Сирияга Кытайдан 80 жаштагы жихадчы неберелери менен келди
Сирияга Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан 80 жаштагы жихадчы «Ислам мамлекети» үчүн күрөшүү максатында келди.The Daily Mail маалымдагандай, Мухаммед Амин өзү менен кошо 4 небересин, кызы жана аялын кошо ала келген.
Аминдин айтымында, ал уулу Сирияда көз жумгандан кийин жихадга чыккан. «Кытайлар мени Түркстанда 60 жыл бою куугунтукташкан», - дейт ал. Болжолдуу маалыматтар боюнча Амин өзү уйгур.
Жашы өткөн согушчан машыктыруучу лагерден татыктуу даярдык көрүп, курал алгандыгын айтат. Бирок ага карабастан аны алдыңкы сапка чыгарышкан эмес жана учурда ал базада.
Кытай Эл Республикасынын түндүк-батышында жайгашкан Синьцзянда негизинен уйгурлар басымдуулук кылат. Бул топтун өкүлдөрүнөн турган экстремисстик топтор аймактын көз карандысыздыгын талап кылышууда.
«Ислам мамлекети» 2014-жылы жайында Сирия жана Ирактын айрым аймактарын өз көзөмөлдөрүнө алышкан. 2014-жылдын август айынан тарта АКШ согушчандарга каршы сокку уруп келет. Сентябрь айында «Ислам мамлекети» тобу менен күрөшүү максатында бомбалоого катышкан эл аралык коалиция түзүлгөн.

Супер-Инфо
super.kg
видео












кадасында ата-энесинен ажыраган 150 баланы камкордукка алып,44жыл катчы болгон Токтогон Алтыбасарова 91жашында каза болду
















