Байдын эрке баласы
Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: “О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү,
өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм”, деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акыддуу болот. Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда, баланын колуктусу: -Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө. Анда күйөөсү: -Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт.
Анда келинчеги: -Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага менбир гүл берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса, анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним,
-дейт. Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты -Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты – Жалын экен. Ошентип бала оокат кылып жүрө берет. Күндөрдүн биринде Адыл: -Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең – деп баладан сурайт. Анда бала: - Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы,-деп сырын айтат. - Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт. Анда бала: -Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт.
Ошондо Адыл: “А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын”,-деп ойлонуп калат. Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе, баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат. Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып: - Коноктун атын жайла,-дейт.
- Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин: - Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт.
Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой, төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен. Андан кийин келин балага: -Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт.
“Куш коңгуроо чалбасын муну байка”, дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен. Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда келин тура калып конокко карап: - Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин: - Бу да сиздин насибиңиз, – деп эки сындырым нанды конокко таштайт. Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл, экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат. Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен. Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур алакан үйгө келет. -Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн көрсөтөйүнбү?
-дейт аялы. - Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, – дейт. Анда келин: - Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса, бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана Жалынды чыгарып алат. Ошондо баягылар: -Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин: - Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар: - Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала баканда илинип турат. Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: “Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели”, – деп түнү менен качып кетишет. Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап калган экен.
Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда..... Жомоктор
#62 30 May 2015 - 17:29
Үч кыз
Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат. Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат. Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт. Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп: - Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен,-дейт. Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир: “Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат”,-деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. “Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт”,-деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Кыздардын кичүүсүнө: “Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын”,-деп айтат. Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт. Жерде жаткан талпактын бир учун жез кемпирдин оозуна салып, сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт. Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келе жатат. Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калат. Аңгыча жез кемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу күзгүсүн ала коюп: “Сени далай карадым, Бир керекке жарагын”,-деп ыргытын жиберет. Күзгү жез кемпирге жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат. Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт. Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип, эки жагын караса, баягы жез кемпир жакын келип калганын көрүшөт. Эмне кыларын билбей, шашып турганда жез кемпир бута атымдай жакындап калат. Ошондо ортончу кыз: “Тарагым, тарагым, Бир керекке жарагын”,-деп жез кемпирди көздөй тарагын ыргытып жиберет. Анын тарагы жез кемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жез кемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жолун улантат. Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет. Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсагы ачып, кубаты качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн чыгып, баягы жез кемпир келе жатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне кыларын билбей дал болуп туруп калат. Аңгыча жез кемпир чукул кирип келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү: “Ийнем-ийнем, ийип кет, Жер түбүнө кирип кет”-деп ийнесин жез кемпирди көздөй ыргытып жиберет. Ийне жез кемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип, сокбилегин камчыланып жез кемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот. Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын карайт. Караса, жакын эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири талашып айтып беришет.

#63 30 May 2015 - 17:30
Жез кемпир
Илгери-илгери бир эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет. Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын түшүндүрүп: - Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп кетүүтө уруксат берер бекенсиз,-дейт. - Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,-дейт кемпир. Ошондон кийин алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери жамынып жата берет. Аял болсо, күнү-түнү менен жаны тынбай оокат кылып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир: - Жүрү, кийиз өтүктүн таманына салгандай чөп жулуп келели, деп келинди токойго алып келет. Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят. Отту чоң кылып жагып, баягы келинди шишкебек кылып жеп коёт. Көрсө, ал кемпир киши жегич экен. Кемпир алачыкка кирер замат кыздар: - Апабыз кайда?-деп сурашат. Анда кемпир: - Камырабай эле койгула, силердин энеңер өтүгүңөрдүн таманына салгандай чөп жулуп жүрөт, жакында келер,-деп коёт. Өзү босогону аттаар замат коңурукка кирет. Кыздар ары оодарылышып, бери оодарылышып уйкулары келбей жатышат. Күтүп отурушуп, күтүп отурушуп, бир маалда кыздардын улуусу: -Эмне энем кечикти,-деп тынчсызданып, токойду көздөй жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп токойго барса, бир жаңы эле өчкөн оттун ичинде адамдын сөөктөрү жатат. Ошол жерден энеси байланып жүргөн бүлөөнү, оттукту жана энесинин тарагын табат. Кыздар өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап, энесинин бүлөөсүн, оттугун жана тарагын алып кайра алачыкка келет. Жолдо келатып эки чымчык кармай келет. Кыздар чымчыктарды көшөгөнүн ичине кое берет да сиңдисин колдон жетелеп, тезинен күн чыккан тарапты көздөй бет алып качып жөнөшөт. Ал эми кемпир болсо уктай берип, уктай берип бир оокумда ойгонсо, көшөгөдө бир нерсе бүлкүлдөйт. “Кыздар ордунда экен”-деп кемпир кайрадан уйкуга кирет. Кемпир жети күн, жети түн уктайт. Бир маалда курсагы ачканынан ойгонот. “Эми кыздарды жейин”-деп, көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт. Ошол жерден кемпирдин ачуусу аябай келип, баягы кыздардын аркасынан кууп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп кууп жетип кармай турган болгондо улуу кыз: -Эне, энекебай бизге жардам бер!-деп бүлөөнү ийнинен алыс таштап жиберет. Бүлөө түшкөн жерге чоң дарыя болот. Кыздар бир өйүзүндө, кемпир экинчи өйүзүндө калат. Кемпир сууга киргенден коркуп, өкүрүп, ачууланган бойдон кала берет. Кыздар артын карабай алдыга кетишет. Дарыя жети күн агат да, андан кийин кургап, ал эми бүлөө болсо, улуу кызга кайра барып калат. Кемпир кайра кыздардын артынан түшөт. Анын жакын калганын укканда улуу кыз: -Эне, энекебай, бизге жардам бер!-дейт да, оттукту ийнинен алыс ыргытып жиберет. Бир паста түптүз талаада бийик зоо пайда болот, тоо жети күн турат. Ошентип кемпир жете албай кала берет. Эже-синди артын карабай жүрүп олтурушат. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы эки кыз бир аралга туш келет. Аралдын наркы өйүзүндөгү алачыкта жашаган бир кара кемпирди көрүп, эки кыз: -Эне, бизге жардам берип коюңуз,-деп чакырышат. Анда баягы кемпир: - Мени карап көргүлөчү өңүм сулуу бекен?-дейт. Кыздар: - Биз көптөн бери адам көрө элекпиз, бизге өңүңүз күндөн да жарык, колуңуз биздин энебиздин колундай жумшак көрүнөт,- дешет. Ошентип кемпир кыздарды суудан көтөрүп чыгат. Кыздарды кемпир өз кыздарындай багып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир: -Менин эки балам бар, алар мергенчилеп кеткенине бир нече жыл болду, ошол экөөнү таап келгиле. Токойго барсаңар бугуга чана сүйрөткөн эки бала көрүнөт, силер койнуңардагы бугунун терисинин өңүн көрсөткүлө. Колуңардагы бугунун терисинин өңүн көрөр замат менин балдарым силерди ээрчип жөнөйт,-дейт. Ошентип кыздар кемпирдин эки баласын издеп жөнөп, жүрүп олтуруп токойго келишет. Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды тартып, акыры бир күнү араң табышат. Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, “апам бул кыздарды бизге жиберсе керек” деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет. Үйлөрүнө келип улуусу улуу кызды, кичүүсү кичүү кызды алып, жыргап жатып калышкан экен.

#64 30 May 2015 - 17:32
Жетим бала
Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок. Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат. Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал жерде үч киши отурат. Бала: - Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Мага жардам кылып койгула болбосо, бай мени өлтүрүп коёт,-деп жалынат. - Мунун бышыктыгын кара. Кой көрдүңөрбү дейт тура,-деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат. Көпкөн немелер баланы көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат. Бир оокумда асманда айланып жем издеп жүргөн бир чоң бүркүт баланы көрүп тумшугу менен тике сайылып жерге түшөт да, баланы асманды көздөй алып, сызып жөнөйт. Канатын күүлөп учуп отуруп, бүркүт бир зоокага барып конот. Бала эсине келип көзүн ачса, жанында калкайган кара бүркүт жүрөт. Баланын тирүү экенин көргөн бүркүт ордунан козголуп кайра учуп жөнөйт. Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Баягыларды көрүп баланын зээни кейип ыйлайт. Айланасын караса, жол жок, кылычтын мизиндей аркайган аска-зоонун кырында турат. Бир оокумда кырк нар жетелеп кербенчилер келет. Алар баланы көрүп: -Ай, бала, алдагы тоонун башынан, алтын-каухар ташынан кырк төөгө жүк чыккандай кулат. Анан сени биз эптеп түшүрүп алабыз,-дешет. Баягы бала кербенчилердин тилине ишенип алтын-каухардан кырк төөлүк кылып кулатат да: -Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла,-дейт. Кербенчилер: -Эми бир келгенде түшүрүп аларбыз, ошол жерде жата бер,-деп кырк төөгө алтын-каухар жүктөп, үч кербенчи кете берет. Чарчаган бала катуу уктап калат. Эртең менен ойгонуп, дагы түшүүнүн айласын издеп бир топ аракет кылат. Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот. Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Ошентип отуруп бир жерден билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт. “Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн”, – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт. Ошол жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир мээ кайнаган ээн-талаа, эрме чөлгө келет. Бала тери шорголоп, каны катып суусап, эмне кыларын билбей турса бир жерде оймоктой булакты көрөт. Ал булактын жанында үч аппак улак ойноп турат. Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт. Бала да баягы үч улактын артынан түшүп жөнөйт. Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Бала ошого жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. “Кандай болсо да ушул жерде бир адам бардыр”, – деп бала тамдын түбүнө жатып уктап калат. Кеч бешимде бала керилип уктап жаткан мезгилде бир абышка келет. Ал абышка келип, баланын ары жагына, бери жагына чыгып байкап: -Бул жерге адамзат келчү эмес эле. Кайдан келген бечара болду экен?-деп таң кала карап туруп басып кетет. Көрсө, ал аксакал ошол жердеги канаттуу куштардын эсебин алган экен. Бир оокумда бала ойгонот, абышканын жанына барып салам айтат. Абышка: -Ээ, балам, бул жерге адам баласы келчү эмес эле. Сен кайдан келдиң?-деп сурайт. Ошондо бала башынан өткөн-кеткенин төкпөй-чачпай айтын берет. Абышка баланын башынан өткөргөндөрүн угуп олтуруп: -Адамзаттын чегинен чыгып, перилердин чегине келипсиң. Бул жерден эми кетишиң кыйын,-дейт. Анда бала: -Кетишим кыйын болсо, ата, сизге эле бала болоюн,-деп суранат. Абышка макул болуп, алты бөлмө үйүнүн ачкычын берет. Бирок бир бөлмөсүнүн ачкычын бербейт. Баягы алты бөлмөдө дүр-дүнүйө, ар түрлүү тамак-аштар көп экен. Бала тамак-аштан ичип-жеп жүрө берет. Бир күнү бала отуруп: “Атам мага алты бөлмө үйдүн ачкычын берди. Бир бөлмөнүн ачкычын сурайын, берсе берээр. Бербесе уурдайын”,- деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Анда абышка: – Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Азапка башың чырмалат. Ал азаптан кутулбай, артыңда бир топ чыр калат,-десе бала болбойт. Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, Чатыр-Көл бар экен. Карап отурса бир үч көгүчкөн учуп келип, Чатыр-Көлдүн жээгине конуп, адамзаттай тил кирет. Баягы үч көгүчкөн сүйлөшүп, улуусу: - Ээ, бул жерде адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Ортончу көгүчкөн: - Ооба, эжеке, чын эле адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Кичүүсү: - Адамзат бул жакка келбейт. Эчтеме жок эле турат. Булардын мурунунун жыттуусун! -деп кичүүсү кебин чечип ыргытып жиберсе, күндөй сулуу кыз болуп калат. Муну көрүп бала тура калса, эки көгүчкөн чочуп кетип учуп кетет. Бала баягы кыздын көгүчкөн көйнөгүн барып басып калат. Бу перинин кызы этин күнгө да, адамзатка да көрсөтпөй түшөт экен. Баягы кыз көлдөн акырын чыгып жигитке басып келет да: -Ээ, жигит, болуптур, сен менин этимди да, бетимди да көрдүң. Көгүчкөн көйнөгүмө дагы колуң тийди. Эми мен адамзат жыттанып калдым. Никем сага түшкөн экен. Бирок иш кыйын, катуу жабырчылык тартабыз, менин көйнөгүмдү бер. Барсам деле ата-энем адамзат жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да, мени да өлтүрүп коёт. Мен барып ата-энемден эптеп уруксат сурайын,-деп жалынса бала болбойт. Акыры экөө жетелешип баягы куштун эсебин алган чалга барышат. Ошондо чал балага: -Балам, пери деген ушул. Кой десе болбой колго, чач кирпигинден көп шорго түштүң. Болуптур, бул кыздын көйнөгүн бер. Мунун атасы-перилердин падышасы. Бөөдө өлүмгө дуушар болосуң. Бу кыз үйүнө барып келсин. Баары бир үйүнө барганда деле “адамзат жыттанын калыптырсың”, деп үйүнө жолотпойт,-деп абышка көйнөктү алып берет. Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет. Эки эжеси үйгө мурун жетип, берки байкуш артында калып, караңгыда барат. Ата-энеси суракка алып, кызды караңгы жерге камап салат. Эртең менен эрте эне-атасы туруп, кызын кашына чакырып алып, сөзүн угат. Кыздары төкпөй-чачпай көргөнүн айтып берет. Ошондо перилердин падышасы, кыздын атасы: -Өлүмгө даба, ууруга айла жок, никең ошого түшүп калды. Быяктан канаттуу куштун кебинен алып барып, күйөөндү алып кел,-деди. Кыз балага канаттуу куштун кебин кийгизип, ата-энесинин астына алып келди. Ошондо кыздын атасы: -Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының,-деп буйрук берди. Бала: -Мен калыңды кайдан табам. Калың эмес менин таруум да жок,-деди. Анда кайын атасы: - Тарууну сен таппасаң мен табам,-деп бир кап кара таруу, бир кап ак таруу берип: - Кара таруу менен ак тарууну аралаштырып, жети жолу желден өткөрүп сапырып, эки бөлүп эки жерге коюп, ак таруунун ичинде бир томолок кара таруу, кара таруунун ичинде бир томолок ак таруу калбасын, экөөнү таң атканча терип чык,-деп буйрук берди. Муну угуп бала айласы кетип зарлап ыйлап колуктусуна келет. Колуктусу: - Эмне буйрук алдың?-деп сураса, бала: - Ээ эмнесин билейин, “ак таруу менен кара тарууну экиге бөл”, деп буйрук кылды атаң,-деди. Анда колуктусу: -Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Бирок атам эрте турат. Ошол учурда эки кап таруунун ортосунда бол,- деди. Жигит макул болуп уктап жата берди. Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду. Эртең менен жигит зрте туруп баягы тарууну теримиш болуп отуруп калды. Кайнатасы келип, баланын тарууну бөлүштүрүп койгонун көрүп: - Эми экинчи буйругумду берейин,-деп экинчи буйругунда андан да күчтүү кызмат берди. - Айнектен эки катар жети бөлмө там салып бер. Жети бөлмө тамдын бирөөндө алтын чынар орногон май күл, анын ичинде алтын балык болсун. Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Бирөөндө күмүш чынар орноп, сүт көл болсун. Сүт көлдүн ичинде күмүш балык ойноп, күмүш чынардын үстүнө күмүш куйрук булбул конуп, алтын балык сүткө секирип, күмүш балык май көлгө түшүп, биринин балыгы бирине барып ойноп турсун,-деди. Жигит капа болуп, кыйналып үйүнө барып: - Атаңдын буйругун кантип аткарам?-деп жубайынан сурады. Анда кыз: - Сен буга кыйналып капа болбо. Мен муну таң атканча бүтүрүп, иштеп коем,-деп күйөөсүнүн санаасын тыңдырды. Баягы кыз атасынын айткандарын аткарды. Кыз эртең менен эрте туруп, жигиттин колуна алтын балканы берип: -Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур,-деди. Бала эртең менен эрте туруп, колуктусунун айтканына кынды. Ошондо кайын атасы каарданып, кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңуп, андан да катуу буйрук берди. “Эми эки буйрук беремин, ошону аткарып кетсең кызымды ал. Менин биринчи буйругум, үч кызым коендой окшош. Ушунун улуу, кичүүсүн туулгандан бери өзүм билбейм. Өз колуктуңду өзүң таап ал”-деди кыздын атасы. Бала колуктусунун жардамы менен кайнатасынын ал буйругун да аткарды. Каардуу кайнатасы ага да болбой баланы кыйнап дагы буйрук берем дегенде бала менен кыз бел байлап качып чыгышты. Кайнатасы кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү. Аны бүркүт болуп эки жигит теберинде жигит менен кыз таруу болуп чачылды. Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан болуп жерге сойлоду. Эки жигит жыланды бармагына чаларында, кара ташка чабарында ак балык болуп кара сууга ойноду. Кайырмак ийип, кара сууга салып, кара суунун түбүнөн ак балыкты эки жигит ала албады. Кандын тапшырмасын аткара албай эки жигит кайра үйүнө кайтты. Ошондо кыздын атасы каарын төгүп кыздын соңунан түштү. Кыз менен жигит атасынын келерин билип, шумкар менен көгүчкөн кебин кийип, зымырап катуу учту. Алпкаракуш менен күркүрөп, аркырап жетээриңде, шумкар менен көгүчкөндү куйругунан сермеп өтөрүндө, шумкар менен көгүчкөн перилердин чегинен чыгып, адам болуп, адамзаттын эл-жерин көрдү. Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: “эл аралап, ал-жайын билип келейин”-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды. Жигит келсе, кыз катуу жарадар болуп жатат. Өлөрүндө кыз күйөөсүнө: - Эми сен экөөбүз түбөлүккө коштошобуз. Мени күн чыкканча кайтарсаң көмөсүң, күн чыкканча кайтара албасаң, көгүчкөн көйнөгүм колуңда калды, сөөгүмдү алдырып жиберип, артымдан калбай өлөсүң,-деп кыз керээз айтты. - Ошол тилиңди аткарам, таң атканча карап турам. Үстүңө алтын күмбөз курам. Өмүрүм өткөнчө ушул жерде өзүңө кызмат кылам,-деп жигит убадасын берген. Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө, талыкшып көзүн жумду. Каардуу кайын ата каарданып колун сунду. Жибек чачтан бармакка ороп, кыз менен жигитти башка урду. Ошону менен жигит күйүтүнө чыдабай көгүчкөн көйнөгүн көөдөнүнө басып өлүп тынды.

#65 30 May 2015 - 17:37
Жомок. Акылдуу
Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десеңиз уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди. Ууру аябай ачууланды: Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!
Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы абдан кубанды. Өгүздү союп алышты. Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, деди бала. Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан эки-үч кадак арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, беш-алты кадак семирген экен. Бул ишке атасы аңтаң калып, баласынан жөн сурады.
Таң кала турган эч нерсе жок, деди баласы. Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат. Ошондо атасы баласына: Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, деди.

#66 30 May 2015 - 17:42
Кыз күйөө эмнеге "Кыз күйөө" аталып калганынын себеби
Илгерки бир замандарда Ысык-Көлдүн Тоң тарабындагы бир байдын ашкан сулуу кызы болуптур. Ал кызды ошол байга жалданып жүргөн жылкычы жигит сүйүп калат. Кызды алууга калыңы жок, калың төлөгөн күндө да томо як жигитке бай кызың бермек эмес. Жигитти кыз да сүйүп калат. Эмне кьшыштын айласын таппаган эки жаш күйүп жүрө беришет. Акыры байдын кызын күйөөгө узатмак болушат. Ошондо акьш ойлогон жигит кызды алып качмакчы болот. Бул сунушка кыз да макул болот.
Күн болжолу жете электе эле кызды кудалаган байдын уулу келип түпгүп, кызды алып ке тишмекчи болушат. Ошондо жигит жылкыларынын арасынан эки мыкты атты токуп минип, кызды алып качат. Жигиттин Чүй тарапта илик жилик туугандары бар экен, ошол жакты карай бет алышат. Аңгъгча кыз менен жигиттин качканын туюп калышып, артынан куугун түшөт. Качып бараткан кыз-жигит Боом капчыгайынын ичинде ги эки асканын жанына келгенде, бирөө оң жаккы бетке, экинчиси сол жаккы бетке качышат. Алдыартынан чыккан куугунчулар экөөнү ошол жерден кармашат да, байдын буй ругу менен экөөнү тең ошол жерде союп ташташат. Сүйүүнүн айынан курман болгон эки жаштын күнөөсүз канынан эки булак жаралып, сызылып агып чыгып, ошол жер «Кыз-Күйөө» деп аталып калган экен.

#67 30 May 2015 - 17:44
Достук менен сүйүү
Бир аскада ааламда жок, бир аябай сулуу кыз жашаптыр. Ал кызды эки дос тең сүйүп калат. Биринчи жигит келип сүйүүсүн билдирсе, Кыз айтат:
- Тээтиги тоону көрдүңбү? Эгер ошол тоонун чокусунда, түнү бою от күйгүзүп турсаң сеники болом дейт. Жигит тоону көздөй кетет. Экинчи жигит келип, ал да сүйүүсүн айтат. Анда сулуу мындай дейт:
- Тээтиги тоодо бүгүн түнү менен от жагылат. Эгер, сен ошол отту өчүрө алсаң, сеники болом дейт. Жигит тапшырманы аткаруу үчүн, тоону көздөй чыгып кетет. Таңга маал чокусуна чыгып, күйүп турган отту көрөт. А жанында досу уктап жатыптыр. Досун көрүп Ал отко отундан салып койуп: " Тынч уктай бер досум, мен отуңду өчүрбөй карап турам. Мага сүйүүдөн да, достук кымбат. Сенин бактылуу болушуң, менин бактылуу болгонум. Мен өз досумдан сүйүүнү талашпайм. Досум үчүн, бактымды курман кылууга даярмын! " - деген экен. Мынакей, чыныгы достук, чыныгы эрдик. Достук баарынан кымбат турат. Сүйүү - бул келип, кетүүчү нерсе. А дос, түбөлүк эмеспи?. Досторубузду кадырлай билели. Анткени, жакшы-жаман күндөрдө сүйгөнүң эмес, досуңдун жардамы көбүрөөк тийет.
Которгон Уулкан Амираева

#68 30 May 2015 - 17:47
Карачач.....
Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:-Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,-деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:-Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор?-деп элге суроо берет.Ошондо бир балыкчы чал:-Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу?-дейт. Андан Каракан:-Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот,-дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.Кыз:- Таксыр каным, “кандын суроосуна жооп бер”,-деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин,-дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.- Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата-энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экоо мени “кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок”, деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын” боло албайт экен го деп ойлоймун.Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, “айжокчулук” деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, баарынан убада оор экен деп ойлоймун.Ошондо кан: “Суроомө туура жооп берди”, деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:-Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун,-дейт. Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды. Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:-Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, “үч күнгө чейин уруксат бер” деп кайта үйгө келерсиз,-дейт. Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:-Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын,-дейт. Анда чал:-Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи,-дейт. Бул сөзгө кандын ачуусу келип:- Чалды дарга тарткыла,-деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:- Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң,-дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.Кыз атасына:-Ээ ата, ыйлабаңыз, “миң күнкү өлүктөн, бир күнкү тирик артык” деген бар. Ата, кайта канга барып, сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кан кызыңды бергин деп, сизге айткан чыгар. Анда сиз төмөнкүдөй малды берсеңиз, мен кызымды беремин деп гана жооп берип кайтыңыз. Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кыр карстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз. Ушуну берсеңиз, мен кызымды беремин! “Эң алды менен муңу жок, картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла дениз”,-деп айтаар сөзүн үйрөтүп, атасын жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң-таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малды дагы таап беремин деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат. Отурган адамдардын ичинен бир чал туруп:-Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын,-дейт. Андан кийин бир карыя тура калып:- Муну айткан кыз Карачач арстанды кармоону дагы билет. Кызды алдырып сурайлы,-дейт. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин, кан:- Жырткыч айбандардын сага жана ата-энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын алын, ата-энеңе берсең, жеп-ичип, жыргап жата бербейби,- дейт. Анда кыз Карачач унчукпай көпкө олтурду.-Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Мен айткан калың мал эмес, силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү. Кырк арстан дегеним, кыркка чыккан адам арстандай күчүнө келбейби, элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк берсин дегеним, сексенге чыккан адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Муңу жок картаң молдого никемди кыйдырсын дегеним, картаң адамдын ичинен капа-кайгысы жок, бир да адам болбойт. Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби,-деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу. Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин! Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын,-деп кыз айткан экен.Ошондо олтурган элдердин ичинен бир аксакал адам:-Балам, кыз Карачач, бактың ачылсын, жолуң болсун,-деп кандан уруксатсыз эле, кызга бата бере кетет.Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.......А сенин акылын канчалык, жомок окууууп,бышылдап жаткан манка кыз???)))

#69 30 May 2015 - 17:50
Абышка менен небере.
Абышканын карылыгы жетти. Козунон шор агып, кулагы катуулай баштады. Кашыкты оозуна жеткирерде колу калтырап, тамакты тогуп алчу болду. Абышканын мунусу уулу менен келинине жакпады. Алар абышканы дасторконго бирге отургузбай, тамакты карапа аякка куюп, болок берчу болду.
Бир куну карапа аяк абышканын колунан тушуп, сынып калды. Ага уулу менен келини аябай ачууланды. Анан тамакты жыгач аякка беришчу болду. Бир куну абышканын небереси жыгачтан бир нерсе жасап жатты. Баласынын эмне кылып жатканынын апасы менен атасы сурап калды.
Ит аяк жасап жатканын, апасы менен атасы картайганда тамакты ушуга куюп берерин айтты. Апасы менен атасы кызарып, бири-бирине карашты. Ошол кундон тартып абышкага шарт тузушту.
жомок накыл создор

#70 30 May 2015 - 17:56
Коркок баатыр
Илгери Сокбай деген жигит үйдөн чыкпай, атасынын тилин укпай, даяр оокатты ичип жата берет. Эгер эигикке чыкса, желп эткен жел, кылт эткен куурай, чыңылдаган чымындын баарынан коркот. Анын коркоктугун шылдың кылып, эл аны коркок «баатыр» деп аташчу болду.
Акыры атасы елүп, оокаты өтпөс жагына ооп калды. Сокбай эсин жыйып: «Кой минтип жүрсөм болбойт экен, коркоктугумду коёюн, бул адатты жоёюн» — деп ойлоп, сыртка чыгып, оболу өз эрдигимди сынайын деди: аттын өркөчүнө үйүлгөн калың чымынды алаканы менен кагып альш, анан санап көрсө — туура жүз экен. Сокбай бул ишин чын эле эрдик деп, эми жортуулга жөнөмөк болду. Атын токунуп минип, күн батышка карай жол жүрдү. Акыры үч айрылыш жолго келсе, жолдун так ортосунда чоң кара таш туруптур. Сокбай бир аз ойлонуп, аттан түшө калып: «Ортоңку жолго түшкеп адам өлөт» — деп ташка жазып койду да, өзү ошол жолго түшүп, андан ары жөнөдү. Сокбайдын артынан келаткан эки баатыр таштагы жазууну көрүп:
— Өлсөк өлөлү, эгер мындан корксок — биздин баа тырдыгыбыз кайсы — дешти да, ортоңку жолго түштү. Алар Сокбайга бат эле жете барып, салам айтышты. Сокбай эси чыкты, бирок аны билдирбей:
— Алейкум ассалам, жол болсун, балдар? — деди. Берки экеөнүн ачуусу келип:
— Биз бала эмеспиз, — дешти.
— «Бул жолго түшкөн өлөт» деген жазууну таштын бетинен окуган жок белеңер?.. Окусаңар — кайткыла! — деди Сокбай.
— Окудук, бирок сиз барган жерге биз да барабыз, — дешти эки баатыр.
— Эмесе болуптур. Мен атактуу Сокбай баатырмын. Эми силер мага ат токур болгула.
Эки баатыр таң калып:
— Сокбай баатыр, сиз бир чапканда, канча кишинин башын ыргыта чабасыз? — деп сурашты.
— Жүз кишинин, ачуум чындап келсе, канчаны чанданыма санат жетпей калат, — деди Сокбай кайраттуу сүйлеп. Анан эки баатырга көтөрүлө карап:
— А силерчи? — деп сурады.
— Көп болсо экиүч кишииин башынан ашпайт, — дешти беркилер жерди тиктеп.
Булар ушинтип кызык кепте баратканда, так алдынан жоо чыгып калды.
— Баатыр, сиз баштап кирсеңиз экен, — деп берки экөө коркконунан карбаластай түштү.
— Былжырабай силер баргыла! Мен артыңардан карап турам... Мени ушул бир ууч жоого булгайсыңарбы? .. Эгер көп болсо, анда кеп башка. Качыргыла! — деп Сокбай ачууланып койду.
Эки баатыр айласыз макул болуп, жоону качырын кирди да, бат эле кыйратып кайтышты.
Үчэө дагы алга жүрүп отурушту. Бара жатып, эми аябаган көп жоого жолугушту. Эки баатыр Сокбайга карап:
— Кана эми, баатыр, сиз барыңыз, — дешти.
Сокбай макул болду. Жоого каршы качырып, бирок коркконунан чыдабай, жолдо эки көзүн жоолук менен чылк таңып алды. Жоо Сокбайдын бул кылыгын көргөндө, аңтаң болуп, «биз да ушинтеяи» деп көздөрүн таңып алышты. Жоону аралай чаап баратканда, Сокбайдын жоолугу түшүп калды. Караса: жоонун кезү бүт таңылуу, бирбирин кыя чаап кырып жатат. Аны көргөн Сокбай карап турсунбу: кылычты кындан сууруп алып, жоо башчысынын мойнун кыя чапты да:
— Башчыңар өлдү! Бөедө кырылбагыла, жайжайыңа тарап, тынч оокатыңарды кылгыла! — деп кыйкырды.
Муну уккан душмандар көзүн ачып, башчысынын өлгөнүн көрүп, жарактарын таштап, Сокбайга багьшды. Сокбай жоону таратып, анан эки баатырга келип:
— Баатыр болбой калгыла! Ушуга мени бекер эле жиберипсиңер, ачуум келип, бөөдө баарын кырып коё таштадым, — деп мактанды.
Эки баатыр Сокбайдын эрдигин көрүп, ага чыны менен баш ийип, өздөрүне башчы кылып алышты. Ошондон кийин Сокбай абдан күчөп, коркоктугу калып, бүт элге барктуу, нарктуу, атактуу баатыр болуптур дешет.

#71 30 May 2015 - 18:00
Ырыс алды ынтымак
Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, киченеси чоңуна акырая карайт. Бирдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам тобулгуну көтөрүп келип, балдарын чогултуп алдына
Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул тобулгуну тобу менен сындыргыла, деди.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты Карыя тобулгунун боосун чечип: Эми бирден сындырып көргүлө, деди. Балдары тобулгуну ошол замат чартчурт бөлүп:
«Мына, сындырдык! » деп мактанышты. Абышка балдарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады: Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз тобулгудай барчабурч сындырып коёт. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, деди. Көп узабай абышка өлүп калды. Балдары акылга келип, бирдик менен оокат кылып, касташкан душманды жеңип, артык дүнүйөсү болсо бейбечарага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.

#72 30 May 2015 - 18:04
Асан менен Усон
Откөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, эми хан алмак болду. Бирок Сулуучач тийбей койду. Хан каарданып, Сулуучачтын малмүлкүн, үйжайын бүт тартып алды. Жесир аял жана жетим балдар эч немеси жок, итке минип калышты. Сулуучач кепенин түбүндө балдары менен ыйлап отурса, кандайдыр бир чаар тоок чуркап келип, көп жумуртка тууп жиберди.
Мына ошондон тарта булар күн сайын тууган чаар тооктун жумурткасы менен оокат кылышты.
— Мен аларга жээр тамак, ичээр суу койгон жок элем, эми кантип оокат кылып жатышканын көрүп келейин, — деп хан Сулуучачтын үйүне келип, короодо жүргөн чаар тоокту көрүп ачууланып:
Мына бул тоокту мага союп бергиле, — деп буйрук кыла сүйлөп, езү уктап жатып алды.
Сулуучач көзүнүн жашын көл кылып өтүнсө, хан макул болбой койду. Акыры айласыздан тоокту союп, казанга бышыра баштаган кезде, Асан менен Үсөн келип тамак сурап калышты. Сулуучач Асанга тооктун жүрөгүн, кичүүсү Үсөнгө боорун чыгарып берди. Хан ойгонгондо, тооктун этин бүт бойдон анын алдьша койду. Хан этти ары карап, бери карап:
— Жүрөгү менен боору кайда? Тезинен таап кел! — деди.
Аял жүрөк менен боорду балдарына бергенин айтты.
— Менден буйруксуз эмне үчүн бересиң? — деп хан Сулуучачты ура кетти. Дал ошондо кепени жандап өтүп бараткан касапчы кайрылып токтой калды:
— Ханым, аялды уруп эмне кыласың? Балдарынан таптырып албайсызбы! —деди.
— Эмесе балдардын жүрөгү менен боорун алып бересиң! — деп хан касапчыга буюрду.
— Балдарымды жебей, мени же! — деп Сулуучач өкүрүпөксүп ыйлап жатты. Өлтүрүш үчүн касапчы четке жетелеген эки бала катуу чьщырып:
— Жакшылыгьщды унутпайлы, касапчы аке, биздин убалыбызга калбаңыз! — дешти.
Асмандан бир кара куш учуп баратып:
— Ой, касапчы, балдардын жазасы жок, ханга теделип, балдардын убалына калба, каны мойнуңа кетет, коё бергин! — деди.
Бул сөздөн коркуп, эсине келген касапчы балдардын киймин чечтирип алып, өздөрүн коё берди; ордуна эки мышыкты союп, жүрөгү менен боорун бышырып, эки баланын киймин канга боёп, ханга алып келип берди. Хан жүрөк менен боорду жеп, үч күндөн кийин жинди болуп өлдү.
Асан менен Үсөн касапчыдан кутулар замат жылаңач, жылаңайлак бойдон туш келген тарапка качып жөыөшкөн. Күнүтүнү жол жүрүштү. Курсактары ачты, эриндери кеберсиди. Бир күнү жолдо кудукка туш келишти. Кудук терең экен, суу алып ичүүгө булардын эки көзү төрт болду. Ары ойлоп, бери ойлоп туруп, камыштан жип эшти да, Асан кичүүсү Үсөндү белинен байлап кудукка түшүрдү. Суусап каны каткан Үсөн кудуктагы сууну жута эле берди. Курсагы тарсайып чыкканын да эч сезген жок. Сууну ете көп ичкен себептүү денеси оор болуп, Асан кайра тартканда камыш жип үзүлүп кетти. Асандын айласы канча: безеленип ыйлап, акыры чарчаганда кудуктун жанындагы теректин түбүнө уктап калды...
Ошол кудукка жакын бир шаардын ханы өлүп, анын ордуна мурасчысы жок болгондуктан ар ким «мен хан болом» деп чоң чатак чыккан экен. Эң акырында элдин баары: «Хандын кушун учуралы, кимге консо, ошол хан болсун» дешип кушту учурушту. Куш асман менен айланып отуруп, баягы Асан уктаган теректин башына келип конду. Артынан эл келип караса, теректин түбүндө бир бала уктап жатыптыр.
— Бала жаш экен! — дешти кай бирөөлөр. Бирок көпчүлүк бүт чуулдап:
— Мейли, ,жаш болсо да биздин эмки хан ушул! — дешип баланы ойготушту.
Асан өзүн тегеректеп турган элди көргөндө: «Мени кармаганы издеп чыккан эл экен» деп аябай коркуп ыйлап жиберди. Эл баланы кийинтип, хандын тактысына отургузду. Ошентип ал хан болуп, кудуктун түбүндө калган инисин эсинен чыгарып салды.
Эми сөз Үсөн жөнүндө болсун... Үсөн кудуктун түбүндө тац атканча жатты. Күн шашке ченде бир абышка чака менен атын сугарып, анын түбүндөгү баланы керүп, аркан салып чыгарып алды. Этине кир жугузбай, өзүн тил тийгизбей багып калды. Абышкакемпир Үсөндүн түкүргөн түкүрүгү күмүш экенин көргөндөн тарта аны улам жыйнап, базарга сата берип, акыры байып кетишти... Күндө кечинде шаардын ичинен кыйкырыкчуу, каткырыккүлкү чыгат. Үсөн аны дайыма угуп жүрдү. ' Бир жолу абышкадан:
— Ата, бул эмне чуу? — деп сурады. Атасы сыр жашырып:
— Ким билсин, балам, — деп койду. Эртеси энесинен сурады.
— Аны сен сурабасаң, мен айтпасам болот эле. Бирок сурап калдьщ, балам... эми айтпаска эч айла жок,— деди энеси.— Бул шаарда Мыскал аттуу кумарчы кыз бар. Аны менен кумар ойногондор езүн кошо уттуруп жиберет. Балам, сен балалык кылып, ага жолой көрбе, кумардан жаман эч нерсе жок.
Муну уккандан кийин Үсөн атаэнесине сыр айтпастан, алар уктар замат үйдөн чыгып, Мыскалга барып, кумар ойноп жүрдү. Мыскалдын бардык дүнүйөсүн утуп алды; ойной турган эч нерсеси калбаган соң, Үсөндү ал амал менен утмак болду да, атайы конокко чакырып, аракка аябай мас кылып, жеген тамагын бүт кустурду. Эң акырында Үсөндүн оозундагы баягы чаар тооктун боору ыргып кетти. Ошол боордун керемети менен Үсөн күмүш түкүрүп, Мыскалды дайым утуп жүрүптүр. Мыскал боорду ала коюп, сууга чайкап жутуп жиберди. Үсен эс алгандан кийин экөө кайра ойноду. Азыр Мыскал ута баштады. Үсөн уттура баштап, баягы уткандарына кошуп атасынын малымүлкүн бүт уттурду. Абышканын үйүндө көзгө көрүнөр же колго илинер эч нерсе калган жок.
«Эми мында жүрүшүм болбойт, энеатамдын жүзүн кантип көрөм» деп ойлоп, Үсен шаардан чыгып кетти. Жолдо кызыл чеке болуп мушташып жаткан үч жигитке жолукту да, салам айтты:
— Талашыңар эмне? — деп сурады.
— Биз үчөөбүз бир тууганбыз. Атам өлгендө андан үч нерсе калган: бир таяк, бир дасторкон, бир сабаа. Булардын ар биринин керемети бар. Эгер «Уч, таягым, уч!» десең — самаган жериңе жетесиң да каалаган ишиң орундалат. Эгер сабаага: «Тол сабаа!» десең — коюу айран же бал кымыз ошол замат толот. Ал эми дасторконго «Тол, дасторкон, тол!» десең — дүйүм тамактын баары толот да калат. Биздин ар бирибиз таякты алгыбыз келет. Бизге калыс болуп берсең кантет? — дешти берки үчөө.
Үсөн ары басып, бери басып ойлонуп туруп айтты:
— Жакшы болот, калыстык кылып берейин. Үчеөң жарышкыла: ким чыкса таяк ошонуку, калганыңар дасторкон менен сабааны алгыла.
Үчөө жарышканы кеткенде, Үсөн таякты алды да: «Уч, таягым, уч Айланам көл, ортосунда, арал болсун... Мыскал кыз жанымда отурсун, айтканым азыр орундалсын» — деп айтар замат бардыгы даяр болду. Мыскал кыз жанында отурду.
Үсөн Мыскалды мас кылып, ичкенжегенин бүт кустуруп, баягы боорду кайра өзү жутуп алды. Анан Мыскал экөе кумар ойноду. Бул сапарда Мыскалды таптэкыр утуп, итке мингизди. Мыскал эмне кыларын билбей, акыры Үсөнгө дагы аракшарап берди. Бирок Үсои куспай койду. Үсөн мас болуп уктагандан кийин: «Уч, таягым, уч!» — деди да, кыз өз шаарына учуп кетти.
Үсөн ойгонор замат иштин жөнүн түшүнүп: «Кумар ойноо эң жаман экенин энем туура айтыптыр, эми эч ойнобойм» деп, ичинен убада кылып, дагы жолго түштү. Аябай чарчап, жол боюндагы топ теректин түбүндө эс алып жатты. Бир маалда Үсөндүн жанындагы теректерге конгон көгүчкөндер:
— Ушул жерде эч ким жок окшойт. Өзүбүзчө сырдашып алалы,— деп сөзгө киришти.
— Мен конуп отурган теректин түбүндө кызыл алма бар, аны жыттаган адамдын өңү кызыл болот,—деди кызылала көгүчкөн.
Анда акала моюн көгүчкөн:
— Мен конгондун түбүнде ак алма бар, аны жыттаган кишинин жүзү ак болот,— деди.
— Мен отургандын түбүндө,— деди көкала моюн көгүчкөн,— кек алма бар, аны жыттаган аял тырышкан кек бет кемпир болот.
Көгүчкөндөрдүн сырын Үсөн бүт угуп алды да, алар учуп кеткенДен кийин баягылар айткан теректин түбүндөгү алмаларды бүт жыйнап, анан Мыскалдын шаарына келди. Үсөн шаардагы кишилерге ак алма жыттатып — ак, кызыл алма жыттатып — кызыл жүздүү кылып, далайын жашартты. Бул кабарды угуп, алма жытташ үчүп Мыскал да келди. Үсөн ага кек алманы жыттатып, бырышкантырышкан көк кемпир кылып салды.
Мыскал Үсөнгөн жалыныпжалбарып:
— Таягыңды берейин, агаңды кошо таап берейин, кумар ойнобоюн, кайра жашарт,— деди.
Үсөн макул болуп, таягын алып, Мыскалга эми кызыл алма жыттатып, мурункудан да сулуу кыз кылды. Анан таяктын жардамы менен агасын таап, экөө тең кубанычка батып, кыса кучакташып көрүштү. Мыскалды Асанга алып берди. Кайра элине келип, Сулуучач энесин таап, Үсөндү багып алган абышкакемпир бардыгы баш кошуп, жыргапкуунап жатып калышты... Ошондон тартып: «Кумар ойносон, курудуң» деген соз калыптыр.

#73 30 May 2015 - 18:10
Суйлобос кыз
Өткөн заманда бир хан болуп, анын акыл кошкуч мыкты вазири бар экен. Хан да, вазир да бала кербөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы хандын зайыбы эркек, вазирдин зайыбы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо, атаэнелери экөөнү үйлентүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең, вазирдин кызы Акылжан акылэстүү, токтоо киши болду. Күндердүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды да:
— Мен сени менен тура албайм! Мен вазир эмес, хандын кызын алышым керек,— деди.
Акылжан муну угуп, сөздү кесе сүйлөдү:
— Өз оюңдан калба, мен макулмун. Сага эми эн, акыркы жолу дагы бир акыл айтайын. Үзүр шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч ирет сүйлөтсө — ошол алат. Эгер мыкты болсоң — ошого жет,— деди.
Арадан кеп күн етпөй, Жаннатты издөегө Мээнетбек 5калгыз аттанып кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүрдү. Арыпачып, аты ыргайдай, езү торгойдой болду.
Кеп күн жана түндөр етүп, акыры толук токсон күн дегенде, Жаннат кыздын шаарына жетти. Анын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай деп жазылган жазууну окуду: «Ким да ким үч сүйлөтсе — Жаннат ошого тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт».
Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө ээрчитип киришти.
Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун алды. Эртең менен сөз баштаган Мээнетбек езү туулгандан берки көргөнбилгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак атып, боз торгой чурулдаган кезде, хандын коңгуроосу кагылды.
«Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөте алган жок, эми хан ага жаза колдонот» деп жарчы жыйылган элдин баарына маалымдады. Хандын буйругу боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү.
Жаннат кыздын ордосунда тамак бышырган аял Мээнетбекке жаны ачып, бир күнү аны чыгарып алды да, үйүнө ээрчитип келип, эки жума баккандан кийин музоо кайтартып койду. Ошентип, бир жылдан ашык убакыт өттү.
Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап, эркекче кийинип, жаракжабдык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн жол жүрүп, Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акылжандын атын алып, өзүнө тамак берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан кол куушуруп таажым кылды да, Жаннаттын бет маңдайына отурар замат сүйлей баштады:
— Жаннат, кыз, мен сүйлөген сөзгө кулак салып, адилеттик кылыңыз. Менин айтайын дегеним элдин сөзү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал мындай: жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тиккич жана молдо узак жолго чыгышат. Жүрүп отуруп бир күнү кеч киргенде калың токойдо өргүп калышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, келишкен сулуу кыздын кебетесин жасап тургузуп коёт. Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кызды көрүп, анан ал ез өнөрүн көрсөтмөк болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат. Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкүлө, билерик, сейкө, кала берсе топчусуна чейин тагат. Акыры кезек молдого келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп: «Мен да өз өнөрүмдү көрсөтөйүн» деп, кызга жан киргизет... «Бул кыз мага тийиштүү» деп талашыптартышып, эртеси төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры биздин элдеги кара кылды как жарган калыстарга келишет. Калыстар: «Ушул ишти биринчи ойлогон жыгач устага тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?
Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албай:
— Жок, кызга жан киргизген молдо алышы керек, — деп кыйкырып жиберди.
Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип, ошол замат коңгуроо кагылды.
— Эмики сез мындай, — деп дагы сүйлөдү Акылжан: — Бир кишинин үч баласы болот. Алар үйлөнүш үчүн бир кызга үчөө тең кызыгат. Чатак ырбап кетпесин дейт да, атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип:
— Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку, — деп балдарын алыскы шаарга жөнетөт.
Буларды эң улуусу кырк күнчүлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем, ортончусу төгөрөктүн терт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү бир тиштеп жесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго чыгып, эмне сатып алганын өз ара айтып өтүштү.
— Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү,—деди улуусу ортончусуна.
Үчөө күзгүден караса: баары эле аманэсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын жана анын төшөгүн курчаган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да, учуп жөнөштү. Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер замат ал кыз: «Оф, ушунчалык катуу уктаган экем» деп тура келет.
Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат» дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сйз калыстык кылыңыз: кыз кимге ылайык?
Жаннат шашып:
— Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөенүн буюму эч корогон жок, — деди.
«Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды салып, коңгуроо дагы кагылды.
Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү:
— Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк үчөө жол жүрүп келатса, бир жерде атаэнеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр. Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп, үч жолдош кызды куткарып калмакчы болот. Бирок кантип ала качат: кызды кайтарып калышкан экен.
— Мен уурдап келем,—дейт да, ууру бир үйгө кирип, кыздын кийимин уурдап кийип, анан чалга бергени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды көтөрүп сызат. Жер жайнаган киши кууп жөнейт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра айдайт. Үчее айлына келип талашып: «Кыз кимибизге тийиштүү» деп калыска келишет. Калыстар: (Ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз?
Жаннат дагы шашып:
— Жок андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп үчүнчү жолу сүйлөдү.
— «Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» дегенди билдирип, коңгуроо эми үч жолу урулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалым убада боюнча, Жаннат бул жигитке тийүүгө макул болду.
— Сени алуудан мурда элижуртуң менен таанышайын, шаарыңды аралап көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди. Бир күүн талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жолукту. Анын чачы менен тырмагы аябай өсүп, этин какач басып, кийими тытылып, кейпи кетип, алсырап кеткен экен. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал өзүнө окшотуп:
— Сен эми мен болуп калдың... Жаннат кыз тиет сага. Бирок ал кызга эч сөз айтпай кирип бар, — деген акылды үйреттү да, езү ошол жерден үйүнө кайтып кетти.
Мээнетбек Жаннатты алып, элине шааншөкөт менен келип түштү. Эл чогулуп, чоц той болду. Мээнетбекке учурашуу үчүн Акылжан да келди. Мээнетбек аны көрер замат:
— Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкырды.
Акылжан кайра басып, эми ханга барды:
— Ханым, датым бар: сиздин алдыңызда балаңыздын эки ооз сөз сурамак элем... Уруксат болсо, көпчүлүктүн көз алдында мен айтып, сиз уксаңыз, — деди.
Хан макул болуп, жашкарынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди. Акылжан Мээнетбектен минтип сурады:
— Жаннат кызды сиз кандай аракет, кандай сөз менен сүйлөттүңүз? Сиз музоб кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле?
Хандын уулу Мээнетбек моюн бербей:
— Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге да жолуккан эмесмин, — деп тайсалдады.
Акылжан ачуусу келди да:
— Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар эмне? — деп куржундагы Мээнетбектин «жасалгасын» чачып жиберди да, Жаннатты кандай жол менен сүйлөткөнүн айтып өттү. Жаннаттын ичи күйүп:
— Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулуна турбайм, азыр кетем! — деди.
Хан башынан макоо уулуна нааразы, Акылжанга ыраазы болуп, эли менен кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен. Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.

#74 03 June 2015 - 03:17
Ачуунун таасири
Бир күнү дыйканкандайдыр бир себептер менен аялын таарынтып алат. Ошол бойдон ачуусу тарабайкалган аялы эртеси күнү дыйкан талаага кетээрде азык салган баштыгына чийки этменен ачыбаган камырдан салып, үстүнө майда тууралган пияздан толтура шыкаптуруп карматып койот. Али иштин жайын түшүнбөгөн дыйкан болсо баштыкты арабагасалып алып кыдыңдаган бойдон талаага жөнөйт. Айтмакчы булардын апсайган карамышыгы дайыма арабага түшүп алып талаага барып чычкан кармап жеп, курсагынтойгузганды жакшы көрчү экен. Ошол мышык жолдо токойду аралап баратканда «булсасыган немени эмне салып алган» деп ачууланып баштыкты түрткүлөп түшүрүпташтайт. Аны эч нерсе менен иши жокбейкапар бараткан дыйкан байкабай кыңылдап ырдаган бойдон кете берет.
Алар бир топ узапкеткенден кийин токойдо шимшилеп тамак издеп жүргөн түлкү жанагы баштыкка тушкелет. Ал алгач эки жагын каранып, акырын сактанып отуруп баштыкка жетет.Жанында капкан, же казылган ороо жокпу дегенсип мурду менен акырын түрткүлөп,тиши менен тарткылап көрөт. Ошентип шимшилеп жыттагылап атканда баягыбаштыктагы пияз таасирин тийгизип көзүнөн жашы шорголоп, ыйлап баштайт. Биринчиал эмнеге ыйлап атканын өзү да түшүнбөйт. Бирок көз жашы уламдан улам күч алыпага баштайт. Өзүнүн эмне болуп атканын аңдай албай бечара түлкү «Деги мага эмнеболду? Үй-бүлөм, бала-чакам тынч болду бекен?» деп санаага батат. Акыры наркыныойлоп, беркини ойлоп отуруп өткөн айда бүркүт илип кеткен бачикиси эсине келет.Ошондон тартып ого бетер жүрөгү ооруп, жатып алып буркурап боздоп ыйлайбаштайт.
Эми гана унутулупкелаткан күйүттүн оозу кайрадан ачылып, боздоп отурганда жакын арадан карышкырөтүп калат. Ал түлкүнүн тогуз жолдун тоомуна отуруп алып ыйлап атканын көрүпаябай таң калды.
-Этүлкү тууганым, эмне ыйлап атасың? Деги тынчылыкпы? – деди ал боору ооругансып.
Түлкү көз жашынтыя албай буркурап:
-Мынданбир айча мурун чоктой кызыл жүнү бар, оттой жанган көзү бар бачикимди бүркүттүнтырмагына илдирип ийдим эле, ошол баламды эстеп ыйлап атам, - деп арманынайтты. Карышкыр биринчи ага көп деле ишене бербеди. «Бу арамза дагы биркуулугун баштаганы турат окшойт» деп ойлоду ал. Бирок, курсагы ачып турган неметүлкүнүн алдында турган баштыкты көрүп, көзү кыйбай жыттай кетти. Ошондо андагыпияз ага да таасирин тийгизип көзүнөн буурчак-буурчак жаш куюлду. Пияздын таасириаз келгенсип жанында турган түлкү да боздоп ыйлап муунун бошотту. Акыры кашабаңда чыдай албай улуп-уңшуп ыйлап кирди.
Ошону мененбулардын боздоп ыйлаганы токойдун бир далай жерине чейин угулуп, бейкапаржаткан жаныбарларды дүрбүтө баштады. Чу дегенде эле уйкудан жаңы туруп, көзүтоодой шишип, башы көнөктөй катып зеригип отурган аюу дүрбөлөңгө түштү. Мындайшумдукту өмүрү укпаган бечера апсагай коркуп турса да, кызыгуусун баса албай аңдыпжөнөдү. Улам жылып, улам токтоп отуруп жакын келип караса карышкыр менен түлкүжанаша жатып алып боздоп атыптыр. Айлананы караса эч кандай деле шектүү нерсекөрүнбөйт. Ого бетер бүйрү кызыган аюу күлтүңдөй басып жакындап келип:
-Эй,экөөңө эмне болду? Эмне мынча сыздап атасыңар? – деп суроо салды.
Жанатан бериыйлай берип көзү тоодой шишип, өпкөсү көнөктөй көөп чыккан түлкү жооп бермектургай башын көтөрүп карай албай койду. Карышкыр болсо «Олда кайран бала ай,кайран бала. Деги бир баладай эле бала болсоңчу. Аман турсаң алдыңа атсалдырбас өрт болбойт белең чиркин. Кашайган бүркүт сени жегенден көрө менижесе эмне» деп буулугуп ыйлагандан башка кеп айта алган жок. Булардын минтипкейигени аюуну ого бетер таңдантты. «Эгер карышкырдын баласы өлсө анда бу түлкүэмнеге ыйлап отурат? Же түлкүнүн баласы өлдү бекен? Анда бул карышкыр эмнемынча сыздап алган? Деги бул эки душман качантан бери бири бирине күйүпкалган? » деп башы маң болду.
-Досум,кой эми сабыр кылчы. Бул жалганга түркүк болчу ким бар дейсиң. Андан көрө иштинжайын түшүндүрчү, силерге эмне болду? – деди ал акыры. Карышкыр эптеп башынкөтөрүп:
-Мобу өйдөбассам өбөгүм, ылдый бассам жөлөгүм, караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапканбир боорум түлкүнүн чоктой жанган көзү бар, оттой кызыл жүнү бар баласын өткөнайда бүркүт илип кетиптир. Оуу бир бооруум, оой бир бооруум, - деп улуду.
Аюу анын жообун угуп дагы бир саам түшүнө албай ойлонуп турду да, карышкырдынкулагына акырын шыбырады.
-Эйкашаба, эгер катуу кетсем кечирип койчу. Бирок ушул бир нерсеге такыр түшүнбөйкойдум. Бу бүркүт илсе го түлкүнүн бачикисин илиптир. А сага эмне болду?
Кашабаң дагыалгач бул суроого эмне деп жооп беришти билбей бир көз ирмемдей ойлонуп калды.Анан бир маалда,
-Алтүлкүнүн баласы болсо, менин көздөй көргөн жээним болчу, - деди да жанагыданбетер күч алып боздой баштады. Аюу эми түшүндүм дегенсип экөөнө боору ооруптуруп калды. Аңгыча эле баягы пияз салынган баштык анын да көзүнө илинди. Ансызда алкымын тыя албаган неме экөөнүн күйүп турганына карабай акырын эңкейипбаштыкты жыттады. Андагы майда тууралган пияз жөн турабы, анын да көзүн ачыштырып,мурдун кычыштыра баштады. Акырындап алайган көзгө жаш толуп, жаак ылдый куюлду.«Деги мага эмне болуп атат?» деп таң калды аюу. Бирок, канча аракет кылса дакөз жашын тыя алган жок. Тескерисинче, анысы күчөгөндөн күчөп, акыры кадимкидейбуурчактап куюлуп кирди. Ошондо ал өзүнчө ойго батып отуруп «Боор тартат дегенушу тура. Бу кайран бала карышкырга жээн болсо, анда мага деле тууган экеникалппы? Карышкыр бизге бөлө болот деп атам айтып жүргөндөй болду эле. Ошолкептин чындыгы бар турбайбы. Мобу макоо башым сезбесе да жүрөгүм сезип,муңканып атпайбы. Алда катыгүн ай, катыгүн! Бир боорум ай бир боорум» деп кейипбаштады. Акыры ал да өзүн кармана албай талпайып отуруп алып өкүрүп-өксүпыйлаганга өттү.
Ошентип үчөөкучакташып отуруп алып улуп-уңшуп, боздоп-сыздап, өкүрүп-бакырып ыйлап жатты. Үчөөнүнсыздаган үнү бүтүндөй жаныбарларга угулуп, токойдун ичин бир заматта дүңгүрөтүпжиберди. Кайдан-жайдан пайда болгон ызы-чууну түшүнө албай токой жаныбарларыакырындап чогула баштады. Алардын кимиси болбосун жакындап келгенден кийинбаягы баштыктын таасирине кабылып ботодой боздоп жатты.
Бул улуу тажиягабир гана токойдун берки башында жаны тынбай иштеп жаткан дыйкан менен анынчычканга аңчылык кылгандан башка эч нерсени билбеген апсагай мышыгы көзкөргөзүп барган жок. Алардын бири жан талашып тер төгүп иштеп жатса, беркинисиболсо улам бир чычкандын ийнин аңдып бейкапар жүрө берди. Качан гана күн төбөгөжетип, чак түш болуп калганда арып ачкан дыйкан шам-шум этип алмакка арабагакелди. Бирок, канча издесе да эртең менен байбичеси салып берген баштыкты табаалган жок. Акыры издей берип, издей берип биротоло үмүтү үзүлгөн бечара, эмнекылаарын билбей бактын көлөкөсүнө шалдайып отуруп калды. Эми эмне кылыш керек?Жумушун таштап кетип калайын дейт, убакыт өткөн сайын талаасы күйүп атат. Ордунантуруп жумушун улантайын дейт, кыбыр этээр дарманы жок.
Күнгө тотукканбетинен ылдый куюлган терин шыпырып, кургап кеткен эрдин жаланып бактынкөлөкөсүндө отуруп уктап кетти. Жанатан бери бир канча чычкан жеп курсагытойгон апсагай мышык аны карап отуруп боору ачыды. Бир маалда ал «кой жанагысасыган тамак салынган баштыкты алып келбесем болбойт» деди да токойдогу жолменен баштыкты карай жөнөдү.
Апсагай мышык баягыбаштыкты түшүрүп салган жерге жакындап келсе баардык жаныбарлар чогулуп алыпбуркурап боздоп ыйлап аткан экен. Мышык алгач чочулап жакындай албай бир канчаубакытка буйдалып туруп калды. Бирок, тигилердин муну менен кымындай да иши жокэкнин байкап, акырын жакындап келди. Ошондо да чоң жаныбарларга даай албай эңчетте турган алаң көз койонду бери тартып суроо берди.
-Койонек,деги силерге эмне болду? Эмне мынча чогулуп алып боздоп ыйлап атасыңар? – дедиал.
Койон көзүнүн жашынтарта албай, мурдунун суусун арта албай ого бетер бышактады.
-Кайранбаланы бир заматта жайлап кетишкен тура. Он бүркүт келсе да алдырбай турган шерэлең, алдыраарда жаздыраар болуп бир нерсеге азгырылып кеттиң бекен? Олда бирбоорум ай, бир боорум. Эми сен жок биз кантээр экенбиз. Артыңда калган алаңкөзтуугандарыңа ким баш-көз болот, уу-уу?..
Мышык анын сыздаганынугуп отуруп койондордун улуу жол башчысы, жеткен кырааны кайтыш болгон го депойлоду. Бирок «Өлсө го койондун баатыр өлүптүр, а башка жаныбарларга эмне жок?Аларга эмне болду?» деп таң калды. Ары ойлонуп көрдү, бери ойлонуп көрдү.Бирок, бир дагы жыйынтык чыгара албады. Акыры айласы кеткенде жанында турган ачкүсөнгө кайрылды.
-Тууганым,деги сен айтчы? Силерге эмне болду? Эмне мынча ызылдап атасыңар?
Ач күсөн кичинеболгон менен койонго караганда кайраттуу экен, эптеп эсин жыйып, мурдун тазалапалып,
-Тигитүлкү туугандын ойлосо ойду билген, сүйлөсө сөздү билген, алгырлыгы арстандай,кыраандыгы кыргыйдай, оттой жанган көзү бар, чоктой кызыл жүнү бар адамданэстүү баласын өткөн айда топ бүркүт илип кетиптир, ошого ыйлап атабыз, - депжооп кайтарды.
-Аа,ошондой де. Бирок, бу түлкүгө го мейли, а башкалар эмнеге ыйлап атат?
-Алтүлкүнүн баласы болгону менен карышкырдын бир тууган жээни экен. А карышкырболсо аюнун бөлөсү болот. Аюу болсо кашкулак менен уруулаш тууган.
-Түшүнүктүү, түшүнүктүү. Карышкырга да, аюуга да, кашкулакка да түшүндүм. Бирок, айтчы, дегисен эмнеге ыйлап атасың?
-Эмнегеыйлабай койот элем. Кантип ыйлабайм деги? Мен деле барып-барып буларгатууганмын да...
-Ой, сенкандайча туугансың аларга?
-Аюуменен кашкулак уруулаш болсо, кашкулак менен суусар ага ининин балдары. Суусар болсосуурга куда. Суур менен тыйын чычкан кыйышпас дос. Тыйын чычкан эликтин ажырагыскошунасы. Элик болсо бугунун жандай көргөн абасынын баласы. Бугунун сүйүктүү жездесикаман. Каман болсо жолборс менен шеринелеш. Жолборстун кайнагасы арстан.Арстандын табакташы чөө. Чөөнүн бажасы койон. Мен болсо ошол койондун күйөөбаласы болом. Анан мен ыйлабаганда ким ыйлайт, - деп ого бетер муңканды. Кептинжайын түшүнгөн мышык чуркурап ыйлап аткан жаныбарларды карап туруп таңдайыншыкылдатты.
-Демекбул жерде жалаң туугандар аза күтүп аткан тура. Кой, силерге жолтоо болбойбаштыгымды алайын да жолума түшөйүн, - деди ал акыры.
Ошентип мышык баштыгынкөтөрүп алып ышкырган бойдон жолуна түшөт. Баштык кетип андагы пияздын таасирижоголгондон кийин жаныбарлар акырындап эсине келе баштайт. Биринчи эле эсинекелген түлкү маңдайында отурган алаң көз койонго сугун артты. Бирок, жанындатурган карышкырдан коркуп «аман-соомдо жоголоюн» деп жыла басып жылт койду.Андан кийин карышкыр эсине келди. Эки жагына абай салса тим эле аюнун оң колунатуштап отуруп алган экен. Жүрөгү оозуна тыгыла түшкөн бечера, шып этип токойгокире качып жоголду. Ошентип жанатан бири-бирине тууган болуп, бири-бирин аяп,ыйлап отурган жаныбарлар бир-бирден эсине келип туш-тарапка чилдей тарап жок болушту.
Мышык болсокурсагы ачып үргүлөп отурган дыйканга жетээр жеткиче эң жакын тууганы, биртууган бөлөсү, бир жагынан таякеси, бир жагынан жээни, бир жагынан досу, биржагынан табакташы, бир жагынан агасы, бир жагынан кудасы, деги өмүр бою бирчатырдын алдына күн кечирген бипбир тууган агасы ала дөбөткө кылган кылыктарынэстеп эзиле ыйлап, өзүн-өзү башка койгулап жүрүп отурду. Кап, ошондо анын жанында ала дөбөттүн өзүболгондо экөө «өмүр бою урушпайбыз» деп ант беришип, кучакташып достошупкалышса керек эле... Же булар деле тигил токой жаныбарларындай болуп пияздынтаасири кеткиче гана достошот беле. Ай ким билет, ким билет? Деги бу айбанаттарменен мас кишилердин кыял-жоругун түк түшүнүп болбойт тура. Бирде карасаңкучакташып ыйлап аткан болот, бирде карасаң жулмалашып мушташып аткан болот. Деги,кылгылыктын баарын жанагы ачуу немелер кылат окшойт, э достор?

#75 03 June 2015 - 16:31
Эки бир тууган
Илгери өткөн заманда бир хандын катыны өлүп, андан эки бала калыптыр. Хан катыны өлгөндөн кийин аял алса, кичүү баласына кас болот. Бир күнү ал баланын агасы кырк жигити менен куш салганы кеткенде, хандын аялы:
-Сенин кичүү уулуң мени уруп койду,-деп ханга даттана баштайт.
Хан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай сабатып, эки жигитине:
-Ыраак барып башын алып салгыла!-деген буйрук берет. Эки жигит баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет. “Атаңа көрүнбө, эгер көрүнсөң, бизди өлтүрүп коёт. Биз өлтүрдүк деп кийимиңди алып баралы”,-деп эки жигит жөнөп кетишет.
Байкуш бала айласыздан ыйлап кала берет. Бир убакта агасы оюна түшөт да, анын кеткен жагын, көздөй жөнөйт. Бала ыйлап бара жатса, агасы астынан чыгып, болгон иштин баарын ага айтып берет. Агасы аябай жаны кейип инисин кучактап алып ыйлап, “экөөбүз мындан көрө тентип өлөлүк” дейт дагы атын кырк жигитке берип, экөө ыраакы жолго түшүшөт.
Жүрүп олтурса, жакын жерден эч бир айыл көрүнбөйт. Тоого жетип, бир чоң таштын түбүнөн суу таап ичип, эс алып уктап калышат.
Уктап калып турса, иниси такыр ойгонбойт. Көрсө өлүп калыптыр. Агасы баягы жерде ыйлап, эмне кылар айласын таппай, башына бир чүкөдөй алтын коюп: баланы ким көмсө, ошол алсын, – деп жазып жүрүп кете берет.
Жүрүп отуруп жолдон бир абышка-кемпирге кезигет. Ал абышка кемпирдин тамагына тоюп, бир аз эс алат да, баягы абышкага:
-Менин жолдогу инимди чамаңар келсе, көөмп кетсеңер экен,-деп жалынат.
-Макул деп абышка ал балага жол көрсөтүп берет.
Бала жүрүп олтуруп бир шаарга барса, элдин баары кейип ыйлап олтурушат.
- Эмне кейип жатасыңар?-деп сураса:
- Бул жерде бир ажыдаар бар, ал ажыдаар эртең баарын жутат деп жатат,-дейт.
- Мен ажыдаардан силерди сактап калсам, ханыңар мага хандыгынан түшүп береби?-дейт.
Баланы ханга алып барса, хан макул дейт. Ал балага ажыдаардын тили бүтүп, ажыдаарга күнүнө бир кыз, бир кой берип турмай болот. Ошентип ажыдаарды көндүрөт. Бала хандын тагына отуруп калат.
Эми абышка-кемпир жөнүндө сөз кетсин.
Алар өлгөн баланын жанына келгенде, бир жылан чыгып, абышка менен арбаша кетет. Абышка жыланды өлтүргөндө тиги балага жан кирет да:
- Катуу уктап калган экемин,-деп тура келет.
- Сени аюу-жылан арбап өлтүрүп койгон турбайбы,-деп абышка түшүндүрүп, алтынды алып кемпири менен кетип калат.
Бала жүрүп олтуруп, агасы келген шаарга туш болот. Шаардын четиндеги бир алачыкка келип, шыкаалап караса, бир абышка-кемпир, бир кызды алмак-салмак өөп, ыйлап олтурушат. Бала салам айтып кирип барат. Барып сураса, “ушул шаарда бир ажыдаар бар, ошого түтүн сайын бир кыз, бир койдон берүүчү элек, эми кезек бизге келди”,-деп ыйлашат.
-Эмесе мага тамак бергиле, мен барайын, бир кылыч таап келгиле,-дейт.
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Эртең менен хандын эки жигити тамагын алып келсе, ажыдаар өлүп, жанында бир бала жатат. Ал тамак алып келген эки жигит баланы чала-була өлтүрүп, көлдүн жээгине алып барып көөмп салып, “ажыдаарды биз өлтүрдүк” деп ханга чаап барышса, хан көп алтын берет.
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат. Кемпир абышкасын чакырып, экөө сууруп алса – баягы бала. Алдына алып, оозуна сүт тамызып, киши кылып алгандан кийин баланы көпкө, багып жүрүшөт.
Бир күнү базарга барса, баягы эки жасоол аны көрөт да, ханга:
- Бизди бир бала тилдеди,-дейт.
- Анда бул баланы дарга астырып ташта,-дейт. Баланы асмак болгондо, көп кербенчилер, кезигип:
- Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт,-деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
- Мен силерди өзүм алып чыгайын,-дейт.
Кербен башы макул болот. Бала чыпалагын канатып, аларды суудан өткөзөт.
Кенбенчилер балага төрт төөнүн жүгүн беришет. Ал андан ары карай жүрүп олтуруп, бир шаардын базарына барса,бир бала:
-Төрт төөнүн жүгү,-деп бир үкөктү арабага салып жүрөт. Бала баягы үкөктү сатып алып ачса, бир сулуу кыз олтурат.
Ал сулуу кыз баягы баланын башынан өткөргөндөрүнүн баарын сурап, жазып алат.
Кербенчилер менен четке чыкканда, алар:
-Сен эмне алдың?-деп сурашат.
Бала кызды көрсөтөт. Кызды көргөндө, алардын арасында талаш болуп, баланы үкөккө салып, сууга агызып жиберишет. Бала агып бара жаткан жеринен бир абышка кармап, үкөктү ачса – бала, аны бала кылып алат.
Кербенчилер кызды талашып олтуруп, ханга барышат. Ханга барышса, кыз баягы жазып алган кагазын ханга берет. Хан байкап, эки жасоолчу жана кербенчилерди жонунан кайыш тилдирип, дарга астырып өлтүрүп, баланы издетип, кызга таптырып берет.

#76 03 June 2015 - 16:40
Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр
Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу – төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан келе жатышып алар төөгө кезигишти. Төөнү да “бизге жолдош бол” деп төртөө кошуп алды.
Узак жол жүрүшүп, курсактары ачты. Түлкү буларга масылат кылды:
- Ии, бул төө ынанса, баасын он койго чегерелик. Жазында ар бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой беребиз. Эки кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,-деди. Бул сөздү түлкү баштап, төөнү карызга соймокко, ага бурулушту:
- Төртөөбүздөн сегиз кой ал, экөө өзүңө эсеп. Эби келсе сени соёлу, жазында койду алып магдырап жатып каласың. Койду бооз, кысыр дебейбиз, колго тийгенин беребиз! Койлор бооз чыгып калса, төлү менен он алты болот. Козулары сенин пайдаң, мындай пайда эч жерден чыкпайт,- деп түлкү деле шек билгизбей жубатты. Төө ойлонуп: “Бул көп олжо экен, булардын коюн алыш керек”,-деп өзүн он койго баалап, тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.
“Кылыйган кыраан түлкү, жүргөн жери күлкү, бул төө-түлкү акемдин мүлкү” деп, этин бешке бөлүп: бир бөлүгүн жолборско, бир бөлүгүн аюуга, бир бөлүгүн карышкырга ыйгарып, бир бөлүгүн өзүнө чыгарып алды. “Төө куру калабы” деп бир бөлүгүн түлкү төөгө бөлдү да, өзүнө тийиштүү этке кошуп койду. Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн Түкөң тымызын култ эттирип алды. Карышкырга бирөөн алыңыз деп ишарат кылып турганда, аюу саксайып “жүрөгү жок го” деп, ы-ыңк” этти.
Дардайып тура калган Жокең:
-Төөнүн бөйрөгү кана?-деди. Түлкү “Бөрү жеп койду окшойт” дегенсип кыйыгы менен ишарат кылды.
Каары келген жолборс бөрүнү бир чаап өлтүрүп таштады. Аюу, жолборс эттерин бөлөк жыйып коюп, тамашага кетти. Алар келгенче түлкү акең карап турабы, төөнүн этин бүт бойдон бир үңкүргө бекитти. Бир убакта аюу менен жолборс келди да:
- Эт кана?-дешти. Буга түлкү:
- “Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин кой береби?”-деп төө айнып туруп кетип калды,- деди. Аюу менен жолборс буга ынанып калышты. Түлкү аларды алагды кылып ээрчитип, бир заңгелге алып барды да жолборско кайрылды:
-Атаң ыраматылык ушул капчыгайдын тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө секирип чыгып кетүүчү эле кайраның! Сен өтө албайсыңго, коркок көрүнөсүң! Жолборс “бул эмне?” дегендей аны кекээрдүү тиктеп, дардайып жөнөдү. Мактангысы келди окшойт, жүгүрүп келип баягы заңгелдин башына ыгдырылып тура калды. Түкөң жалынга май тамызгандай кылды:
Чамынганы, басканы, сын-сыпаты атасы ыраматылыкка окшош. Аттиң ай, азыраак коркогу болбосо, атасынын эле өзүн тарткан экен!.. Атаң ашкан эр эле, качыргандан кайткан эмес, кармаганын куткарган эмес. Бет алган жагынан эзели кайра тартпай түйүлгөн боюнча секирип кетээр эле, жүрөгүң тайкы дебейин, бирок жаштыгын да! – Ошондо Жокең далдаңдап түйүлүп калган тура.
Анан күркүрөгөн бойдон таштан ташка тийип, бели сынган жолборс өлдү. “Жокемдин сөөгүн таза жерге коем” деп, түлкү кийин этин жемекке зыңыйта жашырат. Жанында жалгыз гана аюу калды. Түлкү мындан башкасын амал менен өлтүрүп бүтүрдү.
“Эми аюу акеме кезек келди го, мунун да эсебин табайын” деп ойлонду. Жаткан жеринде катып койгон эттен кыйыбын таап, түлкү акең аюуга көрсөтпөй, аста-секин жей берди. Аны аюу билбейт, ачка кесээрип алсыроодо.
Аюу уктай албай жатса, -түлкү кыртылдатып бир нерсе жегендей болот. Анда аюу түлкүгө муңдуу кайрылат:
- Ээ, түлкү дос, сен эмне жеп жатасың?
- Ээ, аюу балбан, чыдай албай, ачкалыктын азабынан өз ичимди жарып, чучугумду жеп жатам. Ачкалык азап тура.
- Андай болсо мен да өз чучугумду чубап жесем болобу?
- Болбой эмне, сен деле мендей жан турбайсыңбы, чучугуңду чубап жей бер. Эртең эле айыгып калат. – Аюу чымырканып бир тиштеп тартты, өзүнүн ичи ооруганына чыдай албай жаны чыга жаздады.
- Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?
- Сен анын эбин таба албайсың, мен оорутпай кең оюп, чучугуңду чубап чыгарып берейин.
Аюу тартайып чалкасынан жатты. Түлкү тумшугун салып, аюунун ичинен чучугун сууруп алды. Ичи жарылып онтоп, жаны көзүнө көрүнгөн неме өлүп калды.
Аюунун, жолборстун, бөрүнүн, төөнүн этин түлкү акең жалгыз басып калды. Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда суу ичип, жыргалда жүрдү. Калыңдыгы карыш казы алды.
Аяр түлкү, алы эчтемеге жетпейт. Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды. “Эми бүргөнүн азабынан кутулайын” деп, бир кийизди тиштеп алып сууга барды. Аста-секин куйругун сууга салды. Бүргө куйругунан качып жонуна келди. Жонун сууга салды эле, жонунан үркүп мойнуна барды. Түлкү мойнун сууга салды. Бүргөлөр үркөп оозуна тиштеген кийизге жабышты. Түлкү кийиз-ди сууга таштап: “Бүргө неге кутурдуң, эми сенден кутулдум”-деп чычайып жолго түшкөн экен.

#77 03 June 2015 - 16:43
Эки улак
Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жан-жагын карап секирет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикен, эч кандай кой-эчки көрүнбөйт.
- Сен ак улаксың, тил укпаган акмаксың! Мени ары бери сүйрөп жүрүп акыры адаштырдың, жаның барында койду таап бергин,-деп ак улакка кара улак айтат.
Кара улак бир күн мурун туулган. Денеси чымыр, маңдайында жумуру эки мүйүзү бар. Ак улакты боорум экен деп, жан тартчу эмес. Кичине эле кылт этсе: “Ак улаксың, акылы жок акмаксың”,- деп шылдыңдап, ачууланса мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү. Кара улак өзү жалакор, ак улак жакын келсе эле: “Мына жердин чөбүн жеп койду, ба-а – ба-а!” деп бакылдачу. Эми адашкандан кийин айласыз “ак улак” деп гана турат. “Ай, ак улак, акмак! Жаның барда түш деймин, бас деймин” деп, кара улак секирди. Ак улак ары ойлонуп, бери ойлонуп, зирек неменин жүргөн-турган жерлери эсине түшүп, беркиге кайрылды:
- Узап кеткен койду кантип табабыз, тоону ашып жайлоого барып калган чыгар. Жайлоого жол таап баруу эң кыйын болсо да, жол издеп көрөйүн. Сага айтайын дегеним, эчки менен эрегишпегин, менин айтканымды иштегин. Муну орундатпасаң адашып өлөбүз. Ак улактын “өлөбүз” деген сөзүн кара улак укканда үрөйү учуп коркуп кетет.
Кара улак канча тентек болгону менен, ак улактын тилин алууга убада берет. Ак улак жол баштап алдыга түшөт, калың чөптү жапырып, алдынан аң, таш жолукса секирип өтүп, жүрүп отурат.
Ошентип ак улак, кара улак экөө тоонун этегине келип жетет. Эки жагын караса көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт.
Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.
-Өзүң аппак, сулуу улак экенсиң, агаң дагы келишкен неме тура! Чарчап калган чыгарсыңар, биздин үйгө барып даам татып кеткиле. Менин дагы силердей эки балам бар, бирге ойноп, кумарыңарды жазып эс аларсыңар, -деп, түлкү ичинен “ак улак кичинекей экен, капысынан эбин таап жеп алайын” деп ниети бузулат.
Айта турганын мурунтадан ойлоп койгон ак улак:
- Түкө, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди карышкыр күтүп турат. Ал кара улак экөөбүздү конокко чакырган. Сизди ээрчип кеткенибизди көрсө, ачуусу келет го, кашакеңдин каары катуу эмеспи. Эми өзүңүз деле биз менен кошо жүрүңүз.
- Анда эмесе жарайт, силер кете бергиле, мен артыңардан барармын,-деп түлкү куулук кылып калып калат.
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Карышкырды көргөн түлкү сайга кире качат. Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет:
- Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен силерди жеймин,-дейт. Анда Ак улак дагы чыңылдайт:
- Кашаке, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди арыстан күтүүдө. Ал тоодогу жортуп жүргөн кайберендерге, учкан куш, айбанаттарга падыша болуп келүү күнү келиптир. Эртең мененки тамагына эки музоону, түшкү тамагына эки улакты, кечкисине эки козу жейт экен. Сиздин бул кылыгыңызды байкаса, буркан-шаркан болуп ачууланып өзүңүз жаздым болбоңуз, мейли жей бериңиз! Аңгыча болбой:
- Ме-ке-кээ, карышкыр, арстанды карагын! Бака-ка! Чакырып жатат,-деп кара улак тикчилиндеп бакырып жиберди.
Карышкыр шаштысы кетип:
-Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан – деп качып жөнөйт. Эки улак жүгүргөн боюнча бир тоонун башына чыгышат. Эки жакты карашса, тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат. Койдун артында астында аты бар, кашында ити бар койчу келе жатат. Койду көргөндө кубанганынан эки улак “мака-каа” деп маарап кое беришет.
Чолпон ата жол баштап, мурун келген ак улакты жерден көтөрүп ала коет да:
-Мен силерди ой-кыр койбой издеп таба албай койдум эле. Өзүңөрдүн таап келгениңерди карачы, жарайсың, ак улагым, ап-пагым: “Ак улак акмак” деп мазактагандардын өздөрү акмак – деди да ак улакты кучактап бооруна кысты.

#78 03 June 2015 - 16:45
Жоомарт жана адил
Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген хандар өткөн экен. Жоомарт хан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул хан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, “ач, жылаңачтар жокпу” деп жүрүп өткөрчү экен.
Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келе жатса, суу ичип жаткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык, алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт “бул эшек элге кызмат кылган, эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен”, деп ал эшекке күмүш жүгөн катып алып барып, өз сарайына бактырып коет.
Ошол эле мезгилде Адил деген кара кылды как жарган “бул алыс, тигил жакын” дебеген хан болгон экен. Сурак сураганда “өзүмдү көрсө сүрдөнөт, сөзүнөн жаңылат, же кошомат кылат”, деп суракты көшөгөнүн ичинде олтуруп алып, жүзүн элге көрсөтпөй сурачу экен. Бул эки хандын вазирлери, кеңешчилери эки ханды бири бирине ушактап, чагымдап олтуруп, экөөнү уруштурат.
Ошондо Жоомарт хан элине “Адил хандын колу көп экен, силер бөөдө кырылып каласыңар, андан көрө мен качып кетейин, силер кол көтөрүп багынып бергиле, ошондо кырылбай эсен каласыңар”, -дейт да качып кетет. Ал качып барып, ыштыкка кирип бекинет. Ошол ыштыкка жакын жерде бир бечара аялы менен жашайт экен. Бул экөөнүн эл орунга олтургандагы сөзүн далдаадан уккан Жоомарт, алардын үйүнө түн жамынып кирип келип:
- Элиңерде эмне жаңылык бар?-деп сурайт. Ал бечаралар:
- Эки хан урушуп, Жоомарт хан качып кетиптир. Адил хан “Жоомарт ханды ким кармап берсе, ага Жоомарттын салмагындай болгон дилде беремин” деп жар чакыртты, болгон жаңылык ушул, мындан башка жаңылык жок,-дейт. Жоомарт хан:
-Ошол качып кеткен Жоомарт менмин, мени же бузуку, же бир митаам, же бир зөөкүр таап алып ханга алып барып, анын алтынын алып жыргайт. Андан көрө силер менин эки колумду артыма байлап, мойнума чылбыр салып, бириң жетелеп, бириң шыйракка чаап айдап, ханга алып баргыла да, анын алтынын алып убай көргүлө,-дейт. Анда тиги бечаралар:
-Сизди жалдыратып алып барып көргөн оокатыбыз курсун, ушул эле оокатыбыз жетет,-дешет.
Жоомарт:
-Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот. Адил болсо менин каныма забын болот,-дейт.
Жоомарттын сөзүнө макул болушуп, эки бечара аны бири жетелеп, бири айдап ханга жөнөшөт. Баратканда алдынан зөөкүр чыгып калат да:
- Бул ким?-дешет. Эки бечара:
- Бул баягы качып кеткен Жоомарт хан, кармап алдык, ханга алып баратабыз,-дейт.
Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет. Жолдо баратканда дагы башкалар алардан жулуп алып кетишет. Ошентип олтуруп Жоомартты Адил ханга 20-чы киши жетелеп барат. Адил хан Жоомартты зынданга салдырып:
- Ким алып келди?-деп сурак кылат.
- Жоомартты мен алып келдим,-дешип баягы биринен бири жулуп алышкан жыйырма киши чуулдашат.
Адил хандын жигиттери Жоомартты зындандан чыгарып келишет. Адил хан ким кармап келгенин сурайт. Мени булар алып келишкен жок, мени кармап сизге алып келатканда мына бул кишилер кемпир, чалдан зордуктап тартып алышкан, эмгек мына бул бечаралардыкы деп, кемпир менен чалды көрсөттү. Адил хан кемпир, чалга Жоомарттын салмагындай алтын берет. Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып, кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт.
-Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат,-дейт Адил хан. Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет. Адил хан “ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы”, дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.

#79 03 June 2015 - 16:53
Бака терек
Илгери-илгери өткөн заманда бир кемпир-чал жашаптыр. Алардын карыганда көргөн, кудайдан тилеп алган, мазар кыдырып, жер кезип жүрүп тапкан бир жалгыз көзгө басар уулу болуптур. Бирок уул ата-эненин тилегин, мээнетин ак табай адепсиз, айтканын кылган ээн чоку, ээн баш бала бо луп чоңоет. Күндөрдүн биринде үйдө отун калбай калгандыктан энеси уулуна жалыныпжалбарып жатып, токойдон отун алып келүүгө жөнөтөт Бала жолдо бара жатып, карыган ата-эне син каргапшилеп, жаман сөздөр менен сөгөт. Ошондо мындай каргыштан, адепсиз сөгүштөн кулагы уялганбы, кудай жубарымбектин басып бара жаткан жеринде колунбутун тырыштырып коет.
Тырышып калган бала кыймылга кел бей, жерге бакадай болуп жатып калат. Күн кечтеп калса да отундан кайтпаган баласынан каба тырланган ата кеч киргенде уулун издеп жөнөйт. Баягы жерге келип уулунун абалын көргөн ата ыйлапсыктап, эмне болгонун сурайт. Бирок, бала жалдырап эч кандай жооп кайтара албайт, атасы уулун жонуна көтөрүп үйүнө келет. Муну көргөн эне ботодой боздойт. Ошентип, бала төшөктөн турбай калат. Арадан бир жыл өтүп, баланын абалы начарлагандан на чарлайт, бирок оңолбойт. Дагы деле баштагыдай сүйлөбөйт, бакадай болуп жатканы жаткан. Карылыгы жетип, чалкем пир да катуу ооруп калат. Өзүнүн оорусунан, баласынын абалынан, күндө төккөн көз жаштан арыган эне кудайдан жалбарып суранат. Ээ, кудай, балам тирүү болуп тирүүнүн санында жок же өлүктүн санында жок. Минтип кыйнагыча алып тынсаңчы. Биз өлүп калсак уулубуздун көргөн күнү не болот, деп жа ратканга жалынып, жалбарат. Күндөгүдөй эле эрте туруп баласын караса уулу ордунда жок. Кемпир чалын тургузуп, экөө биринбири жөлөптаяп, сыртка чыгып карашса, үйүнүн дал маңдайында бир ийри дарак пайда болуп калыптыр.
Эне зар какшаган үнү кудайга жеткенин билип, жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтат. Ошондо баягы терекке басып келип, аны акырын сылап: Айланайын, бакадай балам, тирүүңдө өз ордуңду таба ал бай, кеч да болсо бир жерден байыр алыпсың. Мейли эми, тамырың өсүп, көбөйө бер. Жашыңда жакшылыгыңды эч кимге тийгизе албадың, эми көлөкөңө адамдарды тартып, аларга ыракат тартуула, көп жаша, деп батасын берет. Ошол күндөн упгул күнгө чейин бул терек «бака терек» аталып, өзүнөн өзү тамырлап көбөйүп, элге саябанын жаап келет.

#80 03 June 2015 - 18:24
Ними ними ними нот менин атым том ти тот
Откон заманда бир токуучу жашаптыр. Анын жалгыз эрке бирок ашкан сулуу кызы болот.ал бой жеетип,турмушка чыкчы кез келет. Бирок жан адам келип колун сурабайт. Анткени анын колунан эч нерсе ккелбесин билишчу. Токуучу ары ойлонуп, бери ойлонууп акыры терезенин тубунно олтуруп ийигин коолго алып ырдай баштайт. Менин кызым токуучу, Колу алтын ууз,чебер. Бир кундо 3 байпак токуйт-деп мактап ырдайт. Бир куну хаандын уулу отуп баратып токуучунун ырына кулак туруп калат. Анан токуучунун кызын коргонго ашыгып келет. Чындыгында кызды коруп ашык болуп калат. Аз отпой салтанаттуу турдо той кылып кызды алып кетет хансарайга. Бирок ал кыздын токуучулук онорун коруш учун 3 кунго 9 байпак токцганга тапшырма берет. Кунуго 3тон ттокуп бересин деп тапшырма берет. Эгер ушул чын эле колундан келсен сени менен туболук болом деп хандын уулу жиптерди алдыртып даярдвп берип кетет. Кыз аябаган двй ыйлайт. Озунун эч нерсени уйроеуп албаганына катуу кайгырат. Ошентип отурганда кайдан жайдан бир кичинекей кара шайтан пайда болот да -эгер сен менин атымды таап алсан мен сага жардам берем дейт. Кыз 3кундон кийин айтам ага чейин сен мага 3тон кунуно байпак токуп келип тур-дейт. Кара шайтан-макул уч кундон кийин таппасан хандын баласына озум тийип аламын дейт да коздон кайым болот. Эртеси хандын баласы келип байпактарды алып кетет. Экинчи куну да келет. Анан кутулбогон жанылык айтат. Билесинби, жолдо келе жатып мен бир чункурчада токуп отурган бир кара шайтанды кордум ал озунчо элк жыргап каткырып-ними ними ними нот, менин атым том ти тот, ушунча кылымдан бери менин атымды эч ким таба элек деп аябай кубанып жатты. А мен аябай анын жоругуна кулкум келди-деп чыгып кетет. Санаа тартып отурган кыз бул жанылыкты угуп аябай кубанат. Эртеси кара шайтан акыркы пайпактарын бутуруп алдып келди да сурады-кана таптынбы? -Ними ними ними нот сенин атын том ти тот-деп шыр эле жооп берет. Мындайды кутпогон кара шайтан бааа деп бакырып барып тарс деп жарылып кетет. Ошееннтип токуучунун кызы бактылуу жашап калат.

Супер-Инфо
super.kg
видео