Уйунордо дайыма жакшы жыт жыттанып турганга.кичинекей айнек идишти алып капкагаы менен.Мен 250гр-дык томаттын ишин алдым.Торттон бир болугуно кадимки эле сооданы салып эфир майынан сегиз-он тамчы тамчылатып капкагын тешип жаап болмого койуп коюу керек.Жагымсыз жыттардан арылтат болмону.
Пaйдaлуу кеңештер Ден соолук, туура тамактануу жана башкалар
#242 06 November 2014 - 02:39
Гуглдан издеп таппадым. Мүмкүн сиздер билеерсиздер.
Силикон форма,калак,
щеткаларды фейри менен жуугам. Бирок фейринин жытын сиңирип алып,кетпей жатат. Чай салынган сууга туз,сахар,уксус,
лимон кислотасын кошуп кайнатып көрдүм,.болбоду.
Морозилкага салдым,сода менен жуудум ,такыр эле жыты кетпеди.Эмне кылып кетирем,же жараксыз болуп калдыбы??? Кеңешиңерди күтөм....
#243 16 November 2014 - 20:40
холодильниктен такыр эле жыт кетпейтат (((( жуусам деле, , эмне кылыш керек?
#244 23 November 2014 - 23:32
С00да менен жууп корун.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#245 25 November 2014 - 20:54
Сода м.н жуунуз, уксус м.н соданы аралаштырып салып коюнуз. Пиязды кесип салып коюнуз.
#246 03 December 2014 - 16:37
Тооктун эти
Кандай азыктар керек?
Тооктун төш эти: 300 г
Ананас: 300 г
Ак вино: 200 мл
Соусу үчүн:
Суюк бал: 1 чоң кашык
Горчица: 1 чоң кашык
Коньяк: 1 чай кашык
Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык
Лимон ширеси: 1 чоң кашык
Кантип жасалат?
Этти чоң-чоң кесимдерге бөлүп алып
үстүнө винону куюп, оор нерсе менен
жарым саат бастырып коёсуз.
Андан соң эттерди бычактын жардамы
менен жука жалпак тилимдерге
бөлөсүз.
Полиэтилен плёнкасын өсүмдүк майы
менен майлап, ага эттин бир кесимин
саласыз да, ортосуна таякча болуп
кесилген ананасты саласыз.
Туздан себелейсиз.
Эми этти плёнкасы менен кошо рулет
кылып оройсуз.
Эттин калган кесимдерин да ушинтип
даярдайсыз.
Рулеттерди бууга 10 мүнөт бышырасыз.
Рулеттер бышканга чейин соусун
даярдайсыз. Ал үчүн балды,
горчицаны, коньякты, өсүмдүк майын
жана лимон ширесин кошуп жакшылап
аралаштырып коёсуз.
Даяр болгон рулеттерден плёнканы
алып, үстүнө соусту куюп коёсуз.
Кандай азыктар керек?
Тооктун төш эти: 300 г
Ананас: 300 г
Ак вино: 200 мл
Соусу үчүн:
Суюк бал: 1 чоң кашык
Горчица: 1 чоң кашык
Коньяк: 1 чай кашык
Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык
Лимон ширеси: 1 чоң кашык
Кантип жасалат?
Этти чоң-чоң кесимдерге бөлүп алып
үстүнө винону куюп, оор нерсе менен
жарым саат бастырып коёсуз.
Андан соң эттерди бычактын жардамы
менен жука жалпак тилимдерге
бөлөсүз.
Полиэтилен плёнкасын өсүмдүк майы
менен майлап, ага эттин бир кесимин
саласыз да, ортосуна таякча болуп
кесилген ананасты саласыз.
Туздан себелейсиз.
Эми этти плёнкасы менен кошо рулет
кылып оройсуз.
Эттин калган кесимдерин да ушинтип
даярдайсыз.
Рулеттерди бууга 10 мүнөт бышырасыз.
Рулеттер бышканга чейин соусун
даярдайсыз. Ал үчүн балды,
горчицаны, коньякты, өсүмдүк майын
жана лимон ширесин кошуп жакшылап
аралаштырып коёсуз.
Даяр болгон рулеттерден плёнканы
алып, үстүнө соусту куюп коёсуз.
Алдыга куч
#247 10 December 2014 - 15:08
Аш содасын колдонуп, акчаңызды үнөмдөңүз.
Кожойкелердин бир топ түйшүгүн кадимки сода мене жойсо болот. Сиздин ашканаңызда, сулуулугуңузда же үй-тиричилигиңизде маселе жаралып жатса, соданы колго алыңыз. Ал эми соданы туура пайдалануунун сырлары болсо төмөндө.
Ашканада:
Соя батыраак бышыш үчүн мискейге бир чай кашык сода кошуп коюңуз.
Чай же кофенин өзгөчө даамдуу, жыпар жыттуу болушун кааласаңыз, ага бир чымчым сода кошуп койсоңуз болот.
Капуста кайнап жаткан сууга бир чай кашык сода кошуп койсоңуз, капуста тез бышат, а витаминдери жакшы сакталат.
Жашылча-жемиштер таза, жакшы жуулсун десеңиз, аларды бир чай кашык сода кошулган сууга жууңуз.
Ундан жасалган азыктар нык болбой, көөп жакшы бышыш үчүн камырга бир кашык сода кошуп коюңуз.
Этти жумшартуу үчүн ага соданы сүйкөп, бир нече убакытка муздаткычка сала туруңуз. Тамакка колдоноордо аккан сууга жууңуз. Даярдоо учурунда да бычактын учу менен сода кошуп койсоңуз, эт көпкөлөң, жумшак болуп бышат.
Кожойкелердин бир топ түйшүгүн кадимки сода мене жойсо болот. Сиздин ашканаңызда, сулуулугуңузда же үй-тиричилигиңизде маселе жаралып жатса, соданы колго алыңыз. Ал эми соданы туура пайдалануунун сырлары болсо төмөндө.
Ашканада:
Соя батыраак бышыш үчүн мискейге бир чай кашык сода кошуп коюңуз.
Чай же кофенин өзгөчө даамдуу, жыпар жыттуу болушун кааласаңыз, ага бир чымчым сода кошуп койсоңуз болот.
Капуста кайнап жаткан сууга бир чай кашык сода кошуп койсоңуз, капуста тез бышат, а витаминдери жакшы сакталат.
Жашылча-жемиштер таза, жакшы жуулсун десеңиз, аларды бир чай кашык сода кошулган сууга жууңуз.
Ундан жасалган азыктар нык болбой, көөп жакшы бышыш үчүн камырга бир кашык сода кошуп коюңуз.
Этти жумшартуу үчүн ага соданы сүйкөп, бир нече убакытка муздаткычка сала туруңуз. Тамакка колдоноордо аккан сууга жууңуз. Даярдоо учурунда да бычактын учу менен сода кошуп койсоңуз, эт көпкөлөң, жумшак болуп бышат.
#248 01 June 2015 - 15:53
Айтып койгулачы кийимдеги красканы кантип кетирсе болот?
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#249 02 June 2015 - 13:44
Эч ким билбейби я?
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#250 02 June 2015 - 13:46
Айтып койгулачы кийимдеги красканы кантип кетирсе болот?
Эмвей деген фирма бар, красканы кетире турган каражаты бар ошондон алсаныз 10 минутада эритип коёт
башкаларына анча ишениш жок
*************************************
#251 02 June 2015 - 15:08
Эмвей деген фирма бар, красканы кетире турган каражаты бар ошондон алсаныз 10 минутада эритип коёт
башкаларына анча ишениш жок
башкаларына анча ишениш жок
Рахмат.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#252 02 June 2015 - 15:21
Килемге шам тогулуп кеткен анан газета коюп утуктосо кетет дегенинен кылсам килемим куйуп калды шамы дагы кетпеди эми эмне кылаааам озу дагы чон килем
#253 03 June 2015 - 00:23
#254 03 June 2015 - 00:26
#256 05 June 2015 - 02:14
Килемге шам тогулуп кеткен анан газета коюп утуктосо кетет дегенинен кылсам килемим куйуп калды шамы дагы кетпеди эми эмне кылаааам озу дагы чон килем
Этият кылбаптырсыз да, килемди ондой турчу жер да жок, тем более куйгон болсо.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#257 09 June 2015 - 14:25
НАНДЫ САКТООНУН ЖОЛДОРУ
• Нан көпкө чейин катыбай жумшак турсун десеңиз, нан салгычтын ичине бир кесим алма салып коюңуз.• Эгер нан салгычтын (же нан салынган баштыктын) ичи тердеп кетсе беш-алты даана кант салып коюу керек.
• 2-3 күн турган нанды кургатып (сухарь) койгон туура. Ал үчүн нанды кесимдерге бөлүп, майланбаган табакка салып электр мешинде 10-15 мүнөт кармоо абзел.
• Кара нан менен ак нанды чогуу сактоого болбойт. Себеби ак нан кара нандын даамын жана жытын өзүнө сиңирип алып, өзүнүн даамын жоготуп коёт.
• Жумшак нанды целлофан, ал эми сырткы кыртышы калың нанды кагаз баштыкта сакташ керек. Ошондо нан табигый даамын жоготпойт.
• Нанды муздаткычта эмес, бөлмөнүн көлөкө жеринде сактаган оң.
• Эч качан нанды ысык кезинде баштыкка же нан салгычка салбаңыз. Анткени нык болуп калат.
• Кургап калган нанды жибитем десеңиз, аны касканга салып ысык бууда 2-3 мүнөт кармасаңыз болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#258 09 June 2015 - 14:27
Тоңдурулган жашылча, жемиш жана мөмө - атайын даярдалган картон кагазга салынып, целлофанга оролуп, төмөнкү температурада (-18Сден 35Сге чейин) тез тоңдурулган жаңы жашылча, жемиш жана мөмөлөр. Тез тоңдуруудан продуктунун ткань түзүмү, аш болумдуу сапаты жана сырткы көрүнүшү бузулбайт. Тоңдуруудан тез бузулуп кетүүчү жаңы жашылча, жемиш жана мөмөлөрдүн керектелүү мөөнөтү узарат. Даамы, жыты, өңү, аш болумдуулугу жана витаминдердин сакталышы боюнча жаңы үзүп тоңдурулган продуктулар жаңы продуктулардан анча-мынча эле айырмаланат,
аларды жылдын бардык мезгилинде керектөөгө болот. Айрыкча жазында же жайдын башталышында - башка жаңы жашылчалар,
жер-жемиштер аз мезгилде тамактануу үчүн өтө пайдалуу жана баалуу.Тоңдурулган жашылчалар. Буларды үй шартында керектөө үчүн дагы жууп, тазалоонун, тууроонун кажети жок. Демек, бул ар кандай тамактарды жасоо үчүн бир топ убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Тоңдурулган жашылчаларды муздаткычта (эрип калган жашылчаларды сактоого болбойт) жол бербөө керек. Тоңдурулган жашылчаларды тоңун эритпей эле кайнак сууга салып бышыруу сунуш кылынат. Алар жаңы жашылчаларга караганда болжол менен 3 эсе тезирээк бышат. Мындай тез бышырууда алардын даамы, жыты, өңү жана витаминдери жакшы сакталат. Көбүрөөк таркаган тоңдурулуучу жашылчалар б.а. көк буурчак, кабыктуу төө бурчак, суюк тамакка керектелүүчү жашылчалар, ошондой эле курамында томат, таттуу калемпир, көк буурчак, кабыктуу төө буурчак, көк татымал кошулган жашылчалардын аралашмасы - "Гювеч" . Бул аралашмага картошка кошуп, тез арада суюк тамак, ошондой эле коюу тамакка гарнир жасоого болот.
Тоңдурулган жемиш жана мөмө. Бышкан, жогорку сапаттагы, тандалган жемиш менен мөмөлөр (кызылгат, кайналы, алча, карагат, өрүк ж.б.), ошондой эле ар кандай катыштагы жемиштердин аралашмасы тоңдурулат. Тоңдурулган жемиштер менен мөмөлөрдү керектөө алдында тоңун толук эритпөө керек, аларды чала тоңдурулган абалда (продуктунун температурасын 00Сге жакындатып) дасторконго койгон жакшы. Жемиш менен мөмөнү бөлмө температурасында табигый жол менен гана эритүү (2 градустан 4 градуска чейин) керек, эч качан отко коюп же кайнак суу менен жылытууга болбойт, анткени жасалма жол менен тез эриткенде алар бузулуп, ширесин, табигый өңүн жоготуп, чүрүшүп калат. Эритилген жемиш ширеде бир күндөн ашык сакталбайт, аларды жылуу жерге сактоого болбойт; ачый баштаган (көбүрүп, спирт жыттанган) жемиш менен мөмөнү жебөө керек. Жаңы тоңдурулган жемиш менен мөмөлөрдөн компот, жемиш салатын, мусс, жем, кисель ж.б. жасоого болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#259 09 June 2015 - 14:30
ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР САМЫН ЖАСОО
Калмдуканы өстүрүп, курчатын андан кийин гүлүн жулуп, абрикос майына чалынат. Ал 1-ай тургандан кийин аны сыгын алып салыныз, абрикос майына уйдун, же эчкинин майын кошуп аралаштырабыз.
Масса 40% жылуу болуу керек.
1-2 саат аралаштыргандан кийин каустик соодасы кошулат дагы 1-саат аралаштырабыз. Канча коп аралаштырса, ошончолук коюла баштайт. Эң аягында араматизаторлор кошулат. Ар бир порцияны ар кандай кылса болот. Эң аягында идишке коюп кургашууго коюлат .
2- күндөн кийин идиштен алын, ачык жерге коюлат, Масса катуурак болгондо аны кесин кургатабыз. Кургатканча 1-ай убакыт керек. Андан кийин чүпөрөк облошкага ороңуз.
Бул самын тери орууларына, мигрен, экземага, жана башка дарылык касиети бар. Бул самын менен колду жууганда жумшарткан касиети бар.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#260 09 June 2015 - 14:44
ТИРИЧИЛИК БУЮУМДАРЫ КАНТКЕНДЕ УЗАК ЖАШАЙТ?
ЭЛЕКТР ЧАЙНЕГИ-Сууну мерчеминен ашык куйбаңыз. Кайнаганда ташып, ысытуучу бөлүгүнө кирип кетет да, ал бөлүктү иштен чыгарат.
-Капкагын бекем жабуу керек. Эгер чала жабылып калса, өзү автоматтык түрдө өчүп калбастан иштей берет.
-Кондиционердин чыпкалагычына топтолгон чаң анын иштен чыгуусуна алып келет. Ай сайын 1 жолу чыпкалагычтарын чечип, тазалап туруңуз.
-Кондиционердеги фреон (ысык абаны муздатуучу жана муздак абаны ысытуучу суюктук) көрсөтүлгөн өлчөмүнөн төмөндөп кетсе, анын бузулушуна себепчи болот. Андыктан 2 жылда бир жолу сервистик борборлорго кайрылып, фреонду толтуртуп туруу керек.
-Кондиционер жакшы иштебей жатканын байкасаңыз, аны өз алдыңызча оңдоого аракет кылбаңыз. Ал үчүн сервистик борборлордогу адистерге кайрылыңыз.
-Үтүктүн жөнгө салуучусун (регулятор) кийимдин этикеткасында көрсөтүлгөн режимге коюп үтүктөңүз.
-Үтүктүн суу куюлуучу бөлүгүнө чыпкаланган таза сууну же кайнатылган гана сууну куюу зарыл. Ал эми крандан алынган суу тазаланбагандыктан, үтүктүн ысытуучу бөлүгүндө кебердин пайда болушуна алып келет.
-Үтүктүн суу куюлуучу бөлүгүнөн башка бөлүктөрүнө суу кирип кетишине жол бербеңиз.
-Үтүккө толтура суу куюлса, ал буунун пайда болушуна тоскоолдук жаратат. Андыктан өтө толтурбаңыз.
-Жерге кулап кетпегендей жайга коюңуз. Ошондой эле ток өткөрүүчү зымы жабыр тарткан болсо, аны жаңылоо керек.
-Үтүктүн таманында тактар пайда болсо, аны темир-тезек менен кырып тазалабаңыз. Сода аралаштырылган сууга чүпүрөктү малып, анан сүртүп тазалап койсо кетет.
-Муздаткычты өтө жылуу жайга, жылыткычтын, терезенин жанына (күн нуру тийип турса) коюу болбойт. Анткени аба жылуу болсо, конденсатор тынымсыз иштей берет да, моторго күч келет. Дубалга такап коюу да туура эмес. Себеби конденсаторго аба эркин кирбей, анын иштешине тоскоолдук жаралат.
-Жаңы сатылып алынган муздаткычты орноткон соң бир нече сааттан кийин ичин ным чүпүрөк менен сүртүп, анан иштетүү зарыл.
-Муздаткычты тазалоодо электр тогунан ажыратуу керек. Музу тезирээк эрисин деп ичине ысык суу куюлган идиш салуу, бычак менен музду коңторуу туура эмес.
-Муздаткычтын камерасын тазалоодо сода кошулган сууну колдонуу керек. Ал эми камера алюминийден жасалган болсо сода колдонууга болбойт, аны жөн гана чүпүрөк менен сүртүп коюу жетиштүү.
-Чаң соргуч менен конденсаторду чаңдардан тазалап туруңуз.
-Муздаткычты узак убакытка иштетпей өчүрө турган болсоңуз, эшигин толук жаппоо керек.
-Муздаткычтын ичине ысык тамак куюлган идиштерди салбаңыз. Бул анын иштөөсүнө зыян алып келет.
-Электр плитасын өчүргөндөн кийин анын конфоркасы ысык кезде муздак суу куюлган идишти коюуга болбойт. Ал конфоркада жараканын пайда болушуна себепчи.
-Конфорканын бетин толук жаппаган идиштерде дайыма тамак жасоо конфорканын күйүп кетүүсүнө жеткирет.
-Чаң соргуч иштеп жаткан учурда аны жылыткычтын жанына жана күн нурунун алдына коюуга болбойт.
-Чаң чогултуучу бөлүгүн өтө толтуруп жибербей, бошотуп туруңуз.
-Аба алмаштырып туруучу бөлүгүндөгү чыпкалагычтарынын тазалыгын көзөмөлгө алыңыз. Болбосо аларга чаң толуп, кыймылдаткычын керектен чыгарат. Ошондой эле иштөө учурунда аба алмаштыруучу бөлүгүнүн үстү жабылып калбасын.
-Ичине суу кирип кетпегендей, кургак жайда турушу шарт.
-Иштеп жаткан учурда чаң соруучу түтүгүнө такалып кала тургандай буюмдардан этиятташ керек.
-Мешти тамактын калдыктарынан жана майлардан тазалап жатканда вентиляция жайгашкан бөлүгүнө суунун кирип кетишинен абайлаңыз.
-Ар дайым тамактын калдыктарын калтырбай тазалап туруңуз.
-Мешти тазалоодо курч, катуу материалдарды жана күчтүү химиялык жегич каражаттарын колдонбоңуз.
-Эгер мештин ичинде тамактын калдыгы катып, кетпей жатса, идишке лимондун ширесин куюп, 10 мүнөт максималдуу ысыктыкка коюп ысытыңыз. Андан кийин сүртүп тазаласаңыз бат кетет.
-Кир жуугуч машинаны асты тегиз, түз жерге коюңуз. Бир аз жантайыңкы жерге коюлуп калса, иштөө учурунда ары-бери термелип, ички тетиктерине доо кетет.
-Көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз же ашыкча көлөмдөгү кир салуу кир жуугучка күч келтирет. Эгер бул эрежени сактабасаңыз, сыгуу режиминде кир жуугуч машина титиреп иштеп тетиктерине күч келет.
-Кийим-кечекти кир жуугучка салардын алдында чөнтөктөрүн текшерип чыгыңыз. Курч буюм болуп калса, кир жуугучтун барабанын, кир сууну төгүүчү насосун талкалайт.
-Өтө кичинекей көлөмдөгү кийимдерди (байпак, боо, жүз аарчы, кур өңдүүлөр) мүшөкчөгө салып жууган оң. Болбосо алар барабан менен цилиндрдин ортосуна кыпчылып калышы мүмкүн.
-Салмагы оор кирлерди жууп бүткөн соң колго сыгыңыз. Себеби оор болгондуктан, сыгуу режиминде кир жуугучка күч келип, бузулууга себепкер болот.
-Сыгуу учурунда мүнөтүнө 800 жолу айлануу режимин колдонгон туура. Ал эми 1000ден жогору айланган режимде кийим сыгуу кир жуугучка терс таасирин тийгизет.
-Суу ысыткычты (ТЭН) маал-маалы менен тазалап туруңуз. Бул үчүн атайын кебер кетирүүчү каражаттарды колдонуңуз.
-Өтө хлордуу, чыпкаланбаган жана жумшартылбаган сууну колдонуу да зыян.
-Кир жуугучтун сыртын тазалоодо күчтүү химиялык жегич каражаттарды жана этил спиртин жолотпоңуз.
Эскертүү! Электр жарыгы өчкөндө электр тогу менен иштеген буюмдарды токко сайгычтан ажыратып салыңыз. Себеби жарык берилгенде буюмдар күйүп кетиши мүмкүн.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео















