zaika.tvo9.1990 (14 Июнь 2015 - 12:56) жазган:
Дайымкыдай эле суроомду бере кетсем кап этпейттирсиз.
"Кыз маалында баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат " же болбосо "эмнеге турмушка чыкканга чейин кыялын көрсөтпөй, үйлөнгөндөн кийин түркүн кыял чыгат" деген кыздарга айтылган сөздөргө кандай карайсыз. Же болбосо эркектердин ушул нерсеге канчалык деңгээлде салымы бар же жеткиргенин чечмелеп бере аласызбы?
Үй - бүлөлүк бакыт каалайм. Кызыңыздын өмүрү узун болсун!
Оо кимдин коенеги келген? Саламатчылык! Шугур, бир гана бир тишимди курт жеп койгонун эске албаганда баары жакшы. Рахмат! Жаман катын кайдан чыгат эле, койнундан чыгат да хе.хе.хе. Эми туз жооп берсем кыз маалында кыялын корсотсо эчким албай койот да. Ошого жакшы кыз болуп корунот да. Ар адамда ар кыял, ал кыялды ким тыяр дегендей ал нерсе ар бир аял, эркектен коз каранды. Маселен жакшынакай эле кызды жубай кылып алдын да эми бул менин аялым кайда бармак эле, эмне кыла алмак эле деп карабай, конул бурбай койсон ал да жинденет да. Анан акырындан ызасына чыдабай кыялы чыга баштайт. Анан ойлоносун мурда мындайы жок эле, каяктан пайда болду деп. Ошол учун аларга да конул буруп туруш керек. Бирок чынын айтсак аялзаты тескери калк келет. Бат эле кооп кетет. Ошондуктан керек учурда катуу кармап, керек учурда эркелетип туруш керек. Ойумду кенен тушундуро албадым окшойт? Кыскача айтсам аялдын кыялы эркектим мамилесине жараша болот. Рахмат! Силерге да уй-булоно тынчтык, бакыт, ден-соолук каалайм!