Суперстан: Пайдалуу кеңештер же элдик медицина. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.

#321 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Көк чайдын пайдасы
Сүрөт Көк чайдын пайдасы бар экендиги шексиз. Өзгөчө диеталык касиетке ээ. Гипертониялык ооруларга, боор ооруларына кабылгандарга сунушталат. Андан сырткары көк чайдын тазалоочу жөндөмү бар. Японияда атом бомбасынын курмандыктары нурдануунун таасиринен оңой чыгуу үчүн көк чай ичишет. Орто Азияда аны суусундукту кандыруу үчүн ичишет. Ошондой эле тамактын майларын жоготот. Америкалык жана япониялык изилдөөчүлөр белгилегендей чайдагы антиоксидант рак шишигинин өөрчүшүнө тоскоол болот. Көк чай кудуреттүүлүктү көтөргөндүктөн азыркы стресске толгон жашоодо эркектердин ичип турганы ашыкчалык кылбайт.

Эгер жаш балдардын тишине курт түшүүсүн каалабасаңыз тиштерин көк чайдын тунмасы менен тазалоого мажбурлаңыз. Анткени курамындагы фтор фирманын каражаттарына караганда алда канча таасирдүүрөөк. Эгер тунманы жутуп алса деле эч нерсе болбойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:06

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Cүлүк менен дарылоо
Сүрөт Гирудотерапия (сүлүк менен дарылоо) - бул көптөгөн ооруларды дарылоонун негизги ыкмасы.

Төмөндөгү ооруларда сүлүк колдонуу эӊ жакшы натыйжаларды берет:

Урология: заара каналына байланыштуу оорулардын бардыгында, гепатореналдык синдром, паранефрит, бөйрөктүн курч-сезгенүү оорусунда, өнөкөт пиелонефрит, бөйрөк кистозунда, гидронефроз, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги (почечная недостаточность), уретрит, парауретрит, табарсыктагы таштар, гидроуретер, цистит, парацистит, цисталгия, өнөкөт простатит, аденома, орхоэпидидимит, жумурткалардын гипотрофиясы, кавернит, эркектердеги тукумсуздук.

Гинекология : төрөттөн кийинки көйгөйлөр, жатын түтүкчөлөрүнүн, энелик жумуртканын эки тарабынын өнөкөт оорусу (хронический двусторонний сальпингоофрит), айыз абалынын туруксуздугу, жамбаш сөөктүн спайкасы, жатындын аденомиозу, жатын эрозиясы, фибромастопатия, жумурткалыктын кистасы (кисты яичников), жатын фибромасы, мастопатия, вульвовагинит, параметрит, эндометриоз, бартолинит, хламидиоз, аялдардын тукумсуздугун, кольпит.
Офтальмология : увеит, иридоциклит, глаукома жана көз көйгөйлөрү, көз эрозиясы, кератит.

Неврология : неврит, жамбаш сөөктөгү невралгия (невралгиии седалищного нерва), остеохондроз, мээге кан куюлуу, мээнин сезгенүүсү, мээдеги контузия.

Отоларингология : синусит, кулактын чурулдашы, угуу нервиндеги курч неврит.

Кардиология : кардиосклероз, инфаркттан кийинки абалда, гипертониялык ооруларда. Жүрөктүн ишемикалык оорусу, өнөкөт жүрөктүн жетишсиздиги (сердечная недостаточность), стенокардия, кан тамырдын варикозу, тромбофлебит, гипертония.

Дерматовенерология : псориаз, склеродерманию, трофикалык жаралар, экземада, кызыл чакалай (лишай), гениталдык герпес, папилломатоз.

Ооздогу оорулар: альвеолит, периостит, синдром стомалгия, гингивит, пародонтит, пародонтоз, гингивит, стоматит.
Тамак сиңирүү органдарындагы оорулар: гастрит, колит, холецистит, панкреатит, ашыкча салмак басуу, целлюлит.

Нерв системасындагы оорулар: неврит, менингит, мээнин чайкалуусу, инсульт, радикулит, полиневрит.

Мындан сырткары сүлүктүн жардамы менен дарылана турган оорулар: бөйрөк жетишсиздиги (почечная недостаточность), өттөгү таштын пайда болуусу. Полиартрит жана бардык муун оорулары, травма жана операциядан кийинки абалда, коллоиддик тырык, нейродермит, өнөкөт талыгуу синдрому, лимфостаз, мээни ишемикалык оорусунда, паркинсон оорусунда, уйку артериясындагы атеросклероздо, инсульттан кийинки абалда, калкан сымал без ооруларына, остеохондроз, өнөкөт пневмония жана бронхиалдык астма, гепатит, геморрой, пиелонефрит, бөйрөк кистасы, бөйрөктөгү таштардын пайда болуусу;

Гирудотерапиянын универсалдуулугунун сыры, эгер сүлүк денедеги дарттын чекитине туура коюлса, анын шилекейиндеги керектүү ферменттер ооруган мүчөгө тез таасир берет. Мындай пайдалуу ферменттер сүлүктүн шилекейинде 100дөн ашык. Сүлүк химиялык кошулмасыз фармацевтикалык чоӊ заводго окшош.

Мындан сырткары, сүлүк энергия берет. Ал өзүнөн биоэнергия чыгарат жана аны жабышкан денеге жаят. Мындан улам, адамдагы энергия берүүчү органды жана клеткаларды кайра калыбына келтирет. Т.а., энергия алмашууну камсыз кылат.

Сүлүк менен дарылоонун натыйжалары:

· Кан, лимфа жана клеткалардагы суюктуктардын циркуляциясын нормалдаштырат;

· Кандын, коюлануусу, мунун натыйжасында пайда болгон тромбдорду, денедеги оору, шишик, ишемияны кетирет;

· Артериалдык кан басымды нормалдаштырат;

· Кан айланууну жандандырат, ушундан улам жашоо үчүн зарыл болгон органдардын ишин жандандырат(баш жана мээни, жүрөк миокарддын, эндокриндик бездерди, ички органдарды, кармап-кыймылдатуучу мүчөлөрдү (тарамыш, сөөк жана тамыр сыяктуу);

· Тромбдорду, залалдуу шишикти (опухол) жана жараларды соруп алат;

· Иммунитетти көтөрөт;

· Кандын суюктугун нормалдаштырат жана кан айлынуу процесстерин (май, углевод, белок, туз ж.б.у.с.) туруктуу кылат;

· ЭКГ динамикасын, физиологиялык жана биохимиялык көрсөткүчтөрдү күчөтөт;

· Күчтүү рефлексогендик таасирге ээ, иглорефлексотерапиянын кызматын аткара алат;

· Организмдеги энергияны турукташтырат, маанайдын бир калыпта болушун камсыздайт.

· Көңүл чөгөттүктөн (стресс жана депрессиядан) арылтат;

· Жыныстык жөндөмдүүлүктү күчөтөт;

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:12

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Балыктын пайдасы
Сүрөт Деңиздин балыктары пайдалуубу же дарыянынбы?

Балыктын ден соолукка тийгизген пайдалуу таасирин баардыгыбыз эле баамдаганыбыз менен, кантип пайда келтирээрин көпчүлүк баамдай бербейт. Анан дагы деңиз балыгы пайдалууракпы же дарыябы? – деген суроо да көп жаралаары анык. Ошондуктан келгиле балыктардын биздин ден соолугубузга кам көргөн пайдалуу жактарын кененирээк билип алалы.

Деңиз балыгынын пайдасы

Деңиз балыгынын курамында адамдардын чың ден соолугу жана сулуулугу үчүн абдан пайдалуу жана муктаж болгон заттар омега-3 жана Q10 бар. Ошондуктан бул пайдалуу заттар тууралуу сөз кылганда баардыгыбыз балыкты эстеп, ага болгон табитибиз ачылып калат.

Пайдалуу заттардын касиети

Көптөгөн изилдөөлөр бул пайдалуу омега-3 жана Q10 заттарын үзгүлтүксүз колдонуу жүрөк кан-тамыр ооруларын азайтаарын далилдеп чыкты. Рационго деңиз балыктарын кошуп көптөгөн ооруларды: эс тутум, эс учун жоготуу (инфаркт жана инсульт) ооруларынын өөрчүп кетишине тоскоолдук көрсөтөт жана кан басымды көзөмөлдөп, бир калыпта кармап турат.

Балыктын майы

Балыктын майы канды суюлтуп, тромбдордун пайда болушуна жол бербейт. Ошондуктан аны жүрөк ооруларында эле эмес, кан тамыр (мисалы, варикоз оорусунда) ооруларында да азык катары колдонуш керек.

Мааниси жана бөлүнүшү

Балыктын майын: аз, орточо жана майлуу деп 3 топко бөлүп алсак болот.

Майы аз балыктарга төмөндөгүлөрдү киргизсек болот:

минтай

бычок

жерех

камбала

карась

макрорус

муз балыгы

лемонем

налим

сайда

судак

треска

хек

щука

Орточо майлуу балыктарга:

Горбуша

Зубатка

Карп

Кета

Муксун

Нерка

Деңиз окуну

Салака

Сом

Ставрида

Терпуг

Язь балыктары кирет.

Майлуу балыктарга:

Лосось

Нельма

Нототения

Осетр

Палтус

Сайра

Сардина

Севрюга

Сельдь

Тунец балыктары кирет.

Деңиз балыгынын майынын пайдасы

Деңиз балыгынын майынын курамында А, Е, Д витаминдери бар. Ал эми А жана Е витаминдери адамдын терисинин абалын жакшыртат жана аны онкологиялык оорулардан сактайт. Мындан сырткары көздүн жакшы көрүшү үчүн керек. Д витамини болсо сөөктөрдү чыңдап, күчтүү кылып кармап турат.

Балык этинин пайдасы

Балыктын эти организмде оор өздөшчү белоктордон арылган. Мисалы, балыктын белоктору орточо эсеп менен алганда 95% бат өздөшөт, ал эми башка эттердин белоктору 87% гана өздөшөт.

Балыктын эти организмде оор өздөшчү белоктордон арылган. Мисалы, балыктын белоктору орточо эсеп менен алганда организмде 95% өздөшсө, башка эттердики 87% гана өздөшөт.

Кандай учурда таасирлүү?

Балыкты качан кааласаңыз, ошондо жей бериңиз. Бирок аны кечки тамакта жеген абдан пайдалуу экенин эске тутуп алыңыз. Себеби, кечки тамак таттуу жана жеңил, зыянсыз болушу шарт. Ал эми мындай учурда балыктын эти эң сонун тандоо. Анткени ал ашказанда бат иштелип, организмге бат сиңет.

Маанилүү кислоталар

Балыктын эти алмашкыс жана табылгыс аминокислоталарга да бай. Бул кислоталар организмге азыктар менен бирге кирип турушу милдеттүү. Балыктын этиндеги көптөгөн пайдалуу кислоталарды атап өтсөк, алар:

аргинин,

валин,

гистидин,

изолейцин,

лейцин,

лизин,

метионин,

треонин,

триптофан,

фенилаланиндер.

Пайдасы

Деңиздин балыгы бул баалуу аминокислоталардан бөлөк йодго, фторго, жезге жан цинкке да бай. Алар тери жана сөөктөр үчүн керек.

Дарыя балыгы

Дарыя балыгы көп өлчөмдөгү майлуу кислоталары менен мактана албайт. Ошентсе да дарыя балыктарынын эти да организмде бат өздөшөт.

Балыктын эти фосфорго бай. Фосфор энергетикалык алмашууда катышат. Анын жетишсиздиги адамды алсыз кылып, маанайын чөктүрөт.

Уруктарынын пайдасы

Деңиз балыгынын уруктары (икрасы) темирге бай жана кан аздуулукта диеталык азык катары да сунушталат.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:16

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Кант диабети оорусу

    Сүрөт
Диабет менен дүйнө калкынын 2,5%ы ооруйт.

Ар кандай жаштагы адамда кезигип, узак убакытка созула турган оору. Диабеттин белгилери – такай суусайт, тамакка табити артат, заараны көп бөлүп чыгарат, алы кетип шалдырайт.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлүмгө алып баруучу оорулардын көпчүлүгүнө жол ачуучу оору болуп эсептелет.

40 жашка чейин жүрөк приступын башынан өткөргөн кишилердин 51%ында кандагы канттын жогору болушу аныкталган.

Органдарыбыз биз жеген азыктын көпчүлүгүн боордо кантка т.а. глюкозага айлантат.

Иштеп чыгарылган канттын бир бөлүгү боордо топтолот, бир бөлүгү канга аралашат. Карын астындагы без тарабынан иштеп чыгарыла турган инсулин гормону да канга аралашып кетет.

Кандагы кант инсулин менен бириккенде, карбонгидраттардын 3чү сиңирүүсү аяктаган болот.

Инсулин кантты организмдеги бардык клеткаларга ташыйт.

Инсулин клеткаларга сигнал берип, өзү алып келген кантты клеткалардын ичине алып кирүү үчүн уруксат сурайт. Клеткалар эшиктерди ачышат жана инсулин алып келген кант клеткаларга кирет. Клеткаларга кирген кант клеткалардагы энергия борборлоруна жөнөтүлөт. Энергия борборлорунда канттан организм кылышы керек болгон иштер үчүн энергия иштеп чыгарылат.

Мына ушул жерде карбонгидраттардын 4чү сиңирүүсү аяктаган болот.

Ошондой болгон соң, кант ооруусу карбонгидраттардын 3чү сиңирүүсүнүн жетишпестиги же жоктугу менен байланыштуу.

Диабет оорулары эки топко бөлүнөт:

1чи түрдөгү диабет инсулинге байланыштуу болгон диабет.

Ушул түрдөгү диабет ар 10 диабет менен ооруган бейтаптын бирөөсүндө кездешет, жаш маалда башталат жана карын астындагы без(уйку бези) аракетинин катуу бузулушу себептүү келип чыгат.

Мисалы, кээ бир эмдөөлөргө коргоочу (сактоочу) катары тимеросал, алюминий гидроксид жана формальдегид колдонулат. Мына ушул үч зат (тимеросал, алюминий гидроксид, формальдегид) карын асты безинде жайгашса, 1чи түрдөгү диабетке себеп болот.

Мындай бейтаптарда карын асты бези аз инсулин иштеп чыгарат, же тескерисинче таптакыр иштеп чыгарбайт.

Заманбап медицина мындай диабетти инсулин менен дарылайт. Бул түрдөгү диабеттин белгилери: тамакка табити артат, такай суусайт, заараны көп бөлүп чыгарат, тез арыктайт. Бул белгилер негизинен бир мезгилде көрүнө баштайт.

Биринчи түрдөгү диабетти дарылоо:

Инсулин эки жылдан аз колдонулган, аз болсо да организми инсулин иштеп чыгара алган бейтаптар т.а. 1-түрдөгү диабет менен ооруган кишилер ден соолугун чыңдай алуулары мүмкүн.

Бирок, көп жылдар бою инсулинге байланып калган кишилердин абалы ал даражада эмес. Бул абалда организмдин жылдар бою иштетип келген инсулинге байлангандыгы көйгөйү жүзөгө келет.

Биринчи кылына турган иш канды жалпысынан тазалоо, т.а. сүлүк менен 22 орундан кан алуу менен тазаланат.

Инсулинди азайтуу же инсулинден кутулуу үчүн алгач тамактануу тартипке салынат. Бышкан тамактардын ордуна жаңы чыккан жашылча-жемиштер, дарбыз жана мөмөлөр пайдаланышы керек. Бул таризде тамактанган кишилер инсулинге аз муктаждык сезишет. (“Оорулардын себептери”, “Тамак жана ичимдиктер” бөлүмдөрүнө караңыз).

Жаш бейтаптар боор, кан жана бөйрөктү тазалоо сыяктуу зарыл тазалоолорду ишке ашыргандан соң, өзүн ачка жүрүүгө үйрөтүүлөрү жана ушул таризде инсулиндин өлчөмүн азайтуулары керек. Ачтык мөөнөтү 8 сааттан баштап, оболу 12 саат, кийин болсо 24, 36, 48, 72 саатка чейин узартылуусу жана инсулинди аз диабет инсулинге айлантуулары керек.

Андан кийин ар аптада 1 күндүн жана ар хижрий айдын 13чү, 14чү, 15чи күндөрү 3 күндүк ач калуу процессин аткаруу жана муну жок дегенде 2 жыл улантуу керек.

Бул процессти аткара албаган бейтаптар белгиленген ачкалык күндөрүн тамак жебестен, мөмө-жемиш ширелерин ичип өткөрүүлөрү керек.

Жогоруда келтирилген дарылар бир убакыттын өзүндө тамак дагы боло алат. Ошондуктан, ар аптада мезгилге жараша тамак сыпатында жалаң ошол дарыларды гана кабыл кылуу чоң пайда келтирет.

Мындай бейтаптар бөйрөктүн жапа чегиши жана организминде туз топтолушунан сактануу үчүн чындыгында өмүр бою атпада 2 күндүк үзгүлтүксүз 36 сааттык ачка калуу процессин аткаруулары керек. Муну аткара алышпаса – аптада бир күн, аны да аткара алышпаса – аптанын эки күнүн мөмө-чөмө жана жашылча ширелерин ичип гана өткөрүүлөрү керек. Мөмө жана жашылчалардын ширелеринин тизмеси төмөндө келтирилген.

Сарымсак майы жана Далчын табигый инсулин болуп аны колдонуу синтетикалык инсулиндин колдонуусун ордуна эӊ жакшы алмаштырчу нерсе. Далчын бир күндө бир чай кашыктан ашпоосу керек.

2чи түрдөгү диабет инсулинге байланышы болбогон диабет.

Бул түрдөгү диабет негизинен балакат жашындагы адамдарда, салмактуу жана обезитке (семиздикке) кезиккен кишилерде учурайт. 10 диабет менен ооруган бейтаптын 9унда инсулинге байланыштуу болбогон диабет кезигет. Кийинчерээк гана бул түрдөгү диабет да инсулинге байланыштуу болгон диабетке айланышы мүмкүн.

Бул диабетте карын асты бези инсулин иштеп чыгарат, иштеп чыгарылган инсулин өлчөмүнүн өзүн жетиштүү болбойт же организм тарабынан жетиштүү даражада иштетилбейт.

Белгилери: тез-тез оорушу, теридеги кесиктердин жана жаралардын кыйынчылык менен айыгышы, заараны көп бөлүп чыгаруу, зааранын өңсүз жана көбүктү болушу, табиттин жакшырышы, такай суусоо, начар көрүү жана чоркоктук.

Аялдар кош бойлуу кезинде кандын көтөрүлүшү, 4 килограмм салмак чамасында төрөгөн аялдарда 2чи түрдөгү диабеттин бар экендигинен далалат кылат.

Экинчи түрдөгү диабет да эки группага бөлүнөт.

Биринчиси канттын тең салмаксыздыкынан башка нерсе эмес жана диабетик бейтаптардын көпчүлүгү мына ушул топко кирет.

Аралаш тамак жегендер, кошумча кошулмалары бар тамак жегендер, гидрогендештирилген майларды иштеткендер, тамактан кийин мөмө жеп, артынан суу ичкенден, тамакты аз чайнап, тез жегендер, көп кофе ичкендер алгач тамакты сиңире албастыкка жолугушат, кийин канттын тең салмаксыздыкына дуушар болушат.

Анткени, аралаш желген тамактарды аш кылуу үчүн зарыл болгон ферменттер бири-бирине аралашат. Бири-бирине каршы керген ферменттер тамакты аш кылуунун ордуна, бири-бирин жогото баштайт жана инсулинге болгон муктаждыкты арттырат.

Мындай абалда канда канттын үстөмдүгү инсулин аздыгы себептүү эмес, инсулинге болгон муктаждык артканы себептүү жүз берет.

Кээ бир учурда жөнөкөй тамактанууну тартипке салуу кант тең салмактуулугун пайда кылуу үчүн жетиштүү болууда. Бул түрдөгү бейтаптарда тамактануу тартиби оңдолот, ичегилер дарыланат, боор тазаланат, химиялык дарыны кабыл кылуу токтотулат, кан алдырылып, кант ашып кетпейт.

Оорунун тез жана жакшы өтүшү үчүн дарылануу эрежелерине амал кылуу керек.

2чи түрдөгү диабетик ооруларынын экинчи группасында:

Уйку бези табигый инсулинди өз өлчөмүндө иштеп чыгарууну улантат.

Инсулин кандагы кантты клеткалар менен тааныштырат жана ичкериге алып кирүүгө уруксат сурайт. Кээде клеткалар буга уруксат беришет, кантты ичкериге киргизишет, бирок, көбүнчө “жок” деп жооп беришип, эшиктерин ачпай коюшат.

Мындай учурда канттын клеткаларга кирүүсү азаят. Натыйжада кант канда калып кетип, канттын өлчөмү көтөрүлө баштайт.

Бул түрдөгү диабет, негизинен, 40 жаш айланасындагы кишилерде көп учурап, эми жаштар арасында да кеңири жайылууда.

Мындай диабетке жасалма таттуу даам берүүчү заттар өз ичине алган тамактарды жей турган жана ичимдиктерди иче турган кишилер, гени өзгөртүлгөн жүгөрү, күрүч жана буудай продукцияларын колдонгон кишилер көбүрөөк дуушар болушууда. Бул түрдөгү тамак жана ичимдиктердеги кант табигый болбогондуктан, клеткалар аны таанышпайт же ага душман сыпатында карашат.

Жасалма кантты клеткаларга киргизүүгө мурда колдонулган, чочкодон алынган табигый инсулиндин да күчү жетпейт. Заманбап медицина бул диабетти “инсулинге таянган, инсулинге муктаж диабет”, дейт жана мындай диабет менен ооруган бейтаптарга жасалма инсулин колдонот.

Жасалма инсулин жасалма кантты киргизбеген клеткалардын эшиктерин сындырып, жасалма кантты клеткалар ичине киргизет.

Жогоруда айтылгандай, клеткалар глюкозаны күйүүчү май катары иштетип, организмндин бардык муктаждыктары үчүн керек болгон энергияны иштеп чыгарышат.

Дүйнөдө инсулинге муктаж кант диабети менен ооруган бейтаптардын көпчүлүгү төмөндөгү топторго бөлүнүшөт:

GM продукциясын колдонуша турган америкалыктар;

Кан группасы “В” болгону себептүү GM жүгөрү продукцияларын сиңире албай турган, бирок, жүгөрү продукциясын көп өлчөмдө колдоно турган, келип чыгышы Африкадан болгон америкалыктар;

Өз мамлекеттеринде табигый тамактарды аз жеп, Европа жана Америкага келип, азыктануу адатын өзгөрткөн азиялыктар;

Жасалма даам берүүчү заттар кошулган даяр тамактар жана ичимдиктерди көп керектөөчү жаштар.

Дүйнө стандарттарына ылайык, 100 килограмм кумшекерге 2 килограмм шириндештирүүчү зат кошулушу мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда ушул убакта 100 килограм кумшекерге кошула турган шириндештирүүчү заттын көлөмү канча экенин анык көзөмөлү жок, массалык зыяндануу аябай түс алды. Негизи ушул эки пайыз дагы адам организми үчүн зыяндуу эсептелет

Америкадан келтириле турган GM жүгөрүлөрүнөн шириндештирүүчү зат иштеп чыга турган компания Түркиядагы бул көрсөткүчтү т.а. 15 килограммды аз деп эсептөөдө жана аны 45 килограммга жеткирмекчи. .!

Күндө Түркияда 486 миң тонна жамалса шириндештирүүчү иштеп чыгарылууда.

Түркияда кумшекерге кошула турган шириндештирүүчү заттын өлчөмү 15% даражасында кант диабет оорусу ушунчалык кеңири жайылган болсо, бул өлчөм 45%га чыкканда, оорунун жайылуу деңгээлин элестете аласыңарбы? ...

А Кыргызстанда болсо анык көзөмөл болбогондуктан, бул таттууларды жеген жаш балдарда да оор кант диабети катталууда.

2чи түрдөгү диабеттин дабасы

Тазаланчу орундун бардыгынан сүлүк коюп кан алынат.

Эртең менен саат 6-7 де бир стакан лимон же грейфрут ширеси суу менен аралаштырып, ичилет. 1-3 даана сарымсак жутулат.

Курсак ачканда 50 гр кызыл кызылча суусу + 150 гр шпинат суусунун аралашмасы же 150 гр портулак суусу + 50 пияз суусунун аралашмасы, же 150 гр шпинат суусу + 50 гр пияз суусу аралашмасын ичүү башталат жана бешимге чейин 2-4 стакан ичилет. Дайыма 1-3 даана сарымсак жутулат.

Ач калганда 1-5 даана сарымсак жутулуп, 30-50 гр таза зайтун майы + 30-50 гр лимон суусу ичилет.

Тамактан жарым же бир саат мурда 3 жана ачуу бадам 3 даана таттуу бадам менен желет.

Тамак (саат 16.00-17.00) – эт, балык же үй жумурткасы салат же жашылча тамагы менен бирге кабылданат. Тамак менен же тамактан кийин 1-5 даана сарымсак жутулат. Сарымсак ордуна пияз жесе да болот.

Кечинде (саат 21.00-22.00) – бир чай кашык чалкан уругуна же чалкандын өзүнө бирдей өлчөмдө седана жана жарым чай кашык занжабил кошулуп, суу менен ичилет.

4 апта ушул таризде тамактануу улантылат. 4 аптадан кийин чалкандын уругу жана жашылча сууларынын ордуна жазгы алча, кара өрүк, анжир жүзүм же дарбыз желет.

Ушул 4 апта ичинде ар дүйшөмбү жана ар бейшемби 1 күндүк ачкачылык кылынат Ар ачкалык күнү кан алдырылат.

Кан алдыруу (хижама) төмөндөгү тартипте ишке ашырылат:

Күрөк сөөктөрүнүн үстү жана арасы;

Баш;

Бел жана сегиз көчүк;

Тизелер;

Желкелер;

Кайрадан күрөк сөөктөрдүн үстү жана арасы.

Бул 4 аптанын аягында 3 күндүк ачкачылык кылынат.

3 күндүк ачкалыктан кийин 4чү күн мөмө ширесин ичип, боорду тазалоо ишке ашырылат. (“Боорду тазалоо” бөлүмүнө караңыз).

Боор тазалангандан бир атпа өткөн соң, бөйрөктү тазалоо ишке ашырылат жана бир апта кийин 3 күндүк ачкалык (орозо) 7 күндүк тыныгуулар менен 21 жолу кайталанат. Төмөндөгү берилген жайларга 3 аптада бир жолу 7 даана сүлүк коюлат:

Күрөк сөөктөрүнүн үстүнө жана күрөк сөөктөрү арасына;

Ануска;

Буттарга;

Сүлүктөр түшкөндөн кийин ошол орунга 1-3 жолу банка коюп, вакумдоо ылазым.

Бешинчи 3 күндүк орозодон кийин боор кайра тазаланат.

Мындан кийин өмүр бою тамактануу эрежелерине тескери түрдө тамактануудан сактануу керек жана ар дүйшөмбү 36 сааттык ачка калуу процесси улантылат.

Диабетти дарылоодо үзгүлтүксүз колдонула турган дарылар:

Ар күнү эртең менен 1-3 даана лимон ширеси ичилет же кабыгы менен бирге желет. Лимон ордуна грейфрут да болушу мүмкүн.

Өзгөчө, кыш айларында ар күнү 3-5 даана ачуу бадам, 3-9 даана ширин бадам менен биргеликте колдонулат. Мунун ордуна 2-4 апта күндө бир-эки жолу бир чай кашык жаңы майдаланган кара горчица уругун ач карынга суу менен жутуу да негизинен кан группасы “А” жана “АВ” болгондор үчүн өтө жакшы натыйжа бериши мүмкүн.

3-9 тилим сарымсак жутулат жана тамак менен кошо жесе да болот.

Жылда 1-2 жолу 40 күндүк курстар менен ар күнү эртең менен 1-2 аш кашык жаңы өнүп чыккан арпа желет.

Жаңы төө буурчакты иштетүү

Ар күнү эртең менен (жаз айларында) 100 гр сыгылган жаңы төө буурчак суусу 100 гр суу менен аралаштырат жана анын мезгили бүткөнгө чейин ач карынга ичилет.

Же: Жаңы төө буурчак тууралып, башка жашылча жемиштер менен, лимон суусу, зайтун же пияз менен аралаштырып, салат да жасалат. Бул салат нансыз желет.

Же: Тең өлчөмдө жаңы төө буурчак, салат-латук, бадыраң суулары аралаштырып, суу кошулат жана күндө 2-3 жолу ичилет.

Төмөндөгү мөмө жана жашылчалардын мезгилинде колдонуу уйку безин күчөтөт:

Кызыл кызылча суусу күндө 30 граммдан баштап, 300-400 граммга чейин көбөйтүлөт. 30 күндүк курстарда жана курстар арасында кыска тыныгуулар менен күндө 3 жолу 100-150 граммдан ичилет. Кызыл кызылча суусун ичпей тургандар “Орозо кармай албай тургандар үчүн мөмө жана жашылча сууларынын тизмесиндеги аралашмалардан бирин ичүүлөрү мүмкүн”.

Кычкыл анар ширеси ичилет жана кычкыл анар уруктары менен бирге желет.

Кычкыл алма мезгили бүткөнгө чейин кабыгы жана уруктары менен бирге желет же анын ширеси ичилет. Мезгилинде кара өрүк жеш да өтө пайдалуу.

Дарбыз мезгилинде көп дарбыз жегендер көп пайда көрүшкөнүн жана диабет оорулары үчүн дарбыздан жакшыраак дары жоктугун айтышат. Болгону дарбызды уруктары (данектери) менен жеш зарылдыгын унутпоо жана дарбыздын гени өзгөртүлбөгөнүнө көңүл буруу зарыл.

Булар канды тазалоо, уйку безди кубаттоо жана кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштыруу менен биргеликте бөйрөк жана табарсыктагы туз о.э. таш пайда болушунун алдын алат.

Жаңы сыгылган пияз суусунун колдонулушу:

Күнүнө кечинде орточо көк пияз сыгылып, суусу ач карынга инсулин ордуна ичилет. Жаңы пияз жана көк пияз тамактар менен бирге желет.

Же: Көк пияз суусу 150-200 гр кызыл кызылча суусу менен аралаштырып ичилет.

Кандагы канттын өлчөмүн көзөмөлдөөчү (кармап туруучу) чайлар:

Бир өлчөм жаңы зайтун жалбырагы эзилет. Бул эзилген жалбырак суу менен аралаштырып, 15 мүнөт тындыргандан кийин сүзүлүп, ууртап ичилет.

Бир аш кашык жаңгак жалбырагы бир стакан кайнаган сууда 15 мүнөт демделип, сүзүлөт жана күн бою ууртап ичилет.

40 даана жаңгактын ич бөлүгүндө боло турган челкабыктар бир стакан кайнаган суу куюп, 15 мүнөт демделет. Ал эки саат тындыргандан кийин сүзүп алынат. Күнүнө үч жолу бир аш кашык ичилет. кышында чалган кошуп колдонулат.

Бүлдүркөн жалбырагы демделип, чай ордуна ичилет же күнүнө 2-3 жолу бир чай кашык эзилген бүлдүркөн жалбырагы желет.

Күнүнө 100-150 гр чалган суусун ичүү, бир чай кашык чалкан уругун жеш, чалкан чайын ичүү, кургатылган чалканды тамак же салат үстүнө сээп жеш, анын мезгили убагында дайыма колдонуу жана бака жалбырак сыгып, суусун ичүү жана уругун жеш канды тазалайт, иммунитет системасын жана ашказан асты безин кубаттайт, кандагы кант өлчөмүн нормалдаштырат.


Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:21

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Эпилепсия (Талма)
Сүрөт
Инсан мээсинде миллиардтаган клеткалар бар. Организмдин бардык кыймыл-аракетин бул клеткалар башкарат. Клеткалар бири-бирине жеңил электромагнетик сыяктуу сигналдарды жиберишет.Эпилепсия оорусунда клеткалардын кээ бирлери анормал өлчөмдө энергия толкунун чыгарышат жана тегерек четиндеги клеткаларды таасир астына алып, түрдүү типтеги приступтарга себеп болот.Эпилепсия талмалары түрдүү болот: күтүүсүздөн жерден кабатырлануу, коркуу, кайдыгерлик, өз-өзүнөн сүйлөө, кыйкыруу же кусуу, кыска мөөнөткө эсинен тануу сыяктуу жөнөкөй приступтардан, эсин жоготуу, кол жана буттардын тартышышы, ооздон көбүк келиши жана заара чыгышы мүмкүн.Эпилепсияга алып баруучу кээ бир себептер:Мээнин, төрөлгөндөн кийинки калыптануусунун артыкчылыктары; Мээде чоңоюп кеткен тамырларды кысып кан айлануусу жана электромагнетик толкунун бузган шишиктер;Мээ операциясынан кийин пайда болгон кан айлануусу жана электромагнетик толкундарын бузулушу.Мээ тамырларына кан келишин тоскон тосуктар жана ичкелениши. Тамактануу тартибинин бузулушу, сиңире албастык жана ашказан оорулары себептүү пайда болгон тыгылуулар жана балалыкта жол берилген конвулсиялар. Өт, боор, көк боор, заара чыгаруучу каналдар жана аш казан оорулары эпилепсия талмаларын козгоочу эсептелет. (“Конвулсиялар” бөлүмүн караңыз.)Дарылоо: Эпилепсияны жалпы дарылоо “Конвулсиялар”ды дарылоо менен окшош. Кеңеш сыпатында 3 күндүк ачкалык процессинен кийин, 1ай өткөн соң, 10 күндүк ач калуу процесси башталат. Кээ бир учурда 10 күндүк ачкалыкты бир нече жолу кайталоо керек.Эпилепсияны дарылоодо өсүмдүк дарылары:Бака жалбырак (Plant ago lanceolata): Жыл сайын жаз мезгилинде жаңы жалбырактары тамакка кошулат. Кышында ар күнү 1чай кашык майдаланган кургак бака жалбырак 40 күн бою суу менен ичилет.Чырмоок (custuno epithimum): күнүгө 7-14 грамм чырмоок чөбүн, лаванда жана бал шербети менен ичилет. Бул процесс 4айда бир жолу 2апталык курстар катары аткарылат.Кашнич чөбү (уругу да жарай берет): тамак менен бирге желсе, сиңирүүдө азыктардын бузулушу натыйжасында чыккан жана эпилепсия кризисине себеп болгон токсиндерди нейтралдаштырат. Прополис (бал желимин): чайнаса, мээден токсиндерди чыгарып, талмалардын алдын алат.Деңиз пиязы арал пиязы (Urgenia maritima): Бир даана деңиз пиязын майдалап тууралат жана 500гр суу менен пас отто 3мүнөт кайнатылат. Муздагандан кийин сүзүлөт жана күнүгө 50граммдан ууртап-ууртап ичилет. Ар 10 күндө бир жаңы порция даярдалып 41 күн ичилет. Же:Төрт даана деңиз пиязы майдалап тууралат, бир литр табигый сиркеде 21 күн туруп, андан соң сүзүлөт. 41күн бул сиркеден күнүгө 30граммдан ичилсе, эпилепсия оорусуна жардам берет. Инша Аллах!!! Ичүүгө да мурунга тартууга да боло турган өсүмдүк дарылары
Тоотерак, Ансол: уруктары жана пахталары майдаланып эленет жана 30 күн мурунга тартылат. Ушул учурда даяр болгон масса күнүгө бир чай кашык суу менен ичилет. Мындан сырткары, дарак сагызы сууда эритилип же майдаланып мурунга тартылат;Кардамон: Майдаланып эленет жана мурунга тартылат;Прополис- зверобой суви: Прополис, чай чөп (зверобой) суусу менен эритилип мурунга тартылат;Ливан кедри: жаңы сагызы сууда эритилип мурунга тартылат. Мөмөлөрү же жалбырактары майдаланып күнүгө 1чай кашыктан жутулат;Асафетида (Ferula assa-foetida): кургак сагызы майдаланып талканы мурунга тартылат же 1/3 чай кашык суу менен ичилет же эритилип, суу менен ичилет же эритилип башка сүртүлөт;Сигиркуйрук (Verbascum): мөмөлөру же жалбырактары сыгып мурунга тартылат;Зверебой (чай чөп) (Origanum maiorana): Суусу мурунга тартылат же жалбырактарын майда күкүн кылып этре менен жана кечинде 1/3чай кашыктан ичилет.Дарак козукарыны (Poluporus officilis): Жаңы козукарын суусу мурунга тартылат же кургатылган козукарын 2апта бою күнүгө 1чай кашык эрте менен жана кечинде суу менен ичилет. Ак жана оңой майдаланган козукарын алардын арасынан эң жакшысы эсептелет.
(Chelitlonium majus): суусу мурунга тартылса же мурундун ичин аны менен сүйкөсө, мээде топтолгон калдыктар кою абалда ага баштайт. Бул көрсөтмө бир айда бир же эки жолу колдонулат. Төмөндө айтылган ачуу коон суусу менен дарылануу бир жылда бир жолу аткарылат. ¾ ачуу коон суусу -1/4 суу же сүт аралаштырып, мурундун ичине терең тартылат. 3-4 көз ирмемден кийин мурунду кагып алат. 2-4 саат өткөн соң чүчкүрүү жана катуу мурун агышы башталат. Мурун агуусу 1-2 күн уланышы мүмкүн.Бир апта өтүп:1/3 ачуу коон суусу, 2/3 зайтун майы менен аралаштырып, бадам сымал бездерге сүйкөлөт. Бул синустардан жана мээдеги шамалдашты жана чимкириктерди түшүрөт. Дагы бир апта өтүп:2 кашык майдаланган, чалкан уругу, 1кашык майдаланган хильба уругу, 3кашык жаңы сыгылган жана сүзүлгөн ачуу коон суусу же 5 кашык ачуу коон жалбырагынын суусу, 200гр бал менен жакшылап аралаштырып, күндө 3маал 1чай кашыктан ичилет. Какырыкты түшүрөт, өпкө, боор жана бөйрөктү тазалайт.Эпилепсияны дарылоодо колдонулуучу жаныбарлардан алынган дарылар:Ташбака өтү мурунга тартылат;Жапайы коёндун эти кургатылып, ашказаны сирке менен ичилет; коёндун өтү мурунга тартылат (өзгөчө кан группасы “В” жана “АВ” болгондор үчүн);Кекилик өтү мурунга тартылат, кургатылган жана жаңы майдаланган кекилик боору күнүгө 1чай кашык суу менен ичилет.Эшек боору куурулуп желет. (өзгөчө кан группасы “О” жана “В” болгондор). Же туяктары куйкаланып, анын күлү эрте менен жана кечинде 1 чай кашыктан жутулат. (бул кан группасы “А” жана “АВ” болгондор үчүн);Кургатылган төөнүн мээси эзилип, эрте менен жана кечинде 1чай кашыктан ичилет. (Музоо, козу, кой, төөнүн балдарынын ашказанынын ич ткандары бөлүгү) кургатылат жана күнүгө жаңы майдаланып 1чай кашыктан суу менен ичилет.Жыйынтык: Баш териси кычышканда, жара чыкса, чүчкүрүүдө, көз жаш акканда, мурун акканда, кулактан суу же ириң акканда, кулактар артына жара чыкса жана ушул сыяктуу жагдайларда мээ өзүн тазалайт.Ошол себептен, чүчкүрүүнү жана мурун агышын көбөйтүүчү дарыларды тамакка жана бадам сымал бездерге сүйкөө, тарак иштетүү керек жана тарактын таза жыгачтан болуусу шарт. Эпилепсия курсунда баш терисине сүйкөлүүчү дарылар менен бирге баш мижазы түзөлөт. Ашказан, боор жана бөйрөктөрдүн жакшы иштешин камсыздап, бузулушуна себеп болушу мүмкүн болгон токсик зат иштелип чыгарылышына тоскоол болот.Хижама (кан алдыруу), сүлүк жана банка коюу менен токсик зат жана тыгылуулар сыртка чыгат. Зыйнат сымал көрүнгөн ай ташын (хажар ал-қамар, селенит) тагынуу, жылуу суу менен киринүү, жылуу суу ичүү, көп жүрүү, буттардын массаж алышы селкинчек тебүү, чүчкүрүү жана баштын кычышуусу, кан алдыруу, сүлүк коюу, баш терисине зайтун майын сүйкөө жана чачты бат-баттан тарап туруу эпилепсия талмаларын азайтат.Муздак суу ичүү жана муздак суу менен киринүү, күнгө же жарыгы күчтүү чыракка кароо, катуу шамалда калып кетүү, тез жүргөн жана үстү ачык автомобилде болуу, күн чыгып же батып жатканда уктоо, уйкудан мурда жеп-ичүү, тамактан кийин мөмө жеш, аралаш, аз чайноо ич катышы, химиялык дарыларды жана химиялык кошумчалуу заттарды колдонуу эпилепсия талмаларын көбөйтөт.Эпилепсияда колдонулуп жаткан дарылардын кошумча(побочный) таасири Эмедур паркинсонизм, унутчаактык, конвулсиялар, алсыздык, жогору сезимталдык, кыра көрүү, кабылдоонун начарлашы, кординация бузулушу, ооз кургашы, баш оорусу.Конвилекс боор функцияларынын бузулушу, баш оорусу, тең салмактуулукту жоготуу, чач төгүлүшү, тери реакциялари, локопения, тромцитопения, канда канттын жогорулашы, көрүү жана кан куюлушундагы бузулуулар. Көргөнүбүздөй эле, айтылгандар “эпилепсия”да колдонулган дарылардын болгону бир тараптуу таасири эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:45

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Кантип дем алуу керек?
Сүрөт Адамдын бул дүйнөдө алган алгачкы деми – жашоону башталышы, ал эми акыркы деми болсо – түгөнүшү. Бул эки демдин ортосунда алынган ар бир дем өтө маанилүү.

