Алла Тааланын Заты багытындагы аң түшүнүк өңүтүнөн биздин эң иридеги озуйпабыз Анын сыпаттарын түшүнүп, Затынын бар экендигин кабыл алып, аны тастыктоо болуп эсептелет.
Алла Таала чындыгында кайып (көрүнбөс, жашыруун) эмес, Аныгында биздин адамдык аң сезимибиздин,
акылыбыздын чектелүү болушу Анын көрүнүшүнө тоскоолдук жаратат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Марифатуллах
#22 05 June 2015 - 09:15
Маселен, бир бөлмөдө миң вольттук жарык жанса, адамдын көзү бул жарыктын алдында эч нерсени көрө албайт. Андыктан миллиондогон вольттук жарыктан чексиз жогору турган Нурдун Ээси болгон Алла Таала албетте, адам баласынын акылынан тышкары болот, бул маселеге ишаарат жасоо иретинде Алла Таала аяттарынын биринде;
"Алар кайыпка (Алла Таааланы, көрө албаса да) ишенишет" деген (Бакара, 3).
"Алар кайыпка (Алла Таааланы, көрө албаса да) ишенишет" деген (Бакара, 3).
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#23 05 June 2015 - 09:22
Бирок Алланын сүйүктүү кыраакы пенделери үчүн бул "кайып"
көзгө көрүнгөн нерселерден дагы ачык айкын. Биз аба менен дем алып жашайбыз, бирок ал бизди курчап тургандыктан биз аны көрө албайбыз, аны болгону дем алуу аркылуу гана сезе алабыз. Мына ошондуктан аны көрбөсөк да, четке кагуу мындай турсун, жашоонун талабы катары "Аба болбосо, жашай албайбыз"
дейбиз.
Сууда жашаган жаныбарлар да биз сыяктуу, алар да сууда жүргөндө сууну байкай албайт.
Сууда жашаган жаныбарлар да биз сыяктуу, алар да сууда жүргөндө сууну байкай албайт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#24 05 June 2015 - 09:36
Демек, бир нерсе маңдайыбызда,
оң же сол жагыбызда, же артыбызда болсо, аны акылыбыз аңдашы мүмкүн, ал эми бизди ар тараптан курчап турган нерсенин барлыгы аң түшүнүгүбүздөн тышкары чыгып, белгилүү мерчемдер менен чектелүү көзүбүзгө көрүнбөс абалга келет. Эгер бул нерсе мындай болгондо, масален, аба көзгө көрүнсө, жашоо болмок эмес, бизди ар тараптан курчап турган нерсенин көрүнүшү башка нерселердин көрүнбөшүн талап кылат. Туман каптаган кезде башка нерселердин көрүнбөй калганы сыяктуу.. Ошондуктан Алла Таала бул дүйнөдө адам баласынын көзүнө көрүнбөйт, эгерде көрүнгөндө адамдар Анын Жамалынан да куру калып, өздөрүн ар тараптан курчап тургандыгы үчүн эч нерсе көрө алышмак эмес, мунун табигый талабы катары дүйнө жашоосу деген нерсе да болмок эмес.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#25 05 June 2015 - 09:46
Демек, адам акылынан, аң сезиминен тышкары болгон Улуу Алла Таала жашыруун да, көрүнөө да! Тагыраак айтканда, Ал Заты жагынан жашыруун, ал эми Сыпаты жагынан көрүнөө.
Ал - көрүнөө; себеби бүтүндөй жандуу жансыз Анын Затынын нурунан жаралган.
Ал - жашыруун; анткени көз Анын нурун көрүүгө күчү жетпейт.
Ал - көрүнөө; Андан сырткары жаамы жансыз Анын сыпаттары менен гана көрүнөт.
Ал - жашыруун; себеби Ага теңдеш да, окшош да эч бир нерсе жок. Адам тигил же бул нерсени түшүнүүсү үчүн ага окшош нерсе болушу керек. Ошондуктан эч бир теңдеши болбогон Заттын жашыруун болушу мыйзам ченемдүү көрүнүг.

#26 08 June 2015 - 18:01
Алла Таала Захир (көрүнүүчү) да, Батын (көрүнбөөчү) да Зат.
Алла Таала "бардык карама каршы сыпаттарды затында бириктирген" Зат.
Бул Улуу касиет жандуу жансыздардын бири бирине айырмалап турушуна себеп, ошондуктан адам баласы тигил же бул нерсени ага карама каршы келген жагдайлар аркылуу түшүнөт. Карама каршылык канчалык так болсо, аң түшүнүк ошончолук тунук болот.
Алла Таала "бардык карама каршы сыпаттарды затында бириктирген" Зат.
Бул Улуу касиет жандуу жансыздардын бири бирине айырмалап турушуна себеп, ошондуктан адам баласы тигил же бул нерсени ага карама каршы келген жагдайлар аркылуу түшүнөт. Карама каршылык канчалык так болсо, аң түшүнүк ошончолук тунук болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#27 08 June 2015 - 18:25
Бул түшүнүктүн табигый талабына мусулмандарда Алланын "Хаадии"
(туура жолго салуучу) сыпаты үстөмдүк кылгандыгын,
ал эми каапырларда "Мудилл"
сыпаты үстөмдүк кылгандыгын мисал катары берсек болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#28 08 June 2015 - 18:39
Алла Талаанын "Мудилл"
б.а. (адал жолдон адаштыруучу) деген сыпатын туура түшүнүп алуу абзел. Жараткан адам баласына акыл, эрк каалоо берип, жамандыкка да, жакшылыкка да ийкемдүү бири бирине карама каршы эки өңүттүү шык жөндөм ыроологон, бул шык жөндөм ырасында сынак дүйнөнүн өзүнчө талабы. Адам баласы бул дүйнөдө өзүнө ыроолонгон акылы, эрк каалоосу менен ошол эки өңүттүү шык жөндөмүн колдонуп же адал, түз жолду, же туңгуюкка кептеген "ийри" жолду тандап өмүр сүрөт. Бул жерде адам баласы ийри жолду тандаса, Алла Таала ага каршы чыкпайт. Себеби Жараткан Адилеттүү Зат. Адам баласы адал жолдон жүз үйрүгөн соң көзгө сайса көрүнгүс туңгуюкка кептеле берет. Мына ушунун өзү, тагыраак айтканда, сынак жайда Алла Тааланын адам баласына эрк каалоосун каалагандай колдонушу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп бериши бул "Мудилл"
сыпатынын талабы.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#29 10 June 2015 - 08:30
Ыйык Курандан жана аз. Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарыбыздын хадистеринен кийин Жараткан Алланын марифатка жеткен сүйүктүү пенделеринин кыймыл аракетинен сүйлөгөн сөздөрүнөн артык эч нерсе жок. Ошондуктан алар б. а. "пайгамбарлардын мураскорлору"
деген наамга ээ болушкан. Алардын иш аракетине күбө болуп, сөздөрүнө кулак төшөгөндөрдүн жан дүйнөсү береке кутка толуп, адал жолдо алдаканча жандуу, зирек болушат. Өздөрүндөгү көрүнбөгөн кемчиликтерин көрүп, шайтандын акка кара көө жапкан ар түрдүү азгырыктырынан,
дүйнөлүк ач көздүктөн оолак болушат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#30 10 June 2015 - 08:44
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарыбыздын мүнөзүнө жакын мүнөздөгүлөр өзгөчө "марифат"
, сүйүү" жана "тавхид"
маселелерине айрыкча басым жасоолору менен айырмаланып турат.
Жараткан Алла сүйүктүү бул пенделерине ар биринин абалына жараша Өз сыйын тартуулаган.
Маселен, алардын кээ бирин марифатуллахта өтө жогорку даражаларга чыгарып, кээ бирин ээн талаа, эрме чөлдүн мээ кайнаткан аптабында кездирип, кээ бирин Өзүнүн чексиз Кудуретинин алдында тилден калтырып, кай бирин сүйүүнүн булбулуна айлантып, дагы бир тобун тилинен даанышмандыктын тамчысын куйултуп, ар бирин өз өзүнчө руханий байлыктарга айланткан.
Жараткан Кудурет ушул өзгөчө сыйын көргөзгөн бардык олуя, пенделерин сүйуү дайрасында Марифат илимине ээ кылып, саналуу жолбашчылар катары бүтүндөй инсаниятка үлгү катары тартуулаган.

#31 10 June 2015 - 08:57
Марифатуллахка жеткен пенде Жараткан Алланын аруу сүйүүсүнүн карамагында болгондугу үчүн лупанын алдындагы кагазга айланышы сыяктуу ал пендеде напсинин ач көздүгү жоюлат. Адамды жарга такаган утурумдук азгырыктардын оюнунаналыс болгондуктан,
ал бой көтөрүүчүлүк,
текеберлик,
өзүн элден артыкча сезүү сыяктуу терс сапаттардын торуна чалынбайт. Эл арасында ар дайым Жараткан менен бирге болот б. а. Жараткан Алланын буйруктарына таазим этүү менен моюн сунуу, Жараткан Алланын жаамы,жандуу жансызына жылуу, боорукер мамиле жасоо деген аруу сезимдер менен өмүр сүрөт. Ошону менен бирге Жараткан Алла Таалага болгон сүйүүсүнүн талабы катары заалымдарга,
каапырларга эч качан сүйүү бапестебейт,
болгону аларга боор ооруп, адал жолго түшүүлөрү үчүн дуба кылат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео