Журналисттерге пайдалуу маалыматтар,
кеп-кенештер ушул темага жазылмакчы.
Журналисттер бөлмөсү Журналисттер жана болочок журналисттер учун.
#2 09 June 2015 - 00:56
Павел Селин: Журналисттик иликтөөнү уят жана абийирден башка эч нерсе токтотпошу керек
“Азыркы учурда Кыргызстанда сөз эркиндиги боюнча ахыбал Россияга караганда кыйла эле жакшы болуп калды”,- дейт 15 жыл НТВ каналында иштеп, бул тапта Россиянын RTVi телеканалында журналист болуп эмгектенген Павел Селин. Ал Кыргызстандын журналисттери үчүн К-News уюштурган атайын тренингде үйрөтүүчү болгон.
“Сиз журналист катары министрге, анын жардамчысына же болбосо башка эле бир адамга телефон чалып, кайсы бир маселе боюнча комментарий сурасаңыз, алар сиздерге жок дей албай, жообун беришет. Мына ушуну сөз эркиндиги дебегенде эмне дейбиз. Ал эми журналисттик иликтөөнү болсо, сөз эркиндигисиз элестете да албайбыз. Эгерде сиздин өлкөңүздө сөз эркиндиги жок болсо, анда эч нерсени иликтей албай турганыңызды да бөркүңүздөй көрүңүз. Муну сиз орус каналдарын көрүп, салыштырып көрсөңүз да болот.
Павел Селиндин айтымы боюнча кыргызстандык журналисттердин жаңы бир нерселерди ойлоп табууга, жаңы нерсени жазууга, каалаганын айтып, журналистиканы өнүктүргөнгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. 1990-жылдардын башында мындай абал Орусияда болгонун да эскерип кетет. “Силер эмнени кааласаңар жазып, эмнени кааласаңар сүрөткө тартып жатпайсыңарбы. Силерде программаларды, телеканалдарды жаап салуу деген жок экен. Ой, бул эң сонун нерсе да. Силерде чыныгы журналистиканы жаратуунун эң сонун мүмкүнчүлүктөрү бар турбайбы” ,-деп баса белгилеп кетти, россиялык журналист Селин.
Журналисттик иликтөөнү журналистика кесибинин эң эле туу чокусу деп билиңиз. Мындай иликтөөгө өтө көп каражат сарпталат. Өтө кыйын, тажатма иш болгону менен ары кызыктуу жагы да бар. Бир жолу православ сыяктуу көрүнгөн сектада эмне болуп жатканы жөнүндө иликтөөнү тартып жаткам. Көрсө, койдун терисин жамынып, дин кызматкери катары көрүнгөн адам жаш балдарды бузуп жүргөн экен. Биз бул темага сектанын курмандыгы болгон адамдын интервьюсунан улам чыгып калдык. Ал адам бизге бул сектада эмне окуялар болуп жаткандыгын баяндап берди. Биз секта арендага алган үйдүн маңдайынан батирге үй таптык. Эки ай бою ага байкоо жүргузүп, күтүп, акырында аны тартып алдык.
Журналисттик иликтөөдө уят, абийирден башка эч кандай чек болбошу керек. Бул жерде бардык ыкмаларды пайдаланса болот.
Эгерде сенин иликтөөнүн бийиктигине чыгара турган ыкмаң бар болсо, аны эч кимден тартынбай, эч нерсеге кылчактабай, коркпой туруп пайдаланышың керек. Бардык нерсени башынан баштап казыш керек. Куйругунан баштасаң пайда жок. Баарына белгилүү болгондой балык башынан сасыйт эмеспи. Журналисттик иликтөөдө бейтараптуулукту карманыш керек. Анткени коомчулук келесоо эмес да, алар дагы баардыгын байкап,түшүнүп турушат. Эгерде сен журналисттик калыстыкты бекем тутунуп, иштеп жаткан темаң өтө катаал болсо дагы, сенин калыстыгың, бейтараптуулугуң көп маселени чечип коюшу мүмкүн. Көрүүчүлөргө эгерде сен тараптуу болуп психологиялык кысым көрсөтсөң, алар сенин иликтөөңдү кабылдабайт.
Максималдуу түрдө четте турган сыяктуу, муздак кандуу болуп көрүнүшүң керек. Биз менен сиздин негизги максатыбыз- үгүттөө же болбосо анын тетириси эмес. Биз менен сиздин негизги максатыбыз- коомчулуктун өзүнүн кантип жашап жаткандыгы тууралуу туура маалымат берүү болуп эсептелет.
Изилдөөнүн композициясы детективдик принциптин негизинде түзүлүшү керек. Эң алгач өзгөчө бүйүрдү кызыткан өтө курч интрига, андан кийин кокустан пайда боло калган деталь, андан кийин окуянын тарыхы айтыла башташ керек”,- дейт орусиялык журналист.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#3 09 June 2015 - 01:01
Ж.Касаболотов: “Көптөгөн журналисттер маектешүүгө даяр эмес”
Чыныгы журналист кандай болушу керек деген суроого жооптуу табуу үчүн журналистика тармагында ак пейли менен кызмат кылып, чындыкты ачык айтып, коомго жол көрсөтүп, талыкпай таза иштеген кесипкөй журналисттердин баскан жолдорунан жана асыл ойлорунан билүүгө болот.
Жыргалбек Касаболотовдун кыскача өмүр таржымалын айта кетсек, ал 1971-жылы Бишкек шаарында туулган. 1988-жылы Бишкектеги № 5 орто мектепти бүтүргөн. 1988-89 жылдары заводдо жумушчу болуп иштеп, 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүнө өтүп, 1996-жылы аны сырттан бүтүргөн.
1991-жылдан тартып журналистика тармагында “Асаба”, “Заман Кыргызстан” гезиттеринде кабарчы, “Ата журт” гезитинде башкы редактор, “Де-факто” гезитинде башкы редактордун орун басары, өкмөттүн, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматтарында жооптуу кызматкер, КТР, “Кыргыз жер” телекомпанияларында редактор, “Кабар” маалымат агенттигинде маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, “Азаттык” радиосунда интернет-редактор, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин терроризми чагылдыруу боюнча долбоорунда жооптуу редактор болуп иштеген. 1999-жылы Баткен окуяларын чагылдырганы үчүн КР Президентинин “Алтын калем” сыйлыгы, КР Ардак баракчасы менен сыйланган. Айта берсек, Жыргалбек агайдын бул сыяктуу ишмердүүлүктөрү, эмгектери улана берчүдөй. Анда эмесе, агайдын асыл ойлорун маек аркылуу улантсак:
- Жыргалбек агай алгач өмүр баяныныз тууралуу кыскача айтып кетсениз. Балалыгыныз кайсы жерде өттү эле?
- Мен шаар менен айылдын ортосунда чоңойдум. Орто билимди Жети-Өгүздөгү Тосор орто мектеби менен Бишкектеги № 5-мектептен алдым. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин 1996-жылы сырттан бүтүрдүм. Эки уулум, бир кызым бар, уулдарым студент, кызым мектепти бүтүп жатат.
- Журналистика кесибин кандай себептен улам тандап алдыңыз?
- Мен кичинемден ыр жазчумун. Алгачкы ырларым “Кыргызстан пионери” гезитине чыккан. Өзүм ошол учурда башкаларга салыштырмалуу чабалыраак болгондуктан эр өнөрү боюнча мыкты адис болгум келчү. Ошондуктан аскер адамы же дарыгер болууга аракет кылсамбы деп ойлоп жүргөм. Бирок чынын айтайын, окуулардын ичинен эң оңоюна качырып, журналистика факультетине тапшырып, ал жылы өтпөй калып, бир жылча заводдо иштедим. Заводдо иштеп жүргөндө өмүр бою жумушчу бойдон кала бергим да келчү. Кийинки жылы да журналистика факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Медик болоюн десем ал жакта алты жыл бою өлүк союшат дегенинен алты жыл бою өлүк сойгум келген жок. Аскердик окуу жайга өтүшүмө үйдөгүлөр макул болушкан эмес.
- Сиздин оюңузча журналист болуш үчүн сөзсүз билим керекпи же жөндөм маанилүүбү?
- Негизи кайсы кесип болбосун билимден же жөндөмдөн мурда ошол кесипке болгон астейдил кызыгуу керек. Кызыгуу жок болсо билим да албайсың, жөндөмүң да ачылбайт. Адамдын мүнөзү иштеген кесибине туура келиши керек. Чындыгында мен өзүмдү психологиялык жактан нагыз журналист деп айта албайм. Анткени кайсы бир окуя болсо аны сүрөттөп жазмайынча тим тура албаган кесиптештерим бар. Ошолорду нагыз журналист десе болот. Менде андай мүнөз жок. Эч нерсе жазбай деле сопсонун жашай алам. Журналистика – мен үчүн өзүмдүн жарандык позициямди билдирип туруунун гана куралы. Бирок негизги мыйзамдарын, принциптерин жакшы билем.
- Журналистика тармагында эң кызыктуу окуялар болуп турса керек? Эсиңизде калган унутулгус окуяларыныздан айтып бересизби?
- Андай окуялар көп эле. Бир жолу Манастын 1000 жылдыгына даярдыкты чагылдыралы деп бир топ журналисттер бусик менен Таласка баратабыз. Казакстандын аймагына кирип баратканыбызда Бейшенбек байке (Калыков) “Балдар, силерди зериктирбей Жамбылга таарынып Калыктын катырып ырдаганын айтып берейин” деп, болгон окуяны айтып атып “…анан ошол жерден Калык Жамбылды карап алып “Ии Жаке, Көк эшегиң чү-чүлөп, Көк кемселиң бүчүлөп, Кечээ эле жүрдүң эле Нарында Көк талкан сурап кичилеп” деген экен…” деп келатканда бусиктин арткы дөңгөлөгү тарс жарылды. Баарынан кичүүсү мен, айдоочубуз болсо карып калган орус киши. Тигилер жыргап дасторкон жайып отурушат, мен болсо кара терге түшүп запас дөңгөлөктү кол насос менен үйлөтүп бердим. Тамак ичтик, андан чыгып Жамбылга кире бериште Бейшенбек байке “жанагы сөздүн аягын унутуп калган турбаймынбы. Ошол жерден Калык Жамбылга карап алып “Сен көк эшегиң чү-чүлөп, Көк кемселиң бүчүлөп”…” деп келатканда бусиктин дагы бир арткы дөңгөлөгү тарс жарылды. Ичиндегилер сыртка чыгып эс алып отурушту, запас дөнгөлөктү мен үйлөтүп, салышып бердим кайра. Бирок чоочуп калдым. Оңолгондон кийин кайра түшүп, андан нары кеттик. Жамбылдан чыгып баратканда Бейшенбек байке “эй, жанагы сөздү улам эле унутуп калам. Калык Жамбылга “Көк эшегиң чү-чүлөп, Көк кемселиң бүчүлөп”…” деп айтып оозун жыя электе дөнгөлөк үчүнчү жолу жарылды. Кайра мен үйлөтүп, салышып бердим, бирок бул жолу кадимкидей эле бул окуя жөн жерден болбогонун билип турдум. Мынчалык кокустук үч сыйра болушу мүмкүн эмес. Тигилер тамеки чегип, сүйлөшүп турушат. Таласка кирип баратканда Бейшенбек байке: “Эй балдар! Мен жанагы сөздү бүтүрүп коеюнчу, улам эле унутуп калам атаңгөрү. Ошентип Какең Жамбылга “Көк эшегиң чү-чүлөп”…” деп келатканда жанына барып: “Айланайын байке, Таласка кирип кеткичекти ушул сөздү айтпай эле кое турсаңыз болбойбу?” десем адегенде түшүнгөн жок. “Ушул сөздү сиз айткан сайын дөңгөлөк жарылып атат. Мындан кийин өзүңөр үйлөтүп, өзүңөр салышасыңар” десем “аа чын эле” деп ошондо ишенди.
- Сиздин оюңузча учурда кыргыз журналистикасына эмне жетишпейт?
- Фактынын чын-төгүнүн текшерүү, фактыга шилтеме келтирүү, окурман менен болгон эки тараптуу байланыш, жекече эркиндик, анан сын пикирдин, аргументациянын, ойлорду аныктоонун көптөгөн натыйжалуу ыкмалары жетишпейт. Мисалы, кайсы бир саясатчынын калпын чыгаргың келсе “бул акмак экен, бул иттерге ишенич жок мындан нары” деп сөгүп отургандын ордуна ошол эле саясатчынын жалпыга маалым мурунку сөзү менен кийинки сөзүн эч ким тана албай турган шилтемеси менен кошо келтирип, ортосундагы айырманы баса көрсөтүп коюш жетиштүү. Комментарийдин да кереги жок. “Тууй ата буларың ит экен” деген жыйынтыкты ошондо окурман өзү эле чыгарат. Көп учурда фактыларды бири бирине туура байланыштырып талдоо жетишпейт. Анан көптөгөн журналисттер маектешүүгө даяр эмес. Маек жүргүзүш үчүн ага кадимкидей даярданыш керек. “Азыркы саясатка көз карашыңыз кандай?” же “Азыркы өкмөткө көз карашыңыз кандай?”, же андан дагы “Баланча деген киши өлүп калды, ушул боюнча оюңузду айтып койсоңуз” деген суроо журналисттин даярдыгы жоктугун гана көрсөтөт. Андай суроону ким болбосун бере алат. Суроо мүмкүн болушунча конкреттүү, компетенттүү, анан эң негизгиси – коом үчүн кызыктуу болушу зарыл. Кимдир-бирөө менен сүйлөшүүдөн мурда ал адамдын позициясын, ошол сен кызыккан маселе боюнча мурда айтылган оюн, кесибин, компетенциясын, ал кишиге суроо туудуруп жаткан маселенин чоо-жайын, кыскасы толтура нерсени алдын-ала билиш керек. Ушул мен айткан талаптарга жооп бере турган суроо берилсе – журналистке аргасыз сый мамиле пайда болот, ким болбосун эсептеше баштайт, жок эле дегенде ойлоно түшкөнгө мажбур болот. Анан “жазат деген ушул экен” деп көргөн-уккандын баарын жаза берген да таптакыр туура эмес. Ишеничтен кетесиң, элден-журттан чыгып каласың. “Катындардын ичине Кара башыл жан батат, Эр жигиттин ичине Ээр токумдуу ат батат” дейт кыргыз. Сакташ керек болгон сырды сактай билиш керек. Керек болсо башың менен кошо жатканы жакшы.
- Кайсы бир иштин майын чыгаруу үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?
- Биринчи иретте ошол ишке астейдил кызыгуу болушу керек. Тиешелүү жөндөм, шык болсо андан бетер жакшы. Адам өзү кылып жаткан иштин өзүнө да, элге да керектүү экенине көзү жетсе, жакшы жыйынтык чыгаарына толук ишенсе жана компетенттүүлүгү жетишсе – бардык иштин майын чыгарат. Тилекке каршы, көп учурларда ушул жагдайлардын айрымдары болбой калат.
- Чыныгы кесипкөй журналист кандай болушу керек?
- Чыныгы журналист биринчи иретте фактыны сыйлап, коомчулуктун кызыкчылыгын сезе билиши керек. Журналист – коомдук кызыкчылыктын сакчысы. Жарандык коом десе азыр өкмөттөн эркин уюмдарды гана түшүнүп калышты, ал да түп тамырынан бери туура эмес. Эки революцияны ишке ашырган, Ош окуясын өз күчү менен баскан, Нарындан кылмышкерлерди да, кытайларды да кууп чыккан, “Манас” эпосу Кытайдын атынан каттала турган болгондо каршылыгын билдирген күч – менин билишимче чыныгы жарандык коом. Арменияда бир аскер кызматкери бир армян үй-бүлөсүн атып кеткени үчүн орус элчилигине келип түп көтөрүлгөн армяндар – жарандык коом. Жарандык коом өз элинин, өз өлкөсүнүн намысы, кызыкчылыгы, максаты үчүн тикесинен тик турган, элдин активдүү бөлүгү. Чыныгы журналист дал ушундай маанидеги жарандык коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш. Калгандарынын баары журналистиканы сырткы күчтөрдүн куралына гана айландырат. Андай сырткы күчтөр да толтура.
- Кыргыз журналистикасында Устат-Шакирт долбоору ишке ашып жатат. Бул сабак-таалим окутуу системасы тууралуу уктуңуз беле? Эгер кабардар болсоңуз бул долбоорго кандай көз караштасыз ?
- Долбоордун идеясы абдан туура. Иштин кызыкчылыгын ойлой келгенде, журналистиканын оңолушуна ар бир чөйрө колунан келишинче өз салымын кошкону абдан кубандырат. Бирок мындай долбоорго муктаждыктын пайда болушу жогорку окуу жайларында ушул багытта аткарыла турган иштер чети оюлбай жатканын дагы көрсөтөт.
- Сизге эркин микрофон.
- Кыргыз журналистикасы адистешүүгө жана коомчулук менен болгон эки тараптуу байланышка муктаж. Мындан тышкары, кыргыз журналистикасы азыркы шартка эптүү ылайыкташып, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан талаптарга жооп берсе – журналисттер да, аудитория да практикалык жактан абдан чоң пайда көрөт эле. Менде бул боюнча бир катар идеялар бар, бирок аны колунан иш келип турган инвесторлор менен эле сүйлөшпөсө, азырынча ачыкка чыгаруунун пайдасы жок.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#4 09 June 2015 - 01:06
Сүрөттөн анын фонун кантип жеңил алып салса болот
Сүрөт менен иштеген учурда кээде анын фонун алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Мындайда биз Фотошоп менен иштей баштайбыз. Бирок бул программа менен иштеш үчүн кайсы бир деңгээлдеги билим жана даярдык керек. Бардыгында эле алар боло бербейт. Мындайда эмне кылыш керек? Көп учурда биз фотошоп менен иштей алган жакындарыбызды издей баштайбыз.
Караса, убара болбой эле каалаган сурөттүн фонун өзүбүз эле алып салалат экенбиз да. Болгону алына турган жерди бир түс (кызыл), алынбай турган жерди башка түс (жашыл) менен гана белгилеп коюп, программаны иштетишибиз керек. Мындай мүмкүнчүлүктү http://clippingmagic.com/ сайты берет.
Жогорудагы сүрөттө аны кантип жасаса боло тургандыгына мисал келтирилген. Мен мисалга фонун тазалоого татаал сүрөттү алдым. Ага карабай жыйынтыгы жакшы экенин өзүңөр көрүп турасыңар.

Ошондой болсо да айрым учурда Фотошоп менен иштеген туурараак болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 09 June 2015 - 01:08
Телевидение жана анын табигаты
Телевидение ( грек. τήλε – алыс, ыраак, лат. video – көрөм, жаңы лат. television- алысты көрүү) – кыймылдагы объекттин чагылуусун аралыкка жеткирүү жана аны кабыл алуу үчүн түзүлгөн байланыш системасы. Телевидение — бир эле учурда маалыматты жаратуучу, аны жеткирүүчү жана аны кайра кабылдоочу, башка маалымат ресурстарынын колу жетпеген катмарларды камтый алган бирден-бир кубаттуу каражат.
Чындыгында, акыркы технологияларды көрбөй туруп, бул индустриянын башатында тургандар телевидениенин келечектеги зор мүмкүнчүлүктөрүнө — миллиондогон адамдарды өзүнө үңүлтүп, кааласа ыйлатып, кааласа кубанта алган сыйкыр күчүнө суктанышкан. Спорт чемпионаттарында бир эле убакытта миллиондогон адамдар «ура-а-а-алап» кыйкырса, бир аздан соң «түй ата» деп тизелерин чабат. Заманбап сериалдарды көрүп отургандар бир эле убакытта шолоктоп ыйлашса, бир аздан соң каткырышат. Же өлкөнүн кайсыдыр жетишкендигине кубанышса, кайсыдыр саясатчынын аңдабай сүйлөгөнүнө баары тегиз кыжырданышат. Телевидениенин мына ушундай сыйкыры - кубаты анын табиятына таандык касиеттеринде.
Телевидениенин негизги касиети анын бардык жерде боло алганы. Ал тиричилик-турмуштун бардык сфераларына (саясат, экономика, спорт, маданият, экология ж.б.) кийлигишет, аларды тейлейт. Азыркы телевизиондук өндүрүш технологиялары жана жабдыктары айлана-чөйрөнүн бардык тармагынан (деңиз, океандардын тереңинен баштап асман тиреген тоо чокуларына чейин, андан ары космос, галлактикаларга чейин) маалымат чогултуп, адамдын кыялы жеткен жана жетпеген чөйрөлөргө жеткире алат жана телевидениенин бул касиети аудиториянын мүнөзүн жана массалыгын аныктайт.
Телевидениенин дагы бир касиети анын жеткиликтүүгү. Электромагниттик толкундар телевизиондук сигналды бүт мейкиндикке жеткире алгандыктан, маалыматты алуу жеңил, оңой жана баасы дээрлик бекер. Азыр телевизорсуз жашоо чөйрөсү жок жана ал ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калды. Ошондуктан массалык-маалымат каражаттарынын эң ийкемдүү, эң эпчили жана эң байы да – телевидение.
Телевидение экрандуу. Ал башка маалымат каражаттарынан айырмаланып, маалыматты кенен аудиторияга үн жана кадрдын коштоосунда сезимдик деңгээлде жеткирет жана ал белги системасын, экран тилин аныктайт.
Телевидение ошондой эле симультанттуу . Ал окуяны болуп жаткан жеринен жана учурунда көрсөтө алат жана көрүүчүлөрдү болуп жаткан окуяга түздөн-түз катыштырат. Бул телевизиондук журналистика теориясында түздөн-түз катышуу фактору деп аталат. Т.а. биринчиден — телекөрүүчү экрандан берилип жаткан маалыматты азыр болуп жатканындай кабылдайт, экинчиден - ал берилип жаткан маалыматка өзүнө гана багытталгандай психо-эмоционалдуу абалда карайт, үчүнчүдөн - ал маалыматка телекөрүүчү өзүн түздөн түз тиешелүүдөй сезет. Ошентип, телевидениенин симультанттуулугу маалыматтын оперативдүүлүгүн аныктайт.
Балким ушундан улам телевизиондук журналистиканын кайсыдыр теоретигинин - «Кудай кайсы бир элди жок кылгысы келсе ага телевидениени берет» — дегенинин жөнү бар. Телевидение коомдук жашоону тейлеп гана тим болбой, аны ээлеп да алды. Анын табигаты не бир цивилизацияларды билдирбей уратып, жаңыларын курууда, салттуу маданияттарды уратып, жаңыларын таңуулоодо. Бул зор кубат жана аны адамдар башкарат, болгондо да алар жөнөкөй адамдар эмес.
Көбүнчө телевидениеге бир кирген адам анда биротоло калат жана ал жерде калганына өкүнбөсө керек. Анткени, коомдон обочолонгон бул коом өзгөчө мамилелердин, карым катнаштардын кызык конгломераттагы мекен. «Адам мекенин тандабайт», бирок тележурналист бул мекенди тандайт, болгондо да анын нары оор, жооптуу жана сыймыктуу болмушка өз ыктыяры жана ыраазылыгы менен кирип, анда бир өмүргө жашайт.
Телевидениенин табигатын изилдегендер, өзгөчө советтик идеологиянын пропагандистик машина бул зор кубаттын залкар теоретиктерин жараткан. В.Саппак, В.Борецкий, М.Юрский, ж.б. телевидениенин башатында турганына, али көп сырлар жана мамилелер ачыла электигине карабай, аны табигатынан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрүн толук түшүндүргөнү аракеттишкен. Бирок, ар доор өз телевидениесин жана анын изилдөөчүлөрүнүн жаңы муунун жаратат. Соңку изилдөөчүлөр В.Цвик, М.П.Сенкевич, В.Егоров, ж.б. телевидениенин кайра куруу жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндешүү доорундагы, анын капитал системасында, рынок катнаштарындагы ордун жана ролун, маалыматтык жана агартуучулук табигатын ачууга аракеттенишкен.
Ошол эле катарда кыргыз телевизиондук журналистикасы да жаңы доор, андан келип чыккан мамилелерге ыкташууга далаалаттанып келет. Кайра куруунун башаты менен кыргыз телевидениесинде да жаңы долбоорлор, жаңы жүздөр пайда болду. Техникалык база бир канча ирет жаңыланды. Техникалык каражаттардан аксаганы менен телевизиондук мейкиндикте мамлекеттик каналга атаандаша алган бир катар теле мекемелер пайда болду. Советтик шаблондон калган телевизиондук образ практикада барган сайын заманбап имиджге өтө баштады. Алып баруучулардын, репортерлордун жана журналисттердин кызматтык стандарты телекөрүүчүлөрдүн барган сайын эркелеп бараткан талабына жооп бере баштады. Бирок, телевизиондук адистерди даярдоодо, илим изилдөө чөйрөсүндө кыргыз телевизиондук журналистикасын фундаменталдуу изилдеген эмгектер (кээ бир мемуарларды эске албаганда) жокко эсе.
Б.Ельцин атындагы Кыргыз- славян университинин базасында чыгарылган «Телевизиондук журналистиканын негиздери» аттуу эмгекте телевиденинин маалымат кызматын изилденгенине карабай, автор (А.Князев) кыргыз телевизиондук практикасынан алыс болгондугуна, дээрлик көп өндүрүштүк маселелер теоретикалык гана мунарадан каралып, көбүнчө орус телевизиондук практикасынан көчүрүлгөнүнө карабай азырынча колодонулууга ылайык колдонмо десе болот.
Аны улап, жыйырма жылдан ашуун телевизиондук жеке практиканын негизинде, окурманга түшүнүктүү түзүлгөн «Телевизиондук журналистиканын алиппеси» аттуу эмгекте автор (М.Арстанбек) телевизиондук мамилелердин системалашкан жана теориялык базага негизделген ушул колдонмону иштеп чыкты. Автор нары кызык, нары жооптуу түйшүктүн ажайып дүйнөсүнүн дарбазасын ачууда келечектеги журналистердин чыгармачылык карьерасына жардамы тиерине ишенет.
Кыргыз телевизиондук системасы - чыгармачылык жана өндүрүштүк феномендерге толгон, али толук изилденип бүтө элек жана бул эмгек деле кыргыз телевизиондук мейкиндигиндеги маалыматтык өндүрүштүн көп тармактарын толук ачып берүүдөн али алыс. Демек, кетирилген каталар үчүн автор алдын ала кечирим сурап, толуктоолор, идеялар үчүн дайым кучагын жаят.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#6 09 June 2015 - 01:12
Тилиңди кордобо!
Акыркы жылдары гезит-журналдарда, радио менен телеканалдарда иштеген журналисттер кыргыз тилин кыргыз тилине жат, түшүнүксүз, келегей сөздөр менен толтуруп жатат деген дооматтар арбын. Көпчүлүгү муну жаш журналисттердин өз эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендигинин, билимсиздигинин, көркөм адабий китептерди окубагандыгынын айынан болуп жатканын айтууда.
Дээрлик бардык телеканалдарда, радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса, “ал кызматынан чегинди” деп жазып, айтышчу болду. Журналисттердин “чегинди” деген сөзү туура эмес. “Чегинди” деген сөз турган ордунан кайра артка кетти деген маанини берет. Согушта душманга көрүнүп калбаш үчүн, же кайрадан жакшылап камданып келип чабуул жасаш үчүн артка чегинет, кайра келиш үчүн чегинет. Бул сөздүн кызмат менен эч кандай байланышы жок.
Демократия доору өзү менен бизге “ачкачылык” деген түшүнүктү кошо ала кирди. Мисалы журналисттер: “Ош базарында олтурган соодагерлер ачарчылык жарыялашты” деп жазды дейли. Бул жердеги “ачарчылык” деген сөз туура эмес.
“Ачкачылык” менен “ачарчылык” эки башка нерсе. “Ачкачылык” атайылап бийликтин көңүлүн бурудуруш үчүн жасалчу саясый ыкма, акция болуп саналса, ачарчылык деген кудайдын башка салган кырсыгы. Маселен 1924-жылы коңшу казактарды ачарчылык каптап, кырылып кала жаздаганда бизге ооп келгендерин тамак-аш берип, кийинтип, аттап-тондоп кыргыз сактап калган. Мына ушуну “ачарчылык” деп айткан. Ал эми саясый максатына жетүү үчүн бир-эки же он чакты күн наар албай отуруп бергенди “ачкачылык” деп айтат.
Кийинки кездери “буйуртма өлүм менен өлтүрүштү” деп жазчу болду. Кыргыз тилинде “буйрук” деген сөз бар. Орусча “приказ, распоряжение, указ, указание” деп которулат. Муну менен бирге эле “буюр” деген да сөз бар. “Айыпка буюр” дейт. “Айып так” дегенди билдирет. “Бир ишти ошого буюр” дейт, “Бир ишти ошого тапшыр”, “аткарт” деген мааниде.
Журналисттердин мына ушул сөздү бөйрөктөн чыккан шыйрактай кылып “буюртма” деп жазганы таптакыр туура эмес. Кишини жалдап өлтүрөт. “Жалда” деген орусча “нанимать”, “жалдама” деген “наемный, нанятый” деп которулат. Мисалы: “Кыргыздар Орусияда жалданып иштеп жүрөт” дейт. Же “ал кишини жалдап алып иштетип жатат” дейт. “Кара жумушка жалдандым” дейт. “Алар киллер жалдап өлтүрттү” дейт. Демек Садыркуловдун өлүмү “буюртма өлүм” эмес, “жалдама өлүм” деп жазылышы керек.
Шайлоо деген сөз бар, орус тилинде бул сөз – выборы болуп айтылып, же көптүк сан менен, орусча множественное число менен жазылат. Бизде болсо жекелик сан менен “шайлоо” деп гана айтылат, шайлоолор деп айтылбайт. Ошондуктан тигил же бул шайлоо өнөктүгү жөнүндө жазганда “Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоолор болуп өттү” эмес, “Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү” деп жазылганы алда канча так жана туура болот.
Бирдеме уксак эле анын туура же туура эместигин аныктабай, тактабай туруп дароо ошол жакка ооп кетмей адатыбыз бар. Мындан он беш жылдай мурун кытайлык кыргыздардан “сын алгы” жана “үн алгы” деген сөз келген. Кытайлык кыргыздар “сын алгы” деп фотоаппаратты, “үн алгы” деп “радиоприемникти” атап алышкан экен. Биз болсо ага карабай эле, телевизорду кытайлык кыргыз туугандар ойлоп таап дүйнөгө тараткансып, телевизорду – сын алгы, радиону – үн алгы деп теңирден тескери атап алдык. “Телевизорду – телевизор”, радиону – радио деп алсак кудай уруп кете тургансып, өз тилибизди өзүбүз курутуп. Ошондон кийин таасын адабиятчы Салижан Жигитов: “эми мындан ары сакал алгычты “жүн алгы” деп жүрөлү анда”– деп какшыктаган эле.
Процент дегенди пайыз деп жазып калдык. Пайиз – деген сөз Баткенде ырыс-таалай деген сөз. Тамак желип бүткөндөн кийин: “береке пайиз берсин!” деп бата тилейт.
Пайиздин экинчи мааниси – “пайизи жок экен” деп койот, “касиети жок экен” деген мааниде.
3-мааниси: жолу ачык экен, багы бар экен дегенди түшүндүрөт. Маселен: “пайизи бар экен, “Мерседес” утуп алды” деп коёт. Же “Паийздүү мейман келди” деп коёт. Кадырлуу, касиеттүү мейман келди дегени.
Журналисттердин бул оорусу муну менен эле токтоп калган жок. Буту-колу мунжу, көзү сокур, айтор тубаса төрөлгөн же кырсыктын айынан ушинтип калган адамдарды атай турган тилибиз жок немедей шылдыңдап, “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тобу же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коому” деп жазып, айта баштады.
Бул сөз Коомдук 1-канал баш болуп бардык телеканалдарда, гезит-журналдарда тынбай айтылып, жазылып келе жатат. Басма сөз жыйынын уюштурган коомдук уюмдар такай ушинтип айтып чыкчу болду. Анан бул сөздү сессиядан депутаттар айтышат. Аны кайра журналисттер көчүрүп айтып, жазып атып, окурмандардын кулагына кумдай куюлууда.
Кыргыз качан майып адамдарды, көзү азиз, буту-колу жок, сылтып баскан, же таяк менен баскан же баспаган адамдарды “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” деп теңирден тескери айтчу эле? Журналист деген маектешип аткан адамы туура эмес сүйлөсө аны гезит окуган, телевизор көргөн окурман менен көрүүчүгө түздөп, туурасын бериши керек. Тилди журналисттер биз сакташыбыз керек. Ошондуктан “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” эмес, майып адамдар же майыптар деп эле жазуу керек. Бузуп жазуу кыргыз тилин кордогондук, эне тилге душмандык кылгандык болуп саналат.
Мүмкүнчүлүгү чектелген деген түшүнүктү кандай жагдайда айтса болот? Мисалы, эки айылды туташтырган көпүрөнү суу алып кетсе бир айылдын эли экинчи айылга өтө албай калары белгилүү. Мына ошону: “Көпүрөнү суу алып кетип эл бири-бири менен катташканга мүмкүнчүлүгү чектелип калды” деп айтсак болот. Дагы ушул сыяктуу.
Кечээ эле бир журналист: “Анын жыйынга келе албастыгы ачыкталды” деп жазды. Кыргыз эч качан минтип айтпайт. “Жыйынга келе албай турган болду. Же жыйынга келбей турган болду. Келбей турганы дайын болду” деп айткан. Көрсө бирөөлөрдүн эски-ускусун ылгабай кийгенди жакшы көргөн кишиге окшоп журналисттер “ачыкталды” деген сөздү түрктөрдөн алып жаза баштаптыр.
Түрк тилдүү элдердин ичинен “Жападан жалгыз кыргыз тили байыркылыгын бузбай сактап калган таза тил. Түрк тилдүү элдердин тилинин атасы – кыргыз тили” деп дүйнөдөгү атактуу түркологдор мойнуна алып, эмгектеринде жазып келсе, суктанып келсе, биз өз тилибиздин кудуретин курутуп, кедерин кетирип, минтип “ачыкталды” деп тамтаңдап олтурганыбыз кантип кудайга жаксын!
Китеп окубагандыктын зыяны ушул. Жаш журналисттер акыркы кездери тигил же бул сөздөр орус тилинде кандай айтылса, аларды маани-маңызына карата которуп айтуунун ордуна сөзмө-сөз которуп айтууну өнөкөт кылып алууда. Мисал келтирейин. Кылмышка шектүү адам тууралуу жазган кезде “Анын өздүгү аныкталды” деген сөз пайда болду. Кыргыз минтип айтпайт. Анын ордуна “Кылмышкердин ким экени аныкталды. Же “Аты-жөнү, дарек-дайыны белгилүү болду” деп эле айтылат. Мунун анча кыйындыгы деле жок. Сөз байлыгы бечел журналисттер гана көпчүлүк учурда жогорудагыдай мааниси тайкы, келегей, тантык түшүнүктөргө азгырылуу менен “анын өздүгү аныкталды” деп жазганды жакшы көрүшөт.
Эне тилибизге жасаган урмат-сыйыбыз, билимибиз, маданиятыбыз, ар-намысыбыз биздин ага жасаган туура мамилебизге байланыштуу болорун унутпайлы!
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#7 09 June 2015 - 09:44
Пайдалуу кеп-кеңештер экен, айрымдарын буга чейин окусам дагы...
Бир эле "но" бар: майып адамдарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп атоо боюнча... Бул эл аралык уюмдардын журналисттерге таңуулоосунан улам келип чыккан, мындайча айтканда, этикалык нормаларды сактоодон улам майып деген сөз мүмкүнчүлүгү чектелген дегенге өтүп кеткен. Бирок туурасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп атоо жаңылыштык болбойт деп ойлойм.
Бир эле "но" бар: майып адамдарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп атоо боюнча... Бул эл аралык уюмдардын журналисттерге таңуулоосунан улам келип чыккан, мындайча айтканда, этикалык нормаларды сактоодон улам майып деген сөз мүмкүнчүлүгү чектелген дегенге өтүп кеткен. Бирок туурасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп атоо жаңылыштык болбойт деп ойлойм.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#8 09 June 2015 - 16:19
Жакшы маалыматтар экен.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#9 09 June 2015 - 23:15
#10 09 June 2015 - 23:57
Сонун кенештер экен.Бир кезде журналист болууну абдан каалагам,азыр да каалайм.Бирок болбой калды(((Медизинер айым сизге рахмат!Мен издеген тема экен.
Кудай буйруса баары жакшы болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео













