Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 132
  • 133
  • 134
  • 135
  • 136
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2661 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 00:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Эс алам деп келгендерди эмне күтүп турат эч ким билбейт

Бул планетада кандай кооз жерлер көп, барып эс алганга укмуштуудай жерлер бар. Ошолордун арасында Натрон деген көл бар. Бирок ал жерге барыш үчүн күчтүү эрк, эр жүрөктүүлүк керек. Эмнеге дегенде кийинки сүрөттөрдү көрүп жыйынтыгын өзүңүз чыгарыңыз. Ал көлгө бармак түгүл сүрөттөн көрүп башың айланып, тизең калтырап кетет. Ал жерге барып кайтпай калгандар да болот экен. Бул көлмөнүн аты да өзүнө татыктуу «Шайтандын көлү» деп аталат. Статистика боюнча алганда жылына 100дөй адам өмүрү менен кош айтышат экен.
Сүрөт

Сүрөт

СүрөтСүрөт



СүрөтСүрөт Сүрөт

СүрөтСүрөт

СүрөтСүрөт

Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2662 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Америкалык фирма селфи сүрөттөр үчүн айымдардын бут кийимин тааныштырды

Америкалык Miz Mooz бренди селфи сүрөттөр үчүн айымдардын бут кийимин тааныштырды. Бийик такалуу бут кийим Selfie Shoes («Селфи-туфли») аталышын алды, жана эртең, 2-апрелден тарта 199 доллардан фирманын онлайн-дүкөндөрүндө сатыла баштайт. Бут кийимдин формасы баш жагына телефонду коюп, бутту өйдө көтөрүш керек. Андан кийин бут кийимдин ичиндеги атайын баскычты басканда камера иштейт. Selfi Shoes’ту тааныштыруу ролигинде, бут кийимдин авторлору селфи үчүн таякчаны жектебей турганын, бирок айрым учурларда алар селфи-туфлилерден айырмаланып, аны колдонуу бир аз кыйынчылыктарды жаратарын айтышты.

Сүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2663 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дүйнөдөгү кызыктуу тыюу салуулар

Түркмөнстанда фонограмма менен ырдоого болбойт
2005-жылы Сапармурат Ниязов Түркмөнстандын президенти болуп турган учурда маданияттын нукура баалуулуктарын сактап калуу максатында фонограмма менен ырдоого тыюу салган. Мындан сырткары, опера менен балетти да керексиз деп эсептеп, буларга да бөгөт койгон. Бул өлкөдө азыр да ырчылар жалаң жандуу үн менен гана ырдашат

.АКШда «Киндер-сюрприз» жегенге тыюу салынган
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кичинекей балдар өзгөчө жактырып жеген «Киндер-сюрприз» шоколадын АКШда жегенге тыюу салынган. Анткени, алар жей турган шоколадга оюнчуктун кошулганы туура эмес деп эсептешкендиктен, аны сатууга жана жегенге тыюу салуу кадамына барышкан. Ал эле эмес, чек арадан «Киндер сюрприз» алып өтүүгө аракет кылгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.


Ирандык мырзалар «жылкынын жалын» колдонушпайт
2010-жылы Ирандын бийлиги мырзалар үчүн уруксат берилген чач жасалгаларынын тизмесин тактап чыгышкан. Ошондо эркектердин «жылкынын жалы», «балыктын куйругу» деген сыяктуу чач жасалгаларын коюп жүрүүсүнө тыюу салынган.

Сингапурда сагыз сата алышпайт.
Негизинен бул өлкөдө сагыз чайнай алышат, бирок сата алышпайт. Жергиликтүү тургундар үчүн сагыз табуу чоң кыйынчылык туудурат. Белгилей кетсек, 1992-жылы сагыздын айынан жол кыймылынын толук токтоп калышы аны сатууга тыюу салууга алып келген.


Индияда спирт ичимдиги н жарнама кылууга болбойт
90-жылдардын аягында Индияда спирт ичимдиктерин жарнама кылууга тыюу салынган. Азыр деле бул тыюу салуу күчүндө келатат.

Түндүк Кореяда көк түстүү жынсы кийишпейт

Мыйзамга ылайык, Түндүк Кореяда кара түстөгү жынсы кийүүгө болот, ал эми көк түстөгү жынсыга тыюу салынган. Мындай чечимди өлкөнүн жогорку жетекчиси Ким Чен Ын кабыл алган.


Германияда жөө жүрүп, күйүүчү май сатып алууга болбойт
Бул өлкөдө ушундай мыйзам иштелип чыккан. Эгер, жолдо унаанын майы түгөнүп калса, анда айдоочу жөө басып күйүүчү май саткан жерге бара албайт.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 01:07

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2664 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Адамдын колунан эмне кана келбейт
25 түрлүү чөптөн жасалгаланган үй Сүрөт Сүрөт Артигас бакчасы< br style="zoom: 1;">Сүрөт

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Хелиган паркы<br style="zoom: 1;">Сүрөт

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Желим бөтөлкөлөрдөн жасалгаланган< br style="zoom: 1;">Сүрөт

Сүрөт Кичинекей адамдардын бакчасы<br style="zoom: 1;">Сүрөт

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт Патрик Бланк бакчасыСүрөт

Аксель Эрландсондун жыгач цирки<br style="zoom: 1;">Сүрөт

Сүрөт СүрөтСүрөт Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2665 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кирпиктин жаңы функциясы изилденди

Кирпик көзгө кире турган чаңдардан гана коргобостон, көзгө тийген шамалдын агымын да бир тарапка багыттап турат. Мындай билдирүүнү америкалык окумуштуулар айтып чыгышты. Алардын билдирүүсүнө караганда, көзгө шамал менен кошо келген бактериялардын, вирустардын агымын кирпиктер башка тарапка багыттап, көздүн чел кабыгынын соолуп калышына да жол бербейт. Кирпиктер “нымдуулуктун тез буулануусун азайтат жана заттын бөлүкчөлөрүн 50 пайызга чейин тундурат”, — дейт Атланта шаарындагы Джорджии Технологиялык институтунун изилдөөчүсү Дэвид Ху. Мындай изилдөө 22 түрдүү сүт эмүүчүлөр классына кирген жаныбарларга жана адамдарга жасалган. Окумуштуулар көпчүлүк учурда көздүн кеңдигинин үчтөн бирине тең кирпиктер көздүн көрүүсүнө доо кетирбестен, зыяндуу нерселерден коргоп турат деген жыйынтыкка келишкен. Бул ачылыш коргоо системасында жаңы ачылыштарга мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн деп айтылууда. Мисалы бир жылда жогору жагына чаң топтолуп калгандыктан, өзүнүн 6% эффективдүүлүгүн жоготкон күн батареяларын чыгаруучу компаниялар мындан ары окумуштуулардын айткандарына таянып калышы да толук мүмкүн.

Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2666 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


23 таң калычтуу азыктар, аларды Кытайдын гана дүкөндөрүнөн таба аласыздар
Булар кытайлыктар үчүн күнүмдүк көрүнүш болушу мүмкүн, бирок сырттан баргандар үчүн кичинекей «шок» жаратат.
1. Эт саткан бөлүмдө крокодилдин эттери сатылат

Сүрөт

viralnova.com



Сүрөт

2. «Сникерс» алсаң батарейка кошуп беришет

Сүрөт

mikitjang


3. Аралашма эттер, эмненики экени белгисиз
Сүрөт

viralnova.com


4. Тирүү бакалар
Сүрөт

viralnova.com


5. Тирүү бакалар, ташбакалар менен аралаш
Сүрөт

viralnova.com


6. … анча деле тирүү эмес ташбакалар
Сүрөт

cathamaria


7. Апельсиндин согу менен май бир нерсеге керектелээр…
Сүрөт

viralnova.com


8. Каалаган күрүчтү табасың
Сүрөт

viralnova.com


9. Эмненин этинен жасалганы белгисиз колбасалар
Сүрөт

timmybake888


10. Ышталган кальмар
Сүрөт

antonyzeng


11. Суу жаныбарларынын түрлөрү
Сүрөт

viralnova.com


12. Ачык жерде эле сатылган кабыргалар
Сүрөт

viralnova.com


13. Акула… Балким аны жеп туруп өч алабыз
Сүрөт



Сатууга тыюу салынганына карабай киттердин эттери да сатыкка коюлган супермаркеттер бар.


14. Ойго келбеген түрлүү жумурткалар
Сүрөт

nathanhazard


15. Түлкүнүн эти
Сүрөт

strangehistory.net

Кытайдын супермаркетинде эшектин эти деп коюлган этти текшерсе түлкүнүкү болуп чыккан.


16. Өрдөктүн эттери
Сүрөт

viralnova.com


17. Ышталган чочконун тумшуктары
Сүрөт

viralnova.com


18. Уйдун майда эти, момпосуйдай жасалгаланган
Сүрөт

viralnova.com


19. Ташбакалар
Сүрөт

businessinsider.com


20. Кымбат момпосуйлар
Сүрөт

businessinsider.com


21. Жылкынын кургак сүтү
Сүрөт

snippits-and-slappits. blogspot.co.uk


22. «Диета суусундугу» — бул да эчтеке эмес…
Сүрөт

snippits-and-slappits. blogspot.co.uk


23. … «Эттин суусу» — мына укмуш!
Сүрөт




Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2667 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Туулган айга карата мүнөздөмө
Адамдарга анын туулган айына карата да мүнөздөмө берүүгө болот. Мындай ыкма көбүнчө тибет, кытай календарларына таянып, берилип жүрөт. Бирок, дүйнөдөгү бир катар изилдөөчүлөр туулган айына карата берилген мүнөздөмө көбүнчө адамдын чыныгы мүнөзү менен дал келээрин белгилешкен.


Январь – дайыма бир ойду көп ойлогон, жек көргөн адамы менен сүйлөшпөгөн, көңүлүнө жаккан адамын гана жанына жууткан адамдар.

Февраль – сүйүү сезимдерин урматтаган, ачык, мүнөзү өзгөрүлмө, азыраак ачуулуу, бирөөнү ызалантканды жакшы көргөндөр.

Март – такай бир ой басып жүргөн, кыялы шашма, сөздү айтып, артынан өкүнүп калган, тез капа болгон, көзү жаштуу, жакшы болууга умтулган, бир ою ордунан чыкпаган адам.

Апрель – жашоосунун көбү кыйынчылык менен өткөн, адамга жагымдуу, маңдайы жарык, сүйүүнү сыйлай билген, бактысы үчүн күрөшкөн адам.

Май – жайдары, сүйкүмдүү, азыраак мактанчаак, туруксуз, бирок, көп сапаттарын бирөөгө билгизбеген адам.

Июнь – ачуулуу, колу берешен, кыялы терс, турмуш жолу бактылуу, жеңил мүнөз адам.

Июль – шартка жараша өз мамилесин өзгөрткөн, көпчүлүккө жугумдуу, ичинен көп ойлонгон, өз бактысына ишенген адам.

Август – берешен, оомо, адамды сыйлай билген, ачык-айрым, сүйкүмдүү, таарынычы бат жазыла тургандар.

Сентябрь – сөзүнө турган, бир нерсени бетке айткан, сырын ичине катып жүрө берген, киши менен бат тил табышып кете турган адамдар.

Октябрь – берекелүү, өзүнө-өзү ишенген, азыраак ачуулуу, бирөөлөрдү кемсинткенди жакшы көрөт.

Ноябрь – бирөөнү кемсинткен, көп ойлонгон, ички сырын эч кимге чыгарбаган, өз баркын өзү билген, турмуш жолу бактылуу адам.

Декабрь – көңүлсүз, сүйүүсү кусалык менен өткөн, оор-басырыктуу, адамга өз адамкерчилиги менен жаккан адамдар.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 01:28

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2668 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Адамдын психологиясын анын кандай уктаарынан билсе болот


*Эгер, киши көмкөрөсүнөн уктаса, анда аны кыйынчылыктар чулгап турат.


* Бүрүшүп жаткан адам жалгыздыктан кыйналып, таяныч издегени.


* Чалкасынан жата турган болсо, өз бактысына манчыркаган, максаттары туурасында күрөшүүчү адамдар.

* Башын шылкыйтып жаткандар санаа баскан адамдар.

* Жаздык кучактап жаткан адамдар сүйүүгө, махабатка муктаж болгондор.

* Оң жамбашы менен жатса – ал кишинин ишинде сөзсүз ишеним бар. Бирок, эч качан жогорку кызмат ордуна көтөрүлбөйт.

* Сол жамбашы менен жата тургандар – чыгармачыл адамдар.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 01:32

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2669 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Түрмөгө да мини-шаарча курушкан
Пекиндеги түрмөлөрдүн бирине кичирейтилген мини-шаарчаны курушкан. Анда автобус аялдамалары, метро станциялары, банктар, супермаркеттер, интернет-кафелер, ж.б. бар. Аны жыйырма жылдан ашык түрмөдө жаткандарды кийин ал жактан эркиндикке бошоп чыккандан кийин жай турмуш агымына тез аралашып кетүүлөрүнө алдын-ала көнүктүрө берүү максатында курушкан. Бул жерде банк карточкаларын кантип пайдалануу керектигин, уюлдук телефондорду колдонууну, компьютерде иштей билүүнү да үйрөтөт. Кыскасы, түрмө шартында да алар өздөрүн шаардын тургунундай сезип, бардык керектүү кызматтарды дароо колдонуп кетүү жөндөмдөрүнө ээ болуп чыгышат.

Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2670 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кар киши чын эле барбы?
Кар киши-бул легендарлуу, адам түспөлдүү –жер шарынын ар кайсы райондорунан кезиккен табышмактуу жандык. Анын аты абдан көп. Гималайда аны йети, Түндүк Кавказда аны-каптар, Азербайжанда –гулей –бани, а Монголияда –алмас, АКШда –бигфут, Канадада-сасквоч деп аташат. Кар кишиге окшош сүрөттөр илгертен эле Байыркы Грециянын, Римдин жана орто кылымда Европанын искусстволорунда тартылып, ал жөнүндө Библияда, Рамаянда, түрдүү элдердин фольклорлорунда айтылып келген. Жарым адам, жарым маймыл түспөлдүү бул жандыктын бутунун издери биринчи жолу 1921-жылы бийиктиги 6,4 км. Жомолунгму тоосуна болгон экспедиция учурунда табылган.

Издерди иликтөө учурунда жергиликтүү тургундар бул издер метах-кангмилерге- же которгондо «өтө сасык жыттуу кар кишилерге»тиешелүү экендигин айтышкан. Бул кар кишилер Гималайда жана Тибетте жашашкан. Азыркы мезгилде кар кишилер Памирде, Борбордук Африкада жана АКШда, Кавказдын эч ким чыгып бара алгыс тоо чокуларында, Чукоткада жана Якутияда жашашат.

Кар кишилер адамдардан чымыр денеси, баш сөөгүнүн учтуу, башкача сүйрүлүгү, колунун узундугу, моюнунун кыскалыгы жана алдыңкы жаагынын өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Кар кишилердин чоңураактары Борбордук Азия жана Түндүк Америкада кездешет. Алардын денеси кара, боз же ак түстөгү жүндөр менен капталып турат. Башындагы жүндөрү денесиндеги жүндөргө караганда узун болот. Кар кишинин жүзү кара болот, ал эми муруту жана сакалы кыска жана сейрек. Алар дарактарда абдан жакшы секиришет. Тоодо жашаган кар кишилер үңкүрлөрдө жашашат, ал эми токойлордо жашагандары дарактардын бутактарына уя курушат.

Кар кишинин бар экендигин танган айрым окумуштуулар бою өтө узун жана жүндүү адамдарды айрым фантазиясы күчтүү адамдар кар киши катары кабыл алышат дешет.

Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2671 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Атактуулардын окуяларынан
Бир мертебе улуу француз сатириги Франсуа Рабле акчасы калбай калгандыктан, Лондон Парижге жете албай кыйналат. Ырас, кыйынчылыкка чүнчүп калуу Рабленин мүнөзүнө жат! Ал 2 кагаз пакетке үч чымчым шекер салып, ар бирине “Корол үчүн уу”, “Королева үчүн уу” деп жазып көрүнөө жерге коюп коет. Отелдин кызматкери бөлмөнү жыйнап жатып аны көрүп мейманкананын ээсине жүгүрүп барат. Ошентип полиция келип, Раблени кармап алышып, конвойдун коштоосунда Парижге жөнөтөт. Парижде прокурор аны суракка ала баштайт. Уу эмес шекер экенине таптакыр ишенбей койгон соң Рабле “ууну” жутуп жибериптир.

Сүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2672 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Скрепка качан пайда болгон?

Турмушубузда анча байкалбаган, бирок бир топ иш кагаздарында жардамын тийгизген скрепка 1899-жылы пайда болгон. Скрепка жок кезде кагаздарды жип менен байлап ирээттешкен. Бул ыкма бир топ түйшүктү жана убакытты талап кылгандыктан кийин төөнөгүчтөрдү колдоно башташкан. Мындай түйшүктөн улам скрепка тууралуу ой бир эле учурда 3 адамга келген. Норвегиялык математик Йоханна Валера биринчи скрепканы жасаган. Норвегиялыктар мындай көрүнүшкө абдан сыймыктанышкандыктан, 1990-жылы Норвегиянын борбору Ослодо скрепканын формасындагы 5 метрлик эстеликти тургузушкан.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2673 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Окумуштуулар бардык нерсенин оң жана терс энергиялары бар деп келишет. Биз сөз кылуучу түстөрдүн дагы энергиясы бар жана ал энергиялар адамдын ички туюму, адамдык сапатына жана турмуштагы жолдорубузга кайсы бир деңгээлде тиешеси бар делинип келет.

Ак түс- аруулукту жана тазалыкты жан дүйнөсү менен өткөргөн деген түшүнүктү берет. Ак нерсе жылмаюну дагы чакырат. Ак түс бардык жерден сулуулукту издейт жана сулуулукту, кооздукту, назиктикти талап кылат.

Кызыл түс – тайманбастыкты, күчтүүлүктү туюндурат. Иш бөлмөсүнөбү же эс алуу бөлмөсүнө бул түстөгү буюмдарды колдонбой эле койгонуңуз дурус. Себеби, нерв системасын кыймылга келтирип, тынч эс алууга эч мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок, кызыл түстү жактыргандар өзүмчүл жана жетекчиге мен гана көрүнсөм деген ойду карманган адамдар.

Саргылт (оранжевый) — түс бакыттын түсү, а кызгылтым оранжевый түс жашоонун түсү. Бул түс ачык маанай тартуулай алат. Бейпилчиликтин жана берекенин символу катары белгиленет. Бирок, бул өңдөгү кийим менен олуттуу бир фирманын офисине баш баксаңыз сизди түшүнбөй калуулары толук мүмкүн.

Сары түстү — фэн-шуйда акылмандыктын жана кадыр-барктын түсү дешет. Бул түс акылдын тазалыгына курчап турган дүйнөнү кең масштабда таанууга, оптимизмге чакырат.

Жашыл түс — сүйүү, гармония, жаңылануунун символу. Жакшы бир нерсе менен алектенүү учурунда, же көңүлгө жакын адамдар менен сүйлөшүү учурунда, жолугушууга бараарда жашыл түстөгү кийим кийүү жаңылбоого чакырат. Эс алуу бөлмөңүздү дагы жашыл түстө жасалгалап алсаңыз болот.

Көк түс — билимди, ден соолукту, кандайдыр бир чечимди кабыл алууну шарттайт. Ишке, так болууга, ойлоп табуучулукка үндөйт. Айрыкча жандуу, тентек балдарга көк түстөгү кийим кийгизип койсо алар өздөрүн токтоо кармап, жакшы да окуй башташат. «Муздак» көк түс менен уктоочу бөлмөнү жасалгаласа жакшы. Бул өңдү сүйгөн адамдар адилеттүлүктүү талап кылган адамдар. Кемчилиги, бардык адамдарды өзүндөй көрүп, көп жапа чегип калышат.

Кызгылт-көк (фиолетовый) – түс сулуулукту, чыгармачылыкты, ак көңүлдүктү кармангандар. Ишенимге кичине тайкы болушат. Мындайлардан сактануу керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 08 Июнь 2015 - 01:50

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2674 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Дүйнөнүн эң кедей мамлекеттери




Элдин саны көбөйгөн сайын экономикасы начар мамлекеттерге элди багуу кыйынга турат жана мындан тышкары жарандык согуш, оорулар, ачарчылык ал мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Дүйнөдө боор оорурлук жакырчылыкта жашаган өлкөлөр бар. Ал өлкөлөрдүн көбү Африкада жайгашкан. Дүйнөнүн эң кедей мамлекеттери болуп төмөнкү өлкөлөр эсептелет:
№ 1. Демократиялык Конго Республикасы. Биринчи орунда Демократиялык Конго Республикасы турат. Бул өлкөдө согуш миллиондогон кишилердин жанын алып кетти, мындан тышкары экономикасын талкалады. 4,5 миллиондогон кишилер ачарчылыктан көз жумду. Калктын жылдык кирешеси $ 348 түзөт экен. Бул көрсөткүч менен дүйнөнүн эң кедей мамлекеттердин алдыңкы сабында турат.

№ 2. Либерия мамлекети дагы бир жарандык согуштун коркунучунда. Бул өлкө Американын мамлекеттик башкаруу системасын кабыл алса да экономикасын өнүктүрүп, бекемдей албай жатканы өлкөнүн ичиндеги жарандык кагылышуулар болуп саналат экен. Калкынын жылдык кирешеси $ 456 гана түзөт. Бул көрсөткүч менен дүйнөнүн эң кедей мамлекеттердин ичинен 2 орунда турат.

№ 3. Зимбабве. Бул өлкөдө жарандык согуш болгон эмес, экономикалык кризисте эмес. Бул Зимбабве өлкөсүндө оору күч алып, мамлекеттин өнүгүшүнө кедергесин тийгизип келет. Оорунун айынан өмүр сүрүү боюнча аялдардын орто жашы 37 жаш, ал эми эркектердики 34 жашка чейин жашайт экен. Бул оорунун көбү ВИЧ жана СПИД болуп саналат. Калкынын жылдык кирешеси $ 487 түзөт.

№ 4. Бурунди мамлекетинде жарандык согуш бүтсө да өлүм дагы деле токтобой жатканы жанды кейитет. Өлүмдүн башкы себеби болуп жаш балдардын 57 ачкачылыктан, миңдеген кишилер СПИД оорусунан жана курсактары ачтан каза болушат. Мамлекеттик бюджетти кофени экспортто менен толтурушат. Калктын жылдык кирешеси — $ 615 түзөт.

№ 5. Соода кылып, экономикасынын өнүгүшүнө географиялык абалы эң ыңгайлуу келген Эритрея өлкөсү жакырчылыктын күнүн баштарынан кечирип жатат. Бул өлкөнүн тарыхына көз чаптырсак Англия менен Италиянын кол астында күн кечиришкен. Бул эки улуу державанын алдында күн кечирсе да өздөрүнүн экономикасын чыңдай алган эмес. Калктын жылдык кирешеси $ 735 түзөт.

№ 6. Борбордук – Африка Республикасы Алмаз, нефти жана ураны бар Борбордук-Африка Республикасында жакырчылыктын күнүн өткөрүп жатышат. Жарандар күнүнө 1 долларга жашайт, ал эми жылдык кирешеси болгону $ 768 түзөт экен. Мындай абалдары менен дүйнөнүн эң кедей мамлекеттердин ичинен 6 орунунда турат.

№ 10. Того, кофе, какаолорду экспорттоп, мамлекеттик бюджеттин 40%ын камсыздайт, ал эми Фосфор өндүрүшү боюнча эң чоң өлкө болгону менен калкынын жарымы күнүнө 1,25 долларга жашашат. Калктын жылдык кирешеси $ 899 түзөт.

№ 9. Малави, өлкөсүнүн жарандары өзүнүн мамлекетинин туткундары болуп калган. Мамлекеттин башкаруучулары коррупцияга малынып жана тышкы карыздарынын көптүгүнөн элдин жашоо шарттары абдан начар. Бул өлкөдө жашаган элдин жылдык кирешеси $ 860 долларды түзөт.

№ 8. Сьерра-Леоне. Бүт өлкөнү алмаз, титан жана боксит менен камсыз кылган мамлекет кедей жашашы таң калдырат. Сьерра-Леонедо жашаган калктын 70и күнүнө эки маал гана тамактын даамын татып, ачкачылыктын күнүн кечиришет экен. Бул өлкөдө жашаган жарандардын жылдык кирешеси $ 849 түзүп мындай көрүнүш менен биздин эң кедей мамлекеттердин ичинен 8 орунун камсыздайт.

№ 7. Нигериянын жаратылыштык ресурстары мамлекеттин бюджетин бекемдеп, экономикасын көтөрүүгө болот эле. Бирок, мындай жыйынтык көрсөткөнгө терс таасирин ички мамлекеттик баш аламандык тийгизип, элдин жакшы жашоо шартынын үмүтүн үзүп койгон. Калктын жылдык кирешеси $ 771 түзөт.



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2675 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Ванга: “Адамдар өлбөс болуп, түбөлүктүү боло башташат”
Дүйнөдө окуяларды алдын-ала туура айткандыгы менен айырмаланган Ванга аттуу болгариялык атактуу аял жашап өткөн. Аны дүйнөлүк илимпоздор XX кылымдын атактуу инсандарынын катарына киргизишкен. Анын атактуулугу ушунда – ал айткандардын дээрлик 97-98%ы туура чыккан. Ал азыр арабызда жок. Бирок, азыр биз жашап жаткан доордогу болуп жаткан бардык окуялар менен көрүнүштөрдү буга чейин ал жаземдебей туура айтып кеткен экен. Анын айткандарынын баары туура чыгып келгенине жана азыр да туура чыгып жатканына таңдангандар көп. Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванга феномин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилеп, Ванганын айткандарынын чындык менен кокусунан дал келүүсү 80%дан жогору экен деген жыйынтыкка келген.

Ванганын өзү тууралуу айта турган болсок, ал Болгариянын бир кыштагында 1911-жылы кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төрөлгөндө аябай алсыз, ден соолугу начар бала болгон экен. Жашап кетээринен күмөн санаган ата-эне наристеге ат коюудан да чочуркашкан. Бирок, кичинекей наристе жашап кетет. Ал эми аты Ванга деп аталып калаарына да негиздер болгон. “Ванга” сөзүн грек тилинен которгондо «жакшы кабардын жарчысы» дегенди билдирет.

Наристе 3 жашка чыкканда энеси каза болот. 12 жашка толо элегинде дагы бир чоң кырсыкка кабылып, катуу шамал болуп, Ванганын көзүнө топурак кирип, көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан, аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада, Ванганын көзү көрбөй, азис болуп калат.

Кайсы мезгилден тартып ал көз ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Анткени, Ванганын касиети акырындык менен байкала баштаган. Ал башында “боло турган кырсыктарды түшүмдө көрөм” деп айтчу экен. Адамдардын ким экенин кантип билесиң деген суроого мындай деп жооп берет: «Кандайдыр бир адам мага кайрылганда, мага анын башындагы кичинекей терезе ачылгансып сезилет. Ал терезече аркылуу мен кино көргөндөй бүт өмүр таржымалы көз алдыман өтөт. Ал эми өйдө жагыман бир үн угулуп, ал эмнени айтышым керек экенин маалымдап турат» — деген. Көпчүлүк учурда Ванга ага көрүнгөн кишиден жаздыгынын алдында бир түн жаткан кантты алып келүүсүн талап кылган. Кызыгы, саналуу күндүк өмүрү калгандар менен жана жөн эле сынап келгендер менен сүйлөшчү эмес.

Вангага көрүнгөнү кимдер гана келбеген. Айтылуу Адольф Гитлер да Ванганын даңазасы таш жарып турган кезинде ага өз өмүрүндө эмне күтүп тураарын билгиси келип, кайрылган. Ошондо ага көзү ачык: «Россияны жайына кой! Сен бул согушта уттурасың! », -деп айткан экен. Жинденген фюрер анын айтканына көнбөй, айтканынан кайтпайт.

Сталиндин өлөөрүнө жарым жыл калганда да Ванга анын көз жумаарын алдын ала айтат. Анысы үчүн түрмөгө камалат. Бирок, жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванганы кайра бошотушат.

Бир жаш жигиттин агасын өлтүрүп кетишип, аркасында 3 баласы жетим калат. Вангага кайрылганында киши өлтүрткөн зөөкүрдүн атын атоодон баш тартып, “андан өч албагының, анын өлүмүнө өзүң күбө болосуң”, — деп жооп берет. Кийин ошол жаш жигитке Ванга турмушка чыгат. Алгачкы жолугушуусунда эле айтканында, такыр ишенбей коет. «Мен кантип сокур кызды аял кылып алмак элем?», — дейт. Күн алыс Вангага келип жүргөн Дмитрий акыры аны сүйүп калганын өзү байкабай калат. Алар балалуу болушкан эмес, бирок бир уул, бир кызды багып алышкан.

1981-жылы Ванга элге «Сак болгула” деп эскертип, “жакында адамзатына али белгисиз болгон оорулар пайда болот. Көчөдөн басып бараткан жеринен эле адамдар эч себепсиз сулай жыгылат. Буга чейин эч ким ооруй элек дартка кабылышат. Бирок, аны токтотуу адамзаттын колунан келет» деп жоромолдойт. Анда СПИД оорусу пайда боло элек кез. Ошондой эле а тибиндеги (атипичная) пневмония жана куш тумоо сыяктуу оорулар да жок болчу.

Окумуштуулардын эсеби боюнча Ванга касиетинин пайда болгон мезгилинен тартып, акыркы күндөрүнө чейин (55 жыл) миллиондон ашык адам көргөн экен. Элден түшкөн каражатка Ыйык Петка православ чиркөөсүн салдыртат. Маалыматтарда айтылгандай, Ванга аябай динчил болуп, православ чиркөөсүнүн бардык майрамдарын калтырбай белгилеп, ошол эле учурда орозо да кармачу экен.

Элдерди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен өзүн-өзү такыр дарылачу эмес. Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сураптыр. Андан соң аны жуунтуп коюусун талап кылып, «мына, эми даяр болдум» деген экен. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылдын 10-августунда саат 10дор чамасында бул дүйнө менен кош айтышат.

Ванганын айтуусу боюнча адамзатты кандай келечек күтүп жатат?

Ванга көз жумгандан бери далай жылдар өттү. Бирок, ушу күнгө чейин окумуштуулар анын жоромолдорунун маани-маңызын изилдеп келишет.

1989-жылы “Коркунуч! Америкалык бир туугандарга темир куштар кол салышат. Бадалдын түбүнөн карышкырлар уулуйт. Бейкүнөө кан дарыядай агылат” деп айтканы 2001-жылдын сентябрь айында АКШдагы Дүйнөлүк соода борборунун эки имараты террористтердин кол салуусунан кийин урап түшкөнү менен дал келет. Көк тиреп турган имараттарды эл арасында “эгиздер” же “бир туугандар” деп аташчу. Аларга террористтердин учактары “темир куштар” келип урунган. “Бадалдын түбүнөн” – Bush англис тилинде “бадал” жана “Буш” деген маанини билдирет. Башкача айканда окуя Жорд Буштун бийлик учуруна туш болгон.

“Дүйнө көптөгөн катаклизмдерди баштан кечирип, кыйынчылыктарга тушугат. Адамдардын аң сезими өзгөрөт. Оор заман келет. Адамзат динге карап бөлүнө баштайт…”- деп да кайсы бир мезгилде айтып кеткен экен. Ал заман да дүйнөнүн ар кайсы жеринде табигый кырсыктардын тез-тез кайталанып турушу, аба ырайынын, климаттын адаттагыдан өзгөрүп жатышы менен дал келет.

“2018-жылы поезддер күндөн жасалган зымдар менен учуп калышат. Нефтини иштетүү толугу менен токтойт. Жер эс алат” (1960-жылы айтылган). 2018-жылга карата окумуштуулар Айдын кыртышынан гелий-3тү өндүрүүнү пландап жатышат. Жоромолдорго жакындата турган болсок, гелий-3 күндүн ишмердигинин натыйжасында пайда болгон натыйжа жана термоядерлик реактор үчүн отун, анын өзүн эле кичинекей Күн деп атаса болчудай. Окумуштуулар белгилегендей, реактор зымга электрэнергиясын берсе, поезддер уча алышат экен.

Ванганын ушул сыяктуу алдын ала божомолдоп айткандарынын кайсылары болуп өтүү жана болгон жок экенине өзүңүздөр баам салып көрүңүздөр.

“2011-жылы радиоактивдик жаан-чачындын натыйжасында жер шаарынын түндүк жарымында жаныбарлар да, өсүмдүктөр да калбай калат. Кийин мусулмандар европалыктарга каршы химиялык согуш башташат”.

“2014-жылы көпчүлүк адамдар тери ооруларынан жабыркашат (химиялык согуштун натыйжасы)”.

“2016-жылы Европада эл азая баштайт”.

“2018-жылы Кытай дүйнөлүк державага айланат”.

“2023-жылы Жердин орбитасы өзгөрөт”.

“2028-жылы энергиянын жаңы булагы табылат. Венера планетасына жөнөтүлүүчү космикалык кеме старт алат”.

“2033-жылы уюлдук муздар ээрип, дүйнөлүк океандардын деңгээли көтөрүлөт”.

“2043-жылы дүйнөлүк экономика дүркүрөп өсөт. Европаны мусулмандар башкарышат”.

“2046-жылы адамдагы бардык органдарды өстүрүп алса боло турган мезгил келет. Башкача айтканда, органды алмаштыруу дарылоонун эң мыкты ыкмасы болуп калат”.

“2066-жылы мусулмандык Римге кол салып жаткан АКШ жаңы климат өзгөртүүчү курал-жарак колдонот. Ушул учурда жер бетинде кескин түрдө суук түшөт”.

“2088-жылы оорунун жаңы түрү – бир нече көз ирмемде картайып кетүүчү оору пайда болот”. 10 жылдан кийин анын дарысы табылат”.

“2111-жылы адамдар киборгторго айлана башташат (тирүү роботтор)”.

“2130-жылы – суу алдында колониялар пайда болот (инопланеталыктардын кеңеши менен)”.

“2164-жылы – шумдуктуудай жаныбарларды жарым-киши кылып жарата башташат”.

“2170-жылы – ири кургакчылык болот”.

“2196-жылы – азиат менен европалыктар толугу менен аралашып, ортодогу айырма таптакыр билинбей калат”.

“2256-жылы – космикалык корабль Жерге коркунучтуу бир ооруну алып келет”.

“2291-жылы – Күн өчө баштайт. Аны кайра жандандыруу аракеттери көрүлөт. Күндө ири “дүрт” этип күйүүлөр болот. Тартылуу күчү өзгөрөт. Эски космикалык станция менен кемелер кулай баштайт”.

“2371-жылы дүйнөнү улуу ачарчылык каптайт”.

“3854-жылы адамдар жаныбарларга окшоп, үйүр-үйүр болуп тирилигин өткөрө баштайт. Жерге жаңы пайгамбар келет”.

“4509-жылы адамзат өнүгүүнүн жеткен чегине жетип, Кудай менен баарлаша баштайт. Бара-бара адамдар өлбөс болуп, түбөлүктүү болушат”.

Ванганын пикири боюнча, адамзатты келечекте ушундай турмуш күтүп жатат.

Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2676 Пользователь офлайн   Mediziner   08 Июнь 2015 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кыргызстандын табышмактуу жерлери
Кыргызстанда эң эле кызыктуу, табышмактуу, сырдуу, таң калычтуу жаратылышка ээ болгон жерлер да көп.

• КРдеги эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.

• Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынан 6 км аралыкта Алтын ­Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.

• Кан-­Теңир тоо тоомунун батыш капталында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде Кептештин көлү (бул илимде Мерцбахер көлү делет) деп аталган бийик тоо көлү бар. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2 , тереңдиги 60-70 м. Деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омкорулган муз сыныктары көл үстүндө калкып жүрөт. Эңкейиш жагы жайдын акыры-күздүн башталышында жырылып, суусу Эңилчек дарыясына куюлат. Көлдө чөөттөр гана калат. Бул учурда дарыя ташкындап, ал 7-10 күнгө созулат. Бул күндөрү дарыянын өлчөмү 700 м/секундага жетет. Сууга толбогон жылдары көл жырылбай калган учурлар да болот.

• Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасынын аймагы республикада эң нымдуу жер. Мында жаан­-чачындын орточо көп жылдык өлчөмү 850-900 мм.

• Кыргызстандагы эң катуу шамал — Боом капчыгайынан чыгып, Балыкчыдан 30-40 км чыгышка чейин жетүүчү Улан шамалы. Өтө катуу соккондо 40 м/секундадан ашат. Ал эми Санташ ашуусунан башталып, көлдүн чыгыш акваториясына чейин жетүүчү (Уланга карама­-каршы чыгыштан батышты карай) Санташ шамалы өтө катуу соккондо 30-35 м/секундага чейин жетет.

• Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1,5, туурасы 1 км. Суусунун көлөмү 3 млн м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдөр да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып, балык кармагандар да болот. 1980­-жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип, космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен.

• Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет маңдайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай сапырып кетет. Ошондон бул жер “кар жатпас кара Кочкор” аталып келет.

• Таластын Көк-Сай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км жерде, жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну «Ажыдаар таш» деп аташат. Үстү оюк. Оюктун көлөмү 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу түшүп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет.

• 1970-­жылдарда Кадам-Жай районундагы Хайдаркан айылына жакын жерден табылган минерал Хайдарканит деп аталган. Бул заттын өңү кызгылт. Курамында титан, күмүш, сурьма, жез ж.б. заттар бар. Химиктердин айтымында мындай минерал башка эч бир жерден кездешпейт.

• Геология-минералогия илимдеринин кандидаты Делвес Жээнчороев Нарын облусунун аймагынан жаңы минерал тапкан. Ага Акаевин деген ат коюлган. Ал минералдардын кобальт монтморилонит тобуна кирет. Көк түстөгү ири минерал. Д.Жээнчороев алгачкы аскер кызматкерлеринин бири Жамангул Жээнчороевдин уулу.

• Аксынын Кечүү деген айылынын тоосунда жайгашкан Кой-Таш кенинде “упа таш” деген таштар бар. Башка жерде кездешпейт. Фарфор буюм жасоого пайдаланылат.

Сүрөт

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2677 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Июнь 2015 - 09:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кытайдын дуконунон тапчу тамак-аштар сонун го ээ)
Кытайдын жебегени калбады окшойт
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2678 Пользователь офлайн   Topcubai   11 Июнь 2015 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Туура эмес тамактануу жана уйкунун бузулуусу өспүрүмдөрдүн спирт ичимдиктерин колдонуусуна алып келет, - окумуштуулар

СүрөтМайлуу жана таттуу азыктардан турган тамак-аштарды жеп туура эмес тамактануу, уйкунун бузулуусу өспүрүмдөрдүн спирт ичимдиктерин колдонуусу менен түздөн түз байланышта. Окумуштуулар бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгын SLEEP 2015 конференциясында билдиришти.

Изилдөөгө орточо 16 жаш курагындагы 2539 өспүрүм катышкан. Алардын 54,2%ын кыздар түзгөн. Окумуштуулар белгилегендей, тамак-аш рационунун балансы бузулган, таттуу жана майлуу азыктарды көп колдонгондор, ошондой эле уйкусу бузулган өспүрүмдөр көбүрөөк спирт ичимдиктерин ичишкен. Уйкунун жетишсиздиги дем алыш күндөрү өтө эле узак эс алуу менен коштолгон.

Окумуштуулардын белгилөөсүндө, өспүрүмдөр туура эмес тамактануу жана уйкунун бузулуусунан келип чыккан өзүн начар сезүү сезимин жана нервдеринин чыңалуусун алкоголдук ичимдиктин жардамы менен жоюга аракет кылышкан.


Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2679 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Адамзаттын кандайча жок болорун болжошууда
Жер жүзүн ай менен эң чоң астероиддин кагылышынын натыйжасында суу ташкыны каптайт
Сүрөт Адамзаттын кандайча жок болорун болжошууда. Жер жүзүн топон суу каптайт. Мындай бүтүмгө польшалык астрофизиктер келгендигин "Звезда" телеканалы кабарлоодо.

Окмуштуулардын пикиринде ай менен эң чоң астероиддин кагылышынын натыйжасында топон суу каптайт. Бирок, бир жагдай гана болууда - асмандагы ири зат биздин ааламдагы спутниктин көлөмүнөн дагы чоң болушу керек. Бул кыгылышууда эң чоң астероид айдын бир бөлүгүнө урулуп, ажыратып кетет. Ал майдаланып жердин айланасына шакекче пайда болот. Бул шакекче Сатурнга окшошот. Айдын бүт капталын миллиондогон тонна муз каптап турат. Качан гана ал жерге жакындаганда ээрий баштайт. Бул суу ташкындары жерди жеңил эле каптап калышы мүмкүн.

Окумуштуулар топон суу адегенде Амстердам андан кийин Копенгаген жана Лондон шаарын каптайт дешүүдө. Мунун аркасынан орусиянын Калининград облусун суу басат. Суу ташкынына эң узак туруштук берген Боливиянын борбору Ла-Пас шаары болот. Ал топон суу каптагандан кийин 182 жылга чейин туруштук берип андан кийин гана жок болот.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2680 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Үч метрлик питон кожейкесин чагып өлтүрдү
Санкт-Петербургда үй шартында багылган үч метрлик питон кожойкесин чагып өлтүргөн
Санкт- Петербург шаарында үй шартында багылган питон ээсин чагып өлтүрдү. Бул тууралуу "Интерфакс" булагы жазууда.

Маалыматка ылайык сойлоп жүрүүчү жаныбырлар менен алектенген аялдын өлүмү тууралуу коңшулары милицияга кабар берген. Тартип сакчыларынын иликтөө иштеринен кийин аялды үч метрлик жылан чагып алганы аныкталган. 40 жаштагы аялдын бутунан кандын тактарын жана ваннада дагы кан издери болгон. Бул 3 метр 30 сантиметр узун жыланды аял бир канча жылдардан бери багып келаткан. Ал эми кээ бир адистер жыландын уусу болбогондугун жана кожейкесин муунтуп өлтүргөндүгүн божомолдоп жатышат. Буга кошумча аял айнек идиштерде деңиз өсүмдүктөрүн өстүрүп сатып келген. Ал эми аялдын өлүмү жылан чаккандан кийин аллергиялык реакциянын натыйжасында болгон.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 132
  • 133
  • 134
  • 135
  • 136
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 23:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: