Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 526
  • 527
  • 528
  • 529
  • 530
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#10541 Пользователь офлайн   sister   20 Май 2015 - 11:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Nurmuhammad (19 Май 2015 - 20:41) жазган:


5.Азыркы мезгилдин кыздары билишимче озу намаз окуйт бирок оронбойт, жигиттер менен да суйлошот ар кандай кечелерге жолугушууга барып музыкаларга тансага тушуп жургон заманбап кыздарга эмне деген баа берет элениз?




"ото начар" деген баа берем. Намазга жыгылып алып, сиз атап кеткен иштерди кылуу - намазды кордоо, а намазды ыйманы жок адам кордойт. Демек, намаз окуп алып жигиттер менен жургон, кечелерге барып, бийге тушкон, ачык кийинген заманбап кыздардын ыйманы томон денгээлде, же жок.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10542 Пользователь офлайн   sister   20 Май 2015 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Nurmuhammad (19 Май 2015 - 20:41) жазган:



6.Кыяматтын аламатыбы же коом озгордубу же моодабы билбейм кыскасы азыркы тойлордо хижапчан загска чыккан кыздар кобойду. Алар тойлордо тансага тушуп ортодо бийлеп жургондорун байкап угуп каламын бул эмне деген кылык жооруктар,же акырын онолуб келе жатышабы же бузулуп кетип жатышабы кенениреек айтсаныз аял катары?




албетте, алар туура эмес кылууда, аларга Аллах сот болсун. Бирок мындай кылыктары кейитет, мындай кылыктары менен озулорун дагы, исламды дагы жаман корсотуп коюшууда. Хиджаб кийип алып каапырдын ишин кылган аялзаты "онолуу жолунда" - деп айтууга болбойт.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10543 Пользователь офлайн   sister   20 Май 2015 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Nurmuhammad (19 Май 2015 - 20:41) жазган:



7.Хадисте келет кимге Аллах Таала таква аял берсе дининин жарымына жардам бериптир дейт, кыскасы мааниси ушундай ушундай. Айтайын дегеним куйоонуз сиздин динде журушунузго канчалык денгеелде жардам бере алат,куйоонуз да динде бекемби,илимдуубу таквабы демекчимин?




Негедир, жумушумдагылар, тааныштарым жолдошумду " сакалчан, дамбал кийген, дааватчы" - деп ойлошот экен. Экообуз таанышканда жолдошумда динден такыр кабар жок болчу. Ушул жагынан мне повезло: озумо ылайыктап тарбиялап алдымСүрөт. Азыр болсо билимге умтулат, мени дагы колдоп, туртку болуп турат, ма ша Аллах.
"Биринчи байлык ден соолук, экинчи байлык ак жоолук" - деп дагы биздин ата - бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек. Мындай моментти караштырып королу: куйоосу - аялы коноко даярданып атышат. Уйдон чыгаар маал намаздын убактысы менен туура келип калса, ыймандуу аял куйоосуно намаз окутуп туруп уйдон чыгышат. Ыймансыз, шаштырып, намазын окутпайт, окутса да шаштырып, чала окуттуруп коёт.
Таква аял куйоосунун билим алганына, билиминин онуктурушуно туртку берип турат. Адал каражат табуусуна ундойт. Тукумун татыктуу тарбиялайт. Аброюн кетирбейт. Айта берсе соз коп.


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10544 Пользователь офлайн   sister   20 Май 2015 - 12:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Nurmuhammad (19 Май 2015 - 20:41) жазган:




8.Азыркы аялдар (жаштар) коп торошпойт буга эмне себеп болуп жатат?
Мурунку аялдар (чон энелерибиз)бир торогондо 13-14-15.торошот экен эле...
Азыр ошентип торошсо болобу же болбойбу,же кола,фанта,пепси иче беришип назик болуп калганбы?)))

Азырынча суроолорум ушулар Кудайым буйруса дагы келемин жоопторго карап...
Ар дайым уй булоолук бакыт каалаймын!


Коюнузчу, кантип бир торогондо 13 - 15 ти торошсун Сүрөт.
Албетте, торосо болот, бирок торой алышпайт. Себеби, сиз атап кеткендерден сырткары дагы жегендери фаст - фуд, чеккендери тамеки, ичкендери пиво, алкоголь, кийгендери чыпчыйган, бойрок соогун жаппаган джинсы, же кыска, ачык кийим. Жургондору кочо, парк. Ысык - суука карабай, кун - тун деп эле кочо таптап, парк аралап журушот. Булары аз келгенсип жигиттерден жигитке отушуп... Иши кылып торогонго келгенде букет инфекций, оорукчал ымыркай, анан ким куноолу? Кудай куноолу.
Бирок коп бала мен деле торогум келбейт. Анткени адам болуш ото оор, а жакшы адам болуш андан дагы оор, ошондуктан оз каныман жаралган балама мындай милдетти жуктоп койуудан корком, жуктогум келбейт. "Ыйман Аллахтан, тарбия ата - энеден" - деп коёт, ыйманын жалынып сурап алса болот, бирок торогон балдарыма тарбия бере аламбы?! Экини тородум, ушул экоону адам кылып алсам эле болду.


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10545 Пользователь офлайн   Alymkan.   20 Май 2015 - 13:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 03 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 12:54

Систер айым,сизге бир суроо жаралып калды. Сиз айтып жатасыз ушул экоону адам кылып алайын деп. Бирок хадисте минтип жатат пайгамбарыбыз саллаллааху алайхи уа саллам "торогусу келбеген аялдан коро,бурчтагы кара кийиз ойдо" (Ибн Маажа,Байхаки) деген экен,ошол элчибиз айткан кийизден томон болуп калышты ойлободусбу? Сизди динчил адам катары билем,шондуктан, шул суроону бердим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10546 Пользователь офлайн   sister   21 Май 2015 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Alymkan. (20 Май 2015 - 13:34) жазган:

Систер айым,сизге бир суроо жаралып калды. Сиз айтып жатасыз ушул экоону адам кылып алайын деп. Бирок хадисте минтип жатат пайгамбарыбыз саллаллааху алайхи уа саллам "торогусу келбеген аялдан коро,бурчтагы кара кийиз ойдо" (Ибн Маажа,Байхаки) деген экен,ошол элчибиз айткан кийизден томон болуп калышты ойлободусбу? Сизди динчил адам катары билем,шондуктан, шул суроону бердим.


"торогусу келбеген аял" деген категорияга сулуулугун жоготуудан корккон аялзат, каражаттан кысталып калуудан корккон аялзат, жумушунун, карьерасынын айынан торогусу келбеген аялзат кирет. Мен экини тородум - мага жетиштуу, анткени дагы бала тороп, ага же аларга татыктуу тарбия бере албасыма козум жетет. Анын устуно пайгамбарыбыздын айтканы бар (мааниси) : " санынан сапаты артык". Аллах Куранда ымыркайды эки жыл эмизууго туртку берет, демек балдардын ортосундагы айырма жок дегенде 3 жыл болуусу керек. "Пайгамбардын сунотун аткармакмын" - деп эле торой берген болбойт, бала кутууго дагы шык, ыкма керек. Ар бир бала озуно конул бурууну талап кылат, шарият ата - энени ага милдеттирип койгон. Ар - бир балага тарбия керек, шарият ата - энеге тарбия берууну милдеттирип койгон. Демек, ата - энеге ошончо сабрдуулук, эрк керек. Менде булар эки балама аран жетип жатат.
Ислам уй - булону пландаштырууга (планирование семьи) тыйуу салбайт. Оз убагында сахабалар дагы пайгамбарыбыздан бойго бутурбоонун ыкмалары жонундо сурап - билип алышкан. Антсе да алардын балдары коп болгон, бирок алардын баарын бир жубайы тороп берген эмес.
Ар - бир уй - булонун оз эрки канча балалуу болот: бири копту каалайт, бири азды каалайт. Анда эч кандай шариаттан сыртка чыгып кеткен жери жок.


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10547 Пользователь офлайн   Alymkan.   21 Май 2015 - 12:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 03 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 12:54

Бирок,ошо пайгамбарыбыз "кобойгуло, мен акыретте уммотумдун коптугу менен сыймыктанам "дегенда чынбы? Сактанган жонундо бир сахаба айтканда да,пайгамбарыбыз жактырган эмес. Бул нерсе менен динди озуно тууралап алууга жатпайбы?

Сиз динди ото орой жеткиресиз, ошону бироо менен урушпай акырын жеткирууго болобу,себеби пайгамбарыбыз "динди жумшак жеткиргиле " деген эмеспи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10548 Пользователь офлайн   eldar96   21 Май 2015 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

азыркы аялдар бизге 5 ти тороп берсе ошого да раазы боло берейли эгер эле КУДАЙ каалаган болсо

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 21 Май 2015 - 12:13


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10549 Пользователь офлайн   sister   22 Май 2015 - 10:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Alymkan. (21 Май 2015 - 12:07) жазган:

Бирок, ошо пайгамбарыбыз "кобойгуло, мен акыретте уммотумдун коптугу менен сыймыктанам "дегенда чынбы? Сактанган жонундо бир сахаба айтканда да,пайгамбарыбыз жактырган эмес. Бул нерсе менен динди озуно тууралап алууга жатпайбы?

Сиз динди ото орой жеткиресиз, ошону бироо менен урушпай акырын жеткирууго болобу,себеби пайгамбарыбыз "динди жумшак жеткиргиле " деген эмеспи?


"Он билимсиз, тарбиясыз мусулманга караганда, эки - уч билимдуу, тартиптуу мусулман артык" - деп ойлойм. Башкалар коп тороп умманын санын кобойто беришсин. Мен аз эле тороп сапаттуу мусулмандардын энеси болоюн. Ооба, ислам - бул жашоо. Дин адамга жашоону женилдеткенге берилген, а мен учун коп бала тороо - оор.

Кимдир бироого жактырбаган адамынын эркелетуусу деле орой сезиле берет. Мен сизге жакпайм, ошондуктан "А" десем "анкылдадын" - дейсиз, "У" - десем "уруштун" - дейсиз. Чынын айтсам, чындыгын эле айтам. Кимге ал чындык таандык болсо, албетте ага ачуу тийет. "Конулу ооруп калбасын" - деп, жаман жагын жашырып жаап, сыйпап: "сен жакшысын" - дей албайм, анткени ошентип андай адамды ого бетер жаман жолго туртуп салышым мумкун.


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10550 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   22 Май 2015 - 10:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Жоопторго рахмат Аллах раазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10551 Пользователь офлайн   Begim_4   25 Май 2015 - 01:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Ассаламу алейкум! Айгул эже, амансызбы?

Мен да суроолорго кандай жооп алат экем деп, келип калдым, анда суроолорго отсом.
1) Хизбут тахрир партиясына коз карашыныз кандай, аларды бир тууган эсептейсизби?

2) Буйруса хиджап кием, буйрубаса кийбейм деген кыздарга кандай ойдосуз?

3) Айталы депутат болуп калдыныз, биринчи жумушунузду эмнеден баштамаксыз? )

4) Азыр хиджап кийип, динди кармангандар кобойду дейт, бул чындыкбы?

5) Орозо айы да жакындап калды, орозо тутасызбы?

Жуманын аягы экенин унутупмун:) жооп берип коерсуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Begim_4: 25 Май 2015 - 01:37


Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10552 Пользователь офлайн   rnurzida   25 Май 2015 - 05:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

sister, эжеке супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат. Бир аз кечигип берилип калган суроолорду жоопсуз калтырбайсыз деп ишенебиз. Сиз менен кайрадан форумчулар үчүн суроо-жооп болгон супер-интервьюда жолукканча саламат болуңуз.

Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — биздин активист форумчубуз Nurdoolot94.
Nurdoolot94, супер- интервьюга кош келипсиз. Кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз. Анда, адаттагы суроолор;

1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.  

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...

4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.

Интервьюңузга ийгилик.


Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10553 Пользователь офлайн   sister   25 Май 2015 - 10:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Begim_4 (25 Май 2015 - 01:35) жазган:

Ассаламу алейкум! Айгул эже, амансызбы?

Мен да суроолорго кандай жооп алат экем деп, келип калдым, анда суроолорго отсом.
1) Хизбут тахрир партиясына коз карашыныз кандай, аларды бир тууган эсептейсизби?

2) Буйруса хиджап кием, буйрубаса кийбейм деген кыздарга кандай ойдосуз?

3) Айталы депутат болуп калдыныз, биринчи жумушунузду эмнеден баштамаксыз? )

4) Азыр хиджап кийип, динди кармангандар кобойду дейт, бул чындыкбы?

5) Орозо айы да жакындап калды, орозо тутасызбы?
Жуманын аягы экенин унутупмун:) жооп берип коерсуз.


Уа алейкумму ссалям. Альхамду лиЛляхи, коз - баш аман, кол - бут иштеп атат.
"Суроолорунузга жакшы эле жооп берет болушум керек" - деп ойлойм, анда жоопторго отойун:
1) "Жаралануу" партиясына коз карашым туп - туз эле. Бул партиянын мучолору болгон тааныш эже - синдилерим бар, озумдун бир тууган иним бул партиянын мучосу. Убагында озум дагы буга мучо болгондон коркуп койдум эле, окуном. А азыр жолдошум уруксат бербейт. Хизбут Тахрирдин мучолорун братья и сестры по вере деп эле кабыл алам. Албетте, бир аз коз караштары радикалдуу келет, бираз талаш маселелери бар, бирок ошол эле торт мазхаб бири - биринен айырмасы, талаш маселелери болуп жатпайбы.

2) Озум жылан баш журсом туз карашта болот элем, жабынып жургон сон жаман коз караштамын. Адам тамакты "буйурса жейм, буйурбаса жебейм" - дебей эле кара жанын карч уруп иштеп жегенге азык таап жеп жатпайбы. Тан калам: эмне учун адам буйруп койгон нерсени "буйурса же буйурбаса" деп текеберленет? ! Олуя болуп коёюнчу: буйургандары бейишке тушот, буйурбагандары тозоко тушот. Ошо.

3) Чынында бийлике такыр кызыгуум жок. "бул болуп калсам, тигил болуп калсам" - деп ойлогон эмесмин, ойлогум дагы келбейт - бекер убакытты кетирип эмне?!

4) "балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" болуп жабынып жургондор дагы бири бирибизди алыстан коруп, алыстан тааныйбыз: ким кандай максатта жабынып алганы дароо эле корунуп, билинип калат. Окунучтуусу, копчулук кыздар хиджабты удачно выйтти замуж кийип калышкан. Окунучтуусу, хиджаб кийет, бирок намазга жыгылбайт. Окунучтуусу, чачын жабат , бирок денесин "жаппайт" . Окунучтуусу, жабынып алып кочолоп шарактап - барактап журушот. Ээх, окунучтуу.
Бирок ошол убакта эле хиджабтын маанисин тушунгон, таква аялзаты толтура, ма ша Аллах.

5) Ин ша Аллаху, ниетим бар.


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10554 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   25 Май 2015 - 12:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Просмотр сообщения rnurzida (25 Май 2015 - 05:39) жазган:

sister, эжеке супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат. Бир аз кечигип берилип калган суроолорду жоопсуз калтырбайсыз деп ишенебиз. Сиз менен кайрадан форумчулар үчүн суроо-жооп болгон супер-интервьюда жолукканча саламат болуңуз.

Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — биздин активист форумчубуз Nurdoolot94.
Nurdoolot94, супер- интервьюга кош келипсиз. Кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз. Анда, адаттагы суроолор;

1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.  

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...

4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.

Интервьюңузга ийгилик.



Ассалому алейкум урматуу форумчулар. Бул жума подозреваемый мен экенмин. Сурака алам дегендер болсо я в вашем распорижении дей беле? Баардык суролорго жеткиликтуу жоп бергенге аракет кфлабыз. Бисмилла.…
1) Атым Нурдоолот. Атын узун экен Н у р д о о л о т деп качан айтам деп ээриккендер учун Нурик. же Нуку. Анда дагы болбосо Н деп алсын)) . Озум Алайдын кулуну. Ош шаарындагы Керметоо мектебинде 11ж ичинде башталгыч, орто билим алдым. Азыр ОшТунун байланыш тармагында 4курстагы начар студентимин.
2. Форумга кантип келип калганым эсимде жок экен. Кантип катталып калганым эсимде. Анда дин болумундо "кыздап неге хиджаб кийбейсинер? " деген тема поп болуп аткан экен. Мен да эл катары хиджабты коргогум келип жооп жазыштын айласын издегенде катталганга туура келген. Ошондо келип эле бироо менен купуяда раз на разга тушконум эсимде.
3. Суперстанда эми кызыктуу, пайдалуу окуя, маалыматтарды окуп, уйронуп алган кундорум мага кызыкка бай кундорум десем болот. Андай коз ирмемдер мурда коп болот эле.
4. Ушул форумду ойлоп тапкан адамга лично озумун атыман чоон рахмат. Форумчулар форумдун мотору экенбиз. Канчалык ойлонуп, пайдалуу, патриоттук создорду, маалыматтарды жазсак ошончолук форум туура, жакшы иштейт экен. Ошол учун форумчулар дагы лично озумун атыман рахмат!)) Мен Таллас, Барс, Дауд, ж.б копчулук эски форумчулардын жазгандарынан жакшы жака оогонсуйм. Озумо, жашомо керектуу нерселерди коп окуйм. Ошол учун дино, бизден мурунку форумчуларга дагы озгочо рахмат айтам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10555 Пользователь офлайн   rumaika5544   25 Май 2015 - 17:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ассалааму алайкум! "Н" деп эле койойун э? Куш келипсин.:) анда суроолорду баштай берейин э.
1. Кайсыл тармакта илим аласын?
2. Динге келишине кандай же ким себеп болгон.
3. Кыздар менен суйлошосунбу?
Ошол эле экен,дагы болсо келем э.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10556 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   25 Май 2015 - 23:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Просмотр сообщения rumaika5544 (25 Май 2015 - 17:34) жазган:

Ассалааму алайкум! "Н" деп эле койойун э? Куш келипсин.:) анда суроолорду баштай берейин э.
1. Кайсыл тармакта илим аласын?
2. Динге келишине кандай же ким себеп болгон.
3. Кыздар менен суйлошосунбу?
Ошол эле экен,дагы болсо келем э.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10557 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   25 Май 2015 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Просмотр сообщения rumaika5544 (25 Май 2015 - 17:34) жазган:

Ассалааму алайкум! "Н" деп эле койойун э? Куш келипсин.:) анда суроолорду баштай берейин э.
1. Кайсыл тармакта илим аласын?
2. Динге келишине кандай же ким себеп болгон.
3. Кыздар менен суйлошосунбу?
Ошол эле экен,дагы болсо келем э.

Ва алейкум ассалам ва рахматуЛлахи ва баракатуху. Куш келдик абже.
1) Байланыш жана коммуникация тармагында.
2) Динге келишиме "Суйуктуу пайгамырыбыздын омур баяны" деген китеп чон туртку берген. Суперстан дагы изилденуумо коп жардам берди.
3) Кыз бар беле? :11: :) Бар болсо суйлошо берем деп а. Серезна айтсам кыз-жигит болуп журбойм. Бул кыз жигит деген тушунукко терс коз караштамын. Бул тушунукту жок кылыш керек деп ошого аракет кылгандарданмын.
Менин дагы сизге суроом бар эле. Китебими качан бересиз? :)

Суроолорунузга рахмат, келе берин зээриккенде ушерде суйлошуп турабыз :достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10558 Пользователь офлайн   Bad-boy   26 Май 2015 - 00:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Ассолому алейкум! Кандайсын укям? Ден-соолук, окуулар жакшыбы? Куш келипсин! Сага суроо төмөндөгүчө:

1. Намаз окуйсуңбу канча убак?

2. Алиги бөлүмүнө кирип, ыйманга чакырган молдо сыяктуу форумчуларга, сенин көз карашың?

3. Кыз-жигит болуп, кыздар менен жүрбөйм дептирсин. Болочоктогу аялыңды көрбөй билбей, мамиле кылбай, бир жолу жоолугушуп, өмүрлүк жар кылып алганга макулсуңбу?

4. Алиги бөлүмүнө киресиңби? (эркекче айт))) :)

5. Үй-бүлөдө канча бир туугансың?

6. Сүннөт деп, сакал коюп алган жигиттерге, сенин көз карашың?

7. Теледен көрүп калдым эле, хиджап тууралуу талкуу болуп жатканын. Хиджап биздин мамлекетке болбойт, бизде аба-ырайы ага ылайыктуу эмес, Арабтарда күн жылуу хиджап кийсе да, күндөн керектүү энергияны, адам өзүнө ала алат деген болчу. А бизде андай күн жок, адам денеси күндөн энергия алып туруусу зарыл, антпесе кандайдыр оору-сыркоолорго чалдыгып калышы мүмкүн экен. Сенин оюң кандай?

Интервьюңа ийгилик! Ар дайым ден-соолукта бол иним. Эки дүйнө бактылуулук!

Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10559 Пользователь офлайн   rumaika5544   26 Май 2015 - 00:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

"Н" кайра келдим. Дээги ошол аманаттан Сестра эже экоон эртерээк куткарбас болдунарго.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10560 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   26 Май 2015 - 02:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Просмотр сообщения Bad-boy (26 Май 2015 - 00:12) жазган:

Ассолому алейкум! Кандайсын укям? Ден-соолук, окуулар жакшыбы? Куш келипсин! Сага суроо төмөндөгүчө:

1. Намаз окуйсуңбу канча убак?

2. Алиги бөлүмүнө кирип, ыйманга чакырган молдо сыяктуу форумчуларга, сенин көз карашың?

3. Кыз-жигит болуп, кыздар менен жүрбөйм дептирсин. Болочоктогу аялыңды көрбөй билбей, мамиле кылбай, бир жолу жоолугушуп, өмүрлүк жар кылып алганга макулсуңбу?

4. Алиги бөлүмүнө киресиңби? (эркекче айт))) :)

5. Үй-бүлөдө канча бир туугансың?

6. Сүннөт деп, сакал коюп алган жигиттерге, сенин көз карашың?

7. Теледен көрүп калдым эле, хиджап тууралуу талкуу болуп жатканын. Хиджап биздин мамлекетке болбойт, бизде аба-ырайы ага ылайыктуу эмес, Арабтарда күн жылуу хиджап кийсе да, күндөн керектүү энергияны, адам өзүнө ала алат деген болчу. А бизде андай күн жок, адам денеси күндөн энергия алып туруусу зарыл, антпесе кандайдыр оору-сыркоолорго чалдыгып калышы мүмкүн экен. Сенин оюң кандай?

Интервьюңа ийгилик! Ар дайым ден-соолукта бол иним. Эки дүйнө бактылуулук!


Ва алейкум ассалам! Секииин баары болтат акя рахмат.
1. Ооба. 5маал.
2. Алиги жака байланыштуу билуу керек болгон нерселер албетте бар. Бирок андай маалыматы деле "дин ж.а фил.ия " болумундо эле ачып элдерге жеткирсе болот. Анткени жашоо образы, жашоонун баардык болугун камтыган Ислам бул жаатта туура жолун, адеп усулун айтпаса жыйынтык узурлуу болушу чон кумон. Бирок алиги жака киргендерге каршымын. Ыйманга башка болумдордо эле чакырсак деп ойлойм.
3. Кудай корсотуп койгон жолго макулмун + журогумдо туура деп ынанганмын. Кыз жигит менен Исламий деген 2системаны салыштырып, анализ кылып коргондо. Ал Билуучу! Кобу ушинтет корбой, билбей, мамиле кылбай. А чынында кыздын же баланын мунозу, адеп ахлагы, журум туруму ж.б баары кылдаттык текшеруудон отуш керек.
4. Мурда биринчи катталганда кызыгып киргем. Азыр кирбейм. Жо эркекче айттам кирбейм :)
5. 2бир тууганбыз. Мен кичуусу.
6.Тууууп-туз. Суннотко каршы чыккандан Кудай сактасын.
7. Ал адамга баягы эле дежурная Курманжан энебиз жооп болуп берет. Тескерисинче аял назик зат денесин бекитип жаап журбосо (атын унутуп жатам) белгилуу ооруларга жол ачылышы мумкун деген бар. Бирок чынын айтсам ал адамдын айтканы эч кандай маанилуу эмес. Кандай климат болбосун хиджаб парз экени баарына эле белгилуу да.

Суролорунузга рахмат. Сизге да ийгилик, ден соолук, 2дуйнолук бакыт каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 526
  • 527
  • 528
  • 529
  • 530
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Авг 2025 01:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: