Сакадай бою сары алтын куудул Борончу Кудайбергеновдун бала кездеги жоруктары, тентектиги жөнүндө бир тууган ага-иниси айтып берсе, сахнадан сырткары сырларын достору ачып берген.
"Колу кандуу, кыз жандуу, көк бет Борончу Кудайбергенов"
#1 11 Ноябрь 2013 - 19:18
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 11 Ноябрь 2013 - 19:19
"Урушканга убакыт деле болбойт" - Борончу менен алты ай сүйлөшүп жүрүп мени алакачып алган, азыр эки уулдун ата-энесибиз.
Жолдошум сахнада башкача, үйдө башкача жүрөт. Бирок, баары бир куудул болгондон кийин күлдүрмөйүн сүйлөбөйт. Аябай баласаак болгону менен убактысынын көбүн талаа-түздө өткөрүп балдардын тарбиясы менен ашканага көп кийлигише бербейт. Мындай күндөрү деле эрте кетип кеч келгендиктен аркы-беркини урушуп- талашканга убакыт жок. Кокус уруша кетсек элдешкенге биринчи кадамын таштайт, мага караганда ак көңүл десем болчудай.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 11 Ноябрь 2013 - 19:20
Досу Сүйүн: "Борончу,
көк бет анан кыз жандуу" - Борончу менен бала кезден бери досмун, азыр деле үй-бүлөбүз менен катышабыз. Колунан келсе бирөөгө жардам берип, бирөөнүн көңүлүн көтөрүп койгонду жакшы көрөт. Өзү дагы "Бирөөнө жакшылык кылбасаңар да, жамандык кылбагыла"
деп көп айтат. Көкбеттиги бар, бир нерсени баштаса аягына чыкмайын жаны тынбайт. Бою кичинекей болгону менен "быстрый-
шустрый" жигит, кичинекей кезинде эле кыздарга көп барчу, кыздар менен көп сүйлөшчү, бир сөз менен айтканда кыз жандуу. Отуруштарда унчукпай отура берет, сөздүн кезеги келгенде бир каткыртып коёт, ашыкча ичимдик иче бербейт. Жакында эле ал катышкан концертке барып, андан чыгып кафеде түнкү саат үчкө чейин отурдук. - Борончунун бою кичинекей болгону менен бою эки метр болгон агасы бар. Анын жанында Борончу белинен эле келип калат. Үйүнөн бою жагынан да, тамашакөйлүгү жагынан да атасын тартыптыр. Атасы согушка катышкан, тың киши болчу, сексенге чыкканда деле велосипед тээп жүрдү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 11 Ноябрь 2013 - 19:20
Классташы Айбек: "Борош кыздардын үйүн түнү менен кыдырып…"
- Жетинчи класста окуп жүргөндө "А" класс, "Б" класс болуп окучубуз. Эки классты бириктирип окуп калдык. Эки класстын кыздары баары биригип толгон-токой балдардын арасынан Борошту жакшы көрүшөт десең (мектепте Борончуну Борош дечүбүз). Биздин бери жакта туруп ичибиз күйөт, анан жинибиз келип Борончуну кармап алып жакалап, "Эмне үчүн кыздардын баары сени эле жакшы көрүш керек, кыздардын баарын бирден сөгүп чыгасың!"
дедик. Биздин максат аны да жаман көрсөтүш болуп жатат. Борончу айласы жок макул болду, ошентип "А" класс менен "Б" класстын кыздарын бир класска чогултуп камадык. Анан ар бир кыздын мектепте койгон кличкалары бар да, Борончу ар бир кыздын кличкасын айтып шатыратып сөгүп чыкты. Бери жакта туруп "эми Борошту да кыздар жаман көрүп калды" деп биздин моокумубуз канып турабыз. Көрсө, Борончу класстагы төрт кыз менен кошуна турчу, кечинде аларга барып "мени балдар силерди кыйнап сөктүрдү, баарынан кечирим сурап чыгам, силер мени менен баргыла" деп төрт кызды ээрчитип алып баягы сөккөн кыздардын үйүн түнү менен кыдырып кечирим сурап чыгыптыр. Эртеси күнү сөгүү жеген кыздардын баары эле кайра "Борош, Борош " деп жүрүшөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 11 Ноябрь 2013 - 19:22
Агасы Кубан: "Санипа, ручкам жукпай калды..." - Борончудан эки жаш улуумун, экөөбүз удаа эле чоңойдук. Мен беш жаштагы кезим болсо керек, апамдар Борончуну маңдайына отургузуп алышып манжаларын санап берип жатышат: "Бул баш бармак, бул сөөмөй, бу аты жок?" дешсе Борончу "Эмнеге аты жок, атын айткыла" дейт, апамдар "ой, бул манжанын аты ошо-аты жок деп аталат" десе болбой, "эмнеге аты жок атын айткыла эле айткыла" деп бир күн кечке ыйлап, атам менен апамдын айласын кетирген. Дагы бир жолу казанда эт кайнап жатат, улуу агабыз эттин учунан кичине кесип жеп "мени эт жеди деп апамдарга айтпагыла"
десе биз башыбызды ийкеп тим болдук. Эшиктен апам кирип келсе Борончу тура калып "эч ким казандан эт кесип жеген жок" деп сурай электе эле кыйкырып айтып салган. Биздин үй мектепке аябай жакын эле. Санипа деген мектепте сабак берген эжекебиз апам менен теңтуш болчу, анда-санда үйгө келип чай ичип кетет. Апам аны Санипа деп атынан эле айтат да, аны Борончу угуп калса керек. Сентябрь айларында мектепке жаңы барган кезинде Борончу сабак жазып жатса ручкасы жукпай калат. Анан Санипа эжейинин маңдайына барып "Санипа, ручкаңды берип турбайсыңбы,
меники жукпай жатат" дептир. Санипа эже апама даттанып үйгө келген болчу. Негизи Борончу өтө эле шок өстү. Удаа-удаа төрөлгөндүктөн бири-бирибизге ынак болдук.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 11 Ноябрь 2013 - 19:23
Иниси Рысбек: "Борончунун колу кандуу болчу" - Борончу байкем экөөбүздүн ортобуз бир жарым жаш. Кичинекей кезинде укмуштуудай тентек, анан көк болчу. Бирөөлөрдөн таяк жеп калса ыйлабай, ызырынып көгөрүп калчу, оңой менен көзүнөн жаш чыкпайт. Ата-энем тоодо мал бакчу, ал туулган 22-май күнү тоого 40 сантиметр кар жаап, бороон-чапкын болуптур, ошондон улам аты Борончу аталып калган. Алты айлык кезинде атамдын агасы багып алабыз деп калышты, ыйлаактыгын сураба. Апамдар да: "Мейли бакса багып алышсын, ыйлаактыгына чыдабай эки күндөн кийин кайра алып келип берет" дешиптир. Бирок алар байкемди алты айынан баштап алты жашка чыкканга чейин багышты. Алты жаштан кийин бизге келди, балдар менен күнүгө мушташат, анан дагы колу кандуу болчу, бирөөнү чапса дароо канайт. Бою кичине болсо да өзүнөн чоң балдар менен мушташчу. Оокат кылганда мага караганда элпек эле, бир нерсеге жумшаса чуркап барып алып келе калат. Бир жаман жери көк беттиги ушул күнгө чейин калды. Жеңем экөө уруша кетсе бир жумалап сүйлөшүшпөйт.
Кээде мен айылдан барып калсам экөө сүйлөшпөй отурушкан болушат, мен да жөн турбай: "Эмне бири-бириң менен сүйлөшпөйсүңөр же мени жактырбай жатасыңарбы"
десем "Урушканыбызга бир жума болду эле, көптөн бери сүйлөшпөй жаттык эле" дешип анан айла жок сүйлөшүп башташат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 11 Ноябрь 2013 - 19:35
Мага тааныш макала, бир жерден окуган элем. Эстей албай жатам. Айтсаныз кайсы журналда эле?
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#9 11 Ноябрь 2013 - 19:37
Тушунуксуз адам ушул Бороончу
Турмуш озу тараза кылсын.
Биз эмес
Биз эмес
#10 11 Ноябрь 2013 - 19:38
#11 11 Ноябрь 2013 - 19:42
Мага жагат,башка куудулдардан айырмаланып турат го.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#12 11 Ноябрь 2013 - 19:43
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 11 Ноябрь 2013 - 19:51
Bokem owon uchun Aigulgo baryp, siler jakta pogoda kandai dep surachuu ekenda. Talanty bar Adam. Korso jawynda ele tyrywchaak ekenda.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#14 12 Ноябрь 2013 - 02:30
Ushul Boron4u Kudaibergenov kyz janduu degenderine koshulam.Sebebi:Karaköldük Gulzina değen kyz m-n jakyn mamilede bolup jürüp,al kyzdan özünö okshosh balasy dagy bar
Birok talantyna söz jok..
Birok talantyna söz jok..
#15 26 Ноябрь 2013 - 01:35
Ажыга барып келди беле же,сахнада ажыга барган адамдын ролун аткарды беле,шото чаташып жатамда
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#16 26 Ноябрь 2013 - 14:41
Таланттуу ака да. Шото анча чыкбай калдыбы.. Же мен корбой жатамбы.
#17 26 Ноябрь 2013 - 14:55
Анча чыкпай калды да.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#19 09 Июнь 2015 - 12:02
БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ,
КУУДУЛ: «ЧЫМКОРГОНДУКТАРДАН ТАЯК ЖЕП, КОНОККО БАРЫП, АЛДАНЫП КАЛГАНБЫЗ»
- Илгери Чубак Сатаев экөөбүз бирге иштечүбүз. Мен анын «Рафик» машинасын айдачумун. Машинанын капталына Чубак Сатаев деп жазып алар эле. А кезде ушул машине менен соодагерлер айылдарды көп кыдырып, ар нерселерди сатышчу. Бир күнү «Рафикти» айдап бир айылда кетип бара жатканбыз, бир маалда алыс жактан бир апа колун шилтеп эле кыйкырып келе жатат. Чубак: «Эмне болуп кетти экен? Токточу!» деп калды. Мен да бир нерсе болуп кеттиби деп токтосок эле, «Айланайындар!
Айланайындар,
мага да керек эле. Мага да таштап кеткиле!» деп калды. Анда мен, «Ээ апа, эмнени таштап кетели?» десем, «Чай керек эле» дейт. Анда биз күлүп эле «биз чай сатпайбыз» десек, «ой, чай сатабыз» деп жазып алыптырсыңар го» деп жатпайбы. Көрсө, ал апа Чубак Сатаев деген жазууну чай сатылат деп окуган экен (күлүп).
Негизинен Чымкоргон айылы десе эле көптөр жиндикана деп ойлошот окшойт. Эсимде, бир жолу ошол айылга концерт уюштуруп, кечинде администраторубузду айылды аралап элди концертке чакырып кел деп жибербейбизби. Анан ал жаңы иштеп жүргөн бала айылды кыдырып «Урматтуу Жиндикана айылынын тургундары, концертке келгиле» деп кыйкырган экен. Жолдон айылдын топ балдары кармап алышып «Бул жер сага жиндикана болуп кеттиби?» деп сабашкан тура (күлүп).
Дагы бир жолу кайсы бир айылда концерт берип жүрсөк, бир жигит шыпылдап келип эле «Үйгө конокко баргыла, ата-энем да күтүп атат» дегенинен «макул» деп тиги баланы салып алып кийинки айылга бет алдык. Барып эле бир үйдүн алдына токтогондон кийин тиги жигит «азыр» деп үйгө кирип кетти. Биз бир сааттай күтүп туруп, акыры бир балабызды «барып карачы» дедик, көрсө, ал үйдө эч ким жашабайт экен. Ал жигит бизди жөн эле алдап, өзүнүн айылына жеткиртип алган экен (күлүп). Эми, «Бир көргөндү хан көрбөйт, бир көргөндү ит көрбөйт» болуп кээде шатыра-шатман болуп, кээде алданып да калган учурларыбыз көп эле болот.

Негизинен Чымкоргон айылы десе эле көптөр жиндикана деп ойлошот окшойт. Эсимде, бир жолу ошол айылга концерт уюштуруп, кечинде администраторубузду айылды аралап элди концертке чакырып кел деп жибербейбизби. Анан ал жаңы иштеп жүргөн бала айылды кыдырып «Урматтуу Жиндикана айылынын тургундары, концертке келгиле» деп кыйкырган экен. Жолдон айылдын топ балдары кармап алышып «Бул жер сага жиндикана болуп кеттиби?» деп сабашкан тура (күлүп).
Дагы бир жолу кайсы бир айылда концерт берип жүрсөк, бир жигит шыпылдап келип эле «Үйгө конокко баргыла, ата-энем да күтүп атат» дегенинен «макул» деп тиги баланы салып алып кийинки айылга бет алдык. Барып эле бир үйдүн алдына токтогондон кийин тиги жигит «азыр» деп үйгө кирип кетти. Биз бир сааттай күтүп туруп, акыры бир балабызды «барып карачы» дедик, көрсө, ал үйдө эч ким жашабайт экен. Ал жигит бизди жөн эле алдап, өзүнүн айылына жеткиртип алган экен (күлүп). Эми, «Бир көргөндү хан көрбөйт, бир көргөндү ит көрбөйт» болуп кээде шатыра-шатман болуп, кээде алданып да калган учурларыбыз көп эле болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 12:03
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#20 09 Июнь 2015 - 12:11
Айрыкча Тынар экөөнүн тамашалашкандары жагат

Жакшы болуш аста-аста
Жаман болуш бир паста
Жаман болуш бир паста