Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#141 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Апрель 2015 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты


Эне мээрими




Ар нерсе окуганга аракет кылса да, убакыт өтпөй турганын билет. Балдарынан бирөө жанында калса.
Бирок балдарына унчуккан жок. Алардын кубанычтарына жолтоо болгусу келбеди. Түштөн кийин Явуз энесинин жанында отуруп, китеп окуп жаткан эле.
Энеси сөздү туура эмес окуган учурунда кайталатып, баласына жардам берип жатты. Бир аздан кийин Явуз окуп бүтүрүп, дароо энесинин төшүнө жазданып, мойнунан кучактап: Энеке… деп шыбырады.
Базар күнү мен сени менен калгым келип жатат. Бирок эч кимге эч нерсе айтмай жок, макулбу? Энеси уулун өөп: Уулум, мени абдан кубандырбадыңбы.
Базар күнү зерикпейм эми. Эртеси эртең менен кичинекей Айша ашканада иштеп жатканда бир кокустук болду. Ал жууган табагын кургатып жатып, жерге түшүрүп, сындырып алды. Табактын сынганын энеси көрүп калды. Кызына мээрим төгө жакыңцап: Сен аман бол, кызым. Текчеде башка табактарыбыз бар. Энесинин мамилесине кичинекей кыз сүйүнүп кетти… Мектепке кетүүгө камынып, үйдөн чыгып бара жатып:
Энеке, деди. Билесиңби, мен базар күнү үйдө калам. Чогуу отурабыз. Бирок эч кимге айтпа, макулбу.


Апасы кечинде бөлмөсүндө бир нерселерди тигип отурган эле, улуу уулу кирип, ары-бери карап, эмне кылаарын билбей, бир нерсе айта тургансып жатты. Энеси чыдабай суроого мажбур болду:
Балам, эмне болду?
Энеке, бир оюнчук учак жасап жаткам да… Базар күнү үйдө калып, ошонумду бүтүрсөм болобу?
Башкалары кетишсин. Мен бул жерде сени менен калам. Бирок муну атама, бир туугавдарыма айтпа. Мындай боорукер, түшүнүктүү балдардын энеси болгонун ойлоп, эненин көздөрү жашка толду.
Кечинде күйөөсүнө болговдорду айтып берсе, күйөөсү: Базар күнү башка бир нерсе кылалы. Фабриканын ээси менен сүйлөшүп машина сурайын. Төрт киши отургудай орун бар. Явуз шофёрдун жанына отурса, батабыз. Сени дагы алабыз, кандай дейсиң? Эне макул болду. Базар күнү чындап эле күндү көңүлдүү өткөрүштү. Ошол күндү жылдар бою унута алышкан жок.



БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Апрель 2015 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты


Боорукер аял




Ал жылы укмуштай кыш болгон, айлананын бардыгы муз болуп, тоңуп калган эле. Шаарчадагы эл чоң шаан-шөкөт уюштурушту.
Тоңуп, музга айланган көлдүн үстүнө чатырлар тигилди. Шаарчадагы эл кары-жашына карабастан, баары көлдүн үстүнө чогулушту.
Кээ бири чана тепсе, кээси лыжа тебишип, чатырлардан музыка жана ыр-күлкү угулуп жатты. Жаштар жыргап секирип ойношуп, ал эми карылар болсо, тегерегиндеги шаан-шөкөткө суктанышып, дасторкондун тегерегинде отурушту.
Күн батып калган эле. Тоолордун таа чокуларынын аркасынан сүйкүмдүү ай акырындап көтөрүлө баштады. Шаарчада жалгыз гана бир аял калган эле. Оорунун айынан, буттарын кыймылдата албай төшөктө жатчу.
Көлдүн жээгиндеги кичинекей үйүнүн терезесинен тоңуп, муз болуп калган көлдө болуп жаткан шаан-шөкөттү карап отурган. Күн батаарда батыштан кичинекей, бир ак булуттун пайда болушун көрөт. Булут акырыңдап горизонтко жакындап тиейин деп калган болот. Байкуш аял абдан чочуп, коркуп кетти.
Эмнегедир жаш күндөрүн элестете түштү. Себеби жаңы үйлөнгөндө, күйөөсү менен сейилдеп жүрүшсө, так ушундай муз болуп калган көлдүн үстүндө бир булут пайда болгоңдо, коркуп качышкан эле.


Көп өтпөй эле куюн болуп, көлдүн үстүндөгү муздарды талкалап кеткен. Кайрадан ошондой боло турганын болжолдогон аял эси чыкты. Бир саатка жетпей куюн башталып, муз жарылып, баары өлөт, деген ой келип, болушунча кыйкыра баштайт. Бирок аны ким укмак эле. Үйүндө башка эч ким жок болчу. Кошуналарынын баары ойноп-күлүп эс алганы муздун үстүнө кетишкен болчу.
Булут убакыт өткөн сайын чоңоюп, карара баштады. Мештин жанына жакындап, мештеги жалындап турган отту тутаңдырып жиберди. Анан эптеп жөрмөлөп эшикке чыкты. Кичинекей үйү бир заматта өрттөнүп кетти.
Муздун үстүңдөгүлөр узактагы өрттүн жалыңдарын байкап калышты. Кимдин үйүнүн күйүп жатканын дароо эле билишип, буту оорулуу аялды куткарыш үчүн үйдү көздөй чуркап жөнөштү. Катуу шамал башталып, асман капкапкара булуттар менен капталды. Муз жарылып, титирей баштады. Эң акырында эң улуу карыя жээкке жеткенде асман айрылып кетчүдөй бодду. Абдан катуу куюн башталды.
Көздү ачып-жумгучакты көлдү дөөдөй болгон толкундар каптап кетти. Бирок эч кимге эч нерсе болгон жок. Ошентип, оорукчан аял болгон нерсесин өрттөп жиберип, шаарчадагы элди өлүмдөн сактап калган экен.



БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Апрель 2015 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Интенетен окудум мага абдан жакты сиздерда окуп корунуздор
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Апрель 2015 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

ДОСТУКТУН КҮЧҮ




Сүрөт

Иван деген орус жигит Россиядан, падышачылык Россиянын куугунтугунан качып келип, Балыкчынын аймагын пааналаган. Анда Балыкчы азыркыдай шаар эмес болчу, биринэкин жер тамдары, чатырлары болгон. Иван кыргыз айылдарына келип жүрүп, кыргыз тилин заматта эле үйрөнүп кетти. Ал байларга жолобой, кембагалдар менен жакын, көбүнчө алар менен сүйлөшөт. Ивандын айтканы эле: адамдын эркиндиги, укугу, күрөшү, зомбулук жөнүндө. Ивандын кембагалдардан күткөн кыргыз достору улам көбөйө баштады. Кембагалдар байларга каршы сүйлөгөнгө өтүштү. Ивандын жоругу байларга жакпады. Байлар Иванды жоготуунун амалын ойлошту.<br style="font-size: 1em; outline: 0px; padding: 0px; margin: 0px; border: 0px; vertical-align: baseline;">Байлардын кара ниеттигин, Иванга жаманчылыкты кулагы чалган бир кедей түн катып жеткирген. Иван Биримкул деген кедейдин үйүнө барып башын каткан. Экөө чыныгы достордон эле. Байлар Иванды үйүнөн таппай калышты. Арданган байлар Ивандын досторун, кыргыз кедейлерин сабап, үйлөрүн өрттөштү.
Эч бир кедей досуна айгак чыкпады. Акырында зулумдар Биримкулдан шектеништи. Биримкул буга дейре Иванды жүк алдына багып, байлар келээр күнү досун киши таппас жылганын үңкүрүнө каткан. Байлар орусту айтпаган өжөрдү чычырканакка бөлөп сабашты, атка сүйрөтүштү, качан кедей өлдү дегенде гана аны коктуга таштап кете беришти.
Чала жан калган Биримкулду Иван дарылап айыктырды, киши катарына кошту.

Кеңеш ЖУСУПОВ



Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 02 Апрель 2015 - 14:57

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Mendereska   10 Май 2015 - 12:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 68
  • Катталган: 20 Февраль 14
  • Соңку аракети: 18 Июн 2019 15:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу КЫРГЫЗСТАН...

АТАМА АЙТЫП КОЙБОНУЗ...
Алар аябай бактылуу уй-було эле. Бирок бир куну апасы оорунун айынан суйуктуу жарын жана уч жашка толгон мээримдуу кызын таштап, бул дуйно менен коштошот. Кызы кун сайын атасынан "Апам качан келет?"-деп сурай берет.. Атасы:" Кызым апан алыста иштеп журот, апан бир куну келет" -деп кызын дайыма жоошутуп коет. Ошентип журуп кызы алты жашка чыккан жылы, атасы мээримдуу аял менен таанышат. Бир куну атасы кызына: "Кызым апанды жузун унуткан жоксунбу" -деп сурайт.. Кызы копко ойлонуп, унсуз гана башын чайкады.
Дал ошол мезгилде эшик ачылып, мээримдуу аял кирип кызын атынан чакырды. Унсуз гана тиктеп турган кызына атасы:" Кызым апанды тааныдынбы? Тез "Апа" деп чакыра гой.. Кызы акырын гана барып апасынын мойнуна асылып кучактады..
Кечки тамак ичилип буткон сон, апасы кызынын артынан илешип болмосуно кирди. Экоо конулдуу суйлошуп отурганда кыз: " Сиз менин апам эмессиз?" Акырын колунан кармап, жай ун менен:
"Менин апам олуп калган ал эми келбейт" Чон атам чон энем, мен учообуз эле билебиз. Атам билбейт. Атам апамдын кайтыш болгонун билсе, азаптан кыйналат, атам апамды кун сайын сагынат. Апамдын олгонун билсе, апамдын жанына кетип калат" "Атама айтып койбонуз, бул экообуздун сырыбыз болсун"-деп апасын жалдырай карады..
Бул убакта эшиктин сыртында турган атанын козунон жаш куюлуп жаткан эле..

Автору: Esenbekova M
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Eltuzor   05 Июнь 2015 - 14:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 09 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 07 Янв 2020 00:18
  • Жынысы:Эркек

Боордоштор
Өзүнө бир кыйла чоң келген сарала-сурала көйнөкчөн 5-6 жашар тестиер бала эшиктен шып этип чыга келди да шашмалай басып бурчту айланып туруп калды. Кимдир бирөөдөн жашынып атабы, же дагы бирөөнүн артынан келишин күтүп атабы, айтор улам-улам кылчактап эшикти карап койот. Бирок, анын артынан эч ким чыккан жок. Бечара бала эми эмне кылаарын билбеген немедей бүрүшүп отура калды. Илмийген арык колу менен бет алдын тумандатып жаткан көз жашын улам сүртүп коюп, энтиге-энтиге ыйлап жатты.
Имараттын маңдайындагы короодо болсо бир топ бала чурулдап ойноп атышкан. Тигил бурчта ыйлап отурган бала менен алардын бирөөнүн да иши болгон жок. Бир гана бак ичинде өзү теңдүү үч кыз менен отурган Асел аны тээ эшиктен чыккандан тартып эле көзүн албай байкап турду. Качан гана тиги бүк түшүп отура калып, көзүн улам-улам аарчып атканын көргөндө шыпылдай басып жетип барды.
- Аскар! Аскартай! Сага эмне болду? Эмнеге ыйлап атасың? – деди ал жетип келип маңдайына отура калып.
Селт-селт этип бышактаган бала ага эч жооп айта алган жок.
- Аскартай айтчы, эмне болду сага? Бирөө уруштубу? – Асел эңиле калып шашыла сурады.
- Жок. Мени урушкан жок. Айзат эжени урушту. Апам аны аябай катуу уруп атат.
Аскар ушуну айтып үйүңлдөп ыйлап жиберди.
- Качан? Эмнеге урду?
Көз жашына муунуп сүйлөп албай атып араң жооп берди.
- Мен... мен... мен деген китепке сүрөт тарткан болчумун. Ал сүрөттү болсо апам көрүп калыптыр. Анан ал аябай жинденип...
Кыз чыдабай кеткендей баланын сөзүн бөлүп сурап жиберди.
- Анан сени катуу урдубу?
- Жок. Ал биринчи «китепти ким булгады» деп катуу кыйкырды. Мен коркуп кетип унчукпай туруп калдым эле апам түз эле мени карай басты. Ал мени колундагы чыбык менен урганы жаткан.
Жаак ылдый тоголонгон ысык жаштарына ээ боло албай бышактап жатты. Баланын ыйлаганына мууну бошоп турган кыз өзүн зорго кармап акырын сурады.
- Анан катуу чаптыбы?
- Жок. Ал мени чапкан жок. Ал Айзат эжемди чапты.
- Айзатты дейсиңби? Аны эмнеге чапты? – таңыркай сурады Асел.
- Айзат эжем алдыма тура калды да. Ал «сүрөттү мен тарткам» деп калп айтты. Апам болсо ага ишенип аябай катуу ура баштады. Жаак ылдый аккан жашын топуракка ойной берип туурулуп кеткен кичинекей колу менен сүрткөнчө башын бурчтан чыгарып эшик тарапты дагы карап койду.
- Иий байкуш Айзат ай... Болду эми Аскартай, ыйлаба. Жүрү андан көрө Айзатка баралы. Ал кайда азыр?
- Билбейм. Аны апам чачынан жулкуп эски кампага сүйрөт кеткен, - Аскар ушуну айтты да кыздын колунан кармай калып быдылдап жалына баштады. - Асел эже, апама Айзатты урбаңыз деп айтыңызчы. Сүрөттү ал тартпаптыр, Аскар тартыптыр деңизчи. Мен өзүм барганда коркуп айта албай калам. Сиз айтыңызчы Асел эже. Мейли мени ура берсин. Мен туруп берем. Барып айтып келиңизчи, суранам.
- Аскар, апаман мен да корком да. Кантип айтам эми ага. Ал мени да урушсачы, - деди Асел да жалтаңдай. Ушуну айтып жатканда анын да көзүнөн жашы кылгырып жаак ылдый тоголонду.
- Асел эже, жүрү экөөбүз тең баралы анда. Ал Айзат эжемди кыйкыртып уруп атат. Сиз эптеп айтып эле коюңуз болду. Жүрүңүзчү. Мени болду эч качан, эч качан сүрөт тартпайт деп айтыңызчы. Атамды дагы, апамды дагы тартпайм мен. Эч кимди тартпайм. Айзат эжемди эле урбасын деп айтып койуңузчу.
Ансыз да Айзатты ойлоп айласы кетип турган Асел бала минтип чырылдап берген соң тобокелге салып, барып көрмөй болду.
- Макул. Макул анда. Жүрү, экөөбүз тең баралы. Эптеп токтотолу, жүрү. Сен менин артымда эле туруп тур. Анан мен айтып койом макулбу. Менин артыман чыкпа бирок, макулбу...
===
Эски-уску парталар, столдор үйүлүп жаткан бөлмөнүн наркы төр жагында сары дуңкуйган аял кичинекей кызды бурчка тургузуп алып ажылдап урушуп, чыбык менен колго-бутка чаап уруп жатты. Бир колуна чыбыкты оңтойлой кармап, бир колуна болсо барактары ажырап кеткен, сапатсыз кагаздар менен басылган эски китепти кармап алган.
- Cен кандай кызсың я деги?! Мындай бейбаштыгыңды качан койосуң сен?! Мобул китеп канча турат билесиңби? Канчалаган акча менен келээрин билесиңби деги мунун? Алдагы саксайган башыңа бирдеме киреби я? От шүмүрөйгөн какмар! Сүрөт тарткан колуң ушубу сенин я?! Сени экинчи калем кармагыс кылайымбы?!
Ушул убакта бөлмөнүн эшиги кычырай ачылып Аскар менен Асел акырын ичкери кирип келди. Бирок, экөө тең коркконунан босогодон нары өтө албай бири-бирине корголоп тыгылып, туруп калышты. Анткени менен заар чачкан аял аларды даана көрдү.<
- Силерге эмне болду? Чыккыла эшке! – деп заңк этти ал.
- Апа, апа, - деп үнү дирилдей мукактана сүйлөдү кыз.
- Ападан айлангыр. Жогол деп жатам! Чыгып кет эшке какмар!
- Апа...
- Жогол дейм нары! Кандай укпаган немесиң сен?! - аял ого бетер заарлана кыйкырып тигил экөөнү карай жулунду. Анын бери келатканын көрүп коркуп кеттиби, же ушунча болду айтчумду айтып алайын дедиби Асел автоматтан аткандай быдырап сүйлөп баштады.
- Апа, ал сүрөттү Айзат тарткан эмес. Аны Айзат тарткан эмес апа. Аны урбаңызчы апаке. Айзатты урбаңызчы суранам.
- Эмне? Эмне дейсиң? Айзат тарткан эмес дейсиңби? Айзат тартпаса ким тартты анда?
- Ал сүрөттү Айзат тарткан эмес, апа. Аны Айзат тарткан эмес.
Өзү ушинтип шашмалап сүйлөп жатканы менен качан чыбык чыпылдап тийе баштай дегендей жалтанып, эшиктин түбүндөгү бурчту карай тыгыла корголоду. Бирок, ошондо да өзүнөн бетер алаңдап артында турган Аскарды унутпай, өз денеси менен калкалап, ары турткүлөп баратты.
- Силер эмне башты айлантып жатасыңар я? Мен силерге оюнчукмунбу же? Ал эмес, бул эмес деп кечке мээни ачытпай айт батыраак. Ким тартты анда сүрөттү? Ким, батыраак айтпайсыңбы былжырабай!
Аял ушунтип бакырган сайын кичине кыз ого бетер корголоп, башын ката берди. Ошондон улам анын бир да сөзү тыңгылыктуу угулган жок.
- Эй, башыңды көтөрүп, бери карап сүйлөчү акмак! Мына мындай туруп сүйлөчү!
Сары аял Аселди желкеден аткый кармап бери карай тартып, нары-бери жулкулдатып- жулкулдатып туруп бөлмөнүн ортосун карай силкип жиберди. Кыз сүрдүгүп барып жыгылып кетти да кайра тура калды. Анын артында турган Аскар болсо коркконунан көзүн алайтып нары дубалга тыгылды. Бирок аял ага көңүл бурган жок.
- Кана айтпайсыңбы билсең, ким тартты эле сүрөттү?! Айт деп жатам сага. Сүйлө былтыйбай!
Асел этек-жеңин кагынып, оңдонуп жатып нары жакта турган Аскарды көзүн жалжылдата карап алды да:
- Мен тарткам апа. Ал сүрөттү мен тарткам, - деди ал бир маалда кандайдыр эрктенгендей чечкиндүү сүйлөп. Анткени менен баары бир коркунучун баса албай көзүнөн жаш куюулуп, тула бою титиреп жатты. Аялдын колундагы чыбык дароо асманга көтөрүлүп, чып-чып этип кызга урула баштады.
Байкуш кыз чыбыктын ачуусуна чыдай албай апакелеп кыйкырып үйүлгөн столдорду аралай качты. Бирок далкыйган аял анын жаны кейигенин сезип да койгон жок. Тек гана балапанга тап койгон таз жорудай далбактап артынан түштү. Бирок ал кызга жете алган жок. Жанатан бурчта тыгылып турган Аскар чымылдаган бойдон аялга жете келип бутуна оролуп, этегине чалынып чырмала кучактады да балдырап ыйлаганча жан алы калбай сүйлөп баштады.
- Апаке, апаке! Асел эжемди урбаңызчы суранам. Ал сүрөттү мен тарткам апа. Мен тарткам. Экинчи эч качан сүрөт тартпайм апа. Асел эжем тарткан эмес, сүрөттү мен тарткам. Апа, мен тарткам аны....
Ансыз да бышкан өрүктөй албырып, ачууга уугуп турган аял тырмактай неменин бутка будоо болгонуна ого бетер ачууланып туттугуп калды. Тээ тизесине жетип жетпей тырмаңдап жүргөн немени аткый кармап ыргытып жиберүүгө далкыйган чоң денеси тоскоолдук кылып, бир далайга убара боло түштү. Болбосо буга , жашар бала кеп болуп калыптырбы. Колуна урунчу колун бир серпүү менен наркы дубалга жабыштырып таштамак. Колуна гана илинбей жатты да. Ошого итатайы тутулуп, туттугуп , кыжынып атып акыры көйнөгүнүн артынан бурдай кармап бут сууруп чыкты да нары карай шилтеди. Дагы жакшы канадан бери баладан балага өтүп, кийилип жүрүп жедеп сүзүлөйүн деп калган сарала көйнөк айрылып кетти. Болбогондо бул бала камгактай гана учуп наркы үйүлгөн столдордун арасына кирип кетмек. Оо, анда сөзсүз бир жери кокустайт эле бечаранын. Кудай чоң сактады бейм ушул жерден. Тарт этип барып айрылып кеткен көйнөктүн бир бурдамы аялдын колунда калды да бала бут алдына чалкасынан түшүп жатып калды.
Күчөнүп ыргыткан күүсү куру кеткенине ыза болгон аял күчүн эми жанагы чыбык менен чыгармай болду. Анысы жаңы эле бала менен алпурушуп атканда жерге түшүп кеткен болчу. Шып этип эңкейе калып жерден илип ала калды да томураңдап ордунан туруп келаткан баланы карай тап койду.
Бирок, анын ою бул жолу да ишке ашкан жок. Балдардын биринен сала бири ызылдап ыйлаганын угуп калганбы айтор ачык турган эшиктен эки киши баш багып калды. Анын бири мындагы болуп жаткан окуяны дароо түшүндү окшойт. Аттап буттап чуркап келип аялдын чыбык кармаган колун толгой кармаганча ортого кирди. Ага улай эле экинчиси жетип келди. Ал өзүн карай урулуп келаткан чыбыктан бети башын калкалай калып чыркырап жиберген балага чуркап жетип тизелей отуруп бооруна басты. Алдын колун бурдай кармаган киши болсо башындагы калпагы ыргып кеткенине да карабай аялды жулкулдата нары түртүп салып кыйкырып жатты.
- Тарт дейм! Тарт колуңду балдардан! Ансыз да жүрөгү ооруп турган балдарды урууга кантип дитиң барды я! Жаштайынан ападан айрылган жетимдерди кантип уруп атасың?! Сени буларды урсун деп жумушка алышты беле? Апа ордуна апа болсун деп силерге берилбеди беле ушулар. Ушубу силердин апа болгонуңар? Ушубу силердин тарбия? Булардын күнөөсү эмне деги, айткылачы?! Байкуш жетимдерде деги эмне кегиңер бар силердин? Эне ордуна эне көргөнү үчүн күнөөлүүбү силерге?
Чынында бул кишилер жетимканага келээри менен эле ушундай ызы-чуунун үстүнөн чыгабыз деп такыр ойлошкон эмес. Тек гана булардын абалын көрүп, балдардын керек жарагы болсо колубуздан келишинче кайрымдуулук кылалы деп капыстан келип калышкан. Чиедей балдардын бактысына так ушул убакта кирип келишкенин карагылачы тим эле. Ошентип, булардын кыйкырышканы бир далай жерге чейин угулуп, бир заматта опурап топурап кишилер чогулду. Анан эле бирөөсү бирөөсүн урушуп, бирөөсү бирөөсүнөн кечирим сурап бышактап отуруп акыры баары тең сыртка чыгып кетишти. Алардын кетиши менен бөлмөдө бир саам жымжырттык өкүм сүрө калды.
Бир маалда тээ түпкү бурчта турган кыз эсине келе калгандай чуркап келип алайып коркуп турган баланы бооруна басты. Андан ки
- Аскар, булар сенин апаң менен атаң го э? Сен сүрөттү аябай жакшы тартат экенсиң. Кудай буюрса чоңойгондо чоң сүрөтчү болгудайсың. Карачы кандай сонун тартылган! – деп суктанды ал бир маалда.
Аскар жаак ылдый агып турган жашын аарчыганча оор улутунуп алып:
- Жок, мен чоңойгондо сүрөтчү болбойм. Мен чоңойгондо бизге окшогон атасы жок, апасы жок балдарга ата болом, - деди.
Анын сөзүнө таасирлене түшкөн Айзат менен Асел Аскарды эки жактан кучактап бетинен өпкүлөп жиберишти.
- Ооба Аскар. Сен чоңойгондо эң жакшы ата болосуң. Болгондо да аябай боорукер, аябай жакшы, анан аябай кыйын сүрөтчү ата болосуң макулбу, - деди Айзат аны бооруна баспы туруп.
Бала болсо дагы эле макул болбогондой башын чайкады.
- Жок мен корком. Сүрөт тарткандан корком. Сүрөт тартсам апалар бизди урат экен. Мен экинчи тартпайм, - деди ал жанагыдай эле улутунуп.
- Коркпо Аскартай. Эч качан коркпо. Биз сени эми эч кимге урдурбайбыз, - деди Асел анын жакасын оңдоп жатып.
- Ооба Аскар. Коркпо. Биз эми сага эч кимди тийгизбейбиз. Анткени биз бир тууганбыз. Биз ар кайсы жерден, ар кайсы үйбүлөдөн келсек дагы, мындан нары баарыбыз бир тууганбыз.
Бул сөз бир гана Аскарга эмес өздөрүн улуу сезип турган берки экөөнө да дем берип, жүрөктөрүнө кандайдыр жылуулук тартуулап кеткендей болду. Ооба, бешиктен бели чыга элек жатып ата-энеден, тууган уруктан ажырап, таптакыр жат адамдардын арасында калган үч жетимге бир тууганбыз деген сөздүн өзү дагы укмуштуудай чоң жылуулук тартуулады. Ошентип, мындан бир канча ай гана мурун бири-бирин такыр тааныбаган, бири бирин үч уктаса түшүндө көрбөгөн үч жетим ошол күндөн тартып бир тууганга, болгондо да бир уядан чыккан уялаштардан да ынак, жан кыйышпас бир туугандарга айланып чыга келишти. Болушаар атасы жок, эркелээр энеси жок туруп, бир сындырымды тең бөлүшкөн боордошторго айланышты


Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 05 Июнь 2015 - 14:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   jigit.85   11 Июнь 2015 - 16:07

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 07 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 22:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Иркутск

Окуя.
16 ты жашка чыккан кыз апасынан мындай деп сурады ,Апа мен 18 жашка чыкканда эмне белек кыласыз,кызым 18 жашка чыгышына али коп барго деди жыл,айлар отуп кыз авто кырсыка учурады аябай катуу оор акыбалда эле кыз Апасынан сурады Апа мен оломбу,жок кызым сен коп жашайсын деп жымайып козуно жаш алып башынан сылаап койду,кыз жакшы болуп больницадан чыкты уйуно барса апасы жок столдун устундо турган катты коруп ачып окуйт" Кызым 18 ге чыкканда эмне белек кыласыз Апа дечу элен,деп озунун журогун кызына арнаганын жазып кеткен экен,достор биз учун омурун да аябаган Ата-Энелерибизди сыйлайлы,урматтайлы ээч качан кор кылбайлы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   admin_superstan   11 Июнь 2015 - 16:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Ачуу чындык айтыш" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Июнь 2015 - 15:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"" Боордоштор" аңгемеси" жана "Кыска-нуска чыгармалар, аңгемелер" темалары менен бириктирилди.
Eltuzor, кыска аңгемелерди ушул темага жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   jasgul   19 Июнь 2015 - 14:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Просмотр сообщения asman89 (23 Февраль 2015 - 23:24) жазган:

Акжаркын сырттан кыңылдай көңүлдүү кирип кийимин алмаштырды да диванга отуруп телевизор көрүп отуруп калды. Сыртта мээ кайнаткан ысык, үлп эткен жел жок. Акжаркын өзүн абдан бактылуу сезет, бир уул, бир кызы бар, улуусу он беш, кызы он жашта, күйөөсү Турдумамбет бухгалтер болуп бир мекемеде иштейт, үйлөнгөндөрүнө он сегиз жыл болсо да үй жумушу менен алектенип эч жерде иштеген эмес. Ал диванда кыңкайып жатып телевизор карап жатканда телефон чыр этти.
- Ало-о, угуп жатам деди, - деди Акжаркын трубканы ала коюп, ары жактан шаңкылдап курбусу Назымдын уну угулду.
- Кандайсың ай, зерикпей эле отура бересиңби? - Каткырганы угулуп Акжаркын дагы күлүп калды.
- Зериккенде эмне кылам?
- Мага келбейсиңби?
- Турдумамбет келип калат, балдар дагы үйдө жок, эртең барайын макулбу?
- Макул, бирок азыр келсең жакшы болмок да.
- Бүгүн бара албайм, эртең баары үйдө жокто барам.
- Макул анда, - деп трубканы коюп койду Назым. Акжаркын туруп ашканасына кирип тамак жасап жатканда Айбийке менен Адис келди, аларды кубана окууларын сурап үстөл даярдап тамактанышты. Ошол убакта ички бөлмөдөгү телефону шыңгырап калды, Акжаркын туруп барып трубканы алып селдейе туруп калды, колунан трубка түшүп да кетти. Артынан кирип келген Адис:
- Апа, сизге эмне болду? - деди ага.
- Эчтеке, - Акжаркын үнсүз томсоруп отурду, эчтеке кулагына кирбей, көз жашына муунуп бирок балдарына билгизгиси келбей отурганда Айбийке келип кучактап калды.
- Апа атам чалдыбы?
- Жо-ок кызым.
- Анан ким?
- Бир тааныш.
- Эмне деди?
- Жөн эле, бар бөлмөңөргө баргыла, мен чарчап турам, эс алайын, - деп Акжаркын кызына көз жашын көрсөткүсү келбей спальныйга барып жата кетти. Адис менен Айбийке бири-бирин карап алды да чыгып кетишти: "Турдумамбет, сен ушундай кылмак белең, мен сага ишенип жүрбөдүм беле?" - деп буулугуп ыйлап жатты. Турдумамбет телефон чалып: "Акжаркын, мени кечир, сага бир чындыкты айтышым керек, анткени бир жыл мурун Жайдаркан деген жаш кызга жолугуп калгамын, мен аны сүйүп калам деп ойлогон эмесмин, азыр ал кош бойлуу" - деген эле. Акжаркын андан аркысын укпады, чамасы жетпеди, ал бүт өмүрүн жалгыз гана балдары менен күйөөсүнө арнап көңүлү ордунда, бактылуу сезчү өзүн. Турмушуң түшкүр десе, өзүнүн жакын эч кимиси жок эле, бараар жери да, сырдашаары да жок, ызасынын баарын көз жашынан чыгарып бир оокумга чейин ыйлап жатып калды. Эртеси көздөрү шишип, башы ооруп ойгонду да эки баласын сабакка жөнөтмөк болуп чыкса алар эбак эле туруп ашканада тамактанып отуруптур, алар апасынын эмнеге минткенин билбесе да кыжаалат суроолорду беришпеди.
- Адис, уулум сен эми чоңоюп калдың, мени укчу, - деди Айжаркын.
- Угам апа.
- Эмнеден баштаарымды да билбей турам, - Экөөнү алмак-салмак карап турду, - Силер түшүнүшүңөр керек, атаңар мындан ары бизге келбейт, - деди колдорун кармалап көзүн ала качып:
- Эмнеге апа? - Адис шаша сурады.
- Аны кечиргиле, ал силерди жанындай жакшы көрөт, бирок силер үчүн келет, эми анын башка үйбүлөсү бар, - деди токтоо, салмактуу.
- Апа эмнеге, атам биз менен жашабайбы? - Айбийке элейе карады.
- Атаңды кийин чоңойгондо түшүнүп аласыңар, мындан ары биз өзүбүзчө жашоону баштайбыз, мен эми жумуш издешим керек, кыйналабыз, сабагыңарга баргыла да тез келгиле.
- Макул апа, - деди Адис кабагы салыңкы апасын өөп чыга жөнөдү, Айбийке дагы өөп анан сабакка кетти. Ичтеги ызасы оңой менен тараар эмес, уул-кызын кетиргенден кийин Назымга чалды, көз чанактары жашка толо буулугуп турду:
- Ало, Назым үйдөсүңбү?
- Ооба, сен келесиңби?
- Сен өзүң келчи.
- Эмнеге, сенин үнүң эмне болгон, ыйлап жатасыңбы?
- Келип калчы, телефондон айталбайм…
- Макул, барып калам, - Назым трубканы коюп койду, Акжаркын түү-үт, түү-үт деген трубканы ойлуу кармаган бойдон катып калды. "Эмнеге менден кетти, мен аны сүйөт деп жүрчү элем го, жаман айтпай, чекеме чертпей кетип калганы кызык го, жадагалса балдарды ойлобогону эмнеси, айтпай басып кетем деп мурунтан эле даярданып жүргөн экен да, мен аны тажатып жиберген жокмунбу, же азгырыкка кирдиби, балдардан эле ошол жаш аял артык көрүндүбү?" , - деп ойлонуп ашканасына кирди. Өзүн-өзү токтоо кармаганга аракеттенип жатты. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, эшиктин коңгуроосу кагылды. Жетип келип ача койсо Назым экен.
- Ой сага эмне болгон? - Назым көрүп эле суроо бере өбүшө учурашты.
- Кир, анан сүйлөшөбүз.
- Жарылып кетип жүрбөйүн, сенин ыйлагандай үнүңдү угуп жеткиче шаштым.
- Эч нерсе эмес, саал чыдай тур, - деп төркү бөлмөгө өтүштү, экөө бет маңдай отурушту.
- Кана сүйлөчү, эмнеге капасың?
- Турдумамбет бизди таштап кетти, - Акжаркын жер карады.
- Эмне - е?! - Назым оозун алаканы менен басып көздөрүн бакырайта отуруп калды.
- Ошондой, ал кетти, - Улутунган Акжаркын чыдай албай буркурап ийди, - Турдумамбет таштап кетти!
- Койчу, ыйлабай түшүндүрүп айтчы, кандайча таштап кетет, жакшынакай эле жашачу элеңер го, кылтың-мылтыңын байкачу белең?
- Ой Назым, эч кандай кылтыңы жок болчу, билген да жокмун, байкасам эмне, кечээ кечинде телефондон айтса жаман болдум.
- Капаланба, кандай кетсе ошондой келет, айтты-айтпады дебе, ал аял сендей сыйлап барктай албайт, эч кабатыр болбо, - Назым курбусун кучактап көз жашын аарчыды, балдарыңа айтыңбы?
- Ооба айттым, жашырганда эмне, өз учурунда угуп алганы жакшы эмеспи.
- Туура кылгансың.
- Бирок ичим бышып ызадан күйүп кетип жатпайынбы.
- Сен антпе, өзүңдү колго алып алаксы.
- Кантип, эми өңгөдөн дагы иштешим керек, эки баланы кийинтип, тамак ашына өзүм жоопкерчилик кылам да, - Акжаркын ыйлап-сыктап кирди. Өзүң ойлосоң, өмүр бою иштеп көргөн эмесмин, кандай ишке иштейм, кантип иш табам?
- Коркпочу алтыным, ушунча дагы санаачыл болосуңбу, кетсе бир Турдумамбет кеткендир, балдарың маңдайыңда, үйүң үстүңдө, жумуш табылат, - Назым Айжаркынды көпкө чейин сооротуп отуруп анан сыртка ээрчитип чыкты. Экөө салкын кафе - барга кирип пиводон ичип шашылык жешти, анан паркка бир топко басып жүрүштү, Назым курбусуна боору ооруп ичинен өз күйөөсүн кызганып кетти: "Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен деген чын го, Бектур дагы кетип калса кантем, кызык Турдумамбетти ушинтет деп ким ойлоптур, карыш басса текшерип турушум керек экен, мунун эки эле баласы бар, мени төрт бала менен таштап кетсе кантем", - деп тунжурай түштү.
- Назым, үйгө барайын, балдар келсе таппай калбасын.
- Макул кеттик анда, - Экөө катар басып аялдамага келишти да маршруткага олтурушту.
- Сенин барыңдагы кандай жакшы, сырдашаар эжем же сиңдимдин жогу мени өкүндүрөт, дүйнөдө жалгыз калгандай сезип асманым аңтарылып үстүмдөн басып калгандай эле болдум, - Акжаркын улутунуп алды.
- Сен эстүүсүң али жашсың, эми эле жылдызың жанып чыга келесиң, - Назым жылмая карады, - Кызга бергис жубан бар дегенди билесиңби?
- Койсоңчу, азыр эч нерсе ойго келбей турат, таштанды аял болуп уят болбоштун жолун табышым керек, балдарыма татыктуу тарбия беришим керек, окутуп-чокутушум керек Назы.
- Туура, сен кайраттуусуң, Турдумамбет өзү жолунан адашты, аны өкүндүрүп, ичин күйгүзүп жашооң керек курбум, - деди эле Акжаркын сумсая карады:
- Ошол жолду басып өтүү керек го?
- Сен күчтүүсүң, баарын жеңесиң, мен сага ишенем, андан көрө кайгырбай өзүңдү колго алгын, ыйлай бербе, күйөөсү кеткен жалгыз сен бекенсиң, эмесе үйгө жеткенде чалам, жакшы кал, - деди да Назым жөнөп кетти, Акжаркын үйүнө келип көпкө олтурду, оюу бир жерге топтолбой кыжаалат болуп: "Эртең жумуш издешим керек, иштеп калсам алаксып да калам", - деп жеңилдей түштү, бирок күйөөсүн ойлогондо ичи ачышып көзүнөн жаш эрксиз куюлуп өзүн кармай албай жатты. Адис сабактан келип апасынын кабагын карады да:
- Апа, каникулга чыкканда мен дагы иштейм, - деди.
- Кайда иштейсиң уулум, сен али жашсың да.
- Менден жаш балдар иштеп жүрбөйбү, Айбийке экөөбүзгө кийим-кече алганга иштейм.
- Кой балам, антип мени капалантпа.
- Сиз жалгыз иштесеңиз оор болуп калбайбы?
- Оор болбойт, эртеңден баштап жумуш издейм, кийимиңди алмаштыр дагы кардыңды тойгуз, иштейм деп менин зээнимди кейитпе, - Акжаркын ашканасына чыгып кетти.
- Апа, базарга чыксаңыз болбойбу?
- Ал үчүн чоң акча керек да балам.
- Такыр акча жокпу?
- Азыраак бар, ал жетпейт да, Айбийкеге иштейм дегениңди угузба, ансыз дагы атасын жакшы көрчү эле, капаланып ыйлап жүрбөсүн.
- Жарайт, - Адис кайра ички бөлмөгө кирип кийимин алмаштырып чыгып келе жатканда Айбийке кирди, - Эмнеге кечиктиң?
- Өзүңчү, мени күтпөй баса берипсиң го? - Айбийке тултуңдай ичкери кирип кетти, Адис аны ээрчий сурады.
- Сабактан качан тарайсыңар?
- Эртең линейка болот, анан тарайбыз.
- Бааларың кандай?
- Беш
- Отличникпи?
- Жо-ок, эки сабактан төрт алып калдым.
- Мендей турбайсыңбы, - Адис күлүп койду, - Келээрки жылы сөзсүз отличник болом.
- Мен деле, - Айбийке заматта кабагын жадырата бөлмөгө кирип анан которунуп чыкты. Үчөө ашкананын үстөлүндө тамактанып отурушкан.
- Апа, атам чындап эле келбейби? - Айбийке Акжаркынды суроолуу карады.
- Сагынганда келип турат кызым.
- Эмне үчүн бизди таштап кетти?
- Айбийке, апамды капалантпачы, ансыз деле көрбөй турасыңбы, апамдын акыбалын, - Адис карындашын тыя сүйлөдү.
- Макул, - деп кашыгын аркы-терки айландырып туруп калды, Акжаркындын жүрөгү чыдабай кетти, ордунан козголо идиш-аяк кармалаган болуп кылдыратып калды.
- Апа, капа болбоңузчу, - деп Адис апасын барып кучактап калды, - Мен чоңойбодумбу, сизди, Айбийке экөөңөрдү өзүм эле багып алам.
- Мен деле чоңойдум, апама жардам берем, - Айбийке дагы жетип кучактап калганда Акжаркын экөөнү бооруна кысып туруп өпкүлөп буркурап ийди:
- Көлөкөм, берекелерим менин, кубанычтарым садагам, силер бар мен ырыстуумун, силер болбосоңор көрөөр күнүм караңгы болбойт беле, аман-эсен болсоңор эле болду, - Сүйлөп да эсейген балдарын өпкүлөп да жатты. Көптө барып эне-балдардын бугу чыгып отуруп калды, - Силер эми сабагыңарды жакшылап окугула, жакшы болгула садагаларым менин өбөк-жөлөгүм, таянаар тоом дагы силерсиңер уктуңарбы?
- Мен дагы жакшы окуйм апа.
- Каралдыларым десе, кана эми бир аз ойноп келгиле, - Акжаркын экөөнү күлүмсүрөй карады.
- Макул апа, - Айбийке жүгүрүп чыгып кетти.
- Мен эч жакка барбайм, жакында экзамен болот, даярданышым керек, - деди Адис туруп баратып, анан төркү бөлмөгө кирип кетти. Акжаркын ойлуу отуруп: "Демек мен чыйралышым керек, антпесем буларга жаман болот, балдарга дем болоюн", - деп идиштерин жуумак болуп жыйыштырып кирди. Кечке маал Назым чалды, көпкө сүйлөшүштү, анан ал бир жумуш тапканын айтты. Окууну бүтпөгөн Акжаркынга эмес дипломдууларга жумуш табылбай, алды Россияга кетип соода жасоо менен алек болуп, эл өз абалын согуп калган убакта ага кайдагы ырыстуу жумуш боло койсун. Эртеси эптеп өзүн колго алып чыкыя кийинип алды да күндүн бүркөөсүнө карабай жолго чыкты. Назым аны болжошкон жерде күтүп турган эле, экөө жаңыдан ачылып жаткан ишканалардын эки-үчөөнө барды, бирок кеңешип алгансып бирдей жооп беришти. Иш тажрыйбасы жогунан жумуш табуу оңойго турбады. Ага болбой ар кайсы менчик ишканаларды тинтип жолу болбогондо капалуу үйүн көздөй кетип жаткан. Жанынан өтүп бараткан машина ага жолдогу көлчүк сууну чачыратып зуу өтүп кетти, бирок ал кайра башын чыгарып: "Көзүңдү карабайсыңбы, жолдон алыс баспаган күнөө өзүңдө!" - сөгүп-сөздөп кетти.
- Жоголчу ары! - деп Акжаркын темгил ала болгон костюмун силкип алып жол жээгиндеги дүкөнгө кирди. Аерден тазараак кийим алмак болду эле акчасы жетпей аз-маз чоңураак келген плашты алып кийди да жолго чыкты, жаан шатырата жаап жаткан, аялдамадан жарнамаларды окуп туруп бир даректи алды да үйүнө келди. Адис менен Айбийке залда телевизор көрүп отурушкан экен.
- Жумуш таптыңбы, апа?
- Жок, табыла коер эмес.
- Күн ачылганда издеңизчи, суу болуп кетипсиз.
- Убакыт өтүп жатат балам, жакында үйдө эч нерсе калбай калат, ошондуктан үлгүрүшүм керек, - Кийимин чечип плашты илип ашканага кирди, газга чай коюп анан ваннага кирип костюмкасын жууп балконго жайып анан чай ичишти.
- Апа, Назым эже чалды.
- Аа-а эмне деди?
- Келсе чалсын деген.
- Макул, анан чалам, - деген Акжаркын телмирип ойлуу чайын теше тиктеп карап отурат, ойлору чачкын, эгерде жумуш табылбай калса эле күнү бүтчүдөй сезилип туруп алды, балдары уктаган соң көпкө ойго жатып өзүнө суу чачыратып кеткен айдоочуну жини келе каргап алды: "Акмак, акырындап айдабайт беле, касиети жок десе", деп кайрадан күйөөсүн эстеди, анын жапжаш келиндин койнунда жатканын эстеп бир эсе кызганып да ызаланып да алды: "Ит турмуштун азап-тозогун тартсам да жеңип чыгаармын, а сен өз күнүңдү көрө бер, балаңдын жакшылыгын көрбөй калаар бекенсиң, айтпаганы менен ичинен кекенип жүргөндөй, тагдырдын башка салганын көрөөрбүз" , деп ойлонуп түйшөлүп уйкусу качып тирмийип шыпты тиктеп жата берди.
Эртеси эрте туруп даректи колуна алып алды да ылдам басып аялдамага келип маршруткага отурду. Шашкалактап кирип лифтке түштү да кнопканы баса бергенде артынан бирөө кирди, ал кечээги суу чачып кеткен машинанын айдоочусу экен, дароо эле тааный койду:
- Сиз, сиз бул жакта эмне кылып жүрөсүз?
- А сен өзүңчү, өзүңө эмне бар биякта?
- Иш менен таанышкым келет.
- А сен кимсиң, кайда жүрсөм өзүм билем, башкысы жолдо жүргөндү жакшыраак билип алчы!
- Жолдо жүргөндү өзүңүз билип алыңыз, кайдигерчилик кылып, адамдарды байкабай адыраңдаган сизсизби?
- Бар, ишиңди кылчы! - деп айдоочу терс карап кетти, аңгыча Акжаркын үчүнчү кабаттан түшүп калды, кыжаалат боло даректе көрсөтүлгөн кабинетти издеп тапты да тыкылдатып калды.
- Кириңиз, - деген аялдын үнү угулду.
- Саламатсызбы, - деп кирип келген Акжаркын үстөлдө отурган классташын көрүп кубанаарын же кайгыраарын билбей туруп калды.
- Оо-ой, сен Акжаркынсыңбы? - Ал дагы ордунан туруп бери басты.
- Гүлү кандайсың, сен ушул жерде иштейт турбайсыңбы? - Экөө кучакташып өбүшө учурашып калды.
- Кайдан жүрөсүң?
- Жүрөм, жумуш издеп жүрөмүн, - Акжаркын сумсая түштү.
- Кандай жумуш, биздеги жумуш уборщицаныкы да, - Гүлү аны таңгала карады.
- Айлыгы кандай, уборщица болсо да иштей берем.
- Койчу, Турдумамбет сени ошого жеткирдиби? - деген Гүлү ага табалагандай карап калды, көз алдына үйүндөгү Турдумамбетти келтирди.
- Ал жок Гүлү, кыскасы ал бизди таштап кетти, - Жаман ою жок эле Акжаркын бир кездеги курбусуна эрээркеп да, жумушка алаарына ишенип кубанганынан да божурап кирди.
- Бизди дейсиңби, ага эмне болду эле? - Билмексен боло сурады.
- Балдарым менен таштап башка аялга кетип калды.
- Койчу?
- Калп айтып эмне кылам?
- Артынан канча кыздар жүгүрүп жүрсө да сени алып кетти эле, демек сени дагы таштаган экен да, - Гүлү эки колун бооруна ала ойлуу басып барып ордуна отурду, - Канча болду?
- Он беш күндөй болду.
- Ой кызыксың, балким кайра келээр? - Сынай карады.
- Жок, анын бир сүйлөөрүн билем да, телефондон эле айтты, анысынын боюнда бар экен, жүргөнүнө бир жыл болуптур.
- Кыз-зы-ык, - деген Гүлү ручкасын ары-бери тегеретип саамга ойлуу отуруп анан, - Да-а, демек жашоо ушундай экен да, эмесе мен сени жумушка аламын, - деди Акжаркынга жылмая карап.
- Ыраспы, анда качантан баштайлы? - Акжаркын курбусуна кубанычтуу карады.
- Эртеңден баштап иштей бер.
- Рахмат Гүлү, жарнаманы көрүп сен экениңди деле билген эмесмин, бирок жумуш табаарымды жүрөгүм сезген.
- Ооба, жолугушпаганыбызга канча болду, канча балаң бар?
- Бир уул, бир кызым бар, өзүң турмушка чыктыңбы?
- Жок, бирөөнү сүйгөнмүн, ошол бойдон башкага көңүл жок, - Гүлү Акжаркынды табалаган өңдүү кытмыр жылмайды, - А сен болсо мен деген жигиттин жары болдуң, андан балалуу болупсуң, демек бактылуу экенсиң курбум, отуз бешке чыксам да үйбүлө куруп балалуу боло элекмин.
- Гүлү мындай жумушуң бар экен, али сулуусуң, жашсың курбум, сенден бактылуу жок чыгаар.
- Макул, эртең келе бер анда.
- Рахмат.
- Рахматты иштегенден кийин гана айтасың, - Гүлү кытмыр жылмайып койду.
- Макул, эртең тогуз да келем анда.
- Жарайт, баса маяна канча болот?
- Үч миң сом аласың.
- Болуптур анда, - деп Акжаркын кыңырыла артына бурулуп босогодон чыга берээрде бирөө менен сүзүшүп алды, - Аа-аке кечиресиз, сизби? - деп туруп калды, бул айдоочу болчу.
- Сен кайдан жүрөсүң, баскан изимден калбай.
- Менби же сенби?
- Байкап сүйлөңүз, - деген айдоочу Гүлүгө карады, - Бошсуңбу?
- Төрө, менин күйөөм бар экенин эсиңе ал, - Ошол кезде Акжаркын чыгып кетти.
- Койсоңчу, үйбүлөсү бар неме качан болсо кетип калат аның. Келчи эми сагынып кеттим.
- Жо-ок, ал менин алгачкы махабатым болчу, саргарып жүрүп жеткенимде сенин тоскоол болууга акың жок.
- Азыркы аял эмне, таанышыңбы?
- Ооба классташым, жумуш издеп жүрүптүр.
- Жумушуңду кабыл алдыбы анан?
- Колунан келээри ошол гана болсо кабыл албаска аргасы да жок, - деп Гүлү өчүгүшкөн кас душманындай кекенип алды, - Мен аны алдымда жөргөлөгөн күңдөй жумшайм…
- Ошончолук эле жек көрөсүңбү?
- Анда сенин тиешең жок, - Гүлү ары карап терезеде ойлуу телмирди, ал Турдумамбетке бир жыл мурун капысынан жолугуп калып экөө ошондон бери бирге болуп жаткан. Ал ойлуу ичин сыйпалап калды: "Ушул баланы төрөп алсам Турдумамбет кайда бармак эле, мен аны өзүм сүйгөндүгүм үчүн кетирбейм, Акжаркынга болсо тозок отун дал ушул дүйнөдө таанытам, менин бактымды уурдаган аял жакшылык көрбөш керек, он сегиз жыл мени жалгыздыкта калтырганы жетет", - деп ойлонуп турганда артынан Төрө келип кучактап моюнунан өөп киргенде ал селт эте аны түртүп жиберди.
- Гүлү, мен сени сүйөм дегениме ишенбедиң, өзүм сүйөм деп башка эркекти киргизип алдың, неге бойдок эмес, үй-бүлөлүүнү тандадың?
- Төрө, мен сени сүйбөйм, бирок сыйлайм, менин азыр боюмда бар, баламды таза төрөшүм керек, атасы азыр үйдө, эс алып жатат, - деп андан боюн ала качып босогого келди, - Бар ишиңе, менин ишим бар, - Төрөнү эшик ачып колун сыртка көздөй тилдеди.
- Гүлү, ушуну менен бүттүбү?
- Бүттү, мени мындан ары жайыма кой, тынч жашайын, мен эңсеген, мен өмүр бою күткөн адамым үчүн жашашым керек.
- Макул, кез-кезде жолугуп туралы.
- Жок, мен анын алдында таза болгум келет, балалуу болгону турам, акыл эстүү, таза кандуу бала көргүм келет, - деп Төрөнү аста босогодон чыгарып каалганы жаап жөлөнүп көпкө тура берди: "Мен туура иш кылдымбы? Акжаркын менден күмөн санабайт, ага Турдумамбет жаш кыз менен кеттим дебеди беле, эми аны эч жакка кетирбейм, түбөлүк бирге болом, өлгөнчө жанымдан чыгарбайм" , - деп ойлонуп ордуна келип эс ала түшкөндөй "өх" - деп алды…
Акжакын күйөөсү кеткенден бери кабагы ачыла элек эле, бүгүн көңүлү көтөрүлө үйүнө кирди. Адис менен Айбийке үйүндө эле, Адис:
- Апа, келдиңизби? - деп тура калды.
- Ооба балам, мен жумуш таптым.
- Жакшы болгон тура.
- Жакшы болду уулум, эртең эрте кетем, сабактан келгенде ачка жүрбөгүлө, мен кечинде келем, макулбу? - Ашканасына өттү, карды ачканын сезип муздаткычын караса эчтеке жок экен, акчасын дагы бир ай эптеп бөлүштүрсө жетпечүдөй: "Гүлү теңтушум эмеспи, кыйналсам сурай коем", - деп Адисти дүкөнгө жөнөттү. Балдарынын кардын тойгузуп, анан өзү жуунуп, сергип алды да ордуна жатып эртеңки жумушун ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси эрте туруп, жумушка кийчү халатын салып алып үйдөн шашыла чыкты, маршруткага отуруп жетчү жерине эрте келди, бирин-серин адамдар жүрөт, Гүлүнүн кабинети али ачыла элек экен. Бир аз күткөндөн кийин ал келип калды.
- Аа-а, келдиңби? - деди Гүлү ага саал теңсинбегендей, - Азыр сага жумушуңду көрсөтүп беришет.
- Жакшы болот, - Акжаркын аны ишенимдүү карап жылмайып койду.
- Аля, бул эжекеңдин аткарчу жумуштарын көрсөтүп кой, - деди Гүлү кабинетке баш багып.
- Жарайт, - Илбериңки ак жуумал кыз тура калып Акжаркынды ээрчите эки кабатты кыдырып, коридорлорун, ар бир кабаттын ажатканаларын көрсөтүп чыкты, - Эже, бул жерге чет элдиктер көп келет, туалетный бумагаларын тез-тез төгүп коюп туруңуз, таза болушу керек, кыскасы "Жалоб" болбошу керек, - деди Аля Акжаркынга карай.
- Айтканыңдай болот, өзүм деле тазалыкты жакшы көрөм.
- Эң жакшы, эмесе бул жерде сизге керектүүнүн баары бар.
- Көрдүм.
- Ишти баштай берсеңиз болот. Эже коридорлордо эч кандай чаң болбосун, мебелдерди эки күндө бир сүрүп турасыз, - деп коюп Аля өз ордуна кетти. Акжаркын жумушту так аткарууга аракеттенип ишке киришти. Кечке улам бирин бүтсө кайра бирин таап, ажаткана менен коридордо жүгүрүп жүрүп суй жыгылды. Бир эсе тагдырына таарынып дароо эле иштен баш тартып басып кеткиси келди, бирок өзүн-өзү кармап: "Көнүп кетем, оңой оокат кайдан табылмак эле", - деп ойлонуп кечинде үйүнө шалкы бош келди.
- Апа, чарчадыңызбы? - деди ал кирээри менен Адис.
- Ооба, чарчадым уулум, эч нерсе эмес, көнүп кетем, - деп диванга отура кетти.
- Апа, мен деле жардам берем, - деп Айбийке апасына муңая карады.
- Садагаларым десе, силер азыр жашсыңар, кабыргаңар ката элек, мен иштеп турайын, чоңойсоңор мени экөөңөр багасыңар ээ? - Күлүмсүрөөгө аракет кылды, бүткөн бою оорлошуп кыймылдоого алы келбей калыптыр. Туруп тамак жасайын деп козголмок болду эле таманы жерге тийбей калыптыр. Эптеп ашканага кирип балдарына тамак жасады, үчөө үндөбөй отуруп тамактанышты да ордуларына жатып калды. Эртеси кайрадан жумушка келип көнгөн жумуштарын жасап жүрдү. Бир кезде аны Гүлү чакыртып калды.
- Эмнеге чакырдың, Гүлү? - Акжаркын кирип келип туруп калды.
- Алгачкы эле күнүңдө ишти жакшы кылбапсың, клиенттер "Жалоб" кылып жатышат, жумуштан дагы эрте кетип калыпсың, башка болсо сразу жумуштан айдамакмын, сени классташым деп аяп жатам, мындан кийин саат онго чейин турасың, ишиңди жакшылап аткар.
- Макул-макул.
- Бара бер, - деп Гүлү кагаздарына үңүлдү.
Акжаркын ызалуу чыкты кабинеттен: "Эмнеге мындай, таманым тешилгенче эки кабатты эки жолу жууп, баарын тазаладым эле го, ажатканасына канча жолу кагаз ташыдым, бул жерге иштей албайт окшойм, кете берсемби? Турдумамбет, мени ушундай оор абалга таштап коюп кантип гана жүрөсүң, жок дегенде балдарыңа бир кайрылып келип койсоң боло", - деп жан-дүйнөсү сыздай чакадагы сууга тряпканы салып ишине киришти, бул күн ал үчүн кечээкиден да оор болду. Суй жыгылып, кирпиктен тартса жыгылчудай абалга келсе дагы сааттын он болушун күтүп кыбырап жүрдү. Кечинде келсе баласы тамагын жасап ичип апасын күтүп отурушкан экен, отураары менен эле телефон чырылдап калды, Айбийке тура калып трубканы ала коюп:
- Ало, ким бул? - деди шашыла, ары жактан Назымдын үнү угулду:
- Айбийке сенсиңби, апаң үйдөбү?
- Ооба.
- Айтып койчу анда.
- Апа, Назым эже чакырып жатат, - деди кабак бүркөй, - Мен атам экен деп сүйүнүп кетсемчи, - деп сабыры суз трубканы апасына берди, - Эмнеге атам чалбай калды…
- Бар тигил бөлмөгө, - Акжаркын кызынын суроосун жоопсуз калтырып, - Ало Назым, кандайсың?
- Өзүң кандайсың, иштериң жакшыбы?
- Жакшы.
- Капалуусуң го?
- Боло берет мындайлар, көңүл бурба.
- Эртең мага келип кетчи.
- Кол бошобойт, иш чачтан көп.
- Иштеп жатасыңбы?
- Ооба.
- Кандай жумуш экен, оорчулугу жокпу?
- Оорчулугу болбой иш болбойт да курбум, баарына даяр болуум керек да…
- Азыр өзүм барам, сен уктап калбай күтүп тур, - деди да Назым трубканы коюп койду.
"Эмнеге келет эми, чарчадым деп койбой, ар кайсыны айтып башымды оорутат эми", - деп ойлонгон Акжаркын трубканы коюп диванга отуруп шалдырап уйкусу келгенинен алаксымакка телевизорун жандырды. Көп өтпөй Назым келип калды, жанында күйөөсү бар экен.
- Кандай каражан? - Назым Акжаркынды өөп учурашты.
- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?
- Ой аяш, Турдумамбетти кайда кубалап жибердиң? - деп жылмая учурашып тамашалай кетти Бектур.
- Бири-бирибизден тажасак керек, мен тажаганымды сезбей жүрсөм ал сезип кетип калды…
- Акжаркын, сен өзүң кандай жаркылдаган аялсың, ушу сенин кадырыңды билбей кетип калган Турдумамбет акылсыз экен.
- Билбейм…
- Анчалык эле бошобочу, эркекке ишенгиче…
- Назым, эркектин баары бирдей эмес.
- Билбейм, кээде мен дагы коркуп кетем, Бектурду да кетирип аламбы деп, - Бектурду карап күлүп койду, ал уккан жок.
- Бектур андай эмес, Турдумамбет деле азгырыкка кирип кетти окшойт…
- Ма-акул эми, баарын унут, андан көрө ишиң кандай, иш жөнүндө айтчы, каерде кандай жумуш таптың?
- Сторожмун, гостиница экен, - Көңүлсүз жооп берди, - Отургула, чай-пай коеюн, шашпайсыңарбы?
- Жо-ок, сенин көңүлүңдү көтөрүп коеюлу деп келдик, - деген Назым пакеттен вино, сок менен гриль алып чыгып үстөл үстүнө жайды, - Кел курбум, ушундай күндө бири-бирибизди колдобогондо ким бизди колдомок эле.
- Туура, Назым молодец, адамдын кадырын билет. өкүнүчтүү, аяш, Тукенин мунусу мага жаккан жок, - Бектур аялын коштой келип отурду.
- Рахмат силерге, эгерде силер болбосоңор эмне болот элем, балдар болсо атам келбейби, эмнеге кетти дешип сурай берип тажатып жатат, - Үчөө отуруп тамактанып Бектур винодон куюп көңүлдүү сүйлөшүп жатышты, - Эмне кылам, башка түшсө байтал жорго деген туура.
- Акжаркын, сага кандай жумуш керек? - Бектур ага көңүлүн бура карап калды.
- Мага карапайым жумуш керек, окуган эмесмин да, кыскасы балдарымды бага турган айлыгы бар болсо болот, - Акжаркын жылмайып койду.
- Бектур, силерде жумуш болсо киргизип кой да, - Назым күйөөсүн карады, - Өткөндө эле айттым эле го?
- Бизде азыр менеджерлик орун бар, бирок ага жок дегенде мурда иштеген тажрыйбасы барлар керек го. Бир жумуш бар, шефтин кабинетин личный бирөө жууп тазалап турушу керек.
- Ошол болмок, бирок мен кирип алдым да, айлыгы канча экен?
- Беш миң сом.
- Жакшы экен, жумуш оорбу?
- Кайдан, бир гана кабинетти жууп, күндө чаңын сүртүп туруш керек, саат төрткө чейин гана, эртең менен ондо барсаң болот.
- Ай, анда эртең менен силерге эле барайынчы, азыр иштеген ишим аябай оор экен, эки күндө кыйналып кеттим, - Акжаркын туалет жууганын айткысы келбей эки күндөн берки тозокко айланган күнүн көз алдына келтирип алды.
- Эртең кел анда.
- Сөзсүз барам.
- Акжаркын, көп эле өзүңдү кыйнай бербе, бул күндөрүң дагы өтөт, балдарың чоңоюп канга салам бербей каласың, ошондо баары көргөн түшүңдөй болуп калат, - Назым курбусун далыга таптай көзүн кысты, - А балким ак боз атчан мырзага дагы жолугаарсың,
- Кереги жок, кыз алган жарым кадырыма жетпеди, эмкиси кайдан билсин, балдарым аман-эсен болсо эле болду, - Акжаркын муңая колундагы стаканды карап сүйлөдү, - Ушул экөөнү томсортпой, элден кем кылбай чоңойтуп алсам кана?
- Капаланбагын курбум, мына биз турабыз, жардам беребиз, окуйм десе окутабыз, - Назым күйөөсүнө карады, - Туурабы Бектур, өзүбүзчө сүйлөшкөнбүз баарын.
- Кудай жалгасын силерди, силер болбосоңор жакшы сөздү ким айтып, көңүлүмдү ким көтөрөт эле? - Акжаркындын кабагы жарк этип ачыла түштү, адамзаттын жан-дүйнөсүнүн назиктигине мындан артык жакшы мамиле болмокпу, жалгызсырап, жумушу ирээнжитип турган келиндин жүрөгү кубанычка бөлөнүп заматта дүйнөдөгү эң бактылуу пенденин кейпин кийип турду, бир аз ичкен виного эки бети албыра жетине албай курбусуна кош-кош ыраазычылыгын билдирип жатты. Үчөө эки бөтөлкө вино ичкенден кийин Акжаркын бирдеме жасамак болуп ашканасына кирип эч нерсе таппады, төрт картошка эки пияздан башка эчтеке жок экен.

Уландысы барбы же ушул элеби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   03 Август 2015 - 04:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Клончик...

Окуудан чыгып жатканда телефонума смс келди. Анын ичинде мага Джон менин "суйуктуум болчу" деген создорун окуп, журогум сестенип алды. Аны тымызын ичтен жактырып, сыртымдан конул бурбаган тур корсотуп журчумун. Уйго барууну каалабай кочо бойлоп басып, убакыттын отушун самап кадам шилтеп, узун жолдорду басып бараттым. Биздин уйго коноко келген жигит мени жактырып калаарын билбегем. Мамилебиз жакшы болсо да, мындай сезимдерди качандыр айтат деп ойлобогом. Анын жазган катына жооп кайтарбадым. Ичимде ойлоп бараттым " балким унчукпай калса, ал сурабагандай, мен окубагандай болсун" , деп катты окубагандай жокко чыгарып уйго келдим. Уйкудан жаны тургандай болмосунон чыгып:

- Кандайсын сулуу?
- Жакшы озун?
- Сонун) бугун кеч келдин?
- Оба, бир аз сейилдеп келдим...
- Маанайын кандай?
- Терпимо.

Ошентип кечки тамака экобуз эле калган экенбиз... Тамактанып олтуруп, сезимдерин айтып конулумду толкундатып кирди, кутуусуздон колумду кармаганда чочуп кетип бакырая карап, колумду тарта калдым. Жооп кутуп жатканын умуттоно сурады. Ошондогу аны аяганымчы. Бирок мен аны менен бирге боло албасымды билип туруп, 3 кундон кийин жооп беруумду айттым. Кандай соонун жан элен? " Мейли, кааласан бир айдан сон айт, мен сенин жообунду канча кааласан кутом" барына шугур кылган пенде экенинди туюп турдум. Эртесинде эле умутунду гулдотпойун деп, жообун суз " жок" деп кайтардым. Билем сага катуу тийгенин. Мен сенин мага болгон махабатындын тунук экенин торпоктун карегиндей болгон каректеринден корчумун. Конулум тушсо да озуно, сени менен бирге болуудан озумду болгон кучум менен алып качып бараттым. Балким ичиндеги сырынды айтпасан мен сенин колунду кармаган боюнча кетээр белем ал жагы карангы болуп жатты. Коптон капалашып жургон аялына апандын созун эки кылбай кайтып баруунду айттым. Бирок сен мени укпадын. Кундор ото берди... Сары койногумду кийип маанилуу кечеге жоноп калдым. Алдагы сулуулугума сен эмес, кочодон отуп бараткан адам бир назар салып ото турчу болуп озгордум. Ортобуздагы келишимге карабай, чуркап келип катуу кучактап торт, беш круг айланганында, мен жердин бешинчи асманына бакыт болуп учкансып, биринчи жолу эркектин кучагында учуп бараттым. Койчу мени, акмак деген созумо карабай бир омурго бакыттын коз ирмемин тартуулап бердин. Ал куну туну менен уктабай, мага ойлонуп чыкканынды билем... Эртесинде тактоочу детектив болуп сурака алып жатканын жан дуйномдо озумду кылмышкер сезгенге себеп болду. Конулунду ооруткум келбесе да, сен мени тактаганга укугун жок деп, ордуна коюп жатканда, кутуусуздон илептеримден опкулогонун коктомдон жааган жамгырдай, денеме калтыроо жаап жатты. Ары турто салып басып кеттим. Андан сон биз жакындан суйлошо албадык. Бир омурго ушундай жашоо улана тургандай, мен сени уйдо жок адамдай коруп журдум. Бирок, бир кун кетээринди билсем да, кутпогом кетуунду. Эшигимди каккылап кирип келгенинде сени акыркы ирет коруп турганымды сезбедим... Колунда кичинекей клончикти мага жылмая сунуп " ушул клончик сенин эсине дайым мени салып турат, бул клончикти ыргытпачы" деп сундун... Кабыл ала албашымды айтканыма карабай коктонуп туруп алып, кондурдун)

- Мага соз берчи? Ыргытпайсынбы?

- Жок ыргытпайм.

- Сени билем, азыр кетсем ыргытып саласын, ошондуктан соз бер?

- Сага соз берем, ыргытпайм... .

- Акыркы жолу бир кучактайынчы?

Ошол ошол бойдон сенин клончигин менде журот... Мен эми бул клончикти суйуктуу небереме гана узатам... (Роман тамчыларынан алынды)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   mega777   07 Август 2015 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

“Аа, аясаңчы, аясаңчы Тумарым” же келинине ашыктык ырын ырдаган кайната.

Таластын бир айылында кыргыздын адатынча күрү-гүү болуп достору топтолушуп, бир жигитке аркы өйүздөгү айылдан кыз ала качышат. Жигиттер ал кыздын аты-жөнүн гана билбестен, бир бүлөнүн түтүнүн булата турган ыймандуу, адептүү кыз экенин да билип анан ала качышты да.

Мындайда баласынын жакшылыгына барбалаңдап баладай сүйүнгөн кайнатаны айтпайсызбы? Көшөгөдөн жаңы эле чыккан келиндин аты-жөнүн жок дегенде өз байбичесинен сурап алуу деле оюна келбесе керек.

Уулунун достору баласына кыз ала качып бергенине эрдемсип, көшөгөдөн жаңы эле чыккан келиндин чайын ичебиз дешип, аяш атасыныкына келишет. Кайната кудай жалгап, ыр жандуу неме көрүнөт, дасторкон четинде комузун колуна алып ырдап кирет.

...Мен сүйсөм да сен сүйбөссүң Тумарым,....

“Аа ай, аай Тумарым, ая-саңчы, ая-саңчы Тумарым...! ” - деп үнүн барынча созуп кубанып алат. Ошондо ак жоолугу башында турган үлбүрөк келиндин эки бети анардай кызарып уялганы аз келгенсип, достору да бирин-бири нукушуп же каткырып күлө албай,тар жерде тамаша болушуп, “бырс-бырс” этип калышат.Кайната болсо, ырга берилип, көзүн жумуп алган дешет.

Көрсө, кара басып, тигил өз келинин аты Тумар тура...

“Атам деген кыпкызыл гүл жайнаган”

же келиндин кайнатасынын өтүнүчү менен ырдаганы

Бир бүлөнүн жакшылыгына келген коноктордун баары эле ыр жандуу немелер го, “ыр кесе” уюштура коюшуп эле баладан баштап,“чакага”дейре эле булбулдай сайрап, булбулдай сайрай албаганы, торгойдой безеленип эле ырдап киришет. Ошондо бурчта ырдан жок же талашкан чырдан жок жүүнү бош келинине ардана түшкөн бир кайната “менин деле келиним укмуш ырдайт, ырда кызым” дейт. Келини же кайнатасын сөзүн эки кыла албай, ордунан туруп эле билген ырын эстеп кирет. Ал бир эле “Өмүр” деген ырды билчү дейт. Кашайып, кайнатасынын аты Өмүр экен, эми кантет, ошондо келининин кайнатасын тергеп ырдап турган жери:

Атам деген кыпкызыл гүл жайнаган,

Атам деген булбул бакта сайраган.

Атам барда өкүнбөстөн ойноп күл, ойноп күл,

Атам жокто жаралбайбыз кайрадан...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   s9zen098   07 Август 2015 - 19:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения mega777 (07 Август 2015 - 18:40) жазган:

“Аа, аясаңчы, аясаңчы Тумарым” же келинине ашыктык ырын ырдаган кайната.

Таластын бир айылында кыргыздын адатынча күрү-гүү болуп достору топтолушуп, бир жигитке аркы өйүздөгү айылдан кыз ала качышат. Жигиттер ал кыздын аты-жөнүн гана билбестен, бир бүлөнүн түтүнүн булата турган ыймандуу, адептүү кыз экенин да билип анан ала качышты да.

Мындайда баласынын жакшылыгына барбалаңдап баладай сүйүнгөн кайнатаны айтпайсызбы? Көшөгөдөн жаңы эле чыккан келиндин аты-жөнүн жок дегенде өз байбичесинен сурап алуу деле оюна келбесе керек.

Уулунун достору баласына кыз ала качып бергенине эрдемсип, көшөгөдөн жаңы эле чыккан келиндин чайын ичебиз дешип, аяш атасыныкына келишет. Кайната кудай жалгап, ыр жандуу неме көрүнөт, дасторкон четинде комузун колуна алып ырдап кирет.

...Мен сүйсөм да сен сүйбөссүң Тумарым,....

“Аа ай, аай Тумарым, ая-саңчы, ая-саңчы Тумарым...! ” - деп үнүн барынча созуп кубанып алат. Ошондо ак жоолугу башында турган үлбүрөк келиндин эки бети анардай кызарып уялганы аз келгенсип, достору да бирин-бири нукушуп же каткырып күлө албай,тар жерде тамаша болушуп, “бырс-бырс” этип калышат.Кайната болсо, ырга берилип, көзүн жумуп алган дешет.

Көрсө, кара басып, тигил өз келинин аты Тумар тура...

“Атам деген кыпкызыл гүл жайнаган”

же келиндин кайнатасынын өтүнүчү менен ырдаганы

Бир бүлөнүн жакшылыгына келген коноктордун баары эле ыр жандуу немелер го, “ыр кесе” уюштура коюшуп эле баладан баштап,“чакага”дейре эле булбулдай сайрап, булбулдай сайрай албаганы, торгойдой безеленип эле ырдап киришет. Ошондо бурчта ырдан жок же талашкан чырдан жок жүүнү бош келинине ардана түшкөн бир кайната “менин деле келиним укмуш ырдайт, ырда кызым” дейт. Келини же кайнатасын сөзүн эки кыла албай, ордунан туруп эле билген ырын эстеп кирет. Ал бир эле “Өмүр” деген ырды билчү дейт. Кашайып, кайнатасынын аты Өмүр экен, эми кантет, ошондо келининин кайнатасын тергеп ырдап турган жери:

Атам деген кыпкызыл гүл жайнаган,

Атам деген булбул бакта сайраган.

Атам барда өкүнбөстөн ойноп күл, ойноп күл,

Атам жокто жаралбайбыз кайрадан...


:rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   mega777   10 Август 2015 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Бейишке кирбей күтөм...




– Таене.

– Оу балам.

– Телефонуңуз качан оңолот?

– Менин телефонум оң эле балам.

– Балким, өчүп калгандыр.

– Жок, күнүгө эле токко сайып атам.

– Кечээ өчкөн жок беле, таене?

– Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.

– ...

– Эмне болду, балам? Эмнеге сурадың?

– Түшүмө атам кирди. “Эмне чалбай калдыңыз?” - дедим.

– Анан эмне дейт?

– “Таенеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого чала албай атам”, - деп айтты.

– Аа, сени сагынып аткан го анда.

– Эмне, атам да мени сагынабы, таене?

– Сагынат да балам. Албетте, сагынат.

– Сагынса эмнеге чалбайт анда?

– Эми... Балким, чала албай аткандыр. Телефону бузулгандыр. ..

***
– Таене, телефонуңузду токко сайып койоюнбу?

– Ооба, ошентчи. Эртең менен уктап калбайлы.

– Эмне, телефон жок болсо уктап калабызбы?

– Ооба да. Бизди күнүгө ушул ойготуп атпайбы.

– А атамды да телефон ойготобу?

– Ошентсе керек, балам. Азыр элдин баары эле телефон карап калбадыбы.

– Анда атамдын телефону иштеп аткан турбайбы, ээ?

– Иштебей анан. Атаң камдуу эмеспи. Иштеп аткандыр.

– Атамдын да телефону иштесе, сиздики да иштесе, анда эмнеге чалбайт?

– Ким билет. Балким, акчасы жоктур...

***
– Таене, мен сабакка барбай эле койоюнчу.

– Эмнеге, балам?

– Агай: “Классты сырдаганга 100 сомдон алып келбесеңер, анда келбей эле койгула”, - деген.

– Ой, кечээ 100 сом бербедим беле.

– Таене, аны Россияга салып ийдим.

– Кимден салып ийдиң?

– Максаттын да атасы Россияга кетип атыптыр. “Атама берип коюңуз”, - деп берип ийдим.

– Атаң эмне кылмак эле аны, э катыгүн!

– Бизге чалсын да, таене. Ал мени сагынып чала албай жүрөт го.

– Аа, кокуй. Кайдан да айттым эле.

– Эмне, таене, чалбайбы? Сагынбайбы бизди...

– Билбейм, балам. Билбейм. Деги эмне дешти да билбей калдым...

***
– Таене! Таене! Телефон! Атам чалып атат!

– Кана! Кана, бери алып келчи!

– Мына, таене, мына! Бол, батыраак алыңызчы! Бол!

– Аллоо.. Аллоо... Жаку... Аа Батмаш, сенсиңби? Бу неберем атам чалып атат дегенинен... Кандайсың өзүң, жакшысыңбы? “Конок тосом” дейсиңби?.. Кудаларыңбы? .. Ии... Анан?.. Ии, кокуй де... Аа мейли. Сыр табакпы? Азыр берип жиберем. Макул, азыр.

– Атам эмес бекен?

– Жок, балам. Бул Батмаш тура. Сыр табак сурап атыптыр. Тур, барып берип келчи.

– Барбайм!..

– Ой, эмне болду? Тур, барып берип кел... Э катыгүн, сен ыйлап атасыңбы?

– Сиз эмнеге көпкө сүйлөшөсүз? .. “Бул телефонго атам чалат” дебейсизби? “Телефонду бошот, Белектин атасы чалат” дебейсизби? “Ал сагынып чала албай жүрөт. Кечээ Белек ага акча салып ийген, болду, буга чалбагыла” дебейсизби? !.

***
– Э Белек, сен эмнеге “атам эле атам” дейсиң? Апаңды унутуп калдыңбы?

– Жок.

– Анда эмнеге аны айтпайсың?

– Мен аны жаман көрөм.

– Эмнеге?

– Апам күнүгө эле: «Акча жок. Бул жумушуңан чыгып башка жакка иштебейсиңби. Россияга деле барсаң боло», - дей берип атамды кетирип ийген. Апам антпегенде биз баарыбыз чогуу жашай бермекпиз.

– Аа, балам. Анан жашаш керек да. Акча деген жетпей атпайбы.

– Жетет болчу. Акчанын кереги жок болчу мага. Атам эле керек болчу. Мейли, акчасы жок болсо деле мейли. Андан балмуздак да сурабайт болчумун. Ботинка, машина, конфет да сурабайт болчумун. Атам эле келсе болмок...

***
– Э Бекинтай, кана телефон?

– Менде, таене.

– Э ботом, аны эмне алып алдың?

– Сиз намазда отурганда атам чалып калабы дегем.

– О каралдым десе! Келе эми, панарын жагып эшикке чыгып келейин.

***
– Белек, Бекинтай. Келе гой, каралдым, мобу дарыны ичип алчы, садага...

– Таене, мен болду, апама таарынбайм.

– Алда каралдым ай. Куса болуп ооруйт деген ушу тура. Апаң кара жерге кирсинчи ошо... Чычкандай баланы бир ойлоп коюшпай...

– Түшүмө сиз айткан Мухаммед пайгамбар кирди, таене. Ал: “Апаңа таарынба. Апа деген баарынан ыйык”, - деди.

– Аа, каралдым. Түшүңөн садага болоюн сенин. Түшүңдөн садага кетейин.

– Таене, мен дары ичпей эле койоюнчу.

– Эмнеге, балам? Ичпесең ооруп каласың да.

– Мейли. Ооруй берейинчи.

– Кой, антпе. Оору деген жаман.

– Билем, таене. Эгер ооруп өлүп калсам, атам менен апам кайра келишет да.

– О кокуй, антип айтпа! Жаман болот!

***
– Бекинтай, Белек! Карачы, биз келдик.

– Пайгамбарым сизсизби? Сиз келдиңизби? “Атасы келбегендерге келем”, - дебедиңиз беле. Мен сизди аябай күттүм. Атам да келбей койду. Апам да келбей койду. Анан сиз да кечиктиңиз. Түшүмө да кирбей калдыңыз... Мен баарыңды сагындым... Мени бул жерге калтырбагылачы! ..

– Бекинтай, сен эмне деп атасың? Бул биз, апаң менен атаң... Сен катуу ооруп аткан турбайсыңбы, Бекинтай. Эмне деп атасың? Көзүңдү аччы...

– Пайгамбарым, сиз аларга ачууланбаңызчы. Балким, алар менден жакшы бала таап алышкандыр. Балким, мен жаман бала болгондурмун. .. Бирок мен аларды баары бир күтөм. “Бейишке кир” десе да кирбей, оозунда туруп күтөм. Акыры келишер мага... Акыры ошол жерге келишер...

– Бекинтай... Белеек...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   -Angela-   23 Август 2015 - 11:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2016 12:39

журөк ыйлайтго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   bander   25 Август 2015 - 23:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 09 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 31 Май 2017 14:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кичууну суйсоболбойбу?
Арууке жылуу жамынып алып, суйуунун тунуктугутууралуу китеп окуп жатканда, телефонунун уну чырылдап, анын оюн бузуп жиберди.Жанында турган телефонду шаша карап, бейтааныш номерди коруп, туну ким чалыпатат деген ойдо, акырын, «ало» деген назик уну менен телефонду алды. Телефондун аркы жагында турган Алым , сурдоп суйлобой туруп калды. Бул учурда Алым учун,дуйно жузу кыймылын токтотуп, баары анын суйлошун кутуп тургандай сезилди. Алсуйлобой копко туруп калганын сезип, «кандайсыз» деген гана суроо узата алды.Арууке Алым менен телефондон суйлошо элек болсо да, ага чалып жаткан ал экенинтушунду. Себеби Алым ар дайым кат жазганда, Аруукеге сиз деп кайрылгандыктан, Арууке сиз деген созду укканда эле дароо Алымды эстейт эле. Алым чалып атканынтушунду да, дароо эле «жакшы» деп жооп берди. Ортодо дагы бир аз тынчтык орнойтушту. Бул аралыкта Арууке «ал мага эмнеге чалып атат» деп ойлонуп жатканболсо, Алым кантип оюн ишке ашыраарын ойлонуп убара. Ал акырын, «эжеке терезеникарасаныз деп», телефонду коюп койду. Арууке тушунбой калып, коркунуч сезими менен терезеге жакындай берди. Анын болмосу 2 кабатта болгондуктан, эшикте жамгырдын тамчыларына суу болуп турган Алым козуно дароо корунду. Бул учурда Алым Аруукени коргонуно суйунуп, жузундо жылмайуу пайда болду. Арууке болсо эмне болуп жатканын тушунбой тура берди. Суу болгонуна карабай Алым Аруукенин сулуулугуна суктана, аны копко чейин карап турду да, колундагы бир розаны алып барып забордун устуно койду. Ошол учурда Алымдын эмнеге келгенин тушунгон Арууке кулуп жиберди. Алым оз ордуна барды да, Аруукеге чалып, «эжеке жамгыр катуу жаап атат, гулду эрте менен алыныз» деп очуруп, колун булгап, жарыктан карааны алыстап, карангыдан корунбой кете берди.

Алым ушуп уйго барды да, жылуу жамынып жатканы менен копко чейин кыялданып уктай алган жок. Анын кыялында кийин Арууке мененкол кармашып, бирге болуп бактылуу омур суруу эле. Ак жоолук кийген Арууке, узун койногун кийип алып жанында басса, Алымга мындан откон бактылуулук жок эле. Ушул сыяктуу кыялдар Алымды ойго салып отуруп, ал кантип уктап калганын билген жок. Ошентип кундор ото берди. Алым менен Арууке кат жазуу менен кун откорушот. Адатта жаштар телефон аркылуу баарлашып, копко суйлошууну жактырышса, Алым телефон менен суйлошууну жактырбай, кат жазууну жакшы короор эле. Кундо Аруукенин конулун которсом деп, кулдуруп, кызыктуу суйлоп, аябай аракет кылып журду.Аруукенин аппак, нурлуу жузун, сулуулугун, анан да кийген узун койноктору учун жакшы коруп, суйуп калганын тушуно баштады. Ал эми Арууке бул сезимдерди билген жок. Алым Аруукеден бир жаш кичуу болгону менен, аны аябай жакшы короорун жашырбай жакындарына да айтчу болду. Бирок Арууке бул тууралуу эч нерсе айтчуда, билдирчу да эмес. Ушул кезде ал Алымды, сен кичуусун же суйгонум бар деп бир жообун айтып койсо Алым учун жакшы боло беле? Анткени Алымдын жакшы коруу сезими кундон кунго кучоп, суйууго тартылып кете берди ……

Экоо ушинтип кат жазышып жургондоруно коп убакыт болуп калган кундордун биринде жолугуп театрга бармакчы болушат. Театргабарууну Алым сунуштаган. Себеби ал тынч,адам аз жерге барып, Арууке менен бирге болгусу келди. Жакшы коргон, суйгон адамы менен жакын болуп, бирге журуудон артык бактылуулук барбы? Балким булчыныгы суйууго кабылган адамга гана белгилуу сезимдир, бул сезим Алымды курчапалган эле. Арууке да бул сунушка макул болуп, барчу кунун да белгилешет. Алым бул кунду аябай кутту, ал кунду оюндагыдай, жомоктогудай откорсок экен деп кыялы кучой берди. Суйууго кабылган Алым учун Арууке менен бирге басуу да жомок сезиле баштаган эле. Алым энсеген кун жакындап калганы менен, ал энсеген, кыялданган кыз андан алыстап жатканынсезген жок. Себеби жакшы коруу, суйуу сезими аны багынтып, акылынан адаштырыпкойгон эле. Дуйнодогу акылманды акылынан адаштырган, илимдууну иизинен чыгаргансуйуу, жонокой, эн бир жонокой Алымды багынта албайт деп ойлойсунарбы? Албетте Алым суйууго баш ийип алган эле. Арууке кундон кундо алыстап, жазган каттарына жооп бербей журо берди, Алым энсеген кун да отуп кете берди, бир гана анынсуйуу сезими журогунон кеткен жок. Суйууго мас болгон Алым Арууке андан качан,кантип алыстап кеткенин да билбей калганын, канча бир убакыт коткондон кийин гана тушунду. Бирок ал кантип, качан оз суйуусун алыстатып алганын тушуно албайкала берди, балким таарынтканын билбей калды…. Айтор биринчи жана акыркы суйуусу Аруукени кантип алыстатып алганына тушунбой убара. Себеби суйуу анын козун, журогун, жан дуйносун багынтып алган эле, ар эч нерсени билген жок.

Арадан 2,3 ай убакыт отуп кетти.Алым эрте туруп, жакында боло турган досунун тоюна кийим сатып алуу учунбазарга жоноду. Ал озу коп деле кийинип жасанууну жактыра бербейт, жон ганакийимин жанылап коюу учун барды эле. Базарга кирип эле баш-алты кадам таштап,тан кала, арабада арзан кийим сатып отурган кызды коруп, токтоп калды. Акылынан тайган адамдай, эч бир кыймылсыз жанагы кызды карап тура берди.Ал кыз Аруукеэле. Аябай чарчап, жудоп, арык кыз болуп калганы менен сулуулук андан кеткен эмес эле. Маанайы жок отурган Аруукеге жакындап барып салам бергенде, Аруукечочуп кетти. Алымды карап бир аз тан кала турду да, уялганынан эч нерсе оозуна келген жок. Бул жерде суйлошуу туура эмес экенин тушунгон Алым, Аруукенин жанында турган эжесинен суранып, базардагы ашканаларга барып тамактанып келуусуно уруксат беруусун суранды. Эжесинин каршылыгына карабай, сылыксуйлогон Алым, кичипейилдик менен аны тез эле кондуро алды. Ашкана жакын эле болгондуктан экоо басып баратып суйлошкон деле жок. Ашканага кирип, тамак келгиче суйлошуп отуралы деген Алым « Кандайсыз эжеке» деп жылмайып сурооузатканда, козундо жашы толуп турган Арууке ыйлап жиберди. Эмне болгонун тушунбой турган Алым, «Эмне болду эжеке, ыйлабанызчы суранам» деп колунан кармай калды. Бир аз ыйлаган сон, козундогу жашын аарчып, «Алым кечирип койчумени» деп созун баштады…. Корсо, Алым экоо кат жазышып жургондо, Аруукенин Максат аттуу тааныш жигити бар экен эле. Максат экоо дос катары копко суйлошупжурушуптур. Ал байдын баласы болгондуктан, Аруукени чон машинасына салып, коп жерлерге алып барып ойнотуп келчу экен. Ошентип жургон кундордун биринде Максат Аруукени « Мага турмушка чык, бирок сени ала качышым керек. Антпесем ата энеммакул болбойт» деп кондурот. Максат кара тору, корс суйлогон, оюндагысын кылгысы келген эрке бала болсо да, колунда бар кыйналбай жашайм деп Аруукемакул болот. Экоо суйлошкон куну Максат достору менен Аруукени эки кабаттуууйуно алып келишет. Уйдун алдында отурган апасы Максаттын достору менен кыздыуйго алып келе жатканын коруп, айтып жургон кызын ала качып келгенин тушунуп,жини келип оз болмосуно кирип кетет. Арууке сулуу болгону менен, апасы Максаткачон той кылып, досунун кызын алып берем деп журчу эле. Мындай абалды коргонАруукенин маанайы тушуп, эмне кылаарын билбей Максат киргизген болмодо отураберди. Максат апасынын болмосуно кирип, апасы менен кыйкырышып «Мен баарыбируйлоном ушул кызга» деп атасын кондурмокчу болот. Ошентип Максат менен Аруукеэки жактын каршылыгына карабай баш кошушат. Ошол кундон тарта уйдо тынчтык жокболду. Максаттын апасы Аруукенин кемчилигин издеп, кечке аны уруша берчу болду.Башында жан тартып, болушуп жургон Максат куну туну дебей кафелерде достору менен ойноп, Аруукеден тез эле конулу калып, аны карабай койду. Максат уйдо жок кезде апасы Аруукенин уйдо уктап жатканынан шылтоо табып, « иш кылбайсын, жатабересин» деп урушуп уйдон чыгарып коет. Эки кундон бери уйго келе элек Максатка телефон чалып айтса, «Чыгарып койсо кете бер» деп очуруп койду. Айласы кеткен Арууке эмне кылаарын билбей, ата энеси жакшы кабыл албай турганын билип турсада, оз уйуно жоноду. Анткени Аруукенин ата энеси да Аруукенин Максатка турмушка чыгуусуна каршы эле. Ошентип турмушунан жанылган Арууке ыйлап уйундо отурупкалды. Аябай арыктап, конулу жок жургон Аруукени алаксытайын деп эжеси базарга жанынаалып алган болчу. Ошол кезде Алым аны кайрадан таап отурат. Ошону учун эжесидагы кайдагы бир жигит менен суйлошуусун каалабай, эрте менен каршы болуп жатып жиберди эле.

Ангыча, арманын айтып буткучо, копубакыт отуп кеткенин тушунгон Арууке эжем урушат деп шаша баштады. Анда Алымкечинде, мурда барбай калаган театрга барып келуусун отунду. Уялып турганАрууке, ата энем эмне дейт деп болбой койду. Алым Аруукени узатып барды да,эжесинен кечинде театрга барып келуусуно жардам беруусун суранды. Эжеси каршыболуп жатып, суранып турган Алымга жардам бермекчи болду. Алым ошону менен ала турган кийимин даунутуп, уйго жоноду. Уйго барып ата энесине болгон окуяны тушундуруп, мен суйгон кызды алып бергиле деп суранып,ата энесинин уруксатын сурай баштады. Башында, баласынын турмушка чыккан келинди алуусуна каршы болуп отуруп, акыры уулу аны чын суйоорун тушунуп макул болушат. Ата энесинин макулдугун алган Алым суйунуп, озу суйгон сулууга жетээрине ишенип, озун бактылуу сезип калды. Ал куну кечинде, театрда эч нерсе коюлбай жатканына байланыштуу, кечке парк айланып эс алып журушту. Алым Аруукеге тамашалуу создордон суйлоп, кулдуруп конулун которууго аракет кылып жатты. Анын ар бир кулгонун коруп, Алымдын жан дуйносу жарыла кубанып жатты….. Арадан бир нече кун откондон кийин Алымдын ата энеси Аруукенин уйуно барып, ата энесинин алдынан отуп келишти. Эки тарап, эки жаштын баш кошушуна макулдугун берип, ыраазы болушту. Бул учурда Аруукенин ата энеси кызынын жонокой, карапайым эле уйбулоого келин болуп жатканына суйунсо, Алымдын ата энеси оз уулунун суйуусуно жеткенине кубанып журушту. Той бутуп, Арууке келин болуп келгенде, Алымдын апасы Аруукенин арыктап, ооруп жургонуно боору ооруп, аяп тамакты да озу жасап,эч жумуш кылдыргысы келген жок. Арууке ага карабастан, ата энесин, жолдошуныраазы кылайын деп аракет кылып жаны тынбайт. Тойдун болгонун бир жыл болупкалса да, апасы азыр да келинине жумуш кылдырбайт. Себеби Аруукенин боюнда болуп, жакында торойм деп турган кези. Апасына жардам берем деп тура калса да,урушуп эч нерсе кылдырбай, оз кызындай карай турган болду. Арууке тагдырында ушундай адамдарга туш кылган Кудайга ырахмат айтып жашап келсе, Алым жубайын дагы деле « Сиз» деп, суйуусу кундон кунго кучоп келет …………

Билдирүүнү түзөткөн: bander: 25 Август 2015 - 23:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Август 2015 - 02:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

bander  аңгемелер үчүн "Адабият жана поэзия" бөлүмү бар.

Тема жылдырылды.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   mega777   27 Август 2015 - 00:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Кичүүнү сүйсө болбойбу?(Аңгеме)" Темасы менен бириктирилди.
bander,Ар бир аңгеме үчүн жаңы тема ачуунун зарылчылыгы жок.Аңгеме жазсаңыз ушул темадан улантыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 27 Август 2015 - 00:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   nice.love   16 Сентябрь 2015 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 461
  • Катталган: 06 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

БАРКТАЛБАГАН ЖАР
Шаардын ызы-чуусу эч качан түгөнбөчүдөй. Тиякты карасан да шашылган эл, биякты карасаӊ да. Күндөр аптага, айлар жылдарга алмашат. Шаарда кантип өмүрүн өткөнүн да билбей каласыӊ.
Биз да жолдошум экөөбүз балдарды багалы, бутка туралы деп алгач кичинекей камок ачканбыз. Соодабыз жакшы болуп аны чоӊойтуп отуруп, килейген азык-түлүк магазинге айланттык. Жашообуз жакшы, эч нерседен кем эмеспиз. Соода жакшы болгондуктан кантип кеч кирип таӊ атканын билбей да калабыз. Биздин кардарлар абдан көп. Айланабыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын дээрлик бардыгы канча жылдан бери бизден соода кылгандар. Бардыгы менен учурашып, ал-жай сурашып турабыз. Кыскасы биздин магазин микрорайондогу эн чоӊ соода түйүнү десем болот. Кардарлардын ичинен бир жылдай болду жашы 40-45 чамасындагы жигит келип соода кылат. Тепкени кымбат машине, кийимдери таптаза, өзү да сулуу, бойлуу. Күнүгө келип чоӊ суммага азык-түлүк алып кетет. Күнүгө, күнүгө ….. жадакалса дем алыш күндөрү да. Акыркы күндөрү эмнегедир ага көнүл буруп байкачу болдум. Эмнегедир ага кызыга баштадым. Өзүм магазинге келбей калган күнү жолдошумдан жана балдарымдан сураймын: «Менин «иним» келдиби?!» - деп. Аны «иним» деп алгам. Кээде жолдошум тамашалап калат «иниӊ келди, салам айттым» - деп.
«Кален, бул жигит күндө толтура азык-түлүк алат. Үй-бүлөсү ошондой эле чоӊбу?» - деймин таӊ калганымды жашыра албай
«Оой, Күкүш, канча жыл магазинде отуруп, ушакчы кемпир болуп калыпсыӊ – деп жолдошум тамашалайт – сүйлөшүп, сурап көрбөйсүӊбү? »
«Чындап эле, сурабаганда эмне, сураймын эле» - деймин кыйын болуп
Бирок, жигит эч кимге көӊүл бурбай, товарын эсептетип, акчасын төлөп коюп чыгып кетип калат. Оозумду ырастап баратып сүйлөй албай калып каламын. Сүрдүүлүгүн айтпа
Акыркы күндөрү: «Кандайсын, иним? Аманчылыкпы? » - деп саламдашчу болдум
Кыргызда саламды алик албаса уят го. «Иним» да күндөн-күнгө мени менен саламдашчу болду
«Абдан чоӊ үй-бүлөнү багат окшойсун ээ?» - дедим бир күнү товарды эсептеп жатып. «Иним» мостоё түштү. Ыӊгайсыз суроо берип койдумбу деп өзүм да буйдала түштүм.
«Ушунча азык-түлүк алып барчу үй-бүлөм болгондо бактылуу болмокмун» - деп үшкүрүп койду
Бул сөз андан бетер кызыгуумду арттырды. Бир четинен уялып да калдым. Чоӊ эле эже, абдан ушакчы окшойт деп ойлоп калдыбы деп.
Үйгө келип жолдошума айттым: «Ай бай болгур, тиги инимдин тамырын тартып көрчү, бир сыры бар окшойт …»
«Анын сырын билгенче өлдү эми – деп күӊкүлдөдү жолдошум – макул сүйлөшсө сүйлөшүп көрөйүнчү. Бир жылга чукулдап калды, же бир келинчегин ээрчитип жүргөнүн көрбөдүк»
Күндөлүк түйшүк менен болуп, «инимди» унута түшүпмүн. Бир күнү жолдошум жумуштан келип, эшиктен кирип-кирбей жатып: «Байбиче сүйүнчү!» - деди
«Болсун, болсун абышка» - деп утурладым
«Иниӊдин сыры чечилмей болду – жолдошум жылмайып – эжем менен чогуу болгонуӊарда эрттеӊ кенен маектешели деди иниӊ»
Эрттеси кечке жуук иним келди, керектүү бардык нерселерди алып:
«Эже, байкем экөөӊөрдүн убактыӊарды албаймынбы» - деди
«Жоок, жок, өтө кеч болуп кетти соода да токтойт эми» - дедим мен
«Анда мен, колумдагыларды берчү жерге берип келейин» - деп иним чыгып кетти
Бир саат өтүп өтпөй кайра келди. Элдер суюлуп калган эле. Жолдошум үчөөбүзгө жай даярдады, мен ыссык чай даярдай койдум. Үчөөбүз жайланып отурдук
«Мага абдан кызыгып, таӊ калып жатыпсыӊар – деди иним жылмайып – сиздер менен бүгүн маектешип таанышып алсак болчудай»
«Бул эжеӊ абдан сага сарысанаа болуп жүрөт – деди жолдошум адатынча тамашалап – таанышса таанышалы»
«Айланайын, тепкениӊ кымбат машине, кийингенин болсо кычырайсын, элдер бир жума, бир айлык ала турган азык-түлүгүн аласыӊ. Бирок, үй-бүлөӊ барлыгына күмөнүм бар, анткени, ээрчиткен келинчегиӊ, балдарыӊ жок» - дедим мен канчадан бери айталбай жүргөн оюмду сыртка чыгарып.
Иним оор үшкүрүп алды
«Булардын бардыгы: машина, акча, байлык колдун кири. Адам баласына, аялга да эркекке да үй-бүлөлүк бакыт буюрбаса булардын бары бир тыйынга арзыбайт экен – деди иним – мен убагында колго конгон бакытты баалабаган көр пендемин……
Өзүм колунда жок, кедей үй-бүлөдө чоӊойдум. Айылда жүргөндө балалыгымда шаарда окусам, иштесем, жашасам деп кыялданчумун. Биздин жаштык катаал 90-жылдарга туура келди. Ошентсе да тырышчаагымдан улам өзүм окуп, кыйынчылыкка карабастан бат эле бутума турдум. Балалыгымда кыялданган нерселерге жеттим. Баягы айылдан бозурайып келген бала жок, кычыраган жигит болдум. Ичимдик ичпеймин, тамеки чекпеймин, кыскасы идеалдуу адам болчумун.
Мага бир гана нерсе «жар» жетишпей жаткан. Анткени, байлыктын артынан кууп жүрүп жашым 30 га таяп калган. Бардыгы ата-энем, бир туугандарым, досторум «үйлөн» деп абдан асылышты. Көӊүлүмө жаккан кыз таба албагандан кийин, «убагы келсин» - деп гана кутулчу болдум. Алгач бул жөн эле тигилерден кутулуунун амалы болсо, акыркы күндөрү чындап эле үйлөнүш керектигине көзүм жетип, сарсанаа болчу болдум: «кимге үйлөнөмүн?» - деп. Тээ балалыгымда классташ кызымды жакшы көрүп, ошону аламын деп жүрчүмүн. Бирок, айылда кыздарды бат эле турмушка беришет эмеспи, ал классташым отуз жашында чооӊ байбиче болуп калган эле. Сезимдерим ошол классташыма гана козголгон болчу. Туура, кыздар көп эле, бирок, эч кимиси сезимимди козгой алган жок.
Ошентип жүргөн күндөрдө болочоктогу жубайым менен таанышып калдым. Жумуштан кайтып келе жатсам, көчөдө гүл саткан жерде бир кыз гүл алып жатыптыр. Акчасы жетпей жаткан го, улам сумкасын аӊтарып жатты. Эмнегедир жүрөгүмө жакын адамдай, аны көргөндө кандайдыр бир сезим пайда болду. Көрсө жүрөк эч качан алдабайт турбайбы?! Көчөдө көргөн бардык кыздардай эле кыз, бирок, эски жакын таанышымдай сезилип кетти.
«Немножко нехватает» - деди кыз гүл саткан орус кемпирге
Анысы болсо бербеймин, мага да акча керек деп наалып кирди
Жакын басып барып: «Сколько нехватает?» - дедим
Тиги кыз жалт карады. Көздөрү ушунчалык сулуу экен, бир көргөндөн сүйүп калдым десем да болот.
«Жөн эле коюӊуз, бул жакта арзаны бар ошону аламын» - деди ал сылык жылмайып
«Ушул гүлдү алгыӊыз келгенин байкап турамын. Келиӊиз, мен сизге гүлдү сатып берейин, сиз мага атыӊызды айтасыз» - дедим мен да жылмайып
Мен да кызга жактым окшойт, көндү. Ошентип экөөбүз тааныштык. Ысымы Гүлкайыр экен. Кандай сулуу ысым, ээсинин сулуулугун айтпай эле койойун. Мен таанышканда аны жаш деп ойлогонмун, андай эмес, менден бир эле жаш кичүү экен. Тагыраак айтканда 30 жашта экен. Иштеп жүрүп ал дагы турмушка чыкпаптыр. Экөөбүз бири-бирибизге жагып, сүйлөшө баштадык. Ал убакта мобилдик телефондор жаӊы чыга баштаган. Мен ага телефон белек кылдым. Ошентип экөөбүз күнү-түнү сүйлөшөбүз. Жакындарым билип, абдан сүйүнүштү. Качан той жейбиз дегендери канча. Ата-энем алып кел деп чыкырып жатышты.
«Үйлөнөлү» - деп сунуш киргиздим. Гүлкайыр дагы макул болду.
«Шаан-шөкөттүү той өткөрбөй эле коюлучу – деди Гүлкайыр – жашыбыз да өтүп калбадыбы»
«Макул – дедим – айылга барып эле той беребиз, бул жакта жөн эле белгилеп коебуз»
Гүлкайыр да, мен да июль айында отпускага чыгып үйлөнмөй болдук.
Жазда таанышканбыз, жайда үйлөндүк.
Гүлкайыр шаарда байкесинин үйүндө турчу, ошол жерге барып эле сөйкө салып алып кеттим. Экөөбүз да чексиз бактылуу элек. Айрыкча Гүлкайыр, үйдөн чыгып келе жаткандагы анын бактылуу жылмайып турганы азыр дагы көз алдымда.
«Ай кыз, кичине көз жаш чыгарыӊыз, ырымы ушундай» - деген жеӊесинин үнүн чала була угуп калдым. Бул сөзгө маани да берген жокмун, ал күн, бул жашоо экөөбүзгө гана тиешелүүдөй, чексиз бактылуу элек.
Ошентип үйлөндүк, экөөбүздүн бактылуу жашообуз башталды. Бизди куттуктап келгендер көп болду. Алардын ичинен чындап биз үчүн сүйүнгөндөрү да, тымызын кызгангандары да бар эле. Анткени, экөөбүз төп келишкен, бири-бирибизди толуктаган жубайлар элек
Күлкү, бакыт кирген үйгө кайгы жана кызганыч да кошо кирет турбайбы?! Гүлкайыр күлкү жана бакыт алып келген болсо, мен кайгы жана кызганычтын булагы болдум. Колум конгон бактыма өтө эреркеп кеттип окшойт, мага баары мүмкүн деген куру эркектик намыс пайда болду. Ал аз келгенсип, арак иче баштадым. Мурда оозума да албаган жаным, үйлөнүп жаман жакка кеттим. Куттуктап келген досторум, тааныштарым шыкап жатып ичиришип, акырындап аракка көнүп бараттым.
Гүлкайыр «ичпечи» - деп суранат. Анын жалдыраган көз карашына туруштук бере албай «макул» деймин да, көчөгө чыгып кайра эле ичип аламын. Стакандаш санаалаштарым көбөйдү. Мас болгондо алардын сүйлөгөн сөздөрү кулагыма кирет бейм, абдан өзгөрдүм.
«Бул татынакай перини кайдан тапкансын?» - деген сөздөрдү угуп, бир эсе сыймыктансам, бир эсе кызганамын. Үйгө мас болуп келип, жаӊжал чыгарчу болдум. Менин темам ар кандай эле: кызганыч, тамак, жумуш. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болбой, бир күнү мас болуп келип, Гүлкайырга колум да тийди. Байкушум эрттеси абдан ыйлады. Кантип колум барды экен деп, өзүмдү-өзүм сөгүп, арак ичпешке сөз бердим. Бир ай араӊ чыдадым го. Бир досумдун туулган күнүндө кайра ичип алдым.
Менин ичкенимди баарынан жашырган Гүлкайыр акырындап жүдөй баштады. Мурдагыдай жароокер жарым жок, чүнчүп, өзүнөн-өзү корунуп, өзгөрүп кетти. Мен болсо сөз укпаган жинди болдум да калдым. Досторумдун: «сулуунун суусу кургабайт, аялды башынан каттуу кармаш керек» - деген сөздөрү менин девизиме айланды.
Алган жарым ушунчалык акылдуу, ушунчалык тартиптүү эле. Бактыма чычтым, анын сөзүн укмак тургай, көчөдө кетип жатып, сол жакты же оӊду карап койсо да ызырынып, ашата сөкчү болдум.
Байкушум: «күнөөм кайсы?» - деп зарылдайт. Ал ансайын күчөймүн. Ичиме шайтан кирип алгандай, өзүмдү башкара албай чакчаӊдаймын. Жумуштан чыгып, жумушуна барамын. Үйгө келип: «жумуштагыларыӊдын кимиси менен жүрөсүӊ? Ойношуӊ кайсыл?» - деп жаӊжал чыгарамын. Акырындап, мас эле эмес соо кезимде да кол көтөрчү болдум.
«Иштебе десеӊ иштебеймин, макул, эмне десеӊ макулмун» - деп жалдырайт байкушум
Иштетпей кое албаймын. Анткени, кайынагаларым бардыгы чоӊ жумуштарда иштеген, интеллегент адамдар. Алардан айбыгам. «Боюна бүтсө ошондон ары иштетпей коемун» - деймин сокур оюмда. Бирок, Гүлкайырдын боюна бүтпөй жатты. Врачтарга барып, текшеринип да көрдүк. Баары жайында. Эмнегедир Жараткан Алла бизге наристе ыраа көрбөдү. Бул мага берилген жаза болсо керек. Гүлкайырдын боюна бүтпөгөнү дагы бир чоӊ шылтоо болду. Күндө көзүм ачылбай иччү болдум. Бирок, системага салып койгон бизнесим жакшы жүрүп жатты. Машина алдым, үй алдым. Көӊүлүм келгенде: «Жолдуу экенсиӊ! Сен менин бактымсыӊ! » - деп жарымды эркелетем. Бирок мас болгондо айтылган сөздөрүмдү эки эселеп чыгарып аламын.
Ошентип, жылдар өтүп жатты. Жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз артыбызда, сырттан караган адамга эӊ бактылуу адамдар элек. Кийинчерээк ойнош күтүп кеттим. Гүлкайыр ага да чыдады. Мага билдирбей ыйлап алчу. Көздөрү шишип, көөп калчу. Көрмөксөн, билмексен болуп коюмун. Бир дагы жоругумду төркүнүнө айткан жок. Алар келсе жаркылдап тосуп, мен тарапты да бирдей көрүп, акылдуу жар эле. Аны карап туруп көӊүлүм жылып, боорум ооруп кетет, бирок, ичимдеги шайтан дароо оюмду бузуп, жаман иштерге жетелейт.
«Эмнеге менин бардык кылыгыма чыдайсыӊ? Кетип калбайсыӊ?» - дедим бир күнү Гүлкайырга
«Мен сенин аялыӊмын – деди ал – бул үйдөн өлүгүм гана чыгат!»
Аттиӊ, алтыным ай! Ушул сөздү эмнеге айтты экен? Азыр ойлосом жүрөгүм өрттөнөт. Балким ошондо: «Мен сени сүйөмүн! Кайтып кел! Мурдагыдай бактылуу бололу!» - десе баары башкача болмок беле, ким билет? Бирок, Гүлкайыр ал сөздөрдү айтпады. Азыр ойлосом менден чындап көӊүлү калып, намыс үчүн эле заӊгыраган чоӊ үйдө жалгыз жашаган турбайбы
Улуу сөздө уят жок эмеспи; көрүнгөн аялды ойнош кылып, өзүмө ооруу жугуздум. Албетте, бул Гүлкайырга да жукту. Бир күнү жолдоштук милдетимди аткарайын десем эле, «оорубатат» - деп зарылдап, ыйлады.
«Кайсы ойношуӊдан жугузуп келдиӊ? Соо эмессиӊ сен!» - деп койдой сабадым.
«Кудай алдында акмын!» - деп чырылдайт.
Билип турам, бул ооруу менден жукту. Ошентсе да куру эркектик намысым моюнга алууга жол бербейт. Ошондо Гүлкайырдын көӊүлү менден чындап калды. Мен болсо сыр бербей корстон боломун. Акыркы күндөрү ага жакындабай калдым. Үйгө видеокамераларды коюп, текшерем, өзүм болсо ойношум менен болуп калдым. Арадан жылдар өттү. Бир күнү жумушта отурсам, карындашым Асель телефон чалды: «Кайда жүрөсүз? Жеӊем ооруканага түшүп калды» - деп. Жүрөгүм бир жамандык сезгендей учуп жеттим. Гүлкайыр палатада жатыптыр. Өӊү кубарып, араӊ эле жаны бар.
«Эмне болду?» - дедим карындашыма
«Сиз кандай адамсыз?! – деп кыйкырган карындашым ыйлап жиберди – врачка кириӊиз!»
Гүлкайыр менен ушул карындашым айрыкча жакын болчу. Менин бүт-бүт кылыктарымды билчү. Мен карабай койгондо да Гүлкайырга ушул эле барып жүрүптүр.
Врачка кирип чыккандан кийин, дүйнөм тарып, башым айланып, жер айлан-көчөк болгондой болуп турду. Врачтын айткан сөзүнө ишенбей турдум.
«Жубайыӊыздын диагнозу: «рак мозга». Операция жасайбыз. Андан чыкса чыкты, чыкпаса, кудайдын жазганы!» - бул сөздөр мен өмүрүмдө уккан эӊ жаман сөздөр эле.
Палатага бардым, Гүлкайыр көзүн чылк жумуп жаткан экен. Жакын барып, чөгөлөп отурдум да, колдорун кармадым.
«Берекем! » - тамагым буулуп, бул сөздөрдү араӊ айттым
Гүлкайыр көзүн ачты. Анын ошондогу көз карашы эч качан эсимден кетпейт. Бул көз карашта: сүйүү, сагынуу, таарынуу, кайгы баары бар эле. Алсыз аялдын кичинекей жүрөгү ушунчалык чоӊ сезимдерди батыра алышына таӊ калдым
«Мен сени ушунчалык сагындым! » - деди Гүлкайыр
Ошондо жер жарылса мен кирип кетсем деп тиледим. Бирок, адамдын жаны иттикинен да бышык болот дегени чын окшойт, кылган кылыктарымды билмексен болуп жер жүзүндө басып жүрдүм. Гүлкайырды чет өлкөгө алып барып, дарылатамын деп да оолуктум. Бирок, ал көнбөй койду. Баарыбыз ошол жерде болдук. Байкелери, ата-энеси, менин туугандарым, ата-энем. Гүлкайырдын жакындары мага жасаган мамилеге татыксызмын деген ой мээмди жеп жатты.
«Мен Гүлкайырды барктай албадым. Аны күн алыс сабаганымды, ак жеринен күнөөлөгөнүмдү, оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүмдү билер бекенсиӊер? ! Алаканыма салып багамын деп үйлөнүп алып, бутум менен тепсегенимди билер бекенсиӊер? ! Мен бул периштеге татыксыз экенимди, силердин сыйыӊарга, аяган сезимдериӊерге татыксыз экенимди билер бекенсиӊер? !» - деп кыйкыргым келди. Байкелери мени ортого алып, иттей кылып сабашын, мени өлтүрүшүн кааладым. Бирок, өзүмдү кармадым. Ортобузда болгон ызы-чуунун бирин да Гүлкайыр туугандарына айтпаганын билемин. Атүгүл менин ата-энем, туугандарым да билбейт болчу. Бир гана карындашым баарын билет эле. Чыккан киргенде мени жекирип, какшыктап жаткан карындашыма, унчукпай жер менен жер болуп турган мага таӊ калып карап жатышты баары
«Койчу, Асель – деди Гүлкайырдын жеӊеси карындашыма – күйөө балада эмне айып?! Бул Жараткандын буйругу. Кызыке атанын үйүнөн күлүп кеткен, ошондуктан ушунча ый болууда»
Тээ беш жыл мурда үйдөн кызыл гүлдүү татынакай көйнөк кийип, күлүмсүрөп чыгып келе жаткан Гүлкайырдын элеси көз алдыма тартылды. Ошондогу экөөбүздүн бактылуу мүнөттөрүбүз, жароокер жарымдын эркелегени, шыӊгыр күлкүсү, акылдуу, орундуу сөздөрү көз алдымдан чууруп өтө баштады. Ушунча жыл жубайымды сүйүп, бирок моюнга албай көрүнгөн менен көӊүл ачып жүргөнүм үчүн өзүмдү сөгүп жаттым. Ооба, адамзат колго конгон бакытты көп учурда билбей, барктабай калат турбайбызбы? ! Гүлкайыр менин ошол бул өмүрдө бир гана жолу берилген бактым экенин ушул дары жыттанган, суук, кунарсыз ооруканада билдим….
Операцияга Гүлкайырды даярдай баштаганда врачтан суранып жанына кирдим. Эмне деп айтышымды, өзүмдү кандай алып жүрүшүмдү билбедим, билемин күнөөм чоӊ, бирок, жарымдын жанында болууну чечтим.
«Мени кечир, жаным! Мен сага татыксызмын! » - дедим
«Мени сага жолуктурган тагдырыма рахмат! – деди Гүлкайыр жүзүмдөгү жашымды колдору менен аарчып – өзүӊдү күнөөлөбө, мен сага ыраазымын. Бардыгына мен күнөөлүүмүн, сени туура жолго сала албадым!»
«Оо, Жараткан! Ушундай да асыл адам, акылдуу жар болобу?!» - менин акыркы ойлогонум ушул болду. Бардыгы түштөгүдөй өтүп жатты. Акылыма бир келсем, бир келбей айланада болуп жаткан окуяларды жинди болгондой карап отура бердим. Сарсанаа болуп жаткан адамдар, операциядан чыккан врач, ыйлап жаткан аялдар…..
«Эсиӊе кел, акмак!» - жулкулдатып жаткан атамдын үнүнөн өзүмө келдим
Көрсө карындашым Асель атам менен энеме бардыгын айткан экен. Энем Аселге ишенбей ыйлап жатты, атам болсо мени эч нерсемди калтырбай сөгүп жатат.
«Эми өкүнгөнүӊүз бир тыйын!» - Асель заарын чачып мени карап туруптур
Гүлкайырды менин айылыма алып барып жерге бердик. Ошол күндөн баштап менин жашоом өзгөрдү. Ичпей калдым. Бирок, менин эсиме келишиме Гүлкайырдын өлүмү керек болгонун эстегенимде жашагым келбей кетет. Башы ооруса да эч кимге айтпай жүрө берген турбайбы, байкушум! Же жанынан ушунчалык тойду бекен? Жакын адамымды өзүм өлтүрүп алганымды эстегенимде жинди болуп кала жаздаймын. Жашоо мага бир тыйындай азыр. Үйлөнбөймүн деп чечтим. Анткени, Гүлкайырдай жар эми табылбайт. Байлык деген колдун кири, а бакыт деген бир гана жолу берилет бейм адамга. Бирок, азыр үй-бүлөлүүмүн, Гүлкайырдай инсанды таппаймын го деп ойлогом. Апам, жеӊемдер болуп жатып бир келин менен тааныштырышкан. Ал байкуштун да күйөөсү көз жумуптур. Балалуу болушкан эмес экен. Үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду. Бирок, балалуу боло элекпиз. Мен эми тагдырыма моюн сунгам, бала да күтпөймүн. Антени, бул мага берилген жаза. Азыр дин жолуна түшүп, колунда жокторго күнүнө азык-түлүк таркатамын. Тапканымдын баарын Балдар үйүнө которгонмун. Гүлкайырдын туугандарына, өзүмдүн туугандарыма эч нерсени аябай жардам беремин. Атам менден таарынган. Мени менен мамиле кылбайт. Акыркы жолу айткан сөзү: «Мен апаӊа бир да жолу кол көтөргөн эмесмин! Кимди тарттыӊ акмак!»
Мен бакытка татыксызмын. Менден башка баары бактылуу болсо деп тилеймин. Түшүмө Гүлкайыр көп кирет. Ошого ыраазымын. Кийинки жашоодо аркы дүйнөдө экөөбүз кайрадан жолугабыз. Мен ишенем ал бейиште!»
Инимдин аӊгемесин угуп, жоолугумдун учу көз жаштан суу болуп, мурдумдан аккан сууну шуу тартып коюп отурдум
«Дааа – деди жолдошум – ар кимге ар кандай сыноо жөнөтөт турбайбы Жараткан! Арты кайырлуу болсун жубайыӊдын»
«Бир жолу сүйлөшүп жатып менин аялым бир гана жолу атасынын үйүнөн алып кеткенимде ыйлаган, андан бери бир дагы жашын агызганым жок дегениӊизди угуп, абдан жаман болдум – деди иним жолдошума кайрылып – биринчи жолу сиздердин магазинге келгенде ынтымактуу жубайлар экениӊиздерди көрүп, сиздерден гана соода кылайын деп чечкенмин. Колуӊуздарда береке, жүрөгүӊүздөрдө мээрим бар экен. Эӊ негизгиси сыйлашкан бактылуу жубайлар экенсиздер. Менин Гүлкайырым тирүү болгондо биз да сиздердей жубайлар болсок керек эле, балким»
«Арты кайырлуу болсун, Гүлкайырдын! » - дедим мен эми араӊ өзүмө келип
Иним жөн гана баш ийкеп койду
Ошол күнү үйгө абдан кеч келдик.
«Ай ий, эмне мынча кеч келдиӊиздер? » - деп үч уулубуздан кийинки жалгыз кызыбыз жолубуздан чыкты
«Алтыным, бактылуу болсоӊ экен!» - деп мен кучактап туруп, саамайынан өөп койдум.
«Ой деги эмне болду?» - кызым таӊ калып
«Эрттеӊ айтып беремин, кызым» - деди жолдошум да кызын эркелетип
Ушул күндөн баштап жолдошум экөөбүз бири-бирибизди андан бетер сыйлап, андан бетер бири-бирибизге байланып калдык. Анткени, экөөбүз ак никелүү, түбөлүктүү жубайларбыз да. Бул кыска жашоодо ден-соолук, акыл, мээрим, ынтымак, сүйүү гана керек! Калганын адам өзү жасап алат турбайбы?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   admin_superstan   17 Сентябрь 2015 - 09:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"БАРКТАЛБАГАН ЖАР" темасы менен бириктирилди.
nice.love , кыска ангемелерди ушул темага жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 02:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: