Ваххабиттер кимдер озу ...
Сен ушу суроого жооп бере аласынбы .
Сен ушу суроого жооп бере аласынбы .
Мен бул суроого эчак эле жооп бергем. "Дил жолу" темасын барактап окусаныз табасыз.
Кайталап коеюн.
Кыргызстандын мусулмандары
ваххабиттик- салафиттик, экстремисттик-
террористтик уюмдун көзөмөлүндө!
Кыргызстандын муфтияты, ислам дининин өкүлдөрү өз
диний иштерин чет өлкөлүк «Таблиги Жамаат» деп аталган
уюмдун негизинде жана колдоосунда алпарып жатышат. Бүт
негизги китептери «Таблиги Жамаат» тарабынан даярдалып
чыгарылган. ««Таблиги Жамаати» 1920-жылы (1927-жыл деп да
жүрүшөт) уюм катары ДЕОБАНДИ агымынан чыккан Мавлана
Ильяс Кандхелевий тарабынан түзүлгөн. Интернет
булактарындагы Европа өлкөлөрүндө жүздөгөн адамдардын
камак учурундагы жоопторунда «Таблиги Жамаат» уюму
аркылуу ар кандай кылмыштарга тиешеси бар экенин
мисалдабай эле коелу. Таблиги жамааттын негиздөөчүсү
Мухаммад Ильяс Кандхелевий башында Деобанди агымынын
көрүнүктүү мүчөсү болгон. Деобанди агымы ваххабиянын
идеясына жакын болгондуктан «деобанди-ваххабия» деп
атагандар да бар.
«Таблиги Жамаат» Тажикстанда, Түркменстанда жана
Өзбекстанда экстремисттик- террористтик уюм катары
таанылган. Медина жана Меккенин 32 уламасы тарабынан
1982-жылы, 29 октябрда Африкада (Дарбен) «Таблиги
жамаатты» (дааватчыларды) каапыр деген фатва-токтом
чыгарылган болчу»32. Кошумчалай кетейин: Россияда жана
Казахстанда дагы «Таблиги Жамаат» уюму экстремисттик-
террористтик уюм катары таанылган. Кыргызстан «Жамааттык
Коопсуздук Келишим Уюмуна» (ЖККУ-га) («Организация До-
говора о Коллективной Безопасности») «ОДКБ»-ге мүчө болуп
киргендиктен жана ЖККУ-га («ОДКБ»-ге) кирген коңшу мам-
лекеттерде, Россияда, Тажикстанда, Түркменстанда, Казахстан-
да «Таблиги жамаат» экстремисттик- террористтик уюм катары
таанылгандыктан, Кыргызстан дагы «Таблиги жамаатты» экс-
тремисттик- террористтик уюм катары таанышы керек.
«Таблиги жамаат» ваххабизм агымындагы уюм. Ал эми
«ваххабизм» деген эмне? «Ваххабизм – XVIII кылымда пайда
болгон исламдагы диний-саясый кыймыл. Кыймылдын аталы-
шы анын негиздөөчүсү Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб ат-
Тамиминин (1703-1792) атынан коюлган. Ал эми Мухаммад
ибн Абд аль-Ваххаб болсо Ибн Таймиинин (1263-1328) көз ка-
рашын улантуучусу болуп эсептелинет.
Негизи ваххабизм агымындагылар өздөрүн салафит деп
аташат. Мухаммад ибн Абд аль-Ваххабдын көз карашы боюнча
чыныгы исламды Мухаммед пайгамбардан кийин алгачкы үч
муун гана карманышкан жана андан кийин исламга кирген
жаңылыктарга ал каршы болуп аларды «бида» деп эсептечү.
Кээ бир этнографтардын көз карашы боюнча ваххабизм –
бул салыштырмалуу жаңы агым жана анын (ваххабизмдин) пай-
да болуусуна бедуиндердин (Арабиядагы көчмөндөрдүн) жашо-
осундагы социалдык-экономикалык жана саясый шарттарынын
начарлоосу болгон. Натыйжада бул жагдай шаар тургундары-
нын байлыгына жана бай адамдарга болгон көчмөндөр тарабы-
нан нааразычылыкка, каршылык көрсөтүүгө алып келген.
Ошондой эле бул кыймыл Турция менен болгон эркиндик үчүн
согушта өз маанилүү ролун аткарган.
Бул кыймылды ханзаада Абдул-Азиз ибн Сауд кубаттап
кабыл алган. Кийин ал Сауд Арабияны негиздеп анын биринчи
королу (1932-1953) болду. Ошондон улам ваххабизм Сауд Ара-
биясында башкы ислам доктринасы катары кабыл алынды»33.
Демек, алгач ваххабизмди көчмөн бедуиндер шаарлардын бай
тургундарына каршылык көрсөтүүгө колдонушкан, кийин болсо
Сауд Арабиянын алгачкы королу Абдул-Азиз ибн Сауд вахха-
бизмди мамлекеттик идеология катары көчмөн бедуиндерди
көзөмөлгө алуу үчүн колдонуп баштады.
«Ваххабизм кыймылы пайда болгон учурда Арабияда
көптөгөн мусулман мектептер жана агымдар бар эле жана
ошондой эле иудейлер менен христиандар да жок эмес болчу.
Түндүк-чыгыш жана чыгыш аймактарда шиизм абдан таркалган
эле. Бирок бирден бир негизги багыттардан болуп ханбалит
мектеби эсептелчү (өзгөчө Хиджазда). Көпчүлүк
изилдөөчүлөрдүн айтымында көчмөн бедуиндердин арасында
ислам анча таркалган эмес эле. Швейцардык саякатчы Бурк
хардт И.Л. Меккеден беш саат убакыт аралыкта олуялардын
мазарлары бар экендиги жөнүндө да жазган»34.
«Ваххабизмде мазарларга барып зыярат кылууга тыюуу
салынган, анткени алардын көз карашы боюнча бул нерсе ма-
зарлардагы өлүктөргө сыйынууга тете. Ошондой эле алар Му-
хаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилешпейт, ваххабит-
тердин көз карашы боюнча бул макрух (күнөө). …
Ваххабизмдин негизги идеясы – жалгыз бир Жараткан
Аллага ишенүү (таухид). Өзүнүн эң негизги максаты деп вахха-
биттер исламды алардын көз карашы боюнча башка мусулман
улуттардын, этностордун өзгөчө маданияттарынан алынган чо-
очун, өгөй нерселерден, кошумчалардан тазалоо деп эсептешет.
Салафиттер (ваххабиттер) Жараткан Алланын жана адамдын
ортосунда байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн четке кагышат. Алар
исламдагы суфизм багытын да четке кагышат»35. Исламдагы
суфизм багыты ислам дининин философиялык өзөгүнө, анын
түпкү маанисине көңүл бурганга жана Жараткан Алла менен
жан-дил аркылуу байланыш түзгөнгө үйрөтөт. Эзелки ата-
бабаларыбыз ислам дининин суфизм багытын карманышчу.
Мурда Россия Федерациясынын Кавказ аймагында да суфизм
багыты негизги болуп эсептелип ал жакта бир нече суфий тари-
каттар негизделген, бирок Чечнядагы акыркы согуштан кийин
азыр Кавказда ваххабизм агымы абдан күчөп кетти.
Суннизм багытындагы ваххабит-салафиттер мазарларга
барып зыярат кылууга тыюуу салышса, исламдын башка багыты
– шиизм, мисалы, Ирандагы шииттер мазарларды кадимкидей
эле кыдырып зыярат кылышат. Ирандын руханий бийлиги, Ая-
толла Хомейни баш болуп мазарлардагы шайыктарды, кароол-
чуларды колдоп аларга финансылык жардам көрсөтүшөт.
«1998-жылы Сауд Арабиянын бийликтери буттарды
(идолдорду), мазарларды талкалоо кампаниянын (иш чаранын)
негизинде Мухаммед пайгамбардын энеси болгон Амина бинт
Вахбдын мүрзөсүн бузуп талкалоо жөнүндө жана аны бензин
чачып өрттө тууралуу чечимди кабыл алышкан эле. Бул кадам
дүйнө жүзү боюнча ваххабиттик- салафиттик Сауд Арабиянын
бийликтерине карата көптөгөн нааразычылыктарды, каршылык
толкундоолорду жараткан»36. Мухаммед пайгамбардын энеси
Амина бинт Вахб ислам динин кабыл албай дүйнөдөн өтүп кет-
кен. Ошол себептен Сауд Арабиянын ваххабит-салафит бийлик-
тери анын күмбөзүн ыраа көрбөй талкалаганга аракет кылыш-
кан. Ал эми Мухаммед пайгамбар Жараткан Алладан өз энеси
үчүн суранганда Жараткан Алла анын өтүнүчтөрүн кабыл албай
койуп «аны өзүм суракка алам» деп жооп берген эле. Ошол вах-
хабит-салафит молдокелер бизге «бейиш эне таманынын астын-
да» деп айтып жүрүшөт. Ваххабит-салафийлер алгач Мухаммед
пайгамбардын энесин, мейли ал ислам динин кабыл албаса да
сыйлаганга үйрөнүшсүн.
Ваххабитт-салафиттер – бул диний фашисттер. Гитлердик
фашисттер адамзатты улуттук жана этностук негизде бөлүшсө,
бүгүнкү диний фашисттер адамзатты диний негизде бөлүп со-
гуш жарыялашты. Бул согуш бүгүн дүйнө жүзү боюнча,
көпчүлүк мамлекеттерде өтүп жатат. Ошондуктан жалпы дүйнө
эли диний фашисттерге каршы «Дил жолу» идеологиясы аркы-
луу биригиши керек.
__________________________
32 «Айгай» коомдук-саясий гезит. 26-июнь, 2009-жыл. Эрнест
Абдрахман. «Дааватчылар же алардын артында кимдер турат?»
33 www.ru.wikipedia.org «Ваххабизм» (автордун котормосу)

Супер-Инфо
super.kg
видео






















