morther (07 Июнь 2015 - 08:24) жазган:
Бир-биринен кем эмес го дегеле
Чыгармаңар мыкты тура эң эле.
Моокум канып окуп жаттым берилип,
Кээ биринин бал татыган тилине.
Бүгүн минтип окурмандын эрмеги,
Кубат берип,жан жыргатаар медери.
Адабият майданында жарыша
Келе жаткан келечектин ээлери.
Аз калгандай биздин өмүр аманат,
Улам кийин жаңы бүчүр жаралат.
Үмүтүбүз,сыймыгыбыз эртеңки,
Эл-журт өсүп ушулардан таралат.
Ар бириңдин ыйман болсун жолдошуң,
Башыңарга кетпес таалай бак консун.
Турмушуңда эч нерседен өксүтпөй,
Кызыр даарып,Эгем өзү колдосун.
Кызым Чолпонго
Суперден мен ырларыңды окудум,
Сездим андан ойлоруңдун толкунун.
Көк -Арт суусу сайга батпай ташкындай,
Кубангандан мен да ошончо толкудум.
Ыр жазганда оюң учкул шок болсун,
Мерчемине таамай тийген ок болсун.
Окуганда сезимдерди жылыткан,
Как жүрөктөн жарып чыккан от болсун.
Кадам шилте улам өрлүү тарапка,
Кошула бер "Адабияттык парадга".
Колум тийбейт,ишим көп деп шылтоолоп,
Көнө көрбө "жалкоо" деген адатка.
Ээрчите бер,окурманга ачып жол,
Ойго кенен ар бир сөзгө калыс бол.
Теги супсак уйкаштыкты кубалап,
Калагы жок халтурадан алыс бол.
Эже рахмат,сиздей акындар азайбасын!