Косметикага канча акча сарптайсыңар? арзанын аласыңарбы же кымбатынбы?
#141 28 Март 2015 - 12:29
Терим кургак болгондуктан,
бетиме 3 айда бирден детский крем алам, кашыма алган карандаш 1 жылга жетет, той-кечелерге деп алган духи, подводка, блеск для губ, тушь-булар 2-3 жылга жетет. Ошондо бир жылга орточо эсеп менен 1500-2000 дей эле кетет экен.
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#142 28 Март 2015 - 15:26
#143 28 Март 2015 - 16:25
Баарын бир албаганга канча кеткенин билбейм бирок керектуу нерсенин баарын алганга аракет кылам
#144 28 Март 2015 - 20:39
Бир эски духини издеп журом. Дагы деле чыгарышса сатып алат болчумун. Арзан эле, тиги бренддердин алдында баасы суу кечпей палат. Бирок жыты сонун да, мага жарашат.
Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 28 Март 2015 - 20:39
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#145 28 Март 2015 - 21:52
Ойлосом мен косметикад колдонбойт экем дайым. Кез кезде эле колдоном. Бирок созсуз спрей жанымда журот. Косметиканы кобунчо эжем белеке берет. Акча коротпойм деле атайын.
#146 29 Март 2015 - 00:53
мен да озуно карап,тыкан жургон аялдарды жакшы кором,озумду да ошондой алып жургонго аракет кылам.Негизи тушь,помада,
тень карандаштарды oriflame ден колдоном.Ал эми крем,очищения дээгелэ бетке кам коруудо Mery Key фирмасынан алам.Негизи Meri key дин кремдери дневной-ночной решение деп койот алар 4,200 р турат.Ошондо мен духи,тушь,памада,
тен,карандаштарды 6 ай колдоном буларга общий 2500,бетке кам коруудо 4200 р.Ошондо бир жылда 13,400 р кетет экен.Бул акчаны 2014-2015-жылдары гана корото баштадым.Анткени аял киши озуно карап журуш керек экен.
#147 29 Март 2015 - 05:45
Меники ото коп кетет экен косметикага акчам, кыйратып деле боенбойм озу, бирок кымбат баалуу алганга аракет кылам. Чет мамлекеттин косметикаларын.
Мисалы Долива, Вишы,Мери Кей ушуларды....
Билдирүүнү түзөткөн: peri-jan: 29 Март 2015 - 05:46
#148 29 Март 2015 - 10:46
Мага тушь белый тен духи карандаш черный болсо эле болот. Кооп бойонгонду жаман көрөм бирок Өзүмө карап тыкан жүрөм.
oriflame amway Дин кометикаларын колдоном amway косметикасы аябай кымбат болгондуктан, алганына жараша акчан кетeт.
Мисалы бир чыдап алып алсаң бир жылга жетет да.
oriflame amway Дин кометикаларын колдоном amway косметикасы аябай кымбат болгондуктан, алганына жараша акчан кетeт.
Мисалы бир чыдап алып алсаң бир жылга жетет да.
#151 29 Март 2015 - 23:48
Детский кремге эле эки айда же уч айда 100-150дой эле кетет.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#152 30 Март 2015 - 00:05
#153 01 Апрель 2015 - 15:07
#154 09 Июнь 2015 - 18:37
Косметикалык каражаттардагы эң коркунучтуу кошулмаларды билип алыңыз

Расмий такталбаган булактарын маалыматы боюнча айымдардын 90 пайызы косметикалык каражаттардын курамына көңүл бурбай экен. Көпчүлүгү жарнама аркылуу же атактуу жылдыздар колдонгон косметикаларды сатып алып колдонушат. Анын курамында кандай зыяндуу кошулма заттар бар экендигин жана алар кандай аталаарын биле беришпейт.

Лаурилсульфат натрий жана Лаурилсульфат натрий (Sodium Lauryl Sulfate (SLS) & Sodium Laureth Sulfate (SLES))
Бул зат көбүнчө чачка кам көрүүчү каражаттарда кездешет. Шампунь, кондиционерлерде бар. Узак убакытка колдонууда баштын териси жабыркоого учуратат. Нитраттардын кирүүсүнө тоскоолдук жаратат.

Изопропилов спирти (Isopropyl Alcohol)
Көпчүлүк косметикалык каражаттардын курамында кездешет. Курамында спирт көп болгондуктан аба аркылуу жыттаган мезгилде дагы коркунучу чоң. Мигрен оорусуна кабылат, кускусу келет, башы айланат кээ бир учурларда депрессияга да кабылат.

Полиэтиленгликоль (Polyethylene Glycol (PEG))
Терини өтө тез кургатып коёт. Мунун айынан нымдуулук жетишпеген теринин өңү өчүп, бырыш түшүп эрте картаюуга жол ачат. Катуу дезодоранттардын, кээ бир тиш жуугуч пасталардын жана ооз чайкоочу суюктуктуктун курамында бар. Антифриз көп болгондуктан аны зыяны көп. Айрыкча сакал алуудан кийин колдонулган бет майда зыяны көп.

Диэтаноламин, моноэтаноламин жана триэтаноламин (DEA (diethanolamine), MEA (monoethanolamine), TEA (triethanolamine))
Эгер кайсы бир косметикалык каражатардын курамында бул заттар абр болсо, анда ал убакыттын өтүшү менен рак илдетин козгойт жана өөрчүтөт. Бөйрөк жана бор рагына кабылуу коркунучу бар.

Имидазолидинилмочевина жана гидантоин (Imidazolidinyl Urea, DMDM Hydantoin)
Формальдегид өндүрүшүндө колдонулган бул эки зат консервациялоода жакшы кызмат кылганы менен адамдын организмине зыяны көп. Дем алуу органы аркылуу аллергия, астманы козутуп, көкүрөктүн оорушу жана иммундук системанын иштешин жабыркатат. Ал эми окумуштуулар бул заттарды жаныбарларга тажрыйба жүргүзүп, рактын өөрчүшүнө себеп болоорун аныкташкан.

Химиялык түс берүүчүлөр (FD&C Color Pigments)
Мындай кошулмалар организмдеги кычкылтектин деңгээлин тушүрөт. Рактын өөрчүшүнө шарт түзөт.

Синтетикалык ароматизаторлор
Арматизаторлор тери ооруларын козгойт. Нерв системасына терс таасирин тийгизет. Маанайды чөктүрөт.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#155 09 Июнь 2015 - 18:44
Бул косметикалык каражаттарды сатып албай эле коюңуз

1.Бутка жасалуучу маска
Албетте буттун келишимдүү көрүнүшү үчүн кам көрүү маанилүү деңизчи. Бирок, бутка арналган маскалардын жакшы деле жыйынтыгы жок. Андыктан үй шартында эле бутуңузга ванна жасап, вазелин сүйкөп, тырмактарды тегиз алып койсоңуз жетиштүү болот. Буттун тырмактарына кам көрүү боюнча биздин сайттын сулуулук рубрикасындагы архивдерден таап колдонсоңуз болот.

2. Эриндер үчүн скраб
Келбетибиздин сулуугун арттырып турган эриндердин жагымдуу абалда болуусу зарыл. Бирок, ага кам көрүүдө эч кандай скрабдардын кереги жок. Эгер эриндериңиз жазылса сулуулук рубрикабыздан буга тиешелүү кам көрүү ыкмаларын таба аласыз.

3.Бетке колдонулуучу тоник
Тоник каражаты макияжды тазалоо үчүн колдонулат. Бирок башка каражатар деле макияжды тазалай алат. Маселен, кадимки эле бетиңизди жууган гель менен жууп тазаласаңыз болот.

4. Моюн үчүн крем
Эгер сиз бет териңиз үчүн азыктандыруучу крем сүйкөсөңз, анда ал моюнцңузга кам көрүүгө деле жарай берет. Андыктан атайын моюн үчүн деп сатылган кремдерди каражат кетирип албай эле коюңуз.

5. Бырыштарга каршы крем
Косметикалык каражач чыгаруучу өндүрүшчүлөрдүн дээрлик бардыгы бырыштарга каршы колдонулуучу крем даярдап сатыкка чыгарышат. Бирок, улам жогорулаган жаш куракты крем токтотуп коё албайт эмеспи. Андыктан убагында, бырыш түшө электе бетиңизге кам көрүп жүргөнүңүз дурус. Ал эми кыбмта кремдер убакытлуу гана жардам бергени менен кайрадан эле бырыштарды пайда кыла берет. Үй

6. Астыңкы кирпик үчүн тушь
Бул ашыкча эле каражат кетирүү. Үстүңкү кирпикти боёгонщётка астыңкысын деле мыкты боёйт.

7. Жаш куракка каршы чач үчүн каражат
Косметика өндүрүшчүлөрү мындай каражаттар жаштыкты кайтарат деп белгилеп, ага ишендирүүгө аракет жасашат. Бирок, бул туура эмес. Кандай гана укмуш каражат колдонбоңуз ал картаюуну токтотпойт. Болгону чачтын курамын жакшыртышы ыктымал. Ал эми чака эч кандай косметикалык каражат сатып албай эле үй шартында маска жасап кам көрсөңүз болот.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#157 12 Июнь 2015 - 23:12
Мен косметикага коп деле акча сарптабайм.
Очищающий, крем алганга эле кетет кобунчо
Билдирүүнү түзөткөн: aytkulova: 12 Июнь 2015 - 23:14
♔ Aytku(love)a ♔
#158 12 Июнь 2015 - 23:40
Мен эсептебейм деле.Эйвонго акция болгондо анча-мынча алып койбосом...коп деле акча коротпойм.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#159 17 Июнь 2015 - 20:10
Мага Фаберликтин кремдери жагат.Бир алганда 6 айга кенири жетет.Ошондо жылына 6000-6500с керектелет.
Кобунесе лосьон анан очищаюший кремин колдоном.Натыйжасы болот эринбей кундо колдонсо,бир эки кун суртпой койсо кайрале мурдагы калыбына келип калганы окунучтуу.Учурда Черный жемчугтун крем,маскаларына кызыгып журом баасы 250-300 с турат экен.
#160 21 Июнь 2015 - 00:26
Мен санасам жакшы эле сарптайт экенмин. Озу акча сарпташты жакшы кором. Магазиндерди айланып, кийим-кече, ар нерсе майда чуйдо алышты оллло жакшы кором.