Чын эле эл Алматы көчөсү менен эл ылдый агылып, Чүй проспектисинен батышка бурулуп, ак үй тарапка каптай жөнөп баратышкан экен. Терезелери талкаланган спецназдын күрөң, темир чүмкөмө машинесине жармашып, төбөсүнө чыгып алышкан жаштар Кыргызстандын кызыл желегин желге желбиретип көтөрүп алышыптыр. Аарынын уюгундай уу-дуу.
— Жүргүлө!..
— Ак үйгө!..
— Бакиев кетсин!
— “Үй-бүлө” жоголсун!
— Максим долой!
— Аянтка!
— Ким элим десе… биз менен жүргүлө!
— Кошулгула!
Үзүл-кесил кыйкырык, чакырыктар угулат. Кай бир жаш жигиттердин колунда милийсалардын калдайган темир калкандары,
таяктары, алтургай автоматтар булактайт. Аны көрүп Эсендин жүрөгү болк этти. Элдин, өзгөчө, акыл-эси өрттөй күйүп, али токтоло элек жаштардын колуна курал тийгени – өтө кооптуу. “Эми бийликтегилерге кыйын болуп калган экен. Алар атса булар да атышат…- деген Эсен өз ойлорунан ичиркенип кетти.- Аман болушкай эле”.
Жанагы “Форум” жактан коюу, кара түтүн уюлгуп, акбоз асманга буралып жатыптыр. Үйүн, балдарын ойлой коюп жүрөгү опколжуй түштү. Кантишти экен? Үйү “Форумга” жакын эмеспи. Тынч болгой эле.
Эсен агылган элди утурлап, аларды аралай үйү тарапка ашыкты. Митингичилерге кошулуп ак үй тарапка да баргысы келди. Көпчүлүктүн деми күчтүү эле. Эмне болуп кетээр экен деген кызыгуусу азгырып турган менен буттары өзүнөн өзү үйүн көздөй алып жөнөдү. Балдарынан санаасы тынчыбай, бир көрүп алып анан келмек болду. Тынч, бейгам турмуш ушинтип бир заматта эле тополоң болуп калат турбайбы.
“Мадинага” тушташ келип калганда аны бирөө колдон тартып токтотту. Караса, кошуна теңтушу Жигер.
— Эй, сен кайда, жинигип? Элдин баары Бакиевди кулатканы баратса тетири кетип баратканың кандай? Жүрү, биз менен. Же коркуп атасыңбы?- деди ал шайдоот.
— Үйдү карап коёюн дедим эле…- Эсен көпчүлүктөн бөлүнүп калганына өзүн күнөөлүү сезип, айыптуу унчукту.- Жаңы эле иштен чыктым…
— Үйүң нормальный эле, ал жакка эч ким жологон жок. Мен келатпаймынбы.
Жүргүн андан көрөк, Ала-Тоо аянтына барабыз.- деген Жигер жооп күтпөстөн эле аны чыканактан тарта ээрчитип жөнөдү.- Азыр барып бакиевдердин акесин таанытабыз!
Элдин агымына, алардын кызып алган демине аралашкандан улам Эсендин да бара-бара деми кызый баштады. “Алда кандай болуп кетер экен?..” деген узун санаа анын көңүлүн тынчытпады.
“Бара көрөрмүн…”
— Элди эзген Бакиев кетсин!
— Ур-ра-а!..
— Чыккынчы!
..
— … а-аа!..
— … кетсин!
Көпчүлүктүн ичинен улам бирөө кыйкырып коёт. Баягы көзгө тааныш лидерлер эмес, катардагы эле жаштар. Көпчүлүк дуу эте аларды колдоп кетет.
— Ырас кезикпедиңби,
жалгыздап жаттым эле.- Жигер өзүнчө кубанып алды. Шайдоот. Мунун бир билгени бар. Кайдан-жайдандыр жаңылыктарды биринчи билип алат, шүмшүк.
Эки жагына элеңдей карап, алды-артына улам мойнун созуп жаткан Эсенге:
— Ой, бу элдин азы эле. Тиги, Горький-Советский көчөлөрү менен көбү ылдый, аянтка кетишти. Азыр кезигишебиз алар менен. Бол, тез бас.- деп демитти. Бу жолу да баарын билип алган тура!
Чын эле ак үйдүн алдындагы Ала-Тоо аянтында эл көп экен. Тарых музейи, фонтандар жак да толуп кетиптир. Ак мармарга капталып, демейде заңкайган өкмөт үйү бул ирет карайгансып суз, жер тарткансып пас көрүндү. Чарасына жашынып, башын катып алган ташбака сымал жалпайып, кыбыр эткен кыймылы көрүнбөйт.
— Жана Турсунбек Акун келип кетиптир. Көкжелкесине эки коюп, сазайын окутуп коё беришиптир аны,- деди Жигер, ырсалаңдап.
- Көктөн тилеген омбудсмендигине жетип, андан алынып калбайын деп, Салиич сонун эле иштеп атат, ага мүмкүнчүлүк берели деп кылтыңдап жүрүп, колтугуна кирип алып… эми анысынын азабын тартат да…
Экөө кыйлага эл аралай, тааныш-билиштери көрүнө калабы деп наркы-терки басып жүрүштү. Жигер чөнтөк телефону менен улам бирөөлөргө чалып, чакырып жатты. Топ арасында анын теңтуштары да бар экен. Жайдаңдай учураша кетип жатты. Эсендин өң тааныштары да жүрүшөт. Шүдүңдөгөн дагы бир көчөлөш таанышы Кубатты да үч-төрт шериги менен жолуктурду.
Шектүү жылмайып коёт, оңбогур. Ал, 2005-жылы марттагы төңкөрүштө кытайлардын Гоин супердүкөнүн тоноого катышып, бир топ марып алган. Кечкисин таксичилик кылчу. Ошол түнү чаң соргуч, идиш-аяк, саат, кийим-кече, момпосуйларга чейин ташып келип, сатып, оңолду. Бу жолу да колума бир нерсе урунуп калабы деп жүрсө керек. Ошондо аялы Эсенди кыйлага чейин жемелеген: эл алгандан эмнеге сен куру калдың, оозуңду ачып эле жүрөсүң, карачы, тиги Кубатты деп. Бирөөнүн убалына калып, уурдап, тоноп да жан бакчу беле. Андайга Эсен жок, жолобойт. Абийири жол бербейт.
Улам дыбыраган жамгыр басылып, тез эле күн асман ортолоп калды. Көпчүлүк кимдир бирөөнү, же буйрукту күтүп калгандай. Андай жол башчы көрүнгөн жок. Сыягы камактан чыгарышкан эмес көрүнөт. Көпчүлүктүн бир тобу аларды чыгармакка СНБга кетишти деген. Ал тараптан да кээде ызгыган ышкырык, дуулаган чуу чыга калып жатты. Эмне болуп жатты экен? Эсен ал жакка баргысы келгени менен бул жакты кыйып кете албады. Жигер да бирде көрүнө калып, кайра жоголуп кетет. Аны менен адашып калбоо керек, мындай опур-топурда ишенимдүү караан болбосо жаман…
Убакыт токтоп калгандай. Алда нени күтүү… Жүрөк опколжуйт. Көпчүлүктүн да чыдамы кетип, гүрү-гүүсү күчөй баштады. Кайдандыр улам кыйкырык чыга калып жатты. Ал тарапка баары элтейе карап калышат. Бирок, көзгө толумдуу бирөө жок. Канткен менен бир маалда Эсендин санаасы тынбай үйүнө барып келсемби деп олку-солку боло баштады. Бирок, чечкиндүүлүк кылып кыя басып кете алган жок. Аянттагы алгачкы Ноорузда парад кабыл алган чоңдор турчу борбордук трибунанын маңдайында “Асыл ой, ак сөз, адал иш” деп алтын жалатылып жазылган секиченин жанынан жылбай тура берди. Жигер аны ушул жерге издеп келип жаткан болучу. Алда не жамандык болуп кетчүдөй, көңүлү уйгу-туйгу. Эл дагы эле туш тараптан агылып келип жатты. Аянт мелт-калт толуп калды. Аарынын уюгундай дуу-дуу… Бери жагы он миңдей го деп боолгоду. Көп болсо көп, бирок аз эмес эле. Топтошуп алгандардын сөзү улам кызуу.
— Максими Азияуниверсалбанкта айланткан арам акчаларын небак чыгарып кетиптир дейт…
— Россиянын Камбар–Ата эки ГЭСине берген кредитти да жеп алган турбайбы…
— “Кумтөр” баштаган алтын кендеринин баарын жүүт, чет элдик досторуна бийлетип салбадыбы!
— “Түндүкэлектрону”,
“Кыргызтелекомду” он эсе арзан саттырып…
— Өз кишилерине да…
— Анан эмне, экөөбүзгө бермек беле…
— Эми элге абаны сата баштабадыбы!
Сотка менен сүйлөшкөнүбүз үчүн акча алганы ошо да!..
— Ой, тобо, десең! Мындайды ким көргөн?!.
— Аны айтасың, кыргыздын байыркы байлыгы болгон Каркыра өрөөнүн, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды да берип салбадыбы, Бакиев…
— Үзөңгү-Куушту Акаев Кытайга бергенде кандай чуу чыкты эле, Каркыраны казактарга кармата бергенде талкан сугунуп алгансып олтуруп бербедикпи…
— Элди көтөрөлү деп баргандарды түптүктөр жумуртка менен согуп… уят эле болушту…
— Алар баягы эле Садырбаев айткан ОБОНдор да… түптүктөр, көлдүктөр антмек эмес, аларды алыскы көчөлөрдөн милийсалар тосуп өткөрбөй коюшпадыбы…
— Ошондой болгон…
— Ошол обончу катындар дагы да жүрүшөт…
— Мындай, Кокон хандыгынын “экинчи сериясын” токтотуш керек!
— Аксыдагы атууга, ал боюнча “Тайфун” операциясына да Бакиев кол коюп берген. Премьер-министр болчу ошондо, Акаев командировкада жүргөн. Ошону үчүн ал сот да аягына чыкпай жатпайбы…
— Авиабазага деп америкалыктардан акча алып, аны кетирем деп кайра орустардан жеңил кредит, грант алдап алып… мындай эки жүздүү саясат жасабаш керек да…
— Кыргызстанды чет элге шерменде кылып бүттү!
— Айдаш керек аны!
— Балдары, инилери туйтунуп жатышат! Эл болсо итке минип калдык…
— Акжолчуларын кошо айдаш керек!
— Эй, эртең балдарыбызга эмнени калтырып, эмине дейбиз?!.
Нарында обладминистрация менен ички иштер башкармалыгын элдин басып алганы, Ысык-Көлдө, Токмокто губернатор,
акимдер иштерин өткөзүп берип, каршы болгондорун элдин айдап чыгып жатышкандары кызуу кеп болуп жатты. Чөнтөк телефондору бар эмеспи. Ар ким өз жеринен кабар алып жатышат да.
— Ошондойбу, о-оо!..
— Бүттү!
— Ой, алар антип жатышса, биз тура беребизби, ай караган текедей болуп?..
Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында кишилер эшекти Бакиевдин сүрөтү түшүрүлгөн килемге жаткырып, баладай кылып ороп, мазактаганы айтылып, ыкшый күлүп жатышты.
— Элдин таппаганы жок!
Айдарбек Сарманбетовдун аңгемелери Кызыктуу аңгемелер
#22 13 June 2015 - 02:04
Аңгыча аянттын нары, батыш тарабы капыстан катуу дүрбөп калды. Көпчүлүк ызы-чуу түшүп таан тийген жөжөлөрдөй бери карай дүргүп кача беришти. Алардын сүрүнөн чочуган Эсен Тарых музейи тарапка жанындагылар менен өтө качты. Тапыраган көпчүлүк Ала-Тоо кинотеатры тарапка сүрүлө качып өтө берди эле, алардын артынан калкандарын калдыратып,
башына жумуру шлем, ок өткүс калың кийимчен аскериби, милийсасыбы чылгый кара кийимчен немелер топурай кууп келишти. Анан эле алар туш тараптан таш бараңга кабылды. Качкан тараптан да, капталдарында жарданып турушкан элдер да аларды таш менен жабырата уруп, кайра артына кубалап жөнөштү. Мөндүрдөй жааган таштар талуу жерине тийип, же карбаластай качкандан чалынып жыгылган формачандарды жаш балдар жабалактай тепкилеп, колундагы калкан, таяктарын тартып алып жатышты. Көпчүлүгү өкмөт үйүнүн короосуна кире качты. Алардын артынан, имараттын алдында тизилип турган аскер, милийсаларга таштар ызгып, мөндүрдөй жаай баштады. Аңгычакты:
— Тах!
— Тах!..- эткен кургак тарсылдактар чыгып, аянтты көк түтүн чулгай баштады. Өкмөт үйүнүн алдында каз-катар тизилип тургандардын куралдарынан улам көк түтүн бурк этип, элди аткылап киришти. Ал, жаш чыгаруучу уу гранаталар болчу. Улам бири буралган түтүндүү куйругун чубалтып келип эл аралай түшүп кирди. Алардан буркурап чыккан ачуу түтүн тез эле аянтка жайылып, тамакты кычыштырып, көздөн жаш куюлта ачыштыра баштады. Тарсылдаган мылтык үнүнөн эл сестене түштү. Алда кандай болуп кетет деген коога баарынын санаасын баскандай. Канткен менен пендечилик, адам жаны кыйын да. Ак үй жактан улам “тах!” эткен үнгө удаа көк түтүнүн чубалта келип түшкөн граната элди аралай чимирик атат.
— Ой, бу келесоолор го, көзгө, бетке тийсе эмне болот?!- ким бирөөнүн жаны кашайып кетти.
— Жүргүлө! Айдап чыгабаз!..
— Кетпегиле…
— Таркабагыла!
— Ой, бу Бакиев ак үйдү коргогонду билемин, катылгандарды атамын деди эле, чындап эле ата баштадыбы?
— Жок, бу түтүн эле…
— Качпагыла! ..
Түтүндүү гранат түшкөн жерден көпчүлүк окчундай берип, түтүн таркаган соң кайра эле унуткарып, чогулуп жатышты. Бетин, көзүн бетаарчы менен жаап алышкандар да, ачуу түтүндү тоготпой жүргөндөр да бар. Таш чогултуу күчөдү. Кайдан-жайдан жолго төшөлчү оймо цементтерди чыгарып келишкен боз балдар жерге чаап, сындырып алып жатышты. Алтымыштан ашып калган кара плащчан, ошондой эле кийиз шляпа кийген аял жерде чачылып жаткан таштарды терип, жол четине чокчойто жыйып жүрдү. Аялдар да бар экен! Жанараакта эки-үч кыз да жүргөн.
Бир маалда капыстан эле беш-алты кадам жерден “а-а!” деген кыска ачуу кыйкырык чыгып, түтөп, будуң-чаң эле түшүп калышты. Түтүн гранат түштү көрүнөт. Аны бирөө ызырына сөгүнүп алып ыргытып жиберди. Эсен аларга жетип барса жыйырмалардан өтүп калган жигит жерде жатыптыр, жансыз. Оң жак чыкыйы көк томук болуп шишип, барсая түшүптүр.
— Так чекесине тийди…
— Ой, тезирээк догдурга алып баргыла!
— Бу, ыразиңкең деле киши өлтүрөт турбайбы…
Окчундан бирөө кыйкырды:
— Эй, солдаттар, өз элиңерди атпагыла! ..
— Эл тарапка өткүлө…
— Силер да кыргыздын балдарысыңар!
Күрөң-жашыл темгил, кара кийимчен өкмөт үйүн коргоочулардан жооп жок. Буйрукту бузуудан коркушат да… Казкатар тизилип алышып үнсүз аткылай беришти. Аларга топурап жаңы топтору келип жаткандай. Катарлары улам калыңдап барат. Ошо тапта эл аянтка батпай калкылдай толуп калган. Гүрү-гүү… уу-дуу… Кыйкырык-сүрөөн. Ышкырыктар… Кимди ким көрдү! Башталды!
Ак үйдүн батыш тарабында турган милийсанын машинесин урунуп-беринген жаш балдар оодара тартып өрттөп жиберишти. Андан кызыл жалын соймоңдой жалбырттап, кара түтүн асманга буралды. Ал, азыноолак жеңишине шердене түштүбү, элдин айбаты күчөп, үнү катуу чыга баштады. Гүлзарлуу кенен аянттын минтип топурап, от-түтүнгө толуп турушу акылга сыйгыс өөн, жүрөк үшүткөн коогалуу көрүнүш эле.
Эсендин башы айланып калды. Ой токтотуп, жагдайын калчап, жай олтуруп ойлонууга шааниси жетпеди. Көпчүлүктүн агымы кайда айдап, кай тарапка чуркаса алар менен кошо урунуп-беринип жүрдү. Эмне кылып жатканын, кандай кылуу керектигин билбей калды. Элдин шарданы күчтүү тура. Жантурпатыңды толук бийлеп алып, баш ийдирген.
Бир кезде аянтка топурап дагы жоон топ милийсалар чыкты. Калкандары калдырап, колдорунда айбаттуу автомат. Кез-кез түтүндүү гранаталар менен элди аткылап жатышты. Көпчүлүк алардын сүрүнөн кача берип, тигилер куугунун токтоткондо аларды жабалактай таш бараңга алып, мөндүрдөй жааган таштарга туруштук бере албай чегине берген тигилерди тапырата кайра артка кууп жөнөштү. Милийсалардын жарымы өкмөт үйүнүн кашаасынан нары койдой топурап кире качса, бир тобу төмөн, Ички иштер министрлиги тарапка жанталаша качышты.
Кандай болуп кеткенин Эсен өзү да билбей калды. Эсине келсе эле артынан кубалаган кара кийимчен бир милийсадан качып келатыптыр. Жана, көпчүлүктүн шарданы менен аны бет талаштыра м уштап жиберген эле. Кандайча, эмнеге анткенин билбейт. Милийса Эсенди кууп жете берип ыразыңке таягы менен жон талаштыра катуу чаап калды эле, Эсен башын катып эңкейе бергенде жаза тайып калган тиги күүсү менен жерге кырдана барып тоголонуп кетти. Кудай бетин көрсөтпөсүн! Жалгыздап калган немени көпчүлүк куртка асылган кумурскадай үймөлөктөшүп ур-бараңга алып, тепкилеп эле жатып калышты.
— Э-энеңди…
— Элди сабагың бар ээ?..
— Ме, сага…
— Ме!
Эгерде ак чач, жашы улуурак киши:
— Ой, койгула, болду! Бул деле кыргыздын баласы! Буйрук берсе аткарат да…- деп, өз учурунда ортого түшүп, арачалабаганда тиги ансыз да арык, эптеп күн санай милдетин өтөп жүргөн шордуунун күнү бүтмөк. Эсен да ызадан аны кандай тепкилеп калганын байкабай калды. Кан кайнаса ушу турбайбы! Бети-башы жарылып, канжалап, сол бутунан аксаган жаш милийса эптеп туруп, сылтый басып өз кишилери тарапка илкий жөнөдү. Баарына кайдыгер, жадагалса жашоого да тоюп бүткөндөй. Ага Эсендин боору ооруп кетти. Өзүндөй эле бирөөнүн баласы да, байкуш. Күтүп жаткан ата-энеси, аял-балдары, же арзыткан кызы бардыр. Ага жете барып, колтуктан алып аянттан чыгарып койду.
Ага удаа эле ылдыйкы, эски аянт тараптан кыйкырык сүрөөн чыгып, кызыл, көк желектерди булгалай дүрбөп келаткан калың эл көрүндү.
— Ура-а!
— Жеңиш!
Аңгыча кайдан-жайдан сорок этип Жигер Эсендин жанында пайда боло калды. Милийсанын ыразыңке таягын көтөрүп алыптыр.
— СНБга баргандар Атамбаев, Текебаевдерди бошотуп чыгышыптыр! Тигине, келатышат. СНБчылар коркуп кетишкен окшойт. Баарын бошотушуптур. - деди ал, аптыгып, – Эми акелерин таанытабыз! - Өпкөсү көөп, элирип алыптыр. Эрдик жасагандай шаңдуу. — Кечээ кечинде Таласка барган вице Акылбек Жапаров менен милийсалардын министри Конгантиев туткунга алынып, өлө сабалыптыр. Вертолет менен барып таластыктарды тынчытабыз дешкен экен. Эл көтөрүлүп, администрацияны басып алыптыр.
Тиги, жаңы келгендер менен кошулуп эл аянтка батпай кетти. Кумурсканын уюгундай кыжылдайт. Кыйкырык-сүрөөн күчөдү. Ак үй тарапка таштар ыргый баштады.
— Бакиев чыксын!
— Келсин бизге!..
— Максим кетсин!
— Данчик жоголсун!
— Бошоткула! ..
Өкмөт үйүнүн алдында кыркаар тизилип, куралдарын өздөрүнө сунуп тургандардан жаалы кайнап, көпчүлүк катуу кыжырданып жатты. Бир маалда темир дарбазаны жулуп алчудай калдыратып киришти.
— И? Кана, атып салгыла!..
— Бети жок, Бакиевиңердин!
— Эй, милийса балдар, эл тарапка өткүлө!..
— Элди атпагыла! ..
— Тах-тах-тах! ..
— А-аа!
— Ата башташты! !!
— Кокуй!
Ак үйдү жарданып тургандар артка жапырыла качып берди. Эки-үч киши темир кашаанын жанында жыгылып жатты. Ок тийген! Бирөө кыбырап, төрт буттай элди ээрчип эмгектеди. Турууга дармансыз. Он чакты жалаңдаган жаш жигиттер атып жатканга карабастан ал, ок тийгендерге жете чуркап барып колдон-буттан ала көтөрүп кетишти.
— Ой, бу акмактар чыныгы ок менен ата баштады!
— Өз элин да атабы?!
— Өлүп калыптыр…
— Түү!..
— Ким болду экен?..
— “Тез жардам” чакыргыла!
— Ой, тигинде снайперлер атып атат!
Кырктардагы киши көрсөткөн ак үйдүн батыш тарабындагы чатырынан улам бир мылтыкчан караан сорок этип чыга калып, атып жиберип кайрадан жашына калып жатыптыр! “Снайпер! ” Эсендин денеси жыйрыла түштү. Кинолордо көргөн мыкаачы көзгө атарларды ал өтө жек көрө турган. “Көрөсүң, Бакиев элди снайпер менен аттырат” деген Жигердин сөзү чын чыкты. Тобо! Жомок айтпагын деп аны кагып койчу эмес беле.
Жарымы бошой түшкөн аянттын ээн четине отуз бештердеги алыбеттүү жигит чыга калып:
— Качпагыла, кыргыздар! Баарыбызды атып сала алышпайт! Алга! – деп, акүйдү беттеп чуркап жөнөдү эле көпчүлүк дүргүй аны ээрчий топурады.
Кайрадан тарсылдак, түтүн, кыйкырык-сүрөөн – баары аралашып калды. Эсендин мээси иштебей эл агымында улам бир тарапка энтеңдей чуркап жүрдү. “Эмне болот? Бу эмнеси?! Эми акыры кантет?” деген санаа эс-акылына мыктай кадалып алды.
Тапырай чуркаган көпчүлүк өкмөт үйүнүн темир тосмосуна жеткичекти болбой ичкериде тизилип турган милийса, аскерлер бетмаңдайдан аларды тарсылдата аткылап киришти.
— Коркпогула!
— Ыразиңке ок…
Кайрадан ачуу түтүн каптап, тумчуктуруп жиберди. Алдыда бараткандардын төрт-бешөө жыгылды эле көпчүлүк кайра артка кача берди.
— Ок! Чын ок менен атып жатышат!
— Акмак го, буларың!
— Ту-уу, ата-а…
— Баарыбызды кырып жиберишмек беле! Коркпогула!
— Тарабагыла!
— Намысыңарга келгиле!
— Манас!!!
Ок тийип жыгылгандарды бир топ жигиттер колу-буттан, чапан-чүпүрөккө салып көтөрүп алышкан экен. Элүүлөргө жетип калган ак калпакчан кишинин так чекесине ок тийип, канжалаган денесин жандай көтөрүп баратканын көрүп, Эсендин тулку бою титиреп кетти. Жүрөгү опколжуду. Жансыз адамды дит багып карай албай жүзүн үйүрдү. Өлүктү жакындан биринчи ирет көрүшү. “Тү-ү, ушундай да тирукмуш болбу?! Жүзүң курусун! Эми эмне болот?!”

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#23 13 June 2015 - 02:05
Эл дуулдап, кайдан-жайдандыр “тез жардам” машинеси келип, догдурлар жарадарларды текшерип, таңып, өлгөн-тирүүлөрдү аралаштыра жүктөп кайра кетти. Эсен да онтологон жарадарларды көтөрүшүп, ок аткандарга каны кайнай баштады.
Эл дагы эле бир нерсени күтүп жаткандай. Баш-көз болор лидерлер жок. Ушундайда жол көрсөтүп турса кана. Эч кимиси көрүнбөйт. Алар кайда? Жана эле алардын баарын чыгарды деп жатышпады беле?
— Тах!
— Тах!
— Эй, тигине, карасаң… снайперлер жүрөт!
— “Илбирстин” үстүндө да бар экен, алар. Кармаганы кетишти…
Эсендин жанында топтошкон жүздөй кишинин баары жабыла аянттын түштүк-батыш тарабындагы “Илбирс” ишканасынын чатырын түксүйө тиктешти.
— Ой, эми эмне кылабыз?!
— Ушинтип эле кырыла беребизби?
Жооп берген эч ким болбоду.
— Эми кайтканда болбойт…
— Ооба, болору болду…
— Эй, тиги ким?- деген үндөн баары бурулуп, оң колуна “Ак шумкар” деген жазуусу, учуп бараткан куштун оймолонгон сүрөтү тартылган көк желекти оң колуна көтөрүп алган кырктардагы жигит:
— Кана!.. Атсаңар мени атып салгыла! Элди атпагыла! Акмактар! ..- деп, ак үйдү беттеп, айбаттуу кыйкырып жалгыз баратыптыр.
— Эр экен! Атаңгөрү!
— Аз-замат!
— Баатыр тура!
— Бөөдө окко учпагай эле…
Аянт жымжырт боло түштү. Жигиттин эр жүрөктүгү баарын, ак үйдү коргоп жаткандарды да таң калтырып, дал кылып койду көрүнөт. Ок атуулар токтоду.
— Кайран гана кыргызымдын жигиттери! - деди ким бирөө шыпшынып.- Ой, баарыбыз ушул бир кишиче жокпузбу?! Өлүп эле калалы!..
Аңгыча нары, “Россия” кинотеатры тараптан келаткан БТР көрүндү. Үстүнө жаш балдар чокмороктошо олтуруп алышкан.
— Алга! Жүргүлө!- деп кыйкырышкан алар колдорун, желегин булгалап түз эле ак үйдү көздөй жөнөштү. Шердене түшкөн эл БТРдин артынан ээрчип, туш тарабынан утурлай чуркап кайрадан түрүлө ак үйгө умтулушту. Жабыла таш ыргытып киришти.
— Тах!
— Тах! Тах…
Чабуул койгондордун алдын торой түтүн октор күчөтө атылды. Ага удаа өкмөт үйү тараптан автоматтар жарыша татырады. Ак үйдүн үстүндөгү снайперлер да эми жашынбай ачык мээлеп, аткылап киришти. БТРди токтотолу дешти көрүнөт. Ал токтобой, ага тийген октор кайып, жүгүрүп келаткан эл четинен боо түшө жыгылып кирди. Ага да болушпады. Октон коркуу жоголду. Элирип алган Эсен да чуркап келатып жыгылып кетти. Жерде жаткан бирөөгө чалынды көрүнөт. Тура калмакчы болду эле:
— Эй, Эсен, бери кел!- деген Жигер токтоп турган КАМАЗдын алдынан чыга калып колдон тарта аны сүйрөп кетти.
Аз да болсо машина алды пашпаанек экен. Анын темир капталына, дөңгөлөктөрүнө октор чакылдай тийип, ызгый кайып кетип жатты. Ошондо гана Эсен ак үй тараптан октордун жамгырдай жаап, автоматтардын токтоосуз “сайрап” жатканын байкады. Эл тараптан сейрек болсо да “жооп” берилип жатты. Көп өтпөй ачуу кыйкырып, сөгүнүп, онтологон көпчүлүк кайра артка серпилди. Кыбыраган жарадарлар, ар кай жерде томпойгон жансыз денелер аянтка толуп кетиптир. Асфальт кызылжаян кан. Аңгычакты БТРдин пулемёту татырап, ак үйдү, снайперлер сороктоп жургөн чатырдын үстүн чаң ызгыта аткылап кирди. Тизилген милийсалар жан талаша жашынып, ак үйдүн артына айлана беришти.
— Ур-ра-аа!
— … аа-аа!
Аянт дуулдап кетти.
— Эк, энеңди…- Башынан каскасы ыргып кеткен Жигер капыстан ачуу сөгүнүп алды. КАМАЗдын астында жатса да ок каскасын тешип өткөн экен. Аны ала коюп кайрадан жиндене кийип жаткан Жигер:
— Ий!- деп аюдай чаңырып алып, чекесин басып, чүлүктөй ийиле жер сүзүп калды.
— Эй, сага эмне болду?- деп, коркуп кеткен Эсен курбусунун башын өөдө көтөргөндө чекесинен аккан кан Жигердин салааларынан кызылжошо болуп сыгылып, жерге тамчылап кетти. Ок как маңдайын жанып өткөн экен.
— С-сволучтар! - деген Жигер Эсендин колун жаны ачына кагып жиберип атылып жаткан октордун тиерине карабай КАМАЗдын алдынан тура чуркап, “Илбирстин” имаратына карай бүкчүңдөй жүгүрүп жөнөдү. Аны ээрчиген Эсен да тура чуркады. Бирок эки аттаганча болбой ким бирөө аны арттан ийин талаштыра чулу темир менен катуу чаап жибергендей болду. Ошол замат анын эс-акылы тумандап барып баары, өзү да каяккадыр үнсүз чөгүп кетти…
Сыртта түн карайып, бетмаңдайдагы аянтта уу-дуу, тарсылдактар күчөгөнү Закиржондун ыраңы өчүп, амалы куруп турду. Жана, күндүзү “толпаны” ОМОН тобу короо койго карышкыр үйүрү тийгендей топурата “Ала-Тоо” кинотеатры тарапка чуру-чуу кылып кубалап жөнөгөнүн терезесинен көрүп мыйыгынан жылмайып “ушуну көрмөксүңөр, гөрпенделер, эми шоруңар кайнады, бүттү” деп жумшак креслосуна чалкалай олтура кеткен эле. Көп өтпөй тарсылдактар чыгып, түтүн октор атыла баштаганда анык табасы канып, санаасы тынган. Эми канчалык автомат, снайперлер менен аткыласа да болбой, өлгөн-тирилгенине карабай тияк-быягынан акүйгө жулунуп жатышкан адамдарды көргөндө үрөйү учту. Коркту. Эрегишкен элдин эми өзүн соо койбоосун анык туйду. Амалы куруду. Эл деген сел экенине көзү жетти. Канчалык кыйноого тилин тиштей чыдай берген кыргыз козголсо жаман турбайбы. Жанкечтиленип, түпкү, бөрү тукумуна айланып кетет тура.
Айрыкча иш бөлмөсүнүн терезелери шаңгырай күбүлүп, атылган октор дубалга, шыпка кадалып ойгулай баштаганда башын катып, жанынын таттуулугун сезди. Өзүнүн Марат, Максиминен алда канча жаш нечендеген кыргыз жаштары өзү аттырган октон акүй алдында ажалын таап, биринин артынан бири боо түшүп кансырап жатканын ойлоп да койгон жок. Өз жанындай эле алардын да жаны кымбат, таттуу экени менен иши да болбоду. Жалгыз кара башын гана, өз балдарынын амандыгын гана ойлоп жатты. Кыргыз элинин кылымдап каныккан кабылан канын ойготуп алганын сезди. Жаны ачынып, ачуу өкүндү.
— Болбой калды, пахан! Кеттик! – деп, уулу Мурат менен ишенген иниси Жапыш элеңдей топтошкон аткаминерлеринин коштоосунда дүрбөп кирип келгенде СЗакиржон уят-сыйытты унута баладай сүйүнүп кетти. Эптеп айла-амал табылганына, өзүнүн аман каларына акыркы аралжы чыкканына кубанып, бир ууч жакындарына үнсүз бой урду. Ал, керек болсо Керенскийдей катынынын көйнөгүн кийип алып качып чыгууга чейинки ахыбалда эле.
Алдыдагы кара ЖИПтердин терезелеринен жансакчылары автоматтарынан ок жаадырып, дарбазаны курчап турган алдыдагы элди боо түшүрө кырып жол тазалаганда да канчалаган кырчындай жаш өмүрлөрдү кыйып жибергенин Закиржон таназар алып койгон жок. Ага өз жаны гана кымбат эле. Бөлөк адамдар иттей эле убалсыз сезилип калган. Туура беш жыл илгери эле өзүнө өзгөчө үмүт артып, пайгамбардай ишенип, ажо тактысына жапырт көтөрүп олтургузган эл эсине да келбеди. Ага өзүнүн кара башынын гана амандыгы керек болчу… Ким бирөө атып жиберип, мага ок жаңылбагай эле деген ой мээсине мыктай кадалып, башын ийнине катып баратты. Ажолугунун арты ушундай уяттуу, урпактарына чейин жууй алгыс булганып, маскаралык менен бүтөрүн билгенде мансап үчүн Кудай ыроологон атын да өзгөртпөй, өз аты менен эле жупуну өмүр өткөрбөйт беле.
Ким кандай жол менен келсе, ошондой жол менен артына кайтат деген чындык ушул белем!.. Баарынан да небере, чөбөрө тургай, али туула элек урпактарына чейин элдин каргышына, өз калкынын арасына батпай жек көрүндү болуп калуудан чоң адам пендесине жаза болбос! Тегин жеринен “Ак жолдун” алгачкы эмблемасы ак тегерек-дүйнөгө кызыл, кандуу жол болуп тартылып калбаса керек. Ошондо эле кан төгүлөрүнөн аян болгон белем…
— Урр-раа-а! ..
— Жеңиш!..
Арттан, Ак үй тараптан элдин кубаттуу урааны түн жарып жатты…
Эсен оң акыреги кыймылдатпай катуу ооруп, денеси жанчылган абалда эсине келди. Кирпиги чапталышып калгансып бир топко ача албай жатты. Кимдир бирөөлөрдүн кобуру угулат. Акыркы күн, кеч, Жигер экөөнүн жарыша чуркаганы эсине түштү. “Эмне, ак үйдүн алдында жатамынбы? Анда эмнеге жымжырт? Уу-чуу, дүрбөгөн эл кайда кеткен?..”
Көзүн ачканда жарык экен. Түшкө маал го. Жанындагы олтургучта аялы башын чеңгелдеп, чыканактарын тизесине кое бүкчүйүп олтуруптур. Чоочун бөлмө, капталындагы башы-буту таңылган оорулууларды көрүп өзүнүн ооруканада жатканын билди. Ийни, көкүрөгү катуу таңылган экен.
— И, дос, эсиңе келдиңби? Аз-замат.- деди оң жактагы керебетте буту сундуюп жаткан кашка чокчо сакал киши.
— Э-эмне болду?..- алсыз үн катты Эсен.
Дагы эле эс-акылы толук ордуна келе элек болучу. Мээси бош чарадай дыңылдайт. Ал, аянттагы эл, каргашалуу күндүн жыйынтыгы кандай болду деп сурайын деген эле. Анын үнүнөн аялы селт этип башын көтөрдү. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Бети, көзү шишип, кыйнала түшкөн экен. Жигер ага айтып баргандан бери эки күндөн бери анын жанынан чыкпай карап жатканын Эсен кайдан билмек. Байкушу жанында тура. Эсен айыптуудай:
— Б-балдар кандай?- деди.
Аялы жооп бергендин ордуна буулуга ыйлап жиберди.
— Эмнеге… эмнеге ал жакка бардың? Өлүп калсаң биз эмне болмокпуз? Бизди ойлобойсуң… Барбай эле койбойт белең… Эмне таптың?..
Эсен эмне демек. Чынында эле чуулдаган октордун бири жаңылса чиедей балдарынын тагдыры эмне болмок? Аларды ким багып, окутуп, чоңойтмок!
— Кой, келиним. Жолдошуңду жемелебе. Азамат экен!- жанагыл коңшу киши кепке аралашты,- Эмне, ок алдына жыргаганынан барды дейсиңби? Өксүк жашоодон арылсак деди да. Ит турмушка чыдай бермек белек?- Чокчо сакалдын көздөрү жана түшүп өктөм унчукту,- Кыргыздын жигиттери ушундай! Эл башына иш түшкөндө үй-жайын, атургай өзүн да унутуп, каны кайнап калат. Баатыр ата-бабаларынын каны козголуп кетти да… Ушундай эр-азаматтар болбогондо караниет Бакиев качпайт эле да… Аны ким кубаламак…
— Б-Бакиев к-качтыбы?..- Эсен алсыз суроо салды.
— Ооба, ал, кандуу шаршембиде элин аткан ал канкор ак үйдөн качып, эл бийликти колуна алды. Канкор Закиржон Жалал-Абадга барып жашыныптыр дейт. Атын да амалданып, небак эле алдынала өзгөртүп алган тура. Аны баарыбир эл батырбайт.- деди чокчо сакал коңшусу,- Отунбаева төрага, калган Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров анын орун басарлары болуп, Убактылуу өкмөт түзүлүп, иштеп жатат. Заман жакшылыкка ооду көрүнөт… ага сексенден ашык сендей жигиттердин өмүрү кыйылып, миңден ашууну жарадар болуп жеттик… ыракмат силерге… бар болгула, кыргызымдын жигиттери…
Турмушу жакшырып, балдары өз-өзүнчө бөлмөлүү кенен үйгө эртең эле жетчүдөй болуп Эсендин көңүлү көтөрүлө түштү. Алгы үмүттүн күчү укмуш экен го! Ал акталаар бекен?.. Эл баары бир өз чындыгын табат…

#24 13 June 2015 - 02:07
Айбанталаадагы адам
Замандаш агам
Эсенбек Абдрасуловго
арнаймын
Адам баласыбы, же айбаны болобу, канчалык карек чаргытып караса да көз курчу акыр-чегине чейин толук камтый алгыс казактардын даркан талаасы тээ, алыстан кылайып чыккан күндүн кыйгач тийген алсыз нурларынан чукурана ойгонуп келатты. Кыш. Аяздын алгачкы күндөрүнөн эле кук эткен кузгуну да, как эткен каргасы да караан үзүп качып кетчү бул, Кубандыктын толтосундагы Айбанталаа чылк аппак, күн нуруна жылт-жулт чагылышкан муздак кар алдында калган. Кыш чилдесинин чучукка чейин жеткен кычыраган суугунан бардык жашоо мүлдө токтоп, толугу менен тоңуп калган сымал. Дегенибиз менен астейдил, абайласаң андай эмес, учкай караганга гана ошондой. Алмустактан бери жашоонун улуу көчү эч токтобой, улана берет эмеспи. Тирүүлүктүн өктөм мыйзамы ошол…
Бу, этек-жеңи тосулбай ачык, кар алдында дөмпөйгөн төө тикенден бөлөк көзгө да, чар тарабынан тынымсыз зуулап турчу шамал-бороонго да такоолу жок жайык талааны эзелтеден адам баласы байырлаган эмес. Айрыкча ушундай, ызгаарлуу кышта кай тарапка жүз бурсаң бетиңе муздак борошо уруп, «аа» деп ач айкырык салып озондосоң да кайрымсыз аңгыраган Айбанталаага адам эмес, айбандар араң чыдайт. Тээ, кылымдар кыйырындагы жоокерчилик, көчмөн замандардагы кыйчалыш кезеңде жансыз талааны узун-туурасынан найзаларын сороңдотуп бөрүлөрдөй жортуп өткөн атчандардын жер солкулдаткан дүбүртү, же көртирлигин төө-атына артынган чубалган көчү, боз топурдун чаңын уюлгута айдаган мал-жаны гана болбосо, азыр адам буту дээрлик баспай калган. Анткени, суу жок. Адам оокаты, анын мал-жаны суусуз кайдан өтсүн. Чөйчөктөй ойдуңда гана бото көзүндөй булак бар. Ал, бир төө тойгус мөлтүрөгөн булак кайдан, кантип башат алат, табышмак. Көзүн ким ачканы да белгисиз, небак унутулган. Тек, айбанаттар жайы-кышы тилин суулачу жалгыз жанга даба ошол. Кыш келгени ал да, айнектей мелтиреп тоңуп калат.
Ошол булактын кашындагы калпактай дөбөчөдөгү карайган жүдөө, жалгыз кепеден адамдын алсыз кургак жөтөлү улам чыгып жатты. Тобо, ушундай тозоку, ит чыдагыстай жердин түбүн да адам пааналайт экен ээ? Жүрөгү тоо ал жанкечти ким болду экен? Кантип күн кечирип келет? Бу, адам буту жеткис жердин түбүнө кайдан, качан, кантип келип калган? Ай-талаада адашып алганбы? Же адамдардан качып, из жашырып жүргөн кыйсыпыр кылмышкерби? Анчалык не кечиримсиз күнөө кылды экен? Балким, акылынан айнып калган мусапыр болуп жүрбөсүн? Адамдар аны кантип жоготуп, же биротоло кыйып коюшту экен? Не, анын артынан издеп алары жокпу?..
Чынында ал, акча табам деген азгырыкка алдырып бу, айтылуу Акдөбө калаасынан жетимиштей чакырым алыс Шубартау кен шаарчасынан да нары деңиздей жайылып кеткен Кубандык аймагына тээ, Кыргызстандын Таласынан жер кезип келген Эсенбек болчу. Эми гана отузду ортолоп калган. Арийне, анын көздөгөнү жалгыз гана акча эмес, аны бу, алыскы талаага аргасыз айдап, из жашырып кетүүгө кубалаган купуясы да бар…
Төрдөгү төөнүн көзүндөй терезеден агылып түшкөн алсыз мунарыктын жарыгы болбогондо кепенин ичи дээрлик караңгы. Ортодогу урап калган мештүү жалгыз бөлмөнүн төр жагында кат-кат жыйылып жаткан айбанаттардын каткан терилери кургак шуудурап, алдынан алгач тарбаңдаган адам колу, анын артынан арыстандын жалындай саксайган чачтуу баш көрүндү. Астапырылла! Адам баласы да ушундай мусапыр, жан кейиткен жапайы кейипке түшөт экен ээ! Сакал-муруту да саксайып, бетин жаап, белине чейин түшүп, чуудаланып кеткен. Тарбалаңдап, үстүндөгү терилерди калдырата шилеген колдору алгач чыкпаганда аны сөзсүз киши кийик, же жапайы бир жаныбар деп ойлоп башка тарс атып жантаслим кылып, же корккондон артын карабай айгайлап качмагы турулуу болчу!
Арып-ачып, араң кыбыраган ал эптеп терилерден белине чейин суурулуп чыкты да, таза абадан удаама-удаа оп тартып алганынанбы, кыйлага күрс-күрс кургак жөтөлүп, күйүгө оор дем алып кыйлага чалкасынан сулап жатты. Денеси муздак нымшыйт. Аны бул турушунда отуз жаштын оттуу курагында деп айтууга ооз барбайт эле, жашы билинбей, терең бырыштуу, кан-сөлү качкан арык бети көк-кара тартып карылыктын капшабына небак алдырып койгондой көрүнөт. Куугундан качкан жарадар кайберендей каржалган ал, каруусунан огеле кайтып калган экен, бир аз машакат тартканга денеси нымшып, муздак тер чыга түшкөн чекесин алакан сырты менен кайталай сүртүндү. Кыбыраган кыймыл, көз карашында толук кайдыгерлик. Үстүндөгү асманы айкарасынан жарылып, алдындагы кара жер астын-үстүн болуп кетсе да ага баары бирдей. Жанынан да, жашоодон да биротоло түңүлгөн сымал. Кепедеги каңырсыган терилердин жытынанбы, же чучукка жеткен сууктан кагынганбы, өпкөсү соо эместей. Ачкалыгынан деле болсо керек. Алсыз денеге оору тап эмеспи. Адам сымал жылуу тамак ичпегенине оо, нечен ай болуп кетти. Он күнгө деп, өлчөнүп берилген паегун эптеп бир айча созду. Келгенине болсо жарым жыл чамалады көрүнөт. Эмнени гана оозанбады, рас, мылтыгынын огу, отуна ширеңкеси барда чыйпылдаган чымчыгыбы, казактар балбак, кыргыздар балпак дечү мышыктай чычканыбы, алардын не көзүнө көрүнө калганын эле ыргыта атып, капканга кармап терисин сыйрып алар замат шишке сайып отко кактап, же кардын суусуна кайнатып жеп жүрдү. Карга, сагызгандын эти уу деген жалган экен, айла кеткенде алар да адамга табылгыс азык болот тура. Алтургай Эсенбек чыйпылдаган үй чычканын да табылганына сүйүнүп жеди. Болгондо да атайын, мышыктай зарыга аңдып, артынан сая кууп, былчыйта басып өлтүрүп, чийкилей жебедиби! Адамга баарыдан да ачтыкты жеңүү кыйын экен! Ансыз дене ажалга алдырат тура. Жашоо үчүн эмнеге гана барбайт адам баласы. Кыбыр эткендин баары көздөн учуп, көрүнө калганына ойлонбостон кол салып, жеп-жалмап, жалгыз ой-максаты тамак табуу гана болуп калат экен. Дегиңкиси эле, бу жашоо дегениң тереңинде тамак табуунун аракети гана окшобойбу. Ошондой, ойлобос пастыкка чейин түшөт тура, пенде…
Эми минтип, огу да, оту да жок, кыбыр эткендин баары кышкы чээнине кирип, канаты барлары сууктан уча качып кеткен соң атайын алыстан куба келип, артынан сая түшө атып, кургатып койгон балпак, карышкырдын терисин шимип (!), күн кечирип калганына да ай аралады. Жок, оозго салар, тамак аттуу ныпым эчтеме жок. Адам баласы баарынан да тамаксыз чыдабайт дечү эле, жалган экен, канчалык каран күнгө кабылып, курт-чычкандын, алтургай карышкырдын этин, курттаган куртун да чийки жеп, такыр эле арга түгөнгөндө каткан терини сорсо да чыдайт тура! Мына, ага жаңы эле күйүккөн демин баскан Эсенбектин ит тилиндей балбыраган терини оозунан алып чыгып, түнү менен жаш баладай соруп чыккандан улам көкжашык болуп калган аны дагы азык кылууга жарар бекен дегендей үмүт менен кыйыла карап алып, босого тарапка жийиркене ыргытканы даана далил. Ушу, көк чимкириктей немени кантип оозума салдым экен дегендей, тамагын кырына какырынып-түкүрүнүп да алды. Дайыма ушинтет. Анткени, абийири таза, жипкирет. Жатаарында болсо көзгө сайса көрүнгүс караңгыда сыйпалап жатып майлуу делген жон териден күнүгө тилип алат да канчалык жийиркенгенине карабай, көзүн чылк жуумп, жытын да албайын деп, дем албай туруп кайрадан оозуна салат. Айласы жок! Дагы, терилерге туз сээп койгону абийир болуптур. Теричинин талабы ошондой эмес беле, болбосо каңырсып, каткан немени тузсуз эч оозго ала алмак да, түн бою шимий алмак да эмес. Ай, ким билет… Дегиңкиси, ушул, үзүктөй көкжашык териден жан оту үзүлүп кетпей кыбыраса да тирүү турат го! Ошондой жанга ылаажынын болгонуна да шүгүр. Аны өзү да жакшы билет.
Билбегенде! ..

#25 13 June 2015 - 02:10
Бир күнү, жыл жаңыраар маал болсо керек, тез эле кайтып кетем деп ишенген ал, артынан келип, алып кетчү мергенчилерди күтө-күтө жадап, же жолду билбей, не ай талаада айбанатка жем болуп, ара жолдо тоңуп өлбөйүн деген коркуудан улам кепени байырлап, күтүүгө аргасыз бел байлап калган кези эле. Алгач, ашыга санап жүрүп, акыры артынан издеп келген адам келбей, жол карай берип үмүтү өчө баштаганда күн эсебин да жоготуп койгон.
Ошол, кыштын кычыраган суук күнү адатынча ач ойгонду. Кабыргасы кайышып калган. Оозуна кара суу келет. Дароо эле эсине тамак түштү, жегенге жараарлык азык табылаар бекен? Ай, ким билет, кечээ эле эч нерсе таппай, баягы өзү союп ыргыткан сөөктөрдү аңтарып жүрүп карышкыр, чөөлөрдөн калган балпактын бир кыр аркасын таап алып, бычагы менен чукулай чийки мүлжүп, карышкырдын жиликтерин чагып, кемирчегин шимий соруп ачын эптеп баспады беле. Ал, жан азыгынын жалгыз үмүтүнө айланып калган сөөктөрдү миң мертебе аңтарып чыкты. Ырыстуусу деле калган жок. Мындай болорун билгенде, аларды айбандарга ыргытпай өзү түгөл жыйнап албайт беле! Ким билиптир! Адам баласы эртеңин элес албай, дайыма тайыз ойлойт тура. «Жыгыларым билгенде саман төшөп албаймбы! » деген амалсыз өкүт ошол.
Анүстүнө, эч жанга зыянсыз, бу балбактардын капканга түшсө да айбат көрсөтүп койбой, жанарга жасап жанталашып койбостон көздөрүнөн жаш шорголотуп, мусапыр адамдай үнсүз ыйлаганын көргөндө Эсенбектин жан дүйнөсү аңтарылып, кийин атпай койгон. Планын да урдум деп, капкандарын кайра жыйып келген болучу.
Ошентсе да дагы издеп көрөйүн, тишке илинер бир нерсе табылып калар, башкага аргам канча деген Эсенбек кат-кат оронуп алган бир кишилик таар чатырынын жылуусунан сыртка чыккысы келбей бир саам жанагинтип ой багып жатты да, акыры кара курсагы улам кыйнап, турбаска амалы калбады. Кепенин ичи негедир бөтөнчө караңгы. Бу неси? Же али таң ата элекпи? Кантип эле? Же жата берип, ал күн-түндөн адашып калды бекен? Жо-ок… Азырынча акылынан айный элек…
Эсенбек көрдөй караңгылыкта алдыга колун созо дубалды таап, аны бойлой сыйпалап жүрүп эшикти таап, итерди эле ал ачылган жок. Катуулап түрттү, ачылбады. Бар күчүнө салып эки колдоп, анан ийни менен канчалык жиниге итерсе да эшик сыртынан кагылып, же кулпулангандай былк этпеди! Алгач, Эсенбек эч нерсе түшүнбөй башка чапкандай деңдароо боло түштү. Дагы эмне балээси башталды?! Шериктери келип тамашалап жатышпасын? !
– Эй! Ким бар? Ачкыла! А-ач!!! – деп, кантип ызалуу кыйкырып жибергенин өзү да байкабай калды. Анан эч жооп болбогон соң, өзүнүн жалгыздыгын, дагы бир катуу капшапка кабылганын жүрөгү сезип, акыл токтотуп, сыртынан караниет бирөөлөр камап салганбы деп да жүрөгү шуу эте чочуп кетти. Ой күлүк эмеспи, ошол бир саамда эсине нелер гана келип-кетпеди! Баягы, артынан аңдыгандар акыры таап алыштыбы деген кексе ой да дене боюн үркүттү. «Кантип? Койчу? Адам келбес Айбанталаага алар кайдан жетип келе калышсын?! Ким билет, колу да, укуругу да узун немелер…»
Чынында, далдоосу жок жепирейген жер тамдын артынан урган карлуу бороон уюлгуй берип, кепенин төбөсүнө чейин кар шыкалып калган болчу. Аны Эсенбек кайдан билсин. Үңүрөйгөн жалгыз терезеден да, эшиктин жылчыгынан да канчалык жандалбас кылган менен жарыктын бир үзүгүн таба албай, көрдөй караңгылыкта жападан жалгыз, көр чычкандай карайлап калды. Терезеден да суурулуп чыга албайт. Аны кимдир бирөөлөр, балким курулганында элеби, бармактай темир зымдар менен кайчылаштыра тосуп салышкан экен. Көзөнөгүнө баш эмес, муштум батпайт. Ураган мештин бышкан кыштары менен эшиктин тактайларын да, сойлоп чыгар оюк оюп, же уратып чыгармын деп дубалды да туш келди жиниге ургулап көрдү. Тоңуп калган тактай, тамдан кыштардын биринен сала экинчисинин быркырап сынганы болбосо эч майнап чыккан жок. Колдору гана жооруп, тытылды. Акыры алы кетип тажап да бүттү. Бу, ааламда өзү жападан жалгыз калгандай. Аны менен эч кимдин иши жоктой. Дүйнө керең. Ошондо Эсенбек ар бир пенденин өзүнө гана буюрган өз тагдыры болорун, эч ким ага шыпаа кыла албай, өмүрү өткүчө өзү гана кара жанын карч уруп, бетме-бет кармашып келээрин анык туйду. Мурда байкаган эмес экен. Көрсө, дүйнөнүн терең сырын, адам ааламын анык туйгусу келген чыгыш кечилдери менен философтору бекеринен өз эрки менен тоолордогу ээн үңкүргө өзүн-өзү жалгыз камап, же азаптуу алыс сапарга коколой жер кезип кетишпейт тура. Ой-дүйнөнүн орошонун издеген индеецтердин джунгли токой-тоосуна бекингени, египеттик жрецтердин киши кире алгыс чулу таштуу пирамидаларын байырлашканы да ошондон улам тура… Дүйнөнүн тереңдигин, адам өзүнүн ички жан-кубатын түшүнүү үчүн жалгыздыктын жапасын, жашоонун азап-тозогун тартуусу керек белем! Адамдардын арасында жалпы агымдын шарына алдырып, майда-барат кызыкчылыктарга алданып, акылмандыктан адашып жүрө берет тура…
Ошондон тартып, кепенин эшиги биротоло бекилип, күн-түнү экени түк билинбей, камалды да калды. Тирүүлөй көрдө калган сымал. Эзели андан чыга алчудай эмес. Үмүт да үзүлө баштады. Түпсүз ой-санаалар гана кыйнайт. Тирүүлүктүн жалгыз белгиси ошолор эле. Баарынан да ачкалык жан кыйнап, итапкан суукта калганда «ушундай азаптан көрө!..» деп, өлүп алуу да оюна келди. Терилерди таңып койгон шооналарды сыйпалап таап алып, тарамдап өрүп, үзүлүп кетип убараланбай тынч жаным чыксын деген ой менен аларды кошуп аркан эшип, алтургай илмектегенге чейин жетип, анан айныган болчу.
Эсенбек бу жарык дүйнөгө калпыс келгени — төрөлгөнү. Ал, ошондо эле күмөндүү, алты айлык ара төрөлүп калганында, жарыкчылыктан жатыркап баладай бакырып түшпөдү. Кызыл жашык наристенин тамыры да бүлкүлдөп сокпой калганын көрүп, өлүк деген ага-аталары бала мүрзө казып, денесин аруу сууга алып, жеңил кепиндеп, жерге берээрде туттугуп калган наристе «баа!» эте бакыра ыйлап жиберип жатпайбы! Ошентип, түбөлүк жерге кетер денесине капыстан жан кирип, кыбыр этип кыймылдап, тегерегиндегилердин текши жүрөгүн түшүргөнүн кийин, чоң энесинен укканы эсинен кызыл сызыктай сызылып өттү. Кезээрип ачка, сүлдөрү качып арыктап бүткөн Эсенбек ал оюнан арбактай ырсайып, ичтейинен жылмайган болду. Ошондо, көмүлүп калбай, көр оозунан кайткан балага асан чакырылып, ырым менен Эсенбек аты берилген болчу. Ал, андан кийин да ажал менен нечен жолу беттешти. Баарында жеңип чыкты. Ошону үчүн азыр аман-эсен соксойуп олтурбайбы. Анын ажал менен болгон эрөөлдөрүн айтып олтурса адам ишенгис! Ошондой-ошондойлордон соо калган Эсенбек, эми минтип уккан жандын бири да ишенбес бүгүнкү же, эртеңки ажалы менен дагы тикелешип, арбашып отуру…

#26 13 June 2015 - 02:16
Эсенбекти ошол, энеси ара төрөп салган күн маал-маалы менен эсинде улам жаңырыктай берет.
… Энеси менен атасы арабада жол жүрүп баратып эле белгисиз бир нерседен улам селт эте катуу коркуп кеткен энеси боюндагы баласынын сол бөйрөк талаштыра тирей тээп алып, анан адаттан тыш мемиреп калган «өнөрүнө» жүрөксүп, алда нени боолгой коюп, аттын башын үйдөй болгон кызыл ташты карай бурдуртат. Али ай-күнүнө жете элек болсо да ошол жерден толгоосу башталып… Кудайдын парманы менен мындайды баштан өткөрүп көрбөгөн өз атасы Абдырасул өз канынан жаралган уулу Эсенбектин «киндик атасы» да болгон экен. Ошол тапта үйдөй кызыл таштын наркы жагынан узундугу бир жарым арчынга жакын боору кызыл сур жылан сурайылдай жылып, наристенин энесин карай сойлоп жөнөйт. Мындай күтүүсүздүктөн коркуп, алдастап калган атасы тиги жыланга кол салмак болот. Аптыккан алсыз аялынын «Кой! Тийбе!? Урба, таш менен!.. Бул жаныбар бизге аян болуп келди. Балабыздын колдоочусу окшойт! Өзү кетет…» дегенин кулагына илбей, ал, чайнектей таш менен жыланды белге уруп, жыла албай ийрелеңдеп калган аны биротоло жанчып, оолак ыргытып салат. «Бул жаныбар Жараткандын зыянсыз аяны эле го!..Эми балабыздын тагдыры кандай болот? Колдоочусуз калбадыбы… жашоосу азап болот го?!.» деп, аялынын зарлап, чырылдаганы кулак сыртынан кетти. Бирөө жарык дүйнөгө келди, бейкүнөө экинчиси набыт кетти. Табигаттын татаал да, өкүнүчтүү өктөм да мыйзам ченеми ошондой тура. Бул, ойго келгис окуяны Эсенбекке эс тартып калган он бир, он экилер чамасында апасы Сейил айтып берген эле…
Ошол, бир чай кайнамдык саамда ажалга бет алып калган Эсенбектин бар болгон дүйнөтаанымы, оомал-төкмөлүү өмүр жолунун үзүктөрү ушинтип, акыл-эсинде айлампалап айланып, шурудай тизмектелип өткөн болчу. «Өлүк арстандан тирүү чычкан болуу артык» дегендей качанкы бир, кайсыл бир элдин накыл кеби акылында жаңырыктап, ушул кепеде өлүп калсам курттан калган денемди акыры бир таап алгандар бозтопуракты чукуп көөмп коюшаар, ошону менен ай-талаада түбөлүк жалгыз-жапа кала берерим турулуу иш» деген ой да аны тооруп турду. «Менсиз жашоо кербени токтоп калмак беле, эч качан!» Ал чын. Тээ, Будда менен Конфуций даанышмандар, Манас менен Атилладай айкөлдөр, Иисус менен Мукамбет пайгамбарлар, дүйнөнү дүрбөткөн Искендер Зулкарнайын менен Чыңгызхан… сыяктуу өкүмзарларды ажал алганда да дүйнө огунан чыгып кеткен эмес. Анан Эсенбектин артынан жарыкчылык да астын-үстүн түшүп, адамзаты азага батып, каран күн түшүп калмак беле? Анчалык ким экен? Жоктон бар болуп, ичээр суусу түгөнгөн соң кайрадан топуракка кете турган кадыресе бир пенде да. Улуу табияттын ачуу мыйзамы ошондой. Аны жоктосо жалгыз энеси, эгерде ал да тирүү болсо, анан бирин-экин теңтуштары жоктошор. Анан убакыт баарын унуттурат. Бирок, адам баласы, алардын ичиндеги Эсенбек экинчи, кайра жаралбайт! Эч качан! Арийне, адам пендеси табияттын улуу буйругу менен бир мертебе келип калган жалган дүйнөнүн опол тоодой оорчулуктарын көтөрүп, маңдайга жазган сыноону жеңип кетмеги менен бийик эмеспи деген чындык оту ой-санаасын өзөктөп, бейчекиликтен колун кармап токтотуп, акырында арканын кайра жандырткан. Эмне, Эсенбек бул ээн талаага ит ажалын издеп келиппи? Албетте, жок. Адам пендеси бу жарыкчылыкка адамдык асыл касиеттерин айгинелер түмөн-түркүн сыноолордон өтүү, аларды айкөлдүк менен жеңүү үчүн келмеги ырас. Жеңилсе, болгондо да өз колу менен өмүрүн кыйса Эсенбектин болгон итапкы дарамет-чаркы ушул беле деген кемтик кепке калып, укум-тукумуна чейин шермендеси чыкпайбы, кокуй! Андан ашкан айып, күйдүргөн күйүт болорбу, акыл-эстүү адамга? Артындагы аялуу адамдарынын абийирине доо салгыча, адам атынан айланып кетсин!.. Аны Кудай да кечирбейт! Өзү болгондо да айтылуу Бүргө баатырдын урпагы болсо. Ооба, ооба, айылын калмактар чаап, кулчулукка айдап кеткенде артынан жалгыз кууп барып, туткунга түшүп, мойнуна, колу-буттарына жыгач-темирден зоолу салынып, акыры баатырдыгын таанытып, калмактардын зулум ханынын башын алып, кыргыз элинин көз карандысыздыгына зор салымын кошкон Бүргө баатырдын ал, алтынчы муундагы небереси эмеспи!
Ушундай угуттуу узун ой-санаа тартып, алыстан айланган акыйкат жолду туя алган Эсенбек «мен, канчалык тозоку, башыма түшкөн азаптардын баарына чыдап, көтөрүшүм керек! «Жаман ит деле кара башын багып алат, балам, кайда болбо, кандай кайгыга кабылба, адамдык парасатың менен алтын башыңды бийик тутуп, дайыма эл ичинде бол, өз элиңдин намыс-кадырына шек келтирбей ажалды да татыктуу кабыл алгын. Сен Бүргө баатырдын тукумусуң. Сыймыктан! Ага татыктуу болгун!» деген чоң атасы Качыбектин сөздөрү эсинде жаңырыктап, «эмне, мен жаман итче жокмунбу, бир мертебе келген карабаскыр оорчулукту жеңе албасам, эмнем адам, өзүм үчүн болбосо да энем үчүн, чоңатам Бүргөнүн кадыры, кыргызымдын абийири ак болуусу үчүн тозоктун тозоңун да сөзсүз жеңишим керек, акыркы демим калгычакты ажал менен дагы да арбашайын! » деген бекем ой-бүтүм менен ошондо мойнуна жыландай оролуп жанын кыяр арканды алыс ыргыткан. Көрсө, качан гана оорчулук жанга батып, кабырга кайыштырмайынча пенде терең ой салып, чындыкка бетме-бет батынып чыга албайт тура. Эсенбек да мурдатан минтип жашоонун түпкү чындыгы, элдик ар-намыс тууралуу үстүрт ой чаргыткан менен тыңдап ойлонгон эмес экен. Эми, өзүнүн жандили менен минтип жалгыз, жекеме-жеке, болгондо да акылды алаксытар жарыксыз караңгыда бетме-бет калганында гана баарын даана туйду. Мындайда адам өзүн өзү эч алдай албайт. Өзүнөн өзү кайда качмак?! Көңүл чаргытып, кийинкиге калтырууга ылаажысы калбай калат. Ушутапта Эсенбектин эсинде Абайдын:
Эр жигит, күреспегин, балубан мен,
Балубанды жыга алмайсың шалган мен.
Аттиң ай, быр жыкпастан жугылдым деп,
Өмириң өтип кетер, арман мен… – деген ыры күтүүсүз жаңырыктап өттү. Качандыр бир кезде аны китептен окуган эле. Эми капыстан кайрылып, эске түшө калганын карасаң, кызык.

#27 13 June 2015 - 02:18
Ага өзүн өзгөчө жан, эр-баатыр түгүл, катардагы карапайым эле пенде сезе турганы себеп болсо керек. Балким ажал менен арбашып жатканынан уламдыр… Ошентсе да ал, азыр кыргыз элинин карааны, дегеле ата-бабасы тааныбаган чоочун бирөө болсо да адам аттуунун караанына зарлап турду. Анткени, алардын ийнине таянып, адамдын жылтыр көзүн көрүп, жок дегенде азыноолак жылуу сөзүнөн болсо да кайрат, кубат алмак. Жалгыз адамдын айбанаттан айырмасы деле жок тура. Пенде үчүн жалгыздыктан ашкан азап, алсыздык жок экен го! Адамдар — биримдиги менен гана бактылуу, жеңүүчү болот турбайбы…
Чынында эле кимдир бирөөлөр Эсенбектин артынан издөө салып калса, арийне, антип жоктобой коюшпас, анын асылып өлгөн денесин таап алган бирди-жарым аңчы тааныштарбы, малчы, жолоочу казактарбы, же өзүн ушул Айбанталаага жөнөткөн аңчылардын он-беш күндөн кийин кишилерди жиберип сөзсүз алдырып аламын, чеберде деген чоң курсак орус жетекчисиби, кимиси болсо да аа, жаман кыргыз, болор-болбос кыйынчылыкка чыдай албай асынып, ит өлүм тапкан тура деп жемеге алмагы чын. Анысы менен атпай кыргызды кемсинтип, сөзсүз, дилинен бүткүл улутка иренжий турганын ойлогондо канында катылып жаткан бабалардын байыркы намысы от алып кеткен болучу. Каны кайнады! Агасынын тагдыры менен өзүнүн башына балта чаап, артынан сая кубуп келаткан кастары эсине түшө калып «өзүм өлүп берсем алардын чечекейи чеч болуп, издегени көктөн түшкөндөй калпагын асманга ыргыта сүйүнүшпөйбү, жок, мен алар аман турганда эч качан өлбөймүн! » деп кыжынып алды. Өзүнүн жүүнү боштугуна кыжыры келди. Экинчи кайталабаска ант берди. Ошол бойдон жанын кыюу тууралуу ууру ойлор кээде бирин-экин алсыз жылт эткени болбосо, биротоло өчкөн болчу.
Куудурап каткан терилердин жүнүн ичине карата кабаттай оронуп-чулганып алган Эсенбектин эми да эмнелерди ой тегеретип жатканын ким билсин, дубаланып калгандай дулдуюп, нечен машакат менен каптал чөнтөгүнөн муштумдай түйүнчөк алып чыгып, кастарлай жазып, андагы кара кочкул топурдан чымчып алып чалкалай эки кур оозуна салды. Анысын шашпай, көпкө чейин даамын соро кемшиңдей чайнады. Болгон жаназыгы ушул, катып калган терилерди четинен аңтарып, алардан кырып алган эт-майы эле. Анысын күнүгө эки-үч маал ошентип, асмайдай аяр оозуна алып, шилекейи менен эрите чайнап, жутат да артынан эшиктин жылчыгынан колун созуп кардан чеңгелдеп, сугунуп алат. Айла кеткендеги ойлоп тапкан акыркы азыгы ошол. Анысы түгөнсө эле бүттү, ачкасынан жантаслим болду дей бер. Сыртка чыкса эптеп бир нерсе табар беле, эшикти тоскон калың кар эримейинче камалганы камалган. Оо, кыйла болуп кетти, ушинтип ачка, камакта каржалып, катуу камыкканына. Канча экенин күн эсебин жоготкон өзү да билбей калды. Жок эле дегенде терисин сыйрып алып дөңдөн ылдый ыргыткан айбандардын бирди-жарым сөөктөрүнөн таап албайт беле. Аларда кантип эле карга-кузгундан, курт-кумурскалардан калган үзүк эт калбасын. Калгандыр… Эсенбек үчүн ошол, кезинде каңылжаарды жара сасып, алыстан кызыл жошо болуп аркайып жатчу сөөктөр чоң огожо, баалуу байлыктай көздөн учуп туру.
Атаңгөрү! Бир жылда бирин-экин гана малчы, же жолоочу тепчий өтчү адамсыз ээн Айбанталааны узун-туурасынан каалашынча майкандаган карышкырларды, аянычтуу кыңшылап тарпка келген чөөлөрдү Эсенбек кандай гана кырбады дейсиң! Анан эмне, ошону үчүн келип жатса… жок…
Совет бийлигине каршы Фрунзедеги студент кезинде эле Эсенбек «ар бир адам өз мекенинин, улутунун кызыкчылыгы үчүн күрөшүүсү керек, мекенчилдик — улутчулдук, улутчулдук — мекенчилдик» деп, бекем ишенип, өзү теңдүү мекенчил жаштардын «Таң нуру» аттуу жашыруун кыймылын түзүп, ачык жыйындарда бийликти, жетекчилерди катуу сындап чыккан болучу. Барган сайын ал кыймылдын катары улам калыңдап баратышынан коогаланган КГБчылар аны «улутчул» атап, жашыруун тизмесине алып, алгач өздөрүнө аста чакырып, кепке тартып, алдап, акыры «көндүрө» албасын туя баштаганы артынан куба түшүп калганын Эсенбек сезип калган. Дагы бир коога: кыргыздардан чыккан биринчи миллионер аталган аталаш агасынын ичитар атаандаштары аны акыры Чым-Коргонго тыгып, иниси кек кубалап, өч алам дебесин деген кыйжы ой менен жалданма кишисинин колу менен башына балта чаптырышкан. Кудайдын парманы менен курч балта жаза тийип, баары бир, кектегендердин соо койбосуна көзү жетип ооруканадан качып чыккан болчу. Ошол, Фрунзеге келаткан жолдо эр ортонуна келип калган кызыл чийкил, кепкор адам менен катарлаш отуруп калды. Сөздөн сөз чыгып, өзүн Качкын деген ал бир маалда:
– Эй, баамымда, барар жериң жок көрүнөсүң, акча тапкың келеби, жүрү, мени менен Казакстанга… – деп калды.
– И, эмнеге?
– Мергенчилик кылабыз. Эмнени атабыз дегиң келип турат го, балбак атабыз.
Эчтемеге түшүнбөй элейе тиктеген Эсенбекке күлүп:
– Балбак деген талаа сууру болот, Кыргызстандагы сусликтен чоңураак, мышыктай. Ар бир териси токсон тыйындан. Аны атып, капкан салып, терисин сыйрып алып этин ыргытсаң ага карышкыры да, чөөсү да, ачкүсөнү менен сүлөөсүнү, атургай, калтарга чейин келет. Баарын атасың, териси: карышкырдыкы жүз, сүлөөсүнүнүкү жүз элүүгө, калтары эки жүз, чөөсү отуз-кырк сомго чейин. Эсептей бер, беш-алты балбак, бир-эки карышкыр, анан беркилерин ыгына жараша атып алсаң бир күндө эле бул жердеги эки-үч айлыгыңды таап аласың… – деди божурап.
Эсенбекке эмне, издегени жерден табылып жатса, ошол жерден эле ээрчип, Качкындын үй-тирлигин эптешип, бир айга жетпей Казакстанга жүрө беришти. Анан ушул, туруктуу мергендер келбеген, итапкан Айбанталаага өз эрки менен… качып да келип отурбайбы…
Бул, жердин түбүнө кимдин колу жете койсун, андан көрө акча таап алайын деген Эсенбекке ар айбан көзүнө акча көрүнүп, аткан сайын алары арбып бараткансып, артын ойлоп койбоду го, ошондо! Капканын калдырата көтөрүп, күнүгө балпактардын ийнине салып, желип-жорто тарп аңдып келген айбандарды эркек-ургаачысына, азуусу ката элек бөлтүрүк, күчүгүнө карабай атты, качканына, караанын үзүүгө жандалбас салганына болбой артынан куба томолото атып, эсинен кетти го. Айбанталаага кайдагы кыргынчыл айбан келип калды эле деп качыштыбы, же анын алыска атылган куралынын көзүнө илинип калбайлы деп акылтегеретип айлана өтүп калыштыбы, апта өтпөй чөө-бөрүлөр сээлдей түштү. Анда да болбой Эсенбек алыстан дүрбү салып, көзү чала калса эле төө тикенди далдалана өкүрөңдөй чуркап, кароолуна илингенди соо калтырбады. Бир гана күрсүйгөн көкжал дөбөтүнөн башкасын. Аны эки жолу жаза атып, үч-төрт мертебе огу жеткидей аралыкка жакындап баргыча кудай ургандай сак неме ойт бере качып, ата албай армандап калды. Кийинчерээк ал кашабаң да же үйүрү кыргынга тушугуп жаалы келгенби, не ал амалкөй ок жетпес аралыкты так болжоп алганбы, Эсенбекти алыстан акмалап калчу болду.
Бир күнү адатынча дүрбүсүн алып бөрүлөр көрүнүп калар бекен деп тегерекке көз чаптырып жаткан. Көрүнбөдү. Канчалык көз каргыткан менен топ-топ болуп карайган төө тикендерден башка кыбыр эткен жан жок. Аппак, көз тайгылта мелтиреген кардан көзү да карыгып кетти. Оюнда жакын арада малчылардын короо-сарайлары көрүнүп калса ага барып, издөөчүлөр келгенче жан багып турайын деген көксөөсү да бар болчу. Жок. Жер кепеден кырк-элүү чакырым аралыкта адам аттуу жашабайт дегендери чын көрүнөт. Алардын турагынын жыты да жок болсо Эсенбек кайда бармак эле? Адашып кетсе, же айтпай-дебей келген кардуу бороондо калса, өлбөдүбү. Ошондо анык сөөгү да табылбай калбайбы! Кышта ачыккан, анын кызыл кыргын салганына өчөгүшүп калган карышкырлар да капыс-купус кол салуудан кайта коюшпас.
Өзүнчө кыжалатка туна түшкөн Эсенбек ким бирөөнүн шилисинен шибегедей жиреген өткүр көзүн жон териси менен сезе койду. Артына кылчая берсе он беш-жыйырма кадам жердеги мүрзөдөй дөмпөйгөн дөбөчөдө аны баягы көк дөбөт тирмейе тиктеп турган экен! Тим эле атылчу жебедей окторулуп калган! Шек бербей артынан аяр аңдып келген тура! Жанында сук көздүү бөлтүрүгү да бар. Эсенбектин денеси тырмагынын учунан чачынын түбүнө чейин титиреп кетти. Мылтыгы кепеде калган эле. Алаңгазарлыгына ачуу өкүнүп алды. Ким күтүптүр мындайды! Не кыларын билбей амалы куруп, тизеси калтырап кетти. Анчалык артына бурула калбаганда ким билет, атырылып келип, кежигеден бурдай басып жыгылат беле. Анда эле… Экөө тиктеше түштү. Карышкыр сук, аеону билбеген мерес көздөрү менен аңдоос сала тирмийе тике карап турду. Кылт эткен мүмкүнчүлүк болсо баса калчудай, сак. Эсенбек да эсин жыя тик карады, аны. Эгерде карышкыр менен бетме-бет чыгып калсаң эзели көздөрүңдү ала качып тайсалдабай, айбаттуу тике карагын, эгерим чапчаң кыймыл жасап, же кача көрбө деген сөздөрдү эстеди. «Эк, барбардигер! Башка салганын көрбөскө аргам канча! Кол салса кармашпай не болупмун, өлбөгөн жерде калармын! » деген бүтүмгө бекем келе, турнабайын мыжыган оң колун түшүрө жамбашындагы аскер канжарына аста жакындата берди. Тигил атырылса эле аны шак сууруп, жүрөккө туштап матырып албай жаны жокпу! Анын бул кыйды ойун дөбөт да туйду белем, же адамдын тике айбатынан тайсалдадыбы, дагы бир саамга байкоос салып турду да артына октос берип, жортуп кете берди.

#28 13 June 2015 - 02:20
«Ох!
.. Кудай…чын эле аман калдымбы?!
» деген Эсенбек күтүлбөгөн эрөөлдөгү жеңишине эсиркеп, жамбашындагы канжарын сууруп алды да, артын карабай желип бараткан карышкырдын артынан кылычтай жарк-журк эттире булгалап:
– Э-эй, акмак! Экинчи кайрылып келе турган болсоң сениби, каныңды ичемин!- деп, ачуу айкырып алды. Мунусу тек, куру айбат, өзүнө өзү дем бергени эле. Чынында ал, али эсине толук келе элек болчу.
Бу, жандими адамга дагы эмне болду, дагы не калайманын салганы туру дедиби, дөбөт айбаттуу үнгө кылчайып, саамга тык токтой калды да бөрү жүрүшүн улап кете берди. Ошол бойдон ал кайрылып көрүнгөн жок. Адам айбатынан сүрдөдүбү, же өзүнөн ашкан жанкечтиге кайрылып катылбайын дедиби ким билет, балким бу Айбанталаадагы катуу аяздан аман чыга албас, өзү кыйналып, арам өлсүн дегендир. Арийне, адамдын ага эч алдырбасын, алыска атылган куралысыз деле өзүнөн өйдөлүгүн, көкжалдыгын сыйлагандыр…
Бу, учуксуз узак да, убайлуу да ай-талаадагы кепеде камакта камыккан күн-түндөрдө энеси эсине көп түшчү болду. Эне кадырын бала жаны кыйналганда, айрыкча ажалга бетме-бет келгенде даана туят белем! Тубаса туюк сезим, инстинкт деген ошол го. Нечен эр жүрөк баатырлар да өлүп баратканда «апа!», «эне!» деп, ыйык адамын оозанып шейит кетээрин көп эле угуп, окуган. Байкуш энесин көрбөгөнүнө он жылга аяк басты. Улам бир азгырылма ойго алдырып, Кавказдан Монголияга чейин жер кезип жүрүп, ана-мына дегиче эле ушунча узак убакыт өтүп кетиптир. Аман болгой эле. Акыркы, Фрунзе-Ош темир жолунда иштеп жүрүп жакшы ишине сыйлык катары берилген комсомолдук жолдомо менен Анжиян аркылуу Экибастузга келип, андан Семейге өтүп «Скотимпортто» иштеп калгандан бери энесин көрө элек. Андан кийин Фрунзеде окуп жүргөнүндө да энесинин тирүүлүгүнөн көңүлү токпейил тартып, күнүмдүк машакаттарына башоту менен алаксып, атайылап барып, жолукпады. Эми аман жетсем, эсен-соо болсо жанынан карыш чыкпай, акыркы деми чыкканча айылда болбосом майнеке болоюн. Колумдан келген бардык зыйнатымды көрсөтүп, мен үчүн тарткан азаптарынын акыбетин кайтарышым керек. Антпесем адамдыгым, балалык парзымды актаганым кайсы деген Эсенбектин эсине, баягы, балакат кезинде тирүүлөй көмүлбөй калганы негедир кайталай түштү. Чоң атасы ошондо «бу, неберемдин тагдыры татаал болуп калды, уусу заар болсо да, ниети ак, акылман жылан жаңы жаралган адам баласын коштоюн, колдоюн деп келип забын кетти эле, ал өксүктөн не бир канча ирет ажалга тушугуп, бирок, буюрса баарынан аман чыгып, Кудайым берген, жыландай узун, татыктуу өмүрүн сүрөт» деген экен. Ошондой болсо кана?!
Кийин, мектеп жашына келип калганында эле томолой жетим деп кемсинтиштиби, же пенделик кылып азыноолак пулга көз артыштыбы баласынтып Эсенбекти өз туугандарынан эле айылына каңгып келишкен цыгандарга да сатып жиберишти. Алардын табору менен алты жыл бою өзүбек, орус, казак, кыргыз жергесин узун-туурасынан кыдырып, өздөрүнө окшош тээжик аттарын, докчул балдарын кастарлап багып, малайлыктын мал чыдагыс кордугун көрдү, ичкен тамагын актап, акча табыш үчүн кыз-балдарына кошулуп жер тепкилеп бийледи, ачык асман алдында жайында ысып, кышында тоүду, ошондо да өлгөн жок. Баары бир боорун бербей жүрүп, тутулуп калса өзүнүн соо калбасын даана билсе да сегиз жыл дегенде тобокелге салып дагы бир туткун бозбала менен качып чыккан. Анда да ушул, Казакстандын айыл-талааларын аралап, Балхаштан тартып Таласына чейин тентип, күнү-түнү куугундан жашынып, ит көрбөгөн тозокту башынан кечирип, айлына араң жеткен. Бир ажалдан калган. Кыргыздын каны күчтүү экен, эзели атажуртун сатпайт. Бу, улуу сезим нечен кылымдап, кырчылдашып жүрүп ичегинин кылындай чыңала чыйралган окшобойбу! Антпегенде, болгону он үч гана жаштагы бала курсагы тойгон жердин кулу болуп жүрө бербейт беле? Ыя, Кудай, али жашоонун эмне экенин билбеген балтыр эти ката элек балага ошончо татаал тагдырды неге буйруп, ачуу азапка эмнеге салды экен?! Же аны Иса пайгамбар сыңары кийинки ачуу азаптарын татыктуу жеңүүгө даярдап жатты беле?..
Эсенбек жыйырмадан ашып, эр тартып калганында Таластагы жүн-тери кабыл алуучу ишкананын директору болуп иштеген агасы Байтилештин да азабын аянбай тартты. Атасынын иниси болучу. Ал, чыгаан, Кыргызстандын тарыхындагы эң биринчи миллионер атыккан анын байлыгына көз артып, таламайга салып талашкандар сопсоо агасын жинди деп, Чымкоргонго тыгышкан соң азыр-кийин агасынын кунун куубасын деп Эсенбекти балта менен башка чаап жатышпайбы! Кыраакылык кылды ошондо, учурунда мант берип. Жалаңдаган курч балта каракушуна кыйгач тийип, анда да бир ажалынан калган. Ымыркай кезинде эле Эсенбектин татаал тагдырын анык туюп айткан чоң атасы чын эле тегин адам эмес экен, олуя тура. Ошондо, бир ажалдан Кудайдын парманы менен аман калганына миң мертебе тобо айтып, эгерим милийсага айтып, же анык кек кууп калса бизди соо калтырбайт деп өзүн күм-жам кылаарына көзү канык жетип, эки саат жатпай ооруканадан качып кеткен. Куп кылыптыр, кийин ар кимден көп эле укту, тигил кескилердин артынан сая издегенин. Фрунзеге келатып, автобуста, жанындагы сапарлашы менен сөздөн сөз уланып олтуруп, аны ээрчип кетпегенде аяктан деле таппай коюшмак эмес.
Деги, Эсенбектин тагдыры табышмак. Алдын да, артын да түк болжоп болбойт. Күңүрт, туман. «Скотимпортто» иштеп, зайсандык казактар менен алыскы Монголиядан кой айдап келатканында биринчисинде каракчылар менен атышып араң кутулса, экинчисинде өзүн ушуякка үндөп келген жердеши, ончакты эле кадам алдыда ат менен кой айдап бараткан Талаптын башына тоодон муштумдай таш түшүп, жантаслим болду. Тээ, кыл чокудан аткан октой күүлөнүп келген таш каракушун жара башына кирип кеткен экен, үн дебей үзүлүп кете берди, тагдыры тайкы байкуш. Балдарымды, аялымды бактылуу, бардар турмушка жеткирсем деп ак эткенден так этчү эле, өзү жетимдиктин катуу капшабын жаштайынан тартып калган экен. Ошондо адам жаны чымындыкындай эле, ажалы ар көз ирмемди сая кетирбей дайыма жанында аңдып турарын даана туйду. Анан эмне, «Чо-ойт эркечим!.. » деп бейкапар ырдап бараткан жеринен эле капыс мүрт кетип жатса.
Ошол, кой айдоосунда сапарлаш казак агаиндерден улуу Абай менен Шакерим тууралуу, алардын эл ичинде аңызга айланып кеткен оош-кыйыш тагдыры, нускалуу сөз-ырларын алгачкы ирет эшиткен эле. Улам бири кезектешип, не бир макалдатып айтышаар эле. Анан Эсенбек ээликпей коймокпу! Бектас деген өзүнөн беш-алты жаш эле улуу ал зайсандык агатайын ээрчип кете берди.
Семейден чыккан узак жолду кубалай жүрүп Доголоң менен Хан-Бийги тоолору кошулган капчыгайдан өтө бергенде эле кенен талаа алаканга салгандай ачылат экен. Ал, Доголоң тоосунун этегинен башталган Абай району, улуу акындын туулуп өсүп, сөөгү коюлган жер. Тактап айтканда бир кездеги ал, Жийдебай конушунун азыр көрүстөндөрү гана калып, эли октябрь төңкөрүшү, айтылуу ачарчылык зарзамандарында туш-тушка чачырап, ооп кетишкен. Кийин, 1952-жылы Абайдын жазма мурасын издеп, ураган дубалы гана калган тамын Мухтар Ауэзов каздырган экен. Андан киши бойлуу, кийизге оролгон кагаздар чыгыптыр дейт. Ошондо «Не болду, соншалык, сага, карагым!» деп, Мукең боздоп, ыйлап жибериптир деп, Телибай мергенчи айтып берген эле, Эсенбекке. Ал, армандуу окуя эзели эсинен кеткис болуп орноп калган эле.
Абай менен Шакерим аталаш туугандар экен. Демек, айылдаш-канатташ байырлашып, бир тагдырды тең бөлүшкөн. Экөөнүн тең элдик эрлерден болуп калганы ошондон улам болсо керек. Ошентип, Эсенбек, Кудайдын буйругу менен ал айылдагы Шакер Абенов деген саясатчы адамдын үйүндө жашап калды. Көп өтпөй Шакеримдин Ахат деген баласын да көрдү, жазуучу Камел Орозалиндин үйүнөн. Андан Шакеримдин динчилдерди сындап жазганы үчүн алар аны «бай-манап Кунанбайдын, Абайдын тукуму, эл душманы» деп чагым жазып, Баканастын түрмөсүнө каматышат. Ошентип ал, казак элинин улуу акыны, жазуучусу, калың калкы ХХ кылымдын башында сабатсыздыктын сазына батып жаткан кезде билимин Франциянын, Меккенин, Түркиянын дүйнөлүк казына саналган китепканаларында тереңдеткен акылман Шакерим Кудайбердиев 1931-жылы атылып кеткен экен. Ал акылман адам туурасында Макс Кучинский деген немис тарыхчы, этнографы 1923-жылы «Талаа жана анын жашоочулары» деген китебин зор урмат-сый менен жазыптыр. Чыгармаларын чыгартпай, куугунтук көрүп жүрүп ак жеринен арманда шейит кеткен экен, кайран киши. Ошондо да ал өз жанын кыймак түгүл, ойлогон да эмес! Анан канчалык катаал делген менен Эсенбектин тагдыры алардыкына кайдан караандасын! Өз өтмүшү өттү. Тирүүлөй тозокту көрдүм дегени менен алты саны аман, тирүү турат го!..
Тек, ал азаптарынын баары энесинин жүрөгүн кызылжаян жаралап, атылган ажалдуу жебедей дал тийгени анык! Жаноту менен кантуюмунан уютуп жараткан баласынын бардык азап-тозогун кызыл жиптей жүрөк толтосунан өткөрүп, эч шек да бербей чыдаган эне жүрөгүнүн чыдамкайлыгына тобо жана даңаза!! ! Бирок, анын «Эсенбекке энелик мээримим жок» дегени да бар эле. Ал неси?..

#29 13 June 2015 - 02:24
Жалгыз көздүү терезеден гана билинер-билинбес мунарык түшкөн кепеде, жана жерге шыпырылып түшкөн терилердин үстүндө чалкалап жаткан Эсенбектин эсине баласы түштү. Анын бирден-бир ишеними, үмүт-тилеги,
жарыкчылыктагы жападан жалгыз жараткан жакшылыгы, артындагы туягы ошол. Жүрөгү элжирей түштү, анысын эстеп. Ошол кыйналбаса экен. Ананайын, бойтоңдоп эл катары мектепке барып калса керек. Аны ээрчитип кетип энеси эссиздик кылбадыды. Жок, жок, Эсенбектин өзү эси жоктук кылган көрүнөт…
Алия ошол кезде университетте окуган кыздардын эң ажарлуусу, жаркыны да болучу. Же андан үч курс алдыдагы Эсенбекке ошондой көрүндүбү… Айтору, экөө бири-бирине катуу арбалышты. Жигиттердин чымыры, октон да тайманбас өртү, алдыңкы, акылгөй жаштардан советтик мыйзам жол бербес «Таң нуру» аттуу эркин уюм түзүп алып, аны жетектеп, кыргыз жаштарынын улуттук сезимдерин ойготуу, аны көкүрөктөгү от сымал жалындатуу ишине башоту менен киришип, топ жыйындарда паракор, мытаам, аялпоз мугалим, декандарды, алтургай ректордун шалакылыгын бетке айтып шартылдаган көмүрдөй кара тармал, узун чач, сакал-муруту куп жарашкан, кыттай уюган Эсенбектин жапырык чабуулуна кайсыл кыз туруштук бере алмак!
Экөөнүн табышканы да кызык: студенттик жыйында Эсенбек адатынча трибунада жалындап сүйлөп жатып четкерээк олтурса да жайнаган көздөрүн ага кадаган татына кыз көзүнө чалдыгып калды. Ошол замат жандили дирт этип алды да, учкун түшкөн майдай чатырып, дароо жалындап, от алып кетти. Жыйын таркап Жамбылдык казак кызы Алия тепкичтен түшүп баратканда артынан Эсенбек куба келип алдынан тосо токтотту да, атын да сурап койбостон:
– Сени канчалык күттүм, мага турмушка чыккын. Сага баарыбир жетемин! – десе болобу! Кыз, текебер, менменсинген жигитти шыңкылдай күлүп, жоопсуз айланып өтө берген. Бирок, анын дилине да мурдатан «чок» түшүп калган эле… Бир, жума кылыктанганга алы жетти… Жаштыктын жалындуу доорун экөө бирге кана кечишти белем, ошондо! Эсенбектин тагдырындагы эң бактылуу доор болгону ошол гана. Анын советтик системаны ачык эле айыптоосунун айынан окуудан айдап, кийин «былгыган мезгил» аталган ошол замандын көлөкө жактарын ашкерелеп, чет өлкөлөргө чейин дүң саламын деген опузасынан улам анын «жаагын басып» курсуна кайрадан алып, кыйсыпырлуу КГБнын кайталап чакырып, жүрөгүнүн үшүн алуу аракетинде бир канча күн бою камакка алуусу да экөөнү ысык арзуусунан ажырата алган жок. Тескерисинче, бекемдеп, сыймык, урмат менен ширелтип салган.
Эсенбек кызыл дипломун алган күнү Алия экөө баш кошту. Өрттөй жалындап, ишке тойбой турганына карабастан КГБ менен компартиянын майда төбөлдөрүнүн жашыруун көрсөтмөлөрүнүн айынан Эсенбек ай айланбай эки кызматтан куулуп, Фрунзенин эч бир жеринен иш берилбей, тынымсыз көмүскө куугунтуктан улам Алиянын дипломуна да кайыл болушуп, айылга, Таластын Чат-Базарына кетип калышкан. Агезде бийликти айыптоо, айыбын ачуу деген кайда! Андай «антисоветчилер» социализмдин душманы аталып дароо жок кылынчу, түрмөгө кесилип, же агасындай Чымкоргонго өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жабылып, күчтүү психотроптук дарылар менен акылынан айрылтылчу, же «кокустуктан» жаны кыйылчу. Өкүнүчтүүсү, татынакай Алия менен үй-бүлөлүк бактысы канчалык күтүүсүз, ысык башталса ошончо тез, чорт үзүлүп калды. Эсенбек айылына барган менен көнгөн адаты калбай бир айга жетпей өзү теңдүү жаштардан дагы улутчул уюм түзүп, аларды элеттик куучирендер менен кармашууга көтөрүп, борбордогулар менен байланыштырып, ийиндеш иш алып барып, жаш аялын айлап калтырып кетип жүрдү. Жарым кылымдан ашуун басмырланып, аң-сезимде өчүрүлө баштаган улуттук сезимди учурунда ойготуп калуу керек эле. Ансыз элине, өлкөсүнө чындап күйүү, берилүү болмок эмес. Эсенбектин түшүнүгүндө өз улутуна канын-жанын аябаган адам, элин да, өлкөсүн да көтөрө алмак эмес. Ошондуктан улутчулдук сөзсүз керек! Аны айыптоо — аксымдык. Келечексиз мамлекетте гана ошондой, өз улутуна күйбөгөн, өлүк жүрөк маңкуртчулук орнотулат.
Ал эми али жаш, аруу махабатка, эркектин кубаттуу да, кумарлуу да дем-жытына кана тое элек Алия ишсиз, үйдө камыгып, кайыненесинин азыноолак пенсиясы менен ач-ток жашоо кечирип, канчалык тиштене чыдаган менен акыры, бир жаштан ашып калган баласын көтөрүп алып төркүнүнө кете берди. Күнөө анда эмес, чынында али үй-бүлө күтүүгө даяр эмес, башынан эле каңгыбаш Эсенбекте болучу. Бирок, анын беттеген иши бийик, элине керек эле… Аттиң, азыр Алиясынын не бир кумарлуу, ысык кучагынын бир көз ирмеми болсо кана?! Эсенбек ал үчүн баарына барат эле. Өткөн өтмүш эзели кайрылгыс болуп кетти го!..
Ушундай узун санаалардан тажап кеткен Эсенбек башын аста чулгуй берип терезенин күндөгүдөн алда канча жарык тартып калганын баамдады. Анын көзү караңгыга көнүп, ар бир жылт эткен шооланы айыра сезип калган эле. Канчалык кыйынчылыкка бата берсе адамдын денесинде катылган купуя сапаттары ачыла баштайт тура. Айтылуу Тибеттин, Индия менен Кытайдын кечилдери ошондой максат менен алыскы, тоо арасындагы монастырларына, үңкүрлөрүнө бекинип, адамбезерликке өтүшөт окшобойбу. Алардын үчүнчү көзү ачылып, табыпчылыгы, олуялыгы, терең дүйнөтаанымы улам артып келиши аны айныксыз ырастап турбайбы. Эсенбек да капкараңгы кепеде камалганы күндүзүбү-түнүбү айланасын кадимкидей ажырата «көрө» баштаган. Алгач сокурдай сыйпалап, далай азапка баткан менен, кийинки күндөрү кайда, эмне турганын буурулдатып көрө алат. Ар нерсе абадай алсыз, көрүнбөс болсо да өзүнөн кандайдыр нур чыгарат окшойт. А терезеден болсо кадимкидей эле акшоола берешен төгүлүп калыптыр!
«О, Кудай! Туткундан сыртка чыгар күн да келип калганбы?! » деген кыязда кубанычы көкүрөгүн тепкен Эсенбек төрт көзүнүн үчөө сынып, өзү карышкырдын терисин кенептеп койгон терезеге келди. Узун-туурасы бир карыштык аман калган айнек аяздын саймасына толуп, мунарыктайт. Эсенбекке ошол да чоң дем, жашоосуна табылгыс үмүт эле. Эгерде ал сыртка аман-эсен чыга алса анын адамсыз ай-талаадагы чоң жеңиши болмок! Тирүүлөй тозокту, эң башкысы — өзүн жеңе алганы, рухунун күчтүүлүгү ошол.
Эсенбек жарыкты, жарык дүйнөнү катуу сагынып калган экен. Тырмактай тешиктен болсо да сырттагы кең, эркин дүйнөнү көз тойдура көрүп алууга ашыгып, терезени тоскон аязды тырмагы менен кытырата кырып, ысык деми менен кайталай үйлөп, эритип кирди. Аны, чалкыган Айбанталаада адашкан тепкедей кепени али калың күрткү басып жатсачы?!. Эсенбек ырыс кесер ал ойду жууткусу келген жок. Бар үмүт-тилеги сыртта, чоң жашоодо.
Айнекти бир элидей кыроо басканына караганда суук катуу болгон экен! Али оту кайта элек алаканы менен улам басып, ысык демин үйлөп жатып бармак басым айнектин музун эритип алды. Бирок, андан канчалык көз курчун кетирип шыкаалаган менен сырт көрүнгөн жок. Шыкалган кар. Эсенбектин ындыны өчө түштү. Илгери үмүт менен канчалык машакат тартып, жаналакетке түшсө да, жарык жашоо көрүнбөдү. Баягы эле карабаскыр кар! Шалдайып олтура кетти. Демек, демек анын камагы али бүтө элек экен. Ал азап дагы канча, канчага созулат деги?! Жанга баткан андан кутулчу күн акыры келеби? Качан?!.
– Ү-үх!..– Эсенбек амалы куруп күйүттүү үшкүрүнүп алды. – Иттин жашоосу…
Баарынан да жалгыздык жанына катуу батып кетти. Жок дегенде бир ит же мышык болсочу, караан тутуп, ага үн салып, тирүү көздү көрүп турганга. Адам үнүн сагынды. Кыргызды, аялзатын айтпай эле гой, кытай, жүүттүн жаман эркеги болсо да бет келгенин азыр кыса кучактап, мурдунан шуулдата өбүүгө даяр эле! Арасында аралашып жүрсө адамдардын баркы билинбейт турбайбы. Азып-тозгондо, жалгызчылыкта аздектелип… Деги эле эмне көп болсо ошол баркталбайт экен, бу турмушта. «Өз мекенинде пайгамбар болбойт» деген ошол, ачуу чындык белем…
Аңгыча сырттан күтүүсүз шоокум угулуп калды, бирөө басып жүргөндөй, кар кыртылдап! Эсенбек делдейе кулагын түрдү. Ооба, ооба, кыймылдын, тирүү жандыктын доошу!.. Ал, кандайча терезеге ыргып жетип сыртты шыкаалап калганын өзү да сезбей калды. О, Кудай! Ким бирөө терезени тоскон карды шилеп, ачканга аракет кылгандай. Жана эле кар тосуп турбады беле! Ким, ким болду экен ал?
Аяздуу терезеден үрүл-бүрүл, жөргөмүштүн желесиндей алсыз төгүлө түшкөн күтүүсүз жарыктан Эсенбектин көздөрү карыгып кетти. Аргасыз жүлжүйдү. Жылт эткен жарыктын үзүгүн бир көрүүнү Кудайдан нечен тиленип, заркакшап зарлабады беле. Мына, жарык!.. Көрдөй караңгылыкта айлап жатып, жарыкчылыктан жедеп жатыгып калган белем. Ошол эле кезде ал акыры жарык дүйнөнү көргөнүнө ишенип-ишене албай сүйүнүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй лакылдап, көөдөнүнө сыйбай дапдаарып турду! Өлүм чеңгелинен чыгаарына үмүт оту жылт жанды. Чын эле ал кар туткундан кутулдубу?! Кайрадан адамдарга аралашабы?! Ие, тобо, адам баласына жарык дүйнөдөн ашкан кымбат нерсе жок белем! Жашоонун жалгандыгына көзү даана жетип туруп анын убай-уусуна, арман-кайгысына, түмөн түйшүк, сарысанаа, салган азаптарына… карабай пенделер неге мынчалык ага жандими жармашат десең?! Көрсө, жапачылыктын баары утурумдук тура. Кайгынын артынан кубаныч, азаптан кийин бакыт, туткундан соң азаттык… келип, акырында жакшылыкка жалгашып, үмүт үздүлбөй алга жетелеп, азгырып алат белем. Жамандыкты дайыма жакшылык жеңет тура. Кара башка канчалык кайгы келбесин, адам жакшылык күтүп жашайт экен го…
Ана, айнектин бармак басым жеринин бубагы эрий түшүп, анан алакан отундай кеңейди. Дүйнөгө зарыгып, жарылып кетчүдөй жашоого ачыгып калган Эсенбек үчүн аалам бүтүндөй ошол, алакан отундай эриген айнекке батып турду! Ал дароо муздак айнекке чап жабышты. Али аязы толук эрий элек мунарыктуу айнектин нары жагында агала карлуу Айбанталаа керилип жатты! Карлар эрий баштап, жаздын деми небак келип калыптыр! Төө тикендер карайып, билинер-билинбес дөңсөлөрдүн күңгөй тарабы эрип, карайып, жер ала. Чалкыган асман көпкөк, чайыттай ачык, дүйнө бейгам жадырап. Анда каршы терши чабыттай учкан чымчык, канаттуулар…
Аңгыча, айнекке сугалак жабышкан Эсенбектин бет алдында карышкырдын башы сорок деп чыга калды! Мындайды түк күтпөгөн Эсенбектин жүрөгү жарылып кетчүдөй катуу болк этип алды. Бирок, жан дүйнөсү кийинки тарткан жапачылыктан тоңмоюн тартып калган белем, токтоолук кылды. Акыл токтотту. Баягы көк дөбөт! Издеп келген көрүнөт. Эрегиши кайта элек экен. Ал да качпады.
Эсенбек менен карышкыр эки карыш аралыктан тирмийе тиктешип турушту. Адам менен айбан. Аң-сезим менен жапайылык. Айкөлдүк менен жырткычтык. Адамдын карегинен акыл өктөмдүгү чачыраса, карышкырдын көзүнөн жапайы от жанат. Көз караштар эрөөлү. Эки көкжал тайсалдабай тике тиктешти. Ким билет, эгерде ортолорунда айнек, анда кайчылашкан темир зым болбогондо экөө бири-бирине атырылып, жырткыч акыры бет маңдай келген душманына азуусун салып өчүн алса, адам андан кем калышпай бар айбаты менен каршылашып, экөөнүн бири өлмөк беле! Ошентмек.
Адамдын алгыр көзоту ийнедей курч, чагылгандай кубаттуу белем, карышкыр ага туруштук бере албай, жеңилип баратканын туйгансып акыркы айбатын кылып азуусун арсайта ырылдады. Оозунан бурала чыккан ысык буу айнектин кыйла музун жошолонто эритип жиберди. Такай ысык канга чыланып жүргөндөн болсо керек, кыркаар тизилген курч тиштери саргылт, айбаттуу. Эсенбек анын бул, амалсыз сес көрсөтүүсүнөн тайсалдап калмак түгүл жаш баланын артыкчылыгым ушул деп, болпоң булчуңун көрсөткөн куру амалындай көрүп:
– И, жаман,– деп, өзүнчө күңкүлдөй сүйлөнүп алды да, мыскылдай жылмайып, анан… күтүүсүздөн ха-ха!лап жамажайы жайыла каткырып жиберди! Бу эмне, анын ажалды кенебес жанкечтилигиби, ашкере баатырлыгыбы, же өз өктөмдүгүн даана сезгениби? Балким, бу, күлкү дегениң тунма, кыйчалыш учурда гана сыртка калкып чыга келүүчү баарынан күчтүү, адам пендесинин кыйраткыч көмүскө куралы болуп жүрбөсүн?..
Сөөгү небак сөпөт болсо керек деген адамынын узак күн тарткан запкысынан чөгүп да койбостон, минтип, жан күйгүзө ачуу каткырып жатканына түшүнбөй нес боло түшкөн карышкыр бу, неси дегенсип элтейе түштү. Башын селт тартты. Арыстандын башындай саксайган чач, сакал-муруттун арасынын оттуу көзү гана жылтырап, жапайы каткырып жаткан немени акылынан адашып калганбы дегенсип, айран таң кала тиктеп аярлай калды да, карышкыр амалы түгөнө артына мант берди. Бул, анын жеңилгени болучу! Айбандардын жапайы мыйзамы ошондой. Көзүн алакачтыбы, бүттү, утулду. Ал, үйүрүн түгөт кылган адамдын өлгөн денесин көрөйүн, супсунумду суутайын деген үмүт менен келген эле. Мындай катуу суук, камактагы ачкалыкка кайраты катуу делген карышкыр да чыдамак эмес. Анан эле, небак жантаслим болду деген адамы азып-ачканына карабай аны кайра шылдыңдап жер жара каткырып жатса… Тобо, бу, адам дегениң анык сырын так айта алгыс сыйкыр зат экен го! Жеңилчү жерден жеңип, ыйлачу жерден каткырган…
Экөөнүн эрөөлү ошону менен биротоло тамам болду. Кайрылып беттешкен жок.
А чынында Эсенбек кегин кууп келген кексе карышкырдын акыркы, алсыз айбатына караганда, өзүнүн өлүм менен өмүрдүн мизинде зарлап күткөн эркиндикке акыры түбү аман жеткенине, демек, жеңишине жетиналбай сүйүнгөнүнөн, башынан кечирген ит чыдагыс кордуктардан арылганына эреркеп, кайрымсыз шынаадай жанга баткан ызасы ый аралаш жапайы күлкү менен жарылып чыккан болучу. Анын бардык тарткан азап-тозогу, сарсанаасы көкүрөк-жүрөгүн тээп, барс жарылчу чыйкандай чыңалып чыккан эле.
Аңгыча жер билир-билинбес гүүлдөп, улам жакындап келаткан машиненин доошу ачык угулду…
Алдыда кенен жол ачыла турган жапачыл жарыкчылыктан, андагы турку түрлүү адамдардан жатыга түшкөн экен Эсенбектин, негедир түпөйүл тартып жүрөксүп турду. Алда кандай болор экен алгы жашоом деген сарысанаа анын жандүйнөсүн чагылгандай чарпып өттү.

#30 15 June 2015 - 00:11
АВТОБУСТА
Жай саратаны анык күчүнө кирип, аптаптан адамдар гана эмес жер үстүндөгү жан аттуулардын бардыгы кургакта калган балыктай акактап, кайнаган Бишкекте эптеп эле баш катарга көлөкө издеп калган мезгил. Баш калаа албетте, жашыл шаар эмеспи, ошентсе да бардыгын бак көлөкөсүнө батыра албайт да. Анүстүнө бүтүндөй дүйнө калааларындай эле асфальт жол, цементтелген аянт, бийик үйлөрдөн урган уу ис аз келгенсип, кийинки кездери көчөгө батпай, жаны тынбаган кумурскалардай кыжылдап кеткен автолордун түтүнү саңырсып, адамды думуктурат. Алар аз келгенсип коңшу казак талааларынан келген ысык, кургак аба батыштан лапылдайт. Алардын улам соолуп бараткан Арал деңизинин туздары да шамаал менен учуп келип, мөңгүлөрүбүздүн эрүүсүн тездетип барат дешет, илимпоздор. Албетте, мөңгүлөрүбүз азайган сайын аба да ысып, сууларыбыз шор тартып, аба тазалачу өсүмдүктөр дүйнөсү куруп барат. Андайда жайы салкын, кышы жылуу кереметтүү Ысык-Көлдөн артык жер барбы?! Ак карлуу тоо чокуларынан, жайы-кышы жашыл арча, карагайлуу калың токойлорунан салкын аба жакага агылыптүшүп, чалкыган көк көлдүн муздак демине аралашып денең жыргап, өпкөң кенен дем алып эле жыргап калат. Не деген керемет, касиеттүү жер! Ошондой ысыкта бишкектиктер, деги эле түштүктүктөр гана эмес, бүтүндөй түндүк эли да албетте, жапатырмак көлгө түрүлө жөнөшөт. Көптүн бири катары мен да отпуска аларым менен Ысык-Көлүмө ысыктан качып баратам. Көлдө туулуп калганыма миң мертебе кудайга тобо кылып, дайыма төбөм көккө жете сыймыктанам. Ата-бабаларым эзелтен бери мекендеп келишкен экен, албетте, аларга да ырахмат. Көлгө көз арткандардан көкүрөк тосо коргоп да келишиптир, биздин ырыскыбызга. Азыркы агайын-туугандарым, улуу балам да көлдө жашайт. Көздөп баратканым да ошолор. Эми ал өзүнчө да, узак да кеп…
Тез толуп, эртерээк жетем го деген ой менен жаңы деп аталган чыгыш автобекеттин чоң, кенен автобусуна түшпөй, “Бишкек – Чолпон-Ата” деген жазуусу алдыңкы терезесине чапталган, домпойгон коңуздай, эл “бусик” деп атап алган микроавтобуска келгенимде ал чын эле жарым-жартылай толуп калган экен. Ага кирип, кап ортосундагы арыкчырай, ак, суюк чокчо сакалчан, тердесе да ак калпагын башынан түшүрбөй олтурган каадалуу абышканын жанындагы бош орундуктан орун алдым. Ал, кызыл жүздүү, ойноок көздүү аксакал менин башыман аягыма чейин көңүлү толбогонсуп сыдыра карап алды да, сыпаалык үчүн нары жылымыш этип:
— Аа, кел, кел иним, бирге жол кыскартып баралы,- деп койду, сыйда гана. Кеп-сөз билбеген, ысыктан башын ала качып бараткан шаардыктардын бири го деп ичи чыкпады көрүнөт, анысы суз көз карашынан сезилип калды. Мейлиң дедим ичимден, бара көрөбүз, кимдин сөз билги экендигин. Көлдүк карылардын санжырага, нускалуу кепке жакындыгын бала кезимден жакшы билет эмесминби. Ошондон аларга башынан жакынмын. Аны кайдан билмек.
Жайланыша олтуруп, жүргүнчүлөргө аста көз салганымча болбой бети-башы балтайган, жоон-жолпу, чекесинен тери буурчактанган сары аял бакылдай кирип келди.
— Айтып кой, келинге, мен барганча чайын белендеп койсун, өлүк-тиригиңди көрөйүн! Асан агаңа айттыңбы, мени тосуп ал деп? Ишине шылтоолоп эсине жара чыгып калбасын?- Аялдын жашы ашып кетсе элүүлөрдө эле. Бирок семиздигинен өз жашынан кыйла кары көрүнөт.
— Ооба, апа, кечээ да, бүгүн эртең менен да айткам… — артынан ээрчий кирген жыйырмалардагы кызбы, келинби элпек жооп кайтарды. Кыязы, кызы эле көрүнөт кабак-кашынын түспөлдөштүгүнө, саргыч өңүнө караганда.
— Дагы айткын! Силерди бекер тууптурмунбу, өлүк-тиригиңди көрөйүндөр десе. Тогузуңарды багам деп жүрүп өлмөй болдум… эми силер баккыла…- аял кызын каарып, бакылдай берди.
— Коюңузчу эми, элдин көзүнчө уят… — кызы аста үн каткан болду.
— Койбойм, этпейм, өлүкканаңды көрөйүн. Эл деп… элдин менде кандай иши бар экен?!
Автобустун ичи дароо ачыткы, арактын жытына толуп чыкты. Албетте, ал кирээри менен эле алкынып жаткан бу аял тараптан буркурап жатканы белгилүү. Энесинин карооздугунан уялган кызы көпчүлүктүн экөөнү жактырбай тигиле карап калганынан корунуп, көзүн алакачып, башы жерге кире уялып жатты. Эптеп эле энесинен кутулуп, тезирээк түшө качсам экен деген таризде ал:
— Тигине, артта бош орун бар экен, ошол жакка өтүңүз…-деди үнүн жута.
Аял автобуска кирген менен ичкери өтпөй турган болчу, капысынан эле зиркилдеп кетти:
— Отурбайм артына, силкилдеп, дене-боюм жанчылып калат! Ай келин, сен артка барып олтурчу! Бул жерге мен отурайын,- деп, алдыңкы орундуктагы отуздан ашып калган келинге буйра сүйлөдү.
Мындай оройлукту күтпөгөн ал таң кала тигини жалт карап алды да, тааныйбы-тааныбайбы белгисиз, үндөбөй эле элпек тура калып артка жыла жөнөдү. Айылдык келиндердин абийири ай, улууга тил кайырбаган. Атадан келаткан салт эмеспи. Же аңкылдаган тигиге тили өтпөстүгүн туйду бекен.
— Жолдо кусуп жибермейим бар эле… атайын алдыга олтурайын десе…- деп, келин өзүнчө күңкүлдөй жанымдан кейип өттү.
Автобустагылардын баары сары аялдын жөнү жок оройлугун, өзүмчүлдүгүн жактыра бербегени көрүнүп турду.
Ал болсо адатынан жанбастан:
— Өй, сумкелердин баарын салдыңбы? Шопурга жакшылап дайындадыңбы? — деп кызына опурулуп, анан,- Ой, шопур, унутуп калбайсыңбы, билем силерди, эптеп эле ар кимдин бирдемесин өөнөп калсак деп акыйып эле турасыңар,- деп кажылдап, ынатарлык жооп алгандан кийин,- бар эми, оокатыңды кыл, столбадай солдоюп тура бербей,- деп, дагы кызын жемелей кетти.

#31 15 June 2015 - 00:21
Мени менен эле жашташ сары катындын карооз, көржемелигине жиним келе, дердейген таноолуу, чекир көзүн көргүм келбей күрмөмдүн ички төш чөнтөгүнөн гезитимди алып чыгып, көз жүгүртө баштадым. Ал менин ачуум келгендеги адатым.
— Ушу катынга кор болгон кайран эркек! Күйөөсү кантип чыдап жүрдү экен… — деп кейип койду, коңшу аксакал ънън пас чыгарып. Тигил ажаан угуп калса шорумду катырат деп жалтайлаганы го. Жанатан кажанган катынды карай берип аны караманча эсимден чыгарып салган экемин. Анын өкүтүнө кошуларымды билгизе ага көз буруп, башымды чайкамыш эттим. — Тогуз баласынын баскан изинин топурагын өппөйбү, каргабай.- деди аксакал өзүнчө угулар-угулбас мурду алдынан күңкүлдөп,- бир балага жете албай армандап жүргөндөр канча…- Унчукпадым. Анын сөздөрүнүн түпкү сыры барлыгын боолгоп, кызыксам да жолдо сурап алармын дедим. — Аял деген азоо аттай, азыраак эле оозун бошотсоң алакачып кетет деп аталар бекер айтпаган экен. Мына, эркиндигин берип койду эле эл-журтту көзүнө илбей кетишти, минтип. Ыйман, ызаат дегенди такыр эле жыйыштырып салышты…- аксакал эми ачык эле, баарыга угуза тиги аялды каарып салды. Сөздүн төркүнү өзүнө айтылганын билген ал отурган жеринен бүт тулкусу менен очорула артка мойнун буруп, биз тарапты жутуп жиберчүдөй акшыя карап алды да унчукпай сөзүн жутту. Карыянын каадалуу сөөлөтүнөн улам сөз кайырганга батынбады көрүнөт. Болбосо мындай чалпоолугу менен чакчелекейди салып жиберери көрүнүп турат… Аңгычакты бусик толуп, ордунан козголо берди.
— Быссымылла, - абышка күбүрөндү.- Жол бере көр, Кудай.
Таңкы саат араң эле он болуп калса да ысык күчөп, дем алуу оорлой баштаган болучу. Асман чаңгылт, аптаптан ал да алсырап калгандай. Буюрса, үч-төрт саатта Чолпон-Атага жетип каламын, машинеси менен балам күтүп алат деген ойдо санаам тынчып, гезитимди окуп кирдим. Булактын суусундай тунук, төшөктөй жылуу, абасы салкын көлдүн жүргүнчүлөрдүн баарысынын көзүнөн учуп турганы белгилүү. Элибиздин бактысына жаралган экен да! Жердин түбүнөн бери издеп, суктанып келишет, биз болсо ал ырыскыбызды баалай албай… гезитимди тиктеген менен окубай, оюм бир жерге токтой албай жатты.
Көп өтпөй эле коркураган коңурук чыгып калды. Куйкам куруша түштү. Эзелтен коңурукту жек көрөм. Аскерде жүргөнүмдө эшиткен эле жерден дароо өтүк менен уруп калчу элем, кимиси болбосун. Эми канттим?.. Көрсө, жанагыл сары аял “наркы дүйнөгө кеткен” экен. Ысыкта арагы башына тээп, а-буга келтирбей дароо көтөрүп чапса керек. Элдин баары аны жактырбай, амалы түгөнгөндөй бирин-бири сыр билги карап, унчугушпады. Мен да амалым куруй жанымдагы абышкага суроолуу жүз бурдум. Ал да мага бурулуп:
— Андай акылсыздарга көңүл бурба. Андан көрө өзүбүзчө сөзгө алаксыйлык. - деп, жөн билгилигин көрсөттү,- Тетигил келин биздин айылда турат,- деп, менин сол жагымдагы орундукта, терезени ойлуу тиктеп бараткан сулуусымак келинге ээк кагып койду,- бала буюрбай эки эрден чыкты, байкуш.
Анын кебинин төркүнүнө дароо түшүндүм. Жанагы “бир балага жете албай армандап жүргөндөр канча” деген кебин улап жатканы да. Жана, мен кирип келип орун караштыра баштаганымда эле ал келин менен негедир көздөрүбүз чагылыша түшкөн да, ал дароо терезеге жүз буруп кеткен болучу. Анысына анчейин маани деле берген эмесмин. Эми ага улам уурдана көз сала баштадым. Келин чынында эле чырайлуу, бирок сабыры суз, өтө муңайым эле. Анысы эми белгилүү болду. Кейиштүү тагдырын угуп, аны аяп кеттим. Дагы да терезенин сыртындагы зыпылдап артта калып жаткан жашыл талааларды, алыста мунарыктаган тоолорду карап ойлуу, маанайы пас телмирет. Бишкектен жаңы чыгып, айлампа жол менен зымырап бараткан элек. Эмнеге ажарлуу аялдардын баары армандуу келишет? Тиги, сары катынга окшогон өңү да, жылдызы, акылы да жок гөрпенделерге бапыраган балдарды, камбыл, жакшы эрди да берип коёт? Бул менин көптөн берки баамым да, жоопсуз, түйшүктүү суроом да. Бири кем дүйнө деген ушулбу? Эмнеге кай бирлерге ай чырайды, акылды берет да турмушунан, татыктуу теңинен кем кылып коёт, Кудай? Аны дайыма көрөгөч, калыс дешет го? Калыстыгы кайсыл?..
Ай чырайлуу Ак-Мөөрдүн, Бүбүсара менен Таттыбүбүнүн арзыткан теңине жетишпей армандап өтүшкөнүн, көргөндүн көз жоосун алган жылдыздуу Бакен эженин карыганда кароосуз, бир канча күн моргдо сөөгү алынбай жатып калган азалуу тагдырларын өкүттүү эстеп, ойго туна түшкөн экемин:
— Ыя баатыр, эмне ойлонуп кеттиң, жол кыскартып барбайлыбы? - деген аксакалдын тааныш үнүнөн эсиме келе түштүм.
— А, жөн эле… өзүмчө…- деп койдум.

#32 15 June 2015 - 00:23
— Эс алганы баратасыңбы?
Кай жерлик болосуң?- деп, карыя тамырымды тарта баштады. Карылар дайыма ушинтип билгизбей сыр тартып, сөзгө алышат эмеспи.
Жөн-жайымды уккан соң:
— Бу шаарда иштейсиң го, кандай кызматтасың? - деп, сөз учугун үзгүсү келбеди.
— Ооба, Бишкекте иштеймин.- анан түшүнөбү, түшүнбөй калар бекен деп ыргылжың тарта түштүм да, түшүнбөсө кайра жакшы, мага жабышканын койсун деген ойдо,- Студенттерге саясаттан сабак беремин…- деп койдум.
— Саясат? Саясатты да окутабы?
— Ооба, ушундай илим бар. Кийин чыкты.- Мен убайлуу ойлорумдан али толук чыга албай маекти уланткым келбегендигин билгизе дагы кыска жооп узаттым.
— М-м, азыр баары эле саясатчы болуп кетишти. Же бири да элди эстебейт,- аксакал нааразы боло сүйлөндү,- Саясатчы дегениң алгач элди ойлоп, өлкөнү, элдин турмушун көтөрүшү керек эле го… Раззаков, Ибраимов, Масалиев сындуу таза падышалар чыгабы деги? Же ушинтип элди итке мингизип коюп эле куйрук түйүп кете беришеби? Андан кийинкилеринен да Атамбайыптан башка эл үчүн иштеп берейин деген бирөө чыкпады. Баары эле өз көмөчүнө күл тартышып, бири-бирин чукуп, ит жыгылыш, ызы-чуу…
Эмне демекмин. Бул ой, санаа мени да кыйнап келет. Жообун таппайм.
— Саясат дегениң элди, мамлекетти башкаруу, жакшы жолго салуу го. Эл болсо мына бул автобустай: жашы да, карысы да, эмчектеги баласы, мендей карысы да, сендей илимпоз, акылдуусу да, тигиндей кераяктары да,- деп, коңурукту кош тартып жаткан жанагыл сары аялга каш серпип койду,- түмөн-түркүнү болот. Ошолордун ар бирине күйүнүп, туура жолго баштап, жамандарын тартипке салып, жакшылыкка үндөп барчу чыгаан болуу керек. Ата-тегинен каны жакшысын тандаш керек, ансыз түк болбойт, өз элинен чыккан хан керек. Эли-жерин жанындай сүйгөн, күйүмдүү болушу керек. Мынабул эле биздин казактардын Назарбаевин карачы! Элин-жерин кандай көтөрүп салды! Кыйчалыш замандан аман-эсен, ызы-чуусуз алып чыгып, баарын байытып, жакшылыкка салып койду. Он жылда эле элде жок шаар салып, баарыга иш берип, алтургай кытай-кыргыздарды да ишине салып, балдарын илим-билимге окутуп, Каркыраны, көлдөгү пансионаттарыбызга чейин алып койду. Ататүрктү ал, өзүн да, осмон, селжук элин да жалпы түрктөрдүн атасы кылып көтөрүп койбодубу! ..
Абышканын сөзүн бөлүүгө дарманым жетпей дапдырай угуп олтура бердим. Тобо! Айылдык эле карапайым кары киши коом, мамлекет, лидер деген саясат илиминин биз нечен жылдап окуп жатып араң акыл тегереткен негиздерин жөпжөнөкөй, туптуура саймедиреп жатпайбы! Бу, тегин адам эмес, СССР кездеги райком же парторг, бери дегенде эле тарыхчы мугалим болсо керек деп ойлоп, с=зън б=л= кызыга сурадым.
— Аксакал, сиз жогорку билим алдыңыз беле? Кандай кызматтарда иштегенсиз?
— Эч кандай билим-силимим жок. Чоң кызматтарда да иштеген эмесмин. Жаштыгыбыз согуш маалында өтсө кайдагы окуу. Сегиз жылдык эле билимим бар,- деп мени сынай карады,- Турмуштун артынан жүрдүк, баарын турмуш үйрөттү. Болгон окуум ошол. Талаачылык эле иштерде иштедим.
Демек, көкүрөгү таза адам турбайбы. Бала кезимде тубаса акылман, табигатынан кеменгер кишилерди айылыбыздагы карылар ошентип коюшчу. Туптуура, таптак айтылган!
— Саясат дегениң ошондой. Же туура эмес айттымбы?- менин үндөбөй, ой тарта түшкөнүмөн аксакал жаңылып алдымбы дегенсип шекшине түштү.
— Жо-о, сиздики туура…
— Анда сен саясатчыларды жаман окутуп жатсаң керек?..- карыя ансыз да жүлжүк көздөрүн күлмүңдөтө тийиштик кыла чымчылай сурап калды. Бейкүнөө жерден беделиме сөз тийип жатканына намысым козголо түштү.
— Ким билсин… Бирок, азыркы саясатчыларды мен окуткан жокмун. М-м, кандай десем…- ишимдин ал ойлогондон кыйла татаал, нары олуттуу экендигин сездирип коёюн деген ниетте,- Мен саясаттын жаңы, тармагы болгон адам, улут, коом дегендер боюнча сабак беремин.- дедим.
— Ой, аның эмне? Саясат дейсиң, кайра туруп улут дейсиң… Биздин тил менен эле түшүндүрүп айтсаң боло?- аксакал дилгир көздөрүн кыбыңдата мен жакка копшоло бурулуп, кызыга кетти.

#33 15 June 2015 - 00:28
Балээ басты, бүтүндөй дүйнө окумуштууларынын түгөл башы ооруп, жандырмагын таппай келаткан маселени бу, айылдык абышкага кантип, кандайча түшүндүрмөкмүн.
Дайыма ушул, тилимдин азабын тартам да жүрөм. Айтпай эле койбой. Кыжалатка бата түштүм. Эми мынча болду айтпасам да болбойт.
— Мм-м, азыркы кезде дүйнөдөгү чоң, күчтүү мамлекеттердин кичине, экономикасы алсыз элдерди ажыдаардай соруп алуу коркунучу пайда болуп турат. Аны ааламдашуу- глобализация деп коёт. Миңдеген жылдардан бери келаткан мурдагы кубаттуу, көп, азыркы кезде саны аз болуп калган элдердин үрп-адаты, каада-салты, алтургай тили, тарыхы, маданияты бүт жоголуп кетчүдөй. Аларсыз эл да жок болот. Кыргыз тили да дүйнөдөгү жок болуп кетчү тилдердин тизмесине кирип калды. Өзүңүз билесиз, тили жоголсо эл да жок болот. Мындан жаман, мындан кайгылуу эмне бар? Ошондон улам азыр ал майда элдерди, анын арасында кыргыздарды кантип, кандай сактап калуу керек деген суроо мени кыйнап келатат. Азыркы кездеги чоң коркунуч ушул болуп турат,- деп, оюмдагыны колдон келишинче жөнөкөйлөнтүп, кыскартып айтып алдым.
Не дээр экен, сөзүмдү түшүндүбү же сиңире албай калды бекен деген ой менен аксакалга караганымча болбой ал:
— Ой, ушул элеби? Мен да алда кандай жалаңкыч, алааматы келип калды экен деп коркуп турса,- деп, компойсо болобу!- Кыргыздар эч кайда жоголуп кетпейт, коргоочу Манасы бар. Ал, ааламдашуу дегениңди кыргыздар небак эле баштап койгон,- Мен не дээримди билбей, таң калгандан оозум ачылып калды! Кебине түшүнсөм буюрбасын. Бу, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан каргашага кыпындай кыргыздын кандай тиешеси бар?! Же адаттагыдай кыргыздардын обу жок мактанычтарынын бириби? Менин суроолуу элтейгенимди көрүп, карыя мыйыгынан жылмайып,- Эмне, түшүнбөй жатасыңбы?- деди өзүнө маашырлана жамажайын жая күлүп. Не демекмин, сөз ката албай калдым,- Ой, Манас “Курама жыйнап журт кылдым” деп жатпайбы. Майда элдерди бириктирип эл кылганы ошол да.- Мына сага! Чын эле…- Кырк түрлүү элди айланасына бириктирип, кыргыз эли күчтөнүп жатпайбы. Кайра-кайра каганатын куруп, тиги эле Алтайдын нары жагынан бу Эдил дарыясына чейинки аябагандай чоң мамлекетин куруп. Жалгыз кыргыздар мынча жерди кантип чаап, ээликтемек? Кыргыз деген кырк өгүз урууларынан куралган эл деген сөз. Азыр эле арабызда не деген түркүн элдер бар? Кийин, жакында эле келип кошулганы канча?! Ошентип, күчтүүсү алсызын сен айткандай өзүнө сиңирип алып күчтөнөт. Ар замандан ошондой. Ал эми күчтөнүп, көп элди бириктириш үчүн акылман, бийлиги күчтүү кан керек. Антпесе кыпчак, уйгур, дунгандардай болуп, өз мамлекетин түзө албай, чачырап, башка калктарга сиңип, изи калбай калат. Дүйнөнүн жарымын чаап алып турушкан Зулкарнайнды, Чыңгызханды кара, алар алгач өз элин бириктирип, күчтөп, анан айланасындагы элдерди басып алып, көп элди чогултуп, күчтүү болушкан. Атүгүл Мукамбет пайгамбар да биринчи өзүнүн жакын урууларынын башын бириктирип, анан бардык араптарды, кийин бөлөк элдерди кылыч менен баш ийдирип, ынтымакка алып келген. Анан ар кошкон аларды баш ийдирип, башкарыш ъчън ислам динин кийирген. Адам дегениң бир нерседен коркуп турбаса болбойт. Ыркы бузулуп, бири-бири менен чабышып кетет…
Ой тобо! Мына сага, ааламдашуу! Бул процесс небактан бери эле болуп келаткан турбайбы! Эмне, андан коркуп кереги жокпу, анда? Курулай эле дүрбөп, кыжалат тартып жатканбызбы? Ал, эзелтеден болуп келген тарыхий жагдайга көзүбүз эми гана жаңы ачылып, мээбиз жетип жаткан окшобойбу. Же, ал баш оорутманы мурдатан болуп келгендей дагы бир кыйды саясатчы, же ушул шылтоо менен байыгысы келген дагы бир сүткор чыгара койгонбу. Ошондой болуусу да мүмкүн. Эмне деген ири саясатчы, илимпоздор баш оорутуп, жандырмагын таба албай жаткан алааматтуу башкатырманы айылдык эле бир абышка кебелип койбой чечмелеп, данектүү айтып жатпайбы. Болгондо да жөпжөнөкөй, турмуштун көзү, тили менен. Албетте, анын айткандары айныксыз эреже эмес дечи, бирок ошого негиздеп, жолдорун тереңдете изилдеп чыгып, көйгөйдү чечүүгө багыт алса болчудай. Турмуштун жөнөкөй чындыгынан ашкан чындык барбы!
— Ошол, сен айткандай күчтүү ажыдаарларга жем болуп кетпеш үчүн аз элдер өз дилин, каада-салтын, тилин – баарын күчтөшү керек. Анан түпкү тамыры бирге, өзүнө боору жакын, заманындагы күчтүү, чоң элдин айланасына биригүүлөрү керек. Ошондо гана майдалары аман калат. Антип, ынтымакка келишпесе алгач кичинелери, анан жалгыздап калган ортолору, бара-бара чоңдору да андан күчтүүлөргө жем болуп кете берет. Ал үчүн жанагы айтканымдай акылман, элине башын сайган журт башы керек. Кыйчалыш кырдаалдарда дал ошондой баатыр, чыгаандар чыгып, илгертеден калкын куткарып, көч улап келген. Илгерки үйсүндөр, сактар, андан кийинки Туран, Иран деген мамлекеттер, алардын элдери кайда? Башчыларынын чабалдыгынан таруудай чачырап, жок болуп кетишкен, — Аксакал не дээр экен дегенсип, саал токтоло калып мени тирмийе тиктеп калды. Менин дагы эле тил-ооздон калып олтурганымды көрүп, өзүнө маашырлана кебин улантты,- Жо-о, алар түп орду менен жок болуп кетишкен жок. Алар бизде, азыркы кыргыз, казак, хакас… түрк элдери дейсиңерби, парсыбы, ошолордун дилине, тилине ооп, чачырап, сиңип кетишкен. Эгерде кыргыздар, азыркы түрктөр, ошол эле моңгол, кытайлар кезинде өзүнө жакын элдерди бириктирип, күчтөнбөсө өздөрү небак эле жок болуп кетишмек. Бу, жер үстүндө түбөлүктүү эч нерсе жок, эл да, адам, мамлекет да түбөлүктүү болбойт. Ошону үчүн жалган дүйнө делет. Баары алмустактан тартып өзгөрүп, алмашып, жаңыланып турат. Куранда деле “Күнөөсү үчүн кесирлерди ойрондоп, күлүн чачып тараттык, жоголгондун ордуна жаңы муун жараттык” деп жатпайбы! ..

#34 15 June 2015 - 00:32
Мына сага! Мен армандап жүргөн нускалуу, кеменгер карыялар тукум курут болуп кетпептир!
Бар экен! Мындай, көкүрөгү көрөгөч, акылы тунук карыялар турганда элибиз жок болбойт… дегенден башка ой келбей аксакалдын коңур үнүнө, нускалуу кебине кулак төшөп, муюп бараттым…
Армандуу келин терезеден убайлуу көздөрүн албай телмирип, ажаан аял болсо коңуругун кош тарта бейкапар уктап жатты. Арткы орундуктагы кыргыз эле кыз-жигиттер орусча ырдап киришти. Баарыбыздын өмүр, тагдырыбыз колуна тапшырылган кер мурут айдоочу автобусту зымырылта айдап, бейиштей Ысык-Көлгө алып учуп баратат. Боомдун тар капчыгайына жакындап калдык. Анан эле кереметтүү көл… буюрса…
Армандуу келин терезеден убайлуу көздөрүн албай телмирип, ажаан аял болсо коңуругун кош тарта бейкапар уктап жатты. Арткы орундуктагы кыргыз эле кыз-жигиттер орусча ырдап киришти. Баарыбыздын өмүр, тагдырыбыз колуна тапшырылган кер мурут айдоочу автобусту зымырылта айдап, бейиштей Ысык-Көлгө алып учуп баратат. Боомдун тар капчыгайына жакындап калдык. Анан эле кереметтүү көл… буюрса…
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#35 15 June 2015 - 00:53
«Малкиши»
Ал отуздан ашкан өзү курдуулардан эч деле айырмаланбаган көптүн бири, өңү деле жугумсуз, пакене бойлуу, арыкчырай эркек сөрөй. Үндөбөй дулдуюп, башын жерге салып өзү менен өзү жүрө берет. Эч ким менен иши жок. Мейли атасыбы, кошуна, курбуларыбы — ага баары бир. Эч кимин көчөдөгү чоочун, бейтааныштардан жакын санабайт. Өзүнөн башка адамдар барбы, жокпу, өлүп атабы, жер астын-үстүн түшүп кыямат кайым келдиби — баары бир тең. Бирөөгө боор тартып, же жакын санап ийилип койбойт. Өзү болсо болду. Жарытып деле ойлонбойт, мээси бош, көңдөй. Чөнтөк телефонунун же плееринин сайгычын кулагына сайып алат да, керелден кечке, көчөдөбү, жумушунда же үйүндө болсун, жадагалса жатканда да анысын албайт. Ызы-чуулу, тажатма, чет элдин музыкасы кулагында жаңырганы жаңырган. Алардын эмне тууралуу зар какшап ырдап жатканын деле түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт, тилин билбесе балээни түшүнмөк эле. Тек, кулагы бош болбой, бир нерсени угуп турса болду. Ансыз өзүн эч элестете албайт. Тим эле ашынган баңгичидей. Бузулуп, андан саалга ажырады дегичекти жинди болуп кетет, кайсалактап, жинденип, кутурмасы кармап калат. Мындай көңдөй мээ, киши сөрөйлөр кийинки кездери көбөйдү. Көчөдө, окуу жайларда, автодо тургай өкмөт, парламентке чейин жайылып кетишти. Кенедей бир акыл жугузайын деп акыл-насаат сөз угуп, китеп окуп коюшпайт алар. Цивилизация менен техниканын тескери баратышынан жаралып калган мутанттарбы, же бүт дүйнөгө жайылып кеткен компьютер желесинин чымын-туткунубу, мындай, адамдык касиеттен куружалак, баш териси тескери капталган зомби-арбак кишилердин барган сайын саны артып барат. Илимий тилде компьютердик техниканын кулу деп жүрүшөт аларды. Ошол так көрүнөт.
Бу, бир нерсе менен алпурушкансыган Марлендин жарыткан иши деле жок. Сурагандарга техникмин деп коёт. Балээнин технигиби. Тээ, мектепти элдир-селдир бүткөнүндөн бери эзели китеп кармаган жок, атасы жетелеп барган “палитехке” өтпөй калып, үйүнүн жанындагы электр тармагынын райондук мекемесинде монтёрдун жардамчысы болуп жүрдү эки-үч жылдай. Болгон билими ошол. Андан каалгасында илинип турган жарыяны көрө калып областтык театрда жарык-технигинин жардамчысы болуп алган. Жанга тынч. Бары-жогуң менен эч кимдин анчейин иши жок. Ага ошол эле керек. Ким бирөө аны жемелеп, акыл-кеңеш айтып, мажбурлабаса болгону. Театрда кайсыл бир оюндар коюлганда сахнага ардемелерди ташышып, коюшуп, устаты жумшаган жакка барып, айтканын кың дебей аткарып коёт. Техниктин зарыл иши чыгып, же “башы ооруппу” ал ыраа көрсө оюн жүрүп жатканда жарыкты улам алмаштырып коюп күн өткөрөт. Болгону ошол. Ага иштин ыраа көрүлбөгөнү – сахнадагы оюндун маанисине жарыктын түсү шайкеш келеби, окуяга, каармандардын образына кошумча болобу, болбойбу, жарыкты каалаган учурунда шарактатып түсүн алмаштырып коё бергенинен улам. Кулагында өз кусаматы жаңырып жатса оюндун маани-маңызын кантип уксун. Иши эмне. Ошондон улам айла кеткенде гана ага кайрылышпаса, анын зыяндан башка пайдасы жок.
Атасы эмгек сиңирген геолог, ишбилги, кесиптештери арасында кадыр-барктуу адам. Тээ, сексенинчи жылдын башында бүт дүйнөгө коммунизмди орнотуу идеологиясына жандилинен берилген ал, туңгуч балалуу болгондо Маркс менен Лениндей акылман, жарды-жалчыларга күйүмдүү адам болсун деген тилек менен экөөнүн атынан Марлен атаган болчу. Жалгыз баласынын эми минтип, жан-жүрөгүндө ныпым оту жок, элге жат, тирүү өлүк болуп калат деп түк ойлогон эмес. Эс тартканынан эле көпчүлүктөн обочолонуп, бөлмөсүндө керелден кечке телевизор тиктеп жата берээринен аны буюрса чыгармачыл адам болот го деп көңүл жооткоткон. Түгөлбай же Айтматовдой чыгаан жазуучу, Алыкулдай акын, же Муратбек Рыскуловдой театрдын, не Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморовдой кинонун атактуу артисти, Айтиевдей сүрөтчү болуп кетсе жаманбы. Андай болсо эле жыргатпадыбы. Жок, ал үмүтү акталбады. Баласынын жалаң чет элдик музыка, шоу телеберүүлөрүн гана көрөрүн байкап, кабатыр тартып, кыргызчаларды көрүп, өз элиңин тилин, салтын билип, жакындасаң боло деп көрдү эле уулу:
— На чёрт они мне нужны, эти бараны…- деп салса болобу! Мындай түркөйлүктөн каны кайнап, туттугуп, элсиз эч бир адам болбоосун, кийин жалгыз калып, жолбун иттей каңгып, элден чыгарын, адам баласы үчүн андан ашкан трагедия жоктугун зар какшады эле, кулак кагып да койбоду уулу. Кийин деле ошол, акыл-насаатын эч жуутпады. Башка балдарчылап мектепте, кийин эс тартканында деле бирди-жарым теңтуш да күтпөдү, кыз жаңдаганды кой, ушул жашына чейин бир да бир ургаачы аттуу менен ымалашып, сүйлөшкөнүн көргөн жок. Бирин да жанына жуутпады. Эркектик касиетинен ажырап калганбы деп да шекшип, коркуп кетет кээде. Эми торпоктой немеден аны кантип сурамак. Сураган менен айтмак беле бу дейди. Оозуңду ошту карата оройлонору турган иш. Балким ушинтсем кичине болсо да ойлонор деген үмүт менен энең да зарлап жүрүп арманда кетти, мен минтип оорукчан болуп, эртелеп “пенсия-свалкага” чыгып калдым, көрөрүмөн көрүм жакын, келин алып келип, жок дегенде мени неберелүү кылсаң боло, элдин балдарындай деп да көрдү эле:
— Зачем плодить смертных? Ведь они всё равно помрут!- деп, ооз ачырган. Эй, келесоо, балалуу болуу деген – тукум улантуу, жаңы адамды жаратуу. Жашоонун мыйзамы ошондой, уланып турушу керек. Биздин ата-бабаларыбыздын, менин, өзүңдүн тукумуң үзүлүп калбайбы! Жер үстүндө тукум калтыруу ар бир адамдын, эркек болобу, аялбы – баарынын милдети… деп күйүнгөнгө да моюп койгон жок. Колун шилтеди да, тултуя коркутуп, эшикти карс жаап кете берди. Бир өзүнүкү туура ага. Ошону менен аталык арманы дагы да ырбап, күйбөгөн жери күл болуп, үмүтсүз кала берди. Кийин таалим-тарбия сөзүн да айтпай калды. Укпаса эмне, ушуга кор болгон кайран сөз! Тукуму курут болот экен! Кайдан, кантип ушундай мал болуп калды баласы? Ооба, мал. Анын басып-туруп жүргөнү эле болбосо, акыл-ой буюрбаган айдатма малдан эмне айырмасы бар. Эч кандай. Бул, керт башынан башканы ойлобогон, бирөөгө эч күйүмү жок, баарыга кайдыгер, курсагы эптеп тойгонуна шүгүрчүлүк кылып, күн өткөрүп, эмнеге жашап жүргөнүн, эртеге кандай өмүр кечирерин, адамзаты, дүйнөнү кой, өз эли менен эч иши жок, келечексиз… неменин малдан эмне айырмасы бар? Тобо, ушундай да макоо, көрпенде болобу? Ал кантип ушундай тоң акыл, жанотсуз болуп кайдан чыкты?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#36 15 June 2015 - 00:58
Баласы балакат кезинде апталап, айлап кеткен геологдук кесиби каскак болду бекен? Анда деле ага дайым ашыгып, көргөн күнү, алган тарбиясы кантип жатты экен деп санаа тартып, ашыгып келчү эле го. Күн санап турчу эмес беле, балама эптеп тезирээк жетсем экен деп. Жакшы эле бала бакчасына, мектебине чейин каттап, акыл-насаатын айтчу эле го? Же аялы Сакиштен кеттиби? Ал деле үстүнө үйрүлүп түшүп, көзгө басар жалгыз балам деп, мээротун төгүп турчу эле го. Ал да кетти байкуш, кыркка жетпей армандап. Тукумунан тура ал, аккан деген оорусу. Канчалык жандалбас кылып, дарыланганы менен күндөн күнгө сүлдөрү качып, көз көрүнөө солуп, көзүн жалдыраткан бойдон үзүлүп кете берди. Ошондо да алсыз колдору менен баласын бооруна ысык кысып, мойнунан, кежигесинен шуулдата жыттагылап,
кан-жанынан жаралган жалдызын кыйып кете албай, катуу кыйналды, ыраматылык.
Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине,
ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп… дилин жат кылып алышкан окшобойбу, өз элинен.
Бүгүн да Марлен ишинде илмейип, көрүнгөндү көлөкөдөй ээрчип, колгабыш кылып жүргөн. Кулагында баягы телефонунун сайгычы. Бир кезде анысын бирөө жулуп алганда жалгыз бактысынан ажырап калгандай жаны кашайып, жеп жиберчүдөй жалт караса маңдайында деректири туруптур.
— Ой, деги ушунуңду азга болсо да кулагыңдан алып, телефонуңду карап коюп турбайсыңбы, ыя?! Жанатан бери кошуналарың сага кайра-кайра чалып ала албай жатышат. Мен да…- деп, опулдап алды да кайра тез эле негедир аны аялуу карап, баштагысындай каарып-кууруп кубалап жиберген жок.- Мариш, келчи бери,- деп жумшак сүйлөп, жеңден тартып, каруудан ала жетелей четке чыгарып,- Сен эми жаш бала эмессиң… Кайрат кылгын, кудайдын жазганы экен, атаң кайтыш болуп калыптыр, сен албай койгонуңдан улам кошуналарың мага чалышты,- деди жумшак.- Бар, үйүңө бара бергин.
Марлен анын айткан сөздөрүнүн маанисин жетик түшүнгөн жок. Кайтыш деген сөздү мурда угуп-билбесе сөз төркүнүн кайдан билмек. Бирок, чоңунун айтканын аткармакка гана үйүнө илкий жөнөдү. Анан эмне кылмак. Баштыгынын сөзүн эки кылбай аткаруу керек да.
Марлен атасы экөө беш кабаттуу “хрущёвканын” экинчи кабатында турушчу. Ал, эки бөлмөлүү батирди атасына жаш адис, жаңы үйлөнгөн жубайлар катары тээ, алтымышынчы жылдары ишинен беришкен. Алардын болгон мүлкү ушул болчу. Үйүнүн эшиги алдында топурашкан жоон топ адамдарды көргөнү менен эч таназар алган жок. Кошуналары экен, чоочундары да жүрөт. Эки-үчтөн топтошуп турган алар Марлен жакындап келгенде ага жапырт тигилишип, жол бошото беришти. Ал, үндөбөй үңкүйүп үйүнө көтөрүлдү. Булардын эч кими менен эч качан саламдашып, сүйлөшчү эмес. Бу жолу да ошентти. Өңдөрү жылуу, бейтааныш кошуна аял-кесектер да тепкичке топурап туруп алышыптыр. Алар менен иши эмне.
Батиринин эшиги ачык экен. Жарданып турушкан кишилерди аралай өтүп ичкери кирсе диванда эски одеалын жамынып жаткан атасын үч-төрт эркек тегеректеп алышыптыр. Орундукта отуруп, солдоюп турушкан — баарынын сабыры суз. Атасына келишсе керек, ооруп жатпады беле. Марлен аларды аралап өтүп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кулагында музыкасы жаңырып тигилердин күбүр-шыбырын уккан-неткен жок. Ал, көнгөн адатынча телевизорду күйгүздү да, керебетине чалкасынын жата кетти. Ошондо гана ал ишине кетип жатканында атасынын алсыз:
— Мариш, бүгүн негедир жүрөгүм катуу лакылдап жатат. Скорый чакырып койчу,- дегени эске түштү.
Э-эй, ушинтип эле экилене бересиң деген кыязда ал атасын жактырбай:
— Единицам жок,- деп күңк эткен. Атасы ага элүү сомдук сунуп:
— Үйдөн чыгарың менен дароо чакырчы скорыйды, тезирээк. Унутуп калбагын дагы…- деген энтигип. Ал өтүнүчү такыр эсинен чыгып кеткен тура. Мейли, эртең деле чалып коёт скорыйына. Кудай алмак беле…
Бир маалда күбүр-шыбыр күчөп, кимдир бирөө үңүлдөп ыйлагандай болду. Анан эшик шарт ачылып:
— Оме-ей ай, бул акмактын жатканын кара! Ой, тур!- деген бетмаңдайдагы кошуна, чыңалган чаначтай семиз Эрмек кажылдай кирип келип карысынан булка тартты,- Эк, таштачы деги ушунуңду! - деп кулагындагы сайгычын жулуп алып ыргытып жиберди.
— Ты што?- Марлендин куйкасы курушуп, мушташа кетчүдөй тура калды,- Чё тебе надо?..
Эрмектин оозунан сөз түшүп, каракөк тарта жарылып кетчүдөй туттугуп, саалга көзүн алайта үнү буулуп калды да:
— Эй, суволуч! Ит! Атаң өлүп калды! Твой атец умер, панимаешь?! - деп, тигинин акылына жетпей жатабы, түшүнсүн дегендей орусчага чала сүйлөп жарылып кетти.
Марлендин оюнун баары алып ыргытылган сайгычта болуп, кантип аны тезинен ала коюп кайра кулагына сайып алуунун аракетинде болчу. Тигинин каскагына жаны чыга кашайып турган.
— Ну и што умер?!.- деди ал көзүн акшыйтып Эрмекке.- Я штоли виноват в этом?..
Эрмек, анын артынан баласына кайрат айталы деп башбагышкан кошуналары эмне дешерин билбей үнсүз мелтейип, дел болуп калышты. Марлендин кылыгы алардын акылына сыйбай турган болчу. “Тобо! Ушундай да макоо, мерес бала болобу?!”- деген ачуу ой баарынын дилинде мыктай кадалып, айран таң калып турушту.
— Өлдү… өлдү… ну и што? Мен эмне кылайын?..- Марлен үтүрөңдөп, тигилер түшүнсүн дегендей кыргызча чалып булдуруктап, сайгычын жерден алып кулагына сайды.
— Ой, бу… Тү-ү-ү ата! Акмак турбайбы анык!- адатынча алгач Эрмек күйүп кетти.- Эй, мен сага атаң өлүп калды деп жатам. Панимаешь ты это? Атец умер! Өлүк камылгасын көрбөйсүңбү! Көмбөйсүңбү атаңды!
— Чё? Как? Обязятельно мен штоли, көмөт?- Марлендин жаны да кашайды. Анын бейгам жашоосун, тынчын бузуп жатышса кантип жинденбесин. - Все набросились на меня, ###… как собаки…

#37 15 June 2015 - 01:07
Коңшулардын да чыдамы түгөнүп кетти белем, Эрмектин артындагы мурутчан, жашырагы жулунуп келип жатмаккабы,
же олтурмаккабы керебетине бурула берген Марленди артынан желкеге бир чапты:
— Ким блядь сага, ыя? Атаңды көмөлү деп сага жан тартып келген бизби? Акмак!
Марлен колдору менен башын ката олтура калды да.
— У-уу, суки…- деп, ылаажысы түгөнө ызалуу үңүлдөп ыйлап жиберди.
Ал атасынан айрылганына эмес, алсыздыгынан, мындай кордукту өмүрүндө биринчи жолу көрүп жатканынан жаны ачынып кетти. Ага ушунча жашка келгени эч кимдин колу тургай, сөзү тийген эмес болчу. Катуу шапалак тийген кежигеси аябай ачышып, көзүнөн от чагылыша түшкөн эле.
— Ай, кой, болду. Жөн! Акмакка теңелип… Мындан пайда жок экен. Такыр эле мал болуп калган турбайбы. Арбак үчүн өзүбүз ырасмибизди жасайлык,- деген Эрмек менен дагы бирөө ортого түшө калып, ызырынып жаткан тигини артка итерип, баарын сыртка чыгарып кетти.- Жакшы киши эле байкуш… атасын тартпай калган турбайбы бу макулук… мал!
— Өй, анан ушунуку жакшыбы?!. Аяп келсек, кайра бизди тилдеп…
— Тобо! Ушундай да болот экен ээ…
— Кыргыз болбой калган турбайбы!
— Ит!..
— Маңкурт!
— Мындай баланын барынан жогу…
Кобуранып, жаны кейиген көпчүлүк топурай чыгып кеткен соң жаны сеп ала түшкөн Марлен ачышкан желкесин кашыгылап бир азга турду да, жаны жай ала кайрадан керебетине сулай жата кетти.
Эл деген эл эмеспи. Кошуналар түп көтөрүлө колунан келгенине чуркап, жайын каздырып, акча чогултуп… маркумду эртеси эле эптеп көөмп коюшту. Аныгын ким билсин, балдар үйүндө өсүп, туугандарын тааныбай калганбы, же аларды табууга ниеттенип, чыгынган эмеспи, маркумдун жакын-туугандарынан бир да бири келишкен жок. Уулунун кылыгын угушкан көпчүлүк аны эстеп, жаназасына тургузуп, топурак салганга да чакырып коюшпады. Көргөн-уккандардын баары андан түңүлүп калышкан болучу. Андай малкиши арбактан айланып кетсин деп жерип коюшту.
Атасы каза болгондун эртеси эле Марлен күндөгүсүндөй таң эрте, маркумдун сөөгү чыга электе эле ишине кетип калган. Аны көргөн ишиндегилер жеткизишкенби, деректири дароо кабинетине чакырып алып:
— Марлен, эми болору болду, белиңди бекем буугун. Балким акчадан кыйналып тургандырсың. Ие, сага оор болду. Ме, театрда иштегендердин атынан сага жардамыбыз болсун,- деп, колуна конверт карматты.- Бар, бара гой, атаңды жайына тапшыр…
Сыртка чыгып, эптеп тамагын жасап койчу атасынын жоктугунан улам кечээтен бери наар албай, курсагы каңтарыла ачып турган эле, жакынкы ашканага ашыга жөнөдү. Жолдо баратып деректир берген конвертти ачса, бир топ көк, сары акчалар бар экен, кубанып кетти. “Буюрса бир топко чейин ач калбайт экемин, атасы өлгөн жакшы болот турбайбы” деп ойлоп койду…

#38 23 June 2015 - 02:31
Бакталаш
— Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап:
— Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү.
— Жанагы… тиги… ортодогу…
Небересинин чалды-куйду кебинен алда кандай жаман окуяны боолгогон Бектур китебин таштай карбаластап тура калып, өтүгүнө бут сала тарталаңдай сыртка умтулду.
Ошондой. Сырттан удаама-удаа чакылдап чабыла баштаган балтанын үнүн жанатан эле шооткондо бу неси болуп кетти экен деп кулак түрүп жаткан. Көрсө, коңшу Акмат эки короонун ортосунда эзелтен бери чек болуп турган куураган карт теректи күрсүлдөтө кыйып кириптир! Тим эле маашырлана эки билегин түрүнүп, көйнөкчөн болуп, шымаланып алган. Жалпайган калпагын артындагы алманын бутагына илип коюптур, каадалантып. Өзүнүн багын кыйып жаткансып дегеле шайдоот!
— Ой, ата-бабаңдын… бу, не кылып атканың?!- ага аттап-буттап ашыга жетип барган Бектур коңшусуна жете бербей эле мурду менен бир тийди. Тиги болсо ага көңүл буруп, карап да койгон жок. Кулагы катуу неме укпады көрүнөт. Анын үстүнө ушу тапта эшик алдындагы кан жолдон күүлдөгөн эки-үч жүк машина удаа өтүп бараткан болчу
— Эй, кыт кулак! Бу бакты эмне кыйып жатасың деп жатам?! Суроо-сопкуту жок…
Балтасын кере шилтеп, болгон күчүн үрөп жоон теректи күрсүлдөтө кыйып жаткан Акматтын көңүл да буруп койбогонуна туталанып кеткен Бектур күү менен барып аны ийинге катуу итерип жиберди. Тиги, балтасын дагы шилтемекке кериле берген неме байкоос түрткүдөн улам кыйшая жыгылып кетти. Иш алдында кере-кере жуткан жармадан бөрсөйгөн курсагы чулк этип, балтасы колдон ыргый, жерге күп кулады.
— О-уй, кокуй аалат! Өлтүрдү кокуй!!! — деген аялдын ач айкырыгы теребелди жаңырта коңшу короодон угулду.- Жеди эле жеди!.. Жеп салды, кокуй!..
Бул Акматтын катыны Зуура болчу. Семиз, көсөөдөй кара, ажаан. Айылда албууттук жагынан аны менен ат салыша турган катын жок. Азыр да этек-жеңин далбалактатып, айгай сала чаңкылдап, эркектерге жүгүрдү.
Күтүүсүз түрткүдөн көмөлөнгөн Акмат, эч нерсеге түшүнбөй бозала болуп, Бектурду жаалын чыгара карап, жаңы эле көк чыга баштаган карамык жерден дароо туруп кете албай буйдала түштү. Карылык да. Курсактуу да эмеспи. Капталдай жер таянып, ынтыкты. Элейип, өңү дароо кара-көк тарта чыңалып чыкты. Бет алдына капыс келе калып эле кекете бакылдап жаткан кошунасынын ыргыта түрткөнүнө жини шакардай кайнап, аны жеп ийчүдөй көзү менен элтең атып, турмакка умтула бергенде Бектур аны чыкыйга катуу нукуп:
— Ата-бабаңдын оозун гана… ой, бакты эмне кыйып жатасың дейм, ыя?! Бир ооз сурап койбойсуңбу ыя?! Ээсимин го мен!.. Тим эле өзүң тиккенсип… Токтот! Ата-бабаңдын гөрүн урайын…- деп, кайра артка кулатты.
Сакал-башы титиреп, мурдунан бери кызаңдай кыйкырып жаткан Бектурдун капилеттен жыга түрткөнү аз келгенсип, баладай чыкыйга чукуп кайра кулатканына жаны кашайып кетти Акматтын. Жан тарта жете келген аялынын колтуктан сүйөөсү менен ордунан ынтыга эптеп туруп, үстү-башын күбүнүп:
— Эмине керек сага?! Эрбеңдеген эчки сакалыңды… улуу деп сыйлап койсо тим эле… кыйын боло бересиңби?.. Эмне түртөсүң мени?..- деп, кол салып жиберчүдөй ызырынды.- Жөн койсо… тим эле,- томпоюп, демейде момурап жүрө берген немеден мындай айбат сөз тигиге эселей ачуу тийди.
— Оме-ей, ата-бабаңдын… кыз боозуп энесин коркутат… багымды кыйганы аз келгенсип… тилдеп… Эмне, болбосо мени жеп жибересиңби? .. Деле кой, муну…- деген Бектур сөзүн жута туттугуп, каны башына тебе кызыраңдай кетти. Демейде оор басырыктуу Бектур бир ачууланып алса артка кайтчулардан эмес эле. Өлгөндөн кайра тартпай калат. Ошону үчүн теңтуштары аны “кантужин” деп коюшчу.
— Ой, кокуй алат, аке, бул не жоругуңуз?.. - Акматтын аялы ортого кыпчыла кетти,- Өлтүрүп коё жаздабадаңызбы? .. Анчалык эмне чоң күнөө кылып жибердик биз?.. Сыйлап койсо…
Ызырынып алышкан эркектер Зуурага көңүл да бурушкан жок. Бектур Акматтан төрт-беш жашка кичүү, аталаш тууган да болуп кетишет. Аялдын аке деп жатканы ошондон улам.
— Ой, бу бакты эмне кыйып жатасың дейм?!.- Бектур Акматты сөөмөйү менен дагы чекеге нукумак болду эле, Акмат жалтанып, башын алакача берди. Солдойгон неменин учталган казыктай сөөмөйү бу жолу мерчемине жаза, чекеден өйдөрөөк, аялуу эмгегине сайыла ачуу тийгенден, Бектурдун жанына бата түшүп:
— И-ий, энеңди…- деп, сыздап жиберди. Демейде ооз учунан эле айтылып келген анын бу төл сөзү бул жолу жарага сайылган шибегедей ачуу тийди.
— Эмне дейт?! К-кудай аткыр!- Бектур ок тийгендей секирди!- Ушул сөзгө кантип оозуң барды ыя, с-сенин?! Энемдин колунан далай даам татып жүрүп чоңойдуң эле го, ыя, ата-бабаңдын? !.- Бектур Акматтын кежигесинен бүркүттөй чеңгелдеп, жерге итерип жиберди.
— Кокуй! Жеди!..- тигинин аялы дагы чырылдап, “ыңк” эте бүктүшүп калган күйөөсүнүн үстүнө үйрүлүп түшө калкалай чаңырып жиберди.- Эл-журт!.. О-ой, жардам кылгыла-а! .. Жеди эле жеди!
— Энеңди дейт, ой! Келес!.. У-у, энеден туулбаган айбан!
Акмат байкабай оозунан катуу жаңылып калганын эми туйду. Амалы куруй түштү. Кантип чыгып кетти, бул балакет сөз? Теңтуштарына, балдарына күнүгө эле жүз ирет айтып жүргөн бул ылакап сөзү эми минтип жаңылгандан жазгырып, кашайтпадыбы! Чынында эле чатакты дал ушул бир ооз сөз ырбатып жиберди.

#39 23 June 2015 - 02:33
Маркум энесине тил тийип, ачууга ууккан Бектур бүктүшүп калган чыканактай Акматты өпкө талаштыра тепмек болуп катуу бут шилтеди эле, артынан жете келген аялы аны булка тартып кетпегенде тиги жарылган топтой эле былч этмек. Анан эмне, эңгезердей эки кез, сөөктүү неменин буту да кырк беш болбосо да кырк төртүнчү болсо керек, суу, ысыктан какжырап калган колжойгон өтүгү дал тийсе оң таптырмак эмес. Кабыргалары ыдырап, сынбаса да соо калбайт болчу.
Бектурдун байбичеси оор басырыктуу киши эле. Абышкасын колтуктан тарта, үйүн көздөй сүйрөп жатты:
— Болду эми, абышка. Улуу-кичүүгө уят болбой… Көргөн эл эмне дейт…- Ызаланып алган абышкасы болмокпу, суюк сакалын эрбеңдете, аялына бой бербей жулунат:
— Анан ушунуку жөнбү ыя, багымды кыйганы аз келгенсип, энеңди деп… ата-бабаңды… Эй, токонаалат! Тийбегин бакка!..
— Кой абышка, келин-уулга уят… Эртең элге кеп болобуз…
— Ой, эмине эле бакылдашып жатасыңар, жанатан бери? Деги тынччылыкпы? - деген үндөн баары жалт карашса, көчө тоскон кашаанын нары жагында чүкөдөй, Токтомамбет чал аты үстүндө шоңшоюп олтуруптур. Чырдын кызуусу менен аны, кайда барса көлөкөдөй ээрчип жүрчү ширидей арык, сары ити экөөнү байкабай калышыптыр. Анысы небак эле элди жалтак аралап, өтүк, багалектерин жыттагылап жүргөн болчу. Чууну угуп кайрылышса керек.- Кыйкырышып эле жатасыңар көчөнү жаңыртып, деги анчалык мине балакет болуп кетти?..
Жалпайган, уктаганда да башынан түшпөгөн майлуу калпакчан, суюк сакал Токтомамбетти көрө салган Бектур ызасын укчу киши чыга калганына каниет тарта, арманын айтып кирди.
— Ой бу, жотосуз… менден бир ооз сурап койбой багымды кыйганы аз келгенсип, энемди кошо сөгүп… ата-бабаңдын оозун урайын десе… Сиз деле билесиз да, бу бакты атам тикпеди беле…согуштан келип…- бу жолу “ата-бабаңдын…” деп, демейде аягын жута айтчу каймана сөзүнө “оозун урайынын” кошуп айтты. Ачуусу чындап келген экен. Акмат бозоруп, тил кайырган жок. Аялы ажылдай кетти:
— Эк, коюңузчу аке, өз көзүм менен көрбөдүмбү, жулунуп келип эле көмөлөтө түрттүңүз… башы тиги ташка же бактын дүмүрүнө тийип жарылып калса эмне болмок… алдырганды жаздырган болуп бу, буталган бутакка өпкө-боорунан сайылып калсачы?!.
— Жарылбай, нетпей эле турбайбы, кудай албагыр… Иштебеген башты эмне кылат көтөрүп, жарылып калса болмок…
— М-м, ие, чеки иш болгон экен…- деди Токтомамбет тигилер басыла калган ара-чолодо. Ал, чолтойгон камчысын аласына кыпчый ат жалына өбөктөп, не деп чатакты жайгарарын билбей тургансыды. Эски актип эмеспи, эптеп бир нерсе деши керек. Кашайып, оозуна сөз келбей калса болобу!
Оолугуп алган Бектур болсо колдорун адатынча тарбалаңдата жаңсап:
— Оо, мен бала кезде, анда кашаа-машаа деген жок болчу кыргызда, ушул бак ортодо чек болсун деп атам тиккен, бу теректи. Айылдын баары билет. Эми бу энеден айлангыр, өзүнүкүнүкүнөн бетер кыйып жатпайбы аны!..- деп, дагы эле басылбай жатты.
— М-мен, арыкты чек экен деп… бери жагында тургандан эле…- Акматка тил бүтө, арачолодо күңк эткен болду.- Жөн эле айтпайсыңбы анан! Ыргыта түртпөй…- деп кызыраңдай кетти, Бектурдун сөз улантмак болуп келатканын байкай сала.
— Эй, бир эмес эки айтсам да укпай койбодуңбу, дың кулак! Анан эмне, бак кулап түшкөнчө карап тура берейинби? Ал арыкты да мен казгам, бактын нары жагынан казайын десем сенин сенейген атаң болбой койгон, чыканактай жерин ыраа көрбөй…- Бектурдун кемсинте айткан сөздөрү чучугуна жете түштү белем:
— Жетишет! Сенейген дебе, сенейип калгыр!- деген Акмат үтүрөңдөп, бетинин түгү түксүйө түштү.- Атамдын арбагына асылбагын! ..
Анын минтип тил тийгизгени андан эзели каяша укпаган Бектурдун жанын оготөтөн кашайтып жиберди.
— Ики ата-а, атачылын мунун, намыскөйлүгүн дегеле…- ал эми катынына болбой жулкуна кетти:- Ата-бабаңдын с-сенин!.. Сенейип кал дейт тура! Сенейгенди азыр сага көрсөтөйүн! ..

#40 23 June 2015 - 02:34
— Өзүң баштабадыңбы,
атамды…
— Сен дегенин кара мунун, бешигимди терметип жүргөнсүп… Котур болуп өлүп каларыңда мен жууп-тазалап, тоюнтуп аман алып калдым эле го, ыя, согуш кезинде? Алдыкы катыныңа коюмду союп, никеңди да мен кыйдырбадым беле, ыя, чычкак улагың жок кезде… Эсиңе жара чыгып, көзүңдү май басып калган экен, эми! Самтыр…
Ызы-чуу кайра башталды. Эки эркек бири-биринин сөзүн укпай кыйкырышып, небак көздөрү өтүп кетишкен ата-жотосуна чейин тил тийгизип, көрүнөн козгоп жиберишти. Ушул чеки иш болду. Мындайда кайсыл кыргыз баласы чыдап турмак! Кошуна ага-ини да колу жетсе бири-бирин баса калышчудай улунуп-жулунушуп, ортодо аялдары айгайлай аларды артка сүйрөп… Кызый-кызый кыздын койнуна кирет болуп сөздөн сөз чыгып, чатак такыр ырбап кетти. Эл чогула берди…
Демейде тил кайырбай момураган Акмат агасына:
— Тойдум ошол багыңа, өзүңө гроб жасап алгын, эн-неңди…- деп, бети ачылса, Бектур:
— Гуроп-муробуңду алдыкы абжеп аялыңа жасап бергин! Ал, бак башымдан садага!.. неңдурайын…- деп, ачуудан оозуна ээ боло албай “кантужини” кармап калды. Мурда келини болумуш этип, андан тартынып жүргөн Акматтын аялы да:
— И-ий, өлүк-тиригиңди көрөйүн, чирик шыргыйдай солдойгон… башыңа гана отура калайын десе… Абжептик кылганымды сен көрүп койдуң беле?!.- деп, уят-сыйыттан караманча кетти. Кой-койгула деген эле токтоо Бектурдун байбичеси болду. Ал, кайым айтышка аралашып, күйөөсүнө болушту дегиче эркектердин мушташып, аялдардын чачташмагы турулуу болчу. Ачуу эмнени гана кылбайт.
Кыйкырык- чууну угуп жете келишкен кошуналар, көчөдө баратып кайрыла калгандар болуп ончакты аял-эркек чогулуп калышты короого. Алгач, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып айгайлашкан ага-инилерди жандай келип, кой-ай демиш эткен менен ачуу сөздөр алардын да бүйүрүн козгоп, ар кими өз жакынсанаганына тартып, баары ажылдап жатышты.
— Ой, Зукеш, эмине болуп кетти? Кой эми…
— А-ми-ий, бетим, кантип оозу барды?..- деген Зууранын ниеттештери аны коштой чаап, Бектурга атырылып атака коюшту.
— С-сакалың өрттөңгүр…
— Абжип болуп калыптырбызбы ыя?!.
— Ой, эже, эриңизди кой дебейсизби…
Кимисин тыярын билбей калдыбы, же бараткан иши эсине түштүбү чатакты баса албасын сезген Токтомамбет аксакал камчысын катуу шилтей сооруга чаап, атын бастырып узай берди.
— Эй, Акмат, агаңды аттаганың эмне? Мындан башка кайсыл жарыткан жакының бар ыя, сенин?
— Неңдурайын, дың кулак! Жап оозуңду, болбосо…
— Анан Бектурдун кылганы жөнбү? Кой дебейсиңерби аны…
— Тур нары!..
— Эмне түртөсүң?!
— … түп жагын алба, чирик болот…- деп, кыйыла элек бакты бөлүштүрүп, кеңеш бергендер да чыкты.
— Ооба, түбүн жарганга сенин алың жетпейт, Акмат кичүү эмеспи…
— Ой, абайлап кыйбаса тетири жыгылып үйдү басып калса не болот…
— Кран менен үстүнөн көтөрүп туруш керек болчу…
— Кызыталак! ..
— С-солдойгон суволуч, баягыда короосуна кирип кеткен козумдун шыйрагын сындыра чапкан болчу! Эсиңдеби ошол?!.- бу, Бектурдан эки үй алыс кошунасы Качкын болчу. Өткөн ызасы эсине түшө калып, учурдан пайдаланып Бектурду демите ичтегисин эми айтып алды.
Аны наркы, ийри Акмат коштоп кетти:
— Былтыр суу талашып, баламдын кетменин жулуп алып ошо бойдон бербей койгон… Апкел!

Супер-Инфо
super.kg
видео