Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 133
  • 134
  • 135
  • 136
  • 137
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2681 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Жеки Чандын кызы атасынан баш тартты
Атактуу актер Жеки Чандын 15 жаштагы кызы Этта Чжолинь журналисттерге атасын кабыл албагандыгын жана эч качан жылуу сезими болбогондугун билдирди
Атактуу актер, режиссер жана продюсер Жеки Чандын 15 жаштагы кызы Этта Чжолинь журналисттерге атасын чыныгы ата катары сезбегендигин жана эч качан жылуу сезими болбогондугун билдирди. Бул тууралуу mixnews.ru булагы жазууда.

Сүрөт

Этта Чжолиндин пикири боюнча Жеки Чанды "биологиялык атасы" катары кабыл алат. Бирок, атасына болгон эч кандай жылуу сезими жок. Болгону башка атактуу жылдыздар сыяктуу эле бирөө деп эсептейт. Этта Чжолинь "Мен аны атам деп айта албайм. Менимче ал болгону актер. Ооба, ал менен "биологиялык атам" бирок атам менин турмушумда болгон эмес" деди.

Эсиңиздерге сала кетсек атактуу актер Этта Чжолиндин энеси менен 1998-жылы Гонконгдо сулуулар конкурсун жеңгенден кийин таанышкан. Модель жана Жеки Чан бир кыздуу болушкан. Учурунда Жеки Чан дагы кызын кабыл алган эмес. Ал эми модель дагы ЖМКна "Жеки менен болгон роман ката болгон",- деп айтып келген. 61 жаштагы Жеки Чан расмий түрдө 1982-жылы Линь Фэнцзяо менен үйлөнгөн. Жыкында эле анын 32 жаштагы уулу Жейси Чан алты ай абакка жатып чыккан.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2682 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Курт-кумурскадан жасалган тамактар берилген ресторан ачылды
Британияда курт-кумурска, чегиртке, коңуз, жылан, бака, кескелдирик, ийнелик, курттардан жасалган тамактар бериле турган уникалдуу ресторан ачылды
Британиянын Кардифф шаарында уникалдуу ресторан ачылды. Анда курт-кумурска, чегиртке, коңуз, жылан, бака, кескелдирик, ийнелик, курттардан жасалган тамактар бериле турганын vesti.ru булагы жазууда.

Сүрөт

"PESTaurant" деп аталган тамак-аш мекемесинде кардарлардын аягы үзүлгөн жери жок. Ресторанга келген 67 жашындагы кардар Хью Таллер курт-кумурскалардын жегенден кийин алардын ушунчалык даамдуу экендигин белгилөөдө. Ал болгону даярдаганды билүү керектигин айтты. Журналисттер курт-кумурскалардан жасалган тамактарды даам татууга келгендердин көптүгүнө таң калышууда.

Сүрөт

Окумуштуулар жакынкы убакта айрыкча өнүккөн өлкөлөдө курт-кумурскалар эттин ордуна колдоноорун белгилеп жатышат. Бириккен улуттар уюмунун адистеринин эсебинче, азыр курт-кумурскалардын 1 900гө жакын түрү желет. Алардын үчтөн бири коңуз, бештен бирге жакыны курттар, 14 пайызы аары, ийнелик, кумурскалар болсо, 13 пайызы чегиртке, саратандар. Тамак-аштын мындай түрлөрү Түштүк Чыгыш Азияда, Африка менен Түштүк Америкада өзгөчө популярдуу жана кеңири жайылган.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2683 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Лионель Месси дүйнөдө эң кымбат футболчу деп табылды
2015-жылдын январындагы рейтинг боюнча биринчи орунга Месси (220 миллион евро), экинчи орунга Роналду (133), үчүнчү орунга Азар (99) чыккан
" Испаниялык "Барселона" тайпасынын чабуулчусу Лионель Месси дүйнөнүн эң кымбат футболчу деп табылды. Буга Англия, Германия, Испания, Италия жана Франция чемпионаттарында жүргүзүлгөн Спорт изилдөөчү Эл аралык борбордун (CIES) жыйынтыгы далил",- деп жазат Vesti.kz.

Сүрөт

CIES Лионель Мессинин ставкасын болжол менен 255,3-280,8 миллион евро деп баалаган. Экинчи орунду Ангиянын "Челси" тайпасынын жарым коргоочусу Эден Азар ээлеген. Анын ставкасы 135,4-148,9 миллион евро турат экен. Мадридтин "Реалынын" оюнчусу Криштиану Роналду 3-орунду ээлеген. Анын ставкасы 113,3-124,7 миллион евро турат.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын январындагы рейтинг боюнча биринчи орунга Месси (220 миллион евро), экинчи орунга Роналду (133), үчүнчү орунга Азар (99) чыккан.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2684 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Атактуу экстрасенс Жуна Давиташвили көз жумду
Атактуу экстрасенс жана табып, актриса Жуна Давиташвили 66 жаш курагында Москвада көз жумду
Атактуу экстрасенс Жуна Давиташвили 66 жаш курагында Москвада көз жумду. Бул тууралуу dni.ru булагы жазууда.

