Хеппы02.
Биринчи сурооңо жооп жазсам. Баарыбир өлөбүз туура. Бирок мен өлүмдөн коркуп эрте кетүүнү каалабаганым,
күнөөм көп болсо тозоко түшүп калуудан корком, өлбөй турсам күнөөлөрүмдү жууп алмакмын узагыраак жашасам деген ой. Ошондой эле жакындарымды таштап кетүүгө көңүл кыйбайт...Экинчи суроого: Мени сүйсүн эмес, мен деле сүйгүм келет.
Кызыктай суроолор. Отунуч: тема толукталып турат, башка жакка жылдырбагыла.
#82 15 February 2015 - 23:39
Хеппи Олум ак, бизди Аллахым бул дуйного озубузду озубуз олтуруп эрте эле кайра барып алууга жиберген эмес. Эмнеге келгенибизди жакшы билебиз мен да сиз да.
сени суйгон адам гана сен учун баарына даяр...
сени суйгон адам гана сен учун баарына даяр...
Внешность - это козырь , но не туз…
#83 16 February 2015 - 00:02
Жакшы тема экен. Мен да кызыктайбы же кызыксызбы суроолорумду калтырып кетейинчи.
1. Эмне учун жашоодо ойдо- ылдый маселелер болуп, кыйналып, дуйно эмес озунду коргун келбей калса да жашоого тойбой "жашаш керек, жашаш керек" эле дей беребиз. Баарыбир эртеби кечпи олобуз го. Жузго чыгып алжып олгучо эртээрек эле кетчу жерге кете берсе болбойбу?
2. Эмне учун копчулук адамдар " мен суйсом" экен дебейт, " мени суйсо" дешет. )))

1. Адам баласынын табияты ошондой. Адам түбөлүк жашоо үчүн жаратылган. Ошондуктан аны менен кошо ушул сезим жашап келет. Жашоосу кандай болбосун ал өлгүсү келбейт. Тагыраагы жок болуп кеткиси келбейт. Адам өзүнүн таптакыр жок болуп кетүүсүн элестете албайт. Бул биринчи себеби. Экинчи бир себеби адам белгисиз нерседен коркот. Өлүмдөн кийин кандай абалга туш болоорубуз белгисиз болгондугу үчүн өлгүбүз келбейт.
2. Балким жоопсуз сүйүүдөн коркушаттыр.
#84 16 February 2015 - 19:43
ATOMIC-BOMBA
, Ванкувер байке ( жазуу стилинизди окшоштурдум),
коп куноо кылып жибергенинизге ишене албай турам.))
Jadyrashka, Биринчи жообунузга айныгыс чындык катары кошулам. Ал эми суйгон адам баарына даяр болот дегенинизге жарым жартылай гана ишена алдым. Суйуусу учун курошо албай, алдынан чыккан тоскоолдуктун караанын коргондо шалдайып гана тим болгон адамдардардын тобу кандай болуп калат анда.
Daud, Жообунуз канаатандыраарлык экен. Ооба биз чындыгында олумдон коркот экенбиз.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#85 17 February 2015 - 05:07
Олум эмне экенин билип турсак да ошого озубузду ишендире албайбыз, кантип эле деген ойлор баардык адамдардын мээсинде болсо керек. Олгондон сон каяка барам кантип, жашоо уланабы? Деген суроолорго биз толук жооп таба албайбыз.Ошондуктан баары эле олууну каалабаса керек.
Ар бир адам, озуно башкалардан жылуу мамилени кутот биринчи болу. Ошондуктан биринчи суйсом экен дебей мени суйсо экен дешсе керек..
Ар бир адам, озуно башкалардан жылуу мамилени кутот биринчи болу. Ошондуктан биринчи суйсом экен дебей мени суйсо экен дешсе керек..
#86 17 February 2015 - 05:19
Аалымдар: Эки жубайдын ортосунда 1-Ишеним, 2-Урмат, 3-Мееримдуулук,
4-Суйуу Болсо, мына ошондо Бактылуулуктун ачкычын таба алабыз дейт.
Эми суроо; А биз эмне учун жогорудагы 3 сезимди иштетпей эле, суйууго аттап отуп кетебиз, т,а суйууго багынып беребиз?! Себеби тартиби менен карасак, Суйуу тортунчу кезекте турат экен...
Эми суроо; А биз эмне учун жогорудагы 3 сезимди иштетпей эле, суйууго аттап отуп кетебиз, т,а суйууго багынып беребиз?! Себеби тартиби менен карасак, Суйуу тортунчу кезекте турат экен...
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#87 17 February 2015 - 05:25
Кайсы аалымдар экен ошо, оздору да 4сунон баштаса керек))))
Биринчи кезекте бир адамды жактырып, суйуп туруп анан ошол калган сезимдер ойгонсо керек ошол адамга деп ойлойм
Биринчи кезекте бир адамды жактырып, суйуп туруп анан ошол калган сезимдер ойгонсо керек ошол адамга деп ойлойм
#88 17 February 2015 - 05:35

Негизи ал аалымдарга соз тийгизуу адепсиздик. Деп койот, Абдылда байке айтмакчы, СААЛ абайлайлы. Себеби алар биздин жол башчыларыбыз. Карангы тунду жарык кылып турган прожектор сыяктуу инсандар.
Мен жубайлар дедим. Жигит-кыз дебедим. Ошонун натыйжасында ажырашуулар коп болууда дешеттер...
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#89 17 February 2015 - 05:36
Кр дагы форумчулар уктабайсынарбы,
силерде саат алты болуп жатырго...
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#90 17 February 2015 - 05:45
Негизи ал аалымдарга соз тийгизуу адепсиздик.
Деп койот, Абдылда байке айтмакчы, СААЛ абайлайлы. Себеби алар биздин жол башчыларыбыз.
Карангы тунду жарык кылып турган прожектор сыяктуу инсандар.
Мен жубайлар дедим. Жигит-кыз дебедим. Ошонун натыйжасында ажырашуулар коп болууда дешеттер...
Мен жубайлар дедим. Жигит-кыз дебедим. Ошонун натыйжасында ажырашуулар коп болууда дешеттер...
Ой тамаша иретинде эле жазгам, аалымдар кайда мен кайда дегендей эле бул жагы.
#91 17 February 2015 - 05:51
Суйуу деп эмнени айтышат озу? Суйуу ошол эки жубайдын ортосундагы бир бирине кылган мамилеси болсо кере. Урматтоо, ишенуу, мээрим ошол суйууго кирсе керек деп ойлойм.
#92 17 February 2015 - 10:31
суйууну, жазуу турундо жасыш оной, ал очуп калуучу нерсе, а практикада жузундо коргон, аны коргон адам олгончо журогундо сакталуучу нерсе.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#93 21 February 2015 - 02:59
Аалымдар Алланын илимин жакшы билген ислам менен кантип жашоону билишкен адамдар.Биз уй булоо куруп бирок исламдан кабарыбыз жок ошентип бактысыздыкка дуушар болуп жатабыз.Ошол суйом деген бирок исламдан кабары жок инсандарда албетте ажырашуу да коп.
#94 21 February 2015 - 03:40
Азиза - ойноп ал
Ушу ырдын минусовкасы кимде бар туугандар болсо айтып койгулачы абдан зарыл болуп жатат
Ушу ырдын минусовкасы кимде бар туугандар болсо айтып койгулачы абдан зарыл болуп жатат
#95 15 April 2015 - 17:31
Эмнеге баардык жаныбарлар 1-2-3жылда чоноюп бой жетет. А адамдар коп жылда? Кимдин ою кандай? Адам деле 3жылда чоноюп уйларга окшоп бой жетсе эмне?
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#96 15 April 2015 - 17:50
Адам ошон учун адам да,
Жаныбарларга окшоп жашаса малдан айырма жок болуп калат ко?
3жылда элестеттим олду дегенде 10-15 жыл жашап калабызго)
Ким багат?
Анда уй салыш проблема болбой калат го.
Уй салгыча эле олуп калбайбы адамдар!

#97 15 April 2015 - 17:54
2. Эмне учун копчулук адамдар " мен суйсом"
экен дебейт, " мени суйсо" дешет. )))
Бироону суйуп кыйналганча, бироо сени кыйналып суйсо жакшы да.
Анан суйуп калып жоопсуз суйууго кабылбайын десе керек!
Бироо сени суйсо жакшы да!
экен дебейт, " мени суйсо" дешет. )))
Бироону суйуп кыйналганча, бироо сени кыйналып суйсо жакшы да.
Анан суйуп калып жоопсуз суйууго кабылбайын десе керек!
Бироо сени суйсо жакшы да!
#99 12 June 2015 - 02:06
Айымдардын кайсы суроолору адепсиздикке кирет?
Адепсиздик айымдардын эң эле жаман сапаттарынын бири. Ал көбүнчө көмүскөдө байкалбай турат жана чыдоого туура келе турган мүнөз болуп эсептелет. Жүрөккө жана жан дүйнөгө терең так калтырбайт. Кээде бул тууралуу ойлонбогон деле адамдар кездешет. Анткени "көңүлдү оорутпаган" суроого таарынуу туура эмес деп ойлошот. Жөн жай эле суроо салды. Болгону ага бул нерсе кызык.... Бирок, дал ушул "көңүлдү оорутпай турган" суроолорду берүү адепсиздикке жатаарын бардык эле айымдар биле беришпейт.
Маселен, бойго жеткен кыздын курбулары тынымсыз, окшош жана тажатма суроо берүүдөн чарчашпайт "Качан турмушка чыгасың, ыя?". Суроону өздөрүнөн кызыкчылыгы үчүн беришти, бирок, кыздын сезиминдеги жарага туз сепкендерин сезе беришпейт. Балким ал сүйүүсүн али кезиктире электир, мүмкүн ага турмушка чыгуу эртелик кылат же кимдир бирөө менен тагдырлары бир болбой калгандыр... ...
Ошондой эле, айрым учурда балалуу болуша элек жубайлардан "Качан балалуу болосуңар?" - деген сыяктуу суроолор берилет. Кош бойлуу болуу оңой эле аткарыла турган маселе эмес экенин биле беришпейт. Балким, жубайлардын биринде бул жаатта көйгөй болушу мүмкүн же бардык нерсеси жакшы жөн эле Жараткандан али берилбей жаткандыр... Кандай болгон күндө да бул суроо жубайлар үчүн аялуу суроо.
Мындан сырткары, кош бойлуу айымдарга "Кызбы же уул бекен? Кыз күтүп жатсаң уул болуп калса эмне кыласың?" - деген өтө эле адепсиз, кыжырды келтирген суроолор да берилбей койбойт... Анда эмне кылуу керек, кыз күтүп жатсам уул болуп калды деп наристесинен баш тартып же балдар үйүнө өткөрүп бермек беле?!......
Ал эми курсагы бир томпоюп көрүнүп турган айымдарга да "Эмне боюңда барбы?"- деп суроо узатышат. Балким ал табиятынан ошондой, мүмкүн көп тамак ичип алган, же болбосо кош бойлуулукту чыдамсыздык менен күтүп, бирок тилеги орундалбай жаткан бир айым болушу ыктымал..... Мүмкүн толук айымдарга кирет...
Дагы бир адепсиз суроолордун бири " Балаңыз кимге окшош, атасынабы же апасынабы?" . Атасына окшоштурган баланын балким атасы каза болуп калган же таштап кетип апасынын жүрөгүнө катуу жабыркоо тартуулаган. ... Балким апасына окшоткон кызды балдар үйүнөн багып алышы мүмкүн.... Мындай учурда өзүңүз жакшы тааныган адамдарга гана бул суроону берсеңиз болот. Ал эми чала тааныш же чоочундарга берүүнүн кереги жок. Ошончолук эле элжиреп бара жатсаңыз, маңдайынан сылап, жагымдуу сөз сүйлөп коюңуз....
Психологиялык адепсиз суроолор
- Сиздин бир жериңиз ооруп жатабы? Эмне үчүн ооруп жатканын кантип билбейсиз? Мүмкүн түнү жакшы уктай албай калган чыгаарсыз?
- Оой, сизге турмушка чыгууга али эрте, андан көрө үй бүлөңүздөгү көйгөйлөрдү алгач чечип албайсызбы?
- Сиз толуп кетиптирсиз? Көп тамак ичип жатасыз го ээ?
- Такыр эле жүдөп калыптырсың, өзүңдү карабайсыңбы?
- Канча айлык аласын?
- Жашаган жериңе канча ижара акы төлөйсүң?
- Сиздин балаңыз, башкача экен? Сиз ага жакшы көңүл бурбайт окшойсуз?
Булар ар бир адамдын жеке жашоосуна байланыштуу суроолор болгондуктан эгер өтө жакын адамыңыз болбосо такыр эле берүүгө болбойт. Адепсиздикке жатат. Жүдөп жүрсө жүрөгүндө көйгөй бар болушу мүмкүн, толуп кетсе оорушу ыктымал, баласы башкача болсо мүнөзү ошондой болушу мүмкүн да......
Адепсиз болсоңуз, демек сизде өзүн- өзү алып жүрүү маданияты жок. Эгер маданит жок болсо, демек сизге урмат- сый көрсөтүү да жок.
Андыктан бул начар сапаттан арылууга азыртан баштап аракет жасап, кадам таштаңыз. Айымдардын улуулугун, сулуугун бул сапат бузуп коёт. Адептүүлүк бул- башка адамга сый көрсөтүү болуп эсептелет. Сиз бирөөгө сый көрсөтсөңүз, өзүңүз да сыйга бөлөнөсүз.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#100 12 June 2015 - 15:45
"Ыңгайсыз" суроолорго кантип жооп берүүнү үйрөнүп алыңыз
"Канча айлык аласың?", "Качан турмушка чыгасың?"
- деген сыяктуу ыңгайсыз суроолор адамдын маанайын бузуп же кыжырын келтирет эмеспи. Мындай кырдаалга баарыбыз эле кабылып келебиз. Буга байланыштуу психолог адисинин кеңеши менен кыжырды келтирген ыңгайсыз суроолорго кантип жооп берүүнү үйрөнүп алалы.
Ыңгайсыз суроолору менен маанайды бузган адам менен бааралашууну кайра калыбына келтирүү өтө кыйынга турат. Мейли, ал адам ыңгайсыз суроосун бергенден кийин анын артынан кайра "жооп бербей деле койсоң болот, же ашкере кызыккандыгым үчүн кечирип кой"- деп айтса деле маанай баари бир бузулат. Буга кандай жооп берүү туура болот?! Эң башкысы сабырдуу болуп, юмордук сезимиңизди ойгото коюңуз.
Чала тааныш адамдардын ыңгайсыз суроосуна жооп берүү
1- Канча жаштасыз?
Эмне үчүн бул суроону беришет?! Негизи эле аялзатынын жана чала тааныш адамдын жашын сураган туура деп эсептелбейт. Бирок ашкере ынтызар адамдар үчүн сиздин жашыңызды билүү өтө маанилүү. Мүмкүн ал сиз менен бирге чогуу иштешип калышы ыктымал. Ошон үчүн баарын билгиси келет.
Сиздин жообуңуз
Менин көз карашымда жаш курактагы сандар маанилүү эмес. Эгер адам өзүнүн жаш курагынан алда канча жаш көрүнсө ал үчүн жөн гана кубануу керек- деп коюңуз. Эгер ал сиздин жашыңыз мынчада болсо керек деп, бир санды айтса, анда сиз ал айткан сандан жогоркусун айтып коюңуз. Өзүнүн курагынан жаш көрүнгөн адамдар сыйлуу келет.
Албетте, бул суроого универсалдуу жооп жок. Андыктан жаш курагыңызды айткыңыз келбесе, анда, "а сиз мага канча жаш бересиз"- деп өзүнө суроо узатыңыз, же "ой, кабатыр болбоңуз, мен 18 жаштан эбак эле өткөм"- деп юмор менен жооп берип коюңуз. Үнүңүздүн басымына көңүл буруңуз. Өзүңүздү адепсиз көрсөтүүдөн алыс болуп жай үн менен жооп бериңиз.
2- Канча айлылк аласыз?
Эмне үчүн бул суроону беришет?! Себеби, ким менен жана кандай адам менен баарлашып жаткандыгын билгиси келет. Ошондой эле сиз иштеген жерде кайсы адиске кандай айлык төлөнөөрүн билүүнү каалайт.
Сиздин жообуңуз
Бул суроого баарлашып жаткан адамыңыз канчалык деңгээлде сиз менен жакшы тааныш экендигинде. Эгер жакын таанышыңыз болсо, анда эч ойлонбой эле айтып коё бериңиз. Ал эми чала тааныш адамга "күнүмдүк тиричиликке жетет же мынча сомдун тегерегинде" - деп орточолоп айтыңыз.
3- Сиздин көйнөгүңүз, сумкаңыз же телефонуңуз канча сомдук?
Эмне үчүн бул суроону беришет?! Психолг адистеринин айтымдарында сиздин кийимдериңиздин жана буюмдарыңыздын баасын билгиси келген ынтызар адамдар, сиздин тапкан кирешеңизди билгиси келгендер болуп эсептелет. Айрымдар ушундай салыштыруу менен баалашат.
Сиздин жообуңуз
Психолог адистери бул суроонун төркүнүн башка нукка дароо бурууну сунуш кылат. "Ой, биз эмне эле кийим тууралуу сүйлөшө баштадык, сиз жаңы чыккан тигил же бул фильмди көрдүңүзбү? Мен көрдүм абдан таасирлендим" - деп создү башка жакка буруп кетсеңиз болот.
4- Эмне үчүн турмушка чыкпай жүрөсүң же качан чыгасың?
Эмне үчүн буга кызыгышат?! Бул суроону негизинен сизге кам көргөн жакындарыңыз гана бере алат. Ал эми башкалар бул суроону берсе адепсиздикке жатат. Мындай сурооу берген адам сиздин жеке жашооңузга ашкере кызыгаарын билсе болот.
Сиздин жообуңуз
Эгер курбуңуз бул суроону берсе, анда, ачууга алдырбай өзүңүздү кармап "мага ылайыктуу адамды жолуктурбай жүрөм да"- деп коюңуз. Ал эми башкаларга "менин колумду сурагандар абдан көп болуп жаткандыктан жолдоштукка талапкерлерди тандоодон кол бошобой жатат"- деп юмор менен жооп берип коюңуз.
5- Эмне үчүн балдарыңыз жок?
Эмне үчүн бул суроону беришет?! Айрымдары балдар тууралуу сүйлөшкүсү келгендиктен бул суроону беришсе, ал эми жакын туугандар сиздин эне болушуңузду күткөндөр болуп эсептелет.
Сиздин жообуңуз
Эгер бул суроону чала тааныш адам берсе, анда, "бул тема тууралуу кеп козгоону каалабайм" - деп жооп бериңиз. Эгер жакындарыңыз айтса, "эмне силер бала багычуу болгуңар келип калганбы, макул каалооңорду орундатууга аракет жасайбыз" - деп юмор менен жооп бериңиз.
5- Сен эмне семирип кеттиңби?
Эмне үчүн алар сиздин салмагыңызга кызыгышат?! Кээде жөн эле көргөн нерсеси үчүн сурашат. Ал эми айрымдар жөн гана ашыкча салмактуулук тууралуу сүйлөшкүсү жана тажрыба бөлүшкүсү келет.
Сиздин жообуңуз
Баарына юмор менен жооп бериңиз. "Ой, жоок, аппарык элемин, болгону көйнөк ушундай толук көрсөтүп коёт экен"- деп коюңуз.
6- Эмне үчүн ажыраштыңыз?
Эмне үчүн бул суроону беришет?! Айрымдары жашоодон тажрыйба алгылары келишет, же өзүнүкү менен салыштырууну каалашат.
[b]Сиздин жообуңуз
Психолог адистери бул суроо бир гана жеке өзүңүзгө гана тиешелүү болгондуктан кескин түрдө, "мен бул суроого жооп берүүнү каалабайм" - деп айтсаңыз болот. Же болбосо, "бул тема бизге гана тиешелүү, башкалар менен талкуулоонун кажети"- жок деп коюңуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео