Тунук жүздүү кореялык айымдардын сулуулук сырлары

Сулуулукка кам көрүүдөгү кореялык ыкмаларды колдонуп, өзүңүз үчүн сулуулуктун жаңы философиясын ачыңыз. Ал сизге жүзүңүздүн тунук жана жагымдуу болушуна шарт түзөт.
Көп функциялуу азыктарды колдонуңуз
Сулуулук дүйнөсүндөгү жаңычылдыктын бири аталган ВВ- бет майы Түштүк Кореядан дүйнөгө тараган. Бирок, ал немис дермотологдору тарабынан иштелип чыккан. Анын курамында тоналдык бет майда кездешкен кошулмалар бар. Ал бет терини сыйдам кылат жана күн нурунан эң мыкты коргойт.

Бетке кам көрүүчү каражаттарды аралаштырыңыз
Кореялык айымдар эч качан курамында бир нече (2 в одном, 3 в одном) кам көрүүчү каражаттарды колдонушпайт. Алар ар түрдүү каражаттарды өз өзүнчө пайдаланышат. Терини калыбына келтирүүчү бальзам, сыйдамдоочу сыворотка, тоналдык бет май сыяктуу каражаттарды ар түрдүү ыкма менен колдонушат.

Талап кылынган тазалоо
Сулуулукка кам көрүүдө кореялык айымдар бет терисин тазалоого өтө олуттуу мамиле жасашат. Алар эч качан макияж менен укташпайт. Кечинде сөзсүз таза жууп, маска коюп, артынан терисине ылайык бет май сүйкөп жатышат.

Организмди "сугарып" туруңуз
Бет териге анын сыртынан канчалык кам көрүп аракет жасабаңыз, эгер денеңизде суунун өлчөмү аз болсо бет тери эч качан нымдуу жана сыйдам болбойт. Андыктан сууну тиешелүү өлчөмдө кабыл алыңыз. Бир күндүк норма 8 стакан таза суу. Ошондой эле бет терисине пайдалуу диеталарды тынымсыз кармап турушат. Тузду аз колдонушат. Жер- жемиш жана жашылчалар менен көбүрөөк азыктанышат.

Бет булчундарына көнүгүү жасап туруңуз
Бетиңизге күн сайын көнүгүү жасап турсаңыз, булчуңдар бир калыпта жүрөт. Ал үчүн күн сайын 10 жолудан "ма-ме-ми- мо-му"- деп кайталап коюу эле жетиштүү. Мындан сырткары, дем алып оозуңузга абаны бир нече убакыт кармап андан кийин абаны чыгарып турса да болот.

Жеңил макияж тандаңыз
Кореялык айымдар кмакияж жасоодо айрыкча көздөрүнө маани беришет. Жеңил жана сызыктарды белилеп туруучу гана косметикаларды колдонуп, эриндерин табигый түстүү гана ооз боёгуч сүртүшөт.
Косметикалык каражаттардын колдонуу мөөнөтүнө көңүл буруңуз
Кайсы гана косметикалык каражат болбосун, анын оозун ачкандан кийин анын курамындагы заттар күн өткөн сайын күчүн жоготот. Андыктан кореялык айымдар косметиканын колдонуу мөөнөтү жеткенге чейин ыргытышат. Аз өлчөмдө чыгарылган бет майларды колдонушат.

Бет менен кошо моюнга кам көрүңүз
Бетиңизге бет май сүйкөйсүзбү же маска жабасызбы айырмасы жок, моюн терисине да кошо кам көрүүнү унутпаңыз.

Эфир майларын колдонуңуз
Кореялык айымдардын сулуулугун арттырган сырлардын бири, алар эфир майларын көп колдонушат. Бет териңиздин абалына жараша эфир майларын алып колдонуңуз. Ал өлгөн торчолордон арылтып, жаңыларын пайда болушуна себеп болот. Бет теринин өңүн жакшыртат.