bosmoss7
.
Сиздин ото улутчул адам экенинизди билемин, жана сиз менен тартыша берип чарчагам башка темаларда. Андыктан бир бирибизди кемсинтпей ачуунузду ичинизге катып оз оюнузду жазсаныз жакшы болот.
.
Сиз сыяктуу мен деле суйом оз улутумду, бирок ошол эле учурда кээ бирки инсандарга жиним келет куйуном. Кыргыз улутун жаман деп мен чет олкого барып алып башка элге жамандабайм эч качан кайра апыртып мактаймын кошумчалап.
А бирок кыргыздын озуно кемчилигин айтамын.
.
Анан Айтыш, Манас сыяктуу онорлор жонундо эмес тема. Алар учун башка тема бар. Ошондой эле башка элдердин да озуно жараша онорлору бар илгертен сактап келген. Озун мактагандан олгончо кач" демекчи, озубузду мактай бербей кемчилигибизди да эске ала журсок эмне болмок?
.
Кымыз Курут майды айтасыз.
.
Сизге суроо: Илгеркидей жайлоодо Чатырда, Боз-Уйдо жашап , Жалан окшош тамак жеп айран сут эт, Ошол жашоо жакшыбы же цивилизованный заманда зангыраган имараттарда жашап, кунумдук тамактар окшош эмес ар туркун башка элдерден келген тамактар, кийим кече, жаны заманбап буюмдар, электр, ушул жашоо жакшыбы? Албетте биз азыр экинчи шарттагыдай заманда жашайбыз. Ушул заманга кимдерди ээрчип келдик? Эмнеге жайлоодо журо бербей башка европанын ынгайлуу оной турмушун туурап барабыз? Ашынган динчилдер араптарды туурап барат. Эмнеге кыргыз кыргыз болуп эч кимге окшобой озунчо жашабайт? Кыргыз озу жол таба албай бироолордун чийген жолунда бараткандай.
Жигиттер неге жалкоо болушат, аял кишиге караганда? (көз карашыңар)
#102 27 May 2015 - 00:41
Рахмат!Ашынган "Улутчул"
болбосом да! Кыргыз улуттунун бийик болуусун!
Ошондой кадаа салттын, Эне тилин урматтоосун каалайм! Кай жерде болбойун, бул нерсе конулумдогу иш. Сиз менен кайсы пикир билдируудо,
талаш тартышка тушконум эсимде жок. ) Бирок кандай болгон кундо да.! Оз улутубуздун кемчилигин козгой берсек . Бул Оз улуттун жакшы жагын унутуп калабыз.
Манас атабызды созмо соз уланыып келген нерсени, кымыз, курут майды мисал кылдым Сизге! Жалкоо болсок кайдан болмок? Акыры Кыргыз "Лолу" эмес!!!
Манас атабызды созмо соз уланыып келген нерсени, кымыз, курут майды мисал кылдым Сизге! Жалкоо болсок кайдан болмок? Акыры Кыргыз "Лолу" эмес!!!
#103 27 May 2015 - 01:30
Туура,барган сайын жалкоо эркектер көбөйүп баратат.Себебин сурасаң угуп жаткан кулак чарчап калат.
Дээринен жалкоо эместери бир жакшына эле иштеп жүрүшөт.
Дээринен жалкоо эместери бир жакшына эле иштеп жүрүшөт.
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#104 27 May 2015 - 04:18
Бул жерде жигиттер деп турат темада демек жалпы эркектерге тийиштуу.кыргыздар андай япондор кытайлар араптар мындай деп мамлекетерди кошууну болууну кереги жок.жалкоо эркек болобу былжырыган эркекпи мээнеткечпи озу учун жашайт иштесе оздору учун пайда ,иштебесе оздору учун зыян
#105 06 June 2015 - 09:24
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#107 06 June 2015 - 14:55
#108 06 June 2015 - 23:42
Беш кол тең эмес! Теңеп алсаң да неудобно боло берет!
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#109 07 June 2015 - 11:25
#110 12 June 2015 - 14:30
Иштебей үйдө отурган жолдошуңузду кантип акча табууга көндүрсө болот?
Үй бүлөнүн башчысы катары мырзаныңыз милдети- ата- энесин, жубайын жана балдарын бардык муктаж болгон нерселер менен камсыз кылып багуу болуп саналат эмеспи. Бирок, тилекке каршы азыркы заманда бул көрүнүш алмашып калды. Көпчүлүк айымдар иштеп, акча таап, үй бүлө бакса, жолдоштору иштебей үйдө отурушат. Бул албетте, жагымсыз жана талапка жооп бербей турган көрүнүш. Тутунган динибизде да мындай көрүнүшкө жол берилген эмес. Албетте, алты саны соо, ден- соолугу чың жана иштөө мүмкүнчүлүгү бар болуп иштебей жаткан болсо. Арабызда мындай мырзалар да жок эмес. Жөн гана иштегилери келбейт жана жалкоо. Мындан улам суроо жаралат. Эмне үчүн ал- күчү ашып- ташып турган, ден- соолугу чың мырзалар ушундай жашоо образын алып жүрүшөт? Жообун чогуу издеп көрөлү.
Эмне себептен мырзалар иштегиси келбейт? Төмөндө, бир нече себептерге мисал келтирилген:
Ал өзүн укмуш акылдуу сезет
Кээ бир иштегиси келбеген мырзалар, өздөрүн укмуш акылдуу сезишет. Алардын айтымдарында күнүмдүк жашоо- тиричиликке байланыштуу акча табыш үчүн иштеген жумуштун ага кереги жок. Себеби, кайсы бир күнү анын акылдуулугун баалаган адам кезигип, ага укмуш кирешелүү жумуш сунуштайт. Ошондо гана ал өзүнүн баасын сезип, макул болуп иштей баштайт. Андыктан башка майда- барат жумуштарга иштеп баш ооруткусу келбейт. Куру кыял менен жашап күн кечирет.
Кадимки эле жалкоо сапатка ээ
Айрым мырзаларда ушундай сапаттар бар. Кандайдыр бир жумуш менен алектенүү аларга жагымсыз маанай жаратат. Бирөөнүн кол алдында башкарылып иштөөнү жактырбайт. Андыктан өзү үчүн гана жашап, өзүнө жаккан гана маанайда жашайт. Ал эми жубайын сөз менен гана жубатып коёт. "Сөзсүз жумуш табам, кийинчерээк ?!". Бирок, тилекке каршы жумуш табууга аракет да жасабайт.
Эрки начар, жүүнү бош
Жашоодо кездешкен кээ бир кыйынчылыктарга туш болгон учурда дароо эле тагдырдын сыноосуна сынып берет. Өзүнө болгон ишенимдүүлүктү жоготот. Маселен, иштеп жаткан кандайдыр бир себептер менен бошотулду. Ал кайра башкадан издөөгө эрки жетпейт. Баары бир бардыгы ийгиликсиз болт деген түшүнүктү мээсине калыптандырып, өзүн ишендирип алат.
Өзүнүн кесиби боюнча жумуш таба албаганда
Беш кол тең эмес-, дегендей ар бир адам эле өзүнүн кесиби боюнча жумушка орношууга мүмкүн эмес. Ошондой эле, өзүнүн жактырган кесиби боюнча жумуш табылбагандыгы үчүн иштебей отуруп алуу туура эмес. Андыктан жок дегенде сүйгөн кесибиңизге окшошураак болгон кесипке деле иштөөгө аракет жасап көрүү керек.
Жолдошу моюнунда отурган айым кандай аракет жасашы керек?
Мындай кырдаалга байланыштуу бир нече кеңештер бар:
• Жолдошуңуз менен жакшы маанайда, бирок, өтө олуттуу баарлашыңыз. Жумуш табууга эмне себеп жолтоо болуп жаткандыгын сураңыз жана деги эле иштегиси келеби, же жокпу бул суроону да бериңиз.
• Эгер жолдошуңуздун өзүнө болгон ишенимдүүлүк, чечкиндүүлүк сапаты солгундап бара жаткандыгын байкасаңыз, анда ага жардам берип, түрткү бериңиз. Маанайынын көтөрүңүз. Үмүт бериңиз. Жакшылап кеңешип, сиз дагы жолдошуңузга ылайыктуу жумуш издеп көрүңүз.
• Жогорудагы кеңештер такыр эле жардам бербей жатса, жолдошуңузда дегеле иштейин, үй бүлө багайын деген ниет жок экенин байкасаңыз, анда ага шарт коюңуз. Же жакын арада жумуш тапсын, болбосо башка бөлмөгө бөлүнүп өзүнүн жанын өзү баксын. Кийим- кечесин өзү жуусун. Албетте, бул бир катаал шарт болушу мүмкүн, бирок жалкоо жолдошуңуздун ушундай мамиледе гана көзү ачылып, ордунан козголо башташы ыктымал.
• Ошондой эле, психолог адисине барып, көйгөйүн айтып, андан чыгуу жолдорун талкуулоого жөнөтүңүз. Себеби, ийгиликтен көнүлү калган, коркунуч тулку- боюн ээлеп алган жолдошуңузга психолог адиси натыйжалуу жол көрсөтүп берет.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү биз жашап жаткан коомдо ушундай жагымсыз окуялар көп эле орун алууда. Андыктан ар бир чечимди айымдар өздөрү кабыл алышат. Анткени, такыр эле иштегиси келбеген, үй бүлөнү багуу милдетин унутуп, жоопкерчилигин сезбеген жолдоштор менен жашоонун кажети барбы.... Же, алар оңолушабы?! ...
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#112 13 June 2015 - 15:45
чын эле азыр кее бир эркектер мага окшоп жалкоо болуп баратышат
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун

Супер-Инфо
super.kg
видео
















