Суперстан: Супер сынак 2015! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак 2015! Супердин супер таланттарын бирге тандайбыз!

#61 Пользователь офлайн   asylzaadam   05 Июнь 2015 - 21:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Топчукеге.

Оо Топчуке ачууланып чырдайсыз,
Тамашаны чындай көрүп ыйлайсыз.
Талантыңды тааныбаска кейибегин,
Эмгегиңди биз билебиз сыйлайбыз.

Суктандым фантазияңа баракелде,
Элестеттим жүргөнүмдү Лейлеклендде.
Ар бир бакта ийилип өрүк алчу,
Доллар шактап өсүп турса кана эле.

Кыялыңыз орундалчу заман келсе,
Мигрант болуп орустарың жайнап кетсе.
Кыргыз эли меймандоспуз өлтүрбөйбүз,
Васяга кол сунмакпыз кыйын кезде.

Негизинен патриотсуң Топчу мырза
Элиңе чеп болчудайсың мындан жазба.

Бираз токтоо сабырлык тилеп кетем,
Жазганымдын маанисин окуп тыңда.

Баягүнү көрүнбөсө карааның,
Чындап эле кылчак кылчак карадым.
Ойлодум мен жүрдүң бекен же күтүп,
Шейит кеткен Василийдин азасын.

Тамашага салып бир чымчыладым,
Васяны алып келип кымчып алдым.
Арабызда азил сын болуп турат,
Туура түшүн Топчуке кыртыйбагын.
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 05 Июнь 2015 - 22:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   asylzaadam   05 Июнь 2015 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Амантурга.


Аман Мырза билбейм канча жашыңыз,
Ачык?Жабык? Кабарым жок башыңыз.
Жазгандарың көп ичинде бааланып,
Өйдө карай ооп турат ташыңыз.


Бир кездерде телефонуң мактанып,
Башкармага көздү кысып,каш кагып.
Битке өчөшүп көйнөк тыткан болбойт дешет,
Таарынгандан кайра калдың такшалып.


"Немис" болуп тактыкты Сиз чыңдайсыз,
Сүрөт жүктөп,таап алгын деп кыйнайсыз.
Токтоо мүнөз,айтканынан кайтпаган,
Талантыңыз ташып жаткан Мырзасыз.


Сөзгө жыгып"Момундарды" күнөөсүз,
Бетке чабып,ойо чымчып сүйлөйсүз.
Жазгандарым өзүңүзгө белгилүү,
Азил сундум башка чаап жүрбөңүз.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 05 Июнь 2015 - 22:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Enesai   05 Июнь 2015 - 22:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

НЕФЕРТИТИ КУРБУМА
"Керегем сага айтам,келиним сен ук"

Бир арыктан суу ичип,
Бала чакта бирге оском,
Бир класста чогуу окуп,
Курбум деп сага сыр токком,
Достугубуз туболук-
Сыйлашып дайым журолук,
Жазган азил созумо,
Чогуу отуруп кулолук!

Курбундун кайтпас мунозун,
Илгертен жакшы билчу элен,
Ката соз айткан адамга-
Кайрылып кайра жооп айтсам,
Койсончу деп кулчу элен!

Катылган бизге адамдын,
Катыгын бирге берчу элек,
Канчалаган сынакты-
Ынтымакта женчу элек!

Коптон бери калемим
Кагазга жазып шилтенбей,
Чымындар чарчап калганбы,
Чыгарма жазып изденбей,
Илээшип эптеп келе атам,
Суйоп тур мени жинденбей!

Топчукеге ыр жазаарда,
Жааны октоп атаарда,
Тосуп туруп жолумду,
Кармап калдын колумду.
Туура эле досум кылыпсын,
Ортодон жакшы чыгыпсын,
Жакшы эле бала корунот;
Сени угуп ачуум басыпмын,
Досум деп сага тил алып,
Сыпайы гана жазыпмын!

"Жазыл" деп айтсан форумга,
Тилинди башта албадым,
"Макул,эртен" -деп журуп,
Кыйла эле сени алдадым.
Кыдырып журуп"однодо"
Ойлонбой суйлоп койгонго-
Жуздогон "коммент" арнадым!

Суйроп чыгып ал жактан,
Кошуп салдын бул жакка-
Байланып жипсиз отурам,
Бугунку куну сынакта!
Ашыкча суйлоп чыр кылсам,
Урушуп мени уялтпа!?

"Эрдик кылсан -суро кыл"-
Деген макал бар экен,
Форумга каттап койгон сон,
Акырет досум болгон сон,
Аброюн деги бар экен,
Адилет болсун сынак деп;
Таланттуу гана чыгат деп,
Такшалган акын,жазуучу-
Чындыкты бетке айтуучу;
Форумдун адил кыйынын-
Чогултуп куруп жыйынын-
Теске салып койсонор,
Чыркыратпай чындыкты-
Деги,адилет эле болсонор!

Башты кесмек болсо да-
Тилди кесмек жок экен,
Туура айткан чындык соз,
Атылган таамай ок экен!

Жанылдымбы, жаздымбы?
Кобуроок суйлоп алдымбы?
Курбундун айткан созуно-
Онтойсуз болуп калдынбы?
Туурасын айта коем деп,
Тууганга жакпай калдымбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Amantur.   05 Июнь 2015 - 23:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Азылзаадам айым,мен жашмын))
Үйлөнө элек жалгыз бой башмын
Мисалга алсак кайсы бир тамакты
Күрүчү эми гана салынган ашмын

Туура айтасыз мени "немис" деп
Немистикти кармап келем мен эптеп
Тактык болсо иштер ыкчам кетет го
Ойлогон ой максатына жетет го
"Кыргызчылык" дегендерди азайтып
Биз ТАКТЫКка көнүшүбүз керек го
Немистердей өнүксөк биз жаманбы?
"Боло берет" деп жүрөбүз абал бу
Качан көрбө башкаларды күнөөлөп
Айтыңызчы ушул да жыргал заманбы?

"Момундарды сындырасыз" дептирсиз
Андай эмес,туура эмес бу кебиңиз
Момундарга тийишпегем эч качан
Тийишкеним чектен ашкан "фанаңдар"
Ошолорду чымчып турам билиңиз

Ооба,туура," жогор жакка" да тийишкем
"Туура эмес,деп аларга да киришкем
Бирок алар кеп жебеди,укпады
Айткандарым бир да жолу жукпады
Банга айдады оюмду кайра билиштен
Ник ачкандан тажадым мен чарчадым
Акыры келип оюмду мен өзгөрттүм
Алыс эле болгонум жакшы "чириктен"
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Amantur.   06 Июнь 2015 - 00:30

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Топчубайга

Айтыштарда Токтогулду Арзымат
"Током" деп далай чакырат
Таң калбаган буга эч ким
"Неге антесиң?" деп аны
Кылбаган эч ким далалат

Чыңгызды болсо Төлөгөн
"Чыкем" деп далай атаган
Аны эч ким жаман көрбөгөн
Себеби ашты жешкен бир табактан

Сталинди болсо Күмөндөр
"Стакем" деди бир жолу
"Ал сага ким?" десе күлгөндөр
Жооп берди го моминтип
Кайран гана Күмөндөр;
"Биз жакын досторбуз
Тамашалап бири-бирибизди
Ушинтип атап коёбуз"

Уйкашпаса да жазганым
Даана болду айтаарым
Эми сен жооп бер Топчубай
Мен суроомду берип баштадым

"Алыкем" деп атаган
Алыкул сага ким болот?
Же жедиң беле бир табактан
Кезектешип айтып ар жомок?
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Enesai   06 Июнь 2015 - 09:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Байкап бир окуп отурсам,
Баарына азил жазылган,
Ледиге гана эч ким жок,
Акырын"чымчып" асылган.

Сурап корсом чоо-жайын,
Аким болот турбайбы,
Аким кызга баарысы-
Жакын болот турбайбы?

Кечээ эле кирип "чымчысам"
"Бан"дегенин бастырып,
Артка коздой куубайбы?
"Ашмалтайы чыкты",-деп
"Айтышынды койчу",-деп,
Дагы бир жолу тыйбайбы?
Же,конок эже экен деп,
Торун берип сыйлайбы?

"Кайдан чыга калды,-деп,
Мени "чымчып" жазды ,-деп,
Ажыдаардын куйругун
Билбей басып алды деп,-
Бийлигине чиренип,
Тактысына жолонуп-
Кагып мени салбайбы?
Же,азилиме тушунуп,
Жылуу соз менен алдайбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   vema_87kg   06 Июнь 2015 - 10:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Анда эмесе баштайын,
Эки ооз созду таштайын.
Кээде озун мактаган,
Кээде созун жактаган.
Жургону туз сезилген,
Жылдызы ысык,келишкен.
Амантур мырза аманбы?
Алайын алик саламды.

Он жылдыкка барыпсын,
Мас болуп анда калыпсын.
Сынактагы согушту сен байкабай,
Кеч кирип,анда калыпсын.

Ичкилик менен дос болбо,
Алып барбайт ал адамды он жолго.
'Ичпейм,' -деп коюп сен алганына,
Ичип алба жуз эмес,эки жузду.
Уйуно келген кезде уялбастан,
Тундосу жаман иш кылба,
Тошогуно 'чуш' кылба!
Азилим болсо бир аз ачуу,
Кабыл ал аны тамаша.
Бак-доолот башына конуп турсун,
уйундо ырыскы болуп турсун,
кампана эгиндер толуп турсун,
Малдарын эгизден тууп турсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   vema_87kg   06 Июнь 2015 - 10:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Асылзаада айымга.

Жазганынды коптор жактырып,
Копчулук добуш беришти.
Электен отуп эленип,
Эмгегин берет жемишти.
Жаркылдап кулуп дайыма,
Жараткан озу жар болсун,
Жазганын элге данкталып,
Атагын чыксын алыска.

Леди кжге.

Жазуулук онор улуу жол,
Жараттын ар кыл чыгармаларды.
Баарына тегиз баа берген,
Бар экен жакшы жактарын!

Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 06 Июнь 2015 - 10:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Kg.lady   06 Июнь 2015 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Форумдун эрке кызы бол!(Океанага)

Кызматка шайсын калдастап,
Жугуросун алдастап,
Сурап ал кайда бараарын,
Шашылбастан байпастап.

Конулундо кири жок таза бойдон,
Кылганын кээде болуп чала бойдон.
Шоктонуп кетмейин бар сен ФЛУДтап,
Коодонун дале болсо бала бойдон

Барк алып эмгегинден сынга толуп,
Башына кетпес доолот, сыймык конуп.
Журо бер, тамашанды канат кылып,
Форумдун суйгон эрке кызы болуп.

Бирокда, коп жигиттер козун кадап,
Оп тартып шилекейин жутуп калат.
Журбосун сугу тийип-алчы Ашитай,
Жактырып бир жигиттин колун кармап.


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Kg.lady   06 Июнь 2015 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Унутупасак оз тилди!:маскарапоз:
(Клара менен Кера.кж мырзага)


Коргондо даана байкалып,
Казакша суйлоп чан салып,
Жазганынан аганын,
Ойлогом,
Баурум адашып, калганбы бизге катталып.


**** ****** *****

Клара суйлогондо озбекче,
Оозумду ачкам мен кечке,
Таласкада жеткенби?
Чаар топу, ала чепкенче


***** ***** **** ****

Тил билсен дил билесин,
Канатты кокко сермейсин.
Тил билген адам кор болбос,
Ааламга кадам кересин.

Озгону коюп, оз тилди,
А бирок, коюп биринчи,
"Таз топудан жугат!" -дейт,
Унутупасак оз тилди!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 07 Июнь 2015 - 14:26


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Kg.lady   06 Июнь 2015 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Чамдап жаза бериниз!(Рая эжеге)

Эл ичинде эчен турдуу каарылар,
Урмат менен улуу-кичуу кадырлаар.
Бирок бизге Рая апа белгилуу,
Кенештери журогунду даарылаар.

Эзелтеден элде айтылчуу бир соз бар,
Каарылардан акыл-нуска соз калаар.
Карттык эмес, берекелуу уютку,
Жузунузго тушкон бырыш жылгалар.

Каалоом сизге, катылбасын деминиз,
Каарылыкка ийилбесин белиниз.
Форумдагы жаштар менен жарышып,
Чарчабастан, чамдап жаза бериниз!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 06 Июнь 2015 - 16:50


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   asylzaadam   06 Июнь 2015 - 18:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Леди айымга тамаша.


Эки тизгин бир чылбыр колунузда
Эжекелеп жаштар толо жолуңузда.
Эски экенсиз эмгегиң сиңип калган,
Эки бөлүм акимчилик мойнуңузда.

Күндөп түндөп форумда жашайсызбы,
Камчы кезеп флудерди баштайсызбы.
Көнгөн адат калбайт го үйдө кээде,
Жездекемди "баңга "тыгып таштайсызбы.

Эртели кеч форум менен "ооруйсузбу" ,
Эринбестен эки бөлүм окуйсузбу.
Эреже деп күнү кечке какшап жатып,
"Эскертүү" деп түшүңүздөн чочуйсузбу.

Эки бөлүм ээлеп көпкө турасызбы,
Же жаштарга бирин берип чыгасызбы.
Бийлик даамы күч болчу эле өтө эле
Же үчүнчүгө колуңузду сунасызбы.

Жалжылдаган сулуу селки кыйынсыз,
Жылуу сүйлөп күлүп туруп чымчыйсыз.
Түнү менен жүрө берес кызарып
Уктайсызбы кайсы маалда тынчыйсыз.

Жаны тынбас Робот сымал аялсыз ,
Жаштар менен тең жарышып каласыз.
Жезде менен үйдөгү запчастардын
Кайсы маалда көңүлдөрүн табасыз.

Тамаша чын азил жаздым эжеке
Өчүрбөңүз жакпай калса эгерде.
Ээн эркин кулпуртуп багып жаткан,
Таазим кылам башым ийип жездекеме.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   asylzaadam   06 Июнь 2015 - 18:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Сынактагы алдыңкы орун арман эмес,
Добуштардын баары эле жалган эмес.
Калыс кебин как эттире айтып жүргөн,
Кеңешчинин баары эле Айжан эмес.

Талант таптоо форумда таймаш эмес,
Эр жүрөктүн баары эле тайбас эмес,
Айтыш жакты гүлдөтүп көркүн ачкан,
Төкмөчүнүн баары эле Кайтпас эмес.

Добуш берүү кошомат же алкыш эмес,
Унчукпастын баарысы байкуш эмес.
Сүрөттөрүн жайнатып илип турган
Суйкайгандын баары эле Накуш эмес.

Купуябыз обший болду жеке эмес,
Бакыргандын баары эле теке эмес.
Бетке айтып артынан башка жеген
Браттардын баары эле Шеке эмес.

Жылмайгандын баары эле жыртаң эмес,
Жашы өткөндүн баары эле картаң эмес.
Жаңы үйлөнүп жашоосу гүлдөп турат,
Сулуулардын баары эле Мирлан эмес.

Эки сөздү улап койсо айтыш эмес
Максатыбыз тааныштарга тартыш эмес.
Талбай келген сүйүп күйүп эзелтеден,
Какшагандын баарыле Ванкуш эмес.

Акыл кебим бирөөлөрдү башташ эмес
Жерге уруп аялзатын тапташ эмес.
Тамашалап ник ачкандын чеги болот,
Кыргыз кызы эч качан алкаш эмес!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Amantur.   06 Июнь 2015 - 23:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Сөз менен ороп токмокко
Жооп жазгандыр деп мен жокто
Кирип келсем шашылып
Топчукеден жооп жок го

Көрмөксөнгө салдыбы?
Жооп берүүдөн тайдыбы?
Же адашканын сезип ал
"Бекер айтыпмын" деп калдыбы?

Түшкө жакын кириптир
Бир айланып кетиптир
Башка жерге жазыптыр
Анан чызып ийиптир

Мейли эми,түшүнөм
Жооп бербесең үшүбөйм
"Алыкем" деп жазбай жүр
Ал досуң эмес бир күлгөн

"Акыл үйрөтпө" деп жинденип
"Сага көрсөтөм" деп тиштенип
Өчөшүп алба замандашым Топчуке
Көңүлүңдү сынак үчүн кирдетип!
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Июнь 2015 - 02:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Жыл сайын таажы тагыныз!(Асылзаадам эжеме)

Атына заты жарашкан, асыл жанго эжекем,
Акыл айтып ар убак, кенешин берген берекем.
Сыр сактабай ортого,
Токчуу элек баарын эзелтен.

Кай жерден жаза тайганым,
Эртеден билбей кыйналдым,
Сизге оюм туз эле,
Кай жерден терс айландым?

Баштан сылап акырыын, когорто чымчып алдыныз.
Синдин учун шам болуп, акыл созун айтыныз.
Байгени сизден талашпайм,
Жыл сайын таажы тагыныз.

Эки тизгин бир чылбырды алган менен,
Эжекелеп жаштар толуп турган менен,
Турмуштун кээ бир катуу соккусунан,
Фрумдан кээде тынчтык издеп келем...

Эртели кеч форум менен ооруп калам,
Эринбестен суперди окуп калам.
Асылзаада дагы нени жазды экен деп,
Түшүмөнда кээ күнү чочуп жатам.

Кээ кундору форумда жашап калам,
Камчы кезеп флудерди баштап калам,
А бирок эрим үйдө болгон кезде,
Менда өзүм банга барып, быгып калам.

Робот эмес сиз сыяктуу адаммын,
Белен кылам суйуктуумдун тамагын.
Озун айткан запчастарды тойгузуп,
Форум жака анан таштайм кадамым.

Уктайм мен да, сиз сыяктуу тамак жейм,
Уй да жыйнайм,баарын жасап, белендейм.
Виртке кирип тынбай жазып койгонго,
Асыл эжем мени робот көрөт бейм.

Эки бөлүм ээлеп канча тураарымды,
Ай эжекем, озүм да билбей келем.
Эгер админ макулдугун берип калса,
Бироону эмес, экоонутен сизге берем.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 07 Июнь 2015 - 03:32


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   07 Июнь 2015 - 04:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Урматтуу форумчулар мына ошентип, жакшыбы жаманбы? Кызыкпы-кызыксызбы? Ошентсе да колдон келишинче жакшы жана кызыктуу кылып өткөргөнгө аракет жасап Супер сынак 2015 сынагыны бир айдан берип өткөрүп келдик.

Алтындай болгон убактысын аябай, көмүскөдө катылган таланттарын эл алдына тартуу кылган таланттуу катышуучуларыбыздын таланттарына баарыбыз күбө болдук. "Өнөрүң болсо өргө чап " демекчи ар бир катышуучу өз өнөрлөрүн көргөзүп, бизге таасирдүү жана жагымдуу сезим калтырды. Ылайым ушунуңуздардан жазбаңыздар, эргүүлөр күчөп врите эмес реалда да ушуга окшогон сынактарга катышып мындан ары да өнөрүңүздөрдү өркүндөтүп, талантыңыздарды ташкындатып жүрө беришиңиздерге тилектешмин. Сынак аты аталып тургандай сындары менен кызык. Ошондой экен бул сынактан соң баарыңыздар сындалып, танталып, такшалып келечекте эң мыкты акын жана жазуучу болоорсуздар деген үмүттөмүн. Ар дайым бар болуңуздар, жашооңуздарда эч кандай кыйынчылык көрбөй саламатта жүрүңуздөр!

Ушинтип Супер сынак 2015 сынагы аягына чыкты. Ар бир катышуучуга жана сынака күбө болгон ар бир форумчуга терең ыраазычылык билдирем. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Бул теманы булгабай супер адим же Леди эже жаап, архивке сактап коёсуздарды суранам. Калган ой-пикириңиздер болсо мындан мурунку тема Талантуулар сынагы 2015 темасында улантабыз.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Enesai   07 Июнь 2015 - 04:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Торт сап ырым жазайын,
Билгеними айтайын,
Беттегенден кайтпаган,
Маанисиз созду айтпаган,
Аялдан чыккан акылман,
Жаза келсе кем эмес -
Менменсинген акындан!
Жазганын жанды кубантып,
Умут отун тутантып,
Атына затын жарашып,
Соз берметин таратып,
Чарчабай дайым жаза бер,
Алгалап дайым баса бер,
Асылзаада асыл кыз,
Чыгарман жагып калкыма,
Окурман жетсин баркына!
Кандай кун болсо алдыда-
Калемди колдон таштаба!
Ак пейил менен берилчу-
Эженден сага -ак бата!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   morther   07 Июнь 2015 - 11:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Сынактын катышуучуларына

Бир-биринен кем эмес го дегеле
Чыгармаңар мыкты тура эң эле.
Моокум канып окуп жаттым берилип,
Кээ биринин бал татыган тилине.

Бүгүн минтип окурмандын эрмеги,
Кубат берип,жан жыргатаар медери.
Адабият майданында жарыша
Келе жаткан келечектин ээлери.

Аз калгандай биздин өмүр аманат,
Улам кийин жаңы бүчүр жаралат.
Үмүтүбүз,сыймыгыбыз эртеңки,
Эл-журт өсүп ушулардан таралат.

Ар бириңдин ыйман болсун жолдошуң,
Башыңарга кетпес таалай бак консун.
Турмушуңда эч нерседен өксүтпөй,
Кызыр даарып,Эгем өзү колдосун.


Кызым Чолпонго

Суперден мен ырларыңды окудум,
Сездим андан ойлоруңдун толкунун.
Көк -Арт суусу сайга батпай ташкындай,
Кубангандан мен да ошончо толкудум.

Ыр жазганда оюң учкул шок болсун,
Мерчемине таамай тийген ок болсун.
Окуганда сезимдерди жылыткан,
Как жүрөктөн жарып чыккан от болсун.

Кадам шилте улам өрлүү тарапка,
Кошула бер "Адабияттык парадга".
Колум тийбейт,ишим көп деп шылтоолоп,
Көнө көрбө "жалкоо" деген адатка.

Ээрчите бер,окурманга ачып жол,
Ойго кенен ар бир сөзгө калыс бол.
Теги супсак уйкаштыкты кубалап,
Калагы жок халтурадан алыс бол.

Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   15 Июнь 2015 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Жалпы жыйынтык:
1.Аmantur. 31
2.Topcubay 30
3.kychkyltek 5
4. Vemа_87kg 7
5.Aidar.001 2
6.Kg.lаdy 57
7.asylzaadam 64
8.Enesai 15

Биз наминацияларды алып салып орундарга бөлдүк.
1-орун asylzaadam
2-орун Kg.lаdy
3-орун Amantur.

Ал эми байгелерди да ээлерине ыйгара кетсек.
1-орун asylzaadam 1200р
2-орун Kg.lаdy 1000р
3-орун Amantur 800р

Topchubay
Enesai
Vema_87kg алтындай болгон убактысын аябай катышкан бул катышуучуларга да 500сомдон ыйгарылды.

Дөмөөрчүлөр:
Aziyatka 1500сом.
Patma.mahmud-kyzy 3000рубль.
Дагы бирөө демөөрчү болом деген эле аны менен кечке байланыша албадым. Ошого байланыштуу кеч калдык.

Таланттуусуң бириңерден бириңер,
Тамшандыра тең тайлашып келдиңер.
Тактап алаар кезек келди мынаке,
Таажы кийип такка отурчу кимиңер.

Эл алдына төгүп болгон өнөрүң,
Эбегейсиз зор эргүүгө бөлөдүң.
Эч бөксөрбөй өнөр кенчи калкымдын,
Элибизде таланттуулар көбөйсүн.

Чын талантың сынга сынып кебелбес,
Чокулар да көк тиреген тең келбес.
Таң калтырган өнөрүң да талантың,
Арзыбаган белек менен чектелбес.

Сынагыбыз сынактарга улансын,
Сан таланттар күйөрманын кубантсын.
Супер инфо көмүскөдө калтырбай,
Себеп болуп залкар өнөр чыңалсын.

Мына ушинтип сынак соңуна келип жети, бул сынака күбө болгон жана кол чаап коштогон күйөрмандарга, убактысын аябай добуш берген ар бир форумчуга терең ыраазычылык. Көңүл бурганыңыздар үчүн да рахмат, ар дайым саламатта болуңуздар.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Kg.lady   15 Июнь 2015 - 12:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Асызаада, Амантур, Топчубай, Енесай, Вема,Айдар, Кычкылтек максат байгени энип кетуудо эмес, сынакка катышкандын озу жениш. Андыктан жениш кут болсун!
Адабияттык чыйыр жолдо сапарыныздар байсалдуу, кадамыныздар дымактуу болсун!

Азыркы доордо кор оокаттын сазынан чыгалбай, бирин экиге аран улап жаткан заманда, озунун жаш жана кыз бала экенине карабай, ары туйшуктуу, ары олутту жумушту колго алып, демоорчу болуп, сынак уюштурган Батма Махмуд кызына алкыштар болсун!! ! Азаматсын Батма, жашоодода ушундай чечкиндуулук сапатындан жазба!

Ошондой эле четте кайдыгер карабай, озунун ак эмгек менен тапкан ырыскысын талантуулар менен тен болушом деп, демоорчулукту колго алган Куба(Азият) жана Шахризаткада (ушундай беле) ыраазычылык! Тапканынарга жараткан эки эселеп береке берип, ырыскынар таттуу жана жугумдуу болсун!

Бул таманы жаап, талкууну мындан мурунку темадан уланталы, тема булганбасын учун. А баса супердин архивинде таланттуларыбыздын эмгеги унутта калбай, туболукко сакталмакчы. Качандыр бир кезде, ушундай сынакка катыштым эле деп, чыгарманызды кайрадан окугунуз келсе, архивге баш бага бересиз ардактуу талант ээлери.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 15 Июнь 2015 - 13:03


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 13:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: