүн ызалуудай жыйрылтты:
-Менде,зээригичтүү. Сенин киргенин кандай гана жакшы болду.Биз бул жерде Ральфи экөөбүзбүз.
Стюарт колундагы пивосу менен досу тарапка,арык келген,очки тагынган узун бойлуу,көрүнүшүнөн анык ботаникке окшош жигитке ишарат кылып койду.Жигит кайсыдыр бир балакай менен көңүлүн бура сүйлөшүп баштады.
-Бул жумушуңданбы? -деп сурадым.
Стюарт күлүп койду:
-Ким? Ральфиби? Жок,бул менин кичүү иничегим.-Ал пиводон жутту.-Анан кандай болуп атат жаңы-жылдык кече?
-Мындан да жаман болушу мүмкүн эле.Мен көптөн бери ресторанда боло элек болчумун.
Мына келесоо,мунун кимге кызыгы бар? Мен таптакыр эле элдер менен сүйлөшүүнү унутуп коюптурмун. Мурда мени тыя алышчу эмес,а азыр сүйлөшүүдөгү жөнөкөй эле конструкцияны башымдан араңдан сууру чыгып атам.Кызык,мен качандыр бир кезде азыркы абалыма көнө алаар бекенмин? Робиндин каңкылдаган күлкүсү залдын оо тереңинен угулду эле Стюарт суроолу мага карап калды:
-Бул сенин коллегаларыңдын бириби?
-Оба,жийиркеничтүү бир акмак-дедим мен коздөрүмдү аңтара.
Үндөбөй туруп калдык,биз экөөбүз тең мындан ары эмне дээрибизди билбей жаттык.
-Демек,-деп улады Стюярт,-айтчы мага,сен биздин домдо узактан бери жашайсыңбы?
-Бир жылдай болду.
Ал башын ийкеди:
-Мага ал жер жакты.Эми эле көнүп калдым,үйүмдөгүдөй сезем өзүмдү.
Мен каалоосуз жылмайдым.Жашыл коздөрдөн кадимки жаш балача чоң кубануу жалт-жулт этти,көптөн бери мага ушундай суктанаарлык көңүл эргиткен адам жолуга элек болчу.
-Мен кубанычтамын.
Арттан чакырган үн угулду:
-Стю! Биз экөөбүз тең кылчайдык.
Ральфи эшиктин оозунда Стюартты чакыра кол булгалап атыптыр.
-Барайын.-Оор үшкүрдү Стюрт. -Анда эмесе көрүшкөнчө. -Балким,ананыраак көрүшөөрбүз? -деп сурады ал.
Бир нече жыл мурун мен бул учурда шарт эле "Ооба" деп жооп бермекмин.Качандын убакта мен түнү менен клубдарда жана барларда темселеп жүрө берчүмүн." Аныраак көрүшөөрбүз" деген сөз башка барда жолугабыз дегенди,же болбосо кайсы бир подьездин алдында өбүшүүнү жана кучакташууну, андан ары чарчап-чаалыккан буттарыбыз менен үйгө барып бир төшөктө түнү менен түртүшүп ырахатка чөмүлүүнү билдирээр эле.А эрте менен зыңкылдап ооруткан баш менен ойгонмой жана ичтегинин баарын тезирээк сыртка кусуп салууну кааламай болчу.
-Ой,билбейм, -деп чайналдым мен,-Мен он беш мүнөттөн кийин үйгө кетем.
-Кааласайсыңбы, мен сени күтүп турам?-деп сурады Стюарт.-Үйгө чейин жеткизип коем.
Мен ага күмөндүү тигилип карап калдым.Эмнени ойлоп кетти ал:жөн гана жеткизүүнүбү же бир нерсеге үмүт кыла жеткизүүнүбү?
-Жок,рахмат, -деп айттым мен акыры.-Жакын эле го.Мен өзүм эле жетип алам,көңүл ача бер.Көрүшөбүз!
Ал бир аз ойлонуп калды да кайра жылмайды,колундагы бутылканы бардын столуна койду да Ральфи турган тарапты карай жөнөдү.
-Бул сенин досуңбу?-деп сурады Кэролин.
Мен башымды чайкадым.
-Кандай гана кейиштүү-ал кайгыра айтты.-Ушундай бир сымбаттуу! Жана да сага чындап көз артып калыптыр.
-Койчу ай,болбогон сөз,-дедим мен бул нерсе жаманбы же жакшыбы деп ойлоно.
-Болбогон сөз эмес! Ал деген сенден көзүн албады го! Ишен,мен мындайды дароо көрөм.Ал сени ушундай бир карап жатты... А сен аны кайдан тааныйсың?
-Бул менин кошунам.Бир кабат жогоруда жашайт.
-А ушундай дегин? Сенин ордуңда болгонумда убакытты текке кетирмек эмесмин.Болбосо башка бирөө сенден озуп кетет.Мындай товар көпкө жатпайт!
Мен өзүмдүн кызматымдагы бирге иштегендерди тыңшап турдум,алар эми кайда барууну талкуулап жатышты:же таксиге түшүп Уэст-Энд тарапка,же жөө "Красный- лев" жакка барууну талкуулап жатышты.Эрин, албетте,"Красный- лев" жакка ынандырып жатты,баары билчү анын ошол жердеги барменге кызыгып жүргөнүн.Бирок мага мунун баарына баары бир болчу,мындан ары алар менен барууну ойлогон да жокмун,баарынан да "Красный- левке",ал бардын кире беришен эки зөңкөгөй кайтарат.Биз көчөгө жабалактап чыктык да Толбот-стриттеги "Красный- лев" тарапка жөнөдүк.Мен атайылап басыгымды жайлаттым биринчи мүмкүнчүлүктөн эле пайдаланып каптал көчөгө бурулуп кеткенге,анан эле артымдан бир үн чакырды.Артка бурулдум:" Ллой-Джордждун" эшигинен басып келатып эле шымынын замогун жогору кылып келаткан Робин көрүндү.Ал Диана менен Люсиден эми мага өтүүнү чечти окшойт.
-Эй! Токто! Кэ-эти...-деп айтты ал учуп чуркап келип аралашып кеткен пиво,виски жана "цыпленка карри"нин жытын үстүмө жаба куя.-Тиги... Мен бүгүн өзгөчө чыйрайлуу көрүнүп жатканыңды айттым беле? Ал колун мүрүмө коюп туруп мага жакындай жылды эле мен анын денесинин ысык жалынын сезип кеттим.Мүрүмдү бир силкип анын колун түшүрдүм да калгандардын артынан жетип баруу үчүн кадамымды тездеттим.Мен ага бир нерсе деп туура эмес айтып алуудан корко жооп бергим келбеди.
-Эй! Эмне болду,сулуу кыз!-Ал мага жете келди.-Ах кандай гана сулуу оюнчукпуз(цацы), кандай гана кол тийгиздиргиси келбегендерденбиз (недотрога). .. Айтыңызчы мага жок дегенде бир сөз!
-Сен массың,-дегенге жарадым мен Кэролиндин жонуна ушундай бир сарсанаа менен карай.Же бир карап койсочу,бир жакын басып келип мени куткарып кетсечи.
-Бул анык чындык!-деп каткырды Робин,ар кандай атыр жыттарын мага жаба куя.-Оба,алтыным, мен масмын.Бизде жаңыжылдык кече,биз ушул үчүн жыйналдык.
Мен токтодум да Робинге бурулдум.Пайда болгон коркууларыма карабай ачуум келип кетти да үнүм каргылдана анын жүзүнө айттым:
-Менден алыс болчу,түшүндүңбү? Менден башка бирөөнү илгенге аракет кыл!
Ал дагы токтоду,сулуу жүзүндө ачуулуу жылмаюуу жарк этти.
-Фригидная корова! (которсом маанисин жоготуп коет экен)-деп катуу кыйкырып кое берди ал.-Кокус,озүңдүн кызыңа гана береттирсиң! Ал эми эркектердин алдында ойсоңдоп тайсалдай бересиң!
Мага эмнегедир күлкүлүү болуп кетти,жана мен жылмайып жибердим.
Ушул нерсени чындап кылбаш керек болчу:айбандай айкырып алган Робин мага атырылды.Тең салмактуулукту жогото мен эки кадам артка жылдым да артым менен кирпич дубалга такалдым.Робин үстүмдөн басып калды эле мага дем алуу кыйын болуп жатты:ал өзүнүн жүзүн менин жүзүмө такап озүнүн жийиркеничтүү тилин эриндериме тийгизе баштады.

#8 25 May 2015 - 19:17
Дүйшөмбү,17-ноябрь,
2003-жыл.
Ли мага түн жарымдн өтүп келди.Сегизге келем деп сөз берген,анан. .жок-чалбады дагы,жазбады дагы,эч нерсе жок.Он бирге жакындаганда мен эшиктин ручкасына чейин жеттим,барга жөнөөрүмө аз калды,бирок кайра оюмдан кайттым да кайрылып келип жатып алдым.Бир топко чейин азгырыктуу: "Эми каерде жүрөсүң темселеп?" -деген ойлор менен күрөшүп жатып өзүмдү өзүм араң колго алдым.Кызда намыс деген болуш керек да! Ванна менен туалетти жууп чыктым,үй ичин жыйнадым,досторго бир-эки кат жөнөттүм.Бирок жүрөгүмдө ачуу менен таарыныч топтоло берди.
Он экиде эшик тыкылдады.
Мен өтө ыкылас коё потолокту жаттап жаткан элем,тыкылдаганды угуп мага жөн эле ошондой туюлуп кетти деп ойлоп койдум.Бирок кайра дагы тыкылдатышты, өжөрдөнө.Мүмкүн, такыр ачпай койсомчу? Биринчиден, жазалайм,мындан ары мага мындай кенебестик кылбоосу үчүн! А экинчиден,мен эми пиджамачамында да.
Мен кулак түрө тыңшап калдым-эми эч ким тыкылдаткан жок,бирок жата берүү да мүмкүн эмес болуп калды.Жада калса ачуумдан ичим бургуп атты.Үшкүрүнө, мен кроваттан турдум да уурдана баскан кадамдарым менен ылдый түштүм,кире бериштин светин күйгүздүм.Анан бул мырза тууралуу кандай ойдо экендигимди айтууга дарбазаны бир силке катуу ачтым.
Мен канга чыланган жүздү көрдүм.
-Кудайым ай,сага эмне болду? Эмне болуп кетти?
Жылаңаяк бойдон эле чыккандыгымдан көчөгө да ошол эле бойдон жүгүрүп чыктым,анын жаагын колумду тийгиздим.Ал ооруудан кыймылдап жиберди.
-Кирсем болобу?-деп сурады ал чаалыккан бирок тайманбаган жылмаюусу менен.
Ал сопсоо экен эле,мен деген биринчи кезекте эле аны ичип алган деп ойлоп жиберген элем да.А кийимдери... булганган,тырышкан джинсы,качандыр бир кезде көк түстө болгон өңү өчкөн көйнөк,бүтүндөй кир жана кандын тактары,жараксыз болуп калган күрөң пиджак,жана ичимдиктин грамм жытысыз,бир гана кирдин,тердин жана муздак түндүн жыты.
-Деги эмне болуп кетти?-деп суроом менен кыйнай баштадым.
Ал жооп берген жок,мен аны уктоочу бөлмөгө жөөлөп алып бардым,диванга олтургуздум, чакага жылуу суу алып келдим,жана ошондой эле йод менен үзүм-үзүм кербез дагы.Бөлмөмдөгү жарым караңгылыкта мен манжаларымдын астында анын жаагында килейген шишик пайда болуп баштаганын сезе бет сөөгүнүн канын жууп чыктым.Кан кашынын астындагы кесилген жерден дагы агып жатты.
-Сен айтасыңбы мага?-деп сурадым мен эми жайбаракат.
Ал мени кыска гана карап койду да жаагымдан сылады.
-Сен бул пиджамаңда ушундай бир жакшынакайсың. Кечир,кармалып калганым үчүн.
-Ли,токтот! Эмне болду дейм?
Ал башын чайкады.
-Мен бул тууралуу айтууга укугум жок.Жалгыз гана белгиленген сегизге келе албай калгандыгым үчүн кечирим гана сурай алам.Телефонго жете албадым,бирок мен аракет кылдым...
Мен анын жүзүндөгү канды жууп жаткан кыймылымды токтоттум,жашыл көздөргө кыстай тигилдим.Жана анын жалган айтпай жаткандыгын дароо түшүндүм.
-Мейли,эмне болмок эле,-деп күбүрөндүм мен.-Жакшы,жок дегенде мага жетип келе алдың.-Мен кашын йод менен сүрттүм.-Ошондой болсо да кечки тамак алда качан муздап калган.
Ал күлүп жиберди да кайра эле ооруудан бети башы жыйрыла түштү.
-Мейли,чеч көйнөктү! -деп өзүмчө буйруй баштадым,бирок, ал,тиги көрүнүп турганындай, акыркы күчүн жогото соолуй дивандын артындагы жөлөнө турган жагына карай чалкалады.Эми көйнөктүн топчуларын мен өзүм чече баштадым.Көкүрөгүнүн оң жагы үрөйдү учурган сыйрылган издерге толуп кетиптир-али көгөрө элек экен.-Кудай! -чыгып кетти менден.-Сен ооруканага барышың керек,болгондо да батыраак.
Бирок ал мени кучактады да көкүрөгүнө кысты.
-Мен бул жерден эч жакка кетпейм,-деп шыбырады ал.
Анан өбө баштады-башында назик,бирок андан ары өбүү оорлошо,созула берди,мен өзүмдү кыстай жооп берип аттым.Ли дагы да бекем ыктоо үчүн алаканы менен желкемден ороп кармап алды.Мен анын майкасын чечүү үчүн болгону бир нече мүнөткө анын эриндеринен алыстадым.
Ошондогу биздин биринчи жолкубуз таптакыр романтикасыз болду.Менин сүйүктүүмдөн тер,машинанын майы,жана көпкө ичилбей туруп калган кофенин жыты буркурап турду.Ли бүт салмагын сала менин үстүмө чыгып алды,өсүп калган сакал-муруту менин теримди оорута аймап жатты.Бирок мен баары бир аны жанымдын бардыгынча каалап турдум.Презерватив туралуу ал ойлонгон жок,мен дагы аны токтоткум келбеди.Биз жада калса жарытаарлык чечинген да жокпуз.Беш мүнөттөн кийинки дивандагы карышкан силкинүү менен ичиме ишин бүтүрө,жаны ачып бышактап ыйлай,ыссык деми аркылуу мени өрттөй ал мага ээ болду.
Жарым караңгылыктагы уктоочу бөлмөдө мен анын көздөрү жашка кантип толуп жатканын көрдүм,ал дагы бир жолу бышактады,анан дагы... Бечара,бүгүн ага кандай гана кыйын болду! Мен аны кучактадым, башын көкүрөгүмө жөлөдүм.Мага ыссык тамчылар тамып жатты-же кан,же көздүн жашы.
-Кечир мени,-деп шыбырады мурдун шуу тарта.-Мен... бул нерсе ушундай болушун каалабагам. .. мына ушундай.Мен баары кооз болушун каалаган элем.Ар дайым мен баарын булгоонун айласын таап турам! Эмнеге мен ушундай бир бүткөн акмакмын!
-Ли,сүйүктүүм, антпечи,-деп шыбырадым жооп кыла.-Баары жакшы.Мага жакты.
Качан гана Ли ыйлап алгандан кийин мен чай жана "тосты" (тосты-жука тууралган нандын куурулган же кургатылган түрү) жасаш үчүн жөнөдүм.Ли тамакка аны кадимки бир жума бою тамактандырбай кыйнагандай жулунду.А мен,дивандын жанындагы стулда олтура анын кантип жешин карай,жана аны болуп өткөн нерсени айттырууга кантип көндүрсөм экен деп ойлонуп жаттым.Анан мен аны ваннага алып бардым,ал жакта душтун алдында экөөбүз чогуу турдук,мен эң жумшак губкамды алдым да аны самындап анын денесиндеги кандарды жууп чыктым.Чынында аны түзүк эле токмоктошуптур: оң далысы-кадимки катуу жүрүп бараткан машинадан асфалтька ыргытып жибергендей бүт канталап көгөргөн,оң колунун манжалары шишип кеткен,манжаларынын сөөктөрү канаган-ал бирөөгө чындап эле жооп кайтарган,оң колтугунан жонуна кеткен терең кесилген издер,мүмкүн, керек болсо кабыргалары да сынгандыр.Мен анын чачын самындап жатып жатып оң кулагынын аркасынан бир бүтүн катып калган канды сыйпалап өттүм,бирок эч кандай жараат таба алган жокмун.Ал кан кимдин каны болгон күндө дагы аны суу жууп тешикти көздөй агызып жиберди.
Ишемби,24-ноябрь, 2007-жыл.
Буттарым кебездей жумшарып,мен Робинди өзүмдөн алыстата түртүп жиберүүгө күчөнүп,кыйкыргым келди,бирок спазм (тарамыштын тартылганы же кандайдыр бир приступ) тамагымды бүтөп салды,жүрөк абдан жиниккендей согуп жатты.Мен ылдырай тизе менен аны эки бутунун ортосуна сокку узатууга аракет кылып көрдүм,бирок күтүүсүз жерден ал онтоп жиберди да артка жалт берди.
Робинди бөлөк киши жакадан кармай менден алыстата сүдүрөп баратканына мен бат эле акылым жете албады.Анан ал аны урду,Робин тротуарга көмөлөнө жыгылып түштү.
-Жогол нары!-деп айкырды тиги киши.-Тезинен кетип кал мен сени дагы сабай элегимде!
-Мен түшүндүм,досуке. -Робин шымын күбүй ордунан чукул турду.-Мынчалык толкундануунун кереги жок,кетип атам.
Ал калгандарды кууп жетүүгө чуркады.Таңкалычтуусу эч ким эч нерсе байкабады.
Менин куткаруучум Стюарт болуп чыкты.
Мен граффити тартылган дубалга жөлөнгөн бойдон тура бердим.Кыска, бат дем чыгаруу жана дем тартуу.Аба жетпей жатат,жетпей жатат... Мен муштумдарымды кыстым,манжаларым тынчтангансыды. Азыр башталат.Хай- стрит ортосундагы саат онбирдеги дүрбөлөң (паника) түшүү - жо-о-ок!
Стюарт мага жакындап басып келди,бир нече кадам ары токтоду,мен анын жузүн көрүшүм үчүн жарык тийип турган аянтта турду.
-Канттиң? Бирок не деген ашыкча келжирек суроо берип жатам! Мейли,дем алуудан баштайбыз.Терең дем ал.Андай кылалбайсыңбы? Кел чогуу аракет кылып көрөбүз.
Ал алаканын менин мүрүмө койду.Мен дубалга дагы да бекем жабыштым,бирок ал колун албады да менин көздөрүмө карады:
-Терең дем ал дагы демиңди ичиңе кармап тур.Азамат,кел дагы бир жолу.
Анын үнү жумшак,тынчтандырчудай угулду.Бирок булар да мага таасир бере албады.
-Мен үйгө барышым керек...
-Бир мүнөт коё тур.Башында дем алууңду тууралайлы.
-Мен... үйгө барышым керек...
-Толкунданба. Мен сени мененмин.Тиги келесоо кайра келбейт.Мага кара.Мени менен чогуу дем ал.Жайыраак. Ушундай.Жакшы. Дагы.
Анан мен дем алууга "сконцентрироватся" эте алдым.Шокко карабай бир нече мүнөттөн кийин жүрөктүн согуусу бир аз басаңдады.Бирок титирей бергеним улана берди.
Стюарт тынчтандырууга чакыра мага үнсүз караганын улантып жатты.
-Мынаке,эми бир кыйла түзүк,-деп күбүрөндү ал акыры.-Сен баса аласыңбы?
Мен бир нерсе дешке күчүм жетпей башты ийкедим,жана дубалдан ажырадым.Бирок аз эле жерден жыгылып кете жаздадым,буттарым баш ийүүнү каалашпай турду.
-Мага жөлөн.-Ал мага колун сунду.
Бир нече мүнөт мен коркуу сезимдеринин жаңы толкундары менен күрөштүм.Качып кетүүнү каалап жаттым,артка кылчайбай качып кетүүнү,бирок мен өзүмдү башкаруу дээрлик колумдан келди да Стюарттын колунан кармадым,жана биз текши,тез эмес кадамдар менен үй тарапты көздөй жыла бердик.
Биздин жаныбызга бат эле полициянын машинасы токтоду.Машинадан узун бойлуу арык келген полисмен чыгып келди.
Мен дагы да катуу титирей баштадым.
-Эмне болду?-деп сурады Стюарт.
-Мэм,сизди видеонаблюдениянын камерасы зафиксировать этти,-деп айтты мага офицер.Бронижелетте тагылган рация түшүнүксүз бир нерселерди сүйлөп жатты.-Сизге кол салышты окшойт.Сизде баары жайындабы?
Мен күчтөнө башымды ийкедим.
-Сиз эмнеге титиреп жатасыз?-деп улантты офицер мага күмөндүү карай.-Көп ичип алдыңызбы?
-Жөн эле... суук.-деп араң айта алдым тиштеримдин бөлчөктөрүн ургулай арасынан үн чыгара.
-Сиз бул кишини тааныйсызбы? -деп сурады офицер Стюартты көргөзө.
Мен дагы баш ийкедим.
-Ме аны үйүнө жеткизип баратам,-деп айтты Стюарт.-Тиги жерде,алыс эмес,бурулуштан кийин эле.
Полицейский бизди дагы бир сыйра карап чыкты да башын ийкеди.Машинаны ичинен аны чакырды:
-Роб,кир бери,шашылыш чакыруу!
-Мейли анда,баары жакшы аяктаган болсо анда жакшы.
Ал машинага олтураары менен мени дагы да өлгүчө коркутуша машинанын сиренасын жандырып алып кетип калышты.
Биз Стюарт экөөбүз андан ары жөнөдүк.Ресторанда мен суу менен сок гана ичкен элем,бирок эмнегедир чындап эле мас адамдай теңселип бараттым.
-Демек,сен полицейскийлерди жактырбайсың, -деген Стюарт суроо узатпады,тактап койду.
Мен жооп берген жокмун.Менин коздөрүмдөн жаштар тамчылап жатты.Мен тиги офицерди көргөндө кадимкийдей селдейип калдым,айрыкча курунда илинип турган наручниктерден, ал эми сиренасы болсо селейүүмдүн аягына чыгарып салды.
Качан биз үйгө жакындап келип калганда Стюарт мени дээрлик колдорунда көтөрүп баратты.Мен ага жалгыз үмүтүмдөй жабышып алдым,колдон чыгарып жиберүүдөн корктум.
-Менин үйүмө кирели,чай ичебиз,-деп сунуш кылды эшикти ачып жатып.
Сырткы эшик жабылаары менен мен анын жеңин кое бердим да замокту текшердим,ручкадан тартып көрдүм,манжаларым менен жылчыктарды сыйпалап чыктым,ручканы дагы бир жолу тарткылап көрдүм.Бул процедураны дагы бир жолу кайталагым келди,бирок Стюарт мени кунт коё тиктеп турганын сезип калдым.
Мен жылмаюуга аракет кылдым:
-Рахмат сага,эми баары жайында.
"Сен эмне? Бол эми,кет үйүңө,мен каргыш алгыр эшикти дагы бир жолу текшерип чыгуум керек.Дагы жүз жолу!"
Мен күттүм,бирок ал кетпеди.
-Кэти,сураныч, кел меникине көтөрүлүп баралы.Мен сени чай менен меймандайм. Сен каалаган убакта кетип калышың үчүн эшикти ачык таштап коёбуз? Макулбу?
Мен аны таасирдүү карадым:
-Эми баары жайында.Чындап!
Ал ордунан жылган жок.
-Стюарт,сураныч, сен досторуңа кайрылып бара берсең болот.Мен эми өзүм...
-Жок,биринчи сен мага чайга киресиң.Сырткы эшик жабылуу,сен аны кантип текшергениңди мен көрдүм.Сен коопсуз жердесиң.
-Ал мага колун суна мени күтө туруп калды.Мен бул "галантный" жаңсоону этибар албагандай түр көргөздүм,бирок жаңы текшерүүдөн баш тартууга аргасыз болдум.
-Болуптур, жакшы.Жүр.
"Сен коопсуз жердесиң" ? Анын ушинтип айтканы таң калычтуу,деп ойлоп бараттым анын артынан тепкичтен көтөрүлүп баратып.Өзүмдүн эшигиме карабоого мен жүзүмдү тетири буруп алдым,антпесе мени андан сүдүрөп кетүү кыйынга турмак.Тиштене мен Стюарттын артынан бара жаттым.Баары бир түнү менен квартирамда жылчыктарды текшере басып жүрмөкмүн.Баары бир уктай алмак эмесмин.
Ал үйүндөгү баардык бөлмөдөгү жарыкты жандырды да анан кухняга чай коюуга жөнөдү.Кухнянын оң жагындагы дубал менен тосулбаган жерде оюлган эки терезечеси бар жатуучу кең бөлмө жайгашыптыр. Кең жана жапыс келген подоконниктеги өсүмдүгү менен кумуралар (горшок) туруптур-мага алардын эттүү жашыл жалбырактары жакты.Мен кароо үчүн жакын басып бардым да терезеге тигилдим.Бул жерден Хай-стрит жакка жетишээрлик эле жагымдуу картина көрүнөт экен:караңгылыкка карабай ал жакта камаарыбаган жергиликтүү калк басып жүргөнү көрүнүп турат.А эгер көздү жогору кылса Темзага чейинки үлбүлдөп жаркырап турган,кең кварталдагы, карама-каршы жактагы үйлөрдүн чатырлары,андан ыраакта - Кэнэ-Уэрфе мунарасынан көрүнүп турган өчүп-күйүүчү кызыл лампочкалар көрүнөт экен.Бир аз каптал тарапта учуучу тарелкага окшош жалпак жана көлөмдүү "купол" (купол-сферическая крыша,полукруглый вверх чего-л.,предмет в виде полушария) жаркырай жана кубулжуй от чачыратып турду.Стюарт менин чай куюлган кружкамды жапыз кофейный столикке койду да креслого олтурду.
-Өзүңдү кандай сезип калдың?-деп жароокер сурады ал.
-Жакшы эле,-деп калп айттым мен тиштеримди калчылдата.
Мен өзүнчө бир ыңгайлуулук жараткан жапыз келген дивандын кырына олтурдум да тизелеримди колдорум менен кармадым.Анан эле коркунучтуу чарчоо менин үстүмө үйүлүп түштү.
-А сен өзүңдүкүндө жалгыз кантесиң? Сенде баары жайында болобу?
-Албетте, -дедим мен.
Ал бир аз кечиктирип жатты.Анан менин кружкамдан да аз-маз ичти.
-Эгер,кокус, паника дагы башталып жатканын сезип калсаң,мени чакыр,макулбу? Жөн гана көтөрүл да эшикти тыкылдат.
Мен бир-эки мүнөт бул сунушту ойлонуп турдум."Макул" ,-деп айткым келип турду,ал туура айтып жатпайбы:түндөсү мени сөссүз жапайы коркуу сезимдери кууп жетет,бирок мен абдан жакшы билем,бул нерсе болуп жатканда мени жада калса пистолеттин сүрү менен да квартирадан сыртка алып чыга албайсың.
Колдорум эми анчалык деле калтырабай калды,анан мен кружканы көтөрүп бир жутум чай ичүүгө тобокел кылдым.Таңкалычтуу, Стюарт жаман эмес чай даярдоонун эбин табыптыр.Албетте, сүт азыраак,бирок дээрлик баары жетиштүү.
-Кечир,-деп күбүрөндүм мен.
-Эч нерсе эмес! Сен деген эч нерседен күнөөлүү эмессиң да!
Ушул жерде жаштарым жаңы күч менен агып баштады,жада калса кружканы столго коюуга мажбур болдум.Мен жүзүмдү колум менен жаап алдым.Мына азыр ал креслодон өөдө болот,жакын келет,алканы менен далымдан кысат.Мен азыр болуучу жаңы контакттагы шокко даярдана бүтүндөй түйүлүп алдым,бирок. .. эч кандай андай нерсе болгон жок.Мен качан гана көзүмдү ачканда столикте бир упаковка мурун арчый турган кагаз платоктор жатыптыр.Мен алкыш айта күлүмсүрөп, бирин алып чимкирип алдым.
-А сен билесиңби,сеники СНД (СНД-синдром навязчивых действиий) экенин?
Бул күтүлбөгөндүккө мен шарт эле жооп бере албадым.
-Рахмат эстетип койгонуңа.
-Сен даарыланып атасыңбы?
Мен башымды чайкадым:
-Эмне үчүн?-Мен ага карап калдым.Карап турат! Менден көзүн албай түптүз тиктеп турат.
Стюарт эки далысын аз-маз кысып койду.
-Кандайча-эмне үчүн? Жок дегенде өзүңө көбүрөөк бош убакыт камсыз кылууң үчүн.
-Анын мага эмне кереги бар? Менде ансыз деле көп,рахмат! - Менин үнүм кокустан эле чайкылдак жана катуу чыгып кетти эле мен чайдан ууртоого шашылдым. -Кечир,-деп айттым мен бир мүнөт өтүп,-сенин бул жерде тиешең жок.Мен сага такыр кыйкыргым келген эмес.
-Эч нерсе деле эмес,-деп айтты ал.-Сен туура айтасың,бул таптакыр менин ишим эмес.Мен негизи эле бул жөнүндө айтышым керек эмес болчу.
Мен алсыз жылмайдым:
-А сен ким,психотерапевтсиңби?
Ал күлдү дагы анан башын ийкеди:
-Ошого окшош.Мен Модсли клиникасында врач болуп иштейм.
-Врач болуп?
-Клиникалык психолог болуп.Мен ооркунада эмес,амбулаторно жолу менен даарыланган пацинттер менен иштешем.Негизи эле,менин специализациям- хроникалык депреция,бирок мен сеникиндей диогнозу бар көптөгөн пациенттерди көргөнмүн.
Абдан сонун! Керемет! Эми менин бир аз "тук-тук" экендигимди өзүмдөн сырткары бул дагы билет.Квартирадан көчүп чыгып кетүү керек,болгондо да батыраак.
Стюарт чайын ичип бүттү да кухняга жөнөдү.Кайтып келген ал алдымда турган столго картондон жасалган төртбурчтуу нерсе койду.
-Бул эмне?-коркунуч менен сурадым мен.
-Мен бул тууралуу эми эч качан ооз ачпайм,убада берем.Бирок бул-менин коллегаларымдын биринин визитная карточкасы. Эгер сен акыры жардамга кайрылууну чечсең,бул номерге чал дагы аны сура.Ал биздин ооруканада пациентеринин көлөмдүүлүгү боюнча жылдызыбыз болот.Анан да так ушул "синдром навязчивых действий" боюнча специализировать этет.
Мен көзүм менен визитканы карадым." Алистер Ходж".Ылдый тарабында кол менен "Стюарт" деп туруп анан мобилдик телефонунун номери жазылып туруптур.
-Бул менин номерим,-деди Стюарт.-Кокус сенде бул нерсе дагы башталса,чал, мен келем да сени менен бир аз олтура турам,эгер кааласаң.
"Ага,бат эле,бир паста"-оюмда чатакташа баштадым мен.
-Жок,мен анте албайм.Мен консультацияга кантип барам? Жумуштагыларга эмне дейм? Кокус алар менин "чокнутая" экенимди билип калышса-мени жумуштан айдап салышпайбы!
Стюарт жылмайды:
-Бирок сен "чокнутая" эмессиң да,жөн гана бир аз "нервная" сың.Жана жумушта да бул тууралуу билүүлөрү абзел эмес.Баса,сен даарыланууга барбасаң да,көп нерсени өзүң деле үйдө эле аткара берсең болот.Бир канча пайдалуу китептерди сунуш кыла алам:жумшартып, эс алдыра турган практикалар. Өзүң эле үйдө даарылана бересиң.
Мен визитканы колумда айлантып жаттым.
-Рахмат.Мен ойлонуп көрөм.
Сыртта сиренанын айкырыгы дагы чыкты.
-Мейли,мен барайын,-дедим мен ордумдан чарчаңкы өөдө боло.
Стюарт мени ашыкча эле түйүлтө бербөө (не напрягать) үчүн эшикти ачык таштап койгон эле.Мен площадкага чыктым.
-Анда,дагы бир жолу рахмат,-деп айттым мен артыма кылчая.Капыстан эле мен аны кучактагым келип кетти.Кызык, анын кучагында мен эмнени сезишим мүмкүн эле? Тынчтык же эч нерсе өзгөрмөк эмеспи? Бирок мен Робин мени кантип басып алганын дале унута албай жаттым.Кой,эч кандай кучаксыз.
-А бир нерсе тууралуу сурасам болобу?-деп өзүмдөн сыгып чыгардым.
-Албетте.
-А мүмкүн,сен өзүң... тиги... мени даарылап баштаарсың. Сен деле врачсың го.
Стюарт уялгандай жылмайды.Мен площадкада турам,ал-косякты (косяк-дверной брус) кармай кире бериште.
-Көңүл конфликти,-деди ал.
-Муну кандай түшүнсо болот?
-Эгер бир достошуп алсак,-деп түшүндүрдү Стюарт,-мен сени даарылай албайм.Мен сага карата болгон мамиленин айынан обьективдүү боло албайм.Түшүнүп атасыңбы?
Мен бул нерсе эмнени түшүндүрүшүн ойлонуп жатканда ал мага дагы бир жолу жылмайды да бейпил түн каалап эшикти жапты.А мен ылдый жакты көздөй жөнөдүм-сырткы эшикти текшерүүгө.
Дүйшөмбү,17-ноябрь, 2003-жыл.
Таң эрте,менин көзүм эми гана илингенде,ал капыстан мени өзүнө тарта кучагына кысты да анан эле оорудан кыңкыстап жиберди.
-Кэтрин,-деп кулагыма шыбырады ал.
-Мм?
Үндөбөй калды.Мен көзүмдү бир аз ачтым,бирок уйкусуроодон анын жүзүн ажырата алган жокмун-жалгыз гана ачык эмес кара темгил.
-Мен сага калп айтканмын,-деди ал.
Мен олтурууга аракет кыла өөдө болоюн дедим эле бирок ал мени бекем кармап алды.
-Эч нерсе дебе,жөн гана ук.Мен жумушум жөнүндө баарын айткан эмесмин.Мен бир эле клубта жумуш кылбайм,андан сырткары да башка жумуштар менен алектенем.
-Эмне болгон жумуштар менен?
-Сага айта албайм,азырынча айта албайм.Бирок убада берем-мындан ары сага эч качан жалган сүйлөбөйм.
-А эмне үчүн сен мага азыр айта албайсың?
-Көп себептер менен.
-А качандыр бир күнү айтасыңбы?
-Мүмкүн.Бирок жакын арада эмес.
-Бул кандайдыр бир жаман нерсеби?
-Кээде болуп турат.
Биз дагы унчукпай калдык.Ал менин чачтарымды абайлай жүзүмдөн алганча чачымды сылап жатты,ушунчалык жүрөк элжиреткен, ушунчалык назик көрүнүш.
-Жумушумдан сырткары каалаган нерсе жөнүндө сура,мен сага жан дүйнөмө жооп бергендей жооп берем,-деди ал.
-Сен үйлөнгөнсүңбү?
-Жок!
-Сенин бирөө жарымың барбы?
-Жок.
Ойлонуп калдым:
-Мен сени жактырып калганым үчүн өкүнөмүнбү?
Ал кыска гана күлдү да менин бетимден өптү:
-Толук болушу ыктымал.Дагы эмне жөнүндө сураганды каалайсың?
-Сен жакшысыңбы же жамансыңбы?
-Бул нерсенин көз карандылыгы сенин жакшы же жамандыгыңдан болот.
Мен бул жоопту ойлонуп көрдүм да ал толугу менен адилеттүү сүйлөп жатканына чечим чыгардым.
-Сен эми мага ар келишиңде жаракат алган жана сыйрылган түрүң менен келесиңби?
-Андай болбостур деп үмүт кылам.
-Тиги жигитке эмне болду?
-Бу сен ким жөнүндө сурап жатасың?
-Сен мушташкан адам жөнүндө.
Кыска тыным.
-Ал ооруканада
-Ого!
-Эч нерсе эмес,айыгып кетет.
-А мен сени өзүмдүн досторум менен тааныштырсам болобу?
-Азырынча коё тур.Бирок жакында мүмкүн болуп калат.Эгер кааласаң.
Анын мелүүн манжалары мойнумду,жонумду ушунчалык бир жагымдуу аралап өттү.
-Дагы суроолор калдыбы?
-Сен дагы бир жолу... эмете аласыңбы?
Анын эриндери менин эриндериме жакындап келди.
-Аракет кылам,-деп шыбырады ал.

#9 25 May 2015 - 19:46
Дүйшөмбү,24-ноябрь,
2007-жыл.
Паника мени саат төрттөрдө курчап алды.Мен уктаганга аракет кылдым,бирок, албетте,такыр колдон келбеди,болуп өткөн нерсени ойлобоого аракет кыла кроватта нары бери оодарылам,бирок ошол эле учурда Робин менен болгон ценаны кайра-кайра айлантып көрө бердим.Жинди кыз! Айласыз акмак! Эмнеге темселеп ресторанга барып алдым экен,каалабадым эле го! Мына,баарына мен өзүм күнөөлүмүн!
Албетте, баары көчөдө болду,бирок мага эмнегедир менин квартирам да кордолгондой туюла берди.Мен кирмин.Таза эмесмин.Жана квартира да таза эмес.Бүт жерде анын жийиркеничтүү жыты.Баардык жерде.Мага бир гана нерсе жардам бере алмак:текшерүү. Андыктан,аракет кылып көрөлү.
Биринчи жолкусунан кийин паника бир йотага (йота-название самой маленькой буквы греческого алфавита) да тынчтанып койбоду,мен иштин жагдайын түшүнүү үчүн бир мүнөткө олтурдум.Түшүнүктүү! Анын жыты менин териме сиңип алган,аны тезирээе жууп салуу керек.Мен үстүмдөгү кийимдеримди жулмалап чечтим да мусор салынуучу мешокко тыгып салдым.Андан кийин сумкамды столдун үстүнө оодара чачып,аларды да ошол жакка жөнөттүм.Эми, мешок бул жерде сасыбаш үчүн площадкага алып чыгып салуу керек.
Эми душка! Мен сууну агыздым,тырнак үчүн керектелген щётканы жана мачалканы алып Робиндин тийген жерлерин жакшылап жышып,кырып чыктым.Мен качан гана бүткөндө жышыган жерим кызарып чыгып анан ачыша баштады.Анан тишимди тишимдин эти канагыча жуудум,анан оозду чайкадым да башка таза кийим кийдим.
Эми кайрадан текшерүү менен алектене берсе болот.Черт,эмнеге жардам бербей жатат? Жарым саат өтүп,унитаздын капкагына чыгып алып бир да жылчыгы жок айнекти сыйпалап жатып,мен себебин түшүндүм:мен дале өзүмдү кордолгондой сезип жатам.Менин таптаза жуулуп чыккан жүзүмдөн ачыштырган туздуу жаш агып жөнөдү.
Мен үстүмдөгүлөрдү дагы жулкуп чечип салдым да таптаза кийимдеримди кир кийимдер жаткан бакка (бак-бочка) ыргытып жибердим,жана оорудан бети-башымды тырыштыра душтун астында туруп калдым."Сен таптазасың, чын,-таптакыр, тим эле тешиктериңе чейин.Өзүңдүн денеңе кара,анын колу тийген жерлерин жууп чыктың,баарын жуудуң,ал азыр бул жерде жок".
Жардам бербей жатат... Кайрадан тырнакка колдонуучу щётканы жана бактерияга каршы самынды алдым.Мен жышый бердим,жышый бердим,менден агып жаткан суу кызгылт түскө боёлду.Анан ушул учур менин эс тутумумдан кандайдыр жагымсыз-ооруткан сезимдерди калкытып чыкты,кудум эски жарам сыйрылгандай болду.
Кезектеги таза чачыкка орондум да чарчоодон алдан тая ваннанын кырына олтурдум.Башка кайталай албайм,кайталай албайм... Бирок мен баары бир сууга кайрылып түшөөрүмдү билип эле жаттым.
Душка түшүудөгү үчүнчү сеанстан кийин гана мен акыры кийинүүгө кириштим.Шкафтан жаңы футболка менен леггинсы (шым окшойт) алып чыктым.Буларды өзүмдөн чачыкты чечпей туруп үстүмө чоюп кие баштадым.Бул кечирилгис жаза болду.Баарын азап менен ойдогудай кайталоону каалап жаттым,тагыраагы баашынан баштоону.Жана да квартираны кайрадан текшерип чыгууну,коопсуз жерде экендигиме толук ишенүүнү.Кудай ай! Мынча суук! Башым да мынчалык ооруйт... Ошондой эле колдорум да калтырап жатат,жана кийимдерим мачалка менен сыйрылган теримди тырмап ачыштырып жатат.
Жетиге жарым саат калганда мен чарчоодон буттарым шилтенбей калды.Чай даярдап жатканымда гана паника убактылуу чегинди.
Муздак,калтыраган колдорумду ыссык чашкага жылыта дивандын кырына олтурдум,билет элем бир нече мүнөттөн кийин мен кайрадан эшикти көздөй жөнөөрүмдү, ошондуктан аз да болсо атайы убактытты созгонго аракеттендим. Телевизорду жандырдым.Ушундай таң эрте менен кыйратаарлык эч нерсе деле көргөзбөй турду,бирок мен кайсыдыр бир викторинага такалдым.Шыбыраган жаш балдардын үндөрүндө кандайыр бир тынчтандыруучу нерсе болду,кантип үргүлөп кеткенимди өзүм да сезбей калыптырмын. Анан ушул эле учурда полициянын машинасынан чыккан сиренадан кыйкыра ойгонуп кеттим.
Викторина бүттү,кайсыдыр бир адам өлтүрүү жөнүндө полициянын репортажын көргөзүп баштады.Сиреналар эчкире сыздап жатты.
"Коркпо,-бир аз кечиге мен өзүмө кыйкырдым,-бул деген жөн гана телевизордогу картина да",бирок баары кеч эле.Калтыраган колдорум менен мен пультту алдым да "выкл" деген кнопканы басканга шашылдым.
Анан үн чыгарбай дем ала,кайсыдыр бир үндөн сактана үч бүктөлө дивандын капталындагы бурчка тыгылдым.Калтыроо көтөрүлө берди,бүт денемди,жада калса башымды да чымыроо (мурашки) каптады.
Ал эмне,түшүмө кирдиби же чындап эле ушул жерде болдубу? Ал ушул жерде болдубу? Тигине ал мени өзүнүн салмагы менен ныгырып жатат,колдорумду кармап,аларды арт жакка кайрып,наручниктерди тагып,алар бычак сымал теримди кесип жатат.Анын дем алуусу-кечээки ичкиликтин жыты (перегар),ал ошолор менен түптүз оозума карай дем алып жатат.
Жок! Жок,бул жалган! Ал бул жерде жок... жок...
Мен козүмдү ачтым,бирок ушул учурда бет маңдайымда турган Робиндин жүзү пайда болду.А,ал деген ушул жерде жашынып жүрөт! Жашынып,менин кайрадан укташымды күтүп атат.
Качан гана жаш менен калтыроо басаңдай баштаганда, терезенин сыртына алда качан жарык кирип калган эле.Мен жетчү чегине чейин оронуп алыптырмын, кыймылдай да албайт элем,бирок баары бир уктап калуудан коркуп аттым.Акыркы эркимди муштумга топтоп мени өзүмдү зордой ордумдан тургуздум да диванга олтурдум.Жакшысы баарын кайрадан текшерип чыксам болот эле,бирок алым жок болчу.
Сууктан титирей мен кухняга телпеңдеп жөнөдүм да отопленияны эң жогорку деңгээлине чейин жандырып анан чай койдум.
Терезенин нары жагындагы бала бакча бопбоз жана жансыздай көрүнүп турду,бир гана жашыл чөп көздү кубантып жатты.Дарактар жылаңачтанып, чириген күрөң жалбырактар бир үймөк болуп дубалдын түбүндө үйүлүп турат.Шамал үстүнкү шактарын ийрейтип,жада калса мага кухнядан да шамалдын дуулдаганы угулуп жаткандай туюлду.Анан эле чайнекке жан кирди,кобуроду, чулкулдады.Көздөрүмдө кургактык менен зарына (жжение) сезилди.Чагымда, мен баардык көз жаштарымдын бир нече жыл алдын ала эле ыйлап койгон окшойм.Менимче көчөдө аябагандай суук болуп турду.Мен карыша эстеп алдым (зевнула).
Кружканы чайы менен кошо жатуучу бөлмөгө көтөрүп бардым,чайпалып аткан дарактардын үстүлөрүн көрүш үчүн парданы жылдырдым да анан жаттым.
Бутактардын шамал менен кошо бийлеп жатканын тиктеп жаттым,алардын үстүндө сур булуттар кандайдыр жылып баратышты.Ичке бутактар мени менен саламдашкандай булгалашты. Кыймылдоого алым жок мен покрывалда жата бердим,мачалка менен канагыча жышылган терим жан оорута ачышып жатты.
Башкысы- тирүү калуу.Жана да эптеп дем алыш күндөргө чыдап коюу.
Шейшемби,18-ноябрь, 2003-жыл.
Эрте менен ал саат жетиде болчу будильник мени ойготкуча эле кетип калыптыр.
Мен үстүмдөгү жылуу жамынчымды силкип салганга аракет кылдым да душка сүдүрөлө жөнөдүм-мен ошол жакта гана толугу менен ойгоно алмакмын.Душта мен кечээ кудум спирттик ичимдикти ашыкча ичип алгандай озүмдү жаман сезип кеттим.Бирок бул жерде ичимдиктин эч тиешеси жок болчу,мен биздин жа-ай,абдан сонун болгон "экинчи жолку сеансыбызга" мас болуп калган элем,мен деталдарды эстегенде ичим дале жагымдуу ооруп кетип жатты... Бирок мени көнүмүш болуп калган шампунь менен самындын жыты соолуктуруп жиберди да эс тутумумдан башка картиналар калгып чыга келди:талкаланган жүз,каптал жагында агып жаткан кандар,көз жаштар.Деги өзү мен эмнеге илешип алдым экен? Менин жаңы сүйүктүүм эмне менен алек болуп жүрүшү мүмкүн?
Жумушка учуп эле жетип бардым,анан канчадыр бир убакка чейин узактан бери боло элек "махабат жыргалы" менен уйкусуз түндү жеңүү үчүн алардан калган жана бир нече күнкү чарчоолордон топтолгон "куйруктарды" силкип таштоого аракет кыла тазалана бердим.Бирок эми гана Лиден көңүлүм башкага бурула баштаганда мобилдик телефонума: "Кечээки күн үчүн кечир.Мен баарын аягына чейин бузуп алган жокмунбу?" деген билдирүү келди.
Мен телефонду столго койдум да жоопту ойлоно баштадым.Көзүмдү жумаарым менен бат эле кошуна жаздыкта жаткан анын жүзүн көрдүм;чырактын ачык эмес жарыгында ак саргыл чачынын учтары күмүш түскө кубулуп турат;жашыл коздөр мен аягына чейин түшүнө албаган таң калычтуу туюнтма менен абдан көңүл коё мени тиктеп жатты.Көздүн астында кочкул кызыл көгөргөн жер,кашынын астында жаңы сыйрылган жер пайда болуп келатты,бирок ошого карабай Ли жылмайып турат.
"Баары жакшы" Мен өзүмдүн жообума көз жугүрттүм... Дагы бир-ар нерсе кошсомбу? "Баары жакшы,кымбаттуум, качан киргиң келген убакта кире берсең болот?" "Баары жакшы,кирип койгонуңа ырахмат?" "Баары жакшы,улануусу абдан сонун болду,калган нерселердин айласын ананыраак табабыз?"
Акыр аягы мен өзүмдүн "Баары жакшымды" өчүрүп салдым да таптакыр жооп жазбай койдум.Мени мектепте үйрөткөндөй: "Эгер эмне айтууну билбесең,жакшысы таптакыр эч нерсе айтпа".
Дүйшөмбү,26-ноябрь, 2001-жыл.
Дүйшөмбү күнү мен жумушка темселеп жетип бардым.Ардайымкыдай дүйшөмбү күнү араң эле илээлеп сүдүрөлүп басчумун.Мен ушунчалык чарчаптырмын, бешинчи күнү конторага кайсы жол менен барганымды да эстей алган жокмун.Автобустук аялдамага чейин бир чакырымдай сүдүрөлүп басууга туура келди,мен ансыз деле кечигип жаткан элем.Мен ылдамдыкты көбөйтүүгө аракет кылдым,бирок буттарым мага баш ийбей жатышты.Мен Стюартты ишембинин түнүнүнөн бери көргөн жокмун,бирок ал үйдөн жекшемби күнү эч жакка чыкпаганын билгенмин.Кээде мага жогорку жактан чыгып жаткан ар кандай дабыштар угулуп турду,ашканадагы шкафчиктердин эшиктери жабылганы,ваннадан агып жаткан суунун үнү,бирок убакыттын көпчүлүгүндө ал жакта тынчтык өкүм сүрдү.
Кэролин менден кабар алып коюуга саат он бирде келди.
-Сен кофе ичкени барасыңбы?-деп шаңдуу чыртылдады ал.
Кызык,бу дем алыш күндөрү ал канча убакыт уктады экен?
-Мүмкүн,ананыраак, мен бир нерсени бүтүрүшүм керек.
-Кудай,Кэти, сен мынчалык купкуусуң! Өлүк сымал! Биртке эле ичкендей сыяктандың эле.
Мен өзүмдү кыстай жылмайдым:
-Аминь!
-Бир-ар нерсе болдубу? Мен сени артымда келатат деп ойлогом,кылчайсам сенин изиң да муздап калыптыр.Робин болсо сени эртерээк эле барып жатууну чечти деп айтты...
-Ии ооба... ошо мен... билбейм.Мага ушундай ресторанга чогуу баргандарыбыз өтө деле жага бербейт.
Кэролин жылмайды:
-Мен сени түшүнүп турам,алтышка. Албетте,биздин кыздар ызы-чуу келишет,эч нерсе дей албайсың! Бирок бул актанууга кирбейт,түшүндүңбү? Сен деген менден да жашсың го,уялсаң боло! Сага канча-отуз беш?
Жыйырма сегиз,деп айткым келди,бирок, албетте,унчукпадым. Менин канча жашта экенимдин кандай айырмасы бар? Мага демектен алтымыш болбойбу.
-Мейли анда,мага аныныраак баш багып кой,келесиңби? Сен мага өзүңдүн мизи кайтарылгыс кошунаң жөнүндө айтып берүүңдү каалап жатам.-Кэролин чалгынчыдай көз кысып койду да кетип калды.
Мен баарынан да Робинге бет-маңдай кезигип калуудан коркуп турдум,бирок ал,бактыга жараша,таптакыр башка конторада иштечү.Эгер иш оңунан чыкса биз дагы бир ай көрүшпөйбүз.
Мен терезеге тигилдим да өзүмдүн жогорудагы кошунам жөнүндө ойлонуп кеттим.
Жума,28-ноябрь, 2003-жыл.
Сильвия мени "Райский- уголок" деген кафедеги столдордун биринде күтүп олтуруптур. Анын алдында демделген чайнек жана эспрессонун кичинекей чашкасы турду.Силвия олтурган жердин жанындагы терезе тердеп кетиптир,а кафенин ичи жайлуу (уютно),жылуу жана салкындык жыттанып атты,кудум жаңы гана нөшөрлөп өткөн жамгырдан кийинкидей.
-Мен эмне,кечиктимби?
-Мен сага чай менен ичүүгө эч нерсе албадым,-деди Сильвия ордунан обдула тура чын көңүлдөн эки бетимден тең өбүп жатып.-Сени өзүң заказ кылаар деп ойлодум.Алардын абдан таттуу "яблочный штрудель" и бар.
-Анда,кел бирден штрудельден алабыз,кандай дедиң?-деп сурадым мен.
"Райский- уголок" Силвия экөөбүздүн узактан берки досубуз.Качанкы, университетте окуп жүргөн күндөрдөгү биз жана дагы үч кыз чогуу ижарага алган үйдө бир жашап жүргөн кездеги убактан берки.Айына бир жолу биз ушул жерде жеке,жана ошо сыяктуу "личный фронттогу" жаңылыктарды талкуу кылганы чогулуп турчубуз.Пирожныйларыбыз менен биз узакка чейин олтура берчүбуз.Аттигинай, Карен менен Лесли алда качан кетип калышкан; Карен-Канадага, ал Торонто университетинде сабак берет,а Лесли-Дублинге, ата-энесине. А өткөн жылы Силвия Саша менен өтө катуу жанжалдаша кеткен,эми Саша дагы биздин отурумдарыбызга келбей жүрөт.Эми ал кээде электрондук почта аркылуу мага кат жазып турат,мен анын жигити бар экенин билем,дээрлик күйөөсү,жада калса алар бирге жашап алышкан.Ошон үчүн биздин бойдокчулук жолугушууларыбыз ага жөн гана кызыксыз.Эми биз Сильвия экөөбүз гана студенттик традицияны гана сактап келебиз.
Сильвия жергиликтүү гезиттердин биринде иштейт,бирок бүт өмүрүндө биздин бул түнт жерибизден (из глуши) Лондонго көчүп кетүүнү каалап жүрөт.Ал "Лондонский жашоого" адбан сонун ылайыктуу экенине күмөнүм жок.Ал Ланкастер үчүн өтө эле "дерзкая" жана "энергичная" ,анын жапжарык,дээрлик аппак чачтары жана ачык түстүү эффектный наряддары Ланкастердеги топурак өңдүү бопбоз пейзажга таптакыр туура келбейт.
-Анда кел,кел эми айта сал,эмне сени чадырайтып атат, кандай жаңылыктар сенде?-деп сурадым мен Сильвиянын столдо ойдолоп олтурганын жана менден да эрте келгенин байкай,-бул анын адаты эмес болчу.
-Коё тур, - көздөрү менен жар этип алды Сильвия.-Алгач сен айт.Эмне болгон эркек? Ал кай жактан? Сен кымбат кастюм кийген компанияда тамактангындыгың тууралуу аркама сорока (Сорока-птица семейство вороновых с длинным хвостом и черным с белыми оперением) улап келдим.
Муну Мегги буга жеткизген,башка ким болмок эле.Мегги-сорока. Алар Сильвия экөө университетти бүткөндөн бери бир квартирада ижарада жашашчу.Биз аны Сорока деп атачубуз,себеби ал дайыма жалаң гана кара түстө кийинүүчү,кээде ак түс менен кошо,жана ачык түстүү "побрякушкилерди" аябай жакшы көрөөр эле.Мен акыркы убактагы эриндериме жабышып алган жиндиче жылмаюумду кармай албадым.
-Бол жарыл! Ким ал?
-Сильви,чындап эле сенден бир нерсени жашырып койгонго болбойбу?
Сильвиядан чоң шаттыктан чыккан чаңырык чыкты.
-Демек,бул Меггинин түшүнө кирбептир! Анын аты ким,кайсы жерде тааныштыңар, ал төшөктө кандай?
-Кудай ай,мынчалык уятсызсың! Деталдарды аз-аздан тактап билгенге кантип эле болбосун?
-Убакытты кетирип не? Өзүңүн деле айткың келип турат го.
Мен Сильвиянын чыдамы түгөнө столдо кантип тыбырчылап жатканы байкай чайдан ууртадым.
-Эми,эгер кыскача айтсам:анын аты Ли,биз "Ривер-барда" таанышканбыз, ал эми калган нерселерге сенин тиешең жок.
-Ал эмне,ушунчалык эле теңдешсизби?
Мен мобилныймды алып чыктым,жакында эле кылган бир-эки сүрөт таптым да ага көрсөттүм,мактанып алгым келди.Бирөөсүндө Ли душтан чыгып келаткан жамбашын чачык менен орой:суу чачтар пешенесине жабышып калган,жаагында килейген көгөргөн жер,ал эми жүзүнүн көрүнүшү-чектен ашкан кумарлуу.
-Кудайым,Кэтрин! Мен азыр бүтүрүп коём (кончу).Ал аябагандай "душка" экен,аны кай жерден илештирип алдың? Жана эмнеге мен сенден мурун көргөн эмесмин?
"Эмне демекмин,баардык эркектер эле сеники боло бербейт да,курбужан" ,-деп ойлондум мен,бирок менменсинбей, жалпылап айтканда өтө эле шадыраңдабай.
Сильвия үтүрөйө Линин сүрөттөрүн көрүп атты.
-А эмнеге сенде ал эмнегедир токмок жеп түшкөндөй? Ал эмне,баксербу? Же каскадербу?
-Ким болуп жумуш кылаарын элестете албайм.Ал мага айтпай жатат.
Сильвия идеально терилген кашын көтөрдү.
-"Айтпай жатат" дегениң эмне дегениң? А сен сурадыңбы?
-Кыскасы,ал эмне менен алек экенин мен билбейм.Бир жолу ал үйгө жарым өлүк болуп кирип келди,кудум биринчи катуу токмоктогондой, анан жүрүп кетип жаткан машинадан ыргытып жиберишкендей. Бирок ал эмне болгонун айткан эмес.
-Ал мас беле?
-Жок.
-Кудай,демек, ал гангстер.
Мен жылмайып койдум:
-Койсоңчу,каяктагына айтасың да.
-Наркодилер?
Башымды чайкадым.
-Эмнеге ал сага эч нерсе айтпай жатат?
-Билбейм.Бирок мен ага ишенем.
-Сага түн ортосу токмок жеп келген,анан эмне болгонун айткысы келбеген адамга ишенесиңби?
-Бирок,андан башка нерселер жөнүндө ал мени менен толук ачык-айкын сүйлөшөт.
-Чындап элеби? А эмне үчүн сен бул тууралуу мынчалык ишенимдүү сүйлөп жатасың?
Чын эле,эмне үчүн? Мен бир гана нерсени билгем:анын "жумушу" кандай болгон күндө да офистеги олтуруп иштөөчү жумуш эмес.Ал улам-улам бир нече күнгө жок болуп кетээр эле.Мен анын достору менен бир да жолу жолукпагам, үйбүлөөсү кандай экенин билбейм.Ал бир гана достору да,үй-булөөсү да Корноуллда жашашат деп айтып койгон.Абдан ыңгайлуу.Мен жада калса ал жашаган ижарадагы квартирасында да болгон эмесмин.
-Билесиңби,эгер сен аны көргөнүңдө, -дедим мен акыры, -сен мынтип айтпайт болчусуң.Анын ушундай бир ак ниет көздөрү бар!
Сильвия күлкүдөн столдон нары жыгылып кете жаздады,жана буту менен бутума бир тепти:
-Ойгон,курбужан! Ал сени таптакыр эле сыйкырлап алыптыр!-Ал кофенин калганын чайкап туруп бир ууртам менен чашканы кургатты да ылдый түшүп турган кирпиктеринин астынан мени карап койду. -Негизи эле,эмнеге мага бул ажайып эркекке карап койгон болбосун? Аны менин "прощальный вечеринкама" ээрчитип кел,мейлиби?
-Кайда-кайда?
Сильвия акыры өзүнүн жаңылыгын бүтүндөй жаркырай айтып берди, -ал сүйүнүчтөн көөдөнүнө батпай турду.
-Мени "Дейли мейл" жумушка алды! Январдан баштап!
-Болушу мүмкүн эмес!
-Мүмкүн! Элестетсең? Мен акыры келип бул "дыра"дан суурулуп чыгат экенмин.Ура!
Мен олтурган жеримден атып чыктым да курбумду кучактадым. Мен ал үчүн абдан кубанып турдум.Кафеде олтургандар бизди сактана карап коюп жатышты,бирок алысыраакта олтурган Ирэн текебердене гана жылмайып койду.
"Мынакей бүттү,-деп ойлондум мен капыстан пайда болгон кайгы менен.-Баары кетип жатышат,ал эми мен каргыш тийген Ланкастерде калам.А менин курбуларым дүйнөнүн борборлоруна отурукташат да өтө жакында көп нерсеге жетишкен бизнес-леди болушат". Эгер Ли болбогондо, балким,менде да шашылыш түрдө башка жумуш кароо каалоосу пайда болмок.
Үшкүрө,мен курбум жакка бурулдум:
-Анда эмесе айт,вечеринкаңда кимдер болот?

#10 25 May 2015 - 20:06
Дүйшөмбү,26-ноябрь,
2007-жыл.
Жумуштан кайтып келген мен почтадан келген каттардын арасынан күрөң түстөгү чоң конверт таап алдым.Почтаны мага кире бериштеги столдогу холленин эң ылдыйкы жерине таштап коюшат.Конверттин сыртында печаттык буква менен чоң кылып жазылган:" Кэти" деген жазуу гана бар экен,башка эч нерсе жок.
-Кэти,ардагым, кутман кеч.Жашооңуз кандай?
-Жакшы, рахмат,миссис Маккензи.А өзүңүз кандайсыз?
Ал ардайымкыдай, кунт койгон көз карашы менен мени бир сыйра өлчөп алды да эшигин жапты.Мен кире бериштеги эшикти текшердим,анан дагы бир жолу.Негизи эле,бир жолку текшермей жетиштүү болмок,бирок экинчи жолку текшерүү столдо жаткан конверт менен каттарды капыстан илип кетүүмө керек болчу. Үйдө мен конвертти кире бериштеги полкага таштап койдум да шарт эле текшерүүгө кириштим.Шашып аттым,конверттин ичинде эмне жатканын көрүүгө чыдамым түгөнүп баратты,ошон үчүн биринчи эки жолку текшерүүнү убактысынан эрте аяктадым.Өзүмдү колго алдым да үчүнчү жолкусун жакшылап текшерип чыгууга туура келди.
"Эмичи, азыр баары жайындабы? Чындап элеби?-деп мен өзүмдөн сурадым. - Жок,менимче кокустук үчүн дагы бир жолу текшерип чыгышым керек!"
Саат тогуздарда мен акыры бир аз тынчтангандай болдум да конвертти айрып ачтым,ал жактан скрепка менен кыпчылган топ кагаздарды сууруп чыктым.Үстүндө кыскача кат жатыптыр:
Кэти,
менимче сага ушулардын жардамы тиет.
Эгер бир-ар нерсе керек болсо-чал,тыкылдат.
А эгер суроолор пайда болсо-жан дилим менен аларга жооп берем.
Стюарт.
Жарым сааттай бул жазылгандарды карап чыктым:менин атымды ал ушунчалык тыкандык менен жазыптыр,өзүнүкүн кандай бөлгөн... анын бул кыскача катка канча убакыты кеткенин чамалап көрдүм.Чын,ал болжоп эле туш келген топ кагаздарды топтоп болуп,анан үстүнө эч нерсени ойлонбой,башына биринчи эмне келсе ошону эле чиймелеп койгонго окшоду.
Мен абайлай страницаларды көңтөрүп,топ кагаздын баарын барактап чыктым.Жок,булар туш келди эле топтолгон материалдарга окшобойт.Башталышында Модсли поликлиникасындагы өтө сейрек кездешүүчү нервдик жана психикалык бузулууну айыктыруучу борбору жөнүндө жазылыптыр, жана дагы башка "синдром навязчивых действий" менен ооруган пациенттерге ылайык борбор жөнүндө,мунун дагы башкача мындай:"обсессивно- компульсивное растройство" ,деген аталышы бар экен.Андан ары,көбүнчө ал өзү,ар кандай сайттардан көчүргөн статьялар жөнүндө кетиптир.Кээ бир жерлери сары маркер менен белгиленип турат.Менин синдромума тиешелүү окуяларды кыскача карап чыгуу,аны даарылануунун жаңы методдору-статьяга "д.м.н. Алистер Ходж,профессор" жана дагы он чакты ушул сыяктуу врачтардын колу коюлуптур.Бүтүн бир бет альтернативдүү даарыланууга ылайыктуу болуп чыга келди,ал беттин так ортосунда кол менен жазылган жер бар экен:йоганын борбордук жана бүткүл релаксациянын борборунун дареги,булар кандай мааниге ээ экенин билбедим го,бирок телефон номерлери менен жазылуу экен.Анан дагы бир нече менин диагнозум ооруган "группа поддержки" лердин дарегин таап алдым,сары түс менен бириси белгилениптир: группа жолуга турган дарек:Кэмден, 19:30да,ар айдын үчүнчү шейшембисинде, тизмеге жазылуу үчүн Эленге чалгыла", жана телефон номер.Жыйынтыгына- "Раскрепащение: как освабодить себя от синдрома навязчивых действий" деген китептин үч главасы камтылыптыр. Анан дагы үч түрлүү сурап билүүлөр,бул нерсеси мен чындап эле ушул оору менен ооруп жаткандыгымды тастыктоо үчүн окшойт.Ал эми акыркы бетинде Стюарт жазган дагы бир кыскача катты капыстан таап алдым:
Кэти!
Рахмат, баарын аягына чейин карап чыккандыгың үчүн.
Башкысы баштап алуу.Мага чал,сураныч.
Стюарт.
Жана дагы анын телефон номери,мунусу мурдагы жолкусунда анын берген телефон номерин мен ыргытып же жоготуп алсам,бул анын ордуна деген ойдо.Мен ыргыткан эмесмин.Анын телефон номери мага керек болуп калса кайда жатканын беш колдой билчүмүн.Бирок аны табыштын кереги деле жок-мен ал номерди жатка жаттап алганмын.
Жатташы жаттап алганмын,бирок чалууга камынбагам.
Жума,28-ноябрь, 2003-жыл.
Ошол түнү Ли "Ривер-бар" да иштеп жаткан болчу.
Мен өзүмдүн ачык-кызыл атлас көйнөгүм менен келдим.Сиздер ошондо көрбөдүңүздөр да Линин жүзү кандай болуп өзгөрүлгөнүн, - сөз менен жеткизип болбойт! Мен жылмаюу менен ага көз кыстым,кол булгаладым, анан түптүз эле "танцпол" жакка жөнөдүм.Ох,ошол түнү муундарым үзүлгүчө танцага түштүм го! Төрт сааттай дем алуусуз танцаладым, бардын жанында тааныштар менен жан эргий кеп курдум,кээ бирлерин эки айдан бери көрө элек элем,анан Клэр менен Луиза келип калышты,андан ары үчөөбүз бир чер жаздык дейсиңер.Бирок ушул убактын баарында Ли артымдан козөмөлдөп жүргөнүн билип эле турдум,кээде топ элдин арасынан мен анын көз карашын кармап алып аттым;ал кире бериштеги эшиктин жанында залга көз чаптырып турганга окшогону менен чын-чынына келгенде менден көзүн албай карап атты.
Түн жарымдап калганда,үч же төрт бокал винодон кийин,мен түзүк эле эрдемсий түштүм.Чыга бериш жерге чейин танцага түшүп бардым да Лиге бир нече кадам жетип-жетпей токтодум,колдорду жогору көтөрө,аны чакырып жаткандай таризде жамбашымды айландыра бийлеп баштадым.Бир да сөз айтпай,Ли мени колдон алды да служебный помещенияга баруучу коридор менен жетелеп жөнөдү.Он сантиметрлүү каблук менен чалыша баса анын артынан тыпылдап майдалап басып бараткан мен кайталай бердим.
-Ли! Ли,коё берчи мени,бу эмне кылганың...
Ли "посторонним вход воспрещен" деген жазуусу бар эшикти ачаары менен заматта эшик артыбыздан жабылды,буйрук берилгендей музыканын да добушу тып басылды.Менин колумду коё бербей туруп ал буту менен дагы бир эшикти ачты да сырт жактын баарын көргөзүп жаткан жарык экрандуу мониторлордун жарыктары гана жарык кылып туруучу каптал жактагы офиске сүдүрөп алып барды.Дале үнсүз столдун үстүндө жаткан бир топ кагаздарды сүрүп салды да мамыкты көтөрүп жаткансып эч кыйынчылыксыз мени көтөрүп олтургузганча менин эриндеримден сугалактык менен өбүп жатты.Мен ыңгайлуураак жайгашканга аракет кылдым,бирок ал юбкамды жогору көтөрүп,жука резиналуу турсигимди экинчи колу менен бир булкуп тартып айрыды да аны бир бурчка ыргытып ийип мага орой кирип барды.
Бир нече мүнөт өтүп,дале бир да соз сүйлөбөй,ал шымданып,көйнөгүн ремендин ичине киргизди да бөлмөдөн чыгып кетти,бурулуп карап да койбоду.А мен көгүлтүр экрандарга маңызсыз улам-улам тиктегенче, эки бутумду эки жакка алчайта,дале толкундануу (от возбуждение) менен коркуудан титирей столдо олтурган бойдон кала бердим.
Мына,Ли тиги экрандардын биринде пайда болду.Кудум залдын баары жайында экендигин текшерип гана келгендей,болгону бир мүнөткө гана жоголгондой түрдө.
Анан эле,башты көтөрө,камерадан карап турган менин коздөрүмө түптуз карады - коздөрүн чоң ача,ирмебей. Мен абдырай бөлмөнүн ичин карай баштадым-деги өзү эмне болуп кетти?
Полдо кагаздар чачылуу,менин эң сонун турсигим жырткычча айрылып бурчта жатат,а мен өзүм столдо олтурам.Жиндиче көрүнүш.Бул жерде мен эмне кылып атам? Мунун мага эмне кереги бар? Эмне болгон сандырак нерсе бу?
Дүйшөмбү, 3-декабрь,2007- жыл.
Өткөнкү жуманы мен кудум жөөлүп жаткандай өткөздүм,кудай алгыр,бутумду араң гана түздөй алдым.Бүт жерде Робиндин кызыл физиономиясы жүрдү,анын эриндеримдеги каңырсыган дем алуусу,оозумдун ичинде кыймылдап жаткан балчайган тили... Ушунун айынан мен текшерүүдөн кеңкелес болуп кала жаздадым,бирок бул дагы кайсы бир убак түгөнөт да,деп өзүмдү-өзүм сооротом.Убакыт өтүп анын сиңип калган жыты менин теримден жоголот,анан ошондо мен жумушка аягы жок текшерүүлөрүмдүн айынан үч саатка кечикпей,өзүмдүн бир жакшынакай жарым саат кечиккен жашоомо кайтып келем.
Кечиндеси мага Стюарт калтырган "синдром навязчивых действий" жөнүндөгү макалаланы окуйм,бир гана алар мага жардам бербей келет.Бул медициналык терминдер мага оорукананы үрөйдү учура эстеттирип жатты.Негизи эле мен неге ал жакка барып калганымды так эстей албайт элем,кудум бул нерселер башка эле бирөөнүн башынан өткөндөй.Кудум баардыгы оорлошо баштаганда мен уктап калгам дагы анан болжол менен бир жарым жыл кийин ойгонгом,бирок аягына чейин эмес.Мен тирүү экендигимди, эптеп кыймылдап,андан ары жашоо керек экендигин анык билчүмүн.Бул нерселерди жөн гана окуп жүрө берүүнү токтотуш керек,конструктивдүүрөөк нерсеге өтүүгө убакыт келди.
Стюарттын үйгө качан,кантип кайтып келатышын мен укчумун,көбүнчөсү- өтө кеч.Кээде ал менин квартирамдын жанынан качан үн чыгарып басып өтөт экен деп төшөктө күтүп жата берчүмүн,анан шарт эле уктап калчумун.Эмнеге? Эмнеге дегенде так билээр элем:ал үйдөбү,демек сырткы эшик бекем жабылуу.Чын, кээде мага түн бир оокумга чейин күткөнгө туура келчү.Бу деги анын эмне болгон баш аламан графиги? Бул кетиште жумушта өрттөнүп да алгыдайсың.
Бүгүн буттарым эмнегедир жергиликтүү китепканага өзүлөрү эле алып барып койду.Мен жанынан өтүп баратканда эшиктер автоматтык түрдө мени чакырып жаткандай ачылып калды.Негизи эле,мен мындай жерлерге такыр кирбейм,мындай жерлерде адамдар өтө эле көп,бирок бүгүн,өзүм да себебин биле албадым,кирдим. Ичинде дээрлик эч ким жок болуп чыкты:столдордо олтурган бир нече студенттер, дагы бекер интернетте олтурган экөө жана эки библиотекарша. Алар китептерге штамп басып жатканча үндөрүн катуу чыгарып ушакташып атышты.
Мен китептер тизилүү полкаларды кыдырып чыктым да "психология" бөлүмүн табып анан сөөмөйүм менен "депреция жана навязчивые состояние" жөнүндө кай жерде айтылды экен деп издеп баштадым.Мен жанагы Стюарт мага сунуш кылган китепти тааныдым,полкадан сууруп алдым,манжаларым менен китептин тигилген жерин сылап койдум.
Анан эле жымжыртык жана тынчтык.Ошол адамдар нары-бери өтүүчү жерде туруп алып мен главалардын аталыштарын окуганча беттерди барактай баштадым.Кызыктай абал түзүлдү.Артымдан анча бийик эмес үн чыкты,мен селт этип окуп жаткан бетти манжам менен басканча артка кылчайдым.Так ошол мен турган жерден бир да тирүү жан көрүнбөдү.
Мен китепти кайра ордуна жайгаштырдым да анан кууш келген эки полканын ортосунан өтө жай басып барып залга көз чаптырдым.Узун столдо жан жагына китептерди, тетраддарды жана маркерлерди коюп алышкан эки студент дале отуруптур.Ал эми китеп алып,тапшыруучу жерде кыска кыркылган чачы жана мүрүсүнө чейин жеткен сөйкөсү бар бир гана библитекарша калыптыр.Ал дал ушул учурда ошол жерге басып барган бир эркек кишиден бир топ китептерди кабыл алып жаткан экен. Ак саргыл чачтар,чың дене,кара-көк свитер,өзүнө ишенген ылдам басыш.Бул ошол адам эле...
Баш бир аз айланып,арт жакка,полкалардын ортосуна араң жалт берүүгө үлгүрдүм,жүрөк баттан сого баштады.Алдан таюу чегинбеди,капыстан эле көз алдым караңгылай түштү,бөлмө термелип,тез- тез,дагы да тездеп айлана баштады... Мен жада калса полго кантип кулап түшкөнүмдү да сезбедим.
Мен эс учум жок бир нече секунд гана жаткандырмын, бирок,качан гана көзүмдү ачканда бет маңдайымда бир нече жүздөр эңкейе карап турушуптур. Мен олтурууга аракет кылдым,бирок башым өтө катуу айланып жатты.
-Жата бериңиз,башыңызды көтөрбөңүз. -Бул адам студентердин бири эле,саргыл чачтуу жаш бала,жыш,жашына туура келбеген сакалы бар.
-Балким,"тез жардамды" чакыраттырбыз? -деп сурады библиотекарша. -Азыр бизде медперсоналдардан эч ким калбады,ошон үчүн эмне дешти да билбейм...
-Рахмат, кереги жок.Мен жакшы болуп калдым.Менин жөн эле башым айланып кетти.
Мен кайра турууга аракет кылдым,бул жолкусунда сакалы бар студенттин жардамы менен туруп кете алдым.Кимдир стул жылдырды эле мен ага олтурдум.
-Башыңызды ылдый кылыңыз.Ии ушундай,жакшы.
Мен шашыла эки жакты карадым,мени коркуткан "блондин" ди издеш үчүн,бирок студент колун мойнума койду да күч менен башымды ылдый кылды.Блондин көзүмө көрүнбөгөндөй сыяктанды.
-Сиздин жаныңызда жей турган бир-ар нерсе барбы?
-Сиз эмне,врачсызбы? -деп андан сурап калды библиотекарша.
-Жайында мен куткаруучу болуп иштегем,-деп түшүндүрдү студент.-Бул жөн гана адамдын алсыздык пристубу.Бир мүнөттөн соң баары өтүп кетет.Шокалад жейсизби? Менин рюкзагымда бар.
Библиотекарша оозун ачып бараткан болчу-сыягы бул жерге тамак алып келгенге болбойт экенин айткысы келди окшойт,бирок мен тоскоол болдум:
-Рахмат,эч нерсе керек эмес! - Мен башымды көтөрдүм. -Мен өзүмдү алда канча жакшы сезип калдым.
Библиотекарша тиги жакта китеп алчу жердеги топтолуп калган адамдарга карады ошол жакка жөнөдү,а биз,сакалы бар студент экөөбүз олтурган жерде калып кеттик:мен стулда,ал жанымда,полдо. Мен,мындай сакалда,балким, күкүмдөр тыгылып калса керек деп ойлондум,көп күкүмдөр.Сапсары, жээрде чачтары бейбаштана чимириле түшүптүр,дал эле африканецтикиндей.
-Менин атым Джо, - деп тааныштырды ал өзүн мени ылдыйдан жогору бир карай жана колун суна.
Мен эми гана менин стулум психология китептери тизилген секциянын дал ортосунда турганын байкадым.
-Кэти. -Мен да колумду сундум. -Рахмат,Джо, жана да кечириңиз сизди алагды кылганым үчүн.
-Коюңузчу, баары жайында.Мен столдо олтурган бойдон уктап кала жаздадым.
Мен ордумдан турдум.Джо дагы ордунан турду жана мен кайра кокустан жыгылып тушсөм кармап калыш үчүн колун билгизбей тосту.
-Сиз канттиңиз?
-Баары жакшы.-Мен жылмайдым,тим эле тыңсына.
-Сиз эми эле бир аз кызара түштүңүз го.Сиз жана ушундай бир үн менен жыгылдыңыз!
Мен эки жагымды каранып алдым,анан ага башымды ийкедим:
-Анда мейли,мен жакшысы барайын.
-Кош.Караңыз, абайлап басыңыз.
-Аракет кылам.Рахмат!
Мен китепканадан таза абага жылмышып чыга келдим.Бат эле жеңилдей түштүм.Мен деген эң жакшы билем да жанакы адам ал эмес экендигин.Башка фигура,башка чачтын түсү.Тиги эркектин чачы боёлгон,а ал-тубаса блондин.Эмнеге мен аны ар жерден дайым эле көрө берем? Ал азыр өтө алыста,түрмөдө, жети кабат кулпунун артында камалуу,бирок бары бир... мен унута албай келем.Кантип мен аны унута алам,эгер ал менин башымда жашаса?
Үйгө бараткан жолдо мен чөнтөгүмдөн телефонумду алып чыктым да Стюартка эсэмеска жөнөтүп ийдим: "Салам,материалдар үчүн рахмат.Оюмча, сен өзүң өтө деле көп жумушта болбойттурсуң. К.".
Бир канча көз ирмемден кийин эле жооп келди:"Эгер сага алардын жардамы тийип калса кубанычта болом.А бирге чай ичүүгө кандай карайсың? С.".
Мен жогору жакты карадым:Стюарттын терезеси жарык болуп күйүп турат.Бир кабат ылдыйдагы менин тереземдин жарым-жартылай жабылган парданын артында,мен ашкана тараптагы таштап койгон үлбүл жанган жарык күйүп турду.Анын терезеси меникине караганда бир кыйла жылуу жүз менен тосуп тургандай көрүндү.Мен жооп жөнөттүм:" Үйгө баратам.Мага жарым саат убакыт бер,макулбу? К."
Жума,5-декабрь, 2003-жыл.
Жума кечи.Курбулар бар аралап көңүл ачышат,ичишет, танцага түшүшөт,флиртовать этишет,бири- биринин кулактарына музыканы ашып өтүүгө аракет кылыша бир нерселерди айтышып кыйкырышат. .. Тааныш эмес жигиттерге кол булгалашат, каткырышат күлкүдөн сийип ийбөө үчүн тизелерин кысып алышып.Себеби азыр эле кезектеги мас студент Маркет-сквер жакка таштанды салынуучу бочкадан секирип ашып өтөм деп ага буту менен түшүп калды...
Өжөр кыздар көкүрөктөрүн плащтары менен кымтылана,соо көрүнүүгө аракеттенише, биринчи бардан экинчисине жөнөшөт,бирок ошентсе деле таза абада ичимдик дале мээге сиңе бергенин күчөтө берет... Мамилелерди туалетте чече башташат,баягы эле жигити мурдагыдай көңүл бурбай калганын,ал ага татыктуу эмес экенин жана андан жүз эсе мыктысын таап аларын кыйкыра,ыйлай айтып жаткан курбусун сооротмой башталат.Анан эле баарысы бирге жүздөрүндөгү көз жаштын издерин жууп,пудраны кайрадан башынан сүртүшүп,эриндерин боёп,кичинекей күзгүнүн астынан кайрадан сыртка шарактап чыга келишет.Ал эми таң эрте менен албетте кимдир-бирөөсү кусуп баштайт,көбүнчөсү Клэр,ал ушунчалык арык,эгер ал унитазга жетип бара алса анда кудайга шүгүр.Чыгып баратышып баары бардын тепкичинде өчкөн бойдон,кайсыдыр бир боорукер жан мүрүсүнө илип койгон сумкасы менен олтурган,эч ким тааныбаган кыздан күү менен сыртка качышат.Андан ары таксиге акча адаттагыдай калбай калгандыгы үчүн бири-бирин жетелеп алышып жөө жөнөшөт.Эгер кыш эмес болгондо,азыр алда качан таң атмак.Кимдир бирөөсү айтат анан:уктап эс алыш үчүн азыр өтө эртеби же өтө кечпи? Ха-ха-ха,баарынын көңүлдөрү шат,арак дале ичте жүрөт,суукту кууша курбулар жаныңда баратат,жашоо жакшы,жана да ким дале вертикалдуу бойдон баса алса ошолордун баарын сүйгүң келет...
Бирок мен өзүм үйдө болдум,Ли менен.Ал жетиге келди,тамак- аш толо килейген үч пакет менен жана "керамикалык таджин" ала келиптир.Мени ашканадан кууп жиберди да телевизор көргөнчө тынч отуруумду буюрду.Мен экранга жөн гана тиктей,Ли алып келген бокалдагы муздак ак винодон ууртай,жана ал кантип кастрюлдарды кагыштырып, радиоприемникке кошула кыңылдай ырдай шкавчиктерди ачып-жаап жатканын тыңшаганча диванда олтурдум.Ал шейшемби күнгө чейин бош экенин айтты,а мен ал менен чогуу өтө турган ырахаттандыраарлык дем алууну элестеттим. Кандай гана бакыт! Бирге уктоого жана бирге ойгонууга мүмкүн.Бирге шаардын четине чыгып келүүгө мүмкүн.Мен бул баардык алдын ала шилекейди агызып тамшандыруучу бакытка тартылып кеттим да винодон дагы бир жутум жуттум.
Ли ашканадан кезектеги табышмактуу тамагын көтөрүп келди-кандайдыр бир жагымдуу жыттанган,кичинекей мискадагы,вилкалар сайылуу тамак.
-Кымбаттуум, мүмкүн,мен сага жардам береттирмин?
-Ушул жерде олтура тур жана өзүңдүн сулуулугуң менен мени кубанта бер.Бул эң сонун жардам.
Мен кайра кыздар тууралуу ойлондум.Бүгүн кечинде бүт баары чогулуша мурдагы "часовня" нын жанында ачылган "Бог огня" деген түнкү клубтун ачылыша кетишкен.Адамдын көп келгенине көптөгөн арыз түшкөнүнө карабай ээси баары бир уруксат алыптыр.Анан эмнеге эч нерсени түшүнбөгөн, кем акыл динчилдер,жыттанган, ар жекшемби күнү зээригичтүү жалбарууларды аткарган часовнянын ордуна алар эң алдыңкы класстагы,өзгөчө меймандарга делинген залдуу,үч барлуу жана кожа капталган дивандары бар клуб алып жатканын түшүнө алышпайт? Башында клубту "Ангелы и демоны" деп атоону каалашкан болчу,бирок жергиликтүү магистрат бул атты каяктагы бир автордук укук үчүн уруксат бербей койду.Дагы бир кызыктуу деталь:жергиликтүү газетада ар бир арыз жана ыйык жерди колдонууга нааразычылыгын билдирген катты жазган кат ээси клубтун ачылуу церомониясына чакыруу кат алат деп айтылды,болгондо да өзгөчө мейман катары.
Алар ичин кантип жасашканын менин өтө катуу көргүм келген.Мейличи, балким,ал жакка кийинки дем алышта кирип чыгаарбыз.
Ашкананын эшиги дагы ачылып жабылды,жана бөлмөгө жылуу,эң сонун жыты бар абанын буулары кирип келди.Сковородкадагы май радионун да үнүн өчүрө чартылдап күйүп үн чыгарып жатты.
Таң калаарлык,Ли плитага аралашып жүрүп келгени үчүн кызарып да койгон жок.Душтан чыкканга окшоп салкын,идеалдуу таранган,ал, ырдаганын уланта,столдун ортосуна ысык нерсеге карата коюлуучу "подставканы" н үстүнө сковордканы коюп,анан тарелкаларды койду.
-Чындап жардам бербей эле коёюнбу?
Ал мени өбүү үчүн эңкейди эле мени аны моюндан кармай өзүмө тартым.
Жылмая, ал аз-маз артка жылды:
-Коё тур,жакшысы мени алагды кылба,мен ансыз деле даяр болуп араң турам.
Жылмая,шилекейимди жута,мен кайрадан телевизор жакка бурулдум.

#11 25 May 2015 - 20:25
Дүйшөмбү,3-декабрь,
2007-жыл.
Менде текшерүүгө болгону отуз мүнөт бар болчу,ошондуктан мен биринчи жолкусунда эле баарын туура,так кылуум керек экендигин билгем.Катасыз. Баарын так алты жолу текшерип,убагында бүтүшүм керек.
Элестетсеңиздер? Менин колумдан келди.
Мен анын квартирасына билдирүү жазганымдан кийин так отуз мүнөттөн кийин көтөрүлүп бардым.Жада калса пальтону да чечүүгө үлгүрбөдүм.
Мени көргөн ал кабагын чытты:
-Сага эмне болгон?
-Эч нерсе.
Мен анын артынан жапжарык болуп күйүп турган босогого кирип бардым.
-Анда эмнеге сен мынчалык купкуусуң?
-Жөн эле.Китепканада эсим ооп жыгылып түштүм.
Биз кухня тарапка жөнөдүк.Ал менден пальтомду чечти да эшиктеги илгичтеги өзүнүн күрөң курткасынын үстүнө илди.Ал бүгүн дайымкыга караганда бир топ элеганттуу кийинип алыптыр,-балким, жумушунан келген бойдон дале кийимин алмаштыра электир:кара- боз шым,көк көйнөк,жеңи чыканакка чейин түрүлүү.
-Сен эсиң ооп жыгылып түштүңбү? А эмнеге?
Ал мага стул жылдырды.
-Билбейм.Мүмкүн, бүгүн аз жегендирмин. Же жөн гана чарчагандырмын.
-Анда мен сени кечки тамак менен тамактандырам, -деп кесе айтты Стюарт.
-Ой жок,кереги жок... Мен такыр бул ойдо...
-Сен кечки тамакка каласың,түшүндүңбү?
Ал кастрюлдагы супту аралаштырды, ширин жыттанып жатты,үй тамагындай.
Стюарт чай даярдап жатканда мен стулда олтурганча анын кантип чай салып жатканын,аралаштырганын, сүт кошконун көзөмөлдөй олтурдум.Бул нерсени өзүм кылсам бир топ тынчыраак болсо керек эле чай ойдогудай болуш үчүн.Ошол эле убакта ал жумушунда кандай гана кыйын жума болгонун жана ал капыстан кошуна көчөдөн кичинекей магазин таап алганын,анда эң сапаттуу "специялар" сатылаарын айтып жатты.
Мен бир ууртам чай ичтим.Жанакы күнкүдөй,Робин менен болгон окуядан кийинкидегидей, мен анын даярдаган чайы жетишээрлик эле дурус болгонуна таң калдым.
Стюарт картон пакеттен эки булочка алып чыкты да духовкага салды.Жылуулуктан, ысык чайдан жана коопсуз жерден мен аз-маз жибий түштүм.
-Жанакы материалдар үчүн дагы бир жолу рахмат.Чын,абдан кызык экен.
Ал мага тигилди,мага байкалгандай, жеңилдөө менен.
-Бул создөрдү угуу мага жагымдуу болду.Сен леченияны баштоо жөнүндө ойлонуп атасыңбы?
-Ойлонуп атам.Бирок мынтип,жок жерден эле баштап жиберүү кыйынга турат экен,түшүнүп атасыңбы?
Стюарт столго күндүн түсүндөй болгон спреди бар тюбик коюп анан кичинекей тарелкаларды, бычак,кашыктарды койду.
-Билем.
-Уксаң, мен жөндөн-жөн эле ушул түгөнгүс текшерүүлөрдү уюштура бербейм да.Мага ошол ашыгы менен коопсуз жерде экениме ишенип туруу тынчыраак.А эгер мен текшербесем, мен бул нерсеге кантип ишене алам?
-Ошентсе да бир гана жолу текшерүү-бир гана жолу баары жайында экенине ишенүү жакшы го?
-Албетте жакшы.
-Сен өзүң деле бир эле нерсени жүз жолу текшерип чыгып,жөн гана сезимиңди гана тынчтандырып жатканыңды түшүнүп атасың,-бул убакытта бир-ар нерсе өзгөрүлүп кетпейт да!
-Мен эмнегедир терапия абалды жакшыртаарына ишене албай турам.
-Бирок аракет кылып көрүүгө эмнеге болбосун?
Ал эки миска толо суп көтөрүп келди да столго койду,анан духовкадан ыссык булочкилерди алып чыкты-аларды колдон-колго ыргытып алып келүүгө туура келди.
Тушума олтурду,көздөрүмө карады.
-Рахмат.Сен абдан боорукер экенсиң.
-Койсоңчу,бул жөн гана тооктун этинен жасалган суп.Же!
Ал дале менден көзүн албай,кудум мен дагы бир-ар нерсе айтчумдай күтүп калды.Мен ойлонуп калдым:балким, ал бул ыкманы өзүнүн оорукчандарына колдоно бекен,тигинтип үндөбөй олтуруп,оорукчан столдо ойдолоп,унчукпай гана олтурбоонун жолун издеп,баарын айтып салышын күтүп.А мен бир нерсе деп сүйлөгөндү каалабай турдум.Мага мына ушинтип ага кароо жана унчукпоо жагып жатты.
Акыр аягы ал биринчи көзүн тартып алды да тарелкага тигилди.Жүзү албырып чыкты.Мен оюмда бул жеңишим үчүн калың "белги" койдум.Негизи эле мен баардык адамды тиктөөдөн жеңип алам,-мен бул нерсени ооруканада эле өздөштүрүп алган элем.
Суп чындыкка дал келбегендей даамдуу болуптур.Мага заматта жан кирди жана жылый түштүм,анан да мен канчалык көп жеген сайын ошончолук ачка экендигимди түшүнүп жаттым.
-Уксаң, а сен качан акыркы жолу бир-ар нерсе жедиң эле? - деп сурады мен мисканын түбүн нандын үзүмү менен таптаза кылып тазалап бүткөндөн кийин.
-Эсимде жок.Жакшылап эстей албайм-көп болду.
-Дагыбы?
-Жок,башка кереги жок.Рахмат.
-Мен сени менен бирге барышымды каалайсыңбы?
Суроо капыстан чыгып мени шаштырып жиберди.
-Мени менен? Каякка?
-Сенин врачыңа.Мен сени коридордо күтүп тура алам.Кандай сага мындай идея? Бирге болсок шаңдуурак эмеспи.
-Жок,рахмат, -деп күбүрөндүм мен ага карабай туруп.
-Бул деген мага таптакыр проблема эмес,чындап! Мен жумушумдан жооп сурап ала берем.
-Уксаң,Стюарт, менин дале врачым жок.Мен бул жакка көчүп келгенден бери жада калса поликлиникада да катталган эмесмин.Керек болсо менин медициналык карточкам да жок.
Мен ордумдан ыкчам турдум,стул плиткалуу полду катуу чиймелеп жиберди.
-Мен барайын.Суп үчүн рахмат.Сен билгендей менин аткарылбаган бир топ зарыл жумуштарым бар.
Мен пальтомду илинип турган жеринен алдым да эшик жакка ылдамдай жөнөдүм.Мага коридордогу дубалдар кичирейип кеткендей,а потолок ылдый болуп калгандай сезилип жаттыбы же чын эле ушундай беле?
-Кэти,токто! Бир мүнөт!
Мен ал дагы озүнүн терапиясы жөнүндө айта баштайт деп ойлогом,бирок анткендин ордуна ал менин колума оор пакет сунду.
-Бул эмне?
-Суп.Тоңдурулган. Тамактанганды унутпа,макулбу?
-Рахмат.
Мен тепкич менен ылдый жөнодүм,квартирама учуп кирдим,эшикти жаптым да ага жонум менен жөлөнө туруп калдым.Уф,акыры үйдөмүн.Пакет чын эле оор болчу.Мен аны кухняга алып бардым да морозилканы эки контейнер суп менен толтуруп койдум.Биздин холодилнигибизде эмне бар? Дээрлик эч нерсе.Стюарт туура айтат,көбүрөөк жеш керек.А мүмкүн мен жумушта дагы жыгылып түшөм?
Мен квартираны текшерип чыктым,бирок эч кандай энтузиамсыз. Суроо жаралат,мына эмнеге мен жакшы адамды капаланттым? Ал деген мага жөн гана жакшылык каалаган эле го.Жакшылык! Мен ичиркенип алдым.Мына ушуга окшош нерсени мени кыстап аткарттырып жатканда мен таптакыр көтөрө албайм.Жана да мен врачтарга ишенбейм,айрыкча ошончо убакыт каргыш тийген ооруканада текшерилип чыккандан кийин.Эгер мен кайрадан врачтарга баш ийсем кайрадан ылдыйлайм,өсүмдүк абалына,-ызалуу болот,мен деген эми гана озүмө келе баштадым да... Азыр менде жок дегенде өзүмдүк жашоонун иллюзиясы пайда болгон,жумуш, квартира бар.Бу Стюарт гана менден тирүү басып жүргөн диагноз көрүп атат:синдромдуу, проблема коштогон,нерв коштогон.Ха! Ал мени бир жарым жыл мурда көрбөптүр да! Ал менин кандай гана узак жолду басып өткөнүмө түшүнүгү таптакыр жетпейт.
Жекшемби,7- декабрь,2003-жыл.
Жекшемби күнү биз эртелеп Моркам пляжына ойноп келүүгө жөнөдүк.Деңизден ичиркенткен шамал уулуп,кош ууч кумду бизге үйлөй,көздөрдү ачтырбай согуп жатты.Чачтарым башымды тегерене,таң калычтуу саймактарга окшошо уйпалана учуп турду. Мен шамалга бет маңдай бурулдум да чачтарымды бир түймөк кылууга аракет кылдым.Чын,аларды байлап салганга эч нерсем жок болчу,ошондуктан мен бул чач жасалганы көпкө сактап турам деп ойлогон жок элем.
Ли менин колумдан кармады:
-Ушундай сага абдан жарашат экен!
Шамалдын дуулдаганынан менин кулагыма кыйкырып айтканга туура келди.Кумга нымдуу издерибизди калтыра биз сууга жакындап бардык.Мен бозоргон,суудан жалтырап калган ракушканы жерден көтөрдүм.Шамал кысмакка алды,жаңы күч менен кайрадан уулуп баштап менин чачтарымды кайрадан чачып жиберди.Асманда калың булуттар топтолуп жүрөт-чындап эле жамгыр жаайбы?
Мен жука шарфымды моюнга оройм деп баштан ашыра ыргыттым,эки учун байлап коюу үчүн,шамал аларды менин колумдан жулуп качырып жатты,мына ушундай тамашакөй шамал.
-Ли!-деп кыйкырдым.
Ли таштарды сууга кайыта ыргытып жаткан эле,бирок мени укту,бурулду да жакын келди,бир гана сүйлөшүү үчүн эмес.Бир колу менен менин далымдан кучактады,бириси менен ээгимден кармап,жылуу, шамалдан туздуу боло түшкөн эриндери менен менин эриндериме жабышты.Мен бат эле башты айлана учуп жаткан чачтарымды да,шарфты да унуттум.Тентек шамал заматта аны колумдан жулуп алды да укмуштуудай көк канаттуу куш сыяктантып асманга көтөрдү.
Ли менден үзүлдү да шарфты кууп жөнөдү,мен шарпылдак таштардын жанында,үнүмдүн болушунча каткыра карап турдум,жана шамал да менин эриндеримден чыгып жаткан үндөрдү кармап алып ушунчалык тездик менен алыстарга учуруп ийип жатты,жада калса мен өзүм аларды угууга жетише албай жаттым.
Шарф болсо бирде жогору көтөрүлө,бирде ылдый түшө,жулкуна жана дирилдеп,канат сыяктуу кылып эки учун желпилдетип, акыры келип сууланган кумга конгуча Линин кыжырына тийип учуп жүрдү.Ли салтанаттана аны мага көтөрүп келип берди-кир,суу жана муздак бойдон.
Шамал менен алышуу бизди зээриктирип жиберди,анан биз,жетелеше, шаарды көздөй жөнөдүк.Жакынкы кафелердин биринен чыгып жаткан жыттар өтө эле азгырыктуу болду,биз бирисине кирип бардык,экөөбүзгө бир порциялуу куурулган картошка алдык да терезенин жанындагы пластик жасалган столдорго олтурдук.Кафенин ичинде дээрлик жымжырттык өкүмү сүрүп жаткан эле.Биз,үнсүз, тердей түшкөн терезенин сыртындагы пальто жана шымдарын сыйрып алгысы келип жаткан шамалдын айынан бүкүрөйүп алып сүйлөшүп өтүп жаткан элдерди караганча картошканын ломтиктерин чайнап аттык.Биздин өзүбүздүн шамал менен болгон кебибизден кийин жуздөрүбүз күйүп жаткан болчу.
-О,мен баардык күндөрүм бүгүнкүдөй болушун кандай гана каалаар элем,-деп өзүмдү кармана албаган менин оозумдан чыгып кетти.
Ли мага ойлоно тиктеп калды,ал көбүнчөсү ушинтчү.
-Сен жумушунду ташташың керек болот,-деди ал.
-Эмне?
Ли эки мүрүсүн кысып койду:
-Жумушуңду ташташың керек,дейм.Ошондо гана биз ушундай майрамдарды менин дем алыш күндөрүмдө ар дайым уюштуруп тура алабыз.
Мен күлдүм:
-А кайсы акчага жашашты буюрасың?
-Менде акча жетишээрлик- экөөбүзгө тең жетет.Биз чогуу жашап алсак болот.
Алгач бул айткандары тамаша деп ойлондум,бирок ал толугу менен олуттуу түрдө эле.
-Бирок мен жумушумду жакшы көрөм да,-дедим мен.
Эми ал күлдү:
-Койсоңчу ай! Сен өзүң дайым эле арыздана бересиң го таптакыр бош убактыңдын жоктугун айтып.
-Ошентсе да мен эч элестете албайм,бу кандай-жумушту таштап салуу? Бирок сунуш үчүн рахмат.
Кафенин жанына полициянын машинасы токтоду,ичинен эмнегедир эч ким чыккан жок.
-Кызык,алар ичинде эмне кылып жатышат экен?-деп сурадым мен.
Линин ачык-көк көздөрү менин көздөрүмө ирмелбестен карап калды.
-Сен эмне?-деп сурадым жылмая.
-Мен сага бир нерсе айтышым керек.
Ал менден көзүн албай туруп,тарелкадан кезектеги куурулган ломтикти алды да чайнап баштады.
-Айт,-дедим мен,бирок жүрөгүмдүн согушу негедир басаңдай түштү.
-Бир гана бул экөөбүздүн ортобуздагы сөз.Жарайбы?
-Албетте.
Билбедим,эмне күткөнүмдү, бирок эмнегедир ал азыр эч кандай жакшы нерсе айтпоосуна ишенип турдум.Азыр бир бурулуш учур болоорун жана Ли бир сөз айтаарын,анан биздин мамилебиздин бир мезгили аяктайт да аргасыз башкасы кирип келээрин терим менен сезип жаттым.Менин кум аралаш,деңиздин тузунун айынан жабышып калган чачтарым "сахарная вата" сыяктуу болуп башымды айлана көтөрүлдү.Ли пешенемдеги чачтарымды ирээттейм деп манжалары менен бир жагына сүрөйүн деди эле бирок анте албады,жана бул нерсе анын күлкүсүн келтирип жиберди.Ал кайрадан терезеге,кыйшык жаап жаткан жамгырды жирей ордунан жыла кетип бараткан полициянын машинасын карады.Анан кайра мени карады жана колумдан аяр кармады.
-Мен жөн гана сени сүйөөрүмдү айткым келген,-деп күбүрөндү ал,-мына ушул эле.
Менин жүрөгүм тамагыма чейин секирип жиберди,мен ошол күнү ошол мүнөттөрдү жана ошол сөздөрдү жүз жолу эстедим.Мен күлүүнү,ырдоону, жана биздин сүйүүбүз тууралуу кыйкырууну каалап жаттым...
Ошентсе да... Мен ошондо ал кайсыдыр бир башка нерсе тууралуу айтууну каалаганын, анан эле акыркы секунддарда гана оюнан кайтып кеткендей болгон сезимдерден эч эле алыстай албай койдум.
Шаршемби,5-декабрь, 2007-жыл
Мен эми гана уктайын деп жаткан элем,бирок квартираны дагы бир жолу текшерип чыгуу ою пайда болуп алды,бул кадимки тыюу салынган ырахат сыяктуу көрүнүш-өзүмө- өзүм толугу менен тынчтануу үчүн уруксат кылдым.Бекер эле кылыптырмын, себеби мен байланып калдым.Балким, мунун баары тамактанганды унутуп койгондугумдан болгондур,жана да,ооба,акыркы түндөрү дээрлик уктабагандыктан да.Мына эми мен ыкылас коё албай убаралана бердим.Бир нерсени унутуп калам,кайсы саатта канча жолу текшердим экен деп,же текшерүүнүн кезегин адаштырып алам,же болбосо эшиктин жылчыктарында колумду жетишээрлик узаак кармай албагандыгым үчүн квартирада нары-бери темселеп басып жүрө бердим.Жалпылап айтканда,баары туура эмес болуп жатты.
Түнкү саат бирде жок дегенде биртке ойгонуу үчүн мен душка түштүм,душта аябай коркунучтуу тоңуп калдым... анан треник менен футболка кийдим да кайрадан эшик менен алек болуп кирдим.
Эч болбой атат,эмне кылуу керек! Бүгүн мен,балким,таптакыр уктай албайт окшойм... Мен эшиктин жанындагы полго тизелеримди колдорум менен кучактай олтурдум,титирей жана тырыша,жада калса Стюарттын тепкич менен чыгып бараткан кадамдарын да укпаптырмын. Ал мени өлөөрчө коркута эшикти тыкылдатты:
-Кэти,бул мен.Сага эмне болду?
Мен жооп бере албадым,бир гана солуктап ыйлап,мурдумду тартып жаттым.
-Кэти,эмне болду? Ачсаңчы,бул мен!
Өзүмдү колго алуу үчүн мага бир мүнөттөй керек болду,анан ичимден сыгып чыгардым:
-Кет.Баары жайында... сен бара бер... сураныч.
Мен кулагымды түрүп тыңшап калдым,бирок узап бараткан кадамдардын дабышы уга алган жокмун.Бирок ал эшиктин нары жагындагы полго кантип олтурганын уктум.Мен дагы да катуу ыйлап кирдим,бирок азыр корккондугумдан эмес ачуум келгендиктен, - ага болгон,анын менин өзүмдүн паникам менен күрөшүүмө,оюмду бир жерге топтогонго тоскоол болуп жатканына болгон ачуумдан.Бирок, таң калычтуу болгондой,паника басаңдай баштады.Баса, миссис Маккензи да туура эмес убакта эшигин ачып менин ылдыйкы эшикти текшерүүмө тоскоол болуп калганда да ушундай болуп калчу.Мен эшиктен алыстап жылмышып артка жылдым жана,титирей, Стюарт жөнүндө,ага ал жерде кандай болуп жатканын ойлой килемге олтурдум.Балким, ал мени үмүтсүз "неврастеничка" деп ойлоп жатса керек.
Акыры келип мен тамагымды тазалап алдым да таамай жана катуу айттым:
-Мына эми баары жайында.
Эшиктин нары жагынан дабыштар чыкты,бул анын олтурган жеринен өөдө болгону.
-Чындаппы?
-Оба.Рахмат.
Ал жөтөлүп алды:
-Балким,сага бир-ар нерсе керекдир? Бир чашка чай же дагы бир-ар нерсе?
-Жок-жок.Баары жакшы,рахмат.
Ии ооба,бир гана акылы жайында эмес адам гана озүнүн эшиги менен сүйлөшөт.
-Анда мейли. Азга гана болгон тынымдан кийин мен өзүнө ишенбей шилтенип жаткан кадамдардын дабышын уктум,кудум ал мага толугу менен ишенбегендей.Анан ал баары бир өзү жакка көтөрүлүп барды да эшигин жапты.

#13 25 May 2015 - 20:55
Сонун которупсуз.
Азаматсыз.Уланта бериниз!Кутобуз!
Рахмат.Бир айдан ашык которгонум ушунча эле болду))
Эми дагы көбүрөөк топтолуп калганда илип турам.
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#14 27 May 2015 - 22:45
Амантай, азаматсын!
Ийгилик сага! Эч талыкпай ушул темпте уланта бер, кызыгып, кутуп окуган окурмандарынды мен да толуктайм!
Барпылыктар рулит))
#15 28 May 2015 - 11:02
Амантай, азаматсын!
Ийгилик сага! Эч талыкпай ушул темпте уланта бер, кызыгып, кутуп окуган окурмандарынды мен да толуктайм!
Рахмат...
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#16 28 May 2015 - 17:50
Бул китептин киносу жок беле ? Мазмунунан кандайдыр бир жерлерин билгендей болуп жатам . дегеним азыр ушундай болот десем так ошондой болуп жатат .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#17 28 July 2015 - 18:09
Дүйшөмбү,
8-декабрь,2003-
жыл.
Мен чын дилимден ушул дүйшөмбү күндү жумуштан жооп сурап Ли менен төшөктө өткөзүүнү каалап турдум.
Эрте мененки жетиде жылуу одеялдын астынан суурулуп чыктым да душка жөнодүм.Эгер Ли жата бергенде мен сөссүз кайра артка,анын жанына барып жатып алсам керек эле.Бирок ал ыкчам турду,кийинди, мен качан гана кухняга киргенимде плитанын жанында жүрүптүр,кофе кайнатып жана бутерброд жасап солфеткага ороп коюптур.
-Сен эмне? Не кереги бар?-деп анын ороп даярдап койгонун сумкама салып жатып көңүлсүз каршылык көрсөтүмүш болдум.
Ал мени белимден кучактады да кулагыма шыбырады:
-Менин сунушумдун үстүнөн ойлонуп көр,алтыным! Эгер сенде жумушка барыш зарылчылыгы жок болгондо биз убакытты эң сонун өткозмөк элек.
-Ой,кыжырга тие бербесеңчи!
Көчөдө жийиркеничтүү абал экен:суук,нымдуу жана караңгы.Ооба, чындап эле,ушундай жашоонун мага эмне кереги бар? Андан көрө сүйүктүүм менен үйдө олтурсам болмок,андан да жакшысы жатсам болмок... Ли үйдөн чыгып кете алуусу үчүн мен ключту столдун үстүнө таштап койгом.Бул нерсе өзүнөн-озү аткарылды жана мен ключту кайра кайтарып берүүсүн сурабашымды анык билгем.Биз дээрлик эки күндү жанаша жүрүп өткоздүк - кереметтүү эки күндү жана эң сонун үч түндү.Кудум биз өмүр бою тааныш болуп жүргөндөй.Кудум экинчи жарымыбызды чындап эле таап алгандай.
Офиске кире элек жатып телефонума чалуу келип калды:Сильвия. Ал өзүнүн эски жумушунан дале чыга элек болчу.
-Кандай,курбужан! - дедим мен.-Ии анан,"Бог огня" сага жактыбы?
-Эң сонун,алтыным. Чын айтам,абдан сонун клуб.Сен да чоң кубанычка бөлөнсөң керек эле.
-Калп айтпачы! Ичи кандай экен?
-Сөз жеткис! Кызыл кожалуу дивандар,хромированный столдор,күзгү, ал эми туалетчи! Бул өзгөчө.Элестет, керек болсо алар тирүү гүлдөрдүн букеттерин коюп коюшуптур.Жогорку деңгээлде каражат жумшашыптыр. Кол аарчыган чачык,абаны тазалоочу ароматизатор, жада калса увлажнающий крем.Сен мындайды элестетип көрсөң! А,анан дагы:эсиңдеби тиги,ким эле,жанагы "Кувшин и Рояльда" иштегенчи,сен жактырчу элең го? Джефф? Джулиан?
-Джейми?
-Дал өзү! Анан ошо,ошол эми ал жактагы барда турат.Баса,баардык бармендердин баштарына кызыл кепка кийгизишиптир- абдан сексуалдуу көрүнүшөт тим эле.Анан дагы алар дубалдагы эски фрескилерди (фреска-живопись по сырой штукатурке водяными красками) таштап коюшуптур,бир гана аларды айнек менен жаап салышыптыр, мунусу биз өзүбуздүн шайтан ичкиликтерибизди ыйык нерсенин кароосунда ичүүбүз үчүн окшойт.Кандай экен? Жакшы идеябы?
-Мына сага-а... Таң калаарлык! Кел эмесе кийинки жумада чогуу кирип чыгабыз?
-Мүмкүн. Билбейм.Негизи эле мен сага башка себептер менен чалып жатам,-Сильвия азыр чыкчу эффект үчүн бир аз басаңдай сүйлөдү.
-Кудай ай,"Бог огня"нын ачылуусунан башка кандай маанилүү нерсе болмок эле?
-Мисалы, менин кечем.Ажырашайык кече эмес.Мен жакын адамдарыма кечки тамак уюштуруп жатам.Мэггиникине. Өзүң түшүнөсүң,меникинде болбойт,мен эми эле буюмдарды жыйнай баштагам,ошондуктан квартирамдын чумосу чыгып кеткен.Билбейм, бул көчүп кетүүгө чыдай алаар бекем,бирок бул жөнүндө анан-сен келесиңби?
-А качан?-тактап алгым келди.
-Кийинки бейшемби.Саат жетилерге.Келе аласыңбы?
-Ананчы, кантип эле мен ушундай нерсени өткозүп жиберейин? Мен эмне алып алайын? Торт? Салат?
-Өзүндүн жаңы жигитиңди.
-Билбейм, балким,ал жумушка барыш керек болуп калаттыр,-чайналып баштадым мен.
-О!
-Мен андан сурайм,албетте. Балким,ал деле бара алаттыр.
-Мен Шонду да чакырдым.Анан дагы Леннон менен Чарлини.Стивини да чакырам,жөн гана күлкү үчүн.
Бул жигиттердин баары бош эмес болчу,бул дегени:"Өзүңдүкүн ээрчите кел же болбосо кече бүткүчө жалгыз олтур" дегенди түшүндүрөт.
-Болуптур,сурайм андан.А эгер ал бара албаса,анда жаңы-жылдык кечеге чейинки "Парящем орле"де жолугабыз.Бул нерсени мен такыр өткозүп жибере албайм.
-Мейли анда,берекем, барышыңарды же барбашыңарды шаршембиге чейин кабарлап кой.Мен эмне,канча сатып алуумду божомолдоп билишим керек.А азырынча өзүңдү жакшы алып жүр.А эгер анте албасаң,жаман алып жүр.
-Сөз берем.Көрүшөбүз!
-Мейли.
Эң жакын достор топтолгон кечеге Лини чакыруу өтө эле эрте эмеспи? Аны ал жерде кызыгуу менен карап башташат,бул анык,бирок башка тараптан карасак-а эмнеден уялышыбыз керек? Жана да,бул нерсе бир убакта баары менен таанышып алуу мүмкүнчүлүгү. Анан да Мегги абдан даамдуу тамак даярдачу;жана негизи эле мен ал уюштурган кечелерди аябай жакшы көрчүмүн.Менин досум жумушунан жооп сурай албай койгону үчүн Меггиникине барбай коюу керекпи? Болбогон нерсе.
Бул ойлордун баарын кууп жиберип мен жумушка кириштим,саат ондо боло турган чогулушка даярданышым керек болчу-бир топ суроолорду, отчетторду даярдоо.Бирок башыма ар кандай эстен чыккыс элестер кире берди.Мисалы, Меггиникинде болгон акыркы кече.Анда жалаң кыздар топтолгон элек,биз балмуздак жеп,жана аны бренди менен ичкенбиз.Абдан көңүлдүү болгон эле.
Чогулуш бүткөндө мен телефонумдан Лиден келген кабыл алынбаган чалууну көрдүм да ага чалдым.
-Салам, менин татынам!-деди ал.
-Салам! Эмне кылып атасың?
-Азыр гана идишти жууп бүттүм.Кечкиге сага ширин бир-ар нерсе жасаш үчүн магазин аралап келгим келип атат.Сен эмне каалайсың?
-Эмне? Билбейм... Ли,сен кийинки бейшемби иштейсиңби?
-А эмнеге?
-Бизди Меггинин үйүнө конокко чакырышты.
Азга гана тыныгуу ээледи.
-Сен менин барышымды каалап жатасыңбы?
"Ананчы, албетте,андай болбогондо эмнеге сурамак элем?"-деп ойлондум мен.
-Оба,-дедим үнүмдү чыгара.
-Негизи эле,мени командировкага жөнөтүп жатышат,бирок мен жооп сурап көрөм. Кыскасы,бошошко аракет кылам.Курсантсыңбы?
-Өлгүдөй.
-Анда эң сонун.Үйдө качан болосуң?
-Айтыш кыйын.Алты жарымдарда.
-Абдан жакшы,кечки тамак столдун үстүндө күтүп алат.
-Менин эми эле шилекейим ага баштады.Рахмат, жаным!
-Көрүшкөнчө.
Дүйшөмбү,10-декабрь, 2007-жыл.
Мына кайрадан дүйшөмбү-кайрадан жумушка баруу.Таңкалычтуу, бирок мен үйдөн эч кандай проблемасы жок чыгып кеттим:бир болсо күн ачык болуп, күндүн чыгып турганы жардам берди.Дем алыш күндөрү мен уйкумду кандыра уктап да алууга жарадым,болбоду дегенде ар саат сайын ойгоно бербедим.Оба, анан да өзүмө тамак жасадым жана күнүнө үч жолудан тамактанып жаттым,-балким, өз убагында тамактанууда да кандайдыр маңыз бар окшойт.
Бирок менин эрте мененки текшерүүлөрүм эч кандай катасыз өтүп жатканы менен мен кечигип жаттым жана дээрлик чуркап жүрдүм,ооздон түрмөктөлгөн буулар чыгып атты.Мен артымдан кадамдарды уктум,бурулдум. Стюарт экен.Анын көрүнүшү эң сонун,сулуу, шаңдуу,жашоого ыраазыдай эле.Жүрөгүм секирип кете жаздады.
-Саламчик! -деди ал.
-Сен кайда,метрогобу?
-Оба.-Жалгыз басканга караганда анын жанында басуу бир топ жагымдуу болчу. -Стюарт,уксаң, түшүнөм,ар жолкуда бир эле нерседен баштай берем,бирок баары бир,кечир.
-А азыр эмне үчүн?-деп сурады ал.
-Эми-и, сенин жумушуңда эле психтер жетишээрлик, а бул жерде,үйдө да бирөө пайда болду.Анан да ошол түнү,сен мени суп менен меймандаганыңда, мен сенден таптакыр адепсиз качып чыгып кеттим..Кечир! Өзүмдү эч нерсе кыла албай койдум ошондо.
Стюарт унчукпай жанымда бара жатты.Мен ага жашыруун көз узаттым,бирок анын жүзү куртканын жакасы менен тосулуу эле.
-Мынтип айтыштын зарылчылыгы жок,-бир аз унчукпай туруп анан айтты ал. - Мен бул тууралуу көп ойлондум.Мен өзүм күнөөлүүмүн- адамды кечке эле кыстай бербеш керек.
-Бирок маани берип карасак сен эң эле туура айткансың! Мага чындап эле жардам керек.Мен бул дем алышта өзүмө-өзүм жай таба албай кыйналдым.Эми мына чечим кылдым... каттала турган жерге катталып,медициналык карта ала турган убакыт келиптир.
Бу мага эмне болгон? Кайсы шайтан? Сөздөр өзү эле менин эриндеримден чыгып кетти,балким, жөн гана анын күлкүсүн көрүш үчүн,кубантыш үчүн гана чыгып жаткандыр.
Чын эле,менин сөздөрүм таасир этти.Стюарт керек болсо токтоду:
-Эмне, чындап элеби?
-Чындап.
Анын ашыкча эле бактылуу жылмаюусун көрүп мен каткырып жибердим.
Биз андан ары кеттик,сфетофорду күтүп турдук,жашыл күйгөндө көчөнүн наркы бетине өттүк.
-Уксаң, -деди ал токтогончо. - Эгер сен чындап эле даарылангың келсе... Уиллоу-роуддагы медициналык центрге чал.Ал жердин репутациясы бул айланадагы ооруканалардын эң жакшысы,ал беделдүү поликлиникалар менен кызматташат, жана да ал жактын персоналдары абдан боорукер.Жазылып жатканда,Сандж. .. доктор Малхотро менен жолугушууну суран,жакшы бала.Жана эң сонун специалист.
-Рахмат, мен дал ушундай кылам.Рахмат.
Биз турникеттерден өттүк,метрого кирдик да анан ажырадык:ал туштүк тарапка барыш керек экен,а мен түндүк тарапка жөнодүм.Мен анын артынан карап бир аз турдум: ал сумкасын жеңил гана мүрүсүнө асып алып платформа менен бара жатты.

#18 28 July 2015 - 18:22
Дүйшөмбү,8-декабрь,
2003-жыл.
Мен жумушта кармалып калдым:Лондондогу офистен бир жумушчунун үстүнө келген арызды тезинен карап чыгуу керек эле,эмнегедир, менден башка,бул нерсе менен алектенгенге эч ким жок болуп калды.Жалпысы, мен үйгө жетиге жакындап калганда гана кайтып келдим.Стол жасалуу бойдон экен,ортодо бир бөтөлкө вино,а Ли кухняда аракеттенип жүрүптүр.Эч нерсе чачылбаган, майдын бир да тагы жок-түшүнбөйм, ал кантип кухняда будуң-чаң кылбай тамак даярдайт? Ал менин жүзүмдөн өптү-ушундай бир жаңы эле сакалдары алынган,атыр себинген,кудум душтан азыр эле чыккандай.
-Кечиккендигим үчүн кечир,-дедим мен.
-Эч нерсе эмес! Баары даяр,кел,олтур.
Бул жолкусунда ал ар кандай чөп-чар кошулган чөжө даярдаптыр, а гарнирге салат,жашыл чөп,нан да жылуу бойдон,а вино муздак бойдон экен.
-Мен жумушка чалдым,-деп айтты ал,аппеттит менен тооктун бутун мүлжүгөнчө. -Ишемби күндүн кечине жооп сурап койдум.Бир гана,керээлден- кечке иштеш керек болот,ошондуктан, балким,мен түз эле сенин курбуңдун үйүнө өтүп барам.
-Ой,чын элеби? Кандай сонун! Кандай гана азаматсың!
Ал бир азга унчукпай калды.
-А сен менин барышымды чын эле каалап жатканыңа ишенесиңби?
-Каякка?
-Курбуңдун үйүнө,Кэтрин?
-Аа ооба,албетте. А эмнеге болбосун?
-Мен үчүн жаңы адамдар менен ушинтип эле жолугуп коюу оңой нерсе эмес.Мен,негизи эле,элсизмин (нелюдим),эгер сен дале байкай элек болсоң.
-Ушу сен "нелюдим" сиңби? Болбогон нерсе,сен жүз пайызга атайы ушундай болуп алгансың.
-Демек, сен мени начар билесиң.
Биз экөөбүз тең унчукпай калдык.
-Анан,сен качандыр жумушуң тууралуу мага айтып бересиңби?-деп сурадым мен.
Ли чайноосун токтотту да бир канча убак менден көзүн албай тиктеп калды.
-Жалпысы жана бүтүн бойдон,сен ансыз деле билесиң.Мен коопсуздук системасында иштейм.
-Мынтип айтуу-демек таптакыр эч нерсе айтпоо.Мен деген кабатыр болуп жатпаймынбы.
-А ушуну сен бекер кыласың,-деп назик айтты ал.-Биздин жумушта эң башкысы этияттанууну сактоо.Жана сенин бул тууралуу баардык учурда болушунча аз билгениң жакшы.
-Сен эмне,мага ишенбейсиңби?
Ал бир аз түнөрө түштү:
-Билесиңби, мен деле сага ушундай эле суроону бере алам.
Мен туталанган түрдө вилканы столдун үстүнө ыргыта таштап жибердим:
-Эгер ушунчалык эле татаал болуп жатса,Меггиникине барбай деле койсок болот.Мен серезно айтып жатам.Эгер сен каалабай турсаң...
-Эмнеге экен.Бара беребиз.
-Ли,бул деген экзамен эмес да,жөн гана кичинекей кече.
Ли чайнап бүттү да тарелкага вилка менен бычакты аяр койду.
-Десертке өтөлүбү?
Десертке ал клубника менен таттуу мускатное вино даярдаптыр, бул менен биз эми төшөктө ырахаттандык. Андан ары биз кече тууралуу да,анын жумушу тууралуу да сүйлөшпөдүк. Ии анан да,сүйлөшүүлөрдүн эмне кереги бар? Мен анын денемди назик сылаган жылуу колдорунда, изденген,ач эриндеринин астында балкып ээрип жаттым.Эртең ал жумушуна кетет,а мен өзүмдүн жумушума.Бирок азыр биз биргебиз.
Шейшемби, 11-декабрь,2007- жыл.
Менин колумдан келди! Мен аткара алдым.Бүгүн метродон үйгө чейинки эки чакырымдай алыс жерден чыга алдым,бирок Уиллоу-роуддан бир чакырым алыс жерден.Өз ичимде,албетте, коркуу менен каргыш тийгир медициналык центр жабык болуп чыкса экен деп тилеп жаттым,бирок жок,ал дале иштеп атыптыр.
Негизи эле,Уиллоу-роуд шаардын так ортосунда болчу,ызы-чуу кварталга өтө жакын,бирок таң калганымдай бул көчө өтө тынч болуп чыкты.Кичинекей парковка,жанында тиш дарылоочу клиника жана аптека.Баардыгы жарыктандырылган. Парковкада түзүк эле сандагы машиналар токтоп туруптур,таза жана ыңгайлуу кабыл алуучу жайда жетишээрлик көп эле пациенттер олтурат,баары болушунча жайбаракат. Бурчта жасалгаланган, өчүп-күйүп жаткан кичинекей балаты.
-Кандай кызмат көрсөтө алам?-деп сурады регустратурадагы жаш кыз.Ал керек болсо мага жылмайды,муну мен таптакыр күткөн эмес элем.Татынакай, жука жана тармал келген,кыска кыркылган чачы бар кыз.
-Мен... катталып жана сиздердин пациентиңер болсом болобу?
-Албетте, -деди ал.-Бир мүнөткө күтө туруңуз,мен азыр анкетаны алып келем.
Мен эки жакка көз жүгүрттүм.Бир бурчта жаш балдар үчүн атайы жай тосулуп,ал жерде үч бала каробкадагы оюнчуктарды катары менен килемге ыргытып чыгарып ойноп жатышат.Алардан анчейин деле алыс эмес жерде килейген пальточон бир кары киши олтурат,башы дубалга жөлөнүү,көзү жумулуу,жарым- жартылай ачылуу оозунан жалгыз тиши көрүнүп турат.
-А тиги кишиде баары жайындабы?-деп сурадым мен тиги кеткен кыз кайтып келгенде.
-Сиз Джордж жөнүндө айтып жатасызбы? Эч кабатыр болбоңуз.Мен аны бир аздан кийин ойготом.Көчөдө суук болгон мезгилдери ал бизге уктап алуу үчүн кирип турат.Сиз бул пациент эки суткадан бери кабыл алууну күтүп олтурат окшойт деп ойлогон чыгаарсыз ээ?
Биз бири-бирибизди карап жыйлмайып койдук.Кыз колума чоң күрөң конверт карматты:
-Бул жерде анкета жана биздин кайсы клиникалар менен иштешип жаткандыгыбыз тууралуу маалыматтар бар.Азыр эле приемго жазылууну каалабайсызбы?
-Билбейм. Бул сөссүз керекпи?
-Жок,сиз эмне,жөн гана элдер көбүнчөсү врачка барыш керек болуп калганда гана каттала башташат го дегеним.
Мен бир азга ойлонуп калдым-мен өзүмдү бул жере дагы келүүгө кыстай аламынбы?
-Оба,жакшысы азыр эле жазылам.Доктор Малхотреге жазылсам болобу?
-Азыр карайбыз,анын расписаниеси кандай экендигин.Сизге кайсы убакыт туура келет-кечинде жумуштан кийин?
-Оба,эгер мүмкүн болсо.
-Анда бейшемби күнү алтыдан кырк беш өткөндө.Болобу?
-Оба,рахмат. Болот.
-А сиздин атыңыз ким?
-Кэти Бейли.
Регистратор кыз картаны толтурду да мага сунду:
-Анкетаны приемго чейин деле алып келе берсеңиз эң сонун болмок.А эгер сизге кыйын болсо,анда өзүңүз менен кошо бейшемби күнү алып келесиз.
-А азыр эле,ушул жерде эле толтура берсем боло береби?
-Албетте!
Мен столго олтурдум,анкетаны конвертке койдум,а тиземде турган конверт Джордждун коңуругу менен коштолуп баардык пункттары толду,жайыраак болду дечи,бирок булардын баарын эске сакташым керек болчу.Бирок бу жерде,алып жүргөн оорум тууралуу,жана коркуу пристубу,приступтар жөнүндө жазуу чоң маанилүү ролду ойнойт экен эле.
Мен анкетаны артка кайрып бердим да караңгы аллеяга чыгаарым менен чөнтөгүмдөн телефонумду сууруп чыгып смс терип кирдим:"С. ,мен бир бир бүтүмгө келдим.Бейшембиге жазылып койдум.К." Бир нече мүнөттөн кийин жооп алдым:"Эң сонун жаңылыктар! Меникинде чай ичелиби?
С.Ц".
Эмнегедир жылмайган смайлик жана "Ц" кереметтүү болду:мен сырткы эшикти болгону бир жолу гана текшердим.Бир эле жолу! Мен мындайды эстей албайт болчум.Эшиктин жылчыктарын сыйпалап чыгып мен миссис Маккензи өзүнүн эшигине жетип келүүсүн күтүп туруп калдым.Сезимимди текшердим-эч кандай кабатырсыз. Укмуш! Чындап эле менин биринчи жолкусунда эле колумдан келдиби? Мен тепкич жакка бурулдум,ушул жерде акыры эшик бир аз ачылды.
-Кэти,бул сизсизби?
-Ооба,миссис Маккензи.Кантип атасыз?
-Жакшы,кымбаттуум. Рахмат.Өзүңүзчү? Көчөдө суукпу?
-Аявай суук.Эшикти жабыңыз,болбосо квартирага суук киргизесиз.
Ал өзүнүн сериалына жөнөп кетти,мен жогоруга көтөрүлдүм, квартирама.
Стюарт мени беш мүнөттөй тепкичте күттүрүп койду,бирок менин кыжырдануум ал эшикти ачканда эле шамал сыяктуу учуп кетти:анын сол колу кырмызы түстөгү пластмассадан жасалган нерсе менен ороло бекилүү экен,оң далысына жип менен асылуу.
-Сага эмне болду?-деп сурадым мен эшикти жабаарым менен.
-Ийинге буттун соккусун жеп калдым,-байкашымча муун жабыркаган, аябай ооруп атат,иттики десе.
Мен чай даярдап атканда Стюарт артымда сүйлөп жатты.
-Киргениң жакшы болду,-деди ал.-Кандайсың?
-Негизиби? Жакшы.Сен эмне олтурбайтасың?
-Көп олтуруп койдум.Керээлден кечке олтурдум,тажап кеттим.
-Деги ким ийиниңе тепти? Кандайдыр бир ниндзябы?
Стюарт жылмайып койду.
-Жок,пациент. Ал мен берген суроолордун айынан бир аз жиндене түштү.Абал олуттуу экенин убагында түшүнбөгөн мен өзүм күнөөлүмүн. Менде мурда да ушундай болгон эле-санитарлардын чакыруу кнопкасын убагында басканга жетише албай калып алага жегенмин,мына ошондо абдан катуу ооруган болчу.
-Кое турчу,а мага сенин жумушуң пациенттер өзүнүн оор балалык күндөрүн кантип айтып атканын жөн гана олтуруп угуп коюудай байкалган.
-Ооба,клиникадагы приемдордо так ушундай эле кылам.Бирок мен психикасы начар болгон соттолгон адамдар камалчу изаляторго да тез-тез барып турам.Башкача айтканда бул менин диссертациямдын темасы.Ошон үчүн ал жакта көбүрөөк жүрүп калганга туура келет.
Мен кружкамды чайы менен кошо столго коюп рокавинада үйүлүп кеткен идиш-аяктар менен алектенип кирдим.
-Мен эми эле жууйун деп камданып жаткан болчум,-деп күбүрөндү Стюарт.
-Бир колуң мененби?
Ал баары бир олтурду да чайдан ууртады.
-Чындыгында бир кол менен көп нерсени кылса болот экен.Мен бул жөнүндө билбепмин.Сен тиги Санджага приемге жазылдыңбы?
-Оба.Мага ал жер жакты.Баарынын жүздөрү жылуу экен.А бурчта бир чал уктап атты.Алар аны кууп жибербей жылынып алганга уруксат беришет экен.Бул нерсе да жакты.
-Джорджду айтып жатат окшойсун ээ?
-Оба.
-Каалайсынбы, бейшемби күнү мен сени менен ошол жакка барып келем?
Мен заматта анын турган турпатына,джинсадан баштап козүнүн түсүнө шайкеш келген свитерине,кубарган жүзүно чейин көз жугүртүп өттүм.
-Жок,рахмат.
Мен идиштерди жууп бүттүм,өткөнкү аптада чөп-чар менен жасалган уйдун этин микроволновкага салып ысыттым (ал морозилкага салып койгон экен эле),жана биз тамактанууга олтурдук.Стюарт университетти аяктагандан кийин эки жыл саякаттаганы жөнүндө айтып берди.Ал кайсы гана жерлерде болбогон! Ал жатуучу бөлмодөн сүрөттөр бар диск алып келип мен аларды сөссүз көрүп чыгуум керектигин айтып мага берди.Анан да ал аларды сүрөт кылып чыгартып келип альбомго салып чыгууга колу тийбей жаткандыгын да айтып өттү.Саякаттан биз камедиялуу шоуга өттүк,жана ал Сиднейде көргөн бир абдан сонун шоу тууралуу айтып берди.Ал тамаша создөрдү кайталап айтып жатты,а мен ичим эзилгиче күлүп жаттым,чын сөзүм! Саат кечки ондор чамасында мен капыстан эле коркпой калгандыгымды түшүндүм.Болду, коркпой калдым! Бул өзгөчө бир сезим эле.Мени жылуулуктан жана чарчоодон аз-маз жумшартып койгонсуду, жана бул нерсе өтө оңой гана ишке ашты.

#19 28 July 2015 - 18:39
Шаршемби,17-декабрь,
2003-жыл.
Ли жумушу менен жүргөндө мен аны бир нече күн көрбөй калчумун,кээде бир жума бою.Кээде ал дээрлик ар саат сайын чалып калчу,а тыныгуу учурунда мени кандай сагынып жатканы жөнүндө жазып,жана эмне кылып жатканымды сурап турчу.Бирок көбүнчөсү,анын телефонго уруксаты жок болгонгобу мен да бул нерсеге өзүнөн-өзү көнүп бүттүм.
Шаршемби күнү кечинде мен үйгө жэтишээрлик эле кеч кайтаар элем.Ли ишемби күндөн бери жаза да,чала да элек.Мен супермаркетке кирип кечки тамакка майда-чүйдө сатып алдым.Үч күнгө жетээрлик кылып тооктун этинен рагу жасоону чечтим.Жекшемби, дүйшөмбү күндөрү ал чалып калбады бекен деп телефондон алыстабай,улам- улам текшерип жаттым.Шейшемби күнү телефонду көп болсо эки жолу гана текшердим,а бүгүн телефонду таптакыр караган жокмун,бирок ошентсе да астейдил кабатыр боло Ли тууралуу тез-тез ойлонуп жүрдүм.Кудай жалгагыр,анын мынча узактан бери тирүүлүктүн белгисин бербей жүргөнү таңкалычтуу. Чын,ал мурда деле жумалап жоголуп кетип турчу,бирок баары бир эки-үч күн сайын жок дегенде бир жолу чалып коюуга мүмкүнчүлүк табаар эле.Дүйшөмбү күнү мен ага эсэмэс жөнөттүм-жооп жок.Чалдым-телефону өчүк болуп чыкты.Эмне демекмин,же ага телефонду өчүрүү тууралуу буйрук берилген,же болбосо заряды өчүп калып заряддап ала албай турган жерде жүрөт.
Лисиз мен өзүмдү бир аз өз тарелкамда эмес жүргөндөй сезип аттым.Ал өзүнүн жанымда жүрүүсү менен мени чарчатканына карабай менин баардык бош мейкиндигимди толтуруп турчу,ал менен мен өзүмдү кандайдыр тынчыраак сезчүмүн.Эми мына жалгыз калдым да өзүмдү жоготуп баратам.Жада калса супермаркетте менин артымдан аңдып жүрүшкөндөй туюлуп кеткенсиди.
Бирок качан гана үйгө жетип,светти күйгүзүп,сумкаларды кухняга алып барганымда гана коркуу сезими чегинди.Азыр тамак жасайм,ваннага түшүп чыгам,а анан-китеп менен төшөккө,кандай сонун! Автоответчикте кабыл алынбаган бир чалуу көрүндү,бирок такталбаган номерден экен.Ли эмес болсо керек,ал деген менин мобилныйымдын номерин билет да! Кечки тамакты даярдап болуп мен тарелкага тооктун этинен бир кусок,салат, соус салып,кухнядагы ящиктен вилка менен бычак алып дивандан орун алдым.
А кокус Лиге бир нерсе болду бекен? Мен бул тууралуу кантип билем? Эч кантип... Ал бирге кызмат кылгандарга да мен тууралуу айткан эмес эле го.А эгер аны дагы токмоктоп же атып салса,мына ошондо ал эмне кылат? Жана мен эмне кылам?
Мен тарелканы жуудум,чачык менен аарчыдым,вилка менен бычакты салып коюу үчүн ящикти ачтым.Таңкалычтуу. Менде дайым бычактар сол жакта,а вилкалар оң жакта турчу.А азыр алар тескерисинче жатышат.Балким, мен өзүм аларды тескери салып койдум бекен? Жок,эрте менен баары өз ордун жаткан,мен буга ишенем. Же жок? Мен эстей баштадым.Эрте менен мен өзүмө тост куурудум,бычак алуу үчүн ящикти ачтым.Бычак кайсы жерде жатыш керек болсо ошол жерде жатышы керек болчу,болбосо мен тостко кантип май сүйкөй алмак элем.Мен шашылып ящикти бошоттум да кайра тетири салып чыктым.
Мен бир нерсени түшүно албай атат окшойм-негизи эле кантип ушундай болуп кетүүсү мүмкүн болчу? Суу толтуруш үчүн ваннага кирдим,бирок, светти күйгүзөөрүм менен бул жерде да кимдир болгонун бат эле көрдүм.Менин кир кийим салынуучу корзинкамды рокавинанын сол жагынан оң жагына жылдырып коюшуптур.Корзинканы ордуна жылдырдым.
Үйдө кимдир бирөө болгон.
Мен дагы эмне өзгөргөнүн издей бөлмөлөрдү айланып чыктым.Бир саат бою басып жүрдүм,карадым, оңдодум,белгиледим, а качан гана бүткөндө диванга олтурдум.Мен чындап эле акылдан азып баратамынбы? Мен мебелди кантип жылдырганымды же вилка менен бычактардын ордун алмаштырганымды унутуп коюшум чын эле мүмкүнбү? Жана бул нерсени мен эмнеге кылмак элем? Кирлер үчүн корзинка,баса ал,рокавинанын оң жагына батпайт болчу-ал жакта орун өтө эле аз.
Үйдүн эшигин бузуп киргендиктин изи болбогондуктан, демек,ошол кимдир бирөөдө ключ болгон,демек, бул жерде Ли болуп кеткен.Суроо башкада:ал кандай максатта мындай кылды? Эмне үчүн бул жакка келип буюмдардын ордун алмаштырыш керек болчу? Мен кайрадан ордумдан турдум.Ал тушүндүрмөсү менен записка таштап кетсе керек,а мен көрбөй калдым.А мүмкүн,ал записка сквозняктын айынан кайдадыр учуп кетти бекен? Бирок записканы таба алган жокмун.
Шаршемби,12-декабрь, 2007-жыл.
Мен каердемин? Мага эмне болгон? Кудум мен бир нече үйүлгөн курткалардын астында жаткандай,кудум мен кечеде өчкүчө ичип алып,чоочун бирөөнүн уктоочу бөлмөсүндө катарынан тизилип жатып алышкан мас адамдардын арасына жыгылып жана уктап калгандай болгон сезимдер болду.
Жардамга! Мен көздүн кыйыгы менен мага жакындап келаткан кара фигураны байкап муунтулуп кысылган өкүрүктү кое бердим да ооналактап жибердим,үймөк болгон кийим-кеченин жана курткалардын астынан суурулуп чыккым келип атып акыры полго жыгылып түштүм.Мына ушул жерде корккондугумдан үнүмдүн болушунча бакырып баштадым.
-Кэти! Кэти,сага эмне болду?
Коркуп калган Стюарт,турсийчен, ооруган колун көкүрөгүнө кыса,уйкусураган көздөрү менен алдымда туруптур.
Мен эч нерсени түшүнө албадым.Анан гана Стюарттын диванында уктап калганыма акылым жетти.Үстүмдө офисный костюм,бир гана блузка менен юбка аябай тырышып калыптыр.Туфли- дивандын жанында килемдин үстүндө турат,ошол эле жерде ирээтсиз болуп түрмөктөлгөн флисовый плед,менин кара шерст пальтом,Стюарттын курткасы жана дагы бир өтө оор,менимче, көрүнүп тургандай,тоого чыкканда кийүүчү жылуу куртка жатат.
Жүрөк абдан жиниккендей согуп,дем алуу оор болуп жатты.
-Эмне... эмне кылып жатам бул жерде?
-Толкунданба, -деди Стюарт.-Сен уктап калдың,а мен сени ойготкум келбеди.
Кухнядагы саат жети жарымды көргөзүп турду-терезенин нары жагында боз таң агарып баштаптыр. Таң калычтуу-мен кантип уктап калганымды таптакыр эстей албадым.Биз сүйлөшүп олтурдук жана жада калса күлүп аттык,а анан Стюарт ошол австралийский шоунун дискин алып келип койду,анан мен дагы көздөн жаш чыккыча каткырдым.
Жүрөк акыры тынчтанып калды,жана анан мен жузүмө кандай кан жүгүрүп баштаганын сездим.
-Мейли, мен кеттим,-деп күбүрөндүм да диванга өбөктөй ордумдан араң ыңгайсыз өөдө болдум.
-Кечир, эгер сени коркутуп алган болсом,-деген Стюарт өкүнгөндөй айтты.-Мен каалаган жок элем.
Гм,рахмат, ал толугу менен жылаңач уктабаганы үчүн! Бир көз караш менен анын фигурасын өлчөй караганча эңкейдим да туфлини көтөрүп,куртка менен пледдин арасында жаткан өзүмдүн пальтомду сууруп чыгып,бир силкип алдым да сыртты көздөй жөнөдүм.
-Жок,сени мени кечир,-деп айттым мен эшиктин жанында.-Алгач сенин диваныңда уктап калдым,анан дагы ызы-чуу салып айкырдым.Ужас. .. Баса,колуң кантти,жакшы болуп калдыбы?
-Чынын айтканда азырынча катуу ооруп атат.Азыр дагы бир жолу даары ичем.
-Мейли,мен барайын,-деп айттым кайталап.
-Мейли анда.
Стюарт эшикти ачты,өз ичимден кечээ ойготуп койбогону үчүн аны уруша,жана ошол эле учурда ал кандай жүз менен уктоочу бөлмөсүнөн менин айкырыгымды угуп чуркап чыкканын эстегенче сыртка чыктым.

#20 28 July 2015 - 18:46
Бейшемби,18-декабрь,
2003-жыл.
-Кэтрин,татынам, салам!-деген Сильвия эшикти ачаары менен чаңырып жиберди.
Кече Меггиникинде болуп жатканына карабай меймандарды Сильвия өзү тосуп алып атты.Ал кучагын кенен жайып мени кучактады да бекем кысты, арт жагымды караганды да унутпады.
-Ал кармалып калды,-деп күбүрөндүм мен.-Кечир.Ал жакында келип калат деген үмүттөмүн.
-Кармалып? Королевский бриллианттарды басып алуу операцияны катышып калдыбы?
Мен жылмайдым:
-Толук болушу мүмкүн.
Бөлмө ичи дем экен.Клэр менен Леннон диванда олтурушуптур, Леннон болсо жетишээрлик эле бактысыздай болуп көрүндү:Клэр анын тизесине башын коюп,дивандан бутун ашырып жатып алып Луизанын кайсыдыр бир азилине жинди эмече каткырып атыптыр.
-Кэтрин, келдиңби акыры!- Полдо тизесин кучактап олтурган Луиза мышыктай бир жеңил кыймылы менен ордунан туруп келди да менин жузүмдөн сүйдү.-Клэр эми эле даяр болуп калды.
-Клэр,сен качан эбин таба койдуң? Бул нерсени абайлоо керек да!
-Ой,билем мен,билем,-деп балдырактады Клэр.Күлкүнүн айынан анын жүзүнөн жаштар агып жатты.-Бир гана болду кыл,Лу,үндөбө, жалбарам сенден! Мен азыр сийип алам!
Диванга жабышып кысылып олтурган Леннондун көздөрү корккондой тостоё түштү.
-Ии канаке сенин күйөө болчу жигитиң?-деп сурады Чарли,Луизанын убактылуу жигити.
Биз баарыбыз биргеликте аны убактылуу деп ойлочубуз,ал өтө эле акылдуусуна берчү,анан да анын тиги узун чачтары,косяктары- эч кандай жөнокөйлүктөн дайын жок.
-Аны жумушунда кармап калышты,-шашылып түшүндүрүп кирдим мен.-Ал күтө бербөөнү суранды.
-А биз аны ансыз деле күтпөйт болчубуз,-тоготпогон тейде сүйлөдү Чарли.-Чынбы, достор?
"Ушу сен анык акмаксың да!"-деп ызырына ойлондум мен,бирок сыртка үн чыгарып эч нерсе дебедим.
Кухня тарапта Мегги күйөөсү Макс менен чызырап,бүлкүлдөп кайнап жаткан бир нерсеге канча кориандр салуу керектиги тууралуу талашып жатышты.Макс уят сөз менен сүйлөөдөн тартынчу эмес.Экөө тең,чагымда, тилдешүүдөн өтө чоң ырахат алышат өңдөнөт.Мен баары менен саламдаша беттеринен чоп эткизе өбүп кайрадан тезинен меймандар олтурган тарапка тайыдым.
Туалеттен суунун шаркыраган үнү чыкты,коридордо Стиви пайда болду,эки бетимден өптү:
-Кана сенин тиги баатырың?
-Кудай ай,токтоткулачы ушунуңарды! Ал пайда болгондо аны тирүүлөй жеп албайсыңарбы деги?
-А ал ширинби?-деп сурап калды кан ичкичтей болгон Сильвия вазанын өлчөмүндөй болгон виносу бар бокалды сунуп жатып.
Сильвия көпкө жашаган стил жана бир түстөгу өңдөр менен кийинген Меггиден айырмаланып, өзүнө,табитине ылайык жарашыктуу кийинип алган.Зебра түстөгү юбка,ушунусу менен "ак түскө кара" классикалуу стил аяктаган,фукси түстөгү тор колготки жана ойго келбеген ала-була түстөр коштогон розовый менен фиолетевый түстүү блузка.Жалпылап айтканда,Сильвия кудум королевага окшоп көрүнүп турат,башкача болуп эч көрүнмөк да эмес.
Стиви Сильвиянын көптүн арасындагы бир ойношу болот,менин сүймөнчүгүм. Мен анын тоголок физиономиясын ар дайым көрүүгө куштармын.Ал үйлөнгөн,бирок жан дили менен анча деле тааныш эмес чырайлуу юбка менен төшөк кумарына батып туруудан баш тарпайт.Баса, анын аялы Элейн да дал ушундай кылат.Сильвия Стиви менен айына бир жолу гана "интим үчүн" жолугуп турчу,көп эмес,бул убакыттын аралыгында алар жан дили менен кафеде же барда да кээде жолугушуп турушат.Элейн дагы кээде бул экөөнө кошулуп калат.Сильвия мага,бир жолу болгон кумарлуу кечеден кийин эртеси Стиви менен Элейндин ортосунда ойгонгонун айткан эле,болгондо да алар аны бирдей назиктик менен кучактап жатышыптыр.
Кире бериште звоноктун үнү чыйкылдады, баары мени карап калышты.Алар өзүлөрүн адептүүрөөк алып жүрүүлөрүн эскерте муштумумду көргөзө эшикти ачканы жөнодүм.Тилекке каршы бул келгендер Сэм менен Шон болуп чыкты.
-Ой,канакей ал?-деп кыйкырды Сэм бөлмөгө шашып кирип.
-Черт побери!-деп мен ушул жерде каардана түштүм.-Жок дегенде бир тамчы сылыктыкты кармап башка нерсе жөнүндө сүйлөшсөк болбойбу?
Бирок мен кайра тез эле эсиме келе калдым,уялып кеттим.Акыр аягы бул жерде менин эң жакын жана эң сүйүктүү досторум чогулушкан эмеспи,эң болбоду дегенде кыздар,мен алар менен жүз жылдан бери таанышмын да.Жана баардыгынын ошол эле бир проблемасы бар-туруктуу жигиттин жоктугу,албетте, Меггиден башкасында. Эгерде кыздардын бирөөсү кечеге анча тааныш эмес сымбаттуу жигит ээрчитип келгенде,мен деле,балким, кызыгуумду кармана алмак эмесмин.Кыскасы, эч ким мага капа болгон жок.
-Сильвия, -деп сурады Сэм,-сенин юбкаң чыныгы зебрадан жасалганбы?
-Албетте жок,кымбаттуум, мен муну Харрогейтте болгон распродажадан сатып алганмын.
-Бирок мунуң жүндүү го!
Мегги кечки тамактын убакытын болушунча аракет кылып созуп жатты.Бирок Макс жарым сааттан кийин эле эрте менентен бери оозуна бир күкүм наар ала электигин айтып өкүрүп баштады да столдордон орун алуубузга буйрук кылды.
Баарына заматта жан кирди,бири-бирине нан,вино,кашык жана салат салынган мискилерди узатышып ызы-чуу түшүп башташышты. А мен,басыңкырай, бош столдун жанында,алдымдагы тарелкама тамак салганча муңая,деги эле бул жакка келгениме өкүнө олтурдум.
Шаршемби,12-декабрь, 2007-жыл.
Мен Хай-стритте топ элдин арасында кетип бараткан Стюартты байкадым:ал ыңгайсыз ийиле,бир колу менен продукта салынган килейген эки пакетти үйүнө көтөрүп баратыптыр. Куртканын бош жеңи желек сыяктуу нары-бери чайпалат.Стюарт Толбот-стрит тарапка,ар жүз метр сайын токтой,жай басып бара жатты.
Албетте, мен үн берип чакырып,жетип барып,жок дегенде бир пакетин алып үйүнө жеткизишип коюшум керек болчу.Оюмча, силер так ушундай кылсаңар керек эле.Бирок мен эмес.
Мен парикмахерскийдин жанына токтоп,чоң айнектүү терезенин нары жагында креслодо олтурушкан аялдарды жалдырай карап,качан гана алар менин чочушкандай тигилип карай башташканга чейин тура бердим.Анан мен китеп саткан дүкөндүн китептер тизилип турган витрина тарабына өтүп бардым,эңкейдим, калп эле жаңы келген китептерди карап атканга окшоп,ошол эле учурда көз кырым менен менден узап бараткан Стюартты да карап аттым.Акыры ал бурчтан бурулуп кетти,мен анан гана башымды жогору кылдым.
Эгер ачыгын айтсам мен аны көрүүнү каалабадым. Мен кечээки позорду дале унута элекмин-мейманда олтуруп да уктап калабы,а анан дагы айкырып дүрбөлөң салып! Мен бул тууралуу канчалык көп ойлонгон сайын ошончолук жаман акыбалга түшүп аттым.А Стюарт... Эмне болмок эле,ал врач-психиатр, андан оорукананын элеси тартылып турат,ал мен ушул акыркы үч жылдан бери качуунун аракетинде болгон жашыруун жүздүн ачкычы.Баардык ушул сыяктуу специалистер ар дайым сага буйрук берип турат,теблеткаларды ичирип,ар кандай уколдорду сайып,сенин ордуңа чечимдерди кабыл алышып,оңой контролировать этүүлөрү үчүн өзүлөрүнө ылайык келген жолго салып турушат.
Мен кайрадан Стюарттын алыс кетип калганына ишениш үчүн оң жакка көз узаттым.
-Салам! Бул анык эле сен болсоң керек деп ойлодум эле!
Бул күтүлбөгөндүккө селт эте мен артка бурулдум-колуна эми үч пакет кармап алган Стюарт менин сол тарабымда туруптур.
-Анан,кантип атасың?
-Рахмат, баары жакшы.Кудай, балким,сага ушинтип туруу кыйын болуп аткандыр.
-Оба,кыйыныраак.
Мен витринага алаксып карап калганда ал кайтып келип бурчтагы аптекага кирген шекилдүү.Эми эмне кылуу керек? Аны ушундай оор жүк менен көчөнүн ортосуна таштап коё албайм да! Бирок... бирок биз подьезге чогуу кирсек мен черный ход менен двор тараптан квартирамдын терезесин текшере албай каламын да.
-Сен үйгөбү?-жылмаюу менен сурады Стюарт.
Мени кыжырдануу ороп алды,албетте мен,бул жолугушуудан баары бир кача албаган өзүмө ачуум келип жатты.Дүкөнгө чуркап кирип кеткенимде ал мен чындап көрө алмак эмес! Мен шашыла кайсыдыр бир шылтоону табууга аракет кылып көрдүм,бирок мээге эч нерсе келбей койду.
-Келе пакеттерди мага бер.-Мен колумду сундум.
-Эч нерсе эмес,мен өзүм.
-Койсоңчу эми.
-Болуптур, рахмат.-Ал мага эң жеңил экөөсүн сунду.
-Ийиниң кантти?
-Бүгүн азыраак ооруп атат-мүмкүн, дале ойгоно элек.Негизи эле,мен бир гана сүт сатып алууну каалаган болчум.
Биз унчукпай калдык.Стюарт менден түзүк эле аралыктай артта басып келе жатты,андыктан тушубуздан чыккан адамдар ортобуздан өтүп кетип атышты.Мүмкүн, ага мени менен жетишип басуу оор келип атты бекен?
-Сен эртеңкиге жазылдыңбы? -деп сурады ал акыры.
Ал мага жетип алуусу үчүн мен кадамымды басаңдаттым. Мен Хай-стриттин ортосунда өзүмдүн медициналык проблемаларым тууралуу талкуулоону таптакыр каалабай турдум.
-Оба.
-Анан эмне,барасыңбы?
-Азырынча барам деп эле жүрөм.
Биз Толбот-стрит тарапка бурулдук,бул жерде тротуар анчалык деле кең эмес.
-Дагы бир жолу түнү сени коркутуп койгондугум үчүн кечир.Балким, мен сени шарт эле ойготушум керек болчу.
-Жок,мына мен сеникинде уктап калбашым керек эле.Бирок сен кыжаалат болбо,бул нерсе кайра кайталанбайт.
Мен сездим,ал көздөрү менен мени теше тиктеп турганын,бирок түз гана алдыга карап тура бердим.
-О,сага кандай гана кыйын болуп жатканын мен өзүмчө элестеттим, -деди ал.
Ушул жерде мен өзүмдү кармай албадым,ага бурулдум да оюмдагыны айтып кирдим:
-О жок,Стюарт,сен эч качан өзүңө элестете албайсың! Сенин оюңча,сен ар күн сайын чоочун мээлерди чукулап жүрсөң,анда сен баарын көрөгөч болуп кеттим дейсиңби? Сен деген менин мээмде эмне болуп жатканын таптакыр түшүнө албайсың,түшүнүктүүбү?
Мүмкүн ал жумушунда пациенттер өзүнө атырылып турууларына көнгөндүр,бирок менден мындайды ал анык күткөн эмес.Анын көздөрү кеңейип,а жүзү кубарып жана созулуп кетти.Ал эми жооп ойлоп табышын мен күтүп турбадым,пакеттерди жерге койдум.
-Жакшы кал!-дедим бурулуп баратып жерге таштай.
-Сен кайда?
-Эч кайда! Жөн гана үйгө баргым келбей кетти.
Артымдан эшиктин ачылып жабылганын уктум да бурулдум.Стюарт үйгө кирип кетиптир.Эмне демек элем,эми терезени текшере берсем болот,бирок мен сууктан жана ачуумдан титирей колдорумду пальтомдун чөнтөгүнө салып алып көчөдө тура бердим.

Супер-Инфо
super.kg
видео