Менде жанылыктар,
белет алдым Ошко.Буйруса пониделник оз уйумдо болом.
Эмне жанылыгын бар? Озунду сынап кор...
#182 01 May 2014 - 00:49
#183 01 May 2014 - 00:51
Менде жанылыктар,
белет алдым Ошко.Буйруса пониделник оз уйумдо болом.
Мейкин аалам, ачык асман, артыңдан жакында мен дагы барам..
деп койсо уйкаштырып)).
Жакшы жетип ал.
В каждой шутке есть доля правды...
#184 01 May 2014 - 01:04
Эртең дос балам Америкадан келет.Окуусун бүттү.Тим эле менин жаныма келе тургандай сүйүнүп жатам.
#185 01 May 2014 - 01:48
#186 01 May 2014 - 01:58
Менде жанылыктар,
белет алдым Ошко.Буйруса пониделник оз уйумдо болом.
Охоо кемпир ачык асман, эсен аман келип ал. Келгенден соң звандап коюшту унутпа хорошо? Ак жол.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#187 01 May 2014 - 05:39
#188 04 December 2014 - 13:47
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#189 08 December 2014 - 02:36
Жанылык деле жок.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#192 09 December 2014 - 10:44
Jan.k dele jok,eskichilik. Ele mende.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#194 09 June 2015 - 11:01
Урматтуу форумчу-достор!
!!
Дагы бир тема ачып жатып, сиздер учун кызыктуу болот деп ойлойм...
Бул жерге кунумдук, же уккан-билген, тан калтырган кызыктуу кабар-жанылыктарыныз менен болушсонуз болот... Кыска-нуска, маалыматтуу дегендей. Мындайча айтканда, кимдир бироо озун журналист сезгиси келсе, бизге жанылык айтып бериниз...
Жанылыктын темасына чек жок. Саясат, экономика, шоу-бизнес, кулинария, спорт, же просто УШАК...

ЛЕЙЛЕКТЕ СЕЛ МАЛ-ЖАНДЫКТЫ АГЫЗЫП КЕТТИ
Баткендин Лейлек районундагы үч айылда 8-июнь кечинде жүргөн сел жүздөн ашуун турак үйлөргө зыян келтирип, мал-жандыкты агызып кетти. Жабыркагандарга убактылуу чатырлар тигилип, куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Табигый кырсык келтирген зыянды тактоо жана тазалоо иштери улантылып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.
Ошондой эле Жалал-Абаддын Сузак районунда сел жүрүп, Курманбек айылындагы бир турак үйдү суу каптады. Алдын ала маалымат боюнча койлорду суу агызып кеткен.
Адистер 9-11-июнь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы өкүм сүрүп, көпчүлүк райондордо нөшөр жаандан улам сел жүрөрүн эскертүүдө. Тоолуу аймактарга кар түшөт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#195 09 June 2015 - 11:03
Кечээ,
8-июнда Республика боюнча күчтүү шамаал катталды. Адистердин эсеби боюнча анын ылдамдыгы секундасына 27 метрге жеткен. Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.
Шамаалдын айынан Бишкектин көп жерлеринде бак-дарактар жыгылып, жолдорду тосуп калган. Совет, Горкий көчөлөрүнүн кесилишинде жарнама тактасы да жыгылган. Борбор шаардын Рыскулов Совет, Чапаев, Гагарин Фрунзе, Фучик көчөлөрүндө да бак-дарактар жыгылганы катталган.
Андан тышкары көптөгөн турак жайлардын чатырларын шамал алып кеткени айтылууда. Азырынча чыгымдарды эсептөө иштер жүрүп жатат деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Шамаалдын айынан Бишкектин көп жерлеринде бак-дарактар жыгылып, жолдорду тосуп калган. Совет, Горкий көчөлөрүнүн кесилишинде жарнама тактасы да жыгылган. Борбор шаардын Рыскулов Совет, Чапаев, Гагарин Фрунзе, Фучик көчөлөрүндө да бак-дарактар жыгылганы катталган.
Андан тышкары көптөгөн турак жайлардын чатырларын шамал алып кеткени айтылууда. Азырынча чыгымдарды эсептөө иштер жүрүп жатат деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#196 09 June 2015 - 11:06
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Июнь коогасынын беш жылдыгын утурлай Кыргызстандын күч органдары 9-11-июнь күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Өкмөттүн басма сөз кызматы аларга ушундай тапшырма берилгенин билдирди. Тартип сакчылары калк ичинде түшүндүрүү иштерин да күчөтөт.Жүздөгөн кишилердин өмүрүн алган июнь калабасы 2010-жылдын 10-июнунда башталган эле. Жыл сайын ушул убакытта эл арасында дагы башаламандык болушу ыктымал деген ушак-айың тарайт.
Июнь коогасынын беш жылдыгын утурлай Кыргызстандын күч органдары 9-11-июнь күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Өкмөттүн басма сөз кызматы аларга ушундай тапшырма берилгенин билдирди. Тартип сакчылары калк ичинде түшүндүрүү иштерин да күчөтөт.Жүздөгөн кишилердин өмүрүн алган июнь калабасы 2010-жылдын 10-июнунда башталган эле. Жыл сайын ушул убакытта эл арасында дагы башаламандык болушу ыктымал деген ушак-айың тарайт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#197 09 June 2015 - 11:09
Мамлекеттин карамагына алынды делген менен ал мүлктөрдүн тагдыры азырынча белгисиз.
Сот тарабынан мамлекеттин пайдасына алынган жер тилкелери менен мал-мүлктүн көпчүлүгү жеке колго өтүп, андан ары үчүнчү бир тараптарга сатылып кетип жактан фактылардын бети ачылууда.
Ошол эле кезде укук коргоо органдары арадан беш жыл убакыт өткөнүнө карабастан аталган адамдардын чет өлкөдөгү банк эсептери менен мүлктөрүн камакка алып, мамлекеттин пайдасына кайтара алышкан эмес.
Чекесинен сатылган жер тилкелери
Июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан сот өкүмү угузулган Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасуловдун мүлкүн конфискациялоо чечими 2011-жылы эле чыккан болчу. Анын негизинде Кадыржан Батыровго жана анын өмүрлүк жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объектке камак коюлуп, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн.
Бирок жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү Батыровго таандык жер тилкелери, айдоо аянттары, мал чарба фермалары, автоунаалары, айыл чарба техникасы жана курулуш шаймандары соттун чечиминде так тизмектелип, көргөзүлбөгөнүн айтып чыгышкан. Анда анын бир катар мал-мүлкү менен жер тилкелери жеке колго өтүп, үчүнчү бир тараптарга сатылып кеткен учурлар катталган.
Бул боюнча учурунда Батыровдун “Аль-Каб” жана “Экрос” ишканаларына таандык мүлктөрдү жалган документтердин негизинде үчүнчү бирөөгө сатуу фактысы боюнча 2014-жылы кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абаддагы укук коргоочу Анарбай Орозов быйыл апрель айында камакка коюлган Батыровго таандык айдоо аянттары чекесинен сатыла баштаганын ачыктады:
- Сузактын Таш-Булак айыл аймагында камакта турган Батыровго таандык жер аянттарын айыл аймагынын башчысы Музаффар Исаков чекесинен сатып жатат. Ага мындай укукту ким берди? Биз бул тууралуу Сузактын акимине, облустун прокуроруна арыздандык. Арызды карап, иштин жагдайын териштирүүнүн ордуна облустук прокуратура менен район жетекчилиги айыл аймагынын башчысын коргоого өтүштү. Бардыгы биригип алып, таштак категориядагы жер аянты деген чечим чыгарып, ошонун негизинде сатууга уруксат берип жатышат. Бул жерде бардыгынын кызыкчылыгы төп келди. Көз көрүнөө мыйзам бузуулар турса да Музаффар Исаков тергөөгө барбайт. Буларды бир тескеген жетекчи барбы?
Бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эле, акимчилик жана прокуратуранын катышы бар деген доомат азырынча документ түрүндө тастыкталган жок. Анткени аталган жер тилкеси Батыровдун ишканаларына таандык жер тилкеси катары атайын тизмеде бар экендиги документалдык далилди талап кылат.
Ошол эле кезде Жалал-Абад облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу Нурлан Дарданов укук коргоочунун айткан дооматтарын четке какты:
- Ал киши жалган маалымат берип жатат. Кадыржан Батыровдун мүлктөрү толук мамлекетке өткөн. Анын бардыгы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына берилген. Анын алдында элдик мамлекеттик ишкана түзүлүп, ошол ишкана аркылуу конфискацияланган мүлктөрдү башкаруу иши жүрүүдө. Бул жерде мына ошол тизмеге кирген жер тилкелери сатылып кетти деген туура эмес.
Талаш жараткан жагдайлар
Ошол эле кезде Батыровдун мүлкүнө орусиялык “Вацет” компаниясы да доомат арткан. Анткени аталган компания Батыров ага бир миллион доллар карыз экенин айтып, 2012-жылы Жалал-Абад район аралык сотунан утуп алган. 2014-жылдын 5-июнунда Жогорку Сот бул маселени карап чыгып, кайра облустук соттун кароосуна жөнөткөн. Ошондон бери камактагы мүлктөрдүн башы ачылбай турган.
Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Санжар Абжалов бул маселе боюнча эбак эле соттук териштирүүлөр аягына чыгып, талаш-тартыш бүткөнүн белгиледи:
- 28 объект боюнча маселе чечилген. Алардын бардыгы учурда мына ошол Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн объекттер үчүн ошол мамлекеттик орган жооп берет. Прокуратура органдары мыйзам чегинде аталган мүлктөрдү камакка алып, алардын бардыгын мамлекетке сот аркылуу кайтарып берди. Мындан аркы анын бүтүндүгү үчүн ошол мамлекеттик орган жооп берүүгө тийиш.
Бирок ошол мамлекеттин карамагына өткөрүлдү деп аталган 28 объект кайсылар экени азырынча коомчулукка ачык жарыялана элек. Бул тизмеде кайсы жер тилкелери, кандай мүлктөр жана ишканалардын баалуу кагаздары бар экени тууралуу негедир бир дагы бийлик органынан тактап биле албай койдук. Бул маалымат эмнеге мынчалык жашыруун экени туурасында сурообузга да тыңгылыктуу жооп болбоду.
Жалал-Абаддагы саясат талдоочу жана журналист Жалил Сапаров мүлктөрдү пайдаланууга берүүнүн создугушу жана маалыматтын жетишсиздиги шек жаратып жатканын айтты:
- Элге ошол мүлктөр туурасында ачык жана так маалымат берилбей жатат. Мисалы, ошол конфискацияланган мүлктүн баланстык баасы канча? Ошол тизмеге кайсыл объекттер же жер тилкелери кирди? Эч ким так маалымат бере элек. Мына ошондуктан бул жерде жең ичинен кандайдыр бир иштер жүрүп жатат го деген каңшаарлар күчөп жатат. Болбосо тиешелүү мамлекеттик органдар ачык жарыялап, тизмектеп берүүгө тийиш эле да. Ошондой ачык маалымат болбогондуктан элде Батыровдун мүлктөрүн ич ара бөлүшүп алышты деген маалыматтар тарап жатат.
Тизмеге кирбей калган завод-фермалар
Ошол эле кезде Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Иномжан Абдирасуловго таандык болгон мал-мүлк туурасында тиешелүү бийлик органдары менен прокуратурадан жетиштүү маалымат ала алган жокпуз. Ош облусунун прокурорунун орун басары Маматкерим Айтикулов бул маселе боюнча суроолорго кагаз жүзүндө берилген суроо-талаптын негизинде гана, мыйзамда каралган мөөнөттө жооп бере турганын айтып, Иномжан Абдирасуловдун бул жакта калган мүлкүнүн тагдыры туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.
Ошол эле кезде өзүнүн атын ачык айтуудан тартынган Кара-Суу районунун тургуну Иномжан Абдирасуловдун мүлктөрү мамлекетке өтпөгөн менен кайсы бир жеке колдун карамагында экенин айтты:
- Иномжан Абдирасуловго таандык пахта тазалоочу завод менен анын мал чарба фермалары иштеп жатат. Бирок кожоюндары алмашкан. Ал жерде менимче бийликке жакын бир адамдар иш алып барып жатат окшойт. Пахта тазалоочу заводдун аты мурда “Эргеш ата” болчу. Азыр аны Cotton Textile Factory деп өзгөртүп коюшкан. Бул объекттер мамлекетке өткөн эмес. Башка бир жеке адамдардын колуна өткөнү же бир ижарага берилгени белгисиз. Бул объекттер конфискацияланган мүлктөрдүн арасында да жок. Менимче мурдагы кожоюндары менен кийинки кепилдик берген бирөөлөр келишип алган болсо керек.
Кыргызстандагы жана чет жердеги мүлктөрдүн тизмеги
Ошол эле кезде Кадыржан Батыровго 2011-жылы чыккан сот өкүмүндө анын мал-мүлкү толугу менен мамлекетке алынары көрсөтүлгөн. Бирок кийин расмий түрдө Жалал-Абаддын Сузак районундагы чакан жер тилкеси гана ага катталган болуп чыгат. Батыров атындагы "Эл достугу" университети, "БатырАвиа" компаниясына таандык ИЛ-76 жана ЯК-40 тибиндеги төрт учак, “Достук” акционердик коому, “Айыл чарба химиясы” ишканасы, медициналык клиника, Жалал-Абаддагы “Шабдалызар” базары, эки миң баш кой-эчки менен үч жүздөн ашуун кара мал кармаган фермалары менен гектарлаган жер тилкелери иликтөө учурунда Батыровдун жакын туугандарынын атына жазылгандыгы аныкталган.
Мындай мисалдар ондоп саналарын айткан изкубарлар Батыровдун мүлктөрүн анын ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого алууга жергиликтүү жана борбордук бийлик өкүлдөрүнүн катышы болушу мүмкүн деп шектенишет.
Мындан сырткары чет элдик маалымат агенттиктеринде Батыров менен Абдирасуловдун чет өлкөдөгү бизнестери тууралуу дагы маалыматтар жарыяланган. Анда Кадыржан Батыровго Москвадагы “Аллстрой-Текс”, “Холор”, “Арк-Транс” жана “Савин” сыяктуу ири ишканалар таандык экени көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Батыров Москвадагы “ДГЛ-Групп” компаниясына жана Курск шаарындагы “Новость” деген аталыштагы тамеки фабрикасына ээлик кылары жазылган. Москвадагы “Экрос” акционердик коомунун, Ферганадагы мунай заводдун жана Өзбекстандагы темир жол тетиктерин сатуучу мекеменин теңшерик кожоюндарынын бири экендиги аныкталган. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдары алардын чет өлкөдөгү мүлктөрүнүн бирине дагы камак коюп, сот аркылуу мамлекет пайдасына конфискациялай алган эмес.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#198 09 June 2015 - 11:13
ЖОГОРКУ СОТ РЯБУШКИНДИН АРЫЗЫН КАРАЙТ
Бул тууралуу Александр Рябушкин билдирди. Анын айтымында, сот анын арызын кароону 10-июнга белгиледи. Рябушкин арызында “Вечерний Бишкек” гезитине ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% акциясы ага таандык экенин тастыктоону өтүнгөн. Буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соту Александр Рябушкиндин доо арызын канааттандырган.
Александр Рябушкин менен соттошуп жаткан Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцовдун билдирүүсүнө караганда, аларга соттун дайындалышы боюнча маалымат келе элек. Бирок алар да Биринчи Май жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко арыз жолдошкон. Ошондуктан эки арыздын бир каралышы күтүлөт.

#199 09 June 2015 - 11:16
БИШКЕКТЕ КАНИКУЛ КҮНДӨРҮ 44 ЛАГЕРЬ АЧЫЛДЫ
8-июнда Бишкекте 44 эс алуу лагери иштей баштайт. Анда дээрлик 3 миң мектеп окуучусу ден соолугун чыңдап, эс алышмакчы. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.
Белгиленгендей, лагерлер эртең мененки саат 8ден түшкү саат 2ге чейин иштемекчи. Балдар үчүн атайын эки маал ысык тамак уюштурулат.
Мектептерге караштуу лагерлердин 400 кызматкери окуучулар менен биргеликте иштешет.
Жайкы эс алуу учурунда "Алтын түйүн" республикалык балдар инженердик- техникалык академиясы менен биргеликте дээрлик 3 миңден ашык шаардык окуучуларды 18 багыт боюнча ийримдерге катыштыруу пландалууда. Лагерлерде спорттук иш-чараларды өткөрүш үчүн атайын спорт зал, футбол, баскетбол үчүн аянтчалар жана чуркоо жолу даярдалды.
"Саламаттыктык сактоо департаменти тарабынан мектептин караштуу бир лагерге медицина кызматкерлери бекитилет. Медициналык кабинеттерде жана оюн ойноочу бөлмөлөрдө алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар даярдалган. Лагерлердин бардык кызматкерлери медициналык кароодон өткөн", - деп мэриядан билдиришти.
Мындан тышкары, жол-транспорт кырсыгынан сактануу, эскертүү максатында "Жол чырак-менин мыкты досум" аталышындагы оюндар, жол көзөмөл кызматкерлеринин жетекчилиги астында жол эрежелери боюнча сырттан өткөрүлө турган лекциялар пландалууда.

#200 09 June 2015 - 11:19
ПРОКУРАТУРА МАМЛЕКЕТКЕ 53 БАЛА БАКЧАНЫ КАЙТАРЫП БЕРДИ
Прокуратура органдары тарабынан мамлекетке мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин 53 объектиси кайтарылды. Буд тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, кайтарылган объектилердин 26сы мыйзамсыз менчиктештирилген, 27син туура эмес пайдаланып жатышкан.
Мамлекетке кайра кайтарылган объектилердин арасында аймактар боюнча төмөнкүдөй көрсөткүч болду:
Чүй областы - 21 объект;
Ош областы – 6 объект;
Ысык-Көл областы – 7 объект;
Жалал-Абад областы – 8 объект;
Талас областы – 4 объект;
Баткен областы – 3 объект;
Нарын областы – 3 объект.
"Кыргызстандын прокуратура органдары мектепке чейинки билим берүү объектилерин кайтаруу боюнча республиканын мыйзамында каралган баардык чараларды учурда ишке ашырып жатат",-деп кабарлашты Башкы прокуратурадан.

Супер-Инфо
super.kg
видео