КЫРААН
Күмүш мөңгүлөрү күнгө чагылыша жалтырап, ала булутка тумандаган чокулары көк челе шаңкайган касиеттүү Ала-Тоо. Этегинде ыйыктыгы андан кем эмес, алпейим чалкыган көпкөк Ысык-Көл. Бийиктен караганда ал, токойлуу тоолор менен кемерленип,
Күндүн жалтыр нуруна чагылышкан Көл чөйчөктөгү мелт-калт эткен сымаптай көрүнөт. Ошондой, ыйык өрөөндөгү бийик, жалама аскалуу капчыгайды бүркүттүн кайталай шаңшыганы жаңыртты. “Клак! Клак!” деген шаңдуу да, өкүмзар да дооштон жан-жаныбарлар түгөл селт этип алышты. Жүрөктөрү зааркана дүпүлдөп, кан тамырлары лакылдап асманды текши жалт карашты. Анткени, ал үн асман паашасы – бүркүттүкү болучу! Бүгүнкү шаңшыганы өзгөчө – өкүм, ызалуу да, ачуу да эле. Неге?
Күңгөй кырка тоосунун калдайган караандуу ириси да, касиет баккан кубаттуусу да болгон Кес-Сеңирдин Бүркүт -Уя аталган тик, жалама көк аскасынын бооруна салынган эски уясында карт бүркүт канаттарын калдаңдата кагынып, ошентип шаңшып алды. Төбөсүндөгү түпсүз көк асманды, артындагы заңкайган кубаттуу тоолордун зор кубатын, алдындагы чалкыган көпкөк көлдү жон териси менен сезип жатты. Бул, кенен, түбөлүктүү,
керемет жарык дүйнөнү акыркы ирет көрүп, кош айтышып жатканына ишене албай турса да, ал, өзөк өрттөгөн ачуу чындыкты жүрөк толтосунан түпөйүл туюп турду. Тирүүлүктөн акыры кол үзүп, түбөлүккө, эзели кайрылгыс, жок болуп кетээрине кайсыл пенде ишенмек. Жарык жашоодон ким эле кетейин десин! Бирок, ажал ак. Ал, улуу Акыйкатка моюн сунбаска арга жок! Акыры ал арман ар бир жандуунун башына келбей койбойт. Жаралуунун жоголуусу, келгендин кетмеги бар. Кимдин улуулугу менен пастыгы ошол, соңку сапарына кетээринде иргелет. Ал, ачуу чындыкты ким кандай кабыл алат? Ажал менен бетме-бет арбашып чыкканда ким пастанат да, өтмүш өмүрдөн кайрылгыс өтүп баратканда ким акыркы, улуу жеңишине жетет. Пенденин кимдиги ошондо!
Ошентсе да үмүт чиркин үзүлбөйт тура! Каруудан кайтып, мүрүсү чыккан калдайган канаттарын толук жыйганга дарманы келбей, күнү кечээ эле каалагандай кайкып учкан асманына атырылып чыгууга умтулгансып улам жүткүнө октос берген карт бүркүттүн сүлдөрү кеткен менен көздөрү гана демейдегисиндей сүрдүү, өткүр. Бирок, анда да ачуу арман, өкүт катылуу. Атаңгөрү!
Түпсүз асманды аралай учуп, толук өкүмдарлыгын жүргүзгөн баягы, жаштыгы, жок дегенде беш түлөк курагы болсо кана?! Ал, улуу кезеңдин бир ирмеми эле кайрылып келсечи, арман! Канаттарын калдайта жайып, өзүн дүйнөнүн жалгыз ээси сезе учу-кыйырсыз асманды бир чарк айлана учуп, өкүмзар шаңшып албайт беле. Аттиң, ар бир көз ирмеми баа жеткис асыл өмүр кезеңи колдо турганда бааланбай калат тура.
Ошентсе да улуулук сүрүнөн кайтпайт!
Бүркүттүн өкүм үнүнөн суурлар томпоңдой ийнине качып, шалпаң кулак коендун жүрөгү үшүп, көздөрү оготөтөн алаңдап, алтургай Алатоонун ой-кырына өз бийлигин салган көкжал да кооптоно асманга жалт карады. Жок. Көк асманда канаттарын калдайта жайып, каалгый, айлана учкан демейки сүрдүү караан көрүнбөйт. Асман паашасы анда неге шаңшыды? Дагы кандай балээсин баштап туру? Анын ал-күчтөн тайып, армандап турганын ким билмек. Каалаганын илип алар кубаттуу чеңгели уясындагы куураган чегедектерди араң тутамдап турду, кулап кетпей. Атаңгөрү!
Ошол, көпкөлөң кезекте канатташ учуп келаткан жаш түгөйүнө мактана коем деп капылет торго түшкөнүчү!
Карт бүркүтчү тону менен баса жыгылганда ал, арзытканынын айлана учкан элесин көк асмандын бетинде акыркы ирет бир көрүп калды! Аны ошол бойдон жоготту. Канчалык ичинен имерилген менен ачуу акыйкаттан аргасы жок ал, сапарын улай учуп кете бербедиби!
Ал да туура. Өлгөндүн артынан өлмөк — акылсыздык.
Жашоону улагандын өзү эле эрдик. Акыры бир күнү түбөлүк кол үзүп кете берээрин туюп туруп жашоо, ошондо да намысын бийик тутуп, үлгү болорлук өмүр сүрүү эки эсе эрдик эмеспи! Антүү нагыз кыраандардын гана колунан келет. Баса, кыраан демекчи, ошол, торго алгач түшкөндө тону менен баса жыгылган чокчо сакал ээси ачып, карабай жатып эле “кырааным, айланайын кырааным” деп, чечекейи чеч боло сүйүнбөдү беле. Көрсө, сыртынан небак эле багып, көз артып жүргөн окшобойбу!
Айдарбек Сарманбетовдун аңгемелери Кызыктуу аңгемелер
#2 04 June 2015 - 02:56
Анан ээси экөөнүн эрөөлү башталды. Адам пендеси бүркүттү караңгы кампасына камап, тууруна кондуруп коюп, ачкачылык менен кайыктырды.
Анысы, арам этинен арылсын дегени эле. Эч кимди эгем деп тааныбай, ээн асманда эркин дооранын сүргөн кыраан бир канча күн биресе ызасынан, биресе куру суудан бөлөк эч тамак жоктугунан оозуна наар албай, качан гана алдан тайып, алсыраган денесин муздак тер басып, калтырап калганда ээси келди. Эшик калдырай шарт ачылып, нечен күн көрбөгөн жарыктын жалтыр нурларынанбы,
же өзөк карарткан ачкачылыктанбы көздөрү тумандап, ээсинин сөлөкөтүн араң баамдап, тааныш үнүн эптеп эшитти. Канаты менен кагып, же темирдей курч текөөрүн шилтегенге дарманы жетпей калган. Алаңгыр көздөрүн жалт-жалт алаңдаткандан башкага жараган жок. Ошондо кыраан канчалык өзүн шер сезген менен эмки жашоосу, тагдырынын боосу эми биротоло ушул адамдын колуна өткөнүн анык туюп, армандуу моюндады. Антпеске аргасы канча! Кааласа бу адам минтип ачкалык менен эле мертинтип коет тура. Жоон билегинен калың кайыш боо менен тууруна байланып, асманынан ажыраган бүркүт жер үстүндө адамдын өкүмзарлыгын даана туйду. Эрөөлдө жеңилди, ача буттуу адам асман паашасын утту. Торго чалынганда калдактап, адамдын кучагынан кутулуп чыгууга жандалбас уруп, көзүн да чукуп алуудан кайра тартпаган бүркүт эрегишүүнүн эми майнапсыздыгын даана туйду.
Ошотапта кыраандын дилинде багып турган купуя оюн туюп тургандай ээси:
– Кел, эми, кырааным, тирешпей, бу жазмышта эриш-аркак бирге бололук! Эрегиштен эр өлөт. Экөөбүздүн бирибиз өлгөндө экинчибизге не пайда? Сен менин намысымды алып бер, мен сени кордобоюн, кырааным! - деп, алайган оттуу көздөрү менен саал тике карап туруп, колундагы жаш этти шамшардай курч ийри тумшугу менен жулуп ала, лак-лак жутуп кирген бүркүттү башынан аяр сылап, — Айла-анайын, ыраазымын сага, кырааным! Антташкан дос бололук! – деп, капыстан эле жашый кетти. Эмнеге, түшүнүксүз. Деги, адамдарды билип болбойт. Ээсинин жумшак, аялуу үнүнөн бүркүт жакшылыктын жышаанын сезип, каарынан кайтты. Ошону менен шерт бүттү. Унчукпай түшүнүштү.
Бир апта өтүп-өтпөй ээси бүркүтүнө алаңгыр көздөрүн жаба томого салып, чыканагына чейин келген калың тери мээлейине кондуруп алды да сыртка көтөрүп чыкты. Канаттарын калдактата күүлөп, таза абадан көкүрөк кере кенен жуткан кыраан тез эле кубаттанды. Камыга түшкөн экен. Ээси улам мойнунан сылап, канаттарын салаалай тарап, өзүнчө жалынып кыйла басып жүрдү. Анысы үнүн кулагына сиңдирип, өзүнө үйүр алдырып жатканы эле. Айбан менен адамдын айттырбай түшүнүшүүсү ошондон башталат эмеспи. Демейде желке жүнү үрпөйүп, жаалы чыга түшчү бүркүт эми антпей, жоошуп, көндү.
Дагы бир жумадай өтүп ээси кезектеги кызыгын баштады. Жоон жипке кызыл эт байлатып алып артынан сүйрөтүп, баласына ат ызгыта чаптырып, өзү айыл четиндеги окчундан бүркүтүнүн томогосун сыйрып, зуулаган этке серпип, аң алганды, аны кайра ээси келгенде гана кое берип ыроологонду үйрөттү. “Пө! Пөлөп” чакырып, ээсине кайтканды, колуна конгонду үйрөттү. Ошентип, эки ай айланбай, адам баласы акыл-амалы менен асман шаасын биротоло качкыс кылып жипсиз байлап алды. Экөө айрылгыс, кыйбас шерик болгонго жетишти. Эң башкысы, бири-бирине ишеништи, сыйлашты…
Кийин, бүркүт табына келип, тоо-ташта далай аң уулап, нечен жылдарды карытканда адам аны “досум, жан биргем” дегенге өттү. Анан эмне, томогосун башынан шыпыра берип, сермегенде эле көзү көргөн аңын куткарбай баарын алып берип жатса! Түлкүнүн калтарына, бөрүсүн дөбөтүнө чейин алып берди. Тоо-ташта болсун, же чуулдаган атмайдандагы майрамдардабы ээсин бир да жолу намыска сындырбады. Ошондо да амалданып, ичи тарыган көрө албас курдаштары бир жолкуда “эр болсоң текеге салчы, мактаган бүркүтүңдү көрөлүк” деп жаалашканда да ээси томогосун бир шыпырып, көздөрү чагылыша түшкөндө ээсинин намысы жалындай жанып, өлүп берүүдөн да кайтпай жандүйнөсү оттой күйүп, зор үмүт, ишеним артканын бир ирмемде туйду. Жан бирге болуп калган экөө дагы да бири-бирин айттырбай түшүнүштү! Канаттарын калдактата күүлөп, асманга кайый уча бергенде эле кайберендер да алгыр бүркүттүн көзү дал өзүлөрүн мээлегенин туюп шагылдарды шалдыратып аска таяна жапырылып кача берди. Ээмдин намысын жана да бир алып берейин деген кыраан, эң эттүү, нечен муундалган мүйүзү аркайган ири текени тандай шукшурула барып моюн-соорудан чапчый чеңгелдеп саал жерден көтөрдү да туягын жерден ажыратып, аскадан ары таштап жиберди. Жандалбастай тыбыраган теке ачуу маарап баш-аягы аласалып кулай берди! Бүркүт анын жерге “дүп” эте түшүшүн күтө саал кайкый учту да, ээсинин колуна калдактай келип кайра конду. Уйдун калың терисинен ийлене тигилген мээлейди тутамдай кармап, ээсинин колун бөтөнчө кыса кармады. Ал, ишенимиңди аткардымбы дегени сымал эле. Аны ээси түшүндү. “Айланайын кырааным, менин пирим!” деп анын ийри тумшугунан кайталай өөп жиберди. Көздөрүндө ысык жаш каканактап толуп кетиптир!

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#3 04 June 2015 - 02:57
Ошондон кийин ээси аны кайрылып аңга салган жок. Анты болот деп ырым кылды. Кырааны алып деле бермек, каалаганын,
ал, табына анык келип, ал-кубаты денесине сыйбай, толуп-ташып турган. Бирок, антпеди. Алгырын сыйлаганы эле. Кайберенден кийин макирөө түлкү же кайсаңдаган карышкырга салмакпы!
Ал, тайкылык, сыйлабастык болмок. Жок, ошол бойдон эле кыраанын атайын салган жертөлөсүнө биротоло камап, камыктырып да койгон жок, жайкысын да, кыштын кыраан чилдесинде да түлкү тебетейин, кара күрпөң ичигин калдайта кийип, кыраанын колуна кондуруп алып, атын шайдоот темине курдаштары менен аң уулоого алып барып жүрдү. Бирок, башкаларчылап аны айгайлай сүрөп, аңга салбай койду. Антсе эле башкы мөрөй экөөнүкү болмогун баары жакшы билет. Кырааны теңдешсиз теке алып бербедиби!
Эч кимиси ага теңеле албайт! Баарыдан башы бийик, атагы артык! Бир жолу…
Кеч күз эле. Ээси адатынча ичинен тап дулдуюп, аңга чыгып калды. Көздөрү шойкомдуу. Уу-Таш тарапта кыйды калтар пайда болуптур. Эч кимге алдырбай коет. Бостери, биягы Чоң -Сары-Ойдон бери мыкты делген төрт-беш мүнүшкөр макулдашып алып, таң эрте бүркүттөрүн калдайта кондуруп, шайдоот чыгышкан. Калтарды кимдин бүркүтү качырбай алып, өтө сейрек, не бир кымбат терини да, атакты да алаар экен деп ичтеринен тынган менен, баары сыртынан сыр бербей бажакташып күүлүү. Дээрлик бардыгынын өз бүркүттөрүнөн ишеними чоң. Ошентсе да бири-бириникин сынай да, кооптуу да карашып ичтен тап. Албетте, Буйлаш кыраанын салаар бекен, салса да качан, акырында салабы, же… деген убай, коога баарында күч.
Мелжеп келаткан кыраңдан кара калтар булак этип көрүнө калганда эле Бает айылынын мыктысы делген жаш мүнүшкөр чапчаңдык кылып, кепке алаксып келаткан аксакалдардан озунуп, бүркүтүн серпип калды! Аны алыстан баамдап калган калтар бадалдарды беттей ызгып берди. Бүркүт коебу, жебедей шукшурулуп мына жете берип, илип кетээринде калтар топтошо өскөн алачыктай төө куйруктардын түбүнө жата калды. Өзүнүн чамасын да, убакыт мерчемин да так болжогон экен, эргул! Куп жетишип калды. Амалга алдырган бүркүт шыпшыны сууп, төө куйруктардын үстүнөн калдактай кайып барып окчундагы чулу ташка барып соксойуп олтуруп калды.
– Чамасы чарк экен. Табына келе элек тура. Ашыгып салып коюпсуң.– деп алды мүнүшкөрлөрдүн карысы, Чалагыз аксакал. Калганы деле ошондой ойдо болсо керек, эч кими үндөшкөн жок.
Жаза тайган бүркүттү алып, түлкү кирип кеткен төө куйруктарды айланып мыш болгон баеттик жигит канчалык айгай салып, таш ыргыткан менен ал, жаны таттуу жаныбарды сыртка чыгара албады. Анын да бүркүтү сымал чамасы чарк экени байкалып калды. Айрыкча, аксакалдар анын бул кылыгын жактырышкан жок.
Жаш жигиттин жосунсуз жоругунан шаабайлары сууй түшкөн мүнүшкөрлүр чай ичип алмакка маңдайкы кашарга бет алышты. Баары үнсүз, ичтен тап. Бушайман. Күндүн соңу кандай болор экен, кыйды калтарды кимдин бүркүтү алат? Кудай берип, менин… деген үмүт баарында. Кашарга жеткидей болушкан жок. Намыстанып калган баеттик жигит улам артына кылчак карап келаткан эле, капыстан кыйкырыгы чыгып калды:
– Ана! Чыкты!.. Кетти!
Баары жалт карап, көмүрдөй кара, куйрук-бою суналган калтардын чымынкуюн түшүп, тоо беттей безип баратканын көрүнтү. Кезектеги дагы бир бүркүт серпилди. Алалбады. Ой-бо-ой! Демейкисинен өзгөчө, куйругун булактата көтөрүп алып качып бараткан неме, төбөдөн шукшурулган бүркүт куп куйруктан илип кетээринде чычайган куйругун жыя салып таштардын коңулуна култ этип кире качса болобу! Ой, тобо! Мындай амалкөй болорбу!
Калтар кайрадан таш аралай тоо таянып ызгыды. Ага серпилген бүркүттөрдүн кийинкилери да алалбады. Таштай атылган алгырлар шуулдап келе бергенде жакынкы таштын далдасына жата калып, буйтай жөнөйт. Качан өзү эле калганын туйган Буйлаш акыры күткөн кезегинин келгенин сезди.
– А, барбардигер! – деп, кыраанынын томогосун шыпырып алып обого серпип калды. Күтүүсүз жарыктан көзү карыга түшкөн бүркүт асманга каргып, көзү көнгүчө болбой, жан сабап качып бараткан кара калтарды көрө койду. Кыраан кыйлага көтөрүлүп алды да аны мелжеп, шукшурула таштай урулду. Ай, кеч болуп калган экен! Кыраан аркан бою калганда калтар калың бадалга кире качты. Бир көз ирмем гана эртерээк болгондо… Асманга кайый берген бүркүт аңгыча тайыз коктуда өнтөңдөп жүргөн белгисиз жандыкты көрө койду! Ал, кызыл теричен неме бирде томпоңдой жортуп, кайра токтой калып жер челип, бир нерсенин кызыгына катуу баткандай. Болду-болбоду, ээси жанагыл, бадалга жетип калган калтарга эмес, дал ушул сырдуу жандыкка салса керек деген бүркүт ага октой атыла жөнөдү. Не болсо да аны алуу керек. Ээси үчүн! Куру кайтпоо керек. Эч качан! Шамаал кулакта ышкырып жатты…

#4 04 June 2015 - 02:59
Ал, томпоңдогон “кызыл жандык” Кыдык чал болчу. Жакадагы дүкөнгө барып, үйүнө чай-чамелек алып келаткан. Көрсө, куржунунун түбү тешик тура. Алган чакмак кант, момпосуйлары жолдугата бирден чууруп түшө берген экен, байкап калып кайра терип жүргөн болучу. Алыстан кыйкырык-чуу чыгып, коогалуу бир нерсенин катуу шуулдап келатканынан улам кезектеги момпосуйга эңкейген денесин түзөй берип артына кылчайды эле, аттарын катуу теминип, камчы булгалай чаап келаткан бүркүтчүлөрдү көрдү. Ага удаа эле жанагыл шуулдак жете келип, ийинден ачуу апчый өтүп кайый берди. Ал, кыраан болчу! Кызарган “жандыктын” адам экенин байкай коюп, катуу күүлөнүп алгандан чукул багытын бура албай, кишинин ийнин такоол кыла тээп алып асманга кайра кайыган эле. Кыдык чалдын кызыл чепкенинин сол ийни чеңгелине кетти. Бүркүттүн катуу таканчына туруштук бере албаган ал бейпай сүрдүгө жыгылып, эки-үч аласалып кетти. Эсинен айрылып, дагы не балакети болуп кетет деп дапдаарып, коркуп калган чүкөдөй абышка эсин жыйып, ордунан тургуча бүркүтчүлөр шатыра-шатман жете келишти.
– Ой, бу Кыдык тура…
– Атааңдын көрү…
– Эмне кылып жүрөсүң, ой, жарыктык, бу ээн тоо-ташта?!
– Киши кийик болоюн деген го, карыганда. Ха-ха-ха!..
– Ой-бо-ой! Кырааның мыкты экен, кишиге кол салып…
– Көргөнүнөн кайтпай, табында экен!..
– Бали!
Бака-шака түшкөн бүркүтчүлөр ал күнү куру кол кайтышкан менен, амалкөй калтарды кыраан бир жума өтүп, ызаланып калган ээси биринчи кое бергенде эле алып берди. Мурдагысында деле саал эрте болгондо аны кутултмак эмес. Ажалынын анык келгенин туйган калтар жан айбатын жасап, бүркүт ач тырмагын саларда артына чапчаң кайрылып эки бутуна тура калып ырылдай тиш салса болобу! Бирок кыраан шамдагайлык кылып андан озуна тумшуктан кабыштыра кармоого үлгүрдү…
Дагы бир жолу…
Жан-жаныбарлар түгөл ачыгып калчу эрте жаз эле. Албетте, алгырлардан башкалары. Алар күнүгө аңга чыгып, олжосунун ысык этине кана тоюнуп жатса кайдан ачыгышсын.
Буйлаш бүркүтүн кампасындагы тууруна кондуруп коюп, кадимкисиндей багып жаткан. Кышы бою жаңы эттен өксүткөн жок. Түрдөп берди. Антпесе табын бузуп алмак да. Айрыкча кыраандарды бапестеп багып, сыйда мамиле жасабаса алар бат эле эле үрпөйүп, каруусунан да, табынан да кайта түшөт. Оюндагысын орундап туруу керек. Алтургай мыкты мүнүшкөр алгырынын каалаганын алдын алып багат.
Бир күнү түш оой Буйлаш келип адатынча кыраанынын томогосун алып, али жылуусу кайта элек бир кесим этти карматты. Маалы келип, тамак күтүп жаткан бүркүт өткүр тырмактары тарбайган карылуу колдору менен этти чеңгелдей алып, уучуна ыңтайлап алмак болуп копшолду эле, капыстан жерге түшүп кетти.
– Эк, ата-а, болор-болбос кыштан жүдөп, табыңдан кайтып калган белемсиң, жаман арам! – деп, негедир кыраанын баштагысындай эркелетип, кастарлабай, билегинин сырты менен моюн талаштыра кагып жиберди! Мындайды эзели күтпөгөн бүркүт тең салмагын жогото канатын жая калдактап, кыска байланган туурунан аз жерден кулап кете жаздады. Анда эле каруусунун булчуңдары чоюлуп, кыйлага забын тартып калмак. Эзели ээсинен кагуу жеп көрбөгөн бүркүттүн ызасы башына тээп, өзүнө өзү ээ боло албай канаттарын калдаңдата күүлөп-күүлөп алды да ээсин ийин талаштыра удаама-удаа чаап жиберди! Буйлаш камгактай ыргып, капталдай жыгылды. Мындай айбатты түк күтпөгөн ал, бүркүттүн канат кагуусунан чаңы сапырылып чыккан кампанын босого туштагы бурчунан ызырына сөгүнүп, бозала чаң болуп тура калды да, колуна кокус уруна түшкөн төө тикенден жасалып, короо шыпырчу жаман шыпыргы менен бүркүттү жон талаштыра уруп калды.
– Э-энеңди!… Кантет?! Акмак го! Ээсине кол салып жинди болгонбу? Кутурган экенсиң!.. – деп бакылдап, шыпыргысын ыргытып жиберди да калдактай чыгып кетти. Каалга артынан катуу жабылганда ачытылган ашаткыдай жагымсыз, чоочун жыт бур этти. Бу неси? Эми эмне кылар экен?

#5 04 June 2015 - 03:00
Ызасы кыйлага тарабаган бүркүт туурунда улам копшолуп, улага тарапты жалт-жалт карап ээсин коога тарта күткөнү менен ал кайрылып келген жок…
Мезгил көчү тынбай уланып, жай да келди. Мүнүшкөр менен бүркүт эзели ортолорунда эч нерсе болбогондой сыр беришкен жок. Рас, баягы, бири-бирин ызалаган капсалаңдуу күндүн эртеси таң заарда эле Буйлаш кампага баш багып:
– Кечирип кой, кырааным, мени. Бозого чоң тоюп алган окшобоймунбу карыганда, Кудай уруп… Эрлердин ортосунда мындай майда-барат боло берет. Элдешелик. Кек сактаба. Мен сени кандай сыйлаарымды билесиң…– деп сүйлөнүп, бүркүтүнүн моюнун эркелете сылай тарап, томогосун алып, көзүнө күнөөлүү тике караган. Ээсин аяп, анын сунган сулп этин суз жеп, бүркүт сыр берген эмес. Бирок ачуу ызасы ичинде калган эле…
Көпкө дейре канат күүлөп оболой учпай, бүкшүгөн кампада камыгып калган бүркүттөрү бир черден чыгып алсын дегенби, күндөрдүн биринде бостерилик чоң мүнүшкөр, айтылуу комузчу досу Чалагыз менен Буйлаш аттарын жеңил токуп, заңкая көк челген тоону беттей чыгышты.
Бүркүтчүлөр көп деле жүрүшкөн жок, демейкидей айгайлап сүрөөнгө алып, артынан атын камчылап бүркүттөрүн мурдатан акмалап жүргөн аңына деле салышпады. Тоо этектей келгенде ылдыйда мемиреп, чалкый жаткан Ысык-Көлдү беттете Чалагыз аксакал бүркүтүн кое берди. Ээсинин мерчеген аңы жок, таза абага өпкөсүн тазалап, канатына кубат алып алсын деген ой менен кое бергенин туйган бүркүт канаттарын калдактата төмөнтөн урган желди беттей күүлөп, тээ бийикке көтөрүлүп, эки ирет айлана учуп алды да денеси жибип, каны суюлганына маашырлана кайрадан мүнүшкөрүнүн колуна келип конду. Анан Буйлаш кыраанынын томогосун алып, абага серпти. Кампада кыйла олтуруп канаты талып, каны уюй баштаган кыраан жаңкы бүркүттөй жайыла учуп, черин кандырбастан көп деле алыстабай кайрадан ээсин беттей шектүү бурулду. Кыраакы мүнүшкөр Чалагыз бир шойкомдун болорун боолголой коюп:
– Ой, Буйлаш, бол, жашын! Мунуңду таарынтып койгонсуң го, ызаланып калган тура! – деп, айгайлап жиберди. Болбоду, Буйлаш өткөндөгү күчтүү бозонун күүсү менен кыраанын таарынтып койгонун дароо эстеп, аттан шыпырыла түшүп жакынкы казанбак таштардын арасына жашынганга үч-төрт кадам жеткирбей, жедеп саресеп болуп бүткөн бүркүтү артынан шуулдай жете келип, далысынан баса жыгылды! Буйлаш жер сүзө жыгылды! Кың этпеди. Анысы өз айыбын сезгени эле. Тек, бүркүтү кегин кантип, канчалык алаар экен деп гана бушайман тартып бүктөлө жатты. Эгерим, чеңгелин катуу кысып эле койсо жонундагы чепкени анын ачуу, шамшардай курч тырмактарына такоол боло алмак эмес, шибегедей көзөмөк. Антпеди, кырааны. Канчалык катуу намыстанып, кектесе да ачуусун өз кезинде баса алды, эми дагы ызама тийе турган болсоң моминтип эле оңой өчүмдү алып коемун дегендей сыр кылып койгондой. Көмкөрөсүнөн түшүп, деги бети-көзүм аман калгыдай эле деп чепкенинин жакасы менен бетин чулгай калганга үлгүргөн Буйлаштын алдында жатканына маашырлана учкундуу көздөрү менен бир шукшурула карап алды да, моокусу кангансып “клак!” этип, канат сермеп жакынкы ташка калдактай барып конду. Чын эле чоң балээден кутулдумбу деп ишеңкиребей, жону бүркүттүн оор жүгүнөн арылганын даана сезип турса да ал, амалданып, көзүмдү оюп албагай эле дегенсип, тумчуланган чепкенинин жакасынан акырын шыкаалады.
– Ой, жамансары, тур! Аман калдың! Охо-ой! Оңой кутулбадыңбы. – деп бакылдаган Чалагыз курбусу жете келгенде санаасы тына түшүп, Буйлаш ордунан онтолой тура келди. Анын кызылжаян бетин көрө сала:
– Ой, кокуй! Бу жырткыч кылгылыгын кылган тура! Деги, көзүң аманбы?! – деп, Чалагыз чырылдап жиберди. Жарыгынын булагы соо экен. Ысык кан жошолоп турса да көзү көрүп турганын сезе коюп, Буйлаш шүгүрчүлүк кылып, кубанып алды. Бетинин шылына түшкөнү кеп эмес, жаагы тырыйса да жарык дүйнөнү көрө алат! Ийме канжардай курч текөөрү чалып кетсе керек, жаагы кулагынын учунан чыкыйына дейре шылына түшкөн экен, териси алжайып, кызыл кан шорголоп турса да, калтыраган манжалары менен жаагын сыйпалап көрүп:
– Үх! Кексе кегин алды! – деп, күңкүлдөдү.
Чынында эле ээсинин канына забын кылууну кыраан ойлогон да эмес, тек кыр көрсөтүп коеюн деген. Сол чеңгели менен далысынан чапчып, оңу менен кежигеден чепкенин тутамдайын дегенде ээси күтпөгөн жерден башын чулгуй, көкүрөгүнө жүз катып жибергенде четки салаасы жаза тайып кетпедиби, кашайып. Дагы жакшы, ээсинин көзүн кашайтып алса эмне болмок. Курбусунун тердикти жыра тартып булайган кебезинен үзүп ала коюп ширеңкеге күйгүзүп, көк түтүнү басыла электе Буйлаштын жаратына басып жатканын көрүп, бүркүт күнөөлүүдөй башын жерге сала копшолуп алды.

#6 04 June 2015 - 03:02
Ошо менен кек бүттү. Ызасы таркап, деми басылды. Кайрылып ээсине кыраан айбат кылган жок. Жаагындагы алакан отундай тырыкты көргөн сайын гана ичинен өкүнүп ала турган. Буйлашка да чоң сабак болду. Мурдатан канчалык уккан менен, бүркүттүн мындай өч алаарын, кекселигин өз башынан өткөрүп көргөн эмес эле. Биринчи да, акыркысы да ошол болду.
Ошондон дагы үч жылдай ээсине кол салгандан да кайтпаган эр жүрөктүү накта кыраан делип, аймактагы эң атактуу бүркүтүн бапестей багып, көпчүлүк көзүнө сыймыктанып жүргөн соң, бир жолку жазда негедир аны айыл четине чейин жөө алып чыкты да томогосун шыпырып, жоон билегин кыса байланган кайыш боосун чечип:
– Эми сени затыңа жараша төтөн сыйлап, бага албай калдым, заман аңтарасынан түшүп калбадыбы, жаңы эт бергенге жарабай… өз оозубузга таба албай калбадыкпы, эми мага таарынба, кырааным, сени кордобоюн, түбөлүккө сага ыраазымын, бир жолу да намысымды сындырбадың, бийик башымды жер караткан жоксуң, алтургай кол салганыңан да атагым артты, эми өз жашооңду кыл, артым туман, убалыңа калбайын, кайыр кош!. – деп тумшугунан жана бир өөп алды да каканактап жаш толо түшкөн көздөрү менен адаттан тыш бүркүттүн көздөрүнө сугула карады. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү! Ызаат-сый, ыраазычылык экөөндө тең мелт-калт толуп турду! Санаасы тына түшкөн адам башынан аяр сылап алды да бүркүттү боштукка серпип жиберди. Кетти! Канаттары калдактап, чексиз эркиндиктен башы айлана түштү да адат менен алдыга канат күүлөй берди. Азаттык! Эми акыры-түбү жок асман толук аныкы. Каалаганындай жашайт. Ошол эркиндикти, бакытты акыры берген ээси! Эрки жетти.
Бүркүт тоо беттей канат күүлөп, тээ, чекиттей көрүңгүчө көтөрүлүп, бирок не кылаарын, канатын кай тарапка бурарын билбей калды. Уясы тараптан эч ким учуп чыкпай калганына көп болгон. Аңгырап ээн, кам көрөрү жок каралбай чачылып, кунарсыз калган аны көргүсү келбеди. Анүстүнө, канткен менен ээси экөө эриш-аркак, жашоонун кызыктуу бир мерчемин бирге жашашпадыбы. Эми кантет? Төмөндө, жашыл ыраң бетинде кара чекиттей жападан жалгыз калган ээсичи? Эмине күн көрөр экен? Сумсайып кала берди… Чын эле экөө эми кайрымсыз кайра көрүшкүс болуп айрылыштыбы? Неге? Кантип? Бүркүт артына кайрылды. Тээ, төмөндө көл жээктей созула карайган бактуу айылга, анын четинде, ээн талаанын этегинде колун серепчилей асманга тигилгин ээсин көрдү да төбөсүнөн эки ирет айлана учуп, ачуу шаңшып-шаңшып алды да кайраттуу тоо беттеди. Баарыбир эркиндик таттуу! Арбаганы арбаган…
– Айланайын пирим, кырааным, кайрылып коштоштуңбу? Мени кыйып кете алган жоксуңбу? Ыраазымын сага. Эки дүйнөдө сени унутпасмын. Эми эркин жаша, Кудайым амир кылган өз тагдырыңды кеч. Кайыр кош!.. – деп жашый күбүрөнгөн ээси чекиттей карайып барып, көздөн учту. Бүттү. Ошол бойдон экөө кайрылып көрүшкөн жок. Ээсинин бүркүттү эмнеге учуруп жибергенинин сыры жыл айланбай эле белгилүү болду. Кыштын кыраан чилдесинде көзү өтүп кетти. Ал, пенде ичээр суусунун бүтүп калганын алдынала сезсе керек. Ал жамандыкты бүркүттүн да жүрөгү сезди. Айылы гана эмес, бүтүндөй аймакка атагы чыккан бүркүтчүнү көрүстөнгө көтөрүп келип, көргө берип жатканда гана асманда ачуу шаңшып, айлана учкан кыраанды көпчүлүк көрө койду!
– Ой! Буйлаштын бүркүтү келди!
– Кана?!
– Тигине, асманды кара.
– А-а, ал, баягы теке алган кырааны тура!
– Кыдыкка да кол салган!..
– Алтургай, Буйлаштын өзүнө да…
– Ооба!
– Чын…
– Тобо! Ээсин билген экен…
– Ушундай да жанбиргелик болот тура!
– Астапырылла! .. – дешип, көк тиктей дуулдап алышты. Ал, чынында эле кыраандын ээсине жасаган акыркы зыйнаты эле.
Мына, эми ошол кыраан минтип, каруусунан кайтып, карылыкка моюн сунуп олтурат. Калдайган канаты асманды албуут жирей, өзүнөн он-жүз эсе оор текени көтөрмөк түгүл, абанын агымына туруштук бере албай кайрылып, ээсин көтөрө алгыс алсыз абалга түшүп калды. Азаттыгын алгандан эки жыл өтүп тапкан экинчи түгөйү да торго түшүп кеткен. Анын көргөн күнү эмне болду экен? Кандай тагдырга тушукту? Ээси кандай чыкты? Белгисиз калды. Кайрылып келген жок. Адам пендеси ар кай амалы менен өзүнө байлап алат тура! Тирүү болсо болгону. Өзгөчө жаркын жан эле…
Карт бүркүттүн ойлору удургуй учуп, тоо жаңырта армандуу дагы бир шаңшып алды. Экөөнүн табышканычы! Кантип унутсун. Эки бирдей мыктынын асман чеги канатташ болчу. Алыстан кыйла байкоос салып жүрүштү. Билишпесе да бири-бирин сыйлады. Акыры, буйрук экен, өп-чаптуу жаздын бир күнүндө экөөнүн көзү бир суурга түшүп, удаа шукшурулуп калбаспы. Ал, семиз суур чегара ортосунда эле. Кыраан алгач жеткен менен тигинин ургаачы экенин байкай коюп, урмат көрсөтө жол бошотуп асманга кайый берди. Тигил да билди, эркектин урматын. Ичинен ыраазы боло аңды илип кетти. Анан, кийинки күндөрү экөө улам барган сайын асманды айлана учуп, жакындай беришти. Бири-бирине тартылышты. Акыры, бир уяга кошулушту. Жылыга экиден балапан табышып, бирден учуруп турушту. Табигаттын улуу мыйзамы экен, алсызын күчтүү балапаны уясынан кулатып салмагы. Күчтүүлөрдүн тукум улантмагы акыйкат тура. Чабалдан чабал тукум калып, аталардын атын булгагыча жогу жакшы экен го!
Эми ошол, бир да балапаны атасын эстебеди. Келишкен жок. Канчалык оор болгон менен ал да мыйзамченем тура. Ар кимдин тагдыры ар башка, ачакей… Өз күнүн көрүп, торго чалынышпаса, кырсыктап, эрте өлүмгө кабылышпаса болгону. Аман болушсун! Ата-энеге ошол бакыт. Атанын уясын басаар бирөө чыгар…
Асман ачык, көпкөк, көз мелжийт. Жайдын саратаны. Жогорудагы мөңгүдөн салкын илеп келип, жакадагы ысыктын аптабы жетпейт. Бүркүттүн өзөгү карарды. Учайын, аңга чыгайын дейт, канатынын каруусуна ишенбейт. Кайрылып келе албачудай. Ит-кушка жем болгуча… Анүстүнө, коңшу жаш бүркүт эртелеп эле анын асманын ээлей учуп калды. Маскаралап, майып кылып коюусу мүмкүн. Жок! Намысты таза, бийик тутуу керек…
Өткөндө, каруу-кубаты кеткен чеңгелинен али жаны чыга элек, чабалактап туйлаган карт коенун чеңгелинде көтөрүп, уясына араң жеткен ошол күнү жолдо кара терге түшүп, нечен ирет “урдум, ушундай кара курсак көр оокатка!” деп, келе жатып нечен жолу коенду таштай салып кете бергиси да келген. Бирок, кара курсагын да кыя алган эмес. Ансыз азаптуу ачкадан өлмөк. Эми ошол, бир жумага узарган жашоого да кайыл болуп турду. Качанкыга чейин ушинтип, көр оокат көрмөк. Же түбөлүктүү, өлбөс болсо бир жөн. Акыры ажалга баш ийбей койбойт. Анда неге азаптанып, жашоонун болор болбос учугуна жандими тырмышат? Уясынан учуп чыга албай, мусапырга айланып, жаткан жеринде заңдап, бок-жинге аралашып калгандан көрө татыктуу өлүү керек. Намысын алдырбай, өлгөндө да башты бийик тутуп өлүү эрдик. Накта кыраандар гана ошентет. Тирүүлүк канчалык кымбат болбосун, ажал улук, акыры албай койбойт. Эскилер кетип, жаштарга өз маалында орун бошотуу, жаңылардын жашоону улап туруусу акыйкат. Ошондо гана жашоо алгалайт. Бирок, тирүүлөр татыктуу өлүмү менен ажалды жеңе алат! Демек…
Бүркүт ой-санаадан эсин жыйганда каш карайып калган. Асман тиреп заңкайган тоолор ого бетер сүрдүү калдайып, арттан күп эттире ылаажысыз басып калчудай демитет. Кечки муздак сыдырым жел чыйрыктыра баштады. Кыраан төшүн кере комдонуп, төмөндө күңүрт айнектей жылтырап жаткан көлдү, анын артындагы тескейдин ак мөңгүлүү көзгө сүйкүм мунарыктаган тоолорун, төбөсүндөгү уч-кыйырсыз коюу асманды куштарлана не бир кусалуу чарпый карап алды да, канаттарын калдаңдата күүлөп-күүлөп, капчыгайды жаңырта ачуу шаңшып, жерге боюн таштап жиберди! “Кош, кымбат тирүүлүк! Жарык жашоо түбөлүккө кайыр кош!!! ”
Кезинде кыйырсыз асмандын падышасы болгон бүркүттүн үмүттүү жайылган канаттары күүгө келе албай артка кайрылып, урган таштай төмөн кулай берди. Кыраан, тик аска ылдый ажалына бет алып баратып, алдыдагы урчук ташты мелжей бой түздөдү… Кыраан – дайыма кыраан!
(аягы)

#7 04 June 2015 - 03:06
ТЕНТИМИШ
Алаамат башталар алдында дүйнө саамга мемирей түшөт деген чын. Анынсыңары, дүйнөсү түгөл ишинен чыккан Турат жазгы таза абадан жутуп, бой жаза жөө баскысы келгенинен машинасын бейгам кетирип жиберип, үйгө, Темир жол бекети тарапка бет алды. Жаздын алгачкы айы аяктап калган. Дарактар жабырата бүчүр жарып, айлана жапырт жашылданып, кыш бою катып калган чымчыктардын тили чечилген мезгил. Эркиндик гүлбагы дал ушул кезде көз кубантып жашылдана баштап, жүрөк жылыта жанданып, балдар менен куштардын чуру-чуусуна толуп… өзгөчө ажарлана баштайт. Анын кумарына кана аралай басып, жаз деми менен ырахаттана кетейин деп гүлбакка бурула бергенинде жол бурчундагы таштанды челегин аңтарып жаткан аялды капысынан көзү чалып калды. Жүдөө, шөлбүрөгөн эски кара кийимчен ал, челектен желим бөтөлкөнү алып чыгып, өзүнө окшогон кир баштыгына салып жатыптыр. Ушундай жагымсыз, пенделик пас абалга түшкөн байкуш аялзатын аяп кетти. Ушунчалык мусапырлыкка түшпөс болушсачы! Жүзү да көпшөк тартып, кан-сөлү небак качкан чырайынын жарымын жоолугу алдынан булайган көгала, түйдөктөшкөн чачы жаап турду. Аракеч. Тураттын алгачкы ою ушул болду. Андайларды шаарда көп эле, күнүгө көрүп жүрбөйбүзбү. Дароо эле анын кунарсыз, суз көздөрү көзгө урунду. Капыстан экөө тиктеше түштү. Анан дароо экөө тең дароо көздөрүн ала качты. Бири жаны ачына аяса, экинчиси кемсинди… Теңсиз дүйнө ай! Мындай, үй-жайы жок каңгып, таштанды аңтарып жан баккандарды көпчүлүктө “БОМЖ” деп коюшат. Бул, орусча ылакап сөз аял-эркек, кары-балдарга, улут-пулутуна карабастан баарына текши айтылат. Кыргызча – жашаар жери жок кайырчы, тентимиш. Ортодон жогору бойлуу, арыкчырай ал аялдын жанынан өтүп баратып, аны менен күтүүсүздөн дагы тиктеше калып Тураттын денеси дүр-р этти! Тааныш! Токто, токто… бу көздөр кимдики эле? Кайдан көргөн? Качан? Дароо эстей албай катуу кыжалаттанып, андан амалсыз саал узай берди. Аял да бүшүркөй аны жалт карап алып, капыстан эле “ишин” токтото салып, жакынкы үйдүн бурчун айланып кеткиче шашты. Турат эс-учун жыя албай улам ага кылчактап, аял да караан үзүп кетээрде ал тарапты кайрыла бир карап алды.
Тураттын ой-санаасы удургуп, кыжалаты башка тээп чыкты. Айнектей суз, кайдыгер караган менен түпкүрүнөн бүлбүлдөгөн көз оту тааныш. Ал ким?!. Токто, токто… ооба, ал — ОШОЛ болчу! Алгачкы махабаты! Жаңылган жок, Аянанын дал өзү! Артынан жете баргысы келип, буттары буула токтой калып дагы кылчайса, бейтааныш караан небак эл аралап алыстап кетиптир…
Ошондон тартып Туратты оор санаа, ачуу эскерүү ылаажысыз басты да калды.
Аяна экөө абитуриент кезде БГУнун китепканасынан таанышкан. Алдына жайып алган китебин тиктеген менен андагы жазуулар мээсине эч кирбей, капталындагы татына кызды улам уурдана карай берди. Мурда эч мындай болгон эмес! Негедир ал дароо эле өзүнө арбап алды. Бакырайган, койгулт кара ботокөздөрү от чачып, өзгөчө кумарлуу эле. Утуру “уурусун” кармай ал да Туратка күлмүңдөй карап коёт.
Кеч кирип, имараттан чыгып келатканда даана күтүүсүз жорук болду! Кыз аны артынан шиштакасын тыкылдата куба келип өзү сөз салды:
— Эй, жигит, таанышып алалы дебейсиңби, же уялып жатасыңбы?- деп, сырдуу да, эки ууртундагы чуңкурчасын көрсөтө ажардуу да шыңкылдай күлдү. Эмне кылмак?!. Мындай батылдыктан эркектик намысы козголуп, кача албай калды. Анүстүнө аны менен таанышкысы келгени да чын болчу. Кыздын ашкере өткүрлүгү биресе таң калтырса, арамдыгы жок айнектей таза ачык мүнөзү, жылдызы дароо арбап алды. Айрыкча айылдык кыздардай ичинен тымыбай, тарткынчыктабаган, шардыгы жакты. Ошондон тартып сабактан кийин экөө күнүгө кездешчү болду. Жөө, ойго келгенди сүйлөшүп бет келди кете берише турган. Алар үчүн кайда барары, эмне кылышары – баары бир болчу. Бирге болушса болду…
Аянанын Туратка жакпаган бир гана жагы — атак-байлыкка аябагандай таптыгы эле. Жакшы кийинген кишини, дүкөндөрдөн асыл буюмдарды көрө калса ачык эле ага шыпшынып, ала койсом, меники болуп калса дегенсип, кыйылып, көздөрү жалжылдап кетээр эле. Аттиң, алып бере салса дегени билинип эле туруучу. Андайда Турат билмексенге салып кутулчу, Аяна болсо ичинен тап болуп, оозу чормоюп таарынгансып калаар эле. Бирок, бат эле жаркылдап, жазылып кетчү. Бети-башын улам ашкере боёнуп, дайыма жалтыр-жултур кийинип, көпчүлүк көзүндө жүргөнгө жаналакет жасачу. Барган сайын анысы күчөп баратканын байкаган Тураттын айылдагы апасынан башка эч кими, артында атадан калган байлыгы жоктугунан амалы куруп турчу. Анын колу кыскалыгын уккандан тартып кыздын мамилеси аста сууй баштаганы байкалды. Киного, дискотекага алып бар деди, алпара албады, кафеге да кийирген жок. Эр жигиттин кендирин бир жокчулук кесет деген чын белем!

#8 04 June 2015 - 03:10
Акыры ал, мединститутка өтүп, Турат конкурстан кулап, улам сээлдей жолугушуп, алыстап олтуруп, акыры Аяна караан үзүп кете берди. Ачык айтканда, Туратты теңсинбей, чанып кетти. Катуу сынды! Ичинен сызып, туңгуч сүйүүсүнө жетпей, ачуу арманда кала берген эле. Жашоосу максатсыз көрүнүп, кунары кетип, өлгүсү да келген ошондо. Бирок, ушул кезге чейин, жыйырма жылга таяса да аны унута алган жок. Сезим түпкүрүндө катылуу жылдыздай элеси жаркырап жүрө берди.
Эми Кудайга шүгүр, өз фирмасы, жана жөнөтүп жиберген лексусу да бар. Жубайы ал дегенде жанын берет, балдары да чоңойду. Улуусу университетте, эгиз уул-кызы мектепте окушат. А байкуш Аяна болсо тигинтип, акыр-чикир аңтарып…
Аянын (аны ошентип эркелетчү) бир кылыгын эч унутпады, азыр да кулагында – экөө ысык күндөрү айрыкча кечкисин, кээде күндүз деле ээндей жанаша басып баратканда:
…Эта, эта, непонятная
Первая любовь…- деп, кыңылдап ырдап калаар эле. Ал, орус айылда өсүп, орусча мектепте окугандан дайыма орусча ырларды ырдачу. Балким, ошондо ал да, ичиндеги алгачкы аруу сезимин ошол ыры аркылуу кыйытса керек. Ким билет, ачык айтпады. Турат да такып сурабады. Кийин, үчүнчү курста Аянанын Бишкектеги чоң фабриканын директорунун уулуна турмушка чыкканын, дүркүрөтө той беришкенин, институтту бүтүрүп, ооруканада башкы врачка чейин жеткенин укту. Андан үмүтү биротоло үзүлсө да тилегине жеткен экен, бактысын тапсын деди. Сүйгөн адамыңдын бакыбат жашоосун тилегениң жакшы эмеспи. Бирок, кийин, он жылдай өтүп кайынатасы банкрот болуп, инсульттан каза болгону, андан көп өтпөй, атасынын канаты алдында өскөн эркеталтаң күйөөсү ичкиликке берилип, өзү да этегинен жалгабай койгону шылтоо болуп ажырашып кеткендери угулду. Анан эле бу… бүгүнкү көрүнүшү…
Тураттын ой-санаасынын баарын Аяна толук ээлеп, жан дүйнөсү ачышып жатты. Үйүнө келгенде да тунжурап, ойго тунду. Аялы ага улам-улам жалт-жалт карап алда неден бүшүркөдү. Аял жүрөгү сезимтал келет эмеспи. Өзгөрүштү байкабай коймок беле. Жыйырма жылдай бирге жашаса. Бирок, такып сураган жок. Эстүү жан эмеспи.
Эртеси ишине келээри менен ой-санаасы удургуган Турат кечээки таштанды челек тарапты улам терезесинен карай берди. Челек даана көрүнбөсө да ал тарапка бара турган жолдор текши көрүнүп турат. Жок, Тааныш караан өчөшкөнсүп келген жок. Санаасы санга бөлүндү. Аны таанып, биротоло качты бекен? Ооба, ал тааныган үчүн качканча шашты да. Намыстанса керек. Балким көрбөй калдым бекен деп, Турат эки-үч курдай калп эле бой жазымыш эткенсип челек тарапка барып да келди. Жок. Аяна уялып, чын эле качты көрүнөт. Балким катуу кемсинип калгандыр? Намыскөй эле, маскаралап же келекелейт деди бекен? Кызык, эмнеге аны акмалайт? Көрүп, жолукканда эмне кылмак эле? Аялы, балдары турса… ага жол кесилген, жок. Ошентсе да байкуш жүрөгү өзү билбей элеп-желеп, алда нени кусалуу күтө берди… Эмнени экенин өзү да билбейт.

#9 04 June 2015 - 03:12
Ана,
кечинде, иштен чыгаар мезгилде гана тааныш караан көрүндү. Үстүндө кечээги, шалбыраган эски балон плащ. Киринен көк-карасы билинбей калган. Алтымышынчы жылдарда япондуку делип, таңсык эмес беле. Атамзамандагы немени кайдан таап алган? Түйдөк жоолугу башында. Баягы сымбаттуу мүчөсү бүкүрөйүп, бирок сыры кетсе да, сыны кетпей качанкы сымбаты байкалып турат. Же ага ошондой көрүндүбү?..
Турат Аянаны терезеден бир топко карап турду. Барса кечээгисиндей качып кетеби деп чочулады. Кудум баягы, он жети жашындагыдай… Сезимдер картайбайт деген акын эң туура айткан экен. Жүрөгү дагы эле элеп-желеп. Санаасы буюгуп, удургуйт. “Байкуш Аянам… эмне азапка кабылдың эле! Эми сага кандай жардам бере алам? Экөөбүз баш кошсок төбөмө көтөрүп жүрбөйт белем…”
Тааныш караан таштанды челекти түбүнө чейин аңтарып, таап алган олжосун баштыгына салды да нары, Эркиндик багы жакка илээлей бет алды. Эч ким менен иши жок. Бу жашоодо жалгыз эле өзү калган сымал. Ошондо Турат офисинен атып чыкты. Аяны айланып өтүп так эле алдынан, бет маңдай чыга калды. Аял аны көрө сала артына жалт бурулду. Тааныды. Кунарсыз көздөрү саамга жылт этип учкун чачып жиберди.
— Ая?.. Токтой турчу?..- деди Турат аны чыканагынан сыйда тарта.
Тиги кадамын тездетти. Эркек калбадым. Эми качырмак эмес.
— Ая, качпачы? Коё турчу? Сага эмне болду? Эмне жардам кылайын?..- Аяна ага кулак кагып, бурулуп да койбостон үнсүз шашылып кете берди. Анын иши тарапка бурула бергенинен улам кызматкерлерим көрүп калбасын деп чочулап, Аянаны билегинен булка тартып токтотту.–Токто! Эмне менден качасың? Мен сага эмне жамандык кылдым?- Аял аны жалт бир карап алып, ыйлап жиберчүдөй көздөрүн ала качты. Өңү көпшөк, шишиген, бети көгала…- Менден качып, тапканың ушулбу?..
Намысы козголуп кеттиби, же эмне болду, Аяна колун жулка тартып алып шашыла кадам таштады. Турат артынан дагы жете барды:
— Эмне, бир ооз сөзгө жарабай калдың беле? Эмне айыбым бар менин? Күнөөм эмне?- артынан ээрчий басып үтөккө-босток суроо узатты. Жооп болбоду. Анын баягы көкбеттиги кармап калгандыр деп ойлоду. Кээде таарынганда ошентип кепке келбей тултуюп калмайы бар эле. Ойлонуп, ачуусу тараганда ийге келер, азырынча кийинип-ичинип турсун деген ниетте колуна чөнтөгүндөгү акчаны бурдай сууруп чыгып колуна карматты эле ал албай, колун кагып жиберди. Көк, кызыл акчалар жалбырактай жерге чачылып кетти. Тураттын куйкам куруша түштү, анда да кол шилтеп басып кете албады, колунан сыга кармап визиткасын кармата салды да,- Мен керек болсом телефон чалгын же ушул дарекке келгин. Сени дагы эле жакшы көрөмүн…- деди. Ушул сөздөн Аяна ага бурула жалт карап алды. Көздөрү кусалуу, өтө жапакеч эле. Жарылып ыйлап жиберчүдөй көрүндү. Далай ачуу азап-тозокту тартканы көрүнүп турат. Бирок, эч сөзгө келип койбостон, жолун улап кете берди… Турат анын карааны үзүлгөнчө артынан карап турду.

#10 04 June 2015 - 03:13
— Эмне, аны тааныйсыңбы?
- деген колдур үндөн улам ал эсине келе түштү. Жанында чачылган акчаларды уучтай сунуп, дагы бир БОМЖ – орус кемпир туруптур.
— Ооба…
— Андан сөз сурап кыйнабай эле кой, сүйлөй албайт.- деди кемпир, мурдун шуу тарта кетмек болуп.
— Ыя?! Эмне дедиң?! Эмнеге сүйлөй албайт?
— Алкаш күйөөсү анын тилин кесип салган…
Туратка аяк алдындагы жер астын-үстүн болгондой көзү караңгылап, башы айланып кетти. Уккан кулагына ишенбеди. “Байкуш Аянам, туңгуч махабатым! Кандай азаптуу тагдырга кабылдың эле?! Аны айтып да бере албайт турбайсыңбы, эми… Арман!” деген ойлор жандүйнөсүндө куюндап жатты.
(аягы)
— Ооба…
— Андан сөз сурап кыйнабай эле кой, сүйлөй албайт.- деди кемпир, мурдун шуу тарта кетмек болуп.
— Ыя?! Эмне дедиң?! Эмнеге сүйлөй албайт?
— Алкаш күйөөсү анын тилин кесип салган…
Туратка аяк алдындагы жер астын-үстүн болгондой көзү караңгылап, башы айланып кетти. Уккан кулагына ишенбеди. “Байкуш Аянам, туңгуч махабатым! Кандай азаптуу тагдырга кабылдың эле?! Аны айтып да бере албайт турбайсыңбы, эми… Арман!” деген ойлор жандүйнөсүндө куюндап жатты.
(аягы)
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#11 04 June 2015 - 03:24
КАРТАЧЫ
— Бу, Айдүштү Амангелди менен карта ойнотуш керек экен,- деп калды капысынан Сапар авам, картаны шыпылдата таратып жатып.- Деле мактанганы өтүп кетти, ошонун…
— Чын эле,- деп, аны дароо коштой кетти Капар авам,- Аны утса ушул Айдүш утчудай.
Алардын оюна Саякбек агам да кошулду:
— Келгиле, кечинде эле экөөнү ойнотолу. Капар авам менен биригип ойношсун. Ушул Амангелдини мурунга бир чертип койбосок болбой калды…
Эмнеге “болбой калды”, аныгы айтылган жок, алардын ызалуу кебинен болгону ал байкеден үчөөнүн тең утулуп, ич күптүүлөрү күч экенин туйдум. Ошо менен сөз тамам болду.
Амангелди үч жүз түтүндөй айылыбыздын баарын уткан чоң картачы. Анысына өзү дайыма корстон болуп, тимеле жоо чапкансып баатырсына берерин угуп-көрүп калганмын. Айрыкча эл көзүнчө, тээ, “атамзамандагы” утканынан бери мазесин чыгара казып айтып, улуу-кичүүбү, эч кимди теңине албай кемсинтип, мыйыгынан мыскылдай күлүп, кекээр сүйлөп, чучугуна жеткире шакабалай бергени карта чапкан эркектаналардын баарынын жанына небактан өгөөдөй батып бүткөн. Улам бир утканын ашыра чаап айтып, тимеле эзип салат. Ошону үчүн аны баарынын сиркеси сүйбөйт. Айылда аны утаар картачы чыкпагандан улам Амангелди-картачы дешет. Куркук-Кубат, Кичине Кубат, Мышык-Кубат дегендей айылдыктардын баарынын жамакчы аттары бар. Ансыз аты уйкаштарды чаташтырып алуу турган иш. Кубаттан эле беш-алтоо болсо ошо да. Амангелдини болсо “картачысын” кошпосо шопурубу, же майрыгыбы адашып калат, айрыкча жамандык-жакшылыкка кабар айттырганда, же анын трактору керек болуп калганда ошентишет. Так болот. Антпесе, Амангелдилердин кереги жогу келип алып, бутташтырып чакырган учурлар көп эле болгон.
Кай жерде картанын кызуусу болсо Амангелди жыла жетип ошол жерде, дайын. Айттырбай жетет. Мышык майдын жытын алгандай кай жерде “карта жыттанат”, кайдан-жайдан билип алат. Таң каласың! Ай, ушу Амангелди качан келээр экен дегиче, ал дайын болот! Жомоктордогу жиндей – эстедиң дегиче, ал даяр! Эстебесең да келет. Анан эртеби-кечпи, өзүнүн беймаал келгенин үй-ээлери, же картачылар жакшы-жаман көрөбү ага баары бир, картаны көргөндө мээсин алдырып, ал үчүн убакыт токтойт, тагыраагы баары тең өчөт. Бирөөдөн угуп же өзү айткандай “мурду жыт алып”, “өтүп баратып эле көрүп калып”, же “жөн эле” жыла басып келип суроо-сопкутсуз ортого жөөлөй олтуруп, кыпчыла калат. Анын ойноп олтурганын карап олтуруу өзүнчө эле каниет! Маңдайы жырык тиштерин жыргай ырсайтып алып, карталарын асмандата көтөрүп, бактылуу бир киришет дейсиң!.. Уйдун жампасындай жампайган, өзү менен жашташ эски шапкесин улам кежигесине сөөмөйү менен түртүп коюп, куп түшүп калаарында аны бери тарта салып… манжаларына утуру түкүрүп, колуна батпай калган карталарын маштап жерге кыдыракей жая тизип алып, жер жарылып кетсе да кебелип койбой бирден санап ойной берет. Аялың лыкылдатып шаштырып атабы, же үй ээси коногун узатканга чыйпылдап, чакырылбаган немени жактырбай, калп эле күлүмүш болуп атабы, нөль капек. Анангалса картадан түк жаңылбайт десең. Колуңдагы картанын баарын көрбөй туруп эле алдын ала билип алат. Көзү – ренгенби дейсиң! Мал-балдарынын так санын билбейт, а картадан жо-ок, эзели жаңылбайт. Дегеле аны менен ойноо мүмкүн эмес. Айылдагылардын баары, тажап бүтүшкөн. Атүгүл сырттан келишкен конокторду да бирин калтырбай утуп алат.

#12 04 June 2015 - 03:25
Биз,
Саякбек авам болуп апама там салып жатканбыз. Ошону үчүн атайын ишимден чыгып Бишкектен келгем. Былтыр да жер катуу титиреп, үйүбүздүн бурчтарынан жараңка кетип, жаңы, кененирээк болсун деп төрт бөлмө үй салып жатканбыз. “Каркасный” – жыгачтан, жер титирегенге жакшы туруштук берет дешет. Буга чейин чийки да, бышкан да кирпич менен там салдык, болбоду, Түп-Аксуу райондору дайыма силкинип турат эмеспи. Кандай салсак ошондой, беш-он жылга жетпей эле жарылып, жараксыз болуп калат. Айтылуу Сары-Камыш, жетимишинчи жылы катуу титиреп, айыл бүтүндөй тыйпыл урап калбады беле, ал бизден отуз чакырымдай эле, жакын. Кышка чейин кирип калалы деп шашып жаткан үйдүн төрт дубалы туруп, эми чатырын жаап жатканбыз. Буюрса, кар жааганча апамды жаңы үйгө киргизебиз деп турабыз.
Сапар, Капар агамдар болсо аталаш, төртүнчүбү, бешинчиби же сегиз-тогузунчубу бир атаданбыз, так билбейм, жыйырма бешке араң келсем анын баарын кайдан териштирип, тактап жүрмөк элем. Анын үстүнө кай бирлерчилеп санжыра сураштырып, ийне-жибине чейин териштирген киши эмесмин. Иши кылып алар агаларым, экөө курбалдаш, кырктын тегерегинде. Капар авам бир аз улуу болсо керек, Сапар байкемдин андан айбыгып, ызаатынан улам байкап калам. Сурайын деп батынбайм, уят да, “ушуну эмдигичекти билбей эмне, Бишкегиңде эшек такалап жүрөсүңбү! ”- деп койсо мендей “интелигент” шаардыктарга сөз тийип калбайбы, кемакыл көрүнүп. Жети атаны билүү болсо баарыга парз. Айрыкча биз, көлдүн көкүрөгү тарапта. Иши кылып түп аталарыбыздын бир экенин уккам. Ошону үчүн алар бир айдан бери бизге акысыз там салышып жатпайбы. Чачын жалтырата кырдырып, там бүткүчө алдырбаймын деп сакалын саксайта коё берген Саякбек болсо өз агам, менден төрт жаш улуу.
Апам бышырган кесмени — түшкү тамагыбызды жаңы эле кампая ичип бүтүп, салып жаткан үйдүн көлөкөсүндө эки-экиден болуп алып карта чабышып жатканбыз. Күндүн ысыгы кайтсын дегенибиз. Август айынын башындагы кургак аптап тим эле төбөдөн ачыштыра сайгылай күйгүзүп турганда кайдагы иш! Үп. Үлп эткен жел да жок. Адам эмес, алтургай бак-шактардын бутактары да башын жерге сала салбырап, чымчыктардын тили чыкпай калган акакташып…
Кыскасы, мени кечинде Амангелди байкеге каршы картага “салмак” болушту. Карышкырга козу салгандай… түпөйүл тарта баштадым. Не бар, не жок, ажайып болуп утуп калсам баарынын кеги ашынган картачынын айласы куруду дей бер: сен деле биздин бирибиздей эле өлүмтүк турбайсыңбы, машаяк экен десе… деп, агаларымдын ой-да Амангелди байкени келекелеп, өчтөрүн алаары турган иш. Тим эле, ханды тактыдан кулаткандай чоң окуя болмогу турулуу! Айылдын эркектаналары дароо дүң эле деди дей бер анда! Бири калбай чечекейлери чеч болот болсо керек. Мындай чоң жаңылык болмокпу?! Утулуп калсам өзүм гана эмес, байкелеримдин да мыш болмогу турулуу…

#13 04 June 2015 - 03:27
Биз,
жанатан берки утуучулар катары Капар авам экөөбүз бир болуп, Сапар авам Амангелдиге жуп болмогу тымызын чечилди.
— Ой, анда силерди Амангелди экөөбүз ит аягын жалаганча эле утуп салабыз да,- деди Сапар авам адатынча көздөрүн кыбыңдата Капар авама жылма тийиштик кылып.
— Ооба, экөөңөрдөн коркуп кетип эле, биз мына деп жыгылып бере салат экенбиз да. Тим эле шилекейиңерди анык агызарбыз, экөөңдү кошоктоп туруп…- Капар авам муруту алдынан мага карап мулуң күлүп, көзүн кысып койду. Амангелди оюндун кызуусуна киргенде шалпык эрдинен шилекейи кээде чууруп кетчү, жүрөк айлантып, шилекейиңерди… деп ошону кыйытып жатпайбы. Менден чоң үмүт байлап турат, түлкүгө алгыр кушту салчудай болуп. Тескерисинче мен түлкү болуп калбасам болду… Ошентсе да тобокелге салып, авама эч камтама тартпаңыз дегенсип билинер-билинбес ага башымды ийкегилеп, коштой сырдана күлдүм. Бири-бирибизге дем берүү, “ормон опузага салуу” да өнөктүн милдетине кирет эмеспи. Эми аны жалгыз таштабай калайын!
Булардын минтип Амангелдиге каршы “кутумчулук” кылып жатышына бир айдан бери мени менен өнөк болуп ойногондордун баары утуп жатышында болучу. Мен да Төкөлдөштө тим жатпай эртели-кеч Казы бажам, Токтогул окшогон теңтуштар окшогон “мастерлерден” Амангелди байкенин “катыгын” берүүгө атайын машыгып келген болчумун. Ал оюма бир топ жыл болду. Ыгы келгени ушул. Айрыкча, эзели эч качан шойкомсуз ойнобогон Токтогулдун алаканга катмайын, аларды байкатпай жерде жаткан карталарга кошуп жиберүүнү, карталарды аралаштырымыш болуп күчтүүлөрүн байкатпай көрө салып өзүнө таркатып алуусун машкедей үйрөнүп алгамын. Ал, милийса эмеспи, кумарчы-картачылардын опуттарын жакшы билчү. Ал сырымды албетте, бул агаларга ачык айткан эмесмин, өзүлөрү баамдап, беттештирсин дегем. Анан калса улуу кишиге сизди утканы келдим, карта ойнойлу деп кантип айтмак элем. Ошол “опутум” менен бу жайда үчөөнүн сазайын жакшы эле бердим. Анын үстүнө сүрөтчү эмесминби, карталарды өңүнөн байкап калганга да жакшымын.
Анан албетте, абышкалардын чоң “сабагын” алгам. Тээ, Кара-Ойдогу таекелерде жашап жүргөнүбүздө коңшубуз Бозбай деген аксакал боло турган. Пенсияда, бош эле. Күндүзү элдин баары жумушта, өзү теңдүүлөр болсо талаага уй-койлорун жайып, күндүзү жалгыз эриге турган окшобойбу. Мени мектепке бара элегимде эле момпосуй, шекердей таттуу кара өрүгүнөн тебетейине тере келип берип, чакырып алып, алма багынын көлөкөсүндө эртеден-кечке эрмектечү. Утулуп калсам башымдан укуй алып, кыт-кыт күлө шылдыңдап, таарынып качсам артымдан ээрчий келип, дагы бир таттуусун сунуп, апамды ортого сала сурап кетип… Бара-бара устаттан шакирти өтөт дегендей кээде утуп алчу болдум. Анда Бозбай атам чычалап, чындап эле кызыраңдап, “ой, ызаатсыз, улууну утат деген эмне, чын эле чыгып кеттим деп маашырланып жатасыңбы, азыр көрөмүн сени…” деп, ызасы менен төбөмө катуу төөматек атып жиберчү! “И-ий, энеңди!..” деп мен кача жөнөйм. Анан абышка кайрадан эле көп өтпөй артымдан келет… Бозбай аксакал да айылдын алдыңкы картачысы боло турган. Көп утчу. Ал да санап ойнойт. Мен эмне, колума тийгенди урдуруп… көзүр келсе утамын да. Анан, “чимкиригин тарта элек баладан утулуп калып” жатса, теңтуштарынын азил-шылдыңына калып, арданат окшобойбу. Ошол, “Бозбай аксакалдын чоң мектебинен өткөн” мен, жетиге жетпей эле агам гана эмес, атамды да утуп алчу картачы атка конгон элем…
Түш оой ишибизди улап, кеч кирип, короодогу сөрүүдө тамактан тоё жеген соң инимден Амангелдини чакыртышты. Ал, тез эле эскилиги жетип “түлөгөн” картасын көтөрүп алып адатынча чечекейи чеч, жамажайын жайылта жадырай күлүп жетип келди. Эригип отурса керек.
— И, “өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” дегендей кычыткыңар кармап калганбы… эмне бир аз тырмап коёюнбу?..- деп, авамдарга кыр көрсөтө, тийише олтурду. Алар теңчамал болчу.- Эмне ойнойбуз?- зобололуу, жогортон, үнүн жоонойто сурады.
Алда кандай болуп кетет, кудай атып утулуп калсак картачы неменин кийинки, күйдүргү сөздөрүнө сөлтүк болуп калбайлы, айылга бүт жайылып деген ойдон сактанышкан авамдар ооз учунан, ишенимсиз күлгөн болушту.

#14 04 June 2015 - 03:30
— Баштагыдай эле, дурак ойнойбуз, дакүмөнт кармамай. – Ичинен тап, утуп алышка чыдамы кетип турган Капар авам бел байлай кетти. Амангелди утулчу бактылуу учурду көз алдына элестеп кетти көрүнөт, көздөрү шойкомдуу жымыңдап турду,- Чыкканыбыз дароо ондукту кармайлы, антпесе күн кеч болуп кетет. Жеңеңер бизди үйгө кийирбей койсо… биз Айдүш экөөбүз бир, сен Сапар мененсиң.- Капар авам улуу катары сөзүн кесе айтып, купуя бүтүмүн чыгарды.- Тузду таштагандар утат. Жеңилгендер эки бөтөлкө арак коюшат, закүскеси менен.
Амангелди кутумчулукту сезген жок. Утуу ага боорсок жегендей эле көнүмүш болуп калган да. Баары дароо эле “макул” болушту. Саякбек агам ортодо калыс. Мен улуулардын көзүнчө али арак ичпеген менен көпчүлүктүн шартынан чыга албайм да. Утулуп калсак үлүш акчамды берем. Утсак, Капар авам бир жыргап алсын, менин “нормамды” кошо ичип деген ой бактым, тамыбызга кол кабыш кылып, чарчап жүрбөйбү.
Мурдатан ойноп, сүйлөшүлгөндөй ал экөөбүз бири-бирибизди көз караштан түшүнүшүп, байкатпай жаңдашып, менин “опутумдун” аркасы менен биринчи оюнда утуп кеттик!
Мындайды үч уктаса түшүндө да күтпөгөн Амангелди:
— Катыгү-үн, бу кандай болуп кетти ыя?- деп, оозу ачылып эле олтуруп калды. Не дээрин билбей, сөзү түштү. Жаны чыгып бараткан уй көздөнүп, улам бирибизди аянычтуу алаңдай карайт. Башкасын билбейм, мен аны аябай аяп кеттим. Мындайын эч көргөн эмесмин. Мээси же жүрөгү чыдабай чалкасынан кетеби деп чочуп турдум. Маңыроо көздөрү мокоп, “шок” болуп калды. Анан араң эсине келдиби, жаңы эле чабылган карталарды жерден алып, көргөн көзүнө ишене албай шектүү аңтара салып ачып кирди.- Катыгү-үн… Сенде момундун балтасы менен карганын тогузу болушу керек эле да ыя, Айдүш? Алар кайда кетти?..- Көзү алдында болуп өткөн окуяга дагы эле ишенбейт. Шекшип турат. Бирок далили жок. Мен картам жок деп, мулуям. Ал, көпчүлүккө адат болуп калгандай — карталарды коштой басып жиберген жокпу деп ойлоп калды көрүнөт бизди, күдүгү күчтүү. Капар авамдын чечекейи чеч, эзиле күлөт, бопоросун бурулдата асманга үйлөп. “Стопкадан жыт ала баштады көрүнөт”. Жок, экиден жабышкан карталар да жок болуп чыкты.- Анан кандай ыя,.. алар кайда кетти? Качан?..
— Ээ, аларың кеткен небак эле. Бол, тараткын, “дурак”.- деп, акыркы сөзгө айрыкча басым жасай Капар авам жерде жаткан карталарды алып алдына ыргытты. Мен да ага кошулуп, чабылган карталарды чогултумуш этип ал айтып жаткан эки картаны алаканымдын алдына катып барып, кошуп жибергенге үлгүрдүм. Эч ким байкабай калды.
— Болбойсузбу эми… кол кызып турганда… – шек алдырбай демитимиш эттим.
— Ой тобо! Мындай болбош керек эле… менде дагы эки картам калып калбадыбы…-
Тигинин жердеги карталарды аңтарып, алдына жайып алып, басыгына жараша экиден жуптап, тактап киргенде мен катуу кооптонуп кеттим да :
— Ээ, ойнойсузбу эми, же олтура беребизби сизди күтүп, анда жыгылыңыз…- деп, калган карталарды дагы уучтап жайып алгандарынын үстүнө таштадым.- Ыя, Капар ава, булар болбой калышты… минтип утулган сайын эле бит карагансып чукулап олтура беришсе таң атпайбы, дүкөн да бекип… булар жеңилди деп оюнду токтото бербейликпи? ..

#15 04 June 2015 - 03:34

— Чын эле… Ошенткенибиз оң го, ыя Амангелди,- деди Капар авам тигинин кучунашына тийип, мага көзүн кыса. Айрыкча, дүкөн жабылып калат деген сөз ага катуу жагып калды көрүнөт, көз алдына мөлтүрөгөн “стопка” даана элестеп кеттиби, тамагын кырып, шилекейин билинер-билинбес кылк жутуп койгонсуду. Амангелдини Капар утуп, аракка жыгыптыр деген эмне, кокуй! Өлбөгөн төрт шыйрагы эле калбайбы, Амангелдинин. Анын жарылып кетчүдөй буулугуп, карасур тарта чыңалып кеткенин көрүп, ого бетер чечекейи чеч,- анда бол, дагы ойной турган оюң болсо тез тарат, бовосо кеттик…- деп, көчүгүн ыкшай, тизесин таяна ордунан турумуш этти. Бирок кеткен жок. Касташкан картачысын бу саам утуп кеткенине жарпы жазылып, көзүн жана бир кысты мага.
Туш-туштан демиткенге шаштысы кетип калган Амангелди өзүн күнөөлүүдөй сезип:
— Отур, отур эми, дегеле кой, бир чыгып алып… азыр көрөбүз, сендей машаякты, тим койсо…- деп, карталарды санап чыкты эле, түгөл. Амалы алты кетти, утуш таза. Акырында не кылаарын билбей кыжына аралаштырып кирди. Чычалап жатат! Кетип калабы деп шашып да кетти көрүнөт, анда эле кепке сынып, утулганын жандыра албай, “тактысынан” кол жууп калганы турбайбы! - Тобо… ушундай да болот экен ээ, божу мой, кандай болуп кетти ыя, Сапар ава?..
— Бу, Айдүш жакшы ойнойт экен. Шаардык эмеспи…
— И, шылтоо издей баштадыңарбы, байкуштар? Утулгандан кийин жөн эле тарата бербейсиңерби, - Капар авам дагы мурутунан мулуюп, күлмүңдөй мага кыйыта көз таштайт. Тим эле, аялы эркек туугандай чечекейи чеч. Амангелди болсо кан-сөлү кача кумсарып, күлгөн болумуш эте калп ырсайып, күлала болуп отурду. Кабагына кар жаап алган. Кулагы делдейет.

#16 04 June 2015 - 03:38
Экинчи оюнда дагы биз чыгып кеттик. Мурда сүйлөшүлгөндөй Капар авам урдуруп, эптеп эле кутулуп кетиштин амалын жасап, акырында мен жалгыз ойноп жаттым.
— Ок! Катыгү-үн! – деп, адатынча катуу чочуду Амангелди. Саамга чычканды бүкүлү жуткан мыкый үкүдөй эле үн-сөзсүз ыкыйып олтуруп калды. Бозоргондон бозоруп, сүйлөй албай буулукту. Анан эсине келе ыржыйып, карталарды дагы аңтарып кирди,- Дагы мине балээ болуп кетти ыя?..
Тигинин баш териси такыр эле бузулуп калганын көрүп, карс-карс күлө табалай:
— И, бит карамайыңарды дагы карматтыңарбы? Же биз кете береликпи?- деди, Капар авам уттургандарды бирдей зекимиш этип. Сапар авама көз кысты. Ал, сыр билги боло ырсайды. “Стопканын башы кылтыйып калганда” кетпей калышсын, мага ишеними чындап арткан көрүнөт, Капар авам жадырай олтурду. Амангелдинин кучунашына тийип жатканы да, “өчүн алып”. Мен кыйпычыктап, алаканымда катып калган карталарды байкатпай жерде жаткандарды чогултумуш эте эптеп кошуп жиберип, баарын ортого таштадым. Дагы кутулуп кеткениме ого бетер маашыркай түштүм:
— Эми, ушул да оюнбу? Кой, кете берелик Капар ава, карталарын санай беришсин, булар,- деп, эми мен ордумдан обдулумуш этип, өнөгүмө сыр билги карадым. Ичинен кымылдап, сүйүнүчү таш жарып турган ага жага бербей да кыт-кыт күлөт:
— Ие, саал күтө туралы, булар биттерин терип алышсын, хи-хи-хи… Эмне, Амангелди, мээлей алып келип берейинби ыя, колуң жооруп кетпегей эле…- Капар авам эми ыкшый күлдү.- Бол, эми, тарат, бовосо…
— Эй, берчи мага,- Сапар авам карталарды өнөгүнүн колунан тартып алып, шартылдата аралаштырып кирди. Күлүңдөгөн көздөрү бизде: бирде Капар авамы, бир мени карап. Тезирээк утуп кетишибизге ортоктош да. Анын да табасы канып турбайбы.- Картачы деп жүрсөм, сен кампачы белемсиң, кайта-кайта эсептеп…- Баарыбыз жабыла каткырып калдык. Ызадан буулуккан Амангелди гана кумсарып, кара күчкө тишин ырсайткан болду. Анан эмне, “таажысынан” айрыла жаздап, болгондо да “шаардык чычымдан” утулуп жатса… эртең элдин бетин кантип карайт?! Ал кеп, бүт айылга алеки саатта эле жайылып кетпейби.
Үчүнчү саамда ыгы келбей, мен опутумду колдоно албай калдым. Анүстүнө бүт көзүрлөр да тигилерге кетиптир. Капар авам да чыга албады. Ой-да, Амангелдинин сүйүнгөнүн айтпа! Шапкесин көккө ыргытып жибере жаздады, тимеле. Бажактап, каткырыгы чыкты:
— Ушундай эле болмок деймин да, ыя, Саке!- деп, жанындагы Саякбек агама жайдаңдады. Экөө ымалалаш. Агам да биз тарапта эмеспи, эмне болду дегенсип мени шектүү карап койду.
— Көзүрдүн баарын алып алышкан тура… зато мен дароо эле таратамын картаны,- деп, моюн бербедим. Шек бербей жөнүмдү кыйытып айтканым да.- Булар он, биз балта болдукпу?
— Ооба.
— Ээрчип алмай болушту…- деди өнөк агам.
— Ики, тим койсо, буларды кара… азыр катыгыңарды беребиз…- Амангелди адыраңдап алды.
Анын айтканындай болбоду. Капар агам чыгып кете албай, мен колдомуш этип, көпкө кармаштык. Акырында биз эптеп утуп, дамага чыгып кеттик.
— Булар матке болушту. Эркек болсо бир түнөбөй коюшпас…- деп, Амангелди алгы үмүт байлап турду. Бизди калса экен деп кудайдан тилеп жатканы да. “Матке” деп, утушубузду көрө албай, кара күчкө кемсинтип жатканы. Анын ичи туз куйгандай ачышып турганы калп күлкүсүнөн, демейдегисине окшобогон дирилдеген үнүнөн ачык эле көрүнүп турат.
Маткеге “түнөгөн” жокпуз. Тактап айтканда түнөтө алышпады. Көзүрдүн чоңдору бизге келген экен, шартылдата басып, төрт даманы тең ортого таштап салдык. Менин опутумдун кереги да жок болуп калды. Амангелди байкемин “настроениясы такыр эле наскиге түштү”. Бети каракөк тартып, тултуюп чыкты. Эч кимибизди карабайт. Айрыкча мен тарапты. Мурдагысындай өзүн-өзү жооткотуп олтурбастан, эч үндөбөй, картаны таратканча шашты. Түш көрүп жаткандай. Эч нерсеге түшүнбөй жатты көрүнөт. Капар авамдын болсо каткырыгы таш жарат, Амангелдини келекелеп.
— И, мээлей кийбесең колуң жооруп кетти го, я? Маймылдын көчүгүндөй кызарып… хи-хи… Айдүш, алып келип берсеңчи жанагы ылай чылаган мээлейиңди, – деп, анын өткөн-кеткендеги күйдүргү сөздөрүн эми кайра өзүнө ыргытып… “Кутумчул” Сапар авам менен Саякбек агам да мурутунан күлүңдөп, сыр алдырышпайт. Чечекейлери чеч экени күлмүңдөгөн көздөрүнөн ачык эле көрүнүп турду.
— Капыр-рай, эмне болуп жатат ыя?!- дегени менен бу жолу карталарды териштирген жок Амангелди. Андан пайда чыкпасын билдиби, же эмки оюнда чыгып кетүүгө чындап ашыкканыбы, карталарды шыпылдата аралаштырып, көзгө илештирбей таркатып жатты.

#17 04 June 2015 - 03:43
— И, “абышка” болдуңарбы,
ал-күчтөн тайып… “коюң кетти камышка” кылалы ыя, Сапар ава?..- деп, Амангелди дагы эле демденген менен кайра эле алар калып калышты.
— Аа-ха-хха! ..- Капар авамдын каткырыгы анык таш жарды,- “Катыгү-ү-н” дагы калдыңарбы ыя?!.- деди Амангелдини туурап.- Тузга чыктык.
Тигинин болсо башы аласына тыгылды. Калгандарыбыз бүт кыт-кыт. Айласы калбай калган картачы байкем кара күчкө, күбүлгөндөн калган тиштерин ырсайткан болуп:
— Ой, тобо?!. Булар эмне, адырашмандын ашын жеп алышканбы, ыя Сапар ава?.. кол келип да туруп алды, буларга…- не дээрин билбей, амалы түгөнүп барат,- А, майли, картачылар туздан кармайт. Эр болсоңор эми чыгып көргүлө…- дегенге араң жарады, акыркы үмүт байлап турганы да. Тим эле Шодокондун бүркүтүндөй көздөрү алаңдайт. Эгер утулса олтурган жеринен эле мүрт кетчүдөй көрүндү. Кекээрдүү. Бизди, айрыкча мени бүкүлү бойдон жутуп жиберчүдөй жоо-душманы санап, бүткүл турпаты менен жек көрүп жатканын жон терим менен сезип жаттым. Карта, кумар деген чын эле жаман нерсе окшобойбу, кой оозунан чөп албаган момун кишинин канын ушунчалык козутуп.
Бул, демейде айтылчу сөздөн биз да кооптонуп калдык. Ушунчалык заар, кекээр менен айтылды дейсиң! Жон терим чымырап кетти. Картачынын болгон дарамет-күчүн ушул, акыркы чектен байкаса болот эмеспи, эми Амангелдинин аянбасы турган иш. “Алда кандай болуп кетээр экен? Парвардигер! Дагы бир колдой көр, о Кудай!” деп чочуркап да, кайта-кайта ичимден тиленип да жаттым.
Баарыбир эбин таптым. Бозбай атама, айрыкча Токтогулга баракелде! Биздин акыркы дакүмөнтүбүз болгон туздарды таштаганымда Амангелди картасын чачып жиберип ордунан тура кетти! Үн жок. Балта жуткан таз жорудай ыңкыйды. Бөздөй купкуу тартып, туш келди айлана басты. Не кыларын билбейт. Капар авам да кара күчкө каткырымыш эткени менен ичтен катуу кооптонуп турду көрүнөт. Баарыбыз эле Амангелди алда кандай болуп кетээр экен деп олтурган жерибизде элейдик. Эч ким үндөбөдү. Бу, бейкүнөө байкуштун убалына калып калбайлык дегендей олтургандар бири-бирибизге бүшүркөй тиктештик. Ордунан козголгон эч ким болгон жок. Капар авам да оозунан эзели түшпөгөн тамекисин, “көзүнө даана көрүнүп жаткан стопкасын” да унутуп калды. Бүтө жаздап калган тамекиси көк түтүнүн чубалта обого түтөп, жүлжүйгөн көзүн жандай созолонуп жатты. Чын эле эмне жосун баштап алдык эле?! Эми эмне болмок?!
Баарыбыз билчүбүз, байкуш Амангелдинин жүрөк оорусу бар эле, кез-кез догдурга жатып жүрчү. Ал, бозоруп, тигиндей четке туруп тамекисин күйгүздү да үнсүз шылкыя басып үйүнө кирип кетти. Оорукчан, арык, алсыз неме качан жыгылар экен деп кабатырлана баарыбыз күтүп жаттык. Жыгылбады.
— Ыя, кокуй, аман болгой эле…- Сапар авам алгач сөзгө келди.- кайдагы оюнду баштап… ач кулактан тынч кулак өзүбүзчө эле олтура бербей…
— Өзүң баштабадыңбы…- деди, Капар авам тигини зекигендей. Амангелдини аяп жатканы да. Экөөнүн эзели минтип кер-мур айтышканын көргөн эмеспиз. Аябагандай ынтымактуу болушчу, дайыма ээрчишип. Оюндан от чыгат деген ушул, жаман иштин жасалганы сезилип турду.
— Кудай уруп өкүрүк чыкпагай эле…- Сапар авамдын бул сөзүнө баарыбыз бырс күлүп жибердик. Аныбыз арга жоктон эле. Балким, чын эле… анда эле өлдүк дей бер, бүт айылга кеп болуп… Ак пейил, эч кимге катуу айтпаган, момун кишини кимибиз эле өлтүрөлү деппиз?.. Баарын кылган карта!
Кыйлага эч ким үндөбөдү. Ар кимибиз өзүбүздү ичтен айыптап жаттык көрүнөт. Авамдар кетишпеди. Кийизге чыканактай кыйшайышты. Баарыбыздын көзүбүз Амангелдинин үйү тарапта. Агаларымдын тымызын, “мөрөйдү” күтүп жатышканы билинип турду. Башкаларды билбейм, мен уялып жаткам, кайдагы картага кызыгып, же таза ойнобой… Билип калышса өлдүм да, шермендем чыгып… Качан гана Амангелдинин балык жон, эки бөлмөлүү үйүнүн эшиги акырын ачылып… аялы… анын артынан ээрчий кол сунуп күңкүлдөгөн Амангелдинин көзгө тааныш карааны көрүнгөндө:
— Өх-х!..- деди Сапар авам, адатынча өзгөчө куйкум менен.- Өлбөптүр…
— Эк, дайыма шойкомуң калбайт с-сенин…- чынында эле жамандык күтүп олтурганбы, Капар авам, кагына кетти. Ал да, чынында эле баарыбыз тең саал эс ала түштүк.
— Ий? Өкүрүк чыкпай өзү чыгып атса сүйүнүп кетпедимби…- Сапар авам дагы жылма тамашасын жылдырды.
Бырс күлгөн Капар авам:
— Чын эле… мен да… хи-хи…- деп, мурутунан мулуя күлдү.- Жүрөктү түшүрүп…
— Ой, Амангелди! Кел бери,- сүйүнүп кеткен Саякбек авам досуна түтпөй, кыйкырып, кол булгаган болду.
Амангелдинин аялы бизди көздөй тике басканда жанданып келаткан күлкүбүз кайра суу сепкендей тып тыйылды. Ал, бетке чабар, улуу-кичүүнү ажыратпаган аял эле. Дагы эмине балээ болуп кетти? Артынан күңкүлдөгөн күйөөсү ээрчип алган.
— Жак-с-сысыңарбы? - жоон жолпу, чыңалган кызыл беттүү аял бизге жете бербей алыстан, сиркеси сүйбөгөндөй ооз учунан учурашкан болду, авамдарга келин болот эмеспи, өзүн зорго токтотуп турду көрүнөт,- Муну мине кылып жибердиңер эле? Кирип эле төшөгүнө сулап, онтолоп, кайра тура калып дарысын ичип, акча сурап?..
— Эчтеме…- демейдеги чечен, азилкеч Сапар авам айыптуу үн каткан болду.- ж-жиберген эмеспиз…
— Эй, катын, бол деп жатпаймынбы, акча берчи…- Амангелди аялын чыканактан тартты эле, ал, жактыра бербей кагынып койду.
— А-а, карта ойноп эле…- Саякбек авам алар менен сырдакана эмеспи, абалды алгач аңдай койду.- Сапар авам экөө уттуруп коюшту. Байгеси бирден “магарыч” болчу…
— Ой, ошол элеби? Ха-ха.-ха…- аял артындагы док артып турган күйөөсүнө бурула берип, колуна кагаз акчаны бурдай кармата берди,- ме, дагы эмине балээ болуп кетти десе, атасы өлгөнсүп, ыйламсырап, хи-хи… өл-лүгүңдү көрөйүн…- анысы эрин эркелеткени болучу.- Картага да ушунча кейийби…
Ошол кечте ойда, үч агам бир черден чыгышты белем! Каткырыктары таш жарып, “стопкадан” улам кылт этип коюшуп, сырдана көз кысышып, бүгүнкү чоң окуянын мазесин чыгарышты, улам бир укмуш жерин кайта-кайта чечмелешип. Иним барып алып келген эки арак бүткөнчө, түн жарымына чейин олтурушту. “Үйгө кийирбей койчу” жеңелер да унут калды. Анан эмне, мындай жер жарган жаңылык болуп жатса!
Амангелди байкемин абалы гана мышык ыйларлык эле. Такыр эле шылкыйып, же күлө, же ыйлай албай тим эле ичинен кан өтүп жаткандай. Шатыра-шатман күлкүгө кошула албай мылжыйып, күлүмүш эткени менен бозоргон өңү мостоюп… кетип кала албай, башы баталгада жаткан айыпкерден амалсыз эле. Утулганына чыдабай качып кетти деген кеп жаман да.
Бир маалда ал:
— Келе, маа да куйгулачы,- деп колун созуп калды чечкиндүү, бош ыстаканды сунуп. Мындайды эч ким күтпөгөндөн баарынын ээктери жерге түшүп, ооз ача элейишти. Жаны чындап күйүп кеткен көрүнөт. Ал, эзели арак ичип көргөн жан эмесмин дечү.
— И, кокуй, мине болуп кетти, анчалык күйгүдөй,- деп, Сапар авам адатынча мыскылдуу чочумуш этти.
— Койсоңчу, сага жакпайт,- деди Капар авам жарымынан көбүрөөк турган бөтөлкөнү кыя карап.- бир нерсе болуп кетсең аялың бизди жеп салбайбы…- Бу шылтоосу жөндүү чыкты.
— Ооба. Закиш бизди жаман көрүп калат,- Саякбек авама да тил бүттү.

#18 04 June 2015 - 03:46
Амангелди байкем бир аз ыргылжың тартып турду да:
— Чын эле, койсо коёюн…- деди кыйыла, непада аялынын каардуу жүзү көз алдына келе түштү көрүнөт,- Кел, анда, Айдүш, экөөбүз бир партия ойноп жиберелик.- Ичиндеги өртүн баса албай турган өңдөнөт, мага жалдырай карады. Мен санаалаштарымды суроолуу карадым.
— Ээ, жо-о… болбойт. Ойносок чогуу, мелдешип ойнойбуз. Муну кара…- Капар авам чындап каршы чыкты. Утуштун кыныгын тата түшкөнбү, же жалгыздасам мени утулуп калат деп чочуладыбы, катуу турду. Балким “стопканын” жаңысын элестеп кеткендир. Утулдум дегиче мөрөй жанып, Амангелдиден өчүн чала алып калбайбы. Мен аны кыя албай үнсүз олтуруп калдым. Улуунун айтканы айткан. Анын үстүнө менин деле оюнга көңүлүм жок болчу. Ага караганда авамдардын жанытма, чучукка жеткен какшыгын, бирин-бири сүрөп, таш жарган каткырыгын угуп олтурганым жакшы болчу.
— С-сен эмне, Капар ава, ортого киришип,- Амангелди көздөрүн алаңдатып, уруша кетчүдөй опурулуп кетти,- өзү билет да ойнойбу, ойнобойбу…
— Жок дегенден кийин жок.- Капар авам кичүү неменин тил кайырганына ардана түшүп, мисирейе кесе айтты.- Жалгыз ойнобойт!
Саамга баарыбыз ыңгайсыз тартып үндөбөй калдык. Жооштон жоон чыгат дегендей, авамдын мүнөзү жайдары көрүнгөн менен ачуусу чукул экенин жакшы билчүбүз. Уруш чыгып кетеби деп баарыбыз кооптоно түксүйдүк.
— К-койсоңорчу бала короздордой болбой,- ырас Сапар авам дагы да ортого түшүп, абалды жайкап кетти,- Оюндан от чыгат болбойлу. Оюн бүттү.
Амангелди байкемдин башы кайрадан аласына шылк этип, үнсүз үңкүйүп олтуруп калды. Анан эмне айла кылмак. Утулса аялы акча бербей огобетер шагын сындырмак. Анда эки өлгөнү ошол эмеспи. Ындыны такыр өчүп калды. Байкушка жүрөк ооруйт. Мен эле эмес, ичтеринен баары эле ошентип жатты көрүнөт. Бүттү, эртең менентен баштап айылдын баары аны келекелей баштайт эмеспи. Утулбас картачы таажысынан айрылды! Ага кыянаттык жасап, чекилик кылып койгонума ичимден катуу сызып жаттым. Таза эмес ойноп… чындап утсам анда бир жөн… Кечирим сурасамбы? Анда авамдар кандай абалда калышат?! Ичээрин ичмек түгүл түгөтөйүн деп калышты, Амангелдини болсо такыр эле “өчүрүп” салышпадыбы! Эми араң жеткен мөрөйүн ооздорунан алдырып… кылыгымды билишсе мени жердин жети катарына жеткире жекирип, киши ордуна санабай калышпайбы. Жо-о, болбойт. Ачыгын айтсам бүттү, өлбөгөн төрт шыйрагым эле калбайбы. Айыбым айылдыктарга жетти дегиче, адам катарынан чыктым дей бер.
Ошентип, ай айланып акыры үйдү да бүтүрдүк. Жалтырата сырдап, арбактарга атап, жакшылыкка деп кой союп, туугандардан бата алдык.
Менин шаарга кетчү учурум да келди. Шаабайы такыр сууп, илең-салаң үйү тарапта кыбырап жүргөн Амангелди байкемди гана кыя албадым. Нары-бери өткөндө кол кабышка ден соолугу жарабаса да иш илгери айтып мурдагысындай басып да келбеди. Таажысын тарттырып жиберген немелерге кайдан келсин. Мени көргөндө гана алыстан үмүттүү жалт-жалт карап калаар эле. Ойноор бекен, жандырып калаармын дегени да. Көрмөксөн болуп койчумун.
Акыры эртең таң ата кетем деген кечте атайылап үйүнө бардым. Сырымды ачпай кете албадым. Көкүрөгүмө томук тыгылып алгансый берди. Ала-кийизге олтуруп алып адатынча темирден ооз комуз жасап жатыптыр. Андан апамдын мага бергени бар. Колу уста. Салам айтсам:
— Аа, Айдүш кел, кел…- деген болду ооз учунан. Сабыры суз. Таарынычы ичте эмеспи.- Апаңдын үйүн бүтүрүп жакшы иш кылдың. Качан кайтканы жатасың?
— Эртең менен кетсем деп турамын,- айыбымды кантип айтаарымды билбей турдум. Не дээр экен? Сөгүп-сагып, таарынар бекен? Үйүнөн айдап чыксачы?
Ар кайсыдан кеп салышып олтуруп, чай ичилип бүткөн соң не болсо да тобокел деп, айтаар кебимди айтып калдым:
— Байке, өткөндө сизди алдап утуп койдум эле…
Үзүм нанын каймакка мала бермек болгон ал ордунда ката түштү:
— Эмне дейсиң?!- Көздөрү алайып, башка таяк жеген сымал селейди. Не кубанганы, не ачууланганы билинбейт. Мен мукактанып, сөздөрүмдү аста кайталадым. Сунулган колу менен чаап жибербесин деп сактанып да турдум. Жок. Саамга үнсүз делдейе түштү да кебимди түшүнө салды көрүнөт, көздөрү күлүңдөп жайнай түштү.- Кантип? Кандайча?
Ойногонумдун жөн-жайын кунт коё уккан соң:
— Ошондой эле деймин да! Эмне болуп кеткенин түшүнбөй…- Кудуңдап сүйүнгөнүн айтпа! Тим эле баладай. Ордунда олтура албай туйлап, тура кетти.- Бая эле ошентпейсиңби…- жамажайы жайылып, уурту делдейген эки кулагына жете күлдү.- Ой катын, сен уктуңбу, Айдүш мени тамашалап койгон экен! Утулчу эмес элем деймин да!..- бапыраңдап аялына мактана кетти. Кыязы андан да нечен шылдың угуп, сөөгүнө жеткире табаласа керек.- Арак алдыра койчу, балдарды жибере сал!- Ансыз деле ыкшоо аялы кеп төркүнүн түшүнө бербей алая карап жактырбады эле:- Бол эми, Айдүш шаарга кайтканы жатыптыр, чай берип, узатып коёлу…- деп мага шылтай кетти. Антпесе аялы акча жылдырбай калсын. Менин жо-о, жөн эле коюңуз, ичпеймин дегенимди укпамыш этип сырдана караганынан кыя албай олтуруп калдым.
Түн ортосуна чейин кетирбеди. Кантип, кандай утуп алганымды кайра-кайра сурап, теригип, жекиргендин ордуна кайра маашырлана кытылдай күлүп, Амангелди байкем чечекейи чеч боло жазылып, аябай көңүлдүү олтурду. Кесмесин жасап жаткан аялынын аңдыганын жазгырып, байкатпай эки ирет арактан да алып койду. Сүйүнүчүн айтпа! Мени болсо жан-алы калбай сыйлап, арактын калганын бүт ичирди. Анан кетээримде:
— Эми Айдүш сага чоң ырахмат! Минтип, айтып койгонуңа, унчукпай кетип калсаң эмне болмок элем,- деди сыртка чыга узатып, мен тимеле анын кан таажысын кайтарып берип чоң ажатын ачкансып ыраазы боло,- Эми эртең кетип баратып Капар менен Сапар аваңа жолугуп, аларга кантип ойногонуңду, мени кандай утканыңдын сырын айта кеткин. Сенден өтүнүчүм ушул болсун,- деди жалооруй,- Антпесең мага эч ким ишенбейт…
Мен албетте, убада бердим, бирок аткарганым жок. Кийин айтып беремин деген ой менен Бишкегиме ашыгып кете бердим.
Амангелди байкемин аманаты аткарылбай калды. Ошол бойдон көрүшпөдүк, аттиң! Көр турмуш менен алпурушуп, шашыла келип, шашып кетип дегендей жолуга албай жүргүчө Саякбек агаман башка үч агамдын биринен сала биринин көзү өтүп кете бериптир…

#19 13 June 2015 - 01:40
КАРА ШАРШЕМБИ
Бул жолу да мурдагыларынан эч айырмасыз, кадимки жазгы таңдардын бири ак мөңгүлүү, алп тоолордун артынан шашылбай агарып, атып келатты. Анын бүгүнкүсү өзгөчө, тарыхий болорун ким билиптир?! Эч ким күтүп, боолгогон эмес.Күнчыгыш, дегеле төбөдөгү асман чылк бозоруп, чаңдуу. Ак жаан жүрчүдөй аба ным тартып суз, ичиркенткен муздак. Күн көрүнбөй, боз туман артынан күңүрт жылтырайт, табы жок. Улуу табият алда нени сезип жаткандай коогалуу баштанды… беш жыл мурдагы март айындагы ак үйдөн Акаев качкан күндөй…Бүгүн, кылымдарды карыткан кыргыз калкынын кезектеги шаршемби күнү. Баш калаа талыкшый, уйкусунан чукуранып ойгонуп келатты… Алда кандай болор экен?..
Президент аталган Закиржон уйкусунан катуу чочуп ойгонду. Жүрөгү опколжуйт. Капырай, түшкө не гана кирбейт! Дырдай жылаңач бала кези экен. Үстүндө үйрүп салар кийими жок. Ээн талаада жалгыз жатат. Ата-энесинин, демейде топураган жакындарынын бири да жок, кайда жоголуп кетишкени белгисиз. Балким о дүйнө салышкандыр, же түгөл качып кетишкендир, баласынын жалгыздыгын, мусапырлыгы менен кордугун көрбөйлү дешип. Суук, Асманда күн да жок, чаңгылт. Анан эле кайдан-жайдандыр калдайган алпкаракуш башына конду. Тумшугу албарс кылычтай, көздөрүнөн от жанат. Чындык сымал качырбас, алгыр. Андан катуу коркконунан баа деп бакыра да албайт, ага да алы келбейт. Капыстан алпкаракуш как төшүнөн жүрөгүн суура чокумак болгондо Закиржондун жаны оозуна тыгыла түшүп көзүн чылк жуумп жиберди. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Кыйлага коркуп, жанынан түңүлө күтсө дагы кылыч тумшук көкүрөгүнө сайылбады. Бир кезде көзүн акырын ачса алпкаракуш маңдайында заарлуу көздөрүн кадай тиктеп туруптур! Закиржондун үрөйү учуп, ыргып тура калып бет келди качып жөнөдү. Эсине келсе азыркы, алтымыштан ашып калган курагы экен. Тобо! Бирок дырдай жылаңач. Үстүндө үйрүп салар чүпүрөк жок, колу да куру. Алпкаракуштан жанталаша артын карабай качып баратып ойгонуп кетти. Бу неси? Түш – алдын ала айтылган аян болот дешчү эле…
Уйкусу суу бүрккөндөй качып, коогалуу ойлордон арылмакка төшөгүнөн тура жөнөдү. Кечээ кечки узак үлпөттөнбү, башы зыңгырап, көзү караңгылап кетти. Жаш аялы анын ашаткы жытынан качса керек, нары карап тумчуланып жатыптыр. Кечиндеги үлпөттө бир түнгө жалдап алган чүрөктөй кыздарың да, мунусу да ал үчүн баары бир. Эч айырмасы жок.
Кеңгиресе да башына ушундай балакеттүү селсаяк ойлор келе берди. Минтип, түтүндөй түгөнгүс сарысанаа тарткандан көрө эрте болсо да ишиме барганым жакшы эмеспи алаксып, деди ал. Башын да жазып алат. Анын ушутапта көзүнөн учуп, жалгыз гана самаганы ошол — мөлтүлдөгөн жүз грамм болчу.
Эсен адаттагысындай бүгүн да ишине эртелеп турду. Мындайда анын ыкшоолугу суу бүрккөндөй үркүп, көздөрү дароо умачтай ачылат. Анткени, үй-бүлөмдү бүгүн кантип багам, канткенде жашоосун жакшыртам деген санаасы күч. Анүстүнө беш-он мүнөт иштен кечикти дегиче бүттү, шефинин көзүнүн чаары чыгып, бирпаста эле бузулуп калат. Анан ал айыбы үчүн кийин, саресеп салып туруп айлыгынан сөзсүз кесип коет. Эгерим унутпайт. Анысын алдын ала: чет өлкөлөрдө ушундай, кааласаң иште… деп коет. Каалабай кайдан иш издемек эле?! Табылбастыгын билгенден улам ушинтип кордукка баш ийип жүрбөйбү. Ал эми анын сагызгандай сактыгын айтпа! Фирмадагы элүүгө жакын кишилерди бири-бирине аңдытып койгон деген имиш да чын болсо керек, кылт эткендин баарын билип алат. Тим эле жаныңда көлөкөдөй ээрчип жүргөндөй. Дегиңкиси жетекчилердин көбү эле ошондой кыйды дечи, бирок бул алардын ичинен жеткен куусу, анан өзүмчүлү. Ар бир ыңгайы келген кыпындай кемтикти текке кетирбей эбин таап жазалап, акчасына аябай сараң. Эптеп эле эки сом болсо да өзүнө өөнөп алууну ойлоп турат, эзели эч кимге бергиси жок. Ошону үчүн аны баары жактырбайт. Албетте, ичтеринен. Ачык айтып эле көрүшсүнчү, ошол замат иштен айдалат! Андайлар аз да болсо болгон. Андан көрө тилди тартып, кылыкты чатка ката жүргөн оң. Бу, менчик ишкана дегениң ошондой, кожоюндун көзү менен тең тегеретет тура. Кол алдындагы кызматкер — кулдан айырмасыз. Анан о, жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз, эгеменбиз, цивилизация укмуштуудай өсүп, демократия гүлдөп жатат деп опурулуп, төш какканыбызды кантесиң! Чокуң, сага! Кожоюн деген кудайдай эле, закон-пакондоруңду уруп ойнобойт. Албетте, ал закондор иштебесе, аткарууну бийлик катуу көзөмөлгө албаса.
Ушундай ууру ойлор сезимин бир чаңдатып өткөндөн улам “эк, кудай алсын ошону, мага иш берип, айлык төлөп турса болду” деп Эсен ичинен өзүн жубатып, куру чайын шашыла ичип сыртка чыкты. Таңкы асман буурулдана чаңдап, майда жамгыр муздак дыбырап турган экен. Дегиңкиси, быйыл жай кечикти, апрель айынын бир жумасы өткөнүнө карабай күн жарытып ачылбай койду. Күнүгө эле жаан.Чөнтөк телефонун унутуп калган экен, эстей коюп дарбазадан кайра үйүнө кайрылды. Аялы, балдары жерге салынган “коммунизмдин төшөгүндө” кыдырата тизилип дымырап уктап жатышат. Бейгам. Улуу уулу он үчтө, барган сайын бою чыгып, баскан-турганына чейин өзүнө окшошуп барат. Анын мурдун борбойтуп бейкапар уктап жатканын көрүп ичи элжиреп, өзүнүн өспүрүм кезин эстеп кетти. Саамга токтоло калып көз толтура уулун карап алды. Аман болсун! Эки кызы али кичине, энесине мышыктай ыктап жатышат. Беш жандын бир бөлмөдө тыгылышып жатканына кейип алды. Ар бир баласына өз-өзүнчө бөлмөлүү үйү болсо кана? Ага качан жетери да белгисиз, жер жок, акча эзели артпайт. Бу, орус кемпирдин бир бөлмө жер кепесин узун-туурасы он метр жери менен эптеп, бир жылдай созуп, бөлүп-жарып төлөп жүрүп сатып алганына он жылдай болду. Көрүнгөнгө жалдырап, кайырчыдай карыздаганын айтпа! Дагы жакшы, анда аялы экөө иштечү эле, тун уулун айылдагы энеси багып. Антпесе ушул кезге чейин батирлеп көчүп-конуп жүрүшмөк экен. О, ал азапты айта көрбө! Көрүнгөндүн көзүн карап, сөзү мокоп, күнү-түнү кысынып, балдары эркин басып, ойной албай…
Ошондон ушу кезге чейин же жерге жетпей, же акчага жарыбай келет.
Эсен өйдөкү Төкөлдөштөгү үйүнөн демейдеги төтө жолу менен Алматы көчөсүнө чыкканда эле топураган кишилерди алыстан көрдү. Ошондо гана анын эсине кечээки ар кимден уккан “оппозиция таң эрте Атамбаевдин “Форумуна” чогулат экен” деген кеп түштү. Бийлик борбордук аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Бирок мынчалык көп эл чогулат деп ишенген эмес. Кийинки эки-үч жылдан бери көпчүлүк адамдар митинг, пикеттерден жадагансып, же тыңыраак, дили, “колу” таза лидер чыкпай, үмүттөрүн актабагандан улам оппозицияны ээрчибей, тажап калгансыган. Бийлик да алардын ашмалтайын чыгара жамандап…
Эки жарым жыл мурдагы ноябрь митингинде көпчүлүк катуу чыгып, Текебаев, Атамбаев, Бабанов, Сариевди катуу колдошкон. Бийлик аларды түтүн менен атып, “Бакиев – политический труп!” деп айкырган Атамбаевге премьер-министрликти, митингдин тамадасы аталган Эшимкановго КТРди, штаб башчы Каттани-Суванбековго Нарын губернаторлугун, кыркка чыга электигине карабай Бабановго вице премьерликти, дагы-дагыларына өкмөттөн үлкөн кызмат берип, калгандарын кысып койду эле бүттү, Байсалов батышка, Байболов Казакстанга, Жээнбекову Германияга… качып, Жекшенкулов менен Исаковду балдары киши атты, жеп-ичти деген айып менен абакка камап салган соң оппозиция дым-дым болуп калышкан.
Эми мына, Бакиев бир да убадасын аткарбай, тескерисинче мурдагы президенттин он беш жылда жасаган жамандыктарын беш жылга жеткирбей жети эсе ашыра жасап, эл кысталып, азыркы да, келечек да турмушунан өксүтүп, баарынан жаманы — алгы үмүт-тилектеринен ажыратып салды. Аны Эсен өз турмушунан билет. Алган алты миң сом айлыгынын миңден ашыгын ай сайын светке төлөйт, антпесе дароо кесип кетишет. Аны кайра жасатуу да акча. Быйыл январь айынан тартып анын эки эсеге кымбаттаганы катуу кыйноого салып койду. Дагы миңи баласынын мектебине, улуу кызынын бала бакчасына, майда кийим-кечелерине, таштанды акысына кеткенде эле калганы тамак-ашка өп-чап калат. Алары да кымбаттап кетти.
Тууган-урук, жолдош-жоролордун жакшылык-жамандыктарына катыша албай элден четтеп калганы да ошол, акчанын айынан. Үй-жайды оңдогонго эмес, тыңдап кийимге жетпей калышты. Баарынан да кышкыга отун, көмүр алууну эстегенде Эсендин деми өлө түшөт. Накта азап ошол. Бери дегенде он миң сом – очойгон акча! Жаз-күз бою дилин курттай жеген санаа ошол. Эптеп ай сайын балдарынын оозунан, кийим-кечесинен миң сомдон өөнөп, чогултуп, өп-чап отун алышат. Аялы болсо үйдө, бирге, бешке чыга элек кыздары менен. Эптеп, эшиги алдына камок ачышты эле ага лицензия ал, салык төлө, ай сайын отчет бер, “шаар иштерине кошумча кош” деп жатышып иштетпей коюшту. Нечен убара менен тапкан азыноолак акчасын тоноп алган кудум эле каракчылардай. Айрыкча “шаар иштерине” деп эки айдын биринде чогултканыны түшүнүксүз. Ал акчаларды райондун акиминин, мэрдин туулган күндөрүнө, кыз-балдарынын тойлоруна, дагы ушул сыяктуу “жакшылыктарга” берет дешет. Алар болсо чогултуп алып чоң үлүшүн “өйдө жакка” беришет дейт. Мына, коррупция, паракорлук деген ушул эмей эмне? Анан дагы коррупция деген ажыдаар менен жан аябастан кармашып жатабыз, аны курутуп, соолтобуз дешет. Өзүлөрү нака коррупционерлер! Өкмөт камокко бир тыйындык товар, же акча берип койбосо эмнеге салык алышат? Жок дегенде азыраак алышса боло. Эсен ушуну түк түшүнө албайт. Эгер камокту салганга колдоо көрсөтүп, акча же жер бөлүп берип, товарын ташышып койсо бир жөн. Чырпык башын сындырбай туруп чыңырта акча жулуп алышат. Бу кайсыл кудайга жатат? Ишинен бир күнү айдалса бүттү, ачкадан өлүп, үй-бүлөсү менен тилемчиге айланышат. Өкмөт карап да койбойт ошондо. Бийликтегилер болсо эл байлыгын талап тоноо, өз кишилерин тегерегине чогултуу, папкесин сактап калуу менен алек, элди ойлогону жок. Куру убада, баш айлантмай кептери эле. Эртеңки турмуш кандай болот, белгисиз. Алгы үмүт да жок.Жумушсуздар, алда кандай болуп кетер экен деп кызыгып келген бекерпоздор, атайылап көмүскө убадалашкан СДПчылар, “Ата-мекенчилер”, кай бир ак шумкарчылар, бирин-экиндеген тыңчы чекисттер менен “гражданча” кийинип, кой терисин жамынган милийсалар, тегерек-четтен келишкен ишенчээк, бейпай айылдыктар үч-төрттөн, он-жыйырмадан болуп ар тараптан агылып “Форум” алдына чогулуп жатышты. Дээрлик көбү жаштар. Баары чоочун, арасынан бир да Эсендин таанышы көрүнгөн жок. 7-апрелде оппозиция элдик курултай өткөрөт экен, президент Бакиевдин баласы Максимдин каны бөлөктүгүнөн кыргыз элине душман жасабас караниеттиктерди жасаганы, “башбакандын” инилери андан кем калышпай үкаларына эрегишип, эр өлтүрүүгө чейин барып жаткандары, дагы көп-көп ашынып кетүүлөрү үчүн атасы ачып берген экономиканы өнүктүрүү департаментинин директорлугунан Максимди, бири айыл өкмөт башчысы болуп туруп иш жүзүндө эки облустун “авторитети”, экинчиси акасынын жансакчыларынын башчылыгынан сырткары бүтүндөй өлкөнүн жанчактысына айланып түмөндөгөн кыңыр иштердин түйүнүн кармаган “кара кагандыктан” кетирүүнү талап кылып, эгер аны орундабаса Бакиевдин өзүнүн отставкага кетүүсүнө катуу мажбурлайт экен деген күдүк сөздөр соңку кездери күчөп кеткен болчу.
Бир жылдан бери эле оппозиция ана чыгат, мына көтөрүлөт деп келип мына, жаз да келди. “Эми башталган окшойт… ай, ким билет…” деген Эсен элди аралап баратып:
— Кечинде Атамбаев менен Текебаевди СНБнын СИЗОсуна камап салышыптыр… —
— Атамбаевдин үйүн жүздөй спецназчылар штурмовайт кылышыптыр…
— Өмүркуловду да камаптыр…
— Эртең менен эле Москвадан келип түшкөн Сариевди “Манас” аэропортунан СыНБычылар кармап кетишиптир…
— Бийликтин бул эмнеси, тыңдардын баарын эле ушинтип жок кыла беришеби?
— Ал, лидерлерди камабаш керек эле. Катуу жаңылышыптыр. Жыландын куйругун басып алышкан турбайбы…
— Эми эл анык көтөрүлөт…- деген күдүң-күдүк сөздөрдү угуп жатты.

#20 13 June 2015 - 02:01
Ал, күнүгө ушул, Алматы көчөсү менен төмөн, жөө эле ишине түшүп барат. Акчага да үнөм, ден соолугуна да пайда.
Көпчүлүктүн арасынан көзгө уруна бербеген орто бойлуу, сары жүздүү Эсен темир жолдун көпүрөсүнүн алдынан өтүп баратып артына кызыгып кылчайганда эл миңге чукулдап калгандай көп көрүндү. Дагы бараткандардын аягы жок. “Эмне болушар экен? Бакиев, анын ини-балдары бийликти оңой менен бере коюшпайт. Элге курал колдонгондон кайра тартышпайт. Кан чыгып кетпегей эле…” деген кооптуу кептердин айтылып келатканына көп болду. Күч кызматтарын да парламенттеги акжолчу-аткошчу депутаттарынын колдоосу менен колуна алып алган. Солдаттарды өз элинин толкундоолоруна каршы пайдаланууга бир короо койдой өзү топтоп алган Жогорку Кеңештин уруксатын алып, Бай мыйзамга да жаздырган. Ошол кантип кудайга жаксын?! Демократиясы ашынып кеткен эч бир өлкөдө да куралчан аскерлер менен элин тыйып, басуу деген жок. Аскерлер да элден чыккан, элдин эсебинен-казынасынан багылат. Анан элине бактырып алып кайра анын төбөсүн каңдатуу кандай мораль, не деген жосун?!
“Мен ок атканды билемин, бийликти коргой аламын, кай бирлерчилеп өз элимен качып кетпеймин” деп ачык эле мактанбады беле, Бакиев, эл көзүнчө, теледен. Ай, ушу, эл – тегин айтчу эмес эле… не болуп кетээр экен?” Баарынан да арай көз – чарай эле менин балдарым, жакын-туугандарым бийликке аралашпайт дебеди беле?!. Теңирден тескер чыкты го!
Дегиңкиси Эсен бу, нааразы тарапты колдой турган. Өзү деле алардын бири эмеспи. Баш оорусу эле: канткенде адам сыңары кеңири үй-жайга жетип, баласы чоңойсо кантип жогорку билим берери, аны кайсыл акчага окутары, кыздарына кандай кесип берип, кантип эл катары турмушка узатары… Аларды ойлогондо амалы куруп, зааркана түшөт. Өзү, аялы деле ошол, каражаттын жоктугунан жогорку билим ала албай калышты. Атасын билбейт, Эсен үч жашында эле үйдөн кетип калыптыр, ошол бойдон дайыны жок. Энеси эптеп иниси экөөнү чоңойткону менен тыңдап тирек боло албады. Тээ, отуз жылдай илгери эптеп чүргөп алган эки көмүт үйдө азыргачейин кичүү баласы менен айылда өлбөстүн күнүн кечирип келишет. Эсенден болсо аларга эч жардам жок. Өзүнө жетпей жатса балээнин жардамыбы?! Берейин эле дейт…
Эсен аскерден келгенден кийин жарым жылдай айылда каңгып бош жүрдү да иш табылбагандан кийин Бишкекке баса берген. Айдоо жерлерди менчиктештирүүдө үлүшкө деп тийген жерин энеси токсон эки, токсон үчүнчү жылдардагы тополоң – экономикалык- саясый катуу кризис кезиндеги жутчулукта жарыбаган акчага эле сатып жиберген. Шаардан эптеп жолумду таап, турмушумду оңдоп кетермин деген үмүт баккан эле Эсен. Андай болбоду. Дагы жакшы, майда-чүйдө курулуштарда, базарларда жүк ташып жүрүп компьютерлик курстан эптеп окуй коюп менчик гезитке дизайнер болуп орношуп, өзү кызыгып жүрүп жакшы билип алды. Ошонусу менен эптеп иш таап, жан багып келет. Болбосо ким билет, үй-бүлөсүн кантип бакмак. Көрүнгөнгө малай катары жалданып, же базарларда тачке түртүп жүрмөк беле. Эми минтип, үй-жай саткан фирмага орношуп алды. Аз акча болсо да таза, жеңил, эл катарында… Мамлекети жарды, башчылары башкарууга татыксыз болсо элинин шору турбайбы! Эл-журтту башкарыш үчүн журтбашылардын каны, дили таза, улуу адамдардын урпагы болуш керек тура. Эсен бул кепти элден көп угуп жүрөт. Демек, чын. Эл – эч качан жаңылбайт.
— Өх-х!- деп ырахаттана жыргап алды Закиржон, хрусталь ыстакандагы аракты кулкунуна куюп жиберип.
Жолдуката, колоннанын баш-аягында улуп-уңшуп, кызыл-көк жарыгын жаркылдатып жол бошоттурган МАИчилер канчалык ашыкса да оозу кургап, башы сынып кете жаздаган. Үйүндө деле башын жазып алса болмок дечи, али жаш кызы менен уулунан уялбадыбы. Балдардын бакырайган таза көздөрү жамандыкка жол бербейт. Аларды алдоо кыйын, кылмыш.
Терезеден көчөдөгү бирин-серин элге сереп салып келди. Ал, азыноолак акча менен майда-барат көр тирликке жанталашкан байкуштар ким да, Закиржон ким. Букара менен Хан. Алардын ар биринин, керек болсо баарынын өмүрү менен тагдырын каалагандай калчап коё алат. Алар кумурска, Закиржон алардын кудайы. Ушундай өз ойлоруна корстон болуп койду.
Аңгыча катчы кызы эшик черте башбакты.
— Закиржон Салиич, Данияр Токолович менен Мурат Сүталиевич сизге шашылыш кирсек дейт.
— Анчалык өрттөнүп бараткан эмнелери бар экен?
— Биле албадым…
— Киргизе бер…- деп, атыр жыты буркурап, тал чыбыктай буралган кызга артынан сугун арта карады.
“Көрүнүшүн кара, тим эле куурчактай суйкайымыш этип, көргөмүн сени…”
Мурунтугу жок өгүздөй адыраңдаган өкмөт башчы менен чала сомдолгон сокбилектей солдойгон коопсуздук катчысы кирип келишти. Ичкери чакыруусун күтүштүбү же тартиптүү көрүнөлү дештиби экөө тең жалтаң учурашып, босогодо бой тиреше катып калышты. “И, ошентип өз ордуңарды билип жүргүлө. Үлпөттөшкөн менен силер ким да, мен киммин. Чымын чапкандай жалпайта чаап коёрумду дайыма унутпагыла” деп, Салижон ичинен маашырланды. Ошондон улам тигилерди жанына чакырган жок.
— И, эмне болуп кетти?
Көзкарама, айдакчы иттей элпек Данияр Токолович тамагын каракүчкө кырынымыш этип:
— Закиржон Сали-ич, кечээки сөз болгон “толпалар” “Форумга” чогулуп жатышыптыр…- деп жүүнү бош үн салып, сөзүнүн аягын жута жүлжүк көздөрүн коркокбилиш кыбыңдатып калды.
Жанындагысы казык жутуп алгансып какайып үн каткан жок.
— И, анан, кечээ эле баарын жайлайбыз, талкалайбыз деп опурулуп жатпадыңар беле?
— Түнү менен иштедик, Закиржон Сали-ич. Ажыдаардын жети башын тең кесип, лидерлерин түгөл камап салдык. Эми толпаны спецназ менен кубалатып, алгач түтүн менен, ага болбосо … атып тымтыракайын чыгара таркатып салалы дейбиз.
— Андай болсо мага эмнеге келдиңер? Же көрүндүгүңөрдү берейинби?..
— Жо-о, макулдугуңузду алалы деп эле…
Закиржон тигилерди ата-бабаларынан мурастаган шишик көздөрү менен олурая карап адатынча мытайымданды:
— Талпаны таркатуунун айла-амалын силер сунуш кылгансыңар, мен эмес. Калган тыңдарын снайперлер менен бирден терип коёбуз, ошону менен иштери бүтөт дебедиңер беле? Демек, акыр-аягына дейре силер жооп бересиңер.- деп тигилердин өз сөзүн эскертип, эмне кылышарын да кыйытып койду.
Тигил экөө өздөрүнө бардык опурталдуу да, оор да жүк оодарылганын сезе коюп аргасыз жасакерлене какая түшүштү.
— Анда аткаралык!
— Ыракым этсеңиз…
— Жөнөгүлө!
Эсен ишине келип компьютерин иштетип, жаңы жарнамалардын тизмесин алып жасалгалай баштаганда эле бөлүм башчы келин шашыла кирип келди. Өңү кубарып, эмнедендир катуу кооптонуп турганы даана байкалып турду.
— Бүгүн иш болбойт, компьютериңерди өчүргүлө да, үйүңөргө бара бергиле.- деди ал супсак, баарыга угуза,- Кожоюн айтты…
— Эмнеге, Айнагүл Калиевна?- Чепилдеген арык, сары Зинагүл адатынча озуна сурап жиберди.
— Митинг катуу күчөп, ак үйдү алганы баратышыптыр. Болгула, бачым.- Бөлүм башчы карбаластап жакынкы үстөлдүн үстүндөгү кагаздарды шилей чогултуп кирди. Анын кербездене суйкайган, демейки чоюлган мүнөзүнөн дайын жок. Кожоюн экөө соо эмес дешет.
— А, мейли да, ак үй кайда, биз кайда…
— Сайрабай бол, Зина. Аларды таратканы барган спецназдын куралдарын митингичилер тартып алып, өздөрүн кубалап, машинесин өрттөп жиберишиптир дейт. Эки миң бешинчи жылдагыдай дүкөн-пүкөндөрдү талкалап, өрттөп жиберишсе эмне болот?..
Ошондо гана баарына түшүнүктүү болду, алардын фирмасы “Народный” дүкөнү менен канатташ эмеспи. Беш жыл мурдагы төңкөрүштө шаардагы кытайлыктардын “Мадина” базары, “Бета сторес”, “Гоин” супермаркеттери, ага кошулуп “Народный” дүкөндөрүнүн бири да соо калбай талкаланып, тонолбоду беле. Ошол тополоңдуу күн баарынын эсине түшүп, кооптоно дүрбөп, сыртка шашыла жөнөштү.

Супер-Инфо
super.kg
видео