Суперстан: "Жебе" тобу жөнүндө ойлорду жазабыз) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Жебе" тобу жөнүндө ойлорду жазабыз) Кенже Дүйшееванын "балдары" жөнүндө ой бөлүшөбүз

#121 Пользователь офлайн   Dinakg   28 Май 2015 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 25 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Июн 2020 22:50

Кенже эже кыз бурактын кыздарын тарбиялап журо берип конуп калганбы,бул жигиттерди да назик кылып тарбиялап жаткандай туйулат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   PRINCE-OF-KIRGIZIYA   30 Май 2015 - 22:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 368
  • Катталган: 17 Март 15
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алай - Кыргызстан

Сулуу чымчыка окшой беришет мага жакпайт. Кыздарга окшобой эркекче стилде болбойбу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   bossmos7   30 Май 2015 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Просмотр сообщения PRINCE-OF- KIRGIZIYA (30 Май 2015 - 19:39) жазган:

Сулуу чымчыка окшой беришет мага жакпайт. Кыздарга окшобой эркекче стилде болбойбу.


Эн туура!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   airada   31 Май 2015 - 07:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Жакшынакай балдар бирок ырлары анча эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

«ЖЕБЕ» ТОБУНУН ЖЕБЕДЕЙ БОЛГОН ЖИГИТТЕРИ
Сүрөт



Самат ЖЕТИГЕНОВ: «Чач жасалгаларыбыз башкача болбосо, кыргыздын эле жигиттерибиз»



- Силерди күйөрмандарыңар чач жасалгаларыңардан улам корей жигиттерине окшоштурушат. Ѳзүңдү корей мырзаларына окшоштурасыңбы?

- «Жебе» тобу жаңы түзүлгөн кезден бери эле баардыгы ушул суроону беришет. Биз төртөөбүз кастингден тандалып алынып, даярдана баштаганда Кыргызстанда корей сериалдары популярдуу болуп аткан. Кийин чоң сахнага ырдап чыга баштаганыбызда кыздардын баардыгы «Булар «F4» болуп, корей тасмаларындагы жигиттерди туурап чыгышты» деп калышты. Бирок, Кенже эже корей сериалдары популярдуу боло электе эле бизди кастингден тандап алып, бир топ болуп түзүлгөнбүз. Ал эми чач жасалгаларыбыз тууралуу айта турган болсом, биздин аталарыбыз деле чачтарын узун алып жүргөн экен. Биздики деле топко келгиче эле чачтарыбыз узун болчу. Чач жасалгабыз эле башкача болбосо, өзүбүз кыргыздын эле жигиттерибиз.



- Топтогу жигиттер менен келишпестиктер болбой койбосо керек?

- «Беш кол тең эмес» дегендей, баардыгы жакшы, ортодо эч кандай келишпестиктер болбойт деп айтуудан алысмын. Мисалы, Минур экөөбүз бул топко келгенче эле дос болчубуз. Ал эми Кумар менен Медер бир тууган эмеспи. Балким, ошондон улам ортодо көйгөй жарата турган келишпестиктер деле болбойт. Кээде формаларыбызды акылдашып жатканда бирибиздин оюбуз экинчибиздикине шайкеш келбей калышы ыктымал. Биз мындай кырдаалдан баардыгыбыз кеңешип, тез эле бир чечимге келебиз.



- Сага кандай кыздар жагат?

- Эң биринчиден, өзүнүн жөнөкөйлүгү, ак көңүлдүгү менен жүрөгүмдөн орун алып, дайыма ата-энемди сыйлап турган ыймандуу кыз болсо дейм.



- Жигиттердин байлыгына кызыккан кыздарга кандай ойдосуң?

- Менимче, азыркы учурда жигиттердин байлыгына кызыккан кыздар көп эле болсо керек. Кыздар жигиттердин байлыгын эмес, жандүйнөсүн, адамдык сапатын жактырса дейт элем. Себеби, ичтеги сезимди эч качан байлыкка алмаштыра албайсың.



Кумар САГЫН уулу: «Кыздардын тазалыгына өзгөчө көңүл бурам»



- Кыздар менен таанышууда биринчи эле эмнесине көңүл бурасың?

- Мен таанышкан кыздын жандүйнөсү таза, маданияттуу, акылдуу кыз болсо дейм. Кыз менен биринчи таанышып жатканда анын сүйлөгөн сөзүнө жана тазалыгына көңүл бурам.



- Биринчи сүйүүгө качан кабылгансың?

- Мен биринчи классты Орусиядан окугам. Ошол жерде 1-классымда Наташа аттуу орус кызды балалык сезимдер менен жактыргам. Кийин ал кызды көрбөй деле кеттим.



- «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дейт эмеспи. Биз билбеген дагы кандай өнөрүң бар?

- Мен чыгармачылыктан сырткары бош убактымда спорт менен машыгам жана андан ырахат алам. Андан башка азырынча өнөрүм деле жок го дейм (күлүп).



Медер САГЫН уулу: «Ар бирибиздин кыздарга болгон табитибиз ар башка»



- Медер, Кумар экөөңөр бир туугансыңар да. Экөөңөрдүн мүнөздөрүңөрдө кандай окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр бар?

- Эки бир туугандын бир чыгармачыл топто жүргөнү жакшы нерсе экен. Кайсы жерде, кайсы чөйрөдө болбосун, дайыма чогуу жүрүп, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп келебиз.



Кумар САГЫН уулу: – Албетте, экөөбүздүн окшош да, бири-бирибизден айырмаланган да мүнөздөрүбүз бар. Мисалы, мен шайыр болсом, Медер токтоо дегендей.



- Сага сүйүүсүн билдирген кыздар көп болсо керек. Аларга эмне деп жооп кайтарасың?

Медер САГЫН уулу:- Албетте, сүйүү сезимдерин билдирген кыздар бар. Мен аларга “экрандан көрүп эле жактырып калуу бул сүйүү эмес” деп айтам. “Балким, биздин чыгармачылыгыбызды сыйлайсыздар” деп түшүндүрүп коем. Эгерде эки адам бири-биринин жандүйнөсүн, ички сезимдерин, мүнөздөрүн жакшы билип, бири-бирин жактырып калышса, мына ошол чыныгы сүйүү деп эсептейм.



- Кандай жерлерге барып эс алып, чер жазганды жактырасыңар?

- Негизинен жаратылыштын таза абасында чогулуп чер жазып, эс алганды жакшы көрөбүз. Ашыкча эле ызы-чуу болгон жерди өзүбүз деле жактыра бербейбиз.



- Топтогу жигиттер бир кызды жактырып калсаңар эмне кыласыңар?

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес (күлүп). Себеби, биздин кыздарга болгон талаптарыбыз да, табитибиз да бири-бирибиздикинен айырмаланып турат.



Минур АЛТЫНБЕК уулу: -Андай такыр болгон эмес жана болбойт дагы. Биздин топтогу балдар үчүн сүйүүдөн да достук бийик турат.



- Топтогу жигиттердин мүнөзүн сүрөттөп берчи?

- Алгач эле Минурдан баштасам, Минур токтоо, акылдуу, шайыр жигит. Кайсы жерден өзүн кандай алып жүрүштү билет. Бирок, бир нерсени жүрөгүнө жакын алып таарынып калмай жайы бар. Ал эми Самат дайыма шайыр жүрөт. Айрым учурларда бир маселеге кооптонсоң, анда андай кооптонуу деген нерсе болбойт. Маселен, Саматтын шашмалыгы жакпайт. Шашмалыгынын айынан машина айдап баратып ГАИ кызматкерлерине көп түшөт.



Минур АЛТЫНБЕК уулу: – Негизи эле топтогу балдардын мүнөздөрү бири-бирибиздикине окшошуп кетет. Баарыбыз токтоо болчу жерден токтоо болуп, күлчү жерден дарексиз эле күлүп коюшубуз ыктымал.



Минур АЛТЫНБЕК уулу: «Мен «красавчик» деле эмесмин го»



- Кыздардын сулуулугун карайсыңбы же жандүйнөсүнбү?

- Көпчүлүк адамдар «Мен сырткы келбетине карабайм, ички дүйнөсү таза болсо болду» деп коюшат. А чындыгында андай эмес. Адам болгондон кийин алгач, сырткы келбетин карап туруп таанышасың да. Анан бара-бара ички жандүйнөсүн билесиң дегендей. Негизи эле мага таза, жөнөкөй, өзүн тыкан алып жүргөн кыздар жагат.



- Сен жактырган кыздар сүйүүңдү четке каккан учурлар болгонбу?

- Мектепте окуп жүргөндө эстен кеткис сүйүүгө кабылгам (күлүп). Мен анда 11-класста окусам, ал кыз 9-класстын окуучусу болчу. Мен ага сүйүүмдү билдирсем, «сен мага жакпайсың» деп бир сөз менен гана түшүндүрүп койгон. Ошондо аябай шагым сынган.



- Балким, өзүң кыздарды көп ыйлатсаң керек, анан ошол өзүңө “бумеранг” болуп кайтып келди окшойт да?

- Балким (күлүп). Бирок, мен көп деле кыздарды ыйлаткан эмесмин. Кыздарды ыйлаткыдай өзүм аябай «красавчик» деле эмесмин го. Билбейм, эмнеге ал кыз менин сүйүүмдү четке какканын.



- Кыздарды көргөндө биринчи эле сага эмнеси көрүнөт?

- Жеке эле кыздарды эмес, көчөдө кетип бара жаткан адамдарды көргөндө алгач эле мага көзү урунат. Адамдын көзүнөн анын кандай адам экендигин, аны менен кандай максатта сүйлөшсөң боло тургандыгын билсең болот да.




Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 12:08

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   zloy.   09 Июнь 2015 - 23:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 600
  • Катталган: 26 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2016 15:41
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Jigitronic (28 Май 2015 - 11:47) жазган:

Клибин да көрбөйм,ырларын да укпайм,өздөрүн да жаман көрөм.Эми ырчылардын санын көбөйтүп жүрөт да.Колдон келбесе мага окшоп эле жөн жүрүшпөйбү.


:хаха:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   LaDy-GaGa   12 Июнь 2015 - 12:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 388
  • Катталган: 28 Май 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2018 05:21
  • Калаасы:Нью-Йорк, США

Жакшы талантуу жигитер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   anya   28 Май 2016 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мындай жакшы, ырларына купулум толо бербейт жебе тобуна .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Авг 2025 22:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: