Бүгүн эртең менен өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев каза тапты. Бул тууралуу 1-июнда жакын досу Нурлан Алишеров SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, анын сөөгү 3-июнь күнү өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жерге берилет.
Айта кетсек, Жеңишбек кант диабети жана бөйрөк оорусунан жабыркап келген. Анын айынан 4-5 ай мурун ордунан тура албай калган жана бир бутун кестирген.
Жеңишбек Райымбаев 1979-жылы Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Анын боюнун узундугу 2 метр 32 сантиметр болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жеңишбек Райымбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев каза болду. Бул тууралуу 1-июнда жакын досу Нурлан Алишеров SUPER.KG порталына бил
#2 02 June 2015 - 00:20
Жайы жаннатта болсун, Кыргы3дын уулу эле.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#4 02 June 2015 - 01:44
Жакында эле интернеттен бутун кестиргени тууралуу маалыматты окуган болчумун. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Билип, билбей кылган куноолорун Аллахым озу кечирсин!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 02 June 2015 - 07:31
Кыргыз элинин алп уулу жаткан жерин жайлуу болсун,топурагын торко болсун,билип билбей кылган кунолору кечирилген болсун,жургон жерлери бейиш болсун.Ата эне,бир туугандарына сабыр,канагат берсин.
#7 02 June 2015 - 08:47
Жаткан жери жайлуу болсун!
Лишь тот достоин жизни и свободы ,кто каждый день идет на бой.
#8 02 June 2015 - 08:58
Жаткан жери жайлуу болсун
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#9 02 June 2015 - 09:42
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Президентибиз омуру откончо стипендия болдурткондо эле жаман ой "кылт" эткен эле, "кантип эле козу тируу кезинде..." деп, окундум...
Президентибиз омуру откончо стипендия болдурткондо эле жаман ой "кылт" эткен эле, "кантип эле козу тируу кезинде..." деп, окундум...
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#10 02 June 2015 - 10:04
Кечээтен бери жазам-жазам деп жатып, бирок өзүмдү ушуга окшогон көңүл айтуу сыяктуу тексттерден алыстата берем...
Бул кишини биринчи жолу көл жээгинен көрдүм окшойт. Күнгө кактанып, керек болсо, оодарылууга да зериккен адамдар ордунан тура калып, ошол кишинин жанына чуркап барышкан. Мен отурган жеримден ошол көрүнүштү карап, зээним кейиген. Негизи көлдүн жээгинде төө, бүркүт, ат, зебрага окшоп боёлгон эшекти ээрчитип алышып, анан акчага сүрөткө түшүрүшөт эмеспи. Ошол тейде биздин эң узун бойлуу жердешибиз Жеңишбек турду. Акчага сүрөткө түшүп жатты. Балдар тегеректешип, колун кармап, "увау" дешип... Кээ бирлери кичинекей балдарын көтөртүп, же болбосо, ошондо Жеңишбек балдакчан жүрөт деп кой...(((
Кийин, 2009-жылы, ишиме байланыштуу биздин алп адам ооруканага жатып калды деген, эң башкысы, ачкачылыктан өлгөнү калыптыр деген маалыматтар жайнап кеткенден улам барып калдык. Воронцовкага барсак, үч керебетти бириктирип коюшуптур, ошондо жаткан экен. Биринчи жолу ошондо жанына басып бардым. Маек алып бүтүп, уюлдук телефонунун кнопкаларын тырмагынын учу менен басканына көңүлүм түшүп калган. Анан ал айткан эле "бармагым менен бассам, эки-үчөө басылып кетет" десе, "ии" деп коем... Кыскасы, анда да көңүлүм кайт болуп келгем.
Мындай карап турсаң, мамлекет деле колунан келишинче көмөк көрсөтүп турду, Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкектен убактылуу жашоо үчүн үй да бөлүп беришкен эле. Кайдигер эмес адамдар да колдоо көрсөтүп жатты. Негизи эле мындай өзгөчө адамдардын өмүрү кыска болорун билебиз, ошентсе да, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө кыйналып калгандыгы кейиштүү болду. Жараткан жайын Жанаттан берсин!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#12 02 June 2015 - 12:55
Аллаhым бейишинен орун берсин.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#13 02 June 2015 - 13:05
Олкобузго чанда келчу адам эле....адашкан аркар сыяктуу арманда кетти бир ак куу дегендей кыргыздын эн алп адамы арабыздан шашып кетти...аттин.
..кучтуу мамлекетибиз болгондо муну кыйын спортчу ,белгилуу актер кылып остурсо болмок...убагынан кеч конул бурулуп калды...жайы жаннаттан болсун!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#14 02 June 2015 - 14:40
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун!
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!

Супер-Инфо
super.kg
видео