Индиялыкпы же индейби?
Тээ 1943-жылы Вашингтондо Ак Үйдө Черчилл конок катары сый тамакта отурганда, ага Хелен Огден Миллз Рид деген айым кайрылып калат. Бул айым “Чикаго трибун” гезитинин британдарды жаман көргөндүгү менен белгилүү ээсинин карындашы болчу.
Айым Улуу Британияны Индиянын элине карата өтө ырайымсыз саясат жүргүзүп жатат деп сынга алат.
Ошондо Черчилл берки айымга мындайча жооп кайтарган экен:
“Урматтуу айым (Мадам), сөзүбүздү андан ары улантуудан оболу тактоо киргизип алышым керек болуп турат. Деги мен сиздин сөздү туура уктумбу же жокпу?
Сиз “индиялык” деген сөздү колдонуп, Индиянын өңү каратору калайыгын – британдык бакыбат башкаруунун шарапаты менен ырааттуу түрдө жана ал түгүл тим эле коркунучтуу деңгээлге чейин саны өсүп жаткандарды – айтып жатасызбы, же аталышы окшош болгон “индейлерди” – Американын кызыл терилүү тургундарын,
менин аңдаганыма караганда, Кошмо Штаттарда дээрлик кырылып жок боло жаздаган калкты – айтып жатасызбы?
Атактуулар жөнүндө Ийгилик сырлары
#102 30 May 2015 - 01:33
Тактыктын сыры
“Сиз эмне үчүн ушунчалык таксыз?”
Бул суроого Черчилл мындайча жооп узаткан экен:
- Менин өтө так саатым – бул ашказаным. Маселен, дал ушул көз ирмемде ашказаным мага түшкү саат бир болгонун жана түштөнүү маалы келгенин айтып жатат.
Армян конягы жана Сталин
Бир жолу Сталин Черчиллге армян конягын жибериптир. Анысы жагып калган экен, Черчилл мактаптыр.
Анан Сталин улам армян конягын жибертип туруптур.
Бир жолу Черчилл “баягы конягың бузулду” дейт.
Сталин текшертсе, коняк чыгарган “Двин” ишканасынын технология башчысы Маркар Седракян Сибирге айдалган экен да, коняк сапаты өтө начарлаптыр.
Анан Сталин Седракянды кайра Сибирден Ереванга алдыртып, ага Соцэмгек баатыры наамын бердиртиптир.
Черчилл коняк ичпей калса, анда армян конягы Бишкектикине таптакыр караандабай калмак экен!

#103 30 May 2015 - 01:34
Кыскача өмүр баяны
Уинстон Черчилл 1874-жы-
лы 30-ноябрда Бленхейм аксарайында туулган. Бул аксарай Малборо герцогдоруна таандык болгон.
Атасы – лорд Рэндолф Спенсер-Черчилл болсо жетинчи Малборо герцогунун үчүнчү уулу болгон жана учурунда британ парламентине мүчө жана каржы тармагын тейлеген канцлердин кызматын аркалаган.
Энеси деди Рэндолф Черчилл (кыз чагындагы аты – Женни Жером) болсо америкалык бай ишкердин кызы болчу.
Тарыхта Черчилл өтө оор кырдаалда – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-45-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орун ээлеп калды.

#104 06 June 2015 - 00:16
Франклин Рузвельт, АКШнын 32-президенти – “Мен америкалыкмын” деген патриоттук сезимди тирилткен
АКШны “улуу депрессиядан” куткарып, ири держава болушуна эгебейсиз салым кошуп жана Американын тарыхындагы төрт жолу шайланган жалгыз президент, улуу реформатор болуп сакталып келе жатат. Ушу күнгө чейин саясат таануучулар жана тарыхчылардын ортосунда Рузвельтке байланыштуу талаш тартыш жүрүп келет. Бүгүн сиздерге улуу Америка президенти Франклин Рузвельт жөнүндө баяндамакчыбыз
Балалыгы
Франклин Рузвельт 1882-жылы 30-январда бардар үй-бүлөдө туулган . Атасы Жеймс Рузвельткөмүр жана темир жол компанияларынын акциясына ээ, таасирдүү адам болгон, энеси Сара Делано. Бала чагы Гайд-паркта өткөн, Нью-Йорк штатына караштуу Олбани шаарында .
Билими
1896-жылы ата-энеси Франклинди Бостонго жакын Гротондогу аристократтардын жеке мектебине берген. Ал бараары менен 3-класска отурган. Мектептин программасына : латын, грек , француз,немец тилдери жана тарых кирген. Франклин көптөгөн моралдык принциптерди өздөштүргөн . Алсак ачууга алдырбоо, билим, эмгек жана чындык менен жүрүгөөүйрөнгөн .1900-1903-жылдары Гарвард университетинин студенти . Ал англис жана француз адабиятын, латын тилин, тарых, оратордук искусство, укук, экономика ж.б. курстарды тандап алган. Окуу мезгилинде студенттердин газетасы менен активдүү иштешкен жана анын башкы редактору болгон. « Буларга жардам берүү» фондунун мүчөсү. 1903 –жылы Гарвард университетинин бакалавр дипломун алып , кийинки жылы Колумбия университетинин юридика мектебине тапшырган .

#105 06 June 2015 - 00:18
Үй-бүлөсү
1905-жылы Элеонорага ( Франклиндин 5- муундагы таежеси,1901-1909- жылдардагы АКШнын президенти Теодор Рузвельтин жээни) үйлөнгөн. Франклин тууганына жеке симпатиясы болгон жана ак үйгө келип аны менен кеңешип турган. Кийин өзүнүн саясий тагдыры демократиялык партия менен болсо дагы Теодор менен достук мамилесин үзгөн эмес. Рузвельттин үй-бүлөсү 7 адамдан турган, аялы, кызы жана 4 уулу болгон. Алар Франклин менен башына түшкөн сыноосун, кайгы-капасын, жыргалчылыгын тең бөлүшкөн. Э.Рузвельт АКШнын тарыхында презденттин аялы гана эмес, чыгармачыл адам катары дагы белгилүү. Анын жанындагылардын айтымында, Элеонора күйөөсүнүн «көзү жана кулагы» болуп шайлоо компанияларына катышкан, демократиялык партиянын бүтүндүгүн бекемдөөгө жардам берген, Америкада жана чет өлкөлөрдөөз макалалары, китептери менен конференцияларда чыгып сөз сүйлөгөн, аялдар кыймылдарын өнүктүрүүгөөз салымын кошкон. Ф.Рузвельт 1907-жылы юридикалык мектепти аяктаган, мамлекеттик экзаменди тапшырбагандыгы үчүн диплом албай калган.
Ишмердик жол жана шайлоо
1910-жылы анын саясаттык дебюттук жылы болгон. Саясаттагы дебюту ийгиликтүү болуп, 1913-жылы президент В.Вильсон (демократ ) Ф.Рузвельтти аскер-деңиз флоту министиринин орун басары кылып дайындайт. 7 жылдан ашык 1-дүйнөлүк согуштун алдында жана жүрүшүндө АКШнын аскер-деңиз флотун чыңдоо менен алектенген. Берилген тапшырманы так аткарган жана көп штаттардын саясий чөйрөсү менен мамилесин үзгөн.1918-жылы узака созулган чет жерлердеги аскер базаларды жана согуштарды кыдыруусун аяктаган.Аскер чөйрөдө тез эле кадыр-барк топтоп, 2 жолу согушуп жаткан армияга жөнөтүүсүн суранган.1920- жылы АКШнын вице-прездентигине талапкерлигин койгон. Демократтардын активдүүлүгүнө карабай шайлоодо жеңилип калышкан.Алардын атаандаштары согуштан кийинки өндүрүштүн өнүгүшүнө кубанып жатышкан.Шайлоодон кийин Ф.Рузвельт Нью-Йорктогу ири финансылык корпорациялардын бирине вице-президент болуп орношкон. Биснес менен бирге эле коомдук иштерге катышып турган: Гарвард университетинин байкоо кеңешинин мүчөсү,аскер- деңиз клубунун президенти, Нью-Йорктогу бойскауттар клубунун төрагасы,«Вудро Вильсон » фондунун негиздөөчүсү, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жардам берүү комитетинин мүчөсү, Американын географиялык коомунун кеңешинин мүчөсү ж.б. 1928-жылы Франклинди демократиялык партиянын лидерлери Нью-Йорк штанынын губернаторлугуна кандидатын коюуну сунуш кылышкан. Шайлоодо 25 миң ашык добуш менен жеңип чыккан. Анын каршылаштары республикачылар штаттарда жана конгрессте лидерлик орунду ээлеп турушкан. Рузвельт шайлоочулар менен түз сүйлөшүү методун колдонгон . Аялы менен бирдикте штаттарды кыдырып фермерлер, ишкана ээлери жана жумушчулары, мектептер, ооруканалар менен таанышкан. 1933-жылы 2-мөөнөткө 750 миң добуш ашык алып шайланган. Кызматка орношуп жатканда айткан сөздөрүнүн баары иш жүзүнө ашкан : «Мамлекеттин милдеттеринин бири өзүн ар кандай абалдардан улам бага албай калган адамдарга жардам бериш, бул баардык цивилизациялык мамлекеттерде таанылган, бирок аларга садака катарында эмес коомдук жумуштарды аткаргандан кийин гана жардамды беришибиз керек. Башкарууга жаңы адамдарды тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Ал Колумбия жана Гарвард университетиндеги профессорлорго , юристерге, экономистерге, айыл-чарба адистерине кайрылып , алар Ф.Рузвельттин « мээ трестин» түзүшкөн.

#106 06 June 2015 - 00:20
1921-жылдын август айы Рузвельттин үй-бүлөсүжана жактоочулары үчүн трагедиялык мезгил болгон.Муздак сууга түшүп келгенден кийин буттары баспай калган, кийин врачтар ага шал(полиомелит) деген диагноз коюшкан.Жакындарынын айтымында физикалык көнүгүүлөрдү жасоо көп күчүн алган. Досторунан Джорджия штатында каралбай калган «Уорм –Спринг»(ысык ачкыч) аттуу курорт бар экенин угуп, ал жерге орулууларга курорт, өзүнө кичинекей үй курдурган.Көп машыгуулардын натыйжасында «ысык ачкыч» суусунда сүзгөндүүйрөнгөн,
бирок басуу тилеги ишке ашпай калган. Жанындагыларга алсыздыгын билгизген эмес , ар дайым активдүү, сүйлөшүүгө даяр болуп, жумушта, жолугууларда оорусуна шылтоолоп жеңилдиктерди алган эмес. Биснес менен бирге эле коомдук иштерге катышып турган: Гарвард университетинин байкоо кеңешинин мүчөсү,аскер-
деңиз клубунун президенти,
Нью-Йорктогу бойскауттар клубунун төрагасы,«Вудро Вильсон » фондунун негиздөөчүсү,
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жардам берүү комитетинин мүчөсү, Американын географиялык коомунун кеңешинин мүчөсү ж.б.
Кара бейшемби
«Кара бейшемби» деп аталган 1929-ж.4-октябры акциянын баасынын төмөндөшүнө , 10 миллиарддык $ жоготууга алып келген. Ушундай абал чынжыр сыяктуу уланып кеткен.1932-жылы өндүрүштөгүөндүрүм 1929-жылдын 50% гана түзгөн.Сатып алуучулук мүмкүнчүлүктүн азайышы жана баалардын төмөндөшү фермерлерди 12 миллиард долларга карыз кылган.Миңдеген фермерлик чарбалар талкаланды жана жумушсуздук көбөйдү. Жумушчулардын жана ачка адамдардын маршы башталды . Депрессияны «Улуу» деп аташат,өлкө финансылык, экономикалык, социалдык алааматка жакындап калган.

#107 06 June 2015 - 00:21
Президент
1933-жылы АКШ президенттигине Ф.Рузвельт шайланган,ага 22.8 миллион адам добуш берген(Г.Гувер 15.7 миллион добуш алган).Рузвельт АКШнын 32-президенти болгон.1933-жылы 15-февралда Флорида штатынын Майами шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда теги италиялык Замара аны аткан, бирок ок жанындагы Чикагонун мэри Чермака тийип, ал өлүм тапкан.Замара кармалганда Гуверди өлтүргүсү келгенин, бирок ал жок болуп ордуна Рузвельтти аткандыгын айткан. Замара өлүм жазасына тартылган, электрошок менен жаза аткарылган. 1933-жылы 4-мартта суук жана күн бүркөк күнү кызматка келип , Капитолияда 100 миң америкалыктардын алдында сөз сүйлөгөн:«Ачык айтууга мезгил келди , өлкөнүн ушундай абалга келишине президент жана жумушун билбеген банкирлер күнөөлүү » деп эсептеген, эл аны колдогон.Рузвельт президенттиктин алгачкы 100 күнүндө эле кризистин сазына батып турган АКШны жандантуу үчүн бир катар зарыл программаларды камтыган “Жаңы багыт” планын иштеп чыгууга жетишкен. Алгач банк системасын калыбына келтирип, анан жумушсуздар менен ачкачылык чеңгелиндегилерге жардам берүүнү колго алган. Айыл-чарба менен өндүрүш тармагына көп көңүл бурган.
Рузвельт тышкы саясатты өтө аяр, сак жүргүзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышы менен ал курал-жарак өндүрүүнү жана сатууну алдыңкы орунга коюп, Англия менен Францияга тымызын жардам бере баштаган. Тарыхчы жана аскер адамдарынын айтымында, 1941-жылдын 7-декабрында жапон учактары АКШнын Тынч океандагы Перл-Харбор аттуу аскер базасына кол салбаса, Рузвельттин тышкы саясаттагы ролу ушул темпте сакталып калмак. Маанилүү аскер базасынын кыйрашы менен ал армиясын согушка батыл киргизип, жеңишти тездеткен.
Франклин Делано Рузвельт 1945-жылы 12-апрелде көз жумган. Америка тарыхында ал биринчижолутөртжолушайланган президент жана “улуу реформатор” катары сакталып калган. Ушу күндөсаясаттаануучуларменентарыхчылардынортосундаРузвельткебайланыштуубүтпөгөнталаш- тартышжүрүпкелет. Айрым ойчулдардын пикиринетаянсак, Рузвельт АКШныэкономикалыккризистенкуткарууга так план иштепчыкканэмесэкен. Ичкитуюмдунжардамымененганаишалыпбарыптыр. Анындагыбирөзгөчөлүгүидеясынэлденжашырбаганыболгон. Жасайтурганишитууралуу такай маалымдап, ынандырып, дембериптурган. “Улуу депрессия” убагындаэлдинүзүлгөнүмүтүн ал ошентип “бийиксөздөр” менен кайра жандырган. “Мен америкалыкмын” дегенпатриоттуксезимдинтирилишинеушулпрезидент өбөлгөтүзгөн. Төртмөөнөтичинде ал ачка, алсыраганөлкөнүбутунатургузуп, ал тургайдүйнөлүкаренадачечүүчүролдуойногон “көзүрлүккө” жеткирген

#108 06 June 2015 - 00:22
Франклин Рузвельтке таандык цитаталар
“Мен дүйнөдөгү эң акылдуу жигит эмесмин, бирок, акылдуу кызматкерлерди тандай биллем.”
“Бизкоркотурганбиргананерсе бар, ал өзүбүздүнкоркунучубуз. ”
“Биздемократиянынбийикүлгүсүболушубузкерек. ”
“Согушбулэкиөкмөтортосундагымамиленинорой, адамкерчиликсизыкмасы. ”
“Чыныгыжекеэркиндиккеэкономикалыккоопсуздукжанакөзкарандысызжагдайдаганаээболобуз. ”
“ Ачка жана жумушсуз адамдар диктатуранын кадрлары.”
“Эрежелер принциптен айырмаланып, такай эле ыйык боло бербейт.”

#109 06 June 2015 - 00:25
Ленин (Ульянов) Владимир Ильич: “Окуу, окуу жана окуу!”
“Орусиянын биринчи трагедиясы – Лениндин туулушу болсо, анын мезгилсиз каза болушу экинчи трагедиясы деп эсептейм. Өзү алып келип, таштап койгон сормо саздан элди Ленин гана сүйрөп чыгып кетмек”
Дүйнө тарыхына улуу революционер, коом жөнүндөгү марксисттик теорияны ишке ашырган. Орустун коомдук-саясий ишмери, Советтик Союздук коммунисттик партиясын жана Совет мамлекетин негиздөөчү, Совет өкмөтүнүн алгачкы жетекчиси (1917–24), К. Маркс, Ф. Энгельс тарабынан негизделген коммунизм жөнүндө илимий-теориялык окуунун улантуучусу Ленин (Ульянов) Владимир Ильич жөнүндө кеп кылмакчыбыз.
Лениндин ата теги
Лениндин чоң атасы Николай Васильевич Ульянов Астрахан шаарынан чыккан карапайым орус тикмечиси экен. Чоң энеси Анна Степановна Ульянова болсо кадимки орусташып, чокунуп кеткен калмак кызы болгон. Бул фактыны убагында жазуучу Мариетта Шагинян, кийин Лениндин биографы Луис Фишер алаканга салгандай так кылып далилдеп чыгышты.
Ошентип Лениндин өз атасы Илья Николаевич орус менен калмактын аралашмасы болсо, өз энеси Мария Александровна болсо немис менен жөөттүн ортосунан чыккан, нака немисче тарбияланган аял экен.
Мындан тышкары Лениндин таятасы тарабынан кеткен бабаларынын канында швед да бар экен, ал эми таенесин кээ бир биографтар жөөт десе, кээ бирлер немис деп, бул талаш азыркыга чейин бүтпөй келатат. Бирок биз келтирген фактылар Лениндин бир тууган карындашы Анна Ильинична Ульянова-Елизарованын редакциясы астында 1925-жылы чыккан В.Алексеев менен А.Швердин “Дети Ульяновых в Симбирске” деген китебинде толугу менен камтылган. Ал эми “Ленин” деген сөз Владимир Ильичтин саясий каймана аты гана, чыныгы фамилиясы, албетте, Ульянов.

#110 06 June 2015 - 00:27
Балалыгы жана революционерге айланышы
1924-жылы 21-январда Симбирск, азыркы Ульяновскдо төрөлгөн. Ленин бала кезинен абдан жакшы окуп, жакшы үй-бүлө тарбиясын алган. 1887-ж. Симбирск гимназиясын алтын медаль менен бүтүрүп, 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине өткөн. Ошол эле жылы декабрь айында студенттердин революциячыл жыйындарына катышканы үчүн университеттен чыгарылып, Казан губерниясынын Кокушкино кыштагына айдалган. 1891-ж. Санкт-Петербург университетинин укук факультетине экзаменди экстерн тапшырып, Самарада адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. 1893-ж. Петербургга келип, марксисттик ийримдерге катышкан. Анын түздөн-түз демилгеси жана жетекчилиги менен 1895-ж. күзүндө Петербург шаарындагы марксисттик ийримдер бир уюмга – «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзуна» бириккен. Саясий көз караштарындагы чыныгы бурулуш бир тууган агасы Александр Ульянов орус императору Александр Үчүнчүгө кол салганы үчүн даргага асылган убактан башталган экен.
Агасы “Народная воля” деген жарым революциячыл, жарым террористтик уюмга кирип, бирок падышага кол салуу ордунан чыкпай, өлүм жазасына өкүм кылынганы тарыхтан белгилүү. Ошондон баштап Владимир Ленин орус социал-демократтарынын эмгектерин окуп, кийин Маркс менен Энгельстин чыгармаларын казып, бара-бара жөн эле социалист эмес, профессионал революционер болуп кетиптир.
Дээрлик 20 жыл революциячыл ишмердикте жүрүп, ошол жылдары болочок аялы Надежда Крупская менен таанышып, бир ирет Сибирге сүргүнгө айдалып, андан соң Европага эмиграцияга кетип, Лондондо, Цюрихте, деле Европанын эң өнүккөн шаарларында жашап, билимин тереңдетип, англисче, немисче эркин сүйлөгөнгө жана окуганга үйрөнгөн экен.
Сүргүн жана иштер
Падышалык бийликке каршы кыймылдарга катышып, бийликти кулатууга үндөгөнү үчүн 1895-ж. декабрда камакка алынып, 1897-ж. Енисей губерниясынын Шушенский кыштагына 3 жылга сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин 1900-ж. чет өлкөгө кетүүгө мажбур болуп, В. Г. Плеханов, П. Б. Аксельрод, В. И. Засулич, Ю. О. Мартов жана А. Н. Потресов менен бирге «Искра» гезитин чыгара башташкан. 1900-ж. декабрь айында «Искра» гезитине басылган бир макаласын «Ленин» деген псевдоним менен чыгарып, бул анын түбөлүк ысмына айланган (мындан тышкары В. Ильин, В. Фрей, Ив. Петров, К. Тулин, Карпов жана башка псевдонимдери болгон). 1903-ж. РСДРПнин 2-съездинде (Брюссель, Лондон) добуш берүүдө социал-демократиялык кыймыл большевиктер (көп добуш бергендер) жана меньшевиктер болуп бөлүнүп, мындан ары большевиктер партиясын Ленин, меньшевиктерди Мартов жетектей баштаган. 1904-ж. Лениндин демилгеси жана жетекчилиги менен Женевада большевиктердин биринчи «Вперёд» гезити (1904–05) чыгарыла баштаган. Бул мезгилде Ленин РСДРП БКнын курамынан чыгарылган (7 (20).2. 1905). 1905-ж. 8 (21)-ноябрда Ленин эмиграциядан Петербургга келип, большевиктер партиясын куралдуу көтөрүлүшкө даярдоо планынын үстүндө иштеп, «Жаңы турмуш» гезитин чыгара баштаган. Полициянын куугунтугуна байланыштуу 1906–08-ж. кайрадан чет өлкөлөрдө (Финляндия, Швейцария, Франция) эмиграцияда болгон. 1917-ж. Февраль революциясынан кийин Ленин эмиграциядан Петроградга кайтып келип, 4-апрелде социалистик революциянын жеңиши жөнүндө сүйлөгөн («Апрель тезистери»). 1917-ж. июль айында өлкөдө кош бийлик жоюлуп, бийликке келген Убактылуу өкмөт Ленинди камакка алуу тууралуу буйрук берген. 1917-ж. 7-октябрда жашыруун түрдө Выборгдон Петроградга келип, Смольныйда штаб уюштуруп, 24-октябрда башталган куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. Советтердин бүткүл россиялык 2-съездинде Л. ЭКСтин төрагалыгына шайланып, 1918-жылдан жумушчу-дыйкандардын коргонуу советинин төрагасы, Бүткүл союздук БАК (ВЦИК) менен БАКтын (ЦИК) мүчөсүнүн кызматын аткарган. 1918-ж. Германия менен Брест-Литовск тынчтык келишимин түзүүдө чоң салым кошкон. Мындан тышкары Лениндин жетекчилиги менен СССР мамлекети, Совет өкмөтү, Кызыл Армия (к. Советтик армия) жана башка түзүлгөн жана жаңы бийликти чыңдоо үчүн «согуш коммунизми», жаңы экономикалык саясат (НЭП) жана башка иш-чаралар жүргүзүлгөн. 1918–19-ж. Германия жана Австрия-Венгриядагы монархиялык бийликтин кулашын Ленин жана анын тарапкерлери дүйнөлүк пролетардык революциянын башталышы катары эсептешкен. Ленин башка мамлекеттерде революциялык процесстерди күчөтүү үчүн Коммунисттик интернационалды түзүүнү сунуштап, 1919-жылдын 2–6-июнунда Москвада өткөн Коммунисттик интернационалдын 1-конгрессинин ишин жетектеген.

#111 06 June 2015 - 00:28
Эмгектери
Лениндин эмгектери дүйнө жүзүндө эң көп нускада жарык көргөн. СССРде Лениндин чыгармаларынын биринчи басылышы 1920–26-жылдары (1–20-т.) чыккан.
1923-жылдан кийинки негизги эмгектерине «Эл достору деген эмне жана алар социал-демократтарга каршы кандай күрөшүп жатат» (1894), «Россияда капитализмдин өнүгүшү» (1899), «Эмне кылуу керек?» (1902), «Бир кадам алга, эки кадам артка» (1904), «Материализм жана эмпириокритицизм» (1909), «Империализм – капитализмдин жогорку стадиясы» (1916), «Мамлекет жана революция» (1917), «Биздин революция жөнүндө», «Аз болсо да жакшы болсун» жана башка макалалары жана «Съездге кат», «Улуттар жөнүндөгү же “Автономиялаштыруу” жөнүндөгү маселеге карата» жана башкалар каттары кирет.
Биз билбеген Ленин
Лениндин биографиясында биз башта билбеген, бирок кийин гана шардана болгон фактылар абдан көп. Маселен, Ленин Дүйнөлүк биринчи согушта Орусиянын эртерээк жеңилишин аябай каалап, ал оюн ачык эле билдирип жүргөн. Падыша өкмөтүнүн бийлиги канчалык элге жек көрүмчү болсо, ошончолук бийликти басып алуу да оңой болот деп эсептеген. Ал эми өзү бийликке келгенден кийин Брест келишими деген сепараттык келишимге кол коюп, өз бийлигин сактап калуу үчүн Германиянын кайзери сураган нерселердин баарына макул болгон. Натыйжада мурда Орусияга караштуу болгон Польшаны, Украинаны, Курляндияны аннексия кылганга макулдук берген.
Ал эми орус жазуучусу Александр Солженицын “Кызыл чыгырык” (“Красное колесо”) деген тарыхый чыгармасында Ленин нечен жолу кайзер жашыруун берген акча каражатынан пайдаланганын, ошентип Орусияны ичинен алсыздандырууга көмөк болгонун далилдеп чыкты.
Такталган тарыхый маалыматтарга таянсак, 1917-жылдын 7-ноябрында болгон окуя эч кандай революция эмес эле кадимки хан сарай төңкөрүшү, А.Ф.Керенский баштаган бир ууч Убактылуу өкмөттөн бийликти тартып алуу гана болгон. Бирок чыныгы революция, чыныгы кан төгүүлөр кийин, большевиктер бийликти колго алгандан соң башталган.
Лениндин бийлик башына келген максатташтары, атап айтканда Лев Троцкий, Иосиф Сталин жана башкалар Маркстын, социалист утописттердин окуусуна, теорияларына таянып Орусияны капиталисттик системадан социалисттик мамлекетке күч менен, зордук менен айландыра баштаган.
Маркс менен Энгельс ар бир эмгегинде тилдеген “капитализм” деген сөздү коркпой-үркпөй эле колдонуп, оппоненттерине “марксизм – бул догма эмес, аракеттен берекет издеген жетекчилик” деп айткан.
Бийлик колго тийгенден кийин дароо бир гана партиядан турган диктатураны орнотуп, көп партиялуу парламентти таратып, падыша Николайды укум-тукуму менен аттырган. Дин дегенди түп-тамырынан жерип, чиркөөлөр менен мечиттерди жаптырган, айрымдарын жардырткан Владимир Ильич Ленин болгон.

#112 06 June 2015 - 00:29
Кыргыздар жана Ленин
Кыргыз элинин башынан эле Ленинге көзү түз болгону жакшы белгилүү. Анын себеби дал ошол Ленин 1916-жылкы Үркүнгө себепкер болгон падыша Николайды укум-тукуму менен аттырганы, Совет бийлиги үрккөн кыргыздарды Кытайдан эл-жерге кайтарганы болду.
Совет бийлигинин учурунда биздин элибиз болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип, улуттук кайра жаралуу доорун башыбыздан өткөрдүк. Ошон үчүн Владимир Ильич Лениндин борбордук аянттагы коло эстелигин башка мамлекеттердегидей металлоломго ыргытпай, кыргыз өкмөтү колдон келген урмат менен сыйлуу жерге которуп койду. Азыр анын ордунда Айкөл Манас бабабыздын эстелиги турат.
Ленин ысымы
Лениндин атынан Ленин чокусу, Ленин мөңгүсү, Ленинакан платосу, Москвадагы Ленин (азыркы Воробьёвы) дөңсөөсү, Ленинград (Санкт-Петербург), Ульяновск, Ленинск, Ленинск-Кузнецк, Лениногорск, Ленинабад (азыркы Хожент), Ленинакан (азыркы Гюмри) шаарлары, көптөгөн кыштактар, Москва метрополитени жана башкалар аталган. Лениндин урматына Ленин ордени жана Ленин атындагы сыйлык түзүлгөн.

Супер-Инфо
super.kg
видео