ӨЗ БАКТЫСЫН БАКТЫСЫЗДЫК ЖОЛДОН ИЗДЕГЕН КЫЗ-ЖИГИТТЕР
Азыркы замандагы жаштар башкача деңгээлде өсүп жатышат. Жаштардын көпчүлүгү кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экендигин билишсе да алардын арасынан кыз-жигит болуп жүрүү туура деп жактагандары да бар.
Бул жашоодо ар бир адам бактылуулукту издейт. Кимден сурабайлы, бактылуу болсом деп тилейт. Ар бир эркек менин аялым ыймандуу болуп, келечектеги балдарыма татыктуу эне болуп берсе экен дейт. Ошондуктан ыймандуу, кулк-мүнөздүү аял алууну каалайт. Ошондой эле ар бир кыз да келечектеги күйөөсүн эң жакшы, мени түшүнгөн күйөө болсо деп тилейт. Эң негизгиси бактылуу болуп жашасак болду дейт. Демек, бул жашоодо баарыбыз бакыт издейт экенбиз, сен да, ал да, кыз да, жигит да, бири да калбай бакыт издешет.
Эми карап көрөлү, биз чындап эле бакыт жолуна түштүкпү?!
Жаштар мына турмуш жолуна кадам коюп жатышат, карасаң баары эле эки-экиден жетелешип алып кыз-жигит болуп жүрүшөт. Алар кыз-жигит болуп жүрүп бактыларын табыштыбы?
Мурдагы ата-бабаларыбыздын заманында азыркыдай кыз-жигит болуп ээрчишип жүрүү деген түшүнүк жок эле. Ошол убакта ажырашуу, аборт кылуу, зордуктоо, ата-энесинин уруксатысыз өз алдынча жүрүү деген түшүнүк болгон эмес. Ал убактагы адамдар азыркыдай көйгөйлөрдөн алыс жашаган. Бүгүнкү күндөгүдөй ажырашуулар болгон эмес, ал эми акыркы кездерде ажырашкандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.
Эми ойлонуп көрөлү, мурда жашоо кыйын болсо да үй-бүлөдө ынтымак, биримдик болгон. Азыркы кезде адамдардын материалдык турмушу оңолду, бирок эмне үчүн үй-бүлөлөр бузулуп жатат? Үй-бүлөдө ынтымактын кетишине эмне себеп болуп жатат?
Азыркы жаштарда уяттуулук деген түшүнүк такыр өзгөрдү, алардын арасында бузукулук күчөдү, никесиз төрөгөн кыздар, үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектер көбөйдү. Ачыктан-ачык эле жаштар эки-экиден болуп алып кечелерге, түнкү клубтарга барып жатат. Коомдо мындай күнөө иштер кадимкидей эле көрүнүшкө айланып баратат. Булардын баарына эмне себеп болуп жатат? Ал эми мектепте окуган секелек кыздардын жарымы мектепти бүтпөй жатып кыздыгынан айрылса, кээ бири кош бойлуу болуп шерменде болгондору да жок эмес. Келечекте мындай кыздардан кандай эненлерди күтүүгө болот? Балким мындай күнөөлөрдүн жайылыша жаштардын кыз-жигит болуп жүрүүсү да себеп болуп жаткан жокпу? Эгерде кыз-жигит болуп жүрүү жаштардын келечектеги үй-бүлөлүк бактысына коркунуч алып келсе, анда биз бактысыздыктын жолуна түшүп алып бакыт издеп жатсак, анда биз бактылуулукка кантип жетебиз? Кантип бактылуулук издеп жатабыз деп айта алабыз?
Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Зынаага жакындабагыла,
анткени ал эң ыплас, жаман жол». (Исра сүрөөсү, 32-аят)
Аллах таала Куранда мындай деп айткан:
«Кимде-ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда ага машакаттуу тар жашоо болот». (То-Ха сүрөөсү, 124-аят)
Эй, мусулман бир тууганым!
Эмнеге сен кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экенин билип туруп, аны токтотууга аракет кылбайсың. Сен аны күнөөгө азгырып алдап жүргөн кыз, сага окшогон бирөөнүн карындашы, келечекте бирөөнүн энеси. Балким айтаарсың, жүрөт десе мен силер ойлогондой жүрбөйм, жөн гана бири-бирибизди жакшыраак билиш үчүн эле деп айтаарсың? Эртең эле сен да кыздуу болосуң, ошондо ыраазы болот белең сенин кызың бирөө менен жетелешип жүрүп, аны бир канча убакыт колдонуп, анан сенден жакшы аял чыкпайт деп кызыңды таштап кетсе, сен муну кандай кабыл алат элең?
Сен азыр ушинтип бир кызды алдап жүрсөң. Ошол кыздын абийирин төгүп, сыздатып туруп талаага таштап кетсең эле баары бүтөт деп ойлойсуңбу?
Билип кой, Аллах таала бир убакта сенин башыңа да ошондой түйшүктү салганда, сен ошолорго каршы чара көргөнгө алың келбей калат. Анткени сен да убагында бирөөнү сыздаткансың,
сен да бирөөнү ыйлаткансың,
абийирин төккөнсүң. Сен да бирөөнү бузгансың, бирок билип койгун, жакында сен да аял аласың, сен да кыздуу болосуң. Мына ошондо сен кылгандай бирөө да сенин кызыңды, эже-карындашыңды кантип бузуп кеткенин билбей каласың. Азыр бирөөнү бузган болсоң, бир күнү сен дагы ошонун абалына түшөөрүңдү билип кой. Мына ошондо Аллах Таала бирөөгө кылган жамандыгыңды өз башыңа салат. Анткени Аллах Таала адилеттүү Зат. Эгерде сен бүгүн бирөөнү кордогон болсоң, эртең сени да бирөө кордойт. А балким сен кордолбосоң да, сенин кызың кордолушу мүмкүн. Ошондо сен аргасыздан айтасың, азыркы жаштар бузулду, жаштардан уят кетти деп. Ошого ким себеп болду? Сен дагы ошого себеп болгонсуң. Ошондуктан сен өзүңө каалабаган зыянды башкаларга да каалаба. Эгерде сен келечектеги кыздарыңдын абийирдүү болушун кааласаң, анда кыздардын абийирин бузба.
Эмне үчүн шарият кыз-жигит болуп жүрүүнү тыйган деп ойлойсуң? Анткени аялдар алсыз жаратылган.
Аллах Таала аялдарды ушунчалык назик, ишенчек, адамдын көңүлүн ооруткусу келбеген мээримдүү, боорукер кылып жараткан. Ошону адамдын абийирин сыйлабаган,
адамгерчилиги жок эркектер пайдаланып кетбесин деп, алардын алсыздыгынан башка бирөө пайдаланып койбосун деп шарият кыз-жигит болуп жүрүүнү тыйган. Шарият дайыма алсызды коргойт, алсызды күчтүү кордосо, анда алсыздын таламын талашат. Анткени Аллах Таала шариятты адамдар өз ара ынтымакта, биримдикте жашоолору үчүн түшүргөн.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан:
«Эгерде аял менен эркек жалгыз калса, анда алардын үчүнчүсү шайтан болот». (Тирмизи)
Абу Умама риваят кылды: «Бир жигит Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) келип: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага зынаа кылууга уруксат бериңиз»,– деп сурады. Ошондо адамдардын баарысы ага жабалактап:
«Сага балээ болсун!»,– деп жемелеп киришти. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Бери келчи»,– деди. Ал жигит Пайгамбарга жакын келгенде, ага кайрылып: «Кел, жаныма олтурчу»,– деп айтты, ал жигит отурду. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам):
– «Сен ушул нерсени өз энеңе каалайт белең?»– деди.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын), Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп жооп берди. Ошондо Пайгамбарыбыз айтты:
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз энесине каалабайт. Ушул нерсени кызыңа каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз кызына каалабайт. Ушул нерсени эжеңе каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз эжесине каалабайт. Ушул нерсени атаңдын эже-карындаштарына каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз эжелерине каалабайт. Ушул нерсени тайежеңе каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахга ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз тайежесине каалабайт»,
– деп ал жигиттин көкүрөгүнө колун коюп: «Оо, Аллах! Мунун күнөөсүн кечир, жүрөгүн тазарт жана анын абийирин таза сакта»,– деп дуба кылды. Мына ошондон баштап ал жигит таптакыр зынаага көңүл бурбай калды».
Аллах таала ыйык Куранда ыймандууларга кайрылып:
«Ыймандуу эркектерге айткын: «Ар кайсы аялдарды карай берүүдөн көздөрүн сактап, уяттуу жерлерин бузукулуктан сакташсын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында Аллах алардын кылган иш-аракеттеринен Кабардар»,– деген. (Нур сүрөөсү, 30-аят)
Адам шайтанга азгырылбаш үчүн көздөрүн күнөөдөн сакташ керек. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Алиге мындай деп айтты:
«Эй, Али! Бир карагандан кийин экинчи жолу караба! Экинчи караганың сен үчүн күнөө болот».
Аллах Таала Куранда минтип айткан:
«Эй, Пайгамбар!
Аялдарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: «Үстүлөрүнө сырткы кенен кийимдерин жабышсын. Бул – алардын таанылуусуна жана кордук көрбөөлөрүнө жакыныраак.
Аллах – Кечиримдүү,
Мээримдүү».
(Ахзаб сүрөөсү, 59-аят)
Азыркы кездеги кыздардын көпчүлүгү Аллахтын дини менен жашоо канчалык зарыл экендигин толук түшүнбөстөн,
муну ресторан-кафе менен алмаштырып,
өздөрүнүн негизги максаттарын унутуп коюшту.
Эй, карындашым!
Сен өз билгениңди кылып жүрүп, эртең боюңда болуп калса, ата-энеңдин алдына кантип барасың? Бул убакта сени жигитиң эле эмес, сени эң жакшы көргөн ата-энең да сени жерийт. Азыр минтип жүргөнүңдү шайтан кызык көргөзүп жатат, шайтанга азгырылба. Себеби жигитим деп жүргөн адам бир күнү сенин абийириңди төгүп, анан сени керексиз буюмдай таштап, өзү башкага үйлөнүп алганда, ошондо кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экендигин түшүнөсүң. Бирок ал убакта кеч болуп калат. Акылдуу адам бирөөлөрдүн катасын көрүп өзүн оңдойт. Ал эми акылсыз адам өзү ошол катага түшүп зыян тарткандан кийин гана түшүнөт. Ал жигитиң сени алдап жатат. Эгерде анын сага үйлөнөм деген ниети болсо, анда атаңа жуучу жөнөтөт, урматың менен үйлөнөт. Сен ойлоп жатасыңбы, ал бирөө менен ээрчип жетелешкен кызга үйлөнөт деп. Ал өзүн өзү билген, көрүнгөн менен жетелешип көп баскан кызган эч качан үйлөнбөйт. Ошондуктан шарият мындай күнөө иштерден тыйган.
Аллах Таала ыйык Куранда:
«Эй ыймандуулар!
Шайтандын жолуна түшпөгүлө!
Ким шайтандын жолуна түшсө, албетте, аны шайтан бузукулукка жана күнөөгө азгырат. Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы, мээрими болбогондо силерден эч кимиңер эч качан туура жолду таба албайт элеңер. Бирок Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго салат. Аллах – баардык нерсени Угуучу, Билүүчү»,– деген. (Нур сүрөөсү, 21-аят)
Аллах таала Курандын башка аятында мындай деп айткан:
«Ыймандуу аялдарга айткын: «(Ар кайсы эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сактап, уяттуу жерлерин (бузукулуктан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтүшпөсүн,
бирок кийингенден кийин (жүзү, колу, бутунун томуктан ылдыйкы бөлүгү көрүнсө) эч нерсе эмес». (Нур сүрөөсү, 31-аят)
Мурда элибизде эркектер менен аялдар аралашып отурганы уят болсо, азыркы күндө эркектер менен аялдар аралашып отурбагандын өзү уят деп эсептелип калды. Эркектер менен аялдар аралашып олтурганга болбойт деп айтылса көпчүлүк таң калат. Адамдардын динден алыстаганынан улам жашоодогу көз-караштар тескери болуп калды. Уятсыздыкты уяттуу эмес катары эсептеп, уяттуулукту уят катары эсептеп калды. Мындай аралашуу адатка айланды. Бул аялдын кадыр-баркына доо кетирип, ушак-айыңга калып, ар кандай күнөөлөрдүн көбөйүүсүнө себеп болууда.
Кыз-жигит болуп жүрүп баш кошуунун зыяндары өтө көп, алардын кээ бирлерин айта кетсек:
1. Сүйдүм-күйдүм деп жүрүп, бири-биринин айыптарын көрбөй, турмуш кургандан кийин көрүп, анан жактырбай калат. Анткени шайтан аларга кооз кылып көргөзө берет. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
«Чындыгында шайтан адамдын каны менен кошо айланат». (Сахих Бухари)
2. Бири-бирине ашык болгондор бул жашоону романтика, сүйүү түгөнбөйт, дайым ушундай болот деп ойлошот. Ошондуктан жалаң гана сүйүү жөнүндө сүйлөшөт. Жашоодогу кыйынчылыктар,
милдет-жоопкерчиликтер жөнүндө такыр сөз козгобойт. Ушундай ойлогондору үчүн үйлөнгөндөн кийин жашоо кыйынчылыктары булар күткөндөн такыр өзгөчө болуп чыгат, натыйжада алар өзгөрүп бири-бирине башкача мамиле жасай башташат.
3. Кыз-жигит болуп жүргөндөр бири-бирине көргөзгөн жылуу мамилени, боорукерликти,
урмат-сыйды ж.б.у.с көрүнүштөрдү чындык катары кабыл алышат. Бул нерселер дайым улана бербейт. Никеден кийин адамдын чыныгы жүзү, мамилеси ачыкка чыгат. Анткени ага чейин экөөсү тең жалан гана жакшы жактарын көргөзүүгө аракет кылышат. Берилген суроого жалаң гана жакшы жоопторду айтат. Мисалы, “Ачууланасынбы?
”– десе, “Жок”,– дейт. “Аялын урган эркектерге кандай карайсың?”– десе, “мен андай эркектерди эркек деп эсептебейм”,
– дейт. Эч бир адам ичиндеги нерсесин ачылып айтпайт. Эч бири айтпайт “мен ушундай ороймун, эгер жинге тийсе, аял кишинин көңүлүнө карабайм” деп айтпайт. Кыргызда сөз бар го “Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным” деген, ошол сөз бекеринен айтылган эмес. Эч бир кыз айтбайт мен ушундай ажаанмын, эгер көңүлүмө туура келбесе, көк беттигим кармап калат. “Кыз кезинде баары жакшы жаман аял кайдан чыгат” деген сөздө чындык нерселер бар. Мына ошентип никеден кийин көйгөйлөр башталат.
Мындан башка дагы көптөгөн зыяндары бар. Сен ойлойсуң, мен сүйлөшүп жүрүп тандап алсам жашоом жакшы болот деп. Эч качан мындай болбойт! Сен билбейсиң, сен жакшы деген адам, жаман болуп чыгышы мүмкүн, сен жаман деген балким жакшы адам болушу мүмкүн. Сен сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүп тандап алган кызың сага кийин жакбай да калышы мүмкүн. Демек, сен үйлөнөм деп канча сүйлөшүп жүргөн болсоң да бир күнү баары бир ал сага жакбай калышы мүмкүн. Эгер буюм болсо аны башкасына алмаштырып аласың, а сенин өмүрлүк жубайың болгон соң андан балалуу болгондон кийин кантесиң? Чыныгы сүйүү – бул никеден кийинки сүйүү. Ага чейинки сүйүү деп атап жүргөн нерсе суктануу, шайтандын азгырыктары.
Анткени бул убакта экөө бири-бирин реалдуу жашоодогу мээримин көрүп сүйөт. Шарият боюнча үйлөнүүдө такыр көрбөй туруп үйлөнүш керек деген сөз эмес. Келечектеги жубайын никеден алдын жолугуп сүйлөшүп көрүүгө уруксат берилген. Бирок жолугушуу жалгыз эмес кыздын жанында ага жакын туугандарынан бирөө жарым болушу шарт.
Мугийра ибн Шуьба (радыяллаху анху) үйлөнүү үчүн бир аялга жуучу жөнөткөндө Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага: «Аны бир көргүн, чындыгында аны көргөнүң – экөөңөрдүн ортоңордо тунук сүйүүнү пайда кылган эң абзел иш»,– деп айткан.
Эркектердин намысын, кыздарыбыздын абийирин, үй-бүлөлөрдүн ынтымагын сактоо үчүн биз никегеге чейин кыз-жигит болуп жүрүүдөн жана зынаадан сактануубуз керек жана башкаларды да бул күнөө иштерден тыюубуз керек. Ар бир оорунун дарысы бар сыяктуу ар бир көйгөйдүн чечими бар. Ошондуктан кыз-жигит болуп жүрүү бул күнөө деп эле калбастан, андан кутулуу жолдорун да бар:
1) Аялдар менен эркектердин аралашып отуруулары күнөө экендигин ар бир адам билиш керек.
2) Адамдарды жакшылыкка чакырып, күнөө иштерден тыюу.
3) Аялзатына мүнөздүү болгон уяттуулук сапатына көңүл буруу.
4) Кыз бойго жеткен кезде аны турмушка берүү.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон адам (кызыңарга) куда түшүп келсе, анда ага кызыңарды турмушка бергиле»,– деп айтты.
5) Эркектер намыстуу болуп үй-бүлөсүн, эже-карындаштарын туура жолго баштоосу керек.
Аллах таала Куранда ыймандууларга кайрылып мындай деген:
«Эркектер – аялдардын үстүнөн башкаруучу.
Анткени Аллах бирөөсүн экинчисинен (башкаруучулук сыпатта) абзел кылды». (Ниса сүрөөсү 34-аят)
6) Эркектер үйлөнүүгө шарты болсо кечиктирбей үйлөнүү. Абдулла бин Масьуд (радыяллаху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтканын айтты: «Эй,жигиттер!
Кимиңердин үйлөнүүгө шартыңар болсо, анда (кечиктирбей) үйлөнгүлө!
Анткени үйлөнүү адамды зынаадан жана көздү күнөөдөн сактайт. А эгер үйлөнүүгө шартыңар болбосо, анда орозо кармагыла. Чындыгында,
бул (силерди күнөөдөн сактоого) эң жакшы жол».
Кыз-жигит болуп жүргөндөр суйушкондор
#2 15 June 2015 - 01:17
7) Күнөөлөрдү таштоого чечкиндүү чечим кылып, тообо кылып кайра кайтбоо жана дайыма жакшы тилектерди айтып дуба кылуу.
8) Аллахтын өкүм-буйруктарына моюн сунуу.
Аллах таала ыйык Куранда ыймандууларга кайрылып:
«Аллах жана Анын Элчиси кайсыл бир иш тууралуу өкүм чыгарса, ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын ага каршы чыгуусуна ыктыяр берилбейт». (Ахзааб сүрөөсү, 36-аят)
«Чындыгында ыймандуулардын араларында өкүм берүү үчүн Аллахка жана Анын Элчисине чакырылганда, алардын сөзү: “Уктук жана моюн сундук”,–деген гана сөз болот. Мына ошолор – ийгиликке жетүүчүлөр». (Нуур сүрөөсү, 51-аят)
«Эгер, чындыгында, айылдардын тургундары ыйман келтиришип такыба болушканда – Биз аларга Асмандан жана жерден берекелерди ачып жибермекбиз. Бирок (аяттарды) жалганга чыгарышты. Аларды өздөрү кылган күнөөсүнөн улам (азапка) салдык». (Аараф сүрөсү, 96-аят)
«Чындыгында сабыр кылуучуларга сооп-сыйлыктары эсепсиз берилет». (Зумар сүрөөсү, 10-аят)

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#3 15 June 2015 - 01:53
Кыз-жигит болуп жүрүүнүн эң ыплас жагына эле асылып албай эки жакка обьективдүү караса болбойбу?
Мисалы,баардык эркек эле кызды эптеп бузуш үчүн жүрбөйт.Анын мүнөзүн билүүгө,дилин өздөштүрүүгө, ага көнүүгө,сөздөрүн жүрөгүнө сиңдирүүгө, турмуш курууга алдын ала даярдоого,деги койчу айта берсең көп,кыскасы аны өмүрлүк жарга ылайык экендигин билүү үчүн гана кыз-жигит болуп жүрүшкөндөр толтура.
Ал эми кыздын абийирине кол салыш үчүн гана жасалма "сүйдүм,күйдүм" деп жүргөндөргө сөз жок.Алар да убагы келсе өз жазаларын алаарына шек жок.
Кыз кишинин кандай адам экенин билбей туруп үйлөнүп алуу бул-караңгылык! Билем,шариятка, илгерки учурларга шылтайсыңар. Бирок,азыркы учур менен илгерки учурдун адамдары,аң- сезимдер,калоолор эки башка.
"Сүйүү никеден кийин башталат" деп тобокелге салып,божомолдоп үйлөнүү да караңгылык! Үйлөнөөрдүн алдын эки жаш бири-бирин билип,бири-бирине көнүп,анан үйлөнгөн бул эң туура жол.
Жакшылап оку! Мен кыз-жигит болуп алып өбүшүп,бир төшөктө жатып,таңды бир төшөктө аттыргандар тууралуу жазбадым.

Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#4 15 June 2015 - 02:00

Айтканынызда чындык бардай.
Бирок ислам дининде кыз-жигит болуп журуу куноо болуп саналат эмеспи?
Кыз-жигит болуп суйлошуп журуп, уйлоно турчу болсок, илгерки салт-санаабызды, батыштын салт-санаасына алмаштырган болуп калбайбызбы?
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 15 June 2015 - 02:06
Айтканынызда чындык бардай.
Бирок ислам дининде кыз-жигит болуп журуу куноо болуп саналат эмеспи?
Кыз-жигит болуп суйлошуп журуп, уйлоно турчу болсок, илгерки салт-санаабызды, батыштын салт-санаасына алмаштырган болуп калбайбызбы?
Бирок ислам дининде кыз-жигит болуп журуу куноо болуп саналат эмеспи?
Кыз-жигит болуп суйлошуп журуп, уйлоно турчу болсок, илгерки салт-санаабызды, батыштын салт-санаасына алмаштырган болуп калбайбызбы?
Күнөө болуп саналаарын билип туруп ошентип жаздым.Байкасаңыз "шариятка шылтайсыңар" деп жазылып турат.
Ошол батыш жакка ооп бара жатканыбыз үчүн "азыркы учур менен илгерки учурдун адамдары эки башка" деп жазып өттүм.
Эки жакка жакшылап саресеп салсаңыз биз алда качан ооп,кээ бир салт-санаабызды чанып,жаңы кадамдарды жактырып,кээ бир сөздөрдү унутуп жаңы стилдеги пикир алышууга өтүп калганыбызды байкай аласыз...
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#6 15 June 2015 - 08:14
Тайная жазыватат:"
Мурдагы ата-бабаларыбыздын заманында азыркыдай кыз-жигит болуп ээрчишип жүрүү деген түшүнүк жок эле. Ошол убакта ажырашуу, аборт кылуу, зордуктоо, ата-энесинин уруксатысыз өз алдынча жүрүү деген түшүнүк болгон эмес. Ал убактагы адамдар азыркыдай көйгөйлөрдөн алыс жашаган. Бүгүнкү күндөгүдөй ажырашуулар болгон эмес, ал эми акыркы кездерде ажырашкандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат."
Туура,
1. ажырашуу ото аз болгон, болгон эмес. Аялдар балдарына байланып, элдин созунон коркуп зулум, кызыл камчы жолдошу менее жашаган, кээси олуп деле кете берген.
2. Аборт кылуу, зордуктоо болгон, бирок мындайды жашырышкан. Албетте, бугункудой масштабдагы зордуктоолор болбогону менен, кыздын этек кири келип- келбей куйоого узатышкан,аялы кааласа- каалабаса деле куч колдонуп зордуктаган эрлер болгон, просто бул норма деп карангы эл тушунгон эмес.
3. Ажырашкан эмес, бирок токол алуу деген болгон. Чон, бай кишилер чиедей кыз менен никеге турганы азыр жаш кыздарды зордуктаган эргулдардын кылыгынан эмнеси кем?
Азыркылардын чыдамы жок деп жазсаныз кошулмакмын, ошондо да журок сырындагы айрым темалардын бар экендиги бул жерде да кумон жаратмак.
Уй- булонун ураганына, менимче, кыз- жигит болуп журуу эмес, азыркы кыз- жигиттердин коз алдында толук уйбуло улгусунун жоктугу( же атасы Россияда, же апасы), тарбиянын толук эместиги жана оз укуктарын билген менен оз милдеттерин унутуп койгондугу болуп эсептелинет.
Сиз айткандай шариат менен гана уйбуло курганга жетишкен маалда деле кыз- жигиттин тарбиясы дал келбесе, бул тарап деле иш жузундо ыплас нерсеге айланып ктуусу турган иш. Токол алуу кобойот- уйбуло формально бар, а чын- чынында жолдошу жолдоштой, аялы аялдай эмес. Демек уйбуло курганга чейин жаштарды буга даярдоо керек го дейм, же жаштар озун озу акыл токтотуп даярдоосу абзел.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#7 15 June 2015 - 09:38
Оттун куйгузуучу касиети бар экенин бир жерибизди куйгузбой туруп эле билебиз. Кыз - жигит болуу арам экенин билип туруп, анда эмнеге кыз - жигит болушат?! Аллах адамга суйуу сезимин берген, биз бироону суйууго акыбыз бар, бирок ошол суйуу шарияттын тартиби менен болуусу абзел, а кыз - жигит болуу - бул шариятка каршы нерсе. Аллах буга тыйуу салгандан кийин эч кандай шылтоолор жарабайт: " жакындан таанышуу, конулун алуу, кыялдарды билуу, тырым - пырым" ошол тырым - пырым бойдон эле калат. Пайгамбарыбыз айткан: " то что запретно, запретно и в малом количестве"
, демек кыз - жигит болууга тыйуу салынгандан кийин, айтылган шылтоолорго дагы тыйуу салынган.
Суйуу адамга айтпай - дедирбей келет, кутпогон жерден журоко бир тебет, бирок "суйуу" - десе эле адамдык сапатты жоготуп койуу шарт эместа. Бироого коз салдынбы, аны таанып - билгин келеби, кыял - жоругун билгин келеби? Байкаштыр (наблюдай), ошондо адамдын нак жузун, нак кыялын билип аласын. Анткени байкоого алынган адам аны байкаштырып жургонун сезбей, озу кандай болсо, ошондой алып журот.
Кыз - жигит болуу - бул шайтандын азгырыгы, анткени ал кандай кырдаал болбосун, кырдаалдын чечилишин корсотпойт, же жаман чечимге ундойт. Бул жерде кырдаал " суйуу", шайтан суйуудо кыз - жигит болуудан башка чечим (выход) жок экенин айтып, корунгон шылтоолорду шыбырайт.
Аллах суйуудо канчалаган чечимдерди берген, алардын бири ойдо жакта аталып кеткен "байкаштыруу" . Эгер эки адам бири - бирине буйрулган болсо, бир корушуп деле чогуу болушат, буйрулбаган болсо жуз жыл кыз - жигит болсо дагы чогуу болушпайт, болушса дагы бир аз убакытка эле, андан кийин баары бир ажырашуу болот. Ошондуктан, орусча айтканда: "не гадая наверняка" , кыз - жигит болуп абройду кетирип, куноого батып кереги жок. Озгочо кыздарга. Ар - бирибиздин уйубуздо дежурные тапочки болот, ал чокойду алыскы тууганын, жакын тууганын, досун, кошунан келеби бере коёсун. Коноктордун келишине жараша чокойдун тамтыгы чыгат. Кыздар деле ошондой: "балким бул менин тагдырым, балким бул менин бешенеме жазып койгону, балким, балким" болуп отуруп кыздын кыз сапаты кетет, аброю тугонот, Кудай бербесин, уяты жоголот. А кайсыл намыстуу, ыймандуу жигит ушундай кызга уйлонот?!

brother
#8 15 June 2015 - 10:21
Кыз жигит болуп жургондун баарын эле бузукулар деп ойлогон болбойт да. Уйлонгу чейин кичине нарак берагын карайсында э. Созсуз эле бузуку жолдо журбойсун да.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#9 15 June 2015 - 10:22
Кыз жигит болуп жургондун баарын эле бузукулар деп ойлогон болбойт да. Уйлонгу чейин кичине нарак берагын карайсында э. Созсуз эле бузуку жолдо журбойсун да.
.
Айжан эже плюс
.
Айжан эже плюс
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#10 15 June 2015 - 11:24
Кыз жигит болуп жургондун баарын эле бузукулар деп ойлогон болбойт да. Уйлонгу чейин кичине нарак берагын карайсында э. Созсуз эле бузуку жолдо журбойсун да.
ай ким билет, ким билет? Адамдын мунозу ушундай жаралган: болгон сайын болсун боло берет дагы болгон нерселер аздык кыла берет. Кыз - жигит болууда деле ошо: "ары - бери жагын карайм" болуп отуруп, кантип кучакташып калганынарды билбей каласын. Ылайдын четин бастынбы, ортосун бастынбы, баары бир ылай болосун. Кыз - жигит болгондо деле ошо: жаман иш кылдынбы, кылбадынбы, баары бир бузулдун, Аллахтын буйругуна каршы чыктын. Аллахка каршы чыккан сон, кайдагы бактылуу уй - було жонундо кеп болсун?!
brother
#11 15 June 2015 - 12:19
ай ким билет, ким билет? Адамдын мунозу ушундай жаралган: болгон сайын болсун боло берет дагы болгон нерселер аздык кыла берет. Кыз - жигит болууда деле ошо: "ары - бери жагын карайм" болуп отуруп, кантип кучакташып калганынарды билбей каласын. Ылайдын четин бастынбы, ортосун бастынбы, баары бир ылай болосун. Кыз - жигит болгондо деле ошо: жаман иш кылдынбы, кылбадынбы,
баары бир бузулдун, Аллахтын буйругуна каршы чыктын. Аллахка каршы чыккан сон, кайдагы бактылуу уй - було жонундо кеп болсун?!
Демек кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөндөрдүн баары Аллахга каршы чыккан күнөлүүлөр турбайбы ээ? Демек азыркы жаштардын 80 пайызы күнөлүү байкуштар экен да,туурабы? Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошуп үйлөнүп,бактылуу бир үй-бүлөө болуп жашап жаткандар деле бактылуубу же бактысызбы иши кылса күнөөлүү адамдар болуп калышабы? Кыз-жигит болуп жүрүп анан баш кошкон эки жаштан төролгөн наристе да төролө элек жатып күнөөлүү болуп калабы ошондо? Эмнеге болбосун,шариятка каршы чыгып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошкон эки адамдан жаралып жатпайбы,эмне дебедиңиз?))
Демек сиздин оюңузча кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошуп азыр бактылууууу болуп бир жакшына жашап жаткан үй-бүлөө азыр жок! Мен сизди туура эле түшүндүмбү?
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#12 15 June 2015 - 14:18
Систер айым, унуткан окшойсуз же ноу комментпи, кыскасы,илгерки жазганынызга коз жугуртсок, сиз деле тилпондон суйлошуп, бир нече ирет жолугуп анан тийгендердин катарында болуп калат экенсиз. Бактылуусузбу?
Назик, психологдун кенешинде "Мен эркелеткен сыяктуу жылуу создорду уксам жагымсыз сезилет, мисалы: жаным, алтыным, суйом сени, журогум... Суйуктуу адамым менен мамиле узулгон сон мындай создордон такыр конул калып кеткендей. Жигит менен да суйлошкум келбей кетет бул кетиште дуйнодон жалгыз отуп кетемго? Кандай кылсам баягы жашоого кайтам? " дегениниз ошондо быросто суйлошкон кандай болоорун текшеруу беле? Жеее кайра суйлошуп баштаганга кайтуубу, кандай?

#13 15 June 2015 - 14:27
Азыркы заманга салыштырмалуу илгерки заманда элдер жакшы жашашкан. Ата-энелери кенешип эле уйлонтушуп балдарын.
Адаштыныз.
Илгерки заманда адамдар жашоо учун курошушкон. Турмуштун кыйынчылыгынан улам эки жаш урушканга убакыт таппай калышкан. Ананчы! Жолдошу кечке же талаада иштеп, же мал карап журсо, кир жуугуч машина, короосунда суу краны, памперси, электр меш, газ плитасы жок аял уйдун тиричилигинен бошобойт эле. Бул бир тарабы.
Экинчи тарабы, уйбуло маселесин сыртка алып чыгуунун озу уят эле. А сырттагыларга уйбуло ынтымактуу коруно берет да.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 15 June 2015 - 14:30
Оба ошентип жазгам Айжан эже. Бирок мен ал убакта дин тууралуу тушунугум аз болчу почти жокко эсе. (азыр деле ото тушунуп жеттим дегенден алысмын) Кыз жигит болуу мен учун куноо мен бул жолду кайра баспаймын деген ниет менен журом. Бул жолдон кадамдарымды кайрып алгам. Алданган сезимдерим учун эмес жараткандын буйругу учун.
ИИ, смотрите, мен жаманмын, ушинтип билдируулорду туйунчокко туйуп алмайым бар
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 15 June 2015 - 14:45
Охооо ошондо илгеркилер бири бирин эркелеткенге да убакыт таппай калса керек эле а?
Сиздин айткандарыныз да туура болушу мумкун( белгилеп боеп откондорум) бирок турмушта уруш талаш баарында болот. Казан аяк кагылышпай жашоо болбойт. "Сабырдуулук менен да жашап женип откон турмушту"
деп баса белгилеп айтып кете алам. Биз талашып олтуруп уй-булого кирип кеттик тема кыз жигит тууралуу болуп жатканда...
Анда биротоло жазып коеюн, ар нерсенин чеги бар жана да ар кимдин тандоосу оз колунда. Каала жур, каала журбо, бирок ар бир тандоонун артында ошого жараша жоопкерчилик бар экенин биле жур.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#16 15 June 2015 - 14:48
Кыз жигит болуп журуу арам деп айтып жатасынар ?
Ооба бул эреже ислам дининде бар экени талашсыз .
Ооба бул эреже ислам дининде бар экени талашсыз .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#17 15 June 2015 - 15:04
Тайная сизге Алла ыраазы болсун.Накта азыркы жаштарга керек насааттар экен,аяттар менен мисал келтирипсиз.
Качан эле эреже 100% аткарылчу эле?Тайная бир аз болсо да нафсинерди тыйгыла деген ойдо жазгандыр?А Систер эже абдан сонун мисал келтириптир.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#18 15 June 2015 - 17:19
Демек кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөндөрдүн баары Аллахга каршы чыккан күнөлүүлөр турбайбы ээ? Демек азыркы жаштардын 80 пайызы күнөлүү байкуштар экен да,туурабы? Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошуп үйлөнүп,бактылуу бир үй-бүлөө болуп жашап жаткандар деле бактылуубу же бактысызбы иши кылса күнөөлүү адамдар болуп калышабы? Кыз-жигит болуп жүрүп анан баш кошкон эки жаштан төролгөн наристе да төролө элек жатып күнөөлүү болуп калабы ошондо? Эмнеге болбосун,шариятка каршы чыгып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошкон эки адамдан жаралып жатпайбы,эмне дебедиңиз?))
Демек сиздин оюңузча кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошуп азыр бактылууууу болуп бир жакшына жашап жаткан үй-бүлөө азыр жок! Мен сизди туура эле түшүндүмбү?
Демек сиздин оюңузча кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошуп азыр бактылууууу болуп бир жакшына жашап жаткан үй-бүлөө азыр жок! Мен сизди туура эле түшүндүмбү?
Аллах тыюуу салган нерсени кылса албетте куноо болот! Аллахтын каарына калат. Ооба кыз жигит болуп жургондордун баары куноо кылып жатышат.Бирок ортобогу балада эмне куноо? Ал таза! Систер эже айтпаган созду шыбап салдыныз.
#19 15 June 2015 - 17:24
Теманы бурмалабайлы достор.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.

Супер-Инфо
super.kg
видео