Дем алууну кубаныч-кайгы, шайырдык-ойчулдук, коркоктук-баатырлык, сыяктуу сезимдерге тарбия жагынан таасири бар.

Дене табигый дем алуу жардамында табигый сезим, табигый түшүнүк, табигый кубат жана мүчөлөрүнүн ден-соолугун коргойт. Себеби, дем алуу дене клеткаларынын кислород, суу о.э. азык сыяктуу заттар менен айкалышуусун камсыздайт.

Бул факторлордун баарын эсепке алган абалда дем алуу ден соолукту жана пикирлерди азыктандыра турган кубат болуп эсептелет деп айта алабыз.

Дени сак бала демди чыгаруу менен бир убакта ыйлай алат, дем чыгарып жатып сүйлөшө алат. Бул табигый дем алуу жана сүйлөшүү таризи, ал өмүр бою ушундай калышы керек.

Табигый дем алып чыгарган кишиде боорлордун бардык сегменттери дем алуу процессине катышат жана бул абал диафрагманы күчтүү таризде аракеттендирет. Диафрагманын аракеттери менен көкүрөк жана карын мүчөлөрү массаж алат, кан айланышы оңойлошот, мүчөлөр күчтүү жана таза абалда болот. Диафрагма маанилүүлүгү жагынан “экинчи жүрөк” деп да аталат.

Адам көп, бат-бат жана аралаш жеш, тамеки тартуу, стулда отуруу акыбетинде жана картая баштаганда, диафрагма катуулашат жана дем алып-чыгаруу тең-салмактуулугу бузулат. Табигый болбогон, жакшы чайналбаган жана аралаш желген тамактан чыккан газ курсакты шиширет, мунун натыйжасында диафрагма кабырга сөөктөрүнүн түбүндө же ашказандын астында аракетсиз калып кетет. Катып калган диафрагма дененин жетиштүү түрдө кислород алышына тоскоолдук кылат жана кишинин улам-улам чарчашына жана алсыздашына себеп болот.

Бул абалда бир нече сааттар бою стулда отуруу же тар кийим кийүү- көкүрөк жана курсак боштугундагы мүчөлөрдө кан айланышын дагы да кыйындаштырат, газ чыгарууну тосуп, анын канга аралашышына себеп болот. Кан жаман жыттуу, уулоочу касиеттер менен мүчөлөргө кирип барат жана ал жерлерде жаңы оорууларды келтирип чыгарат.

Нормал абалда дем алуу жолу менен алынган кубат көкүрөк булчуңдарын кеңейтүү үчүн жумшалган кубаттан көп болушу керек. Ал эми, өнөр-жай чыгындылары, тамеки жана жана спирттүү ичимдиктер да деп алуу системасын бузат; анын табигыйлыгын өзгөртөт, ал тургай дем алып чыгаруу механизмин тескери иштете баштайт: дем алганда курсак ичке тартылат, чыгарганда болсо – шишет.

Бул өпкөлөрдүн ылдыйкы бөлүктөрүн дем алуу-чыгаруу процесинде катыша албай турган абалга алып келет жана көкүрөк булчуңдарын кеңейтүү үчүн сарпталган кубат дем алуу жолу менен алынган кубаттан көп болот. Бул абалда дене негатив кубатты бириктирет жана натыйжада кубат тең-салмактуулугу бузулат.

Бул функция сүйлөшүү убагында да бузулат. Т.а. адам дем алууда да кудум дем чыгарып жаткандагыдай сүйлөй ала турган болот. Бу деградациянын белгиси болот. Ушул абалда дем алуу, сүйлөшүү жана мүчөлөр ортосундагы гармония бузулат.

Дем алып-чыгарууну тартипке келтирүүнүн эң кыска жана ыңгайлуу жолу үч күндүк ачкалык (голодания) кылуу жана Куръани Каримди дем алуу башкаруусу менен үн чыгарып тажвид менен окуу. Куръани Каримде дем алуу, чыгаруу жана токтош жайлары көрсөтүлгөн. Бир дем алууда 30-60 секундага чейин бийик үн менен Куръан окуп, эки ай ичинде дем алып-чыгаруу тартибин жаңыдан изине салуу мүмкүн.

Жүгүрүү, эмгек жана сүзүү дем алуу тартибин жаңылоонун башка жолдору. Ал эми, ток курсакка кыраат менен Куръан окуу же чуркоо, иштөө сыяктуу аракеттер жүрөк жана боорго зыян жеткирет. Ушул себептүү имамдарыбыз арасында жүрөк оорулары көп учурайт. Демек, бул иштерди тамактан кеминде эки сааттан кийин кылынышы туура болот.

Боордогу аба жолдорунун тарайышына байланыштуу түрдө адамдардын дем алышын кыйындаштыра турган сурункали обструктив өпкө оорусунун пайда болушуна эң чоң себеп тамеки чегүү. Чегилген ар бир сигарет бүткүл баштуу бир завод. Бул завод ушул убакта төрт миң түрдүү химиялык затты иштеп чыгарат. Бул химиялык заттардын арасында мутагендер, токсиндер, болжол менен 60 түрдүү канцероген жана ушуга окшош заттар бар. Булардын болжол менен 20%ы түздөн-түз боор жана канга, 80%ы айлана чөйрөгө жана кишилерге зыян берет. Мурундун тыгылып калышы, тамактагы бадамсымал бездеринин шишиши, дене ысыгын көтөрүлүшү же теридеги кычышма ооруга каршы дененин табигый күрөшүүсү.

Мисалы, мурун тешиктеринин толуп калышы симпатик жана парасимпатик нерв системалары арасындагы тең салмактуулугун камсыздайт. Мурун толгон убакытта аны химиялык заттар менен ачууга урунуу – тартипти бузуу болуп эсептелет.

Пияз суусу, седана майы, ачуу коон майы жана сусу сыяктуу табигый ачуучулар болсо кубат тең-салмактуулугун тикелөөдө пайдалуу. Тыгылган мурундун бир тешигин жаап, башкасы менен дем алып-чыгаруу, кыска убакыт ичинде кубат тең-салмактуулугун камсыздайт жана мурун тыгылышы тез өтүп кетет.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:46

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


ЭТ
    Сүрөт
Бардык жаныбарлардын жаш, эркек, кара жана майлуу болгондору тандалышы керек. Желке, бел эттери менен сөөккө жабышкан эт дагы да даамдуу жана жеңил болот. Ар бир айбандын оң тарабындагы эти сол тарабына караганда даамдуу болот. Кара койдун эти жеңил, ак койдун эти болсо оор болот. Бир жаштуу кара жана семиз теке эти даамдуу жана жеңил. Козу, улак жана музоо эттери эң жакшы жана эң жеңил болгон эттер. Улак эти козу этине караганда жеңилирээк сиңип, андан аз калдык калат. Кургатылган эттин сиңиши оор, ал эми, тоңдурулган эттен жакшы. Бычылган төрт буттуу жандыктардын эти башка бычылбаган айбандар этинен жакшы. Элик эти мактоого татыктуу, бир аз кара өттү пайда кылат. Кышында туулган торт буттуу айбандартын эти мактоого татыктуу.

ЭТТЕРДИН МИЖАЗЫ

Кой эти ысык жана нымдуу, табияты мутадил(орто мижаз), адам үчүн пайдалуу.

Чымчык эти экинчи даражада ысык жана кургак.

Эчки эти мутадил(орто мижаз), ысыктыгы жана нымдуулугу жагынан кой этине караганда төмөнүрөөк, тез сиңүүчү.

Улак эти суук жана нымдуу, мижазы ысык табиаттуу кишилерди бардык илдеттерден сактайт.

Уй эти суук жана кургак, табиятында сууктук жана кургактык жок ашказанды бекемдейт.

Жылкы эти ысык жана кургак, табиятында суук жана нымдуулук болгон кишилерде ысык кан пайда кылда.

Төө эти ысык, азыктык жагы оор(галыз) болуп күчтүү кыздырат, жел айдайт.

Элик эти ысык.

Коён эти ысык жана кургак. Тоодо жана токойдо жашай турган коён эти ысык жана биринчи даражада нымдуу. Коён эти оор(галыз) эт болот.

Тоо текенин эти ысыктыкта мутадил(орто мижаз), бирок, кургак. Мижазыда какырык болгон кишиге жакшы.

Үй тоогунун эти мутадил(орто мижаз), мижазында какырык болгон кишиге жакшы.

Үй корозунун эти ысык жана кургак.

Өрдөк эти ысык жана нымдуу, аш болуудагы каймусу коюу. Мижазында суук жана кургак болгон азгын денени семиртет.

Кыргоолдун эти ысык жана нымдуу, жеңил (латиф).

Торпок эти тез сиңүүчү, мижазы ысык ашказанга өтө пайдалуу.

Балык эти суук жана нымдуу. Шор балык эти ысык жана кургак. Куурулган балык эти суук жана нымдуу.

Бөдөнө эти ысык жана кургак, каймусу коюураак.

Кептер эти экинчи даражада ысык жана биринчи даражада кургак.

Чайка эти ысык жана кургак, мижазынан келип чыгып денени семиртет.

Улар (токой кекилиги) эти мутадил(орто мижаз) жана жагымдуу, жеңил(латиф).

Кекилик эти ысык жана нымдуу.

Чабалекей эти үчүнчү даражада ысык жана кургак.

Деңиз ташбакасынын эти экинчи даражада ысык жана биринчи даражада нымдуу.

Кургактык ташбакасынын эти ысык жана кургак.

Баканын эти суук жана кургак.

Эшек эти ысык жана кургак.

Сөөл жылан эти биринчи даражада ысык жана нымдуу.

Сүлүк эти суук жана кургак.

Ийнелик эти ысык жана кургак.

Ит эти экинчи даражада ысык жана кургак.

Жылан эти үчүнчү даражада ысык жана кургак.

Куйрук майы ысык жана нымдуу.

ЖЕЛЕ ТУРГАН ЭТТЕРДИН ТЕРС ТААСИРИ ЖӨНҮНДӨ

Торпок эти: көк боорду бошоштурат. Терс таасирин жоюу үчүн далчын жана мурч менен биргеликте жеш керек.

Жылкы эти: гемморой пайда кылат. Жылкы эти тери ооруларында да желбейт. Терс таасирин жоюу үчүн халила кыямы менен биргеликте желиши керек.

Төө эти: колит (ич катышы – колит) жана кара отту пайда кылуу менен бирге кара от ооруларды да пайда кылат. Терс таасирин жоюу үчүн занжабил кыямы же Иран кавары менен биргеликте жеш керек.

Элик эти: денени арыктатат жана денеде куруктукту пайда кылат. Терс таасирин жоюу үчүн ар түрдүү майлар о.э. шириндиктер менен жеш керек.

Коён эти: уйкусуздукту пайда кылат. Терс таасирин жоюу үчүн, майлардын бири (өсүмдүк майы), зире жана кинза менен жеш керек.

Тоо эчкисинин эти: нервдерди курутат, терс таасирин жоюу үчүн эт өсүмдүк майында бышырылат.

Улар эти: тамак сиңиртүү системасына зыяны бар. Терс таасирин жоюу үчүн ысык мижаздуу адамдар майда же кычкыл нерселер менен бышырып жешсе болот.

Үй тоогунун эти: мижазына ылайык боорунда ысыгы бар кишилер үчүн зыяны бар. Терс таасирин жоюу үчүн ысык шорпо абалында ичилет.

Кептер эти: колит (ич катуу – колит) пайда кылат. Терс таасирин жоюу үчүн өсүмдүктөрдөн биринин майында жакшы кууруп бышырылат.

Чайка эти: канды бузат жана кеч сиңет. Терс таасирин жоюу үчүн сирка менен желет.

Корош эти: ысык жана кургак ашказанга зыяны бар. Терс таасирин жоюу үчүн сирка менен жеш керек.

Кекилик эти: күчтүү ашказанга зыяны бар. Терс таасирин жоюу үчүн жүзүм сирка менен кебаб кылып желет.

Өрдөк эти: жаман хилттарды(аш болуштан кийин пайда болгон суюктук) пайда кылат. Терс таасирин жоюу үчүн союудан мурда өрдөктүн оозуна бир кашык аш содасы салынып, кийин союлат.

Бөдөнө эти: мижазында ысыгы бар кишинин бооруна зыяндуу. Терс таасирин жоюу үчүн жүзүм сиркаси жана кашнич менен биргеликте жеш керек.

Кой эти: мижазында ысык болгон адамдарта туура келбейт. Терс таасирин жоюу үчүн бөрү карагат мөмөсү менен биргеликте бышырып желет.

Эчки эти: эгер кебаб кылып жесе, колит дартын пайда кылат. Терс таасирин жоюу үчүн май жана шалгам(репа) менен бирге бышырып желгени жакшы.

Улак эти: суук мижаз адамга зыяны бар. Терс таасирин жоюу үчүн майда кууруп же ыссык мижаздуу дарылар менен бирге жеш керек.

Уй эти: табиятынан келип чыгып, териде так пайда кылат, суук жана кургак болгону үчүн денеде савдовий(кара оттон болгон) хилтти көбөйтөт. Бардык савдовий ооруларда (савдо хилти себептүү келип чыккан ооруларда) уй эти аз иштетилиши керек, т.а. тери ооруларынан кара бахак (териде кара так болсо) жана күн нурунан тез таасирленүүчү терилүү кишилерге уй этин жеш туура келбейт.

Уй эти рак оорусун келтирип чыгарышы мүмкүн. Зуфунун медицинсы ушуну баса белгилейт, бардык рак оорулары менен ооругандарга уй эти тыюу салынат.

Уй эти өзүнүн оордугу(галыз) менен денеге таасири себептүү котур жана темиреткини пайда кылат. Бул тери ооруларына чалынган адамдын ичегилеринде, оордугу(галыздыгы) себептүү тыгылма пайда кылат. Ичегинин кайсы бѳлүгүндѳ тыгылма пайда кылса, ушул бѳлүккѳ тиешелүү тери зонасында котур жана темиреткини пайда кылат. Терисинде котур жана темиретки бар бейтаптарга уй этин жеш бүтүндөй тыюу салынат.

Уй эти макоо, пил оорусун(элифантиаз) жана вена кан тамырынын кеңейишине себеп болот. Жогоруда айтылган оорулары бар бейтаптар уй этин жегенге болбойт. Мындай кишилер вена кан тамыр тыгылмасын ачуучу дары чөптөр менен биргеликте бышырып жеши керек. Буттарында вена кан тамыры бөртүп чыккан, оорусу күчтүү, кыймылы чектелип калган кишилерге уй этин жеш тыюу салынат.

Уй эти оордугу(галыз экени) жана кургатуучу болгону себептүү нерв бузулушун, коркууну пайда кылат.

Уй эти өттүн ичегиге агып өтүшүнө тоскоолдук кылат. Сары оорусунан дарыланган оорулуулар, хроникалык өт жолу шамалдашы бар оорулуулар, боордон кетип жаткан өт коюу болсо же өт жолу дубалдарында кандайдыр бир өсмө болсо же болбосо өт жолу системасында туума кемчилдик болушу сыяктуу белгилери бар оорулууларга уй этин жеш тыюу салынат.

Уй эти төрт күндүк температураны пайда кылат. Бат-баттан ысытмасы чыгып туруучу оорулуу да уй этин аз жеши же бүтүндөй жебеши керек. Уй эти желгенде денеде савдо хилтин көбөйүп, суук шиштерди пайда кылат. Денесинде суук шиши бар бейтаптарга уй этин жеш тыюу салынат.

Терс таасирин жоюу үчүн жогорудагы бардык келтирилген ооруларда уй эти занжабил, далчын, мурч жана өсүмдүк ширеси (мижазында ысыктык болгон шире) менен биргеликте желет.

Пайгамбар САВ айткан: “Уйдун сүтү шыпаа, майы дабаа, эти ооруу”

Ашказаны аз кислота иштеп чыгаргандар (“А” кан группасына таандык кишилер) уй жана торпок этин сиңире алышпайт, тескерисинче ашказанда чиритишет. Чириген эт калдыктары майда тамырларга тыгылып, саратан (рак), макоо, псориаз, ала оорусу(витилиго), варикоз жана пил оорусу (элифантиаз) сыяктуу ооруларды пайда кылат. Ушул себептүү кан тобу “А” болгондор тоок, иньдюк, кекилик жана козу эти сыяктуу жеңил сиңе турган эттер жана балык жешсе максатка ылайык болот.

Жапайы эттердин жакшысы кийик баласынын жана коёндун эти. Коён эти сийдикти көбөйтөт, бөйрөк жана табарсыктагы таштарды майдалайт (өзгөчө “В” жана “АВ” кан группасындагылар үчүн пайдалуу). Уй эти адам табиятына катуулук, кой эти болсо жумшактык берет. Уй, эчки жана төө эттеринин сиңиши кыйын болот, ал эми, ашказаны көптөгөн кислота иштеп чыгара турган кишилер (кан группасы “О” жана “В” болгондордун ашказаны) мындай эттерди жеңил сиңирет.

Курмандык эти инсан денеси үчүн эң жакшы тазалоочу. Ич өткөрүшү, ысыктыкты көтөрүп жибериши жана муундары шишитиши мүмкүн. Булардын баары курмандык этинин таасиринде жүзөгө келген сакаюу белгилери.

Эт угуу жана көрүүнү жакшыртат, акыл жана денени кубаттандырат. Куурулган же печкада бышырылган эт, кайнатылган эттер кургак болот. Ошондуктан, мындай этти жашылча салаты менен жеш керек. Калемпир, лавр жалбырагы, арча жалбырагы, сарымсак, пияз, занжабил, тоо жамбылы, каразире менен бышырылган эттин азык кубаты жашылча чөптөр менен байыйт.

Этти нан менен эмес жашылча чөптөр менен жеш керек. Ошондой кылынса, эттин сиңиши оңой болот жана этти сиңире албагандарга зыяны азаят. Бир жандыктын эти башка жандыктын эти менен да, майы менен да аралаштырганга болбойт (себебин билүү үчүн “Сүт” бөлүмүнө караңыз). Эттүү тамак жасалганда этти өз майында бышыруу эң жакшы ыкма. Себеби, эт өз майы менен бирге оңой сиңет. Эт өз майынан башка жандык же өсүмдүк майы менен бириге албайт. Жандыктар майы да этсиз оңой сиңбейт.

Сосиска, колбаса сыяктуу кайра иштелген эт продукцияларын жеш мүмкүн эместигине эң кеминде эки себеп бар. Биринчи себеп – продукцияларына кошумча зат сыпатында натрий, нитрит жана натрий сульфит кошулат. (“Кошумча заттар” бөлүмүнө караңыз).

Жандык майы, өзгөчө ич майлары жана куйрук майы тамак жана дары даярдоодо, сөөктөрү болсо шыпаалуу шорполорду даярдоодо колдонулат. Күздө жана кышта – эт жеш, жаз жана жайда – жебестик ден соолук үчүн пайдалуу.

Дени сак киши аптада 1-3, ал тургай 5 жолуга чейин эт жеши мүмкүн.

Расулаллах САВ: “Шексиз, эт тамактардын тѳрѳсү”, деген. Ал эми, Расулаллах САВдын: “Ар дайым эт жеш жана эт шорпосун ичүү кайгы берет, жүрөктү катуулаштырат”, дегени да маалым.

Эттин түрү менен бирге жандыктын кандай союлганы да маанилүү. Касапчы мээге кеткен кан тамыр жана нервдерди кесүү жолу менен жандыктын канын агызат. Бул абалда мээ кансыз калып, бир көз ирмемде өлөт, эч кандай реакция бербейт. Ал эми, жүрөк кан сыртка атылганга чейин иштей берет. Мына ушул таризде жандыктын эти, канда аралашкан жана этти уулаган бардык заттардан тазаланат.

Электрошок берип, кийин союлган жандыктын этине келсек, электрошок жандыктын жүрөгүн токтотот же коркунучтуу аритмияга сүйрөйт, ал эми, мээ иштей берет. Мээ денени тирүү сактоо үчүн бездерди көп өлчөмдө түрдүү гормон иштеп чыгарууга багыттайт. Кан аракетсиз болгону үчүн ичиндеги токсин, гормон, калдык, микроб, сасык газдарды сөөк жана муундарга, этке сиңдирет.

Табигый азыктанган жандыктын дени сак болот, анын эти, майы, сөөктөрү таза болот. Ал эми, бүгүнкү жандыктар фабрикаларда даярдалган гормон, антибиотик, жасала протеин, витамин жана башка GM курамдуу кошумчалар кошулган жемдер менен жана гени өзгөртүлгөн жана аралаш тамак калдыктары, убакты өткөн чипс, печенье, кекс, кумшекер жана ушуга окшош нерселер базарлардан топтолуп, айбандарга жем сыпатында берилүүдө. Натыйжада, инсан сыяктуу ооруга кабылган жандыктар, инсан сыяктуу оор дарыланууну баштоодо. Дарыланган жандык, майы, сөөктөрү жогоруда айтылган пайдалардан куру калып, ажырап, ден-соолук үчүн коркунуч туудурууда. Ушул себептүү, сөөк, май, боор, бөйрөк, жүрөк жана мээсин жеп жатканда жогорудагы жаман таасирлерге кабылбаган жаш жандыктын этин тандоо керек.

Клондолгон жандыктардын эти жана сүтү биринчи жолу 2007-жылы жаз айында АКШ базарларында сатыла башталды. Бул жандыктардын эт жана сүттөрү көптөн бери кээ бир үчүнчү дүйнө мамлекеттеринде арзан бааларда сатылууда.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:50

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Көк алманын пайдасы
    Сүрөт
Эмне үчүн көк алма?

Көк алманы баардыгыбыз бала чагыбыздан эле жакшы көрүп жейбиз. Болгону кичинекей кезибизде аны пайдалуу болгону үчүн эмес, даамын жакшы көргөндүктөн дарактардын башына чыгып алып кемирип жечүбүз жана жуубай жегенибиз үчүн апаларыбыздан тил укчубуз. Ал эми азыр болсо бала чагыбызда эмне үчүн дал ушул көк алмаларды сүйүп жегенибизди толук түшүнгөнгө убакыт келди.

Көк алма - темирдин булагы

Кызыл жана толук бышкан алмаларда көк алмаларга салыштырмалуу витаминдер абдан аз. Себеби кызыл алмалар химиялык реакциялардан кийин кызарып, күндүн нурлары аларды кызарганга муктаж кылат. Темирдин булагы болгон – көк алмалар ден соолукка абдан пайдалуу.

Алмалар

Негизинен баардык эле алмалар пайдалуу. Алардын курамы пайдалуу заттарга: витаминдерге, микроэлементтерге, С, В1, В2, Р, Е, марганец жана калийге бай.

Ошондой эле организмдеги кан айланууну жакшыртат жана темирди оңой өздөштүрөт. Мындан сырткары алмада клетчаткалар, пектиндер көп жана боор, бөйрөктүн иштешин жакшыратат. Ошондуктан аны жегенден кийин көпкө чейин ачка болбой жүрө берсең болот. Алма жаштыкты сактап калганга да жөндөмдүү. Кандагы холестеринди азайтат

Көк алманын айырмасы

Баардык эле алмалар ден соолукка пайдалуу, болгону көк алмаларда баардык алмалардан айырмаланып витаминдер абдан көп. Ал эми көк алманын сөөктөрү адамды бир суткалык йод менен камсыз кылат.

Иммунитетти чыңдайт

Алманын курамындагы хлорофилл кандагы эритроциттердин иштеп чыгышын жөнгө салат, иммунитетти чыңдайт.

Ачууңузду баса албасаңыз көк алма жеңиз. Көк алма ар кандай жинденүү, кыйналуу, маанай чөгүүдөн алыстатат.

Косметологияда

Көк алма сулуулукка кам көрөт

Көк алманын жардамы менен сулуулукка сырттан эле эмес ичтен да кам көрсө болот. Ошондой эле андан бетке коюлчу бир нече маскаларды үй шартында жасап алса болот. Албетте маскаларга колдонула турган алмалар дүкөндөрдөн же базарлардан сатып алынган эмес, үйдө өскөн табигый таза болушу шарт.

Кайнатмасы

Алманын кайнатмасы теринин бырыштарын эң сонун жазат жана чоюлчаак кылат. Алманын кабыктарын аарчып, 50 грамм сууга салып, кайнатыңыздар. Кайнатмага бир нече апельсин кабыктарын кошуп, 2 саат коюп, тундуруп алыңыздар. Күн сайын бет жууганга суу даяр болду.

Суунун булагы

Алма –бул суунун эң сонун булагы жана теринин сыйдам, жаш, чың көрүнүшүнө жардам берет. Төмөндөгү маскалардан кийин сөзсүз азыктандыруучу маскаларды колдонуу зарыл. Масканын баардык түрүн жасаарда жаңы алманын боткосун колдонгон жакшы.

Керемет мөмө

Алманын жаңы ширеси терини витаминдер, мөмө кислоталары, туздар, эфир майлары менен камсыз кылат. Мындан сырткары бул – мыкты сыйдам кылуучу каражат.

Кургак бетке маска

Кургак бетке калыптандыруучу маскаларды койсо, жардамын берет. 4 чоң кашык алма уксусун алып, бир аз гана жылытып, ага 3 чай кашык суюк бал жана 2 чоң кашык кайнак суу куюлуп даярдалган сулу боткосун кошуп, жакшылап аралаштырып, маска жасаңыз. Аны таза бетке 30 мүнөт коюп, андан кийин аны кебездин жардамы менен алып, жылуу суу менен чайкап коюңуз. Витаминдер жана азыктандыруучу заттар терини чоюлчаак кылып, кургак кылбай, сыйдам абалына келтирет. Эгер тери абдан кургак болсо, бул ыкманы жумасына эки жолу кайталасаңыз болот. Ошондой эле бул маскага 2 чай кашык коюу сүттү кошуп койсоңуз, азыктандыруучу касиети мурдагыдан да жогорулайт.

Алма маскаларын даярдаш үчүн кыргычтан өткөрүлгөн жаңы алмаларды пайдаланып, ага керектелген кошулмаларды кошуп даярдаңыздар.

Азыктандыруучу маскалар

Бир кашык зайтун майы менен алманын боткосунун аралашмасын таза бетке 15-20 мүнөт сүйкөп, анан жылуу суу менен чайкаңыз.

Тазалоочу жана сергитүүчү маска

Жаңгак, жумуртканын сарысы менен алманын боткосун жакшылап аралыштырып, таза бетке 30 мүнөт коюңуз.

Күз, кыш айларында жасалчу маска

Бир кашык каймак, грейфруттун ширеси жана алманын боткосун аралаштырып, таза бетке жарым саат коюңуз

Сергитүүчү маска

Бир кашык алма менен сабиздин боткосу жана майы жок айрандын аралашмасын

15-30 мүнөт бетиңизге коюңуз.

Кадимки бетке маска

2 чоң кашык быштак менен алманын боткосунун аралашмасын бетке 20-30 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп коюңуз.

Ашыкча салмактан арылтат

Көк алма - ашыкча салмак менен күрөшүп, организмди витаминдер менен камсыз кылуу үчүн жаралган. Буга андагы абдан көп витаминдер менен өтө аз калориясы далил болмокчу. 100 грамм алмада 35 калория бар. Ошондуктан көк алма жеп, аз салмакка жана көп пайдалуу нерселерге ээ болосуздар.

Кемчилиги

Бирок, көк алмаларда организм муктаж болгон баардык азыктандыруучу заттар жок. Жөн гана көк алмаларды көп жеп, сууну көп ичиңиздер. Бул сиздин көнүмүш адатыңызга айлангандай болсун. Бирок, белоктордон, углеводдордон жана майлардан баш тартуунун кереги жок.

Көк алма тиштерди агартат

Чың жана акак тиштер ар бир адамдын кыялы. Ал эми стоматологдорго барганды баарыбыз жаман көрөбүз. Тиштерди чың сактап, эмалды бузбаш үчүн атайын тиш жуугучтар бар, бирок көк алмадан ашкан дары жок. Себеби кызыл алмага караганда көк алмаларда шекер аз жана тиштердин бүйлөсүн чың сактап, тиштерди оорутпастан агартат.

Тамактануу маалы

Көк алманы тамакка чейин же тамактануу маалында жеш керек. Тамактангандан кийин оозду суу менен жөн гана чайкап коюш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:57

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Кан алдыруу (хижама)
  • Сүрөт Кимде- ким (Хижрий) айдын он жетинчи, он тогузунчу жана жыйырма биринчи күнү хижама кылдырса (кан алдырса), ар кандай дарддан шыпаа табат.

Хадиси Шариф

Ар түрдүү оорудан арылуу жана ден соолукту сактоо максатында дененин белгилүү жайларынан ичке жана каппиляр тамырлардан кан алуу – “хижама”” деп аталат.

Ал эми, заманыбыздын көпчүлүк аял жана эркектери таттуу, туздуу, өтө майлуу жана аралашмалуу даяр жегиликтерди аралаштырып, анын үстүнө, күндө 3-4 жолу жешкени үчүн кан алдырууга чоң муктаждыктары бар.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын хижамага тиешелүү көп жолу айтылган хадиси шарифи кан алдыруунун маанилүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул хадистерден бир бөлүгү төмөндөгүлөр:

“Меражда, “О, Мухаммад (с.а.в.)! Үммөтүңө кан алдырууну (хижама) буюргун. Хижамада силер үчүн шыпаа бар”, дебеген периштени жолуктурбадык.

“Хижама бүткүл ооруларга шыпаа”.

“Шыпаа берүүчү нерселердин эң жакшысы хижама”.

“Моюндан жана күрөктөр арасынан кан алдыргыла”.

“Баштан кан алдырууну (ага Пайгамбарыбыз (с.а.в.) “Жан куткаруучу” дээр эле) жети дартка шыпаа деп айткан: жиндилик, баш оорусу, макоо, капилет басуу, тиш ооруусу, баш айланышына.

“Жабраил алейхиссалам кан алдырууну ушунчалык сунуш кылды, мунун өтө зарыл экенин түшүндүм”.

“Ач карын кылынган хижама акылды жана эске сактоону күчөтөт. Ток карын кылынган хижама дарт”.

“Айдын (хижрий) 17, 19, 21-чи күндөрүндө, бейшемби, дүйшөмбү жана шейшемби, орозо болсоңор да, кан алдыргыла. Жума, ишемби, жекшемби, шаршемби күндөрүнөн сактангыла (зарыл абалда гана алдыргыла). Баш чукурунан кан алуу келесоолукка алып келет. Мындан сактангыла. Кимде-ким кан алдырса, “Аятул Курси”ни окуса кан алдыруудан пайда көрөт”.

“Ач карын кылынган хижамада шыпаа жана береке бар. Акылды жана эске тутууну ашырат”.

Кан алдырбагандар мурдулары канашынан жана геморрой канашынан аялдар болсо артыкча айыз көрүшүнөн коркпоолору керек. Бул каноолор – табигый “кан алдыруу” жана бул каноону токтотпоо лаазым

Өзгөчө жогорку кан басымы себептүү башталган мурун канашын токтотуу туура эмес.

Кадимки дарыгерлер мындай абалдарда киши эсинен тангыча эч кандай тиббий аракет кылышпаган. Эсинен тануу менен биргеликте жүрөк урушу жана кан айланышы жайлашканы себептүү ар түрдүү кан чыгышы өз-өзүнөн токтойт.

Бүгүн даяр тамак(fast food) жеген балдар арасында мурун канашы көп учуроодо. Бул каноо жасалма тамактар менен азыктануу, аз орозо тутуу жана ичегилердин бузулушу себептүү кандагы зыяндуу заттардын көбөйүшүнөн тынчсызданган дененин өзүн коргоо жолдорунан бири.

Дене таза канды сыртка чыгарбайт. Канап атылган кан, шексиз, зыяндуу, ыплас кан. Негизинен, бул түрдөгү каноолор хижрий айдын 13чү, 14чү, 15чи (толгон ай) күндөрүндө жана 29чу, 30чу, 1чи (жаңы ай) күндөрүндө болот. Бул күндөрдө айдын таасири менен деңиздер жана дүйнө жүзү тазаланат. Жамгыр жаайт, катуу шамалдар оорулуу жана жашы улуу дарактарды бүгөт. Бул күндөрдө, дүйнө өзүн тазалаганы сыяктуу, адам денеси да өзүн тазалайт: оорулар күчөйт, өнөкөт каноолор көбөйөт, аялдар айыз көрөт жана ушул сыяктуу.

Дене өнөкөт жатын канашы, бавосил (геморрой) жана мурун канашы менен ашыкча жана зыяндуу заттардан өзүн тазалайт, кан көбөйүп кетишинен сактайт. Бул каноолорду токтотуу ден соолукка зыяндуу. Каноо аркылуу сыртка чыкпай калган ашыкча жана зыяндуу заттар денеде топтолот жана менингит, орто жана ички кулак сезгениши сыяктуу сезгенүү ооруларына, ангина, ревматизм, бөйрөк сезгениши сыяктуу ооруларды; парапроктит жана жүрөк оорулары, ал тургай сил (туберкулёз), псориаз, ала оорусу(витилиго), өпкө рагы жана макоого себеп болушу мүмкүн.

Ар ай 100-150 гр. ал тургай, кээ бир шарттарда 250 -300 гр. кан жоготулушу зыяндуу эмес, пайдалуу.

Хижама – тыгылган жана эң көп зыяндуу зат топтолгон жайлардагы ичке жана капилляр тамырлардан кан алуу.

Чоң тамырлардан кан алдыруу да бар. Мисал үчүн, оң чыканактын венасынан кан алынса – боор, сол чыканактын венасынан кан алдырса – көк боор ооруларына пайдалуу. Бул кан алдырууну ФАСАДА делет.

Кансыздык жана кан кетишин кан алмаштыруу жана көп жеш эмес, балким, үч күндүк ачкалык, жашыл жалбырактуу жашылчалар жана хижама менен дарыланат.

Хижаманын пайдалары

Хижама аркылуу капилляр тамырлардагы тыгылуулар ачылат. Кандагы жана ткандардагы уулуу заттар жана газдардын кан жоготуу менен чыгышы, кан алдыруу ишке ашырылган жайдын тамырларындагы кан агымын жандандырат. Кан алдыруу ткандардын азыктанышын жана кислород алышын жакшыртат, каткан жерлерди жана шишиктерди кетирет.

Кан алдыруу кан иштеп чыгарууга жооптуу болгон мүчөлөрдү (сөөк чучугу, боор, көк боорду) кубаттандырат, иммунитет системасын кубаттандырат, денеге кубат берет, ооруларды кетирет, оорулардын алдын алат.

Аз кандуулук – бел тартып калышы, муун жана баш оорулары, бел, моюн грижасына жана туз топтолушуна байланыштуу оорулар, көк боор, боор оорулары, инфекциялар, нерв, рухий жана башка түрдүү ооруларын дарылоодо, ич канашын токтотууда эң чоң жардамчы.

Өкүнүчтүүсү, өлкөбүздө кан алдыруу, банка койдуруу, акушердик жана сүлүк менен дарылоо жылдар кордолду, кемсинтилди, тыюу салынды жана бул ишенимдердин жок болуу коркунучу пайда болду.

Америка жана Европада бул дарылоолор үстүндө изилдөөлөр алып барууда жана бул изилдөөлөр “заманбап медицинанын жаңы изденүүлөрү” болуп, өз эне мекенине, Чыгышка кайтуунун алдында турат.

Инша Аллах, чет элдик маркалар астында сунуш кылынган өз каада-салттарыбызга, ушул жол менен жетишебиз.

Кан алдырууга тыюу салынышынын эки жүздүү себептеринен бири “жугуштуу оорулардын көбөйүшү” деген коркунуч. Акыйкатта болсо, бул ыкма кемчиликсиз жана таза бир ыкма. Мында оорунун жугушуна мүмкүнчүлүк жок, себеби, кан сыртка сызып чыккандан кийин, жугуштуу микробдор таптакыр ичине кире албайт. Ланцет (наштар) жана банкада жугуштуу жана уулуу заттар болсо, ал жадагалса денеге кирүүгө аракет кылса да, агып жаткан кан аны сыртка чыгарып таштайт. Кан алдыруу аяктагандан кийин, кесилген жайларга тийбестен, кандын курушун күтүү ылазым Канды сүртүү, кесилген жайларга антисептик колдонууга, мазь сүйкөөгө жана бинт менен ороого кажет жок. Себеби, таза кесилген жайлар үчүн кандын өзүнөн да жакшыраак тазалоочу, токтотуучу, инфекциядан коргоочу дары жок. Болгону кесилген жайлар үстүндө кандан пайда болгон кабыктарды чукубоо, инфекцияларга жол ачпоо ылазым.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 17:01

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Химиялык дары-дармектер
    Сүрөт
Бүгүнкү күндө Америкада жылына 250 миң киши медициналык каталар себебинен кайтыш болот. Алардын 127 миңи ооруканаларда, жаңылыш дары берилгенинен же дарылардын терс таасиринен өлгөн. Ушундай себептерден улам ооруканалардан башка жерлерде өлгөндөрдү статистикасы азырынча жок, бирок андайлар да өтө көп.

Дарылардын терс (побочный) таасири менен ооругандардын статистикасы да жок. Тажрыйбалар ушуну көрсөтүүдө, бардык оорулардын түбүндө химиялык дарылар турууда.

Бир канча химиялык дарылар иммундук система, кан айланышы жана кан иштеп чыгарууга түздөн-түз коркунуч салууда. Кээ бир дарылар ичкен эле маалда, кээ бирлери жумалар өтүп, айлар, алтургай жылдар өтүп таасир кылууда. Дарылар иммундук системаны жана сөөк жилигин сыгууга алат, кан иштеп чыгууга тоскоол болот, кан клеткаларын, лейкоцит, тромбоцит жана эритроциттердин бузулуусуна жана чачыроосуна, гормон стабилдүүлүгүн жоготушуна, боор токсинина, бөйрөктөрдө кан агууну жана жаралар пайда болушуна, тукумсуздук ж.б.у.с. көптөгөн ооруларга себеп болот. Мисал, кээ бир дарылар кээ бир абалда кан клеткаларына зыяндуу таасир кылат. Клетка дубалдарын жараксыз абалга келтирет, бул клеткалар күчтүү сезе турган болгондуктан, бул химиялык курамга туруштук бере албайт. Оор абалдарда болсо, сөөк жилиги сыгылганы үчүн, кан иштеп чыгаруу системасы жабылат, лейкемия жана анемия пайда болот.

Медицина булактарына кайрылып төмөндөгү жыйынтыктарга кезигиш мүмкүн:

Кээ бир дарылар сөөк жилиги клеткаларында ДНК жана РНК синтезине тоскоол болуп, кан иштеп чыгуусун азайышына же нормалдык клетка иштеп чыгарылышына, мунун натыйжасында лейкемия жана анемияга сабеп болушат. (хлорамфеникол, оксациллин, исониазид, сефалотин, фениндион, фенилбутазон сыяктуу).

Кээ бир дарылар (амидопирин, сульфонамид, пропилтиоурацил, метимазол сыяктуу). Иммундук системаны сыгыштырат.

Эритроциттердин чачыроосу (гемолизге) сабеп болгон кырктан ашык дары бар: аспирин, сульфонамид, сульфон, нитрофуран, хинин, хлорокин, примакин, фенилгидразин, прабенцеид, димеркапрол, хлорамфеникол. Булар кээде убактылуу, кээде өмүр бою кала турган анемияны келтирип чыгарат.

Кээ бир дарылар (фенажетин, сульфанамиддар сыяктуу) жана көп азыктардан куралган химиялык заттар (анилин боёлору, нитрит жана нитраттар сыяктуу), гемоглобинге таасир кылып, токумалардын кислород алышына жана азыктанышына тоскоол болот. Химиялык дарылар сөөк жилигин дегенерациясына жана ал себептүү сөөк жилигин азайышына жана оор анемияга себеп болууда.

Тромбоцит жана тромбоцит иштеп чыгаруунун бузулушуна да көптөгөн химиялык дарылар себеп болууда. Аспирин, колхицин, антироматизмал дарылар (ибупрофен, индометацин, фенилбутазон сыяктуу), психиатрия дарылары, жүрөк дарылары (клофибрат, дипридамол, папаверин, пропранолол сыяктуу), анастезиктер, антибиотиктер (ампицилин, карбеницилин, гентамицин, пенсилин сыяктуу), кээ бир жөтөл сироптору (глицерол, гайоколат сыяктуу), кээ бир аллергиялык дарылар ушундай таасирге ээ. Дарылар пайда кылган иммунологик тромбоцитопения валпроик кислота, фурацемид, сульфонамидтар сыяктуу дарылардын колдонуусун натыйжасында пайда болууда.

Аспирин, аллопюринол, хлоротиацил, хлоропропамид, диоксин, фуроцемид, индометацин, йод, изониацид, метилдона, пиперазин, кининдин, резерпин, сульфонамидтар, толбутамид, варфарин сыяктуу дарылар келтирип чыгарган тамыр ревматизми (васкулит, тамырда туз чогулушун) маалында териде кан агуу, көгөрүү, гангрена (чирүү) пайда болушу мүмкүн.

Дарылардын ар бирин зыяны жөнүндө өзүнчө китеп жазса болот. Төмөндө эң көп колдонула турган дарылардан кээ бирлерин карап өтөбүз.

1. Султамицилин (антибиотик): побочный эффекттери аллергия (кээ бирде анафилактикалык шок да болот), ич кетиши, дизентерия, ичегилерде жаралар, жиндилик, алсыздык, конвулсия, тилге тук чыгышы, кан иштеп чыгарылышын бузулуусу, боордун ууланышы, тери оорулары жана нифриттер. Бул коркунучтуу антибиотик бүгүнкү күндө бөбөктөргө да берилүүдө! !!

2. Депрессияда колдоно турган дарылар:

a) Флуоксетин: побочный эффекттери – чарчоо, титирөө, баш айлануусу, ичтейдин жоктугу, чаңкоо, кусуу, ооз жытынын бузулуусу, баш оорусу, чычалоо, уйкусуздук, жиндилик, кабыл кылбастык, алсыздык, ооз курушу, ич катышы, тери түлөшү, кычышыш, вирал инфекциясы, бут оорусу, көздүн тумандануусу, температура, дем алуу жолунун инфекциясы, ангина, бат-бат сийдик келиши.

b) Сероксат: Норвегиялык илимпоздор депрессия дарыларында колдоно турган параксодин затынын побочный эффекттеринин үстүндө изилдөөлөр алып барууда. Депрессиядан дарыланган 1500 ооруу үстүндө өткөзүлгөн текшерүүлөр “сероксат” колдонгон 7 ооруу адам өз жанын кыйган. Кээ бир медицина уюмдары “сероксат” адамдарды өлүмгө үндөөгө бөлгөн таасири бар дешкен. “MIND” психиатрлар уюму “сероксат” алган оорулардын 50% ы өзүнө зыян берүүгө жана өлтүрүүгө болгон каалоосу артканын айтып, дары сатууну токтотууну талап кылышкан.

3. Аспирин: табигый аспирин тал дарагынан даярдалат. Бирок мамлекеттерде тал өстүрүү азайып, аспирин ичүү көбөйүп барууда. Мындан тышкары, табигый аспирин ордуна синтетикалык аспирин иштеп чыгарылууда. Табигый аспирин менен синтетикалык аспириндин паркы тирүү менен өлүк ортосундагы парк сыяктуу.

Синтетикалык аспирин сиңиртүү системасында кан агууну, жара, кулак шоокуму, баш айлануусу (вертиго), укпай калуу, кан иштеп чыгуунун азаюусу, канда темирдин азаюусу, кан агуусу токтошун узаруусу, катуу кычыма, теринин түлөшү, тил жана илептердеги шишик, астма жана анафилаксиядагы шокту келтирип чыгарат. (“аллергия” бөлүмүнө карагыла).

4. Галотан: жалпы анестезия үчүн бат-бат колдонула турган, өтө зыяндуу аналгетиктерден бири. Денеге кирген галотандын 60-80% ы 24 саат ичинде дем алуу жолу менен чыгат. Бирок бул маалда өпкө олуттуу зыян көрөт. Галотандын калган бөлүгү метаболизм менен аралашып, сийдик менен сыртка чыгат жана бөйрөк ооруларын келтирип чыгарат. Галотан пайдаланган ооруларды болжол менен 20%ында боор ферменттерин көтөрүлүп кетүүсү, кээ бирде болсо боордо күчтүү некроз келтирип чыгаруусу мүмкүн. Жалпы анестезия кабыл алган оорулардын мээси түрдүү деңгээлде зыян көрөт. Кээ бирде рентген сыяктуу жөнөкөй медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүүдөн мурда кыймылсыз абалга келтирүү үчүн бөбөктөр жана жаш балдарга да жалпы анестезия колдонулууда.

5. Синпитан ( синтетикалык окситоцин): эл арасында жасалма толгок катары маалым. Синтетикалык окситоциндин химиялык курамы антидиуретикалык гормондун курамына окшоп кетет. Ушул себептен эне жана бала денесинде суу орноп калышына себеп болот. Катуу суу орноосу унутчаактык, конвулсияга, жүрөк алсыздыгына, (сердечный недостаточность), кома жадагалса өлүмгө да алып барат. Окситоциндин эң көзгө көрүнгөн касиети, ал ымыркайдын мээ токумаларында топтолот жана шишик пайда кылат. Бул жасалма толгоо менен төрөлгөн ымыркайда сыгылуу, температура көтөрүлүүсү, ич катышы жана гиперактивдешүүгө себеп болушу мүмкүн.

Синпитандын эң чоң зыяны “кесарево операциясы” менен төрөгөн эне жана төрөлгөн баланын мээлеринде болот. Бул абалда синтетикалык окситоцин жана жалпы анестезияда иштетилген анальгетикалык зат, бири-биринин зыянын арттырат.

Мунун таасиринде бала мээсине жеткирилген зыян гиперактивит, аутизм, эпилепсия сыяктуу неврологиялык ооруларды же шизофрения сыяктуу рухий оорууларга себеп боолот. Убакыт өтүүсү менен энелер эске түтүүсүн жоготот, рухий ооруларга чалыгышат. Ошондуктан, психолог жана психиатрларга кирүү үчүн кезекте турган оорулардын көпчүлүгү “кесарево операциясы” менен төрөлгөн балдар жана алардын энелери.

Эмнеге десе расмий маалыматтар Кыргызстанда бүгүнкү күндө көпчүлүк аялдар “кесарево операциясы” менен төрөөдө, дээрлик бардык аялдар төрөттө жасалма толгоо (окситоцин) колдонууда. Бул көрүнүш адамды шокко салат. («Кесарево операциясы менен төрөө” бөлүмүнө караңыз).

Медициналык дарыларды колдонуудан максат оорууну жоготуу. Бирок медицина тарыхын карап көрүлсө, химиялык заттарды колдонуу менен, сиңиртүү, кан айлануусу, дем алыш ж.б.у.с. системалардын ишмердигине билип-билбей аралашууну жыйынтыгы бүгүнкү биз көрүп турган аянычтуу абалга алып келди.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 17:05

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   Topcubai   13 Июнь 2015 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Сүттүн пайдасы
Сүрөт Кичинекей балдар үчүн сүт зарыл азык экенин баардыгыбыз билебиз. Бирок, көпчүлүк чоңдордун организмине сүттүн касиети анчалык таасир бербейт деп чоң жаңылыштык кылышат. Себеби, кичинекей өспүрүмдөрдүн организми канчалык сүткө муктаж болсо, чоңдордуку да ошончолук муктаж болот.

Кимге эмнеси менен пайдалуу?

Сүт - кальцийдин негизги булагы жана ал адамдын организминде 97% өздөшөт. Сүттүн бул өзгөчөлүгүнө башка бир дагы азыктын касиети тең келе албайт. Ошондой эле адамдардын сөөктөрүндөгү кальцийди жууп, ичке жана жумшак кылып койгон остеопороз оорусу менен жабыркагандар үчүн алмашкыс дары болуп эсептелет.

Сүт суук тийген ооруларда пайдалуубу?

Чындыгында бул суроону көп беришкендер үчүн бул маалымат канааттандыраарлык маалымат. Анткени, сүттүн белогу башка азыктардын белогуна караганда организмде бат жана оңой өздөшөт. Ал эми андан гана вирустук инфекциялар менен күрөшкөн иммуноглобулиндер иштелип чыгат. Анын үстүнө сүт белогунун оңой өздөшүүсү өзүнүн булчуңдарын чыңдагысы келгендердин арасында атактуу.

Сүт эс алдыруучу касиетке ээ

Сүт – түштүн бузулуусун жөндөй турган эң сонун дары. Анын курамындагы эс алдыруучу таасирлер нерв системасы үчүн керек. Бекеринен эл арасында дайыма атактуу колдонулуп келген элдик ыкмалар түш бузулганда бир стакан жылуу сүткө бир чай кашык бал кошуп, уктаарга бир саат калганда ич деп сунушташпаса керек. Ал эми бул ыкма чындап эле ушул убакка чейин эң сонун таасирин берип келет.

Сүттүн жеңил тазалоочу таасири кан басымдын түшүп кетишине жакшы жардамын берет.

Ашказан ооруганда

Көпчүлүк ашказанында маселеси бар адамдар сүттү ичсе болобу деп көп суроо беришет? Сүт ашказан ширесинин кычкылдуулугун төмөндөткөнгө жөндөмдүү. Ошондуктан бул азык кычкылдуулукту көтөрүп пайда кылган ашказан зарна оорусу менен мыкты күрөшөт. Ошондой эле кычкылдуулугу көтөрүлгөн ашказандын гастрит, жара жана он эки ичеги ооруларында жакшы. Бир чети сүт организмде жакшылап өздөшүш үчүн аны жайдан уурттап ичиш керек же болбосо анын пайдалуулугу азыраак болуп калат.

Сүт витаминдерге бай

Анда организмде толугу менен энергетикалык алмашууну камсыз кылган углевод менен майларды энергияга айлантуучу касиетке ээ көптөгөн пайдалуу рибофлавин (В2 витамини) бар. Ошондуктан ашыкча салмак менен күрөшүүдө (мындай учурда майлуу эмес сүттөрдү колдонуш керек), иммундук жана эндокриндик системалардын иши бузулганда сүт абдан пайдалуу.

Баш ооруганда

Баш катуу ооруп, кыжаалат болгондо жылуу табыгый таза сүт ичип койсо жакшы жардамын берет. Өзгөчө мигрен оорусунда жумуртка-сүт шербети ( чийки жумуртканы бир стакан кайнак сууга кошобуз) пайдалуу. Бир жума бою бул дарыны колдонсоңуз, башыңыздын оорусу узак убакытка жоголот.

Аялдардын ден соолугу

Аялдардын ден соолугу үчүн сүт пайдалуу. Көпчүлүк учурда мастопатия оорусун дарылаганда. Укроптун уругун сүткө кошуп (100 грамм укроптун уругун 2 стакан сүткө), 2-3 жума ичип туруш керек. Бул төштүн оорусун таасирдүү азайтат.

Косметикалык каражат

Сүт – бул эң сонун косметикалык каражат. Бет кургап сезимтал жана аллергия болгондо сүт менен бетти жууп, ар кандай компресстерди жасаса болот. Ошондой эле ал көптөгөн косметикалык каржаттардын курамына кирет. Эчкинин сүтүнөн жогорку сапаттагы бет, кол, бут майлар жасалат. Ошондой эле элдик ыкмаларда аны терини жашартуучу каражат катары колдонушат.

Сүт кимге зыян?

Сүт канчалык пайдалуу болбосун, ал көптөгөн адамдарга сунушталбайт.

Анткени, көптөгөн адамдарда лактозду иштеп чыга турган (сүт кумшекери) лактаз – ферменттери жок болгондуктан, алар сүт колдоно алышпайт. Мындай учурда адамдардын организми сүт кумшекерин толугу менен өздөштүрө албайт. Жыйынтыгында ашказан ооруп, ич көөп жана өтөт.

Аллергия

Сүт аллергия азыктарынын катарына кирет. Сүт антиген “А” кээ бир адамдардын күчтүү аллергиясын чакырганга жөндөмдүү. Ошондуктан аллергиясы бар адамдар сүткө олуттуу мамиле жасап, колдон келишинче баш тартышка туура келет. Эгер сүттү ичкенден кийин денесинен төмөндөгү белгилерди байкаса дароо токтотуп, дарыланыш керек. Мисалы, тери кычышып, жүрөк айланып, денеге бүдүрлөр чыгып, ич катуу ооруп, кусуп баштасаңыз. Ошол эле убакта сүткө аллергиясы бар адамдар кычкыл сүт азыктарын йогурт, айран, сыр, быштак колдоно беришсе болот.

Бөйрөк

Эгер бөйрөгүңүздө фосфат таштары пайда болгон болсо, анда сүт зыяндан башка эч кандай жардам бере албайт.

Жаш

Сүттү улгайып жана орто жаштан өтүп калган адамдар (50 жаштан кийин) каалашынча ичпей эле койгон жакшы. Себеби, бул азыктын курамында миристин кислотасы бар. Ал кислота атеросклероздун өөрчүп кетишине алып келет. Ал эми ал оорунун коркунучу 50 жаштан кийин башталат.

Муундарга кальцийдин туздары чогулган адамдар сүттү рациондон чыгарыш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 17:09

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   dina   18 Июнь 2015 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Мааниси окшош "Дабакер" , "Жүзгө чыгуунун жети жолу же узак жашоонун сырларынан" темалары менен бириктирилди.

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 18 Июнь 2015 - 14:42

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   Niet.   19 Июнь 2015 - 13:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 267
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 21:34

Медицина болумун таппай койдум, колум алканым ооруп атат(кисть) сооктору,мурун бир эки кундо айыгып калат эле. Азыр эч эле айыкпай жатат. Даже отжимания кылганы колум койсом ооруп атат. Кандай кылсам болот? Эч кандай физикалык нагрузка келтире албай жатам??? Кенеш бериниздер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   Lenin   19 Июнь 2015 - 14:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Просмотр сообщения Niet. (19 Июнь 2015 - 13:50) жазган:

Медицина болумун таппай койдум, колум алканым ооруп атат(кисть) сооктору,мурун бир эки кундо айыгып калат эле. Азыр эч эле айыкпай жатат. Даже отжимания кылганы колум койсом ооруп атат. Кандай кылсам болот? Эч кандай физикалык нагрузка келтире албай жатам??? Кенеш бериниздер


Рентгенге тарттыр. Доктурга бар.
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 13:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Niet. (19 Июнь 2015 - 13:50) жазган:

Медицина болумун таппай койдум, колум алканым ооруп атат(кисть) сооктору,мурун бир эки кундо айыгып калат эле. Азыр эч эле айыкпай жатат. Даже отжимания кылганы колум койсом ооруп атат. Кандай кылсам болот? Эч кандай физикалык нагрузка келтире албай жатам??? Кенеш бериниздер


Кол сөөктөрүнүн оорусу, ыңгайлуу болбогон кыймылдарды жасоодон пайда болот. Эгер оору узак убакытка созулса таяныч-кыймылдаткыч аппаратына доо кеткен болот, тезинен рентгенологикалык кароодон өтүүңүз керек.

Эгер сол алканыңыз ооруп, бул оору менен кошо көкүрөк тушуңуз ооруп, көңүл айлануу болуп жатса анда бул оору жүрөк менен байланыштуу болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 14:11

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 18:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кургак бетке кантип кам көрүү керек?
Адамдын күзгүдөй тунук, таза жүзү бет эмеспи. Кемчиликсиз, өтө таза бет – бул абдан сейрек кезигүүчү касиет жана ал өтө жаш кезде, болгондо да, айрым гана жаш адамдарда болот. Бирок, ошол беттин таасири жыл өткөн сайын алмадай тысырайган келбетин жоготуп, кургай баштайт. Себеби, жаш өткөн сайын май бездеринин иштөөсү да өзгөрөт, ал эндокриндик жана ичегикарын, ашказан оорусуна да байланыштуу болот. Мындай бетти жаш кезде жөн гана таза жууп коюу керек. Бет кургай баштаганда гана ага кам көрүү кажет. Бүгүн дал ушул кургак бетке кандай кам көрүү керектиги тууралуу сөз кылабыз.
Беттин кургактыгы теринин тубаса кургактыгынан же болбосо бетти агартуучу бетмай, спирт лосьондорду, атырларды системасыз узак убакыт колдонуудан да пайда болушу мүмкүн. Эртең менен муздак абага чыгарда, бетти жумшартылбаган муздак суу менен самындап катуу жууганда, ал кургап кетет. Кургак тери жука, назик, жылмакай келет. Ал температуранын өзгөрүшүн, сууну, жакпаган бетмайды өтө тез сезип, тырышып, тартылып же ачышып турат. Кургак теринин тешиктери билинбей жылма болгону менен, ага бырыш тез түшөт. Мындай бетти узакка чейин жакшы абалда сактоонун үч негизги эрежеси бар. Алар: туура тазалоо, майлоо жана сактоо.
Кээ бир аялдар "менин бетим кургак, ошон үчүн эч качан суу менен жуубайм" дешет. Бул – туура эмес, табигый жана жумшак суу бетке абдан керек. Мындай бетти бир жумада эки-үч ирет самындап жууп, андан кийин ага бетмай сүйкөп коюу керек. Антпесе, сууга жуулбаган бет одурайып, бырышы азаймак түгүл, көбөйүп кетет. Кургак беттерге кымбат бетмайларды же маскаларды сатып алууга акчаңызды коротуп отурбай, үйдөгү муздаткычыңыздын ичинде турган азык-түлүктөрдү эле пайдалансаңыз болот.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кургак бетке жасалуучу элдик маскалар

1. Жылуу май маскасы
Бул өтө кургак, туурулуп кетүүчү беттерге колдонулат. Бул маскага өсүмдүк майынын кайсы түрү болбосун жарай берет. Мисалы, күнкарама майы, пахта майы, жүгөрү майы. Адегенде марлини 2-3 кабаттап алып, аны ооздун, мурундун, көздүн тушунан оюп, анан аны жакшы акталган өсүмдүк майына малат да, сыгып туруп, бетке тегиздеп жабат. 10-15 мүнөт өткөндөн кийин марлини сыйрып салып, бетти лосьон менен сүртүп коюшат.

2. Быштак маскасы
Бул бетти жакшы нымдаштырат. 1 аш кашык быштакты үбөлөп, ага бир аш кашык сүт же каймак аралаштырып даярдайт. Сүттүн ордуна бир аш кашык балды же бир нече тамчы лимондун маңызын колдонсо деле боло берет.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 18:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Майлуу бетке кантип кам көрүү керек?
Майлуу бет май бездеринин катуу иштешинин натыйжасында пайда болот. Түтүкчөлөрү кенен, майлуу бет апельсиндин кабыгына окшоп турат. Кээде алардын майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот. Ал эми беттеги тешиктерге бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Аны сыгып салууга болбойт. Себеби, ырбап отуруп, андан да чоңоюп кетиши мүмкүн. Майлуу бет безеткиге жакын болгондуктан, ага кам көрүүнү жаш кезден эле баштаган оң. Майлуу беттин кургак беттен айырмасы – ал калың келип, одуракайыраак тартып, бат эле жалтылдап майланышып кетет. Өтө майлуу беттер, ал тургай, көгүш түстөнүп да кетет. Бирок, анын жылма көрүнгөн кургак беттен артыкчылыгы бар. Бул артыкчылык – анын калың жана майлуу болгондугунда. Башкача айтканда, майлуу бет күндүн нурунун, суунун, суук шамалдын териге көрсөтүүчү терс таасирлерине туруштук берет. Ошондуктан, бети майлуу адамдардын жүзүнө бырыш кеч түшөт. Мындай бетке майлуу бетмайларды колдонуунун кажети жок.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   10 Октябрь 2015 - 18:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Майлуу бетке жасалуучу элдик маскалар

1. Айран маскасы
Бир үзүм кебезди айранга малып, аны бетке 1 мүнөтчө жаап коёт. Буга 1 чай кашык быштак кошуп туруп, аралаштырып колдонсо болот. Бул маска терини кургатып, беттин майлуулугун азайтат.

2. Ачыткы маскасы
20 грамм камыр ачыткыга 1 чай кашык лимон же клюква маңызын кошуп аралаштырып алат. Бул маска терини тазалап, жумшартат жана беттин майлуулугун азайтат.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   Nurmatova   23 Октябрь 2015 - 20:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Көпчүлүк адамдар “ооруп калдым” дегенче дароо дарыканага барып дарыгердин көрсөтмөсү жок эле түрдүү дарыларды өз алдынча алып ичишет. Убактылуу оорусун басканы менен ал дарылардын организмге канчалык зыяны бар экенине маани беришпейт. Адам организми көп кабылчу ооруларды эң пайдалуу элдик ыкмалар менен дарыласа болот. Эмесе, үйрөнүп алыңыз.

Ичегилерге жел турууда

– Ичегиге жел турганда жардам берүүчү эң жакшы каражат - укроп. Бир аш кашык укроптун уругун майдалап, анын үстүнө 1,5 стакан кайнак суу куюп, үч саатка демдеп иче бересиз. Суткасына үч маал тамактанардын алдында ушул эле өлчөмдү ичип турасыз.
– Ичегиге жел турганга
натыйжалуу элдик каражаттардын дагы бири - кара туз. Кара тузду даярдоо үчүн бир кара нанды тарелкага салып, үстүнө 250 г кадимки тузду сээп аласыз. Ага суу кошуп жумшартып камыр кылып жууруйсуз да, томолоктоп туруп духовкага салып бышырасыз. Бышкан нан муздаганда аны кыргычтан өткөрсөңүз кара туз даяр болот. Аны кадимки ашканадагы тузуңуз менен алмаштырып тамак-аш даярдоого колдонуңуз да, үй-бүлөңүз менен ичегиңиздерге жел турганын унутуңуздар.
– Грек, кедр жаңгактарынан 100 граммдан кошуп аны бирдей массага келгенче майдалап аласыз. Ага кабыгы, данеги менен майдаланган лимонду, дарыканадан 30 г тазаланган ылай сатып алып аларды кошосуз. Даамы жагымдуураак болуу үчүн бал кошосуз да, жакшылап аралаштырып алып, күнүнө эки ирет бир аш кашыктан тамактанардын алдында жеп турасыз. Кошулманы муздаткычта сактоо керек.

Дене табы көтөрүлгөндө

– Жарым литр сууга 9 пайыздуу алма уксусунан бир аш кашык кошуп, аны дене табы көтөрүлгөн адамдын чекесине, колуна, бутуна сүртүп чыгасыз. Чоң адамдардын денесине да толук сүртүп дене табын түшүрсө болот. Ал эми жаш балдардын байпагын бул аралашма менен суулап туруп кийгизип койсо, дене табынын түшүшүнө жакшы жардам берет.
– 1 стакан ысык сүткө бир чай кашык бал, бир тишче майдаланган сарымсак кошуп ичүү менен дене табынан кутулуп, чыйрыгуудан арылсаңыз болот. Сарымсак менен бал антибактериалык касиетке ээ болгондуктан иммундук системаны жөнгө салат. Балдар үчүн да бул кошулма эч коркунучсуз дары болуп эсептелет.

– Дене табын түшүрүүдө
картошка жана пияз эң мыкты каражат болуп саналат. Тууралган пиязды ысып турган чекеге басуу керек. Ошондой эле таманга пияз менен картошканын бир канча кесимин коюп байпак кийип алыңыз.
– С витамини организмдеги инфекция менен күрөшүп, адамдын дене табын түшүрөт. Ысык лимон суусундугу сиздин организмди чыйрыгуудан арылтат. Ал үчүн үй шартында лимондун ширесин сыгып, аны кайнаган сууга кошуп, бал же шекер аралаштырып коюңуз. Бул суусундукту улам акырындан ичип туруңуз.

Жүрөк айланууда

– Жүрөк айланып кусуудан кутулуу үчүн нашатырь спиртин мурдуңузга такап дем аласыз, оозуңузга валидол таблеткасын же сормо конфет салып алыңыз.
– 250 мл сүткө 1 чай кашык кургатылган чалканды кошуп жай отто 5 мүнөт кайнатасыз. Алгач анын 1ө3 бөлүгүн ичесиз, эгерде жүрөк айланууңуз токтобосо, ар 2-3 саатта 1 аш кашыктан ичип туруу менен арыласыз.
– Жүрөк айлануунун алгачкы белгилеринде жарым лимондун ширесине жарым чай кашык тамак-аш содасын кошуп, же болбосо жарым чай кашык соданы 250 мл ысык сууга кошуп ичүү сунушталат.
– 2 чай кашык ромашка, 1 чай кашык розмарин, 1 чай кашык шалфей чөптөрүнүн кургатмасына жарым литр кайнак суу кошуп 15-20 мүнөт демдеп коёсуз. Аны төрт саатта өтө көп эмес бир ууртамдан ичип туруңуз.
– Жалбыздын 1 аш кашык кургатылган жалбырагын 250 мл кайнак сууга демдеп 2 саат тыныктырып коёсуз. Күн бою 3-4 саат сайын 1 аш кашыктан ичесиз.

Жөтөлдө

– Бир чоң өлчөмдөгү лимонду алып шире чыгаргычтын жардамы менен стаканга ширесин сыгып аласыз. Анын үстүнө эки аш кашык глицерин, стакан толгуча бал кошосуз. Жакшылап аралаштырсаңыз сироп болуп чыга келет. Эгерде жөтөлүңүз катуу болсо, бир чай кашыктан күнүнө 6 жолу, анчалык эмес болсо бир нече жолу ичсеңиз болот. Чоңдорго да, жаш балдарга да сунушталат.
– Бир литр кайнак сууга эки пияз менен бир стакан шекер кошуп жай отто бир саат кайнатасыз. Даяр болгон кошулмадан пиязды алып салып, ысык кылып күнүнө жарым стакандан 3-4 жолу ичесиз. Балдарга 50 миллиграммдан берсеңиз болот. Муздак эмес, жылытып ичиңиз.
– Кургак жөтөлдө тамакты жумшартуу үчүн каакым өсүмдүгү - абдан мыкты каражат. Аны даярдоо жолу да эң оңой. 1 аш кашык кургатылган каакымга 200 мл кайнак суу кошуп демдеп алып, аны саат сайын 1 аш кашыктан ичип турасыз.
- Бронхитке жана кекиртектин суук тийүүсүнө картошка ингаляциясы натыйжалуу. Майда картошканын кабыгын аарчыбай туруп мискейге салып бышырасыз. Бышкан картошканы чыгарып алып, башыңызга жука одеял жаап буусу тараганча оозуңуз менен дем алып турасыз. Бул ыкманы төрт саат сайын кайталоо менен оорудан кутула аласыз.

Ич өткөктө

– Тооктун бөтөгөсүнүн сары кабыгын сыйрып алып, аны таза жууп тарелкага салып сыртын кургатасыз. Кургагандан кийин банкага салып узак убакытка коюп койсоңуз, ал кактай болуп кургап чыгат. Эми аны үбөлүк менен майдалап, электен өткөрүп, порошогун идишке салып аласыз. Ич өткөктө чоң кишилер бир аш кашык, жаш балдар жарым аш кашыктан суу менен ичип алса ич өткөктү дароо токтотот. Болбосо эртеси да ушундай өлчөмдө ичип коюңуз.
– Бир чымчым картошка крахмалын бир аш кашык кайнаган жылуу сууга кошуп ичсеңиз ич өткөктү басат.
– 80 г таза аракка бир чай кашык туз кошуп ичип койсоңуз да оорудан сакаясыз.
– Бир даана пиязды аарчып алып, аны бири-биринен ажырабай тургандай кылып капталын крест түрүндө сызып аласыз. Бул пиязды стакандагы ысык, бирок өтө кызыл эмес кантсыз чайга салыңыз. 10 мүнөттөн кийин бул чайды суунун ордуна иче берсеңиз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 01:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: