
Барселонанын күйөрмандары бул жакка кошулгула
#3281 10 Июнь 2015 - 19:34

#3282 10 Июнь 2015 - 19:37
#3284 10 Июнь 2015 - 21:38
F.C.Batken. (10 Июнь 2015 - 19:34) жазган:

берки учого макул, бирок Бравого боорум ооруп жатат аныкын бекер эле алыптыр Барсаны жакшы эле сактады быйыл Ла Лигада
*************************************
#3285 11 Июнь 2015 - 08:21
Месси мага.. "Дани кайсыл жерде озунду эн бактылуу сезсен, ошол жерде калгын" , деди. Мен бир нерсеге козум жетти, бул жерде мени кобу жакшы коруп, жана бардыгынын алдында жакшы кадырым бар экенин тушундум. Ушул нерселер мага тура чечим чыгарууга туртку берди.
*************************************
#3288 20 Июнь 2015 - 11:51
Бирок биздин Ронубуз да четте калбайт менимче. Бирок ал быйыл куздо былтыркыдай кылып фантастикалуу оюн коргозуш керек Мессиге атаандаштык кылыш учун, болбосо 3 тукко илешиш кыйынго дейм.
*************************************
#3289 20 Июнь 2015 - 14:45
eldar96 (20 Июнь 2015 - 11:51) жазган:
Бирок биздин Ронубуз да четте калбайт менимче. Бирок ал быйыл куздо былтыркыдай кылып фантастикалуу оюн коргозуш керек Мессиге атаандаштык кылыш учун, болбосо 3 тукко илешиш кыйынго дейм.
#3290 20 Июнь 2015 - 16:10
#3291 20 Июнь 2015 - 17:51
Rinatik94 (20 Июнь 2015 - 16:10) жазган:
Рахмат!Көп- көп кирип тур досум.Сенсиз бул жак көрксүз болуп кетет экен.
#3292 20 Июнь 2015 - 18:28
Барселона клубунун президенттигине талапкер Жорди Майого шайлоо алдындагы үгүт иштерине,Барселонага Реалдын лидери Серхио Рамосту алып келүү демилгеси менен чыгууну сунуш кылышкан.Бирок Майо бул сунуштан баш тартканын айтып чыкты.Себеби ал Рамос Реал менен ири суммадагы маяналуу жаңы келишимге жетише албай жатканда,Рамос менен агенттинин пайдасы үчүн оюн ойноп калуудан чочулайт.
#3293 20 Июнь 2015 - 18:39
Барселона клубунун мурдагы президентти Жоан Лапорт президенттик жарышта ат салышарын жар салды.Ал буга чейин да Барселонаны 2003-жылдан 2010-жылга чейин башкарган.Анын тушунда Барселона 4 жолу Испан биринчилигин жана 2 жолу Чемпиондор лигасын утуп алган.
Билдирүүнү түзөткөн: F.C.Batken.: 20 Июнь 2015 - 18:44
#3294 20 Июнь 2015 - 18:45
#3295 20 Июнь 2015 - 18:58
Барселонанын президенти Хосеп Мария Бартомеу кызматын таштап кетти.Ал кезексиз президенттик шайлоону чакырып жана алдыдагы президенттик шайлоодо ат салышары үчүн ушундай кадамга барды.Бартомеу бул кызматка 2014-жылдын январь айында президент Сандро Россель Неймардын трансферинин тегерегиндеги чуунун айынан отставкага кеткен соң келген эле.Президенттик шайлоо 18 июльга белгиленген. Бул аралыкта клубту убактылуу Роман Адель башкарып турат.
Билдирүүнү түзөткөн: F.C.Batken.: 20 Июнь 2015 - 19:01
#3297 20 Июнь 2015 - 19:05
Rinatik94 (20 Июнь 2015 - 18:45) жазган:
Сандро Россельби?Ал отставкага кеткен.Ооба, жакшы менеджер болчу дешет.Ал клубдун карзын да кескин азайтып,финансы жагын жакшы караган экен.Бирок бир аз сараң жана тренердин ишине кийлигише бергени кичине минус болду окшойт.Бирок бизге Неймарды алып келгени үчүн рахмат ага да.
#3298 20 Июнь 2015 - 19:07
#3299 20 Июнь 2015 - 23:08
#3300 21 Июнь 2015 - 12:26
Босх еврейлерди жана Моссадты Барселона клубуна кысым көрсөттү деп айыптап чыкты
Барселона клубуна еврейлер кысым көрсөтүп келгенин Испан спорт комментатору Ксавье
Босх мундо депортиво журналы үчүн берген өзүнүн автордук макаласында айтып чыкты.Анда еврей лоббистери жана Моссад Барселона клубунун Катар фонду менен болгон 200млн евролук келишимин бузуу максатында клубга ар тараптан басым жасаган.Ал тургай Моссад агенттери көптөгөн жылдар бою клубдун мүчөлөрүн изин аңдып,клубдун тегерегиндеги чырларды чыгарып турган деп айыптайт.