Сүрөт

Маалыматка ылайык атактуу табып эчендеген саясатчыларды, шоу-бизнес жылдыздарын дарылап келген. Экстрасенс бардык жагынан таланттуу болгон. Ал окумуштуу, акын жана актриса эле. Бул кайгылуу кабарды орусиянын атактуу актеру Станислав Садальский өзүнүн блогуна кечээ жазып чыкты. Жуна эки күн үйүндө жатып, жакынкы дүкөнгө азык-түлүк алууга чыгып ошол жерден жыгылып калган. Аны тез жардам Арбат көчөсүнөн алып кеткен.

Сүрөт

Такталбаган маалыматтарга караганда, Жунага дартына даба сурап ар кайсы убактарда КПССтин БКнын баш катчысы Леонид Брежнев, сүрөтчү Илья Глазунов, италиялык актерлор Марчелло Мастроянни, Джульетта Мазина, режиссер Федерико Фелинни жана Роберт де Ниро, Андрей Тарковский кайрылган. 1997-жылы Джуна өзүн ассирий элинин ханышасы деп жарыялаган.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2685 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


58 жаштагы айым ѳзүнүн үлпѳт тоюна табыт менен келди
Дженни Баклефф коомчулукка таптакыр бѳлѳк таасир калтыргысы келип, үлпѳт тоюна бир башкача келүүнү каалаган
Бойго жеткен кыздардын дээрлик кѳпчүлүгү ѳзүнүн үйлѳнүү үлпѳтүндѳ эки кооз ат байланган чүмбѳттүү араба менен келүүнү каалашат эмеспи. Бирок Дженни Баклефф коомчулукка таптакыр бѳлѳк таасир калтыргысы келип, үлпѳт тоюна бир башкача келүүнү каалаган. 58 жаштагы британиялык айым ѳзүнүн үйлѳнүү тоюна "үлпѳт табыты" менен келип, конокторду ѳтѳ таң калтырды. Бул тууралуу Nur.kz порталы жазып чыкты.

Сүрөт

"Мен жѳн гана оригиналдуу, бир башкача нерсе жасагым келди. Каретанын жана аттардын ордуна мен үлпѳт табыты менен келүүнү чечтим ", - дейт Дженни. Жыйынтыгында ал үйлѳнүү салтанатына үстү жабылган кадимки табыттын ичине жатып алып келген, табытты мотоцикл чиркештирип, сүйрѳп келген.

Сүрөт

"Мен башында Криске эч нерсе айткым келген эмес, бирок жыйынтыгында тойго үч жума калганда оозумду ачып барын айтып салгам. Ал бир аз таң калды, бирок эгерде мындай нерсе мени бактылуу кылса анда ал эмне болсо дагы барын чыдап кѳтѳрүүгѳ макул экенин билдирген. Жаңы жолдошуңдан дагы эмнени сураш керек"?, -деп билдирди Дженни.

Сүрөт

Баса, Дженни мурунураак өлгөндөрдү кѳмүү бюросунда иштеген. Мындан тышкары, ал сөөктү катыруу (бальзамдоо) боюнча квалификациялуу адис болуп саналат.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2686 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Чеченстандын президенти Кадыровдун кабыргасын сындырышты
"Соккулар ушунчалык мыкты жана таамай болгондуктан, менин төрүнчү кабыргамдын эки жери сынып кеткен",-деп жазат Кадыров
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров бокс менен машыгып жаткан маалда кабыргасын эки жеринен сындырып алды. Бул тууралуу президент өзүнүн социалдык Instagram түйүнүнө жазды. Анда чечен башчысын атаанташтары эки жолу сол капталына катуу урганы көрүнүп турат. Бул тууралуу Newsru.com булагы маалымдайт.

"Өткөн машыгууда спарринг маалында бир нече "жакшы" соккуга кабылдым. Соккулар ушунчалык мыкты жана таамай болгондуктан, менин төрүнчү кабыргамдын эки жери сынып кеткен",-деп жазат Кадыров.

Кадыров ошондой эле сыныкка карабай машыктыруучулар ага бир гана күнгө эс алууга уруксат беришкенин айтат.

"Спорт менен машыккыла, спорт бул күч!",-деп сөзүн жыйынтыктайт мамлекет башчысы.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2687 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кумурскалар үч күндүк баланы жеди
Орусиянын Челябинск шаар четиндеги токойдон желим баштык ичинде чиркей жана кумурскалар жеп жаткан үч күндүк наристе табылды
Сүрөт Челябинск шаарынын четиндеги токойдон кумурскалар жеп жаткан үч күндүк ымыркай табылган. Бул тууралуу chel.aif.ru булагы жазууда. Маалыматка ылайык эртең менен кызматка бараткан фабрика жумушчусу Денис Саранцев кичине баланын ыңаалаган үнүн угуп, жалбырактар арасында желим баштыкка салынган наристени таап алган. Ымыркайды кумурскалар жана чиркейлер каптап калган. Саранцев дароо тез жардам чакырган. Дарыгерлер желим баштык ичинде чиркей жана кумурскалар жеп жаткан ымыркайды куткарышып, үч күндүк болгондугун аныкташкан. Облустук оорукананын дарыгери Ольга Терехина азыркы учурда наристе кыздын саламаттыгы жакшы жана кумурскалар чаккан жерлери аз-аздан айыгып келаткандыгын билдирген. Дарыгерлер наристенин өмүрүн сактоо менен алпурушуп жатканда укук коргоочулар ымыркайдын энесин издеп жатышат.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2688 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Метродо бутун жайып отургандар жазаланууда
Нью-Йорк шаарында метродо бутун жайып отургандарга жаза бериле баштады
Сүрөт Нью-Йорк шаарында метродо бутун жайып отурган эки жаранга жаза берилди. Бул тууралуу news-for.me булагы кабарлоодо.

Маалыматка ылайык, алар коомчулукту сыйлабагандык жана адепсиздик үчүн шартуу түрдө жаза алышкан. Эгерде алар белгилүү мөөнөт ичинде мыйзамды бузбаса, анда жазасы кайрадан алынмакчы.

Бул маселеге адегенде интернет колдонуучулар көңүл бура башташкан. Алар бутун жайып отурган жүргүнчүлөрдүн сүрөттөрүн тартып алып, буга каршы атайын акция башташкан. Буга кошумча Нью-Йорк шаардык метрополитендин жетекчилиги орундуктарга жүк, баштыктарын койгон жүргүнчүлөргө да эскертүү бере баштады.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2689 Пользователь офлайн   XAH.   11 Июнь 2015 - 23:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 08 Март 15
  • Соңку аракети: 07 Авг 2018 18:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:kg

Просмотр сообщения Mediziner (11 Июнь 2015 - 23:38) жазган:

Адамзаттын кандайча жок болорун болжошууда
Жер жүзүн ай менен эң чоң астероиддин кагылышынын натыйжасында суу ташкыны каптайт
Сүрөт Адамзаттын кандайча жок болорун болжошууда. Жер жүзүн топон суу каптайт. Мындай бүтүмгө польшалык астрофизиктер келгендигин "Звезда" телеканалы кабарлоодо.

Окмуштуулардын пикиринде ай менен эң чоң астероиддин кагылышынын натыйжасында топон суу каптайт. Бирок, бир жагдай гана болууда - асмандагы ири зат биздин ааламдагы спутниктин көлөмүнөн дагы чоң болушу керек. Бул кыгылышууда эң чоң астероид айдын бир бөлүгүнө урулуп, ажыратып кетет. Ал майдаланып жердин айланасына шакекче пайда болот. Бул шакекче Сатурнга окшошот. Айдын бүт капталын миллиондогон тонна муз каптап турат. Качан гана ал жерге жакындаганда ээрий баштайт. Бул суу ташкындары жерди жеңил эле каптап калышы мүмкүн.

Окумуштуулар топон суу адегенде Амстердам андан кийин Копенгаген жана Лондон шаарын каптайт дешүүдө. Мунун аркасынан орусиянын Калининград облусун суу басат. Суу ташкынына эң узак туруштук берген Боливиянын борбору Ла-Пас шаары болот. Ал топон суу каптагандан кийин 182 жылга чейин туруштук берип андан кийин гана жок болот.



кокууй эми не болот өлүп калабызбы?
Жашоо бир келет

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2690 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Окмуштуу Стивен Хокинг өз эрки менен дүйнөдөн кетүүнү чечти
Ааламга атактуу окмуштуу Стивен Хокинг өз эрки менен дүйнөдөн кетүүнү (эвтаназия) чечкендигин билдирди
Сүрөт Ааламга атактуу окмуштуу Стивен Хокинг өз эрки менен дүйнөдөн кетүүнү (эвтаназия) чечти. Бул тууралуу vesti.ru булагы жазууда.

Физиктин айтуусу боюнча, мындан ары дүйнөгө бир нерсе бере албаса анда жакындарына жүк болбостон эвтаназия жолу менен кетүүнү билдирди. Анын пикиринде, адамды өз эркин сыртында кармоо – адамкерчиликке туура келбеген кыйноо. Профессор анын оорусу дагы күчөсө, өмүрүн эвтаназия жолу менен кыймакчы.

Стивен Хокинг шал оорусунан азып чегип, майып коляскасында өмүрүн өткөрүп келет. Ал мурда эвтаназияны колдонуу боюнча " Эгерде адамдар жаныбарларды оорудан азап чегүүсүнөн куткарып жатышса, анда эмнеге адамдарды куткарбасын" деп бул ыкманы колдонулушун сунуштаган. ВВС радиосуна маек курган окмуштуу ааламдын дагы бир сыры ачыла электе дүйнөдөн кете тургандыгын жана кээде чарчап, жалгыздыкты сезгендигин айткан. Биринчиден, адамдар менен баарлашууда кыйынчылык болгондугун жана көбү андан качкандыгын белгилеген. Анткени Хокинг сүйлөй албайт. Компьютердик синтез тили менен сүйлөшөт. Ошондуктан бейтааныш адам менен баарлашуу кыйынга турат. Журналисттин эмнеге кыялданаарын сураганда сууга түшүп, чабак уруусун айтты.

Айыккыс ооруга чалдыгып кыйноого кабылгандарга өз эрки менен бул дүйнөдөн кетүүсүнө уруксат берип, ошого шарт түзгөн учурлар дүйнөлүк тажрыйбада бар. Бирок кеңири тараган эмес. Ал эвтаназия деп аталат. Ага уруксат Бельгия, Люксембург, Нидерланд, Швейцария жана АКШнын айрым штаттарында гана берилген.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2691 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Сууга чөгүп кеткен бала 1 сааттан кийин аман чыкты
Италиялык 14 жашындагы Микеле суу алдында 42 мүнөт калгандан кийин аман-эсен куткарылды
Сүрөт Өткөн жуманын соңунда Италиянын Кугджоно шаарчысында достору менен барып дарыяга чөгүп кеткен 14 жашындагы Микеле 42 мүнөттөн кийин аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу mignews.com булагы жазууда.

Балдардын айтымында Микеле баардыгы менен чогуу эле сууга секирген. Андан кийин эле чөгүп кеткен. Балдар тезинен куткаруучуларга кабар беришкен. Микелени бир керемет куткарып калгандай... Сан Рафаэло шаарына ооруканасында жүрөгүнө массаж жасашып, андан кийин реанимацияга жаткырышкан.

Адегенде дарыгерлер баланын он бутун тизесинен ылдый кесүүнү чечишкен. Бирок, даярдоо учурунда кайрадан кан жүрүп, операция жасоонун кереги жок болуп калган. Оорукананын интенсивдүү бөлүмүнүн башчысы Альберто Зангрилло: "Бул өзгөчө окуя. Эми биз медицинадагы адамдын гипоксия абалын (кандын курамындагы кычкылтектин курамынын төмөндөшү) кайра кароого туура келет",- деп билдирген. Дарыгерлер Микеленин аман калышы керемет окуя экендигин жана суунун температурасы дагы муздак болгондугун айтышууда. Баланы суудан алып чыгышканда анын температурасы 29 градус болгон.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2692 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 00:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кайып болуу: чындыкпы же мифпи?
Кылымдын табышмактуу жоголуулары Дүйнөдө жыл сайын миңдеген адамдар жоголуп турат. Көпчүлүк учурда алардын тагдыры белгилүү болот: кимдир бирөөлөрү кайтып келишет, дагы башкалары өздөрүнүн аман-эсендигин айттырып кабарлашат, ал эми үчүнчүлөрү кылмыштын курмандыктары болушат. Бирок кээ бир жоголуп кетүүлөр табышмактуу сыр боюнча калып келет. Алардын айрымдары таңкалыштуу болгондуктан, иликтөөчүлөр "кандайдыр бир башка күч таасир эткенби?" дегенден башкага жоруй алышпайт. 1867-жыл. Люсьен Бусье. Парижде Люсьен Бусье деген адам жоголгон. Өзүн жаман сезген Бусье коңшусу, доктор Бонвиленди өзүн карап коюуну суранып ага кайрылган. Бонвилен панциентине чечинип кушеткага жатууну өтүнгөн жана өзү стетоскоп алып келиш үчүн кеткен. Кайтып келип ал кушетка бош экенин, ал эми Бусьенин кийими столдо жатканын көргөн. Эмне кыларын билбей калган дарыгер "ал кандайча кийими жок кетип калды?",- деп коңшусунукуна барган, бирок Бусье ал жерде дагы жок болуп чыккан. Издөө иштери эч кандай жыйынтыктарды берген эмес.



1890-жыл. Луи Лё Принс. Луи Лё Принс - белгилүү француз ойлоп табуучусу, ал алгачкылардан болуп тасмага кыймылдуу сүрөттөрдү тарткан. Баарынан кызыгы "кинематографтардын атасынын" жок болуп кетиши тарыхтагы эң таңкалыштуу жоголуп кетүүлөрдүн бири. 1890-жылы 16-сентябрда Лё Принс өзүнүн бир тууганы Дижондун үйүнө конокко барган, андан соң Парижге жөнөгөн. Поезд Парижге жеткен кезде Лё Принс жоголуп кеткени белгилүү болгон. Акыркы жолу Лё Принсти жүгүн текшерүүдөн өткөргөндөн кийин өзүнүн вагонуна кирген кезинде көрүшкөн. Жолдон ага карата кандайдыр бир күч колдонулган же шектүү бир иш байкалган эмес, эч ким Лё Принсти вагондон башка жерден байкашкан эмес. Вагон катуу жабылгандыктан поездден секирип кетиш үчүн абдан эле чоң күч керек эле. Бирок өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу версия дагы туура эмес болгон, анткени Лё Принс Америкага барып өзүнүн жаңы ойлоп табуусуна патент алууну көздөп жаткан. Анын кызыктай жагдайда жоголуп кетишинен улам кинетоскоптун (кыймылуу фото сүрөттөрдү көрсөтүүчү аппарат) патенти Томас Эдисонго берилген. Лё Принстин тагдыры эмне болгону али күнгө чейин белгисиз.




1910-жыл, АКШ. 12-декабрда эртең мененки саат 11де Американын Жогорку сотунун 25 жаштагы тууганы жана белгилүу коомдук ишмер айым Дороти Арнольд Нью-Йорктогу Чыгыш көчөсүнүн 79-дарегинде жайгашкан өзүнүн "хан сарайынан" чыгып кечки көйнөк сатып алууга жөнөгөн. Саат экилерде ал Бешинчи авенюдан өзүнүн курбу кызы Глэдис Китке жолугушкан. Кыздар ар кайсыны сүйлөшүп, анан ар кимиси өз жолуна түшкөн. Глэдистин акыркы жолу эстеп калганы боюнча Дороти шайыр күлүп ага колун булгалаган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес. Үй-бүлөсү аны эртеси күнү издей баштаган. Атасы полицияга жаманаттыга калабыз деп коркуп кайрылган эмес. Ошондуктан кыздын ата-энеси жактоочу жалдашкан. Анын иликтөөсү дагы, детективдердин иликтөөсү дагы эч кандай натыйжа берген эмес. Кызы жоголгондон кийин алты апта өткөн соң гана ата-энеси полицияга билдирген. Кыздын тааныштарынын бири да аны көргөн эмес, ал тургай анын жоголушуна шектүү делген сүйлөшкөн жигити дагы эч нерсе билбегенин айткан. Окуяны бир нече версия боюнча талдашкан: бирөөлөр өлтүрүп салып денесин жашырып койгон, кыз өзүн өлтүргөн же досу уурдап кеткен дешкен. Издөө иштери 1910-жылдын соңуна чейин уланган. Көзү өткөнгө чейин Фрэнсис Арнольд издөөгө 100 000 доллар коротуп, акыркы кызынын тирүү экенине ишенбей калган. Өзүнүн керез катында ал кызы Доротинин өлдү деп эсептерин жана ошондуктан ага эч кандай мурас калтырбасын жазган. Полицияга бир нече жол АКШнын ар кайсы жеринен "Доротини көрдүк",- деп маалымдашкан бирок көрсөтмөлөр жалган болуп чыккан.




1969-жылы. Эйприл Фабб. Британиянын тарыхындагы жоголуулардын эң белгилүсү Норфолкто 1969-жылы 8-апрелде болуп өткөн. 13 жаштагы мектеп окуучусу Эйприл Фабб үйүнөн чыгып, коңшу айылдагы эжесиникине жөнөгөн. Кыз ал жакка ведосипед менен бармак болгон жана акыркы жолу аны жүк унаасынын айдоочусу көргөн. Саат 14:06да ал кыз кыштактын жолунан өтүп бара жатканын байкаган. 14:12де анын велосипеди кызды айдоочу көргөн жерден бир нече метр талаада табылган, бирок өспүрүм кыз дайынсыз жок болгон. Уурдап кетүү- Эйприлдин жоголушунун чындыкка жакын версиясы болмок. Бирок өспүрүм жоголгон аймак кылмышкер алты мүнөттүн ичинде баланы эч ким байкабагандай кылып уурдап кете албаган жер эмес эле. Баарылап издешип Эйприлди табышкан эмес.

Сүрөт

1985-жыл, Николь Морин. 1985-жылдын 30-июлунда Николь Морин Торонтодо жашаган энесинин пентхаусунан чыккан. Ошол күнү эртең менен Николь өзүнүн курбу кызы менен бассейинге барууну чечкен. Ал энеси менен коштошуп чыгып, бирок 15 мүнөттөн соң анын курбусу эмне үчүн Николь дагы эле үйдөн чыга электигин билгиси келип алардыкына келген.

Сүрөт

Николду табыш үчүн Торонтонун полициясы түп көтөрүлө издөө иштерин жүргүзгөнүнө карабай, кыздын дайын оту билинген эмес. Николь квартирадан чыгаары менен бирөө уурдап кетти деген версиялар болгон, бирок кыз 20 кабаттуу үйдө жашагандыктан анын уурдап бараткандарды бирөө-жарым көрмөк дешкен. Тургундардын бири Николь лифтини карай баратканын көргөн, андан соң аны эч ким көргөн да, уккан да эмес. Отуз жылдан кийин дагы Николь Моринге эмне болгону тууралуу маалыматты полиция топтой алган эмес.

1999-жыл. Майкл Негрете. 1999-жылдын 10-декабрында Калифорния университетинин 18 жаштагы биринчи курсунун студенти Майкл Негрете түнү бою өзүнүн достору мнеен компьютер ойноп чыккан. Саат тогузда аны менен бир бөлмөдө жаткан студент Майкл кетип калганын бирок ачкыч менен капчыгын таштаганын көргөн.

Сүрөт

Майкл ал тургай ботинкасын дагы кийген эмес. Иликтөөчүүлөр издөөчү иттер менен Майклдын автобустун аялдамасына чейинки жолун дагы карашкан. Аны кийин эч качан, эч жерден көрүшкөн эмес.

2001-жыл, АКШ. 13-июнда эртең менен 19 жаштагы америкалык Джейсон Йолковскини "тез арада жумушка келип кал",- деп чакырышкан. Ал досун чакырып алып кетүүнү өтүнгөн. Бирок жолугуша турган жерге келген эмес. Джейсон досу менен жолугушууга жарым саат калганга чейин коңшусу анын гаражга таштанды челектерин көтөрүп бара жатканын көргөн. 2003-жылы Джейсондун ата-энеси Джим менен Келли Йолковски дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөсүнө жардам бере турган коммерциялык эмес уюмду түзүшкөн.

Сүрөт

2004-жыл, Маура Мюррей. Кыз 2004-жылдын 9-февралында дайынсыз жоголгон. Ошол күнү ал "жакын тууганым каза болду",- деп жумуштан суранган (кийин белгилүү болгондой эч ким каза болгон эмес). Кетип бара жатып ал жол кырсыгына кабылып, өзүнүн унаасы менен Нью-Гэмпшир штатындагы Вудсвиль шаарчасынан алыс эмес жерде даракты барып сүзгөн. Өтүп бара жаткан унаанын айдоочусу кызга "полиция жана медиктерди чакырайынбы? ",- деп сунуштаган, бирок ал таптакыр макул болгон эмес. Киши баары бир полиция чакырып, анан кетип калган. Он мүнөттөн кийин жетип келген полиция кыздын дайынсыз жок болуп кеткенин көргөн. Окуя болгон жерден эч кандай шектүү нерселер табылган эмес. Кийинки күнү Мауранын күйөө жигити Оклахомадан телефонуна Маурадан келгендей болгон үн кабарламасын алган, андан кыздын ыйлаган добушун уккан. Бирок окуя эмне болгонун азыркыга чейин эч ким билбейт. Жоголоруна эки күн калганда Маура өзүн таңкалыштуу алып жүргөн жана анын үй-бүлөсү кыз өз эрки менен жоголду дегенге ишенбейт. Тогуз жыл өтсө да кыздын эмне болгонун эч ким билбейт.

Сүрөт

2006-жыл, Брайан Шаффер. 1-апрелде 27 жаштагы Огайо университетинин студенти, болочоктогу медик Брайан Шаффер барга жөнөгөн. Ал үйүнө кайтып келген эмес. Ошол эле учурда Брайандын бардан чыкканын эч ким көргөн эмес: видео байкоо болгону ал имаратка кирип бара жатканын гана тартып калган. Акыры жолу жаш жигитти түнкү саат эки жарымда белгисиз эки кыз менен суйлөшүп отурганын көрүшкөн. Андан кийин ал тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес.

Сүрөт

2007-жыл, Барбара Болик. 18-июлда 55 жаштагы Монтана штатынын Корваллис шаарынын жашоочусу Барбара Болик өзүнүн досу Джим Рамакер менен Калифорнияга конокко барып, тоого эс алууга жөнөшкөн. Тоого чыгып бара жаткан маалда Джим кооз пейзажды карамакка бир мүнөттөй токтой калган, бул учурда Барбара андан 6 метрден артта бара жаткан. Бирок Джим артына бурулуп караган кезде аялдын жок болуп кеткенин көргөн. Ал аялды таппагандан кийин кайтып келип, полицияга бул тууралуу билдирген. Бир нече убакытка чейин Джимди Барбараны өлтүрдү деп шек санашкан, бирок тергөөнүн жыйынтыгы эркектин жоголууга тиешеси жок экенин аныктаган жана бул иштин бети ошол бойдон ачылбай калган.

Сүрөт

2008 -жыл, Брэндон Свенсон. 14-майда Миннесота штатындагы Маршалл шаарына 19 жаштагы Брэндон Свенсон кайтып келе жаткан. Жолдон анын унаасы кырсыкка учураган. Брэндон ата-энесине телефон чалып, ага келүүлөрүн өтүнгөн. Бирок окуя болгон жерден жигитти табышкан эмес. Жигитттн атасы Брэндонго чалган учурда ал жакын жердеги шаарчага - Лидге баарууга аракет кылып жатканын айтып, анан жөндөн-жөн эле урушуп жиберген. Байланыш ошол жерден үзүлүп Брэндон телефонго жооп берген эмес. Полиция унааны да, жигитти дагы таппай калган.

Сүрөт

2008-жыл. Майкл Хирон. 2008-жылы 23-августта 51 жаштагы Майкл Хирон Теннеси штатындагы Хэппи Вэлли фермасына жөнөгөн, ал жактан чөп чапмакчы болгон. Ошол күнү эртең менен коңшулары Майкл өзүнүн жол тандабасы менен үйүнөн кетип жатканын көрүшкөн. Кийинки күнү Майклдын достору фермага жөнөп, жеткен кезде жолго токтоп турган анын унаасына барышкан. Ага прицеп чиркештирилген экен жана анда газон кыркыч дагы жүктөлүп туруптур, бирок чөптү эч ким чапкан эмес. Достору кийинки күнү да барышып ошол эле жерде токтоп турган жол тандабасты көрүшүп тынчсызданышкан, анда унаанын ээсинин мурдагыдай эле ачкычтары, уюлдук телефону жана капчыгы жаткан.

Сүрөт

Майкл жоголгондонй кийин үч күндөн соң полициялар жалгыз бир илинчек табышкан: анын жолтандабасы үйүнөн жарым чакырым алыстыктагы бийик дөбөгө барып калган. Бирок Макйлдын эмнеге ал жерге барганы белгисиз. Эч кандай из таба алышкан эмес. 51 жаштагы Майкл ошол бойдон жоголгон.

2011-жыл АКШ. Декабрь айында бир эле убакта эки бала – Каролина штатынан 1 жаш тогуз айлык Джейсон Бартон жана Мэн шаарынан 1 жаш 8 айлык Айла Рейнольдс жоголгон. Экөө тең жоголгон учурда үйдө болушкан жана кичинекей балдардын сыртка өз алдынча чыгуулары мүмкүн эмес болчу. Джейсонду кийинчерээк үйүнөн беш чакырым аралыктагы суунун жээгинде уктап жаткан жеринен табышкан, Айла ошол бойдон дайынсыз жок болгон.

Сүрөт





Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2693 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 00:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дүйнөнүн эң жаш чоң энеси 23 жашта
Дүйнөнүн 23 жаштагы эң жаш чоң эненин кызы 11 жашында төрөгөн Румыниялык 23 жаш тагы Рифка Станеску дүйнөдөгү эң жаш чоң эне аталды. Бул тууралуу Правда.Ру булагы жазууда.

Маалыматка ылайык Рифка Станеску 11 жашында 13 жаштагы балага турмушка чыккан. Ал эми 12 жашында кызы Марияны төрөгөн. Бир жылдан кийин дагы бир эркек бала төрөгөн.

Убакыт өтүп кызы Мария чоңойду. Кызы дагы энеси сыяктуу эрте жашында, тагыраак айтканда, 10 жашында турмушка чыккан. Рифка Станеску кызын токтотууга аракет кылган, бирок кызы көгөрүп болбой койгон. Ошентип кызы 11 жашында төрөгөндө, эң жаш чоң эне Рифка 23 жашында болгон. Бул учурда чоң энесинин энеси 40 жашына чыккан.

Рифка Станеску 23 жашында чоң эне болуп, дүйнөнүн эң жаш чоң энеси саналган Англиянын 26 жаштагы жашоочунун артка калтырган.

СүрөтСүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 12 Июнь 2015 - 00:04

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2694 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Көпүрөдөгү "сүйүү кулпуларын" чече башташты

Париждеги Искусство көпүрөсүнө ашыктардын илген "сүйүү кулпуларын" ала башташты
Сүрөт Жумушчулар Париждеги Искусство көпүрөсүнө ашыктардын эчен жылдардан бери илип келген "сүйүү кулпуларын" чече башташты. Бул тууралуу charter97.org булагы кабарлоодо.

Француз борборунун жетекчилиги бул кадамга оор салмактагы темир кулпулар XIX кылымда курулган тарыхый көпүрөнүн бузулушунан кооптонгондугунан баргандыгын билдирген. Шаар башчысы Бруно Жульяр бир жагынын бул кулпулар шаардын көркүн бузуп жаткандыгын айткан. Искусство көпүрөсүнөн 45 тоннага жакын миллионго жакын "сүйүү кулпулары" алынмакчы. Андан кийин көпүрөнүн азыркы чеке тосмолорун кайра жаңыдан жасалат.

Көпүрөдөн алынган темирди кайрадан иштетип "гуманитардык долбоорлорго" жумшоо каралууда. Буга карабай шаар жетекчиси Париж сүйүүнүн жана романтиканын шаары болуп калаарын белгиледи.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2014-жылы "сүйүү кулпуларынын " оордугунан Искусство көпүрөсүнүн бир тарабы кулап, жапа чеккендер болгон эмес.



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2695 Пользователь офлайн   rumaika5544   12 Июнь 2015 - 00:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Даана шумдугун кур экенго.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2696 Пользователь офлайн   aytkulova   14 Июнь 2015 - 13:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөдөгү эң жаш студент
2012-жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң
жаш студент болуп Танишк Абраам саналат.
Танишк 2 жылдан бери (2010) American River
College дин «Палеонтология жана астрология»
факультетинде ийгиликтүү илим алып,
бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара
жаткан кези. Университетке 7 жашында,
жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти
"мыкты” деген баага берген соң кабыл
алынган.
АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга
тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана
жашы 16 жеткендигин талап кылбайт.
Ошондуктан Танишкке студент болууга эч
нерсе жолтоо болгон эмес. Ата-энесинин сөзү
боюнча, эки жашка чыкканда эле мыкты
жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштаган, ал эми
бешке толгондо Стэндфорд университетинин
(Stanford University) экинчи курсунун
студенттери чыгарчу эсепти чыгарып калган.
Төрт жашында тесттик тапшырмаларды
ийгиликтүү чыгарып "Менса” коммерциялык
эмес уюмунун мүчөсү болуп калган. Бул уюмга
IQ су абдан жокорку деңгээлде болгон
адамдар гана мүчө боло алган.
Вундеркинддин атасы – Бижу Абраамдын сөзү
боюнча, баласы жети жашында эле мектептик
программаларды билип алгандыктан, ата-
энеси ошол замат колледжге берүүнү
чечишкен. Ага чейин Грегори Смит аттуу жаш
бала 10 жашында университеттин босогосун
аттаган. Кийинки ишмердигин ал саясат менен
байланыштырып, балдардын коомдук
кыймылынын негиздөөчүсү да болгон. Эки
жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Кичине балдардын университетке тапшыруусу
боюнча тарыхта бир канча окуялар болгон:
андай жаш студенттердин бири Кембридж
университетин бүтүргөн 14 жаштагы Уильям
Питт. Уильям 1773-жылы тапшырган. Мындан
эки кылым өткөндөн кийин ушул эле
университетке 15 жаштагы Арран Фернандес
тапшырган.
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2697 Пользователь офлайн   aytkulova   14 Июнь 2015 - 13:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

Кызык ачылыш
Агнляилык увниерситетитн излидөөчлүөрү
кыкызтуу алычыш жашасты. Аладырн
излдиөөсү бюноча сөзөдгү тагмаладрын оурн
ашылы сөгзө көп деле тааиср эптейт.
Бакышсы, бининрчи жана акыкры тамлагар
орндуда касла бодлу. Ал эми каглан тагмалар
каагаландай жайшага бесре боолт жана бул
сөрдөздү оуукда токсоодлуктадры
жараптайт. Муунн себбеи, көсрө биз ар бир
тагманы өзүчнө окбуатсан сөдзү тогулу мнеен
окуагнызыбда экен.
Мына кызык!
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2698 Пользователь офлайн   kalen9001   14 Июнь 2015 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Тилим буралып калды окуп буткучо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2699 Пользователь офлайн   kalen9001   14 Июнь 2015 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Тамашалуу шумдук деле эмес. 1) коздун ичин эч качан самындай албайсын. 2) чачынды эч качан санап буто албайсын. 3) тилини чыгарып мурдун менен дем ала албайсын. 4) азыр эле 3 чуну аткарып кордун, бирок кучуко окшоп дем алып калганыны сезбедин))) 5) кулуп отурасын кучуко окшоп дем алганыны мойнуна алып))) ФБ дан окудум жаныле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2700 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Июнь 2015 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения XAH. (11 Июнь 2015 - 23:54) жазган:

кокууй эми не болот өлүп калабызбы?

Окумуштуулар айткандай эмес Аллах айткандай болот.

Эгер окумуштуулар айткандай болсок 2000-жылы же 2012 -жылы эле Аалам жок болуп кетмек.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 133
  • 134
  • 135
  • 136
  • 137
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: