Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2642 04 Июнь 2015 - 18:22
Адамдар «акылдуу кийимдердин» жардамы менен электр энергиясын үнөмдөй алышат

Positime сайтында маалым болгондой, учурда инженерлер эктремалдуу аба ырайында да дененин көнүмүш температурасын сактай ала турган кездемени жасашууда.
Эгерде бул долбоор ишке ашса, адамдар үйүндө электр энергиясын 15%га аз үнөмдөп калышат. Калифорния университетинин наноинженериясынын ардактуу профессору Жозеф Вандын айтымында, бөлмөдө 1 же 2 адам болсо, бөлмөнү толугу менен жылытууга зырылчылык болбойт.
Материалды имараттагы температуранын өзгөрүүсүнө жараша адамдын денесиндеги жылуулукту кармагыдай шартта жасашат. Эгерде бөлмөдө ысык болуп кетсе, кездеме ичкерет. Ал эми сууктап кетсе, полимердин жардамы менен кеңейе түшөт. Кездеме автономдуу аккумулятор батареялары менен иштеп, ал термоэлектрика жана био-отун клеткаларын, башкача айтканда адамдын терин башкарат.
Ван адамдар күнүгө кийип жүрүүнү каалаган жана функционалдуу келген «акылдуу кийим» жаратууга аракет кылып жатышкандыгын кошумчалады. Аны жууп, сыгууга да болот. Ал ийилчээк жана жеңил болот. Окумуштуулар бул кийимди жасоо ишке ашат деп ишенишет.
#2643 04 Июнь 2015 - 18:28
Британияда өтө толук полиция кызматкерлери иштен алынат

Күч түзүмдүн башчысы белгилегендей, салмагы нормадан ашып кеткен жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол болгон кызматкерлер иштен бошотулат.
«Физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшыра албай калган кызматкерлерге алар арыктап, тийиштүү физикалык формага келиши үчүн убакыт берилет. Болбосо алар үчүн бизде орун жок», — деп түшүндүрдү комиссар.
#2644 05 Июнь 2015 - 02:40
#2646 07 Июнь 2015 - 02:08
Бул мекемелер 105 ооруканада атайын иликтөө жүргүзүшкөн. Эксперттер чылым тартуу адамды алсыратат, депрессияга батырат, ошондой эле дары-дармектердин оң таасирин кыскартат деп эскертишет.
Андыктан, Коомдук саламаттыкты сактоо уюму психикалык жактан жабыркаган адамдарды дарылаган бардык мекемелерде тамеки тартууга тыюу салууну сунуштоодо.
Бирок тамек чеккен адамдардын укуктарын коргогон “Форест” уюму психикалык оорулар боюнча бейтапканалар башка ооруканалар менен бирдей укуктарга ээ болушу керек деп эсептейт.
Соңку иликтөөдө психикалык жактан жабыркаган адамдардын 64%ы тамекине алдырганы аныкталган. Ага салыштырмалуу башка атуулдардын 18%ы гана темекиге берилген.
Медициналык адистер психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын орточо өмүр узактыгы башкалардыкына салыштырмалуу 10 жылдан 20 жылга чейин кыска болуп жаткандыгынын негизги себеби - чылым чегүү деп эскертишүүдө.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2647 07 Июнь 2015 - 02:15
АКШ: Хакерлер 4 млн. адамдын маалыматын “уурдады”

Алардын божомолунда, 4 миллионго жакын азыркы жана мурунку мамлекеттик кызматкерлердин жеке маалыматтары хакерлердин колунда болушу мүмкүн.
АКШ Сенатынын чалгындоо комитетинин мүчөсү Сюзан Коллинс бул чабуулду кытайлык хакерлер жасаган болушу ыктымал деп билдирди.
Хакерлер “уурдаган” маалыматтарда ар бир кызматкердин ишмердүүлүгү, жумушуна берилген мүнөздөмөлөр, профессионалдык даярдыктар жөнүндө маалыматтар камтылган болчу. Сюзан Коллинс мындай чабуулду “чет өлкөлүк держава жабык маалыматтарды ийгиликтүү түрдө алып жаткан мисалдардын бири” деп баалады.
Бул ишти учурда АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги (ФБР) иликтөөдө.
2014-жылдын ноябрь айында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча министрлигинин 25 миң кызматкеринин жана миңге жакын өкмөттүн өкүлдөрүнүн маалыматтарын хакерлер элге жарыялап жиберген болчу.
1-апрелде президент Барак Обама киберчабуул жасады деген шектүүлөр санкция тизмесине киргизилет деген жарлыкка кол койгон.
Жарлыкта хакерлердин эсеби тоңдурулуп, АКШ аймагына кире албайт деп жазылган. Андан тышкары шектүүлөр менен америкалык компаниялар, финансылык мекемелер кызматташтыкка барбайт деп эскертилген.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2648 08 Июнь 2015 - 00:22


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:23
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2649 08 Июнь 2015 - 00:25
Биздин Күндөн 300 трлн эсе жарык галактика табылды
ТАССтын бейшемби күнкү билдирүүсүнө таянсак, америкалык астроном илимпоздор ааламдагы эң эле жарык галактиканы табышканы маалым болду. NASA агенттигинин маалыматына караганда, ал галактика Жерден 12,5 млрд жарык жыл алыстыкта жайгашкан жана биздин Күндөн 300 трлн эсе күчтүүлүк кылат.
Илимпоздор мындай галактика бар экендигин космикалык инфракызыл WISE телескобу менен 2010-жылы жүргүзүлгөн байкоолорду изилдөөнүн натыйжасында аныкташкан. Телескоп мындан башка дагы эволюциялык процесстер жүрүп жаткан жыйырма чакты жарык галактика бар экендигин көрсөткөн.
АКШнын космостук мекемеси WISE телескобун 2009-жылдын декабрь айында орбитага жөнөткөн жана эки жыл аралыгында ааламды айланта көрсөтүп, Жерге 2,7 миллион сүрөт жиберген. WISE орбитага чыгарылган учурдан тарта Марс менен Юпитердин аралыгында 33 миң астероидди, 20 кометаны жана башка 134 космикалык объектини ачууга мүмкүндүк берген. Алар Жер орбитасынан 45 млн чакырым алыстыкта экендиги аныкталган. WISE телескобу менен изилдөө жүргүзүү иштерине 320 млн доллар жумшалган. 2013-жылдан бери аталган телескоп Жерге коркунуч жаратышы мүмкүн болгон астероиддер менен башка объектилерге байкоо салууда. Азыр ага NEOWISE деген жаңы аталыш ыйгарылган.
Кошумчаласак, 10 чакты жылдан кийин NASA астронавтарды Айдын туруктуу орбитасына киргизилген астероидге кондурууну пландап жатат жана ал учкучтары бар жаңы “Орион” кораблинин жардамы менен ишке ашырылат. Ал үчүн 1,25 млрд доллар сарпталат.


Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2650 08 Июнь 2015 - 00:32
Индияда өзгөчө ымыркай жарыкка келди
Индияда Думри-Исри деп аталган кичинекей шаарында 4 колдуу, 4 бутту наристе төрөлдү. Жаңы төрөлгөн ымыркайды Ганеша кудайына окшоштурушуп көрүүгө ашыккандар көп болуп сыйынышууда. Мындай наристеге кудай катары сыйынып жатышса, кээ бирлери бул акыр замандын келатканы деп кабатырланышууда

Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2651 08 Июнь 2015 - 00:34
Дүйнө жүзүндө бою эң узун америкалык Амазон Ева аттуу модель кыз бар. Анын боюнун узундугу 2.02 м, бутунун өлчөмү – 45 болгону менен өзүнүн боюнун узундугунан уялбайт. Тескерисинче, бийик такаларды кийип жүрөт. Амазон Ева эки киного жана фотосессияларга тартылуу менен атактуулукка жетишип жана бою узун модель деп аталып калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:35
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2652 08 Июнь 2015 - 00:37
Сингапурдагы “Нань-ян” технологиялык университетинин окумуштуулары 2 мүнөттө 70%га чейин заряд алуучу уникалдуу батареяны ойлоп табышканын “The Strait Times” булагы жазып чыкты.
Жаңы муундагы батареялардын дагы бир өзгөчөлүгү алар 20 жылга чейин иштей тургандыгында. Окумуштуулар жаңы муундагы батареялар өндүрүш тармагында, өзгөчө транспорттун электрдик жабдыктарын чыгарууда жакшы таасир берет деп эсептешет. Маалыматта жаңы батарейкалар эки жылдын ичинде базарларга сатыкка чыга баштаары да айтылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:38
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2653 08 Июнь 2015 - 00:39
Нью-Йоркто 100 караттык бриллиант 22,1 млн долларга сатылды
Sotheby’s аукциондук үй ү салмагы 100 карат келген бриллиантты 22,1 млн долларга сатты. Аукционго телефон аркылуу катышкан сатып алуучунун аты жөн ү азырынча купуя.
Көлөмү грек жаңгагынчалык бриллиант De Beers компаниясы тарабынан Түштүк Африкада табылган. Нью-Йорктогу Sotheby’s үйүнүн ювелирдик бөлүмүнүн жетекчиси Гэри Шулердин айтымында, таштын өңү мөлтүр тунук суунун өңүндөй, андан тунук өңдү элестетүү мүмкүн эмес.
Бул баалуу асыл таш акыркы чейрек кылым аралыгында сатылган салмагы 100 караттан ашкан алтынчы бриллиант болуп саналат. 2013-жылы Sotheby’s Гонконгдо 118 караттык бриллиантты 30,6 миллион долларга саткан. Ал эми баасы боюнча рекорд роза түстүү Pink Star бриллиантына таандык. Салмагы 59,6 карат келген бул бриллиант Швейцариядагы аукциондо 83 миллион долларга бааланган. Бирок, аны алам деген адамдын аталган бааны төлөөгө кудурети жетпей калганы өткөн жылдын февраль айында маалым болгон.

Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2654 08 Июнь 2015 - 00:41
Миллиондогон долларлык үлпөт көйнөктөрү эмнеге тигилет?
Дүйнөдө эң кымбат делген үлпөт көйнөгү Америкада. Баасы 12 миллион доллар турат. Аны 2006-жылы америкалык кутюрье Рене Страус тарабынан даярдалган. Азыркыга чейин андан кымбат көйнөк тигиле элек. Эң башкысы көйнөк өтө эле кымбаттыгынан ээсин таппай турат. Көйнөккө бардыгы болуп 150 карат бриллиант, мындан тышкары жогорку ченемдеги алтын, бермет сыяктуу баалуу асыл таштар менен шөкөттөлгөн.
Андан кийинки орунда Дубайда аукционго коюлган үлпөт көйнөгү турат. Ал 8,5 миллион доллар наркына бааланган.

Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2655 08 Июнь 2015 - 00:43
Дүйнөдө түркүн кызык көп
2013-жылдын 21-августунда Мексиканын түндүгүндө жайгашкан Сьюдад-Хуарес шаарында жашаган 37 жаштагы Мария дель Кармен Флорес аттуу аял салмагы 6,6 килограммга, бою 62 сантиметрге жеткен гигант бала төрөгөн. Бул үй-бүлөнүн ага чейин 4 баласы болгон.
Ал эми буга чейинки рекорд – салмагы 6,2 килограммдык баланы Испанияда төрөгөн 40 жаштагы британиялык аялга таандык эле.
Х Х Х
2014-жылдын 25-августунда дүйнөдөгү боюу эң узун адам – украиналык Леонид Старник 44 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Анын боюнун узундугу 2 метр 57 сантиметрди, салмагы 200гө жакын килограммды түзгөн. Бирок, ал Гиннестин китебине кирүүнү каалаган эмес. Анын ордун боюнун узундугу 2 метр 46 сантиметр болгон түрк Султан Косен ээлеп, аталган китептен орун алган.
Х Х Х
Индиялык 18 жаштагы студент кыз Джиоти Амге дүйнө жүзүндөгү жашоо кечирип жаткан эң кыска бойлуу аялзаты катары Гиннес китебине кирген. Анын бою болгону 62, 8 сантиметрди түзөт.
Х Х Х
Филиппиндин түштүгүндөгү эң алыскы шаарчалардын биринде жашаган 18 жаштагы Джунри Балауинганын боюнун узундугу 59,93 сантиметрге араң жетет. Ал дүйнөдөгү эң эргежээл адам катары катталган.
Х Х Х
Лас-Вегастык 45 жаштагы ырчы Крис Уолтон 18 жылдан бери колдорунун тырмактарын албай өстүрүп келет жана бүгүнкү күнгө чейин алардын жалпы узундугу 6 метрге чейин жеткен. Ошого карабастан ал өзү кийинип-чечинет, боёнот, тамак жасайт, өзүнүн 3 небересине СМС жөнөтөт.
Х Х Х
Жакынкы жылдары Кытайдын Ухань шаарында бийиктиги бир километрге (1000 метрге) жеткен жана курулушу өзгөчөлүү боло турган бийик үйлөрдүн футуристтик комплекси курулат. Анын долбоорун архитектура жана курулуш жаатындагы британиялык архитекторлор түзүп чыгышкан. Бул комплекс “Phoenix Towers” (“Феникс мунарасы”) деп аталмакчы.
Ошентип, бул курулуш дүйнөдөгү эң бийик үй катары Гиннес китебине кирген Дубайдагы бийиктиги 828 метрге жеткен Бурдж Халифадан (Burj Khalifa) да ашып түшөөрү күтүлүүдө.

Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2656 08 Июнь 2015 - 00:45
— Адам өз өмүрүндө орто өлчөмдөгү бассейнди толтурууга боло тургандай шилекейди иштеп чыгарат.
— Беш адамдын экөөсү гана өздөрүнүн биринчи сүйгөнү менен баш кошот.
— Балдар күнүнө орточо 400дөй жолу, а чоң кишилер болгону 15тей ирет гана күлүшөт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:48
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2657 08 Июнь 2015 - 00:50
1972-жылы Джон Леннонго кат келет. Аны индус бала жазып, өзүнүн ичинде каткан кыял-сырын бөлүшөт. Ал жер шарын түрө кыдырып чыгууну эңсей тургандыгын жана бул кыялын ишке ашыруу үчүн жетиштүү акча салып жиберүүнү өтүнөт. А атактуу ливерпулдук квартеттин катышуучусуна күнүнө мындай каттардын жүздөйү келип турса керек. Ошон үчүн ага маани деле бербей, жөн гана “Кыялдана берсең бардык дүйнөнү кыдырып чыккандай болосуң” деп жооп жазып жиберет.
Бирок, арадан 20 жыл өткөндөн кийин баягы индустун кыялы чындап иш жүзүнө ашат. Ал атагы таш жарган музыканттын баягы өзүнө салып жиберген жооп катын аукциондо сатып, андан түшкөн акчага саякатка чыгат.Мына, бизче “жаштын берет тилегин” деген ушул. Кыялданып, тилек кылуунун эч бир зыяны жок, ал жүзөгө ашчу мезгил да келет…

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:50
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2658 08 Июнь 2015 - 00:52
Миллиардер ЧАК ФИНИнин байлыгы 7,5 миллиард долларды түзсө да анын машинасы жок, самолёттун эконом-классы менен учат, акча төлөп батирде жашайт. Бирок, ал соңку 30 жыл аралыгында ар түрдүү кайрымдуулук иш-чараларына 6 миллиарддан ашык доллар сарптаган. Кыскасы, ал байлыгын АКШ, Вьетнам, Австралия, Түштүк Африка, Ирландия, Бермуд аралдарындагы билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, карылар үйүн кармоо өңдүү багыттарга жумшап келген. Бул кайрымдуулук иштерин узак жылдар боюу ачыкка чыгарбай, көмүскөдө купуя сактап келген. Көрсө, ал ашыкча байлыкка да, атак-даңкын чыгарууга да эч бир кызыкпайт экен. Эми 2016-жылга чейин калган акчаларын да кайрымдуулук иштерине багыттоону максат кылып жатат. Дүйнө жүзүнүн 27 өлкөсүндө анын компаниялары бар жана анын иши өрлөп, кирешеси көбөйүп келет.- Акчаны банкка салып, үстү-үстүнө кошулганына караганда, мен үчүн ошол каражатка бир оорукана же башка имарат салынганын көрүп тургандан артыгы жок,- дейт Чак Фини.
Дүйнөдөгү эң бай адам болгон Билл Гейтс да Чактын жолун жолдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, көзү тирүүсүндө ушундай асыл-зыяпаттуу кайрымдуулук иштерди жасап, адамдардын алкышына татуунун чыныгы үлгүсүн көрүп тургандыгына суктанып олтурат. Муну айтып жатканыбыздын себеби, Кыргызстанда да байлыгы башынан ашкан көпөс-байларыбыз акчанын үстүнө акча кошулсун деп битиреп, тыйынынан бери санай бербей, өлкө ичиндеги кайрымдуулук иштерге жок дегенде байлыгынын бир бөлүгүн жумшап турушса болбойт беле, мындай адамдар келечекте бизде да чыгаар бекен деген илгери үмүттү билдирип кетким келди.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:54
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2659 08 Июнь 2015 - 00:54
Англияда жашаган 17 жаштагы Хэйли Окинс сейрек кездешүүчү оорунун айынан каза болду. Ал тубаса прогерия оорусуна чалдыккан.
Медицина илими далилдегендей, прогерия оорусу – адамды сегиз эсе эрте улгайта турган сейрек кездешүүчү генетик оору. Бул диагноз менен төрөлгөн Хэйли Окинсти дарыгерлер 13 жашка толуп-толбой, жарык дүйнө менен кош айтышаарын айтышкан. Бирок, алар 4 жылга жаңылып калышкан. Окинс дарыгерлер айткан 13 жашты эмес, 17 жашты толук жашаган. Кызыгы, 17ге жаңы эле толгондо кыз 104 жаштагы улгайган денеси менен көз жумган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында Америкада инновациялык дарылоо курсун алып жаткан.Окинс жашоодон эрте кетээрин билчү. Ошол себептен өзү каалаган өлкөлөргө саякаттарга чыгып, өзү кумир туткан белгилүү инсандар менен жолугушчу экен. Ал 14 жашында ханзаада Сарльз, Кайли Миноуг жана Жастин Бибер ж.б. менен жолугушууга жетишкен. Ал тургай, өзүнүн өмүр баяны тууралуу документалдык тасмага тартылган. Маалымат катары айта кетсек, прогерия оорусу менен бүгүнкү күндө дүйнөдө 74 киши ооруйт. Улуттук ден соолук институтунун билдиргенине караганда, бул оору менен ооруган балдар адегенде кадимкидей эле көрүнгөнү менен, тез эле салмагы ыкчам жогорулай баштайт. Акыл-эсине жана интеллектуалдык деңгээлине таасир бербейт. Чачтары агарып, тез түшүп калат. Жаш кезинде жүрөк оорусу пайда болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 00:55
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#2660 08 Июнь 2015 - 00:56
«Кыз-Күйөө» уламышы
Боом капчыгайындагы «Кыз-Күйөө» жери кантип аталып калган? Ысык-Көлдүн Тоң тарабындагы бир байдын ашкан сулуу кызы болуптур. Ал кызды ошол байга жалданып жүргөн жылкычы жигит сүйүп калат. Кызды алууга калыңы жок, калың төлөгөн күндө да томояк жигитке бай кызын бермек эмес. Жигитти кыз да сүйүп калат. Эмне кьлыштын айласын таппаган эки жаш бирин-бири сүйүп жүрө беришет. Акыры байдын кызын күйөөгө узатмак болушат. Ошондо жигит кызды алып качмакчы болот. Бул сунушка кыз да макул болот.
Күн болжолу жете электе эле кызды кудалаган байдын уулу келип кызды алып кетишмекчи болушат. Ошондо жигит жылкыларынын арасынан эки мыкты атты токуп, кызды алып качат. Жигиттин Чүй тарапта туугандары бар экен, ошол жакты карай бет алышат. Аңгыча кыз менен жигиттин качканын туюп калышып, артынан куугун түшөт. Качып бараткан кыз-жигит Боом капчыгайынын ичиндеги эки асканын жанына келгенде, бирөө оң жаккы бетке, экинчиси сол жаккы бетке качышат. Алды артынан чыккан куугунчулар экөөнү ошол жерден кармашат да, байдын буйругу менен экөөнү тең ошол жерде өлтүрүшөт. Сүйүүнүн айынан курман болгон эки жаштын күнөөсүз канынан эки булак жаралып, сызылып агып чыгып, ошол жер «Кыз-Күйөө» деп аталып калган.

Живу и радуюсь каждому дню!!!