Сыдык Карачев
ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ
Ачык аяз, күзгү түн...
I
Учу-кыйыры билинбеген,
жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат.
Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып, өчпөс-түгөнбөс шаттык, кубаныч туудурат.
Суулар, талаалар, токойлор айдын ажаардуу нуру астында тынччылык, сырдуу, шыйкырдуу муңга оролуп шир-ин, таттуу уйкуга берилген.
Күз мезгилинин көңүлсүз боштугу, ич күйдүргөн кө- рүнүштөрү түнкү айылдын жарыгы менен аралашып, жер жүзүн башка бир түс, башка бир ыраңга киргизген.
Тегеректин баары жымжырт... «шырп» эткен добуш жок. Ыраакта баштары көк тиреген типтик зоолуу бийик капчыгайлуу тоолор элес-булас көрүнүп, туманданып калкып турушат.
Тептегиз жайылып, кулачын керип мемиреп, мелтире-ген күзгү көл көйкөлүп, кара көк тартып жатат. Кечеки конур салкын сыдырымдын эркелеген зпкини менен ча-чылРан берметтей болуп кооздолуп, айдын күмүштөй аппак нурлары астында жоош жумшак термелип жатат.
Сыдырым менен теңселип, көйкөлгөн көлдүн тентек толкуңдары жар четине келип кагылып, кечки саламын
"Эрксиз күндөрдө" чыгармасы Повест
#2 05 June 2015 - 16:47
Бул үн — жазмыштын жарамсыз чеңгелинде,
жаны-тени жат бир душмандын колуна эриксиз түшүп бара жаткандагы кешиги жоктун үнү... бул үн — дүнүйөнүн таш боор, кара жүрөк залим адамдарынан тоюп, турму-шунан жазыксыз аша кечип, келирки өмүрүнөн амалсыз кол шилтеп, жанынан кечкен адамдын үнү...
Бул — эски каада, зски жорук-жосундун бузукчу-лугунун кесепетинен жадаган, күчсүз бенденин күйгөн-дөгу үнү... бул, арбак-куран намысы деген чирик ойлор-дун аярдуу курманы; жаңыдан бүрүн төгүп, гүлдөп, атыр жытын буркуратып, үлбүрөп ачылып келе жаткан байчечектин мезгилсиз соблуп, куурагандыгы ушу...
Бул — көк мелжиген аскар тоолордо убайымсыз кай- гысыз таштан-ташка секирип, көк кашка булактардын тунук суусун ичип, сансыз көк шибердин көгүн оттоп жүргөн кийиктин, ырайымсыз мергендин огуна дуушар болуп, карагаттай кара көздөрүн моймолжутуп караган-дагы каргыш үнү. Бул — табиятты муңдуу үнү менен таң калтырып, угумдуу
күүсү менен эритип, такшып-такшып сайраган акын булбулдун ашык жары кызыл гүлдүн таң алдында-гы ачылганын көрбөн калган кездеги заардуу-муңдуу, дарттуу арманы...
Калың жымжырт арасында, табияттын сырдуу, шум-дуу түнүндө угулган аянычтуу коңур үн бир көтөрүлдү, бир басылды. Бара-бара түнкү оор, салмак тынччылык ичинде күңгүрөнгөн, бышактап ыйлаган өңдөнүп барып таптакыр тим болду...
Үн басылды...
Кулак, мурунду кескендей болуп тегерек мурунку ка- лыбына түштү, табиятты баштагыдан бетер шумдуу, коркунучтуу салмак басты.
Түнкү сыдырым үстөм келип, жеңгенин кубаттаган- дай болуп, акырын гана жумшак желаргы жүрүп кетти.
Асмаадагы жаркырап, жалтырап, күмүш, нурларын жер жүзүнө аябай чачып жаткан ай дагы, бул түнкү кокусунан

#3 05 June 2015 - 16:48
келип чыккан сырга таң калгандай болуп, каба-гын чытып, күүгүмдөнө баштады. Барган сайын жер үстүнөн шооласын тартып ыраакта, оолактап күн батыштагы жер менен көктүн кошулган жарине карай бет алды.
Айдын оолактап, четтегенин көргөн зоокчул жылдыздар баштакыдан да күчөп, нурларын арттырып, биринен-бири озууга тырышып жымылдашты. ..
Жердин үстү кара кочкул түскө кирип, калың, кара көлөкө менен оролуп, кабагын карыш салып, капа болгон өндөнүп, акырындап караңгылыктын кучагына кире баштады.
Көлдүн ичиндеги дүнүйө менен убара болуп, тышкы дүнүйөдөн кабарсыз, убайымсыз жүргөн ак балыктар, айга карай секиришти. Суунун үстүн жыбыратып, чабактап, оюн салышып, батып бара жаткан ай менен амандашты... Ага кирсиз, күнөөсүз көңүлдөрүнөн чыккан соңку саламдарын жиберишти...
Тегерек дагы тынч... дагы жымжырт... II
Шаркырап аккан чоң суунун оң четиндеги жайкалган көк чөптүү сазга жайыла конгон көп айыл. Катар тизил-ген солдаттардай болуп бирөөнүн артынан бирөө сап тартып кеткен ак күмбөздөй болгон келишимдүү боз үй-лөр. Ал үйлөрдүн суу жактагы четинде койлор түнөй турган орун. Анын эки жагында тартипсиз тигилген беш-алты алачык. Айылдын кыбыла жагындагы обочороок булуңда кулундарды байлай турган желе. Керүнгөн айылдын орто чениндеги эки-үч жердеги мамыда ээр-токумдуу бир Топ сындуу аттар байланып турат.
Таң атып, жер-жердин баары күндүн алтын аралаш мала кызыл нурлары менен толуп келе жатат. Күндүн нуру менөн чөпкө түшкөн кыроолор жылтылдап, күмүштөй болуп жаркырашты, эртең мененки салкынчарак же-ларгы чөптөрдү түнкү терең уйкусунан терметип ойгот-ту. Чөптөргө түшкөн кыроолор тамчы-тамчы болуп мөл-түрөп жерге куюлду.

#4 05 June 2015 - 17:00
элди бийлеп турган оёздун алдында болсун сөзү өтүмдүү, жугумдуу боло турган. Ошондук-ган кулагы уккан, көзү көргөн элдин баары:
— Чыккан жерден чыгат. Болгон жерден болот,—деп айтышчу,
Бул ылакапты билбеген, айтпаган киши аз учурайт. Эки сөздүн биринде Мамырбайды мисал кылып, оозго алып эстеп кетпеген киши жок катарында. Мамырбай ат жалын тартып мингенден баштап эл-журтка, аралаштьг. Жаш чагынан бери «ата дөөлөтү», «ата даңкы» Мамырбайды көтөргөндөн көтөрдү. Бара-бара эл бийлеп, кун ойлоп, бүтүм кылып жүрүп калың элдин көңүлүн өзүнө оодарды, кадыры артты.
Көп ичинде өзүн чынардай көргөн Мамырбай, өзүнөн төмөнкү, жогоркулардын жигин ажыратып, ар кимдин өзүнө жараша мамиле кылууну да элдин баарынан жакшы билет.
Мамырбай отуз жашынан тартып 5—6 жыл удаа болуш, бий болуп турду. Дубандын тобуна катышып, эки дубан арасындагы чыр-чатакты бүткөрүп, дубандан-дубанга маалим болгон. Ар жерде, ар качан:
— Жаман тилден сактасын! — дечү.
Атагын алган болуш болгон кезинде Мамырбайдай үйөзгө жаккан, сөзү өтүмдүү болгон киши жок болду. Жакшылардын үйөздө иши болуп, тагдыры анын колунда болсо, Мамырбайсыз үйөзгө жакын бара алышчу эмес. Макең үйөзгө барып, жакшылардын муңун айтып, ишин орундатканда, андан кадырлуу киши болбой турган. Мындай убактарда өзүнүн да көңүлү көтөрүлүп, башты койкойтуп «корс-корс» күлүп, кубанып калычу. Макең мөнен бирге үйөздүн алдына барганда, анын жүрөгүнүн тоодой экенине, кадырынын артыгына таң калышып:
— Атааң көрү, Макеңдей бол, үйөздүн алдында те- бетейин албай эле, кол берип туруп, кадимки биз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөт,— дешип шилекейлерин агызып, тамшанып келише турган.

#5 05 June 2015 - 17:01
Бир үйөздү бийлеп турган кашка баштын алдында мынчалык кадырдуу Макең эл ичинде, топто андан бе-тер баалуу экени белшлүү.
Ошентип Макең бир жагынан улукка жагып, бир жа-гынан эл ичиндеги чечен, манап болуп доорон сүрдү. Мингени жорго, кийгөни асыл, жаткаңы жумшак, капа-кайгы дегендин жытын да билбейт. Мунун үстүнө анын байлыгы да кошулуп, Макең бир кудайдан башка эч кимден коркуп да, жалтанып да көрбөдү.
Макеңдин 300 дөй жылкысы, үч миңдей кою, жыйырма беш төөсү болуп, өзүнүн айтуунча «өлбөс оокат» бар. Ошондой болсо да Макең дүнүйө жыйноодон, башка-баш, малга-мал кошуудан ыраак эмес. Ойлогон ойдон, кескен калыңдан, чыгарган бүтүмдөн Макең, көбүрөөк алууну ар качан зсинен чыгарган жок. Жылкыны беш жүзгө, койду андан бетер көбөйтүүгө Макең ар качак даяр. «Өлбөс оокатты» ого бетер өлбөгүдөй кылууга эки көзү төрт. Беш намаздан кийин ар качан:
— Оок кудай, насыбыңдан куру койбо!— деп бата кыла турган.
Макең кудай берген дөөлөт, наам аркасы менен бей- бечераларды да «куру кол» койбоду. Макеңдин сорпосун, кымызын, сүтүн аңдып, этек-жеңин кагынып, силкинип жагынгандар көп. Бирок алардын баарына Макең жайыла койбойт. Айылдаш, короолош олтурган он чакты түтүн кедейлер анын түндүгүнө карап турушат. «Кудаанын кулу, Мукамбеттин үмбөтү» болгондон кийин: — Кедей- кембагалдарга колунда барлар жардам кылсын,— деген пайгамбардын кадысын Макең жакшы орундайт. Кедейлерге кою, жылкысы, кара малдарынан саан берет. Аларды жансактатып, оор күнүн жеңил кылууну ойлойт.
— Башкаларга акча чыгарып, бекер чыгым болгондон көрө, саан берсем мал багылуу, аштык айдалуу эмеспи?.. деп боору ачып, жаны кейип, кедейлердин камын ойлой турган.
Ырас, Макеңдин бул оюнда түк калети жок. Ар качан мал багылуу, отун-суу даяр, аштык, чөп үйүлүү. Кедейлердин

#6 05 June 2015 - 18:41
карды ток болгондон кийин кайгы да жок. Бекер мал багып, отун алып, суу куюп, бекер саан алга-дарына алар жатып да, туруп да шүгүр кылышат.
— Баатырдын өмүрү узун, дөөлөтү көп болсун, шам-шум эттирип турат,— дешет шордуу кедейлер.
Кедейлер менен кандай сүйлөшүүнү, кандай кучагына тартууну, кандай кылып бөйпөңдөтүүнү Макең беш бар- магындай жаттап алган. Алардын ак көңүлдүүлүгүнөн караңгылыгынан пайдаланып, таманын талытып, маңдай терин агызып, бекер иштегенине «саанын» милдет кыла турган.
— Мен болбосом, булар кайда барар эле?.. кырылбас беле, кара таандай болуп,—деп дөөлөттүү кылган кудайга беш намаз сайын кулдук кыла турган.
Эл менен сүйлөшө кетип, айыл-апа, мал-жанга кезек келгенде, Макең көкүрөгүн көтөрүп:
— Көз карамалар, бизде да бир айгыр үйүрү бар,— деп каткырып калычу.
Макең өзү катын жандуураак киши.
Шариятка тууралап, ак нике кыйдырып, кырчындай кыз алган мончоктой үч катыны бар. Алардан көргөн төрт эркек, үч кызы бар. Кыздарынын экөө күйөөгө берилип, бирөө «эрке талтаң» болуп үйүндө турат. Балдарынын экөө үйлөнүп, өз алдынча бөлүнүп, оокаттарын бөлөк кылышат. Ата даңкы, байлык аркасында алар да сорпонун тескейинен кеп салып, адамдын «жаманынан» качышат. Бөрү баласы — бөрү да.
Мамырбай баатырдын төрт түлүгү түгөл. Байлык, жыргал колдо. Атагы эчен дубанга жайылган. Турмуш—камсыз, кайгысыз. Ичкени кызыл чай, жегени май, көңүлү ар качан жай. Кирпигине кир жугузуп көргөн эмес. Азуусун айга жанып, ааламды өзү бийлеп өмүр сүрөт. Жай жайлоодо, кыштын күнү, карагайдан салдырган заңгыраган ак үйдө өмүрүн өткөрөт
Макең быйыл пайгамбар жашына — алтымыш үчкө келди. Ошондой болсо да, эти чыйрак, дени таза, сөөгү мыкты, эки

#7 05 June 2015 - 18:43
бети кыпкызыл, чүйлүсү казандай. Тепсе тер үзгөндөй күч- кубат алы да бар. Ошондуктан Мамырбай баатыр өзү айткандай:
— Кырчындай болгон кызга ылайык.
Анын атта жүрүшү, баскан-турганына караган убакта, пайгамбар жашына келген кишиге такыр окшобойт.
Макең соңку кезде: - Пайгамбар жашына келдик. Карыдык. Эми тобо-топук кылып, беш намазды үзбөй үйдө жатсам болду. Эми жаштар иштесин. Тизгинди аларга берели, аларда аттаныш көрүшсүн.
Деп ынсапка да келип кала турган. Бирок алган атак, өткөн кадыр, «өлбөс оокат» түгөнгүр, көнүккөн ата-каада калгысы жок. — Макем келсин, Макем келмейинче иш болбойт,—
дешет да турушат, үзөнгүлөш, кадырлаш жакшылар.
Ушенетип баатырдын жаны дале жай таппайт. Макең дале топтон, доо-доомайдан, чыр-чатактан кала элек. Дале андан- мындан олжо алып, жараштырып, бүтөш-түрүп «чырпып» калганды таштай элек.
Баатыр, ушунчалык даңкы жер жарып, журттун ак-сакалы, «көсөмү» болуп «өлбөс оокаты» жеткендей болсо да, турмушунда — бир жашырын кемчилиги бар, өзүнүн ыраазы болбогон жери бар.
«Турмушуңда толбогон, капшыты чыкпаган бир жер бар»— деп сай-сөөктү какшатып, жүрөктү дөмпөйтөт да Турат, көңүл чиркин.
Чыны ушул. Бир кемчилик, бир капшыттъш бөксө жери бар. Бул жашырын сыр Макеңдин жүрөгүн көп өйкөйт, көп сар-санаа кылат. Ушул кемчилик, ушул наара-зылык, жатаан- турганда да, беш намазды окуганда да эстен чыкпайт. Көбүнчө соңку убактарда көз алдынан элестеп эле кетпей туруп алды.
Бул кемчиликти, бул нааразылыкты өзү, улуу катынынан башка эч кимге чечилип, айрым-ачык айта элек. Байбиченин теекери сүйрөп, ооздуксуз ала качкндыгынан, ыраазы эместигинен жана өзүнүн болбогон себептер менеи ал сырын

#8 05 June 2015 - 20:43
тышка чыгара албай келди. Бирок ушул кемчиликти толтуруу, ушул нааразылыктан кут-улуу далайдан бери Макеңдин ичинде кайнайт. Далай жылдаи бери Макеңди ойго салып, уйкусунан калтырып, кыйнайт. Бул ой, бул жашырын сыр, Макең улгайган сайыя күч алды. Күндөн күнгө ичин өйкөп, аны капа кыла турган болду.
Макең намаз окуурда «ошол эске келбесе экенэ деп жаман шаша турган. Эчен аяттарды, аяты күрсүлөрду окуса да, пайда кылбайт. Кулак кагып, сүрө окул, саж-дага жыгылганда «кылт» этет да эсине түшөт.
— Мына, шайтан, мына азгыруу... астафурулда. .. тобо!.. намазды бузат. Кудайга күнөөкөр, пайгамбарга шерменде кылат. «Ал» эсине түшкөндө бир берекет намазды жаңылып, беш-алты кайтара кулак кагып, жаңыртып окуйт —«Э, кудая, кудайы керим, бендеңди азгыра койбо!».
Болбойт. Бир эстеп алгандан кийин кайта жакында эсинен кетпейт.
Макеңди кыйнаган, эсинен кетпеген кудайга күнөөкөр байгамбарга шерменде кылган сыр эмне? Макеңдин эмнеси жетишпейт, капшыты кандайча чыкпайт?... Албы, ал—тал чыбыктай буралган, бети айдай, эти жибектей жумшак бир кыз алып, шейшеп жаңыртуу.
Ырас, көңүлгө толгон кызды алып, шейшеп жаңыртуу сооп иш. Катынды төрткө толтуруп, шариятка туураласаң, пайгамбардын сүннөтүн өтөгөн болосуң.
Мына, Макемдин турмуштагы кемчилиги, капшыты бөксө акери ушул болучу.
Бул муратына жетсе, шейшеби жаңырса Макеңдин дагы бир жакшы ниети бар: мекеге барып, пайгамбар сабаларды зиярат кылып, ажы наамын алып кайтуу.
Макең кудайдын кошконун, пайгамбардын айтканын баарын кылат: Малынан зекет, аштыгынан үшүр берет, жардыларга кайрылышат. Беш убак намазын үзбөйт. Дааратын сындырбайт. Битир, садака дегендерди берүүгө Макемден марты жок. Чала соколосо да окуганы куран. Ошондуктан Анжияндан айланып келген кожо, молдолор

#9 05 June 2015 - 20:45
Макеңдин үйүнө түнөбөстөн өтпөйт. Далай эшендерге кол берген, мурут болгон.
Мына, эми башына—баш, жанына—жан кошулганы турат. «Төрт» кылып, пайгамбардын сүннөтүн өтөсө, анан ажыга барса, Макеңден чыныгы мусулман болобу? Ушу тилегине жетсе Мамырбайдын:
- Телегейи тегиз, төрт түлүгү түгөл болот да калат. Ушул ойлогон оюн чечип, тилеген тилегине жетип, күамкон, күткөн максатты ишке ашырууга ашыкты. Үч түн, күн байбичеси менен кеңешип, көңүлүндөгү “ак ниетин айтгы” Алардын ыраазылыгын алууга, тилегине тилектеш экендиктерин угууга жан аябады. Аракет кылды. Ускалуу улуу байбиче бир топко дейре көнбөй тыйтактады. Макем ал- жанын койбой, бөйпөңдөп, алды-артына түшүп, тынчын кетирди. Байбиченин табар амалы, кылар аргасы калбады. Аркы-берки сөзгө көнбөй, өзүнүн дегенин деп, жанын койбогондон кийин:
— Мейлиңчи, теги, алсаң ала бер... бирок тигилериң көнүшпөйт ко. Жаш эмелер канетип ыраазы болушсун. Карган күнүңдө тизеңди жылыткандай эмең болбогондон кийин, абсаңдабай эле койсоң болор эле деп усжалуу байбиче Макеңе жол берди.
Чын эле, байбиче айткандай жаштар балаа кылды. Макең алар менен кыйчылдашып, эпке келтире албай эси ооду. Алдап-соолап, жакшы айтып, жаман айтып да көрдү. Бирок эрке токолдор оңойлук менен макулдук беришкен жок. Ыраазы болгон байбичени да күбүрөп-шыбырап бир топ каргап-шилеп алышты. Кетенчиктеген бойдон кежигелери кер тартып, моюн бербеген токолдорду шылтоо таап, Макең дүмпүлдөтүп да алды. Эчтеме кылып эпке келтире албай Макеңдин эби кетти.
— Керек-мереги жок. Бизден эмне көңүлүң калды»?.. Биз змнеден жаздык, жаңылдык? Үстүбүзгө токол алгандай...— Дешип ажылдашып Макеңди жакын келтиришпеди. Анын шайманы кетти. Жакшы да, жаман да айтып көндүрө албагандан кийин Макең аларга кол шилтеди.

#10 05 June 2015 - 20:56
— Атасынын көрү, катынга жалынгандай мен акмак бекемин. Көнүшпөсө көнүшпөсүн,
турушпаса турушпасын.
.. Өзүмдүн дегеним деген... катын деген катындай эле болот. Булар эң эле ээн баш, кесирдүү эрке болуп кетишкен турбайбы. Үстүңөргө токол алып, сазайыңарды берейин. Ошондо мыктуулугуңарды көрөмүн!..
— деда өзүнүн тилегин өзү кубаттап, эмне болсо да, көктөн таш жааса да өз дегенин кылууга бекем убада кылды.
Мамырбай боло турган зайыбынын, жылуу төшөгүн, жаңы шейшебин ойлоп тынымы кетти. Бул ишке айылдан бел байлап, жеңди шымаланып киришүүгө ой кылды. Ишти көп созбой, убакты канимет билип, тезинен темирди кызуусунда сокмок болду.
Таттуу ой, терең кыялда олтуруп зшикке чыкт Акырын, салмак аттап, маңдайдагы дөбөгө барды. Көздөрү муңайыңкы, өңү кубарыңкы. Бир нече күндөн бери катындар менен ызылдашуу оңой таасир кылган көрүнбөйт. Дөбөгө чыгып тегеректи айландыра карап алды.
Уясына жакындап бара жаткан күн чагылтып, уялдырды. Бул жер күнөс, абасы таза, билинбей соккон сыдырым беттен сылап, көкүрөккө кирип жай алды. Таза, серүүн жел көңүлдү ачты. Адырда ыргалышып жаткан койлор, көтөрүп айылды карашты. Ыраактагы күндүн нуру көлдүн үстүн күмүштөй жалтыратты. Көйкөлгөн көл, себилген берметтердей болуп жылтылдап, термелип турду. Төбөсү көк тиреген, ак селдеге оронгон тоолор калкыйт, туманданат. Бозоргон адыр, жайылган бөксө кечки көлөкө астында муңаят. Жай келип, кышка жылуу жактарга кетип бара жаткан каркыралар, асман мелжип, карыккан үндөрү менен «кош» айтышат.,
Азамат асыл элде бар, Атыр жыты желде бар. Алты саамай, бураң бел, Асылкеч, сулуу, сен да бар; «Асылсам» деген «мойнуңа» Азаптуу арман менде бар...

#11 05 June 2015 - 21:04
Укурукту сүйрөтүп, азоо атты так түйүлтүп, созолон- ырдап, жылкычы жигит белди аша берди...
Табияттын кечки сулуулугуна суктанып, таза аба жутуп, жаратылыштын байлыгына тойбой, таң калып олтурган Макең селт этип кетти. Өзү да жакшылап сезбестен: Азаптуу арман менде бар!..—деп жылкычыны ээрчип, терең күрсүнүп койду.
Макеңе жаратылыштын сулуулугу, байлыгы, кеңдиги, жылкычынын ыры өтө таасир кылды. Төмөн жакта, сайда шоолдоп суу агып жатат. Ошол сайдагы көк кашка, тунук суудан ууртагысы, ички ысыкты куугусу келди. Алда неге көңүлү ичкерди... жумшады... жашыды— эки томолок жылуу жаш тегеренип тизесине тамды...
Макем дөбөдөн түшүп үйгө кайтып келди. Кабат са- лыңкы. Эчен күн тынбай жүрүп келген кишиден бетер өңү купкуу, үн-пүн жок. Унчукпай, жерди тиктеп, томсоруп олтуруп, эки чыны чай ичип, улуу байбичесинии үйүнө жөнөдү.
— Атама эмне болгон, кабагына кар жаап калыптыр. Бир ооз бирдеме дебей эле, үтүрөйгөн бойдон чыга кетти,— деп Жаркынайда, этең-жеңин кагынып оозун чормойтуп, эликтеген өңдөнүп үйдөн чыкты.
Эртеси Макең кечекиден көңүлдүү болуп турду. Үй- бүлөсү менен жалпаңдап сүйлөшүп, кезеги келген жерде токолун шылдыңдап да алды. Чай ичилип, дасторкон жыйылгандан кийин улуу баласы Жапарды чакырып, бир топко дейре шыбыр-күбүрдө болушту. Бир аздан кийин улуу байбичени да чакырышып келип, үчөөлөп кеңешишти. Маселе чечилди. Акыл суроого, кеңеш угууга айылдаш коңшулардан аксакалдар чакырылмак болду. Түшкү тамакка үй-бүлө жакшылап камданды. Семиз ирик союлуп, эт казанга түштү.
Эшик ачылып, салам айтылып, талапташ, тилектеш аксакалдар үйдөн орун алышты. Сөздөн сөз, кептен кея чыкты. Кокондун каны Кудаярхандан башталып, Кенея-

#12 05 June 2015 - 22:36
сарынын чабуулу, бугу-сарбагыштын салышы, орустун Ке- лиши, 3арпек султандын кан көтөрүлүшү,
анын сөөлөтү-нө дейре жетишти. Азыркы «ак падыша» менен Германиянын урушуна да шыбага беришти. Германиянын уулуу газдары, учкан аэропландары,
элүү-алтымьда ча-кырымдан ала турган замбиректери сындан чукул өтүштү.
Эт бышты. Кол жуулуп, дасторкон жайылды. Булоосу бурулдаган майы килтилдеген табак-табак эт, сакалдуу- көкүлдүүлөп тартылды. Туурамчы жигиттер жеңди шымаланып, этти кабелтең кармап чалууга киришти. Эт үстүндө да ооз кыбырабай, жортуулга чыкпай тим кала алган жок. Кимдин конокту кандай күткөнү, манап-мартчылыгы, сойгон бээсинин казысы эче эли чыкканды, кимдин бир койдун этин бүт жегени, кимдин бир казан жарманы ичип түйнөк болгондугу, Баатыркан—Баатыркан болгон кезинде эт туурамчысына жини кандай келгендиги жана башка ибир- чыбырлардын баарын бир катар айланып өттү.
Эт желди. Кол жуулуп, дасторкондор кагылды. Кай-та салынды. Буусун буркуратып самоор келип, эпчи жактан орун алып, ачуу салынган чай куюлду.
Макең өтө көңүлдүү, жумшак, ачык-айрым.
Эшикке чыгып келип, оңтойлонуп олтуруп, бир-эки жолу оозун кыбыратып, бирдеме демекчи болуп басылды. Ичтеги сырды айткысы да, айтпагысы да келди. Ошондой болсо да, мурунку ою жеңди.
Көптөн бери ичин өйкөп, тынчын кетирип жүргөн сырын сылык-сыйда кылып, жипке тизгендей тизип чыкты. Карылыктын алды, жаштыктын соңундагы ак тилегин аксакалдарга ачып берди.
- Туздаш, даамдаш, тилектешпиз. Менин ак тилегиме ак батаңарды берип, акылыңарды айткыла. «Кеңешип кескен кол оорубайт» кеңешиңерди уктургула! ..
— Мунуң жакшы кеп, Маке! Ак тилегиң алдыңан чыксын... самаган муратыңа жет!.. Мунун эч бир арсар жери жок, ата-бабанын жорук-жосуну, шарияттын кошкону...

#13 06 June 2015 - 15:23
кудая шүгүр оокат бар, мал-баш аман. Мукамбет алейки- салам деле төрт катын алган дейсиңби?..
Макең жеңди. «Ак тилеги» көптүн алдында кабыл болду. А, катындардын атасынын көрү, кыңшылап-кыңшылап басылар. Аксакалдар дагы бажылдашып мекеге барып, олуялардан, саабаларга кирип чыгышты. Бухара падышасынын 70 катыны, Урум калипасынын (түркия султаны) сарайларындагы кайнап жаткан жарыяларды да жөн коюшканы жок.
Маселе чечилди. Кеп бүттү...
Макеңе жылуу-жумшак кошомат кылышып, көңүлүн көтөрүп, тилегине тилектеш экендиктерин кат-кат айтышып тарашты. Ичи ооруп, бүгүн койго баралбай калган койчу Жумай эшикте жүрүп:
— Тойдон абыдан тойгончо жейт экенбиз, ээ!.. Кайран Макем!.. Кандай келин кез келер экен? Буларына окшоп, сараң шүмшүк болбогой эле!...— ден оозу-мурутун сыйпап, өзүнчө кубанып калды.
Баатырдын көңүлү көтөрүңкү. Жүрөгү дүп-дүп согот. Өңүнө кызыл жүгүрүп, башкача ирең кирген. Күлүмсүрөп, өзүнөн-өзү кубанат. Мойнунан бир оор жүктү түшүргөндөй атайы аталган аманаттан кутулгандай жымыңдайт. Көрүнгөн кишини кучактагысы, аны кысып, кысып өпкүсү, жыттагысы келет. Башка күнү жыландын. түгүндөй көрүнгөн койчу Жумай да бүгүн алда кандай жакын, жагымдуу көрүнөт.
Бир жерде олтургусу келбеди. Дөбөгө чыгып азыраак жер- сууну тамаша кылгысы, таза аба жыттагысы келди.
Күндүн нуру жерди жылытып, жылуу аба таркатты. Калкылдап элес-булас көрүнүп, ыраакта закым көшөгө- лөндү. Сууга бир тийип, бир чыгып, күн нуру менен жаркылдап ак чардактар өзөндү өрдөдү. Тегерек, адыр, булуң,жыбыт- жылганын баарынын ыйманы ысык көрүндү. Баары Макеңдин «ак тилегине» тилектештерин бил- диргендей муңайым турушат.
Сүйүнгөнүнөн көңүлү толуп Макең да мас... Макеме кошулуп уялгансып, толукшуп табият да мас...

#14 06 June 2015 - 15:25
.. Бетти чымчып, кулакты чертип күзгү суук, кыбыла шамалы зыпылдайт. Кара кочкул, көк ыраңга киргизип жанылган көлдү чайпалтат, ак көбүктөр чачыратып, тоодой толкундар бир-бирин кубалап өтүп жатты. Төө өркөчтөнүп,
кобул-кобул болуп, ак тамчылар ыргытып толкундар ойной баштады. Шоолдоп келип, жарга кагылып, кайта эңшерилди. Жарга кагылган толкундун эпкини менен жер солк эткендей болот.
Кече, керели-кечке дейре кара нөшөр жамгыр жаады. Кургак, кагыраган сайлардан мелт-калт болуп сел жүрдү. Төөдөй таштарды, тыйын ордуна көрбөй калдыратып агызды, көп жерлерди оюп, аң кылып көп жерди тегиздеп, жердин түрүн өзгөрттү.
Бүгүн таң эртеңден бери катуу шамал жүрүп, жандан өттү. Күн суук. От жагылбаган үйлөргө балбылдап оттор жагылды. Асманды, кабагын карыш салган карарган булуттар бербей жатты. Азыраак сергигенсип, көк жүзү ачылган өңдөнгөнсүйт. Бирок узакка барбайт, салбыраган, калкыган булуттар келип, мурункулардын ордун басат. Аба бузулуп, табиятты көңүлсүз бошчулук, жымжырт-жылаңачтык каптаган. Тере белдин баары тымтырс. Тырп кеткен жан жок.
Булуң-булуң, өтөктүн баары жаткан-турган, бүрү- шүңкүрөөк тарткан мал менен толгон. Күндүн сууктугун, аба ырайынын көңүлсүздүгүн жактырбаган өңдөнүшүп, оттоого моюндары жар бербейт. Шамалга соорун салып, денесин жыйрып, ыкта жылкылар жатышат. Канаттуу-лардан канат серпкен ырымга бирөө жок. Алда кайда жоголгон.
Жамгырдын суусу кургап, жерге сиңе элек. Жердин бети ылжырап, жылбышкак тартып, чылпылдап турат.
Ой-дөң дебей баткак, чалчык болуп эзилип, чалмакей чалынып жатат.
Бүгүн оокат-тиричиликтин артынан сүрө түшкөн эч ким жок. Күндөгүдөй ары-бери жүгүрүп, карбаластап, ишке чуркаган жан жок. Анда-санда бирөө кырманын, бастырган

#15 06 June 2015 - 15:28
кызылын саман менен жаап, үймөктөрүн он-доп жүргөнсүйт.
Кылган кызмат, сиңирген эмгегин та-лаага кетирбес үчүн ороп-чулгап,
жаан өтпөстүн амалын кылган анча-мынча дыйкандар көрүнөт. Аларда аркыра-ган шамалдын заарына чыдай алышпай, айылдарына карай шашылышат.
Көлдун жээгиндеги калың чычырканакты аралап, жыландай ийрилип, бурулуп аккан кара суу. Суу боюнда ар кай жерде топ-топ адашкандай болуп чыккан маны жапыс камыштар. Шамалдын эпкини менен ары-берн ийилип, күнү- түнү тыпбай шуулдашат.
Ошол кара суунун күнгөй жагында жайыгыраак тарткан, күнөс булуң. Булуңду өрдөй жайыла конгон калыц айыл. Күндүн сууктугуна, шамалдын заарына моюн бер-бей, колдорун үйлөй-үйлөй сууга жөнөгөн келин-кыадар. Бакандарын ийиндерине артылта салып, этектернн бу- лактатып, кыт-кыт күлүшүп, суу ташып жүрүшөт, Чач мончоктун шылдыраган үнү менен шамалдын ышкыры-гы кошулуп муңдуу, жагымдуу үн чыгарат. Айыл бүгүн жандуу. Бардык жерде иш кайнайт. Башка күндөргө караганда тазараак кийимдерин кийинип, белдерин кур менен кыналта курчанган, шырыктай жаш жигиттер. Үйдөн үйгө, жумуштан жумушка жүгүрүшөт. Буттары буттарына тийбей, такылдап кызмат кылып жатышат. Келиндер менен кагылыша кетип, чымчып, көз ирмеп кеткен эрлер да аз эмес. Көздүн асты менен кылгырып караган жайдары жымыйган сылык-сыпаа келиндер.
Бүгүн бул айылдын ички-тышкы көрүнүшү башкача. Алты жашар баласынан тартып, алтымыштагы абышкаларына дейре кабагы жарык. Баарынын көңүлү көтө- рүңкү, жүрөгү кызуу, ар кимиси өзүнчө жымыят. Өзүнчө кубанат. Булардын өңүн, жүрүш-туруштарын байкага киши:
— Бүгүн булардын баарынын эле оң көзү тартса керек дээр эле.
Айылдагы элдин кылык-жоругуна карап, бүгүн бул - айылда бир чоң кубаныч, чектен тышкары бир иш болгонун же болорун байкоого болот.

#16 06 June 2015 - 15:29
Чепкендерин бүйрө кумтуланып,
тебетейлерин баса кийинип абышкалар короого чыгышты. Гүүлдөп кызмат кылып, жүгүрүп жүргөн келин-кесектер,
жигиттерге көздөрү түштү. Иш кызуу, карап тамаша кылып тургуң келбейт. Абышкалар да чети-белдеги балдар чала таштаган эмелерди кымып-кымтып,
кол кабыш кылышкансыды.
Ишти чоркогураак кылгандарга:
— Аны мындай, тигини тигиндей кылбайсыңарбы. .. Жолуңар болгурлар! —дешип, ишти бышыктап акыл-насаат айтышат.
Бул айылдын жаш-карысы, катын-калачы калбай эмнеге шашылат? Жалпы жайык жабыла кызмат кылып, карбаластап, камынып, жатканында эмне кеп бар? Мекеден келе жаткан ажыларды күткөндөй күтүнүп, элеп-желеп болуштары бекер шумдук эмес. Кызуу аракет менен бирге ээн жайлоо, жылмайган өңдүү, күлүмсүрөгөн көздөрү бул айылдын бекерден-бекер бүлүнүп жатпагандыгын билдирет.
Бул айыл, жеке гана бүгүн эмес, кече күн шатыратып кара нөшөр куюп турганда да тим жаткан жок. Үй ичтерин тазалап, идиш-аяктарды зымылдатып, жаман-жумандар- эшикке алып чыгышкан. Бүгүн үй ичин шайбашкалап жакшы, таза жууркан, төшөк жыйнашты. Отун сууну, кем- кетикти күн мурун белендешти. Иш кылып уят болбогудай, беттери кызарбагыдай болуп камынышты.
Бул бүгүнкү түнкү кубанычка, ийгиликке даярдануу. Ушул ийгиликтүү түндү, ушул эчен жылдан бери бир келген жыргалды көңүлдөгүдөй өткөрүп, дос-душман таба кылбагандай болуу керек. Келген-кеткендердин көңүлүн көтөрүп.
— Баракелди сыйыңа да, күткөнүңө да!..— дегендей алкыш ар кимдин санаасынан кетпейт. Биздин айыл самаганыңдай кылып күтүндү, дос-душман суктангандай болуп камынды.
Бул айыл, «С» болушунун атактуу ажысы, билерман молдосу Кендирбайдыкы. Кендирбай ажы жаш чагында айылга келип, бала окутуп, тыйын таап жүргөн кожодон

#17 06 June 2015 - 15:31
окуган. Бир топ жыл үзбөй, удаалаш окугандыгынан «чоң молдо» наамына конгон. «Сополдаяр»,
“Чаар китеп», «Набайы», «Бадал», «Кадистериңди» суудай айдачу. Эчен- эчен касиеттүү китептерди ажым уктап олтуруп, жатка айтып берүүчү. Ажым фарсча, арабча кадис, тапсирларды жомок сүйлөгөндөй айта турган.
Ажымдын ашкан молдолугун злдин баары биле турган. Букара өңдүү мусулмандын, диндин кайнаган жеринен окуп келген молдолор да ажымдын алдына келгенде талкан сугунгандай олтуруп калычу. Анча-мынча молдолор алдына келгенде эле сүрдөп кетип, үнү чыкпай жалдырап кала турган. Кээ бир тыңдуусунуп, молдолугуна ишенгендер ажымдын оозу-башын көрүп,—бул окуганды биз, деле окуганбыз. Бизден артык кандай окуусу бар дейсиң?..- деп тобокел кылып айтыша да кете турган. Ажымдыв мындай кишилер келгенде айтыша турган бөлөкчө ангемелери, өзүнчө туткан саясаты бар. Мындай жүрөктүүлөр менен ажы ары-бери айтышып келип, үй-бүлөсүнүн көзүнчө эле «кийиз- нифас» ка токтоло турган. Шор тике молдо үй-бүлөдөн уялып, мукактанып, сүрүнүп барып, жеңилгенин билбей олтуруп калычу.
Мына, ажым ушул өңдөнүп келген далай-далай молдолорду көлөшкө отургузуп, иттин арткы шыйрагындай кылып жиберип, өзү атакка конгон. Кендирбай менен беттешип, жаакташууга Самаркан, Кокон, Анжиян өңдүү жерлерден келген кожо, молдолор да батынчу эмес.
Кендирбай ажы өз өмүрүндө эки мертебе Мекеге барып кайтты. Экөөндө тең курмандык чалып, пайгамбар, сабаалардын мүрзөлөрүнө зиярат кылып келди. Эчен- пайгамбар, сабаалардын тукумдарынан болгон уламаларга кол берди. Алардын улуу батасын алды. Эчен мырзаларды шайыктуу жерлерди көрүп, тобо-топук кылып алда канча назир кудайы берген. Мекеден Медийнага, андан Шам- Шаривка келип байыркы өткөн пайгамбарлардын мүрзөсүн көргөн. Жүргөн, көргөн жерлерде алда канчалык касиеттүү

#18 06 June 2015 - 15:32
«топуракты»,
Мекеден замзамдын суусун артына келген киши.
Мекеден кайткандан кийин тосуп келген элге коно жаткан конокторго зам-зам берип, курма жедире турган.
Мекеге барбаса да, зам-замдан ооз тийип, курмадан бир сындырым жеген киши тозоктун бетин көрбөйт.
Кудай Талаа, канчалык күнөөлөрүн кечет,— деп далайды «ырыстуу», «бейиштүү» кыла турган. Далай-далай- «бейиш» дегенде оозунан шилекейи куюлуп, нур кыздарын кучактагандай ийманы толук боло турган.
Кендирбай ажы караңгы, калың эл ичинде бирден-бир олуя, анын олуялыгын, кереметтерин «көрдүм» дегендер аз эмес. Муну өз көзү менен көргөн, ишенген, абдан ыкласын койгон муруттары да бир топ.
Аширбай ажы ар качан жума түнүндө зикир чалат. Эл жалпы жатканча зиркилдеп куран окуйт. Анын караңгы түндөрдө зикир чалган, куран үнү толкунданып ыраакка- ыраакка угулат. Кишини алда кандай шумдуу, коркунучтуу ой чулгайт. Түнку жым-жырт тынччылык бузулгандай, жер- суу бир жакка карай бет алгандай болот. Көктө калдайган кара булут, жерди сасык туман баскан өңдөнөт. Талаанын түнкү кеңдиги тарылгандай, демиңди чыгарбай бирөө муундургандай көрүнөт. Көк күркүрөп, чагылган чагылып, жер титиреп жер дүнүйөнү суу каптагандай болот.
Мына, как ушундай шумдуктуу түндө Кендирбай ажы кубулат.
Эл жапырт уйкуга кеткенден кийин ажы үйүнөн чыгып короодо жүрөт. Ары-бери басып, теспесин тартып зикир чалат. Бара-бара кубулуп, ак буура болот. Оозунан ак көбүк чачыратып, желип олтуруп мечитке барат. Анын ичине кирип, алда кимдер менен сүйлөшөт,—деп көп киши айтышчу.
Экинчи бир айылдагы апенди чалыш Дыйканбай деген киши эл жанакыдай деп ажымдын «кереметин» айтканда, ажыңар, «ак буура» турмак «ак тайлак» да болбойт. Мекеден кийип келген узун ак чапаны бар. Ошону кийип, баштан аяк

#19 06 June 2015 - 15:37
Урматту форумчулар мен Зуура Сооронбаеванын Астра Гулун сонку билдируулордон окудум эле,эми кантип кирип окусам болот,айтып коюнуздарчы,
сураныч.Алдын ала ырахмат
#20 08 June 2015 - 12:02
чүмкөнүп мечиттин жанына барып жанын жесин «көк шалкы» кармайт. Мурдагы жылм тегирменден келе жатып, мен да «ак буура» көргөмүн!
Муну бир аңдып көрөйүнчү деп барсам, Абдырайдын «көк шалкысын» кучактап жаткан экен!..
— Ошонун эртеси эле, оозу ажымдын мечити жагынан кыйшайып калыптыр...— дешип Дыйканбайды мисал кылышат, элдин баары.
Мына, эл ичинде ажымдын кереметин, олуялыгын ушундай кылып сүрөттөшөт. Дыйканбайдын оозу кыйшайгандан бери элдин баары чочуп, кереметинин оңой керемет эместигин билип калышты. Ажым элдин мунусунан пайдаланып, зикир чалууну ого бетер күчөттү. Кадыры, олуялыгы элге жайылды.
Кендирбай бир чети молдо, ажы, бир чети олуязада керемет ээси.
Эл ичинде баркы, кадыры чоң. Улуу-кичүү дебей кол куушуруп, урмат кылышат. Кайда барса эшик ачык, жол кен. Элдин балдарын жыйып, жыл сайын окутат. Ыйман-дуу, диидүу киши кылып чыгарат.
Ажымдын баркы жылдан жылга көтөрүлдү. Эл колдо барын аябайт дем салдырганы, оору сыркоодон айыкканы, бала сурап, дуба окутуп, тумар жаздырганы келип жаткандар үзүлбөйт. Төөдөн тартып, ат жетелеп келгендери да бар.
Качан болсо молдокемдин эшигинин алдында топурап жаткан калын-калач, мамыда байлалуу котологон аттар-ды көрөсүң.
Күзгү күнү аштык алып, үшүр берерде, анын жаңы салдырган кампасы эгин менен жык толот. Битирден түшкөн акчаны этек, калта көтөрө албайт. Зекет мезгили болгондо короого мал кошулат. Доорон алуу, куран түшүрүү дегендей убактарда ажым чач этектен болот. Кендирбайсыз эч кайда, эч ким жаназа окутуп, өлүгүн көмө албайт. Кендирбай ажысыз окулган жаназа — жаназа эмес, өлүм — өлүм катарына саналбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео