Дене түзүлүшүӊүз 90-60-90 болууну эңсеп жүрдүңүз беле? анда эле бул жакка баш бага калыныз...
#101 20 Апрель 2014 - 21:26
#102 21 Апрель 2014 - 17:12
#103 21 Апрель 2014 - 21:14
#104 27 Апрель 2014 - 13:01
Айдашканын кеп кенештерин аябай пайдалуу. Мен билгендин баары жазылыптыр. Мен да убагында жаштык кылып. Интернеттеги диеталардын баарын тытып жибергем.
Негизиле ачуу, таттуу, куурулган, ышталган. Тамактардан этият болгула. Баарынар ден соолук каалайм
#105 27 Апрель 2014 - 16:41
#106 28 Апрель 2014 - 11:43
Эки кызым бар.салмагым 50кг чыгам
#107 28 Апрель 2014 - 12:56
shumkar929292 (28 Апрель 2014 - 11:43) жазган:
Эки кызым бар.салмагым 50кг чыгам
Ваай эркек эмессиңби сен?
#108 28 Апрель 2014 - 13:12
♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#109 28 Апрель 2014 - 14:23
#110 31 Май 2015 - 03:39
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#111 31 Май 2015 - 09:13
#113 02 Июнь 2015 - 19:29
Aselina_kg (28 Апрель 2014 - 13:12) жазган:
Мен да ушундай, канча жесем да аша чаап семирип кетпейм. Ар дайым бирдей журом, себеби ото коп кыймылдайм физический. Эгер бир -эки кг толсом озумо кадимкидей билинет .Ошол учун ар дайым бирдей жургонго аракет жасайм. 90-60-90 болуу учун генге да караса керек .
#114 08 Июнь 2015 - 13:11
#115 08 Июнь 2015 - 13:18

#116 08 Июнь 2015 - 14:14
Aselina_kg (28 Апрель 2014 - 13:12) жазган:
Бул нерсе физически жана диета кармоо ж.б коз каранды эмес деп ойлойм. Себиби бул генден. Ата-энен, чон-эне, чон апан кандай болсо ошого карап туптолосунда. Сиз айткандай кээ бир адамдар жебесе деле семире берет. А кээ бири канча коп жесе деле семирбейт. Арык бир формада журот. Значит бул тупку тамырдан

#117 08 Июнь 2015 - 22:30
#118 09 Июнь 2015 - 14:10

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялдар ашыкча салмактан арылуу максатында ар кандай ыкманы, көнүгүүлөрдү жасап, таттуу, майлуу тамактан баш тартып ачка болушат. Бирок, тилекке каршы жасаган аракеттин баары эле эффективдүү жыйынтык бере бербейт. Анын эң негизги себеби ашыкча салмактан арыла албай жаткандардын денесиндеги клеткаларга нымдуулук жетишпей майлуу клеткалар өсүп кеткендигин көпчүлүк биле бербесе керек.
Ашыкча салмактан кантип оңой жол менен кыйналбай арылса болот деген көйгөйдү көпүлүк семиздердин оюнда турат. Андыктан жөн эле отуруп арыктагысы келген айымдар үчүн кеңеш. Арыктайм деп аракет кылып тамак ичпей ачка болуп, ашыкча көнүгүүлөрдү жасаган адамдын көңүлү да чөгүнкү, урушчаак болуп, абдан чарчайт. Байыркы Кытайда бөйрөктү тазалоо үчүн бир нече литр суу ичишкен. Албетте, алар сууну минералдарга бай, таза агып жаткан табигый жеринен алышчу. Бөйрөктү тазалоо менен катар ашыкча салмактан да арылышкан.
Суу менен арыктоо
Эгер адамдын организмине тиешелүү өлчөмдөгү суу жетпей калса, кан айлануу төмөндөп терини кычкылтек жана энергия менен камсыздоо бузулат. Адамдын териси кургап, бетине тез эле бырыш түшөт. Мунун эң биринчи себеби сууну аз ичкендиктен. Илимпоздор илгери эле суткасына 2-2,5 жарым литр суу ичип турган адам эч качан семирбесин жана териси кургабасын айтып чыгнышкан. Бирок, бул чай, кофе, шире (сок) же газдалган суулардын эсебинен деп айтууга болбойт. Таза, эч нерсе кошулбаган суу организмге абдан пайдалуу. Негизи кайнатылган же эч кандай кошулмасы жок сатылган сууларды ичкен оң.
Курсак неге ачат?
Адамдын организми 80 % суудан турат. Организмди убагында суу менен камсыздап турбасак курсак тез ачып, тамак жегибиз келет. Курсак ачканда сууну эч ким ойлобойт, көз алдыга майлуу, таттуу тамак тартылат. Андыктан тамак ичээрде жана андай кийин да суу ичип турсак, бул арыктоонун эң тез ыкмасы болуп саналат. Эртең менен тамак ичээрде 30 мүнөт мурун бир стакан суу ичип, бир күндүн ичинде 3-4 стакан, кечки тамактын алдында жарым саат мурун дагы бир стакан сууну дайыма ичсе ашыкча салмактан эч кандай көнүгүүсүз жана ачка калбай эле арылаарыңызга бөркүңүздөй ишене бериңиз дейт диетологдор.
Андан тышкары бул ыкмага жаңы киришкендер биринчи жумада иче турган сууга анча-мынча лимондун же ананастын согунан кошуп койсо ашказандагы ашыкча майларды тазалоого жардам берет. Булардын ширесиндеги кислота майды эритүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ашыкча салмактан өзүн оор сезгендер жеңилденип, көңүлү көтөрүлөт. Бирок, суудан өтө ашыкча ичип оор жумуш жасаса тердетип, атүгүл денеге шишик пайда кылып чарчатат. Ошондуктан спортчулар эч качан машыгып жатканда суу ичишпейт. Баардыгы өз мерчеминде болгону дурус.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 14:16
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#119 09 Июнь 2015 - 14:23
neizvesnyi (08 Июнь 2015 - 14:14) жазган:

Tuura. Koop jesem dele semirbeym.

Figura maaniluu emes go.

#120 09 Июнь 2015 - 19:44
Активдештирилген көмүр арыктоого жардам береби?


Активдештирилген көмүрдү медициналык көрсөтмө менен кабыл алуу
Дарыгерлер бейтапка активдештирилген көмүрдү эмне үчүн дайындашы мүмкүн? Жооп жөнөкөй эле. Ал организмди токсиндерден тазалайт. Жоон ичегиге инфекция киргенде, ууланууда жана диареяда колдонулат. Ошондой эле ашыкча газ бөлүп чыгарууну жөнгө салат. Бирок, аталган дарынын көрсөтмөсүндө арыктоого арналгандыгы жазылган эмес.

Активдештирилген көмүрдүн өлчөмү
Бул дары табигый заттардан жасалып, зыяны жок делгени менен анын өлчөмү талапка ылайык болушу шарт. Ал адамдын жаш курагына жана салмагына жараша дайындалат. Андан ашырууга болбойт.

Активдештирилген көмүр ашыкча салмактан арылууга жардам береби?
Физикалык күч колдонбой жана калориясы жогору тамактар менен азыктанып, активдештирилген көмүр кабыл алып арыктооо мүмкүн эмес. Болгону бир айда бир килограмм гана салмактан арылышыңыз ыктымал. Анткени организмдеги токсиндер ашыкча суулардын өлчөмү ушунча эле болот. Ал эми тазаланган организм пайдалуу заттарды жана витаминдерди жакшы сиңирип салмакты кайрадан кошот.
Активдештирилген көмүрдү кабыл алуу негизинен эки жумадан ашпашы керек.

Арыктайм деп айлап ичкендердин психикасына доо кетип ачуулуу болуп чыга келишет. Бат чарчашат. Андыктан организмди токсиндерден тазалоо курсун өтүп жатканда калориясы аз тамак ичип, көнүгүүлөрдү жасап бир нече килограмм салмактан арылышыңыз мүмкүн. Жыйынтыктап айтканда арыктоо үчүн активдештирилген көмүрдү колдонбой эле койгон туура болот.
Живу и радуюсь каждому дню!!!