Мырзаларды жалган сүйлөтүүгө эмне түрткү болот?
Дүйнөдөгү аялзатынын басымдуу бөлүгүнүн жолдоштору бирге өмүр сүргөн убагында жок эле дегенде бир жолу жалган айткандыгын жолуктурса керек. Бир нерсени жаап- жашырып жалган айтууда бизди эптеп эле ишендириш үчүн ойго келбеген нерселерди айтып көндүрүүгө аракет жасашат. Бирок, эмне үчүн- деген суроо жаралат. Мырзаларды жалган сүйлөөгө кандай себеп түрткү болушу мүмкүн? Жообун чогуу издеп көрөлү.Албетте, айрым учурда айымдар деле көп нерсени өтө эле "кооздоп" жалган айткан учурубуз кездешпей койбойт.Мындай учурда көбүнесе жагымсыз жагдайды жаап- жашырууга аракет жасайбыз. Ал эми жалган айтуу менен айырмасы бар. Бирок, психолог адистеринин айтымдарында аялзатына караганда мырзалардын басымдуу бөлүгү көбүрөөк жалган сүйлөшөт экен жана ар дайым...... Досторуна, тааныштарына, туугандарына жана албетте биринчи кезекте жубайларына жалган айтышат. Бирок дайыма эле оңунан чыга бербейт. Себеби ар дайым жалган айтканды билишкени менен ишендирип жеткизе алышпайт. Эмне үчүн жалган сүйлөгөнгө көнүп алышкан?!. ...
Түшүнүксүз адамдай көрүнүүдөн коркот
Кээ бир мырзалар өзүнү бир күндүк өткөргөн убагындагы кабылган окуяларды айтуудан тартынат. Себеби, жубайы туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн же, өзүнүн кайсы бир жасаган иши үчүн башкалар үчүн түшүнүксүз адамдай сезилип калуусунан чочулашат. Андыктан анча- мынча жалгандарды кошуп коёт.
Өзөгүн ашкере "кооздоп" коёт
Кандай гана окуяга кабылбасын аны кайталап айтып берүүдө өзүн укмуш баатыр көрсөткүсү келген мырзалар окуянын өзөгүн ашкере "кооздоп" өзүнө ылайыктуу жагдайда айтып берет. Дээрлик 40-50 пайызы жалган маалыматтардан турушу ыктымал....
Мырзалар айымдарга мактоо айтканда жалган сүйлөшөт
Бир жагынан алып караганда мындай учурда чындыкты угуу айымдар үчүн жагымсыз көрүнүш. Себеби, "Оой сен толуп кеткенсиңби, бул көйнөгүң жакшы жарашпайт экен"- деп айтса көнүлүбүз ооруйт да. Андыктан мырзалар дагы ашыкча чыр- чатакка кабылып калбаш үчүн жакшы мактоо айтып жалган сүйлөөгө туура келет.
Эми кайрадан өзүңүзгө суроо берип көрүңүз, эмне үчүн жалган айтышат??? Жообу жеңил эле, анткени көпчүлүк учурда белгисиз кырдаалдан кантип чыгуунун жолун таппай калганда алдастап калп айтышат же жалган айтуу анын күнүмдүк жашоосунда кадимки адатка айланып калган. Ошондой эле ар дайым чөйрөсүндөгүлөрдүн көңүл борборунда болгусу келет.
Мырзаңыздын калп айтып жатканын кантип түшүнсө болот?
Негизи эле аялзаты табиятынан алтынчы туюмга ээ, андыктан жалган нерсени дароо эле сезет. Мындан сырткары, беттеги өзгөрүлгөн мимикалардын түшүнүгүн бир гана айымдар мыкты өздөштүрүшкөн. Демек, жолдошунун кайсы жерден баштап жалган айта баштаганын илгиртпей эле билип алышат. Маселен:
Сүйлөп жаткан учурда:
- Ирмелген көздөн
- Оор дем алуусунан
- Такалып- чакап калуусунан
- Тынчсызданган куру жөтөлүнөн жана кургак эриндеринен
- Анча- мынча тердеп кетүүсүнөн
Жаңсоолорунда:
- Колдорун максатсыз жана олдоксон шилтейт, алаканын сүртөт
- Манжаларын кырсылдатат, буттары менен жерди тепкилеп турат
- Тике кароодон жазганат
- Дээрлик бардык кыймылдары олдоксон болуп, ыңгайсыз, оор кийим кийип алгандай болот
Өз ара аракет:
- Жалган айтып жаткан учурда кокусунан эле сиздин сөзүңүздү сүйлөп, сиздикин туура дей баштайт
- Эптеп эле сүйлөшүудөн качуу үчүн, сизди башка сөзгө буруп алаксытуу үчүн аракет жасай баштайт
Албетте бул белгилер эң эле жөнөкөйлөрү болуп эсептелет. Эң эле өкүнүчтүүсү бул адаты ар дайым кайталана берет. Анткени мырзалар табиятынан ушундай экен да.....
Бирок, чындыгында бул макала мырзалардын кемчиликтерин ашкерелөө же айымдар үчүн билип алсын деген мааниде жазылган жок. Эң маанилүүсү жолдошуңуздун жалган сүйлөп жаткандыгын текшерип убара болбой, аны менен чыр- чатакка барбай айымдар алгач өздөрүнө байкоо салуулары зарыл. Балким, жалган айтууга сиз өзүңүз түрткү берип жүрөңүз? Мүмкүн чектен чыккан кызганчааксыз? Же, жолдошуңуз пикирин сыйлап, аны уга жана түшүнө билбейсиз? Андыктан ойлонуп көрүңүз. Жолдошуңуздун сизге жалган сүйлөөсү кайдан пайда пайда болду? Жообун өзүңүздөн издеңиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















