Чындыгында Алла Таала жана периштелер пайгамбарга салават айтышат.
Эй, момундар!
Силер да ага салават жана салам айткыла. (Азхаб, 56)
Алланын Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) болгон сүйүү жана салават айтуу.
#2 01 June 2015 - 15:39
Жогоруда аятта Жараткан Алла акыркы Пайгамбарга салават жана салам айтуу зарылчылыгына басым жасоодо. АзиретиПайгамбарыбызга салават айтуу Жараткан Алланын бардык момун мусулмандардан талап кылган адептерден болуп эсептелет. Жараткан Алла Таала сансыз периштелери мене бирге акыркы Пайгамбарга "салават жана салам" айтышы ардактуу пайгамбарыбыздын кадырына жетүүнүн өзгөчө мааниге ээ болгондугун жана ыймандын өзүнчө талабы экендигин айгинелейт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#3 01 June 2015 - 15:51
Куран аяттардын биринде:
"Намазды толук аткарып, зекет бергиле! Пайгамбарга моюн сунгула! Ошондо Алланын чексиз Мээримине бөлөнөсүңөр! (нур56) деп буюрулат.
Сүйгөн адам сүйүктүүсүнүн бүт нерсесине кайыл болот, деген эреженин талабына жараша, теңдешсиз үлгүлүү инсан катары таанымал акыркы Пайгамбарга ар тараптан моюн сунуу ар бир момун мусулман үчүн өзүнчө баа жеткис байлык. Пайгамбарыбызга болгон сүйүү Жаратканга бапестелген сүйүүнүн шарты болуп эсептелет.

#4 01 June 2015 - 16:01
Жараткан Кудуреттин жалгыздыгын тастыктаган тавхид келмесинде "Лаа илааха иллаллах"
тан кийин "МухаммадурРасуулуллах"
сөзү келет. Кайталанган ар бир келме жана Пайгамбарыбызга айтылган салават Жараткандын сүйүүсүнө жетелейт. Бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу өмүр сүрүү ага бапестелге сүйүүгө байланыштуу болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#5 01 June 2015 - 16:09
Ибадаттагы руханият, эл менен болгон мамиледеги жылуулук, адамдык сапаттагы асылдуулук,
жан дүйнөдөгү аруулук, жүздөгү нур, тилдеги тереңдик, назар салуудагы ойлуулук, айтор, бардык жакшылык ошол Пайгамбарыбызга (саллаллаллаху алейхи васалламга) болгон сүйүүнүн жан дүйнөлөргө жаркыган нуру.
Жараткандын береке куту жүрөккө уялашы үчүн ар качан жана ар жерде өзгөчө таңга маал Алланын элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) көп көп салават айтуунун өзгөчө орду бар.
Жараткандын береке куту жүрөккө уялашы үчүн ар качан жана ар жерде өзгөчө таңга маал Алланын элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) көп көп салават айтуунун өзгөчө орду бар.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#6 01 June 2015 - 16:37
Салават айтуу Жараткан Алланын буйругуна баш ийүү менен Анын чексиз Мээримине бөлөнүүгө себеп болот.
Азхаб сүрөсүндө: "Чындыгында Алла Таала жана периштелер пайгамбарга салават айтышат! Эй, момундар! Силер да ага салават жана салам айткыла". деп буюрулат.
Алла Тааланын, периштелердин жана мусулмандардын акыркы Пайгамбарга салават айтышынын ортосунда мааниси жагынан айырмачылыктар бар.
Алла Тааланын салават айтышы -бул акыркы Пайгамбарына ыраакым этип, анын даражасын жогору кылышы дегенди түшүндүрөт.
Периштелердин салаваты Пайгамбарыбыз үчүн Жараткандан кечирим тилеп, дуба кылышы менен,
ал эми момун мусулмандардын салаваты Алла Тааладан Пайгамбарыбыздын амандыгын, жакшылыгын тилеши менен түшүндүрүлөт.

#8 01 June 2015 - 17:35
АЛЛАХ ыраазы болсун.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#11 01 June 2015 - 19:53
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам)намаздан кийин Алла Таалага шүгүр келтирбей жана өзүнө салават айтпай туруп дуба кылган бир адамды көрүп;
"Бул адам шашмалык кылды" дейт. Андан соң ошол адамды жанына чакырып; "Дуба кылаарыңарда алгач Жараткан Алла Таалага шүгүр келтиргиле! Андан кийи мага салават жана салам айткыла! Андан соң тилеген тилегиңерди сурагыла! " деген. (Тирмизий, даават,64).
Дагы бир хадисте мындай делет;
"Дуба кылган адам акыркы Пайгамбарга салават айтмайынча, дубасы кулпулуу болот (максатына жете албайт)"

#12 02 June 2015 - 18:11
Жараткан Кудурет адам баласын адал жолго салуу үчүн ага айбандан айырмалап бир катар жогору сапаттарды ыроологон, буга кошумча адамзаттын ичинен өзгөчө жөндөмдүүлүкө ээ болгон кээ бир пенделерине "пайгамбарлык"
озуйпасын жүктөө менен адамзатына дагы бир чоң жакшылыгын ыроологон. Жараткандын бул жакшылыгы аз.Адам ата менен башталган. Жалпыга маалым болгондой, аз Адам (алейхиссалам) алгачкы. инсан жана алгачкы пайгамбар.
Бул кутту жол Жараткандын
Бул кутту жол Жараткандын
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#13 02 June 2015 - 18:18
Бул кутту жол Жараткандын кудурети менен өзүнчө бир шамчырактын шоолалары сыңары тизмектелип келген жүз жыйырма миңдей пайгамбарлар аркылуу тастыкталып бекемделе берди. Учурдун шартына жана адамдардын аң түшүнүгүнө жараша түзүлгөн бул тизмек акыркы пайгамбар азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи вассаллам) менен баралына келип, туу чокусуна жетти.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи вассалламга чексиз салават жана саламдар болсун.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи вассалламга чексиз салават жана саламдар болсун.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#14 02 June 2015 - 19:00
Пайгамбарга Салават
Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Таала пенделерин эки дүйнөнүн бактылуулугуна жеткирүү максатында Ислам динин жөнөткөн. Ал эми бул динди элге жеткирүүчү жана түшүндүрүүчү милдетине Пайгамбарыбыз Мухаммедди (саллаллаху алейхи ва саллам) тандаган. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жашоосунун ар бир көз ирмеминде өз милдетин так аткарып, сүйлөгөн сөзү менен болсун, кылган иши менен болсун, дегеле ар бир кыймыл аракети менен Ислам динин түшүндүрүү максатын көздөгөн. Ошон үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи ва саллам) үммөтү катары дайыма аны эстеп, анын өмүр баянын окуп, жашоосунан үлгү алып турушубуз зарыл.Себеби, Ал (саллаллаху алейхи ва саллам) биз үчүн “эң сонун үлгү”. Бул Кураны Каримде мындайча баяндалат:
“Чындыгында, силер үчүн,Алла Тааланы, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Алла Тааланы көп эстегендер үчүн Аллах элчисинде эң сонун үлгү бар”. (Ахзаб сүрөсү, 21-аят).
Ошондуктан, биз кандай гана жагдайга туш келбейли, ар дайым Сүйүктүү Пайгамбарыбыздан (саллаллахуалейхи ва саллам) үлгү алганга аракет кылышыбыз керек. Жашообузда андан үлгү алуу-жашообузду анын сүннөтү менен өткөрүү дегендикке жатат. Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде мындай дейт:
“Силерге эки нерсе калтырып жатам. Буларга баш ийсенер эч качан адашпайсыңар: Алла Тааланын китеби (Куран) жана Элчисинин сүннөтү”. (Муватта, Кадар, 3).
Сүннөттү бекем кармануу менен биз Пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) баш ийген, аны ээрчиген болобуз. Кураны Каримде Алла Тааланы сүйүүнүн шарты Пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) баш ийүү экендиги айтылат. Биз ага баш ийгенибизде гана Алла Таала да бизди жакшы көрөт жана күнөөлөрүбүздү кечирет.
“Айткын: “Эгер силер АллаТааланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле! Ошондо Алла Таала силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. Алла Таала-Кечиримдүү, Боорукер! ” (Али Имран сүрөсү,31-аят).
Алла Таала Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) бүткүл ааламга мээримдүүлүктүн Пайгамбары катары жөнөткөн. Мээримдүүлүктүн Пайгамбары болгон Азирети Мухаммедге (саллаллахуалейхи ва саллам) үммөт болуу кандай гана бакыт! Мунун кадырын билүү, буга чын көңүлдөн ыраазы болуу биздин мойнубуздагы милдетибиз. Бул үчүн Алла Таалага канчалык шүгүр келтирсек да, аз болоор. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) үммөтү болуп калганга ыраазы болгон – ыймандын даамын татат жанабейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Хадистерде мындай деп айтылат:
“Кудай катары Алла Таалага, дин катары Исламга жана пайгамбар катары Мухаммедке ыраазы болгон киши сөзсүз бейишке кирет” (Муслим, Ыйман, 34).
“Кудай катары АллаТаалага, дин катары Исламга жана пайгамбар катары Мухаммедке ыраазы болгон киши ыймандын даамын татат” (Муслим, Ыйман, 34).
Кудай катары Алла Таалага ыраазы болуу – бул, жалгыз Алла Таалага ибадат кылып, кулчулук милдетибизди аткаруу жана “Бир гана Сага ибадат кылабыз жана бир гана Сенден жардам сурайбыз”, – деп Анын бардык өкүмүнө чын ыклас менен баш ийүү дегендик.
Дин катары Исламга ыраазы болуу – “силерге дин катары Исламды ыраа көрдүм” деген аяттын (Маида сүрөсү,3-аят) маани-маңызын аңдап, Исламдын буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстоо деген маанини түшүндүрөт.
Ал эми пайгамбар катары Азирети Мухаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) ыраазы болуу – бул, бизди адал жолдон адашуудан алыс кармай турган Анын сүннөтү менен жуурулуша жашоо дегенди билдирет. Алла Таала бул багытта Кураны Каримде мындай дейт:
“Пайгамбарга мойун сунсаңар, анда туура жолду табасыңар”. (Нур сүрөсү, 54-аят)
Пайгамбар катары Азирети Мухаммедге (саллаллаху алейхи ва саллам) ыраазы болуунун дагы бир белгиси – аны чын дилден жакшы көрүү. Ал эми Аны жакшы көрүүнүн сыйлыгы болсо, акыретте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) менен бирге болуу. Күндөрдүн биринде бир киши Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи ва саллам) кыяматтын качан болоорун сурайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ага кайрылып“кыямат үчүн эмне даярдаганын” сураганда, тиги киши: “Алла Таалага жана Пайгамбарга болгон жакшы көрүүмдү”, – деп жооп берет. Ошондо сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) сахабалардын да эбегейсиз кубанычына себеп болгон ушул жоопту айтат:
– Адам баласы кыяматта жакшы көргөнү менен чогуу болот.” (Тирмизий, Шахадат, 50)
Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) жакшы көргөндүктүн бирден бир белгиси – Ага салават айтуу. Алла Таала Кураны Каримде мындай дейт:
“Чындыгында, Алла Таала жана периштелери Пайгамбарга салават айтып турушат. Эй, ыйман келтиргендер! Силер да Ага салават жана салам айткыла”. (Ахзаб сүрөсү, 56-аят)
Бул аяттан белгилүү болгондой эле, Пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) салават айтуу – Алла Тааланын бизге билдирген талабы. Мына ошол талапты аткаруу биздин милдетибиз. Алла Тааланын талабына баш ийип, милдетибизди аткаруунун дагы көптөгөн пайдалары, сооптору бар. Дегеле салават – биз мусулмандардын ооздон түшүрбөй жүрүшүбүз керек болгон сөздөрдүн катарында десек жаңылышпас чыгаарбыз.
Себеби...
Салават – Пайгамбарга(саллаллаху алейхи ва саллам) жакындыктын белгиси.
Салават – Пайгамбарга(саллаллаху алейхи ва саллам) үммөт болуунун белгиси.
Салават – Пайгамбарга(саллаллаху алейхи ва саллам) баш ийгендиктин белгиси.
Салават – Пайгамбарды(саллаллаху алейхи ва саллам) жакшы көргөндүктүн белгиси.
Салават – Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи ва саллам) менен бейиште чогуу болуунун белгиси.
Салават – Пайгамбарыбызга(саллаллаху алейхи ва саллам) карата берешен болуунун белгиси.

Адебим менен адаммын!
#15 02 June 2015 - 23:23
Расул Акрам (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарыбыздан башка пайгамбарларда болбогон артыкчылыктарынын бири Алланын Куранда; "Йа, Адам! Йа, Нух! Йа, Ибрахим! Йа Муса! Йа Дауд! Йа Иса! Йа Закария! Йа Яхья! деп, ысымдары менен кайрылган болсо, Азирети Пайгамбарды (саллаллаху алейхи васаллам) бир да жолу ысымы менен чакырбастан;
"Йа, Набии! Йа Расул! Йа Музаммил!
Йа, Муддассир!
деп, бөтөнчө сыпаттар менен аташы, Ушу менен Алла Таала Расулаллага (саллаллаху алейхи васаллам) көрсөтчү урматыбыздын чен өлчөмүн бизге билдирген.
Ал үчүн салам дубай жолдоп, салават айтууну унута көрбө! Эң коркунучтуу күндө Анын шапаатына муктаж болосуң!
Ал үчүн салам дубай жолдоп, салават айтууну унута көрбө! Эң коркунучтуу күндө Анын шапаатына муктаж болосуң!
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#17 04 June 2015 - 09:45
Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи васалламга,
чексиз салават саламдар болсун.
Asulbek.
TAYNAYA.
medina.
Adep.
Meruet. Сиздерге Алла Тааланын жакшылыгы, берекеси, салаваттары болсун.
Asulbek.
TAYNAYA.
medina.
Adep.
Meruet. Сиздерге Алла Тааланын жакшылыгы, берекеси, салаваттары болсун.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#18 04 June 2015 - 09:51
Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) изи менен жашоосун коркүно чыгарган Жараткандын сүйүктүү пенделери салават айтуу аркылуу Пайгамбарга руханий жактан жакын болуунун, салават айтуунун көптөгөн пайдаларын,
берекелерин айтып келишкен.
Салават айтуу Жараткан Алланын буйругуна баш ийүү менен Анын чексиз мээримине, салаватына бөлөнүүгө себеп болот.
Салават айтуу Жараткан Алланын буйругуна баш ийүү менен Анын чексиз мээримине, салаватына бөлөнүүгө себеп болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#20 04 June 2015 - 14:46
САЛАВАТ АЙТУУНУН ПАЙДАЛАРЫ
Салават айткан адам Алла Тааланын ырайымына жана мээримине татыктуу болот.
Пайгамбарыбыз бир хадисинде мындай дейт:
مَنْ صَلَّى عَليَّ وَاحِداً, صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ عَشْراً
“Ким мага бир жолу салават айтса, Алла Таала ага он жолу салават айтат”.
Бул хадистеги Алла Тааланын пенде үчүн салават айтуусу – ага ырайым кылуусу, мээримин төгүүсү жана сооп берүүсү – дегенди түшүндүрөт. Алла Тааланын ырайымына жана мээримине жетип, соопторду алуусу пенде үчүн өтө чоң жетишкендик, ийгилик. Мындай адамды эки дүйнөнүн бактылуулугу күтөөрү шексиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео