Жаш кезинизде эле чачынызды ак аралап эмне кылууну билбей турсаныз, анда томонку кенешке конул буруп корунуз. Балким пайдасы тийип калар.
Жаш кезде чачты ак аралап баштаса эмне кылуу керек?
Ак чач ардактуу жашты көрсөтүп, адамдын артында канча жыл калганын билдирет деп түшүнүп келебиз. Мындай пикир көптөгөн жылдардан бери сакталган. Бирок, азыркы учурда ак чачты жаш эле адамдардын арасында жолуктуруу мүмкүн. Адатта, биз мындай адам чоң кайгыны башынан өткөрсө керек деп ойлоп калабыз. Келиңиз анда, чындыгында чач эмне үчүн агарат экенин тактап көрөлү.
Меланин(грек тилинен mélanos – кара)- организмдин белгилүү бир бөлүктөрүндө (чач өсүп чыгуучу кылтүбүндө,
каректе, териде, тери астындагы кылтүптө) жайгашкан меланоциттерден бөлүнүп чыккан өң берүүчү пигмент. Чачтын өңү да ушул пигменттен көз каранды. Эумеланин-күрөң түскө боёчу пигмент болсо, феомеланин–ак саргыл, кызыл өң берет. Эгерде меланоциттер өз ишкердүүлүгү төмөндөй баштаганда,
чач керектүү өңдү ала албай калат да, бара-бара агарып же такыр түсүн жоготушу мүмкүн.
Эмне үчүн меланин чыкпай калышы мүмкүн?
1. Туубаса жакындык, башкача айтканда кээ бир адамдардын тубаса эле чачтары тез агарат. Мисалы: атасынын чачы да эрте агарган, чоң атасынын, эжесинин ж.б;
2. Гормондук бузулуу, кайсы гана гормондун иштөөсү бузулган болсо ал артынан сөзсүз ак чачты алып келет жана кайра калыбына келүү үчүн көп убакытты талап кылат;
3. Узакка созулган өнөкөт оорулар, кайсы бир органдын иштөөсүнүн начарлашы менен башка орган-системдерди да кошо жабыркатат.
Адатта, жүрөк, ашказан оорулары чачтын өңүнүн өзгөрүүсүнө таасирин берет;
4. Сөөк-муун оорулары менен байланыштуу булчуңдун, теринин кан айлануусу начарлайт. Бул өз кезегинде чач чыгаруучу клеткалардын ишмердүүлүгүн төмөндөтөт;
Кээ бир оорулар убактылуу ак чачтын түшүүсүнө алып келет. Туура жана өз убагында дарылоо кайра чачты толугу менен калыбына келтирет. Ошондой эле чачты агарган соң дарылоодон көрө алдын алуу оңой.
Эгерде чач эрте агара баштаса андан ары жүрүшүн токтотсо болот.
Биринчиден;
бат-бат болуп туруучу стресс жана депрессиянын жыйынтыгы ак чачтын башкы себеби экени маалым. Азыркы замандын агымы менен жаштардын көпчүлүгүндө болуп турган: акча жетишпегендик,
карьерага умтулуу, жан үрөп иштөө, кесиптештер менен болгон чагым, бузукулук, көйгөйлүү жеке жашоо, сүйүү азабы ж.б абалдар стресс менен депрессияга кабылтпай койбойт.
Мунун баарынан дене эскирип, нерв система чарчайт, жашоо жүрүм төмөндөйт. Жыйынтыгында киши эрте карып, ак чач пайда болот.
Мындан сырткары, катуу моралдык доо кетүүнүн себебинен мээнин тамырлары кысылып, баш теринин кан айлануусу начарлайт да, чач түшүп, агарып, сынып баштайт. Жашоодо бир саат ичинде чач толугу менен агарып кеткен жагдайлар көптөп саналат. Кээ бир хирург-дарылерлердин олуттуу операция алдында чачтары агарып кеткен учурлар да жок эмес. Мындай абал учкучта, тарбиячыда жада калса кичинекей жаш баланын башынан өтүшү мүмкүн. Эч ким мындан коргонгон эмес.
Эмне кылуу керек?
Катуу чыңалууну кол менен алып таштагандай,
стресс учурларда өзүн кандай алып жүрүүнү алдын ала үйрөнүү. Кандай гана учур болбосун өзүн-өзү тынчтандыруунун техникасын өздөштүрүү.
Экинчиден; туура эмес тамактануу,
тез-тез диетада кармоо. Чач керектүү болгон заттарды чач ички организмден толук албайт, мындан чачтын өсүшү, өңү начарлайт. Ошондой эле чачтын өңүн жоготуучу жагдай болуп, туз, кофе жана дары-дармекти көп колдонуу эсептелет.
Эмне кылуу керек?
Тамактанууну жөнгө салуу. Жетишпеген белок, өсүмдүк жана жаныбар майларын, жез, цинк, темир, витамин В10 бар тамактарды күнүмдүк рационго кошуу. Бул микроэлементтер:
бадыраң, боор, курма(фундук),
карагат, дан азыктар, ашкабак, жумуртка, картөшкө, балык, күн карама, жаңгакта бар.
Үчүнчүдөн; тез-тез чачты боёо. Химиялык боёктордун курамындагы нерселер меланициттердин пигмент чыгаруучу милдетин бузат. Жалпысынан,
үч жолу боёлгондон кийин алгачкы ак чачтар пайда боло баштайт.
Эмне кылуу керек?
Өзүңүздүн чачыңыздын табигый түсүнө ыраазы болуңуз. Анткени, Жараткан сиздин чачыңызга өң тандоодо эч качан адашпайт. Башка адамдардын оюнан өзүңүздүн оюңуз жогору болсун. Аларга жакпаса, сизге да жакпоосу шарт эмес.
Акырында айта кетчү нерсе, зыяндуу адаттар, жашоо образын туура эмес алып жүрүү, дем алуунун жетишсиздиги,
булганган экология дагы эрте чач агаруунун күнөөкөрү боло алат.
Демек, эрте чач агаруу-бул жалпы организмдин же өз алдынча кайсы бир органдын жабыркашынын жыйынтыгы болуп саналат десек туура болор эле.
Жаш кезде чачты ак араласа эмне кылуу керек? Билип алыныз, балким пайдасы тийип калар.
#2 14 May 2015 - 00:24
Пайдалуу маалымат экен.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#4 17 May 2015 - 23:44
Эгерде чачынызды омур бою агарбасын десениз,анда аткулактын гулун демдеп,суусу менен чачты чайкап туруш керек.
#5 17 May 2015 - 23:45
Эгерде чачынызды омур бою агарбасын десениз,анда аткулактын гулун демдеп,суусу менен чачты чайкап туруш керек.
#8 20 May 2015 - 00:41
#9 29 May 2015 - 18:25
Менин чачымда да ак коп,айрыкча тобомдо,эми боесом эле ак чачтар осуп чыгып айламды кетирет.Эч жерим оорубайт,генден го менимче апамдын да чачы 8-классында эле агарган экен.
#10 05 June 2015 - 09:17
Чачына ак тушкондорго чалкан да жакшы жардам берет. Чалканды кайнатып, суусуна башыныздарды бат-баттан жууп турунуздар.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12 06 June 2015 - 13:28
Витамин ичиш керек, менин синдимдин чачтары да торт беш жашында агарып баштаганда Апам витамин ичиргенде озуно келген азыр чачтары капкара менин чачтарымдан коп... Витамин элевит же эвелет ушундай сыяктуу болчу атын унутуп жатам.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#13 07 June 2015 - 00:42

Супер-Инфо
super.kg
видео















